Абдурасул Токтомушев: Үркүндүн капшабы

  • 24.02.2023
  • 4054

Алгы сөз

1990-жылдын май айында аксакал жазуучубуз Абдрасул Токтомушев «Ала-Тоо» журналынын редакциясындагы иш кабинетиме баш багып калды. Жыйындарда, чогулуштарда, көпчүлүктүн арасында кол алышып учурашып койгонум гана болбосо, анчейин тааныш эмес элем. Мен отурган кабинетке баш баккыча бек турган редакциянын ар бир эшигин бирден тарткылап «текшерип» чыкса керек: «Иним, редакцияңарда сенден башка бир да жан жок экен го» – деп бир эсе таң калгансып, бир эсе мени көрүп кубангансып сүйлөдү.

–  Тамакка чыгышкан... Келишет... Келиңиз, кириңиз агай, – деп ызаат кылып олтурган ордуман тура калдым.

Жарашыктуу тегизделген ак буурул чачын чалкасынан сыйда тарап, бир жеринде ырымга бырышы жок күңүрт күрөң костюм-шымын чыкыйта кийип, кардай аппак тик жака көйнөгүнө кызыл алоо галстугун кыйшайтпай түз байлап, шиш мурун күрөң туфлийин кычырата кийип, жашы сексенге чукулдап калганына, кемпири эчен жыл мурун өлүп жалгыз бой жесил калганына карабай, жүүнү бош жаман чалдардай жүдөп-какабай тың сүйлөп, тың басып төрдөгү үстөлүмө чукул келип токтогондо, ачылган эшиктен ойноп кирген жел батыш капталдагы ачык турган форточканын тешигин дароо таппай кабинетимдин ичин бир сыйра буюгуп айланып чуркаганда «бур-р» эткен эркек атырдын жагымдуу жумшак жыты мурдумду өрдөп өттү.

«Сыр аяктын сыны кетсе да, сыры кетпептир» дегендей, орто жаштан эбак ооп, оор басырык куракка отурукташып калса да кээде кыз-келиндей кыйылып караган күндөрү карагат көзүнүн жылуусу менен ак бырыш толук баса элек алма бетинин алоосу али тарай элек, эринен эрте ажыраган жалгыз бой ыр жазган эжеге үйлөнсөмбү деп ортого киши салып сүйлөшүп жүрөт деп кайсы бир кара түйрүк карындашынын көпчүлүк топтошкон жерде кеп салып жатканын кулагым чалган жайы бар эле, ошол сөз чын окшобойбу деген ойду буруксуган атырдын жытынан улам ичимен түкшүмөлдөп ойлоп койдум.

–  Отуруңуз агай, – деп бош орундукту жанына жакын оңтойлоштуруп жылдырдым.

–  Түшкү тыныгууңар нечеден нечеге чейин? – деди Абдрасул ага бош орундукка көчүк басып жатып.

–  Келишет... Кечирээк чыгышкан, – дедим калемдештеримдин кечигип жаткан чын себебин жашырып.

Чын-чынында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиевди отурган тагынан оодарып түшөбүз деп КДК партиясы пикет уюштуруп, ачкачылык жарыялап, тоодой коммунисттерди бөөдөй демократтар алка-жакадан алып жатканын өз көзүбүз менен көрөбүз деп Ак үй тарапка кетишкен.

–  А-а, эңшерилген карындары эмдигиче кампая элек дебейсиңби, – деп өз сөзүн өзү кубаттап жаркылдап күлгөндө, отуз эки тишинин ар-ар жеринде какшып бышкан жүгөрүнүн саргыч данындай жабышкан алтын тиштери «жылт-жулт» этип, кыйгач тийген күндүн нуруна чагылыша түштү.

–  Ооба, кардылары кампаяры менен жел мингендей азыр эле жетип келишет, – деп тамаша сөзүнө тамаша айтып, үмүтүн улап сүйлөдүм.

–  Жел мингендей дегениң жакты, иним, – деп сөз билген, сөз баккан адам экенин билдиргендей адатынча жаркылдап жылмайган болду.

Жай сөзгө өтүп, аркы-беркини көпкө сүйлөштүк, тааныштык. Өзгөчө мен да чоң кеминдик экенимди укканда өзүнүн карачечекей бир тууган инисин таап алгандай сүйүндү.

–  Шабдан баатырды көрдүңүз беле? – дедим сөз арасында ортодогу аңгемени кызытып.

–  Кайдан? Шабдан өлгөндө мен төрөлгөн экенмин. Шабдандын чайчысы Тентимиш аксакал менен жакшы сүйлөшүп калдым.

–  «Ак Мөөрдү» ошо кишинин айтуусунда жазган экенсиз да.

–  Ооба, Тентимиш аксакалдын жардамы көп тийди.

–  Өмүр бою Шабдандан бийлик талашып өткөн каршылаш «досу» Узун ээк Аалыке жөнүндө эмне билесиз?

–  Мен ал кишини он төрт жашымда көрүп калдым. Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланып жаткан жылдары жайкы каникулда Кеминдин Бейшеке айылында жашаган таякемдикине барсам, Узун ээк Аалыке аксакал жоон топ жигиттери менен конокто олтурган экен, колуна суу куюп, батасын алгам.

–  Баса, сен алар менен бир айылдан экенсиң, Узун ээктен тукум калдыбы? – деп кайра өзүмө суроо узатты.

–  Узун ээктен Мукаш деген бир уул гана калган экен, ал кишинин азыр көзү жок. Мукаштан бир уул, үч кыз төрөлүптүр. Ошол үч небере кыздын ортончу Батма деген небере кызы кадимки калемдеш иниңиз Абдылда Белековго турмушка чыккан, – десем Абдрасул ага Американы жаңы ачкан Колумбдай оозун аңырдай ачып, аң-таң калса болобу!

–  Чын эле ошондойбу? Курган чунак бала десе, айтып койбойбу. Ата-а карабайсыңбы, Узун ээктин небере кызын алганын ушул убакка чейин билбей жүргөнүмдү, – деп көпкө кейиди.

–  Узун ээктин тукуму кандай чыкты?

–  Кудайым буюрса жакшы. Турмушу тың. Көпчүлүктүн астында да эмес, артында да эмес. Арасында тапан сүйлөгөнү да бар. Өгүнү эр жеткен чөбүрөсүнүн бирөөсүнө жолугуп калсам, «сен да бирдеме чиймелегенсип жүрөсүң, жазуучу деген калк кызык эле калк экенсиңер дегендей тийишкенсип айтып жатпайбы: «Ушу Абдылда Белеков жездеме таң калам, жазганы баатыр-балбан «Кожомкул», корккону чийдей арык байбичеси Батма эжем» – деп...

Абдрасул ага ушунча жыл кимдин кызын алганын айтпай жүргөн калемдеш иниси Абдылда Белековдон өчүн алып жаткандай көзүнөн жаш чыккыча ыкшып күлдү.

–  Узун ээк кайраттуу, жүрөктүү мыкты адам эмес беле, – деп жан чөнтөгүндөгү көк чаар бет аарчысын алып чыгып, көзүнүн жашын сүртүп жатып кобурап койду.

Ошол күндөн тарта Абдрасул ага экөөбүздүн ортобузда ата-баладай, ага-инидей жылуу мамиле пайда болду. Дароо байкаганым: билгенин билгендей, көргөнүн көргөндөй айтып, кошуп сүйлөбөгөн жанда жок чынчыл, айткан-дегениңди кылкыйып кечке текшерип жатып албаган ак көңүл, ишенчээк, туура ишке түрүнүп киришкен күжүрмөн, элпек, башын баштасаң аягын айттырбай түшүнгөн сергек-сезимтал адам экен.

–  Кандайсың, иним? – деп күн алыс келип калат. Аркы-теркини сүйлөшөбүз. Кулагынын кужуру канганда: «Кой, сага жолтоо болбой кетейин» – деп тегерек айнегинин ичиндеги кагазы эбак саргайып эскирген саатын үңүлө карап жөнөп калат. «Кары киши үйүндө жалгыз олтуруп эриксе керек» – деп коём ичимен.

...Ошентип келип-кетип жүргөн күндөрдүн бир күнүндө көптөн бери көңүлүндө жүргөн бир сырын ортого таштады.

–  Иним, мен 1916-жылдагы үркүндүн азабын тарткандардын биримин. Азыр заман кандай? Ошону жазсам болобу?

–  Болот. Болбой да койчу беле, жарыктык, – дедим бир аз таң калгансып.

–  Аны сурап жаткан себебим, үркүндү көптөр жазды, бирок мен көргөн үркүн, мен тарткан азап таптакыр бөлөкчө үркүн, бөлөкчө азап эле...

Мен Абдрасул аганын сөзүнүн төркүнүн айттырбай түшүндүм. Ырас, үркүн окуясын көптөр жазды. Бирок коммунисттик идеологиянын талабына тууралап, табиятына ылайыктап жазышты. Балким, үркүн маселеси Совет бийлиги тарабынан тыюу салынган темалардын бири болуп калышы да ыктымал эле. Үркүн темасын жазууга «уруксат» берилген эң башкы себеп: улут маселесине өгөй караган падышачылык Россиянын «баскынчылык», «каракчылык» саясатын боктогонго, улуттардын чоң-кичинесине, алдуу-алсызына карабай баарына бирдей тегиз калыс мамиле жасаган Совет бийлигинин өрнөк жолун даңазалаганга ылайык тема эле. Болгонун болгондой жазып, боктогонун боктоп, даңазалаганын даңазалап жаза берсе деле болот эле, бирок кыргызды кыргандар да падышачылык Россиянын жарандары болгон орус улутунун өкүлдөрү болгонун жана кыргызды кыргындан сактап калгандар да көп улуттуу Совет мамлекетинин уюткусун түзгөн ошол орус улутундагы жарандар түзөөрүн эстесек, үркүн темасынын толук ачылбай бир жактуу жазылышынын түп себебин табабыз.

«Керкисинде да, кемигинде да бар» – деп кыргыздын макалында таамай-таасын айтылгандай, үркүн окуясына падышачылык Россиянын төбөлдөрү бир жактуу гана күнөөлүү болбостон, өз эркибиз менен Орусия оторчулугуна кошулуп, бирок алардын заң-закүнүнө ылайык эмгек армиясына баруудан баш тартып, ошол замандагы айрым чагымчыл кыргыз жигиттеринин «баскынчы орус улутундагыларды кыргыз жеринен кууп салуу» чакырыгы өкүм сүрүп, Кыдыр аке сыяктуу акылман карыялардын кой-айын укпай, озунуп кол салып жиберип, натыйжада орус келгиндеринин айылдары өрттөнүп, кары-картаңдары, бала-бакырасы, катын-калачы майып болуп, ага жооп иретинде куралсыз, билимсиз, момун элге каршы куралдуу жазалоо отряддары кыргыздарды аёосуз кырып киргенин, окко учканы окко учуп, октон аман калганы Кытайга үркүп, агыны катуу сууга агып, ашуусу бийик мөңгүдөн учуп, ачарчылыктан, оорудан кырылып, кырылгандан калганы эптеп Кытайга жеткенде ал жактагы уйгур, калмак, дунган, кытай улутундагы жергиликтүү элдер мөгдөп келген кыргыздарды талап-тоногонун, кул-күң кылып кордук көрсөткөнүн, кыргыз элимдин бактысына Улуу Октябрь Социалисттик революциясы ишке ашып, кыргыздар өз жерине кайта баштаганда ээн калган кыргыз жерлерин ээлик кылып жаткан келгин орустар жаш Совет бийлигинин заң-закүнүнө баш ийип, үркүндөн азып-арып, мөгдөп келген кыргыз элин курун мойнуна салып кечирим сурап тосуп албаганын, падышачылык Россиянын жазалоо аскер отряддары жоюлуп, жаш Совет бийлигинин жаңы тартиби орноп, кыргыз өңдүү кордук тарткан майда элдерди чекесинен сылаган жаңы заман келгенсигени менен Совет бийлиги али күчүнө кирип, бутуна тура элек алсыз бийлик экенинен пайдаланып, өз жерине кайтып келген кыргыздарды орустар түп көтөрө кырып жибербесе да, ыңгайы келе калганда көрүнөөсүн көрүнөө, көмүскөсүн көмүскө өлтүрүп, бута кылып атып ойноп, итке талатып шылдыңдап, шору шорподой кайнаган кыргыздарды өз жерине жолотпоонун аракетинде болгонун; орустардын зомбулугу али басыла элегинен кабар алган кыргыздар: «Орустар отурукташкан жерлерге азырынча жолобой, кантсе да дунган калкы бусурман калк эмеспи, дунгандардын арасына барып баш калкалап оокат кылалы» – деп дунганга боор тартып көчүп барышса, он тогузунчу кылымдын жетимишинчи жылдары Кытайдын кыргын салган кордугунан качып кыргыз жерине келген дунгандарды ата-бабабыз жер-суу берип, асырап, ирдентип-тирдентип, тукум курут боло турган жерден тукумун үзбөй улап эл кылган жакшылыгын Булар сыяктуу бирин-экин таасирдүү бай дунгандар гана эстеп боор ачып, жардам берип кол сунганы болбосо, дунган калкынын негизги бөлүгү орус калкына кошомат айтып, аларга тилектеш экенин билдирүү максатында каржалып келген кыргыздарды адам чыдагыс шартта эркектерин кул, аялдарын күң кылып жумшап, төбөсүнө тултук таягын ойнотуп, бусурман дунган туугандарыбыз капырдан кем эмес эзгенин; кыргыздын бактысына жаралган (мен ушул сөздү миң-миллион ирет кайталагандан жадабайт элем) жаш Совет өкмөтүнүн бийлигинин кыргыз жериндеги таасири 1923-жылдан баштап күчүнө кирип, азып-тоскон кыргыз элин эң ириде дунгандын эзүүсүнөн, орустун огунан биротоло куткарып, аз эле жылдардын аралыгында ар тарабынан өнүп-өскөн гүлдөгөн кыргыз элине айлантканы үчүн дагы бир ирет башымды ийип таазим кылып, моюндап айткым келет.

«Улут маселесине» өтө олуттуу маани менен караган Совет бийлигинин тушунда үркүн окуясын коммунисттик идеологиянын капканына чабылбай, урунбай-беринбей, акырын-аста, кылдат-сыйда, бирок болгонун болгондой чагылдыруу жаңыдан телчигип келе жаткан советтик кыргыз жазуучуларынын чама-чаркы толук жетиши мүмкүн эмес экенин, ырас, үркүн окуясына арналып соцреализм методунун талаптарына ылайык бирин-экин чыгармалар жазылганын, ал «тартиптүү» чыгармалар совет идеологиясынын көксөөсүн кандырганы менен үркүндүн чыныгы азап-тозогун башынан өткөргөн Абдрасул Токтомушев сыяктуу жарандар карды чыкпаган ойдо экенин жана колдон келишинче ошол өксүктү өз калеми менен толтурганга өз салымымды кошсом экен деген асыл тилегин көкүрөгүнө катып, качан гана совет идеологиясынын бек тарткан басмайылы бошоңдоп, азуусу мокогон кезде жанданып жан кирип, жашы сексенге таяп калса да акылым айный элегинде, каруу-күчүм толук кайта элек кезимде кайра куруу, жаңылануу шарданы менен чыныгы үркүн окуясын кагаз бетине төгүп калсам экен деп ашыгып да, шашылып да, октолуп даяр турган кези экенин түшүнүп, «темирди кызуусунда сок» дегендей, жаш болсом да, кичүү болсом да карт тулпарды жарышка кошкондой колуман келишинче сүрөөнгө алдым.

–  Коркпоңуз, жазыңыз. Азыр баягыдай «саясий ката» издеген цензура жок. Өлкө башчылары эртеден-кечке какшап жатпайбы, өзгөрүп жатабыз, жаңыланып жатабыз деп... Болгонун болгондой жазыңыз...

–  Орустарга, дунгандарга тилим тийип кетсе, улут маселесине шек келтирдиң деп күнөөгө жыкпайбы анан?

–  Оо, жарыктык, кайдагы күнөө? Орустар кыргыздарды башынан сылап үркүтүп, үркүндөн арып-ачып келген кыргыздарды орус менен дунган башынан сылап тосуп алды беле?! Жазыңыз. Жаманын жамандай, жакшысын жакшыдай. Журналга басалы, жоопкерчилигин журналда иштегендер алалы, – дедим сөз аягында.

–  Демек, болгонун болгондой жазсам болот экен да, – деп Абдрасул ага шердене түштү.

–  Болот. Жазыңыз.

Абдрасул ага ушул эле сүрөөн сөздү күтүп жүргөндөй үркүн окуясын жазууга шымаланып киришти. Чынында эле каканактап жарыла албай октолуу даяр турган экен. «Үркүндүн капшабынын» алгачкы вариантын бир айга жетпеген убакытта жазып колума карматты. Төрт тарабы төп келишкен үркүн жөнүндө мындай мыкты автобиографиялык чыгарманы окуган эмесмин. Мындай деңгээлде жаза алат деп ойлогон да эмесмин. Көпчүлүк эпизоддорун мурдумдун суусун «шуу» тартып муңканып да, көзүмө ысык жаш айланып жашып да, ыйлап да окудум. «Оо, шоруң шорподой кайнаган кыргызым!» – деп шуу үшкүрүп олтурсам «Эмне болду экен, жакты бекен, жакпады бекен?» деген ойдо чыдамы кетип тынчсызданып олтурса керек, Абдрасул ага озунуп өзү биринчи телефон чалды. «Агай, келиңиз» – дедим.

«Атка жеңил, тайга чак» Абдрасул ага ана-мына дегиче жетип келди.

–  Мыкты! – дедим баш бармагымды чычайтып. «Жакшы сөз жан ээритет» дегендей жаркылдап күлүп: «Сага жакса эле болду, иним, сага жакса эле болду» – деп жанымдагы бош орундукка көчүк басты.

Көпкө сүйлөштүк. «Үркүндө» жазылган айрым окуялардын жандырмагын сурай баштасам, Абдрасул ага мыкты жазуучу гана эмес, мыкты оозеки аңгемечи да экен. Баяндап жаткан окуясын, айтып жаткан кебин талаалатып чачыратып жибербей, тыкан, жыйнактуу, ирээттүү сүйлөйт экен. Оозеки аңгемесинин улам бир жеринен токтотуп: «Ыя, жарыктык, бул жерин эмне жазган жок элеңиз» – деп улам бир маанилүү, кызыктуу, элестүү жерлерине келгенде токтотуп сурасам: «Ылайыгы барбы-жокпу деп чочулаганыман аттап өттүм эле» – деп тиши өтпөй калган жерлерин адатта кыргыздын куру намыс жазуучу чалдарындай кежеңдеп, ар кайсы шылтоону айтып чаргытпай моюндап олтурду. Абдрасул ага кантсе да тажрыйбалуу чоң жазуучу катары сергек, тың, бүйрө адам катары мен кошуш керек деген жерлерди чыпчыргасын коротпой кагазына белгилеп алып, улам кийинки оңдолушунда кошуп жазып олтуруп, натыйжада «Үркүндүн капшабындагы» «Лайвазы бала» таржымалы менен Токмоктогу мектеп-интернаттагы чыныгы турмуш көрүнүшүн жана ал мектеп-интернатты көзөмөлдөп келген Чалбай жетекчинин образы дүйнөнү дүңгүрөткөн орустун классик жазуучусу Лев Толстой менен орус совет жазуучусу Максим Горькийдин автобиографиялык мыкты чыгармаларынан кем эмес деңгээлде жазылганын коркпой белгилеп айтаар элем.

Көп жылдар көксөп жүрүп жазган чыгармасы ойдогудай жазылганына катуу сүйүнгөндүктөнбү же күйгүлтүктүү өмүрүнүн күйүткө кызарып ысыган казанына кайрадан түшүп, көк түтүн бүркүп эскерип жазганынан уламбы, «Үркүндүн капшабына» кошулбай калган бир топ эпизоддорду эмнегедир көпкө улап жазалбай жүрдү.

«Турпандан кайтып келгендегиңиз» да мыкты чыгарма экен, бирок «Үркүн» менен «Турпанды» эки башка чыгарма катары калтырбай, бир чыгармага бириктирип жазсаңыз жакшы болор эле» деген пикиримди айтсам: «Аның ырас. Өзүм да ошондой ойдомун. Мынабу юбилей деген балакет колумду байлап жатат. Ошондон кутулаарым менен киришем» деген эле.

Мен 1993-жылдын март айында «Ала-Тоо» журналынан «Кыргызстан маданияты» гезитине кызматка которулуп кеттим. Көртирликтин азгырыгынан чыгалбай жүрүп көпкө жолукпай да, сүйлөшпөй да калдык. 1995-жылдын жаз айларында акын агам Жалил Садыков: «Абдрасул ага көптөн бери оору дейт. Ал-абалын сурап келбейлиби?» – деп телефон чалды. Барсак, баягы тың сүйлөп, тың баскан Абдрасул ага жок. Көзү да жакшы көрбөй, кишини да жакшы тааныбай, шапайып арыктап, желкеден алган оорунун чеңгелинде экен. Диван башында бир аз сүйлөшүп олтурдук. Абдрасул ага да «бойго жетип» калганын тымызын туюп турсак да: «Бекем болуңуз, жарыктык, жакшы болуп кетесиз, ооруга алдырбаңыз» деген көңүл улаган сөздөрдү айтымыш болдук. Кош айтышып жатып, «Үркүндүн» тагдырын сурадым. «Баягы өзүң айткандай экөөнү бириктирип бир чыгарма кылып жазып, басмага тапшырдым» дегенинен, буюрса баары жайында экен деген ойдо кеткем. Көп өтпөй Абдрасул аганын көзү өттү.

Токсонунчу жылдардын аягында мамлекеттик китеп басмалары жоюлуп, жеке менчик китеп басмалары жамырады. «Үркүн» китеп болуп жарык көрбөдү. Кол жазманын тагдырын билейин деп ошол кездеги мамлекеттик китеп басмасында иштеген тааныштарыман сурасам, айтылуу эле акындарыбыздын бири мамлекеттик басма жоюлганда «Үркүндүн» кол жазмасын өзү менен кошо ала кетип, кайсы бир жеке менчик журналга үзүндү жарыялаган экен. Андан ары «бээ көрдүңбү – жок, төө көрдүңбү – жок», кол жазма кайда калганы белгисиз...

Сураштырып, издештирип таппаган соң «Үркүн...» менен «Турпанды...» таап, эки бөлүктү бириктирип бир эле чыгармага айлантып басмага сунуш кылайын деп жакшы эле киришип баратып, бирин бири кайталаган жерлерин кыскартууга туура келерин көргөндө, көзү жок автордун бүтүлүү чыгармасын «бүлүнткөнгө» колум барбай, балким, жоголгон кол жазма кудайдан болуп дагы бир ыймандуу адамдын колуна тийип табылып да калаар деген илгери үмүткө жетеленип, «өзүм билемдик» кылгандан өз эрким менен баш тартып, «Үркүн» менен «Турпандын» колдо болгон эски вариантын «Ала-Тоо» адабий журналына сунуштап жатам...

Нуралы КАПАРОВ

(Повесть-эссе)

Байкем (атамды байке дечүмүн) комузду абдан жакшы көргөн киши эле. Комуз жасайт, черте билбейт. Мени үйрөтөм деген аракет менен беш жашымда тепкедей домбура жасап берди. «Кулаалы» деген күүнү үйрөтүп, аны мага черттирет да, каткыра күлөт. Мен колумду кулаалыча салпактатып тартынбай чертем, түшүнбөйм, күүгө окшобосо керек. Аны өзүм деле билип турам. Үйрөтүүгө канча аракет этсе да, ал аракетинен майнап чыкпады.

Эл Көк-Ойрок жайлоосунда болчу. Эмнегедир байталга айырмач токуп, мени айырмачка таңып, чоң энем Толкунайга жетелетип койду. Колумда жаңы эле өзү жасап берген тыпыйган кооз камчым бар. Аны өрүп бүтүп, саптай электе мага карматып коюп, түшкүнүн кандай түйөрүн көрсөттү.

– Карап тур, үйрөнүп ал! – дейт.

Камчынын алаканын кара булгаарыдан жасап, чачылап, кызыл табылгы сапка саптап, камчынын башына сары жез кийгизип, анан жазыраак сулуу тилинген көк менен сөөмдөй жерин кооз чырмап, анан кара баркыт менен камчы саптын теңине чейин каптап, кол кармай турган жерине кара булгаары каптап, артына чачык чыгарып, бүлдүргө тагып минтип айтты:

– Мына эми сен атка минесиң, алыска барабыз, чоң киши болот деген ушу! – деп камчыны колума карматты. Ал камчыны колуман түшүргүм келбейт, карап эле тургум келет, кубанам.

Эл шашып көчүп, Чоң-Кемин суусун кечип өтүп, тоолорду ашып кайдадыр кымгуут болуп кетип баратышат. Ай жарык, мал чурулдап, иттер кабышып улуп-уңшуп, кишилердин катуу сүйлөгөн, кыйкырган үндөрү көбөйүп, мага коркунучтар келет. Чоң энем эки жашка толо элек жалгыз карындашым Асыйпаны койнуна катып, мени жетелеп, кимдидир каргап-шилеп атат. Мага кылчая карап кыйкырып калат: «Башыңы көтөр!» Чылбырымды коё бербей жетелеп баратат.

Айыл көчүн түшүрүп, жылдыздай жайнаган оттор жагылып тиерде, биерде койлор союлуп, казан-казан эт бышып жатты. Тоо жели муздак. Мен уктап калыптырмын, эрте ойготушту, көзүм ачылбайт, айырмачка кайра таңышты.

Бир кезекте: «Ысык-Көл, Ысык-Көл!» деген чурулдаган үндөр көзүмдү ачып жиберди. Эки жагымды карасам, мен эч качан көрбөгөн бир укмуш дүйнө... Чалкыган, баш-аягына көз жеткис чоң суу... Көл... Энем ошол Көлгө сыйынып: «Эл-журтту сактай көр, кудай!» – деп, дагы бирдемелерди жобурап, жалынып, бээ үстүндө өчөйүп, алаканын көккө жайып бата кылып баратат. Мен жетекте айырмачта шылкылдап уктап, уйкум канып калыптыр.

Андан кийин эмне көрдүм: аябаган чоң сууга туш келдик. Эл чуру-чуу менен көчтү, малды кечирип өтүштү. Кара-Камандын суусу экен.

Кар жаап жатат, бирок бийик тоону ашып баратабыз, бир төө жүгү менен кыядан кулап төмөн карай кетти, кишилер кыйкырып бирдеме деп атышат. Дагы бир аялдын элечеги ойду карай кулап кетти. Музга кийиз төшөп, туш-тушунан жабалактап кармашып, жүктүү төө, мал өткөрүп жатышат. Бул Бедел ашуусу дешти.

Биз Ак-Суу, Турпан деген жерге бардык. Мен эшек, качыр дегенди ошол жактан биринчи көрдүм. Жүзүм, коон дегенди да жаңы көрдүм.

Чечек оору айылды каптап кетти. Балдар ооруп атышат. Атам Токтомушту ар-ар ким чакырып кетчү болду, мени ээрчитип жүрчү эле эми ээрчитпей койду. Чоң энем балдар менен ойнотпой артыман жүрөт. Атам чакырган жерге барып, чечекти эмдейт экен. Кызык, эми мен оорубасам да эмдеди. Чечек жарасы ар кай жеринде баржайып аккүп болуп турган бир баланыкына ээрчитип келди. Мени: «Абдрасулум азамат коркпойт, азыр өзүм эмдеп коём, оорутпайм, эмдебесе чечек чыгып чаар болуп каласың, эмдеп койсо чечек аттап кетет...» – деди байкем мени эркелетип.

Мен атамдын айтканын унчукпай угуп олтурдум, бүт ишендим. Ал анан кичинекей жыгачты аппак кылып жука, ичке жонуп тырнактай калакча жасады, карап олтурам. Бир жак жеңимди чыканагыман жогору түрүп, билегимди акырын коомай чийип койду да, ошо замат алиги баланын аккүп болуп жарылганы турган жарасын чегип, калакчага суусун агызып алды да менин билегимдин чийилген жерине тийгизип карап турду. Тез эле кургай түштү, ак чүпүрөк менен ороп койду. Чын эле ооруган жок, устара тийгенде кичине «тыз» дей түшүп басылып калган.

Эмдегенден кийин бат эле ооруп калдым. Чечек чыкты, тиги баланыкындай калың эмес, анда-санда чыгыптыр аккүп болуп, анан анын орду кара так болуп калды, кычышат да, кычышат. Тырмагым келет, атам колума жука чүпүрөктөн тултук мээлей жасатып кийгизип койду. Тырмап ийбесин дейт экен. «Тырмак тийсе чаар болуп каласың...» дешип жабалактап кетишет, тырматпайт. Атам жыгачтан ичке шиш жасап алып, ошону менен кычышкан жерин үстүртөн коомай акырын кашып жанымда карап олтурат. Чоң энем башын калчылдатып өзүнчө кобурай берет: «Жарыктык улуу тумоо баламды аттап өттү, мүчөлөп чыкты». Ушинтип кайта-кайта айта берет. Мен чаар болбой айыктым.

Биз сайма алачыкка кыштап чыктык. Жазды жайлай бир жерге тыным албай ташынып көчүп жүрдүк. Бир күндөрдө туулуп өскөн жерди көздөй эл кайра жөнөштү. Биздики да ошентти. Эл жөө, бирин-серин унаасы, эшеги бар. Жүгүн артып, жаш балдарын үстүнө кондуруп коюп, баары тең колдоруна таяк алып убап-чубап келатышат.

Биз Ат-Башыга келдик, анан Кочкорго, анан Шамшы деген ашууну ашып, Токмоктун баш жагына келдик. Чолок куйрук боз бээ, бир эшегибиз бар. Бул 1917-жыл, кеч күз. Кыш шаштырып бат эле келип калды.

Алыстан туулган жерибизге эңсеп келе жатканыбызда жолдо карай атам мага мурда үйрөтүп жүргөн «Бак-бак» деген ырын көп ырдачу болду. Чоочун кишилердин, катын-балдардын көзүнчө деле: «Бак-бак» – деп кадимки бакача бакылдап көмөкөйү менен кайрып, тамагын бүлкүлдөтүп эң эле кызык ырдайт. Уккан балдар да, чоңдор да кызыгып күлүшөт. Өзү да ырдап бүткөн соң карт-карт күлүп калат. Мени ырдата берет. Бат-бат ырда дейт. Мен сөзүн билем, бирок көмөкөйүм аныкындай бүлкүлдөбөйт.

Тоонун боорунда, басып келген ойду жана жогор жакты карап эс алып олтурдук, жүгөрү бадырак жедик. Анан атам таякчан мени жетелеп кыяда акырын ырдап баратты:

Ата-энең бар болсо,
Мөмөлөгөн курмадай.
Ата-энең жок болсо,
Суу чыкпаган жылгадай.
Бак-бак, байрулит,
Байларит, байрулит, 
Бак-бак байрулит,
Байларит, байрулит
Бак-бак...

Кыз-уланы көп болсо,
Карагайлуу жылгадай.
Кыз-уланы жок болсо,
Жүрөт жашы кургабай...
Бак-бак, байрулит,
Байларит, байрулит, 
Бак-бак байрулит,
Байларит, байрулит
Бак-бак...

Атам үркүндө биз барган жакка барбай калган таякеси Бейшени тапты. Ал киши Токмоктогу Калый деген байдын жылкысын багып, Шор-Дөбөдө турган экен. Эки кара үй аралыгы жакын тигилген. Бири таякемдики, бири чоң энемдин жесир сиңдисинин үйү болуп чыкты. Ушул эки үйдүн аралыгында, ортосунда ыктоо деп Токтомуш менен иниси Абдырайым байкем камыштан балаган жасап кирип алдык. Түтүн чыга турган үстүндө тешиги бар. Бул үч үйдүн сыртынан чот, керки, орок менен (кетмен, күрөгү жок) тоң жерди оюп жатып айландыра камыштан короо жасап алганбыз. Биердин камышы узун жана жоон келет. Бороон-чапкынды өткөрбөйт, короонун ичи жылуу. Күндүз таякесинин үйүндө өтүкчүлүк кылып узанат. Атам Саманчы баласы Токтомуш жаш кезинде Алымкан, Салыйкан деген эки эжеси, иниси болуп атадан жетим калып, ушул кесипти үйрөнүптүр. Жүгөн-куюшкан, камчы өрөт, ээр чабат, зымпоочтой ат жабдыгын көркүнө чыгарган колу чебер, үй жыгачын андан бетер келиштирет. Кара тору, кара каш, шыңга бойлуу, узун мурутчан жигит.

Биз тамакты күнүгө бир маал гана ичебиз. Бул кандай тамак? Таякебиз Бейше Багыш уулу бизден эчтекесин аябайт, таяжеңебиз да кабагы ачык жакшы киши, жалынып-жалбарып олтурат, өздөрүндө жок болсо кантишсин. Кечинде ошол үйдө чоң казан күрүч көчө жасалат, суюк, анда-санда эти бар, бул да киши башына ченеп берилет. Таякебиз үй-бүлөсү менен, биз жана жесир эжеси эки уулу менен үч үйлүү киши чогулуп турабыз.

Түбүнө кичинекей коюусун калтырып байкем мага берет да, апам Асыйпасына берет. Ошондо алымсынып калабыз. Нан деген кайда, көрүүгө зарбыз.

Ушинтип оокат өтүп жаткан кезде, бир күнү эртең менен биздин камыш үй өрттөндү. Таякемдин үйүндө отурган элек.

– Токтомуш, үйүң өрттөндү! – деген аялдын ачуу үнү октой тийди. Токтомуш ордунан учуп жөнөдү. Ээрчип эшикке чыксам камыш чатырап, кыпыны көккө сапырылып жатыптыр. Кокуйлаган үн...

Атамды жулкунтуп бирөөлөр кармап жүрүшөт. Ал өрткө карабастан балагандын ичине кирип барып колдо бар оокатын алып чыкмакчы болуп жатат.

Өчүрүүгө суу жок, бакан менен чапкылап жүрүшөт. Менин көзүмө бакан менен чапкан сайын өрт өөрчүп турду.

От жесирдин боз үйүнө жармашты. Тутуулары кагаздай жалбырттады. Ууктары шоолдоп күйүп, чамгарак тегеренип түштү. Чоң энем сиңдиси экөө чачтарын жулгулап, бакырып жатышат. Кокуйлаган үндөр көбөйдү, бирок андан айла болгон жок. Чуркурап ыйлап кала беришти.

Боз бээни тиги жесир аялга алып беришти, өрттөнгөн үйү үчүн бээден ажырадык. Колдо болгон оокат өрткө кетти. Ошентип эч нерсе жок жалгыз көк эшек менен калдык. Асыйпанын байпагын жылытып кийгизмекчи болуп от жагып, күйүп жаткан камышты илештире чыгып, чоң энебиз Толкунай өрт чыгарганы ошол эле замат белгилүү болду.

Ошол күнү убай-чубай ал жерден Кара-Коңузду көздөй жол тарттык. Кар терең, жол туюк. Бир жерден жай таап, орношкончо чоң энем иниси Бейшекеникинде калды. Апам Асыйпаны көтөрүп, атам мени жетелеп, ак кар баскан талаада кетип баратабыз. Абдырайым байкем камыш ормокчу болуп Шор-Дөбөдө калды.

Кайрат айткан эч ким жок. Бороон гана кайгыбызга тең орток болгонсуп улуп-уңшуйт. Ачарчылык оозун аңырдай ачып турат.

Кара-Коңуз кыштагына келдик. Атам өтүк ултарып, оокат кылмакчы. Өтүк ултарта турган киши чыкпады. Айнеги жок бир көздүү терезеси менен эшиги түндүктү караган бир бөлмө жер тамга кирдик. Ичи суук, терезеси саман тыгылып коюлган. Караңгы. Эшигин күндүзү ачып койбосо көрүнбөйт. Бизде кылайган төшөнчү жок. Отун да жок, тамак да жок. Чокмороктошуп кийимчен жатабыз. Атам чөнтөгүнөн чийки күрүч берди. «Чайнабай шимип жаткыла!» – деди. Биринчи түн ушинтип өттү.

Эртеси касапчыдан койдун канын алып келди, кууруп жедик. Өңгөнү билбейм, мен жыргай түштүм. Апам бир жүк камгак көтөрүп келип, от жакты. Байкем эки оозунун биринде эле айтып калчу болду: «Биз дагы эл болор бекенбиз?» – деп үшкүрүнө.

Анча-мынча бирдеме камдап берип, тамын берген кожоюндун иши менен башка бир жакка кетти эле. Канча күн жүргөнүн билбейм, келди. Өтө кайгылуу келди: «Жаман кишиге туш келиптирбиз» – деди. Шор-Дөбөдөн камыш тартып келүүгө жиберген экен, барып суук тийип ооруп калыптыр. Дембе-дем жөтөлөт, кан түкүрөт. Анын үстүнө «кечигип калдың» деп кожоюн аябай жемелептир. Акысына беремин дегенин бербей койгонун айтып үшкүрүнүп олтурат. Эртеси эшикке чыга албай жатып калды. Ошол жаткан бойдон бир күнү дүйнөдөн кайтып кетти. Бул 1918-жылдын баш чени, кыш. Апам үйдө жок эле, өлөр алдында мени чакырды, жанына бардым. Оозун кыбыратып эч нерсе айталбай кете берди.

Апам келди. Катуу ыйлады. Апамдын бир тууганы, менин таякем Абдаалы да катыны менен келди. Бирок алар ыйлашкан жок.

– Чуру-чууну угуп коюшпасын, үнүңөрдү чыгарбагыла, – деп Абдаалы ыйлатпай койду.

Токтомуштун сөөгүн өзүнүн бир тууганы Кенжетай, Абдаалы (Абдырайым мурда каза болгон) жана башкалар болуп алып кетишти. Мени кошо жүр деди эле Кенжетай чоң атам: «Жылаңайлак, кар кечип кантип бармак эле» – деп башкалар токтотуп коюшту. Барууга ынтызар болсом да кала бердим. Бир кезде келишти. Эшиктен кер-мур айтышып, ачууланып киришти.

– Балдарыңды ал, карындашымды өз колума алам, – деп таякем өкүм сүйлөп атат.

– Өзүмдүн эки баламды бага албай жатканда буларды кайда алып барам? – деп Кенжетай да күрпүлдөп атат. Таякем демейде мени жакшы көрчү эле, эми заматта эле таптакыр башка болуп калды. Апам Сайрабүбү көзүнүн жашын көлдөтүп босогодо турат. Эмне үчүн сүйлөбөйт?..

– Башың жаш, бала деп жүрүп өлмөк белең? Жүр, бас, бас дегенде бас! – деп агасы Абдаалы жетелеп кетти. Мен катуу бакырып ыйлап жибердим, эчтекени түшүнбөсө да карындашым Асыйпа мага кошулуп ыйлады.

– Кокуй, Токтомуш өлбөй кал! – Алардын артынан өңгүрөп Кенжетай да кетти. Эшиги ачык, терезесине саман тыгылган караңгы жер тамда эки жашар карындашым экөөбүз тыбырчылап ыйлап кала бердик. Атам өлгөн эле күнү ушул иш болду. Бизге каралашар эми ким бар? Эч ким. Таякебиз таш боорбу? Же энебиз таш боорбу? Заман таш боорбу же ачарчылык таш боорбу? Ошондо мага баарынан ачарчылык таш боор өңдөндү.

Эшик ачылган бойдон турат, ызгаар чогуусу менен эле төгүлбөй-чачылбай кирип келип аткансыйт. Караңгы түштү. Апам кирип келеби десем, антпеди. Жалгыз карындашым экөөбүз ээн «үйдү» жаңыртып, муздак тамдын бурчунда ачка бүрүшүп, жашыбызды ирмеп коюп олтурабыз. Асыйпа арыгынан баса албайт. Мен болсо жамандыктын башка түшкөнүн сезип, ичим өрттөнүп ыйлап атам. Асыйпа болсо караңгыдан коркуп, энесин күтүп жана ачкасынан чыдай албай ыйлап атат. Ошентип жатып качан уктаганымды билбейм.

Мен турганда эшикте күн тийип туруптур. Асыйпа бүрүшүп, солк-солк этип жатыптыр. Тамдын боорунда жарты учук тарамышы менен сайылган ийне жана бурчта сабына ашталбаган курч керки жатат. Атамдан калган буюм... Чыдай албай таякемдикине чуркап кар кечип, апама бардым эле, таякем эшиктин алдында кар күрөп туруптур. Күрпүлдөп кирди:

– Апаң жок, мында жолобой жүр, апаңды түндө казакка берип жибергенбиз.

Мен чыңырып олтура калдым. Кайра үйгө келип, Асыйпанын кейпин көрүп атама да, апама да арналган ыйымды биротоло ыйлап бүттүм. Алты жашка толо элегимде башыма ушул иш түштү.

Асыйпа ыйлайт да, ыйлайт же басылбайт. Көтөрөм, чарчайм, тыныгам. Аны тамдын түбүнө олтургузуп коюп, биринчи жолу кайыр сурап көчөгө чыктым, өзүм менен бирге алып жүрүүгө алым жетпеди. Көчөдө баратам, таманым музга жабыша калганда отура калам. Асыйпамды өзүм менен алып жүрбөгөнүмө ичим тызылдайт, кайра чымырканам. Бир үйдөн сый кашыктын башындай тоңуп калган тузу жок күрүч ботко берди, сүйүнүп кеттим. Бир үйдөн бир ууч ундун урпагынан алаканыма салып берди, мен аны ошол замат эле жалап-жуктап жеп койдум. Боткону алып кеч келдим. Асыйпа ордунда жок. Ары издеп, бери издеп таппай койдум.

Кеч кирип кетти. Өзүмөн чоңураак үч жетимди ээрчип алдым. Бирөө менин көкүрөгүмдөгү жалгыз седепти сурады. Кыйылып туруп кармата бердим. Алардын «үйү» бар экен. Узун салынган тамдын артына боолонгон камыштар тикесинен кыркалай жөлөнүп коюлуптур. Анын көңдөйү чатырдай болуп турат. Ичи караңгы болгону менен «жылуу» экен. Астына төшөлгөн камыш талкаланып, жумшак да болуп калыптыр. Жыргай түштүм.

– Ушул «үйгө» киргенде акырын сойлоп кир! – деп акыл айта баштады седебимди алган бала, – шыбышыңды билдирбе, камыштын ээси билсе бизди кууп чыгарат. Кайырчыларга да айтпа. Алар көбөйүп кетишип, бизди кууп чыгышат.

Биз бул үйүбүзгө эки жагыбызды каранып, этияттык менен киребиз да, ошентип чыгабыз. Кыштын каары бизге түнкүсүн күчү келбей калды.

Мен Асыйпаны эртеси, анын эртеси издедим. Таппадым. Ыйладым. Эми жалгыз болуп калдым.

Бизди бактысыздык күнү-түнү күтүп турчу болду. Бир жолдошубуз «үйгө» келбей калды. Көчөдө тоңуп калыптыр. Жаңыдан дагы эки бала кошулган эле, жатаарда бирөө божурап сүйлөп жаткан, эртең менен сүйлөбөй, кыймылдабай калыптыр.

Жакшы болду, седеп алган бала кайдан тапканын билбейм, дунган аялдарынын ыргытып жиберген саймалап жасалган эски хайысын (чүпүрөк кепич) алып келип мага берди. Бутум оңуп эле калды. Эми алыскы көчөлөргө кайыр сурап барууга болот.

Колубузга тамактан өтө турган бирдеме тийсе эле болгону, ошо замат курсакка жол тартат. Антпесек, баштыгыбызга салып койсок кээ бир чоңураак балдар тартып алышат. Аны баарыбыз билебиз.

Бир күнү мен өтө сүйүнүчтүү болдум. Кенжетай чоң атам жолукту, издеп жүрүптүр. Асыйпаны ошол киши алып кетиптир. Мени турган жерине, үйүнө ээрчитип барды. Караң-Коңуздун сыртында, качандыр бир убактарда дунгандын малын баккан бирөөлөр турган, анан күндөр өтүп турууга жарабай калган үстү түшүп, бир капталы урап калган сокмо тамдын бурчунда турушат экен. Асыйпа мени көрүп ыйлай баштады. Берейин десем эч нерсем жок. Мурдагыдан да начар көрүндү. Мурда өйдө туруп кичине басчу эле, эми тура албай калыптыр. Татынакай быйтыйган колу эми арбайып башкача көрүндү. Өзүмөн өзүм солкулдап ыйлап турдум. Арык жылкынын жашык эти бар экен, отко бышырып жедик. Эртеси Кенжетай чоң атам казака берген Батма деген кызыныкына койгон жалгыз уюн алып келем деп кетти. Ал ошо бойдон кайтып келген жок.

Ушул чоң атамдын зайыбы чоң апам Мыскал менден минтип сурады:

– Апаңа барып жүрөсүңбү?

– Жок, – деп жооп кайтардым.

– Барып апаңды ээрчитип кел, биз кай жерде турганыбызды ал билбейт, казака бергени жатат деп уктум, баласын алып кетсин, агасынын үйүндө экен.

Мен сүйүнүп кеттим. Эки жакка токтолбой бат эле бардым. Бирок таякем менен тажеңемен айбыгып үйүнө кирбей, обочодон апамды акмалап карап турдум. Ал бир жактан келди. Арык, ооруганбы? Асыйпаны айтып бердим. Эртеси бармак болду. Мага чөнтөгүнөн алып бир үзүм каткан нан берди. – Теңин өзүң жеп, теңин Асыйпага алып барып бер, көрүнбөй койдуң, эмне үчүн жолобойсуң? – деп ыйлап жиберди.

– Таякем келбей жүр, апаң жок, казакка берип койдук, – деген.

Апам олтурган жеринде жыгылып кетти. Мен жанында олтурдум. Бир аздан кийин баш көтөрдү. Таякем Абдаалы көрүп калды, сүйлөнүп апамды жетелеп кетти. Мага кекенди: – Жолобой жүр дебедим беле...

Бул кандай таш боор адам? Же турмуш таш боорбу? Кимисинен көрөм?!

– Апаң келип кетти, – деди Мыскал апам. – Баласын алып кет десем албай, отко ыргытып жиберди...

Менин жүрөгүм оозума тыгылгандай болду. Дароо Асыйпаны карадым. Ал чын эле алдастап онтолоп жатат. Маңдайы менен май куйругу күйүп калган, ылжырап турат, олтура албайт, же көмкөрөсүнөн жата албайт. Мени көрүп обдулуп ыйлады. Мен кучактап алып ыйладым. Ыйдан башка даяр эч нерсем жок. Апам берген бир үзүм нанды тигилерге көрсөтпөй талаага көтөрүп чыгып жедирдим, өзүм жеген эмесмин. Ал түндөн боздоп чыкты, мен чымырканып үнүмдү чыгарбай жаттым.

Эртеси апама бардым. – Эмне үчүн Асыйпаны отко салдың? – Сурданып туруп сурадым. Ал чыңырып жиберди.

– Мен кеткенден кийин отко салган экен го?..

Кимисиники чын экенин билбедим. Асыйпа чарчап калганын аз күндөн кийин уктум.

*      *      *

Мурдакы камыш үйдөгү түгөйлөрүмө кошулдум. Карындашымды эстейм. Эми мага өлүм бир үзүм нандан арзан көрүнүп калды. Кичинекей балдар эмес, чоң кишилердин да денесин ит жулкулдатып жатканын көрүп жүрөм. Мен келбей кеткенден бери дагы эки чоочун бала камыш үйүбүздүн ичинде тоңуп калыптыр. Биз аларга тийбейбиз, алар бизге тийбейт, аралыгыбыз ачык, коркпой жатабыз. Аларды кайда алып бармак элек? Жерге тоңуп бекип калган.

Бир күнү мен жылуу, бай, даамдуу тамакка жеттим. Бир жаңы тааныш бала мага ылым санап минтип айтты:

– Бир дунган чал бар. Жакшы киши экен, баласы жок, кемпири экөө эле экен. Биз эки балабыз, күнүгө бир маал кечке жуук өзүбүзгө отун тердирип, суу алдырып, от жактырып күрүч ботко жасап берет. Анан караңгыда көчөгө жибербей сарайына топондун үстүнө жылуу жаткырып коёт. Эртең менен дарбазадан акырын чыгарып жиберет. Эч кимге айтпагыла деген ал киши. Сен кел!

Ал ээрчитип барып дарбазаны көрсөтүп койду. Дарбаза бек болсо астынан сойлоп киргин деп жол көрсөттү. Кечке бирге жүрдүк. Тамак берер маалын айтты: – Мени байкап тур, менден кийин бир аз туруп кир!

Мен ошенттим, дарбазанын астынан кирип бардым, беките койгон экен. Тигинден башка дагы бир чоңураак бала саман жагып жатыптыр короонун бурчунда, чал бирдемелерди айтып жанында турат. Акырын кылмышкер немече басып бардым. Чал мени олурая карап алды да, өз тилинде бирдеме деди. Анан берки экөөнү жекирди:

– Мындан кийин башка балдарды ээрчитип келбегиле! – Мурчуйду.

Чал карапа чөйчөктөргө салып ысык, сонун ботко берди, жыргатты. Көптөн бери ысык тамак жегеним ушудур.

Көчөгө чыккандан кийин тиги эки баланын чоңураагы кыйкымдап кыйынсынып, чыкчырылып сүйлөдү:

– Эмне үчүн биздин үстүбүзгө келдиң? Ким сага бул жерди айтып берди?! – деп мага одураңдады, айткандары кулагымын сыртынан кетти. Жаман жери, дагы бир бала кошулуп калып, эртеси алиги карыя ботко бербей бизди кууп жиберсе болобу. Мен мурдагы камыш «үйүбүзгө» кайра кеттим, бирге жүргөн балдарга кошулдум. Седебимди алган бала менен достошуп алдым. Ошол жерде кыштап чыктык.

Күн жылый баштады. Арабызга дагы бир чоңураак бала келип кошулган. Жаздын тез келишин ушунчалык, ушунчалык күтөбүз дейсиң!..

Күндөр чубуруп жаз келатат. Көчөлөр кургай баштады. Арабаларга сокону салып талаага кетип жатышат. Четки көчөдөгү көк дарбазалуу үйдүн ээси бир кезде мага кургак ботко берген эле. Дарбазасынын түбүндө тиленип турганымда дагы кырсык басты. «Ар-р!» дегенде эле бир билдим. Бакырып жибердим. Арт жагыман уурданып келип жапалдаш көк ит оң жак балтырымды үзүп алды. Үйдүн ээси чыкпай койду. Канды куюлтуп өңгүрөп көчө ылдый жөнөдүм. Орто жашаган салабаттуу бир дунган мени көчөгө токтотуп коюп, үйүнөн эски чүпүрөк алып келди да, бутумду өзүмө таңдырды. Мен жей турган бирдеме берет го деген үмүттө элем.

Ит капкан жерге бит салып ороп, байлап койгонбуз, күндөрдүн биринде карасак тырык болуп айыгып калыптыр. Камыш үйүбүзгө үч бала жатып жүрөбүз, ичи тазаланып калган экен. Мен качан жана эмне менен ооруганымды билбейм, мен келип жатканда көк чөп жаңы чыга баштаган эле, обдулуп турмакчы болуп тура албай койдум. Балдардын бири да жок, кайда кетти экен деп кичине ойлоно калдым. Башым тегеренип, көңүлүм караңгылады. Суу ичким келди. Мага бирөө суутуп койгонсуп максымды эңсейм... Бир оокумдан соң боортоктоп жылып баратам. Суунун үнү угулуп турат, жетиш кыйын болду. Жеттим. Башымды салып суудан жуттум. Эсим ооду. Кайра эс алдым. Таноомо, көкүрөгүмө кан катып калыптыр. Олтурсам эле башым айланып, жер көчөт. Жаңы чыгарган балапандарын ээрчитип тоок жүрөт. Көк бедени сатуу үчүн арабага басып баратат. Мен бул жерде эмне абалда, канча убакыт жаткам? Мага тамак же суу берген киши жок, кантип аман калдым?

Бирге жүргөн балдардын биринин да дареги жок. Арыктын жээгинде жамбаштап жатам. Атам, апам, карындашым эсиме түшөт.

Чака алып сууга бараткан дунган келин жаныма келди. Кейпимди көрүп, ооруганымды билди. Боору ооруп, колтугумдан сүйөп көлөкө жерге алып барып олтургузду. Жаным жай ала түштү. Бир аздан соң бир манты алып келип берди. «Жегин» – деди да кетип калды. Жүрөгүмө тамак баспайт, көңүлүм эч нерсени каалабайт. Мантынын камырын жедим. Ичи толгон көк чөп (жузай) экен, тузу да жок, (алар тамакты тузу жок жешет) көңүлүм айланды, жерге таштадым. Майда кумурскалар жабалактап талап кирди, карап олтурам. Аңгыча жанагы аял кайра келди, өз тилинде бирдемелерди жобурады. Мага бергенине кумурскаларга той түшүп жатканын көрүп капаланды, мени тилдеди, ачууланып басып кетти. Мен кайрадан үй кыдырып кеттим.

Күндөн күнгө басууга жарап тыңып келатам. Үй кыдырып жөнөйм, антпеске арга жок. Бир күнү кыштактын күн батыш четинде, ээн талаада өткөн жылы качкындар чөп менен куурайдан балаган жасап, баш калкалап олтурган жерге эмнегедир бир кайырчы бала менен барып калдым. Талаа эң сонун болуп гүл жайнап, чөп аябай өсүп, мал жайылып жүрөт. Мурда көпөлөктөрдү көргөндө кууп кетчү элем, эми эмнегедир мойнум жар бербейт. Кеч кирип кетти, биз туш келди кургак жерге жатып, түнөп жүрө беребиз, күн жылуу болсо болгону, асмандын асты, жердин үстү биздин үйүбүз. Эски кемегенин айланасы такырайып чөп чыкпаптыр, купкургак, сыз жок, кемегенин баш жагына жатып алдык. Ай сүттөй жарык, жылдыздар бизге көз ымдагансып жымыңдайт, чөптү тармалдантып жел ойнойт.

Биз өз эркибизге илкий басып, ошол жерге келип олтурганыбызда тээ алда кайдан бир лөкүйгөн куба дөбөт көрүнгөн. Биртикеден кийин окчунураак келди, ары-бери басып, жата калып, кайра тура калып, бизди тооруп жаткандай көзү биз жакта кылтыйып. Биз анын сырын билип турабыз. Жансыздарга кол салат. Биз андайлардан коркпой калганбыз. Мен ата-энем бар кезде иңир талаш эшикке жалгыз чыккандан жана караңгы түндөн коркчу элем. Эми эмнегедир ал коркуулар жоголуп кеткен. Ыйлаак, таарынчаак элем, ал да жоголуп кетти. Уйкучу болчумун, бул да жоголду.

Биз жылдызды карап кобурашып жатабыз. Жанакы дөбөт улам жылып олтуруп аяк жагыбызга жакын келди да, комдонуп жатып алды, кобураганыбызды угуп турат, бизди алдай албайт, анткени тирүүбүз, жаныбызда таш бар, таягыбыз бар... Бир аз кууланып дымыбызды чыгарбай кылтыя карап жатабыз. Дөбөт улам алга кичинеден жылып коюп токтой калып, өтө сактык менен менин аягыма келди да, эркелетип жаткансып этегимен коомай тиштеп акырын тартып койду. Бул анын: «Тирүүбү, жокпу» – деп байкап жаткандагысы. Мен: «Чык, кет» дейм башымды көтөрүп. Ал шашпай басып артын карай кетти. Анын кайра келе тургандыгын билип, ойгоо жатам. Жанымдагы бала катуу уйкуга кетти, кичине коңурук тартып коёт, түртсөм ойгонбойт. Мен ого бетер сак болуп калдым. Бир аздан кийин дөбөт кайра келди. Аяк жагыма дагы комдонуп жата калып, эки жагын каранып, мени акырын жыттап, тумшугун көктү карай чүйрүп, анан этегимен коомай тиштеп акырын тартты.

«Чык!» – деп мурдакыдан үнүмдү катуу чыгарып тура калдым. Эми муну чындап кетирбесем болбостугун билдим да, катуу-катуу сүйлөп, таякты көрсөтүп таш менен удаа-удаа уруп жибердим. Таш тийген жок. Укмуш ит экен, жерге түшкөн ташты баса калып арылдап тиштейт. Иттин мындай жоругун мурда көргөм. Дөбөт кылчак-кылчак карап алыстап баратты. Менин катуу чыккан үнүмөн бала ойгонду.

– Эмне кыйкырып жүрөсүң?

– Жанагы дөбөт кайра келип, кол салаарда кыйкырдым. Уйкуң жаман экен. Таш менен ургулап кууп жибердим, тээтигине кетип баратпайбы.

Талаада торгойлор сайрап турат, тим эле чурулдайт. Мен кыштактын кай бир короосун кыдырып чыккандан кийин, кыштактын четине, ээн жерге жалгыз барып, эски арыктын жээгинде олтурган элем. Апам Сайрабүбү келатат, өз ичимен ойлоно түштүм: «Бар экен ээ?!» Учураштык. Күлбөйт, ыйлабайт. Алайган чоң көзү, коюу кара кашы, кырдач мурду анан бир байлам эски ак жоолугу көз алдымда турду. Баягы узун кара чачы жок, мултуюп калыптыр. Мурду коңкоюп көрүндү.

Сүйлөшө баштадык:

– Сени издеп жүрүп араң таппадымбы!

– Ушул жерде эле жүрөм, – дедим да ооруганымды айтканым жок.

– Мен дагы ушу жерде жүрөм.

Үшкүрүндү, жоолугунун учу менен оозун сүртүп:

– Сени казакка бердик дебеди беле таякем, – дедим мен кабагымды бүркөп.

– Барган эмесмин, ошон үчүн Абдаалы мени үйүнөн кууп жиберген.

Апам муңканып айтты.

– Кайра барасыңбы?

– Барбайм, эч качан барбайм.

Биртике унчукпай олтургандан кийин апам: «Жаман болуп кыйналып турам» – деди кыңырылып. Анан мага жалооруй карап:

– Жаман болуп турам... Таякеңдикине барып акырын таажеңеңе айт, апам максым суратып жиберди де чөөгүнүнө куюп берсин! Араң турам...

– Барбайм! – Так кесе айттым. – Таякем үйгө жакын жолобо деген.

Апам катуу үшкүрүнүп унчукпай калды да, анан ошол олтурган жерине кыйшайып жыгылып калды, өңү начар. Мен лып ордуман турдум да жей турган бирдеме таап келмекчи болуп көчө бойлоп бараттым, эмнегедир токтоно албай катуу ыйладым.

Бир дунган алдыман кездешип, жайымды сурадым. Короосуна ээрчитип кирди, үй-бүлөсү кечки чай үстүндө экен, мени сооротуп, олтургузуп чай берди. Бир сындырым калың калама карматты. Мен апама алып барып берейин деп жеңиме катып олтурдум. Бирок түн кирип кетип, үй ээси кетирбей койду. Түнөп калдым.

Турсам чоң шашке болуп калыптыр. Апам жаткан жерге (жакын эле жерде болчу) шашып бардым. Ордунда жок. Ары-бери жүгүрүп издедим. Бир жакка кетип калгандыр, табам деп ойлодум. Көчөгө чыктым. Келатып бир короого кире калдым эле, ошол үй ээси ой-боюма койбой бала кылып алды. Бир жакка чыгууга эми менде укук жок.

Апамды ошо бойдон көрбөй калдым.

*      *      *

Буту эң эле кичинекей, калтылдап жыгылып кетчүдөй болгон кемпир мага басып келди да, келинин чакырып алып (ал кыргызча тил билет экен) мени менен сүйлөштү.

– Кайдан келдиң, эне-атаң, жакын туугандарың жокпу? Бизге бала болосуңбу? Мен бала кылып алайын, – деди кемпир. – Эгер жакын тааныш кишиң бар болсо, анда сени бала кылып албайбыз.

– Эчтекем жок, баары өлгөн, – дедим улутунуп.

Мендей небереси бар экен, ошонун эски көйнөк, ыштанын алып келип, короого чоң чылапчынга киринтип, кийгизип койду. Атымды «Пашар» коюшту.

– Мындан кийин сени ушинтип чакырабыз, – дешти. Өзүмдүн төл атымды сураган да жок. Мен ичимен кейисем да, макул болдум...

Ошентип Муса деген дунганга бала болуп, Абдрасул атым өзгөрүлүп, Пашар болуп калдым.

Эмчекте, эмгектеп жүргөн эркек баласы бар экен. Ошо замат эле мага көтөртүп койду, ыйлаак, тынчы жок, илмейген оорукчан бала экен. Ошол күнү тынч уктадым. Бирок кузгун заардан ойготту, мен эми алты жашка толуп чоңоюп калганымды ойлодум, баарын моюнга алдым. Турар замат алиги баланы какылдаган бойдон мага көтөртүп көчөгө чыгарып жиберди. Колум талып жерге коё коём, ыйласа көтөрөм, булганса тазалайм, ушундай кылууну милдеттендирип койгон. Керээли-кечке ошол. Чарчайм, талыкшыйм, уйкум келет, кээде үргүлөп жыгылып кете жаздайм. Бирок уктоого тийиш эмесмин, мурунку күнү баланы алып арыктын жээгинде үргүлөп олтурганымды нанам (өгөй энем) көрүп калып, унчукпай келип саныман оюп алганда чочуп кетип, бакырып тура калгам. Бакырганым үчүн дагы чымчыган. Ошондо сөөмөйүн кесеп, катуу эскерткен.

Аны билип турсам да үргүлөп кетем, арыкта сууга бетимди жууп жибергенге чейин шашам. Бала мени кыйнайт, колдон түшпөйт, жерге коё койсом эле чыңырат, мен аны чымчып алгансып. Ал аз келгенсип бир колума узун, жоон камыш берип, тооктун балапандарын да кайтарып жүрүүгө мени милдеттендирип койгон. Душмандарым көбөйдү: алар кулаалы менен мышык. Мелдешкенсип төрт, беш мекиянга жумуртка бастырып чыгарат экен бул кыштактагылар. Короолордо да, көчөлөрдө да жерге-сууга батпай жыбырап жүргөн балапандар, күрпүлдөгөн такыр моюн тооктор. Балапандар көп болгон соң, аны аңдыган мышыктар да көп.

Кара-Коңуз кыштагынын үстүндө мойнун жерге созуп, айланып жүргөн кулаалылар андан көп. Кишиден обочо калган балапандарды шып эле илип кетет. Аны чочутуш үчүн асман жакты карап турушат да, кулаалы келе жатканда чал, кемпир, бала дебей жабыла кыйкырышат. Мен да үнүмдүн бардыгынча кыйкырып калам. Менден жети-сегиз балапан жоголду, ал үчүн нанамдан «энчимди» алдым. Кечке суй жыгылам. Тамакты берсе ичем, бербесе өзүмчө алып ичпейм, батынбайм, тыйып койгон.

Бир күнү эртең менен баккан атам Муса тамдын арт жагындагы чоң ат сарайга чакырып барды да, нокточон аса байланган кара боз атты көрсөтүп, кыргызча чала моңол сүйлөгөн тили менен: – Ат, ушу ат, күн андай барады болсо (асманды көрсөтүп) сен чөп салады болоду, билдима, – деп кекете сүйлөп, кетип калды. Мен эч нерсе түшүнбөдүм, «ат, күн, чөп» деген гана үч сөз кулагымда калды. Кийин ойлосом мындай экен: «Күн тигиндей барганда атты отко кой, билдиңби?» Мен түшүнбөй айтканы орундалбай калды.

Ал түш оой бир жактан келди, сарайга кирип кайра чыкты. Ачуу үнү менен мени чакырды, баласын көтөрүп турган элем, жерге коё коюп чуркап бардым. Оң билегимен чап кармады да, жаңы кылчылбырдын учу менен керилип туруп тартып-тартып жиберди. Чолок дамбалчан, жылаң аяк, жылаң баш, жалаң көйнөкчөн элем. Мен чыңырып чалкаман түштүм, ал булкуп тургузуп алды да, дагы кайта-кайта чапты, үнүм асманга жетти. Энеси үнүмдү угуп жетип келди, уулу экөө өз тилинде кыжы-кужу боло түштү, колумду коё берди. Чыңырган бойдон сарайды айланып кеттим.

Денеме кылчылбырдын тагы түшүп, жондонуп көгөрүп калыптыр. Ачышат, ооруйт, кол тийгизбейт. Кечинде этим ысып чыкты, таң атканча уктай албадым. Эртең менен эрте тургузду, баягы баласы менен алышып, балапандарды мышыктан, кулаалыдан коргоп, чоң короонун ичинде илкип басып жүрөм. Түнөп калган, тузу жок, жалаң сууга бышырылган кургак күрүч ботко жедим. Эртең мененки тамагым ушу.

Бул жерде чыдап турууга болбоду, жаныма батып кетти. Жадаганыман кээде чакырса укмаксан болчумун. Кулагы керең болсо керек деп эки кулагымды толгой кармап керосин куя баштагандан кийин ал амалды да токтоткомун.

Бат эле качып кеттим. Барар жерим кайсы? Эки күнү көпүрөнүн астында жашырынып жаттым. Кардым аябай ачты, эки жагымды каранып көчөгө чыктым. Четки көчөгө түшүп, кыштактын аягын карай кетип баратам.  Качкан үйүм кыштактын башында калды. Сай жакка кеткен имерилиште чоң дарбазасы бар үйгө кайрылдым. Түш чен. Короого кирер менен алакан жайдым. Жаш аял момо (тузу жок, бууга бышырылган тоголок нан) берип жатып, аржак-бержагымды карап туруп сөзгө алды:

–  Ата-энең барбы?

–  Жок, өлүп калышкан.

–  Жакын туугандарың, тааныштарың барбы?

–  Жок, жалгызмын.

Ал жылмая карап, ары жакта таяк кармап олтурган кемпирди чакырып алып, экөөлөп мени менен сүйлөшө башташты:

–  Бизге бала болосуңбу?!

–  Болом...

Кантем? Кайда тентийм? Бала болуп калдым. Атымды сурады, айтып бердим. «Атыман эле чакырса дейм», бул тилегим да ордунан чыккан жок.

– «Лайвазы» (келгин бала) сенин атың. Мурдакы атыңды айтпа, бирөө сураса Лайвазы Ясыр баласымын деп жүр! Мен маяң (апаң) болом, менин атым Фатьме (Батма), бул нанаң (чоң энең) болот, – деди. Мен унчукпай угуп турдум. Анан балдары менен тааныштырды, эки уулу, эки кызы бар жесир аял экен.

Мен чочуркаганым жок, маям менен нанам эртеси эле күнү тындырбай жумшай баштады. Ал аз келгенсип соодагерчиликке үйрөтө баштады. Кыштактын сыртында уй саагандарга жиберип сүт саттырып келет да, чыныларга айран уютуп, көчө кыдыртып теңме-тең пайдасына саттырат. Мен эки себетти илгич менен ийниме көтөрүп алып көчөлөрдү күнүгө кыдырып, «цоанейзи» (айран) деп кыйкырып жүрөм. Айранды сатып келээрим менен жумуртка сатам. Аны да кыштактын чет жакаларында турган башкалардан саттырып келип бышырып, бир бышкан жумуртканы эки чийки жумуртканын баасына базарга саттырат.

Эгин кылка баш алып желге ыргалып турган кезде, мен бул жерден да качтым. Бирок барар жерим жок болгон соң, кыштактын ичинде жүрүп бат эле кармалып калдым. Өгөй энем сазайымды берди. Ал талдын бир өңчөй чырпыктарын боолап, бир нече күнү арыктагы сууга салып коюп, сынбас болгондо себет токучу, аны да мага саттырчу. Улуу баласы Пар экөө эки колуман кармап суунун жээгине, чырпыктын жанына алып келишти. Жылаңайлак, чолок көйнөкчөн денеме чыбык чыпылдай баштады. Кудайга үнүм жетти. Жакын тургандардын бири да арачалабайт, кайра: «Та, та!» (ур,ур) – дейт, таш боорлор. Эсим ооп жыгылдым. Канча чыбык сынды экен?..

Көзүмдү ачсам короонун ичинде жатыптырмын, жылдыз чыгып калыптыр, кыймылдоого ал жок. Сендиректеп жүрүп бир топ күндөн кийин араң оңолдум. Ушундан кийин качпай, ушул үй-бүлөдө алты жашыман он жашка чыкканча турдум. Кесибим жогоркудай. Кээде ойлоно калчу болдум: «Мына эми он жашка келдим, кичинекей эмесмин. Баары колуман келип жатпайбы? Баарын билем, кыштактын ар бир үйүн таанып алдым, ата-бабам билбеген соодагерчиликти алты жашыман бери үйрөндүм, эч кимге алдатпайм...» Бирок алып сатарлыкты жек көрсөм да иштеп жүрөм. Ансыз мага күн жок, менин эрким өгөй энемдин гана колунда. Ал эмне айтса ошону аткарам. Ушундай күндөн мени ким куткарат? Ким мага карайт? Соодагерчиликтен кутулар күнүм болобу? Көчө кыдырып айран, жумуртка, алма сатып жүргөндө жети өмүрүм жерге кирет, корунам, кайгырам, ызаланам.

Кайгы жок жерден өзү келет экен... Ушул кыштакта бир укмушту көрдүм. Түш оогон мезгил, мен жүргөн үйдөн эки көчө жогору жакта тозок болду. Чоң кишилер жана балдар биринен бири озо чуркап баратышты, мен да кошулдум. Чыңырган аянычтуу үн угулат, дарбазаны кыңырайта ачып баргандар сестейишип, карап турушат. Мен да карадым, жүрөгүм оозума тыгылды. Айланасы бийик дубал менен курчалган короонун ичинде чыңырып, жанталашып ары-бери качып бир аял жүрөт.  Колуна чоң курч балта алган жүлжүгүй көз, орсок тиш, жапалдаш жоон эркек оозуна келгенин оттоп, эч кимди көзүнө илбей аялды кубалап жүрөт. Башында кара топусун көтөрүп чаап, көк көйнөгүнүн жеңин түрүп алып, этегин шымдын сыртында делбектетип чыгарып коё берип, аялын өлтүрмөкчү болуп аябай жинденип алыптыр. Түрү суук. Бардык ачуу үн менен бакырып атат:

– Ше, ше, шеча (айт, айт, айткын), короодон чыккан ким? Дарбаза жактан чыккан эркекти төмөн жактан келатып көрдүм, бетпак, жүзү кара? Ал ким, айт, тез айт, жаның кыбырап турганда айтып кал, балталап таштайм жүзү кара, кайдан чыкты дейм? – Ал бул сөздөрдү кайта-кайта айтып аялдын үшүн качырып кууп жөнөдү. Кой деген бирөө жок.

Аял чаңырып карганат:

– Билбейм, билбейм, көргөнүм жок, кудай-ай, көргөнүм жок. Эркекти көрсөм тозокко түшөйүн, күнөөм жок, сүттөн акмын.

Жүлжүк көз ого бетер жинденди:

– Тигини кара? Сүттөн ак имиш... кий муну! – Аялдын пахталуу эски чолок бешмантын, эски дамбалын зордоп кийгизди да, өзүнө топчулатып, анан керосин алып келип, башынан ылдый куюп жиберди. Ширеңке сунду: – Өзүңө өзүң өрт кой, күнөөң өрттөнөт, өзүң ак өлөсүң... Ме, карма! – Балтаны башына кармап туруп ширеңкени колуна карматты.

Укмуш, аял ошо замат жинди болуп кетти. Менин көзүмө анын чачы агара түшкөндөй болду. Жанараак ал: «Мая! Мая!» – деп кыйкырган эле.

Эми башкача кыйкырды:

– Катындар, катындар! Ушинтип өлө беребизби?!

Андан кийин ал сөзүнүн дайнын таппай, бирдемелерди айтып далбастап, узун кара чачы саксаңдап, колдору, муундары калтырап, жыгылып-туруп чаңыра берди. Анан эри колундагы ширеңкени жулуп алып тартып жиберди, денесине дүрт этип от жайыла түштү. Жалбырттап күйүп, короонун ичинде кызыл от ары-бери чуркап жүрдү. Муну карап турган эри үнүнүн бардыгынча каткырып күлүп, ары-бери кайкактап басып турду. Мен алаканым менен көзүмдү басып, кайра карасам аял жалбырттап короодо жатат.

Бул кишинин бай жана соодагер экенин ошол жерден уктум. Үйгө кантип келгенимди билбейм. Жатаарда денем ысыды, кустум. Көзүмө көп убактарга чейин бул окуя көрүнүп турчу болду. Бул укмушту кээде ар кимдерге айта коюп жүрдүм. Кийин-кийин дунган акыны Ясыр Шивазага да төкпөй-чачпай айтып бердим. Ал катуу кейип укту.

Ушундай күндөрдү башыман өткөрүп жүрдүм.

1922-жыл. Күз айы, асман ачык, күн мемирейт. Кара-Коңуз кыштагынын чаңдак, тар көчөсүндө алма сатып олтурам. Менин дунган энем ушинтип соода кылып олтурганымды жаны-маны калбай жактыра, олжолуу болгон күндөрү мени жерге тийгизбей:  «Ни хожыхың, нежсүйсүржы...» – деп мактайт. «Менин кичинекейим, сен жакшысың...» дегени. Мен да ошону уккум келет. Эки бөлмө жер там, тар корообузда башка малыбыз жок эле. Тоокторубуз, кандек итибиз бар болчу. Огородго сабиз, пыяз, калемпир, чалгам, жузай, буурчак, ашкабак, картөшкө жана башкаларды жер жайнатып кол күрөк менен айдап алчубуз. Күзүндө арзан капуста сатып алып, чоң жыгач челекке шыкап туздап, үстүн оор таш менен бастырып, капкагын бек жаап кышка сактачубуз.

Дунган энем тамакты даамдуу жасайт. Уйдун семиз этин базардан мага алдырып келип, аны эң эле сонун кылып бир өңчөй чоңдукта туурап, анан мал майына куурат, анча-мынча калемпир да кошот. Ун кыпкызыл болуп бышкан соң чыгарып алып, чүпүрөктүн бетине жайып, көлөкө жерге коюп муздатып алат. Муну «күлазык» деп айтат, кышында кайнак сууну тултук карапа чыныларга куюп алып, ошол күлазыктан эки-үч сыр кашык салып ичип алабыз. Майы үстүнө чыгып сорпо даамданып, этинин чоңдугу жүгөрүдөй-жүгөрүдөй болуп сүрсүп, уну коймолжун жарма болуп, эң эле ичкиликтүү ширин тамак болот. Биздин согумубуз ошол.

Ал эми чайды болсо, аны да өзүбүз жасап алабыз. Эч качан памил чай дегенди ичип көргөн эмеспиз. Күзүндө алма бышып, мындайча айтканда, алма үзүп жаткан учурда алманын жалбырактарын дарагынан тандап үзүп алып, эки-үч капты көтөрүп келебиз, бул бизге бекерге келет. Аны дагы бир сыйра иргеп, чүрүшкөн, курт жеген жалбырактарын ылгап таштап себеттерге салып, шар сууга таза жууп анан аны чоң казандагы сууга кичине кайнатып алып көлөкө жерге жайып коёт. Кургагандан кийин таза капка салып аса байлайт желдетип. Бүттү, чай даяр. Бизге чай ичүү керек болсо, казанга сууну шакылдата кайнатабыз да, кайнап аткан сууга бир чеңгел чай (алма жалбырагын) салабыз. Кыпкызыл болуп чыгат, буруксуп алма жыттанып турат, ысык ичсең да, муздатып ичсең да баары бир.       

Биз каалаган убакытта суусундукка каалашыбызча жыты буркураган кыпкызыл чай ичебиз. Оозуңду ачып сүйлөсөң алма жыты келет. Тамакты бат сиңирет, көңүлүң ачык жүрөт.

Дунган энем айтып калат: «Бул чай дары, баш ооруну, ич ооруну айыктырат. Көп ооруну жолотпойт, жакшы уктатат, көңүлүңдү ачат, кишиге күч берет...»

Энем Фатьме хайынын (чүпүрөк кепичтин) жыгач тамандарын жасачу, ал жагынан өтө уста эле. Аны да мен базарга сатып турчумун. Биз ошентип өтө жарды турчубуз, каралашаар туугандары жок болчу, ошондуктан күн көрүү үчүн байкуш энем мени соодагерчилик кесибине такшалтып жүргөндө, көчөдө алма сатып отурган жеримен кыргыздар алып кетишти.

– Мынабу кыргыз баласы, – дешип мени айыл кеңешине алып барышты. Ал жерде күржүйгөн кызыл чаар, салабаттуу, тапанча тагынган киши анда-санда бир күрсүлдөп сүйлөп жатканын көрдүм. Ушул кишиге тапшырышты, көчөдөн колуна илинген мен болуп, эң биринчи эле мени алып келишти.

Ал киши көз-жаш кылды, мени башыман сылап эркелетти, ичим жылый түштү. Кеч кирип калган, ошол киши мени койнуна алып жатты, каердик экенимди сурады. Мени: «Качып кетет, качса атка да жеткирбейт» – деп тааныш эмес бир киши айтканын келер замат уккамын. Тилегим жакшылыкты самайт.

Таң атты. Алиги күржүйгөн чоң киши сүйлөгөндө баары жымжырт болуп олтурушат. Айыл кеңешинин төрагасын кысымга алды:

– Дунганда калган кыргыз жетим балдарын бүгүн-эртеңден калтырбай жыйнап бүтөсүң, бири да калбасын!

Бул айыл кеңешинин төрагасын мен соодагерчилик кылып жүрүп көчөдөн далай эле көргөм. Кийин ал өзүмдүн кыйыр тууганым болуп чыкса болобу. Көкчекир Байтилеш уулу экен. Алиги күржүйгөн чаар киши Токмокто Союз кошчунун башчысы, батрактардын чоңу, өзү мурда ошол Токмоктогу Калый деген байдын малайы болуп жүрүп, анан чоңоюптур. Чалбай уулу Бейшенбай деген киши ушу дешти. Жетим балдарды жыйнап келүү кемесиясынын башчысы экенин да ошол жерден айтышты. Ушул кишинин оозунан биринчи жолу уккан: – Интернатка алабыз, окутабыз! – деген сөздөр менин көңүлүмдү өзүнө лып тартып алды. Эч качан мындай сөздөрдү уккан эмесмин.

Сөз жетим балдарды кантип жыйнап алуу жөнүндө болуп жатты. Кызык, жиберген кишилери дунгандын короолоруна баш багып туруп: «Сенде кыргыз баласы барбы?» – деп сурашат экен да, «жок» деген жоопту угуп алышып, кайра келишет экен.

Кайсы короодо кыргыздын жетим балдары бар экенин эч кимиси билишпейт, эсеби алынбаптыр... Кайсы дунгандан бала дооламакчы? Алар өзүмдүк кылып багып алышкан, ата-бала болуп жытыгып калган балдарын «ме!» деп бере коюшпайт. Балдарды жыйноо үчүн баргандар ошол жерде жүргөн жылаңайлак кыргыздарды бир күндө эле дүрбөтүп жиберишиптир. Дунгандар кыргыз балдарын ката башташты. Токмоктон барган кемесиянын мүчөлөрү, айыл кеңешинин төрагасы эми кантип алуунун ыкмасын билбей күйгүлтүккө түштү.

Балдар эң көп, мен жакшы билем, кайсы короодо кайсы кыз, эркек бала бар экенин, алардын аттарына чейин, өңү-түсүнө чейин так билемин. Төрт жыл бою түтүнмө-түтүн кыдырып, соодагерчилик кылып жүргөнүмдүн эң чоң пайдасы эми тиймек болду. Тигилердин сөздөрүн угуп туруп, өз ичимен толкундандым: Баарын, кимдин кайда экендигин мен беш колумдай биле тургандыгымды айткым келип, ыкыс берип турдум. Чалбай уулу тиги Көкчекирге: – Табасың! – деп опурула сүйлөгөндө, Көкчекир мусапырдын кейпин кие түштү. Бул кишинин колунан келбей турганын көрдүм да, токтоно албай оюмду айтып ийдим:

– Мен табамын, баарын билемин! – дедим каадалуу кишиче. Баары кубанып, каткырып жиберишти. Көкчекир эмне кыларын билбей араң турган экен.

– Чын эле ушу бала билет. Кара-Коңузду бүт билет, дунганча таза сүйлөйт, ушуну болуш кылып коёлу! – деп эпилдеп-жепилдеп жиберди. Бул сунушту баарысы эп көрүштү. Чалбай уулунун сурданган сүрдүү өңүн күлкү басты.

Булар, Кара-Коңузга өмүрүндө биринчи келип олтурушкан кишилер, балдар эмес көчөлөрүн да таанышпайт, көчөлөрдө, үйлөрдө эч кандай наам, номер деген жок. Кат билгендерин табуу да кыйын. Чалбай уулу өзү араң эле кол коёт экен, кат окуй албайт, бирок сүрдүү, сөздөрү талаптуу жана күчтүү. Ал салмактуу колу менен мени маңдайымдан дагы сылады да, ыраазычылык менен үндөбөстөн ошол жерде турган көп «мыктылардын» көзүнчө курун чечип, чоң оор кара тапанчасы менен курун мага курчап, чаар топусун чоң болсо да баса кийгизип: «Сен эми өзүңдү Чалбайдын баласымын деп жүргүн, сен бала болушсуң, жаныңа киши кошомун, кайсы үйдө кыргыз аттуунун жетим балдары болсо баарын өзүң чакырып алып чогулткун. Ошол кишилер сени коргоп жүрүшөт, балдарды мында алып келип турасың. Бирөө сага тийсе, тоскоолдук кылса мага келип айткын! Мен Чалбайдын баласымын дегин, жарайбы? Азаматсың!»

Ал ушинтип айтып, мени шердентти. Мен өзүмдү ошол учурда кандайдыр бир кудуреттүү чоң адам сезип кеттим, жүрөгүм ойноп, тынчымды алып: «Макул де, ушул ишке сөзсүз жараймын!» дегин дегенсип турду.

Менин жаныма эки киши кошуп берди. Кара-Коңуздун көчөсүн аралап, кыргыз баласы бар биринчи короого кирдим, алиги экөө чочулап көчөдө турушат. Кичинекей Кара-Коңуздун көчөлөрүндө кайсы гана бала менен айранды көлөкөгө, алманы окчун жерге коё коюп, топ ойноп, чикит чаап, «эшек секиртмей» ойнобой койдум дейсиң!.. Өзүмдүн үйүмөн эки көчө бурулгандан кийин «эркиндикке» чыга түшчүмүн... Иши кылып ошол күнкү соода өтсө болду да!.. Бул болсо мени күндүк жемеден куткарып же жеңилдетип турат, пул бар да...

Чынын айтсам Кара-Коңузда мени тааныбаган адам жок эле. Эчен жылдар кыйкырып, түтүндү түрө соодагерчилик кылып жүрүп, аттын кашкасындай таанылгамын да, менин «цоанейза!» деп дамамат кыйкырып жүргөн үнүм алардын кулагына сиңип калган. Менин үнүмдү угушканда эле «Баягы Лайвазы бала» келатканын билип турушчу. Өзүмдүн ата-энем койгон төл атым Абдрасул өчүп, Лайвазы (келгин бала) болуп калгам. Атам Токтомуштун аты аталбай Ясыржы ва (Ясыр баласы) болуп калгамын. Мына ушу бүгүн «болуш» болуп чоң «даражага» жетип, тапанча тагынып, жаныма жигит алып жүрсөм да, атымды өзүмдөн башка эч ким биле элек, көрчү кандай кызык! Дүйнө кантип кубулганын карачы!..

Мен алиги короодон баш бакканда эле кыйкыра баштадым:

– Маанар, черлай, фани! (Маанар, бери кел, ойнойбуз!) Бул мурда көнүмүш болуп кулакка сиңип калган тааныш чакырык болчу. Бул үндү укканда Маанардын токтоосуз чуркап келери бышык, аны мен жакшы билем. Менин үнүмдү укканда менден эч нерсе шекшинишпейт, «баягы соодагер Лайвазы бала» экенимди билишет.

Мен ошентип кыйкырып, короонун ичинен көзүмдү албай турсам, короонун дал ортосунда көмкөрүлүп турган бир чоң кара казан кыймылдап атат. Чычкан аңдыган мышыктай көзүм өтүп кетти. Карасам, бир убакта казандын астынан карала көө болуп Маанарым көзүн жылтыратып туруп келатат. Көрсө, багып алган ата-энеси «кыргыздар алып кетпесин» деп катып коюшуптур.

– Жүр, Маанар, сени Чалбай чакырып атат, мени силерге болуш кылды, – дедим шерденип. Ал чын эле ишенди, менин жамбашымдагы оодук баскан чоң тапанчаны көрүп апкаарып калды, үндөбөй ээрчип жөнөдү. Мен бул сөздү айтып жатканымда эне-атасы унчукпай карап турушту. Көрсө, алар байкоо салып турушкан экен. Бул баланын өз аты ким экенин билбеймин. Маанар дунганча коюлган аты. Дунганда алган балдардын – мейли эркек, мейли кыз болсун өздөрүнүн төл аттары, атасынын аты өчүрүлүп, дунганча коюлган эле.

Ошентип мен түтүндү түрө кыдырып, эки кишини ээрчитип бала жыйнап жүрдүм. Эки-үч күндүн ичинде уул-кыз болуп отуздан ашык бала чогулдук, бизди айыл кеңешинин имаратына топтоп, Чалбай күрпүлдөп сөз сүйлөдү:

– Бул жетимдер эми эле чоңоюшат, окушат, интернатка өткөрөбүз. Уктуңарбы, булар киши болуп чыгышат, уктуңарбы?!

Ушул заңгыраган кенен имаратта толтура кишилер олтурушту. Дунган элинин белгилүү билерманы, ашкере бай жана элине кадырлуу Булар баш болуп, Кара-Коңуз кыштагынын айрым таанымал кишилери, жаңыдан айыл кеңешинде иштегендер, бир капшытта балдар – биз олтурдук.

Чач коюп, орусча таза кийинген чыртыйган арык чырай сулууча жигитти «Татыбек уулу, орусча тилди кыйын билет, окумуштуу, манап, тамакты ылгап ичет» дешти жанараак. Бул жигит Чалбай менен кошо келди, сүйлөгөнүн укканым жок, ар кимди астыртадан карап тынч отурат.

Чалбай Татыбек уулун бир карап алды да, кабагын чытып, одурайган чаар өңү ого бетер түктүйүп сүрдүү көрүнүп, күпчөктөй болгон, ынтыгып сүйлөгөн Буларга тигиле карап күпүлдөп кирди:

– Силер билесиңерби? Кыргыздын дунганда калган балдарын тез арада чогултуп, айыл кеңешинин карамагына өткөрүп бергиле! – деди ары-бери жулкуна басып. – Мен мынабу балдар менен бир аздан кийин кетем Токмокко, уктуңбу, Булар бай!

Чалбай ушинтип буркан-шаркан түшүп жатканда: «Кер-мур айтыша кетпегейле» – деп кыпылдап отурдум. Дунгандар Буларга ызат-урмат менен желпинбей-жулкунбай сүйлөшкөндөрүн көргөм.

Булар жылмайып, ордунан турбай жай сүйлөдү:

– Кыргыздын тукуму өзүнө барсын, көп болсун, балдарды чогултуп беребиз...

Анан ал чөнтөгүнөн бир топ кагаз акча сууруп чыгып, кетүүчү балдарга таратып берди, бирибизди да куру калтырган жок. «Аман болгула, жакшы адам болгула!» – деп ак жол каалады. Мен жакшы киши экен деп ойлоп калдым.

Биз эки арабага бөлүнө олтуруп, түшкө жакын Токмокту көздөй жол тарттык. Айыл кеңешинин төрагасы Байтилеш уулу Көкчекир бизге карап алакан жайып, жакшылык каалады:

– Ак жолуңар ачылсын, балапандар!

*      *      *

Август айынын аяк чени. Күн ачык, жылуу. Талаа торгойлору жанын безеп ырдап атышат. Өзүбүздүн тууган элибизге – кыргыздарга кайра кошулганы баратабыз. Барар жерибиз, мындан аркы көрөр күнүбүз кандай болоорун билбесек да, көңүлүбүз жакшы үмүткө толгон. «Кыргыз баласыбыз – кыргыздарга кошулабыз» деген жаңы тилек көңүлүбүздү толкундатып, алдыда бир көрөлек жакшылык кол булгалап чакырып жаткандай туюлат... Ушундай күн да келет экен ээ?

Мына, араба токтоп калды, кулактын кужурун алган таштак жолдо арабанын кыйчылдаганы, кылдырттаганы да лып басылып, кулак тымый түштү. Биз арыктан жата калып суу ичип, бетибизди жууп, ары-бери жүгүрүп талаанын жайнаган гүлдөрүн тердик, бул кичинекей тыным алуу мага аябай жакты. Жанымда, шыралжындын түбүндө чегиртке эки канатын дирилдетип, көтөнүн бүлкүлдөтүп, мурутун сербеңдетип темир комуз кагып жаткансып үнүн бийик чыгарып, жаны-маны калбай өнөр көрсөтүп жатты. Торгойду туурап жатабы, кызык! Бир жагынан чымчыктар сайрап, талаанын канаттуу ырчы, комузчу, музыкант макулуктары сайран куруп, мейкиндикте, ободо элкин өздөрү каалагандай концерт берип, өз билгендерин иштеп жатат. Мен дагы ушул учурда ырахаттанып көңүл коюп, уюп турдум. Күндөгүдөй: «Тигини иште, аны мындай кыл, короону шыпыр, суу сеп, күл чыгар, от жак, базарга барып алма сатып кел, идиштерди жууп кой...» деген сыяктуу ителеп тажаткан жумшоолорду укпай, жыргап турам.

Мен жанагы ырчы чегирткени эмнегедир кармап алгым келип кетти. Акырын аңдып барып топум менен коомай басып алдым. Тыбырчылап жүрөт, көзү чекирейип чанагынан чыкчудай тостоюп, муруту тикчиет, балтайган камыш канаттуу сары чегиртке. Мен аны ар жакта басып жүргөн Чалбайга алып бардым: «Мына бул ырчы чегиртке экен...» – дедим. Ал мага маанилүү карады да, унчуккан жок. Чегирткени өзү жүргөн мейкинге жөнөттүм.

Арабага кайра олтурдук. Уңкул-чуңкул, ийри-муйру таш жол тажатып баратат, мындан көрө жөө басканыбыз жакшы эле, чуркап жарышып бат эле жетип барат элек. Айтууга батынбайбыз.

Токмоктун сайына жете келдик. Баягы эне-атадан ажырап мен тентиреп келип көргөн коркунучтуу сай жок... Анда ушул кең сайда Турпандан келген «качкын» кыргыздар үй-жайсыз, тамак-ашсыз, жылаңач-жыртык, түрлүү тумоого жолугуп, баш калкалаар жайы жок, басып жүрүүгө алы келбей, тиштери ырсыйган, көздөрү чүңүрөйүп, териси сөөгүнө жабышып үлдүрөп, онтолоп, кыңырылып-кыңылдап, көзүнүн оту өчүп бараткан, сай бетине толуп кеткен, четинен ит-кушка жем болуп, көбү көмүлбөй томпоюп жаткан кыргыздарды көрүп, муунум калтырап, үрөйүм учуп «биерден көрө...» деп Кара-Коңузга кайра жөнөгөнүм көз алдыма чыпчыргасы коробой тартылып турду. Бирок азыр андай эмес, ал күндөр көкүрөккө так салып, бизди жетим калтырып, анан көздөн кайым болгон.

Азыр бул сайда менин көз алдымда башка бир, жаңы коркунуч турду. Берки жээктен карасаң, аркы жээк көрүнбөйт. Ушунчалык кең сай, мелт-калт болуп көздүн шүгүн алып ташкындап атат.

Биз жабалактап кашатта турабыз. Шаар тараптагы жээкти кыркалай ашталган жоон теректер менен тоскон экен. Ушунчалык көп терек шаарды суу кырсыгынан сактап калуу үчүн жардамга келиптир. Миң-сандаган кишилер, ат-араба, төөлөр күнү-түнү бака-шака түшүп, колдон келишинче жээкти тосушкан экен. Эми мына, бизди аркы өйүзгө өткөрүш үчүн кечүү чалып жүрүшөт.

– Бая күнү биз тээтиги булуңдун ылдый жагынан кечпедик беле? – деди Татыбек уулу Чалбайга карап.

Мына ошол булуңдун төмөн жагына бардык, суу жеп кетип, тегереги кашат болуп калыптыр. «Биерден Тайбуурул менен Семетей кечпесе...» – деди Татыбек уулу өзүнчө кобурап.

Өйдө-ылдый кечүү чалып жүрүп, тайызыраак жерге келип:

–  Ушерден кечели! – деди алчактаган чоң тору ат минген Чалбай «ата...»

Ал Кара-Коңузда айыл кеңешинин имаратында чогулуп, эми Токмокко кетебиз деп турганда:

– Мени ата деп жүргүлө! – деген болчу. Мен ошондо өз ичимен кейидим: «Качан өз атамды табам? Улам эле бирөөнүн баласы боло беремби?..»

Мен олтурган эки чыгаан ат кошулган араба алды менен сууга кирди, дөңгөлөк бир-эки айланганда арабанын эки дөңгөлөгү көтөрүлө баштады, суу арабаны аңтарып таштамакчы болду, балдар чурулдап жиберишти. Чалбай жана бизди узатышып келаткан айыл кеңешинин эки кишиси атка камчы басып сууга киришти да, арабанын суу көтөргөн дөңгөлөгүн төмөн басышып, арабаны жылдырбай турушту. Мени Чалбай арабадан лып эңип алды да, учкаштырып жатып:

– Белимен бек кучакта! – деди. Мен ачкенедей жабышып алдым. Суу каякты карай агып жатканын ажырата албай калдым, айлана көчүп, башым айланып кетти. Көзүмдү бек жуумп алдым. Суу аттын соорусуна  жаба бергенин билдим, көчүгүмөн ылдый сууга чөмүй түштүм.

– Түш! – дегенде көзүмдү ачтым, аралга кечип чыгыппыз, мени түшүрүп коюп, Чалбай жана беркилер арабадагы балдарды ат менен бирден ташып жатышты. Баары кийимдерин бөктөрүнүшүп, көйнөктөрүнүн жеңдерин, багалектерин түрүшүп, жылаңайлак, жылаң баш шайдоот болуп, эгер сууга түшсө суурулуп чыгып кетчүдөй өңдөнүшүп, тизгинди жыя кармап, ат жалын карай өбөктөп чымырканып, ат кечпей эле өздөрү кечип жүргөндөй көрүнөт... Эмнеси болсо да, аралдан аралга ташып атып, бизди аман-эсен алып чыгышты.

Бизди тобубуз менен Чалбай өз үйүнө ээрчитип жөнөдү. Күн кылкылдап баратат. Токмок чиркөөсүнүн коңгуроосу заңылдап алда кайдан угулат.

Чиркөө бар деп укчумун, көргөн эмесмин. Обону титиреткен чиркөө коңгуроосунун үнү мага башкача угулду, толкундатып жиберди, мен үчүн өмүрүмдөгү биринчи жаңылык. «Токмоктой берекелүү шаар барбы?..» – деп кеп кылгандарын укканмын. Эми ушул шаардын чоң суу жаккы бетинде, мал базарга жакын турган жепирейген жер тамда жашайт экен. Туш-тушу ачык, эми эле биз кечип келген суунун шары угулуп, дайра киргилденип көрүнүп турат.

Ошол «короого» чоң өрө кийизди жая салып, бизди «олтургула!» – деди Чалбай өзү. Катыны татар экен, бизди карап коюп, ооз ачпастан кайра үйүнө кирип кетти. Эски, чоң ак самоор кайнап биздин астыбызга келди, базар нан менен чай ичтик, өп-чап болуп калдык. Биз эмне демек элек, кийиздин үстүнө томурайып жатып уйкуга кирдик. Башыбызда жаздык жок, үстүбүздө жабуу жок, бирок алдыбыз жумшак. Сонун уктадык.

«Качып кетет» деп бир жылаңайлак дардайган тултук кишиге таң атканча кайтартып койду. Баарыдан да эки кыздыкы өттү... Экөө тең менден чоң, экөө дунгандан алганда эле эне-атасы жаңы өлгөнсүп боздошкон. Эң эле кежир кыздар экен, тамак берсе ичишпейт, кыргызча бир ооз сүйлөшпөйт, «билбейбиз» деп дунганча сүйлөшөт. Багып алган жерине кайра кеткилери келет, мындан ары эмне күндү көрөрүн билбей коркушат, «окуйсуңар» десе ишенбейт, ыйлашат да ыйлашат.

Тилин албай, тамагын ичпей, ыйлап убара кыла берсеңер тажаганда «макоолор» экен деп кетирип жиберишет деп дунгандар үйрөтүп коюшкан. Баарыбызга ошентип үйрөткөн болчу.

Менин өз тилимди унутпай жүргөнүмдүн жана дунган тилин таза билгенимдин кереги тийди.

– «Бала болуш» бери кел! – деди мени Чалбай чакырып. – Береги эки кыз түк басылбай эле ыйлап атышат, наар да алышпайт, эмне кылсак? Буларды багып алган жерине кайра жиберсекпи? – сурачы, эмне дешээр экен?

– Мен булардын сырын билемин, ыйлап тажата берсек кетирет деп кууланып жатышат, буларга үйрөтүп коюшкан, – дедим чындыкты жашырбай. – Эгер ыйлашат экен деп бул экөөнү кетирсеңиз, башкалары да ыйлашат, аларды да кетиресизби?

– Жок, кетпейт! – деди Чалбай үнүн бийик чыгарып, – айткын дунганча, ким чыргаяктык кылса алыска – Ташкен деген жерге жөнөтүп жиберем, угуп коюшсун, мен жалган айтпайм...

Мен дунганча айтып бердим. Ыйдын дарысы табылды, кыздар басылды. Кайра кантип кетип калуунун эбин таппай муңайып олтурган балдар бар эле, алар да айла болбосун түшүнүштү.

Бизди чала-була чай ичирип алып, чогуубуз менен Чалбай ээрчитип алып Токмок интернатын көздөй жөнөдү. Менин жүрөгүм дүкүлдөп, чоң шаарга киргенге эмнегедир күндөгүдөн башкача сезип, жан-жагымды кызыгып карап бараттым.

Шаардын орто ченинде кызыл тунуке менен жабылган, узатасынан салынган, көк дарбазасы күн батышты караган чоң тамга бардык. Короого кирдик. «Дунган балдар, дунган балдар» – дешип, бизди элеттен келген кыргыз балдары тегеректеп алышты. Мен ызалана түштүм: «Кыргызбыз!» – дедим мурчуюп. Аердегилер жапырт күлүп калышты.

– Кел бери! – деди Чалбай мени чакырып, кабагы салыңкы сүрдүү карап, азыр өзүңдүн, атаңдын атын айт. Мобу балдардын баарынын өз аттарын, аталарынын аттарын сура!

– Өзүбүздүн кыргыз атабыздын атынбы? – дедим мен бышыктап.

– Ооба.

Чалбайдын келгенин көрүп мугалимдер: эки кыргыз, эки татар кызы келип учурашып, эпилдеп Чалбайдын айтканын ынтаа менен угуп жаза башташты. Кермурут кара тору мугалим сурай баштады.

– Атың ким?

– Абдрасул.

– Атаңдын аты ким?

– Токтомуш.

– Кайсы элсиң?

– Кыргызмын, дунганда калгам.

Анан ал: – Туулган жериңди билесиңби, жакын туугандарың барбы? – деп сурап жазып жатты.

Мен атымды жана атамдын атын айтканымда толкундап кеттим, эмнегедир көңүлүмдү басып турган туман барчылап, ошол туман ачыла түшкөндөй болдум. Көзүмө жаш келе түштү, сүйүнгөндүктөн болсо керек!.. Беш жылдан бери өз атым, атамдын аты өчүп калган эле. Эми интернаттын эшигине келгенде өз атымды таптым. Мен көчөлөрдү кыдырып, ар ким менен жолугушуп, соода кылып жүргөнүм, кыргыздар менен байланышымды үзбөй жүргөнүм, жакын туугандарым Мамбет Самтыр уулу, Султанаалы Желдей уулу, Карасарт Кенжетай уулу кез-кезде көчөдөн жолугушуп турган күндөрүнүн пайдасы тийип, өз эне тилимди унутпай калганыма сүйүндүм да, сүйүндүм. Эки тилде так сүйлөп атам.

Тиги «чыргаяктардын» тилмечи менмин, менден башкага ишенишпейт дагы. Көздөрүн жылтыратышып мени карап турушат. Тымпыйышып сүйлөбөйт, сөз катсаң дунганча гана жооп беришет, өжөрүн кантесиң... Кай бирлери өзүнүн төрөлгөндөгү төл атын билишпейт, ата-энелеринин аттарын да билишпейт, туулган жерин тургай. Чынында алар айыптуу эмес, кичинекейинде калышкан. Кай бири кууланып айтпайт. Мейли айтпаса да табылат. Мен көбүнчө айгакмын, келип-кетип жүргөн туугандарын тааныймын, өздөрү кайсы үйдө, ким деген кишиде турганын даана билем, беш жыл бою жүрүп, ойноп жүргөн балдар.

Мына, келгенибизге бир күн боло элек жатып: «Дунганда калган жетим балдарды алып келиптир, баланчанын... баласы да ушулардын арасында болушу мүмкүн, тааныйбыз, Чалбайдан сурап алабыз» – деп сыртта сагаалап турган кыргыздарды кантесиң? Булар кайдан билип ала коюшкан?.. Булар ушул эле шаар ичинде жашагандар. Балким, эми ачарчылык алааматынан кутула түшкөндөн кийин өздөрү бала кылып багып алгылары келип жүргөндөрбү?..

Чалбай ошентип бизди:

– Ушерде жатасыңар, ушерден тамак ичесиңер, ушерден окуйсуңар, мына булар силерди окутат, көз салып турушат, бирдеме болсо мага келип айтып тургула! – деп интернатка өткөрүп берип кете берди. Баратып артына кылчая карап: «Чалбайдын балдарыбыз деп жүргүлө!» – деди күрсүлдөгөн жоон үнү менен сүрдүү карап.

– Балдар менен бат эле коюн-колтук алышып кеттик. Ушул биз кирген көркөмдүү чоң имарат Калый байдыкы экен, өкмөт интернатка алып бериптир. Мында канча бала бар экенин билбейм, менин көзүмө жайнап жүрөт. Кичинекей бөжүрөгөн балдар да, дардайган чоң балдар да жүрүшөт. Чоң балдар өздөрүнчө сүйлөшүп, бизди теңсинбей көтөрүңкү карашат. Тамакты алар ичип бүткөндөн кийин, биз ичебиз. Узун, кенен ат сарайдын ичине тактайдан сомдолгон узун стол жасап, эки жагына тактайдан суналта коюп койгон, зым карагайдын зымына тизилген чабалекейлердей тизилип олтурабыз. Тамакты ошерден ичебиз. Чоң балдар качан ичип бүтүшөр экен деп карап турабыз. Алар дагы бизчилеп чөйчөктөрүнө жарты кашык кешик калтырышпайт. Алар бизди «мадыра баштар» дешет. Мен «мадыра баштар» дегенди түшүнбөй жүрдүм. Бир баладан сурасам: «Көп уктаган баланы айтат» – деди.

Чоң балдар тамактанып туруп кеткенден кийин теректен жасалган чөйчөктөргө капуста шорпону бөлүштүрөт, ичине бир чайнам  эт же этке окшогон балталап жанчып салган сөөк келет, бирин-серин картөшкөсү бар, нанды таразага тартып бир грамм ашырбай ченеп берет. Чоң балдардын чөйчөктөрү биздикинен чоң, кашыктарыбыз да теректен жасалган, сырдалбаган тултук ак кашык. Бул шорпону күнүгө түштө гана бир маал ичебиз. Тойсоң да, тойбосоң да бир чөйчөктөн ашык бербейт. Бул курсагыбызга жук да болбойт. Кант дегенди көрбөйбүз, эртең менен кечинде жалаң гана чай ичебиз, кечке чейин кыңырылып жүрөбүз. Муну биз директордон көрүп жүрдүк. Мурунку кыргыз директорду эмне үчүн кызматтан бошотконун билбей калдык. «Чалбай ачуусу келип кубалап жибериптир» – деп уктук. Ал барда жакшы болчу, түштө тамакка тойчубуз жана нанды таразага тартпай эле берчү эле, эми жаңы татар директор келгенден бери эле заманыбыз  куурулуп, тишибиздин кирин соруп калдык... Чалбайга айталы десек бир чоң бала: «Эчтеке чыкпайт, катыны татар...» – деп тыйып койду.

Ушу директор келгенден бери жарыбадык деп балдар көп айтышат. Таразага нан тартып жатканда, чөйчөктөргө түштө тамак бөлүштүрүп жатканда келип тирмийип карап турганын кантесиң?.. Көзү да чүңүрөйүп, өңүндө жылуулук жок киши экен. Чоң балдар менен сүйлөшпөсө, кичинекей балдар менен сүйлөшпөйт. «Тойдуңбу?» – деп эч ким бир ооз сурап койбойт. «Айт күнү тоёбуз» – деп калышат балдар, өздөрүнчө сүйлөшө калганда.

*      *      *

Чоң балдар катарга тизилип, күнүгө көчөлөрдү кыдырып марш ырдашып, бир маал түшкү тамактын алдында келишет. Бизди катарга кошпойт, бөлүп салышат. Биздин тарбиячыбыз татар кызы, катарга тургузуп алып, интернаттын айланасында бир топко бастырып келет. Биз марш айталбайбыз, тыпырап жүрүп көчөлөрдү көргөнүбүзгө жыргап, эмне болсо да өз ичибизден болуп келе беребиз. Жатаканага келгенде короонун күн чыгыш жагындагы алма бактын ичине олтургузуп алып, тарбиячы эжебиз жомок айтып берет. Анан ошону кайра сурайт, илип ала койгон балдар жандырып айтып беришет. Дунгандан келген балдардын ичинен мен гана кол көтөрүп айтып берүүгө аракет кылам. Башкалары тымпыйып олтурушат. Кай бири билсе да айтуудан тартынат, уяң, жер карама...

Көчөгө сейилдеп чыгаардын алдында чоң балдар төрттөн болуп тизилишип, короодон чыга берерде бийик үн менен марш айтып, даңктуу чыгышат. Биз аларды карап кала беребиз. Ошондо чоң балдардын ичинде Ашыралы Боталиев, Тазабек Саманчин, Болот Мамбетов, Саткын Сасыкбаев бар. Саткын эң алдыда туруп «Кез келген соң кер заман» деген ырды марш менен баштап жүрөт, үнү ачык жана бийик, алда кайда угулат. Булар кийин кыргыздын атактуу балдарынан болуп чыгышты.

Биз жаткан бөлмөлөр чоң-чоң, полго өрө кийиздерди төшөп койгон, ал биздин төшөнчүбүз. Эртең менен кечинде шыпырып, үстүнө кийимчен, өрө кийиз жамынып, төрт-бештен бала чогуу жатып алабыз. Керебет, матрац, жаздык дегенди билбейбиз. Өрө кийиз деген денеге коошпойт экен, иши кылып жатмай... Анын үстүнө кардың кабышып уктатпайт, ал аз келгенсип баарыбыз жыш котурбуз, жанды коёр жай таппайсың... Мурда андай балээм жок эле, ушу жерге келгени ошо чап жармашты, жаныңды көзүңө көрсөтөт... Бир жыты жаман майланышкан кара күрөң, коюу дары сыйпайбыз, андан айла жок. Жаткан үйүбүздүн ичи алда кайдан сасык дары жыттанып турат. Доктор деген жок, биз жаңы келгенде келип бир сыйра көргөн, андан кийин келбеди, чоңураак балдардан бирди-жарымдап барып, жанагы жыты жүрөктү окшуткан дарыдан алып келип турушат.

Чайды чөйчөк менен ичебиз. Самын, тиш жуугуч, сүлгү дегенди билбейбиз. Кезит, журнал, кино дегенди көрмөк тургай, уккан да жокпуз. Электр шамы биздин түшүбүзгө да кирген эмес. Арыктагы сууга жуунуп, кудуктан суу ичебиз. Ошого да кайылбыз.

«Окуса киши болот!» дегенди укканмын. Киши болгум келет. Окусам экен деп таттуу үмүт менен жүрөм. Көбүнчө туулган жеримди көрсөм деп эңсейм.

Бир күнү абдан сүйүндүм. Окуйсуңар деп дептер, карандаш, калем сап, калем уч, өчүргүч, окуу китеп берди. Күн жылуу, жер кара, кар түшө элек. Токмокто татар мектеби бар экен, ошого чоң балдардын артына катар тургузуп, мугалимдер алып барышты.

Колума биринчи калем кармап, дептердин аппак барагына арабча «А», «Б» тамгасын түшүрүп келдим.

Чоң балдар өздөрү эски чүпүрөктөн, кийизден китепкап тигип алышыптыр. Мен да ушуну каалайм, бирок колуман келбейт. Китеп капты мага досум Болот Мамбетов энесине жасатып берди. Ал мындай болду: Болоттун энеси интернатта ашкана жакта иштөөчү. Суук түшүп калган. Бир күнү короодо жүрсөм мени чакырып алды да:

«Баягыда дунгандан кийип келген шымың кайда, эмне кылгансың?» – деди. Мен аны подвалга кирпичтин коңулуна катып койгонумду айттым. Интернаттын балдары окшош болсун деп башка кийим кийүүгө уруксат берген эмес, ошондуктан мен аны кийбей койгом. Кара баркыт шым эле, бир тизеси кичине жыртылып калган, көйнөгүмө ороп койгом, бардык турган кийимим ошол болчу. Ошол эле замат каткан жеримен алып келип, чаң-чуңун күбүп, Болоттун энесине бердим. Ал минтип айтты:

– Болот экөөң дос болуп жүргүлө, шымыңды Болотко бер, тизесин жаман берейин.

Чын эле таза жууп, өзүндөй жамаачы таап зымылдатып жамап, тасмалдап Болотко кийгизип коюптур, көзүмө жаңыдай көрүндү. Көйнөгүмдү өзүмө татынакай китеп кап жасап, боо тагып берди. Мен сүйүнүп, тыпыйтып асынып алып, мектепке барып жүрдүм.

Кара-Коңуздан келген балдар баягы эле бойдон жылаңайлак жүрөбүз. Жер кара, кар жаай элек кезинде мектепке ээрчишип барып жүрдүк. Биринчи кар жааган күнү да кар кечип жылаңайлак, көйнөк-дамбалчан мектепке бардык. Мектеп жатаканадан бир топ алыс турат. Сабак алгандан кийин кайра кар кечип, көк муштум болуп зирилдеп жатаканабызга келдик. Пальто, костюм-шым, баш кийим деген бизде жок, берилген эмес.

Эртеси күнү окууга барбай калдык, көпчүлүгүбүз ооруп калдык. Өрө кийиздин астында күрсүлдөп жөтөлүп жаткан эле балдар. Мен жөтөлсөм башым сынып ооруйт, ал аз келгенсип этим от менен жалын болуп энтиктирип атат. Сүт ичким келет, көптөн бери көрбөй калган максымды эңсейм, тамагым кургайт, бирок ыйласаң да табылбайт, аны билип турам.

Балдар барып Чалбайга ушул абалды айткан экен, адатынча ал сурданып жетип келди. Бизди көрүп тарбиячыны чакырды. Ал татар кыз аркы бөлмөдөгү оору балдардын үстүнө келди.

– Бул эмне? – деди Чалбай бизди көрсөтүп. Сөзгө келтирбей шадылуу чоң колу менен татынакай сулуу кызды жаакка тартып жиберди. Мен көзүмдү жумуп жибердим. Ал кыздын башы жөн эле бир жагына ыргып кеткендей көрүндү... Кыз бир чыңырып алды да, эки колу менен бетин басып чыгып кетти.

«Чалбай ушундай ачуусу жаман, орой тарбия-таалими жок киши...» – деп ал кеткенден кийин тил уккан мугалим бизге жобурады. Мен ынандым. Кара-Коңузда жолуккан күндөрдө жакшы киши экен деп ойлогом. Эми көңүлүм иренжий түштү, суук көрүнүп калды. Бизди оору кылган ал кыз эмес да, ал биздин татынакай тарбиячыбыз болчу, кызык жомокторду айтып берчү. Көчөлөргө алып чыгып көңүлүбүздү ачып, жарыштырып, биз күлсөк өзү да күлүп, жаман сөз айттырчу эмес. Тазалыкка, ак ниет болууга үндөөчү. Ушундай кызды да дардайган чоң киши урабы? Эми ал келбейт деп ойлодум. Чын эле кайрылып келген жок.

Биз жөтөлүп жүрүп айыгып кеттик.

Сырттан кирип келген Ашыраалынын бутунан көзүм өтүп кетти. Ал жаңы кызыл ботинка кийип, чолок тончон күлмүңдөп турат. Булар бизден мурда интернатка келгендер, биз Кара-Коңуздан кийин келбедикпи. Айткандарына караганда мындай кийимди кийүү тизмесинде биз жок экенбиз. Көзүбүз төрт!.. Мадыра баштар жатаканадан сыртка чыкпай, капастагы бөдөнөдөй анда-санда бытпылдык айтып жатабыз. Мектепти көрбөй калдык. Күнүгө бир маал келип жаңыдан кат таанытып жаткан эжекебизди Чалбай биротоло жоготту. Аны уккан жана биздин ал-абалыбызды көрүп турган башка кыз келеби? Чалбай «чылпагын алам деп көзүн чукуп салды» деп чоң балдар айтып жүрүшөт.

Эшикте кар,
Эшикте муз.
Эшикте кыз,
Келбей калды
Чалбай урган кыз.

Жаз келсе экен, жаз келсе экен,
Чуркайт элек.
Бороон үнүн, бороон үнүн
Укпайт элек!
Бак ичинде, бак ичинде
Уктайт элек!

Ушул ырыбызды чогулуп да, жеке да ырдап калабыз. Ырдасак көңүлүбүз ачыла түшөт. Бирөө ырдаса эле туш-туштан кошулуп бөлмөнү көтөрөбүз. Күндүз «жыргал», чоң балдар окууга кетип, бизди кой-ай деген эч ким жок, ээн-эркин болобуз. «Мадыра баштар» ооруп жатышат деп үстүбүзгө киши кирбей калган күндөр да болду.

– Ооруканага бакса болор эле, – деди Жапар деген чоң бала. Муну «учком» деп койчубуз.

Мен: «Ооруканада жатпайбызбы» – дедим. Жаагым чуу эле дей түштү. Мен чочуп кетип, дунганча эркек бала колдончу тил менен сөгүп жибердим. Ал оозго муштады. Көзүм ымыр-чымыр боло түштү, кан түкүрдүм. Ыйлап жибере жаздап токтодум. Ким мага болушмак эле? Өзүмдү өзүм соороттум: «Бул азырынча... Чоңоюп күчкө толоюнчу!..»

Дем алыш күн. Жаңыдан эле бөлмөдө чөйчөккө чөөгүндөн чай куюп, колубузга бир кесимден бөлкө нан карматып, көз-ачып-жумганча ичип алганбыз. Ушул биздин эртең мененки тамагыбыз. «Чалбай келди, Чалбай келди» – деп калышты. Аңгыча эшиктен күрсүлдөгөн үн чыкты. Кирип келгенде биз жапырт тура калып салам айттык. Кебетебизди көрүп турат, баарыбызды кыдырата баштан аяк карады, токтолуп турбай буйрук берди:

– Чакыргыла мында, кимдин үстүндө тону бар, кимдин бутунда батинке-өтүгү бар, чакыргыла, келишсин!

Алар шашып келишти. Баары Чалбайдын оозун тиктеп турушат, бир жаңылык, жакшы кабар болор деген үмүттө.

– Чечкиле тонуңарды, бутуңарды! – деди Чалбай тигилерди. – Мына бул балдар мени менен бир жерге барып келишсин, силер үйдө олтуруп тургула. Бүгүн окуу жок, жума. Кара-Коңуздан келген балдарды чогулткула!

Бизге чак келсе да, келбесе да тигилердин тонун, батинке-чокоюн кийгизип, Чалбай өзү ээрчитип жөнөдү. Биз шөмтүрөп мурдагы таз кейпибизге келе түштүк, көчөгө көптөн бери чыкпай бук болуп калыптырбыз, эмнеси болсо да сергий түштүк. Көчөдө тоңголок, кар, суукка моюн бербей үн дебестен Чалбайды ээрчип баратабыз. Кайда алып баратканын, эмне үчүн мындай кылып жатканын билбейбиз, четин чыгарып айтып койсо эмне?

Мал базарга алып барса болобу. Бакылдаган эл, бака-шака түшкөн базар. Төрт түлүк мал базарга батпайт. Тээ ары жактагы тери сатып жаткан жерге алып барды. Керүүдөн төөгө жүктөп келген казак байларынын жана кайдандыр келген кыргыз байларынын таңгак-таңгак кой терилерин көрсөтүп:

– Мына силердин тонуңар, – деди Чалбай кишилерге сүрдүү карап. Жанында ээрчип жүргөн бизден башка эки кишиси бар. Чалбай эмне десе ошону аткарышат.

– Мына бул терилер кимдики? А тиги терилер кимдики? Сатасыңарбы? – деп Чакең ээлеринен сурап калды. – Эмесе, мындай кылабыз! – деди.

Четинен тандап туруп эки чоң кызыл койдун терисин мага карматты. Ошентип ар бир балага экиден, чоңураагына үчтөн жүнү жакшы терилерди тандап берип жатты. Эл чогулуп карап турушат. Тери ээлери:

– Чалбай баатыр, акчасын ким берет? – деп чуулдашты.

– Акчасын ушул балдар чоңойгондо берет...

– Жок, мен азыр эле аламын, – деп сары тончон быржыгый кара сакал киши бир баланын колундагы Чакең берген үч терини талашты эле: Чакеңдин шадылуу балбан колу жаагына шак эле дей түштү. – Азыр бардык териңди алып, өзүңдү каматам! – деп күпүлдөп жиберди. – Жетимдерге бергиң келбейби, я?

– Жетимдер болсо берейин, берейин баатыр! – деп ал шашып калды. Бул окуяны көрүп турган беркилер да: «Жетимдер алсын, алсын!» – дешти.

Биз терилерди көтөрүп алып, сүйүнүп бараттык.

– Токмоктун кайсы көчөсүндө, кай жеринде кыргыздын үйү бар, ошондо киргиле да, – деп тапшырды Чалбай жанында жүргөн эки кишиге, – ар бир үй бирден баланын тонун тигип берсин!

Мен жакшы жерге туш келдим. Бир асты тактайланган, ичи таза жана жылуу бөлмөсү бар тамда орто жашап калышкан аял, эркек олтурушкан экен. Мени өз баласындай жылуу тосуп алышты. Ачка элем, чай беришти. Үй ээси эпилдеп-жепилдеп мээрин төктү:

– Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала... Иче кой чайдан, кагылайын! Тонуңду үч күндө бүтүрүп берем.

Мындай жылуу сөздү мен көп жылдан кийин кыргыз аялынан биринчи угуп олтурам.

– Бечара, өлбөсөң эми эле киши болуп кетесиң! – деди мен эшикке чыгып баратканда. «Жакшы апа экен» – деп кеттим ичимен. Болжогон күнү алиги жакшы апанын үйүнө бардым. Ал мени өз баласындай кабыл алды.

– Келдиңби кагылайын, келегой! Кийип көрчү тонуңду!

Кайырма жака, чолок тон, эки капталында чөнтөгү да бар экен, мындай жакшы тонду кийип көргөн эмесмин, сүйүнгөнүмдү айтпа! Кийгизип, аржак-бержагын карап:

– Жакшы тон болуптур, кут болсун кагылайын! – деп топчу кадап берип, акыл сөзүн айтып узатты.

Жакшы апанын чалы мага карап, коюу кара кашын серпип койду.

– Тери тондун ичинде тердесин жигит, өлбөсүн!

Ушунчалык ыраазы болуп, ичимен алкап жолума түштүм. Эки чөнтөгүмө колумду салсам жыпжылуу. Башыма кызык ойлор келет: «Эми бутум бүтөлсө болду эле, окууга барат элем! Анда кыштын кар-бороону бурганактаса да, ызылдап-тызылдап, ышкырып-боздоп турса да тоотпос элем... Окусаң адам болосуң дебеди беле!..

*      *      *

Биз жакшы кабар угуп, сүйүнүп, ар кимибизге айтып жаттык. «Батинке берет экен, жыргайбыз! Мектепке барабыз кар кечип, муз тебебиз, үйгө камалып думугуп жатпай, эне-аталуу балдардай көчөгө чыгып, эки жакты көрөбүз!»

Арадан көп кечикпей эле Чалбай интернаттын директору менен короого келип кобурап-жобурап, арабадан бирдемелерди түшүрүп атышат, жабылып калидорго жылаңайлак чыга калдык.

– Батинке!

– Батинке! – деген үндөр.

Жок, батинке эмес экен, каптарды төктү эле, күрөң эмес, кара эмес, сары эмес, саргыч кызыл бычылган (кесилген көн) булгаарынын бир түрү экен. «Бул булгаары эмес, жөнөкөй териден жасалган бут кийимдин көнү деген ушу» дешти билгендер. Батинкенин чоң, кичине кесилген тамандары, башы, кончу экен.

– Өзүңөр ултартып аласыңар, ултарбайм деген өтүкчүлөрдү мага айтасыңар!  –  деп Чалбай бизге батинкенин баш, таман, кончун берип, башка балдардын бут кийимдерин чечтирип бизге кийгизип, базарды көздөй ээрчитип жөнөдү.

Ал өзүнүн чоң арышы менен алдыга кетет да, ылдам баскыла деп бизди шаштырат. Базардагы кыркалекей салынган майда дүкөнчөлөрүндө эшигин ачып коюп узанып жаткан өтүкчү, жамакчыларга келип:

– Сен өтүкчүсүңбү, жамакчысыңбы? – деп сурады Чалбай, сүрүн салып.

– Өтүкчүмүн, чоң өтүкчүмүн, баатыр! – деп жиберди. Өтүк ултарып акча алгысы келди окшобойбу.

Чалбай чоң коюу кара мурутун жанып алып, сөөмөйүн кезеп айтты:

– Өтүкчү болсоң, мына бул баланын батинкесин бир жуманын ичинде ултарып бергин. Бекер ултарасың, жетим балдар булар, ар бир өтүкчү бирден батинке ултарасыңар, уктуңбу?

– Уктум баатыр, уктум!

Менин колумдагы баш-таманды алды да, өтүкчүгө карматты. Өтүкчү мага суз карап: – Бул батинке чыкпайт, – деди – ич таманы апкыттыгы жок турбайбы, менде тарамыш да жок.

Ары кармалап, бери кармалап туруп:

– Кемчилдерин алыш үчүн тыйын керек! – деп манжаларын кыбыратты.

Чалбайдын күрөктөй болгон алаканы өтүкчүнүн бозоргон жаагына шак эле дей түштү. Мен көзүмдү ачып-жумуп жибердим, дагы чаап жибереби дегенсип. Чалбай күрсүлдөп, кекете сүйлөдү:

– Ултарбайсыңбы? Акча дейсиңби?..

Өтүкчү чочуп калды, жалтактап эл алдында көргөн кордугу жанына батып, бирдеме дешке батына албай:

– Тамаша кылам, ултарам, акча табылат... – дегенди айтып, жайкактады.

Бир жуманын ичинде менин батинкем даяр болмок болду...

Чалбайдын кылык-жоругун көрүп турган башка өтүкчүлөр кыңк этпестен, ар кимиси бирден баланын батинкесин акысыз ултарып беришмек болушуп, бир жумага убада кылышты. Биз көтөрүп барган эндей батинкебизди калтырып, кайсы баланыкын кайсы өтүкчү ултара тургандыгы такталып, анан Чалбай бизди өз жайыбызга коё берди.

Жаңы жыл кирип келди. Окуучулар тарап, чоң балдар кетип калышты. Биз мадыра баштар, Кара-Коңуздан келгендер бараар жерибиз жок интернатта калдык. Айткан күндөн өтсө да, менин батинкем бүтпөдү. Анысы жетпейт, мунусу жетпейт деп баш-таманды колума берди. «Баягыда Чалбай жаакка жакшы чапкан экен...» – деп ичимен ойлонуп кете бердим.

Жаңы тарбиячы келди, а да татар кыз, бир гана жомок билет экен, эки-үч күндө бир келип коридорго чогултуп алып, баягы эле жарамазанча айтып жүргөн жадаткан жалгыз жомогун айтып, аны ар кимибизден кайра сурап, эптеп күн өткөрүп «келди-келди» кылып кете берет. Биз жаткан бөлмөлөргө баш багып да койбойт, ансыз деле кандай авалда экенин билет. Эшикти ачканда котурдун дарысы мурдуна бур дей түшөт...

Мен өзүмдүн теңтуштарым менен күн чубактап, короонун бурчунда чүкө өкчөп ойноп олтурсам, үч киши келип маңдайыма тура калды.

– Мына, Абдрасул!

Карай салсам таар кийген Карасарт. Өзүмдүн аталаш агам менден саал-пас улуу, Кенжетай чоң атамдын баласы, бул да мага окшоп жетим. Берки кылгыра карап күлүп турган кичинекей кара киши да Токтомуштун улуу агасы, Самтыр ажынын баласы Мамбет. А тиги далдайган, коймаарек тарткан киши мени бетимен өөп көз-жашы кылды, өлгөндөрдү эстеди окшойт. Бул киши да менин жакын тууганым Жөкө баласы Төлө. Төлөнүн келиши ушу, мурда келгенин көргөн эмесмин. Ал тиги Мамбет менен Карасарт жана атамдын ортончу агасы Желдеңдин уулу Султанаалы мага көчөдөн айран сатып, алма сатып жүргөнүмдө келип, мени көргөндө сүйүнүп күлүшүп, бетимен өөп: «Сенин жериң Чоң-Кемин, уруубуз сарбагыш» – деп дагы бирдемелерди менин эсиме салып, сыртыман акмалап, мен жүргөн үйдү билип алышкан. Бирок бир тыйын жардамдары жок. Анткени менен ниеттери жакшы, мен аларды көрбөсөм сагына түшөм, көргөндө көңүлүм ачылып, өзүмдү кандайдыр бир кубаттуу сезем. «Чоңоё түш, алып кетебиз!» деген Султанаалы байкем. Дайым эсимде жүрөт, мен: «Макул!» дегем.

Мамбет минтип айтты:

– Сени издеп келдик, Кара-Коңузга барсак Токмокто жетим балдарды баккан үйгө алып кеткен дешти. Жүр, элге кетели! Сен эми чоң жигит болдуң! Эркек бала элин табат!

Мен балдар кышкы дем алышка тараганын айттым, кайра алып келгиле дедим. Алар сен айткандай болот дешти.

Мен эми бутумдун айласын ойлодум. Үйгө кирип: «Мен элиме кетип баратам, туугандарым келишти, каникул бүткөндө кайра алып келишет, батинкемди ошол жактан ултартып беребиз» – дешти деп жарыя кылдым. Мени менен жакшы ымаласы бар, Токмокто эже-жездесиникинен кийип келген эски болсо да бүтүн өтүгү бар, менден кырдуу, толмоч, мурду саал барбагай, алагай көз Бекбоо деген балага кайрылдым:

– Бекбоо, сен алыска барбайсың го, биерде эжеңдикинде болосуң да ээ, аерден бутуңа бирдеме табылат, сен өтүгүңдү мага берип тур, мен дагы сага кийин батинкемди берип турам, өтүгүңдү жыртпайм, аяп кием.

Кудай жалгап ал кыйыктанган жок. Олтура калып чечип берди. Өтүгүн берип жатып тапшырма берди:

– Таруу, курут ала кел!

Мен өз ичимен ойлодум: «Таруу менен курутту мага ким берер экен?..»

Карасартты Мамбет учкаштырып, мени Төлө учкаштырып Чоң-Кеминди карай жол тарттык. Менин кеткенимди кээ бир гана майда балдар билип калды. Бул 1923-жылдын январь айы эле.

*      *      *

Ойлонуп баратам: «Мен эми өзүмдүн тууганыма кошулдум... Өзүмдүн Чоң-Кеминиме баратам! Мени өз атыман чакырышат, мен өз тилимде сүйлөйм! Таң азандан кечке чейин көчөлөрдү жаңыртып кыйкырып сүт, айран, жумуртка, алма сатып «соодагер бала» атанбайм. Соодагерчиликти өлгүчө жаман көрөм. Арга жок көнүп жүрдүм, мындан ары ал күндөр келбесе экен, келбесе экен!»

Күн кыска, кар калың. Аттын буту араң эле кыбырайт. Коё берсе мен андан тез кетер элем. Бутум да жылып, денем да үшүбөс эле. Унчукпай Төлөнүн аркасына жарганатча жабышып келатам. Токмоктон чыккан күнү Чүй суусунун сол жээгине жакын Жаңычек деген айылга келип кондук. Төкөмдүн жек-жааты бар экен. Жолдо: «Атыбыздан чөп аябаса экен!» – деп келатышты. Чоң-Кемин чөпкө кенен экенин кеп кылып мактанышат.

Эртеси кечке жол басып, Ак-Бекет айылына келдик. Жолдо келатып Мамбет көңүлү ачык, мага жылмая карап туруп айтты:

– Бүгүн Арууке апаңдыкына барабыз, ошондо конобуз. Сени көргөндө кандай болор экен?..

– Арууке апамабы?

– Ооба, Арууке апаңа!

Менин сүйүнүчүм кучагыма батпай толкундап кеттим. Түшө калып чуркагым келет. Ушул төрт бутун бирден санап баскан жепирейген тукур туяк, кыйды карагерге учкашканда: «Ат минип баратам» – деп ойлогом. Камчыланса: «Эмне чабасың?» дегенсип кулагын чунаңдатып иймейи бар экен. Малдын да митайымы болот экен, тобо...

Арууке апам көз алдыма келип турат. Кыйшалактап баратам, аттын аркасы көчүгүмө өтүп кетти. Төкөмө угуза айттым:

– Түшкүм келет!

Ал киши кылчая карап:

– Түшөгой, бутуң үшүгөн го, чуркагыла Карасарт экөөң! – деди.

Карасарт да араң эле келаткан экен, аттан ыргып түштү, биртике баса түшүп, анан жарышып жөнөдүк. Артыбызга карасак тигилерден узап кетиптирбиз. Карасарттан сурадым:

– Чоң-Кеминде кимдикине барабыз. Мамбеттикинеби?

– Жок, – деди ал чочугансып. Даакысы чыгып, кунары качкан тебетейин башынан алып, – анда барбайбыз, анын үй-жайы жок.

– Үйү жокпу?

– Эл үрккөндө журтта калыптыр.

– Катыны да жокпу?

– Өлүп калган, өзү жана баласы Абылгазы экөө ар кайсы эшикте жүрөт, үрүп чыгаар ити да жок.

– Малы жокпу?

– Айтып олтурбаймынбы!

Менин көңүлүм сууй түштү, жакшы угулган жок. Бирок Карасарт калп айтып жатса керек деп ойлодум. Мамбет мага Токмокто минтип айтпады беле:

– Өзүбүздүн туулган жерге барасың, жазында тай минип ойнойсуң. Султанаалы, Абылгазы, Карасарт болуп тоодон сарымсак, ышкын терип жейсиңер, эликтин баласын кармап келесиңер!..

– Үйү жок, малы жок болсо кантип оокат кылып жүрөт? Бу минип жүргөн атычы?

– Бул атыбы, бул аттын күчүн сурап минип жүрөт. Ушул атты тейпейип минип алып, элге кошулуп бастырып жүрөт, түтүн чыккан үйгө кирип, кеч кирген жерге конуп жүрө берет.

– Катын албайбы?

– Малы жок, жамынар жуурканы жок, кантип алат?!

Мен шыпылдап көңүлдүү басып бараттым эле, көңүлүм башкача боло түштү, чарчап кеттим, ташка олтура калдым, муздак экен, тимелечи сөөгүмө жете түштү, чыдай албай тура качтым. Карасарт куу экен, тебетейин көчүгүнө коюп олтуруптур, кебелбейт.

– Тур, басалы! – дедим кардан бир чеңгел сугунуп алып. Кетип бараттык. Алдыбыздан тартайган куба тайган ээрчиткен эки атчан киши чыкты. Мен интернатта тарбиячыбыз айткан насаатын эстей коюп, оң колумду боорума алып, Карасарттан мурда озунуп: «Атсалоом алейкум!» – дедим.

– Алейкиме салам! – дешти экөө тең жарыша. – Кимдин баласысың, айланайын?

Мен көнүп калган жаным шашып кетип: «Ясырдын» – деп жибердим да, оңдоп айтууга үлгүрө албай, уялып калдым.

– Бу дунган бала кыргызча салам айтканын кара, жакшы атанын баласы болсо керек?! Тиги кыргыз бала салам айткан жок! – дешип өздөрүнчө кобурашып кете беришти.

Мен а дегенде, Токтомуштун баласымын деп айтпай калганыма өкүнсөм да, «жакшы атанын баласы болсо керек» дегенге көтөрүлүп калдым. Эч кимден угалек сөз. Мына ушундан кийин улуу кишилерге салам айтып жүрүү жакшы болот турбайбы, – деп калганымды ким билсин!..

Тигилер жетип келишти, учкаштык. Чарчадыңарбы деп сурашты. Кардыңар ачтыбы деп сурасачы дейм мен өз ичимен.

Төкөм менен Макем өздөрүнчө баш-аягы жок сөздөрдү сүйлөшүп келатышат. Төкөм бир бай киши баягы кар калың түшкөн жылы согумга аябаган семиз бээ сойгонун айта баштады:

– Бычак бойлобой калды казысына, семиздикти кой көтөрөт дечү эле, жылкы да көтөрөт экен жаныбар...

Макем кошумчалады:

– Жылкы сойгон үй алда кайдан эле билинип турат.

– Дунгандар согум соёбу? – деп сурап калды Төкөм менден.

– Жок, дунгандар бээ сойбойт, – дедим мен чынын айтып, – согум дегенди билбейт.

– Мал сойбойбу?

– Тоок соёт, мечитке алып барып молдого мууздатып келет, аны да үйдө сойбойт. Касаптан бир кадак эт алса эки-үч күнгө жетет, цей менен кошуп кууруп жейт, кыргызча казан асып, эт салбайт. Тузу жок сууга бышырылып, муздатып койгон күрүч боткону жакшы көрөт, четинен кертип көйзү (эки таякча) менен ары-бери басып жүрүп, ар кимиси өзүнчө жей берет.

– Дасторкон жайбайбы?

– Жок, дасторкон болбойт, тегерек стол ар бир үйдө болот, ошол дасторкон.

Мен ошентип айтып жатканда Макем сөздү буруп кетти:

– Тиги Берикташ-Атанын башын туман ороду, – деди сол тараптагы чоң кара тоого ойлуу карап. – Эртең кар жаап салбагай эле...

Мен булардын сөзүнө жете түшүнгөнүм жок. Бирок дунгандар да ушинтип биринин сөзүн бири укпай, ар кимиси токтоосу жок оюндагысын катуу-катуу айтып, таранчы чурулдагандай кажылдап сүйлөшөт. Аны эрөөн көрүшпөйт. Билбеген, бир көргөн, дунган эмес башка улуттагы кишилер: «Булар жаңжалдашып жатабы?...» – деп да ойлой турган. Мен алгач ошентип ойлогом, бара-бара билип алдым да, көнүп кеттим, мен дагы ошентип катуу-катуу сүйлөчү болдум. Эми мындан ары...

Артыбыздан соккон ызгаар мени калчылдатып жиберди. Бет алдыдан соксо мындай болбойт эле, Төкөм калкалап, мен артында жабышып кете берет элем. Тумшугумду жеңиме катып баратам.

Теңир жалгап Карасарт айта салды:

– Абдырасул калчылдап баратат!

Төкөм кылчайып кейпимди көрдү да, оюмду билди:

– Үшүп кеткен тура, түш, чурка, жылып кетесиң!

Мамбет үн кошту:

– Бала деген үшүп, көк муштум болуп чоңоёт, эр жигиттин башына эмнелер келбейт? Жетип калдык, аз калды.

Карасарт экөөбүз томпоңдоп алга карай чуркадык. Ал баратып бир баштык чүкөм бар, теңин сага берем деди, мен сурабасам деле.

– Дагы эмнең бар?

– Эчтекем жок.

– Мен кимдин үйүнө барам?

– Билбейм, Макем билет го?..

Жүгүрө түшүп, токтоло калып кайра сурадым:

– Сен кимдин үйүндө турасың?

– Тойгонбай чалдын үйүндө, жаман кепеде, убактылуу барар жер жогунан жүрөм. Жаз чыкса орустун коюн кайтарам, орус кийим берет, бөлкө берет. Кыргыз кийим бербейт, бадырак берет.

– Чоң-Кеминде орус барбы?

– Ооба, орус көп.

– Тилин кантип билесиң?

– Үйрөнөм, сен деле дунган тилин билип албадыңбы?

... Көп ойлорго баттым... Капа болдум, анан кайра чыйралдым: «Өз элиме кошулам, Чоң-Кеминге келатам. Баягыда... мен кичинекейимде ачарчылык оозун аңырдай ачып оп тартып, кишилердин баласын да, карысын да соруп жатканда өлбөй калбадым беле? Эми эл ичинде жүрүп өлмөк белем? Өлбөйм! Чоңоюп калбадымбы? Жер-сууну көрүп, туугандарым менен таанышып алып, анан таруу, курут беришсе Бекбоого ала барам, интернатта окуйм!»

Мен бу кишилерди кандайча атап айтарымды билбей келатсам, Карасарт аларды: «Маке, Төкө!» дегенин угуп, ошентип айтса болот экен го деп «Маке, Төкө!» дегенге өттүм. Алар андай-мындай дешкен жок. Макеме кайрылып, үнүмдү бийик чыгарбай сурадым:

– Арууке апам барбы? Ал менин тирүү экенимди билеби?

– Билет айланайын, билет. Мен айткам. Ал сенин ден соолугуңду, өмүрүңдү тилеп жүрөт. Кабарыңды угуп алып аябай ыйлап басылган. Алып бар мени Кара-Коңузга, жалгызымды көрөйүн дегенинен мен күзүндө алып барууга убада бергем. Ат жок Чоң-Кеминден келе албадым, эки ат керек, аны мага ким берет? Өзүм болсом сага жөө эле бара коюп жүрдүм го... А киши алыска жөө баралбайт эмеспи.

– Ат минип жүрөсүң го?

Ал жооп бергенче Карасарт мурдун бир жанып алды да:

– Ат өзүнүкү эмес, Өмкөнүн аты, дубалыңды согуп берем деп күчүн сурап минип жүрөт.

Төкөм туура дегенсип башын ийкеп койду.

Атайкеге көптөн бери катташпаптыр. Арууке апам турган үйдүн каерде экенин Макем билбейт экен. Айылды биртике аралай түшкөндөн кийин эле: «Жумаалы, Чынаалылардын үйү кайсы?» – деп жолуккан эле кишиден сурап калат. Эгер шаардыкындай ар бир үйгө номер тагып койсо деле баары бир табалышмак эмес. Ырымга тамга таанышпайт. Мен өзүмчө эле ишке ашпаган бир ойду ойлоп баратам: «Ушуларга да интернат ачып берсе?! Жанакы балдарды жаакка чаап окуткан молдокелер окутса... Бат эле молдо болуп чыгаар эле... Ошондо көзү ачылар эле!»

Короого жакын, тамга такай тигилген чоң боз үйгө чукул келип калдык, лөкүйгөн кара дөбөт бизди көрүп, күрөндүдөн тура калып, аттан оодара тартчудай күрсүлдөп качырып келди да, Макемдин атын куйруктан булкуп-булкуп алды. «Чык, кет!» – деп учкашып келаткан Карасарт Макемдин колундагы шапалакты ала коюп жаңсады. Дөбөттүн кара буусу чыга түштү окшойт, ээрчий түшүп күшүлдөп «көргүлүктү көрсөттүм...» дегенсип тетири басып кетти.

– Антпесе ит аты өчүп калбайбы? – деди Макем.

Мен: «Дөбөт милдетин аткарган экен...» – деп ойлодум.

– Сен иттен коркпойсуңбу? – деп сурады Карасарт.

– Мен иттердин далайын көргөм, – дедим, Кара-Коңуздагы куба дөбөттү көз алдыма элестетип. – Жөө киши да иттен коркобу? Ташка алсаң качат, итке да жан керек, таамай урсаң каңшылап качат, ал ит, биз кишибиз, киши туруп иттен корксо ал эмнеси киши? – дедим көтөрүлө сүйлөп. Беркилер мени мактоого алышты:

– Жарайт Абдрасулум, киши да иттен коркобу!..

– А эки-үч ит качырсачы? – деди Карасарт ойлоно калып.

Мен жооп кайтардым:

– Ташка ал, жердин баары жайнап жаткан таш, андан жакшы жардам жок.

– Ага болбой эле этектеп келип калсачы?

– Качпастан лып олтура кал. Ошентсең ит тийбейт, кетип калат. Оюман чыгарбастан өз башыман өткөнүн, көргөнүмдү айттым. Беркилер күлүштү, туура дешти. Төкөм минтип айтты:

– Далай салгылашкан да?!

– Карасарт! – дедим чыйраксынып, – эки колуңду арбайтып, көзүңдү ачуу карап итти көздөй эңиштеп тике качырып бассаң, кандай ит болсо да жалтактап кайра качат.

Үйгө келип, аттан топ-топ түшүп калдык. Атты кырчоого байлап жатканда үйдөн катындын үнү чыкты:

– Кырчоого байлагыла!

Карасарт эки атты ары-бери талга байлап келди, шамдагай экен.

Салам айтып, төргө өттүк. Мен Төкөмө ыктап олтурдум, жалгыз болсом улагада калат элем... Карасарт ошентти, ал чоңураак эмеспи, Арууке апабызды көрөбүз деп сүйүнүп олтурабыз. А киши үйдө жок экен. Азыр келет деди. «Дунгандан бөбөгү келиптир» – деп айттырып жиберишти.

Көрбөгөнүм көп болду. Турпандан кайра жерге кайтканда ажырашкан бойдон бири-бирибизди көрбөй калганбыз. Биз бир атанын балдары төрт бир туугандан жыйырма жети жан элек, ошондон жетөөбүз гана калдык чачылып, эки жылга жетпей ушунча кыргынга учурадык.

1916–1917-жылдардын алааматы менен апат болду. Өзүмчө ойго чөмүлүп олтурам: «Байкуш Арууке апам кантип гана чыдап жүрөт болду экен а?» Мен кымгуут оюмдун учуна чыкканча сырттан үн угулду, таанымал үн. Жүрөгүм опкоолжуй түштү.

Арууке апам кирип келди. Үйдүн ичин жалт карап алып:

– Аман-эсенсиңерби? – деп төркүндөрү менен учурашып, анан коёндун бөжөгүндөй бүрүшүп, көзүн жылтыратып олтурган мени көрүп:

– Күнүм кайра чыкканбы? Кагылайыным, Абдрасулумсуңбу? Айланайын кудай, чын көрсөттүңбү, төгүн көрсөттүңбү?! – деп көзүнүн жашын көлдөтүп, кучактап алып өпкүлөй берди. Аллага зарын айтып, дүйнөдөн өткөн бир туугандарын эскерип, бир топко чейин ыйлады.

–  Кудайга шүгүр деңиз, жарыктык! – деди капшытта өтүк ултарып олтурган буудай өң, кара мурут, келишимдүү жигит. – Уучуңуз кур эмес турбайбы, өлбөсө эми эле киши болуп кетет.

Арууке апам жашын тыйганы менен сөзүн токтотпой, менин кебете-кешпириме аржак-бержагыма карап, жалынып-жалбарып жүрөт:

– Карааныңан кагылайыным, сени көрөр күн бар экен ээ! Кудай-арбак колдоп эл-журтуңа кошулдуңбу, жалгызым, жарык күнүм!

Арууке апам дагы бирдемелерди кобурап-жобурап, Карасартты да өпкүлөп:

– Акжолтоюм, бир тууганыңды ээрчитип келген турбайсыңбы, эл ичинде баягылардын балдары делип жүрсөңөр экен!

Мындай жылуу мамилени көрбөгөн Карасарт экөөбүздүн төбөбүз көккө жеткендей эле болду. Өз ичимен ойго батып көшүп олтурам:

«Бир тууган деген жакшы экен го!»

Төкөм менен Макем биринин сөзүн бири кайталап, жарыша сүйлөп жатышат:

– Ыйлабай жүрүңүз, эже! Бөбөктөрүңүз эми эле боор көтөрүп чыга келишет. Аман болушсун! Эл-журтка тынчтык берсин! Көкөйгө тийди го!..

Менде үн жок, айлананы кыдырата карап, чыйрыгып олтурам, чолок тонум тиземе жетпейт, бет алдыман оттун кичине табы келгени менен арка жагым үшүп атат. Кимге айтам? Уй көңүнүн жалыны жыгач отундай жалындап кетпей үлбүрөңкү күйөр-күймөксөн болуп, коюу түтүн чыгарып жатып күйөт. От жалыны казандын гана түбүнө тиет. Бирок ошол коломтону тегеректеп олтуруп, кобурап-жобурап, чоочун жакка ооп барып келгенин айтып, үй ээсинин суроосуна жооп берип, кайгы-муңдуу аңгемеге кулак төшөп олтурушат.

Кичине май жыты кылып, карандай суу кайнатып, үстүнө бир аяк сүт куюп, меймандарга арнап таруу көжө жасап атат. «Буюрса...» дешип баары кара казанды тиктеп олтурушат. Түтүн коюу чыкканы менен коломтодо жалын аз.

Көжөнү чыгарып, сапырып-сапырып, кара буусун чыгарып, алды менен аякка куюп Төлө менен Мамбетке сунду кара тору келишимдүү аял. Карасарт экөөбүзгө бир аякка куюп берди, кашык салышып ичтик алмак-салмак. Меймандарга берилген сый тамак ушу болду.

Баса, биз келгенде үйдүн сол капшытында желдиктей болгон жепирейген олтургучка маңдай-тескей чыкчыя олтуруп алышып, алдыларына эски жаргактан белдемчи тартынып, узанып жаткан эки өтүкчү көмүркөйүн жыйнап, келгендерге көңүл бурушкан. Мурдатан тааныш экен.

Макем жолдо келатканда айткан болчу:

– Бүгүн Жумаалы, Чынаалы деген эки бир туугандыкына конобуз, Арууке апам ошондо. Маркум Сасыкул жездем Турпандан келгенде көз жумган эмеспи. Кайран киши, жылкы баласынын тилин билген, күлүктү бир көргөндө калетсиз тааныган атактуу саяпкер эле го! Жумаалы, Чынаалы ошо кишинин бир тууган карачечекей инилери. Арууке апам ушулардын колунда калган, – деп сөзүнүн аягына чыга электе:

– Анан каякка бармак эле! – деп Төлө сакалын серпип койду. Баамымда: «Үй-жайы жок сеникине бармак беле?..» дегени го.

Макем кайра тилге кирди:

– Ушул эки бир тууган экөө тең өтүкчү, колдорунан көөрү төгүлөт, – деп баратканда Арууке апам, – Токтомуш өтүктү томогодой кылып ултарчу эле, бышык кармачы эле – деп катуу улутунуп койду, Макем өкүттө калбайын дегенсип оюнун үзүлгөн жерин улады:

– Булар өзүк ичиндеги түгөл тукумунан. Жумаалынын эркек баласы бар, Чынаалыда бала жок. Жакшыны кудайым бир жеринен кемитип коёт турбайбы? Зайыбы кишиликтүү, өңдүү-түстүү, төрөбөгөн гана айыбы... Мыкты жубан.

Мен «жубан» деген сөзгө түшүнгөнүм жок. Карасарттан сурасам:

– «Катын» – деди олурая карап.

Арууке апама боорум ооруйт. Ал чыканактай болуп арык экен. Кайгы-күйүттүн запкысы өңүнөн да, сөзүнөн да көрүнүп турат. Курган апам!

Берейин десе колунда жок, менин камымды жеп, сай-сөөгү сыздайт. Жумаалынын аялынын эски тону бар экен, кийүүдөн калган, ошону сурап атат.

– Сообу тийсин, ошол тонуңду бер, бу турушу менен ушул кышкы чилдеде Чоң-Кеминге жете албайт го, ашуу-белде тоңуп калат го, тону чолтоюп тизесине жетпейт, шымы да жок, жалаң дамбалчан экен, кантейин, кантейин?..

Аял көпкө чейин унчукпай, жооп бербей, тонун бергиси келбей кыйылып турат. Апам үйдөн кирип-чыгып жанын койбой кишилердин жанында, күйөөсүнүн көзүнчө сурай берди. Чоочун кишилерден уялдыбы же апамды сыйладыбы, маалкатып жатып берди. Апам ошол замат эле чолок тонумун үстүнөн кийгизип койду. Эми бороон-чапкынды...

Кыштын узун түнү мага кыска туюлду, тырп этпей уктаптырмын, астыма чолок тонду жая салып, үстүмө «жаңы» тонду айкарасынан жамынып, жыргап уктадым. Кыргыз коюнун кыркылбаган терисинен жасалган экен. Арууке апам шүгүрчүлүк кылса керек, ыйлабай калыптыр.

Эртең менен жылыткан арпа максымга чил баш кылып талкан чалып ичип, жөнөп жатканыбызда Арууке апам мени эки бетимен өөп минтип айтты:

– Балдар менен урушпай жүр, жаман балдар менен ойнобо, кежир болбой тил алгыч бол, антпесең эч кимге батпайсың. Сен кыз бала эмессиң, эркек бала элине кошулат. Окууңа барганыңда тартиптүү болуп жакшы оку! Ыйлабай чыйрак жүр, өмүрлүү бол! Бар, барагой!

Ошентип, Арууке апам кош айтышып, Атайкеден киндик каным тамган Чоң-Кеминди карай бет алдык. Алдыда кубанычтуу зор окуя күтүп тургандай, жүрөгүм алып учат...

ТУРПАНДАН КАЙРА КЕЛГЕНДЕ

Бир күндөрдө эл туулуп-өскөн жерди көздөй кайра тартышты. Эл жөө, бирин-серин унаасы, эшеги бар. Жылкы айдап барышып, бирден эшек айдап келатышат жүк артып. Уй, кой дегенден бири да жок. Ат минип барган чал-кемпирлер жөө, таякчан бөкчөңдөп келатышат. Жүк арткан бир дагы төө жок. Самсыган, салбыраган жөө кишилер, жүк көтөрүп кыдыңдаган эшектер. Конгон жерде бир дагы боз үй көрүнбөйт. Чөмөлөдөй-чөмөлөдөй жепирейген кара алачыктар жайнап кеткен. Эшигинин алдында таш тулгадан түтүн көтөрүлөт. Маараган, мөөрөгөн, кишенеген малы жок, үрүп турган ити жок, жымжырт. Асманды карап айкырган эшектерди көрөсүң. Мен чарчаганда эшек мингим келет, бирок ал оюм ишке ашпайт. Жалгыз эшегибиз бар жүк артып койгон.

Бирин-серин унаасына, эшегине жүгүн артып, жаш балдарын үстүнө кондуруп коюп, баары тең колдоруна таяк алып убап-чубап келатышат. «Аман-эсен жетсек экен» дешет сүйлөшсө эле. Кээ бирөөлөрдүн көңүлдөрү ачык тамашалашып, кай бирлери озондоп ырдап келет. Ар жактан бир катындын үнү чыкты:

– Өлалбай жатып өлөң айтат...

Аны бирөө кагып койду:

– Уккуң келбесе кулагыңа жүн тыгып кой, – деп.

Ысмайыл байкемдин иниси Султанаалы сонун ырдайт. Мурда чогуу жүргөндө кээ бирде аны олтургузуп алып ырдатышчу, бөлүнүп кеткенден кийин көрбөй калганбыз, эми өз жерибизге кетип баратканда кайра табышып, баш кошуп кетип баратабыз. Ал өзүнүн бир тууганы Ысмайылдан үйрөнгөн ырын ырдап атат:

Калың кыргыз элим ай,
Катуу кайгы жедиң ай.
Падышага кас болуп,
Солдат бербейм дедиң ай.
Тартып алып жериңди,
Айдап алып элиңди,
Ою менен даң салып,
Көк көз келип семирди.

Ээлеп алып Кеминди,
Ээлеп алып Көлүңдү,
А дегенде коймаарек,
Анан жырткыч көрүндү.
Келер менен сүйүндү,
Ээлеп алып Чүйүңдү.
Кер-мур айтсак ок атып,
Өрттөп ийди үйүңдү.

Бу дүйнөдө бар болгун,
Кудай-арбак жар болгун!
Туулуп өскөн жериңди
Бир көрүүгө зар болдуң.

Үмүт үзбөй бу жайдан,
Санаа калып муңайган,
Жеткире көр жерге – деп,
Биз тилейли Кудайдан!

Жерге жетип тыналы,
Жерге барып туралы.
Жерге чырпык, тал сайып,
Сокмо дубал уралы.

Жер жайнатып мал баккан,
Куулугу жок жай жаткан,
Кудай деген эл элек,
Капыр келди кай жактан?..

Шорго туулган жаным ай,

Жыргал көрбөй жарым ай,
Өмүр өтүп баратат,
Эч нерсеге жарыбай...

Чоң энем бул ырды угуп бышактап ыйлап баратат. Жаңы журтка, суусу бар жерге жабалактап конуп калдык. Артта киши калган жокпу деп, жулкунган карабоз ат минген бир киши сурап жүрөт. Ал күндө ошентет, жаңы журтка келгенде эле сурай баштайт. Ага баары:

– Келиңиз, даам ооз тийиңиз, – деп турушат. Аты – Кошой, чоң кара киши, муну эр Кошой деп да айтышат. Апам: «Менин төркүнүм, Бейшекедеги өзүктөрдүн мыктысы», – деп калат.

Кеч кирип келатат, баары чарчап, ар жерде жамбаштап топ-топ болуп сүйлөшүп, бирдемелерди айтып, анан тээ ары жакта «Манас» айттырып жатса, бери жакта комуз черттирип, ырдап атышат. Ана, асманда жылдыз, жерде таш тулгалар жылтылдайт. Комуздун күүсүнө жыргап олтурганда күтпөгөн жерден бир жигит чаң салды. «Токто дейм, токто!» Бир катынды кууп келатат. Ал катын топтошуп олтургандардын арасына кире качты. Кара каш, көзү алакай, бели ичке, чачы узун апакай келин экен, жер карап унчукпайт.

– Эй, жигит, эмне болду сага, ушундай чакта да ушинтип жүрөсүңбү? Кайсы элсиң? Кимдин баласысың? Атың ким? Бул келин эмнең? – Туш-туштан кекетип-мокотуп киришти.

– Катыным. Өлүп баратасыңбы?.. Сойку... Суу куйду...

– Катының болсо эмне үчүн чоочун элдин ичинде минтип жүрөсүң?

– Анан ушунуку жакшыбы?

– Эмне кылды?

– Тиги... тиги айылга келе калып, шерменде десе!.. – Камчысын солбуй кармап демитип, сабаганы турат.

– Эмне, тиги... тиги?

– Тиги... тиги жигит менен ... үстүнөн чыктым.

– Ой, жигит болбой кал десе, эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат батат. Эрдигиңди катыныңа көрсөтпөй, тукумуңду кырган падышанын желдеттерине көрсөт. Сенин азабыңды тарткыдай ал жок.

Жигит унчукпады, ордунан үшкүрүп жай турду да, кишилерге карап башын саал ийип артына бурулду.

– Бар, бара кой! – деди келинди ары жакта олтурган тармал сакал кара киши.

– Колго түшпөй жүрбөйсүңбү! – Арадан бир жигит кыйкырып калды.

Келин жоолугун чүмкөнө салынып, жер карап унчукпай келген жагын көздөй кетти. Ал экөө кеткен соң олтургандар күлүп калышты. Мен келин ууру кылса керек деп түшүндүм.

«Келиндин аты Сойку экен. Суу куйду деп да урушабы? Суу куйса эмне болот экен? Мен деле коноктордун колуна суу куям, бата беришет. Атам, апам суу куй деп турушат, тилдебейт, урушпайт. Бу жигит жаман жигит экен...»

Алачык тиккендер бирин-серин гана, көпчүлүгү томурайып ачык эле жерге жатып алышты. Биз дагы ошенттик. Апам келгенде эле кичине кыйшайып алайынчы деген, уктап калыптыр, ойгонбойт.

– А чоң Кошойдун карындашы тиги дүйнөгө кеткен тура... элге жетсе болот эле бечара, – деди атам. Чоң энем жактырган жок:

– Тим кой, бала көтөрүп чарчаган.

– Чарчабаган ким бар жарыктык, жатып алар чакпы?

Убап-чубап кайра жолго чыктык. Уйгурдун бир канча кыштактарын аралап, суу кечип, чөл басып, бел ашып чоочун жерде келатабыз. Мен байкемен сурадым калың токойдон чыга бергенде:

– Качан өзүбүздүн жерге жетебиз?

– Эртең күн чыкканда.. Энең экөөңөр кайраттуу баскыла!

Мен сүйүнүп калдым. Карасартка айтып аны да сүйүндүрмөкчү болдум. Ал артта калган, эшеги аксап калыптыр.

Биздин астыбызда да көч бараткан. Дагы бир бак-дарагы дүпүйгөн чоң кыштактын жанынан өтүп баратабыз. Асты жакта жайылып жаткан малдын карааны көрүндү. Тиги Кошой деген киши жанындагы Карачунак ата экөө жарыша сүйлөп:

– Тээтиги мал жайылган жерге жетип жүк түшүргүлө, отунуңарды тере баргыла, – деп элди аралап алга кетишти.

Катындардын баары ошо замат эле этектерине тезек терип, колтуктарына куурай кысып баратышат, журтка жеткенче отун даяр болот.

Үч ташты тулга кылып казан асып, арыктагы суудан алып от жагып атышат. Биздин казанда карандай суу кайнаганы калган. Абдырайым байкем бир чанач эт алып келип, жилигин сындыра чаап, этти жука-жука кесип, казанга салып жиберди. Аңгыча эле кыйкырык чыгып калды:

– Келатышат, келатышат, этти каткыла!

Дагы кыйкырык чыкты:

– Ары-бери чуркабагыла! Этти куржунга, чаначка салып, Карачунактын алачыгына астыртан жеткиргиле, сорпосун төгүп салгыла! Кымгуут болбогула! Шек алдырбагыла!

Кошой дагы атчан кыйкырып жүрөт:

– Жигиттер, эркектер, кайраттуу тургула, тигилер келгенде алдын бөгөп сөз менен алаксыткыла!

Мен коркуп турдум.

«Эми таап алса кантебиз» деген күбүр-шыбыр көбөйүп кетти. Алды сайма алачыгын түрүп, арты жаңыдан келип жүгүн түшүрүп жатканда, колдоруна көк тал союл алган, килтейген-килтейген, көйнөктөрү чапанга окшоп алды ачык, жайдак төш, көбү буттары дулдуюп жылаңайлак, жулунган бир кылка кишилер алыстан эле уйгурча сөгүп-сагып катын-баланы көзгө илбей, жеп ийчүдөй сүрдүү келатышат. Алды бою алда кайдан көрүнгөн, көкүрөгү, далысы далдайган, бели жоон, кулагы делдейген, көзү бакырайган неме менсинип, улам колун шилтеп коюп бак-шака түшүп келип калышты.

Биздики жактан Кошой баштап жети-сегиз киши алдынан тосо чыгышты. Салам айтып учурашты эле тигилер алик албай: «Тентиген качкын, уурулар...» – деп сүйлөп, алачыктарды жана жаңы эле түшүрүлгөн таңылчактарды аңтарып киришти.

– Биз ууру эмеспиз, өгүзүңөрдү көргөнүбүз жок, жаңы эле келип конуп атпайбызбы? Бүркүт белек туш-туштан талап жеп жибергидей, биз ууру кылбаган кишилербиз, жалаа жаппаңыздар, чаңкай түштө эле кантип ууру кылалы? Мырзалар, ишенбесеңер тинткиле! – дешип биздикилер тигилерди тап жылдырбай тегерете курчап алышып, бир топко айтышып турушту. Ушул учурда катындар этти астыртан ташып, Карачунактын алачыгына жеткирип салышкан. Айылдын башында бакылдашып жатканда Карачунактын айтуусу менен жигиттер үч талдын башын бууп алачык жасап жиберишкен. Чаначка, куржунга, капка салынган эттерди алачыктын ортосуна үйүп, таар, түндүк жабдуу, эски кийиздер менен үстүн аябай жаап, төөнүн чому менен чүмкөп таштаган. Ошол үймөктүн үстүндө тытылган жаман көйнөк, чалдыбары чыккан таар шым кийген, жылаң баш, колунда шап бар, бир буту кишенделип, кишендин бир жагы жоонтал казыкка бекилген, алачыктын оозуна жакын олтуруп алып, оозу кулагына жете кыйшайып калган, шапты бекем кармап алган, эки көзү тескери айланып, чоң кара киши канжар менен туш-тушту койгулап, оозунан көбүк чачып, жулкунуп, сүйлөгөнү билинбей, алачыкка баш баккан кишини качырып сала берген, «жинденип» куудул Карачунак ата олтурган.

Дөбөдөй болгон чоң күрөң өгүздү ары-бери союп, этин түтүнгө бөлүп, терисин өлчөп-өлчөп ошо эле жерден буттарына башмак кылып тартып алышканы чын болчу. Чыр чыгарып таап алабыз деп жулунуп жаткан тигилер өгүзүнүн териси кан-сөлү менен «качкындардын» бутунда жүргөнүн көрүп турушса да шек санашпайт.

Кыргыздар:

– Тинткиле, карагыла, армандуу калбагыла, ким уятка калар экен? – дешип ээрчитип жүрүшөт. Тинтиле элек обочодо турган Карачунак атанын жаңы көтөргөн «өргөөсү» калган. Жанагы баарын баштап жүргөн дардайган кара кашкарлык төштү керип таштап, эң алдыда жайкактап келатты.

Кобур-собурду укканда эле Какең өзүнүн амалына салып, оозун кулагына жеткире кыйшайтып, көзүн бир жагын карай алаңдатып, жинди кишинин ачуу үнү менен чаңырып, канжарын жалмаңдатып, эки ийнин тиштегилеп турган учурда алачыкка жете келишти. Биздикилер минтип эскертишти:

– Бул алачыкта оорулуу, жинди киши жатат, катын-бала колуна бычак берип коюптур, кире албай атабыз, этиет болуңуз, майып болуп калсаңыз бизден көрбөңүз!

Дөгүрсүгөн алиги киши алачыкка баш бакканда эле бакырып жиберип чыга качты.

– А падарыңа наалат, бул эмне? – деди энтигип, жүрөгүн басып.

Четте турган бир кыргыз жигит күлкүлүү сөз айтты:

– Ичи чырт дей түшкөн болбосун, жел жагына турбагыла.

Сыйда сакал, арык чырай карыя үн катты:

– Э, мырза, мүчөңүз келишкен, билгич жигит экенсиз. Бу киши кудаанын кудурети, сопсоо эле жүрүп, бир аз күндөн бери ушул ооруга чалдыгып, өзү да кыйналып, бизди да кыйнап жатат. Катын, балдары бар. Өлтүрүп коюуга мусулман болгон соң колубуз барбайт, эптеп өз жерибизге жетсек, молдого окутсак айыгар бекен деген үмүттө алачыгын ушинтип окчун тигип, тигинтип бутуна кишен салып азап менен алып келатканда, эси жок бала-чака бычак берип коюптур, эми үстүнө кантип кирип бычагын аларыбызды билбей коркуп олтурабыз. Окуталык десек айылыбызда чоң молдо жок. Силерде чоң молдо барбы? Бир-эки күн ушерде туруп окутуп алалы.

– Бизде молдо жок.

– Мырзалар, биз ууру эмеспиз десек ишенген жок элеңер, эчтеке эмес. «Алдырган анасынын койнун ачат» деген сөз бар. Силер алдырган кишисиңер, кечиримдүү... Конок болуп кетсеңер болот эле, этибиз жок, кыргыз этсиз конок күтпөйт, этсиз туралбайт...

Алар бул сөзгө канааттанып, «биз чеки иш кылдык» дегенсип башын ийкеп тим болушту да, жолго түштү.

Өгүз ээлери мындай басар менен эт кайра казандарга түштү. Жанараак эмне болор экенбиз деп жүрөкзаада болуп тургандар эми жаркырап-жайнап, Карачунак атанын кылык-жоругун кеп кылып мактап, көтөрүлө сүйлөп жатышты.

– Какемен жанагы жайдак төш кашкарлык гана эмес, көрүп жүргөн менин да жүрөгүм оозума тыгыла түштү, кудая тобо! – деди чий көбүк менен чарыгын майлап жибитип олтурган куркуйган бир киши. – Мурда укчумун мындай мокочо болуп каларын, бирок көргөн жан эмесмин. Оозу-мурду оң жагына бүтүп, көзү сол жагына бүтүп, кирген буурадай ак көбүк буртулдап кара шап колунда жалмаңдап, буту кишенди шарактатып жулунуп жатканын көрүп, чын эле жинди болгон го дей түшсөм болобу! Эми түшкө кирет го, жаш балдар көрсө кантмек?..

Эт желип бүтүп, кеч кирип, уйкуга баш койдук. Кайсы убак экенин билбейм, жаңы эле жаткандай болгом. Атам тургузуп, колуман жетелеп барып муздак сууга бетимди жуудурду. Ай жарык, элдин алды жөнөп калыптыр, биз дагы алардан калышпай жөнөп бердик. Жапырт түн катып көчүп кеттик.

*      *      *

Мен байкемдин айтканына ишенип, күн чыкканда жерибизге жетебиз деп чыйрак басып чымырканып, кыңкыстабай чөнтөгүмдөгү барсайган жүгөрү бадырактан анда-мында бирден-экиден оозума ыргытып коюп келатам, чаначта бышкан эт бар экенин да билем.

А күнү туулган жерге жеткенибиз жок. Эртеси да көчүп жүрүп олтурдук, мен байкемен кайра сурадым:

– Жерге качан жетебиз?

– Эртең түштө.

Бу күнү да жеткенибиз жок. Карасартка айтпаганым жакшы болуптур, калпычы болмок экемин деп ойлодум өз ичимен. А байкем эмне үчүн калп айтты экен?..

*      *      *

Качкындар дандаалап калышыптыр, алдуу, унаасы бар жана майда балдары, картаң кишилери жок, дени-карды соо шайдооттору ашып-шашып, элге тезирээк жетүүнү самап жолго көп токтобой алга кете беришип, чабалдары артта калышты, улам күн өткөн сайын суюлуп, бирине бири карабай Ала-Тоону карай кыбырап илкип, олтуруп-туруп күчтөрүн үрөп келатышты.

Бир убакта бийик тоолорго жетип калдык. Чоң энем өзүнчө кобурап коёт:

– Жарыктык, биякта да биздин Кеминдин тоосундай тоо бар экен. – Таягын белине туурасынан кармап, жер карап, мурдун тизесине жеткирчүдөй бүкүрөйүп, буту араң кыбырап баратат. Келгенде чоң тор бээге балпая минип алып, Асыйпасын өңөрүп, мени жетелеп алып: «Тарт тизгиниңди, тарт мурдуңду!» – деп кыйкырып келген эле. Башында элечеги да жок, эмне болгонун билбейм. Эми өзүнүн мурдун тарталбай калыптыр курган энем. Мен бадырак жеп жатканда: «Тишиңден кийин аш кайда?» – деп тамшанып калат. Билип турам, «тишим болсо бадырак жейт элем» дегени. «Жаргылчакка тартып, камкаймакка көөлөп жесе, атаганат!..» Бая күнү да ушинтип айткан болчу.

Алга кеткендер арттагыларды күтүп, коктунун оозуна токтоп, жарма жасап ичишип, тыныгып олтурушуптур, биз жетип келип кошулдук. Улам убап-чубап келип жатышты. Тоодон аккан күркүрөгөн шар суунун бою, ийри-муйру, кээ жери көрүнбөй чөп баскан, кээ жерин суу жеп кеткен эски жол. Биердин чөбүн чаап алмак түгүл, мал оттобоптур, жел менен кошо ойноп турат.

Сууда балыктар, чоңдору килтилдеп, кичинекейлери өр талаш жарышып, чаң салып ойноп жүрүшөт.

– Атаганат, кайырмак болсо, – деди Абдырайым байкем, – Абдырасулума кармап бербейт белем.

Түшкө жакын артта калгандардын көбү келип калышты. Ошо жерде жолго жакын шагылдуу беттеги чоң түп сары жыгачка бир топ кекиликти чуркуратып, өзүнөн көлөкөсү чоң үзүктөй болгон кара бүркүт корголотту. Бирок бир дагы кекиликке чеңгели тийген жок, калдая тартып кетип калды. Ар жакта олтурган Семей мерген бүркүттү серепчилеп карап, угуза айтты:

– Атаганат, ушундай бүркүт колго тийсе!.. Менин Жезбилегим Көк-Ойрокто жүргөндүр. Бир козуну мууздап алдына таштап, томогосун чөнтөгүмө салып, агытып ийгемин жерден ооп баратканда. Жүргөндүр Көк-Ойрокто чаң салып, аман-эсен барсам таап алам, үндөгүмө келет, тааныйт.

Сөз жаңы бүркүт жөнүндө болуп жатканда, төмөнтөн эки чоочун жигит келип, жол боюнда сүйлөшүп олтурган качкындарга кайрылып салам айтышты. Экөөнүн тең колдорунда кыска таяктары бар. Кызык, мен мындай таякты көргөн эмесмин, учуна темир шакек кийгизип, кармай турган учуна кайыштан бүлдүргө тагып алышыптыр.

Ушу эки жигиттен мурда эки чоочун киши баарыбызга орой көз чарай айткан болчу.

– Кетип баратыпсыңар жериңерге, тилегиңерге жеткиле! Этиет болгула, бу чоң коктуну өрдөп баратасыңар... Алдыңардан, туш-тушуңардан көркоо карышкырлар качырып чыгат, алыстан көрүп өңүттүү жерде аңдып жатышат. Бирин-серин кеткен качкындарды жеп коюп жатат. Былтыр орус солдаттары кырып, көмүлбөй калган кишилердин сөөгүн, ошерде калган малды жеп, ээн кокту-колотторду ээлеп жүргөн карышкырлар, а түгүл иттер, бети курсун, ноопастай, торпоктой болуп семирип, мылтыктын үнүн эшитпей дөгүрсүп кишиге кол салып жатат. Топтошуп, тоо жаңыртып кыйкырып чочутуп барбасаңар, жолуңар коркунучтуу, туюк. Мылтыгыңар болсо аткыла, кечке калбагыла!..

Бул эки киши алга кеткен биздикилерге да айткан экен. Алдыңкылардын бизди чогуу бололу деп күтүп олтурган себеби да ошондон экен. Кошойдун жакын тууганы Чынасыл ажы жамбаштап жаткан жеринен өйдө болуп жөн-жай сурады.

– Каякка баратасыңар, мырзалар? Мындан ары айыл жок. Жолдо кишичил көркоо карышкырлар жол тосуп жатат деп уктук. Биз менен конуп алгыла, эртең менен чогуу жөнөйлү. Олтуруп жарма ичкиле.

Алар болбоду:

– Ыракмат аксакалдар! Ишибиз бар эле, кечикпейли.

Эки жигит ээрчишип кокту өрдөп кетишти. Аердегилердин кай бири жактырган жок:

– Көпкөн балдар экен... Мейли, өздөрүнөн көрүшсүн.

– Шайтан айдап баратат го?..

Чынасыл ажы ийрийген мүйүз чакчасын кончунан сууруп алып, бир атым насвайды эрдинин астына жашырып койду да:

– Сен, сен... – деди сөөмөйү менен көрсөтүп, – артынан баргылачы, мусулманчылыкка. Майып болуп жүрүшпөсүн. Алар да силердей эле бирөөнүн балдары.

Тандалган төрт жигит колдоруна салмактуу союл алышып, чарыктарын бекем тартынып, эки чоочун жигиттин артынан кетишти.

Карыялар илгерки жоокерчилик убактагы окуялардан кеп салып олтурушту. Чынасыл ажынын өз жерибизде жүргөндө эңишке, күрөшкө түшкөнүн, улак тартканын айтышып, даңазалап олтурушту. Анан Семей мерген менен Төлөнүн уулу Ыбырайымдын Чоң-Кеминдин Көк-Жонунда бир топ кыргыздар менен букма жасап, алды менен жазалоо отрядынын командири Чоң-Кеминдин ичин карап, боз аттын үстүндө атууга команда берип сурнай тарта баштаганда, Ыбырайымдын баласы Ажымүдүн ыргыта атканын, жанындагы солдаттардын үчөөнү Семей, чилдирсин мергендер ыргыта атканын, Боронбай уулу Баимбет жетекчилик кылганын, отряддын пырын-чырыны чыкканын, эки солдат аттан түшө качып чөпкө жашынып качып кеткенин айтышты. өлгөн орус командиринин жанында Жандыраалы Вольбаумдун колу коюлган буйрук кагаз бар экен. Анда мындай жазылыптыр: «Көтөрүлүш чыгарган кыргыздарга – айрыкча атаке, сарбагыш элине ырайым кылынбасын».  Анан ушуну уккан соң, заманыбыз куурулуп, ошол жерден: «Атаке, сарбагыштан тукум калбайт экен, качпасак болбой калды» – деп Белектин айтуусу менен эки Кемин үркүп калганын айтып олтурушту.

Көк-Жондогу солдаттардын боз ат минген командирин Ыбырайым атпай эле анын баласы Ажымүдүн ыргыта атканын, баласы атты кылбай, атанын жолу улуу, атагы атасында калсын деп, Ыбырайым атты деп коюшканына чейин кеп кылып, Жаман-Эчки ашуусунда, Беделдин белинде окко учкандарды эске алышып, каңырыгы түтөп олтурушту. Көз-жашы кылышты, басылды. Бири-бирине кайрат айтышты. Анан кайрадан Боом капчыгайынын ичинде, Көк-Мойнокко жакын жерден Кара-Кол шаарына тартып бараткан эки араба мылтыкты Ыбырайым колго түшүрүп алганын да кеп кылышты. Ал мылтыктарды Көл тараптагы кыргыздар, козголоңчулар менен кашкелеңдик кыргыздар бөлүп алышканын да төкпөй-чачпай айтып олтурушту. Эми ушу жерге кайтып баратабыз. Башка барар жерибиз жок.

Ушинтип сүйлөшүп олтурганда алигилер келип калышты. Укмуш, тим эле укмуш... Ким мындай болот деп ойлоптур, менин жүрөгүм болк эте түштү. Алиги эки чоочун жигит эки карышкырды бакандашып көтөрүп келип калса болобу? Берки биз тараптан жиберилген төртөө ээрчип алышыптыр. Менин көзүмө тирүү карышкырдай көрүнгөн, көрсө жаңы эле жыга чаап алган карышкырдын териси экен. Эки чоң жигит бакандай болгон жыгачка арта салып ийиндеп көтөрүп келатса куйругу жерге сүйрөлүп жүрөт, мен эмес, чоң кишилер да: «Оо-ой!» деп таң калышты. Мага баягы чоң атам Кенжетай жетелеп кеткен өгүздөй көрүндү.

Карышкырдын терисин элдин алдына унчукпай таштап коюшту. Аерде жүргөндөр дүрбөп калышты. Ары жактан, бери жактан катын-калач дебей, бала-чака дебей шашып келип калышты, баары жабалактап көк жалдын терисин карап турушат. «Дөбөт карышкырлар экен» – дешти чоң кишилер. Ар жактан келгендер:

– О-о-о, баракелде!

– Мына эмесе!

– Ата... азамат балдар экен ээ! – дешип көргөн окуяга таң калып жатышты.

– Көрүңүздөр, – деди жигиттин бири, – жанагы бирин-серин өткөн жолоочуларды жеп жүргөн көркоолор дал ушулар. Биз бул окуяны жакшы билебиз. Арып-азып араң бараткан карыптарды жара тартып жатканын ар кимден угуп, бел байлап чыкканыбыз качан. Итке күчүбүз жетпесе эмнебиз киши деп аттанганбыз.

– Эми коркпой кете бериңиздер. Жолуңар шыдыр болсун, аман-эсен болгула. Көрдүңөр го, өз жерден башка бейиш жок. Өз жеринде сөөгү коюлса, а да чоң бакыт. Муну сиздер олжо кылыңыздар, – деп эки карышкырды өйдө көтөрүп таштап койду.

– Кана, эл-журт! Ушул эки балабызга бата берели! – деди атам үнүн бийик чыгарып. Чынасыл ажы ордунан тура калып, кыбыланы карап алакан жайды:

– Кыргыз элдин мартабасы өсөт экен силердей уулдары бар! Тукумуңар өссүн. Кудай тилегиңерди берсин. Оомийин! – Жапырт бата беришти.

Эки жигит колдорун бооруна алып баш ийип, коштошуп кетип баратып Чынасыл ажы менен атама бирдеме бергендей болду.

Мен эмне болду экен деп турдум. Карышкырдын чүкөсү экен. Эликтин же ириктин сакасындай эмес, кичине чүкөгө окшош болуп келип мырмыйган, алчысы кетик сыяктанган чүкө экен. Атам аны мактады:

– Карышкырдын чүкөсү касиеттүү болот, жоготпо, эч бир балада мындай чүкө жок. – Мен унчукканым жок, мындан көрө эликтин же ириктин чүкөсүн берсечи дейм өз ичимен.

Келер менен тумшугунан көсөп, седептин жанына самсаалатып кадап койду энем.

– Жакшы болот, балдарга бербе.

Былтыр биз менен үркүп барган кишилердин көбү көрүнбөйт, чоочун кишилер менен келатабыз. Көчүп эле келатабыз, жүрүп эле келатабыз, жетпейбиз.

Ат-Башы деген жерге келдик. Ушул жерде бир топ күн өргүдүк. Энем, апам, Абдырайым байкем жана мен болуп машак тердик. Машак терген жерге Асыйпаны бөжүрөтүп ала жүрөбүз. Муруту узун, дандуу буудай машактар аңызда көп экен. Терип келип капка салып, Абдырайым байкем тебелеп жиберет, анан желге салып сапырат.

– Эми кыш чыкканча эч кимден талкан сурабайбыз, – деди Абдырайым байкем.

Абдырайым байкем бир күнү кечинде агасы менен кеңешти:

– Токтомуш, менин тилимди алсаң ушу жерге кыштап калалы, жазында кетели, элдин баары эле Чүйдү көздөй чубап атат, ал жакта оокат-тиричилик кандай болуп атканын ким билсин, байкап туралы, кийинчерээк баралы. Сен кыштай өтүк ултар, мен бирөөнүн коюн кайтарсам да жаман болбос... Кичине тыңып алалы, буюрса кыргыз жерине келбедикпи...

– Жок. Бейше таякемдикине жетели, ал киши үркпөй калбадыбы. Жумушту ошо жактан иштесек деле болот, жерге жетеличи.

Абдырайым байкем кабагын бүркөп, ордунан тура калып сүйлөдү:

– Ысмайыл келет, көчпөй коё тур, сөзүн угалы!

Ысмайыл байкем эртеси эле күнү келди. Атам баш болуп таң атканча алачыкта сүйлөшүп олтурдук. Ысмайыл байкемдин кайгылуу сөздөрүн уктук, туугандарча сүйлөшүү болду. Ысмайыл байкем эки-үч күн туруп эс алып, бизди көчүрүшүп бир топ жерге чейин барып, анан баарыбыз менен коштошуп кетти. Баратып кылчактап колун булгалады. Мен көпкө чейин карап турдум.

Көчүп, түнөп, кыбырап жүрүп Шамшы деген ашуунун туу кырына чыктык.

– Бери баскыла! – деди атам. – Апа, бери басыңыз, Кудай буюрса жериңе келдиң! Тигине Чүй талаасы, тээтиги көрүнгөн тоону тааныдыңызбы! Чоң-Кеминдеги Жылаңачтын тоосу эмеспи, бери жагындагы суналып жаткан бөксө тоо өзүбүздүн Көк-Жон, андан берки Көк-Дөбө, касиетиңен айланайын жер болгон, тааныдыңызбы апа!

– Кана, кана! И-и-и, тетиги карарыңкы көрүнгөнбү?!

– Ошол, ошол апа! – Келини колунан жетелеп арыраак дөңсөөгө чыгып, күн чыгыш жактын сол тарабындагы тоону көрсөттү да, кошумчалады:

– Айланайын жер, тигине Жылаңачтын тоосу, Көк-Дөбө көзгө алда кайдан көрүнүп турбайбы.

Мен тааныганым жок, мурда бул жакка келип көргөн эмесмин, чоң тоолор чөккөн төөдөй чиркешип жатат. Атам ары басып кеткен, кабагы ачык, күлүңдөп келди да: «Акжолтойлорум!» – деп Асыйпа экөөбүздү өйдө көтөрүп бетибизден өптү. Мени өйдө көтөрүп туруп колун сунду:

– Тээтиги тоону көрдүңбү, ошол Чоң-Кемин тоосу, биздин жер, сен ошо Чоң-Кеминде туулгансың. Бирөө кайсы жерденсиң десе – Чоң-Кеминден де, кайсы элсиң десе – Атаке-Сарбагыш де, эми сен чоң жигит болдуң. Турпанга, Ак-Сууга чейин барып келдиң, эми Чүйгө түшөбүз, аны да көрөсүң!

Мен эч нерсе айталганым жок. Ынтаамды коюп уктум да, айтканын көңүлүмө сактап койдум. Мындай сөздү биринчи угушум, кызык угулду. Чоң энем үн катты:

– Сайрабүбү, аркы чаначты бери алып кел, арбактарга бата окусун!

Апам ышталбаган ак чаначты көтөрүп келди, ошол эле чаначтын ичинен майланышкан дасторконду алып чыгып жерге, калың бетегенин үстүнө жайып, семиз эт, май токоч койду. Кичинекей сары чаначтан буудай максым куюп берди. Эс алып олтуруп шашпай тамактанып, күч жыйнап алдык.

Атам жанагы өзү көрсөткөн тоо тарапты карап олтуруп топучан куран окуду. Биз жымжырт олтурдук. Мен анын ушинтип куран окуганын биринчи көрдүм. Мурда бат эле окуп койчу, азыр сүзүлүп, үнүн созуп мелтиреп көпкө чейин окуду. Үнү да бийик экен жана алда кайда угулат.

– Оомийин!

Алакан жайып бата кылдык. Чоң энемди келини Сайрабүбү колунан тартып тургузду.

– Өг-г-ү-ш, эл-жерди көрөр күн бар экен ээ! Кудай, мунуңа да шүгүр. Энем ушинтип кобурап-жобурап ары басып кетти.

Эми келет жок, мына келет жок, энем бизди күттүрдү. Бир карасак, тээ аркы бетте таягын таянып бөкчөңдөп кетип баратат, мен көрө койдум.

– Байке! – дедим атамды, – тигине, энем кетип баратат! – Атам көрө салып:

– Турпанга кайра кетип бараткан тура, – деди каткырып.

Апам да күлдү:

– Жок, Чоң-Кеминди көздөй баратат...

Экөө тең туура айтпай жатышат, энемин сырын билбей айтып атышат, мен жакшы билем, ал ошентип кеткенде кумурсканын уюгун издейт, ага жүгүнүп сыйынат: «Айланайын уруулуу тукумуң өскөн журт, бала-бакырамды аман-эсен кыла көр, кыргыз тукуму сендей болуп өссүн!» – дагы бирдемелерди айтып, колун бооруна алып, башын ийип эки жагын карабай, кыйкырсаң да тоотпой, көптөн кийин кетет. Уюкка дайым мени ээрчитип барчу. Ушу жолу гана анткен жок, чарчады деп ойлоду окшойт.

– Байке, энем кумурсканын уюгун издеп жүрөт.

Атам каткыра күлдү, күлкүсүн тыялбай атат.

– Бар, жетелеп кел, – деп апама айтты.

Бир кезде ээрчитип келди, тердеп алыптыр.

– Жарыктык, кеч калабыз, ойго түшүп кетели. Шамшынын ичи жаман, узак...

Боз бээни жетелеп, көк эшекти артынан айдап алып жөнөдүк. Күн батканда Шамшынын оозуна чыктык. Талаага суу боюна барып түнөдүк. Эртеси Токмоктун баш жагында, Сайлык деген Чүй суусуна жакын жерге келип токтодук. Ошо жердик бир карыя менен атам сүйлөшүп, ошонун короосуна кирдик.

Атам кечинде бизге айтып берди:

– Ушу кишинин тиги ээн тамында үч-төрт күн тура турасыңар, макулдашып койдум. Мен Бейше таякемди издейин, илгерки ордундабы, жокпу, боз бээни мингенден көрө жөө жүргөнүм тыңыраак болор... Силер камсанабай тура бергиле, Кудай буюрса келет деген ушу туулган жерге. Бейше таякем аман-эсен болсо, таап алсам, Кудайдын бергени.

Атам Турпандан бери таянып келген ыргай чочморун алып, белин бек курчанып, энесинен бата алып жөнөп кетти.

Ооруп калдым

Жайлы-жайлай чуркап жүрүп, бир күнү күзүндө түштөн кийин тырс эле ооруп калдым. Эмне оору экенин билбейм, туралбай, тырп этерге алым жок үлдүрөп, короонун ортосунда солуп жаттым.

– Эмне жатасың, тур! – өгөй агам Пар көтөнгө тепти. Көңүлүм караңгылай түштү, оозуман кара суу келди.

– Эмне жатасың дейм?

– О-оор-уп ка-л-ды-ым...

Ал кейпимди көрүп апасын чакырды:

– Мая, Лайвазы ооруп калыптыр, жугуштуу болуп жүрбөсүн?

Маясы жетип келди:

– Эмне болду, кана, бери карачы, о-о билдим, баягы ачка жүргөн күндөрдүн кесепети, кээри эми тоюнганда козголуп чыккан тура шордуу десе... Өлүп калат го?.. Муну эмне кылайын?

Ары жакта үнү чыгып, мага ооруп калат деп кыжыры келип аткан кайненесинен сурады.

– Балдарга жолотпо, тура алат бекен, тура албаса ар жакка алып барып, саман төшөп жаткырып кой!

Маям колуман тартып тургузду, калчылдап жыгылып кете жаздап турам, жер көчүп, жаным кыйналып атат. Бутум шилтөөгө жарабады. Акырын сүйрөп барып ашкананын каалгасы ачыла бергенде эле түбүнө, бурчка таштап койду. Кичине саман алып келди да, жерге таштап «жат» деди, сүйкүмсүз карап. Ооруп калганыма кейимек тургай жактырбай, каалганы чарт жаап коюп чыгып кетти. Мен саманды астыма тегиздемиш болуп, сулк жатып калдым. Суу ичким келет, тура албайм, эч ким келбейт, көзүмдү ачып-жумуп жатам. Онтогонум өзүмө угулуп атат. Башыма жаздаган, үстүмө жамынган кыпындай бир нерсе болсо эмне дейсиң. Жер төшөнүп, жер жазданып жатам. Ага мен кайылмын. «өлбөсөм экен, айыксам экен!» Ушу гана тилек. Оңоло түшүп кайра айнып калам.

Өңүмбү же түшүмбү, акылым жетип ажырата албайм. Тигине, кичинекей жалгыз карындашым Асыйпа: «Абы, Абы!» – деп мени атыман чакырып атат, ал ошентип ээрчип алчу эмес беле. Тигине дагы келди, маңдайы күйүп калыптыр, мени карап карды ачып ыйлап турат, көзү гана жылтырайт. Мен көзүмдү жумуп жиберип ачсам, дале турат...

Тигине, мени менен көчө кыдырып жүргөн тоңуп өлүп калган балдар көздөрү чүңүрөйүп, арбайган арык колдорун сунуп жабалактап мени карап турушат. Мен коркконум жок, көзүмдү ачып-жумуп, бирде сезип калып, бирде сезбей жатам. Андайдан коркпойм, көнүп калгам. Азыр мага бир кашык суу керектигин билип турам, оозум кургап, жүрөгүм болк-болк этип согуп атат, жаныма келген эч ким жок. Баягы бирге жүргөн жетимдердин бирөө жанымда болсочу, суу берет эле, суу... Анан эмне болгонумду билбейм.

Таң атыптыр, шыпты карап чалкаман жатыптырмын. Каалга «чыйк» этти. Маям кирди. Мен каалганын далдаасында бурчта жатам. Сары кандек да кирип келди шимшилеп, мени карап куйругун шыйпаңдатты. Маям эми мага кылчайды:

– Тирүүсүңбү?

– О-о-ба-а...

Шыйпаңдап тамак үмүтөтүп турган кандегине Маям кашыктын башындай муздап калган күрүч ботко берди.

Эмне ичесиң деп менден сураган жок. Максым ичким келет, ал каякта мага? Суу болсо эле болот эле, эрдим кеберсип, тамагым кургап турат. Бергенин жеп-ичүүгө гана тийишмин, а сууну болсо сурабай эле арыктан жата калып шимирип алып кете берчүмүн, ага кимдин пулу короп жатыптыр.

Наар албай эче күн жатканымды билбейм, баш көтөрүп, тамак ичким келип калыптыр. Эми айыгат экенмин дедим.

Маям казанга шакылдата суу кайнатып, чоң чыныларга текши куюп, эки-үч кашыктан күлазык салып өз балдарына, кайненесине алып аркы үйгө кетти. Бат эле кайра келди, мени бир карап алды да:

– Байкуш, баш көтөрүп калган тура, турнадай болуп. Кыштай жатты, жаны бек экен, өлүп калабы дедик эле, мойнун кара үзүлүп кеткени турса да бой бербейт, – деп зээн кейиткен бир топ сөздөрдү айтып, мага да чай чыныга толтура суу куюп, эки кашык күлазык салып келип обочо туруп сунду:

– Ичесиңби?

Мен унчукпастан колумду сундум. Оорусу жугат дешип өзү жана балдары мага жакын жолошпойт.

Күлазыкты кайнак сууга салып аралаштырганда кадимки эле кыргыздын куурма чайына окшоп калды, бир гана айырмасы – сүрсүп калган, ичинде чайнап жеш үчүн тууралып, ун менен кошо куурулган майда эт бар, ал дагы сүрсүп калган. Эттин сорпо даамы чыгып, майы кылгырып үстүнө чыгып, уну куурма чайдыкындай болуп эң эле даамдуу, кубаттуу, жагымдуу.

Канчалык ачка болсом да оорунун залдары го, эт жүрөгүмө басса да, көйзү менен терип, кандекке бирден ыргыта бердим. Ал шыйпактап жаныман кетпейт, ошол мени алагды кылып жатат. Суюгун чайча ууртап ичип алдым, нан берген жок, берсе да жебейт болчумун, көңүлүм тартпайт. Эмнегедир максым менен саамал эсиме түшө берет.

Бир нече күн даарат ушатканым да жок, ушундай да оору болобу? Доктур дегенди бул кыштактагылар билбейт, табып, дуба жазган молдолорго ишенет. Кудай берген ооруну Кудай өзү айыктырат деп башка жактан жардам күтпөйт. Кудайга шек келтирсең өмүр бою сени менен жүз көрүшпөйт.

Мен жаткан ашкананын дубалдары, төбөсү ыш менен капкара болуп калган, бурчтарында самсаалаган жөргөмүштүн желеси, эч качан акталбаган, терезеси жок, терезенин милдетин аткарган каалгасы. Аны ачканда жарык кирет, тамак жасаганда каалга такай ачык турат, тамак жасалып бүткөндөн кийин анда киши турбагандыктан тоок, ит кирип кетпес үчүн каалга жабык турат. Мына ушу каалганын түбүндө бурчта, кире бериштин сол жагында төшөнчүсүз, жабуусуз Лайвазы бала жатат, анын азыркы эрмек болгон жолдошу сары кандек. Ал өзүнүн манжалары менен ойноп олтурат, жатат, олтурат, эмгектеп барып даарат ушатып келет. Турса калтырап жыгылат. Басалбайт. Бир балакет оору жабышып алган. Эч ким жанына келбейт. Ал бир Кудайга гана ишенет. Өлгүсү келбейт. Кыргызча атасы үйрөткөн «Бак-бак» деген ырын ичинен кайрып ырдап, ошого жыргай түшөт.

Кыштай ушул абалда жаттым. Акыры айыгып, сандырактап көпкө чейин каруума келбей жүрдүм. Эч кимге дартым жуккан жок. Азапты тарткан мен өзүм.

Карала чыны

Кара-Коңузда көчөдө олтуруп сынган чыныны, чоргосу түшкөн чайнекти кадаган эрбейген суюк сакалчан, чүлжүгүй, мыртыйган Чан деген киши бар. Көңүлүнө жакпаса башын бир чулгуп алып, мостоюп бир топко олтуруп, анан тилге келет, ырдап олтуруп кадап коёт. Кыргызча, дунганча чалды-куйду кылып ырдайт:

Чын сынады ама-аа келеди,
Асман-асмас пул береди...
Мен биледи кадайды,
Мен биледи кадамайды.
Чан кийин,
Чеси ни кийни.
Ту тыңни...

Бул мындай: Чыны сынса маа келет, анча-мынча пул берет... Кадасам да өзүм билем, кадабасам да өзүм билем... Тыйын берет, сом бербейт. Башым маң...

Бул кишини Кара-Коңуздагылардын баары жакшы билишет. Ал иши менен да, ушул ыры менен да белгилүү. Бул кишинин башкача дагы бир кызык жагы бар. Дунгандарда эркекче, аялча салам айтуу бар, экөө айырмалуу. Эркекче: «Атсалому арлейкум!» Алик: «Арлейкума салам!» Аялдарда: «Арлейкума салам!» Алик: «Арлейкума өи!»

«Салам айтса аялдарча алик алат, митайым, чыны кадабай эле маалкатып ырдап акча табат, кышында көчөдө олтурам деп наркты кымбаттатып жиберет» дешип кай бирлери жактырышпайт. Ырынан улам кыргыздар, дунгандар – баары эле Чан (тыйын) дешет. Кыштакты жарып аккан шар суунун кашатындагы дүпүйгөн тыт жыгачынын көлөкөсүндө олтуруп узанат.

Ушу киши менен мен күтпөгөн жерден катуу чырдашып калдым. Ал мындай болду: Чан олтурган жер кыштактын дал орто чени, айланасына чайкана, наабайкана, касапчы, кичинекей дүкөн орногон. Коон базар да ошерде, элдин көпчүлүгү ошерде жүрөт. Жумуртканы ошол жайда чегиштирип ойношот, короздор да ушу жерде кызыл чеке болушат, жума күнү ушу жерде кой да сатылат, аны тоодогу казактар алып келишет.

Күн жадырап ачык болчу. Мен чыныларга уютулган сары каймактаган айранымды сатып, дандырдын жанында тургам. Наабайчы Маматахун менен касапчы Момунжан чай ичип олтурушкан күлүп-жайнап. Бир убакта чар-чур эле дей түштү. Мен чочуп кеттим. Маматахун кирген буурадай буркулдап: «Ва сүт бергенсимга... ва саңжиңка ...» – деп оозунан кара ит кирип, көк ит чыгып атат.

Берки Момунжан:

– Мен нема кылдым, койың, э койың! – десе, тигиниси:

– Кашыңды немага учурасаң, додаңны! – дейт.

Чыр күчөп кетти. Экөө тең орундарынан шапа-шупа тура калышып, кең дамбалчан, жайык төш, жылаңайлак, чаар топучан, кындарынан бычак суурушуп, бири-бирин бөдөнөчө тооруп калышты. Менде жан жок, кимиси мурда сайып жиберер экен деп.

Эл жабалактап:

– Койгула, урушпагыла! – деп жатышат. Тигил экөө алардын айтканын угуп да коюшкан жок. Улам жакындап, бири-бирине бет маңдай чоң кара бычактарын жалаңдатып тике качырып келишти да:

– Кана, салың! – деди Маматахун.

– Сиз салың, кана! – деди Момунжан.

Экөө бири-бирине бычак урчудай демитип туруп, мышыкча аңдышып, артын көздөй акырын-акырын жылып, ошондо да тилдешип баратышты.

Чатактын жөнүн териштирсе мындай болуп чыкты: Маматахундун катыны эрине келип сүйлөшүп олтурса, Момунжан чай ичип олтуруп кашын серпип коюптур. Бирок менин чатагым алардыкынан кем калышкан жок окшобойбу? Кеңирейип тиги экөөнүн «тамашасына» карап турганымда, бир чынымды уурдап кетиптир жакшылык көрбөгөн бирөө. Ары карап, бери карап таппай койдум, ичим тызылдап жаман болдум, дагы бир балекет мени шынаарлап тургансыйт. Маям өлтүрөт.... Кооз карала чай чыны. Маям Фатьмени күйөөгө бергенде атасы Чывызы сепке берген экен. Алматыдан он үч жашында ала келиптир. Маям өзү бир күнү мен айранды эки жолу базарга сатып, акчаны күндөгүдөн арбын таап келгенде чыны жетишпей, анан ал ак көңүлү кармап, соодага жолтоо болбоюн деген ой менен өзү сандыгын акырын этиеттеп ачып, ичиндегисин мага көрсөтпөй ушул чай чыныны түгөйү менен алып чыгып, бала өпкөнсүп өпкүлөп, кудайга сыйынып кобурап:

– Ыйык чыны, эч качан урунбаган таза чыны, жаман кол кармабай турган чыны. Сен бул чыныны этиеттеп алып жүр, сындырба да, бүлдүрбө, акжолтой чыны болсун, бышкан сүт куюп айран уюталы! – деп кыйылып жатып алып чыккан. Эми карачы, мен аны эмне кылдым?.. Эми менде күн жок. Кулагымды толгоп туруп түбү менен жулуп алат. Канча чырпык сынаар экен?.. Мени уйгу-туйгу ой аябай чырмап алды. Ойлобоюн десем деле болбой, кайдагы бир шумдук ойлор өзү эле келе берди: «Баягы сандалган Мамбет тууганым ушу жерден чыга калсачы! Ээрчип кетет элем, жалгыз кайда барам?.. Качсамбы көз көрбөс, кулак укпас бир жакка? Баягыда качамын деп эмнелерди көрдүм эле?.. Кудай ай, мен эмнеге ушунчалык шордуу болуп туулдум?..» Олтура калып эки көзүмдү муштумум менен басып, үнүмдү чыгарбай шолоктоп, көз жашымды төгө бердим.

Менден чоңураак чикит ойноп жүргөн бала маңдайыма келип үн катты:

– Лайвазы, ыйлаба! Чүкө берсең мен чыныңды алган кишини айтам.

– Канча чүкө сурасаң берейин.

– Эмесеби, эмесе тээтиги чыны кадаган Чан алды. Мени айтты дебе, уктуңбу?!

Мен сүйүнүп ордуман ыргып турдум. Көз жашымды муштумум менен сүртүп, тике эле Чанга барып бир тийдим.

– Чынымды бер!

– Кайсы чыны?

– Карала кооз чай чыны, сен алдың, бергин!

– Мына сага чыны! – деп чыны кадап жаткан жаага окшогон иймекей жыгач аспабы менен чокуга басып алды. Мен антээрин билген эмесмин. Селт этип чочуп кеттим, шыйрактан аларда мышыктай секирип ойт берип, карматпай кеттим. Башым томпоё түшүптүр.

Жер тепкилеп быдылдап, мая-саяман, нанаман эчтеке койбой сөгүп атат. Мен дагы кобурап-жобурап, кыргызча-дунганча аралаштыра ашатып жолума түштүм. Ыйлап олтуруп үйгө келдим. Бая курсагым аябай ачты эле, эми аны сезбей калдым, тамак ойго келбей калды. Бул биринчи болуп жаткан жери жок, көнүп калгам.

Маяма эмне дейм? Ал хайынын жыгач таманын жылмалап сүргүч менен сүрүп короодо эмгектенип жаткан экен. Ал чынылардын бош келгенин көрүп, кабагы ачыла түштү, соодам жакшы болгонун ошондон эле билет.

Адатынча жумшады:

– Лайвазы дейм, момо менен пыяз ал, жолдо жеп бар, убактыны кетирбей сүткө бар, кеч кирип баратат, эртеңкиге базарга айран даярдайлы, бар барагой күлүгүм!

Кабагы ачык, Кудай жалгап беркини билген жок, эч нерседен шек санабады, эгер карала чынынын жоголгонун билсечи... иш башкача болмок, мага дал ушу саамда ошонусу керек, жемеден, таяктан кутула турам. Көңүлүм жеңилдене түштү... Чыныларды өз жайына коюп, бир момо, бир тоголок пыяз алып, чаканы каруума илип бутум жерге тийбей кеттим. Кыштактын баш жагынан сатып келет эмесминби. Бул Лайвазынын энчисине басылган жумуштун бири.

Уйдун кечки саанынан кийин чыгып, күүгүм киргенде келдим, атайын ошенттим, күүгүм мени балаадан сактап калчудан бетер. Чолок акылым: «Мая күүгүмдө карбаластап жүрүп көрбөй калаар карала чыныны, уйкуга кетер, таң атканча тынч уктайын, эртең башка түшкөнүн көрөрмүн...» Сүттү өзүм бышырып чоң чыныларга, чай чыныларга бөлүштүрүп ырааттап койдум да, сууй түшкөндө чымырап жаңыдан пайда болгон ак саргыл жука каймагы бузулуп калбасын деп, сүттүн четинен акырын кашык менен белгилүү өлчөмдө көрөңгө куйдум кыркалай. Анан сүттү ойготпостон, узун ак мата менен жаап койдум.

Мен тоок чакырганда турам, ага да көнүп калгам. Маям менен нанам көндүрүшкөн, антпесем кулагымды чоюп, таноомду жел толтура үйлөшөт, санымды оё чымчыйт. Бирок мага кылган мамилени өз балдарына кылышпайт. Мен ушундай жактарын ойлогондо ичим муздай түшөт, муз жегендей болом.

Базарга төрт чоң чыны, үч чай чыны айран алып чыктым, бир чай чыны жетпейт. Айранды бат эле сатып бүтүрдүм. Чыныларды чогултуп алып Чанга бардым, маңдай жагына обочороок туруп алып ачуум менен бакылдадым:

– Эй, чынымды бер! Бер дейм!

– Кел бери, мына сага чыны!.. – Каны ичине тартып, жаагынын сөөгү уркуюп муштумун көрсөттү.

Мен анын ырын дунганча-кыргызча аралаштырып, өзүнүн чыйылдаган жаман обонуна салып тамтыгын чыгарып, оозу-мурдумду кыйшаңдатып ырдап коё бердим. Ал селдейе түшүп, ордунан ыргып туруп, эки жагын сыйпалап, колуна таш-маш урунбаган соң, тең бөлүнүп жаткан чынынын жартысын ала коюп уруп жиберди, тийген жок, буйтап кеттим. Мен шылдыңдаган ырын кайра ырдадым, обочо туруп алып кыжырына тийип, «өч» алып атам. Ал мени кууса жетпейт. Өч алуунун жолун таптым... Күндө эки маал ошентем. Ал мен келаткан жакты чүлжүгүй көзү менен карап турат, жанына таш жыйнап алыптыр, жанына жакын барбай обочо туруп алып келиштирип ырдай берем. Ары өткөн, бери өткөндөр күлүшөт. Чандын жини ансайын келет. Мен ошентип өч алуу жолуна түшкөнүмө төрт-беш күн болду. Чанга бокочо болуп көрүндүм. Бүгүн ишим оңунда дедим. Мени менен бирге ойноп жүргөн жолдош балам бар, аты – Маанар. Кыргыз баласы, кыргызча төрөлгөндөгү аты Шарше, бу дагы томолой жетим, дунганга бала болуп алган. Ушу баланы чакырып алып, тыйын берип жалынып-жалбарыптыр Чан:

– Сен, Маанар, жакшы балаңса, сеники акылы көп, ушу мен айтады болсо, сеники макул болоду болсо сен айтсачы ушу Лайвазы балага.

– Эмнени айтам?

– Ырдаба айт!

Оңбогон Чандын куулугун кара: «Карала чыныны мен тамаша кылып катып койгом деп Лайвазы балага алып барып бер, ал сага урушпайт, мени айтпа» – дептир чүлжүйүп.

– Сүйүнчү! – деди Маанар күлмүңдөп.

Мен унчукпай карап турдум. Ал койнунан карала чыныны сууруп чыкты. Мен кыйкырып, эмнегедир тыбырчылап жибердим. Бир гана ой кылт этти: «Маям бул жоболоңдуу жоруктарды билбей калганы жакшы болду».

Үшкүрүндүм, көңүлүм сергий түштү, балдар менен топ чапкым келди. «Бүгүн тынч уктаймын» – дедим өз ичимен. Кетип баратсам Маанар минтип айтты:

– Лайвазы, сенин карала чыныңдын жоголгону жакшы болуптур, мен акчалуу болдум. Беришейинби?

– Жок, өзүң ал.

Малай боло көрбө

Жайдын күнү. Мага тааныш бир кыргыз бала айран сатып чайкананын тактай тектирчесинде олтурсам айтып калды:

– Тетиги дунган чал апийим отоого бала издеп жүрүптүр, күнүнө бир сомдон берет экен, балдар бармакчы болуп жатышыптыр, мен дагы барайын дедим, көйнөктүк акча таап алганым жакшы эмеспи. Сен барсаң жүр, тиги жыртак чал кетелекте сүйлөшүп кал! Үч маал тамак берет. Талаада ойнойбуз.

Мен уюй түштүм, маяма айтайын, жиберсе акча табыш керек. Алды менен чал менен сүйлөштүм, ал жыртак көз эпилдеп-жепилдеп, акчаны жумуш кандай бүтсө ошондой эле токтотпой бере тургандыгын, тамакты да үч маал жакшы берерин, ошол эле апийимдин жанында балаганда жата турганыбызды айтты. Башка дагы бармакчы болгон балдар бар экен, мындай кылабыз деди:

– Эртең түштөн кийин ушу жерге, чайканага келебиз, ушул жерден чогуу барып балаганга түнөп, анан эртең менен ишке киришебиз. Ким канча күн иштей тургандыгын тактап койсун, мен билейин. Акыңарды өзүңөр убадалашкан күнүңөр бүтөр замат колуңарга берем.

Мен маям менен акылдашып, анан жооп бере турганымды айттым. Үйгө келер менен маяма чал менен сүйлөшкөнүмдү айтып бердим.

– Үч күн, – деди маям.

Мен убадалашкан убакта келдим. Чал күтүп туруптур, баарыбыз чогулганда ээрчитип алып жөнөдү. Апийим айдаган жери кыштактан кыйла алыс экен, кеч бардык. Куурайдан, чөптөн балаган жасап, ичине чоң боз таар салып коюптур. Ушу жерге жатасыңар деп көрсөттү.

– Бүгүн жумуш кылган жоксуңар, тамак ичүүгө акыңар жок, бирок силер жакшы иштей турган болсоңор...

– Жакшы иштейбиз, жакшы иштейбиз!

– Андай болсо, мен силерге бирден момо берейин, суу болсо тиги арыкта агып атат...

Биз бирден баланын муштумундай бууга бозоруп бышкан тузу жок момо алып суу менен ууртап жеп, балаганга келип жабуусу жок, жаздыгы жок таардын үстүнө жатып калдык. Жабуунун кереги да жок, күн ысык, түндөсү үп.

Кайсы убак экени билинбейт.

– Тургула! – деген катуу кыйкырык жерди жарып чыккандай болду. – Тургула, не баниге... (силерди элеби) момо жедиңерби? Жедиңер. Жакшы иштейбиз дедиңерби? Дедиңер. А эмне жатасыңар?

Мен угуп атам, турайын деп эле тура албай атам, көзүм ачылбайт, башым туман... Күндөгүдөй эмесмин.

Дагы кыйкырды, каргылданган үн жанагыдан ачуу чыкты:

– Жинижи... (энеңди...) тургула! – деди. Дунгандар кишилердин, а тургай энесинин көзүнчө ушинтип сөккөндү эрөөн албайт.

Каңылдап-саңылдап, кобурап-жобурап жатып көз ачсак таң жаңыдан атып келатыптыр, жер көрүнбөйт. Колубузга кечинде эле бирден санса (темир калакча) берген, ошону сыйпалап издеп жүрөбүз. Сансаны алып апийим аңызына бардык. Жерге жарык түшө баштады. Чал кетменди өзү алды, сол сала баштады. Бою сөөмөйдөй, чыпалактай болуп калың көптүн арасында жаңыдан өсүп келаткан ак саргыл жалбырактарды көрсөттү:

– Манабул апийим экенин тааныйсыңарбы?

– Тааныйбыз.

– Таанысаңар апийим деген ушу, алтындан да кымбат нерсе, билип койгула. Кандай отогонду билесиңерби?

– Билебиз, билебиз.

– Жок, силердин билгениңерди мен да билем, анын мага кереги жок, мен билгенди үйрөнгүлө.

Жалдырап карап турабыз. Мен башым менен жер сайып жыгылганы араң турам. Ар аралыгын бир метр чамасында сол жасады, кыска-кыска кылып ар бир солдун башына бирден бала олтургузду, сенин солуң ушу деп көрсөттү да, сайрай баштады:

– Бир тал чөп калбасын, сансаны терең, тез-тез сайып, топуракты күл майда кылып отогула. Апийим жалбырагынын аралыгы эки карыштан болсун, топтолуп чыккандарын бирден гана эң чоңун калтыргыла, эки же үчтөн болуп жанаша чыкса бирөөнү калтырып, өңгөсүн тамыры менен сууруп таштагыла. Калтырган апийим сабагы жыгылып, жатып калбасын, түбүнө топурак үйүп койгула, бат-бат отогула. Сүйлөшүп олтурчу болбогула, эскертип коёюн, мага бекер иштеп жаткан жоксуңар, тамагымды ичип, акчамды алып жатасыңар, ал мага бекерге келген эмес. Ар кимиңер эче күнгө убада кылсаңар, ошончо күнү мен айткандай иштейсиңер. Заара кылгыңар келсе басып кетпестен мага айтасыңар, түшүндүңөрбү? Сөз бүттү. Баштагыла.

Биз жабалактап отоого кириштик. Таң жарыгы эми текши түштү. Колубуз шүүдүрүмгө суу болуп, топурак ымдашып сансага жабышат. Чал солду биртике чаап барып токтой калып, биздин кандай кыймылдап жатканыбызды байкап турат.

Кардыбыз ачып, качан тамак берет деп кылчактайбыз. Бир убакта чал солдун башына чыгып, балаганды карай кетти. Эми тамак бергейле деп турабыз, чоң шашке болуп калды. Балаганга чакырат го, ошол аралыкта кичине эс алалы деп турганбыз, андай болбой калды. Казанга чай кайнатып, чакага алып келди. Бултуйган карапа чыныларга куюп, муштумдай экиден момо, эки талдан көк пыяз, бирден жумуртка берди иштеп жаткан жерден тургузбай.

– Силерди убара кылбайын, иштерибиз токтоп калды деп капа болуп жүрүшпөсүн дедим, туурабы?

– Туура, туура, – деди кай бирлери.

– Бир колубуз менен жеп, бир колубуз менен отой беребиз, – дедим мен кыжырым келе түшүп. Ачуусу чукул неме экен, ызырынып жаман сөз менен сөктү. Мен да ичимен ашатып, жемимди жедирбедим.

– Чыныңарды чакага салгыла!

Айтканын иштедик.

Шабыратып отоп жатабыз. Чал аралап көрдү да:

– Хэй, тур өйдө! – Бир узун бойлуу баланы тургузду. Арабызда эки эле уйгур баласы бар, калгандары кыргыз балдарыбыз, бир да дунган баласы жок.

Алиги узун баланы удаа-удаа ашатты да, кулагынан чоюп жемелеп кирди:

– Сеники көз көрөдү, жокпу? Ана чөп калды, ана үч апийими турады, бири калады керек, биледими? Акча топуракы, момо жапыракы эмес, ахмахы... Хэй, сен бери келеди!

Дагы бир баланы чакырып алды, ага да кине коё баштады:

– Сен нема тоо карайды, асман карайды, апийим карамайды, ахмахы...

– Чарчадык, дем алыш бериңиз, – дедим мен дунганча. Мен дунган баласы болгондугум үчүнбү, тилдеген жок.

– Түшкү тамак ичкенде эс аласың, аз калды...

Балдарга кыргызча айтып бердим. Баш көтөрбөй, эки колубуз тынбай томполоңдоп жер сайып жатабыз. Чөп калтырбай таза отоого күч жумшайбыз. Төбөбүздөн күн кактап турат, суусап атабыз, да бир чоңураак балага арыктан бир чака суу алдырып келди. Кечигип келет деп чал өзү ээрчитип, шаштырып барып, шаштырып келди. Ошо суудан чаканы эңкейтип ичип эс ала түшүп атабыз.

– Тез, тез ич! Эмне көп ичесиңер, бакасыңарбы? – деп шаштырып турат.

Түш болду, балаганга чакырды. Он төрт карапа чыныга толгон сууга бышкан күрүч ботко, тузу жок. Ысык болсо көпкө олтуруп калышат деген ой менен алда небак жасап, суутуп койгон амалын баарыбыз билип турабыз. Боткого кошуп бирден момо карматты. Бир чыныдан чакага куюп койгон жылуу чай берди. Кант деген түшкө да кирбейт. Ичкенибиз карынга жугун болбой калды. Баарыбыз текши ичип бүткөндөн кийин эле кыйкырып калды:

– Тамагыңарды ичтиңерби? Тургула! Салкын түшүп калды, карап турууга убакыт жок.

Кыңк этпей барып отоого кирдик. Баш көтөрүү, эки жакты карап коюу жок. Чал жаныбызда ары-бери басып турат. Кичинекей эле токтоло калып же сүйлөшө калсаң кыйкырат, сөгөт.

Эптеп кеч кирди. Отоого майда чөптөр көрүнбөй калды. Ордубуздан турууга уруксат берди. Басалбай калыптырбыз, тырп этерге ал жок, эки колум оор тартып көтөрүлбөйт. Балагандын ичине кирип, бет-бетибизден кеттик. Тамак ичүүгө шайман келбей калды. Түштө жасаган боткодон жедик, бирден момо, казанда кайнаган чай ичтик. Алманын жалбырагын салып кызартып өң берип, алма жыттанган чай.

Бүгүн кечээкидей болбой чиркейге акыл таптык. Чоң таарды жабыла күбүп, теңин салынып, теңин жамынып чогуу жатып алдык. «Эми чиркей кирип көрсүн» дедик. Тиги чалдын чүпүрөк мээлейи, башына жапкан электен жасалган кептакыясы бар экен, чиркейди тоотпойт.

Кечээги сыяктуу бүгүн да ошол эле маалда тургузду, ошол эле жумуш, андан ашып кетпесе кемибеген кыйноо.

– Чөп калып калды, көзүңөр жокпу, чөп кайра чыкпас кылып тамырын калтырбай терең сайгыла сансаны. Хэй балаңса, кайда баратасың?

– Заара кылып келейин.

– Улам эле чыга бересиңерби? Сууну көп ичпегиле деп айтпадым беле, жалкоо балдар экенсиңер. Үйүңөрдү сагындыңарбы?

Бул апийим ээси жыртак чал капкайдагыны козгоп кыжырга тие берет. Мындан кетип кутулбасаң, кутула турган эмессиң.

Бул күн да өттү. Чарчаганды айтпа. Өңгөнү билбейм, мен бутумду көтөрүп басалбай калдым. Белим очорулуп, кайкалактап араң кеч кийирдим. Мындайда күн да узарып кетет окшойт...

– Ой, бала, – дедим мени ушу чалга туш кылган баланы, – бул жыртакка мени кайдан жолуктурдуң, атасынын акысы бардай кыйнады го? Мен эртең кечинде кетем, үч күнүм бүтөт, бул бир кокуй неме экен.

– Мен дагы кетем.

– Мен дагы.

– Мен араң эле турам, жетет.

Балдар туш-туштан жамырап кетишти.

Кудай жалгап каш карайды, бошодук. Сокурларча шыкаалашып олтуруп ботко жедик, аны чал өзү жасаган, сууну кайнатып туруп күрүчтү жуубай-этпей салып жиберип аралаштырган, майы, чымчым тузу жок ботко.

– Эх-ээй, балдаржан, – деди уйгур баласы, – көргөн эмес экенсиңер да... айтып берейинби?

– Айтып берчи!

– Өткөн жылы мен додам менен бир дунгандын апийимин отодук, ал мындан ашкан кокуй эле.

Менин алиги бала экөөбүздүн үч күнүбүз бүттү, акыбызды бергин, кетебиз дедик. Чал дагы калгыла дегенинен болбой койдук. Убада боюнча үч сомдон акча берди.

– Биз дагы кетебиз!

Үч бала иштеген күндөрү үчүн эмгек акыларын талап кылды.

– Жок, силер кетпейсиңер, беш күнгө келгенсиңер.

– Кетебиз, үч күндүн акысын бериңиз.

– Бир тыйын бербейм, беш күн иштегенден кийин аласыңар, ооз ачпагыла. Мен үйгө кайттым.

Короздун башы

Бир күнү маям ныяз (кудайы аш) берем деп, алда качан тиги дүйнөгө кеткен эрин эске алып камынып калды. Чоң кызыл корозду мага карматып алып, мечитке барып молдого мууздатып келүүгө жиберди.

Мен корозду көтөрүп алып төмөн, баатыр Булардын мечитин карай жөнөдүм. Кара-Коңузда бир гана ошол мечит бар. Баары ошондо келип намазга түшөт. Бул мечитти Булар баатыр салдырыптыр, сай жактагы четки көчөдө. Ошондуктан «Булардын мечити» деп айтылат.

Көнөктөй болгон кызыл корозду көтөрүп баратсам, балдар көчөдө короз уруштуруп (кармаштырып) жатыптыр. Алардын короздору да чоң-чоң экен күрсүйүп. Бүйрүм кызып карап турдум.

– Уруштурасыңбы корозуңду? Башын жулуп алат менин корозум, балбан...

Мен бул чотурайган баланын сөзүнө намыстана кеттим да, корозумду коё бердим. Желкесин үрпөйтүп, мойнун койкоңдотуп тиктеп калды. Анан жүткүнүп-жүткүнүп туруп төшкө тепти. Экөө тең чалкасынан түшүп, оңоло калып төбөсүнөн кылычтай болгон кыпкызыл сажыдасынан секирип барып тиштеп алып көкүрөккө тепти. Чалкасынан кетип кайра тура калышты. Ошентип эки короз тебишип атат, тебишип атат. Алгач катуу, ыргыта тебишип жатты эле, биртикеден кийин канаттарын шалпайтып, чокуша кетип, акырын тебишип калды. Кимдики качаар экен деп карап турабыз.

Ана, тиги баланын корозу башын ылдый салып кача баштады. «Дагы бир теп!» – деп кыйкырдым корозумдун арт жагына тура калып. Менин корозумдун ачуусу аябай келип калган экен, дал чокудан, чоктой кызыл сажыдасынан тиштеп алып жетелеп баратат.

– Болду, болду жеңилди! – дешти балдар.

– Кимдин корозу балбан экен? – дедим тиги балага. Ал унчуккан жок. Мен корозумдун урушканына моокумум канып, көтөрүп алып мечитти карай жөнөдүм.

Дарбазадан мечиттин короосуна кирип, аржак-бержагына көз жибердим. Бою пекене, жашы улгайып калган, чепилдеп сүйлөгөн, көзү жүлжүйгөн дунган мени көрүп:

– Тиги жерге бас, мууздайын, – деди аржакта даяр турган бычагын алып. Мен көрсөткөн жерге бардым. Ал корозду колуман алып, салмактап көрдү да, чочуп кетти.

– Эй, аа, чосу са? (Эй, бала, бул эмне?) Сажыдасы эмне болгон, эмне ыкшыят, ооруган корозбу?

– Жок, үйдөн чыкканда соо болчу...

– Анан эмне болду?

– Жолдо короз менен урушту.

– Уруштурбай койбойсуңбу.

– Жолдо урушуп жаткан корозду көрүп колуман түшө качып барып уруша кетти.

– Ошондойбу? – Кыт-кыт күлдү. Ал ойлоно калды да:

– Башынан кан чыгып калган тура, кекиртектен чыгыш керек эмес беле, кудай жолуна союуга жарабайт, айыксын. Жума күнү алып кел, – деп корозумду карап-карап туруп башын чайкап колума карматты. Кыңырылып туруп алып кеттим. Башым маң болду: «Маяма эмне деп жооп айтам? Ал эми мени тирүүлөй соёт, короздун ордуна мени соёт. Өзүм союп алып барсам эмне кылат экен? Ким сойгонун билмек беле?» дедим да, касапчыга барып бычагын сурап алып, арыктын жээгине алпарып, эки канатын кайрып, сол бутум менен жерге ныгыра басып, эки шыйрагын оң бутум менен жерге жабыштыра басып тыпыратпай, «быссымылда» деп туруп мууздадым. Кан чыкты, жаны тез чыксын деп бычакты дагы бир такап туруп тартып алсам, башы колума келди. Чочуп кеттим. Бутумду тартып алсам корозум канаты менен жер чапкылап тыпырап, мөңкүп атат. Анан бутун бир серпип, канаты менен жерди бир чаап алды да, былк этпей жатып калды. Башты кармап турдум. Чатак эми болду...

Башты арыктын ичине ыргытып жиберип, короздун денесин үйгө көтөрүп бардым. Маям көрүп койду, өңү бузула түштү.

– Башы кана?

– Молдо алып калды...

– Эмне дейсиң? Ал эмне кылат экен? Ошондой кантип болсун, бар, алып кел.

– Бербей койсо эмне кылам?

– Өзүн ээрчитип кел, тез бар, чурка!

Мен учуп жөнөдүм. Жаңы эле жейин деп муштумдай момону алган элем, дамбалымдын кашатына катып койдум.

Ыргыткан башты издесем жок, сууга агып кетиптир. Ал жаралуу баш эмеспи, тапкан күндө да менин пайдама турбасын түшүнөм. Эмне кылыш керек? Айлам кетип турду. Көчөдө баратам, башым маң... Бир аздан соң акылга келдим. Тоок көчөдө койдой жайылат, качпайт, жоош. Момодон үзүп алып чоң кызыл корозго жакындап келип үбөлөп, кичинеден чачтым. Ал мекияндарын шыкылыктап чакырып, койкоктоп басып келип терип жей баштады. Дагы жем чачып, тийбей турган кишиче шек бербей аңдып турдум да, алдыма келип эчтекеден күмөн санабай тоголок күкүмдү терип киргенде лып кармай калдым. Какылдап жиберди, мекияндар чочуп так секирип жайыла качты. Корозду кучактап алып тызылдап ээн жакка жөнөдүм.

Тааныш касапчыга жүгүрдүм.

– Мынабу корозду союп, башын мага бергин, денесин сен алгын, мага өзүң билип койдун этинен кичине бергин, маяма керек, – дедим.

Ал корозду таразага койду, жүнүн үйлөп семиздигин көрдү. Аны-муну дебестен тааныштык кылып бир кадак жаш койдун этин берди.

Мен башты алганыма сүйүндүм. Бутум жерге тийбей үйдү карай жөнөдүм. Этти Күр деген бай дунгандын малайы Жапаркулдукуна берип кеттим. Мен аны менен ынакмын. Ал менден дунганча тил үйрөнөт.

Короздун башын маяма алып келип бердим.

– Эмне кечиктиң? – деди.

– Молдо бир жакка кеткен экен, күтүп олтурдум.

– Молдо эмне үчүн башты алып калыптыр? Шарыятта бар бекен?

– Соопчулукка кесип алгам, унутуп коюптурмун деди. Мени көрүп сүйүнүп кетти...

– Жакшы молдо экен.

– Ооба, мая, жакшы экен...

Маям эмнегедир кээде короонун артына огородго барып, эч кимге көрүнбөй далдаа жерге олтуруп алып, адегенде акырын үн чыгарып ыйлап, анан өзүнөн өзү токтоно албай эчкирип-эчкирип ыйлап жиберет. Ал катуу ыйлаганда эч кимди көзүнө илбей калат. Мен жакын турсам да көрбөй, бакырып-бакырып: «Мени эмне мындай шордуу жараттың!» – деп бирөөгө таарынып ыйлай берет, ыйлай берет. Анан ошо жерге жатып калат.

Нанам дайым байкап жүрөт:

– Баягысы башталды ээ? – деп турат. – Тим кой, жанына жакын барба, бир кезде өзү турат. Өлгөн эрин, менин жалгыз уулум Ясырды эстеп, күйүп ыйлап атат. Күйөөдөн жаш калбадыбы, менин балам да жаш кетти. А Пар болсо, улуу баласычы, багып алган бала, тууганыбыздын баласы, эч кимге оозуңан чыгарба! Оозуңан чыкканын билип калса.... маяң сени цей кылып туурап салат. Уктуңбу, сени жакшы көрүп айтып атам, оозуңду кулпулап кой.

Нанамдын минтип сыр айтып жаткан себеби, эки көзү көрбөйт, жоодурап карап турганы менен, суу карек деп коёт. Ал намаз окуйт, дааратка суусун мен даярдайм. Бирдеме болсо мени жумшайт, жаман көрүнбөйүн деп мен илбериңки иштейм. Көчөгө чыкса мен жетелеп жүрөм. Кичинекей эле шамал болсо баса албай калтылдап чайпалып, өзү чоң, эти оор, буту бир сөөмгө жетпейт.

Маям Фатьмени он үч жашында күйөөгө, Кара-Коңуздагы Шолохар дегендин баласына бериптир. Алматылык дунган экен. Ошондон бери төркүндөрүнөн бир да киши каттабаптыр. Эки кыз, Кивазы деген уул төрөп алганда да жана ушу балдардын атасы Ясыр жарык дүйнөдөн кош айтышканда да келбептир. Күйөөгө чыккан күндөн бери эне-атасынын жана бир туугандарынын жүзүн көрбөптүр. Фатьменин балдарын билишпейт да, таанышпайт да экен.

Өлүп кала жаздадым

Бир күндөрдө башым кычышчу болду, тырмап-тырмап коём. Муздак сууга жууйм. Самын кайда?.. Сууга жуугандан кийин ого бетер кычышып, ар кайсы жерине жара чыга баштады, чачым чайыр чаптагансып жабышып калат. Топумду баса кийип эч кимге айтпай, көрсөтпөй жүрөм, маяман өлгөндөй корком, ошол билбесе экен, көрбөсө экен дейм, ушул жара кычышканда тим эле башымды жулуп ыргытып ийгим келет дейсиң... Чүнчүп кеттим, ойногум да келбейт, эч нерсени көңүлүм сүйбөйт.

Маям экөөбүз бир күнү хайыга жасала турган тултук жыгач тамандын жыгачын, кара жыгачты кылдаттык менен таарып жатканбыз. Мен тердеп кеттим. Жаагыман аккан терди алаканым менен сүрттүм.

– Топуңду алып кой! – деди маям. Мен унчукпай төмөн карадым. Башымдан топуну жулуп ыргытты да чочуп кетти:

– Бул эмне? Башың эмне болгон?

Менде үн жок, кеп жок, качан чыбык чыпылдайт деп турам.

– Сокурдан жугузган экенсиң ээ? Ошону менен ойногон экенсиң ээ? Топусун кийгендирсиң, айт, кайдан жугуздуң?

– Билбейм.

– Билбейт имиш... Балакет-салакеттин баарын жугузуп алып. Ме, базарга барып, мынабу тыйынга жарты кадак насвай, бир бөтөлкө зыгыр май алып кел.

Мен акчаны алып, таяк жебей калганыма сүйүнүп, жөнөп бердим да тез эле жетип келдим.

– Алып келдиңби?

– Ооба.

– Бас, тиги арыкты көздөй, карма муну.

Колума тултук карапа чыныны карматты. Базардан алып келгенимди кошуп, көчөдөгү арыктын жээгине жеттим, тааныш балдар көрбөсө экен деп санаа тартып баратам.

Маям колуна бүлөөнү, устараны кармап кумсарып, каарын бетине чыгарып келатат. Коркконум жок, эмне кыларын айтпаса да туюнуп турам. Арыктын жээгине, көк чөптүн үстүнө эркекче малдаш токунуп олтуруп алып устараны курчутуп атат. Чыныга насвайды салып, бир чүчкүрүп алды да, мага карматып, эмне кылуу керек экенин айтты.

Мен зыгыр майдан үстүнө куюп чалып, аралаштырып атам, ал устарасын бүлөп атат.

– Кана, бери кылчы! Жакшы ботко болгон тура... дары ботко деген, сары ботко деген ушу... Чеч көйнөгүңдү, жуу башыңды.

Кир чолок көйнөктү чечип ыргыттым, башымды арыктагы сууга жуудум, самын деген көрөргө жок.

– Болдуңбу?

– Болдум.

– Тос башыңды бери.

Маямдын алдына келип, эки колумду боорума кысып башымды кыңк этпей тосуп бердим. Кызылала кан кылып, курч устара менен заматта чачымды жара-марасы менен шыпырып таштады, ооруйт го десем ооруган жок, кайра кычуусу канып атат.

– Жуу башыңды! Олтур бери, былк этпе.

Олтуруп бердим. Башыма дары боткону балжырата шыбады, калың топу кийгенсип калдым. Чүпүрөк менен ороп, учун чекеме түйүп жатып чүчкүрүп жиберди да, ошо бойдон үйгө жүгүрүп кетти.

Мен арыктын жээгинде кала бердим. Көзүм караңгылап, чекемен тер чыга баштады, башым айланып окшуп кусуп жибердим. Эсим оой түштү, жанталашып турайын деп обдулуп кайра жыгылдым. Көзүмдү ачсам, асманда көмкөрүлгөн чоң кара казан турат, кайра жумдум. Обдулуп тура албадым. Төбөмдөгү казан эмес, күн экен. Сууга кол сунам, жете албайм. Эсим ооп баратат, бет алдымда: «Абы! Абы!» – деп карындашым Асыйпа турат, көзүмдү ачсам жок. Ак тайлак да боздоп келип кетти...

Бир кезде көзүмдү ачсам кеч кирип, салкын жел жүрүп калыптыр. Көпкө чейин олтурдум, турсам эле башым зыңгырап, калчылдап кетем. Үйүбүз жакын эки аркан бою келет. Эмгектеп барып, короого кирдим. Чабалактап жатып уктап калыптырмын, тоок чакырганда нанам намаз окуганы туруп, адатынча дааратка суу алып кел деп, менин алсыз абалда жатканымды билбей кайра-кайра кыйкырды:

– Лайвазы, суу! Үнүң өчкөн Лайвазы, дааратка суу алып ке-е-ел!

– Нана, мен тура албай жатам.

– Эмне болуп тура албайсың?

– Билбейм, турсам эле тамтаңдап жыгылып атам.

Маямын үнү чыкты.

– Балдар ойгонот, кыйкырба-а!

Мен унчукпай калдым. Короонун түп жагына барып, өзүм жатып жүргөн тактай тектирчеге жатып алдым. Кардым жабышып турат. Бир кезде маямдын шаңкылдаган үнү чыкты:

– Лайвазы, а-а, Лай-ва-зы-ы-ы!

Мен ордуман тура калдым, бирок түз баса албадым, бутум чалыштап тыякка, быякка кетет. Темтеңдеп келатканымды көрүп боору ооруду маямдын:

– А шордуу десе, кечээги дарыны көтөрө албай калган тура. Кел, күрүчтүн балы менен ысык чай ич, анан башыңды көрсөт.

Мен балды момого сыйпап жеп, ысык чай ичип тердедим, мурда тердечү эмесмин.

– Башыңдагы чүпүрөктү алып таштап, арыктагы сууга таза жууп кел.

Маямдын айтканын кылдым.

– Башың айыгып калыптыр, күзгүгө карачы.

Күзгүгө карасам чын эле баягы жаранын бири да жок, орду кара так болуп турат. Бу күзгүдөн эмнени көрдүм: Өңүм сапсары, көзүмдүн агы да сары, колум да сары көрүнөт. Карандай окшуйм. Баскым келбейт, алым жок, жаткым эле келет. Максым, саамал ичким келет, ынак сорпо ичким келет.

Көп убакытка чейин тыңый албай жүрдүм. Күр деген дунгандын малайы, менден дунган тилин үйрөнүп жүргөн Жапаркул деген кыргыз жигит мени жакшы көрөт, мен дагы аны жакшы көрөм. Экөөбүз ыңгайы келе калган күндөрү өз эркибизче сүйлөшөбүз. Ал ырдайт. Атамын «Бак-бак» деген ырын мен ырдаймын. Ошого айтсам абдан кейиген болчу.

– Сүт ичип жүр, сага сүт керек. Өзүң сүт, айран сатасың, сүт жакшы болот, бооруңду агартат! – деген.

– Саткан сүттү акчам жок кантип ичем?

– Сатып алган сүтүңөн алып келе жатканда бир чыны ич дагы ордуна бир чыны суу куюп кой, андан сүт кемибейт.

– Чыныны кайдан алам?

– Аны мен берем. Үйүңө жакын бир жерге катып кой, сүттү ошо жерден алып өт, куюп ич, анан катып кой!

– Ууру болуп калбаймынбы?

– Жетимдикин Кудай өзү кечирет.

Мен Жапаркулдун тили менен сүт алган күндөрү бир чай чыныдан, кээде бир жарым чыныдан ынак сүт ичип жүрүп, кийин оңолуп кеттим.

Асанбай шордуу

Асанбай баласы жок, улгайып калган, суюк сакалы бар, арык чырай, ачуусу чукул, сары киши болчу. Катыны чочугансып туруп-туруп эле бир сүйлөп калган, аркы-беркини көп элес алчу эмес. Экөө тең мени жакшы көрүшчү. Кара-Коңузга кийин келишкен. Алардын үйү орто көчөдө, бир бөлмө. Каалга, терезеси жок, тактайдан каалга жасап, чүтүрөйгөн бир көз терезеси бар. Өзү өтүкчү. Күндүз тамынын түбүндө олтуруп, бирөөлөрдүн жемирилген такасын, тешилген таманын, айрылган жулугун жамап-жаскап олтурчу. Бир күнү мен өтүп баратсам катыны чакырды:

– Ой, бала! Алдагы көтөргөнүң эмне?

– Айран.

– Сатасыңбы?

– Сатам.

– Алып кел бери, акка зар болдук. Чал, алайынбы бир чыны?

– Ал.

Өтүкчү тыйын берип жатып сурап калды:

– Кыргыз бала экенсиң, дунган асырап алган го? Ким дегендин баласы болосуң, элиңди билесиңби?

Мен билгенимди жашырбай айтып бердим. Анан эле ал киши ыйлап жиберди:

– Кудай мага бала берсе эмне?

Кемпири чынымды бошотуп берип:

– Кудай де, чал, кантели, – деди көңүл айтып.

– Менин атым Асанбай өтүкчү, өйдө-төмөн өткөндө көрө калып жүрөбүз. Бут кийимиңер жыртылса мага алып келип тур, бүтөп берем.

Ушу кишилер менен ошентип тааныштым. Кээде кайрылып калам.

Бир күнү түш оой бергенде, айранымды сатып бүтүп кетип баратсам Асанбай өтүкчүнүн катыны чакырып калды. Эшигинин каалгасы ачык экен, капшытта Асанбай онтолоп жатат. Селдейип туруп калдым. Асанбай акырын айтты:

– Олтур, балам, атың ким эле?

– Лайвазы.

– Лайвазы балам, угуп тур. Мен туугандарыма таарынып, кемпиримди ой-боюна койбой жетелеп ушу Кара-Коңузга келген элем. Баягүнү кетип баратсам кабанак ити бар дунгандын короосунун арт жагында жер жайната айдаган пыяз-сыязы бар экен. Жалбырактары дүпүйүп, түбү кызарып көрүнүп турган козу кулакка окшогон немесин кандай болду экен ооз тийип көрөйүнчү, дунгандар эле жеп жүрөт деп басып барып бир түбүн жулуп алдым. Кабыгын аарчып жейт бекен же ушу бойдон жейт бекен деп турсам, дал ортомо бирдеме шак эле дей түштү, бетмаңдайыман жыгылыптырмын. Эмне болгонумду билбейм, бир кезде көзүмдү ачсам кемпирим чырылдап жанымда олтуруптур, мени көтөрүп үйгө алып келди.

– Ал дунганды тааныйсызбы?

– Көрсөм тааныйм, кетмен кармап келатканын көргөм, мени чапканы келатканын кайдан билейин. «Эмне үчүн чамгырды үзүп алдың?» – деп кыйкырып жулунганын, анан кетмендин желкеси менен дал ортого берип калганын билем. Бармактын башындай болгон жаңы чыккан бир шалгам үчүн кылганын кара...

Ал унчукпай көзүн жумуп калды. Бир аздан кийин көзүн ачып, бутун сунуп үшкүрүндү, сүйлөгөн жок. Мен кетип калдым.

Эртең менен айран көтөрүп баратсам катындын ыйлаган үнү угулат, мен ошо жакка бет алдым. «Асанбай өтүкчү өлгөн экен» – деп түшүндүм. Айранымды обочо жерге коюп чуркап бардым. Асанбайды чепкени менен жаап коюптур, жатаар ченде жан бериптир. Эч ким жок, катыны белин курчанып алып ыйлап олтурат. Мен боорум ооруп ыйлаган бойдон айранымды көтөрүп, коон базарды карай кеттим.

Бул окуя 1922-жылы май айы ченде болду.

Насыя таяк

Жумуртка сатып келер замат мени маям саман алып келүүгө жумшады. Узун кендир жипти алып жөнөдүм. Кырманга жеткенде жолдо таш ыргытып, чымчыкты уруп, көпөлөк кууп, өзүм жаз алдында уйдун жүнү түлөп жатканда жасап алган жүн топту кашатыман алып ойноп барам. Көңүл ачар андан башка бул кыштакта эч нерсе жок.

Саманды кырмандан алам, биз өзүбүз эгин айдабайбыз, кырманыбыз жок. Эгин айдагандардын кырманы бар. Ал эгиндер дунгандардыкы. Жерди айдагандар да, сугарып-багып, оруп-жыйнап кырман жасап алда кайдан араба менен тартып келген да кыргыз малайлар. Ар бир оокаттуу дунгандын эшигинде экиден-үчтөн, кай биринде андан да көп малай болуп жүрүшөт. Буларды кыштай ат бактырып, жаз алдында талаа жумуштарына чегет. Өздөрү кошо барат да, айдай турган жерди көрсөтүп, эмне себүү керектигин айтып, анча-мынча тамагын берип: «Паланча күнү тамак алып келем, жакшы айда, ала калбасын, паланча күнгө чейин бүтүр, өзүм келип көрөм» – деп такалап кетет. Соко менен ат-араба дунгандыкы. Кеп мына ушу жерде...

– Атү (ат) меники, соко сеники, момо меники, суу Кудайдыкы, сеники эмне бар? Тамак жейди кыял бар... – деп жер-жеберине жетип туруп үйүнө кетет.

Кожоюн: «Сен араба айдай албайсың», – деп арабаны өзү айдап, тээ алыстагы бака чардап, жылан сойлоп, чиркей ызылдаган кыргыз «бул жер эмес» деп таштап койгон эл-журт жок эрме чөлгө барып, жерди күл майда кылып айдап, бал-балга төрт чарчылап, ичине суу толтуруп коюуга ыңгайлап, күрүч эгүү керектигин айтып, көрсөтүп берип, кожоюн үйүнө кайтып кетет. Малайлар күн өтпөсүн деп чочойтуп камыштан, куурайдан балаган жасап алат. Ал жаанга туруштук бере албайт, көлөкөсү гана бар. Эртең менен кечинде чиркей кара тумандай болуп ызылдап жеп жиберет. Тызылдатып туш келди чагып, жаның көзүңө көрүнөт. Кожоюн айткан убагында тамак алып келбей калса да, кезээрип иштей бермей. Булардын баары кыргыздар. Анан да: «Ушу жер биздин жерибиз экен, дунгандар кытайдан тентип келгенде сурап алышкан экен, байкуштар...» – деп айтып калышканын кантесиң...

Күз болгондо Кара-Кемердин кашатына кыркалай кырман жасалат. Уурдап албасын деп кызылын алып бүткөнчө кожоюндар сакчы коюшат. Канчалык өлүп-талып иштесе да, малай кийин бир тоголок буудайга, бир тоголок күрүчкө ээ боло албайт. Көпчүлүгү: «Акымды баланча-түкүнчө бай бербей койду, кантели, кудайдан жетсин», – дегенин угасың. Бул жылыга боло турган көрүнүш.

Мына ушул Кара-Кемердин кашатындагы кыркалай турган ондогон кырмандагы үймөк-үймөк саман мени гана күтүп тургансыйт. Анткени жаан жаабаса эле күнүгө камдай барам...

Мына ошерден сарт таңгактап алымдын жетишинче саман көтөрүп, жаңы эле короого кире бергенимде:

– Мына, балаңар келди! – деген үндү угуп калдым.

Ачуу менен чыккан үн кулагыма шак эте түштү. Жүгүмдү жерге коюп, чекемдин терин сүртүп, бул эмне кылып жүргөн кемпир экенин билбей туруп калдым. Маям кумсарып, унчукпай келип мени ач билектен алды. Менден эки жаш кичүү баласы Кайвазыга кыйкырды:

– Келе чыбык!

– Менин балам сенин ушул балаңа чачыма сайган күмүш төөнөгүчүмдү бериптир, бергиле! Бергиле дегенде бергиле! – деп тиги алиги кемпир чыңырды.

– Алдың беле? – деди маям.

– Жок, мая, алган эмесмин, баласын көргөн да эмесмин. Мага төөнөгүчтүн эмне кереги бар? Кудай урсун, мая, алган эмесмин, көргөн эмесмин, калп айтып атат.

Маямда ырайым болбоду, кемпирдин көзүнчө мени чыңыртып сабай баштады. Чыбык менен бутка чыпылдатканда чыдай албай тыбырчылап:

– Мая, айланайын, мая, урбасаң мая, чаппасаң мая, аясаң мая, алсам кечке жетпей өлүп калайын мая, аясаң алтын мая, баласын көздөштүргүлө, мая, жалаа жаап жатат, мая! – деп жалынып, көзүмдүн жашын мончоктотуп чыбыктын уусуна чыдай албай жерге жата калдым. Ошондо барып колумду коё берди. Мурда эмне деп сүйлөшкөнүн билбейм, менин көзүмчө кемпирге бир ооз мен жөнүндө сөз айткан жок.

Мен ыйлап туруп кемпирге минтип айттым:

– Эгер мен алган болсом, эртең ушул убакка жетпей өлүп калайын, албаган болсом сенин балаң өлүп калсын! Макулсуңбу!..

Кемпир жооп кайтарбай короодон чыгып кетти. Маям эч нерсе деген жок. Териштирбей туруп, ак жеримен мени ушунчалык кордоп урганы үчүн маяма көңүлүм сууй түштү. Мен эч качан андай жаман жолго баскан бала эмес болчумун. Күнөө болот деп Кудайдан коркчумун, жамандык иш кылсам үйүнөн кууп жиберет деп өгөй энемен (маяман) коркчумун. Барар жерим жок, коргой тургай кишим жок деп этиеттик менен жүрчүмүн. Колумдун туткагы жок болчу, аны маям билчү эле, антсе да териштирип аяган жок.

*      *      *

Кийин мага окшогон багар-көрөрү жок жетимдерди өкмөт Токмоктогу балдар үйүнө чогултту. Көбүбүз ошерде калдык. Ар кайсы үйлөрдө малай болуп жүргөн балдарды топтош оңой болгон жок. Дуңганча жакшы билгенимден көп үйлөргө барып, жетим балдар менен сүйлөшүп, аларды балдар үйүнө апкелүүдө көп иштер жасалды. Ал окуялардын айрымдары журналдын өткөн жылдагы санына жарыяланган.

Чоң Үркүндүн кесепеттери жөнүндө айта берсе сөз көп. Ал жөнүндө өзүмдүн көргөндөрүмдү, уккандарымды эскерүү катары жазып келем.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз