Ги де Мопассан: Портто

  • 14.02.2023
  • 1846

АҢГЕМЕ

I

Үч мачталуу жел кеме «Шамалдардын ыйык Кызы» Гаврдан 1882-жылдын 3-майында кытай деңизине сүзүп чыгып, төрт жылдык кезүү сапарынан соң 1886-жылдын 8-августунда марселдик портко кирип келди. Кеме көздөп чыккан багыты – бул жердеги кытай портунда өзүнүн жүктөп келген биринчи жүгүн тапшырары менен башка жүк артып, Буэнос-Айреске бет алды, аяктан кайра товар жүктөп Бразилияга кетти. 

Улам чыгып жаткан жаңы рейстер, машакат тартып кеменин бузулган жерлерин оңдоо, айлап баш көтөртпөгөн катуу толкундар менен кемени багытынан адаштырган бороон-чапкындар, айтор, деңизде боло жүрчү бардык кокустуктар, ойго келбеген окуялар менен кырсыктар эми жүк салчу трюмуна калай банкелердеги америкалык консерваларды толтура шыкап алып Марселге кайтып келаткан нормандык бул кемени артка кетире койбой, мекенинен алыс чөлкөмдөрдө сүзүп жүрө берүүгө аргасыз кылды.  

Сүзүп чыкканда корабль бортунда капитан менен анын жардамчысынан тышкары он төрт матрос – сегиз нормандык жана алты бретондук бар эле. Ал кайтып келгенде беш бретондук менен төрт нормандык гана калды; бир бретондук жолдо келатып каза тапса, ар кандай жагдайларда жоголуп кеткен төрт нормандыкдын ордун эки америкалык, негр, анан бир жолу кечинде сингапурлук аракканалардын биринан таап кошуп алышкан норвегиялык ээлешти.

Парустарын өйдө түрүп алган, жыгачы мачтага айкашкан килейген корабль алдыда чыбырчыктаган майда толкундуу суу бетин жиреп бараткан марселдик буксирдин (жетелөөчү кеме – Б.Ш) артынан калдайып ээрчип баратты; Иф сепилинен өттү, уясына отуруп бараткан күндүн алтын түспөл түтүнүнө чулганган боз аскаларды аралап барып, эски портко кирди. Бул жерде дүйнөнүн төрт бурчунан келген ар кандай көлөм, ар кандай түр кемелер бири бирине катарлаша шыкалганы; алардын суусу саңырсыган бул тар көлчөдө бири бири менен түртүшүп, капталдары карсылдаша кагылышканы кайыктардан жасалган боткону элестетет.    

«Шамалдардын ыйык Кызы» жаңы шерикти өткөрүү үчүн эки жакка четтей берген италияндык бриг (эки мачталуу жеңил кеме) менен англиялык шхунанын ортосунан орун алды. Бажылык жана порттук көнүмүш иштердин баары бүткөн соң капитан кечинде команданын басымдуу бөлүгүнө эс алып келүү үчүн жээкке коё берди.

Иңир кирип бараткандыктан, Марсель жыбыраган отторго толуп чыккан эле. Жайкы кечтин үп абасында, ызы-чууга, күр-шарга, камчылардын ышкырыгы менен түштүктүн кушубак куунактыгы дуулдаган шаар үстүнөн сарымсак кошулган даамдардын жыты калкып жүрдү.   

Нечен айдан бери толкуну басылбаган деңизде жүргөн он матрос жерге буттары тиери менен аргасыз көнүмүш жагдайдан айдап чыккан адамдардай тартына акырын жолго түшүштү, булар шаар дегенди деле унутуп калышса керек. Алар жупташкан бойдон ээрчишип чайпала басып баратышты, улам моюндарын гаванга карай кеткен чолок көчөлөргө созуп карап коюшат – акыркы эки айдан бери аял көрсөк деген ышкылары жан азабына салган булардын ою азыр аялдарга жетүү.

Топту баштаган жигит Селестен Дюкло, узун бойлуу, келбети келишкен чымыр неме, жээкке чыкканда дайыма жол баштаган ушул жигит. Ал көңүл ача турган жерлердин баарын мыкты билчү, жеткен айлакер, анан да порттогу ар кайсы жактан келген матростор арасында чыкчу мушташтарга аралашканды жаман көрөт, бирок аралашчу болсо баарына көргүлүктү көрсөтөр да ушул Селестен.  

Жалапканалардын дем кыстыктарган саңырсык жыты сиңип калган куурлардай деңизди көздөй ылдый суналып кеткен караңгы көчөлөрдү көпкө аңтарышкан соң Селестен эшик үстүндө күңүрт айнек чырактарда шамдар күйүп турган тар чолок көчөнү тандады да ошол жакка бурулушту. Кире бериш эшиктердин кууш аркаларынын астындагы үстөлдөрдө кызматчыларга окшоп фартук тартынган аялдар отурушат, алар жакындап келаткан эркектердин тобун көрөр замат тура калып алдын торой басышат; кээде үйдүн тээ төр жагындагы, эшиктери күрөң булгаары менен капталган чакан бөлмөлөрдөн жарым жылаңач семиз аял булактап чыга калат; анын мыртыйган эткээл сандары ак жука триконун астынан тырсыйып турганы; кыска жупкеси бери жактан кооз курдай көрүнөт. Шалбыраган төшү, колдору, ийиндери жээктери алтын жиптен тигилген кара баркыт төшкаптан кызарат. Аял: «Бери, бери баскыла, сулуу жигиттер!», - деп кыйкырат же жооп күтпөй эле чуркап чыгып, матростордун бирине чоң чымынды торуна түшүргөн жөргөмүштөй чап жабышат. Аялдан көзү каткан байкуш эркек эмне кыларын билбей, арсар ойго кабылат, тим койсо ач кенедей жабышкан албарстыны шак эле ээрчип кетчүдөй. Аял матросту бөлмөсүнө чейин сүйрөп жетип калганда мындай үйлөрдүн чоо жайын жакшы билген Селестен Дюкло бакырат:

- Маршан, ал жакка кирбе, бул сен издеген жер эмес!

Эсине келген матрос колун шарт тарта жулунуп чыгат да, жолдоштору менен андан ары кете берет. Олжосу жок калган жанагы аял болсо аларды каргап шилеген бойдон арт жакта калат.   

Көпкө темселеп кыдырып чыккан соң Селестен акыры сыртынан таза, дурус көрүнгөн үйлөрдүн бирин тандап, топураган жолдошторун ээрчитип кирип кетти.

II

Ал, анан шапар тепкенди көрүп ал! Кирери менен бирден катын тандаган матростор төрт-беш саат махабат менен ширин шараптын лаззатына батышты. Жарым жылдык тапкан акчадан сокур тыйын да калган жок. Каалаганча чер жазышты, өкүрүп-бакырып ырдашты, бети түркүн тамак менен ичимдиктен титиреген үстөлдөрдү бириктире коюп алышып тимеле чардашты. Акылы тунарган мас немелердин көздөрүнө кан толуп, ар ким оюна эмне келсе ошону кылып, үстөл бетин муштап, кыйкырып-өкүрүп ырдап, суудай агылган шараптан кекиртектерине куюп, айтор, мындай өргүүгө араң жеткен матростор адам пенденин ичинде катылып жаткан жырткычты толугу менен боштондукка коё беришти. 

Гүрү-гүү түшкөн жолдошторунун арасында Селестен Дюкло тизесиндеги буттары узун, кызыл жүз сулууну бекем кучактап отурду. Ал башкаларга караганда азыраак ичкендиктен, бажылдактан чарчап кыз менен жөн эле сүйлөшкүсү келди. Ала качкан оюн эптеп топтоп, кыздан сурады:

— Ошондой дечи… Бул жакта көптөн бери жүрөсүңбү?

— Жарым жыл болду, — деди аял.

Селестен таптакыр бузулуп бүтө элек экенсиң дегендей башын ийкеди да сөзүн улады:

— Сага ушундай жашоо жагабы?

Кыз бир аз буйдала түшүп, кыскача жооп узатты:

— Баарына көнөт экенсиң. Бул деле иш да. Кызматчы аял болосуңбу же жалапсыңбы – айырмасы кайсы.

Селестен макул болгондой баш ийкеп койду.

— Бул жерлик эмессиң го дейм?

Кыз жооп ордуна баш чайкады.

— Алыстан келдиңби?

Кыз дагы унчукпай башын ийкеди.

— Кайдан келдиң эле?

Кыз ойлоно түшүп, анан шыбырады:

— Перпиньяндан.

Матрос кубанып кетти:

— Чын элеби!

Эми ага кыз суроо бере баштады:

— А сен өзүң моряксыңбы?

— Ооба, сулуу кыз.

— Алыстан келдиңби?

— Ооба. Көп өлкөлөрдү, портторду көрдүм, баарын көрдүм айтор.

— Сен балким бүт дүйнөнү кыдырып чыксаң керек?

— Ананчы! Болгондо да бир нече ирет айланып чыккам.

Кыз эсине эчак унутулган бирдемени түшүрүүгө аракет кылгандай ойлоно түштү, анан баштагыдай кылыктанбай, олуттуу сурады:

— Сен сүзүп жүрүп көп кемелерди жолуктурдуңбу?

— Ананчы, толтура да!

— Сага кокус «Шамалдардын ыйык Кызы» жолуккан жокпу?

Селестен бырс күлдү:

— Албетте! Өткөн жумада эле көргөм.

Кыз каны бетинен тартыла купкуу боло түштү.

— Чынбы? Чын эле көрдүңбү? — такып сурады.

— Чынымды айтып жатам.

— Калп айткан жоксуңбу?

Ал колун өйдө көтөрдү:

— Кудай астында тургандай айтып атам.

— А сен билбейсиңби, ошо кемеде Селестен Дюкло деген сүзүп жүрөт болду бекен?

Өз атын уккан жигит таң кала, сактана түштү. Жооп берерден мурда мунун чоо-жайын билгиси келди.

— Сен аны билчү белең?

Эми кыз сактана түштү.

— Жок, аны бир аял билет экен бул жерде.

— Ушул үйдөнбү?

— Жок, башка үйдөн.

— Ушул көчөдөбү?

— Жок, бирок жакын эле жерде.

— Ал эмне болгон аял экен?

— Кадимкидей эле мендей аял…

— Ал эмне кылат экен Селестенди?

— Анысын кайдан билем? Жердеши чыгар балким.

Алар эми бири бирине сынай тигиле карап, экөө тең азыр бир коркунучтуу окуя болуп кетерин ичтеринен туйгансып турушту.

— Ошол аял менен жолугушсам болобу? — сурады матрос.

— Көргөндө ага эмне деп айтмак элең?

— Мен… Селестен Дюклону көрдүм деп айтам да.

— Аман-соо жүрөт деппи?

— Ал күчтүү жигит, экөөбүздөн калышпайт.

Кыз кайрадан унчукпай калды, ойлорун чогулткандай болду да акырын сурады:

— «Шамалдардын ыйык Кызы» кай жакты көздөй баратты эле?

— Бул жакка, Марселге келаткан.

Кыз селт эте түштү:

— Чынбы?

— Чын.

— Сен Дюклону билесиңби?

— Ооба, билем.

Кыз кайрадан ойлонуп, анан акырын мындай деди:

— Ошондойбу… анда…

— Анын сага эмне кереги бар? - кызыкты жигит.

— Угуп турсаң, ага минтип айтсаң… Жок, эч нерсе...

Жигит аны карай берди, эмнегедир ичинен тартына уялгансып баратты. Анан баарын билгиси келди:

— Аны сен да билесиңби?

— Жок, — деди кыз.

— Анда анын сага эмне кереги бар?

Кыз бир чечимге келгендей, бир оокумда ордунан шак турду да кожейке отурган үстөлгө чуркап барып бир лимонду алды, аны кесе туурап ширесин стаканга куйду. Үстүнөн толтура суу куйду да аны матроско узатты.

— Ме, ичип жибер.

— Эмнеге ичмек элем муну?

— Масың тарасын. Анан мен сага бирдеме айтам.

Жигит унчукпай ичип жиберип, колу менен эрдин аарчыды:

— Мен даярмын! Кулак сенде!

— Селестенге мени көргөнүңдү айтпайм деп убада бер. Азыр мен айтар сөздү да кимден укканыңды айтпа. Антпейм деп убада бер!

Жигит колун өйдө көтөрдү да сырдуу мылжыйды:

— Буга анык убада берем.

— Кудай урсун дечи?

— Кудай урсун.

— Анда ага минтип айт, атаң да, энең да, агаң да мындан үч жыл мурда – миң сегиз жүз сексен үчүнчү жылдын январында үчөө тең бир ай ичинде ич келтеден каза болушту де.

Муну уккан Селестендин тула бою муздап, ичинен бирдеме үзүлүп кеткенсиди. Эмне дээрин билбей, өңү бозоруп оозунан сөзү ыргыды, анан ишенбегенсип сурады:

— Сен... сен муну анык билесиңби?

— Анык.

— Сага ким айтты?

Кыз колдорун анын ийнине койду да көзүнө тике карады:

— Эч кимге айтпайсыңбы? Ант ич.

— Ант ичем.

— Мен анын карындашымын.

Жигит ошол замат кыйкырып жиберди:

— Франсуаза!

Кыз ага кайра кадала тигилип, анан эси ооп коркконунан дене бою титиреп чыкты, оозун ачканга алы келбей, шыбырады:

— О-ох!.. Сен... сен Селестенсиңби?

Экөө тиктешкен бойдон катып калышты. Жандарындагы Селестендин жолдоштору бакылдаша кыйкырып атышты. Стакандардын кагышканы, обондун ыргагына карай жер тепкилеген үндөр, аялдардын чайылдаган үндөрү башаламан дарылдаган ырга кошул-ташыл болуп кетип жатты.

Ал эми денеси дирилдеген жылуу, коркконуна ага кынала калган бир боор карындашын кучактап отурганын сезе койду. Бирөө угуп койбосун дегенчелик кылып, карындашынын кулагына угаар-укмаксан күңкүлдөдү: 

— Туй ата! Айбан кылгыс ишке барган турбаймынбы!

Кыздын көзү жашка толуп чыкты, ал да күңк этти:

— Менин күнөөм кайсы?

Анан жигит күтүлбөгөн жерден сурады:

— Демек, баары каза болуп калышты дечи?

— Ооба, каза болуп калышты.

— Атам, энем, агам дагыбы?

— Айттым го, үчөө тең бир ай ичинде кетишти деп. Колумда чүпүрөк-чапырыктан башка кокон тыйыным жок жалгыз калдым. Үч өлүктү көмөм деп докторго да, аптекага да карызга белчемен баттым, үйдөгү болгон буюмду саттым. Аргам куруганда Каш мырзага кызматчы болуп бардым, жанагы чолокчу, эсиңдеби? Мен болгону он беште элем, сен мен он төрткө кире электе чыгып кетпедиң беле. Анан Каш мени күнөөгө батканга аргасыз кылды. Жаш кезде аялдын баары келесоо болот тура. Андан кийин нотариуска кызматчы болуп бардым, ал да мени азгырды. Гаврадан баш калкалай турган бир бөлмө да жалдап берди. Келип турчу, анан эле келбей калды, мен үч күн оозума наар албай отурдум, жумушум да болбогондуктан мына ушундай үйгө келгенге аргасыз элем. Мындай тагдырга тушуккан жалгыз эле мен бекем. Мен деле мындай ыплас жерлердин далайын көрүп чыктым: Руан, Эвре, Лилль, Бордо, Перпиньян, Ниццада болдум, эми минтип Марселге келип отурам.

Кыздын көзүнөн аккан жаш жаактарынан ылдый чубуруп, жүзүн жууп, оозуна кирип атты. Анан ал боор ооруй минтти:

— Мен сени эчак өлүп калса керек дегем, байкушум Селестен!

Селестен жооп узатты:

— Мен го сени тааныбадым. Сен анда кенедей кыз элең, азыр абдан чоңоюпсуң! Бирок сен кантип мени тааныбадың?

Кыз бурк эте колун шилтеди:

— Мен канчалаган эркектерди көрөм, алар баары менен үчүн окшош болуп калган.

Селестен андан көзүн албай дагы эле тигиле карап, бирөөлөр чырылдата сабап аткан баладай кыйкырып-өкүргүсү келди. Тизесинде отурган кызды карап отуруп акыры өзүнүн бир кезде таштап кеткен карачечекей карындашын тааныды. Анан күтүлбөгөн жерден кыздын башын килейген шадылуу колдору менен мыкчый тартып, бир кандан жаралган боорундай өпкүлөп кирди. Бир кезде көкүрөгүнөн мастын ыткытканындай, деңиздин оор шоокумундай күңгүрөгөн дабыш сызылып чыкты; Селестен ыйлап атты:

— Менин кичинекейим, Франсуазам, чын эле бул сенсиңби!

Күтүлбөгөн жерден ордунан тура калып, барскандай муштуму менен үстөлдү бир чапты эле, үстүндөгү стакандар шаңгыр-шуңгур секирип, сыныктары туш-тушка быркырады. Алдыга бир нече кадам таштады да эт бетинен кулап түштү. Полдо жаткан бойдон ары-бери томолонуп, жаны чыгып бараткандай кыркырап, буту-колу менен жерди чапкылай берди.

Жолдоштору болсо аны карап каткырып атышты.

— Өлө тоюп алган тура эргул! — деди бирөөсү.

— Жаткырып коюш керек ко муну, — деди экинчиси. — Ушу кебетеси менен көчөгө чыкчу болсо кармап камап салышат.

Чөнтөгүндө акчасы болгондуктан кожейке керебет берди, өзүлөрү да бутунда араң турганына карабай жолдоштору аны кууш тепкич менен өйдө, азыр эле аны менен болгон аялдын бөлмөсүнө алып барып жаткырышты. Аял болсо таң аткыча кирпик какпай, кылмыштуу керебеттин жанындагы отургучта жигит ыйлагандай буркурап ыйлап отурду.

Орусчадан оодарган Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз