Гүлзада Станалиева: Муңдуу күүнү угуудан тажабадым

  • 18.01.2023
  • 1493

*     *     *       
Жарыгы өчө элек түнөрүп,
Күйгүзөт күнүгө күн өлүп.

Капыстан калдайган көлөкө
Капасты орнотту жүрөккө.

Шурулар суурулду жибинен,
Буюккан ойлорго шимилем.

Араанын ачкан бул шамалга
Айталбай тунжурайм саламды.

Какшатып бутумду муз тилет.
Өлө албай кыйналды бир тилек.

*     *     *
Тоолорго айттым сырымды…
Томсоруп туруп угушту.
Муңумду тыңшап теректер
Шуудурап ыйлап турушту.

Сууларга айттым сырымды…
Тартылып барып тунушту.
Сан жылдар чыдап көтөргөн
Санаамды чарчап угушту.

Булутка айттым бугумду,
Буулугуп нөшөр куюлду.
Бурганак болду шамал да,
Бук тарап, көңүл муюду.

*     *     *
Күңүрт тарткан бөлмөдө олтурамын,
Күңүрт ойлор күүгүмдөп басат мени.
Күңүрт чыкты ыр жазсам, аным дагы.

Суйдаң тарткан чачымды тарабадым.
Суй жыгылдым санаадан таркабаган.
Суз жазылды ырларым анан дагы.

Муңдуу күүнү угуудан тажабадым.
Мукамына көңүлүм куштар болуп.
Муңдуу чыкты ырларым улам жаңы.

*     *     *
Өрүлгөн менин чачымды
Колдоруң менен сылабай
Көздөрүң менен сылап өт.

Бүшүркөп турган көңүлдү
Сөздөрүң менен жубатпай
Илебиң менен эркелет.

Башыма түшкөн кайгыга
Көз жашың менен ыйлабай,
Көкүрөк менен ыйлап өт.

Намысы бийик асыл баш
Уят деп гана сыйланбай,
Урматы үчүн сыйланат.

ЖААНДА
Аябай куйду бүгүн жаан…
Жалгызмын үйдө…
Балдарым
мектепте, бала бакчада.

Аларды кантип келет деп
Санаркоом гана болбосо,
Бул жаанга абдан сүйүндүм.

Жамгырда калып, суу болуп,
Жүдөөнү деле каалабайм.
Жөн гана жаанды сагынгам.

Шатырап жаандын жааганын
Тынч жана жылуу үйүмдө
Ныксырап тыңшап угамын.

Аябай куйду бүгүн жаан,
Арты кар болот өңдөнөт.
Түрү жок деги басылар.

Ийледи жерди ылайлап,
Жаабаган эле бир айлап.
Өчү бар өңдүү куюлду.

Келишти абдан суу болуп,
балдарым. Ага карабай
Кубанып, куунак келишти.

Жамгырдын сергек жыпары
Жыттанып алар киришти
Үргүлөп жаткан үйүмө.

Шөмтүрөп туруп күлүштү.
Шаңданып чыкты бөлмөлөр.
Шатырап жатты сыртта жаан.  
2005-жыл, декабрь.

                    *     *     * 
Үч күн үйдө жалгыз калдым.
Үч түн бою качты уйкум.
Үнсүз жүрүп үч күн катар,
Үнсүздүктөн жадап турдум.

Үч күндөн соң бирөө келди.
Кош-кош кабар түгөтө албай,
Ээрчип мени сүйлөп жүрдү
Үнсүз жаткан бөлмөлөрдө.

Жымжырттыкты сүрүп чыкты,
Ичте бугун төгүп жатып.
Мээни жеген ойдон бошоп,
Анын сөзүн угуп жаттым.
2005-жыл, ноябрь.

*     *     *
Төлгөчүгө алаканым ачтырдым.
Ойлуу карап, сыр тапкандай купуя.
Жашыл дүйнө жактырганың деп айтты.
Турмуш деди сыдыргыга салгандай,
Телегейи тегиз болбойт билесиң. 

Баары болот, дагы эне болосуң.
Чайпаласың, такшаласың, толосуң,
Бөксөрөсүң, түрлөнөсүң, оңосуң.
Турмушуңда көп бактылуу болосуң.

Көп сүйлөдү, айтып өттү көп нерсе,
Кайсынысы туура, кайсы төгүнүн
Турмуш жатты кулагыма шыбырап...

*     *     *   
Түш көрдүм, түшүмдө короомдо
Алмалар гүл ачып алыптыр.
Ушунча күн жарык тийиптир,
Ушунча кубанып алыпмын.
Далайга тигилдим асманга,
А асман туптунук, текши көк. 

Ушунча жашарып чыгыпмын,
Ушунча агарып көкүрөк.
Түш көрдүм, түшүмдө алмалар
Бүр байлап гүл ачып алыптыр.

ЭСКЕРҮҮ
Бир чоң айыл…
Ал айылдын ичинде
Көзгө жылуу учураган там турат.
Бир там турат…
Ошол тамдын алдында
Жалгыз дарак,
Бир түп жаңгак, карт дарак.
Ал жаңгактын бутагына илинген
Селкинчек бар. Ар жагында алардын
Жапыс түшкөн ашкана үй,
Ар жагы малканалар…
Анан жалаң алма бак.

Азыр барсам, азыр деле ошондой
Болсо керек…
бара элекмин көп болду.
Ошол меште, балким, жанып ошол от,
үшүп келет дешип күтүп жатышар
мектебинен келер эрке бир кызды.
Орулган чөп, там башыга жыйылып,
Эки-үч жандык мал короого короолоп…
Билбейм, балким, дале баары ошондой.
Бир билгеним, ошол жылуу короодо
Азыр барсам тосуп чыгар алдымдан
Жандай көргөн адамымдын көзү жок.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз