Иманбек Азизилла уулу: Теңирчилик кыргызчылыкпы, түркчүлүкпү?

  • 20.01.2023
  • 3557

Бурмаланган баалуулуктар, кайраштырылган дөөлөттөр

Адам баласында табигый укук бар – ал каалаган динин тутунат, же ишеним карманат, же эч нерсеге ишенбей коё алат. Кыргызстандын 90 пайыз эли карманган ислам дининде да «динде мажбурлоо жок» деген кураний принцип бар (Бакара, 256). Мухаммед пайгамбар (с.а.в) башкарган Медина шаар-мамлекетинде да ар кайсы диндин өкүлдөрү болгон. Өзгөчө христиандар пайгамбар башкарган шаар-мамлекеттин мыйзамдарын сактоо шарты менен ээн-эркин жашоого укук алганы маалым. Аларга эч кандай басым-кысым, мажбурлоо, кодулоо болгон эмес.

Бирок азыркы ислам динин карманган айрым класстардын динди ашкере таңулоосу, жан-алын койбой мечитке сүдүрөө, эркине койбой диний үгүт иштерге тартуу, диний билимсиздик, фанатизм, радикализм өңдүү көрүнүштөр жүз берип келет. Кээ бир топтор намаз окубаган, орозо тутпаган адамдарды динден чыгарууга чейин жетип, исламды катаал жана татаал дин катары көрсөтүп жатканы маалым. Ушул сыяктуу көрүнүшкө параллель эле динди эмес, «кыргызчылыкты» карманууга, башатка же байыркы ишенимге кайтууга чакырган топ да пайда болду. Буларды оппоненттери «теңирчи» атап келет. «Теңирчилер» кандай шартта пайда болду, эмне түрткү болду, максаты эмне, дегеле булар кимдер, баары илимий-тарыхый принциптердин негизинде акыйкат изилдениши керек. Бул нерсе тарыхчылардын алдындагы озуйпа.

Ислам динине альтернатива катары теңирчилик ишенимин сунуштап жаткан топтор буга чейин бир нече жолу КР ДИМКга кайрылып, дин катары катталуу боюнча арыз беришкен. ДИМК арызды кылдат карап, дин катары каттоого негиз жогун билдирип каттаган эмес. Арыз бергендер ДИМКны сотко берип, айтор кыйла ызы-чуу чыгарышкан. Теңирчиликти диний уюм катары каттоо аракети кайрадан жанданып, жакын арада маалымат жыйыны өттү. Ушуну менен теңирчиликти дин же диний уюм катары каттоо керекпи, жокпу деген талкуу кайрадан жанданып, айрым диндар катмарлар өтө агрессивдүү пикирлерди айтышууда. Биз ушул чиелешкен проблемага калыс, объективдүү байкоо салуу менен бирге, көйгөйдү түрдүү грандардан жана фокустардан карап, нюанстарды салыштырганга, анализдегенге аракет кылабыз.   

Теңирчилик кандай ишеним?

Кыргыздардын исламга чейинки ишенимин ырааттуу изилдөө маселеси күн тартибинде турат. Биздин жаш тарыхчы-окумуштуулар Мирча Элиаде сыяктуу ушул темага олуттуу киришсе илимий огожо, тарыхый табылга болгону турат. Болбосо бакшычылдар, нео-шаманисттик маанайдагы жижиң калемгерлер же анти-исламисттик кишилердин чиймелегени жөө жомок деңгээлинен көтөрүлө албай келет.

Кыргыздар исламга чейин теңирчилик ишенимин карманганбы же шаманчылыкпы деген суроонун түйүнүн алигиче чечкен адам жок. Балким синкреттик ишенимдир. Ал ортодо Кыргызстанда исламга чейин бир гана теңирчилик эмес (аз өлчөмдө болсо да), башка диндер; буддизм, манихеизм, христианчылык болгону факт. Эгер андай болсо «кыргыз исламга чейинки ишенимге кайтышы керек» дегендердин иши оор болгудай. Эгер теңирчилик жөнүндө сөз болсо, дагы проблемалар чыгат. Теңирчилик динби, ишенимби же философиялык көз карашпы деген чоң талаш бар. Даа бир кызык жагдай, чоң изилдөөчүлөр теңирчилик ишеними (бир эле кыргыздын эмес) түрк элдеринин байыркы орток дини/ишеними дешет.

Ошол эле учурда диндин дин болуп эсептелиши үчүн атайын критерийлерге жооп бериши керек. Андай болсо ишенимби? Эгер ишеним болсо антикалык ишенимге кайтуунун зарылдыгы канчалык? Утук эмне да, утулуу эмне? Дүйнөлүк практикада учурдагы динин таштап, байыркы ишенимге кайткан улут же мамлекет барбы? Бул жагын да изилдөө керек. Эми философиялык көз караш дегендерге кулак төшөр болсок, философиялык ишеним диндин ордун баса алабы. Философиялык көз караш адамга руханий тынчык, духовный бакыт бере алабы? Суроо көп, жооп жок. Дегеле теңирчилик эмне? Динби, ишенимби, философиялык көз карашпы? Так жооп берүү кыйын.

Теңирчиликти мамлекеттик идеология катары сунуштагандар да болду. Мунун баары коммунисттик атеизмдин жемиши жана ислам динине каршы «рефлекс» экенин айткандар бар. Бул боюнча атайын макалалар да жарыяланган. Б.а. ислам динин четке каккысы келгендер байыркы ишенимдерди бетине кармап, исламга альтернатива катары көргөзгүлөрү келип жүргөнүн айтышат.

Кызыгы, эски ишенимди жандантууга эмне түрткү? Табышмак. Балким жапондордун шинтоизмин тууроо болуп жүрбөсүн. Жапонияда буддизм күчөй баштаганда жергиликтүү ишенимди көтөрүп чыгууга аргасыз болушкан. А биздин коомдочу? Теңирчилик же шаманизм ишенимин көтөрүп чыгууга негиз бар беле? Табигый себеппи же искусстволук шарттарбы? Жанагында бирөө «теңирчилик радикал исламизмге каршы пайда болгон феномен» деп атпайбы. Биринчиден, радикал деген түшүнүктү ислам динине кара ниеттик менен чаптоо адилеттүүлүк эмес. Экинчиден, бул кыймылды кимдер козутуп атат, керээли-кечке ислам динине асыла берсе эле жаңы ишеним түптөлүп калабы деген суроо жоопсуз турат.

Теңирчилик окуусу түпкүрүндө политеисттик ишеним. Мисалы, Умай эне Көкө Теңирдин жары болуп саналат.[1] Колдоочу-пирлер да кеңири орун алган. Ошондой эле аталар культунун мааниси чоң болгон.[2] Мына ушундай ишенимди болбой эле монотеисттик ишеним деш кыйын. Эч бир жазма булагы, ыйык тексти же китеби, принциптери, нормалары, түптөөчүсү жок, мултуйган эски түшүнүктү алып барып, дин же диний уюм деп каттап салганда эмне өзгөрөт? Же уй мүйүз олтура калып, алда качан жок болгон негиздерин, ритуалдарын[3] негиздей коюшабы? Теңирчиликти каттоо кимге пайда да, кимге зыян? Коомдук бөлүп-жаруу, ыркты кетирүү, диний кастыкты күчөтүү сыяктуу жаман инцидентке жол ачпайбы деген кооптуулуктардын бар экенин адистер эскертүүдө.

Байыркы ишенимдин тарапташтары буга чейин «Көкө Теңир» деп келсе, кийинчерээк «көкөсү» жок эле теңир дегенге өтүшкөнүн байкоого болот. Демек, эски ишенимди реформалоо, кополураак айтканда фальсификациялоо жүрүп жаткан жокпу деп шектенүү жаралат. Дегенибиз, байыркы ишенимде күн теңири, ай теңири, жылдыз теңири, суу теңири, топурак теңири, от теңири сыяктуу кудайларга сыйынуу болгон.[4] Көкө Теңирге сыйынуу формасы, пагандардын (шаман) транска кирүү методдору, кишинин дүйнөгө келгендеги жана каза болгондогу сыяктуу ритуалдар кандай аткарылат? Мындан сырткары, исламга чейинки тотемизмдин элементтеринин орду кандай болот? Дегеле жүрүп жаткан процесстер тарыхтагы нукура ишенимдин оригиналын жандантуубу же «реформаланган» нео-теңирчилик жөнүндө сөз болуп жатабы? Илимий чөйрө ушул жагына кызыгып, ишенимдер менен ойногондорго «токтот!» деп айта алар бекен? Же адаттагыдай талкан сугунуп туруп береби?

Терминдер тегерегиндеги көйгөй

Коомдогу кырды-бычак маселелердин өзөгүндө терминдик талаштар турат десек жаңылышпайбыз. Маалым болгондой, кыргызчылыкты бетине жамынып, улуттук дөөлөттөрдү манипуляциялаган топтор кайдагы арабча сөздөрдү колдонбой, нукура кыргызча сөздү колдонолу дешет. Сыртынан караганда өтө туура маселедей туюлганы менен түпкү ниет башкачадай. Жанагында бирөөлөр поэзиялык конкурс өткөрүп, критерийлерине баланча-түкүнчө ырлар кабыл алынбайт дептир. Арасында «Аллах» жөнүндөгү ырлар кабыл алынбайт деп бадырайта жазыптыр. Негизи беш-алты жаш баланы топтоп алып, аларды өз мүдөөсүнө пайдалануу боюнча калыс сөзүн айтчу адилдер чыгар алдыда. Бирок Аллах жөнүндөгү ырлар кабыл алынбайт дегени жеткен цензура эмеспи? Жеке анти-исламдык эгону сыртка чачыратуу жакшы жосунбу? Чыгармачыл адам башкалардын тандоосун, карманган динин сыйлаган толеранттуу киши болушу керек да. Себеби ал – интеллигент!

«Алла» сөзү арабча деп жеригени менен ал сөз биздин тилибизге да, дилибизге да, оозеки маданиятыбызга да, жашоо турмушубузга да эбак кирип орун алганы жалганбы. 1000 жылдан кийин чочуп кетип, ушул терминди чектеп, өлкөнүн өтө көпчүлүгүн «Аллахчылар» деп провокация жасоо мыйзамдын таразасына коюлууга тийиштир... Алар «Алла дегендин ордуна кудай, теңир деген эле жакшы» деген пикирди карманышат. Бирок кудай сөзүнүнүн этимологиясын карасак фарсча, теңир деген сөз гуннча же монголчо (кытайча деген вариант да бар: 腾格尔) болуп атпайбы. Ал эми айтылуу Махмуд Кашкарлык «Диван-ы лугату ат-Түрк» китебинде теңир бул – Алла Таала деп белгилеген. Демек, 10-кылымдарда эле Алла, теңир синоним катары кабыл алынган. Кызыгы, азыркы заманда Алла сөзүнө каршы Теңир сөзүн көтөрүп чыгуу кайсы логикага жатат? Ушул тенденция жүрүп жатканда Махмуд Кашкарлык баштаган бабаларыбыздын арбагы оодарылып атса керек...

Демек, кайсы бир сөздүн реалдуулукта колдонулуп жаткан маанисин эмес, этимологиясын башкача максаттарда чукулай берсек көп кызыктар чыгат. Ошондуктан терминдерди тегеретпей, жерибей, ошол эле учурда мамлекеттик тилдин нормаларын сактоо шарты менен жазма маданиятты өркүндөтө берген жакшы эмеспи.     

«Теңирчилик бул – кыргызчылык» деген концепция боюнча

Теңирчилик ишеними жалпы көчмөндөрдүн ишеними экени белгилүү. Демек, теңирчилик кыргыздын эле эмес, казактын да, түрктүн да, ал тургай монголдун да байыркы ишеними. Андай болсо, аны кыргызчылык деп патенттеп алуу канчалык туура? Башка мисал: Теңирчилик бул – моңголчулук десе биздин «арийлер» кабыл алабы? Арий демекчи, башка улуттардан улуксунуп, өзгө этносторду басынтып, «ыйык эл» болуп алуу кызыктай көрүнүш эмеспи? Деги кайсы арыбызга ыйыксынабыз? «Ыйыксынуу» башка улуттардын шылдыңдап, аргасыз күлдүрөт же каарын кайнатат. Демек, улуттук сезимдерди козутуп, чектен ашыра берүү нацизмге, ал фашизмге жол ачат. Улуттук сезимдерди ашкере манипуляциялаган күчтөр Адольф Гитлер башында турган фашизмдин тарыхын жакшылап окуп алуулары шарт. Ошол эле учурда эч бир акылга, илимге сыяр далили жок эле «арийлешкиси» келгендер рейхсфюрер Генрих Гиммлердин өмүр таржымалын окуп койсо.

Кыргыздар качан ислам динин кабыл алган?

Акыркы учурларда тарыхый өжөр фактыларды карасанатайлык менен тебелеп, быт-чытын чыгарып, «кыргыздар кечээ кокондуктардын мажбурлоосу менен исламга киргизилген» деген эч бир далилге негизделбеген «оорукчан пикирлер» айтыла баштады. Негизи тарыхты кыянатчылык менен кордоо жакшы жосун эмес. Тарых илими объективдүүлүктүн үстүнө курулган. Өтмүштөгү окуялар факты түрүндө гана изилденет. Кыргыздар качан исламды кабыл алган деген суроого жооп издөөдө ар кайсы шамано-бакшычыл дилетанттардын оозуна эмес, ишенимдүү тарыхчылардын далилдүү эмгегине каралат.

Ишеничтүү булактарда берилгендей, ислам дини X кылымдын аяк ченинде Карахандар каганатынын доорунда Орто Азияда биротоло орногон. Каган Сатук Буура хан 943-жылы мусулманчылыкты кабыл алып, “Абдулкерим” ысымын алган («Худуд ал-алам», 980-жылдар). Ал Бухарадан келген дин аалымы Абу Наср Саманинин таасири менен динге кирген деген маалыматтар бар. Ал эми Сатук Буура хандын уулу Муса Байташ 955-жылы ислам динин каганаттын расмий дини деп жарыялайт. Тарыхый булактардан маалым болгондой, 960-жылы карлук, ягма, чигил, туси урууларынан 200 000 боз үйлүү көчмөндөр ислам динине кирген. 1043-жылы Баласагын менен Кашкар шаарларынын айланасындагы көчмөндөрдөн 10 000 боз үйдөгү калк исламды кабыл алат. Кыскасы, кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы ушундай.[5]

Мына ошентип кыргыз эли миң жылдардан бери ислам динин карманып келет. Ислам дини кыргыздардын улут катары калыптануусунда да, мамлекеттүүлүктү түптөөсүндө да орду чоң. Кыргыз элинин кадыресе жашоосуна сереп салар болсок, төрөлгөндөн өлгөнгө чейин исламий ырым-жырымдар коштоп олтурат. Айталы, төрөлгөндө кулагына азан чакыруу, кийин сүннөткө отургузуу, үйлөнгөндө нике кыюу, о дүйнө узаганда куран окуу сыяктуу ритуалдар бар. Бул ритуалдар убакыттын өтүшү менен салттык мүнөзгө өтүп, кыргыз дүйнө тааныма айланып кеткени ырас.[6] Ислам мотивдери мындан сырткары накыл кептерге, макал-лакаптарга, жомокторго, элдик ырларга, дастандарга, акындар поэзиясына ж.б. терең синтезделип кеткени факт. Ал эми диндин асыл баалуулуктары эбак эле кыргыздын төл өзгөчөлүгүнө айланып кеткени маалым. Анан эле түштөн кийин сорок этип чыга калып, дин менен салтты бөлөм деш – дени соо кишинин ишиби?

Дүйнөлүк дин катары ислам

Диндердин классификациясына карай турган болсок, алар негизинен дүйнөлүк жана улуттук деген эки топко бөлүнөт. Дүйнөлүк диндерге үч гана дин – христианчылык, ислам жана буддизм кирет. Башкасы улуттук деңгээлден өйдө көтөрүлө алган эмес.

Ислам дининин табиятына карасак, бир гана араб менен кыргызды эмес, бүтүндөй ааламды кучагына алган дин экени белгилүү. Анын планетардык жана универсалдуу эрежелери, заң-закүнү баары үчүн өтүмдүү. Христианчылык жана будда окуусу да ошондой. Теңирчилик ишеними дүйнөлүк деңгээлдеги дин же ишеним эмес. Бүгүнкү күндө исламга чейинки ишенимдерди жанданткысы келгендер кыргызчылык деп бурмалап атпайбы. Бир корей же француз келип, теңирчиликке кирейин десе эмне болот? Ал теңирчиликке кириши үчүн кыргыз болушу керекпи? Ал өз улуттук кимдигин чанышы керекпи? Ушундай дилемма бар.

Дагы бир талуу маселеге кайрылсак, ислам десе арабды түшүнгөн билимсиз топтор бар. Биринчиден, ислам дини улутту эмес, динди туюнтат. Экинчиден, арабдын да мусулманы, капыры, тарсасы, башкасы бар. Үчүнчүдөн, Жер шарында 2 млрд киши мусулманчылыкты карманат. Ошондо дүйнөдө 2 млрд киши «арабкул» болуп калабы? Эгерде 2 млрд киши «арабкул», «динбаш», «Аллахчы» ж.б. болсо, анда канча «шаманчы» бар? Цифраны теңеп болобу? Эгерде кыргыз баласы ислам динин карманып койсо эле арабдашып кеткен болсо, эмнеге 1000 жылдан бери арабдашкан эмес? Ислам дининин кайсыл бир өкүмдөрүндө, фатваларында арабдаштыруу деген принципти көргөн пенде барбы? Дегеле Башмыйзам аркылуу кепилденген дин тутууга каршы чыгуу примитивдик көз караш эмеспи? Эмнеге өлкөнүн 90 пайыз калкын «арабкул» деп радикалдык-экстремисттик маанайдагы чакырык-лозунгдар жүрүп жатат? Мынчалык эр жүрөктүүлүктүн сыры эмнеде?

Дин-улут маселесин билимсиздик же атайылап чаташтыргандарга суроо: эгерде кимдир-бирөө мусулманчылыкты карманса эле арабдашып кетет экен дейли. Анда христиан динин карманган кыргыз улан-кыздарычы? Алар эмне, жөөттөшүп кетеби? Же жөөткул болуп калабы? Анткени Иса пайгамбар жөөт болгон эмеспи. Буддизмди карманган кыргыздар да бар. Алар ошондо кыргызчылыктан ажырап, индус (же индускул) болуп калабы? Критикалык ой жүгүртүү, интеллект, анализ деген болуш керек да адамда.

Диний дөөлөттөр жана улутмандык

Биз бул макалада исламдын ички акыйкаты жөнүндө эмес, сырткы акыйкаттан – объективдүүлүктү гана сөз кылып жатабыз. Эгерде мамлекетибизде жашаган 300 миңдей орус тектүү православдарды эске албасак, кыргыз элинин дээрлик 99 пайызы мусулман. Бул пайыздык катыш символикалуу. Себеби, эч бир нукура кыргыз «мен мусулман эмесмин» дебейт. Антип космополиттер, обочо философиялык агымдардын таасиринде калып кеткендер гана айтышы мүмкүн. Илгертен бери кыргыз дегенде мусулман, мусулман дегенде кыргыз түшүнүлөт. Кыргызстандын ислам дүйнөсүндө өз орду бар. Демек, көпчүлүктүн тандоосуна каршы позиция алуу жакшы жышаан эмес.

Соңку учурларда ислам динин бекемирээк кармап койгон кишилерди «фанат», «радикал», «арабкул», «маңкурт», «динкул», «динбаш» деген абийирге да, укукукка да сыйбаган кутумчул сөздөр айтылып, чагымчылыкты көздөгөндөр көбөйүп барат. Алар бир гана ислам кармануучуларына шек келтирери, башкаларга толеранттуу мамиле көрсөтөрү байкалып келет. Дин тутуу эркиндигин тебелеп, адамдарды дин карманганы үчүн кодулоо, дискриминация кылуу ириде кылмыш. Бул мыйзамдык жагы.

Жогоруда сөз кылынган тараптар адамдардын улуттук сезимдери менен ойноп, «же кыргыз бол же мусулман бол!» деген логикага сыйбаган суроо коюп, көпчүлүктү кыйнап коюп жатканы маалым. Бул «тандоодо» улуттук сезимдери жалындап күйүп турган улутмандар, кыргыз дегенде ичкен ашын унуткан мекенчилдер, баёо адамдар, маселенин түпкүрүн түшүнбөгөндөр удургуп, же кыргыз, же мусулман болушум керек экен деп, аргасыз эки жиптин бирин кыркып жиберип жатышат тилекке каршы. Ошентип же улуттук баалуулуктарды четке каккан радикал, же динге душмандык күткөн экстремист болуп кетишүүдө...

Кандай улут болбосун, анын өзүнүн улуттук дөөлөттөрү жана рухий баалуулуктары болот. Чылк атеисттик улуттун же коомдун болгонун адамзат азырга чейин көрө элек. Демек, улуттук жана диний баалуулуктар бири-бирине каршы эмес, тескерисинче, бири-бирин толуктап турган кош канат же кош карек сыяктуу. Эки канаттын бирин кыркуу – улутту кор кылса, эки көздүн бирин оюу – көр кылат. 

Дегеле улут менен динди карама-каршы коюу акыл парасаттуу кишинин иши эмес. Канчалык кызыктай жана наадан мамиле экенин акыл-эси жайындагы рационал кишилер түшүнүп турат. Улут – бул конкреттүү этностун аты. Тагыраагы, улут – тили, маданияты, каада-салттары, жашоо ыңгайынын өзгөчөлүктөрү менен башка элдерден айырмаланган адамдардын белгилүү бир этностук жалпылыгы. Ал эми дин – эрежелердин жыйындысы. Б.а. адамдын ким экенин, жашоонун максат-маңызынын эмне экендигин билдирип, адам баласын эки дүйнөдө тең бактылуу жашоого жетелеген норма. Мынакей, бирөө конкреттүү адамдар тобу, экинчиси руханий институт. Ушул экөөнү карама-каршы коюуга ийненин көзүнчөлүк негиз жок. Таразанын бир жагына динди, экинчи жагына улутту коюп, бирин танда деген сөздүн канчалык кызыктай мамиле экенин башка мисалдар менен да ачыктап берели.

Бир немиске барып, «немис бол же жол эрежеси бол» десек, бизге кандай карайт? Же орус улутундагы бирөөгө барып, «орус бол же христиан бол» десекчи? «Акылдан азгандын суроосун бербей, жолуңа түш» деши айдан ачык. Илим-билим, кругозор, интеллект өнүкпөгөн коомго эң жөнөкөй, эң элементардык маселелерди чагып түшүндүрүп беришке туура келет ушинетип. Тескерисинче, руханий эрежелер, жол-жоболор тигил же бул улуттун өзгөчүлүгү болуп атпайбы. Ислам динин жана аны тутунгандарды кордоп, сөгүп, чагым кылгандан башка иши жоктордун агымы ушул нерселерди билбейби. Биле-ет. Билгенде да эң сонун билет. Булардын көпчүлүгү кечээги коммунизмдин «отличник-отличницалары» экени да жашыруун эмес. Эгер диндерге каршы чыгышса, бардык диндерге жана конфессияларга тегиз каршы чыгышы керек болчу. Бирок бир гана динге каршы чыгуулары адилеттүүлүк эмес. Фейк, ботторду ишке салганы да ойду онго, санааны санга бөлөт.

Дегеле качантан бери кыргыз деген түшүнүк мусулман деген түшүнүккө каршы коюлуп калды эле? Буларды бири-бирине салыштыруу, карама-каршы коюу, тандоого таштоо эч бир логикага жатпайт. Кыргыз – улуттун аты, улуттук деңгээл. Ислам – диндин аты, ааламдык деңгээл, универсалдуу түшүнүк. Бул экөө миң жылдардан бери бири-бирин толуктап келаткан феномен. Демек, исламий баалуулуктарды улуттук дөөлөттөргө каршы коюу кыянатчылык. Мунун артында чоң кыймыл, ири долбоор барбы деп чочулайсың.

Сөз кылынып жаткан топтор «Манас» эпосун динге каршы контр-аргумент катары колдонуп келет. Бирок улуу эпостун классикалык варианттарын карасак, диний мотивдер абдан көп экени маалым.[7] Ал тургай Манас ысымынын чечмеленишинде да диндик элементтер кездешет.

«Баш жагына “мим” келсин
Байгамбардын сүрөтү,
Ортосуна “нун” келсин
Олуянын сүрөтү,
Аягына “син” келсин
Арстандардын боруму,
Арты кайда кетти экен
Ал үчөөнүн оруну? ”

Окуп билди “Манас!” – деп,
Оозуна келди шондой кеп.
Ат коюлду – “Манас!” – деп,
“Алла Таала сактасын,
Ар балаадан калас!” – деп».

Исламдын көз карашына ылайык, динге кирүүнүн шарты келиме айтуу. «Манас» эпосунда ушул нерсе да бар. 

«Чогулуп турган көпчүлүк,
Ла илаха иллаллах,
Мухаммад расулуллах,
Келме шаадат жар кылып,
Ыйман айтып күңгүрөп,
Жалбарып жалгыз Аллага
Акка моюн сунушту,
Кетпейбиз деп ушундан,
Келме айтып канча жан,
Алар болду мусулман...»

Ошондой эле Курандагы «Ыклас» сүрөөсүнө толук дал келген саптар бар:

«Туудурду деген ата жок,
Турпатында ката жок.
Тууду деген эне жок,
Туш келишер неме жок.
Өзгө тууган урук жок,
Өзүнөн бөлөк улук жок».

Белгилей кетсек, Курандагы «Ыклас» сүрөсү ислам дининин теологиясын (акыйда негизин) кыскача түшүндүргөн сүрөө катары белгилүү.

Эпостун классикалык варианттарында диний элементтер көп болгондуктан, аларга каршы чыгууга батынгандар да болууда... Бул боюнча илимпоздор тынчсызданып, «Манасты» фальсификациялоого каршы бекем турганы белгилүү. Өкүнүчтүүсү, тиги дүйнөдөн Жайсаң аян кылды деген бакшычылар чыгып, «Манаска» ачык шек келтиргени да көпчүлүк эсинде...

Ислам жана улут: исламдын улуттук баалуулуктарга болгон көз карашы

Улуттук сезимдерди манипуляциялоо «Манас» эпосу менен гана чектелген жок. Сөз болуп жаткан азчылык топ улуттук нарк-насил, каада-салтты да ислам динине каршы колдонуп келе жатканы маалым. Алардын оюнда дин кармоо улуттук кимдикти чануу имиш. Динди карманган адам кыргызчылыктан безет дегендей стеротип жаратууга катуу аракет кылынып жатат.

Ушундан улам мусулманчылыктын ыйык китебинде улутту чангыла деген сымак буйрук-жобо барбы деген суроо жаралат. Куранда да, хадистерде да, усул китептеринде да, ишенимдүү фатва китептеринде да мусулман болуш үчүн улутту чангыла деген нерсени таппайбыз. Болгону чектен ашкан нацизмди тыйган. Ал эми улутмандык жакталганын көрөбүз. Мусулмандардын негизги китеби болгон Куранда, «Эй, адамдар! Биз силерди бир эркек менен аялдан жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн элдерге жана уруу-урууларга бөлүп койдук. Акыйкатта, Алланын алдында силердин эң урматтууңар – такыба болуп Кудайдан корккондор. Акыйкатта, Алла – баарын Билүүчү, баарынан Кабардар!» (Хужурат сүрөсү, 13-аят).

Башка аятта, «Асмандар менен Жердин жаратылышы, силердин тилиңер менен түсүңөрдүн ар түрдүүлүгү да – Анын белгилеринен. Акыйкатта, буларда билимдүүлөр үчүн белгилер бар» (Рум сүрөсү, 22).

Эми ислам пайгамбары Мухаммеддин (с.а.в.) накыл кептерине (хадистерине) карап көрөлү: «Эй инсандар! Ушуну жакшы билгиле, кудайыңар бир, атаңар бир. Арабдын араб эместен, араб эместин арабдан, ак терилүүнүн карага, кара терилүүнүн акка үстөмдүгү жок. Жогорулук бир гана такыбаалыкта» (Ибн Ханбал, V, 411).

«Ислам дини – караңгылык доорундагы кырчылдашкан ашкере улутчулдук менен уруучулук пикирди түп тамырынан кесип таштады» (Бухарий, Ахкам 4, Имара 36,37; Абу Дауд, Сүннөт 5; Тирмизий, Жихад 28, Илим 16).

Жогорку аят-хадистерге таяна турган болсок, ислам ашкере улутчулдукка гана каршы. Бирок улутмандыкка каршы эч кандай жобо жок. Эми төмөнкүдөй суроо жаралат: улуттук салтыбызга түп тамырынан каршы чыккан исламчылдар канча? Дегеле барбы? Менимче, жок. Ал эми исламга түп тамырынан каршы чыккандарчы? Кыйла эле киши бар. Демек, бул жерде да кылдай ичке маселелер бар...  

Кыргызда жети ата сүрүштүрүү деген керемет генеалогиялык түшүнүк практикаланып келет. Ал аркылуу кыргыз баласы ата-тегин унутпай биле жүрөт. Динде да ушундай нерсе бар экени маалым. Мухаммед (с.а.в.) пайгамбардын насааттарынын биринде, “Ата-тегиңерди биле жүргүлө. Тууганчылыкты бекемдеп, катташып тургула. Себеби, тууганчылык канчалык жакын болсо да катташпаса алыстап кетет. Ал эми канчалык алыс тууган болсо да, катташуу менен жакын болот”, – деп айтылат.

Эми үрп-адат боюнча айтсак, Куран жана сүннөттө жок маселелер боюнча үрп-адатка карап фатва берилет. Фатва усулунда үрп-адаттын орду бар. Башкача айтканда, дин негиздерине каршы келбеген үрп-адат шарият булагы боло алат.

Өзүңүздөр байкагандай, дин менен каада-салтты карама-каршы коюуга таптакыр негиз жогу дагы бир жолу бышыкталды. Кез-кезде дин улукпу же салт улукпу деген тантык суроолор коюлуп, отко май чачыла калууда. Тилекке каршы, билимсиздиктин айынан көпчүлүк «динди танда же салтты» деген сыяктуу арам манипуляцияларга кабылууда...

Жоолук (хижаб) жана сакал да ушул өңүттөгү маселелерден. Ислам көз карашына ылайык хижаб – уяттуу жерлерди жабуу милдеттүүлүгү. Каада-салтыбызда деле чечинүү, жылаңачтануу өөн каралат. Ислам дини белгилеген кийинүү маданиятына (тасаттур) душмандык күткөндөр негедир башка диндердин кийинүү стилине эч кандай каршы сөз айтканын көрбөдүк да, укпадык. Ошол эле учурда жылаңачтануу боюнча деле жарытарлык пикир айта беришпейт. Бирок бир гана мусулманчылыкты карманган аялдарга асылууну адат кылып алышкан...

Негизи аялзатына асылып, тандоосуна, жүрүм-турумуна, кийим-кечесине ашкере кийлигишүү демократиялык принциптерге каршы келет. Кийим-кечеси үчүн басмырлоо, психологиялык чабуул жасоо мыйзамга каршы жосун болуп саналат. Каада-салтыбыз да аялды сыйлоого чакырат. «Кылымда кыздын аты улук, кыргызда кыздын чачы улук. Кызыгын билбейт дүйнөнүн, кыз сыйлабас макулук» деген накыл кеп тегин жерден айтылбаса керек. Ошол эле учурда ислам талабы боюнча кийинмекчимин деген дин тарапташтары да элди чочута турган кийимдерден, этномаданиятта жылуу каралбаган чумкуй кара жамынчылардан качышса жакшы болот.

Ал эми сакал боюнча айтсак, ханафи мазхабында сакал коюу сүннөт амалдардан эсептелет. Айрым дин аалымдары мустахаб деп айтышат. Демек, сакал диндин негизги шарттарынан эмес. Бирок ислам оппоненттери дайыма сакал көйгөйүн көтөрүп, коомдо ызы-чуу чыгарып келет. Деген менен бир гана мусулмандар сакал коёт деген нерсе жок. Христиан поптору да, жөөт хахамдары (чакам) да сакал коёт. Ошондой эле К.Маркс, Ф.Энгельс, В.И.Ленин деген коммунисттик идеологдор деле сакалдуу болуптур. Лео Месси, Конор Макрегор сыяктуу спортчулар деле сакалчан. Алтургай Кончита Вурст аттуу ырчы аял да сакалдуу экен. Андай болсо эмнеге мусулмандын гана сакалына асылышат? Адилеттүүлүк кайда?

Ошол эле учурда «машаллах», «иншаллах», «субханаллах» сыяктуу исламий сөздөргө (диний говор) жекирүү менен карагандар арбын. Бирок ошол эле адамдар «оо май гад», «дай бог», «отче наш» деген сыяктуу сөздөргө унчукпайт. Калыстыкпы?!.

Ысым маселеси

Балага ат коюу негизинен ата-эненин укугу, тандоосу. Ислам шариятынын талабына ылайык, ысым жагымсыз болбосо жана бала кийин чоңойгондо ыңгайсыз болбосо болгону. Сөзсүз түрдө арабча ат коюу шарт эмес. Бирок ата-эне өз балдарына тандап жүрүп жакшы ат коюуга аракет кылат. Мисалы, темирдей бекем болсун деп «Темир», болоттой курч болсун деп «Болот», камчыдай күүлүү болсун деп «Камчы» деп коюшат. Кыздарга болсо назиктикти, сулуулукту туюндурган ысым ыйгарышат. Айталы, Айсулуу, Алтынай, Гүлнур, Гүлбарчын, Мээрим ж.б. Гүлдөрдүн атынан коюу да кеңири таралган.

Негизи ысым коюу ар башка доордо ар кандай өзгөчөлүккө ээ болуп олтурган. Мисалы, кыргыз элинин мусулманчылыкты кабыл ала баштагандан бери карай исламий аттар мол кездешет. Колонизаторлор басып киргенден соң Советбек, Космос, Марлен, Мирлан, Съездбек, Нурлис, Клара, Венера ж.б. аттар коюлса, эгемендиктин шарапаты менен башкача ысымдардын берилгенин көрүүгө болот. Мисалы, Диана, Милана, Марсиана ж.б.

Азыркы учурга сереп салар болсок, исламийге ыкталган аттар басымдуу. Ошол эле учурда нукура кыргыз ысымдары да коюлуп жатат. Бирок айрым адамдар жана исламофобисттер исламий ысымдарга жек көрүү менен карап, муну чоң трагедия катары карашат. Оозу-мурду кыйшайбай, исламизация же арабизация дегендер да бар. Чын-чынында кыргыз элинин ислам динин кабыл алганына миң жылдан ашты. Исламий ысымдар ошол күндөн ушул күнгө чейин коюлуп эле келет. Көмөкөйгө ылайыкташып кабыл алган ысымдар алда канча көп. Мисалы, Абдылда (Абдулла), Ыбырай (Ибрахим), Жусуп (Юсуф), Жапар (Жаъфар), Калык (Холик), Мукамбет (Мухаммед), Байымбет (Бай-Мухаммед), Алмамбет (Ал-Мухаммед), Нурмат (Нур-Мухаммад), Акмат (Ахмад), Аалы (Али), Абакир (Абубакр), Осмон (Усман), Омор (Умар), Садык (Содик), Ашык (Ашик), Керим (Карим), Азиз (Азиз), Асан (Хасан), Үсөн (Хусейн), Адыл (Адил), Максат (Максод), Азамат (Азоомат), Таалай (Таъаала) ж.б. бай тизмени улоого мүмкүн. Ошондой эле Аллаберди, Теңирберди, Пиримберди, Берди деген сыяктуу шүгүр кылууга байланыштуу ысымдарды кездештирүүгө болот.

Ал эми кыз баланын ысымдарына келсек, Айша (Аиша), Кадича (Хадижа), Батма (Фатима), Зуура (Зухро), Зулайка (Зулайха), Бактыгүл (Бахт), Мариям (Марйам), Минавар (Мунаввара), Мукарам (Мукаррама), Нургүл (Нуур), Алия (Алия), Жамиля (Жамийла) ж.б. төл ысым сыяктуу кабыл алынган аттардын түпкүрү исламий ысымдар болуп чыгат. Бир гана айырма, азыркы учурда араб тилинин эрежелерин, тыбыштарынын өзгөчөлүктөрүн жакшы түшүнүүгө жана жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болгондуктан, эл ысымдардын нукурасын коюп жатышат. Ошол эле. Башка эч нерсе деле жок. Демек, исламий ысымдарга итиркейи келгендердин «тынчсыздануусу» негизсиз. Омор десең не болот да, Умар десең не болот? Батма десең не болот да, Фатима десең не болот? Аалы десең не болот да, Али десең не болот?

Бир гана өзүбүздөн мисал кылбай, боордош түрк элдерине кылчайып койсок артыкбаштык кылбайт. Ысымы чылк арабча болгон Мухаммед (Алпарслан) Анатолиянын дарбазасын ачса, Фатих Мехмед Константинополду каратып алуу менен орто кылымды жыйынтыктап атат. Султан Сулайман дүйнөнү титиретсе, Мустафа Кемаль (Ататүрк) азыркы Түркияны түптөп жатат. Бул инсандар арабдашпай-нетпей эле, ай-ааламга түрк катары таанылып атпайбы. Кана, арабдашып кетип, элдин башы айланганы? Азыр деле арабча ысымдар коюлуп келет. Түркияда эң көп коюлган ысымдарды карап көрөлү. Уул бала ысымдары: Мехмет, Мустафа, Ахмет, Али, Хүсейин, Хасан, Ибрахим, Исмаил, Осман, Юсуф ж.б. Кыз бала ысымдары: Фатма, Айше, Эмине, Хатиже, Зейнеп, Элиф, Мерйем, Шерифе ж.б. чылк арабча. Түрк боордоштордун арабизацияга учурап, түркпү же араббы деп дүйнөнүн тааныбай дендиреп калганын көрө элекпиз. Боордош элдерден казак, өзбек, түркмөн, азерлердин ысымдарын карасак деле ошол көрүнүш. Арабий ысымдарга «отравления» болуп жаткандар негедир европалыктарча ысымдарга тынчсызданганын көргөнүбүз жок.

Мындан сырткары фарсчадан келген «Адина», «Анар», «Айна», «Азат», «Бактияр», «Жамшит», «Жоомарт», «Дарья», «Дастан», ж.б. этимологиясы персче ысымдар да арбын. Ысымдарга кошулчу «дана», «жан», «пери», «гүл» деген компоненттердин түпкүрү да фарсча. Ушундай ысымдарды фарсташуу деп айтып чыгуу туурабы? Антүүгө ким даай алат? Кимдин акысы бар? Демек, «саманканадан түтүн чыкты десе Самарканд өрттөндү» деп делөөрүбөй, ар бир сөздү ынанымдуу далил менен айтуу зарыл. Инсандын талуу жери болгон улутчулдук сезими менен ойноп, ар башка ысымдуу элди бири-бирине кайраштыруу, чагымчылдык кылуу наадандык болор.

Коомдун табияты көп түрдүүлүк. Нукура кыргызча ысым болсун, исламий болсун, дүйнөлүк жылдыздар болсун, евро-ысымдар болсун, элди бөлүп-жаруу негизсиз. Ал ысымдарды ата-энеси асыл ой-тилек менен койсо, жаман мааниге келбесе, анда эмнеге бирөөнүн ысымы үчүн жаалданышыбыз керек? Ушинте берсе эртең исламий ысымдуу жарандардын, өзгөчө жаш балдардын коопсуздугу эмне болот? Ушул жагын да эске ала жүрүү керек ко!

Ысым маселесинде бүлүк салып жүргөндөрдүн атын, же фамилиясын, же жети атасынын бирин карасаң исламий ысым болуп чыгат. Өз балдарына нукура ысым бергени деле аз. Коомдо чыңалуу жаратпай, жөн гана мааниси жакшы нукура кыргызча ысымдарды пропаганда кылуудан өтөрү барбы. Балким атын эмес, затын нукура кыргыз кылуу абзел болуп жүрбөсүн. Сөз улуттук иденттүүлүк жөнүндө болууда. Аты Жармагүл же Бокмурун болгону менен заты начар болуп, элине, жерине, тилине, дилине, динине, Мекенине күйбөгөн чыккынчы, маңкурт, наадан, космополит болсо, андайдын кимге кереги бар?!

Дагы бир кызык жагдайга көңүл буралы. Араб тилинен кирген исламий түшүнүктөрдү синтездеп алып, кайра аны исламга каршы колдонуу синдрому бар бизде. Мисалы, арбак (арваах), кайып (гойб), аян (аййаан), сыр (сирр), нур (нуур) ж.б. толгон-токой түшүнүктөрдүн теги арабча. Булардан сырткары Кызырдын (же Кыдыр) прототиби исламдагы кадимки Кызыр алей салам экенин кайда жашырабыз? Ошол эле Умай эненин прототиби да кадимки Обо эне деген маалыматтар бар.

Исламдын ичиндеги айрым (бузулган, жаңылыш түшүнүлгөн же өзгөртүлгөн) агымдарды курал катары бетке кармап, аны жалпы ислам дини деп мүнөздөп, карасанатайлык менен жалпы ислам динине көлөкө түшүрүү аракеттери да бар. Же болбосо салттуу исламдан алыс агымдардан мисал тартып, диндарлыкты «арабкулдук» деп ач айкырык менен пропаганда кылгандарды айтсак болот. Андан да жагымсызы, исламдын негиздерине чабуулга өтүп, «ким мусулман болсо, ал кыргыз эмес» деген жалган концепция токуп, улут менен динди карама-каршы коюу кайсыл акылга сыят? Бир гана ислам динине 24/7 саат асылып коюу менен кыргызчылык корголуп калабы?

«Теңир» атын жамынган айрым адамдар күн өткөн сайын радикалдашып, «мусулмандар Аравияга көчкүлө», «төө сийдигин ичкиле», «арабкулдарга Кыргызстанда орун жок» деген экстремисттик маанайдагы сөздөрдү айтып, өлкөдөдөгү коопсуздукту бүлдүрүүгө, диндер аралык кастыкты козутууга аракет кылганы эмнеси? Тиешелүү органдар Башмыйзам аркылуу кепилденген дин эркиндигине акаарат келтирген радикалдык «лже-нацисттерди» качан тартипке салат? Булардын катары күн санап көбөйүшүнө эмнеге маани бербей жатабыз? Кудай сактасын, эртең зор ажырымга жол ачып, мамлекет бүтүндүгүнө доо кетирсе эмне болуучу?! Псевдо-нацисттерди бүгүн мыйзам чегинде токтотпосок, дин таануучу мамлекеттик адис катары баса белгилеп кетейин, эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Менин өтө тынсчызданганым ушул.

Атайын кызмат алардын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөрүн, максаттарын, киреше-чыгаша, ыгым-чыгымдарын бүт көзөмөлгө алышы керек. Себеби, бул жерде жөн гана диний тандоо эмес, улуттук-мамлекеттик коопсуздук, коомдук-диний стабилдүүлүк жана эл ынтымагын кызыктырар маселелер бар. «Кой-ай» дечү интелигенция өкүлдөрү го эми аман болсун. Жаалданган топту тыйып, кой дегендин ордуна алардын «сыйкырдуу» сөздөрүнө ишенип, «кыргыздар ыйык, арий, кудайчалыш эл турбайбызбы» деп ичинен кымыңдап, эйфорияда жүргөнү аз эмес. Салттуу ислам менен дин атын жамынган деструктивдүү багыттардын доктринасын айырмалап, «бул коопсуз, а бул туура эмес» деп айырмалап берчү интеллигент жокко эсе. Динге дүңүнөн каршы чыгып, «дин – бул апийим» дегенден ары өтө албаган тар, субъективдүү көз караштагы «илимпоздор» толтура.

Улуттук сезимдерди манипуляциялап, кыргызчылыкты бетке кармап жаткан күчтөр көп учурда диний кызматкерлерди сындамыш болгону менен кээде исламдын негиздерине чабуул коюп келишти. Кээси чектен ашып, «Куранды реформалаш керек», «Мукамбет пайгамбар педофил болгон», «мусулмал», «хиджаб – сойку кийими», «оштуктар сарт» ж.б. өтө оор жана маданиятсыз сөздөр менен ачык эле чагымчылык кылып, диний жана аймактар аралык кастыкты козутууга аракет жасашты (Таңгалганым: абийирге жана мыйзамга каршы провокациялык сөздөр жүрүп жатканда башы көрүнгөн аксакалдар акыл айтып, тартипке чакырууга жарабады). Кыскасы, андай чагымчыларды мыйзамдын тизгини менен ооздуктоодон башка чара жок.

Башмыйзам эмне дейт?

Албетте, КРда жашаган ар бир адам өз ой пикирин эркин айтууга укуктуу. Бирок мыйзам чегинде гана! КР жаранын тутунган дини себептүү кодулоо, дискриминация кылуу Башмыйзамга каршы жосун. Буга байланыштуу айрым беренелерди көрсөтүү эп болор.

24-берене

1. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде жана өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес.

Басмырлоого жол берген адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

32-берене

1. Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу.

2. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.

4. Басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат.

34-берене

1. Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

2. Ар бир адам өзүнчө же башкалар менен бирге каалаган динин тутууга же эч бир динди тутпоого укуктуу.

3. Ар бир адам диний жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана тутууга укуктуу.

4. Эч ким өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.

47-берене

1. Кыргыз Республикасында жаштарга руханий-маданий, адеп-ахлактык жана дене-бой жактан өнүгүү укугу кепилденет.

53-берене

1. Коомдук жүрүш-туруш эрежелерин жана ченемдерин сактоо, коомдун кызыкчылыктарын урматтоо – ар бир адамдын милдети. Адамдын өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбашы керек.

2. Ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай аракеттерди жана ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу.

3. Ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, абийирин жана ар-намысын урматтоого милдеттүү.

Жогоруда Конституцияда дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү беренелер берилди. Мындан сырткары дин кармануу укугун камсыздаган жана жөнгө салган нормативдер бар. Ошол эле учурда дин кармануу жоопкерчилик экенин диндарлар биле жүргөнү эп. Динди туура карманган адам эки дүйнө бактылуу болсо, туура эмес кармануу эки дүйнөлүк бактысыздыкка алып барат десек аша чапкан болбойбуз. Бурмаланган диний багыттарды кармануу, КР аймагында тыюу салынган уюмдарга кирип кетүү укуктун чегин бузуудан башка эч нерсе эмес.

Жыйынтык

Демек, улуттук баалуулуктарды диний дөөлөттөргө каршы коюучулардын түпкү мүдөөсү башка деп жыйынтык чыгарсак болот. Бул тенденцияны жөн гана каада-салтты бекем кармагысы келген улутмандык аракет деп мүнөздөө таптакыр туура эмес. Эгер жөн гана улуттук иденттүүлүктү күчтөндүрүү, каада-салтты бекемдөө максат кылынса, кайсы бир конкреттүү динге (исламга) душмандык жасалмак эмес. Себеби улутка күйүү кайсы бир динге кастык күтүү менен болбойт. Элдин өтө көп бөлүгү тутунган жана миң жылдардан бери карманып келе жаткан салттуу исламына урмат көрсөтүлүп, диний толеранттуулук, бирөөнүн диний тандоосун сыйлоо маданияты сакталмак.

Ошол эле учурда ислам атын жамынган радикалдык жана экстремисттик маанайдагы багыттарга каршы иммунитет да болушу керек. Аят-хадистерди манипуляциялап, өз багытына, өөн идеологиясына, сектасына ылайыктап бура тартууга жол берилбеши кажет. Аят-хадисти айткандын баары эле ак дилдүү адам болбой калышы мүмкүн. Салттуу ислам дүйнө таанымынан окчун окуулар жана салттуу эмес деструктивдүү топтордун торунан абайлоо зарыл. Чоң державалардын дин атын жамынган «кукла» топтору эч качан акыйкат жолдо боло албайт. Мамлекеттин аларга каршы жүргүзгөн саясаты туура эле.

2022–2026-жылдарга карата Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын талкулоо учурунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселесине кайрылып, ислам атын жамынган экстремисттик окууларга каршы экенимди, ал окууларга кирип кеткендерге чара көрүүнүн туура эле болгонун бидирген элем. Ошону менен бирге эле экстремизм жана терроризмдин исламга гана байлоо туура эместигин, анын да түрлөрү бар экенин, керек болсо динсиздик экстремизми да болорун айтып, аларга каршы кандайдыр бир чара көрүлүп-көрүлбөгөнүн, исламдын сыртандагы дин жана конфессиялардын радикал өкүлдөрүнө дал ошол «экстремизм жана терроризмдин алдын алуу» боюнча иш козголуп-козголбогону боюнча суроо берип, бирок тиешелүү органдардан канааттандырарлык жооп ала албадым эле. Кийин дагы бир маанилүү жыйында улуттук баалуулуктарды бетине жамынган анти-исламдык экстремисттик маанайдагы жарандарга чара көрүлөбү деп дагы сураган жайым бар. Тиешелүү органдын өкүлү «чара көрүлөт» деп жооп берген менен азырга чейин анти-диний радикализм ээн-эркин тамыр жайып бараткандай туюлат...

Ошондуктан мамлекеттин коопсуздугу, улуттун амандыгы, элдин биримдиги үчүн ар кандай жикчил топторду, провокациялык маанайдагы радикал жарандарды, чагымчыл интернет колдонуучуларын мыйзам алкагында тартипке келтирүү учур талабы. Болбосо мындай типтегилер күн өткөн сайып күчөп, диний кастыкка жана коомдук жиктешүүгө үрөөн себе берери маалым. Коомдук чыңалуунун, ал аркылуу жарылуунун эч кимге кереги жок.

Урматтуу мекендеш! Мамлекетибиз бир, Мекенибиз жалгыз. Күнөстүү өлкөбүз, куттуу мамлекетибиз диний же башка кастыктар себептүү коомдук жарылууну көтөрө албайт. Эсибиз менен бололу!

Иманбек Азизилла уулу, публицист

P. S. Автордун көзкарашына “РухЭш” сайты бейтарап тутумду карманарын билдиребиз. Биздин аянтча коомдогу түрдүүчө пикир, көзкараш, таанымдарга жана талкууларга ар дайым ачык.

[1] Ө. Ж. Осмонов, А. С. Мырзакматова, «Кыргызстан тарыхы: Урунттуу учурлар» (Байыркы доордон XIX к. ортосуна чейин).

[2] М. Дыйканбаева, «Аталар культу» (диссертациялык иш).

[3] Шешен Рамазан, «Ислам географтарынын көз карашы боюнча түрктөр жана түрк өлкөрү»; Чевик Селчук, Орто кылымдарда кыргыздардын социалдык жана экономикалык түзүлүшү (диссертациялык иш)

[4] А. Байтур, «Кыргыз тарыхынын лекциялары», I-II.

[5] Кененирээк караңыз: А. Жусубалиев, «Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы»; Т. Чоротегин, К. Молдокасымов, «Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы».

[6] Кененирээк караңыз: А. Калбердиев, «Кыргыздардын дүйнө таанымында Аллах түшүнүгү».

[7] Кененирээк караңыз: М. Самиев, “Манас эпосунда ислам дининин орду”.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз