Аскар Медетов: Нукура таланттын нускасы

  • 11.01.2023
  • 3149

Жолдошбек Зарлыкбековдун акындык табигый шык-жөндөмү чукуранып эрте ойгонуп, бала кезинен эле ыр жаза баштаган экен. Демек, ал чыгармачылыктын түйшүктүү, машакаттуу жолуна эрте эле аттаныптыр.

Акын өспүрүм кезиндеги үйрөнчүк, телчигүү мезгилин басып өтүп, жоокер болуп аскерде кызмат кылып, андан кийин тер төгүп, шопур болуп иштеп, кагылып-согулуп, ысык-суукту көрүп, сексенинчи жылдары университетте окуп, түнкүсүн иштеп, турмуштук тажрыйба топтоп, инсан катары да, интеллектуалдык жактан да жетилип, акын катары да баралына келип калган. Бирок ошол калыптануу, жетилүү процесси оңойго турбаганы белгилүү. Байрон “начал сочинять песню и бросил её в огонь” (Ж.Байрон “Дневники. Письма” М., 1965, стр.52) деп күндөлүгүнө жазгандай Ж.Зарлыкбеков да далай ырларын отко ыргытып, далай ирет олку-солку болуп, күмөн санап, кыйналып, чыгармачылык процесстин азаптуу, кыйчалыш жолдорун басып өтүп, изденүүнүн оор сыноолорун башынан өткөргөн.

Ал өзүнүн чыгармачылыгына катаал карап, өзүнө катуу талап, алдына бийик максат коюп, калеми төшөлө элек, үйрөнчүк жылдарындагы көркөмдүгү көк канат ырларын дээрлик жарыялаган эмес. Курбалдаш калемдештерине окшоп ырларын жазганын жазгандай басмадан чыгарганга ашыккан жок. Бирок окурмандар аны сейрек жарыялаган ырлары аркылуу аз жазса да, саз жазган таланттуу автор катары билише турган. Жазган ырларын ийлеп, өзүнө өзү ыраазы болбой тынбай изденип, А.Рембо, Р.М.Рильке, А.Блок, С.Есенин, Н.Хикмет, П.Неруда, А.Вознесенский, Н.Рубцов сыяктуу ар башка агымдардагы акындарды көп окуп, дүйнөлүк адабиятты, философиялык-эстетикалык ой-пикирди системалуу өздөштүргөнгө умтулуп, руханий дөөлөттөрдү өзүнө сиңиргенге аракет кылып, ырларын кайра-кайра оңдоп, тыным албай иштей берүү анын чыгармачылыгына мүнөздүү көрүнүш болгон.

Анын ырларынын телегейин тегиз кылып, ийине жеткире иштеп чыгууга болгон аракети С.Цвейгдин Э.Верхарн тууралуу жазганын эске салат: “А самой любимой частью работы была окончательная шлифовка. Он ревностно ковал и перековывал строки своих стихов, в его корректурной правке отражается вся неукротимость воли Верхарна к совершенству” (С.Цвейг Собр.соч. в семи томах 7т. М., 1963, стр.268).

Салижан Жигитов атактуу “Элегия” аттуу ырын он жыл жазган, улам жаңы вариантын иштеп, жанын сабап, узанып олтуруп, маанисине шааниси төп келген, классикага айланган ыр кызылдай мээнет менен жаралган экен. Анын сыңарындай Жолдошбек Зарлыкбеков да ырларын баса отуруп иштеп, тынбай изденип, ар бир сөзгө чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап, чыгармачылыгында өзүн табуунун жолун издеген. Ошол үчүн Ж.Зарлыкбековдун жаш кезде жазган ырлары да телегейи тегиз жетилип, чебер акын жараткандай кабыл алынат. 1984-жылы 23-августта “Кыргызстан маданиятына” чыккан Жолдошбек Зарлыкбековдун “Кара-Кужур” аттуу ырын окуп көрөлү:

Асмандын бир тарабы жайдак калып,
чаалыккан булуттардын кербендери.
Августтун күнү үргүлөп салмактанып,
шылкыят боз адырдын эрмендери.

Суу гана күмүш үнүн жашыралбай,
аркайган арык жонун каржактатып,
сай ылдый бүткөн боюн батыралбай,
тынымсыз өзүн-өзү жатат ташып.

Бериде, жайсаңдардын этегинде,
Жол жатат шагыл басып бүт денесин.
Бу жолдо издер калып кечээгиден,
Бу жолдо кетет тагдыр издеп өзүн.

Айдөштү өрдөп кеткен чыйыр жолдо,
ат барат көнүп бүткөн ак боз үйгө.
Кыраңда ак жоолукчан апам калат,
муңайым сагыныч бар көздөрүндө.

Жанында кичүү иним жаңы баскан,
быйтыйган колун булгайт кубанычтуу.
Жашоодо деги кимдер ойлоп тапкан,
өмүрдөй узун-кыска аралыкты.

Автобус узап кетти.
Чоң калаадан,
кат жазам “...аман жеттим, силер кандай?..”
Ортодо булут ташып тынчсыз асман,
ортодо суулар үнүн жашыралбай.

Бул ырдын бир сөзүн да алмаштырууга болбойт, ырдагы чулу поэтикалык дүйнө эстетикалык туюму өскүлөң, табиятты сулуулуктун мыйзамы менен кабылдай алган, көркөм образдар менен ой жүгүрткөн, өзүнүн индивидуалдуу стили калыптанган акындын колунан чыкканын тастыктап турат. Алдыбызда коштошуудан улам пайда болгон кусалык маанай тартуулаган поэтикалык жандуу картина. Тоолор, адырлар, асман, суу, жол кыргыз поэзиясында көп жазылган, пейзаждык сүрөттөр көп тартылган көрүнүш.

Бул темада даяр калыптар, кыйналбай эле сабалатып, айдата бере турган салыштыруулар, уйкаштар андан да көп. Бирок Жолдошбек Зарлыкбековдун табиятка карата өзүнүн мамилеси бар, индивидуалдуу көркөм ой жүгүртүүсү калыптанган акын катары өзүнө гана таандык поэтикалык дүйнөсүн жараткан. Асман, суу, жол сыяктуу символдордун чиеленишкен ассосациясынан түзүлгөн метафоралуу образдар зарлыкбековдук стилде тартылган элестүү, психологизмге каныккан пейзаж кыргыз поэзиясы үчүн жаңы көрүнүш. Бул ырында автор поэзиядагы көркөм сүрөттөө каражаттарынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан.

Лирикалык каарман тоодо жашаган эне-атасы, бир тууганы, көзгө ысык көрүнгөн, кучагында чоңойгон тоолору менен кош айтышып, чоң калаага жөнөп жатат. Ушундай жагдайда уулун узаткан эненин эмоционалдык абалы “муңайым сагыныч бар көздөрүндө” деп таамай мүнөздөлгөн. Шаарда баласы “кандай күн көрөт, эмне болот?” деп сарсанаа болгон эненин образын автор ушул бир эле сап менен жеткире алган. Акын жараткан поэтикалык дүйнөнүн контексинде эненин образы эч кандай патетикасыз эле ушул таасирдүү бир сап менен таамай ачылган. Ал эми коштошуу деген эмне экенин билбеген бейкапар, баёо дүйнөсү бар наристе иниси “быйтыйган колун булгайт кубанычтуу”.

Убайым тарткан эне, куунак көңүл наристе – ушул контрастуу маанай образдардын таасирдүүлүгүн ого бетер күчөткөн. Ошол муңканган лирикалык каармандын жан дүйнөсү менен сырткы курчап турган дүйнө жуурулушуп, ырдын образдык системасын гармонияга келтирип турат. Пейзаж жандуу, элестүү, ошону менен бирге психологиялык муңайым маанайды таамай чагылдырган. Муңайым лирикалык каармандын жан дүйнөсүндөгү абал ырда параллелизм ыкмасы менен табият көрүнүшүндө чагылып, чексиз асмандагы булуттар “чаалыгып”, августтун күнү “үргүлөп”, боз адырдын эрмендери “шылкыйып” ырдагы психологизмди тереңдеткен. Психологиялык пейзаж лирикалык каармандын ички сезим-туйгуларын ичкериден терең ачып, аны толуктап турат. Ал эми таштан ташка урунуп шаркыраган шоокуму алыстан угулган тоо суусу жонун “каржактатып” түбөлүк кыймылын токтотпой агып жатат. Ушул чексиз асман, көк тиреген тоолор, шар аккан суунун кучагында мал менен күн өткөрүп жаткан эне-атасы менен коштошуп, калаага кетип жаткан жаш адамдын муңайым маанайы аркылуу акын:

Жашоодо деги кимдер ойлоп тапкан
өмүрдөй узун-кыска аралыкты. – деп өмүрдүн философиясын жалпылаштырып, синтездеген. Ал эми акыркы строфада ушул эле философиялык мотив тереңдетилип, “чоң калаага” жеткен лирикалык каарман алыскы тоодогу үйүнө кат жазат, ал учурда мезгил өз нугунда айланып:

Ортодо булут ташып тынчсыз асман,
ортодо суулар үнүн жашыралбай, – деп асмандын, суунун, токтобой өз огунда айланган динамикалуу турмуштун, өмүрдүн, учкул мезгилдин, алыстап, жакындап турган мейкиндиктин метафоралуу образы дүйнө-өмүрдүн бир үзүмүн элестүү чагылдырып, тереңде бугуп жаткан философиясын, лирикалык каармандын жан дүйнөсүндөгү сарсанаалуу маанай менен таасирдүү бере алган...

Ушул эле философиялык мотив акындын “Элетте” деген ырында андан нары дагы тереңдетилип, кеңейтилип чагылдырылган:

Тоо беттен төрү агарган,
баратат караан арылап,
жайма-жай өр таянган
жайды-кыш мингич арык ат...

Шыбырайт ак жаан жайма-жай.
Караанды тиктейм артынан.
Жайды-кыш коюн айдаган
жашоодон өттү канча жан?

Кырдагы жалгыз боз үйдөн
булгалайт жоолук бир караан.
Тоо-тоодон отун өчүрбөй
турмуштан өттү канча жан?

Кара жол. Колдо чамадан.
Кыйлага турам жол тосуп.
Шыбырайт ак жаан жайма жай,
Шыбактан тамчы мөлт этип.

Кылчая карап артка улам,
Бир атчан кайкы кыр ашып,
ал сурап келген аптага
окуган уулун узатып.

(“Кыргызстан маданяты” 31-май, 1990-жыл)

Бул ыр ошол кезде партиянын чакырыктарына жооп кылып эл акындары баш болуп жазган “совхоздун ак койлорундай окшош ырларга” (О.Султанов). кайнаса каны кошулбайт. Анан калса, чабандардын кайратман эмгегин даңктап, “малыңды семиз багып, партиянын тапшырмаларын күжүрмөндүүлүк менен аткарып жатасың” деген мазмундагы декларативдүү, трафарет ырлар кыргыз поэзиясында толтура, мисалы:

Алган төл, кыркылган жүн көп саналып,
Сөз бүтпөй сөз артынан сөз жаралып.
Бышкырып, кээси уктап, кээси кепшеп,
Ныксырап койлор жатат төш таянып. (“Ала-Тоо” 1978, №436-б.) – деп акын Эсенгул Ибраев койлордун “бакубат турмушун” поэзиянын суррогатында сүрөттөсө, Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев ага үлгү көрсөтүп:

Кой жатат корум ташындай,
Кепшегенди унутпай.
Уй дагы жатат жашынбай,
Үйлөп койгон тулуптай. (“Ала-Тоо” 1968, №8, 20-б.) – деп мал семиз багылып жатканын трафарет ыры менен даңазалап, “адабий беш жылдыктын” күжүрмөнү болгон. Ал кезде эл акыны наамы, сыйлыктары бар, жазуучулук өнөрдү мансапка айлантып алган Темиркул Үмөталиев, Абдрасул Токтомушев, Насырдин Байтемиров, Майрамкан Абылкасымова, Муса Жангазиев, Тенти Адышева сыяктуу ортозаар акындар адабияттын көч башылары болуп, бийлик тарабынан сый-урматка бөлөнүп, чыгармачылыгынын негизги озуйпасын социалдык заказ аткаруу, партияга кызмат кылуу деп билген калемгерлердин күнү тууп турган кез. Ленин, эмгек, партия, эл достугу, тынчтык, ишембилик темасындагы идеологиянын желегин желбиреткен ырлар жаштар поэзиясында да көп кездеше турган.

Бирок Жолдошбек Зарлыкбеков андай оңой жолго азгырылган жок. Ал турсун кийин эле эгемендүүлүктүн жылдарында наам алыш үчүн бийликке кошомат кылып “бөксөлөрдө сөөк-саагың калат кыргыз” деп элге кылапат айткандарга жооп кылып, бир топ акын дүрбөп, жапырт “мен кыргызмын” деп төшүн кагып, кыйкырып, калем кармагандардын баары “кыргыз” деп ураан чакырып калганда да ал мындай публицистикалык аламанга кошулган жок. Себеби, анын поэзияга, турмушка карата өзүнүн көз карашы бар эле.

Адабиятка да ал өз жолу менен келди. Ал башкаларга окшоп идеологиялык чектөөлөрдүн алкагында калган жок. Чыгармачылыгы эркин болду, классикалык адабияттын мектебинен сабак алып, символизм, модернизм, экзистенциализм, постмодернизм сыяктуу дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүнүн жаңы чектерин белгилеген агымдардын көркөм-философиялык тажрыйбаларын өздөштүрүүгө умтулду, ошолордун көркөм казынасынан нукура поэтикалык табылгаларды издеди. Тоолуктардын турмушунан жандуу бир элес калтырган, эч кандай идеологиялык рамкаларга сыйбаган, саясаттын изи жок нагыз поэзиянын туундусу болгон жогорудагы ыр муну айкын далилдеп турат.

Кыргыз поэзиясында чабандардын түйшүктүү турмушун, ак пейил мүнөзүн, жан дүйнөсүн, жайлоонун пейзажын, табият кубулуштарын түркүн түс боёктору, жандуу, метафоралуу образдары менен Турар Кожомбердиевдин лирикасында кайталангыс болуп, таамай чагылдырылган. Бирок Жолдошбек Зарлыкбеков тоо койнундагы турмуш тууралуу башкача ой жүгүртөт, койчулардын карашалаган турмушун өз алдынча көрөт, өзүнө гана таандык боёктор менен сүрөттөйт. Ошол бармактайдан кан-жанына сиңген койчулардын турмушу, жыты сиңген жерлер көзүнө ысык көрүнөт. Ал өзү жашаган тоодогу турмушту ой элегинен өткөрүп, сезиминдеги кусалык учкундарынан жандуу психологиялык маанай жаратып, философиялык мотив менен жалпылоого жетишип, өзгөчө бир ыргак, жаңы интонация менен ырга айланткан.

Ак жаан шыбыргактап себелеп турганда жолго чыккан лирикалык каарман чабан окуудан сурап келген баласын узатып, кайра кетип бараткан учурдагы картинага күбө болот, ал учурдагы пейзаж “шыбырайт ак жаан жайма-жай, шыбактан тамчы мөлт этип” деп мелодикалуу ыргакта конкреттүү да, элестүү да тартылат. Бир караганда сөз кыла турган деле эч нерсе жок, чабан уулун узатып кетип баратат, акын ошону поэтикалуу дүйнөгө айландырып жатат. Жөн эле поэтикалуу дүйнөгө эмес, миң жылдап калыптанган көчмөн турмуштун архетип образы “Жайды-кыш коюн айдаган, жашоодон өттү канча жан?”, “Тоо-тоодон отун өчүрбөй, турмуштан өттү канча жан” деп жалпылаштырылып, синтезделген саптар көңүлгө уюп, чой-чойлоп кой артында жүргөн карапайым койчунун типтүү, жандуу образы менен жети атасынан бери келаткан жашоо ыңгайын колориттүү тартып, табият менен жуурулушуп жашаган койчунун турмушунун өмүр маңызын ичкериден ачып окурмандын жүрөгүнө жеткирип берип жатпайбы.

Тоолуктар темасы жаңы мазмун, жаңы образдар менен толукталып, лирикалык каармандын ички дүйнөсүндөгү оңой менен кармалбаган татаал процесттер, сезим-туюмдары символикалык салыштыруулар, метафоралык туюнтмалар менен берилген. Ар бир сөз жүк көтөрүп, эстетикалык функция аткарган бул ырда акын тоолуктардын образын синтездеп, философиялык жалпылаштыруу менен масштабдуу бере алган. Акын ырдын предметин мурдагыдай көнүмүш ыкмалар менен эмес, жаңыча туюнтуу каражаттары менен чагылдырып, эстетикалык диапозонун кеңейткен.

Акындын чыгармачылыгындагы бул жаңы белгилер жашоого, инсанга карата болгон жаңы көз караш, жаңы эстетикалык мамиледен жаралган. Бул ырлар Ж.Зарлыкбековдун чыгармачылык жолундагы чоң бурулуш болгонун, жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айкындап, бизди жаңы поэтикалык дүйнөгө алып кирет. Анын нагыз поэтикалык дүйнөсүнүн башатында субъективдүү-биографиялык башталмалар жатат. Ошол үчүн акындын баштан кечирген турмуштук тажрыйбалары эстетикалык ажары менен жандуу образдарга айланып, тоолуктардын жашоосунун бир үзүмү өзүнчө бир поэтикалык дүйнө болуп чыга келди.

Ж.Зарлыкбеков кыргыз поэзиясынын өнөгөлүү салттарын терең өздөштүрүп, дүйнөлүк поэзиянын тажрыйбалары менен кыйыштырып, синтездеп, өнүктүрүп, жаңы көркөм-эстетикалык ачылгаларды жараткан акын. Ж.Зарлыкбековдун тарыхты өзүнө сиңирген катмар-катмар образдарга карк, элдин турмушун сыйымдуу көркөм туюнтуу каражаттары менен колориттүү чагылдырган ырлары кыргыз поэзиясы үчүн чоң жаңылык болгон. Ошол үчүн ал мейли, табият сүрөттөрүн тартабы, мейли, зар какшаган сүйүүнү ырдайбы, өз үнү, өз сөзү, өз обону менен ырдайт. Анын ырларынын өзүнө гана таандык сыдыргыга салгандай муун-өлчөмү, ыргагы, мукамдуу уйкаштары, поэтикалык сөздүгү, оригиналдуу көркөм ойлому, поэтикалык дүйнө кабылдоосу, бай көркөм концепциясы бар. Ал ассоцияциялуу ой жүгүртөт, образдарды символдор, метафоралар жана башка образдык туюнтмалар менен ыктуу түзөт, өзүнүн субъективдүү дүйнөсүн, турмуштук таасирлерин ырга салат, жол, асман, суу, тоолор, жамгыр, от, эрмен сыяктуу символдук образдар анын ар бир ырында улам жаңы кырынан көрүнөт.

Мисалы, Бу жолдо издер калып кечээгиден,
Бу жолдо кетет тагдыр издеп өзүн.

же: Бу жолдо ээсиз издер канча дагы,
Бу жолдо артка кайтпай өткөн өмүр.

же: Өмүр мисал жол кыскарат ансайын. – деген саптарда жолдун образы адам тагдыры менен тыгыз байланышып, улам жаңы кайрыктарга ээ болот. Адам турмушу жолдо өтөт, анын жоготуусу, кайгы, кубанычы да жол менен ортоктош. Акындын ырларында жолдун образына терең маани чөгөрүлгөн. Акындын поэтикалык дүйнөсүндө жол, суу, от, шыбак, булут, асмандын метафоралуу жана көп катмарлуу образдары “Шамен алыш”, “Жакшылык менен жамандык”, “Ойлодуңбу”, “Алыскы жаан”, “Арты жарык”, “Ал куракты азыр кайра ойготуп”, “Сүрөттөгү өскөн жер”, “Баары кетет”, “Балалык менен коштошуу”, “Соң-Көл жатат”, “Буудай түс сүрөт”, “Күмбөз”, Маңдайымда жымжырт күйүп Ай турат”, “Бул өмүр – суроо жообу кечеңдеген”, “От деген от” сыяктуу жана башка ырларында терең чагылып, таамай, колориттүү сүрөттөлгөн.

Арзуу ырларында жетпей калган сүйүүнүн азабын тарткан лирикалык каармандын муңканган, санаа чеккен, асан кайгы дүйнөсүнө кабылабыз. Бул да анын жеке тагдырынан келип чыккан мотивдер. Сүйүү ырлары ышкысын ойготуп, жүрөгүнө чок салган реалдуу кыз-келиндер тууралуу. Болуп өткөн ошол мамилелерден көкүрөгүндө калган кумар, санаркоо, кызганыч, ыза, мококтук, назик сезимдерге сугарылган, нукура поэзиянын деми уруп, кан жүгүрүп турган ыр саптарынан лирикалык каармандын башынан өткөн драмалуу окуялар эсинен кетпей:

Калдык биз, каран калгыр, калдык мына,
Күндөрдүн колдон түшкөн сыныгында, — деп өкүнүү менен “отчаяне” эскерип отурат. Жетпей калган сүйүүсүнүн арманы лирикалык каармандын жан дүйнөсүнө бүлүк салып, жаны жай албайт:

Жараткан ай, унутууга мүмкүнбү,
Чоктой ысмың, оттой ысык күлкүңдү?
Дудуктандым, дүлөйлөндүм, дымыдым,
Тепкеси жок, толгонбогон кыл сындуу. – деп өз сүйүүсүн лирикалык каарманды кыйноого салып, жапа чектирген аруу кыздын азабы, жанына баткан өкүнүү, ажырашуу мотивдери арзуу лирикасында биринчи планга чыгат. Ал асылжан сулуу акындын унутулбаган эскерүүлөрүнүн, канбаган кумарынын, башын ийген таазиминин объекти:

Күткөн сайын кетти күтүүм тереңдеп,
Сызган сайын сызды санаам тызылдап.
Буккан сайын бугум буура, жолум муз,
Бул сүйүүнү бүтөм качан бүт ырдап.

Акылымдан күлкүң агып шыңгырап,
Тамырымдан сагынычым зыркырап.
Качкан менен кайда барам өзүмдөн,
Бул сүйүүнү коём кантип кулпулап? — бул саптар лирикалык каармандын арманга толгон жан дүйнөсүнүн сыздаган абалын таамай кармаган. Жаштык сүйүүнүн жалындаган отуна күйгөн кыз-жигит таарынычтанбы, жаңылыштанбы, же башка бир себептерден уламбы ажырашып, кош айтышып, эки башка жолго түшүп, эки башка тагдыр күтүп, эки жээкте калышкан. Коштошуу, ажырашуу учурундагы ичти ачыштырган сезим туйгулары, жалгыздык, өкүнүү мотивдери арзуу ырларында терең чагылдырылган. Ошол махабаттын чоктон ысык илеби лирикалык каармандын эсин эки кылып, жадынан чыкпай, унутайын десе унутулбай азапка салат:

Ошондогу тумаксыз чыккан кыштай
О, көпкө, көпкө келдиң эстен чыкпай.— деп муңканган жалгыздык мотивдери, колдон учкан куштай кайрылбай кеткен бактылуу көз ирмемдерди сагынуу, камыгуу, драматизмге толгон лирикалык каармандын жан дүйнөсүндөгү алай-дүлөй, бороон-чапкын, өкүнүч, коштошуу, көңүл калуу, арман сезимдери, муңдуу маанайы чын дилинен чыкканын ырастап турат. Лирикалык каармандын убайым жеген, айласы куруган, жүрөгү сыздаган оор абалы ыйлаган ыр саптарында күчтүү берилген. Бул акын тагдырына терең из калтырган армандуу сүйүү баяны – айтып бүткүс музасы.

Демейде сүйүү ырларынын көбү эпигончулук менен жазылат. Айрым акындар “Сүйүү деген жетпей калуу, ошол үчүн жетпей калдым” деп сүйүүнүн “теориясын” айтышат, иш жүзүнө келгенде качан, кимге жетпей калганы тууралуу ырларында ырымга конкреттүү бир сап табылбай айыбы ачылып, жалганы чыгып калат. Айрымдар болсо ырларында түз эле аялзатын “чечиндирип” кирет, дүүлүгүп, сезим ченемин билбеген авторлор да бар. Көпчүлүк сүйүү ырларынын предмети же конкреттүү каарманы жок, башкалардын таасири менен жазылган жасалма ырлар. Айталы, Алыкулдун, Мидиндин сүйгөндөрүнүн кайталангыс образдарындай эле Жолдошбек Зарлыкбековду азапка салган “асылжаны” да жандуу образ катары кыргыз поэзиясынын көркөм дөөлөтүнө айланды.

Акындын арзуу лирикасы табигыйлыгы, эч кимге окшошпогон оригиналдуулугу айрымаланып турат. Ал “Кош болгун, селки, кош болгун”, “Ыйлап ал жүрөк жибитип”, “Угаар сөзүм шул беле?”, “Жарык маанай, жароокер жаркылдагым”, “Жоопсуз”, “Экөөбүз...” деген сөздө канча жыл бар?”, “Кечир мени кездер үчүн андагы...” аттуу ырларында асылжандын портретин эмес, жан дүйнөсүндө жашаган арманды орундуу метафоралар, символдор менен трагедиялуу образ жараткан. Лирикалык каармандын махабатынын драмалуу жагдайлары, трагедиялуу тагдыры автордун көңүл тереңинде жашаган асылжандын сүйкүмдүү элеси, купуя дүйнөсү менен жуурулушуп гармонияга келип турат. Акындын терең психологизмге каныккан арзуу ырларында махабат отуна күйүп, окурманга чечилип сыр төккөн лирикалык каармандын жубардай таза жан дүйнөсү, табигый жөнөкөйлүгү, сыр жашырбас ачыктыгы айкын көрүнөт.

Жолдошбек Зарлыкбеков поэзиясында турмушту кеңири камтыйт, терең чагылдырат. Бул анын ар кандай темага кайрылганынан же ырларында көп окуяларды, көрүнүштөрдү, кишилерди камтыганынан эмес, кайнаган турмуштун тереңине сүңгүп кирип, ичкериден иликтеп, бир үзүмдөн бүтүндөй бир дүйнөнү көрө билген, бир көз ирмемден бир доорду ачып бере алган чеберчилигинин жемиши. Акын жараткан поэтикалык дүйнө жакшылык менен жамандыктын, боорукерлик менен таш боорлуктун, мээрим менен кара өзгөйлүктүн, достук менен кастыктын, алдамчылык менен берилгендиктин, баёолук менен шылуундуктун дисгармониясынан турган көп кырдуу турмуштун азгырмалуу сырткы көрүнүштөрүнөн түзүлгөн эмес, акындын эч кимге окшошпогон бай, көп кырдуу поэтикалык дүйнөсү миң кубулган турмуштун ички маңызын ачып, андагы татаал процесстерди өзүнө камтып, токтобогон карама-каршылыкты, түбөлүктүү күрөштү түркүн-түс боёктор менен таасын чагылдырат. “Ала-Тоо” журналынын 2019-жылдагы №4 санына жарыяланган “Тынчы жок” аттуу ырын окуп көрөлү:

Мобул шамал шарактаган шакардай,
Эмне кайнайт бутактары миң үндөп.
Мобул жолдор барар жагы базар жак,
Неге чаңдайт жөө тумандап, ириңдеп.
Бели ийри отургучтар береги,
Көтөрдү эле кимдин семиз салмагын.
Көлөкөсүн сүйрөп булут кебээрсип,
Эмнеге учат самсааланып-сандалып.
Мобул суулар кыл аркандай суналган,
Эмнеге эшет толкундарын күнү-түн.
Мобул коңшум, ашмүшкө чай суранган,
Чаап жүрөт кай шумпайдын кылычын.
Акебайым! Байкап турсам тынчы жок.
Өлгөндөр да тынч жатышпай көрүндө,
От жагышат алоолонтуп фосфорлоп,
Түшкө кирип, сесимди алат түнүндө.

Бул ырда чейрек кылымдагы социалдык-экономикалык, маданий катаклизмдерден кийинки таанылгыс болуп өзгөргөн коом, бардык кыйынчылыгы, контрасттары, көп түрдүүлүгү мезгилдин өтүшү менен миң кубулуп турган куу турмуштун образы, философиясы, типтүү көрүнүштөрү ошого жараша жаңы кырынан көрүнгөн булут, суу, жолдун метафоралуу образдары таамай, чебер сүрөттөлүп, тынчы жок замандын татаалдыгы, табышмактуу мүнөзү ишенимдүү берилген.

Акындын эл, жер, турмуш, өмүр, өлүм, сүйүү тууралуу ырлары терең ойго сугарылып, бардыгына күмөнсүү менен караган муңайым маанайдагы лирикалык каармандын жөнөкөй, табигый образы акындын көп кырдуу көркөм дүйнөсүн айкын көрсөтүп турат. Акындын ырларында лирикалык каармандын өмүр-тагдыры, жашоодогу издери, руханий дүйнөсү, көз карашы, мүнөзү таамай чагылтылган. Автор кийинки чыгармачылыгында Чыгыш поэзиясынын жаңы формаларын өздөштүрүүгө умтулуп, өмүр, өлүм, турмуш тууралуу ой толгоолорун медитативдүү ой толгоолор менен кыска, нуска формада берүүгө умтулган.

Ж.Зарлыкбековдун лирикалык каарманы өмүр сапары карып баратканда, артына кылчайып карап, жасаган иштерин электен өткөрүп, өзүнө-өзү баа берип, жакшы-жаманын таразалап, окурманга ыймандай сырын айтат. “Поэзия – жесир келин келишкен” деген ырында поэзияны элдин баары ашык болгон, айдай сулуу аруузат катары сүрөттөп, ага жетпей арманда өтөрүн айтып келип:

Мындай тозок жолугарын билбегем,
Сага жетпей өтөт окшойм дүйнөдөн.
Жок дегенде бир ыйлап кой карызга,
Мени адамдар салган кезде табытка. — деп арман кылат. Себеби, акындын жашоосунун маңызын поэзия түзгөн. Ал нукура поэзия, көркөм-эстетикалык ажайып дүйнө жаратууну өмүр максаты кылып жашаган. Акын бул улуу максатына жетиш үчүн чоң ички даярдык менен акындык тагдыр күттү.

Учкул поэзиянын ошол керемет дүйнөсүн жарата албай каламбы деген күдүк ой жан дүйнөсүнө тынчтык бербей, ошол үчүн “Сага жетпей өтөт окшойм дүйнөдөн” деп өксүйт. Себеби, акын эч качан өзүнүн чыгармачылыгына ыраазы болгон эмес, ошол үчүн тынбай изденген, сөз азабын, ой азабын тарткан. Изденүүнүн бардык кыйынчылыктарын башынан өткөргөн акындын “Мындай тозок жолугарын билбегем” деп айтканы да ушундан улам болсо керек. Көрсө, адабиятта нагыз поэзияны эки жылда бир китеп жазып, анысын беш том, он томго айландырган чыгарган графомандар, наам алып, орден, медаль тагынган мансапкорлор эмес, көрсө, чыныгы акындык тагдыр күткөн нукура таланттар гана жарата алат экен. Акын Жолдошбек Зарлыкбековдун чыгармачылыгы ушул чындыкты ырастап отурат. Ал өзүнүн поэтикалык дүйнөсүн жараткан. Анын терең психологизмге каныккан чулу ырлары кыргыз поэзиясындагы жаңы көрүнүш, жаңы окуя, жаңы бийиктик. Кыргыз адабиятынын соңку жаңы тарыхында Жолдошбек Зарлыкбековдун поэзиясынын өзгөчө орду бар.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз