Осаму Дадзай: Поезд

  • 17.02.2023
  • 1761

АҢГЕМЕ

Ар качандан бир качан түшкү саат экиде нөшөрлөгөн жаанда, уңулдаган шамалда өгүздөй күшүлдөп, камандай күркүрөп Уэно бекетинен Аоморини көздөй 1925-жылы Умэбати заводунан чыккан С-51 тибиндеги паровоз жөнөйт. Паровозго ошол эле жылы чыккан үчүнчү класстагы үч вагон, вагон-ресторан, экинчи класстагы вагон, экинчи класстагы уктоочу вагон, үч жүк ташыгыч жана почта вагондору чиркелген. Бул бири-бирине чиркелген тогуз жашикте эки жүзгө жакын жүргүнчү, жүз миңден ашуун кат жүктөп, кубаныч-күлкү, кайгы, ый-муң, көз жаш ташып поезд кетет. Кээде поезд «ураалаган» кыйкырыктын коштоосунда жылса, кээде көз жашты аарчыган оромолдон бет ачылбай, абасы өксөгөн ыйдан титиреген бекеттен поезд жөнөйт. Поезд номуру – жүз үч.

Ушул номурду көрсөм эле маанайым өзүнөн өзү чөгөт. Жыйырма бешинчи жылдан бери болгону сегиз жыл өтүптүр, бирок ушул кыска мезгилде бул поезд канчалаган сүйүүнү ойрон кылды, канча миллион адамдын бактысына балта чапты! Башымдан өткөн эң жагымсыз окуяга да ушул поезддин түздөн-түз тиешеси бар.

Бул окуя өткөн жылы кышта Сиода качып келген Тэцу-санды артка үйүнө жөнөткөндө болгон.

Тэцу-сан менен Сиода жердештер, кенедей кезден дос экен. Мен жогорку класста окуганымда жатаканада Сиода менен бир бөлмөдө жашадым, ал мага эки күндүн биринде сүйгөнү тууралуу айткандан тажабайт. Тэцу колунда жоктун кызы болгондуктан, Сиоданын байсынган ата-энеси алардын баш кошуусуна башынан каршы чыгып, мунун айынан Сиода атасы менен далай чатакташыптыр. Атасы менен биринчи жолку чатакта ал ушундай жаалданганын мындан билиңиз, оозу-мурдунан кан атып кетиптир. (Муну айтып берсе, мага ошондо өтө терең таасир калтырган. Жаш баламын да.)

Экөөбүз жогорку классты чогуу бүтүрүп, Токио университетине чогуу тапшырдык. Андан бери үч жыл өттү. Андан бери башым эмне азапты көрбөдү. Ал эми Сиода эчтеке көрбөптүр: угушума караганда азырга чейин жыргап-куунап шапар тээп жүрөт имиш. Мен жашаган алгачкы батир университетке жакын жайгашып, Сиода мага бат-баттан келер эле. Бирок ошол күндөн бери ортобуз алыстай түшкөнсүдү, ач бала менен ток бала ойнойбу, окуучу кездеги ынак мамилебиз да буга көпүрө боло албады. Эгер жаңылбасам, Тэцу-сан Токиого капыстан келбесе, Сиода мени эстебесе деле керек.

Кыскасы ушундай, мени менен такай катташпаганына үч жыл толгон күндөрдүн биринде жоктон пайда болгонсуп Сиода досум үйгө өзү издеп келбеспи. Биз ал кезде шаар сыртында жашачубуз. Келер замат Тэцу-сан Токиого качып келгенин кабарлады. Тэцу-сан Сиоданын окуусун бүтүшүн күтпөй, үйүнөн качып, жападан жалгыз Токиого келген кербези экен.

Ал кезде мен да айылдан келген бир кем акыл узун чачтууга үйлөнүп, күлгүн курак жаштыгымды кайдагы бир кеп жебес каштууга ойрондотуп, катын дегенден көңүлүм үч көчкөн журттай калган, Сиоданын аялга байланыштуу кабарын көңүлкош гана угумуш болдум. Менден бир кабар алып коюшка жарабаган досум чакыртпай-этпей келип калышына ичимден таң калсам да, муну сыртыма чыгарбай, иштин чоо-жайынын анык себебин такташка белсендим. Кыздын үйдөн качып чыгып, аны өзү издеп келиши Сиода эргулга майдай жаккан окшойт, бул тууралуу дос-жарларына чырагына май тамып төкпөй-чачпай айтып берген имиш. Эргулдун минтип эрдемсингени мага жага бербеди, ошого Тэцу-санды мурдатан чын жүрөктөн сүйөрүнө да анча ишенбедим. Бул канчалык аянычтуу абал жаратпасын, өкүнүчтүүсү бул шек саноом дал чыкты. Жанатан бери муну чоң эрдик жаратып койгонсуп эдиреңдеп баяндаган Сиода бир маалда шаабайы сууп, кабагын тырыштырып, эмне кылыштын айласын сурагандай карады мага. Чынын айтсам, досумдун жаштык-мастыкка салып жасаган кылыгына кыпындай кейибедим, анын менден эмнени күтүп жатканын ичимден туйдум да, бетине айттым:

- Өз башыңды өзүң иштетсең боло. Эгер аны чын жүрөктөн сүйбөшүң анык болсо, эмитен эки жолго түшкөнүңөр дурус.

- Ооба. Бирок… – Сиода ыржая күлүп алып, анан ойго батты.

Арадан кырк беш күн өткөн соң эргул досумдан уй тилиндей кат келди. Кыска-нуска катында дос-жарына масилет салганын, Тэцу-сандын келечек тагдырын ойлоп, өз келечегин, алды-артын ойлоп, акыры аны кайра айылга жөнөткөнү тууралуу, эртең түшкү экидеги поезд менен Тэцу кетип жатканын жазыптыр. Бир маалда муну менден эч ким суранбаса деле Тэцу-санды барып узатып коюуну чечтим. Ушинтип алды-артымды ойлонбой чечим чыгарган жинди кыялым бар.

Эртеси таңдан кечке көнөктөп жаан жаады.

Кыбыраган аялымды шаштырып Уэно бекетине келдим. Жүз үчүнчү номурдагы поезд жамгырдан түнөргөн абага капкара түтүндү утур бүркүп жөнөшкө камданып туруптур. Ар бир терезени тиктегенче поезд бойлоп басып бараттык. Паровоз артына чиркелген үчүнчү класстагы вагондун терезесинен Тэцунун башы кылайып көрүндү. Үч жыл илгери Сиода аны менен тааныштырган күндөн бери ал кыйла өзгөрүптүр: жүзү кубарып, ээги тегерек тартып, шишип калган. Тэцу мени унуткан эмес окшойт, үнүмдү угар замат терезеден башын чыгарып, мага карап баш ийкеди. Аны менен аялымды тааныштырдым. Тагыраак айтсам, мындай кырдаалда Тэцунун көңүлүн алышка мага караганда аялым жөндүү чыгар деген үмүттө аны атайын ээрчитип алган элем, кантсе да аял кишини аял гана түшүнөт эмеспи, анүстүнө аялым да айылдык колунда жоктун кызы. Бирок бу каадалыны ээрчите келгениме таза өкүндүм. Каадалы катыным Тэцу менен үстүртөн гана кекирейип саламдашып, ошону менен тынчып калса болобу. Жерге кирип кетчүдөй жаным кол чатырдын учу менен вагондун капталына майда ариптер менен жазылган жерин ургулап туруп калыпмын. СХФ 134273 дейт. Бул эмнени билдирет – түшүнбөдүм.

Тэцу-сан менен аялым аркы-беркиден биртке сүйлөшүп, анан тып токтоп калышканда, ар кимибиз турган жерибизде соодасы түгөнгөн адамдай сенейдик. Бир жерди кадала тиктеп, шишиген манжаларын утур ачып-жумуп, бир ордунда селейип Тэцу-сан. Анын жүзүн тике карагандан айбыгып, терезе туштан ары жылып, платформаны бойлоп бастым. Поезддин астынан атырылып чыккан буу боз туманга айланып, аяк астымда уюлгуйт.

Электр саатынын түбүнө келгенде токтой калып, поездге карадым. Вагондор жаандан улам жаркырай түшкөн.

Үчүнчү класстагы вагондордун биринен арбактай кубарган жүз көрүндү, бир нече адам аны узатып курчап алган. Майданга жөнөтүлгөн бирөө шекил. Жапония ошол жылы согушка кирген. Бир маалда тиктегенге болбой турган бир нерсени карагансып демим кысыла түштү.

Бир нече жыл мурда кайсы бир саясый уюмга башымды тыгып, көп өтпөй болбогон шылтоо менен чыгып кеткем. Азыр эми тиги жүзү кубарган жоокердин, абийири төгүлүп кайра үйүнө кайткан Тэцу кургурдун акыбалын көрүп, менин башыма капыстан шылтоонун табылышы жеңил деген ой келди, бирок иштин баары мында эмес да?

Төбөдөгү саатка карадым. Поезддин жылышына үч мүнөт калды. Ичим эңшериле оюлуп түшкөндөй сезим пайда болду. Баарына тааныш сезим: поезд жөнөшүнө үч мүнөт калганда, узатып келген адам аттуунун баары тилден калат. Айтылчу сөздүн баары айтылып, адамдар бири-бири менен көз аркылуу гана сүйлөшкөн маал болот мындайда. Ушундай кыйчалыш убакта адам көңүлүн жубатар бирар сөз башыма кирбей кыйнайт. Же мындайда абийирим жабар бир аз эпчил аялым болсочу, атаганат, карасаңар, түртмөй сайын түшүнбөгөн аялым вагондун жанында бирөөгө таарынгандай бетин салаңдатып мелтирейт.

Поезд акырын жылып жөнөдү. Төрт жүз элүү миль аралыкты жутуп жиберчүдөй оор күшүлдөп жылып баштаганда, платформада турган адамдарга жан киргенсиди. Бирөөнүн кийинки тагдырына кейип-кепчип олтурганга эми убакыт жок, эч болбосо Тэцуга көңүл жубатар сөз айтышка жарасам болду, башыма эчтеке кирбей карайлаган жаным ага: «Кой, бешенеге буюрбаганга көп кайгырба…» – деп коюшка ооз барбайт. А менин түртмөй сайын түшүнбөгөн катын жаныбарым бул маалда вагондун капталына жазылган «For Aomori» сөзүн акырын күңкүлдөп окуп коюшка араң жарады, болгон-жеткен акылы ошол жаныбардын.

Орусчадан оодарган Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз