Каракалпак жаш калемгерлеринин кыска-нуска аңгемелери (конкурска №1)

  • 14.02.2023
  • 2075

Сагыныч

Кызымды боорума басып дийдарына тоюп-тоюп алсам. Өмүрлүк жолдошумдун колунан бир чыны чай ичсем экен деп жаңы гана коронавирус ооруусунан айыккан бейтапты узаткан дарыгердин кыялынан өткөндөй болду.

Үмитгүл Косымбетова

Кара кат

"Мына, мына азыр ал эшиктен жылмайып кирип келет"- бул байкуш эненин оозунан чыккан эң соңку сөзү жана деми эле... А колунан отуз жыл мурдагы саргайып кеткен "кара кат" жерге түштү...

Шахноза Аскербаева

Кандай келин түшүрүүнү каалайсыз?

Бир бала апасына мындай суроо бериптир...

- Сиз кандай келин түшүрүүнү каалайсыз?

Апасы келин жөнүндө далай жакшы сыпаттарды айтыптыр.

Баласы...

- Анда эжем менен карындаштарымды ошондой тарбиялайлы, - деп акыл айтыптыр.

Айнура Султаниязова

Сагынуу

Балдарынын коңуроосун сагынган байкуш эне дагы кабатырланды. Телефон оңдоо устаканасынан бүгүн да муңайып чыкты.

Динора Бегдуллаева

Апамдын айткандары

“Кызым, сен да чоңоюп келатасың. Ошондуктан азыртан өнөр үйрөнсөң, алдагы өмүрүңдө кем болбойсуң. "Кимдин кызы, баланчанын кызы" деген жакшы атты алып жүрсөң, башым көккө жетет» - деп кулагыма куйгандан тажабайт.

Сабина Муратбаева

Карантин

Төрт жашар Нурлан уйүндө жалгыз ойноодон тажады. Ал апасына "көчөгө чыгып досторум менен ойнойм"- деп кыңырлык кылды. Анда апасы мына бул сөздү коюп берди:

“Үйдө отургула, талаага чыкпагыла. Талаада иттер бар”.

Гүлмира Казиева

Оргинал бала

Ачууланган кичкентай бала сүт толо банканы столбага уруп сындырып: "Мен сага Өмүрбек лаккынын баласымынбы"- деди кызарып турган бетин кармап.

Исламбек Мамбетниязов

Шаарга көчүп кеткенсиң

Сени калаада көп жерлерден издедим, жаңы салынган көп кабаттуу үйлөрдөн, мектеп-бала бакчалардан, базардан да... Табалбадым...

Айылыбызга барып жашы улуулардан сурадым. Алар сенин шаарга көчүп кеткениңди айтты, АР-НАМЫС!?

Малика Наурызбаева

Эне мээрими

Кыш. Мышыктын мыймыйларын жолдон адаштырды. Издеди. Таппады. Түндө эски машинадагы селсаяк мыймыйды багып алды. Эрте таң. Мыймый болсо коркуп энесинин койнуна кирди. Кароосуз сумкадагы акча болсо керек деп адамдар талашып-тартышты. Кийиккөз, тоңуп калган балакай чыкты.

Мадина Хажиева

Мезгилсиз коңуроо

Сапаргүлдүн телефону шыңгырады:

- Оо, кызым?

- Апа, мени алып кетиңиз. Мен аны менен жашай албайм.

Сапаргүл таң калды. Мындан бир ай мурда кызы: "Мен ансыз жашай албайм" дегенине ошол жигитке узаткан эле.

Муслима Мамбетниязова

Жай айы

– Ысык күндө ысык чай ичүү өтө жакшы болот ээ.

– Салкын бөлмөдө отуруп, бирөөнүн колунан ичсең, албетте...

Кайрат Лепесов

Кубаныч жана кайгы

Ал 18 жылдан бери аялынын өлгөн күнүн торт жана шампан-виносу менен эскерет.

Кызы быйыл 18ге толду.

Шахноза Турсынбаева

Жаштык

Айыпталуучу: Урматтуу сот, жаштык кылып бул кылмышты жасадым, мени кечириңиз.

Сот: Жаштык сага кылмыш жасоо үчүн берилбеген.

Эми кеч...

Мурат Нарбаев

Адилет

- Байке, бул дүйнөдө адилет барбы?

- Албетте! Жакшыда, жаманда бир күн келип өлөт. Ошонун өзү адилет.

Ислам Тилепов

Ишеним

- Жок, жок. Ал "алкаш" эмес. Ал келет. Апам алдап жатат. Күтөм...

Ар күнү түндө шыбырайт кыз. Апасы кыйып салган атасынын башы жок сүрөтүн кучактап.

Динара Гайыпбаева

Аборт

Аялы:

- Кыз экен.

Күйөөсү:

- Кел, дагы аракет кылып көрөлү.

Мехрибану Мамбетназарова

Эненин жүрөгү

Бейтап эне терезеден көздөрүн албайт...

Жалгыз уулу Бактыяр эшиктен кирип келди. Эненин гүлдөй соолуп калган жүзү жылмайып, баласынын маңдайынан сүйдү. Эми эненин арманы жок. Ал бейиштин бакчасында сейилдей баштады.

Инкар Кадырова

Эне

- Апа, мен сизди, сүйөм.

- Апа, мени кечириңиз.

- Апа, көңүлүңүз эмнени каалайт?

Ушул сөздөр менен эч ким кемип калбайт. Бирок биз аларды кызганабыз. Кимден? Эмнеден? Муну эч ким билбейт.

Огулхан Абдурахманова

Соңку өтүнүч

Ислам акыркы деминде соңку жолу кудайдан сурады:

- О Алла, соңку мертебе апамды көрсөм дегем... Көзүн жумду.

Апасы анын колунан кармап алып кетти.

Бахтияр Турсынбаев

Каракалпак тилинен которулду  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз