Жусуп Абдракманов: Үркүн

  • 22.09.2022
  • 5783

Тарыхый-даректүү очерк 

“Ала Тоо” журналынын тиркемеси (1983)

Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө автордон

Бул китепче кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшүнүн 15 жылдыгына байланыштуу Кыргыз өкмөтүнүн жана Фрунзе шаарынын партиялык, профсоюздук жана комсомолдук уюмдарынын катышуусу менен өткөрүлгөн салтанаттуу чогулушунда өзүм жасаган докладдын стенограммасын кайра иштеп чыгуунун жана “Советская Киргизия”, “Кызыл Кыргызстан” газеталарында жарыяланган “Октябрдын жарчысы” деген макаламдын негизинде жазылды.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн мүнөзүн баалоодо “Октябрдын жарчысы” деген макаланын алгачкы текстинде өзүм кетирип койгон жаңылыш пикирлер кайрадан иштелип чыкты.

Орто Азиядагы революциячыл кыймылдын тарыхы, айтсак, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн тарыхы атайын иликтеп-изилдөөнү талап кылуучу чоң, татаал тема, ишим көп болгондуктан антип иликтеп-изилдеп чыга алган жокмун.

Бул китепченин жакшы-жаман жазылганы жөнүндө пикир айта албайм. Бирок ал 1916-жылдагы көтөрүлүштү изилдеген тарыхчыга жардам берсе, падышалык Россия жергиликтүү эзүүчү таптар менен биригип алып, кыргыз эмгекчилерин аеосуз эзип турган “кандуу ыплас өткөн эски мезгилди” (Ленин) кыргыз эмгекчилер массасынын кандайдыр бир даражада болсо да түшүнүшүнө жардамы тийсе, анда бул эмгегимди бекер жарыялабаган экенмин деп эсептейм.

Жакынкы келечекте бул темага дагы бир жолу кайрылып, мындан көбүрөөк салмактуу эмгек берсемби деген ниетим бар. Ошондуктан факт жүзүндөгү материалдар жагынан да, ошондой эле бул китепче жөнүндөгү иш билгилик сыны менен да мага жардам берүүнү туура тапкан бардык жолдошторго ыракмат айтам.

Бул китепчени басып чыгаруу бир жылдан көбүрөөк кармалып калды. Ушуга байланыштуу Советтик Кыргызстандын чарбалык жана социалдык-маданий жактан өсүшүн мүнөздөгөн цифралык материалдар бир аз эскирип кетти, анткени Кыргызстан бул мезгилдин ичинде курулуштун бардык жактарында алга карай зор кадам таштады. Анткен менен бул цифралык материалдар тарыхый белгилүү датага карата Кыргызстандын абалын туура мүнөздөйт деген ойдон улам аларды өзгөртүүсүз калтырдым.

Жолдоштор, биз Орто Азиянын жана Кыргызстандын эмгекчи массаларынын 1919-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө сөз кылганыбызда, биздин көзүбүзгө бул жергиликтүү эмгекчилер массаларын оорук жумуштарына алууга нааразылыктан улам конкреттүү негизде кокусунан чыккан козголоң сыяктанып көрүнөт. Чындыгында бул андай эмес. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн падышалык империалисттик Россиянын колониялары катары Орто Азиянын жана Кыргызстандын абалынан келип чыккан социалдык экономикалык тереңде жаткан себептери бар.

Мына ошондуктан менин милдетим бул көтөрүлүштүн мүнөзүн, анын кыймылдаткыч күчтөрүн, анын натыйжаларын гана эмес, ошондой эле бул көтөрүлүштү тарыхый жактан даярдаган социалдык-экономикалык факторлорду да айкындоо болуп саналат. Бул көтөрүлүш Орто Азия элдери колониялык көзкарандылыкта турган 1917-жылга чейинки мезгилде алардын турмушунда болгон революциячыл бардык окуялардын ичинен эң ири революциячыл окуя.

Кыргыз эмгекчилер массаларынын 1916-жылдагы көтөрүлүшүн Орто Азия элдеринин көтөрүлүшүнө байланышсыз кароого болбойт, бирок мен кыргыз калкынын колониялаштырылганга чейинки да, андан кийинки, падышачылык үстөмдүк кылып турган мезгилдеги да абалын, ошондой эле көтөрүлүштүн жүрүшүн жана аякташын көбүрөөк толук сүрөттөп көрсөтүш үчүн Орто Азиянын калган башка элдеринин абалын карап чыгуудан баш тартууга аргасыз болдум.

КОЛОНИЯЛАШТЫРЫЛГАНГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ КЫРГЫЗДАРДЫН КООМДУК-ЭКОНОМИКАЛЫК УКЛАДЫ ЖӨНҮНДӨ БИР-ЭКИ ООЗ СӨЗ

Колониялаштырылганга чейинки кыргыз калкынын экономикасынын чарбасынын маселеси жөнүндө сөз кылганда ой жоруулар менен чектелүүгө туура келет, анткени, менин колумда кыргыз жерин падышалык Россия каратып алганга чейинки кыргыз калкынын экономикалык абалын мүнөздөгөн эч кандай материалдар жок. Анткен менен мал чарбасы кыргыз калкынын чарбачылыгынын негизги, бирден бир тармагы болгондугу белгилүү. Кыйла бөлүгү колониялаштыруудан кийин кыргыз калкынын пайдалануусунан тартылып алынган зор аймактар колониялаштырылганга чейин мал чарбасы үчүн табигый тоют базасы болуп турган. Бирок мал чарбасы өтө примитивдүү жол менен жүргүзүлгөн.

Бул мезгилде кыргыз калкы мал чарбасын интенсивдештирүү үстүндө иштеген деп ойлоонун кажети да жок. Чарбачылыктын феодалдык мүнөзү жана табигый тоют ресурстарын кезектештирип пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып турган зор аймактардын болушу туруктуу тоют базасын түзүү, мал чарбачылыгын интенсивдүү жүргүзүү үчүн күрөшүү зарылдыгын туудурган эмес.

Жогорку эле себептерден, башкача айтканда, учеттук-статистикалык материалдардын жоктугунан улам малдын саны жөнүндө, ушундан улам кыргыз калкынын материалдык абалы, бөтөнчө бул абалдын социалдык жагдайы жөнүндө эч кандай материалдарды келтирүүгө мүмкүн болгон жок. Анткен менен ошол учурду өз көзү менен көргөндөр малдын саны кыргыз жери колониялаштырылгандан кийинки мезгилдегиге, азыркы Советтик Кыргызстандын аймагын падышалык өкмөт башкарып турган жылдардагыга караганда колониялаштырылганга чейинки кезде эки эсе, ал тургай андан да көп болгондугун айтышат.

Бирок малдын зор бөлүгү байлар менен манаптардын салыштырмалуу анчалык чоң эмес тобунун колунда болгон жана кыргыз калкынын абсолюттуу көпчүлүгүн өзүлөрүнө баш ийдирип турууга аларга мүмкүнчүлүк берген. Буга кыргыз калкынын ичинде сакталып турган уруулук мамилелердин калдыктары да көмөктөшкөн. Уруулук мамилелердин калдыктарынын туткунунда калып, материалдык жактан өзүнүн туугандарына – байларга жана манаптарга көз карандылыкта болгон кыргыз калкынын эмгекчи массалары чындыгында өзүлөрүн уят-сыйытсыз эксплуатациялап турган өз уруу жол башчыларынын кулу болгон.

  • өп сандаган жана экономикалык жактан күч-кубаттуу уруулардын, туурараагы, ошол уруулардын манаптарынын бийлиги ушунчалык күчтүү болгондуктан, алар өз уруусунун да, ошондой эле өзүлөрүнүн бийлигиндеги башка уруулардын да эмгекчилеринин өмүрүн жана мал-мүлкүн өзүлөрү каалаганындай калчап турушкан.

Манаптардын бийлигинин күчүн көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй төрт гана факты келтиремин.

1. “Айтылуу” манап Ормонкан конуш которуп бара жаткан жолунда көгөөнүн жоготуп коет: Ормондун өзүнүн эле туугандарынын бири аны таап алып, Ормонго алып келсе, Ормон сен муну уурдап алгансың, андыктан айыбын тартышың керек деп, андан көөгөндүн эки учун бекитүү үчүн кагылуучу эки казыктын ордуна кыз жана көөгөндүн ар бир илмеги үчүн бирден кой, башкача айтканда 300 кой төлөтүп алат.

2. Ормондун уулу Үмөтаалы өзүнүн боз үйүнөн мындайраак жерде отурган күндөрүнүн биринде мылтыгын алып, “күнөөлүүсү өлсүн” деп өзүнчө кобурап, боз үйдүн жанында отурган аялдарга ок чыгарып, өзүнүн жакшы көргөн аялын өлтүрүп салат. Албетте, ал өзүнүн бул жоругу үчүн эч кимдин алдында жооп берген эмес. Ошол эле Үмөтаалы өзүнүн кылычынын курчтугун сынап көрүү үчүн бир бечараны өз баласын өзү өлтүрүүгө мажбурлаптыр, көрсө ал шордуу өз баласынын атын Үмөталы деп коюптур.

3. Белгилүү Шабдан Жантаев бул жерлерде менин уулдарым кыргоолдорго аңчылык кылат деп, тору-айгырлыктардын Рыбачьенин айланасындагы жерлерин тартып алган.

4. Бугу уруусунун Боромбай деген манабы “саяк менен сагызганга убал жок” деп Ысык-Көл ойдуңунун жерлерин бөлүштүрүү убагында кыргыздардын “саяк” уруусунун дыйканчылык кылууга анчалык ыңгайсыз жерлерге көчүрүп жиберген1.

  1. .”Саяк менен сагызганга убал жок” деген макалдан саяк уруусу эзилген жана алардын арасында байлар жана манаптар болгон эмес деп жыйынтык чыгарууга болбойт. Бул макал саяк уруусуна карата башка уруулардын, мисалы, Бугу, Сарыбагыш ж.д.у.с. уруулардын кастык мамилелеринин натыйжасы болгон.

Мен мындай фактылардын тизмесин дагы уланта бере алаар элем, бирок манаптардын күчү жана эмгекчи массалар менен чабал уруулардын укуксуздугу жөнүндө түшүнүк алуу үчүн, менимче, айтылгандар эле жетиштүү.

Жаңы “урууларды”, жаңы аймактарды өзүлөрүнүн таасирине тартуу үчүн Ормон менен Байтиктин күрөшү сыяктуу фактылар сиздерге белгилүү. Анан алар бул ойлоруна жетише да алышкан. Мисалы, жаңы аймактарды каратып алуу үчүн куралданган аскер кураган Ормон мурда ага баш ийбеген саяк, черик ж.д.у.с. уруулардын калкын өзүнүн карамагына караткан, а Каракол уездинин манаптары Боромбай менен Чыныбайдын да саяк, чоң багыш ж.д.у.с. уруулардын айрым бөлүгүнөн турган “букаралары” болгон.

Кыргыз жерин падышачылык басып алганга чейин кыргыздар мамлекеттик жагынан Кокон хандыгына баш ийип турган, бирок бул кагаз жүзүндө гана баш ийүү болгон. Анын заңына ылайык, кыргыз калкынын негизги бөлүгүн өз билгениндей талап-тоноп алып көнгөн кыргыз манаптары Кокон хандыгына жыл сайын алым берип турган. Бул алым, албетте, негизинен эмгекчилер массаларынын эсебинен төлөнгөн.

Уруулук мамилелерди биротоло ойрондоого али үлгүрө элек азиялык деспоттук феодализм орус феодалдары (помещиктери) менен капиталисттери эмгекчилер массаларын талап-тоноодо ага жардамдашууга келген мезгилде кыргыздардын коомдук турмушунда кантсе да бекем орун-очок алып калган болучу.

Уруулук мамилелердин калдыктарынын сакталып кала бериши, алардын кыргыздын чарбалык экономикасынын натуралдуу жана жарым натуралдуу формасында негизделип турушу кээ бир жолдоштордун кыргыз жери колониялаштырганга чейинки мезгилде кыргыздын ичинде уруулук гана күрөш жүрүп, кыргыз айылдарында таптык күрөш болгон эмес экен деп ойлошуна негиз берип келет. Бул көз караш эч кандай сынга туруштук бере албайт. Мындай ойлогон адамдар, биринчиден, Коммунисттик манифестин “мурдагы коомдордун бардыгынын тарыхы таптардын күрөшүнүн тарыхы болуп саналат” – деген жобосун эстеринен чыгарып коюшат, экинчиден, кыргыздардын уруулук түзүлүшү акырындап кедери кетип отуруп, акырында уруулук күрөш феодалдардын Ормон, Байтик, Боромбай ж.д.у.с. манаптар аркылуу жүргүзгөн күрөшүнө орун бошотуп берүү даражасына чейин жеткендигин анык эле билишпейт. Акырында, ал адамдар калыбы, кыргыздар арасында букаралар сословиесинин кайдан келип чыккандыгынын тарыхын иликтеп-изилдеп билүүгө моюндары жар бербеген болуу керек. Антпегенде букаралар кыргыздар арасында орун алган дал ушул таптык күрөштүн натыйжасы экендигин билишет эле да.

Кош, а букаралар дегенибиз кимдер? Алар уруу башчыларынын эзүүсү жок эксплуатациялоосу өзүлөрүнүн уруусунун намысын талашуудан баш тартууга аргасыз кылып, башка урууларга баш калкалап барууга мажбур болгон эмгекчил эл массалары. Мындай эмгекчилерди өз арасына алган уруулардын манаптары өз урууларынын үстөмдүк кылуучу абалда тургандыгын айырмалап көрсөтүү үчүн аларды “букаралар” деп коюшкан. Арабдар да алым төлөгөндөрдү, б.а. чындыгында араб феодалдарына баш ийген эмгекчилер массаларын “букаралар” дешсе керек эле. Коомдук турмуштун айдыңында букаралар сословиесинин пайда болушу кыргыздардын уруулук жамаатынын кедери кетиши жана коомдук турмуш түзүлүшүнүн жарым феодалдык мүнөзү менен түшүндүрүлөт.

Бул жарым феодалдык түзүлүш кыргыз жерин падышалык өкмөттүн колониялаштырылышына  байланыштуу нукура феодалдык мамилелерди түзүү маанисинде алганда андан ары өнүкпөй, токтоп калган. Бул албетте, падышалык өкмөттүн саясаты менен түшүндүрүлөт, анткени ал уруулар ортосунда болуп туруучу чабышууларды кыргыз калкын ыркы кеткен топторго бөлүп салуучу, падышачылыктын колонизатордук саясатына каршы алардын бирдиктүү фронт түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк бербөөчү эң сонун каражат деп билген.

Маданият жөнүндө ооз ачуунун да кажети жок. Мектеп, китеп, газета дегендер болгон эмес. Сабатсыз молдолор өзүлөрүн сабаттуу адамдар деп эсептеген. Алар калкты дин деп аталган апийим менен ууландырып, эл массаларына билим берүү жагын ойлоп да коюшкан эмес, анткени бул алар үчүн пайдасыз болгон.

Колониялаштырылганга чейин Кыргызстан бүтүндөй алганда байыраак болгон дегенден ал кезде эмгекчилер массалалары жакшы жашаган турбайбы деген тыянак келип чыкпайт. Колониялаштырылганга чейинки мезгилдердеги кыргыз эмгекчилер массаларынын абалындагы айырма бул эле: колониялаштырганга чейин алар феодал манаптар тарабынан эксплуатацияланып келсе, колониялаштырылгандан кийин манап-феодалдардын гана эмес, ошондой эле падышалык администратордун, колонизатор кулактын, сүткор капиталисттин да эксплуатациялоосунун объектиси болуп калган. Бул албетте, алардын абалын кыйла начарлаткан.

Эми падышачылыктын колониялоо иш-аракетин жана анын натыйжаларын мүнөздөөгө өтөмүн.

КЫРГЫЗСТАН АГРАРДЫК КОЛОНИЯЛОО РАЙОНУ КАТАРЫ КЫРГЫЗДАРДЫН КООМДУК, ЧАРБАЛЫК ЖАНА МАДАНИЙ ТУРМУШУНА КОЛОНИЯЛООНУН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Орус помещиктери жана буржуазиясы “орус куралынын күчү” менен Кокон хандыгын талкалап, мурдагы Түркстан жергесинин экономикалык жана стратегиялык жактан өтө маанилүү борборлорун басып алып, Түркстан генерал-губернаторлугун түзүүгө жетишкенден кийин алар өзүлөрүнүн алдына бул жергени каратып алуудагы максаттарынын бирин – орус келгиндери туруучу поселокторду куруу үчүн кыргыз жер-суусун басып алууну практика жүзүндө жүзөгө ашыруу милдетин койгон. Падышачылык Орто Азиянын башка элдеринин жер-суусун басып алганы жөнүндө айтып жаткандыгым сиздерди таң калтырбоосу тийиш. Албетте, ал Орто Азиянын башка элдеринин да жер-суусун басып алган, бирок кыйла кийинчерээк басып алган. Кыргыздардан тартып алынган жерлерде орус поселоктору биринчи болуп курулган, андыктан мурдагы Түркстан жергесин агрардык колониялоо кыргыз аймактарын колониялоодон башталган.

Түркстандын 1-генерал-губернатору Кауфмандын приказы боюнча 1874-жылы Кара-Балтада, азыркы Калинин районунун борборунда орустардын биринчи турагы түзүлгөн, андан кийинки үч жылда, башкача айтканда, 1877-жылга чейин кайра эле кыргыз жеринде Чалдыбар, Дмитриевское (Талас) жана Михайловка поселоктору пайда болгон, мындан беш жылдан кийин Таласта немецтердин Николай поле, Романовка, Андреевка жана Владимировка деген төрт поселогу түзүлгөн.

Өзүңүздөр көрүп тургандай, Түркстанды агрардык колониялоо кыргыз жер-суусун падышачылыктын тартып алуусунан башталган деп негизсиз айтып жаткан жокмун. Бирок бул Кыргызстандын түндүк райондоруна тийиштүү жагдай дейлик. А Кыргызстандын түштүгүндөгү жагдайчы? Мүмкүн, ал орус келгиндерин биринчи болуп кабыл алуу “урматынан” четте калып жүрбөсүн! Эч андай эмес. Түштүк райондорунда жашаган кыргыздар да Фергана облусунда орус келгиндерин биринчи кабыл алуучулар болгон. Мурдагы Фергана облусунда орустардын биринчи поселогу 1893-жылы Куршаб жеринде уюштурулган, ал – Покровский поселогу. Фергананы андан кийинки колониялоо деле негизинен кыргыздардын жер-суусун тартып алуунун эсебинен жүргүзүлгөн. Ферганала келгиндердин көп отурукташкан жери Жалал-Абад районунун Көкарт өрөөнү болгон.

Бирок Ферганада жана Таласта кыргыздардын жер-суусун басып алуу канчалык күчтүү болбосун, ал (басып алуу) Жети-Суудагыга, башкача айтканда, Кыргызстандын түндүк райондорунда биз азыр көрүп тургандарга караганда жөнөкөй эле нерсе болгон. Жер-Сууну колониялоо ушунчалык интенсивдүү жүргөндүктөн, ага жана Түркстандын калган башка райондоруна отурукташтырылган дыйкандардын ортосуна сан жагынан барабардык белгисин коюуга болот, башкача айтканда, Түркстандын калган башка бардык облусттарында канча дыйкан отурукташтырылган болсо, Жети-Сууда дээрлик ошончо дыйкан отурукташтырылган.

Кыргыздар жана казактар турган жерлерге келгиндердин мынчалык кыйла көп каптап кириши, кыргыздар менен казактардын чарбачылыгынын мал кармоо уклады жана ага байланышкан көчмөндүктө жашоосу менен түшүндүрүлөт.

Келгиндерди жайгаштыруу алгачкы кезде административдик бийлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн, алар жергиликтүү калктын иш жүзүндө пайдаланып жүргөн жер аянттарын тийиштүү эске алышкан эмес. Каерде жана канча жер бар экендигин көз болжоо менен аныкташкан. Мына ошондуктан падышалык зулумдар көчмөн элдерде зор жер аянттары бар турбайбы деген ойго келип, “ашык жерлерди” тартып алуу багытында иштей башташкан.  Көз болжоо эң жакшы нерсе деңизчи. Бирок маселе жер аянттарын аныктоо сыяктуу проблема жагында болуп жатканда ал анчалык жөндүү эмес да. Бул жерде “көз болжоого” сокур ишенүү эмес, статистикалык жана экономикалык так эсептеп чыгуу талап кылынат ко. Бирок падышалык зулумдар мындай “майда-баратты” этибарга алышкан эмес. Бүгүн бул же тигил жер “бош” жаткан болсо эле аларга келгиндер поселогун жайгаштыруу үчүн жетиштүү болуп көрүнгөн. Алар бул “бош” участок таптакыр бош эмес экендигин, от жер издеп бүгүн бул жерден башка жакка көчүп кеткен көчмөн кыргыз, өз малын жаюу үчүн эртең ошол эле жерге кайра кайтып келээрин билгилери да келген эмес.

Мындан кийин, келгиндер кыймылынын Түркстанга агымынын күчөшүнө жараша атайын келгиндер башкармалары түзүлүп, аларга келгиндерди жерге орноштуруу жана Түркстанды колониялоо мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана ушул максатта “колониялоого жарактуу ашык жерлери бар деп болжолдонгон жергиликтүү калктардын топторунун, негизинен кыргыздардын жерди кандай пайдаланышарын баштан-аяк иликтеп-изилдөө” милдети жүктөлгөн. Келгиндер башкармаларынын иликтеп-изилдөө иштери баалуу көп материалдарды берген, бирок ашык жерлерди табуу жагында алар деле калыстык кыла алышкан эмес.

Кыргыздардын ашык жерлерин табууда келгиндер башкармаларынын чиновниктери, айыл чарбасы үчүн жараксыз жерлерди жарактуу деп табуудан да уялышкан эмес, анткени, алар жергиликтүү калкты ошол жерлерге айдап чыгуу максатын көздөшкөн. Ошондой чиновниктердин бири колониялоо фондусун табуу үчүн андай жерлерди Кытайдын аймагынан долбоорлоого чейин барган.

Жергиликтүү калктын пайдалануусунда турган жерлерди иликтеп-изилдөө иштерин жүргүзгөн инженерлердин, жер ченегичтердин, статистикачылардын, юристтердин, экономисттердин жана падышачылыктын ушулар сыяктуу “окумуштуу” ишмерлеринин эмгектерин окуганыңызда, Маркс “ал (буржуазия) илим адамын өзүнүн жалданма кызматкерлерине айландырып алды” деп эң туура айткандыгын эрксизден ойлойсуз.

Эски Россиянын падышалык-империалисттик чөйрөлөрүнүн кулдары катары абалда турушу гана аларды өзүлөрүнүн изилдөөчүлүк иштеринде маселени чыныгы жөн-жайы менен эсептешпей, фактыларды бурмалап, падышачылыктын баскынчылык саясатына “илимий объективдүү база” түзүп берүүгө жеткирген. Алардын кээ бирөөлөрү, мисалы, Шкапский1 жергиликтүү калкты жайгаштыруу зарылдыгы жөнүндөгү маселени коюшкан күндө да биз “колониялоону уюшкандыкта жүргүзүүнүн” тарапкерлерибиз, кыргыздардын жер-суусун келгиндердин өз бет алдынча басып алуулары кыргыздар менен келгиндердин ортосунда “түшүнбөөчүлүктөрдү” ж.д.у.с. сыяктууларды чыгарып, Түркстанда орустардын таасирин чыңдоо милдетин татаалдатып жатат деп гана эсептешкен.

1.Падышачылыктын эсерлер тарапка өткөн чиновниги.

Качандыр бир кездерде “коомдук ишмерлер” деп аталган наам алуу үчүн далалаттанган адамдардын падышачылык мезгилде жазган эмгектерин окуганыңызда, алардын бардыгынан Түркстанга орус келгиндерин кантип жайгаштыруу, аны сырье алып туруучу жана товар сатып өткөрүүчү эң бай рынокко кантип айландыруу, колониялоо фондусун көбөйтүү үчүн сугат ишин кантип жүргүзүү керек экендиги жөнүндөгү чыйпылыктоону учуратууга болот, бирок аларда Түркстандын жергиликтүү элдеринин чарбалык жана маданий турмушун кантип уюштуруу керек экендиги туурасында дээрлик бир ооз да сөз жок.

Айткандарым жайдак болбошу үчүн революцияга чейинки мезгилде жарыяланган эмгектерден бир нече мисал келтире кетейин. Алардын авторлору “эски коомдо” ар кандай абалда турган адамдар болушса да, Түркстанда дээрлик 10 миллион жергиликтүү калктар жашап жаткандыгын эске албоо жагынан айттырбай бир пикирге келишет.

“Түркестанский край” деген олуттуу жана кыйла кызыктуу китептин автору, князь Масальский минтип жазат: “Шымаланып, олку-солку болбой, күнөм санабай, ийгилик колго тиерине ишенип, өзүбүз жумшаган күч-аракетибиздин акыбети миллиондогон теше жаңы жерлерди маданиятка тартуу жана орус өнөр жайын ага зарыл керек пахта менен камсыз кылуу, бул жагынан чет өлкөлөргө көз карандылыктан толук кутулуу менен гана эмес, ошондой эле айыл чарба өнөр жайынын зор тармагын түзүү, элибиздин байлыгын өлчөөсүз көбөйтүү, Түркстанды орус адамдарынын колониялоосун күчөтүү менен да кайта тургандыгын эске тутуп иштөө зарыл”. (В.И.Масальский. “Туркест. край, стр.7).

Ташка тамга басылгандай так айтылган. “Миллиондогон теше жаңы жерлерди маданиятка тартуу”, Россиянын капиталисттик өнөр жайын пахта менен камсыз кылуу, аны “чет өлкөлүк көз карандылыктан” куткаруу, Түркстанга “орус адамдарын” жайгаштыруу керек экен. А ошол байлыктарды жаратып, ошол жерде жашап, иштеп жаткан миллиондогон адамдарды эмне кылыш керек эле?

Падышачылыктын башка бир тарапкери, Мамлекеттик Думанын мүчөсү А.Л.Трегубовдун эмне деп жазганын да окуп көрөлү: “Жети-Суу сыяктуу берекелүү аймакта толгон-токой асыл жерлерибиз болуп туруп, башка жактарга көчүрүлүшү небак эле курч маселелердин бирине айланган орус дыйкандарынын ошол жерлерге эч бир жайгаша албай жатышы кудай алдында күнөө кылгандык жана адамдар алдында уятка калгандык эмеспи. Ойгонуп келе жаткан Кытай, мындайча айтканда, жаап-жашырбай эле сугун артып турган биздин ээликтерибиздин бул бермети капарга алынбаган бойдон калып жатканда өзүбүздүн түндүк тараптагы жерлерибизге адамдарды жайгаштыруу жөнүндө камкордук кылышыбыз күлкү келерлик жоруктай көрүнөт. Жети-Сууга олуттуу карап, ага тезинен калк жайгаштыруу зарыл. Муну логиканын (империалисттик басып алуунун – Ж.А.) закондору, мамлекеттин, коомдун закондору талап кылып турат” (Васильевдин “Семиреч. Область как колония” деген китебинен цитата келтирип жатат, 3-бет).

Жети-Сууга Кытай тараптан болгон коркунучту “кудайды карабай” апыртып жана Жети-Сууну колониялоонун ийгиликтерин азайтып (анткени, бул мезгилге карай Жети-Суу жетишээрлик эле “орусташып” калган болучу), 1909-жылы мына ошол адам жазып чыккан.

Профессор Васильевдин, колониялоо фондусун көбөйтүү кызыкчылыктарында Чүй өрөөнүнө суу чыгаруу долбоорунун белгилүү авторунун Жети-Суунун ролуна берген аныктамасы мындан кем эмес кызыктуу. “Областтын азыркы жана келечектеги экономикалык жана мамлекеттик мааниси, - деп жазат Васильев, - ага жамаатташ жаткан областтар менен мамлекеттердин кызыкчылыктарынын жана мүдөөлөрүнүн, метрополиянын (Европалык Россия область үчүн метрополия болуп саналат), анан өзүнүн өндүргүч күчтөрүнүн таасири астында түзүлөт.

Европалык Россия үчүн Жети-Суу облусу колония болуп эсептелет: болбосо ал өзүнүн өнөр жайынын продуктулары үчүн рынокту кайдан таба алмак экен.

Анткен менен облус кийинки кездерге чейин европалык Россияда ашыкча көбөйүп кеткен калк жайгаштырылуучу аймак катары алдыңкы орунда туруп келди. Облусттун бул жагынан мааниси дагы кыйла узак мезгил бою сакталып кала бере тургандыгында шек жок, анткени анда айтылуу Түркстан менен катар колониялоого жарактуу зор жер фондусу бар”. Бул айтылгандардан сиздер жамаатташ жаткан облусттар менен мамлекеттердин кызыкчылыктары, метрополиянын талабын, колониялоо фондусун түзүүнү табасыздар, бирок Жети-Суунун жергиликтүү элдерин – кыргыздарды, казактарды эмне кылуу керек экендиги жөнүндө бир ооз да сөз учуратпайсыздар.

Бул адамдардын айткандарын “революционер” Шкапский да кайталайт. Ырас, ал тигилерге караганда маселени бир аз башкача коет. Эгерде тигилер Түркстандын жана Жети-Суунун жергиликтүү тургундары бар экендигин таптакыр унутуп коюшса, Шкапский “унутуп койбойт” да, “келгиндер ишинин кызыкчылыктарында кыргыздарды жерге туура отурукташтыруу” зарыл деп эсептейт.

Көрүп турганыңыздардай, князь Масальский, Мамлекеттик Думанын мүчөсү, профессор Трегубов, профессор Васильев жана “революционер” Шкапский өзүлөрүнүн алдына жана падышалык бүткүл Россиянын алдына генерал Калпаковский койгон милдетти – Түркстан жергесин жана бөтөнчө Жети-Суу облусун орусташтырууну жүзөгө ашыруу үчүн биригип кетишкен. Бул адамдар айтып жана жазып гана кала беришпестен, кептин өтөөсүнө чыгышканын да айтуу керек. Алар кыргыздардын жер-суусун басып алуу маанисинде айтканда өтө көп иш кылган.

Бул пикиримди ырастоо үчүн жолдош Рыскулов тарабынан жарыяланган цифраларды келтирүүгө уруксат этиңиздер. Алар мындай: 1916-жылга карай Түркстандагы 914 орус поселогу менен станцияларынын карамагында 2900 миң теше жер (иштетилүүчү жердин 56,7 проценти) болгон, башкача айтканда, Түркстанда жашап жаткан ар бир оруска 3,17 теше, а жергиликтүү тургундун (өзбектин, кыргыздын, тажиктин, түркмөндүн) ар бирине 0,21 гана теше иштетилүүчү жер туура келген. Мына ошентип, жер деген өтө жетишсиз болуп турган шартта жергиликтүү калктын 94 проценти иштетилүүчү бардык аянттын 43,4 процентине гана ээлик кылган, калгандары орус келгиндеринин үлүшүнө тийген.

Түркстанда ушундай болгон. Эгерде революцияга чейинки Кыргызстандагы кыргыздар менен келгин дыйкандардын ортосунда жердин кандай бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндөгү маалыматтарга кайрылсак, андан мындан кем эмес таң калтыруучу абалды көрөбүз.

Мурдагы Пржевальск уезди боюнча орус калкынын жерден пайдаланышы жагында, жылдар боюнча алынган маалыматтар мындай: 1900-жылы Пржевальск уездинин 11 процентин түзгөн орус калкынын карамагында уезддин бардык айдоо жеринин 23,8 проценти турган. 1916-жылы уезддин 21,1 процентин түзгөн орус калкы бардык айдоо жеринин 67,3 процентин өз колуна алган жана 1920-жылы жер реформасы жүргүзүлгөнгө чейин калктын 34,1 процентин түзгөн орус калкында уезддин айдоого жарактуу жер аянттарынын 84,7 проценти болгон. Пишпек уездинен да ушундай эле абалы көрөбүз.

Орус келгиндер калкы (38,1 проценти) өз карамагында мурдагы Пишпек уездинин айдоого жарактуу бардык жеринин (казактар тараптагы жерлерди кошпогондо) 57,3 процентин кармап турган.

Өзүңүздөр көрүп тургандай, азыркы Советтик Кыргызстанда калктын азчылыгын түзгөн орус келгиндер калкы падышачылыктын колониялоо саясатынын аркасы менен ал кезде айдоо жерлеринин зор аймагын ээлеп алган.

Мен сиздерге жердин сандык жактан бөлүштүрүлгөнүн айтып өттүк, а жерлердин сапат жагына көз карашынан алганда жердин суу менен камсыз кылынган жакшы бөлүгү орус келгиндер калкынын колунда болгондугу белгилүү. Падышалык зулумдар суудан пайдалануу жагынан кыргыз калкын эң жаман шарттарга кириптер кылган. Айтсак, кыргыз дыйкандары менен орус келгиндери бир арыктан суу алып калышса, кыргыздар суудан жекшемби күндөрүндө гана пайдаланышкан, анткени калган күндөрдө суу орус келгиндерине берилген.

Кыргыздардын айдоого жарактуу жерин тартып алуу жана аларды суудан пайдалануу укугунан ажыратуу жагында иш ушундай абалда турган. А жайыт жагы кандай болду экен?

1916-жылы бүткүл Кыргызстандын аймагынан 2449890 га жер токой дачалары үчүн бөлүнүп берилген. Бул жерлердин 77536 гектары чынында эле токойлуу келип, ал эми көбүнчө тоолуу массивдерде жайгашкан, мал кармоочу калктын кыштоолору жана жайлоолору болуп келген 714 миң гектары чынында да жайдак жерлер болгон, бирок алар токойчулук ведомствосуна өткөрүлүп берилгендиктен, мал кармаган кыргыз калкы аларды арендага алып пайдаланып калган.

Мындан тышкары, падыша өкмөтү казына малы багылуучу участокторду түзүү үчүн кыргыздардын чоң жайыттарын алып койгон, анан ал жерлер мал кармагысы келген орус келгиндерине арендага берилген жана орус келгиндери белгилүү мөөнөт өткөндөн кийин ал участокторду сатып алууга укуктуу болгон.

Тилекке каршы, менде азыр казына малы багылуучу ошол участоктор үчүн алынган жерлердин көлөмү жөнүндөгү цифралар, маалыматтар жок. Бирок андай алып коюу кыргыздар үчүн сезилээрлик болбой калышы, кыргыздар арасында нааразылык туудурбай коюшу мүмкүн эмес. Ошондой участоктор пайдалануу боюнча орнотулган тартиптер жана антип алып коюулар кыргыздарга кандай таасир эткендигин Жети-Суу облусунун согуш губернатору мындайча сүрөттөп жазат: “Көчмөндөр мал багып жүргөн чоң участокторду тартып алып, белгилүү мөөнөт өткөндөн жана малдын тукумун жакшыртуу боюнча өздөрүнүн алган милдеттенмелерин аткаргандан кийин ал участокторду өзүнүн менчиги кылып сатып алуу укугу менен аларды орус арендаторлоруна берүү жөнүндөгү буйрук көчмөндөр арасында бөтөнчө сезирээрлик толкундоону чыгарды. Жаңы арендаторлор көп учурларга мал багууга киришпей жатып эле өзүлөрү арендага алган участокторду эксплуатациялоого киришип, мал жаюу үчүн ошол эле кыргыздардын өзүлөрүнө арендага берип, алардан туяк акы салыгын алып, сот аркылуу куугунтуктап ж.д.у.с. чараларды көрө башташты”.

Жерден жана суудан пайдалануу жагынан кыргыз калкы кандай абалда калтырылгандыгы өзүңүздөргө түшүнүктүү болушу үчүн мына ушул баяндалгандар эле жетиштүү деп ойлоймун. Анын үстүнө көбүнчө кыргыз калкы суу чыгарып жана орун-очок алып калган жерлер тартып алынгандыгын, кыштоолору талкалангандыгын белгилей кетүү керек.

Колониялоо жана казына участокторун түзүү үчүн кыргыздардын жерлерин, жайыттарын тартып алуу кыргыздардын турмуштук кызыкчылыктарына баштан аяк таасир эткен, аларды чарбалык өсүш жагынан келечексиз калтырып же ачкадан өлүү, же кулактарга, байларга жалданма кул болуп баруу абалына кириптер кылган.

Кыргыздардан алардын жашоосу үчүн зарыл керек жерлер тартып алынгандыгын, анан алардын пайдалануусунда чарбачылыкка жарактуу жерлер дээрлик калбагандыгын, кыргыз калкынан ал жерлерди өлүп-тирилип жүрүп тартып алгандардын өзүлөрү 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин моюндарына алышкан.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгуу себептери жөнүндө падышага докладында Куропаткин минтип жазат: “Орустардын кыштактарын, мал багылуучу участокторду жана казынанын токой дачаларын, казынанын бирден бир ээлигин түзүү үчүн ошол ашык жерлердин (кыргыз жерлеринин) өлчөмдөрүнө өтө кеңири маани берүү бөтөнчө 1904-жылдан баштап кыргыз калкынын зор жер аянттарынын, алардын ичинде бул калк үчүн өтө зарыл аянттардын тартып алынышына алып келди. Бул көрүнүш сенатор граф Пален жүргүзгөн ревизиянын убагында эле белгиленген болчу, бирок ага тийиштүү көңүл бурулбай кала берген эле”.

Көтөрүлүштүн чыгуу себептери жөнүндө өзүнүн докладында Жети-Суу облусттук согуш губернатору да болжол менен ушундай эле духта жазат. Колониялоо штабынын бул “ардактуу башчысы” өзүнүн ал докладында көтөрүлүштүн чыгуу себептерин падышанын колониялоо саясатынын натыйжалары деп көрсөткөндөн көрө, кыргыз жерлерин келгиндердин өз бет алдыларынча басып алуусунун натыйжалары деп түшүндүрүүгө далалаттанат. Ырас, келгиндер да өзүлөрүн анчалык жакшы жагынан көрсөтүшкөн эмес, бирок ал жөнүндө кеп кийинчерээк болсун. Азырынча Жети-Суу облусунун согуш губернатору эмне деп жазганын угуп көрөлүк.

“Келгиндер иши 1910-1911-жылдарда гана жөнгө салына баштаган, облус бул кезде ал тургай кымырынып-кысынбай эле көчүп келип жайланышууга ачык аймак деп табылган болучу. Жерге орноштурууну калктын топтору боюнча эмес, аймактар боюнча жүргүзүү... анан... башкысы, колониялоонун жаңы фондусун кыргыздын ашык жаткан даяр жерлерин издеп табуу менен эмес (анткени, чарбачылык кылууга жарактуу жерлер дээрлик калбай калган), ал фондуну дыйканчылык министрлигинин эсебинен кеңири жүргүзүлүүчү ирригациялык иштин жардамы менен түзүү зарыл деп таанылган. Бирок кыргыздардын экономикалык турмуш жыргалчылыгында жылыш, анын үстүнө салмактуу өлчөмдөрдөгү жылыштар болгондугу ошол кезде анык болучу”.

Кеп жыргалчылыктын кандай жылышы жөнүндө – жакшыруу же начарлоо жагына жылышы туурасында болуп жаткандыгын бул жерде түшүнүү кыйын. Эгерде мурдагы губернатор жыргалчылык жакшырды деп ойлосо, анда ал эки нерсени чаташтырып жатат: эмгекчилер массаларынын кеңири катмарларынын экономикалык жыргалчылыгы менен байлардын жана манаптардын бир аз тобунун экономикалык жыргалчылыгын чаташтырып жатат. Байлар жана манаптар падышалык үстөмдүк кылып турган жылдарда өзүлөрүнүн мал чарбасынан кыйла жоготууларга учураганы менен эмгекчилер массаларын падышалык зулумдар, колонизаторлор, сүткөр капиталисттер менен биргелешип талап-тоноп алууларынын эсебинен ал жоготууларын кайтарып алып турушкан. Эгерде ал дал ушул топтун – эзүүчүлөр тобунун жыргалчылыгын эске алып жатса, анда ал чындыкка жакындап барган болот, эгерде ал эмгекчи массаны да кошо алып, бардык адамдардын жыргалчылыгын эске тутуп жатса, анда анын чындыгы турмуштан асман менен жердей эле алыс калат.

Кайталап айтамын, байлар, манаптар жана падышалык көп сандаган зулумдар (болуштар, старчындар, бийлер ж.д.у.с.) мал чарбасынын кедери кетүү процессине тартылып, мал жагынан жоготууларга учураган болушса да, алар анысын пара алуу, ар кандай чыгымдар салуу аркылуу ашыгы менен кайтарып алышкан. Ал топ үчүн айырма бул эле болгон: мал ордуна алардын чөнтөгүнө эмгекчилер төлөп турган акча түшкөн, анан жакырданган кыргыз кедейлери менен батырактарынын эсебинен арзан жумушчу күчүнө ээ болушкан.

Бирок мен бир аз алга озунуп кеттим окшойт. Жер маселесине кайра кайтайын, анткени, ал көтөрүлүштүн чыгыш себептерин айкындоо үчүн чечүүчү маселе болуп саналат. Жети-Суу облусунун согуш губернаторунун ошол эле отчетунун дагы бир жеринен далил келтирбесем токтоно алчудай эмесмин. Анда ошентели: “Жергиликтүү көчмөндөрдүн эмнеликтен нааразылык билдиргендигинин себептери али так айкындала элек, - деп жазат согуш губернатру, - бирок Жети-Суу орустардын кеңири колониялашы, бул колониялоо мурда кеңирсип жаткан мейкиндиктерди куурулткандыгы, а кээ бир жерлерде жергиликтүү адамдарды мурдагы жер-суусунан кол жуудуруп таштагандыгы анын башкы себептеринин бири болгондугу шексиз.

Натыйжада, келгиндер уюмунун жерге орноштуруу иштери алгачкы жылдарда эле кыргыз чарбаларын кысталыш абалда калтыруу маанисинде гана эмес, ошондой эле андан көбүрөөк чечкиндүү чараларды көрүп да тукулжураткан. Талаа жерлерин башкаруу жобосунун 125-статьясына карабастан, кыргыздарды жаман жерлерге кууп чыгып, ошол эле убакта алардын асыл жерлерин тартып алуу учурлары болгон... Иш 1909-1911-жылдарда жөнгө салынган, бирок ал кезде оңдоого болбос көп иш жасалып калган эле, жакшы жерлердин запастары өз бетинче келгендерге берилип бүтүп, кыргыздар ашкере кысымга алынып, башка жерлерге айдалып ташталган болучу, а кайрадан байкерчиликте жашоо жана ишти план ченемдүү жүргүзүү үчүн жер өтө аз калган эле, анткени, Жети-Суунун колонияланыш мүмкүнчүлүгү биз мурда ойлогонубуздан чоң эмес болуп чыккан” (Погорельскийдин “Экономика кочевого аула Киргизстана” деген эмгегинен цитата келтирип жатам, стр. 40).

Ошентип, келтирилген бул цитатадан жер маселесинде алар өздөрүнүн эле закондору менен эсептешпегенин жана “кыргыздын көп чарбаларын куурулткандыгын”, “оңдоого болбос көп иш” жасашкандыгын, “кыргыздар ашкере кысымга алынып, башка жерлерге айдалып ташталганын”, “кайрадан байгерчиликте жашоо үчүн” “жер өтө аз калганын”, анан ошондой куурултуу көтөрүлүш чыгарыштын башкы себептеринин бири болуп саналгандыгын падышалык зулумдар өзү мойнуна алгандыгын көрүп турабыз. Бул жөнүндө падышалык зулумдар мурда, көтөрүлүш чыкканга чейин билген беле? - деген суроо туулат. Албетте, билген, бирок ошондой болсо да кеңири эмгекчилер массаларынын мындайча куурултулушунун жана талап-тонолушунун акыры жакшылык менен бүтөт деп үмүттөнгөн, анткени, ал эмгекчилер массаларынын революциячыл күчүнө эмес, байлардын жана манаптардын массалардын тийгизген таасирине катуу ишенип, алардын жардамы менен массаларды колонизаторлордун, падышачылыктын айтканына кулдарча кулдук урдуруп кармап турууга үмүттөнгөн.

Ошентип, 1916-жылдагы көтөрүлүш чыккан мезгилге карай кыргыз калкы жерден жана суудан пайдалануу көз карашынан алганда чарбалык өсүш эч кандай келечексиз абалда калтырылган. Падышалык администрациянын өкүлдөрүнүн өзүлөрү моюндарына алышкандай, Кыргызстан аймактарынын колонияланыш мүмкүнчүлүгү, алар мурда ойлогондой анчалык чоң эмес болуп чыккан. Бирок “оңдоого болбос иш” жасалып бүтүп, кыргыздардын жер-суусу тартылып алынып, кыргыздар мал чарбасын өнүктүрүү үчүн негизги базадан – жерден кол жууп, ушунун өзү менен жарым ачкачылыкта жашоого, тукуму курут болууга кириптер кылынган.

Кыргызстан аймактарынын колонияланыш мүмкүнчүлүгүнүн жетишсиз болуп чыгышы, падышалык администрациянын жана келгиндер уюмдарынын алдына колониялаштыруу фондуларын түзүү үчүн жаңы жер участокторуна суу чыгаруу проблемасын койгон. Падышалык администрациянын жергиликтүү калктын тагдырына кайдыгер мамиле жасагандыгын айтсак, мындай да бир мисал далилдеп турат. Жерден пайдалануу жагынан аргасыз абалда калтырылган кыргыздарды көрүп эле турган падышалык администрация, келгиндер поселокторун түзүү үчүн кыргыз жер-суусун колониялап басып алуунун ашынган өзүмбилемдиги убагында кыргыздар тарткан зыяндын эсесин жаңыдан суу чыгарылып жаткан жерлердин эсебинен кайтарып берүү жөнүндө ойлоп да койгон эмес.

Кыргыздар жер жагынан канчалык куурултурулгандыгы мындай эле бир фактыдан көрүнүп турат. Профессор Васильев эки уезддеги ар бир кожолукка 1915-жылы орточо канча тешеден айдоо жери туура келгендиги жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтарды келтирет: 

 

Пишпек уездинде

Пржевальск уездинде

Орустарда

8,46

7,67

Кыргыздарда

3,38

1,66

 

Кыргыз калкынын айдоо жерлеринин мынчалык чеке жылытпаган көлөмдө болуп калышы алардын чарбачылыгынын мал кармоочулук мүнөзү, көчмөн турмушта жашоосу менен түшүндүрүлөт дегендей көрүнүшү мүмкүн, бирок бул таптакыр туура эмес. Кыргыз калкынын отурукташуу жана жер иштетүү процесстери болжол менен Кыргызстандын аймагын падыша өкмөтү колониялоого киришкен кезде кошо башталган. Бирок бул отурукташуу процесси аяктабай калган. Мында падышалык администраторлордун жана алардын саясатынын кыйла күнөөсү бар, анткени, алар колониялоо максатында кыргыздар өзүлөрү суу чыгарып, оңдоп-түзөп алган жерлерди тартып алышкан. Мына ушуну менен бул жерлерге ээ болобузбу-болбойбузбу деген күмөндүктү туудурган.

Жерлерди улуттук топтор ортосунда бөлүштүрүү көз карашынан алганда иш ушундай абалда турган.

Эми кыргыз жер-суусун колониялоо жана кыргыз калкынын жакшы жерлерди тартып алуу мал чарбасынын абалына кандай таасир этти экен – ошого токтололу. Бул суроого жооп берүү үчүн Шкапский 1907-жылы жарыялаган цифраларды келтирүүгө уруксат этиңиздер. Мурдагы Жети-Суу областындагы абал анын маалыматтары боюнча мындай: бодого айландырып эсептегенде орус дыйкандарынын ар бирине 18,3, ар бир казакка 8,8 жана ар бир кыргызга 12,4 кара мал туура келет. Көрүп турганыңыздардай, Шкапскийдин маалыматтары боюнча эгерде бирдик үчүн бир түтүндү алсак, анда 1907-жылы келгин дыйкандардын ар биринин колундагы мал кыргыздардыкынан көп болгон. Мындан жайыттардын тардыгынан кыргыздардын мал кармаган чарбалары үчүн туруктуу тоют базасын түзүүгө мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу, малдын улуттук топтор боюнча бөлүштүрүлүшүндө келгин дыйкандардын пайдасына өзгөрүштөр болгон деген жыйынтык келип чыгат.

Ырас, башка 1915-жылы профессор Васильев жарыяланган маалыматтар боюнча, малдын улуттук топтор боюнча бөлүштүрүлүшүнөн бир аз башкачараак абалды көрөбүз, жылкыга айландырып эсептегенде ар бир түтүндө төмөнкүдөй мал болгон:

 

Пишпек уездинде       

Пржевальск уездинде

Орустарда

8,98

14,72

Кыргыздарда

17,10

15,90

 

Сиздерге 1907-жылдан баштап жерден пайдалануу жагында кыргыз калкын салыштырмалуу жакшы абалга койгон өзгөрүштөр болгонсуп, ошондон улам 1915-жылы алардын мал чарбасы өскөн сыяктанып көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул анчалык туура эмес. Бул жерде 1910-11-жылдарда жаңы келгиндер келе баштаганда алар орус кыштактарынын кыйла санын түзгөндүгүн, бирок чарбалык жактан биротоло чыңдалууга жана малын көбөйтүүгө али үлгүрө албагандыгын эске алуу керек. Келгиндердин ар бир түтүнүндөгү малдын саны кыргыздардыкына салыштырганда, 1915-жылы азайып кеткенсип көрүнүшү дал ушул жагдай менен түшүндүрүлөт. Эгерде биз мурда келген орустардын поселокторундагы түтүнүнө жана кыргыздардын ар бир түтүнүнө туура келген малдын санынын катышын алсак, анда Шкапский бизге көрсөткөн абал өзүнүн күчүн ушул кезге карай да сактап турган болор эле. Менин бул болжолдоомду Румянцев 1913-жылы жүргүзгөн экономикалык изилдөөлөрдүн маалыматтары ырастап турат. Ал маалыматтар боюнча Пржевальск уездинде мурда келген орустардын кыштактарынын ар бир түтүнүнө, бодого айландырып эсептегенде 17,57, кыргыздардыкына 15,70 мал туура келет.

Мал курамынын сапаттык жагынан да келгиндердики кыргыздардыкына караганда жогору тургандыгы кызык. Мал курамы жөнүндө Васильевдин проценттик катышта берген маалыматтары мындай:

 

Пишпек уездинде

Пржевальск уездинде

Орустарда

кыргыздарда

орустарда

кыргыздарда

жылкы

20,1

12,2

21,9

14,5

кара мал

40,3

8,2

29,5

7,0

кой-эчки

30,9

78,5

43,1

7,7

чочко

8,7

-

5,5

-

төө

-

1,1

-

0,7

 

 

 

 

 

Бул цифралар малдын сапаттык курамы көз карашынан алганда орустарда абал кыйла жакшы болгондугун көрсөтүп турат.

Бул кара малды жана жылкыны жаюу үчүн көбүрөөк түзөң жайыттар талап кылынгандыгы, алар кыргыздарда жок экендиги, туурасын айтсак, колониялоонун натыйжасында кыргыздар алардан ажырап калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Мына ошондуктан, өзүлөрүнүн карамагында жайыттарга, көбүнчө майда жандыктарды гана жаюуга мүмкүн болгон апай беттерге ылайыкташып, кыргыздар кой-эчкилерди кармоону өнүктүрүшкөн.

Колониялоонун натыйжасында кыргыз калкы жакшы жер-суусунун, жайыттарынан ажыраган, алар мал багылуучу участокторду жана казынанын токой дачаларын түзүү үчүн тартылып алынган. Мунун кесепети мал чарбасынын кедери кетиши жана кыргыз калкынын отурукташып, дыйканчылык кылуу мүмкүнчүлүгүсүз калышы болгон. Жакырданган кыргыз кедейлери менен орто дыйкандары орус келгиндери үчүн да, ошондой эле кыргыз байлары жана манаптары үчүн да кул-батырактарды берип туруучу булакка айланган.

Эми келгиндердин мүлктүк (социалдык) абалынын жана алардын жергиликтүү калк менен өз ара мамилелеринин мүнөзүнө кайрылалык. Орус келгиндерин мурда жана жаңы келгиндер деп эки топко бөлүп кароо керек. Мурда келгиндери өзүлөрүнүн мүлктүк абалы жагынан ушунчалык жогору турушкандыктан, бул фактыны падышалык чиновниктердин өзүлөрү да таанууга аргасыз болушкан.

Бул маселе жагдайында Шкапский минтип жазат: “Небак орун-очок алып калган кыштактардагы дыйкандар өзүлөрүнүн экономикалык абалы жагынан европалык Россиянын ички губернияларынын дыйкандары менен салыштырылышы мүмкүн эмес. Ушунчалык жетиштүү жашагандыктан, аларды жөн эле оокаттуу гана эмес, бай дыйкандар деп эсептөөгө болот”. (О.А.Шкапский-“Переселенцы-самовольцы и аграрн. Вопрос в Семир. Обл.”, стр. 59)

Бул Васильевдин цифралык кээ бир маалыматтары менен да ырасталып турат. Мурдагы Пишпек жана Пржевальск уезддериндеги келгиндер кожолуктарын айдоо жерлерине жараша топторго бөлүштүрүү төмөндөгүлөрдү көрсөткөн:

        

               Кожолуктардын саны процент менен

 

Пишпек уездинде

Пржевальск уездинде

Эгин экпегендер

6,7

3,28

3 тешеге чейин эгин

эккендер

14,35

11,44

3 тешеден 5 тешеге чейин

9,35  

13,52

5 тешеден 10 тешеге чей.

21,75

31,15

10 тешеден 15 тешеге чей.

17,25

21,74

15 тешеден 25 тешеге чей.

19,20

14,41

 

25 тешеден көп

11,44

4,45

 

 

Бул таблицадан көрүп турганыңыздардай, кожолуктардын дээрлик 70 процентин оокаттуу-кулак кожолуктарына эркин эле кошууга болот. Бул кожолуктар өз эмгеги менен эмес, батырактын, негизинен өз эмгегин көз каранадылык шарттарды сатууга аргасыз болгон кыргыздын эмгеги менен иштеткен.

Бул маалыматтардан падышачылык материалдык жактан өтө камсыз болгон, б.а. кулактардан өзүнө бекем тирек түзүү жагынан өз алдына койгон максатына белгилүү даражада жеткен деген жыйынтыкка келүү керек. Бирок падышачылык муну менен чектелип калган эмес. Өзүнүн сурап турган акыркы жылдарында анын бул жергеге келгиндерди жайгаштыруу саясатында башка бир багыт басымдуулук кыла баштаган. Ал багытка ылайык, бул жергеге орустарды жаңы аймактарга отурукташтырууну андан ары улантууда мурда келгендердин үстүнө өтө оокаттуу, материалдык жактан камсыз болгон орус дыйкандарын жайгаштырууну, ошону менен өзүнүн позицияларынын кебелбес болушун дагы чыңдап алууну көздөгөн.

Бул жагынан баягы эле Васильевден кызык документтерди табабыз. Суу чыгарылган аймактарга жайгаштырылуучу келгиндерди тандап алуу жөнүндө Васильев минтип жазат: “Сугат курулуштарына мамлекет тарабынан жумшалуучу каражаттар кандай жолдор менен табылбасын, мамлекет ал каражаттарды кайра кайтарып алышы тийиш. Ошондуктан, мамлекет өзү суу чыгарган жерлерге жайгаштырылчу келгиндерди алгачкы жылдардагы уюштуруу иштеринин чыгымдарын көтөрүп кетүүгө жана сугат дыйканчылыгын интенсивдүү жүргүзүүнүн жаңы талаптарын өздөштүрүүгө жөндөмдүү колонизаторлордон тандап алууга, албетте, кызыгат. Жети-Сууда суу чыгарылган жерлерге жайгаштыруунун жергиликтүү шарттары жана чарбачылык кылуунун интенсивдүүлүгү жаңы жерлерге көчүрүп барып эле жайгаштыруунун демейдеги шарттарына караганда, бул жакка келип отурукташуучулардын алда канча мал-мүлктүү, оокатттуу болушун талап кылат”.

Менимче муну түшүндүрүп отуруунун кажети жок. Васильев мамлекеттин эсебинен суу чыгарылган жерлерге ашыкча болуп калган дыйкан калкын эмес, Россиядан келген оокаттуу кулак кожолуктарын жайгаштыруу керек деп ачык эле айтып жатат. Анткени, алар жаңы жерлерге келишкенден кийин өзүлөрүнүн чарбалык жактан жайланып алышы үчүн падышалык өкмөттөн кошумча финансылык чыгымдоолорду талап кылышмак эмес. Падышачылык чынында эле ушул жолго түшкөн. Ырас, ал мындай жолду Жети-Сууда эмес, Кыргызстандын аймактарында эмес, Бетпак талаада колдонгон. Бетпак талаага орус дыйкандарын жайгаштырууда белгилүү мүлктүк ценз талап кылынган, башкача айтканда, Борбордук Россиядан жокчулук чет жакаларга кууп чыгып жаткан жерсиз дыйкандар үчүн Бетпак талаа жабык болгон.

Мына ошентип, социалдык көз караш жагынан алганда падышачылык Түркстанда да, Кыргызстанда да эксплуататорлор кожолуктарынын категориясына эркин эле кошууга боло турган, ушундан улам өзүнүн чарбачылык жактан андан ары өсүшү үчүн орус жана кыргыз кедейлери менен батырактарын эксплуатациялоодо өзүнүн укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн падышачылыктын сакталып тура беришине кызыккан келгин дыйкандар кожолугунун тибин түзгөн.

Мурда келгендердин поселокторундагыларга салыштырганда жаңы келгендер материалдык жактан начарыраак жашаган, бирок, аларда чарбалык жактан тез өнүгүү тенденциясы болгон, анткени, алар өз чарбаларын куроого кыйла кредит, жакырданган кыргыз кедейлери менен батрактарынан арзан жумушчу күчүн алышкан жана өзүлөрүн жакшы жер, сугат каналдары менен камсыз кылуу маанисинде айткан падышалык органдардын белгилүү колдоосунан пайдаланышкан.

Үстөмдүк кылып турган улуттун өкүлдөрү катары, падышачылык тарабынан эзилип турган улуттарды жек көрүү рухунда тарбияланган ал келгин дыйкандар жергиликтүү калк менен өз ара туура мамиле түзө алышкан эмес. Тескерисинче, келгин дыйкандар көп учурда кыргыздарга дурус мамиле жасашкан эмес, ошондуктан, Жети-Суу облустунун мурдагы согуш губернатору генерал Фольбаумдун сөзү менен айтканда, мына ошол негизде “келгиндер менен жергиликтүү адамдардын ортосундагы өз ара кастык мамилелердин бирин-экин көрүнүштөрү өнөкөт нерсе болуп калган”. “Келгиндер менен жергиликтүү адамдардын өз ара мындай кастыгын” алар ар түрдүү расанын өкүлдөрү болгон дегенди ж.д.у. сыяктууларды бетке кармап түшүндүрүү туура болбос эле. Булардын ортосундагы кастык мындай мамиле алардын бул жергедеги жер, суу, экономикалык белгилүү позицияларды алуу үчүн өз ара күрөшүнөн келип чыккан.

Келгин дыйкандар менен кыргыздардын ортосунда падышачылык мезгилинде түзүлгөн өз ара мамилелерди мүнөздөө үчүн дагы бир-эки мисал келтире кетүүгө уруксат этиңиздер. Жети-Суудагы келгиндер районунун агроному В.Воротниов Чүй участоктору жөнүндөгү өзүнүн отчетунда минтип жазат: “Эки-үч (кожолук – Ж. А.) кыргыздарга бооланган беде берип, алардын кыштоолорун сатып алышты, короо-сарайлары кадимкидей жакшы бул кыштоолор үчүн акчага айландырып эсептегенге, алар 1-2 эле сом төлөштү. Башка кожолуктар кыштоолорду эч нерсе төлөбөй, эч кимден уруксат сурабай эле ээлеп алышты.

Келгиндердин көпчүлүгү кыргыздардан өтө оригиналдуу жол менен малдуу болушту. Келгиндер өзүлөрүнө берилген участокторго келгенден кийин кыргыздар эккен жана сугарып өстүргөн беде аянттарын бири-бирине жемин жедирбей өз ара бөлүп алышты... Ал жерлердин жаңы ээлери мурдагы ээлерине (кыргыздарга) беде аянттарынын теңин чаап алууну сунуш кылышты, кыргыздар буга макул болушту, анткени, аларда башка арга жок эле. Кээ бир учурларда кыргыздар беденин түшүмүнүн 1/3 бөлүгүн өзүлөрүнө берилген сыйлык катары алып, канааттанууга тийиш болушту.

Мына ушундайча чаап-жыйналган бедени алган келгиндер кыргыздарга ошол эле беденин ар бир боосун 3 тыйындан сатышат (азыр бир боо беде ал тургай Верныйда да 1,5 тыйындан кымбат сатылбайт). Кыргыздар акча ордуна жылкы жана кара мал беришет, анын үстүнө 50-60 сомдук жакшы жылкы 1000 боо бедеге, башкача айтканда ашып эле кетсе 15 сомго бааланат. Мына ошентип, келгиндер баасы жагынан өзүлөрү үчүн текейден арзан турган бедени өзүлөрү каалаган жагына алып кете беришээр нерсеге айырбаштап алышат.

Келгиндер өзүлөрүнө берилген жер участокторуна жайланышып алышкандан кийин эмгек кылууга эмес, кыргыздарды бетпактык менен, таптакыр жол берилгис түрдө, ылайыктуу бир дагы учурду колдорунан чыгарбай эксплуатациялоого киришти (астын сызган мен – Ж.А.) Албетте, андай даттануулардын арасында жерибизди малга тебелетип салышты деген доо биринчи орунда турат деңизчи. Анткен менен андай тебелеткендик үчүн келгиндер тийиштүүсүн чыпрчыргасын коротпой эле алып турушат, азыр болсо, көп учурда келгиндер менен кыргыздардын жерлеринин өз алдынча эгин эгип койгон 6 участок жер үчүн олжобузду алабыз деп кымылдап күтүп жүрүшөт.

Областта бош жаткан (бош жатты бекен? – Ж.А.) жерлердин зор мейкиндиктерин көргөн жана миллиондогон, көпчүлүгү момун жана коргоосуз турган кыргыз калкын эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгүн түшүнгөн алардын эси-дарты эле кантип дагы жакшыраак жайланышып алаар экенбиз, азыркы абалыбыз бизди жетишээрлик даражада канааттандырбай турат деген болуп калды”.

Көрүп турганыңыздардай, бул Кыргызстандын түндүк аймактарына тийиштүү абал, биз түштүк аймактарынан да ушунун эле өзүн көрөбүз. Сыр-Дарыя келгиндер районунун чиновниги Н.Рылов деген неме минтип жазат: “1900-жылдардын баш ченине карай жергиликтүү (Фергана – Ж.А.) администрация буларды (келгиндерди – Ж.А.) отурукташтыруу үчүн жарактуу жерлердин запасын пайдаланып бүтүштү, ошондуктан көчүп келип жайланышуу ачык эле өз бетинче басып алуу мүнөзүндө болуп калды, бул жорук Анжиян уездинин Көгарт өрөөнүндө бөтөнчө көрүндү (Көгарт өрөөнү азыр Кыргызстандын Жалал-Абад районунун курамына кирет – Ж.А.). Бул жерде келгиндердин чоң топтору кыргыздарды турган жерлеринен айдап чыгышып, алардын мал-мүлкүн басып алышты, кыргыздардын кыштоолордогу там-таштарын бузуп, өзүлөрүнө үй тургузушуп, же отун кылып жагышты. 1906-жылдын баш ченине карай Фергана областында жалпы жонунан 900гө жакын кожолуктан турган 10 кыштак өз бетинче мына ушундай жеткен бейбаштык жол менен пайда болду”. Келгин дыйкандар менен жергиликтүү калктын ортосунда болгон өз ара мамилелерге келгиндер уюмдарынын чиновниктери тарабынан берилген мүнөздөмө мына ушу, ал өз ара мамилелер өтө жаман болгондугун далилдеп турат.

Өзүнүн социалдык табияты боюнча келгиндердин жана кыргыздардын эмгекчилеринде мындай туура эмес өз ара мамилелер, мындай жек көрүү болбошу тийиш эле, бирок бул ошол эле учурда “Элдерди өз ара жатсынтыштыруу үчүн бардыгын жасаган” (Ленин) падышалык өкмөттүн саясатынын натыйжасында кадиксиз нерсе болуп чыккан. 1916-жылга карай биздин көз алдыбызда жөн эле келгиндер эмес, көбүнчө падышачылык Орто Азиядагы жана Кыргызстандагы өзүнүн таасирин чыңдоо ишине тиреги катары кароого үмүт кылган келгин кулактар турган.

Кыргыз калкынын жерди пайдалануу тартибин кароого өтөлү. Бул жерде бир нерсени эскертип коюу керек. Мен кыргыз жерине келген дыйкандар жер-сууну өз бетинче басып алышкан деп айтып өттүк. Ал юридикалык жактан тартипке салынбагандык маанисинде гана өз бетинче басып алуу деп айтууга болбойт, анткени өзүлөрүнүн материалдык абалын кыргыз эмгекчилер массаларынын гана эсебинен жакшыртууга кызыкпаган кыргыз бай-манаптары келгиндерден да “энчи” алып калууну өзүбүздүн парзыбыз деп эсептешкен. Мына ошондуктан кыргыз калкынын кеңири катмарларынын жерге болгон муктаждыгы менен эсептешпей, алар мына ошол өз бетинче келгендерге кыргыз эмгекчилер массаларына таандык жерлерди сатышкан же узак мезгилге арендага беришкен. Мына ошентип, кыргыз жерине орустарды жайгаштыруу, кыргыз эмгекчилер массаларын жерден, жайыттардан ж.б.у.с. сыяктуулардан кол жуудуруу маанисинде алганда, байлар жана манаптар падышалык бийликке өлчөөсүз чоң кызмат көрсөтүшкөн. Жерлерди кыргыз калкынын өзүнүн ичинде бөлүштүрүү маселесине келсек, кыргыз калкынын пайдалануусунда калган жакшы жерлердин, жайыттардын экономикалык жактан кубаттуу, колу көп уруулардын колунда, ар бир уруунун ичинде, албетте, бай жана манап элементтердин колунда калышы эреже болгон.

Мына ошондуктан байлар жана манаптар падышалык колониялоодон жабыр тартышкан болсо да (анткени мал кармаган калктын негизги массасынын жакырданышына байланыштуу алардын эксплуатациялоо обьектисинин чектери тарыган эле), ошондой болсо да алардын абалы эмгекчилер массаларынын абалына салыштырганда алда канча жакшы болгон, себеби мал чарбачылыгынын кедери кетиши, эмгекчилер массаларынын жакырданышы келгин орус кулактарына гана эмес, ошондой эле кыргыз-феодал  манаптарына да арзан жумушчу өндүргүч болуп саналат, ал материалдык байлыкты жаратат. Бул күчтү – батырактын жана кедейдин эмгегин өзүлөрүнүн баюу кызыкчылыктарында пайдаланууда кыргыз байлары жана манаптары жеткен ойлоп тапкычтыкты көрсөтүшүп, өзүлөрүнүн таш боордугу жана бетпактыгы жагынан тапташ тургандарынан – келгин кулактардан кем калышкан эмес.

Мындан тышкары, падышачылык кыргыз калкынын эксплуататор төбөлдөрүнүн да арасынан өзү үчүн бекем тирек түзүүгө таламдаш болгон. Мына ошондуктан кыргыз калкын административдик жайгаштыруу жагындагы иштин бүткүл системасы кыргыздар чөйрөсүнөн падышачылыкка кызмат кылып берүүчү элементтерден турган кыйла кадрларды түзүү көз карашынан жүргүзүлгөн. Бул жайгаштыруу айрым райондун экономикалык жактан туташ жайгашуусу менен да, волостторду уюштуруу принциптери менен да байланыштырылган эмес, ал айрым байлардын жана манаптардын кызыкчылыктарына ылайык жана көпчүлүк уруулук принцип боюнча жүргүзүлгөн.

Падышачылык доорунда 500-600 кожолуктан волость түзүп, кыргыздарды административдик жактан жайгаштыруу эреже болуп калган. Ал экономикалык көз караштан алганда ошондой волосттун калкынын мойнуна түшкөн чыгымдарды көтөрө албаган майда волость болгон. Бирок, ал байлардын жана манаптардын көз карашынан алганда, ушул байлардын жана манаптардын эсебинен падышачылыкка кызмат кылуучу элементтердин армиясын (болуштарды, старчындарды) түзүп берген падышачылык администрациянын көз карашынан алганда толук максатка ылайыктуу болгон. Падышачылыктын мамлекеттик башкаруу аппараты ушунчалык мите аппарат болгондуктан, анын ишинде калктын кеңири катмарларынын кызыкчылыктары жөнүндө камкордук көрүү эмес, эмгекчилер массаларынын эсебинен чиновниктердин, болуштардын, байлардын армиясын эң жакшы камсыз кылуу аракети негизги орунда турган. Мына ошондуктан пара алуу, “чыгым” төлөтүү жана башка алымдар дээрлик закондоштурулган иш болгон.

Падышачылыктын ынтаалуу кошоматчылары өз эмгектеринде падышачылыктын бул Жергени колониялашы ага тынччылык берди, кээ бир уруктардын, уруулардын ортосундагы чабышуулар токтоду деп жазышат, бирок ал адамдар башкаруунун падышалык системасы эмгекчилер массаларын мурдагы каракчылык талап-тоноонун ордуна закондоштурулган, уюшкан түрдөгү талап-тоноону камсыз кылгандыгын унутуп коюшат. Ошол эле адамдар бул Жергени падышачылык каратып алышына байланыштуу эмгекчилер массаларынын абалы кыйла жакшырды, анткени падышачылык бийликтин закондору тарабынан бирдей шарттарга коюлган байлар жана манаптар эмгекчилер массаларынын мүлктөрүн каалагандай калчай албай калышкан дейт. Анткен менен ал адамдар падышачылыктын бул Жергени каратып алышы жана падышалык администрациянын өкүлдөрүнүн арам тамактыгы эмгекчилер массаларын талап-тоноону өтө күчөтүүдө кыргыз байларына жана манаптарына жаңы түрткү бергендигин таптакыр унутуп коюшат. Пара алуучулук кадимки эле кадыресе көрүнүш болуп калган. Баары – Жергенин башкы начальнигинен баштап, айылдагы акыркы элүү башчыларына чейинкилер пара алышкан. Уезддердин начальниктери, приставдар, алым жыйноочу инспекторлор, соттор, тергөөчүлөр, токой күзөтчүлөрү, болуштар ж.д.у. сыяктуулардын баары пара алышкан.

Бул маселеге менин көп токтолуп отурушумдун зарылдыгы жок, бирок уезддик начальниктердин бирине күзөт бөлүмү тарабынан берилген мүнөздөмө менен таанышып коюу сиздер үчүн кызыктуу болот деп ойлойм. Пржевальск уездинин мурдагы начальниги жөнүндө күзөт бөлүмү минтип жазат: “Полковник Иванов орус барининин бардык кылык-жоругу бар адам. Господин Иванов, эгерде кумар ойносо, ойногондой ойнойт, эгерде чайга чакырып калса, табылгыс дүр-дүйүм даамды жайнатып салат. Эгерде господин Иванов уезддин жерин көрүүгө чыгып калса, ал өзүнчө эле бир салтанаттуу жүрүш болучу. Ал үчүн кызмат адамдары жана манаптар Пржевальск шаарына чогулуп, уезддин начальнигин атчан узатып жүрүшчү. Ал токтолуп өтөөр жерлерге күн мурдатан жакшы боз үйлөр тигилип, ал жерлерге начальник келээр күндүн алдында ашпозчулар барышчу. Жети-Суу областынын административдик да, ошондой эле коомдук чөйрөсүндө да полковник Ивановдун “айкөл Валериан” деген лакабы бар болучу. Полковник Иванов байлыгынын мүмкүнчүлүгүнө караганда агыл-төгүл жашачу, “пара алуучу” эмес, бирок жергиликтүү адамдардан өтө көп карыз алуучу, карызы канча экенин аныктай алган жокпуз, бирок ал дээрлик бардык таасирдүү бай-манаптарга карыз болучу. Бирок “карызды” деле өзү атайлап алчу эмес, өзүнө “берилген” жергиликтүү адамдар, өзү болуштукка өткөргөн (Кадыр) жигити аркылуу алуучу. Бул кадыр-жигиттердин бардыгы уезддин начальниги менен ынак экендигинен пайдаланып, опузалап акча алышчу”.

Токой ведомствосунун чиндеринин да паракордугу жөнүндө мындай далилдерди Куропаткиндин айткандарынан да учуратабыз. “Тийиштүү контролдоодон тышкары калган токой корукчулары, - деп жазат Куропаткин, - калктын башына түшкөн бир балээ болуп саналат, токой ведомствосунун чоңдору мындай кыянатчылыктардын бар экени ырас дешет, бирок токой корукчуларынын материалдын абалын жакшыртпай, алардын санын көбөйтпөй, казына дачаларынын чектерин так аныктабай, өсүүнү жана пара алуучуларды тыйбай туруп токой корукчуларынын, ал тургай жергиликтүү калктын пайдалануусуна калтырылган жерлерде да ошондой алдым-жуттумдук кылууларын токтотууга мүмкүн эмес”.

Пара берүүдө өзүнчө бир түрдөгү конвейер системасы түзүлгөндүгүн таасын байкагандыгын белгилеп, күзөт бөлүмүнүн ишин калыс баалоо керек. Бул системага ылайык, айылдагы кедей, орто чарба адам айыл старчынына, ал болушка, болуш тилмечке, тилмеч уезддин начальнигине, уезддин начальниги өзүнөн жогору турган ж.д.у. сыяктууга пара берген. Анан бул кардарлардын баары уезддин начальниктерине жана приставдарына чынында эле “тартуу” чогултушкан учурларында өзүлөрүнө колдоо көрсөтүп жүргөн начальниктеринин гана эмес, ошондой эле өзүлөрүнүн да кулкундарын толтуруп калгыдай көп чогултушкан.

Падышачылыктын акыркы жылдарында пара берүү ушунчалык ачык бетпактык көрүнүш болуп кеткендиктен, Пржевальск уездинде жергиликтүү бир закон киргизилген, ага ылайык, апийим айдагандар ар бир теше жерден уезддик администрациянын чиновниктеринин пайдасына 5 сомдон берип турушкан. Падышачылыктын табиятына мүнөздүү паракордуктун мындай системасы, падышачылык башкарып турган акыркы жылдарда кыргыздардын ичинен манаптардын жаңы катмарларынын мансапка көтөрүлө башташына алып келген. Ал манаптар коомдук шатынын мындай чокусуна негизинен уезддин начальниктерине, приставдарга ж.д.у. сыяктууларга пара берүү түрүндө мал-мүлкүн көзүнө карабай чачуу жолу менен жетишкен.

Падышачылыктын акыркы жылдарында Пржевальск уездинде болуштукка пара берүү менен жетишкен эки болуш кыргыздардын “саясий жана коомдук” турмушунда башкы роль ойношкон. Булар ондогон жылдар бою батырактык кылып, андан кийин уезддик башкарманын жигиттери болуп иштеген адамдар болгон. Алар ошо уезддик башкарманын жигиттери болуп турушканында мал-мүлк дегенди көп басышкан. Бул мал-мүлктөрү алардын өзүлөрүнүн карындарын толтурууга гана эмес, ошондой эле пара берүүнүн жардамы менен уезддик администрацияга да жакындашууга мүмкүнчүлүк берген. Мисалы, Абдылда Сарынов жана Сагын мына ошондой адамдардан болгон.

Тектүү манаптардын бир бөлүгү падышалык администраторлордун жардамы менен эмгекчилер массаларын эксплуатациялоого анчалык ыңгайлаша албай, падышалыктын тушунда кыргыздардын коомдук турмушунда экинчи планга сүрүлүп калгандыгын белгилей кетүү кызык. Бул көрүнүш кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгында чагылдырылган. Мурдагы Пржевальск уездинде төмөнкүдөй ыр эл арасында көп ырдалып жүрө турган. Анын маңызы мындай: Бул дагы кудаа буйругу,  Кутургу өттү оруска. Жардамга келип улугу, жалгыз аттуу Кыдырбай, жетип алды болушка. Бу дагы кудаа буйругу”. Мага бул ыр өзүлөрү жалгыз аттуу болушса да уезддик администрация менен өзүлөрүнүн ынактыгынан пайдаланып, андагыларга эмгекчилер массаларынын эсебинен пара берип жүрүп, кыргыздардын коомдук турмушунда кыйла көрүнүктүү абалга жетишип алган, мына ошол кыдырбайлар тарабынан падышалык бийликтин тушунда кыргыздардын коомдук турмушунда жетекчилик роль ойноодон сүрүлүп чыгарылган байлардын жана тектүү манаптардын ошол кыдырбайларга билдирген нааразылыгын чагылдырып тургандай көрүнөт. Майданга “жаш” манаптардын чыгышы жана тектүү манаптардын кээ бир бөлүгүнүн арткы планда калышы тектүү манаптардын көпчүлүгү “сүрүлүп чыгарылгандардын” категориясына кирип калган турбайбы деген жаңылышууга алып келбөөсү тийиш. Жок, тектүү манаптардын көпчүлүгү падышалык администрациянын жардамы менен эмгекчилер массаларын талап-тоноп, шарттарына эң сонун ыңгайлашып алышкан болучу.

Болуштарды, бийлерди, старчындарды ар кандай шайлоо, уездик жана участоктук борборлорго ар кандай келип-кетүүлөр, волостторго уезддик администрациянын чиновниктеринин ар кандай келиши ж.д.у.с. чыгым чогултуулар менен коштолгон. Бул “чыгымдар”  теңдемечилик тартип, социалдык айрым топтордун жана кожолуктардын материалдык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуусуз салынган. Мына ошондуктан “чыгымдын” негизги оорчулугу дайыма эмгекчилер массаларынын мойнуна түшүп, ал чыгымды чогулткандар падышалык администрацияда кызмат кылгандардан күткөн өзүлөрүнүн “колдоочуларына” өз чөнтөктөрүнөн төлөмөк гана тургай, алардын жардамы менен өз байлыктарын көбөйтүп калуу мүмкүнчүлүгүн да алышкан. Бул көрүнүштүн канчалык закондоштурулган нерсе болгондугу мындан көрүнүп турат: начальниктердин жасоолдору болгон алар падышалык казынадан эч нерсе алышкан эмес, бирок, уезддик начальниктерде, приставдарда ж.д.у.сыяктууларда маяна албай кызмат кылууну эмнегедир пайдалуу иш деп эсептешкен. Пайдалуулугу ушул: аларда калктан пара алышкан, бул жөнүндө падышалык администрация да билген. Бул “чыгымдар” мамлекеттик салыктардан бир нече эсе көп болгондуктан, кыргыз эмгекчилер массаларын таптакыр жакырданткан. Уезддик бир начальник келип кеткенден кийин “чыгымын” төлөө үчүн бир кедей өзүнүн акыркы уюн сатууга аргасыз болгондугун өз көзүм менен көргөнмүн.

Буга кыргыздар арасында колдонулуп келген эзүүнүн өзүнчө бир формасын кошсок, анда кыргыз калкынын эмгекчилер массаларынын укуксуздугунун, тураны түгөткөн жакырдыгынын, абалынын аргасыздыгынын жөн-жайы таптакыр ачык-айкын болот. Ал мындай форма болгон: байлар жана манаптар кедейге саан уйларын жана аяк улоолорун убактылуу пайдаланууга беришкен, а кедей бул үчүн бүткүл үй-бүлөсү менен күндөп-түндөп, мөөнөт жана убакыт деген менен эсептешпей, ошол байга иштеп берүүгө тийиш болгон.

Кыргыз чарбасынын экономикасына товардык мамилелердин киргизилиши жана соода-сүткордук капитализмдин экономикага тийгизүүчү таасиринин өсүшү падышачылыктын бул Жергени колониялоосунун составдуу бөлүгү болуп саналат. Сиздерге капиталдын бул формасы материалдык жаңы байлыктарды түзбөстүгү, ал чарбалык организмге сүлүктөй жармашып, анын бардык ширесин соруп алып, мына ошентип аны алсыратып, мунун натыйжасында кайталап өндүрүү процесси андан ары улам көбүрөөк тарыган чектерде жүрүүгө аргасыз боло турганы маалым. Сүткордук – бул капитал кыргыздар арасында ушунчалык жаман форма алгандыктан, сүткор көпөс калкка жазында карызга берген 50 тыйыны үчүн күзүндө бир козу алып турган же күзүндө калкка берген 1 сом 50 тыйыны үчүн жазында бир жаш торпок алган. Бул капиталдын өкүлдөрү көбүнчө орус кулактар, өзбек жана татар көпөстөрү болгон, бирок кыргыз манаптары деле бул иштен четте калышкан эмес.

Мындай бир мисал келтирейин: Күңгөй Ак-Суу волостундагы кездеме кыдыртып сатуучу сүткор-соодагер кыргыз, бир кожолукка бир жуп көлөч берип, арадан үч жыл өткөндөн кийин ошол көлөчтөрү үчүн ал кожолуктан тайлактуу төө жана бир жылкы алыптыр. Соода-сүткорлук капиталдын практикасында бул чанда бир учуроочу көрүнүш эмес, эреже болгонун далилдеп туруунун кереги жоктур дейм.

Мына ошентип, падышалык администрация менен анын пара алуу, талап-тоноо ж.д.у.с. системасы менен катар кыргыз калкынын арасында жакырдыктын өсүшүн күчөтүү маанисинде алганда соода-сүткордук капитал да өз ишин кылган.

Эгерде буга кыргыз байларында, орус кулактарында жана көпөстөрүндө иштеген кыргыз кедейлери менен батырактарынын алган эмгек акыларынын деңгээлин кошсок, анда алар кандай жакырдыкка чейин жеткирилгендиги сиздерге ачык-айкын болот. Кыргыз байлары жана манаптары эмгек акыны натуралай төлөгөн жана аны акчага которгондо орус кулактарында бир жыл бою иштеген батырак мындан бир аз көбүрөөк, 35-40 сом алган. Бул батырактар өзүлөрүнүн кожоюндарынан эмгек акыдан башка эч нерсе алышкан эмес жана мына ушул кенедей эмгек акысынын эсебинен өзү кийниши, тамактанышы жана өзүнүн үй-бүлөсүн багышы тийиш болгон. Сыртынан караганда эркин сыяктанган, бирок кулак-эксплуататорлорго, байларга жана манаптарга таандык жерге жана малга көз карандылык шарттарга байланып турган кыргыз калкынын эмгекчилер массалары чындыгында крепостнойлордон анчалык айырмаланышкан эмес.

Жергиликтүү калктын акырындап азая бериши падышачылыктын колониялоо саясатынын натыйжасы болгон. Кыргыздар 1902-жылдан 1913-жылга чейин 8,9 процентке азайган. Мунун эсесине келгиндердин саны 10 процентке көбүрөөк көбөйгөн.

Колониялоонун ашкере макталган пргрессивдүү комиссиясынын натыйжасы кыскача мына ушу, империалисттик мамлекеттердин малайлары Чыгыштын колонияга айландырылган өлкөлөрүндө ушу кезде да аны жаагын жанып көкөлөтүүнү токтотуша элек.

 

 

СОГУШ ЖЫЛДАРЫ, КӨТӨРҮЛҮШ, АНЫН ЖЕҢИЛИШИ ЖАНА ЖЕҢИЛИШИНИН СЕБЕПТЕРИ

Согуш жылдары. Согуш жылдарында биз кандай абалда элек? Биз, жолдоштор, эмгекчилер массаларын эксплуатациялоо күчөп, пахта жана мал өстүрүүчү чарбалардын дээрлик бардык продукцияларына монополиялык баалар коюлуп, ал баалар продукцияларды өндүрүүгө пахтачылардын жана малчылардын жумшаган чыгымдарын актабай калган абалда турган болчубуз. Эмгекчилер массалары пахтаны, кийиздерди, кой терилерин, жоого минүүчү жылкыларын, боз үйлөрүн ж.д.у. сыяктууларын акчанын баркы кетип, өнөр жай товарларынын баалары өлчөөсүз өсүп жаткан кезде көпөстөргө мына ушул монополиялык баалар менен сатуулары тийиш болгон.

Мындан тышкары, согушуп жаткан армиянын муктаждыктары үчүн “ыктыярдуу” түрдө кийиз, байпак, аркан, жүн, тери, май ж.д.у. сыяктууларды чогултуу уюштурулган, булардын баары топтолуп эмгекчилердин массаларынын мойнуна түшкөн, анткени падышалык администрация тарабынан колдоого алынган байлар жана манаптар ошол алымдардын баарынан бошотулган болучу. Бул “ыктырдуу” чогултуулар адатта мындай жол менен жүргүзүлгөн: уезддин начальниктери же участоктук приставдар болуштарды чакырып алып, согушуп жаткан армиянын жоокерлеринин муктаждыктары үчүн мынчалык кийиз, кой терисин, боз үй ж.б.у. сыяктууларды чогултуу керек деп айтышкан. Алар өз кезегинде айыл старчындарын жана атка минерлерин чогултуп, начальниктердин буйругун билдиришкен, кийинкилери болсо албетте, эч кимди чогултпай эле кожолуктарга эмнени чогултуулары керек экенин бөлүштүрүп, аларды тапшыруунун мөөнөттөрүн так көрсөтүшкөн. Албетте, байлардын жана манаптардын кожолуктары андай чогултуулардан бошотулган.

Согуштун муктаждыктары үчүн Түркстандан жөнөтүлгөн мал-мүлктүн өлчөмү жөнүндө падышага 1917-жылы берген отчетунда Куропаткин мына буларды билдирген: согуштун муктаждыктары үчүн Түркстандан 40,899,244 пуд пахта, 38004 чарчы аршин кийиз, 3109 миң пуд пахта майы, 229 пуд самын, 300 миң пуд даярдалган эт, 473928 пуд балык, 70 миң жылкы, 12797 төө, 1344 үй1 жөнөтүлдү. Көрүп турганыңыздардай, жөнөтүлгөн нерселердин тизмесинде боз үйлөр аяк жагында келтирилген. Боз үйлөрдү кантип жана кимдерден алышкан? Байлар жана манаптар бир нече боз үйлөрү болсо да боз үй беришкен эмес, бирок мунун эсесине кедейдин жана орто чарбанын акыркы боз үйүн алып коюшкан. Жылкы жагынан да ушундай болгон. Тандап алуу комиссиясына кедейдин жылкысы жагып калган болсо, аны а-бу деп отурбай эле алып коюшкан. Кедейлер жана батырактар мунун үстүнө империалисттик кырылышта салгылашып жүрүшкөн солдаттардын үй-бүлөлөрү үчүн акысыз иштеп беришкен. Көрүп турганыңыздардай, жергиликтүү калктын эмгекчи адамынын абалы 1916-жылга карай адам чыдагыс болгон. Алар өзүлөрү үчүн гана эмес, ошондой эле байлар жана манаптар үчүн да материалдык зыяндарды тартышкан. Алар солдаттардын үй-бүлөлөрү үчүн эмгегине эч нерсе албай иштеп беришкен.

____________

1.Маалыматтарды Т.Рыскуловдун “Түркстандагы жергиликтүү элдердин 1916-жылдагы көтөрүлүшү” деген китебинен келтирип жатам.

 

Согуш, мына ошентип, жергиликтүү калктын эмгекчилер массаларынын жакырданышынын күчөп жаткан процессин дагы көбүрөөк тездеткен, колонизаторлор, байлар, манаптар, сүткөр көпөс аеосуз эксплуатациялаган паупер, батрак болууга аргасыз болгон адамдардын армиясын көбөйткөн. Алар жумушчу боло алышкан эмес, анткени падышачылык бул жерге өнөр жай ишканаларын курдурган эмес.

Шексиз, алардын аргасыздык, муктаждык, жакырдык абалы эмгекчи массаларында падышачылыкты толук закондуу жек көрүүнү туудурган. Ал кезде кыргыз эмгекчи массаларынын ичинен падышачылыктын согушта жеңилишин каалабаган адамды учуратуу кыйын эле. Кыргыздар падышалык армиянын жеңилгендиги жөнүндөгү ар бир кабарды “чала, ошондой болсун, “ак падыша” калыстыктан калып бараткан эле” деп угушкан. Алардын чыдамы чегине жетип бүткөн эле. Кыргыз калкынын негизги бөлүгү өндүрүштүн негизги каражаттарынан – жерден, жайыттан жана суудан кол жууп калышы, аларды мүңкүрөткөн жакырдык, ачкалыктан өлүү кадиксиздиги, кулактардын, падышалык администраторлордун, байлардын жана манаптардын ж.д.у.сыяктуулардын биргелешкен күчтөрүнүн эзүүсүнөн кутулууну көксөө – 1916-жылкы көтөрүлүштүн обьективдүү өбөлгөлөрү мына ушулар болгон.

Эмгекчи массалардын кыжырдануусу дүрмөттөр сакталган ороодой дүрт жарылууга даяр турган, бирок бул үчүн учкун керек эле. Кыргыздарды оорук жумуштарына алуу мына ошол учкун болгон. Мына ошентип оорук жумуштарына жумушчуларды алуу көтөрүлүштүн чыгышына түздөн-түз шылтоо болгон, негизги себептери мен жогоруда айтып өткөн экономикалык факторлордо бугуп жаткан. Бирок оорук жумуштарына жумушчуларды алуунун өзү деле белгилүү даражада себеп болгондугун, бирок чечүүчү, негизги себеби болбогондугун эскерте кетүү керек. Көтөрүлүштүн чыгышынын негизги себептери социалдык-экономикалык факторлордо, колониялык эзүү тартиби жерден, суудан, малдан, бир сөз менен айтканда, күн көрүү каражаттарынан кол жуудуруп салган эмгекчи массалар үчүн адам чыдагыс абал болуп калгандыгында эле.

Ошондой болсо да мен оорук жумуштарына жумушчуларды алуунун маанисине да учкай токтоло кетмекчимин. Адамдар оорук жумуштарына гана алынып жаткандыгына, албетте, эч ким ишенген эмес. Мындай шылтоо менен солдатка алынып жатышкандыгына дээрлик ар бир адамдын көзү жетип турган. Падышалык армияда эч кимдин кызмат кылгысы келген эмес. Кыргыздар падышалык армияда кызмат өтөөнү ушунчалык жек көрүшкөн, ошондуктан алар жер-суусу каратылып алынган алгачкы жылдарда өз балдарын окууга орус мектептерге беришкен эмес, анткени эмнегедир бир орус мектептеринде окуган балдарды сөзсүз армияга алып кетишен деп ишенишкен. Ошондуктан Жети-Суу областынын биринчи согуш губернатору Колпаковский орус жана жергиликтүү калк үчүн мектептерди ачып, манаптарга балдарыңарды ошол мектептерге окууга бергиле деп сунуш кылганда, алар кедейлердин балдарын жана жетимдерди бергенибиз туура деп табышыптыр. Андай балдарды мектепке окууга берип жатышканда, “буларды согушка алып кетишсе да, каапыр кылыш коюшса да ичибиз оорубайт” деп коюшчу экен. Бирок ал жетимдер орус да, солдат да болбой эле тилмечтикке үйрөнүп, алардын өзүлөрүнүн “куйругун бурап” киришкенден кийин гана балдарын орус мектептерине бере башташыптыр.

Мындан тышкары, оорук жумуштарына алууга эмгекчилер массаларынын мындай терс мамиле жасашында алардын фронттогу чыныгы абалды билбегендиги да кыйла зор роль ойногон. Орус дыйкандары менен ирегелеш жашап, алардын көбү менен таанышып калган кыргыздар фронтко жөнөтүлгөн Иванов, Петров ж.д.у. сыяктуулардын көбү үйлөрүнө экинчи кайрылып кеишпестигин жакшы билишкен. Кыргыздарды оорук жумуштарына алуу жөнүндөгү буйрукту эмгекчилер массалары мына ошон үчүн өтө душмандык менен кабыл алышкан.

Кыргыз калкынын эмгекчилер массаларынын арасында оорук жумуштарына алуу жөнүндө ача пикир болгон эмес. Алардын баары буга бир кишидей каршы чыккан. Ошентип падышалык администрация болуштардын жана манаптардын жардамы менен мобилизациялоого даярданып жаткан кезде эмгекчилер массалары көтөрүлүшкө камылга көрө баштаган.

Манаптардын басымдуу көпчүлүгү мобилизациялону кош колдоп кабыл алган. Алар мобилизациялоонун камсыз кылынышы үчүн массаларга таасир этүүнүн бардык каражаттарын, “ал тургай” орус куралынын күчү менен коркутууну да колдонушкан.

Россиянын борбордук шаарларында болуп келишкен кээ бир манаптар (Кыдыр) орус армиясынын күчүн өз көзүбүз менен көрдүк, ага каршы күрөшүүгө болбойт, мүмкүн эмес деп калкты ынандыра баштаган. “Жакшы куралданган орустарга каршы согушууга болбойт. Баарыбызды кекиликтей терип атып, кырып таштайт”. Мындай сөздөр көтөрүлүш чыгарууга каршы ынандыруунун көндүм ыгы болуп калган.

Падышалык бийликтин буйругу боюнча байлар, манаптар паралап, балдарын армиядан алып калууга, балдарынын ордуна жалданма кедейлерди, батрактарды жиберүүгө укуктуу болушу эмгекчилер массаларынын бөтөнчө күчтүү таасир эткен.

Байларга жана манаптарга берилүүчү жеңилдиктер жөнүндөгү бул буйрукту чыгарууда, жумушчуларды оорук жумуштарына алууну жүргүзүүдө падышалык администраторлор алардын колдоо көрсөтүүлөрүнө негизсиз үмүттөнүшпөгөн болуу керек. Калыбы, байлардын жана манаптардын колдоосу камсыз кылына турган болгон соң, чакырыктын ийгилиги да колубузда болот деп ойлошкон окшойт. Бирок алар дал ушул буйрук падышалык бийликтин өкүлдөрүн гана эмес, ошондой эле байларды жана манаптарды да эмгекчилер массаларынын жек көрүүсүн чегине жеткирип, жаалдантып чыгарарын эске алышкан эмес. Бул буйруктан кийин болуштардын жана падышачылыктын башка малайларынын оорук жумуштарына барууга көндүрүү аракеттерине эмгекчилер массалары “өзүңөр паралап барбай калар болгон соң айта бересиңер да”, - деп кыска жана кесе айтышкан.

Ошентип, кыргыз эмгекчи массалары көтөрүлүшкө, улуттук боштондукка чыгуу күрөшүнө даярдана башташкан.

Кыргызстандын кээ бир жерлеринде айрым манаптардын көтөрүлүшкө катышкандыгы жана ал тургай ага башчылык кылууга аракеттендиги эч качан жаңылыш пикир туудурбашы тийиш. Бул эреже эмес, падышачылык “таарынтып” койгон эмгекчилер массаларын талап-тоноого падышалык администрациянын жардамы менен ыңгайлаша албай же начар ыңгайлашып калган манаптардын ушундай катмарлары дуушар болгон чанда бир учураган көрүнүш болгондугу эсиңиздерден чыкпасын. Алар көтөрүлүшкө падышалык бийликке каршы күрөшүү үчүн, кыргыз калкынын мүңкүрөп тургандыгына жаны ачыгандыгы, улуттук боштондукка чыгуу идеясына жан тарткандыгы үчүн эмес, эмгекчилер массаларынын кыймылы алардын өзүн тебелеп кеткидей кулач жайып алганынан коркконунан катышышкан. Ошондуктан көтөрүлүшкө даярдануу убагында падышалык администрациянын колунан эч нерсе келбей калганын жана эмгекчилер массалары активдүү аракеттенип жатканын көргөндөн кийин массаларга тийгизген таасиринен ажырап калбоо үчүн көтөрүлүшкө кошулуп, кээ бир жерлерде кыймылга да башчылык кылышкан. Көтөрүлүшкө каршы болгондорунун чыккынчылык кандай роль ойногондугу өзүңүздөргө түшүнүктүү. Бирок кандыкка көтөрүлгөндөрү да чыккынчылык чоң роль ойноптур. Шабданов Мөкүш Пишпек уездинин, Канат Ыбыкеев Загорский волостунун хандыгына көтөрүлгөн.

Эми ошолор эмне кылганына токтололук. Көтөрүлгөн калк тарабынан хандыкка шайланып, массалардын күрөшүнө жетекчилик кылып жүрдүм эле демиш болгон ошол Канаттын айтканынан алар (Шабданов Мөкүш жана башкалар) 7-августтан Пишпек уездинин начальниги Рымшевичке жаштар оорук жумуштарына барбайбыз деп жатышкандыгын айтып барышкандыгын жана уезддин начальнигинен мандемдүү жерлерге аскер жиберүүнү суранышканын билебиз. Ал жерде, Загорный волостунда үч күндөн кийин көтөрүлүш башталып, Канат өзүн ханмын деп жарыялаган.

Бай-манаптардын айрым катмарчаларынын көтөрүлүшкө катышканы, кээ бир учурларда алардын көтөрүлүшкө жетекчилик кылышкандыгы, анан “хан бийлигин калыбына келтирүү маанисинде атканда” кыймылга “феодалдык реакциянын демин кошкондугу” көтөрүлүштүн революциячыл мүнөзүн өзгөртө алган эмес. “Улуттук боштондук кыймылынын революциячыл мүнөзү, - деп жазат жолдош Сталин, - империалисттик эзүүнүн кырдаалында (курсив меники – Ж.А. ) кыймылда пролетардык элементтердин сөзсүз болушун, кыймылдын революциячыл же республикачыл программасынын болушун, кыймылдын демократиялык негизинин болушун дегеле талап кылбайт. Афганистандын көз карандысыздыгы үчүн афган  эмиринин (Аманулла хандын-Ж.А.) күрөшү эмирдин жана анын шериктеринин көз караштарынын монархиячылар мүнөздө экендигине карабастан, объективдүү түрдө революциячыл күрөш болуп саналат, анткени, ал күрөш империализмди начарлатат, ичинен иритет, алсыратат, ал эми айталык, Керенский жана Церетели, Ренодель жана Шейдеман, Чернов жана Дан, Гендерсон жана Клайн сыяктуу “оттон-суудан кайра тартпаган” жана республикачылардын империалисттик согуш убагындагы күрөшү реакциячыл күрөш болгон, анткени аны натыйжасы империализмди жасап-түзөө, чыңдоо, империализмдин жеңиши болгон” (“Вопросы ленинизма”, стр.49).

1916-жылдагы көтөрүлүштүн улуттук боштондук мүнөзү да анын өзүнүн табиятынан, “империалисттик эзүүнүн кырдаалында” Орто Азия жана Кыргызстан элдеринин улуттук кыймылы болгондугунан, өзүнүн натыйжасында россиялык империализмди начарлатуу, ичинен иритүү жана алсыратуу максатын көздөгөндүгүнөн келип чыгат.

Кээ бир манаптардын алигинтип хандыкка көтөрүлүп калуу фактысын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Бул “саясий жактан уюшкан пролетариат” тараптан көтөрүлүшкө жетекчилик кылуу болбогондугу менен түшүндүрүлөт, анткени россиялык пролетариат ал кезде падышачылыкка каршы чечүүчү күрөшкө көтөрүлгөн массаларга жардам берүүгө али ачык чыга алган эмес. Россиялык пролетариаттын революциячыл жогорулоосу мындан бир нече айдан кийин, жеке бийлөөчүлүккө каршы колуна курал алып чыккан февраль-март күндөрүндө гана өзүнүн бийиктигине жеткен. Падышачылык Түркстандагы бирден бир революциячыл большевиктер партиясын терең подпольеге кетүүгө аргасыз кылгандыктан, ал партия көтөрүлүшкө жетекчилик кыла алган эмес. Мына ошентип, Орто Азиянын, анын ичинде  Кыргызстандын эмгекчилер массаларынын көтөрүлүшү пролетариаттын жана большевиктер партиясынын жетекчилигисиз калган. Революциянын жүрүшүн жана аякташын мына ушул жагдай алдын ала чечип койгон. Бирдиктүү пролетардык жетекчиликтен ажыраган, улам бир жердеги чыгуулар мүнөзүндө болгон колониялык көз карандылыктагы Орто Азия элдеринин баатырдык көтөрүлүшү басылып ташталган.

Владимир Ильич Ленин 1916-жылдагы Ирланд көтөрүлүшү жөнүндө минтип жазган: “Ирланддардын бактысыздыгы көтөрүлүшкө өз убагында эмес, пролетариаттын Европада болор көтөрүлүшү али жетиле элек кезде чыгышкандыгында турат” (Ленин, XIX, стр.197). Владимир Ильичтин бул сөздөрүн Орто Азия жана Кыргызстан элдеринин 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө толук жана бүт бойдон колдонсо болот.

Биздин бактысыздыгыбыз, ал кезде орус пролетариаты падышага, россиялык империализмге каршы чечкиндүү күрөшкө ачык чыга албагандыгында жана Орто Азиянын көтөрүлүшкө чыккан элдерине реалдуу жардам бере албагандыгы болгон.

Падышалык өкмөт көтөрүлгөндөргө каршы ошол кездеги эң жаңы техника менен куралдандырылган зор армияны аракетке келтирген, а көтөрүлгөн массалар учуна темир кыма капталган найзалар жана бурама байланган сармоорлор же жөн эле таяктар, эски түтөтмөлөр менен куралданышкан эле. Падышалык генералдар бул массага көп сандаган куралдуу күчтөрдү каршы коюшкан, алардын бир бөлүгү империалисттик согуштун майдандарынан алып келинген.

Жети-Суу областынын согуш губернатору Фальбаумга генерал Куропаткиндин жиберген телеграммасынан көтөрүлгөн массага каршы бир гана Жети-Сууда орус казактарынын эки полку, бир атчандар армиясы, 35 рота, 24 жүздүк, 240 атчан чалгынчы, 16 замбирек,  17 пулемет каршы аракеттенгендиги көрүнүп турат. Күч тең эмес болгондугун бул жерде далилдеп отуруунун кажети жок. Бир тарапта согуш өнөрүнүн бардык эрежелерине ылайык үйрөтүлгөн, борборлоштурулган башкаруусу, замбиректери жана пулеметтору бар, экинчи тарапта – союл, чокморлор менен куралданган, башкарган жетекчилиги жок массалар турган.

Көтөрүлгөн массалардан Куропаткин жетишерлик чоң коркунучту көргөн, ошондуктан ал өзүнүн замбиректери жана пулеметтору бар солдаттарына гана эмес, ошондой эле Орто Азиянын биринчи жолу басып алгандардын да “тажрыйбасына” таянууну зарыл деп тапкан. Ошол эле Фольбаумга караганда каруу-күчү аз полковник Колпаковский мындан 52 жыл мурда Верныйга (Алма-Атага) таандай каптап чабуул коюп келе жаткан колду тайманбай утурлап чыгып, ал колдорду Кастек ашуусунда баш көтөргүс кылып талкагандыгын, генералдар Черняев, Романовский, Кауфман жана Скобелев Сыр-Дарыя, Самаркан жана Фергана областтарын көп каруу-күчсүз басып алышкандыгын айткан жана Фольбаумга алардан өрнөк алууну сунуш кылган.

Бул аскерлердин көп бөлүгү көтөрүлгөн кыргыздарга каршы жиберилген, анткени, көтөрүлүш Түркстандын эч бир жеринде Ысык-Көл, Нарын аймактарындагыдай жана Чүй өрөөнүндөгүдөй айыгыша жүргөн эмес.

Кыргыздардын эки уезди үчүн Куропаткиндин таш боордуктун бөтөнчө чарасын көрүүнү – кыргыздарды акыркы бир таман жеринен кол жуудурууну чечиши, көтөрүлүштүн мына ушул мүнөзү менен түшүндүрүлөт. Ушул жерде бир цитата келтире кетүүгө уруксат этиңиздер, анткени ал кыргыз аймактарында көтөрүлүш кандай кулач жайгандыгын түшүнүү маанисинде гана эмес, ошондой эле падышалык генералдар кыргыздардын акыркы калган жерлерин тартып алып, алардын ачарчылыктан тукум курут болушуна кантип жетишмекчи болгондугун да түшүнүү үчүн кыйла кызык мисал болуп саналат.

“Көтөрүлүштүн жол башчыларын, - деп жазат Куропаткин, - терип кыруу зарыл, ага катышкан массаны кечирип коюуга да болот (боорукердик кылганын карасаңыз? – Ж.А.). Мен падышага да ушул мааниде айтамын, бирок козголоңчулар орустардын канын көп төккөн Пишпек уездинин Загорский бөлүгүндөгү бардык волосттогулар жазаланат жана Көл кылаасы, Кебен (Кемин) өрөөнүнүн жерлери кыргыздардан түбөлүккө тартып алынат, ар жерлердеги кыргыздар Нарын аймагындагы тоолорго сүрүлүп чыгарылат, козголоңчуларды минтип катуу жазалоо – аларды жерден кол жуудуруп, кыргыздардан татыктуу өч алуу болуп саналат” (Рыскуловдун китебинен цитата келтирип жатам).

Куропаткинге өзүнүн пикирин билдиргенинде Фольбаум да дал ушундай көз карашта болгон. Ал “талаа кыргыздарын жеңил-желпирээк жазаласак болот, бирок, пишпектик жана пржевальскилик кара кыргыздарды Токмок (Чүй) өрөөнүнөн, Кебен өрөөнүнөн жана Көл кылаасынан таптакыр айдап чыгуу керек” (Рыскуловдун китебинен цитата келтирип жатам), - деп жазган.

Кыргыз аймактарында аракет кылган жазалоочу отряддар бул көрсөтмөлөргө ылайык туткундар менен баш оорута турган эмес. Отряддар туткунга түшкөн кыргыздарды бала-чакалары менен чогуу атып таштаган.

Ушул эле дейсизби? Караколдо, Түптө жана Теплоключенкада көтөрүлүшкө катышпаган кыргыздар, уйгурлар атылып ташталган, а уйгурлар тескерисинче көтөрүлүштү басып таштоого жардам беришкен.

Фольбаум менен Куропаткин кыргыз калкынын тукумун курут кылуу үчүн стратегиялык план иштеп чыгышкан, ал планга ылайык үрккөн адамдар качып кетиши мүмкүн тоо өткөөлдөрүн жана ашууларын тосуп таштоо алдын ала каралган. Жазалоочу отряддар Ысык-Көл ойдуңунда, Чүй жеринде, Жумгалда, Нарында, Көк-Артта, Каркырада кыргыздарды кекиликтей кууп жүрүп атышкан. Алар 1916-жылдагы көтөрүлүштү басып таштоого, көтөрүлгөн калкты талкалоого жетишкен. Кыргыздар Түп, Сырт ж.д.у.с. жерлерде өзүлөрүнүн мал-мүлкүнүн теңинен көбүн калтырып, Кытайга үркүп кетишкен. Кытайга үркүп кетүүнүн, жазалоочу отряддардын аракеттеринин натыйжасында болжол менен 150 миңге жакын адам чыгым болгон.

Кош, Кытайга үркүп баргандардын абалы кандай болду экен? Бул жөнүндө көп айтып отуруунун кажети жок. Чек арада кытай-калмактар ок атып тосуп алып, кыргыздарды талап-тоной башташкан жана алар бул жерде да акыркы малынан ажырап, нан-тузсуз калууга аргасыз болушкан. Ачкадан өлө башташкан. Муну менен бирге үркүп баргандардын арасында келте башталган. Ошентип, кыргыздардын көпчүлүгү аялдарын жана кыздарын сатып күн көргүдөй абалда калган. Түркстандагы падышалык администраторлор буга карабастан дыйканчылык министерствосунун уруксаты боюнча кыргыз жерлерин орус келгиндерине берип, кыргыздарды бир таман жерсиз калтыруу боюнча өзүлөрүнүн долбоорлорун жүзөгө ашыра беришкен.

Аларга мурда келген орус поселокторундагылар жардам беришкен, алар кыргыздар Кытайга кетишпегенден кийин кыргыз калкынын жерлерин басып алышып, өз бет алдынча поселокторду курушкан.

Үрккөндөр Кытайдан кайтып келе баштаган февраль революциясынан кийин алардын жери да, баш пааналай турган жайы да жок болуп чыккан. Алар топ-тобу менен бир үзүм нан үчүн, бир ашмүшкө чай үчүн, ал эми кээ бир жерлерде кара курсагын кампайтыш үчүн гана орус кулактарынын, татар көпөстөрүнүн кол алдында иштешкен.

1916-жылдагы көтөрүлүштөн материалдык жактан бир аз зыян тартып калган орус кулактары отряддар курап, ал отряддар айылдарды кыдырып, кыргыздарды өлтүргөн. Көтөрүлүш өтө күчтүү жүргөн Каракол уездинде кыргыздардын улуттук кийим кийиши кыргыздар үчүн улуттук маскаралык, улуттук душманы болуп калган. Караколдун көчөлөрүндө кыргыздын тебетейин, кыргыз чапанын кийип жүрүүгө мүмкүн болбой калган. Базарга келген кулактар кыргыздарды өз билгендеринче жазалап, ташка алып сабаган, кордошкон, бийликтин өкүлдөрү полицейскилер – тартиптин “сакчылары”, кулактар, колонизаторлор карып кыргыздарды кантип сазайын берип жатышкандыгын мурутун чыйратып карап турушкан.

 

ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ ЖАНА КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫ

Февраль революциясы жана анын натыйжасында падышанын тактан кулашы үрккөн кыргыздардын арасында жаңы өкмөт кулактардын зордук-зомбулугунан коргоп калат, жерибизди кайтарып алышыбызга жана чарбачылыгыбызды жайгаштырышыбызга жардам берет деген сыяктуу үмүт менен Россияга кайтып келүү ниетин күчөткөн. Бирок алардын бул үмүттөрү акталган эмес.

Убактылуу өкмөт буржуазиянын жана помещиктердин өкмөтү болгондуктан, анын органдарынын аракеттерин падышалык бийликтин органдарынын аракеттеринен айырмалоого мүмкүн болгон эмес. Убактылуу өкмөт тараптан үрккөн кыргыздарга жер-суусун кайтарып берүү жана материалдык жардам көрсөтүү жагынан реалдуу эч кандай кол кабыш болгон эмес. Тескерисинче, убактылуу өкмөттүн убагында мындай да окуялар болгон. Каракол уездинде Ибрагимов деген бир татар көпөсү өзүнүн унаа жылкысы жок сыяктанып, он чакты кыргызды кырман ташка чегип, 1916-жылдагы көтөрүлүш убагында кыргыздар өзүлөрү жыйнап алууга үлгүрбөй калган буудайды, арпаны ошол батырактардын күчү менен бастырып, кампасына куюп алган.

Ошол эле көпөс Жети-Өгүз капчыгайында жапайы карагат өскөн жерди өзүнчө менчиктеп алып, кыргыздарды ошол карагаттарды терүүгө мажбурлап турган, анан эрин-башы карайып калгандарын көрүп калса, сен карагатты жеп койдуң деп ал адамдын тилин сундуруп алып тикенек менен сайдырчу экен. Мына ушунун баары өкмөттүн өкүлдөрүнүн көз алдында болуп келген.

Пржевальск уездинин уезддик комиссары, падышачылык доорундагы келгиндер башкармасынын мурдагы начальниги кыргыздардын жашоосу жана мал-мүлкү үчүн коопсузураак болот демиш болуп, Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш тарабында жашаган кыргыз калкынын Көлдүн батыш жагына көчүп барышына аракеттенген. Ал чынында орус кулактарынын поселоктору аркылуу үч күндөн кийин кайткан кыргыздар өтүп баратышканда, алардын калган мал-тегесин жана мүлкүн орус кулактарына талатып калууну көздөгөн. Ал, албетте, бул оюна жеткен.

Балким, бул Убактылуу өкмөттүн жергиликтүү өкүлдөрүнүн “чыгармачылыгы” болуп жүрбөсүн? Мүмкүн, Убактылуу өкмөттүн крайлык жана областтык органдары кыргыздарды жайгаштыруу, аларга жардам берүү маселелеринин үстүндө иштегендир? Жок, алар өзүлөрүнүн жергиликтүү өкүлдөрүнөн айырмаланышкан эмес. Үркүндөн кайткандарды жайгаштыруу маселелеринин үстүндө иштеген эмес жана иштегилери да келген эмес. Биздин эски таанышыбыз А.О.Шкапский жана кесиби инженер казак Тынышбаев Убактылуу өкмөттүн Жети-Суу областындагы комиссарлары болуп дайындалган. Ошентип, алар Алма-Атага бара жатышкан жолунда, Фрунзеде үркүндөн кайткан кыргыздардын өкүлдөрү аларды тосуп алып, өзүлөрүнүн оор абалын, үркүндөн кайткандарды кулактар топ-тобу менен өлтүрүп жатканын айтып, анан албетте, кулактардын зордук-зомбулугунан коргоону, материалдык жактан жардам берүүнү суранышкан. Ошондо Тынышбаев менен Шкапский эмне чара көрүштү экен дебейсиздерби? Тынышбаев алардын арыз-арманын уккан соң “мунуңар түккө турбаган иш, азыр бул жөнүндө эмес, учредителдик чогулуш туурасында ойлонуу керек. Ага биринчи кандидат, албетте, менмин, экинчи кандидат болсо – Жайнаков, а калган иштер жөнүндө Алма-Атага барганда ойлонуп көрөбүз” дегенден башка сөз айтпаптыр.

Үркүндөн кайткандардын өкүлдөрү эртеси күнү өзүлөрүнүн арыз-муңун кайталап айтканында ошол эле Тынышбаев “силерди көтөрүлүш чыгарууга мен мажбур кылган эмесмин жана муну иштөө азыр менин ишим эмес”, - деп коюптур. Ишенген кожом сен болсоң... деген ушу да.

Февраль реолюциясы жана ал жараткан демократиялык өкмөт Кытайдан кайтып келген кыргыздардын андан күткөн үмүттөрүн актаган эмес. Кытайдан кайтып келген кыргыздарга жардам берүү ишин жүргүзгөн бирден бир орган – областтык Кыргыз Аткаруу Комитети болгондугун айта кетүү керек, бирок анын жардамы кыргыз эмгекчилер массаларына жеткен эмес. Бул комитет менен жардамга чындап муктаж болуп турган, ачарчылыктан өлүп жаткан үркүнчүлөрдүн ортосунда арачылык, таратып берүүчү инстанция болгон. Ага кыргыз манаптары башчылык кылган, бул манаптар үркүнчүлөр үчүн берилгендин баарын өзүлөрү алып калышкан. Кыскасы, Убактылуу өкмөт кыргыздардын абалын кенедей да жакшырткан эмес. “Демократиялык өкмөт” кыргыздарды кулактардын зордук-зомбулугунан жана ачкалыктан өлүүдөн сактап калуудан, падышалык өкмөт жана колонизатор кулактар тартып алган жерлерин аларга кайтарып берүүдөн “демократиячылдык” кылбай, баш тарткан.

Мында түшүнүксүз эч нерсе жок. Анткени, февраль революциясынан кийин Орто Азияда болгон бардык өзгөрүш чынында бийлик органдарынын падышанын жана анын койгон адамдарынын колунан Орто Азиянын жана анын койгон адамдарынын колунан Орто Азиянын өзүбүздүн колониябыз, сырье алуучу эң бай булагыбыз деп мурдагыдай эсептеп турган россиялык империалисттик буржуазиянын өкүлдөрүнүн колуна өтүшү эле болгон.

Меньшевиктердин жана эсерлердин таасири астында турган, падышачылыктын колониячылдык саясаты бузуп койгон жумушчу массаларынын кыйла бөлүүгү (темир жолчулар, Фергананын өнөр жайлуу пункттарынын жумушчулары ж.б.) дээрлик октябрь күндөрүнө чейин жергиликтүү калктан пролетар жана жарым пролетар катмарларынын уюштуруучусу катары чыга алган эмес. Февраль ревоюциясынан кийин уюшкан солдат, жумушчу жана солдат депутаттарынын Советтери шаарларда гана топтолуп, өзүнүн иш-аракеттеринде негизинен гарнизондордун жана шаарлардын орус калкын гана камтыган.

Мына ошондуктан айылдардагы жана кыштактардагы эмгекчилер массалары өзүлөрүнүн жергиликтүү байларынын, манаптарынын жана булардын кызыкчылыктарын билдирген жергиликтүү интеллигенциянын бийлигинде мурдагысындай эле кала берген. Саясий партиялардын жана топтордун шаарларда жүрүп жаткан күрөшүнүн маани-маңызы жергиликтүү эмгекчилер массалары үчүн таптакыр белгисиз бойдон кала берген. Муну мындай бир факт менен түшүндүрүүгө болот. Учредителдик чогулушка шайлоо убагында кыргыз “букараларынын” өкүлдөрү деп аталгандар казактардын контрреволюциячыл “Алаш-Ордо” партиясынын өкүлүнүн – Убактылуу өкмөттүн комиссары болуп турганында колонизатор кулактардын террорчуларынын жана арбайган ачарчылыктын колунан жүздөп өлүп жаткан, үркүндөн кайтып келген кыргыздарга жардам берүү маселелерди чечүүнүн үстүндө иштөөдөн кашаң баш тартып койгон жана Октябрь революциясынан кийин контрреволюциячыл “Кокон автономиясын” түзүүнү жактагандардын “жол башчыларынын” биринен болуп калган Тынышбаевдин кандидатурасын колдошкон.

Жергиликтүү эмгекчилер массалары февралдан октябрга чейинки мезгилде таптык күч катары уюша алышпаган болсо, жергиликтүү буржуазия, феодал жана жарым феодал төбөлдөр жана Орто Азия элдеринин дин кызматкерлери жөнүндө минтип айтууга болбойт. Орто Азия элдеринин эксплуататор таптары, алардын ичинде кыргыз байлары жана манаптары да кулач жайып жаткан окуялардын маани-маңызы: эң сонун түшүнүп, өзүлөрүнүн күчүн Октябрь революциясынв каршы, Совет бийлигине каршы күрөшкө шашылыш мобилизациялай баштаган.

 

ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ ЖАНА КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫ

Октябрь революциясы Кыргызстандын түндүк аймактарында да жеңип чыккан, бирок бул кыйла кийинчерээк, болжол менен 1918-жылы март-апрель ченде болгон. Кыргызстандын түштүк аймактарында Совет бийлигин уюштурууну экслуататор таптар басмачылардын контрреволюциячыл бандаларын түзүү менен каршы алышкан.

Октябрь революциясынан кийинки алгачкы мезгилде советтик органдарга орус калкынын оокаттуу кулак, колонизатор бөлүгүнүн өкүлдөрү кирип алгандыгын мындай коелук, улуттук маселе жагынан Октябрь революциясы алдыга койгон милдеттерди Түркстан большевиктеринин өзүлөрү так-таасын түшүнө алышкан эмес. Бул үчүн мындай бир фактыны көрсөтүү эле жетиштүү. Түркстан жергесинин Советтеринин крайлык III-сьездинде  жолдош Таболин большевиктик фракциянын атынан мамлекеттик башкаруу органдарына жергиликтүү калктын эмгекчилер массаларынын өкүлдөрүн тартуу маселеси боюнча төмөнкүдөй декларацияны жарыялайт. “Азыркы учурда крайлык революциячыл бийликтин жогорку органдарына мусулмандарды тартуу орунсуз, анткени жергиликтүү калктын солдат, жумушчу жана дыйкан депутаттарынын Советинин бийлигине карата мамилеси толук белгисиз калып турат, экинчиден, жергиликтүү калктын арасында таптык пролетардык уюмдар жок, крайлык жогорку бийлик органдарында алардын өкүлдөрү болсо, фракция аны куттуктамак эле” (Е.Федоров “Коммун. Мысль”, кн. 1, стр.56).

Бул декларация партиянын улут саясатынын лениндик багытын чагылдырмак түгүл, ага түздөн түз карама-каршы экендиги жөнүндө ооз ачуунун да кереги жок.

Ошондуктан ал кездеги Түркстан большевиктеринин мыкты өкүлдөрү топтолгон Ташкенде – Орто Азиянын мына ушул борборунда улуттук маселени чечүү жергиликтүү эмгекчилер массаларынын өкүлдөрүн мамлекеттик башкаруу органдарына тартуу жөнсүз деген жагдайда, башкача айтканда, ачык эле колонизатордук маанайда коюлган соң Жети-Суу жана Кыргызстандын түштүгү сыяктуу алыскы аймактарда кандай абалда тургандыгыбызды элестетүүгө болот. Мен жогоруда бул жерлердеги Совет бийлигинин органдарына алгачкы кездерде орус калкынын кулак-колонизатор бөлүгү кирип алгандыгын, ал кулактар улуттук маселени большевиктик негизде чечүү маанисинде алганда радикалдуу чараларды көрүүчү гана эмес, ошондой эле кыргыз элине каршы кулактардын зордук-зомбулугун токтотууга да жөндөмсүз болгондугун айтып өттүм, ал зордук-зомбулук Совет бийлигинин түзүлүшүнүн алгачкы мезгилинде да улана берген.

Советтик органдарга орус калкынын кулак-колонизатор бөлүгүнүн кирип алышынын натыйжасында бардык улуттардын эксплуататорлорун экспропирациялоого багытталышы тийиш контрибуция, конфискация, реквизиция деген ж.д.у.с. жаңы бийликтин актылары жергиликтүү калктын бүткүл массасына каршы багытталып калган. Натыйжада алар эксплуататор таптардын экономикалык күч-кубатын начарлатканга караганда, жергиликтүү калктын эмгекчилеринин белгилүү бөлүгүнүн жаңы козголоңу басып ташталганга чейин созулган.

Убактылуу өкмөткө жана анын куйруктарына каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн партизандар отряддары (Мураевдин, Мамонтовдун жана башкалардын отряддары) өзүлөрүнүн соккусун бир эле убакта жергиликтүү тургундарга да каршы багыттап калган учурлар көп эле болгон. Мындай абал болжол менен Орто Азия Советтик Россиянын борбордук бөлүгү менен түздөн түз байланыш түзгөнгө, башкача айтканда, Дутовдун Оренбургдагы козголоңу басып ташталганга чейин созулган.

Октябрь революциясынан кийинки алгачкы күндөрдө Түркстанда Совет бийлигинин саясатында жана иш-аракетинде кетирилген жаңылыштыктарды жана мүчүлүштүктөрдү улуттук буржуазия, феодал жана жарым феодал элементтер жана дин кызматкерлери пайдаланып калышкан. Алар күчтөнүп бара жаткан пролетардык революциянын соккуларынан өзүлөрүнүн таптык кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын, массаларга “Түркстанды орустардан боштондукка чыгаруу үчүн” деген ураан таштап, Октябрь революциясына, Совет бийлигине каршы күрөшкө жергиликтүү эмгекчилер массаларын уюштуруу зарылдыгын эң сонун түшүнүшкөн. Ошентип, ал кезде бул ураандын астында жергиликтүү эксплуататор таптар өзүлөрүнүн таптык кызыкчылыктарын коргоо, падышачылыктын колониялык талап-тоноосу сайрандап турган күндөрдү али унута элек жергиликтүү эмгекчилер массаларын жеке өзүлөрү эзүү укугун алуу үчүн аларын күрөшү жашырылып тургандыгын али түшүнбөгөн дыйкан жана мал кармоочу массалардын бир бөлүгү жергиликтүү буржуазиянын, феодал жана жарым феодал төбөлдөрдүн, дин кызматкереринин таасирине берилип кеткен. “Кокон автономиясы” жергиликтүү эксплуататор таптардын мына ошол иш-аракетинин натыйжасы болгон. Бул “автономия” талкалангандан кийин Түркстанда басмачылардын контрреволюциячыл бандалары, Алаш-Ордочу бандаларынын уюму, Анненковдун армиясынын катарларында Совет бийлигине каршы Жети-Суу фронтунда салгылашкан Алаш-Ордочулардын ак гвардиячыл полктору пайда боло баштаган, кыргыз байлары, манаптары катышкан Нарын көтөрүлүшү чыккан.

Түркстандагы улуттук саясат Оренбург козголоңу талкалангандан кийин, Москвадан ББАКтын Түркстан комиссиясы жиберилгенден кийин гана түп-тамырынан тарта өзгөртөт, муну менен бизге жергиликтүү эмгекчилер массаларынын позициясы басмачыларга, ак гвардиячыларга жана кулактардын контрреволюциячыл көтөрүлүштөрүнө каршы күрөштө Совет бийлигин колдоо жагына кескин өзгөрөт.

Мунун эсесине улуттар ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу, үркүндөн кайтып келгендерге жардам берүү жана Совет бийлигинин органдарына жергиликтүү эмгекчилер массаларынын өкүлдөрүн тартуу жагында Түркстандагы Совет бийлигинин, андан кийин ББАКтын Түркстан комиссиясынын алгачкы кадамдарын Жети-Суулук кулактар Совет бийлигине каршы бир катар көтөрүлүш чыгаруу менен жооп кайтарышат.

Алардын ичинде Ак-Суу жана Каракол көтөрүлүштөрү жана Фурманов сүрөттөп жазган Алма-Ата козголоңу бар.

1920-21-жылдарда ББАКтын Түрк комиссиясы жана РКП БКнын Түркбюросу Кыргызстандын жана түштүк Казакстандын аймактарында жер-суу реформасын жүргүзөт, мунун натыйжасында кыргыздардан падышачылыктын убагында, Убактылуу өкмөттүн тушунда кулактардын поселокторун куруу үчүн өз бет алдынча тартып алынган жерлер кыргыздарга кайтарылып берилген, сугат системаларынын өңүттүү жерлерин басыр алган жана кыргыз калкы көчүп-конуучу жолдордун боюна жайгаштырылган поселоктор жок кылынган.

Партия жана Совет бийлиги мына ушул реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында гана колонизаторлордун, кулактардын каршылык көрсөтүүлөрүн талкалоого жетишкен.  

1920-21-жылдардагы жер-суу реформасын жүргүзүүгө киришүүдөн мурда Түркстандын партиялык жана советтик органдарына РКП(б) БКнын Түркбюросунун жетекчилиги астында партиялык уюмдун катарларын жана советтик органдарды колонизатор кулак жана бай-манап элементтерден тазалоо, РСФСРдин борбордук бөлүгүнөн келген большевиктердин белгилүү кадрлары менен чыңдоо боюнча зор иш жасоого жергиликтүү уюштуруу жана аларга таянып, басмачыларды негизинен жок кылуу боюнча зор иш жасоого, жергиликтүү эмгекчилер массаларын “Кошчу” союздарына уюштуруу жана аларга таянып,  басмачыларды негизинен жок кылуу боюнча чоң иш жүргүзүүгө туура келген.

Көрсөтүлгөн жер-суу реформасынын жана жерге орноштуруу иштеринин натыйжасында партия жана совет бийлиги 1924-жылы эле мурдагы Каракол уездиндеги калктын 33,7%тин түзүп турган орус калкынын колунда айдоо жерлеринин 34,4% (1920-жылдагы 83%тин ордуна) калышына жетишкен. Мурдагы Пишпек уездинде 1926-жылы 40% орус калкынын пайдалануусунда уезддин айдоо жерлеринин 41,8%и (1916-жылдагы 57,3%тин ордуна) калган. Жерге орноштуруу ишинин андан ары жүргүзүлүшү, кыргыз жана орус калктарынын ортосунда жерден пайдаланууну жөнгө салууда жетишилген ийгиликтерди дагы чоң даражада бекемдеген.

Мына ошентип, Совет бийлиги улуттар ортосундагы карама-каршылыктардын эң негизги маселесин – жер маселесин, падышачылыктын жарым кылымдан көбүрөөк мезгил бою үстөмдүк кылып турган кезинде болушунча чаташтырыла байланган түйүндү чечүүгө, колонизатор кулактардын көрсөткөн каршылыгы менен көшөрө жүргүзүлгөн күрөштө жетишти.

Жер жана суу маселесин улуттар аралык планда чечип, бул маселени социалдык планда чечпегендигин, б.а. байларды жана манаптарды кол тийгизбестен калтыргандыгын бул реформанын кемчилидиги деп эсептөө керек. Бирок бул кемчилдик орус келгиндеринин колонизатор кулак бөлүгүн кыргыз эмгекчилер массаларын эзүүнүн негизги каражатынан – жерден, суудан ажыратуудан билинген зор жетишкендигинин маанисин эч кандай даражада начарлата албайт; ал жетишкендик падышачылыктын каргыш тийген мурасын – жерден жана суудан пайдаланууда кыргыз жана орус калктарынын ортосундагы иш жүзүндөгү теңсиздикти, бул реформанын жойгондугунан жана Кыргызстандын айыл чарбасынын өндүргүч күчтөрүнүн өсүшүнө жол тазалап бергендигинен да көрүнгөн.

Жер-суу маселесин социалдык, таптык планда чечүү кыргыз партиялык уюмунун жана Кыргызстан совет өкмөтүнүн үлүшүнө тийген, алар бул маселени ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун астында 1927-28-жылдарда Кыргызстандын түштүк аймактарында жер-суу реформасын жүргүзүү түрүндө чечишкен жана жерге жайгаштырууну, жайыттарды бөлүштүрүүнү жүргүзүү түрүндө ушу кезде да иштеп жатышат.

Кыргыз эмгекчилер массаларынын феодал, жарым феодал бай-манап катмарларына экономикалык көз карандылыктын таасиринен куткарып алуу ишинде негизги маселе болуп турган жер-суу жана жайыт маселесинин бир караганда ушунчалык кечигип чечилиши, улуттук өзгөчөлүү бөтөнчөлүктөрдөн – улуттук пролетариаттын жоктугунан, айыл-кыштак эмгекчилер массаларынын пролетардык бөлүгүнүн маданий-саясий жактан, Кыргызстандын советтик жол менен өнүгүшүнүн артта калгандыгынан келип чыккан жана келип чыгып жатат.

Муну түшүнүү үчүн жолдош Молотовдун төмөнкү сөздөрүн эске салуубуз жана унутпообуз керек. “Баары бирдей кыштак жок. Социалдык, райондук-экономикалык, улуттук жактан ж.д.у.с. өтө көп өзгөчөлүктөрү бар кыштак бар. Орто Азиянын бир катар аймактарында жер-суу реформасы кечээ жакында эле, мындан эки гана жыл мурда жүргүзүлгөндүгүн эсибизге түшүрүүбүз керек. Феодализмдин калдыктарын патриархалдык-уруулук укладдын калдыктарын жок кылуу жагында биздин азыр да иштөөбүзгө туура келээрин түшүнүү үчүн, ошол эле Орто Азияда жана Казакстанда ал калдыктар жоюлуудан али алда кайда алыс экендигин жана бул ары-бери эле бүтө калчу иш эмес экендигин айтуу керек.

Бир катар райондор, бөтөнчө Советтик Чыгыш жагынан Советтерди жандандыруу жөнүндө эмес, Советтерди түзүү жөнүндө айтышыбызга туура келет”.

Жолдош Молотовдун бул жоболору, советтерди түзүүгө байланыштуу айткан пикирлери Кыргызстандын алыскы кээ бир райондору үчүн бүгүн да күчүн сактап турат. Биз мурдагы Каракол кантонунун сырттарында Советтерди мындан бир гана жыл мурда түзгөнүбүздү, түштүктөгү кээ бир аймактарга (Алай) жайлоо советтерин жөнөтүүнүн жардамы менен аларды советтештирүүгө быйыл гана жетише алгандыгыбызды, Ат-Башы, Кетмен-Төбө, Суусамыр, Кызыл-Жар сыяктуу аймактарда пролетариат диктатурасын орнотуу багытын кээ Советтердин таптык душмандардын кызыкчылыктарында бурмалоолоруна каршы күрөшүүбүзгө туура келип жаткандыгын эстеп көрүңүздөрчү.

Жер-жерлерде большевиктик ячейкаларды, Советтерди түзбөй туруп феодалдык, патриархалдык-уруулук мамилелерди талкалоодо бизди эмгекчилер массаларынын өзү колдобосо, жогортодон чыгарылган декрет менен гана биз феодализмдин калдыктарын, патриархалдык-уруулук укладдык калдыктарын жое алат белек? Албетте, жок.

Түштүк аймактарында 1927-28-жылдарда жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын жыйынтыктарына кайра кайрылайын. Биз бул реформанын натыйжасында эмнелерге жетиштик? 3447 кожолуктун колунда эмгектик нормадан тышкары, 20162 га айдоо жерин кармап турган 497 помещиктик иштебей күн көрүп келген бай чарбаларды жок кылдык, 17277 га айдоо жерин тартып алдык. Бул жерлерге жана булардан башка ээси жок жана ээси өлүп калган чарбалардын, вакуфтун жерлерине, мамлекеттик фондудагы жана жаңыдан суу чыгарылган жерлерге жери аз жана жери жок 18 миң кедей кожолуктарды жайгаштырдык. Анын үстүнө бул реформада негизинен кыргыз помещиктик-феодалдык чарбалар жок кылынды. Ошентип, эгерде биринчиден жер-суу реформасынын натыйжасында келгиндердин колонизатор кулактар бөлүгүнүн эксплуататордук мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө жетишкен болсок, экинчиден жер-суу реформасынын натыйжасында биз кыргыз феодалдык-помещиктик чарбаларга кыйраткыч сокку урдук.

Падышачылыктын агрардык саясатынын натыйжасында Кыргызстанда жашаган элдердин эмгекчи массаларын бытыратуу, жер-суу жайыт үчүн алардын өз ара күрөшүн чыгаруу болсо, партиянын жана совет бийлигинин агрардык саясатынын натыйжасы “Кыргызстандагы бардык улуттардын эмгекчи дыйкан массаларын байларга, манаптарга жана кулактарга каршы күрөшкө бириктирүү жана уюштуруу” болду.

Орто Азияны улуттук-мамлекеттик жактан бөлүү партиянын жана совет мамлекетинин улуттук маселени чечүүдөгү ишинин кийинки этабы болду, бул бөлүүдөн кийин адегенде кыргыз автономиялуу областы, андан соң ал Автономиялуу республика болуп түзүлдү. Улуттук советтик мамлекеттик бирдиктин мамлекеттик башкаруу органдарына батырактарды, кедейлерди жана орто чарба дыйкандардын мыкты өкүлдөрүн кеңири тартуу менен түзүлүшү Кыргызстандын эмгекчи массаларынын маданий жана чарбалык жактан эң тез өсүшүн камсыз кылды.

Республиканын чарбалык жана маданий жактан өсүшүн мүнөздөө үчүн цифралар келтире кетүүгө уруксат этиңиздер.

Айыл чарбасы. 1931-жылы план боюнча айдоо аянттары революцияга чейинки мезгилдеги 560,2 гектардын ордуна 1002,09 миң гектар, анын ичинде пахта аянты 27 миң гектардын ордуна 105,5 миң гектар болду. Малдын саны 4756000 баштын ордуна 6807482 башка жетти.

Республиканын айдоо аянттарынын жалпы санынын 396,5 миң гектары социалисттик секторго – колхоздорго жана совхоздорго, анын ичинде пахта эгилүүчү аянттарга 61,1 гектары туура келди. 360866 баш малы бар 17 мал өстүрүүчү совхоз жана коллективдештирилген дыйкан жана мал багуучу чарбалардын 52% өз колдорунда республикалык жалпы малдын 1569896 башын топтоп турду.

Дыйкан талаалары 8 МТСтин жана 51 миң соконун жардамы менен иштетилип жатат, бул айыл чарбасынын социалисттик реконструкциялоого  техникалык база түзүү ишиндеги алгачкы гана кадамдар болуп саналат.

Майда товардык, өндүрүмдүүлүгү аз, дээрлик жакыр жеке менчик дыйкан чарбасы коллективдешкен ири чарбага орун бошотуп берди, трактор соко буурусунду сүрүп чыгып жатат. Жаңы жерлерге суу чыгаруунун жана эски ирригация системасын кайра куруунун эсебинен республиканын сугат аянттары революцияга чейинки мезгилдеги 426,3 миң гектардын ордуна 581,6 миң гектарга чейин кеңейди. Падыша өкмөтүнүн буйругу боюнча Васильев кыргыз эмгекчилер массаларын колониялык эзүү ишинде өзүнө таяныч пункт катары, офицерлер шаарчасын курууну долбоорлогон жерге Кыргызстандын айыл чарбасын социалисттик реконструкциялоонун таяныч пункттарынын бири катары кендир жасалуучу өсүмдүк өстүрүүчү советтик жаңы чарба – ЧУЛУБ совхозу өсүп чыкты.

Эгерде падышачылык колониялоо кызыкчылыктарында орун-очок алып калган кыргыз чарбаларын жарым кылым бою талкалап келген болсо, совет бийлиги өз алдына 1933-жылы көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды толук отурукташтырууну камсыз кылуу милдетин коюп отурат.

Өнөр жайы. Капиталисттер жырткычтык менен эксплуатациялап келген Кыргызстандын кустардык типтеги көмүр кендери Орто Азиянын социалисттик тоо-кен өнөр жайынын гиганты болуп калды. Кен казып алуу революцияга чейинки мезгилдеги 36 миң тоннанын ордуна 1931-жылы план боюнча 1011 миң тонна болот.

Пахта тазалоочу, кант, булгаары заводдору, жибек түрүүчү фабрика, эт жана муздаткыч комбинат, сейрек учуроочу металлдар трестинин комбинаты – булар Кыргызстанды социалисттик индустриялаштыруу ишиндеги алгачкы гана кадамдар болуп сналат. Кыскасы, цензтик  өнөр жайынын дүң продукциясы революцияга чейинки мезгидеги 1,2 млн. сомдун ордуна 1931-жылы 59,2 млн. сомго жетет.

Эл агартуу. Эл агартуу комиссариатынын маалыматы боюнча, республиканын калкынын сабаттуулугу революцияга чейинки мезгилдеги 4%тин ордуна 1931-жылы 35% болот. Быйыл бардык мектептердин жалпы саны революцияга чейинки кездеги 70 мектептин ордуна (аларда 3000 бала окуган) 942ге жетет жана аларда 38660 адам окуйт.

Эгерде революцияга чейинки мезгилде жогорку билимдүү бир да кыргыз жок болсо, үстүбүздөгү жылдан баштап Фрунзеде үч жогорку окуу жайы, мал чарба, кендир жасалуучу жаңы өсүмдүк жана педагогика окуу жайлары ачылат. Жалпыга бирдей башталгыч билим берүү азыркы күндүн милдети болуп калды.

Кыргыз эмгекчи массалары революцияга чейинки мезгилде ойлой да албаган жаңылыкты – өз эне тилинде чыккан адабияттарды жана газеталарды көрдү.

Саламаттык сактоо. Кыргыз айылындагы “бакшылар”, “бүбүлөр” жана табыптар советтик врачка орун бошотуп беришти. Быйыл ооруканалардын саны революцияга чейинки мезгилдеги 6100 койкалык бирдиктин ордуна 1269 койкалуу 37 бирдикке жетет.

Быйыл амбулаториялардын, врачтык пункттардын, санитардык жана башка мекемелердин саны революцияга чейинки мезгилдеги 21 бирдиктин ордуна 197 бирдикке жетет.

Үстүбүздөгү жылы балдар бакчалары, яслилери, аянтчалары 483 бирдикке жетет, булар революцияга чейинки мезгилде кыргыздар ойломок тургай, түшүнүгү да жок мекемелер болучу.

Кыдырып жүрүп тейлөөчү врачтык отряддардан, ал врачтардан кыргыз көчмөндөрү коркот деген “учуртманы” таш-талкан кылды.

Транспорт жана байланыш. Совет бийлигинин убагында 207 км аралыкка темир жол салынды. Кыргыздар паравоздун үнүн тарыхта биринчи жолу Совет бийлигинин убагында гана угушту.

Почта-телеграф бирдиктеринин саны Октябрга чейинки мезгилдеги 26 бирдиктин ордуна 156 бирдикке жетти. Революцияга чейинки мезгилдегиге караганда телеграф линияларынын узундугу 1,4 эсе, телеграф өткөргүчтөрдүкү – 2 эсе көбөйдү. Кыргыздын “узун кулагы” телеграфка жана радиого орун бошотуп берди.

Кыргызстандын чарбалык жана маданий курулушуна Кыргыз АССРинин бюджетинен 1925-жылдан 1931-жылга чейин гана берилген салым 76.985.00 сом болду; буга РСФСРдин союздук бюджетинин жана башка булактардын эсебинен берилген салымдар кирбейт. Бул салымдар 1931-жылы гана 162 588 000 сом суммасында болот.

Чарбалык-маданий зор жетишкендиктердин, көчмөн аймактарды советтештирүүнүн, социализмдин жеңиштүү өсүшүнүн негизинде партиянын лениндик улут саясатын жүзөгө туура ашыруунун натыйжасында, биз мындан 15 жыл мурда оорук жумуштарына баргысы келбей, падышачылыкка каршы көтөрүлүш чыгарган кыргыз эмгекчи массаларынын тилегине жеттик. Быйыл Кыргызстандын эмгекчи массаларынын эркин билдирүүчүсүнүн – Советтердин III-сьездинин чечими боюнча Октябрдын жеңип бергендендерин колуна курал алып коргоо үчүн орус, украин жана татар дыйкандары менен катар кыргыз дыйкандары Жумушчу Дыйкан Кызыл Армиясынын катарында кызмат өтөөгө чакырылат.

Өзүнүн улуу жолдошторунан өрнөк алып, Лениндик партия белгилеген жол менен жүрө отуруп, анан чарбалык жана маданий курулуш жагында, Кыргызстанда индустриялаштырууда, айыл чарбасын реконструкциялоодо жана коллективдештирүүдө жетишилген ийгиликтердин негизинде кыргыз эмгекчи массалары бир катар райондордо бул күндөрдө туташ коллективдештирүүнүн негизинде кулактарды тап катары жоюу маселесин коюп жатат.

Жумушчу табынын бардык майдан боюнча социалисттик чабуулга өтүшү, эл аралык фактор катары Советтер Союзунун күчөп жаткан күч-кубаты, Советтер Союзунун тышкы жана ички душмандарынын кутургандай жек көрүүсүн, жеңип жаткан социализмге каршы алардын күрөшүн пайда кылып жатат. Эки системанын – чирип бара жаткан капитализм менен жеңип жаткан социализмдин күрөшүндө биз жеңип чыгабыз.

Мунун кепили Советтер өлкөсүндөгү социалисттик курулушка ВКП(б) БКнын лениндик жетекчилик кылышы, социализмди куруунун беш жылдык планынын программасын биздин өлкөбүздүн жумушчу табынын ийгиликтүү аткарышы, негизги массанын, дыйкандардын социализмге бурулушу, Советтер Союзунун өсүп жаткан коргонуу күч-кубаты болуп саналат.

15 жыл мурда Орто Азиянын эзилген элдери падышачылыктын империалисттик эзүүсүнө каршы көтөрүлүш чыгарган болучу, бирок алар жеңилип калышкан эле, анткен менен улуттук боштондук согушуна Россиянын пролетариаты тарабынан жетекчилик кылынмайынча падышачылыкты, империалисттик орус буржуазиясын жеңе албай тургандыктары жөнүндө сабак алышкан.

1916-жылкы көтөрүлүш жүзөгө ашыра албаган нерсени – падышачылык буржуазия тарабынан эзилген Орто Азия элдеринин улуттук боштондугун 1917-жылдын Октябрындагы пролетардык жеңиштүү революция берди.

Революциячыл Геркулес – Россиянын жумушчу табы – 1917-жылы “элдердин түрмөсү” болуп турган Россияны талкалап, эски Россиянын чалдыбарларына Советтик Социалисттик Республикалар Союзун – дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн эзилген массаларынын социалисттик ата мекенин түздү.

“Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө” деген китепчени (Кыргызмамбас, 1932) тексти боюнча басылды.

 

 

 

ЖОЛДОШ МЕНИЦКИЙДИН МАКАЛАСЫ ЖӨНҮНДӨ

-Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы – 1916-жылдагы көтөрүлүштү 1905-жылдагы революциянын көз карашынан карагандыгы. 1916-жылдагы көтөрүлүштө таптык анык багыт жок болучу. Орус дыйканы ошол кездеги кырдаалдан улам “чынында колонизатордун” ролун ойноп, көтөрүлүшкө чыккандардын союздашы боло алган эмес. – Жолдош Меницкий ырастасын-ырастабасын, ал көтөрүлүштө сеператчылдык умтулуулар болгон.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн мүнөзүн айкындоонун тарыхый мааниси бар.

1916-жылдагы көтөрүлүш революциячыл акт болгондугу талашсыз. Азыр маселе эмес, ошо көтөрүлүштү чыгарган себептердин таптык жана улуттук табиятын аныктоодо турат.

1916-жылдагы көтөрүлүштө таптык күрөштүн кээ бир, анын үстүнө өтө маанилүү элементтери бар дегенге баарыбыз макулбуз. Көтөрүлүш “төмөнкүлөрдүн” кысымы астында, жергиликтүү эзүүчү төбөлдөрдүн кээ бир бөлүгүнүн жан тартышы жана айрым бөлүгүнүн каршылык көрсөтүшү менен башталган дегенге да макулбуз. Бирок бул көтөрүлүш толук жана бүт бойдон таптык мүнөздө болуп, анда улуттук жагдайларга жол берилген эмес дегендикке жатпайт. И.Меницкий улуттук жагдайларга жол берилген эмес деп ойлойт.

Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы эмнеде?

Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы бул: ал 1916-жылдагы көтөрүлүштү 1905—06-жылдардагы революциянын көз карашынан карап, мында бир “майда-барат” нерсени – 1905-06-жылдардагы революцияда дыйкандар эмес, жумушчу табы жетектөөчү күч болгондугун көз жаздымында калтырып коет. Орто Азиядагы 1916-жыл жөнүндө мындай пикир айтууга мүмкүн эмес. Жолдош Меницкий мындан башка да бир жагдайды – 1905-06-жылдардагы революцияда аракет кылган күч орус дыйкандарынан тышкары поляк дыйкандары да болгондугун, анан бул көтөрүлүштүн таптык мүнөзү дал ушунда тургандыгын унутуп коет. 1916-жылы аракет кылган күч жергиликтүү гана калк болгон, бул калк орус дыйкандарын мындай коелу, ал түгүл ошол кезде Түркстанда жашап турган бирин-экин жумушчулардан да колдоо алышкан эмес. Ырасын айтканда, орус дыйканы тараптан мындай колдоо болушу да мүмкүн эмес эле, анткени падышанын колонизатордук саясатынан улам анын кызыкчылыктары жергиликтүү калктын кызыкчылыктарына кайчы келип турган. 1916-жылдагы көтөрүлүш нукура таптык көтөрүлүш болгондо, ошол кезде Түркстанда жашап жаткан алдыңкы жумушчулар өзүлөрүнүн саясий аң-сезим жагынан артта калгандыгына карабастан, көтөрүлүштү колдоп чыгышмак болчу. Түркстандын жергиликтүү калкынын көтөрүлүшкө өзүнчө чыгышы жана ушундан улам 1916-жылдагы көтөрүлүштүн улуттук мүнөз алып калышы анын нукура таптык эмес мүнөздө болушу менен түшүндүрүлөт. 1916-жылдагы көтөрүлүш жергиликтүү буржуазиянын да, ошондой эле кайсы улуттан экендигине карабастан, башка бардык эксплуататорлордун да адам чыдагыс эзүүсүнө каршы нааразылык билдирген эзилген таптардын гана чыгышы болгон деп ырастоо – 1916-жылдын тарыхый жүзүн будамайлоо, чындыкты бурмалоо, социалдык жана улуттук айрым топтордун өз ара мамилелерин түшүнбөө дегендик.

Жергиликтүү калктын ичиндеги дифференциациялануу жагында маселе жолдош Меницкийге көрүнгөндөй абалда болсо, анда биз Улуу Октябрь революциясынын 9-жылында жергиликтүү калктын эмгекчи катмарларын жергиликтүү чөйрөдөгү патриархалдык-феодалдык жана эксплуататор төбөлдөрдүн таасиринен куткарып алуу зарылдыгы жөнүндө ооз ачпайт элек да.

Мындан тышкары, революциянын өзүнүн жүрүшүндө жетекчилик роль дал ошол “эксплуататорлордун” колунда болуп, алар “хан” даражасына чейин көтөрүлүшкөн.

Түркстандын жергиликтүү калкы өнүгүүнүн кандай баскычында тургандыгы менен эсептешээр болсок, анда бул кокустук эмес, мыйзам ченемдүүлүк. Айтсак, алардын кээ бирлери (кыргыздар жана түркмөндөр) уруулук-патриархалдык мамилелерден феодализмге, башкалары (өзбектер) феодалдык мамилелерден соода капитализмине өтө баштаган.

Кийинки учурда жана ушундан улам ал кезде азыркы Өзбекстандын кыйла райондорунда феодалдык мамилелер али сакталып турган, анан эксплуататор төбөлдөр катары феодал төбөлдөрүн жүзү ачылбай калган.

Көтөрүлгөндөр жергиликтүү калктан чыккан кызмат адамдарына жана оокаттуу адамдарга каршы кээ бир жерлерде репрессиялык чараларды көргөн деген негизде өзүнүн “таптык күрөш” теориясын чыгарууга, башкача айтканда, жолдош Меницкийдегидей көз карашта турууга таптакыр болбойт.

“Түркстандын дыйкандары жана көчмөндөрдү жетилип келе жаткан революцияда жеңип чыккан орус дыйканы гана келгиндер башкармасынын колонизатордун жырткыч саясатын тыйпыл кыларын эң сонун түшүнүшкөн”. Жолдош Меницкий үзүл-кесил ушундайча ырастайт, бирок чындык мындай эмес. Колониялык көз каранды өлкөдөгү орус дыйканынын ролунан эч нерсени түшүнбөгөн адам гана ушинтип жазат. Анткени, Түркстанды колониялоо негизинен агрардык багытта жүргөндүгү, анан бул жагдай орус дыйканынын аргасыздан “чыныгы колонизатор” жергиликтүү калктын жер-суусун тартып алган баскынчы кылып койгондугу белгилүү. Ошондуктан жергиликтүү дыйкандар жана көчмөндөр үчүн орус дыйканынын өзү падышачылыктын колонизатордук саясатын “тыйпыл кылуучу” күч эмес, жырткыч колонизатор болгон. Ушундан улам 1916-жылдагы көтөрүлүштөн ошол кездеги түзүлүшкө караганда орус дыйканы көп жабыр тарткан.

Жолдош Меницкийдин башка да бир жобосу жайында эмес. Ал – “ата мекендик”, башкача айтканда, орус капиталы менен жергиликтүү капиталдын жана жергиликтүү калктын эксплуататор төбөлдөрүнүн өз ара мамилелерди, тагыраагы, байланыштары туурасындагы маселе. Жолдош Меницкийдин пикирине караганда мындай болуп чыгат: жергиликтүү капитал ата мекендик капитал менен конкуренциялашууга жарай алаар бөтөнчө күч болгон эмес, ал ата мекендик капиталга кызмат кыла турган, ошондуктан аларда сеператчылдык умтулуулар болбоптур, алар падышалык бийликти кулатуу, Түркстанды Россиядан бөлүп алуу жөнүндө, албетте, ойлошкон да эмес экен”.

Ата мекендик капиталдын күчү жөнүндө талашпайлык, бирок сепаратчылдык умтулуулар болбогондугу жөнүндө келгенде алаш-ордочулардын жана “Шура-Исламиянын” 1917-жылдагы иштери жөнүндө, булар жергиликтүү эксплуататор төбөлдөрүн жана динчилердин "партиялары” болгондугу, алар Россияга көз карандысыз, панисламдык бирдиктүү мамлекет түзүү идеясын үгүттөшкөндүгүн эсиңиздерге сала кетели.

Эмне, бул сепаратчылдык эмеспи?1

Орусчадан которгон Советбек Макенов

----------------------

1.“Правда Востока” – 12/VIII, № 183.

 

Г.И.БРОЙДО

1916-ЖЫЛДАГЫ КЫРГЫЗ КӨТӨРҮЛҮШҮНҮН ТАРЫХЫНА МАТЕРИАЛДАР

(1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшү жөнүндө 1916-жылдын 3-сентябрында Г.И.Бройдонун Ташкент шаарынын Сот Палатасынын                                                тергөөчүсүнө берген далилдери)

 

КИРИШ СӨЗ

1916-жылдын август айынын башында кыргыздарды ооруктагы аскер жумушуна алууга байланыштуу кыргыздардын жалпы нааразычылыгы башталды. Бул нааразычылык бир нече күндүн ичине дээрлик Жети-Сууну кучагына алган козголоңго айланды.

Көтөрүлүшкө катышы бар деген шек менен аскер министринин телеграф аркылуу берген буйругу боюнча мен “төмөнкү чинге түшүрүлдүм”, анткени Түркстан аскер министрлигине кароочулук, Буйрук келген күндүн эртеси эле мен Казалинскийдеги 1-Сибирь аткычтар полкуна жөнөтүлдүм, ошентип мен февраль революциясынын алгачкы күндөрүнө чейин ошол тараптагы казармаларда болдум.

Пишпектен Ташкентке бараткан жолдо мени Ташкент Сот Палатасынын тергөөчүсү суракка алды.

1916-жылдын 3-сентябрында тергөөчү Адамовго берген менин көргөзмөмдүн төмөнкү басылышы, негизинен ошол көтөрүлүштүн чыгышына себепчи болгон бийликтин атайын иш-аракеттеринин бетин ачууга багытталган.

Революцияга чейинки официалдуу жана либералдык Россия бул көтөрүлүштүн чыгышын ар кандайча түшүндүрүп келишти. Аны улутчулдук-динчил кыймыл катары да, Түркиянын кийлигишүүсүнөн улам чыккан козголоң катары да түшүндүрүштү ж.б.у.с.

Керенскийге окшогон айрым бир либералдар, мисалы, көтөрүлүштүн чыгышы Келгиндер Башкармасынын (Переселенческое Управление) жер саясатынан, кыргыздардын жерин “өтө эле көп” алып койгондуктан болду дегенге чейин барышты.

Бирок эң негизгиси жана эң башкысы – Кыргызстандын элин кырып жок кылуу жана жаңы колонизациялоого жерди бошотуу үчүн көтөрүлүштү атайын чыгарууга, анын чыгышына ар кандай себептерди табууга багытталган бийлик башындагылардын түздөн-түз иш-аракеттери – өтө аярлык менен жаап-жашырылып жаткан.

16-жылдагы көтөрүлүш бүтөрү менен Казалинскиге генерал Куропаткин келип, жергиликтүү орус-казактарга Пржевальск оезунан, көтөрүлүш болуп өткөн райондордон жер бөлүп берүүгө убада берген болчу.

Келгиндер Башкармасында келечекте инвалид болуучулар үчүн жаңы жерлерди  жан талаша издешип жана кийин согуштун натыйжасында жер үчүн добушу менен куралын көтөрүп чыгышы мүмкүн богон орус мужугуна жер таап берүүгө даярдык көрүлүп жатты.

Ошентип нааразычылыгы күчөп келе жаткан дыйкандар жамаатынын санаасын тындыруу үчүн, али 16-жылы эле жер караштыра баштаган падышылык  желдеттердин бирден бир абалдан чыгуучу айла-амалы кыргыздардын көтөрүлүшү болчу. Кыргыздарды кырып-жоюу, калганын коркутуп-үркүтүп Кытайга чейин сүрүп салуу жана алардан калган жерлерди ээлеп калуу – падыша  өкмөтүнүн өзүнүн кара ниет ишинен бирден-бир күткөнү ушул болгон.

Падышалык бийлик өзүнүн кыянат чагымын, албетте, жарым кылымдан көп мезгилден бери системалуу түрдө жүргүзүп келаткан кыргыздардын чарбасын жана коомдук мамилелердин ыдыратуунун негизинде гана ишке ашыра алмак. Мына ошол алдын ала ыдыратуунун өзү эле элди көтөрүлүш  эмне экени менен да иши болбой калган абалга жеткирип салган. Ошондуктан элди көтөрүлүшкө түртүү үчүн өтө кара ниет планды – элди аскерге алуу планын ойлоп табуу керек болду.

Дегиңкиси империалисттик державалардын колониялык саясатынын тарыхында мындай ыкма дегеле жаңылык эмес.

Колониялардын эмгекчилерин жерсиз калтыруу, алардын коомдук турмушун, маданиятын, өздүк чыгармачылыгын басмырлоо боюнча  системалуу жүргүзүлгөн иш, эң акырында, кырып жок кылуу – ушунун баары 11 интернационал демиш болону менен, бардык буржуазиялык мамлекеттердин колониялык саясатынын негизги болгон жана бүгүнкүгө чейин болуп келатат.

Эки кылым мурда англис көпөстөрүнүн компаниясынын  Индиядагы иштери негизинен азыркы ошол эле “жумушчу” ошол эле “социалистик” деп аталган Германиядагы, Аравиядагы, Персиядагы, Кытайдагы, Англиянын, Франциянын жана башкалардын өкмөттөрүнүн саясатынын эле өзү.

 Колониялык элдерди системалуу түрдө эзүү империалисттер үчүн  ыңгайлуу боло калган белгилүү бир учурда көз каранды элдердин букараларын кырып-жоюу саясатына барып такалат. Ушул жагынан алган Жети-Суудагы орусия империализминин саясаты бөтөнчө кызыкчылык туудурат.

Ал колониядагы элдерди куралдандыруу, руханий жактан басмырлоо жана кырып-жоюу саясаты жагынан дүйнөлүк империализмдин тажрыйбасынын бардык баскычынан өтүп келген.

Менин далилдеримдин максаты – орус империализминин мына ушундай саясатынын бетин Жети-Суу кыргыздарынын конкреттүү тажрыйбасында ачуу жана артта калган колониялык өлкөдө империалисттердин ар кандай иш-аракеттерин ашкерелөө болучу.

Ошол кезде Жети-Суу кыргыздарынын ичинен чыккан аң-сезими жетилген бир азыраак революциячыларга жиберилген бул көрсөтмөнүн көчүрмөсү өз учурунда Жети-Сууда жападан жалгыз мүмкүн болгон үгүттөө каражзаты болуп кызмат аткармак.

Падышалык Орусия – “элдердин түрмөсүндө” жашаган элдерди ошол кездеги абалдан советтик бийлик чыгарды.

Бирок падышалык Орусиянын империалисттик иш-аракети мурдагы колониялык эзүүдөгү элдерди кордоп-басмырлоо, чарбалык жана маданий турмуштан артта калуу жагынан өтө чоң мурас калтырды, аны оңдоо үчүн совет бийлиге нечен жылдар бою тынымсыз иштеши зарыл.

Империалисттердин бул иш-аракети коомдун ыдыроосунун чарбага, коомдук мамилелерге, бир нече муундардын идеологиясына чирип-ирүүнүн мурасын калтырды. Ошондуктан орусия империализминин бул оор мурасынан кутулуу үчүн партуюмдарды, совет бийлигинин кедейлер союздарын уюштуруу жана чыңдоо боюнча узак мезгилге тырышып иштөө гана керек.

Бирок падышалык төрөлөрдүн – Жети-Суудагы Орусия империализминин атка минерлеринин – иштеген иштеринин бул натыйжалары менен күрөшүү үчүн биздин душмандардын – колонизаторлордун бул иштерин үйрөнүү зарыл. 1916-жылкы менин бул далилдерим азыркы кезде ошондой үйрөнүүгө көмөк болуучу жана колонизаторлордун али тирүү калдыктары менен күрөшүүнү жеңилдетүүчү материал болгондуктан мен аны жарыялоо зарыл деп эсептейм.

 

1.КЕЛГИНДЕР БАШКАРМАСЫНЫН ИШ-АРАКЕТТЕРИ ЖАНА ЖЕТИ-СУУДАГЫ        ЖЕР МАСЕЛЕСИ

Жети-Суу областында кыштактактарга жайгаштыруу край ээленип алынар замат башталды. “Жайгаштыргычтар” 68-жана 83-жылдардын убактылуу эрежелери боюнча иштешкен административдик чиндегилер эле. Башталышында орустарды отурукташтыруу жергиликтүү калкты кулак түрдүрүп, нааразычылык туудурбагандай тымызын жүргүзүлдү. Генерал Колпаковский жетекчилик кылган администрация кыргыздардын жерин ээлеп алуу маселесине кунт коюп, аяр аракет жасады. Анын үстүнө Жети-Сууга көчүп келүү жапырт мүнөздө эмес болучу, кыштактардын жайгашуусу көп учурларда кыргыз коомчулуктары менен ыктыярдуу түрдө макулдашуунун негизинде жүргөн.

Келгиндер Башкармасынын түзүлүшү менен (1905-ж.) крайды ээлөө тездеди, ошону менен бирге эле жергиликтүү элдин таламын Келгиндер Башкармасынын толук этибарга албагандыгынан улам жергиликтүү чарбанын, айрым алганда мал чарбасынын ыдырап-бузулушу андан да ылдам кетти.

Келгиндер үчүн бош жерлерди табуу боюнча Башкарма өз иш-аракетин Жер жобосунун 120-статьясынын 1-түшүндүрмөсүндө негиздеди: анда “көчмөндөрдөн ашып калуучу Жер жана Дыйканчылык боюнча Башкы Башкарманын карамагына өтөт” деп жазылган. 126-статьяга байланыштуу 120-статьянын түшүндүрмөсүнө караганда, “ашык жерлер” деген түшүнүккө көчмөндөргө керек жерлерди бөлүп берүүдөн кийин калган жерлер гана кириши керек эле.

Иш жүзүндө башкача жол колдонулду. Көчмөн калкка жер бөлүп берүүдө ар кандай жергиликтүү нормалар иштелип чыккан болучу (үй башына 30дан 60 тешеге чейин). Ошол нормалар жана болуштагы түтүндүн тизмеси боюнча болуштан “бөлүп алынуучу” жердин өлчөмү, бүткүл болуштун аянты аныкталчу, ал эми кыргыздарга пайдаланууга калтырылчу жерди андан чыгарып салгандан калган жердин баары ашык деп эсептелчү. “Ашык” жерлер сан жагынан мына ушундайча аныкталчу. Андан соң Келгиндер Башкармасынын иш аткаруучусу ошол болушка келгиндер үчүн бөлүнгөн жерди долбоорлоп келүүгө жиберилчү. Мыкты жерлердин баары мына ушинтип долбоорго түшчү. Ал долбоор Убактылуу Комиссия тарабынан бекитилчү жана токтом мыйзам күчүнө кирери менен (Областтык Башкармага даттанууга бир ай мөөнөт берилген) Келгиндер Башкармасында катталган кишилерге жер бөлүнүп берилчү. Салык статьялары, токой чарбактары, мал жайылчу жана хутор жайланышчу жерлер да ушул тартип менен кыргыздын жеринин эсебинен (казнанын жерлерине көчүп келип отурукташуу жөнүндө Эрежелердин 124-125-статьялары, IX т., 8-китеп) пайда болуп жана бөлүштүрүлдү. Жерди алуунун мындай жолунун туура эместигин жана анын мыйзамдын тарыхый маңызы менен карама-каршы келгендигин сенатор Палендин текшерүүсү белгилеген.

Көчүп келүү жөнүндөгү эрежелерди бузуу жагынан Келгиндер Башкармасы жогоруда айтылгандардан алда канча алыс кетти.

Бөлүнүп берилчү жерлерге “эсебине чарбак жерлер, айдоо, мал короо жана чабындылар кирген жерлерди” (132-статья) киргизүүгө тыюу салуу менен мыйзам кыргыз чарбасын коргогон. 132-статьяда аталган жерлерди алганы үчүн акчалай сыйлык белгилөө менен Башкарма бул кыйын абалдан чыгып кетти. Ал акчалай сыйлык жерди алгандардын келтирилген зыянды ордуна келтире албоочу көлөмдө белгиленген болчу. Мисалы, бир теше беделүү жердин баасы 15-25 сом эле. Мындан тышкары, жеринен ажыраган кыргыздар аны эки жылга чейин пайдаланат деп 133-статьяда ачык-айкын көрсөтүлүп турганына карабай, кыргыздар дароо көчүрүлүп жиберилген. Экинчи жагынан, жерди алгандагы чарбалык чыгымдар үчүн тиешелүү акча алар көчүп кеткенден 3-5 жылдан кийин берилчү. Ушуну менен катар кыргыздардын жер жагынан толук арасаттагы абалы, кийинки жылы дагы канча жеринен ажырап калаарын билбегендиги, дагы ажырап калбайлы деген ой менен жаңы жерлерди иштетүүгө киришпей күтө турууга кыргыздарды мажбурлады. Мыйзам боюнча болуштун курамына кирген кыргыздардын жерин алуу керек. Мындай эрежеге чарбалык бирдик болуп эсептелген болуш, жерди алганда да ошол бирдик боюнча кала бериш керек деген ой негиз болгон. Келгиндер Башкармасы, бөтөнчө кийинки 6-7 жыл ичинде бул эрежени бузду да, “ашык жердин” канча экендигине карабай болуштардан жерди көп ала берди. Келгиндер Башкармасынын иш аткаруучулары баландай болушта ашык жер жок (б.а. кыргыздардан тартып алынуучу жер), бирок ага карабай көчүп келчүлөргө ал болуштан жер долбоорлодук, ал эми кыргыздарга башка болуштан жер кайтарылып берилет дедик” - деп айтып келип турушкан. Бул жерлерди кыргыздар пайдаланышкан эмес, анткени башка болуштун кыргыздарын жер котортуу үчүн алардын каражаты жок эле, ушунун өзү эки болуштун элинин ортосунда таарынычты пайда кылчу.

Пишпек оезунун болуштарында (бөтөнчө анын эң мыкты жерлеринде – Рыбачьеден Олуя Ата оезунун чегине чейин) ашык жер калбаган соң, Келгиндер Башкармасы Суусамыр жайлоосунан жер кайтарып берүү планын иштеп чыкты... Жыл бою пайдаланчу жердин ордуна 2-4 ай гана пайдаланууга мүмкүн болгон Суусамыр жайлоосунан, болгондо да мал жаюу үчүн гана жара турган жерди кайтарып берүүгө сунуш этилген.

Буга окшогон жер кайтарып берүүгө (компенсация) Келгиндер Башкармасы Суусамырда салык түрүндөгү бир катар өтө чоң мал жайыттарды пайда болгондон кийин өттү жана кайтарып берүү үчүн пайдаланылуучу али бош калган жерлердин өлчөмүн кабарлап да койгон эмес.

Ошону менен бирге Келгиндер Башкармасы Суусамырдагы кайсы жерлер үлүшсүз калган болуштун пайдалануусуна берилерин да көрсөткөн эмес, анткени көп учурларда андай жерлерди так көрсөтүү мүмкүн болгон эмес.

Мындай жер кайтарып берүүгө Убактылуу Комиссиянын мүчөлөрү өзүлөрү кандай маани бергендиктери жыйналыштарда “Суусамырдагы жер кайтарып берүү” деген сөздү кыскартыш үчүн “асмандагы” деп коюшкандыгынан (бул сөз жайылып кеткен) эле көрүнүп турат.

Келгиндер Башкармасынын буга окшогон аракеттери кандайдыр бир отурукташтыруу планынын муктаждыктарынан эмес (андай муктаждыктар Келгиндер Башкармасында болуп көргөн да эмес), кайсы бир келгиндердин тобу кыянаттык, зордукчулук менен кыргыздардын жерин тартып алган бардык учурларда көрүнчү. Мына ушул ээн баш кыянатчыларга эч кандай олуттуу чаралар көрүлчү эмес, ошентип кыргыздардын жер ээлөөчүлүк укугу Келгиндер Башкармасы тарабынан эле эмес, ошол Келгиндер Башкармасы колдоого алган келгиндер жана администрация тарабынан да бузулчу. Ушундай тартип менен Келгиндер Башкармасы кыргыздардын жерин тартып алып Кахык, Санташ, Белогородское, Полтавский (Фольбаумовский же мурдагы “Свинячий поселок” – “Чочко кыштак”) жана көптөгөн башка кыштактарды курдуруп, келгиндерди отурукташтырган. Буга окшогон зордукчулукка чыдабаган кыргыздардын арызына Келгиндер Башкармасы көңүл бөлүп да койгон эмес, ал аз келгенсип кыргыздарды көп учурда суусуз да калтырышчу.

Жогоруда айтып кеткендей, жайгаштыруунун эч кандай планы болгон эмес, бирок эптеп эле жерди долбоорломуш болуп ала берүү керек деген жобосу бар болчу. Ошентип долбоорлоо ишине Башкарманын кызматкерлерин жиберип жатканда, келгиндер ишинин башчысы Велецкий, кимде ким кызматынан жогорулагысы келсе жерди көбүрөөк долбоорлоп келсин деген көрсөтмө бере турган.

Ошондой долбоорлоочу сөрөйлөрдүн бири Мазуренко деген неме Кытайдын жерин да алынсын деп долбоорлоп салыптыр. Натыйжада дагы долбоорлоо үчүн жиберилген кызматчылар кыргыздарда таптакыр ала турган жер калбагандыгын билдирип келишкен да учурлары да болгон. Кыргыздардын калган жерин текшерип карап жүргөн алардын бири: “мен жер да, суу да көрбөдүм, анткени ал (кыргыз) ээлеген жер төбөсү көк тиреген гана аска зоо экен”, - деп келиптир.

Жер кесип берүү эч кандай алдын ала каралбастан, көп учурда аянттардын көлөмүн ашырып эсептөө менен жүргүзүлгөн. Мындай жагдай иш аткаруучулардын мойнуна жай айларынын ичинде эбегейсиз көп сандагы теше жерлерди (жүз миңге чейин) жолбоорлоо милдети жүктөлгөндүктөн, жер кесүүчү партиялардын составынын чамалуулугунан жана жеке составдын деңгээлинин өтө төмөндүгүнөн улам келип чыккан.

Мага көп долбоорлорду карап чыгууга туура келди жана “Статистикалык, коммерциялык, метеорологиялык, агрономиялык, геологиялык жана этнографиялык жактан карап чыгуу” деген дегеле омоктуу теманын материалы 1,5-3 бетке гана сыйганын көргөмүн. Жерди ушундайча тартып алуу максатка ылайык келеби деген маселеге кайдыгер кароонун өзү бир катар жараксыз жана ойрон болгон долбоорлорду пайда кылды. Мисалы, арпа дуулдап өсүп, түшүм берет деген агрономиялык тыянак чыгарылган Суусамырдагы кесилип берилген жерге эч нерсе бышкан жок, кышында баары кардын алдында калды, келгиндер болсо кыш бою байланышсыз калышты, бир жылдан кийин алар кыштактарын аңгыратып ээн таштап көчө качышты.

Ал эми кыргыздардын турмуш-тиричилиги жөнүндө маселе боюнча Келгиндер Башкармасы эч кандай жүйөөгө келген эмес: кыргыздардын жерин алыш керек болду.

Казак-орустардын бекеттеринде иш мындан да жаман болучу. Бул жерде жан башына 30 теше, б.а. ар бир үй-бүлөгө 100-150 теше жер бөлүү норма деп эсептелчү, ошентип казак-орустарды орноштуруу үчүн алар иштетүүгө шайы жетпегидей эбегейсиз көп жер тартып алынчу да, ал эми кыргыздарга келгенде арендага берүүгө да мүмкүн эмес эле.

Казак-орустарды отурукташтыруу максатында кыргыздардын жерин алуу маселесинде Аскер Башкармасы келгиндер Башкармасынан да өткөн уятсыздыкка барчу. 1915-жылы Жети-Суу областынын аскер губернатору генерал Фольбаумдун верныйлык казак-орус бекеттерине берген сунушу боюнча, калктын санынын өсүп кеткендигине байланыштуу кыскара баштаган казак-орустардын жерин толуктоо үчүн кошумча жер кесип берүү уюштурулушу керек болгон. Бул жер кесип берүүнү Келгиндер башкармасы дыйканчылык чарбасын жүргүзүп жаткан кыргыздардын таламын колдон келишинче азыраак бузгудай кылып долбоорлогон. Генерал Фольбаум болсо кыргыздардын казак-орустар менен чектешкен мурда кесип берилген жерин алууну талап кылган. Бул отурукташкан чарба жүргүзүп жаткан 3500 кыргыздын үй-бүлөсүн ордунан которуу дегенди билдирет. Ошентип губернатор Фольбаумдун өкүмү менен казак-орустардын жеринин кесилип берилиши туура болушунун урматына 3500 түтүн кыргыздын чарбасы курмандыкка чалынды. Маселе, сыягы, аягына чейин чечилген жок, бирок акыры барып Келгиндер Башкармасынын айрым кызматкерлеринин каршы болгонуна карабай, Фольбаумдун планындагыдай чечилеринде шек жок.

Айрым адамдар жерди арендага алып жатышып, чек араны белгилөөчү бүдөмүк көрсөтмөлөрдүн жана тешелердин санына “болжолдуу” деген сөздү кошо коюу менен өтө көп аянттарды ээлеп алышкан. Ал эми администрация ишти өткөрүп жиберүүнү каалабаган учурда тигил бүдөмүктү так көрсөтүүнү талап кылат, өткөргүсү келген учурда аны байкамаксан болуп коет.

Келгиндер Башкармасынын иш-аракеттери жана ал жайгаштырып жаткан келгиндердин элементтеринин мүнөзү кыргыздардын чарбасынын кедерин кетирди. Жуттан өлгөн малдын саны жыл сайын көбөйүүдө. Чарбанын ыдырашы жана жакырланышы акча менен заемго катуу муктаждыкты күчөттү. Оездор менен болуштардагы сүткорлук чегине жетүүдө, кызыл кулактык жагынан орус келгиндери өзбек көпөстөрүнөн да ашып түшүүдө, натыйжада ушунун баары жергиликтүү элдин башына түшкөн балаа болду.

Кыргыздардын ичинде отурукташып жашоого умтулуу байкалат; бул умтулуу борбордук өкмөттүн мекемелери тарабынан “колдоого” алынып, ал отурукташууга өтүп жаткан кыргыздардын 5 жылга чейин салык төлөмдөн, андан кийинки 5 жыл ичинде жарымын төлөөдөн куткаруу түрүндө болууда.

Отурукташууга өтүү жөнүндөгү арыз жерди дагы тартып алууга жаңы негиз болду. Көчмөндүн жер нормасы отурукташкандыгынан жогору, ал болсо өз кезегинде отурукташкан орустун нормасынан төмөн. Жергиликтүү калк үчүн мындай норманы Жети-Сууда Келгиндер Башкармасы белгилеген, ал киши башына 4-5 теше жер. Анын үстүнө кыргызга керектүү жердин саны эгер текшерүү учурунда ашык чыгып калса азайтылат; көнүмүш ыкма боюнча текшергенден кийинки табылган ашык жерлер кыргыздарды жайгаштырганга чейин алынат.

Келгиндер Башкармасынын иш-аракеттеринен улам, мейли законду өтө кенен түшүндүргөн учурда да, тартып алуунун (экспроприациялоо) андан аркы процессинин мүмкүнчүлүгү токтогон кезде, администрация жерди тартып алууну жазалоо катарында актаган аракеттерге түрткөн.

 

II. КЫРГЫЗ БОЛУШУНУН ИЧКИ ТҮЗҮЛҮШҮ

Жети-Суу областынын кыргыздары эки уруктан: кара кыргыздар менен казактардан турат. Биринчиси Чүй суусунун сол жээгинде, экинчиси – оң жээгинде турат. Бул уруктар эзелтен бери касташып келатышат, ал ушул кезге чейин уланууда. Булар ич ара урууларга бөлүнөт. Кара кыргыздардын негизги уруулары: бугу, сарыбагыш, солго, жантай ж.б.у.с. Бул уруулар кыргыздардын урааттык түзүлүштөрүнүн калдыгы болуп саналат, ушул абалында алар падышачылыктын бийлигине капталышты. Кара кыргыздарда элди “манаптар”, казактарда болсо – “султандар” башкарган. “Манап” деген наам мурас катары калып келаткан наам, ал тигил же бул манаптын тун уулуна тиет. “Манап” чынында өзү тиешелүү болгон уруунун бүткүл турмушунун уюштуруучусу болгон, анын качан көчөр-коерун, конуучу конушун ошол манап билген; соттогон да, чоттогон да ошол, өздөрү карамагында турган мамлекет мекемелери жана башка уруулар менен мамиле түзгөн да ошол болгон. Манаптын жеке оокат-мүлкү болгон эмес, анткени бүткүл уруунун оокат-мүлкү анын карамагында болгон. Тарыхчылардын жазгандарына караганда (Бартольд, Мейендорф, генерал Гродеков ж.б.), манаптар уруунун жашоо-турмушун уюштуруучулардан болушкан.

Край басып алынгандан баштап андагы падышалык бийликтин иш-чараларынын баары манаптар аркылуу жүргүзүлүүчү. Болуштукка административдик бөлүштүрүү киргизилгенде манаптын милдети өзгөрө баштады. Мурда болуш урууну билдирчү. Андан кийинки административдик бөлүштүрүү урууга бөлүү менен карама каршы кетти. Жаңы болуштук бир административдик бирдикке эки уруунун өкүлдөрүн бириктирүүнү жасалма түрдө киргизди да, ошонун өзү менен болуштун ичинде токтобогон өз ара кармашты пайда кылган.

Экинчи жагынан, шайлоо укугу манапчылыктын мураска калышына жарака кетирди.

Болуштун акимдеринин шайлоодогу айла-амалдары болуштукка “партияларга” (Манаптын тегерегиндеги топту кыргыздар “партия” деп коюшкан. Иш жүзүндө күрөш манаптардын ортосунда жүрчү. – Г.И.Бройдо) бөлүнүүнү киргизди. Бир болуштун ишине нааразы болгондор өз ичинен башка бир талапкерди сунуш кылды. “Партиялык” күрөш паракорчулуктун системасын пайда кылды: болуштукка жетүү үчүн администрациядан бир топ колдоо сурап барат да, жеңилген партияны (топту) жеңген партия (болуш) бийлиги бүткөнгө чейин каалашынча эзет. Мындай тартип өтө тез өркүндөдү жана азыркы кезде чегине жетип турган чагы. Азыркы учурда болушчулуктун ички турмушу төмөнкүдөй:

Болуштун турмушундагы эң маанилүү учурлардын бири – шайлоо. Айыл элүү башыларды шайлайт (элүүнүн өкүлдөрүн) курултай болуштун элүү башчыларына – болуш башкармасын, казы, бий ж.б. кызмат адамдары шайлайт. Шайлоо оез башчысынын көзөмөлү жана тилмечтин активдүү катышуусу менен жүрөт. Ар бир партия алдын ала жасалган кыйла аракеттер менен өзүнө көпчүлүк добушту камсыз кылат. Ал аракеттер төмөнкүдөй көрүнөт: Биринчи иретте, болушка башка болуштан келди же өзүнчө түтүн болду деген шылтоо менен кошуп жазуу түрүндө. Жаңы түтүндөр “отоо”, ал эми сатып алынган жалган добуштар “кызыл пут” деп аталат. Шайлоого чейинки текшерүүдө жаңы түтүндөрдүн тизмесин “отоо” деп таанып, шайлоого катыштыруу же аларды “кызыл пут” деп эсептеп, шайлоого катыштырбай коюу администрациянын көзөмөлчүсүнөн болот. Текшерүү тилмеч менен оездун башчысынын катчысы жүргүзөт. Шайлоо болордон кыйла мурда эле айылдардын курамын өзгөртүү боюнча ар кандай айла-амалдар жүргүзүлөт. Мисалы, айылда 97 түтүн бар, алар эки элүү башы шайлоого акылуу. А партиясы 50 добушка, В партиясы – 47 добушка ээ. А партиясы өкүлүн шайлашты, В партиясынын өкүлү жок. Башка айылдагы В партиясынын 5 өкүлү өздөрүн жогоруда эскерилген айылга киргизүүнү суранат. Уруксатты оездун башчысы бериши керек. Бул маселеде оездун башчысы эмнеге таянары белгисиз, анткени кайсы жагынан карабасын ал үчүн жагдай бирдей. Ошол эле учурда болушта 25 элүү башы болсо, анын ичинде А партиясында 13, В партиясында – 12, эгер оездун башчысы шайлоого чейин 5 кыргызга бир айылдан экинчи айылга көчүп барууга уруксат берсе, анда А партиясында 11, В партиясында – 13-14 киши болот, ошентип болуш да, казы да, бий да ж.б. кызмат адамдарынын баары В партиясынан шайланат.

Айылдын бир бөлүгүн өз алдынча болууга жолдомо берүү да ушундай эле каражат болуп саналат. Айылда 97 түтүн бар. А партиясына 60 адам, В партиясына – 37 адам тиешелүү. Кийинкиси шайлоодо мааниге ээ болбойт, бирок алар өз алдынча айыл болуп бөлүнүп чыгышса, анда бир элүү башыны шайлоого укук алышат да. А партиясынын элүү башыларынын санын бир кишиге кыскартат.

Мына ушул айла-амалдын баары администрациянын ач көздүк менен салык алуусунун негизи болуп саналат.

Шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү бар талапкерге каршы, кээде ага каршы партиянын мүчөлөрү тарабынан элдик сотто кылмыш иши козголуп, куугунтук уюштурулат. Шайлоого чейин ал ишке багыт берүүнү токтотуп коюу же кароо оездун башчысына жараша болот. Көп учурда ишти оездун башчысынын көзөмөлү алдында карап жаткан элдик сот кайсы бир элге кадырлуу жана бай адамды ат уурдагандыгы үчүн бир жыл түрмөгө кесип коет.

Шайлоого карата ар кандай даярдык көрүү аракеттеринин бул процесси шайлоо бүткөндөн тартып, кийинки шайлоого чейин барат. Жеңген партиянын өкүлдөрү менен болуштун администрациясы дайыма өзүнүн үстөмдүк абалын сактоонун чараларын көрүүгө аракеттенет, каршы топтун (партия) өкүлдөрү ар кандай жолдор менен кийинки шайлоодо бийликке жетүү үчүн күрөшөт. Күрөш майданы – оездун башчысынан тартып, акыркы жигитке чейин кирген оездун башкарма, мыкчегерлердин аракетинин баары эптеп “башчылардын” көңүлүн өз партиясына буруу.

Оездун башчысы А партиясына жатат, ал эми пристав болсо В партиясына өтүп кетти деген сөздөрдү кыргыздардын оозунан көп уктум. Ошентип, эч нерсе менен иши жок кайсы бир болуштун кыргызы болбосун кызыл чоктор, катчылар, приставдар менен алардын жардамчылары жөнүндө жана алар кайсы партияга ден (?) экендигин тактап айтып берет. Шайлоонун жүрүшүнүн өзүндө шайлоого таасири тийүүчүлөрдүн баарысын колдоого алуу аракети башталат. Чыгым көп болот. Ново-Николаевск болушу 14-жылкы шайлоодо белек-бечкектер менен парага 30 000 сом сарп кылган. Бирок эң эле жарыбаган болуш дегендин өзү шайлоодо 2-3 миңден кем чыгым тартпайт. Шайлоо бүтөөр замат жеңилип калган партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн арыз артынан арыз жазып, даттана баштайт. Даттануулардын себепкерлери болушка тиешеси жок адамдардын шайлоого катышуусу, өкүлдөрү шайлоодон өткөн партиянын пара бергендиги ж.б.д.у.с. Арыз боюнча текшерүү жүргүзүлөт, суракка жеңилген партиянын өкүлү алынабы же жеңген партиянын өкүлү алынабы, - арыз максатына жетер-жетпеси ошого жараша болот. Ал эми суракка алынчу адамдарды тандап алууну полиция бөлүмүнүн башчысы жүргүзөт жана андай тандап алуу шайлоонун учурунда өзү кайсы партияда экендигине жараша болот. Шайлоо менен сурак жүргүзүүнүн аралыгында анын “партиялык” көз караштары көп өзгөрүп турат. Албетте, буга окшогон “партиялык” жиктелүүнүн чыгыш себеби жана жеңген тарап көздөгөн максаттар жөнүндө суроо келип чыгат.

Манап акырындап келип кадимки болуштун эзүүчүсүнө айланды, ал – кан соргуч кулак.  Болуштун жашоо-турмушун жөндөө жагы мүлдө администрациянын колуна өттү. Манап администрациянын кызматчысы; болуштун чегинде администрациянын мүчөлөрүнүн ар кандай максаттарын ишке ашырат, бул иши үчүн администрация ага болуштун элин, бөтөнчө букараларын кой-айсыз жана уят-сыйытсыз эзүүгө укук берет. Манап өзүнүн болушу, казы, бий ж.б. аркылуу жеңилген партияны эзет: мыйзамга сыйбаган, өз оюна келген салыктарды салат. Ал турсун атаандаш партиянын талапкерлери менен күрөшүү үчүн кийинки шайлоону даярдоого керек болуучу акчаны да ошол жеңилген партиядан алат. Бул иште манаптын күчү бүтүндөй администрациянын колдоосуна жараша болот. Кокус полиция бөлүмүнүн башчысы ошол манаптын партиясынан чыгып кетсе, анда манап дароо сотко берилет. Бирок администрациянын колдоосундагы манап кам санабайт.

Ал же анын партиясындагы киши колдуу болуп өлтүрүлгөн киши үчүн кун төлөнбөйт, анткени полиция ага тигил кишинин кокус болуп өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк кат берет. Эгер каршылаш партия бул өлтүрүү жөнүндө билдирип койсо, анда өлүк жок кылынат, анан жүргүзүлгөн сурак, көрсөтмөлөр боюнча өздөрүнүн билдирүүсү куру жалаа болуп калбасын деп арыздангандар өлүктү сууга ыргытып жиберишкен (“күбөлөрү” болот) деп аныкталат. Мындан тышкары, арызчылар “партиялык кастыктан” улам арызданышты деп далилденет (“партиялык кастык” деген бүткүл Жети-Суу администрациясында кудурети күчтүү сөз, анын керемети менен оездун башчысы арыздан “жалган” экендигин билгенден кийин аны жок кылып салат). Мыйзамга сыйбаган салыктын бардыгы, арызчылардын келтирген негиздерине карабай, ошол эле “партиялык кастыктын” натыйжасы деп табылат.

Өздөрүнүн кылган иштеринин мыйзамга жатпагандыгына карабай, администрациянын калкалоосуна ишенип алышкан манап жана анын жигиттери (б.а. казы, бий, болуш, кызыл чок ж.б.у.с.) каршылаш партияны төмөнкүдөй эзет:

Жакшы шалбаалар менен жайыттар каршылаш партиянын мүчөлөрүнөн тартып алынып, өз партиясындагы кишилерге берилет. Эгер администрациянын кайсы бир кызматкерине жер керек болсо, ал каршылаш партиянын жеринен алып берилет. Мисалы, Писсаржевский деген аскер башчы “казнанын таламы үчүн жана анын эсебинен” эбегейсиз зор чарба күтөт. 300 баш ую бар; анын жардамы менен ал жергиликтүү команданы тамактандыруу ишин колго алган. Ага жер керек. Таасирлүү, белдүү манаптардын бири болгон Амир Өзбековго кайрылат (администрацияга көмөк көрсөтүү маанисинде). Өзбековдун кыштагы (500 түтүндөн ашуун) жыйналыш курат да, 300 теше шалбааны Писсаржевскийге 800 сомго арендага берүүгө чечим кабыл алышат, ал Пишпек шаарынан 2-3 чакырым алыс. Баары жакшы. Өзбеков кыштагы отурукташкан, аренда болсо кыргыздардын бардыгынын үчтөн экиси катышкан жыйналышында чечилди (көчмөндөрдүкүндөй иргеп чакырылгандардын жыйналышында эмес). Чындыгында Өзбековдун жери эки бөлүктөн турат: чоң биринчи бөлүгү – шаардын жогору жагында, кичирээк экинчи бөлүгү – төмөн жагында. Жогору жагындагы жакшы жерде. Амирдин тууган-уругу, төмөн жактагы жеринде 100 түтүндөн ашуун IV топтун эли отурукташкан. IV топ болсо башка партияга эле эмес, башка урууга кирет. Алардын жер ээлеп тургандыгында өз ара жалпы эч нерсе жок, ошондуктан IV топтогулар өзүнчө кыштак болуп бөлүнүп кетүүгө аракеттенүүдө. Болуш бөлүнгөндө алар да өздөрүн бөлүп коюуну суранышкан, ал турсун өзүнчө топко (IV) бөлүп да коюшкан. Бирок отрукташтыруунун маалында, администрация бири-биринен 8-10 чакырым алыс жайгашкан жана бөлөк уруудан турган тигил эки бөлүктү бириктирүү ыңгайлуу деп чечти.

Бул кичине топ Амир Өзүбековго айлакерлик менен ташталган жем болчу жана Амир аны ар кандай акимдер үчүн саап алып турган уйга айландырып алган. Сөз кылып жаткан учурда Писсаржевскийге 300 теше шалбаа IV топтун жеринен кесип берилди да, кыргыздар караманча чабынды жерсиз калышты. Жыйналышта IV топтун кыргыздары жок болчу, аларга кабар да берилген эмес (жана эч качан алар жыйналышта болушпайт) жерлерин алдырып жиберишкенин солдаттар чалгыларын көтөрүп келишкенде гана билишти. Даттануу, текшерүү. Текшерүүнүн тыянагы боюнча буйрукту карап көргөндө, Өзбековдун карамагындагы кыргыздар (ага IV топ да кыпчылган) бүт катышыптыр жана буйрукту кайра жандырууга эч кандай негиз жок экен. Чатак чечилди, IV топ чабындысыз калды. 800 сом, эгер ал чын эле берилген болсо, Өзбековдун чөнтөгүнө түштү. Өзбековдун өз кишилери даттанбайт, алар колго алынган. Болуштун администрациясынын негизги акча операциясы – болуштун чыгымы үчүн салык жана акча жыйноо. Салыктарды жалпы администрация салык төлөөчүлөрдөн эмес, ошол эле Амирдин өзүнөн алат. Ал өз кыштагынан берилүүчү сумманы белгиленген мөөнөттө жанынан төгүп берет да, анан элден салык жыйнай баштайт, жыйнаганда да каршылаш партиядан эки ирет алат, ал же квитанция бербей коюу, же берсе да аз сумма жазып коюу жолу менен ишке ашырылат. Оездун башчысына берилген арыз жана полиция башчысы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү квитанциянын жалган жана “партиялык кастык” бар экендигин аныктайт. Эгер экинчи жолу салык төлөөдөн баш тартса, ал кишинин атын 8 сомго баалап жыгып алат да, ошол эле баага өз партиясындагы кишиге сатып жиберет.

Бирок чыныгы ээнбаштык “болуштун салыгында” болот (журтчулук), анын өлчөмү кыргыздардан закон жүзүндө жыйналчу салыктан алда канча арбын. Анын эсебин тактап жүргөн бирөө жок. Албетте, полиция бөлүмүнүн башчысы бөлөк партияга өтүп кетсе, ошондо гана жаңы “өз партиясынын” ичинде текшерүү жүргүзүү жолу менен ал салыкты тактайт, каражаттын ысырапка учурап жатканын көрсөтөт ж.б.у.с. жана болуш ошондо гана сотго берилет.

Каршылашкан партияга ар кандай милдеткорлук жүктөлөт, ал өтө көп: а)администрациянын бардык мүчөлөрү, жер чегеничтер, ботаниктер, агрономдор ж.б. үчүн боз үй тигип берүү, Жети-Суулук боло элек, мисалы, Чүй өрөөнүнөн сугат системасын куруу боюнча Башкарма акча төлөйт. Бирок кимге? Болуш башкармасына, б.а. азчылык партиясынын боз үйлөрү үчүн көпчүлүк партиясы алат. Боз үйдү алдырып жаткан киши бербесе бербесин. Бийлик ээлерине каршылык көрсөткөндүгү үчүн сот жообуна тартылат же административдик жол менен 30 сутка камакка алынат.

Көп сандаган чиновниктерди багыш үчүн адатта оездук администрация эч нерсе төлөбөйт. Шайлоого келчү оез башчысына арналып атайын арак-шарап, ар түркүн кул жебестер даярдалат. Анын баары тилмеч же катчы тарабынан түзүлгөн тизме боюнча сатылып алынат, алар болсо оез башчысына алдарынын келишинче кошомат кылышат. Оез башчы үй-бүлөсү, тууган-туушкандары, тааныш-тамырлары, жыйырма чакты жигит-жалаңы менен келет (айрыкча Пржевальск оезунун башчысынын келиши бөтөнчө шаан-шөкөттүү); ошентип ошончо тополоңу тоз эл кыргыздардын эсебинен бир жума бою шапар тээп, арак ичет. Артынан ойлогон оездун башчылары чыгымдын эсебин талап кылат. Болуштун бирөө Пржевальск оезунун башчысына бир нече жүз сомго эсеп берген экен, тигил аны үңүрөйө карап туруп: “Мен мынча акчага тамак жешим мүмкүн эмес” дептир да эсепти кайра оңдотуптур. Ал 4 сом 30 тыйынга оңдолуптур. Келгиндер Башкармасынын ишинен мен иш аткаруучу Мазуренко дегендин төмөнкү мазмундагы актоо кагазын көргөн жерим бар: “Мазуренко жана анын техниктери алгандын баары толугу менен баландай убакыт ичинде (бир нече ай) кайтарылып алынды. Болуш башкармасы”. Кутуков деген пристав бир куту балык, пиво ж.б.у.с. үчүн ашуу ашып, бел басып баруучу 100 чакырым жердеги Верныйга кышында кыргыздарды жумшаган. Ар кандай төрөлөр келип-кеткенде унаа кыргыздардын мойнунда. Аны каршылаш партиянын кишилеринен тартып алышат.

Жол чыгымдары, администрацияга кеткен чыгымдоолор ж.б.ар кандай алык-салыктардын баары жеңген партия тараптын мойнуна жүктөлөт.

Жеңилген партияны бийлик алдында кармоонун дагы бир формасы элдик сот болуп саналат. Баш ийбегендерге же арыздангандарга каршы кылмыш иши козголот, көп учурда ат уурдаган деген шылтоо менен. Чечимди аткаруу жалпы администрация тарабынан көзөмөлгө алынат. Мен төмөнкүдөй окуянын күбөсү болгон учурум бар: бир кыргыз экинчи бир кыргыздын көзүн камчы менен чыгара чапкандыгы үчүн айыпталды. Көзүнөн ажыраткандыгы үчүн ал 400 сом акчага жана бир нече жылкыга жыгылды. Мен “чогулушта” олтургам, жабыр тарткан кишини көрдүм – анын эки көзү чолпондой жайнап, аман-соо олтурду. Мен оездун башчысына кайрылып, көргөнүмдү айттым. Оездун башчысы (Фабицкий) аябай ачууланды, жабыр тартуучуну чакыртып, менин айтканым чын экенине ишенди да, чечимдин аткарылышын токтотууга буйрук берди. Ал эми бир айдан кийин уксам, оез башчысы кандайдыр бир себептер менен аткаруу үчүн чечимдин көчүрмөсүн бердириптир да, чечим аткарылыптыр.

Азчылык партиясы мына ушундай зомбулуктан кутулуу үчүн отурукташтан жашоого өтүүнү каалашаарын кайра-кайра билдире башташты, анткени анда өз алдынча административдик бөлүмгө ээ болушмак. “Саан уй” колунан чыгып баратканын сезген көпчүлүктөр партиясы жолтоо болуу үчүн бардык аракетин жасай баштайт. Кете баштаган козголоңчулардын дээрлик бардыгына элдик сотто граждандык жана кылмыш иштери козголот. Отурукташкан жашоого өтүү өтүнүчү оездук башкармага жөнөтүлөт, ал болсо полиция бөлүмүнүн башчысына узатат. Акыры мындай пикир билдирилет: отурукташууну каалагандардын өтүнүчү сотто каралган жазадан жана күнөөдөн кутулуунун амалы, анткени маалымдама боюнча отурукташууну каалагандардын баары иши сотко өткөндөр болуп чыкты. Мындан тышкары, жерди майдалап бөлүштүрүү аны иштетүүдө оңтойсуздукту түзөт, ж.б.у.с. Ошентип убара 3 жылга чейин созулат, алар акыры отурукташууга өткөндө караманча жакырланып бүтүшөт. Мен көп болуштарда болдум. Бардык жерде отурукташууга өтүүгө умтулуу күчтүү сезилет; иши кылып эле административдик жактан көчмөндөрдөн (б.а. көпчүлүктөр партиясы) бөлүнүшсө болду, 3 жыл күтүүгө да кайыл.

Азчылык партиясынын кишилеринин канааттануусунун толук мүмкүн эместиги Сот ишинин Уставынын 277 жана 940-ст боюнча жиберилген көптөгөн иштер менен түшүндүрүлөт. Каалоочусу бар партиянын кылмыш ишине тартылган кишиси каршылаш партиядагы кишиге 200 сом төлөмөр. Тигил аны ала албайт. Анткени карызкор тигини 200 сомду менден зордук менен тартып алган деген арыз жиберет тергөөчүгө. Же манаптын өкүмү менен анын жакындарынын биринин кызын каршылаш партиянын кишиси калыңсыз алган болот. Тигил зордуктап алып кеткендиги жана бейзакон эркинен ажыраткандыгы ж.б. жөнүндө арызданат.

Сот иштерин жүргүзүүдө элдик сотто карыз берүүгө болуп көрбөгөндөй бир документ бар. Ал тил кат “уурулук кат” деп аталат. Мазмуну: “Мен, төмөндө кол коюлган баландай кишиден 100 сом алдым, түкүнчө күнү кайрым берем. Эгер белгиленген күнү кайтарып бере албасам, анда элдик сот алдында “карыз алган кишинин 3 атын уурдап алгандыгымды мойнума алам”. Мындай тил каттын мен көбүн көрдүм. Таң каларык жери, ошол “уурулук катка” негизденген жана оез башчысы бекиткен бийдин ишке ашырылган чечимдеринин көбүн көрдүм. Бир жарым жыл түрмө жана 100 сомго аткаруу барагы: - бул иш кокусунан эмес. Бул эмне деген законсуздук десем, “кол койгондон кийин аткарылышы тийиш. Аны “уурулук катка” кол кой деп эч ким зордогон эмес” деген жооп уктум. Бирок манаптар дайыма эле сотко кайрыла беришпейт. Көп учурда алар өздөрү чара көрүшөт. Бир манап күйөөсүнүн көзүнө чөп салгандыгы үчүн аялды күйүп жаткан темир мештин үстүнө жылаңачтап олтургузууга буюрган. Арызданган киши болгон жок. Болуш аркылуу манап өзүнө караштуу кишилердин аттарын, аялдарын тартып ала берет. Айтып жүрүшөт, полиция бөлүмүнүн мурунку башчысы тоо арасындагы болуштун бирине келип кыз талап кылчу экен да, зордуктап койчу экен. Арыз губернаторго жетиптир. Иш пристав аркылуу текшерилет. Көрсө , “ал кызын өз ыктыяры менен берип, 3 сомдон акча алыптыр”. “Кызы үчүн баландай деген киши 3 сом акча алган” деген тил кат областтык башкармага билдирилген да, чиновник камырдан кыл суургандай эч нерсе болбой кутулуп кеткен.

Жогоруда айтылгандар болуштун көпчүлүгү жыргап жатат дегенди билдирбейт. Ага карата катуу чаралар көрүлбөйт, ал эми эксплуатациянын адаттагы формалары көпчүлүк партиясынын момурап макул болуусу алдында жүрүп жатат, анткени, башка партияга өтүү толук укуксуздукка жана тыптыйпыл жакырчылыкка алып барат.

Дайыма жашырын жана чыныгы партиялык күрөш, чагым, ушак, кыяпат, арам иштер, алык-салык, ээнбаштык, администрация колдогон манаптардын кара букараларды эзүүсү жана сүткорго айланышы менен жашаган болуштун ички абалы мына ушундай.

Ушундай чөйрөдө бир пикирге келип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биригип аракет жасоо мүмкүн эмес. Администрация билбей калчу кандайдыр бир жашыруун иштердин болушу мүмкүн эмес, анткени, каршылаш партиянын адамдары ал жөнүндө сөзсүз кабарлап турат.

 

III. КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ЖАНА ДИНИЙ ЖҮЗҮ

Кыргыздардын мал менен өмүрү өткөн жапайы уруулары эч качан улуттук же мамлекеттик уюм катары бириккен эмес.

Түркстандын тарыхый изилдөөчүлөрдүн (Пантусов, Гродеков ж.б.) жазгандарына караганда, XIV-кылымдан баштап кыргыздар бирде кытайлардын, бирде калмактардын, бирде кокондук сарттардын бийлигинде болуп келишкен; тигилер кыргыздардын урууларынын биринин жардамы менен калгандарын кулдандырган. Биригүү аракетинин болгондугун бир да тарыхчы белгилеген эмес, андай аракетке суу, жайыт талашуудан келип чыккан уруу арасындагы касташуу жолтоо болгон. Край каратылып алынгандан кийин болуш-болушка бөлүү, алардын ээлеген жерин тарытуу ж.б.у.с менен мындай бытырандылык ого бетер тереңдеген.

Кыргыздардын чөйрөсүндө диндин таасири жөнүндө айта турган болсок, анда дайыма өзүнө караганда кубаттуу, өнүккөн элдин бийлиги алдында болгондуктан, кыргыздар тигил же бул диний агымга баш ийип келишкен, кээде андай агым кыргыздарды зордук менен киргизилген.

Археология жана тарых эстеликтери крайда буддизм өнүккөнүн кабарлайт (Арашандагы Будданын моло ташы, Токмоктогу балбал таштары ж.б.).

Жети-Суудагы христиан-несториандардын бейиттери арбын табылды, алар XIV-кылымда Сирияда куугунтукталып келишкен. Ледениов кыштагындагы, Ысык-Көлдүн батыш жээгиндеги, Токмоктун жанындагы ж.б. бейиттер ошолорго кирет. Христиандардын мүрзөсүнүн көптөгөн эстеликтеринле түрк ысымдары жазылган, бул христианчылык кыргыздардын арасында да тараганын билдирет. Эстеликтердеги түрк ысымдары менен жазуулар түрк ысымындагы маркум иерейлик чоң кызматта турганын күбөлөндүрөт. Архиерейлик кызматта (дин кызматы – Т.М.) турган кыргыздар да кездешет. Ушунун өзү кыргыздарда христиан дини кыйла тамырлаганын айгинелейт. Кыргыздар кокон бийлиги алдында калгандан тартып, мусулманчылык тарайт. Мусулманчылык Жети-Сууга XVI-кылымдан мурда келген эмес жана зордук менен таркатылгандыктан өтө жайылып кете албаган. Акыркы учурда официалдуу түрдө кыргыздардын баары мусулман деп эсептелет. Мусулманчылыктын кыргыздардын ичине канчалык тараганын бүтүндөй областта бир да кыргыз мечити жоктугунан эле билсе болот; ар кайсы жерде бейит ичинде ылайдан чочойто тургузулган белгилерди көрөсүң, ага эч ким деле барбайт. Жалпы зыярат кылуу, табынуу деген кыргыздарда жок. Мейли өзүнүкү болобу, мейли башка жактан болобу духовенство аларда болбойт.

Мекеге барып келбеген же барат элем деп дегдебеген адам өзбектердин ичинде аз болсо, кыргыздардын ичинде мүлдө область боюнча Мекеге барган 3 адамды кезиктирүү кыйын. Дин же башка жагынан өзбектердин кыргыздарга тийгизген таасири жөнүндө айтуу кыйын, анткени кыргыздын аң-сезиминде өзүбек эзүүчү жана кызыл кулак сүткор.

Кыргыздардын ичинде сабаттуулар аз: орус кат-сабатын билген бир нече гана киши бар, ал эми мусулманча билгендер аз гана процентти түзөт. Мен ал турсун эң мыкты, бай деп аталган кишилердин үйүнөн да мусулманча сабаты жакшы адамды, китепти же кур дегенде куранды көрө албадым.

Гезит дегенди окушпайт, зордуктап жаздырган “Семиреченские Областные Ведомости” деген гезит болуш катчысынын капшытында үйүлүп, керексиз жатат.

Кыргыздардын малчылык жашоо-тиричилигинин негизинде тигил же бул басып алуучулардын себебинен диний таасирлердин улам алмашып турушу (бутпарастык; буддачылык, христианчылык), кандайдыр бир бекем, калың массаны кучагына алган диний кыймылдын болушунун себеби болуп саналат. Кыргыз коомунда “өз” соода капиталынын болбогондугунун негизинде ошол эле себептер менен кулач жайган улуттук кыймылдын мүмкүн эместигинин себеби болуп саналат.

 

IV. АДМИНИСТРАЦИЯ

Жогоруда айтылып өткөн кыргыздардын коомунун структурасын администрация түзгөн, ал үчүн кыргыздардын “партиялык” күрөшү кирешенин булагы болуп саналат.

Эң эле төмөнкү кызматчылар – старчын, тилмеч ж.б. булар кыйла оокаттуу адамдар. Ал оокат-мүлктөр адаттагы пара алуудан бир аз башкачараак. Анын айырмасы төмөндөгүчө: Жети-Суудагы администрация чиндери – “партиянын” мүчөлөрү – көпчүлүк учурларда ошол партиянын башчыларынан “жем” жешет. Өз ара бекем чырмалышкан эки адамдын мындай пара алуу формасы ар кандай арыздануулардан аларды алыс кылат, кокус андай арыз түшүп калса, анда полиция бөлүмүнүн башчысы жөнүндө ишти пристав карайт жана ал албетте эч нерсе таппайт, анткени администрациянын бардык чиндери бири-бири менен ажырагыс байланышта, ошондуктан карга карганын көзүн чукушу мүмкүн эмес. Мисалы: полиция бөлүмүнүн башчысы Матвеевдин старчыны кайсы бир кыргызга протокол түзөт, кыргыз 10 сом берет – кол коюлган даяр протокол тытылат. Анын баары күбө алдында болот. Пара берген кыргыз тытылган протоколдун бир нече айрыктарын жыйнап алат. Бул иш боюнча бир арыз прокурорго, экинчиси губернаторго жөнөтүлөт. Ишти текшерүү ошол эле Матвеевдин өзүнө тапшырылат. Албетте факт аныкталбайт. Көрсө, ал айрылып салынган туура эмес түзүлгөн текст экен да, анын ордуна башкасы түзүлүп, ага кыргыз кол койбой коет. Аны менен бирге болуш да күнөөгө тартылат – “7 сутка камакка алынып, иштеп бошотууга сунуш этилди”. Маселеги губернатор да ошол багытта чечти. Арызчы көпчүлүктөр партиясында болчу.

Бул четтен алынган мисал администрация өзүнүн старчынын кандай да болсо колдоп аларын, анткени ал Матвеев жөнүндө көп нерсе билерин айгинелеп турат. Иш текшерип жаткан Матвеев арызданган кыргызга: “бул эмне кылганың, менин өзүмө айтсаң 10 сомуңду кайтартып бербейт белем; анын ордуна прокурорго барасың. Сенин башчың ким? Менби же прокурорбу? Сен кайда арызданып барба, арызың баары бир мага келет жана аны губернатор же прокурор эмес, мен текшерем. Ал эми сенин болуш башыңа мен түкүрүп да койбойм, жалаа жапканың үчүн сен өзүң да жооп бересиң”, - деп күрсүлдөгөн.

Ушул жерде болуш катчыны бошотуу жана анын ордуна бөлөк катчыны ишке алуу жөнүндө Матвеевге рапорт берди. Матвеев болсо катчы менен сүйлөшүп алып, резолюцияны 3-4 жумага кармап турду. Бул мезгилдин ичинде катчы эч нерсе кылбайт, болушка келген кагаздарды кабарлайт.

Мына ушунун негизинде Матвеев катар кагаздарга жооп жок, анын көрсөтмөлөрү аткарылбайт, ушундан улам болуштун бошотулушун сурайм деп кабарлады да, алдын ала каршылаш партияга мындан ары аларды колдоорун, кызматка алардын кандидатын сунуш этерин айтып убада берди. Шарттар коюлат да, андан аркысы бардыгы закондогудай жүргүзүлөт.

Согуштун чыгышына байланыштуу ээнбаштыктын жаңы булагы пайда болду. Кыргыздар Крестке ар бир түтүндөн 1-3 сомго чейин төлөй башташты. Пишпек оезунда 40 000 түтүн бар. Официалдуу түрдө кыргыздардан эки миңге жакын жыйналган. Кызыл Кресттин Текшерүү Комиссиясы казнада жаткан дагы 20 миңге жакын сомду жана оез башчысынын эсебинен 1800 сомду тапты. Кийин сумма бир отчетте 15, андан кийин 1300 сомго айланган. 1914-жылы отчетту документтер менен текшерип чыгышып, Текшерүү комиссиясы кагазда калып, өзү жок бир кыйла сумманы тапты.

Бул актыны вице-губернатор Осташкин областтык жалпы отчетко киргизип жарыялабай жашырып койгон да, Пишпекке берген отчетто “бул отчет текшерилди, кол койгондор төмөнкүлөр” деп белгилөө менен гана чектелген. Мен Кызыл Кресттин Жети-Суудагы Башкармасынын прокурору Вахрушевге билдирүү жасадым. Чукул чогулуш чакырылып, кайрадан текшерүү жүргүзүү үчүн шашылыш комиссия түзүлдү. Бул мезгилдин ичинде айрым документтердин жок болуп кеткенине карабай, текшерүү комиссиясынын актысы аныкталды. Комиссиянын эки мүчөсү башкарманы жактап, алар тарапка өтүп кетти.

Мен прокурорго билдирүүмдө “көз боемочулук жана ээнбаштык үчүн” башкарманы, аны менен катар вице-губернатор Осташкинди да күнөөлөгөм. Прокурор тарабынан эч кандай жардам болбоду, мени да жоопко тартып же ишимди карашпады. Чукул чогулушта кагаз жүзүндө документтештирилген эң орчундуу көз боемочулуктар менен кыянатчылдыктар баса көрсөтүлдү. Ошондо башкача айла-амалдар башталды. Бир катар жетпеген буюмдар сатылып (жасалма түрдө), соода кагаздары түзүлдү. Саткан күзөтчү Никонов, сатып алган улук городовой Григорьев, күбөсү дагы бир ошондой городовой же башка бир соода кагазында “князь” Евдокимов, оез башчысынын катчысы көрсөтүлгөн. Итапкан документтер оңдолгон, алмаштырылган, дагы бир тобу баш-оту менен жок.

Кайрадан жаңы отчет түзүлүп, кайрадан жаңы чогулуш чакырылды. Ошол чогулушта башкарма мүчөлөрү Панфилов жана Мурзабаев тарабынан А.Ю. аркылуу  чакыртылган чайканачылардын сүрмө тобуна 5 сомдон таратылып берилди да, ошол эле жерде Кызыл Кресттин анык мүчөлүгүнө катташып, башкарманын мүчөлүгүнүн ысымдары жазылган карточкаларды таратып беришти. Эски мүчөлөрү 40 эле, жаңысы 80 болду да калды. Бул отчетту чогулуш бекитеби жокпу деген чогулуштун төрагасынын кайрылуусуна Мурзабаев “ордуңардан тургула” деп команда берди, бардыгы ордунан туруу менен отчет бекиди жана кыянаттык жөнүндөгү чатак да ошону менен бүттү.

Администрациянын кыянаттыктарынын ичинен аң терилерин сатып алуу ж.б.у.с. “коммерциялык” айла-амалдар менен адисинен ашкан мушташ-сабаштарды белгилей өтүү зарыл. Оез башчысынын орун басары Фабицкий деген бир өзбекти муштап өлтүрүп салды. 30 сутка гаупвахтага соттолду. Меньшиков менен Кутуков дегендер бирөөнүн кулагынын тарсылдагын жара коюшуп бири 7 суткага, экинчиси 3 күнгө камалды. Л. дегенди кыргыздар “чоң муштум” деп атап коюшту. Ал кантип так калтырбай муштоонун теориясын бир нече ирет көрсөткөн. Алдын ала колду суулап алуу керек экен. Ишин карап жатканда анын алдына бир чара суу коюп коюшту. Грибановскийдин тушунда бирөөнү сабоо жетер жерине жетти. Оруспу, кыргызбы, кез келгенин сабашчу болду. Грибановскийдин бардык арам иштеринин жардамчысы городовой Григорьев баарыдан ашып түштү. Ал аймактык көзөмөлчүлүккө көтөрүлдү.

Администрациянын кийлигишүүсүнүн аркасында кыйла олуттуу кылмыштардын бети ачылбай, көмүскөдө калып келатат. Мен иштеген мезгилден бери эки адам өлтүрүлгөнүн билем. Эки өлүк тең шашылыш көмүлө салынган, кийин тарай баштаган имиш-имиштен улам алардын мүрзөлөрү казылган болчу. Экөө тең медициналык-полицейлик кароого алынган. Пристав Грибановский түзгөн биринчи актыда өлүк төмөнкүчө сүрөттөлгөн: “көздөрү жумулуу, тили ордунда, мойнунда муунткан так бар”. Сыягы, биринчи протоколго полицейскийге ишенип кол коюп бергени менен оорукчал врач Шафаростовдун катышуусуз түзүлсө керек. Экинчи протоколго да ошол кол койгон.

Пишпекке окшогон чакан шаарчада көп кылмыштардын бети ачылбай калып олтурат. Ишин Барсуков тергеген бир кылмыш ишинде киши өлтүрүлгөндүгү үчүн жоопко тартылган киши чыгарылган өкүмдү угуп, 300 сом үчүн каторгага эмес, түрмөгө жатканга гана макулдашканбыз деп чыкты. Ал эми чыныгы күнөөкөр эмгиче Пишпекте даң салып жүрөт, аны баары билишет.

Полициянын көзөмөлү алдында кумарканалар өркүндөөдө, алар белгилүү өлчөмдө аларга бышмана беришет. Пристав Грибановскийдин орун басары, ай сайын Грибановскийге кумарканадан 100 сомдон бышмана берип турам деп даттанган жери бар.

Темир жол куруу боюнча подрядчиктер жогоруда эскерилген Л. аркылуу өздөрүнө караштуу жерлерден таш жана башка курулуш материалдарды акысыз берип коюп жатканы үчүн кыргыздардын үстүнөн арызданып кайрылышкан. Кыргыздар болсо түшүндүрүп коюуну өтүнүп, мага кайрылышты. Мен кыргыздарга жеке ишканаларга, алсак, Жети-Суу темир жолуна курулуш материалдарын бекер берүүгө милдеттүү эмес экенин түшүндүрдүм. Подрядчиктер администрацияга кайрылышты, Путинцев менен Грибановский өкүлдөрдү чакырды да, кыргыздарды өз укуктарын кубун 5 тыйындан бергенге “макулдатты”. Далилдери канчалык олуттуу болгонуна карабай, администрациялык чиндердин үстүнөн берилген арыздар алар үчүн эч натыйжасыз калууда. Ошентип эл таптакыр аргасы кеткен учурда да арызданбайт, кайра жаңыдан пара берет. Башка арга жок. Кийин негизсиз деп табылган кыргыздардын арызын текшерүү милдети тагылган текшерүүчүлөрдүн бири Палена дегендин айтканы эсимде калыптыр: “300дөн ашуун мен текшерген арыздын бирөө да негизсиз экенин учуратпадым, үстүнөн арыз түшкөн ар бир кишинин иши сотко берүүгө арзымак”.

Жеринин көлөмү Европадагы чоң мамлекеттердин бирине туура келген аймакты башкарган администрация, мына ушул жергиликтүү калкка жасаган мамилеси болсо тигил.

М.С.Пацановский башында турган Пишпектеги тергөө бийлиги толугу менен администрациянын колунда. Тергөө иши полиция иштеп чыккан план боюнча жүргүзүлөт, изилдөөдө өз алдынчалык, обьективдүү жыйналган маалымат жок. Эгер полиция кылмышты жаап коем десе, ага каршы чыгууга аракет да болбойт (алсак, Султан Муратовдун ишин тергөө анын асынып өлгөндүгү жөнүндөгү имишти кабыл алып жөн  болду, ал эми текшерилген чыныгы факт анын тетирисинче).

 

V. КӨТӨРҮЛҮШ

Согуш кыргыз жерине элдин жылдызды жерге түшүп, жакырланып, арып-ачып, баш көтөргүс болуп турган чакта келди; паракорчулуктан, алдым-жуттумдуктан бузула баштаган, администрация көрмөксөндүккө салган манаптардын, келгин орустардын эзүүсүнөн мөгдөгөн элдин коомдук өз алдынчалыкка кенедей да көңүлү жок болчу.

Согуш кыргыздардын башына жаңы салыктарды алып келди. Келгин орустардын жарыбаган ыктыярдуу кошумчаларынан башка, согушка демиш болуп кыргыздардын болгон тасмыясын кагып алышып, администрациянын жогорку чининен тартып, төмөнкүлөрүнө чейин байып жатышты.

Пишпек оезу боюнча 14-жылдын ноябрь, декабрь айларында Кызыл Кресттин официалдуу отчету боюнча кыргыздардан 30 000ге жакын сом, 1000ге жакын тон, 10 000ге жакын байпак, ж.б.у.с. “түшкөн”. Андан соң Кызыл Крест үчүн кыргыздар түтүн сайын 1-3 сомго чейин “өздөрүнө салык” салышты. Мындан тышкары, кыргыздар аскер муктаждыгына өлчөөсүз көп боз үйлөрдү, болгондо да көбүн бекер беришкен. Ал боз үйлөрдү темир жолго чейин кыргыздар көп учурда өздөрү акысыз жеткиришчү. Сапарда бараткан аскерлер менен жолугушуу өткөрүү жана аларды коноктоо кыргыздардын эсебинен болгон. Ат чабыш, шайлоо жыйындыларында полиция согуш муктаждыгы үчүн өтө көп суммадагы акча жыйнап алчу. Ново-Николаевское деген кыштак баш-оту менен 90 ат берген.

Эр-бүлөсү согушка кеткен орустардын үй-бүлөсүнө жерин айдап, чөбүн чаап, эгинин оруп-жыйнап берүү үчүн ар бир болуштан кыргыздар кишилерди жиберип турушкан. Айрым жерлерде кишинин ордуна орустун түтүнү сайын 18-35 сомдон “жардам көрсөтүлгөн”. Тигил ыктыярдуу жумушчуларга мамиле, айрыкча Самсоновский кыштагында ушунчалык жаман болгондуктан, ал турсун администрация да кийлигишип, жумушчуларга кур дегенде тамак берүү керектигин орустарга эскертүүгө аргасыз болгон.

Ооруктагы иштерге жергиликтүү элден эр бүлөлөрдү “реквизициялоо” (чакыруу эмес, реквизициялоо, б.а. мал же мүлк катары мажбурлап алуу. – Котормочудан) жөнүндөгү буйрук көз көрүнөө көтөрүлүшкө үндөгөн чагым болуп саналат. Бир да администратор, албетте, мындай буйрукту ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлой алмак эмес.

Өтө аз сандагы мобилизациялоо болсо да орустардын арасында алдын ала даярдыктар көрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлчү, “аярлыктын” бардык камы көрүлчү. Ал эми кыргыздарды “реквизициялоодо” анын бирөө да болгон жок. Тек тизме түзүп, жеткирип берүү жөнүндө гана буйрук берилген. Айрым полицейскийлер кыргыздардын майдандагы иши тууралуу аларга мындайча түшүндүрүшкөн: “Айталы, мына бул жердеги окоптордо “биздикилер” жатышат, талаанын аркы тарабында – немистер. Алар бири-бирин аткылоодо. Силер болсо ошол атышкан эки тараптын ортосунда аң казасыңар”.

Жакында согушка чакырыла турган болгон соң үйүбүзгө барабыз дешип, кыргыздар акырындап иштен кете башташты. Ошол эле себеп менен орустардын чарбасында иштегендер да эми биз солдатпыз, өз үйүбүздөгү иштерибизди да бүткөрүшүбүз керек дешип булар да кете башташты. Айрым жерлерде бул орустардын үй-бүлөлөрүнүн нааразылыгын туудурду, ал эми Самсоновкалык орустар кыргыздар козголоң чыгарып, ишти таштап кетип калышты, аларды мажбурлап кайра  келтиргиле деп администрацияга кайрылышты.

Кыргыздар түшүмдү жыйноого үлгүрүү үчүн мөөнөттү 15-сентябрга чейин созууну сураналы деп чечишти. Ошону менен бирге кыргыздарды казак-орустардын аскеринин катарына алууну, жер бөлгөндө алар менен бирдей укукка ээ кылууну, согушта орустардын милдетиндей эле милдет жүктөөнү суранып кайрылалы дешти.

“Реквизиция” жарыялангандан көп убакыт өтпөй, орустардын арасында кимдир бирөөнүн кыргыздар “козголоң” чыгарган жатыптыр деген имиши тарала баштады, бул учурда эл ичи али тынч болчу. Орус солдаттары Пишпектеги дүкөндөрдү талкалагандан кийин, эми өзбектер козголгон жатыптыр деген имиш да тарады. Пишпектеги өзбектер менен орустардын санын салыштырганда бул имиш күлкү келерлик эле.

“Реквизициянын” мөөнөтү жакындап келатты. Администрация согуш муктаждыгына баландай сандагы жумушчу берилсин деген өкүм түзүлүп, болуштарга жөнөтүлсүн деген буйрук берди. Ошентип болуштар менен манаптар бул ишке баягы көндүм болгон “партиялык” тажрыйбанын негизинде киришти.

Тизмени мындай ыкма менен түзүү дароо эле айыгышкан “партиялык” күрөштү пайда кылды, анткени жумушчулардын эбегейсиз көпчүлүгү азчылыктар партиясына туура келди. Анан калса тизмеге биринчи болуп көзү жоктор, демек каттаганга каршы чыга албоочулар жазылды. Мына ушул жагдай кыргыздардын ишти таштап салып, өз болуштарына кетип калуусуна катуу таасир этти.

Манаптар менен болуштун башкаруучулары бул маселе өтө олуттуу экенин жана адаттагы “партиялык” тартип менен өткөрө алышпасын, эл мындай адилетсиздикке көп иштин бириндей жөн гана карап тим болбосун көрүштү.

Болуштун мыктылары, манаптар оез башкармасына чогулуп келе башташты. Оез башкармасынын катышуусунда бир нече кеп-кеңештер өткөрүлдү, баары тизме түзүүгө элдин кыжыры келип жатканын айтышты. Оездук администрация болсо тизме түзүлсүн деп буйрук берилген соң аны аткаруу керек деди.

Биринчи болуп дунган болушу Булар Могуй деген тизме түзүүдөн баш тарткандыгын билдирди да, атын моюнга чаап бастырып кетти. Окуя телеграф аркылуу губернаторго билдирилди; ал дунган болушунун бутуна кишен салып, Верныйга жеткиргиле деген буйрук берди.

Аңгыча өз болуштарына тарап кетишкен манаптар оез башкармасына келишти да, түзгөн тизмелери үчүн эл өлтүрөбүз деп жаткандарын, көпчүлүгүнүн мөөрүн колунан жулуп алышып, өкүм чыгартпай жатышкандыгын айтышты; андан көрө аскер курагындагылардын баарын болушка чакырып, маселени таяк кармоо жана медициналык текшерүү менен чечкен жакшы дешти. “Тизме бербесеңер аскер сотуна кесилесиңер деп бул жерде силер коркутасыңар, тизме түзө турган болсоңор бөөдө өлөсүңөр деп болушка барсак тигилер коркутушат, биз эми эмне кылышыбыз керек?” дешти алар. Фольбаумга аскер жашындагы кыргыздардын таламын аткарууа уруксат сураган телеграмма жөнөтүлдү. Манаптар жооп келишин күтүп, баары Пишпекте олтурушту. Аңгыча 6-августта “берилген буйрук аткарылышы керек” деген тетири жооп келди.

 Кыргыздар да, администрация да мындай жооп болорун күткөн эмес, бирок мындай супсунду суудурган жооп да элди уйгу-туйгу кылган жок, тек манаптар гана мындай болгон соң тартип сактоо үчүн оез башкармасы өзүнүн кызыл чоктору менен аларды узатып жүрүшүн суранышты. 7-сентябрда Меньшиков жанына бир нече солдат алып, манаптар менен болуштардын узатуусунда тоолук болушка жөнөдү. Ошондой эле коштоо менен Токмокту карай оез башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Рымшевич сапарга чыкты (окуя башталгандан бир нече күн мурун оез башчысы Путинцев отставкага кеткен).

Ошентип адаттагыдай эле манаптарга коштотуп, солдаттарды ээрчиткен администрация көпчүлүктөр партиясын, тактап айтканда, кара букарага, жалпы элге каршы турган манаптарды коргоо үчүн чыкканы жалпы кара аламан калкка ачык болду. Губернатордун берген жообу эл арасына желдей тарады. Пишпек оезу акыркы кездеги Верный оездундагы окуялардан да кабардар болчу: кайсы бир болуштукка тизме түзүүдөн адилетсиздик кетиргендиги үчүн болуш өлтүрүлгөн эле. Ага бир отряд солдат жиберилген да (жаңылбасам Александровдун жетекчилиги астында) кыргыздардын тымтыракайын чыгарып, качууга аргасыз кылган. Алардын бир даары Курдайдын адырларын аралай качкан, бир даары Чүйдөгү Самсоновка, Кара-Булак кыштактары тарапка дуу койгон. Алар жолдо ката солдаттардын ырайымсыздыгы жөнүндөгү кабарды таратып жүрүп олтурушкан.

Элдин мындай дүрбөлөңү эч нерседен капарсыз бейкут жаткан болуштарды да катуу чоочутту жана кыргыздар орустарды кырганы жатыптыр деген калабалуу имиш-имишти эл ичине желдей таратты.

Экинчи бир жактан дүрбөлөңгө түшкөндөр жолунан кезиккен аттарды кармап мине качышты, Верный жолундагы почто бекетиндеги аттар да ошол качкындардын колуна тийди. Жазалоочу отряддан качып бараткандар токтоп өткөн жерлерде “баш аламандыктар”, дүрбөлөң, аттарды минип качуу орун алды. Курдайдын аркы батыш тарабындагы эл али тынч. 7 же 8-августта Курдайдагы кандайдыр бир тополоң жөнүндө, почто бекеттери таланып, телеграф байланышы бузулгандыгы жөнүндө кабар түштү.

Кыргыздардын “козголоңу” жөнүндө кабарды администрация кошолонтуп таратты, орустар ошондон тартып куралдана баштайт, башында куралдануу бирин-экин жай жүрсө, бара-бара күчөйт. Фронт, баррикадалар ж.б. түзүлөт. Орустар кыргыздарды кырганы жатыптыр деген имиш-имиш да өрөөндө күчөтүлүп таркатылды. Бул имиштердин чын экенине орус келгиндери Верныйдан качып келаткан казактардан жана аларга каршы аттандырылган солдаттар менен бейкут жаткан элдин куралданып жатканы ишендирди.

Аңгыча Курдайга жиберилген отряд Атар бекетине келди да, аттардын баарын качкындар тийип кеткенин, ал эми арабакечтер болсо алардын артынан кууп кетишкендерин билди. Арабакечтер кайра келишип 8 гана атты куткарып калышканын айтышканда, отряддын командири тигилерди катарга тизип туруп аттырып салыптыр. (Курдай старостасынын маалыматы). Бул окуя жакын арадагы болуштарга дуу дей түштү, алардын эли малын айдап, оокат-мүлкүн артынып качып жөнөштү. Ал эми отряд болсо алардын артынан түшүп “козголоңчуларды тынчытып” атып жүрүп олтурушту. Айрым жерлерде качкындардын тобу жанын коргоого аракеттеништи, дыйкандар кошундары түзүлдү; кыргыздар колуна таяк, айры, учуна темир ашталган найзаларды алышты. Курдайдан жана Верныйдан үркүп чыккандар кыргыз тоо кыркасынын ашууларын карай: Шамшы менен Ысык-Атанын тушундагы (кандай аталары эсимде жок) ашууларга (автор Кегети ашуусун айтып жатса керек – котормочу) бет алышты.

Бейкут жаткан кыргыздарды токмоктоп, кыра баштагандыктары жөнүндөгү кабар заматта тарады, ал эми чындап дүрбөлөңгө түшүп Токмок багытында үркүп баратышкандар менен кошо Кастек, Кара-Булак, Самсоновка кыштактарын аралап чыгышты карай салышты.Минтип тыянак чыгарганыбыздын тууралыгын кийинки окуялардын дал ошол Самсоновка, Токмок, Ивановкада жүргөндүгү далилдеп турат. Ал эми бул кыштактардын арасындагы айылдарда камоо, кол салуу ж.б. таптакыр болгон жок жана Ивановканын батыш жагы караманча бейкут жатты.

Мына ушул окуялардын баары 7-августтан 10-августка чейин чагылгандай тез болуп өттү; мен 10да Пишпектен Токмокту карай баратканымда Покровкадан Токмокко чейинки талаа тунжураган тынчтыкта эле, бир да кыргызды жолуктуруу мүмкүн эмес болчу, ал эми орустардын кыштактары толук куралданган, чыңдалган чепке айланган.

Самсоновканын айланасындагы тополоң пристав Бакуревичтин командачылыгы алдындагы куралданган 100 кишиден турган жазалоочу отрядды жиберүүгө себеп болду. Фольбаум “жолуккан кыргыздын баарын кырып жок кылгыла, айылдарын өрттөп жибергиле” (Бакуревичтин Веймарнга берген маалыматынан) деген буйрук берди, “биз буйрукту буйруктай аткардык” деп кошумчалаган Бакуревич.

М.С.Волковдун маалыматы: ошол эле Бакуревичтин айтканы боюнча жазалоочулардын ырайымсыздыгына, кордоосуна чыдабай кыргыздын кыздары жакшы кийимдерин кийинип алып, казак-орустарды каратып туруп аскадан бойлорун ташташыптыр...

Бакуревич Кастек аркылуу Токмокко өткөндө өздөрүнө каршы Фольбаумдун буйругу чечкиндүү аткарылып, котологон кыргыздар Самсоновканы карай качып жөнөштү. Дүрбөлөң, уу-чууну ого бетер көбөйтүп, дагы бир отряд Верныйдан чыгып Курдайды бет алды. Көптөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө караганда, ушул калабалуу күндөрү жогоруда эскерилген багыттардагы кыргыздардын баары тоого көчө качышты. Болгон оокат-мүлктөрүн артынып-ташынып, катын-калач, бала-чака ызы-чуу түшүп самсып баратышты.

Инженер Веймарн, судьялар Волков менен Королевский жана Цертовичтердин көзүнчө Бакуревич айтып олтурду. Эгер Кара-Булак болушундагы бүтүндөй кыргыздар силерге кол салса, анда орус дыйкандары менен биригип, кыргыздарга каршы согушабыз дешип орус кыштагына көчүп келишиптир. Бул жазалоочу отряддын ырайымсыздыгынан кутулуунун жакшы амалы болчу. Бирок Бакуревич ага карабай, өзү менен кошо алардын бир нече кишисин барымтага алып кетиптир, анан Бакуревичтин айтканы боюнча, “анын тамашакөй жигиттери жаңылышып, аларды Чүй суусуна чөктүрүп жиберишиптир”.

Ушуга карабай Кара-Булак болушу азыркыга чейин тынч.

Ошол эле жерде Бакуревич элдин жүрөгүнүн үшүн алыш үчүн эртең менен дар орнотоорун айтты. Аскер соту болбой туруп аны жасоого болбойт дегенде, “андай болсо менин жигиттерим дарсыз эле өз билгендерин кылышат” деди ал. Эртеси эч нерседен капарсыз жүргөн токмоктук 15 кишини “кармашат” да, 13үн Милушевдин жүн жууган ишканасында өлтүрүшүп, ошол эле жерге көөмп салышат, үчөөнү кушкананын жанынан өлтүрүшөт. Баса, 20 жылдан бери Токмоктогу кыргыздардын китепканасынын күзөтчүсү болуп иштеген кыргыз чал, почтодо иштеген анын уулу жана дагы бир гимназиянын окуучусу өлтүрүлгөн. Башкаларын билбейм. Бул үчөөнү Токмоктук, кылган кызматынын дайыны жок Макаров деген неме өлтүргөн, кылган ишин д-р Цертовичтин көзүнчө айтып берип олтурган. Ал “мени бычактабай, атып өлтүрө көргүлө!” деп аябай жалынып сурады” деди. Ошол эле күнү келгиндердин катындары кыргыздарды издешип үймө-үй кыдырышып, кезиккендерин өлтүрө беришти.

Кечинде казак-орустар талаага чаап кетишти. Эртең менен тартылып алынган оокаттар артылган төөлөрдү айдап келишти да, базарда ачык эле сата башташты.

Мен 16да Пишпектен чыгарда Токмокту 10 000 кыргыз курчап алды деп официалдуу түрдө кабарланды. Эртеси эртең менен биз Токмокко келдик: шаарды кармаган кыргыз эмес, бир жан адам жок экен.

12-августта саат 11де Бакуревич өзүнүн жүз солдатын алып Шамшыга аттанды. Ал жерде чынында эле Бакуревичтин айтуусунда, 100-1500 кыргыз бар экен. Колдорунда найза, шалк этмелер; ошол эле Бакуревичтин айтуусунда 4-5 мылтыгы  да бар окшойт. Согуш (Бакуревичтин маалыматы) 300 кыргыз, атынан ооп түшүп калган бир орустун өлүмү менен аяктайт; дагы бир орус жарадар болуптур. Түн ичинде кол салат го деп күтүшсө, эч нерсе болбоптур. 28-августка чейин кол салуу же камоо дегенди эч жерде жолуктурган жокпуз (имиштер боюнча текшерүү жүргүзгөн эле). Алсак, Рымшевич менен Токмокко барып кайтып келаткан 12 жасол Самсоновкада эч кандай уруш же камоо жок экенин айтышты. Самсоновкага кыргыздар дегеле кол салышпаптыр, бирок Рымшевич күнүгө эртең менен тоого барып, ал жердеги кыргыздар менен “салгылашып” келчү экен. Самсоновкадан Токмокко чейин 7-10 жасоол эч тоскоолдуксуз барып келишиптир.

Кайра артыма кайрылайын. Рымшевичтин жортуулунун мүнөзү да Бакуревичтикиндей болчу. Айланасына манаптарды жыйнап алып, Токмоктон Самсоновкага бараткан жолдо кезиккен кыргыздарды оңду-солду атып жүрүп олтурду, ошентип Токмоктун сол жээгинен тартып Самсоновкага чейинки элге дүрбөлөң салды, Самсоновканын жанындагы күмбөздөр менен белгилери жок кылынды.

Ошондой эле элди дүрбөтүү жана кыргыздарга каршы аракеттерди уюштуруу милдети Ивановка кыштагында турган Сыромятников деген инженер неме алган. Ал ыктыярдуу жазалоочу отряд уюштуруп, ой-тоону кыдырып “кыргыздарды кармаган” (анын өз сөзү). Ошол эле Сыромятников Санташ кыштагындагы орустарды Ивановкага, Краснореченск кыштагындагы орустарды Пишпекке көчүп келүүгө буйрук берген. Баарынан кызыгы, эли таштап кетип калган Краснореченское кыштагы баррикадасы, кайтарарга кишилери жоктугуна карабай кыргыздар тарабынан талоонго да кабылган эмес. Токмок менен Самсоновканын ортосундагы Токмок бекети жөнүндө да ошону айтууга болот. Атайын чыгарылган имиштер администрациянын официалдуу билдирүүсү менен бекемделип, дайыма окуяга дал келчү эмес жана жалган болуп чыкчу. 9-августта аскер башчы Писсаржевский: “Арашанга барчу жолду тосуп алышыптыр, элдин баарын кырып салышыптыр” деген кабар таратат. Арашанда 100гө жакын катын-балдар калган. Эркектана деген жок. Кабарды угуп алыш барышса баары жайында, катындары менен балдары тигилердин эрте келип калгандарына таң кала карашат. Көп өтпөй “бардыгын кууп чыккыла” деген Писсаржевскийдин буйругун жеткирген солдаттар келишти.

Инженер Громашевский үч жүздөй кыргыздын арасында бир караван сарайда түнөп чыгып, эч кандай ыдык көрбөптүр. Тоодо иштешкен көптөгөн кишилер кыргыздардын тоо таянып көчүп жатышкандарын байкашыптыр жана алар тараптан эч бир чатак болбоптур. Жер ченегич Пироговдун кишилери куралданган кыргыздардын тобуна ушунчалык жакын турушкан экен, ал турсун сүрөткө да тартып алышыптыр (ал сүрөт бар) – эч кимиси тийбептир.

Кыргыздар тарабынан биринчи кол салуу Назаровду, Долгополовду жана Фирингофту өлтүрүүдөн башталды. Биринчи экөө кандай болуп өлгөнүн Денель менен Копытовская мындайча айтышат (рапортту карагыла): Назаров өзүнүн техниктери жана жумушчулары менен Самсоновканын жанынан кыргыздардын тобуна жолугат да, биринчи болуп ок чыгарат: орустардын баарында мылтык бар. 40-50 кыргыз окко учат. Мына ушундан кийин гана кыргыздар тигилерге жабылыптыр. Назаров менен Долгополов окко учуп өлүшөт, Фитингоф башына балта жейт. Ал кыргыздар өтүп жаткан жолдун боюнда үч күнчө чала жан жатат, кыргыздар  тийбептир. Алар Бакуревичтин ырайымсыз жортуулунан үрөйлөрү учкан кыргыздар болчу – желдеттерге жеткирбеш үчүн алдастап качып баратышкан. Мүмкүн аларга жергиликтүү кыргыздар да кошулгандыр. Эмнеси болсо да кыргыздар төккөн кан Бакуревич жана ошол сыяктуулардын жоруктарына берилген жооп эле. Санташтагы (Ивановкадан жогору) бир нече кишинин өлүмү ивановкалык жазалоочу отряддын аракеттеринин жообу болчу. Токмоктун аймагындагы 2-3 өлүк Рымшевич менен Бакуревичтин кылыктарынын жообу. Үрккөндөрдүн эми куралы бар болучу, анткени алар үйдө олтура берсең да, атка минип тоого качсаң да, колуңа курал алсаң да өлүмдөн кутулбасын түшүнүштү.

Мына ушундай кырдаалда далбас уруп тополоң түшкөн элдин жанын коргоодон башка айласы калбады: жанагы орустардын бирин-серин өлүктөрү администрациянын аракеттери жанын кашайткан элдин алган өчү болчу.

Токмоктон кайтып келатканда (13-августта) Токмок менен Ивановканын ортосундагы Дмитровканын жанындагы окуяны Дмитров кошуунунун башчысы Семен Поталов айтып берди: “700 жүзгө жакын куралданган кыргыздардын тобу ат коюп келишти, кошуундар аларга каршы туруп атмакчы болду эле, бирок мен аларды токтотуп, куралдарды таштап, сүйлөшүү үчүн бардык. “Силер эмне үчүн куралдандыңар?” – дедим мен. “А силер эмне үчүн куралдандыңар?” “Силер биздин баарыбызды кырганы жатасыңарбы?” “Жок, биз силер бизди кырганы жаткан экен деп куралдандык. Анткени силер козголоң чыгарып жатпайсыңарбы?” “Жок, биздин түшүнүгүбүз боюнча, силер козголоң көтөрүп жатасыңар”, - деди кыргыз. Биз сүйлөшүп жатканда алардын башчысынын жаагы ылдый жаш баланыкынан бетер жаш куюлуп турду. Биз бири-бирибиздин колубузду кысыштык да, эки тарапка бастырып кеттик”.

Бул окуя “кыргыз көтөрүлүшүн” түшүнүү үчүн мүнөздүү көрүнүш жана ал көтөрүлүш ич арада атайын таркатылган имиш-имиштин жана администрация менен жазалоочу отряддын элдерди өчөгүштүрүү үчүн жасаган аракеттеринин натыйжасы.

13-августта Пишпекте городовойлор ар бир үйгө киришип, жалпы мобилизация жарыялашты. Жыйын пунктунда (казармалардын жанына) Писсаржевский сөз сүйлөдү: “Баарыңар бүгүндөн баштап мобилизацияландыңар, бийлик ээлеринин аракеттерин сындагандар аскер-талаа сотунун жообуна тартылат. Силерден жазалоочу отряддар түзүлөт, милдетиңер жергиликтүү калктын башына каран түн түшүрүү. Аны кандайча жасоо керектиги кийин түшүндүрүлөт, азырынча ал аскердик жашыруун сыр. Ар бириңердин колуңарда куралыңар болсун. Куралды кайдан алабыз деген шылтоо болбосун, өлгүңөр келбесе айры алгыла. Кырдаал татаал. Баарыңардын алдыңарда атыңар болсун. Өзүңдө болбосо кошунаңдыкын ал. Бербесе – мага фамилиясын айткыла, аскер сотуна берилет”. Ошол эле күнү отряддар түзүлдү.

Кийинки күнү добул кагылды. Коңгуроолор туш тараптан кагылып, куралданган атчандар ар тараптан алыгып келе баштады. Кара басып... Пишпекке келаткан жолдо автомобиль тыгылып калат, аны тартып чыгаргыча аны кызыгып караган кыргыздардын бир тобу чогула калат. 14-августта Беловодскиден пристав Грибановский 138 кыргызды камакка алат да, кагаз жазып, бир нече солдат менен оез башкармасына айдатып жиберет. Буга чейин Пишпек шаарынын приставы Т. деген оез башы болчу (мурдагы маркер, бул кызматка ген. Фольбаум койгон, ошол күнү Путинцев башчылыкка дайындалган. Сырттан бирөө кирип Беловодскийден камалган 35 кыргыз алып келинди деп билдиргенде, Путинцев кабинетинде инженерлер Васильев менен Нефедов олтурушкан. Кагазды окуп бүтүп Путинцев: “138 киши жиберилиптир, калганы кайда?” – деди. Көрсө, камалгандарды Сокулук менен Чалаказактын жолунда тепкилеп салышыптыр, аман калганы 35 киши экен. Аларды бир жерге жайгаштыра тургула деген буйрук алып келген киши чыгып кетти. Ошо күнү кечки саат 10-11 ченде алиги кыргыздарды чиркөө аянтына алып келишип “жаткыла!” деген буйрук беришет да, ок коротуп олтурбоо үчүн городовойлор менен жасоолдор ары жактагы бактын ичинен угулуп турган музыканын алдында баарын мылтыктын канжары менен бышып өлтүрүшөт (күбөлөр д-р Цертович жана инж. Нефедов). Тикмечи Штейнфель мага муну айтты: “Мен дружинник катары күзөттө элем, городовой келип: “байка, эч ким биякка кирчү болбосун, азыр кыргыздардын ишин бүтүрөбүз” деди. Дагы алынып келчүлөрдү шаардын сыртынан тосуп алып, ишин ошол жактан бүтүргүлө! Эч кандай ызы-чуу чыкпасын!” деп буюрду.

Чиркөө аянтынан өлүктөр талаага ташып чыгарылып, топурак алып жүргөн аңга ташталды (али жаны бар кишилер да бар экен). Күзөттө турган солдат приставдын жардамчысы Рубинштейнге айтканына караганда, оездун башкармасында кыргыздарды сабашыптыр, бир нечесин өлтүрүшүптүр; “калгандарын аянтка алып барып эс алдыргыла” дептир пристав. Жарым сааттан кийин аянтка келип “эс алыштыбы?” деп сурап, “анда өлүктөрүн алып кеткиле!” дептир. Арыктын суусун бурушуп, канды жууп салышыптыр.

Бул жөнүндө аскер башчы эч кимдин оозунан чыкпасын деп буюрду, анткени алар качууга аракет кылды деген шылтоону да ойлоп табууга туура келмек. 14-августта Беловодскиден камалгандарды бошотуп бергиле деген өтүнүч менен жөө-жалаңдаган кыргыздар келишти. Базарда сонуркап чогулгандар да көп эле. 600дөн ашуун кыргыздар чогулушту. Аларды курчоого алышып, болуш башкармасынын короосуна киргизишти.

Алардын баары бир да ок коротулбастан таяк, балта, айрылар менен талкаланды. Чала жан адамдар жүктөлгөн арабалар менен өлүктөрдүн үстүнөн тебелеп кетип баратышты. Ошол эле күнү жасоолдор жакын арадагы болуштарга ат коюшуп, тыптыйпыл талап алышты жана үйдө калган кыргыздарды бүт кырып салышты. Ага Грибановский деген пристав катышкан. Бирок анын айтуусу боюнча кыргыздарды сабаганга катышпаптыр. Кыргыздарды сабаган кишилер белгилүү, ошондой эле Полтавский деген мещаниндин Пишпекте кыргыздарды өлтүрүүгө катышканы да белгилүү. Ал Цертовичке мындай дептир: “Кыргыздарды саям деп жаңы айрымды сындырып алганымды кантейин, эски айрымды алсак болмок экен”. Камалган кыргыздарды коштоп жүргөн городовойлордун аты-жөнүн аныктоо да кыйын эмес.

Беловодскинин тегерегинде кыргыздар тарабынан да жаман иштер байкалды: талап-тоноолор күчөдү. Аскер башчысынын атына иш аткаруучу Лукашиндин билдирген кабарынан көрүнгөндөй, мылтыкчан эки орус “тынч” жаткан болушка келип: “жаныңардан үмүт кылсаңар оокатыңарды бергиле!” деп элдин жылтыраганынын баарын ала башташыптыр. Лукашин алардын мылтыгын тартып алып, кууп жибериптир. Ызы-чуу түшкөн топ кыргыз “эми биздин айлабыз эмне болот?”- дешип тигиге ыйлап даттанышыптыр.

Самсоновкалык орустар талаадан мал тийип келишип, мисалы, 600 кой, 20 уй (Денель менен Копытовскаянын рапортун кара) айдап келип короосуна киргизип алышыптыр. Курдайда архангелдиктер да ошону жасашкан. Аскер башчынын короосунда “душмандан” тартып алынган жылкылар, кой, уйлар камалып турду. Полиция түшүндүрө албаган кандайдыр бир жол менен кыргыздардын мал-мүлкүн алган бирөө кармалды.

16-18-августта Пишпектин айланасында баррикадалар курулду. Аны дээрлик жергиликтүүлөр курушту (60тай адам), орустар 5-8 гана болгон.

Өзбектер аскер башчысына аларды аскер кошунуна кабыл алууну суранышып арыз алып келишти, бирок жандарманын полковниги Косоротов буга жол бербегиле деп, орустардын атынан аскер башчысына телеграмма жибергиле деп Лутин менен көпөс Калининди көндүрө баштады.

Пишпекте калган Путинцев “көтөрүлүшкө” каршы болчу, ошондон улам Пишпектин тегерек-четиндеги 12 болушта тополоң болгон жок. Беловодское болушунун кыргынга учураган кыргыздары тигил болуштардын эли менен уруулаш эле.

Токмокто жүрүп жазлоочу отряддын командири болуп дайындалганын укканда, Рымшевич баш кийимин алып чокунуп жиберип мындай деген: “Акыры көңүлүм сүйгөн ишим колума тийген экен, эми мен аларга көргүлүктү көрсөтөм!” Ал айтканын аткарды. 27-августта мен Пишпектен Ташкентти карай жол тарттым. Жолдо келатканда баары тынч сыяктанды. 28-августта саат күндүзгү 12де мен Меркеге келдим. “Көтөрүлүш” деп аталган окуянын башталышын билдирчү бир нече фактыны келтире кетүү зарыл. Күндүз эркектер өз короосун тааныбаган “өз” малдарын айдап киргизе албай жатышканын көрдүм.

Бул албетте каракталып алынган кыргыздардын малы экени көрүнүп эле турду. Меркеге келаткан жолдо мен тоо таянып качып баратышкан кыргыздын катын-калач, бала-бакырасын учураттым. Алар оокат-кечелерин көтөрүнүп алышкан. Андан арыраакта кайсы бир кыргыздан тартып алган 3 төөгө минип алып, көңүлдүү келатышкан 3 солдатты жолуктурдум. Биринчи бекеттеги (Луговое) бекетчи, айыл старостасы бекетте турган бир арабакечти бир муштап өлтүргөнүн айтып берди. “Эгер калган кыргыздарды мен тезинен короого алып кирип кетпегенде, башка орус мужуктары да тигинин кылганын кылышмак” (чогулуштан келаткандар экен). Биз көлүк күтүп турган кезде солдаттардын бирөө (алар үчөө экен) жерде жаткан арабакеч кыргыздын бетине жаба сийип салды. Мына ушундай фактылар бардык жерде массалык талап-тоноочулук менен куралдуу күчтөрдүн кагылышынын кабарчысы болгон да, кыргыздарды тоо таянып качып кутулушуна бөгөт болгон.

Жолдо келатып ошол эле күнү түн ичинде көтөрүлүш “дүрт” эткенин офицерлерден уктук. Меркеден 2 болуштан башкасы тизме түзүп беришкенин да уктук. Тизме түзүүдөн баш тарткан жанагы 2 болуш (Карагистан жана дагы бир болуш) 400 жумушчу бермек экен. Жолдо жолуктурган күүлүү-күчтүү жаш прапорщиктер менен сүйлөшкөн сөздөрдөн улам биз буга чейин баштан өткөргөндөрдү салыштырып көрүп, “көтөрүлүш” камсыз болду деп тыянак чыгардык. Кыргыздар качат. Топтолгондорду атышат. Бир күндөн кийин алар да куралданат, мына ошондо анан кыргыздарды толук “жок кылууга” негиз түзүлөт (бул сөз официалдуу термин болуп калды – Писсаржевскийдин жарыясын кара).

Писсаржевский сүрөттөгөн кырдаалдын коркунучтуулугу жана татаалдыгы менен катар, кан күйүп жаткан согушка карабай, согуш муктаждыгы үчүн деп алдырган автомобилдер төмөнкү иштерге пайдаланылды: 3 автомобиль губернатордун кызын Верныйга жеткирүү үчүн, дагы бирөө профессор-геологду Верныйга алып баруу үчүн, ал Верныйга темир жол алып баруу үчүн жер титирөө тоскоолдук кылбайбы – ошону белгилөө үчүн келген болчу. Крайды басып алууда зор көмөк көрсөткөн Шабдандын балдарын администрация башчылар деп коет, Шабдандын балдарынын бири Самүдүн 8-августта сугат иши боюнча башкармага келип, бул жерде иштеген кыргыздардын тизмесин тактап берүүнү башкарманын жардамчысы Нефедовдон өтүндү, алар реквизициядан бошотулгандар болчу. Экинчи бир уулу Кемел: бул Кеминдеги карагай тилчү заводдо калган орустун катын-балдарын канатына калкалагандыгы менен белгилүү эле.

Баса, кызык нерсе. Көтөрүлүш чыгардан бир нече күн мурун Токмоктун приставы Байгулов сугат ишиндеги кыргыздарды: “Силер реквизициядан куткарылган эмессиңер, ишиңерди таштап аскерге кетүүгө даярдангыла!” деп опузалаган (жумушчулардын башчысына жазган Сыромяткиндин рапортун кара). Ошол эле Байгулов Рымшевич келгенге чейин Жаңы-Арык – Токмок аймагында болгон. Ал жакта эмне кылганы белгисиз, бирок жанында куралдуу отряды бар болчу.

Аттарды тийип кетүү орустарга гана багытталган аракет болгон эместиги жергиликтүү кишилердин аттарынын жоголгонунан да көрүнөт. Милушевдин, Енгалычевдин, Гали Өзбековдун, Аминжан Жанбаевдин аттарын да тийип кетишкен. Жазалоочу отряддан качып кутулуу үчүн кимдин аты болбосун кезиккенин минип кете беришкен.

 

ТЫЯНАК

Жогоруда айтылгандардан өзүнөн өзү келип төмөнкүдөй жыйынтык чыгат:

  1. Өкмөттүн ар кандай органдарынын, ошонун ичинен Келгиндер Башкармасынын системалуу иштеген ишинин натыйжасында кыргыздар караманча жерсиз калышкан. Чарбасы бүлүнүп бүткөн. Бирок бул кырдал көтөрүлүштүн чыгышына түздөн-түз себеп болгон эмес, анткени чарбаны бүлүндүрүү иши менен катар алар коомдук уюмдашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкан, ошонун аркасында эч кандай, мейли эң кичине болсо да жашырын жыйналыш өткөрүү, эч кандай көтөрүлүшкө даярдык көрүү жана башкалар мүмкүн эмес болчу. Баш кошууга кенедей жасалган аракеттери болуштагы “өз” кыргыздары аркылуу администрацияга белгилүү болуп калмак.
  2. Мейли улуттук, мейли диндик жагдай да көтөрүлүшкө себеп боло алмак эмес, мен аны ушул көрсөтмөмдүн 42-45-беттеринде далилдедим, ал эки жагдай тең кыргыздарда өзбектерге караганда өнүккөн эмес, ал эми өзбектер арасында көтөрүлүш болгон жок.
  3. Кээ бирөөлөр бул “козголоң” согушка каршы нааразылыктан келип чыккан көтөрүлүш деп түшүндүргүсү келет, бирок андай көтөрүлүш кыргыздардын саясий деңгээлинин өтө төмөндүгүнөн улам болушу да мүмкүн эмес. Анткени алар ким менен ким согушуп жатканын да билишпейт жана бизди аскерге орустар менен бирдей шартта алгыла деп өздөрү суранып жатканы да ошондон эмеспи.
  4. Бир гана себеп калат: көтөрүлүш – падыша өкмөтүнүн андан аркы колонизатордук иш-аракеттери үчүн кыргыздарды тыптыйпыл кырып салып, жерин бошотуп алууга багытталган жогорку бийлик менен бирге (Ташкент менен Жети-Суу) бүткүл администрациянын кара ниет чагымынын натыйжасы. Акылга сыйбас кыянатчылык менен берилген буйруктар, администрациянын төбөлдөрүнүн жалган түшүндүрүүлөрү, келгин орустардын колтугуна суу бүркүү, алардан отряд түзүү, кунсуз киши өлтүрүүлөр, жазасыз ээнбаштык – мына ушунун баары көтөрүлүш чыгарды демиш болуп, “кыргыздарды кырып-жоюуга” багытталган. Полиция тарабынан куралдандырып жана уюштурулган аскер отряддары менен дыйкандардан түзүлгөн кошуундардын иш-аракеттеринин аркасында, крайдын администрациясы улам толукталып келип жаткан аскерлердин көз алдында кыргыз калкын душман катары көргөзүү менен кырдаалды билгичтик менен улам күчөтүп курчуткан.

Ташкент, 3-сентябрь, 1916-жыл. Которгон Мырзаян Төлөмүшев

 

 

 

 

ЫСАКЕ УУЛУ БАЯЛЫ

1916-ЖЫЛ

(16-жылдагы кыргыздар козголоңу жөнүндө, 1931-жыл 11-августта Интергельпо клубунда жумушчулардын жалпы жыйналышында жолдош Ысаке уулу Баялы жасаган доклад)

 

КОЗГОЛОҢДУН СОЦИАЛДЫК ҮНӨМ ЖАНА САЯСАТ НЕГИЗДЕРИ

Жолдоштор, 3 күн илгери Б.Б.Комитеттин Орто Азия бюросунун 1916-жылда Орто Азияда болгон козголоң тууралуу жазган тезисттери жарыя кылынган болучу. Козголоң жөнүндөгү негизги саясый учурлар жана бардык негизги саясый корутундулар ошол тезисттерде эң туура жана ачык көрсөтүлгөн. Мындагы жолдоштордун көбү ал тезисттер менен тааныш чыгаар. Бул менин 1916-жылдагы козголоң жөнүндөгү докладымдын милдеттерин бир топ жеңилдетет. Бүгүнкү докладымдын негизги милдети козголоңдун, айрыкча биздин Кыргызстан Кеңеш Республикасы кирген мурунку Жети-Суу облусундагы козголоңдун бардык негизги учурларын түшүндүрүп берүү болот. Мен өзүмдүн докладымда анык материалды айтууга жана ошону менен тезисттерде көрсөтүлгөн саясый корутундулардын туура экендигин далилдеп берүүгө жана негиздөөгө тырышайын.

Козголоңду мүнөздөп жана тийиштүү корутундуларды чыгаруудан мурда 1916-жылда эмгекчи Кыргыздарды козголоң чыгарууга түрткөн себептер жөнүндөгү негизги маселени түшүндүрүп өтүүнү зарыл табамын.

 

КОЗГОЛУУНУН НЕГИЗГИ СЕБЕПТЕРИ

1916-жылдагы  козголоңдун тарыхый-социалдык үнөм саясый шарттары менен негизги себептери мына булар:

Биринчи. Козголоң чыгар учурда Орто Азияда өкүм сүрүп келген падыша өкмөтү тарабынан болгон чексиз адам баласы чыдагыс эзүү, талоончулуктар болду.

Дал 1916-жылдын өзүндө падыша өкмөтү Түркстанды өз кол алдына каратканга 50 жылдан ашып кеткен болучу. Бул 50 жылга созулган оторчулук зулуму жана саясый теңсиздикке Кыргызстан эмгекчилери чыдай алышпай, бул зулумга каршы чыгууга мажбур болушту.

Козголоңдун экинчи этабынын негизги себеби: Кыргыз байларынан чыккан бай-манап феодал-аксакал элементтер кыргыз эмгекчилеринин күчүнөн аеосузз жана жырткычтарга пайдаланышкан.

Келгиндер (?) бир нече (99-бетти караңыз, сөздүн башы жок экен – ред.Вера) жылдар өткөн соң көчө баштаган. Түркстан 1864-урушунун үчүнчү жылында болгондугун билесиңер. Империйачылар урушунун оордугу, уруш керектери үчүн алына турган налогдордун, чыгымдардын жана башка оордугу бир канчалык Кыргызстан эмгекчилеринин желкесине түштү жана алардын матырыйал жагына чарданышына таасир кылды. Козголоң чыгууга туптуура саясат шылтоосу болгон төртүнчү себеп уруштан арттагы жумуштарга жумушчулар алуу болду.

Мына козголоңду чыгарган негизги себептер ушулар. Эми бул маселелерди абдан жакшылап талдайлы жана козголоңдун негизги шарттары менен себептерине тиешелүү үнөм жана саясат талдоосун берели.

 

КЫРГЫЗСТАН ЖЕРИН ОТОРЛОШТУРУУ

Биринчиден, жер маселеси алалы. Баштагы Түркстан крайын, эмки Орто Азияны Падыша өкмөтү кол астына алган соң, негизги жол (Түркстанда) оторчулук майдандарын сыңоо болгондугун билесиңер. Көбүнчө оторчулук саясаты Түркстандын, аны менен кошо Кыргызстандын жерлерин оторлоштурууга бет алган.

Түркстан крайындагы жана Кыргызстандагы жерлерди оторлоштуруу иштери кандайча кылып жүргүзүлгөн? Орусиянын Европадагы борбор бөлүгүнөн Түркстанга келгиндер 1914-жылда көчө баштаган. Башкача айтканда, алар Түркстан алынгандан кийин бир нече жылдар өткөн соң көчө баштаган. Түркстан 1864-жылда алынгандыгын билесиңер. Мына ушул учурдан тартып, 1916-жылга дейре Түркстанга 5 миңден ашуун чарба көчүрүлгөн. Башкача айтканда, келгиндерден 74 жаңы баселке уюштурулган. Мындан тартып көчүү абдан күч алат. 1916-жылга Түркстанга орус келгиндеринин кыштактары 941ге жетет. Бул келгиндердин колунда эң мыкты жерлерден (өзөндөгү сугат ж.б.) миллион теше жер болгон. Ошол кездеги Түркстан крайынын айдоо жерлерин алып караганда эмне болуп чыгат? Бул эки миллион жер крайдын бардык айдоо жерлеринин 57,6% болуп ар бир орус келгинине 3,17 тешеден туура келген. Калган жерлер ар бир жергиликтүү элдин түтүн башына (өзбек, кыргыз, түркмөндөргө) 0,21 тешеден туура келген. Башкача айтканда, алар орус келгинине караганда жерден 15 мертебе кем пайдаланышкан. Ошол кездери Түркстандагы элдин 94% ти айдоо жерлердин 42,4%тине гана ээ болуп, 6% орустар жердин 57,6%тин ээлешкен. Бул Түркстанды жалпы жонунан алганда ошондой болуп чыгат. Эгерде биз Кыргызстан кирген Жети-Суу облусун алып карасак, мында жерди оторлоштуруу Түркстандын башка жерлерине караганда абдан күчтүү жүргүзүлгөн. Мисалы: 1915-жылда Орус келгиндеринин Жети-Суу обулусунда 600 кыштак болуп, алардын колдорунда кыргыз жерлеринен 4,200 миң теше жер болгон (буга айдоолор, чабындылар, мал жайыттары кирет). Мунун ичинде жалаң айдоо жерлер 1200 миң теше болгон. Келгиндерге эң мыкты жана айдоого оңой болгон жерлер берилген.

Мына жолдоштор, бул цифралардан жалпы Түркстанда, анан кала берсе баштагы Жети-Суу обулусунда, демек, Кыргызстанда жерди оторлоштуруу канчалык күчтүү экендиги жөнүндө толук корутунду чыгарууга болот.

Мындан төмөнкү суроо келип чыгат – жерди мындайча күчтүү оторлоштурууда жана Орусиянын борборунан бул жакка, күн чыгышка, көбүнчө Түркстанга орустарды көчүрүүдө эмне максат көздөлгөн?

Мында үч максат көздөлгөн. Негизги максат: дыйкандарды мындайча көп көчүрүп, падыша өкүмөтү борбордук Орусиядагы дыйкандардын кыймылын бошоткусу жана баскысы келген. Ошол кезде бүткүл борбордук Орусияда дыйкандардын мыкты жерлери помещиктердин колунда болгон. Дыйканчылыктын помещчиктик түрү борбордук Орусиядагы эмгекчи дыйкандарды кысып чыгарган. Буга дыйкандар нааразы болуп козголоңдорду чыгарышкан.

Падыша өкмөтүнүн көздөгөн экинчи максаты: Түркстан кырайындагы абдан көп жер байлыктарын ошол кездеги капиталисттик өнөр жайлары үчүн пахта жана башка техника өсүмдүктөрдүн базасын түзүүгө пайдалануу болгон.

Үчүнчү максат: кийинчерээк сүйөнүүгө мүмкүн болгон помещик кулак чарбаларын түзүү жолдору менен Түркстанда оторчулук саясатын жүргүзүү, оторчулук майдандарын чыңоо болгон.

Күчтүү оторчулук саясатын жүргүзүүдө падыша өкүмөтү ушул үч максатты көздөгөн. Бул пикирди кубаттоо үчүн мен ошо кездеги бир өкүмөт документин окуп бермекчимин. 1910-жылда Мамлекет Кеңешинин (Думасынын) жыйналыштарынын биринде, анын атактуу мүчөсү болуп эсептелген, келгиндердин саясаты жөнүндө төмөнкү пикирин айткан. Ал “менин пикиримче, орустарды көчүрүүдө үч максат бар. Биринчи максат – борбордук Орусияда жер аз болгондуктан, чыңалуу мүмкүн болбогон дыйкандарга Сибирдеги бош жана бай жерлерге олтурууга мүмкүндүк берүү дейт (Түркстанга да ошондой деп карашкан – Б.Ы.). Көчүрүү аркалуу элди суюлтуу деген көз карашы менен кароонун бир аз гана жери чын. Эгерде Орусияда жыл сайын артып турган элдин саны 2 500.000 киши болгондо, жыл сайын көчүрүлгөндө 700-800 миң киши көчүрүлсө, элди суюлтуу максаты көздөлөт деп айтууга болобу?

Экинчи максат – Сибирде болуп мамлекеттин колуна өткөн абдан көп бай жерлерден пайдалануу (демек, Түркстандын жерлеринен да пайдалануу – Б.Ы.).

Үчүнчү жана эң керектүү максат: “четтеги бай жерлерди Орусияга бекитип коюу. Элдин күн чыгыштан күн батышка көчүүсү табигый иштерден болгон. Тоскоолдуктар аз болгон сайын күнбатышка эл абдан көп көчкөн. Ошондуктан өкүмөттүн мүдөөсү кимге жакын болсо, ал биздин сары жүздүү коңшуларыбыз күнбатышка көчпөсү үчүн жакын жана ыраак күн чыгышта тоскоолдук курууга аракет кылуу керек. Мамлекеттин мүдөөсү кымбат болгон кишилер элдин кемиши үчүн эмес, ыраак жана жакын күн чыгышка мыкты чарбаларды түзүүгө аракет кылууга тийиш” дейт.

Мына жолдоштор, ошол кезде элди көчүрүү жөнүнөн мамлекеттин туткан саясатын ачык мүнөздөөгө өкмөт документтеринин бирөө ушул. Ушул максат менен оторлоштуруу саясаты күчтүү жүргүзүлгөн. Ошондуктан падыша өкүмөтү ошол кезде каражаттарды жана күчтү аябастан өтө зарыл болгон чаралардын баарын көрдү. Түркстанга эл көчүрүүчү атайы башкарма түзүлдү. Бул башкарма кымбат турганына карабастан, кандай кылып болсо да бүткүл Түркстанда жана Кыргызстанда анын тармактары түзүлдү.

Келгин чарбаларга жер кесип бергенде падыша өкүмөтү кандай саясатты колдонгон? 1869-жылы Түркстан генерал губернаторлору тарабынан келгин чарбанын жан башына 30 тешеден жер алган чарба, адам күчүнөн пайдалануучу кулак чарбасына бат эле айланып кетиши кыйын. Мындан башка дагы ошол кездери келгин чарбаларга мамлекет тарабынан абдан чоң жардам берилген. Мисалы: келгин чарбалар 15 жылга дейре салыктан бошотулган. Аларга чарбасын куруу үчүн карыздар берилген жана башка бир топ чаралар көрүлгөн.

Кыргызстандын турмушунан төмөнкү ачык учурду алалы. Ошол кездеги Пржевальск уездинде баштагы Каракол кантонунда, Ысык-Көлдүн боюнда келгин чарбадагы ар бир эркек киши башына 9,2 теше, мунун ичинен 8,5 теше айдоо жер туура келген. Пишпек уездинде бул кездеги Чүй өрөөнүндө ар бир эркек жан башына 6 теше айдоо жер жана 8 теше жалпы жер туура келген.

Ошол кезде жер жагынан жергиликтүү элдин абалы кандай экендигин буга теңештирип  көрөлү. Ошол кезди мүнөздөгөн мамлекет документтеринен бирөөнү айтып берейин. Бул убакта Чүй өрөөнүнө жана Каракол кантонуна жер маселелери боюнча келген бир чиновник төмөнкүлөрдү көрсөтөт: Келгин казак-орустарга түтүн башына 6,1 теше айдоо жер, келгин дыйкандарга 9,9 теше айдоого жарамдуу жер, таранчылар менен дунгандарга 3,8 теше жана кыргыздарга 1,4 теше жер туура келген. Мал жайыттарынан келгин казак-орустарга 8,8 теше, дыйкандарга 17,9 теше, таранчы менен дунгандарга 4,1 теше жана кыргыздарга 12,4 теше жер туура келген.

Мына жолдоштор, жер байлыгын пайдалануу жана аларды улут түрүнө карай бөлүүдө ушундай иштер болгон. Жердин мыктысы жана көбүрөөгү орус келгиндерине тийип, жергиликтүү эл жердин начарына куулуп жана аларга келгин чарбага берилген жерге караганда эң аз тийип турган. Жергиликтүү эл көбүнчө дыйканчылык кылууга жараган жерлери жок жана турактуу мал чарбачылыгын жүргүзүү мүмкүн болбогон тоолорду көздөй куула берген.

Негизги жер маселеси ушул, бирок андан башка дагы жандама маселе бар, ал да болсо аренда мамилелери жөнүндө. Ал кездерде аренда мамилелери абдан күч алган болучу. Анын үстүнө көбүнчө арендага алуучулар да ошол келгин чарбалар эле. Алар жерди көп алса дагы ага тойбостон жана жерди арендага алгандыктары эң кызык. Мунун себеби эмнеде? Мунун биринчи себеби, кыргыздарда көбүнчө буурсун менен иштетүү мүмкүн болбогон дың жерлер калды. Аларда соко жана ушул сыяктуу күчтүү жер куралдары жок эле. Чындыгында дың жер түшүмдү көп берет. Келгиндерди арендага жер алууга түрткөн негизги себептин бири ушул.

Экинчиси, ал кездерде жерди арендага уруу аксакалдары же бай-манаптар берип турушчу. Ал кезде жардылар өз участкаларына кожоюндук кыла алышкан эмес, муну жакшы билесиңер. Жардылардын жери бай-манап, уруу аксакалдарынын колунда болчу, алар жерди сатып, анысы аз келгенсип акчасын да өздөрү алып турушчу. Ушуга гана колдонуп бай-манаптар жердин аз экендигине карабастан эң арзан баа менен жардылардын жерин арендага бере берген.

Мындан башка ал кезде аренда маселеси мындайча чечилүүчү: жерди арендага коом атынан же айыл кыштактын “жакшысы” атынан түзүлгөн бүтүм боюнча берилчү: падыша өкмөтү үчүн бул “жакшылар” бай жана манап элементтери болгондуктан алар сүйлөшүүлөрдү түзүп, жерди 30-35 жылга арендага алууга эмне үчүн кызыккан? Алардын кызыккандыгынын себеби, жогоруда айтылган мөөнөттөн кийин жердин кайтарылып берилбегендиги анык.

Мына бул учурлар аренда мамилелерин өөрчүтүүгө кызмат кылышкан. Ал кезде орустар эки жол менен көчүшкөн: биринчиси – пландуу жол менен. Мында дыйкандар мамлекеттин жардамы менен көчкөн. Экинчиден, өз ыктыяры менен көчүү. Мында келген дыйкандарга мыкты жана көп жер берилгендиктен борбордук Орусиядагы жерсиз жана аз жердүү дыйкандар бул жакка көчүүгө аракет кылышкан. Ошондуктан мында өз ыктыярлары менен келүүчүлөр көп болгон.

Кыргызстан үчүн мүнөздүү болгон кичине гана мисал. Баштагы Пишпек уездинин багыш болушунда (бул кездеги Ак-Суу районунда) Петровка деген кыштак бар. Бул кыштакты жерин кыргыздардан өз эрки менен көчүп келген келгиндер тартып алышкан. Алар кыргыздарды кысуу менен катар, эскиден көчүп келген орустарды да кыса башташкан. Буга кыргыздар жана орустар нааразы болуп уезд начальнигине, жер башкармасына арыз беришкен. Бул маселени чечүү 10 жылга дейре барып, иш Түркстан генерал губернаторлугуна жеткен. Бул 10 жылдын ичинде жаңы келгиндер келе бергендиктен, чарбалардын саны бир далай көбөйөт. Кыргыздар узак күрөшкөн соң, тартып алынган жерлерин кайтарып берүү жөнүндө уезд начендеги буйрук чыгарган. Бирок жерди кыргыздарга кайтарып берүү жөнүндөгү буйрукту орундатуу мезгили келгенде “Өз ыктыярлары менен орношкон Орустар жайыттарында кала беришсин” деп Түркстан генерал губернаторунан буйрук келет.

Мындай учурлар абдан көп болгон. Бул учур өз ыктыяры менен келүү кандайча өөрчүгөндүгүн мүнөздөйт.

Мындан башка дагы жерди оторлоштуруу алыштардын баштарын алуу жолу менен жүргүзүлөт. Мындай болгондо алыштын ылдый жагындагы жерлерге суу жетпегендиктен, кыргыздар аларды көп убакытта бошотуп кете беришкен.

Буга төмөнкү учурду мисал кылып алалы. Бул кездеги Аламүдүн районунда Байтик деген жер бар. Бул жер суунун башында болгондуктан Байтик Павловка деген кыштак орногон. Мында келгиндер өз ыктыярлары менен зордук кылып келип, суунун башын колдоруна алышкан. Ылдый олтурган кыргыздарга алар бир нече жыл боюнча суу бербей койгондуктан, аягында барып кыргыздар жерлерин амал жоктон бошотуп беришкен. Мындай мисалдар толуп жатат.

Ошентип жерди зордук менен тартып алуу – мыкты жерлерди, суунун башын алуу жолдору менен жүргүзүлгөн. Чөп чабындыларды жана мыкты мал жайыттарын тартып алуу учурлары да болгон. Бул аз келгенсип, кыргыздарга малдарын мал айдап өтө турган жолдордон айдап өтүү тыйылган. Малын айдап өткөнү үчүн белгилүү акы алынган. Мына ушинтип бул жерде оторлоштуруу ар жактан жүргүзүлгөндүгүн көрөбүз.

Түркстанда өнөр жайлары жок богондуктан, крайдагы эл чарбасынын жалгыз жана негизги тармагы айыл чарбасы болучу. Элдин бүткүл оокаты дыйканчылыкка, демек жерге байланышкан эле. Ошондуктан жергиликтүү эмгекчил элдин жерин эч бир акы бербестен тартып алынышы, эмгекчил дыйкандардын колунан бардык оокатын тартып алгандык болот.

Мындай болуп олтургандыктан, 1916-жылдагы козголоңдун дагы кайсы себептерин издөө керек? Жер маселеси жөнүндө жергидиктүү байлар менен манаптардын кылыктарынан бир топ мисал келтирүүгө болот. Ал кезде жерди жардылар менен орто чарбалар ээлебестен байлар, манаптар жана жергиликтүү “улуктар” ээлегендигин жогоруда айтып кеттим эле. Мыкты жерлерди тилеген убакытта сатууга жана арендага берүү алардын колунан келген. Мындан башка дагы алар келгиндер албай калган жакшы жана мыкты жерлерди өздөрүндө калтыруу саясатын жүргүзүшкөн. Буга мисал: Баштагы Пишпек уездинде, эмки Аламүдүн районунда Таштөбө деген кыштак бар. Мында Байтик деген атактуу манап турган. Кыргыздар жана бул жакта узак турган орустар аны жакшы билишет. Бул Байтик деп алыш үйүнөн тартып жогорку Аларчага дейре болгон жерди өзүнүн энчилүү, мүлкү деп жарыялаган. Ошол өзөндөгү жерлердин баары Байтикке карагандыктан, бул жерге эмгекчил кыргыз болсун, эмгекчил орус болсун кирүү турмак, ал жер аркалуу малын айдап өтө албаган. Ал жерде кыргоолдор көп болгон. Бир жарды кыргыз ошол жерден бир кыргоолду кармап үйүнө алып кеткенин Байтик билген соң, бул кыргызга айып салып, тогуз карасын тартып алган.

Экинчи мисал: Кочкордо Көбөгөн ажы деген атактуу манап болгон. Бул ишти мен өз көзүм менен көргөмүн. Кочкор суусунун боюндагы эң мыкты жерлер 12-15 чакырымга дейре анын жери болучу. Бул жерлерде уруксаатсыз куш кармоого да эч кимдин акысы болбогон. Шабдан деген экинчи бир атактуу манап Чүй өзөнүндө туруучу. Ал Каракол жакка барганында Балыкчы станциясынын Тору-Айгыр станциясына дейре болгон Ысык-Көлдүн боюн көрүп (бул жерлер аңчылык үчүн эң мыкты жерлер) өзүнүн энчилүү жери деп жарыялаган. Мында анын балдарынан башка эч ким аңчылык кыла албаган.

Аз жердүү орус дыйкандарды борбордук Орусиядан күнчыгышка, көбүнчө Түркстанга көчүрүп орноштуруу көз карашы менен караганда, жер маселесиндеги саясатты туура жүргүзгөнбү? Бул саясат шексиз, туура жүргүзүлгөн эмес. Мунун туура болбогондугунун негизги себеби, жерден капиталисттик системасында пайдалануу болот. Бул система дыйкан чарбаларынын жерлерин тартып алып, аларды жерсиз калтырат. Алардан алынган жерлер болсо киши күчүнөн пайдалануу жолдору менен иштелет. Владимир Ильич бул учурду төмөнкүчө мүнөздөгөн: “Кауфман мырзанын бул туура пикирлеринин ичинде кандай да болсо абдан маңыздуу бир жаңылыштык бар. Кауфман мырза төмөнкүчө ойлойт: Келгиндер мындайча тандалып жиберилип, алардын турмуш даражалары ушул түрдө алардын маданияты ушул даражада болгондо, орус дыйкандарын көчүрүү аркылуу аларды канааттандырууга жер албетте жетишпейт. Ошондуктан ал мырза кадеттердин дыйканчылык программасын жактап, Европалык Орусиядагы жай кишилер пайдаланган жерлерди зордук менен сатып алуу өтө зарыл” дейт. Жолдош Ленин болсо жер саясатын туура чечүү үчүн жерден жай кишилердин жана помещиктердин пайдалануу формасын жоюу керек. Мында болсо жалаң дыйкандарды көчүрүү менен гана маселени чечүү мүмкүн эмес дейт.

Алар бул жерде орус помещик жерлеринин кулдуктар мүнөзүндө болушуна каршы салмак салбастан, таптарды тынчытуу помещиктин кыйналбай гана мужукту канааттандыруу мүмкүндүгүнө бир ооз сөз менен айтканда, жалган “социалдык тынчтыктын мүмкүндүгүнө салыш” дейт.

Андан кийин Владимир Ильич мындай деп жазат: “Бул биздеги үнөмчүлөрдүн кадимки либералчы пикирлери. Ал төмөнкү корутунду чыгарылгандай кылып түзүлөт: элди көчүрүүгө ылайыктуу жерлер жетиштүү болсо, помещиктердин жерлерине тийбесе да туура келмек. Жакшылык тилеген болуп көрүнгүсү келген чиновниктин көз карашы сиңген кадет мырзалар да жана алар өңдүү саясат ээлерине таптын үстүндө туруу, тап күрөшүнөн өйдө чыгып кетүү деген бар. Алардын айтууларына караганда, крепостнойчулукту, ал курулуш киши күчүнөн пайдалануу болгон үчүн жана миллиондогон жергиликтүү элдин көпчүлүгүн эзип, алардын өндүрүш күчтөрүнүн өөрчүшүнө тоскоолдук кылган үчүн эмес, миллиондогон дыйкандарды Сибирге же Түркстанга жиберүү мүмкүн болбогондуктан жоготуу керек болуп чыгат”.

“Түркстандагы жана Орусиянын башка жерлериндеги миллиондогон теше жерлери суу чыгарууну гана” күтүшпөйт. Алар орустардын дыйкандары крепостной калдыктарынан, ак сөөктөрдүн зулумдугунан кутулууну да күтүшөт.

Владимир Ильич дыйканчылык маселеси жөнүндө бул сөздөрдү ачык жана туура айткан. Бул саясаты менен падыша өкүмөтү борбордук Орусиядагы агрардык маселени чече алган жок. Тетирисинче, Түркстандагы дыйкандардын кыймылын күчөтүп жиберди.

Түркстандагы элдин падыша өкмөтүнө 1916-жылга дейре нааразы экендигин мүнөздөгөн бир мисалды көрсөтмөкчүмүн. XIX-кылымдагы кыймыл төмөнкүчө мүнөздөлөт. 1885-жылда Ферганада козголоң чыгарды. 1897-жылы Ташкенде чоң козголоң чыкты. Мындан башка дагы уюмдаштырылган элдин баш көтөрүүлөрү 1900-жылда 75, 1905-жылы 235, 1910-жылда 75-334 жана 1915-жылда 372 мертебе болгон. 1901-жылдан 1915-жылга дейре шаардагы элдер дагы бир нечен жолу баш көтөргөн. Падышанын башкаруучулары менен шаар эли ортосунда 87 мертебе кагылыш болгон. Бул кагылыштардын натыйжасында падыша башкаруучулары тарабынан 38и өлтүрүлгөн жана 47 киши жарадар болгон. Бул кагылыштарда кедейлер да курман болбой койгон эмес. Бирок падышанын чиновниктери кедейлер тарабынан өлгөндөрдү жазуунун кереги жок деп эсептеген.

 

 

 

КӨТӨРҮЛҮШТҮН МҮНӨЗҮ

Оторлоштуруу саясатынын экинчиси болгон налог маселесин алалы. Падыша өкмөтүнүн налог саясатында тап катарына бөлүү, тап максаты, жалчылар менен жардыларга жеңилдик берүү деген болбогондугун билесиңер. Ал кезде чөп ооз (земиской – земской, налог) деген налог болгон. Чөп ооз ар бир үйдөн, ар бир түтүндөн бай, орто жана жарды болгонуна карабастан баарынан тең алынган. Кийинки убакыттарда уруш ж.б. налогдор көбөйгөн.  Бирок алар дагы элге теңме-тең кылып салынган. Налогдордун кордугу кедейлерге жана ортолорго түшкөн.

Мындан башка дагы налог малдын туягына салынган. Ал кезде байлардын мүдөөсүн көздөгөн болуштар, старчындар, жүзбашчылар жана онбашчылар эмне кылчу? Малдын тизмеси түзүлгөндө алар 10-15 кою бар кедейлердин 200-300 кою бар деп, 500-1000 кою бар байлардын 30-40 кою бар деп жазып коюшчу. Алардын бул кылыктарын мен өз көзүм менен көргөнмүн.

Мына чиновниктер, болуштар жана старчындар ушундай жыртычтык кылышкан. Анан бул кызмттары үчүн абдан көп пара жешкен. Алардын калптарынын зыяны кедейлердин мойнуна түшкөн.

Манаптарга, “жакшыларга”, болушка, старчынга жана башкаларга берүү үчүн элге чыгым салынган. Болуш мамлекет иши менен шаарга барганда көп чыгым кылчу. Анын бул чыгымы элге, көбүнчө кедейлерге чачылып кайта чогултулчу эле.

Ал кезде пара алуу адат болуп кеткен эле. Элден параны көп жеген болуштар менен манаптар анык “улук” болуп эсептелүүчү. Параны аз алгандарга жаман көз караш менен карашчу. Ошондуктан падыша өкмөтүнүн жана жергиликтүү улут байларынын эч бир чеги болбогон зулум эзүүсү жарды, ортолор көпчүлүгүнө өз башына чарба куруу мүмкүндүгүн жоюп, аларды батракташууга, дыйканчылыктан ажыратууга бет алууга кенен жол ачып беришкен.

1916-жылдагы козголоң чыгуунун алдында орто дыйкандар жардыларга, жардылар жалчыларга айланып кетиши күчтүү сүрөттө жүрүп турду. Оторлоштуруу саясатынын өөрчүшү, оторлор менен жардылардын күчүнөн жергиликтүү улут байларынын пайдаланышы, мына ушул жолдор менен барган.

Мамлекеттик жардам көп берилген келгиндердин чарбалары, жалчылардын арзан эмгеги аркасында белгилүү бир бөлүгүндө, абдан ылдам кулак чарбасына айлантып кетишкен. Демек, күнчыгышта, Түркстан менен Жети-Сууда падыша өкмөтү үчүн сүйөнүү боло ала турган чың кулак чарбаларын куруу жөнүндө падыша өкмөтү алдыга койгон милдеттер турмушка ашырылган.

Бул учурду мүнөздөгөн цифралар төмөнкүлөр: Келгиндердин чарбаларын орто эсеп менен алганда 50 пайыздын да ашыгы менен алганда, 90 пайызында дайым иштөөчү 1-3 батрактар, 3-15 мезгилдүү жумушчулар болгон. Мына, жолдоштор, бул чарбалардын эмгек кылбастан киши күчүнөн гана пайдалануучу чарбага айланып кетиши ушул жол менен болгон. Мындан атактуу Жети-Суудагы кулактар келип чыккан.

 

СОТ БАШКАРУУ КЫСЫМЧЫЛЫГЫНЫН ООРДУГУ

Соттор менен башкаруучуларды алалы. Жардылардын арыздарын текшергенде, аларды сот жанына жолотчу эмес. Аларга падыша өкмөтү тарабынан болсун, жергиликтүү интеллигенттер тарабынан болсун – такыр көз салынуучу эмес.

Жолдоштор, мен камакка алынган бир кыргыздын катындагы бир сүйлөм сөздү айта кетейин (бул кат ошол кыргыздын жанынан камакка алгандан кийин табылган). Ал төмөнкүлөрдү жазат:

“Арыз берер жер жок, себеби, ал арыздар каралбайт. Кыргыздардын арызына кулак салуу деген жок. Ал аз келгенсип аксакалдар, болуштук айыл ыстарчыны жана эл Соту боломун деп ал орундарды Орус өкмөтү тарабынан дайындалган өкмөтчүлөрдүн катышуусу астындагы чогулуштарда талашуудан башканы билишпейт. Бул орун тандоо талашы наадан аксакалдар жол башчылык кылып жаткан Кыргыз элинин бардык оюн, жанын жана турмушун бүт жутуп отурат. Ошондуктан улут жөнүндөгү жер жана толуп жаткан башка маселелер алардын оюна кирбейт. Кыргыздын бай адамдары – “аксакалдар” жалпы кыргыз элинин тилегин унуткан. Алар адегенде 1868-жылдын 21-октябрында чыккан убактылуу жобо боюнча, анан 1891-жылы 25-марттагы Талаа жобосу боюнча келип чыккан орундар жөнүндөгү маселе менен гана убара, муну жакшы билип койгон. Шайлоолорду бекитүү укугу мыйзам боюнча начендиктерине жана губернаторлорго берилгендиктен, кыргыздар ортосунда тыңчылык, бири-бирин жамандоо жана жакын кыуулук абдан күч алып кеткен. Өз камын гана жеш аксакалдардын эң биринчи иши болду. Алар үчүн эч кандай коомдук иш, эч кандай коомдук тилек жок. Бирок да жерлерибиз кеткенден кетип жатат, аксакалдар болсо эки жүздүүлүк кылып өз жерлерин талагандарды мактап, ал гана эмес, ал жерди коргоого тырышкандарды каралашат. Начендиктерге каршы чыккандар алардын оюнча акмактар болуп олтурат”.

Ал кездеги дыйкандын кыргыздын абалы тууралуу пикири ушул. Мындан кыргыз жардыларынын ал кездерде бардык жагынан падыша өкмөтүнүн эзүү кордуктарын гана эмес, жергиликтүү эзүүчүлөрдүн да кордугун башынан өткөрүп тургандыгы апачык көрүнүп турат.

 

ИМПЕРИАЛЧЫЛАР УРУШУНУН ТААСИРИ ЖАНА ТЫЛ КЫЗМАТЫНА АЛУУ

1916-жылда козголоң чыгуунун ачык себеби – империалчылар урушунун оордугу болуп эсептелет. Уруштун үчүнчү жылында падышалык Орусия саясат жана үнөм жагынан бир канчалык бошогондугун билесиңер. Уруш налогдору жана башка чыгымдар көбөйгөн. Мыкты жылкыларды, жол кире каражаттарын (төөлөрдү) мобилизациялоо жана тартып алуу жүргүзүлгөн. Уруш кереги үчүн элден кийиздер, каптар, аркандар жана башкалар алынган. Бул иштер деле кыргыз эмгекчилеринин нааразычылыктарын күчөтүп жиберген. Мындан башка дагы козголоң чыгууга негизги себептер болгон бир учур – тыл жумуштарына жумушчуларды алуу болду. Империалчылар урушунда үч жыл удаасы менен урушуп келген падыша өкмөтү шексиз бошоп калгандыктан, аскердин күчүн көбөйтүү үчүн бир топ чараларды көрүү талап кылынган. Ал кезде аскердин бир далайы тыл жумуштары менен алек болгон. Мисалы, уруш имараттарын куруу, окопторду казуу, жол кире жумуштары жана башкалар. Кыскасын айтканда, бул жумуштарда жүргөн аскерлерди алып урушка жиберүү үчүн жумушчулар күчү керек болгон. Падыша өкмөтү аскер жетишпегендикти сезген соң, Түркстан крайындагы жергиликтүү элден пайдаланууну ойлогон. Бул максат менен падыша өкмөтүнүн уруш министрлиги Түркстан крайындагы жергиликтүү элдин 19 жаштан тартып 43 жашка дейре болгон эркектердин кара жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө 1916-жылы 25-июнда буйрук чыгарган.

Бул жерде  падыша өкмөтү Кыргыз гана эмес, жалпы Түркстан элине берген убадасындагы бир учурда унуткан.

“Ак падыша” Түркстан элин жеңип чыкканда силер аскер ишине алынбайсыңар, мобилизация уруш налогу менен алмаштырылат” – деп убада бергенин карыялар эмдигиче унутушпайт.

Буга карабастан приказ берилип, 28-июнда бул приказ телеграмма менен Түркстандын генерал губернатору 8-июлда Түркстан крайына өзүнүн приказын берет.

Бул Түркстан крайына берилген приказда 19дан 31 жашка чейинкилерди мобилизациялоо тууралуу жазат. Бул жаштагылардын биринчи гана жолу алынууга белгиленип, андан кийин 43 жашка чейинкилерди мобилизациялоо делген. Ушинтип Түркстан крайына 220 миң жумушчуга, мындан Жети-Суу облусунун 43 миң жакын жумушчуга жакын тийген.

Падыша өкмөтүнүн буйругу жергиликтүү байлардын тап мүдөөсүн абдан эске алынып түзүлгөн болучу.

Бул жумушчу күчтөрү кимдерден түзүлүп, бул адамдарды тап жагынан алуу кандай болуу керек эле? Мен силерге ачык болсун үчүн ошондогу бир генерал губернаторунун документин окуп берейин. Жумушчуларды алуу үчүн жарыяланган нускоосунда ал төмөнкүлөрдү сүйлөйт. Бошотулууга тийиштүүлөр:

  1. Болуштук айылдык башкаруучулар жана кызматтагы адамдар.
  2. Жергиликтүү элден чыккан кичи полиция.
  3. Ыймам, молдо жана муаристтер.
  4. Чоң кызматтагы жергиликтүүлөр, демек, ак сөөк укугундагы табигый кадырлуу адамдар жана өзүнчө ардактуулукту сактаган манап, аксакал жана башкалары.
  5. Текен полкундагы (Түркмөндөргө айтат) ар бир кызматта турган же башка уруш бөлүмүндөгү жергиликтүүлөрдүн ага-инилери жана балдарынын эркектеринен 3 киши эл кызматына наряд берүүдөн куткарылат.
  6. Жергиликтүү элден тыл кызматына белгиленгендер өзү ордуна жумушчу жалдап алмак болсо, жергиликтүү элинен гана жалдоого акысы бар. Ал дагы орус падышасына караган элден болууга тийиш.

Мына жарыяланган буйруктун тап жагынан көз карашы ушундай болгон. Бул жерде бул ишке ким кетүү керек экендиги өзүнөн өзү ачык. Албетте, сөзсүз жалчы, жарды жана ортолор болууга тийиш. Дүнүйөсү көп жана өйдө жакта атын санап өткөн бошотулган бөлөк адамдар болсо, өзүнүн балдарын бошотуп калуу үчүн адамды сатып алууга кубаты жеткен.

Жумушчу алганда ушул өңдүү болуп чыкты. Буга биз өзүбүз күбөбүз. Ошентип тизме түзгөн убакта ага дагы бай, манап же болуштук ыстарчындар кирбестен, жалаң гана кедей, батырактар кирип, кокусунан дүнүйөлүүлөрдүн баласы же туугандары кирип калса, алар кедей батырактарды сатып алып, аны жумушчулар эсебине санап жибере берген.

Демек, биринчиден, өйдө жактагы биз айткан тарыхы – социал үнөмдүк шарттары негизги себеп болуп, экинчиден, жумушчуларды тупадан туура тыл жумушуна алуунун саясый ыңгайы 1916-жылдагы көтөрүлүшкө түрткү болду деп жыйынтык чыгарууга болот. Көтөрүлүштүн алдындагы элдин кыял-жоруктарын мындай деп мүнөздөөгө болот. Негизги кедей орто дыйкандар көпчүлүгү нааразылык туудуруп, “биз бул жумушка барбайбыз. Андан көрө ушул жерде өлөбүз же ушул алууга себепчи болгондор менен урушабыз” деп ачык арызданышкан.

Жашы чакырылууга туура келип калган жаштар топтошуп алышып, каршылык көрсөтүүгө даярданышкан. Тизмелерди өкмөт орундарына эч бир бербөө керек деген кыялдар болгон.

Кээ бир убактарда жергиликтүү башкаруучулардан болуштук башкаруучулар, старчындар четинен тизме түзүп, өкүм чыгарып, өкмөт орундарына бергени дагы болду.

Бул окуялардын бетин ачкандан кийин, кедейлер биринчи иретте жергиликтүү падыша куйруктарына каршы чабуул коюу методун колдонушту. Жазып бербесин деп айылдык башкаруучулардын мөөрлөрүн алып койгон күндөрү болгон. Буга карабастан алар кээ бир убактарда жашырып, билгизбестен өкүм (приговор) кылып бере берген.

Бул жерде кедей, батырак, ортолор алууга каршы келишсе да, тыл жумушуна берүү арасында саясый чарба позицияларын чыңап, паракордукту өтө өстүрүп байычу болуштар жана жергиликтүү улуктар киши берүүгө да макул болушкан.

Кыргыздын кедей батырактарын мындайча пайдалануу аларга эчтеке эмес эле. Мына ушундан бул маселенин таптык маңызы көтөрүлүштүн келип чыгышын белгилеп, үйрөнүүдөгү таптык көз караш маселе чыгат.

 

КОРУТУНДУ

Демек, мында айтылып өткөн маселелер жөнүндө төмөнкүдөй корутунду чыгарууга болот. Биринчи корутундуну мындай деп түшүнүүгө болот: Байлар өкмөтүнүн оторчу саясаты аркасында 1916-жылдагы көтөрүлүштүн алдына четтен көчүп келген кулактар жер-суунун жакшысын тартып алуу жолу мнен киши күчүнөн пайдалануу мүмкүндүгү өскөнүн көрөбүз.

Экинчи корутунду: жергиликтүү батырак жана орус кедейлеринин күчүнөн пайдалануу аркасында көчүп келген кулак чарбаларын капитализмге бет алышынын чыңалышы болот.

Үчүнчү, улут-байлар, бай-манаптары падыша өкмөтүнүн чын жөлөктүгү менен өздөрүнүн аксакалдык феодалдык байланыштарын, жергиликтүү кедей батырактын күчүнөн пайдалануу ишин чыңаган.

Төртүнчү корутунду, жогорудагы айтылгандарга карата мындай деп жыйынтыктоого болот. Орустун көчүп келген кулактарынын жогорку катмарларынын жана жергиликтүү улут байларынын саясый-үнөмүн киши күчүнөн прайдалануу күчүн чыңады  (булар Түркстан жана Жети-Суу облусунун бардык элине караганда эң азчылык болучу). Ошентип падыша өкмөтүнүн жардамы менен эмгекчилердин көпчүлүгү ыксыз эзилген. Эң акыркы – бешинчи корутунду: ошол убактагы элдин көпчүлүгү болгон жергиликтүү кедей, батырак, ортолордун кедейлениши болот. Бул алардын нааразычылыктарын күчөттү. Мына жолдоштор, саясый корутунду ушундай болуп чыгат. Демек, бир жактан элдин күчүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү өсүп чыңалса, экинчи жактан кең көпчүлүк болуп эсептелген жергиликтүү кедей батырактардын маданий турмуш жана үнөмдүк камсыздыгы тууралуу коркунучтуу сүрөттө төмөндөгүнү көрөбүз. Ушуга карата эң туура жалпы корутунду чыгарууга болот. Кыргыз эмгекчи дыйкандардын негизги көпчүлүгү ушул өңдүү саясаттар аркасында жер-сууларынан ажырап калгандыктан, дыйканчылык чарбасын жүргүзүүгө мүмкүндүк болбогондуктан тоолуу аймактарга сүрүлүп, мал чарбасын жүргүзүүгө бет алышкан. Бирок алар ал жерде дагы туруктуу мал чарбасын жүргүзө алышкан эмес, неге дегенде тоодо малга тоют даярдоого мүмкүндүк жок болчу. Мына ошентип, кыргыздардын малдары жутка учурап тоютсуз калган.

Ошондуктан малдын кыргынга учурашы, мал чарбанын туруксуздугу келип чыгат. Жана үнөм жагынан алсыз чарбалар пайда болот. Буларды биз азыр социалдык жол менен кайра куруп олтурабыз.

Мына ушул өңдүү артта калган жөпжөнөкөй түрлүү кээ бир жагынан жарым тубаса түрдөгү мал чарбасы, падыша өкмөтүнүн оторчул саясатынын натыйжасында биздин азыркы Кыргызстаныбызда да бар.

Ушул шарттардын жыйынтыгы 1916-жылдагы көтөрүлүштүн себеби болду. Көтөрүлүштүн себеби – Кыргыздарды тыл жумушуна айдагандан гана келип чыкты деп түшүндүрүүгө жарабайт.

Бул киши алуу жалаң гана тупадан туура саясый себеп болуп, мен силерге айтып өткөн тарых – үнөмдүк жагынан болгон себептерге түрткү берди.

 

КӨТӨРҮЛҮШТҮН МҮНӨЗҮ ЖАНА АНЫН АРАКЕТКЕ КЕЛТИРҮҮЧҮ КҮЧҮ

Ушуларга байланыштырып көтөрүлүштүн аракетке келтирүүчү күчү эмне болгонун белгилеп өтүүгө болот. Сөзсүз 1916-жылдагы көтөрүлүштүн аракетке келтирүүчү күчү кедей, батырак ортолор, кыргыз дыйкандар көпчүлүгү болду. Көтөрүлүштө чабуул коюу, урушуп жеңүү жактарындагы бүтүн кыйынчылыктар алардын моюндарына түштү.

 

КӨТӨРҮЛҮШТҮН  МҮНӨЗҮ

Көтөрүлүштүн мүнөзү негизинде улут азаттыгы түрүндө болду. Көтөрүлүш өзүнүн токмогун падыша өкмөтүнүн башкаруучуларын жана участкалык начендиктердин мекемелерин талкалоого, бул участкалык начендиктерине, полномочиелерине, көчүрүү башкармасына, почта-телеграмма конторлоруна жана почта-телеграмма чиновниктерине чабуул коюуга бет алдырган ж.б. Негизги от ушул бөлүмдөргө чогултулган, мындан башка орус кулак чарбаларына жаңы көчүп келген орус баселкелерине чабуул коюу болгон. “Өзгөрүштүн негизги аракетке келтирүүчү күчү, Орусия империализми жана жергиликтүү эзүүчү таптын эзүүсү астында болгон Орто Азиянын мал чарбасы жана дыйкандар көпчүлүгү, шаардагы жергиликтүү элдин пролетар элементтери болгон.

Алар биринчи кезекте дүнүйө урушунун тыл жумушуна айдаган падыша өкмөтүнө каршы турушкан. Алар өкүмөттүн оторчул саясатын жана анын зыяндуу калдыктарын жоюу максаты менен оторчулук эң кең өскөн райондордо (Кыргызстанда) көтөрүлгөндөр орус поселкаларындагы кулактар жана алдууларга өздөрүнүн токмокторун урушкан (б к-нин Орто Азия бүйрөсүнүн тезисинде). Көтөрүлүштүн өзүнүн негизги мүнөзү мына ушунда.

Бул козголоңдо бай-манап элементтери жана жашап турган байлар партиясынын саясаты кандай болгон.

Козголоңду баштоочу жергиликтүү элдин батырак, кедей, ортолор көпчүлүгү өзү болгон. Ал убактагы эсерлер партиясынын саясаты крайды оторлоштуруп, жерди тартып алуу болду эле. Неге дегенде, Түркстанда болгон эсерлер партиясынын программасы биз айтып өткөн жерди оторлоштуруу программасына кошулган болучу.

Ж.Федоров: “Эсерлер Түркстанда дыйкандардын жер үчүн помещиктерге каршы күрөшүн, көчүп келген дыйкандардын кыргыз жери үчүн күрөшүнө айландырышты. Бул эсерлердин Түркстандагы өзүнчө өзгөрүшкө каршы иши болду” дейт.

Ошол убакта болуп келген “Кадетчилик” жана “панисламчылык” кыргыз эмгекчилерине эч кандай кереги жок болучу. Кадетчилик байлардын башка агымы сыяктуу өзүнүн байчылдык чектемесин көрсөтүп, дыйкандардын өзгөрүшчүл көтөрүлүшүнө эч кандай түрткү көрсөтө алган жок.

“Панисламизм” өзүнүн тескерисинче мүнөзү аркасында жалаң аксакалдык байланыштардын гана эски эзүүчүлүк системасын чыңоого тырышкан. Демек, бул байлар уюму дагы көтөрүлүшкө өзгөрүшчүлүк түрткү берип жардам көрсөтө албады.

Өзүнүн табигый түзүлүшү жагынан байлардын саясый агымы болгондуктан, бул эки уюм капитализм үстөмдүгүнүн штурмуна каршы көтөрүлүшкө башчылык кылып, аны жүргүзүүгө жарабады. Кыргыздын манаптарынын көбү 1916-жылкы көтөрүлүш убагында кыянатчылык саясатын жүргүзүү агенттик ролун ойноду. Азыр мен силерге бир чоң документ берем. Ушул убакытка чейин бул документ биздин басма сөзүбүздө толук басылып чыккан эмес. Ташы Кудайберген уулу басма сөздө көтөрүлүштүн анык колбашчылары Шабдан уулу жана бир катар башка манаптар болду деп ишендирди. Бул жерде ал Шабдандын балдарынын атын атады. Мен сиздерге Шабдан уулу көтөрүлүш убагында жана көтөрүлүшкө чейин кандай орун алгандыгын мүнөздөгөн документ келтирейин. Баарыга маалым Шабдандын бир баласы ошол убакта болуш болуп, болуш белгисин алган болучу.

Ал падыша өкмөтү үчүн эч канча бура тартпастан, “адалдык” менен кызмат кылып анын тапшырмасын, приказын мыктап орундайым деп берген ардактуу убадасын ордуна жеткире орундатты. Ошону менен ал көтөрүлүш убагында бир тууганын Пишпекке уезд начендикке жиберет. Ал “Кыргыз жаштары, айрыкча кедей батырактар жумушчу алууга тоскоолдук кыла ала турган нааразылык билдирип жатат” деп арызданган.

Жаштардын түрүнө караганда, алар жумушчу күчтөрүн алууга каршы турмак. Ошондуктан кысымчылык жана күч менен жумушчуларды алуу үчүн өзүнчө аскер бериңиз деген. Мына, көтөрүлүштүн алдында Шабдандын бир уулу Самүдүн ушул өңдүү жол кармаган.

Эми Шабдандын бөлөк балдарынын көрүнүштөрүнө кирели. Пишпектеги уездик начендик көтөрүлүштөн кийин генерал-губернаторго рапорт жазат. Бул рапортто мындай делген: “Көтөрүлүшчүлөрдүн калың тобу чогулганда, сарбагыш болушу Кемел Шабдан уулу ж.б. кадырлуу адамдар бул ишибиз пайдасыз деп үгүттөй баштаганда, топтогулар “дин жолунда өлүүгө баш байладык” деп кыйкырышты дейт.

Мындан бөлөк да мисалдарды келтирүүгө болот. Кээ бир кишилер  Канат Абыке уулу тоо арасында көтөрүлүүдө анык жолбашчы болду дешет. Бул дагы туура эмес.

Мына бул жерде Канат көтөрүлүшкө башчы эмес, көтөрүлүштүн кыянатчысы болгондугу тууралуу бир документ көрөлү. Бул аны кармап сурак кылганда көрсөткөнү. Ал мындай деп айткан: “7-8-августта көтөрүлүш башталды. Биз 300дөй киши уезддик башкаруучунун эшигинде болдук. Ал жерден уезд Фитинсовго (Питинсөпкө) жаштар жумушчу берүүгө макул эмес деген арызды кылдык. Уезддик начендик менен үч киши сүйлөштүк. Алар Самүдүн Шабдан уулу (сарбагыш болушу) Курман Лепес уулу (Курманкожо болушу) жана мен.

Котормону кат жүзүндөгү тилмеч Абдыкерим Сыдык уулу жасады. Уезддик начендик Фитинсов мен ишимди өткөрүп бергемин. Ошондуктан силер жаңы уезддик начальник Римшевич менен сүйлөшүүңөр керек деп жооп берди жана ал жерден өзү орундан түшкөнүнө карай Арашанга оорулар үчүн калканыч  тургузарын айтып, бизден жардам сурады. Биз ал жерде болгон бардык болуштар түтүн башына 30 тыйындан берүүнү убада кылдык. Фитинсов менен сүйлөшүп жаткан убагыбызда Римшевич чыга калды, ага биз баягы жаштардын тизмеси жана өкүм түзүүгө баш ийүүнү каалабагандыгы жөнүндөгү арызыбызды айтып, аскер чакырууну сурандык. Биз арыз кылганда Фитинсов да бар болучу.

Августтун башында 1-2-3-дө аскер чакыруу тууралуу ат алууга келген Меньшевиковго кайрылып, андан дагы сурадык.

Меньшевиков: “Мен өзүм Пишпекке барам, ошондо начальникке айтам” деп жооп берди. Биз Пишпекке келип, 7-августта арыз калтырганыбызда деле ал бар болучу. Римшевич экөө биз менен сүйлөшкөн жок. Жөн эле кайра тартып кетип калды. Бул жерден биз: бизди жумушчуларды качыруу тууралуу эмес, арашанга Фитинсовдун атында калканыч жасоого акча жардамын сурап чакырган экен деп ойлодук”.

Бул документ кыргыз манаптары көтөрүлүш убагында кандай роль ойногонун өтө ачык көрсөтөт. Демек, кыргыз бай-манаптары көтүрүлүштүн иш жүзүндөгү жол башчысы болду деп айтуу эч бир туура эмес.

Алар дыйкандар көпчүлүгү катуу кысып, тупадан туура өздөрүнө чабуул коюшпасын, элдин ортосунда манап жана туугандык баркы жоголбосун деп коркконунан кээ бир орундарда көпчүлүк менен жүрүш убактысында кыймыл башында турушту. Көтөрүлүштүн иш жүзүндөгү жолбашчысы алар боло алган эмес. Алардын ошол убакта элге саясый үнөмдүк таасири туугандык жана аксакалдык байланыштары күчтүү болуусунун аркасында гана жана көтөрүлүш убактында алардын кыянатчыл агенттик ролунун тамырын кыркуу үчүн эмгекчилер ортосунда мыкты иш жок болгондуктан гана алардын кээ бирөөлөрү кан болушту. Мөкүш Шабдан уулу, Канат Абыке уулу ж.б. кан болуп дайындалды.

Эгерде алар кармап тура албай турган тарыхы көтөрүлүшкө ачык жана көтөрүлүшкө ачык жана активдүү сүрөттө каршы чыгышса мансап жана байлыктап ажырап, катуу токмок жейт эле.

 

КӨТӨРҮЛҮШТҮ БАСУУ

Мен өзүмдүн докладымдын негизи болгон жыйынтык чыгарууга киришүүдөн мурун, көтөрүлүштү басуу жана көтөрүлүш чыгаруучулардын Кытайга качып кайта келгендиги тууралуу болгон маселеге токтолуп өтүүгө уруксат кылгыла.

Мен муну убакыттын көбү өткөндүгүнө кыскача гана айтууга тырышам.

Түркстан крайында көтөрүлүш чыккандан кийин Түркстан крайынын губернатору тарабынан көтөрүлүштү басуу үчүн эң катуу чара көрүлдү. Чоң куралдуу күчтөр чогултулгандан кийин көтөрүлүш эң катуу аеосуз түрдө басыла баштады.

Бул жерде ал чараларды көтөрүлүштүн башында бир облустун губернатору тарабынан жарыяланган кагаз мүнөздөп көрсөтө алат.

Ал мына: “Фергана облусуна артелдери менен аскер келгенин жергиликтүү элге жарыялайм. Бул аскерлер жеке менин өзүмдүн ыктыярыма келди. Жиберилген аскерлер жалаң гана баш ийбеген топторду багынтууга жетиштүү болмок турсун, ар бир айылды, шаардагы кварталдарды же бүтүн жергиликтүү элдин шаарын талкалап, жер менен теңөөгө күчү жетишет” деген. Эми жумушчуларды алуу, элдин каалоосу менен болот деп көрсөтүп келип, үндөөсүнүн аягында төмөнкүлөрдү сүйлөйт.

“Эл топтолуп чогулбасын үчүн башында мээси бар ар бир жергиликтүү адам, эл баланча жерге паландай бөлүккө чогулсун деген чакырыкты угары менен ал чакырыктын кайдан чыккандыгына көңүл бөлсүн  жана ал чакырыкты салган адамдардын атын билип алышсын. Элди чакырган бул адамдар кийин жагынан ошол топтун кылып кеткен тартипсиздиктери, зордук-зомбулуктары, жаралоо жана өлтүрүүлөрү үчүн жана куралдуу аскердин колунан кеткен адамдардын өлүү-кырылуу үчүн жооптуу болуп, эң биринчи айыптуулар катарында эсептелет.

Бара-бара тартипсиздиктер басылганда кийин уруш соттору дайындалат. Эгерде менин суроом боюнча Фергана облусу уруш абалында деп жарыя кылына турган болсо, ал убакытта коргоосуз түрдө уруш талаа соттору түзүлөт жана бардык абалдар тез текшерилгенден кийин гана күбөлөрдүн көрсөтүү боюнча топту жыюуда айыптуу экендиги билинген адамдардын баары өлүм жазасына буйрулат. Эгерде топ жыюуга чакырган адамдар табылбай, кармалбай кала турган болсо, ал убакытта тартипсиздик башталган ар бир кыштак менин буйругум боюнча жер менен тең кылынат да жери казынага алынат. Муну менен катар мен медреселерге болсун, аларга караштуу жерлерге болсун жана да жай мүлүктөргө болсун этибар кылбаймын. Дагы бир ирет айтаарым: айыптуу деп топту жыйган адамдар гана эсептелет. Эгерде ал адамдар табылбай калат экен же аларды эл өзү сотко кармабайт экен ал убакта мындан ары тартипсиздиктер болгон кыштактарды жана алардын жерлерин как ушул жогоруа айтканымдай кыламын”.

Козголоңду басуу жагынан падыша өкмөтү как ушул айтканын кылды. Куралсыз эмгекчил дыйкандарга карата падыша өкмөтү тарабынан как ушундай катуу чаралар көрүлдү.

“Пролетариаттын өзгөрүшчүл большевик партиясы ал кезде Орто Азияда айласыздан жашыруун иштөөгө бет алган болучу. Орусия пролетариатынын көпчүлүгү ал кездерде дыйкандарга жардам көрсөтүү максатында падыша өкмөтүнө каршы ачыктан ачык чыга алышкан эмес”.

“Алар ортосунда өзгөрүш кыймылынын жогорулашы көп анчалык бийик болгон эмес. Алар колдоруна курал алып, ошондон бир нече ай өткөндөн кийин гана 1917-жылдын февраль, март айларында чыга алышты. Ошондуктан оторлук дыйкандардын козголоңу пролетар жана большевиктер партиясынын жолбашчылыгы жок бойдон кала берди.

Биримдик, борборлошкон жолбашчылык кылуучу уюмсуз жатып, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып иштей албады. Саясый уюшкан пролетариат тарабынан жолбашчылык кылынбаган жана кубатталбаган Орто Азиянын эмгекчил дыйкандары гана мал чарбачылыгынын көпчүлүгүнүн өзгөрүшчүл улут боштондук кыймылы ага Орусиянын борборундагы өзгөрүш жардамга келгенче эле, падыша өкмөтү тарабынан быт-чыт кылынып бастырылды. 1917-жылдык өзгөрүш 1916-жылы козголоң өз алдына койгон милдеттерди чечти.

Өзүнүн күрөшүн жалгыз эмес, Орусия пролетариаты менен биргелешип жана большевиктер партиясынын жолбашчылыгы астында илгери карай алып жүрүп отуруп, Орто Азиянын жумушчу жана дыйкандары падышачыл өкмөттүн жана Орусия империализминин, анан бара-бара жергиликтүү эзүүчү таптардын кордуктарынан кутулуп, ошону менен Орто Азиянын Кеңеш республикасында социализмди куруу жана кеңештер союзунун улуттарынын толук түрдөгү чыныгы теңдигин орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылышты”. (Партиянын Б.Б.Комитетинин Орто Азиялык бюросунун тезистеринен).

 

КЫТАЙГА КАЧУУ

Эмгекчилер оттуу соккулардын кыйынчылыктарын (оордуктарын) көтөрө албай, Кытайга качуудан башка амал таппай калышат. Кытайга качуу эң оор болду. Малдын көбү жолдо, кардуу ашууларда, ач талааларда кала берди. Анан Кытайга келген кезде жергиликтүү башкаруучулары качкындарга карата айбанча мамиледе болуп, далай кордукту бул жердин өкмөтү көрсөттү. Качкындарды чек арадан өткөрүү үчүн же белгилүү бир жерге кое берүү үчүн гана ушул сыяктуу нерселер үчүн булар кыргыздардан эсепсиз көп пара алышты.

Ар түрдүү параларды өкүмөт орундары менен кызмат адамдары гана эмес, жергиликтүү кытай байлары да алышты. Мына ушул оордуктардын баары эмгекчил кыргыздардын ансыз дагы бүлүнгөн чарбасын андан бетер бүлүнттү.

Кытайда малга берүүгө жем-чөп жоктугунан, качкын кыргыздардын турмушу эң жаман болду. Кышкы жем-чөптүн жоктугунан малдар өлө баштады, айла кеткендиктен эң арзан баага сатыла берди, үй эмеректери – кийиз, көрпө, килем, жакшы кийимдер, идиш-аяк жана ушул сыяктуу башка нерселер да тамак-аш алуу үчүн сатыла берди.

Кытайда качкындар көпкө чыдай алышкан жок, болжолдоп айтканда бир жылга чамалаш турушту, анан 17-жылдан тартып кайта бери карай келе башташты.

Кытайдан кайтып келүүдөгү кыйынчылык кордуктары андан бетер болду, аздыр-көптүр малы барлардан башкаларыбыз жөө келүүгө, бийик ашуу жана коркунучтуу белдерден өтүүгө, алыс жолду басууга жана азык-түлүк жагынан болгон жетишсиздиктин оордугун башыбыздан өткөрүүгө туура келди. Качактардын көбү ачкачылыктын азабын тартып талааларда, белдерде, ашууларда өлүп кала беришти.

Эмгекчил кыргыздар кытайдан кайткандан кийин кандай абалда калышты? Адам чыдагыс оор шарттарда калышты. Ал кездеги убактылуу өкмөт Керенский качкындарга эч кандай жардам көрсөткөн жок. Тескерисинче, кулактардын эмгекчил кыргыздарга көрсөтүп жаткан кордуктарын колдоду. Кыргыздардан биринчи жолу сокку жеген Жети-Суу кулактары кандай да болсо кыргыздарды кырып жок кылгысы келишти. Ошол кездеги документтер, убактылуу өкмөттүн Түркстандын комитети ошол тилекти колдогондугун мүнөздөйт.

Ал кезде убактылуу өкмөттүн Түркстандын комитетинин курамына  жергиликтүү улут интеллигенттери да киргизилген болучу. Анын үстүнө алар чоңдордун тукмунан болгон интеллигенттер эле. Маселен, Мустапа Чокой уулу.

Жергиликтүү интеллигенттер кандай позицияда тургандыгын билесиңерби? Алар да убактылуу өкмөттүн саясатын колдошкон. Мустапа Чокой уулунун өзгөрүшкө каршы иштегендиги азыр да баарына белгилүү. Жергиликтүү байлардан чыккан интеллигенттер (убактылуу өкмөттүн курамындагылары) эмгекчил кыргыздардын турмушуна көз салышкан эмес, алардын турмушун оңдоо чараларын көрүшкөн эмес.

Ал интеллигенттер убактылуу өкмөт менен өз ара мамилелерин оңоого тырышып, бара-бара кыргыздарды кырып түгөтүү саясатын колдонушту.

Ушундай оор абал себептүү малсыз, эгинсиз кайткан кыргыздар ачка калып, далай эмгекчилер ачкадан өлөт. Буга Жети-Суу кулактарынын кыргыздарды кыруу үчүн баштаган мергенчилиги да жардам кылат. Бул абал 1917-жылдын май айында Октябрь өзгөрүштү жеңгенге дейре болуп турду.

Октябрь өзгөрүшү гана байлар бийлигин кулаткандыгы жана пролетариат бийлигинин орнотулгандыгы гана эмгекчил кыргыздардын жанын сактап калды. 1918-жылдын башында пролетариат бийлиги орногондон кийин гана эмгекчил кыргыздарга жардам уюштурулду. Качкындарга жардам кылуучу атайын комитет, эгин берип туруучу атайын пункттар жана ушул сыяктуу башка иш-чаралар уюштурулду. Бул чаралар каран күндө калган эмгекчил кыргыздардын жанын сактап калууда чоң жардам кылды.

Силер билесиңер, партиянын Борбордук Комитетинин декрети боюнча (ал кезде В.И.Ленин иштеп турган) 1920-жылда Орто Азиянын бардык жеринде, көбүнчө Жети-Сууда жер-суу төңкөрүшү өткөрүлгөн болучу. Ошо 1920-жылда эле жардылардын атайын уюму “союз кошчу” уюштурулуп, ал биздин партияга негизги жөлөк болду.

1920-1921-жылдагы жер-суу төңкөрүшү Жети-Сууда оторчулук саясатынын калдыктарын жоюу жагын көздөдү. Ушул төңкөрүш аркасында гана кыргыздарга алардан тартылып алынган жер-суу кайтарылып берилди. Ошол чара аркылуу гана кыргыз жардылары жерге орноштурулду. Чын, бул жер-суу өзгөрүшүнүн кемчиликтери болду, ал кезде биз Кыргызстандын улут байларын, манаптарын тупадан туура жетерлик сого алганыбыз жок, бирок ал өзгөрүш Жети-Сууда оторчулардын позицияларын кыйратуу көз карашынан аланда өз милдетин актаган өзгөрүш болду.

 

ЖАЛПЫ САЯСЫЙ КОРУТУНДУЛАР

1916-жылы Орто Азияда жана ошонун ичинде Кыргызстанда болгон көтөрүлүш улут боштондугу үчүн болгон кыймыл болуп, ал оторчулук эзүүсү менен орусия империалчыларынын талоосуна каршы коюлган.

Ушуну менен көтөрүлүштүн төңкөрүшчүл маанисин түшүнүүгө болот. Ошон үчүн биз Түркстандын жергиликтүү элинин көтөрүлүшүнө чоң маани беребиз, ошон үчүн көтөрүлүш биздин төңкөрүшчүл кыймылыбыздын тарыхында калат. Ошон үчүн бүгүн биз сиздер менен бирге кубанычтуу түрдө бардык мезгилдерин белгилеп, тийиштүү корутундуларын чыгарабыз; 1916-жылкы көтөрүлүш Орто Азиядагы Орусия империалчыларынын, көбүнчө алардын уруш феодал бийлигине каршы болгон улут боштондугунун урушу болду. Улут урушунун жетиштүү болуу үчүн, - дейт Ленин, - эзилген өлкөлөрдүн элинин көпчүлүгүнүн күчүнүн биригиши же болбосо интернационалдык абалынын айрыкча жагымдуу байланышы (маселен, империалчылар падышалыктарынын аралашып тоскоолдук кылуунун бошоңдошу, алардын алсыздыгы, алардын урушу, алардын душмандыктары, дагы ушулар сыяктуулар менен алсыздануулары) же болбосо чоң падышалыктын биринин пролетарларынын байларга каршы көңтөрүшчүл көтөрүлүшү талап кылынат” (Ленин жыйынтыгынын XIX-тому, 2-чыгарылышы, 184-бет).

1916-жылдагы көтөрүлүштүн жеңиши үчүн Ленин көрсөткөн шарттардын бири да болгон эмес. Ал ошону үчүн кулады. Бирок көтөрүлүштүн бардык сабактары аны эң башкы күчү болгон мал чарбачылар жана дыйкандар көпчүлүгүн жана шаарлардын жергиликтүү элдин пролетариат жана жарым пролетариат табын, алардын жеңиши үчүн болгон бирден бир жол – Орусиянын пролетарлары жана дыйкандары менен тыгыз союзда болуп, пролетариат жолбашчылыгы астындагы күрөшү экендигине ачык ишендирди. (Ж.К.в РВК Орто Азия бюросунун тезисинен).

Кыргызстандын Орто Азиянын эмгекчилери ал убакта эки кабат келген эзүүчүлүктү алып ыргытышмак болгон. Бир жагынан падышачылыктын оторчулук саясаты, экинчи жагынан жергиликтүү байлардын айбандарча адам күчүнөн пайдаланышы. Бирок эмгекчилер бул максатка жете алышпай, көтөрүлүш жеңүү менен бүттү.

Падыша өкмөтү бул көтөрүлүштү аеосуз таптады, бирок ал натыйжасыз калган жок. Дыйкандар 1916-жылдагы көтөрүлүшү менен өзүнүн тап мазмунун, өзүнүн таптык ыраазы эместигин көрсөткөндүгүн жана төңкөрүшчүл жумушчу табы менен ал убакта пролетарлар төңкөрүшүнө даярдануу жагынан чоң жумуш жүргүзгөн тап менен бирдикте экендигин көрсөткөндүгүн сиздер жакшы билесиздер.

Эмгекчи дыйкандар өздөрүнүн көтөрүлүп чыгуулары менен аларды эч ким уюштурбаса дагы, өз турмуштары ошол убакта Орто Азиядагы эмгекчилер башынан өткөрүп турган үнөм саясый абалдары, алардын эң чың уюштурулгандыктан саясый партиянын жолбашчылыгысыз болсо дагы алар Орто Азиянын бардык орундарында чыгышты. Алар империализмдин күн чыгыштагы күчтөрүн бошотушуп, өзгөрүш милдеттерин чечүүнү жеңилдетишти. Өзгөрүшчүл пролетариаттын октябрь өзгөрүшүн жетиштүү жасашына жардам кылышты.

Ошондуктан биз бул көтөрүлүш сөзсүз кыргыз эмгекчилери жумушчулар табы менен бирдикте экендигин, байлар бийлигин коңторуп таштап, эмгекчилер көпчүлүгүн эзилүүдөн, күчүнөн пайдалануудан кутулуунун бирден бир куралы болгон пролетариат бийлигин орнотуу маселесинде алардын жумушчулар менен бирдиктүү экендигин белгилөөгө акылуубуз.

Февраль төңкөрүшүнөн кийин өкмөттү колуна алган байлар кыргыз эмгекчилерин кубаттоого жараксыз экендиги тууралуу корутунду чыгарууга болот. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин пролетират бийлиги курулгандан кийин гана кыргыз эмгекчилери керектүү болгон жардамга ээ болушту.

 

III. ИМПЕРИАЛЧЫЛАРДЫН ОТОРЧУЛУК ЭЗҮҮЛӨРҮ

Талоондон жана укуксуздуктан социализмге

Октябрь төңкөрүшүнөн кийин жана пролетариат бийлиги түзүлгөндөн кийин, кеңештер союзунун бардык жеринде жүргүзүлүп жаткан коммунисттик партиясынын жана кеңеш өкмөтүнүн туура саясаты бир канчалык ири чаралар жүргүзүүнү камсыз кылды. Мал чарбачыл дыйкандардын көпчүлүгү оторчулук талоонуна каршы куралдуу ачык күрөшкө чыккан кезде, падыша өкмөтү көтөрүлүш чыгаргандарды жеңип, кай бир уездди бүтүнү менен жергиликтүү элден тазалап, аларды башка жакка сүрмөк болгон. Пролетариаттар менен союзда жана анын жол башчылыгы менен малчы дыйкандар көпчүлүгү ал планды ишке ашырууга жол беришпей, өзгөрүшчүл күч менен оторчулук эзүү жана талоо системасын таптакыр жоюшту.

Которулуп келген кулактардын алкымына таш каптырып, алардагы жерлерди кайтадан кыргыздарга кайтарып берип, (1920-жылдагы төңкөрүш) кеңеш өкмөтү менен партия, эзилип келген эмгекчи дыйкандарды жана жергиликтүү малчы дыйкандарды бириктирип кулактарга каршы, бай-манаптарга каршы беш жылдык үчүн, пахта үчүн, Орто Азиядагы жеке малчы эгинчи чарбаларды социализмге кайра куруу үчүн күрөшүүгө уюштурду. Туташ бирикмелештирүүнүн негизинде бай-кулактарды тап катарында жоюу үчүн күрөшүүгө да уюштурулду.

Падыша өкмөтү Орто Азиядагы мал чарба жана дыйкандарды Орусиянын крепостнойлору менен империалчылары “Галитсыйаны” алып, Украинчылардын боштондугун таптакыр жоюу үчүн Жебирей Константинополь жана ошол сыяктууларды колго алуу үчүн жүргүзүлгөн уруш жумуштарына айдаган.

Көпчүлүкүтүн бул мобилизация кылган каршылыктарын падышачылык курал менен басты.

1917-жылдагы Октябрдын жеңишинин натыйжасында Орто Азиянын эмгекчилери, пролетариаттын жана анын большевик партиясынын жолбашчылыгы астында социалчыл ата журтун коргоо үчүн дүйнө империалчыларын толук жеңүү, 1914-жылдагы сыяктуу империалчылар урушунун чыга калуу мүмкүндүктөрүн жоюу үчүн империалчылардын оторго үстөмдүк кылууларын такыр жоюу үчүн жумушчу дыйкан Кызыл Аскеринин ажырабас бир бөлүмү болуп саналган улут аскер бөлүмдөрүн түзүшөт.

“Азыркы жүргүзүлүп жаткан 1909-жылы туулгандарды аскер катарына чакырууда, Орто Азиянын эмгекчилери өздөрүнүн балдарын Кызыл аскердин катарына жан-дили менен жиберишет. Анткени, бул чакырык талоончулук жана эзүү армиясына чакыруу эмес, аларды дүнүйө империалчылары каракчыларынын талоонунан, аларды бай кулактардын тыңчылары болгон басмачылардан коргоп туруучу армияга чакырылат” (Ж.К. в РВК Орто Азия бюросунун тезисинен).

Коммунисттик партиясынын жолбашчылыгы астында жана Кеңештер Союзундагы жумушчулар табы менен Кыргызстан эмгекчилер көпчүлүгүнүн активдүүлүгүнүн катуу өсүшү аркасында, бүлүнгөн эл чарбасын оңоо жөнүндө партия койгон милдеттерди жетиштүү жана бат орундай алдык.

Биздин партия менен кеңештерди туура саясаты аркасында биз улут маселесин дагы чече алдык. Лениндик улут саясатын туура жүргүзүү аркасында бардык улуттардын эмгекчилеринин бирдик майданы менен капиталисттик калдыгына каршы чабуул коюп, социализм коомун куруп жатабыз.

Улут саясат жана партия койгон бир канчалык чарба саясый милдеттерди туура, өз убагында жана жетиштүү чечүүнү камсыз кылды.

Дан маселесинин бат чечилиши партиянын саясатынын абыдан туура экендигинен улут маселесинин туура чечилишинен болуп саналат.

Колхоздоштуруу жана айыл чарбасын социализмди кайра куруу жагынан болгон биздин жетишкендиктерибиз дагы ушул саясаттын тууралыгын көрсөтөт.

Биз азыр бай кулактарды тап катарында жоюуну жетиштүү жүргүзүп жатабыз. Коммунисттик партиясы жана өзгөрүшчүл пролетариаттын башчылыгы астында Кыргызстан эмгекчилер көпчүлүгү бошоңсуз, дайыма чың катуу жана туруктуу сүрөттө биздин республикадагы капитализмдин калдыгына чабуул коюуда.

1916-жыл бай кулак элементтеринин адам күчүнөн пайдаланууларына каршы нааразычылыктарын билдиришкен Кыргызстан эмгекчилери, азыр туташ колхоздоштуруунун мезгилинде аларды тап катарында жоюуга киришип жатышат. Биздин партия менен төңкөрүшчүл пролетариат –  кыргыз эмгекчилердин көпчүлүгү ушунчалык чоң чаралар менен ири жеңиштерди камсыз кылышты.

Коммунисттик партиясынын жолбашчылыгы астында кеңештер союзундагы жумушчу табы жана бардык улут эмгекчилеринин активдүү катышуулары менен мал асыроо маселесин чечүү, колхоздоштуруу жактарынан партиянын койгон милдеттерин сөзсүз орундайбыз. Айыл чарбасын социализмге кайра куруу негизинде биз пахта маселесин дагы сөзсүз чечебиз.

Беш жылдыктын 3-чечүүчү жылында партия белгилеген программаны жетиштүү орундоо менен катар, өткөн жылдардагы жетишкендиктер менен биздин алдыбызда партия койгон чоң милдеттерди, биздин кеңештер союзуна социализмди куруу милдеттерин орундай алабыз.

Даярдаган Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ

 

 

 

ЫСАК ШАЙБЕКОВ

КАЙРАН ЭЛ

(1916)

Айгыр ат менен атан төө,

Арык кылды, кайран эл.

Өлгөн жерде терисин

Чарык кылды, кайран эл,

Алты шаар элдерин

Карык кылды, кайран эл.

Бир конгон жерге бир жылкы

Зарып кылды, кайран эл.

Айгыр атка эки сээр

Нарык кылды, кайран эл.

Өзүн-өзү ар кимге

Тарып кылды, кайран эл.

Антпегенде кантеди,

Акыл-эси кайран эл.

Бир жүз сомдук аттарын

Сээрге сатты, кайран эл

Алган сээрин бир конгон

Жерге сатты, кайран эл.

Ала кийиз, төшөк жок,

Жерге жатты, кайран эл.

Аксы, Турпан сыз жери

Белге батты, кайран эл.

Төөлөр өлүп, эшекке

Жүгүн артты, кайран эл.

Чылгый-чылгый терини

Бутка тартты, кайран эл.

Жүктөп алып, эшекти

Жетеледи, кайран эл.

“Арзан шаар кайда” – деп

Төтөлөдү кайран эл.

Карылары баса албай

Жөтөлөдү кайран эл.

Жаш балдарын мойнуна

Көтөрөдү, кайран эл.

Караңгы уйгур тамына

Корголоду, кайран эл.

Баарын берип жан үчүн

Жорголоду, кайран эл.

Жазгы жамгыр мойнуна

Шорголоду, кайран эл.

Чыны менен ошентип

Кор болобу, кайран эл?

Жөө басып, таманы

Чор болобу, кайран эл?

Көпкө аштык таба албай

Дорболоду, кайран эл.

Убактыңда кир жуубай,

Мор болобу, кайран эл.

Антпегенде кантеди

Акыл-эси айран эл.

Ат жабууга үй боосун

Чарчылады, кайран эл.

Көп көзөнөк алам деп,

Чачылады, кайран эл.

Кайсы күнү кабагы

Ачылады, кайран эл?

Кийиз, тери сатышып 

Кажылады, кайран эл.

Сата электе базарчы

Бажылады, кайран эл.

Бажы деген зордукка

Зар ыйлады, кайран эл.

Бажы алуучу улугу

Калжырады, кайран эл.

Кийим, тамак таба албай

Алдырады, кайран эл.

Ар кимге там бергин деп,

Жалдырады, кайран эл.

Бай малынан түңүлүп,

Шалдырады, кайран эл.

Жарды жанын канетип,

Калдырады, кайран эл.

Сатмак үчүн бозону

Салдырады, кайран эл.

Антпегенде кантеди,

Акыл-эси айран эл!

Тополоңу тоз болуп,

Тозуп кетти, кайран эл.

Өз элинен адашып,

Бозуп кетти, кайран эл.

Элдин алды илгери

Озуп кетти, кайран эл.

Кымбат кылып кыштакты

Бузуп кетти, кайран эле.

Эртели-кеч дос, жарын,

Көрүшпөдү, кайран эл.

Чогулушуп өлгөнүн

Көмүшпөдү, кайран эл.

Өкүмүнө Николай

Көнүшпөдү, кайран эл.

Чыдап тирүү зордукка

Өгүз беле, кайран эл.

Койбой сатып үй ичин,

Эгин тапты, кайран эл.

Иши кылып жан сактоо

Эбин тапты, кайран эл.

Баасына жеткирбей

Тегин сатты, кайран эл.

Уул, кызга калуучу –

Себин сатты, кайран эл.

Соодагерге алдатып

Жеңил сатты, кайран эл.

Жесир калган эри өлүп,

Келин сатты, кайран эл.

Бир-биринен адашып,

Тоз, тоз болду, кайран эл.

Оокат үчүн бир күндүк

Ашпоз болду, кайран эл.

Эртели-кеч бир-бири

Баш кошподу, кайран эл.

Болжоп жолдун боюна

Бозо сатты, кайран эл.

Чем чем болуп жол-жолго

Болжоп жатты, кайран эл.

Бир топ уук, бир түндүк,

Сайма кылды, кайран эл.

Жүгөрүнүн унунан

Жарма кылды, кайран эл.

Өз жеринен адашып,

Арман кылды, кайран эл.

Бир-биринен адашып,

Таппай жүрөт, кайран эл.

Олтурууга бир аймак

Батпай жүрөт, кайран эл.

Бир жерине тынч алып,

Жатпай жүрөт, кайран эл.

Көзү кыйып, бай малын

Сатпай жүрөт, кайран эл.

Жарды байкуш эч нерсе,

Таппай жүрөт, кайран эл.

Таяк алса колуна,

Аттай жүрөт кайран эл.

Почто менен жиберген

Каттай жүрөт, кайран эл.

Жакындары карабай,

Жаттай жүрөт, кайран эл.

Мурункудай тамагын

Татпай жүрөт, кайран эл.

Казан-аяк, табактар,

Үйүн сатты, кайран эл.

Чычырканак казышып,

Түбүн сатты, кайран эл.

Кымыз, бозо ачыткан

Күбүн сатты, кайран эл.

Тоо, токойдун ичинен

Дүмүр сатты, кайран эл.

Үйгө жыйган төшөнчү

Жүгүн сатты, кайран эл.

Нечен көчөт термелүү

Түрүн сатты, кайран эл.

Оокат үчүн аларды

Күнүн сатты, кайран эл.

Күмүш чапкан куюшкан

Жүгөн сатты, кайран эл.

Эч немесин калтырбай,

Түгөл сатты, кайран эл.

Түрлүү-түрлүү көчөттүү

Шырдак сатты, кайран эл.

Мал базарга барышып,

Шыйрак сатты, кайран эл.

“Арзан шыйрак мында” – деп,

Ырдап сатты, кайран эл.

Актай чийди кызылга

Чырмап сатты, кайран эл.

Түрлүү-түрлүү чырмаган,

Чийин сатты, кайран эл.

Түгөнгөн соң үй ичи

Кийим сатты, кайран эл.

Кийимдерин баарынан

Кийин сатты, кайран эл.

Көчүп барган жерлерин

Кымбат кылды, кайран эл.

Аксы, Турпан байына

Кызмат кылды, кайран эл.

Кедеңдетип эшекти,

Жорго ат кылды, кайран эл.

Алты ай багып, өз атын,

Зорго ат кылды, кайран эл.

Өзү сүйгөн буюмун

Арзан сатты, кайран эл.

Аштык, саман, чөп үчүн

Арзандатты, кайран эл.

Өз наркына жеткирбей,

Айрандатты, кайран эл.

Көйрөңдөрүн чачылап

Дардаңдатты, кайран эл.

“Бегим жакшы, бегим” – деп,

Жарбаңдатты, кайран эл.

Чакырып алып үйүнө,

Тайраңдатты, кайран эл.

Табак тартып, колдорун

Тайраңдатты, кайран эл.

Колун улам алың деп,

Арбаңдатты, кайран эл.

Аштык салып алгыдай,

Кабын сатты, кайран эл.

Алып келип калемдин

Сабын сатты, кайран эл.

Ыңырчак менен көтөрмө

Аркан сатты, кайран эл.

Ачкасына чыдабай,

Арзан сатты, кайран эл.

Кийип турган үстүндө

Тонун сатты, кайран эл.

Эч нерсесин калтырбай,

Сонун сатты, кайран эл.

Үйгө жыйган казына

Булун сатты, кайран эл.

Энелерин ээрчитип,

Кулун сатты, кайран эл.

Илме менен сайдырган,

Сайма сатты, кайран эл.

Мал базарга бышырып,

Жарма сатты, кайран эл.

Тогуз карыш, он карыш,

Казан сатты, кайран эл.

Ак кагазга көчүрүп,

Казал сатты, кайран эл.

Жылтараган калайлуу

Сандык сатты, кайран эл.

Атка, үйгө жарашкан,

Жабдык сатты, кайран эл.

Эң аягы бир теңге

Жандык сатты, кайран эл.

Баш кошуп, чогуу байыр албай

Сайлап жүрөт, кайран эл

Азаттыкты эңсешип,

Зарлап жүрөт, кайран эл.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Турар РЫСКУЛОВ

1916-ЖЫЛДАГЫ КАЗАКТАР МЕНЕН КЫРГЫЗДАР КӨТӨРҮЛҮШҮ ЖӨНҮНДӨ

(10 жылдыгына карата)**

 

КӨТӨРҮЛҮШТҮН НЕГИЗГИ ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА САЯСЫЙ СЕБЕПТЕРИ

Казак-кыргыз жумушчуларын тылдагы ишке алуу 1916-жылдагы көтөрүлүштүн себеби эмес, шылтоо гана болгон.

Казак-кыргыз жумушчуларын даярдыксыз тылдагы ишке тартуу падышалыктын чет-жакадагы демейки эле көкүтүү-эзүүчү иш-аракеттеринин бири болуп саналган; бул окуя өзүнөн өзү эле калктын саясый мааниси боюнча пайда кыла албайт1.

Көтөрүлүштүн негизги себептери, Казакстан менен Кыргызстандагы падышалыктын чексиз колониялдык эзүүнүн натыйжасында түзүлгөн терең экономикалык жана саясый мүнөздөгү карама-каршылыктардын так өзүндө жатат. Казак калкынын көтөрүлүшүнүн ылдамдашына ошондой эле дүйнөлүк империалисттик согуш менен байланышкан Россиянын өзүнүн жалпы туруксуз абалы да таасир тийгизбей кое албаган. 1916-жылы казактар менен кыргыздардын көтөрүлүшү Россиянын экономикалык жана саясый кубатынын начарлашынан, алдыдагы революциядан кабар бере баштаган согуштун үчүнчү  жылында болгон. Буга байланыштуу метрополиянын өзү менен ага баш ийген чет-жакалардын ортосундагы мамилелерде чоң өзгөрүүлөр болуп өткөн. Казакстан менен Кыргызстанда согуштук аракеттердин театрына колониалдык аскерлердин көп бөлүгүн алып кетип жатканына байланыштуу дүйнөлүк согуштун ар кайсы кырдаалын пайдаланып, акыр түбү падышалык-колониалдык бийликтин эзүүсүнөн кутулуу ишеними кыргыз-казак эл массаларында тымызын пайда боло баштаган2. Анда кандай болсо да, ошондогу Россиянын өзүнүн туруксуз абалы 1916-ж. Казакстан менен Кыргызстандын турмушундагы күчөгөн тарыхый окуялардын натыйжаларын тездетүүгө белгилүү өлчөмдө өз таасирин тийгизди.

Мурдагы Россия империясынын ичиндеги – “элдердин бул түрмөсүндө” Казакстан менен Кыргызстан колониалдык көз карандылыктын бүтүндөй өзгөчөлүк белгилери менен маданий жактан аябай артта калган чет-жакаларынан болуп саналган. Баарыдан мурда падышалык Россиянын “Урал үчүн” деген басып алуучулук кыймылында, Казакстан менен Кыргызстан Орто Азиянын тереңиндеги андан аркы басып алуучулук кыймыл үчүн стратегиялык база катары падышалык администрациянын көңүлүн чоң бурган; экинчи жагынан - Казакстан менен Кыргызстан өзү эле эзүүнүн , соода-сатыктын жана сырьёнун

____________

*Редакциянын эскертүсү (1926-ж.): Бул макала 16-ж. көтөрүлүштүн 10 жылдык юбилейине даярдалган жол. Рыскуловдун китепчесинен үзүндү болуп, анын негизги себептерин түшүндүрөт. Көтөрүлүштүн жүрүшүн автор китепчесинин 1-бөлүмүндө баштан-аяк баяндайт. Түштүк Казакстандагы казактардын көтөрүлүшү кара кыргыздардын арасындагы кыймыл менен тыгыз байланыштуу болгон соң макалада бир эле убакта алар тууралуу да айтылат. “Кара кыргыз” деген сөз мындан ары текстте азыр Кыргызстанда (мурдагы кара кыргыз району) аталгандай эле “кыргыз” деген сөз менен айтылат.

**Кыскартылып берилди.

 

булагы , негизгиси – ЖЕРДИ КОЛОНИЗАЦИЯЛОО ҮЧҮН мейкиндиктин өтө кеңири обьектиси  болуп турган. Ал кездеги чет-жакалар өнүгүп келе жаткан ата мекен  капитализми үчүн жеңил пайданын булагы болуп , жер – колонизациялык жагынан алганда райондордо болгон толкундоолордон кийин жер которуп жиберүү мүмкүнчүлүгүн билдирген.

Бул жагынан карай келсек, мамлекеттик думада өткөн талаш-тартыштар кызыгууну туудурат. 1910-ж. эле Думада министр Кривошеиндин докладынан кийин кызык талкуулар болгон. Айтап айтканда, оңчул октябрист Трегубовдун сөзүндө Жакынкы жана Ыраакы Чыгыштагы “кыймылдын” максаттары менен милдеттери ачык аныкталган. Бул ички жер кризисин азайтуу максаты үчүн гана керек болбостон, ошондой эле улам жаңы территорияларды басып алып туруу үчүн да керек болгон. Думанын айрым мүчөлөрүнүн (улутчулдар) айткандарындай бул орустун “маданий кызматы” катары эсептелип, православиени Азия элдеринин арасында таратууга шарт түзмөк (администраторлордун биринин башкара билбеген күнөөсүнөн улам беш миллион казак эли православиенин ордуна мусулман болуп калып отурганына жаны кашайган ошол эле Трегубовдун сүйлөгөн сөзүн карагыла). 1912-ж. Түркстанга барып калган жерди тейлөө жана дыйканчылыктын башкы башкаруучусу Кривошеин өз отчетунда Казакстан менен Түркстандагы колонизациялоону күчөтүү керектигин көрсөткөн.

Жаңы территорияларды колонизациялоо жана басып алуу жолу менен Россиянын дворяндык-крепосттук абалын бекемдөө жана агрардык толкундоолорду басаңдатуу максатында жүргүзүлгөн бул саясаттын бүтүндөй реакциячылдыгын түшүнүп, жолдош Ленин орус буржуазиясы менен дворяндарынын мындай колонизациялык, империалисттик саясатына каршы чыккан3... Ленин 1917-жылы эле кадеттердин агрардык проблеманы чечүүгө болбостугун далилдеди. Ал мындай деген: “Көп миллиондогон теше бул жерлер Түркстанда да, Россиянын көптөгөн башка жерлеринде да сугарууну жана ар кандай мелиорациялоону гана тургай, ошондой эле алар орус дыйканчылык калкын крепостнйлук укуктун калдыктарынан, дворян латифундустарынын эзүүсүнөн, мамлекеттеги черносотендик диктатурадан куткарууну “күтүп жатпайбы”.

Ленин “Экинчи Думадагы таптар менен партиялардын агрардык маселе жөнүндө жарыш сөздөрү боюнча” деген макаласында Думада сүйлөп чыккан “улутчулдардын” орустун агрардык маселесин жеткиликтүү түшүнбөгөндүктөрүн, ошондой эле алардын талаптарынын бир жактуу экендигин жана улутчул-буржуазиялык себептерин көрөсөтүп сынга алган4.

Ал тургай падышалык Россия Казакстан менен Кыргызстандагы өзүнүн үстөмдүк кылып турган мезгилинде Орто Азия менен Ташкен темир жолун, тоо иштери жана бир аз пахтачылык продуктуларын иштетүү боюнча айрым бир өнөр жайын анча-мынча болсо да өнүктүрө албады. Маданий жагынан алганда казак-кыргыз эки өнүгүүнүн эң төмөнкү тепкичинде кала берди, улам барган сайын бай-манаптык эзүү күчөй берди.

Казакстанды басып алгандан баштап падышалык бийликтин жасаганынын баарын башынан аягына чейин териштирип олтурууну максат кылып койбой, негизинен 1916-жылкы казак-кыргыз калкынын көтөрүлүшүнө чейинки падышалыктын иш-аракетинин натыйжаларын келтиребиз.

Казак жана кыргыз калкы басымдуу жайгашкан Казакстан менен Кыргызстандын көчмөн жана анча-мынча отурукташкан райондорунда (негизинен көтөрүлүш баарынан көбүрөөк болгон Түштүк Казакстанда) жерди колониялаштыруу жагынан биз жогоруда эске

*Бул “1905-1907-жж. биринчи орус революциясындагы социал-демократиянын агрардык программасы” деген эмгегинин бир бөлүгү.

салгандай падышалык өз иш-аракетин жасаган. Түштүк Казакстан менен Кыргызстан экономикалык жактан күчтүү келип, ал жакта дыйканчылыкка жарактуу сугарыла турган жерлерге колуна бар кишилер үстөмдүк кылат.

Ошентип жерди бөлүштүрүү жагынан орустун келгин дыйкандары Түштүк Казакстан менен Кыргызстанда 1916-ж. сугат жердин көп бөлүгүн ээлеп, калктын үстөмдүк кылуучу бөлүгү болуп саналган. Жогоруда келтирилген абал төмөнкүдөй фактысы бар маалыматтар менен далилденет.

Жети-Суу губерниясында (эски чек араларында) 1916-ж. бардыгы 600 айыл, алар ээлеп иштетип турган 1200 000 теше жер, казак-кыргыз калкынан тартып алынган жердин жалпы аянты – 4 193 520 теше (мурдагы көчүп келгендерди тейлөө башкармасынын маалыматтары боюнча) болгон. Сыр-Дарыя губерниясында ошол убакта 607 000 теше жерди ээлеген 260 айыл болгон.

Хива менен Бухараны кошпогондо мурдагы Түркстан чек арасында 941 айыл болуп, аларда иштетүүгө ылайык 1 900 000 теше дер болгон, б.а. мурдагы Түркстандагы бардык иштетиле турган жердин 57,6% түзгөн. Эгер киши башына бардык иштетиле турган жерди бөлүштүрө келгенде, ар бир оруска 3,17 теше жер, жергиликтүү элдин ар кимисине (казак, кыргыз, өзбек ж.б.) 0,21 теше жер туура келген.

1916-ж. Түндүк Казакстанда падышалык өкмөт тарабынан 17 756 964 теше жер тартып алынып, мындан тышкары казак орустарына 11 227 000 жана шаарларга 219 000 теше жер бөлүнүп берилген.

Жерди аябай тарытуу, соода-сүткор капиталдын эзүүсү жана администрациянын зомбулугу Каракалпак улусундагы (Чымбай району) толкундоорлордун да негизи болду.

Казак-кыргыз элинин күн көрүүсүнүн негизги булактарынын бири болгон жерди тартып алгандан кийин, алардын кантип жашаарына эч бир кызыкпай, падышалык бийлик андан ары да жерди тартып алууну токтотпой уланта берүүнү көздөгөн. Мындай чыр маселеге падышалык администрация көңүл бөлбөй, ичинен тескерисинче казак-кыргыз элин экономикалык жана саясый өнүгүүнүн акыркы чегине жеткирип, сызга олтургузгусу келген. Жерге жайгаштыруу жана дыйканчылыктын башкы Башкармасынын 1912-ж. Түркстанга барганы боюнча билдирүү катында, 1912-жылга чейин эле тартып алынган жерден тышкары, маселен, Түштүк Казакстан менен Кыргызстандын элинин карамагынан ашыкча жерлерди тартып алуунун мындан ары да боло тургандыгын билдирген корутундусун окууга болот.

Адегенде көчүп келгендер айдоо жерлердин түшүмдүүлүгүнө ишенбей (жаанга эсептелген), негизинен казак-кыргыздын сугат жерлерин ээлеп алышкан. Ошол кездеги жобо боюнча ар бир кишинин үлүшү келгиндер үчүн 30 тешеден белгиленип, алар 15 жылга салыктан жана аскер милдетинен бошотулган. Кийинчерээк жер аянты киши башына 10 тешеден чейин азайтылган.

Казак-кыргыздар менен орус келгиндеринин абалын мүнөздөөгө жана экономикалык абалдарын салыштырууга өтүүдөн мурун, маселен Түштүк Казакстан боюнча алынган момундай фактыларды белгилей кетүүгө туура келет. М.А.Скрыплевдин изилдөө малыматтары боюнча Сыр-Дарыя улусунда 1916-ж. изилденген 18 айылдын бир чарбасына бүткүл ыңгайлуу жердин 47,96 тешеси, анын ичиндеги 9,40 теше сугат жери туура келген. Чымкен уездиндеги 1176 орус айылдарындагы 768 чарбасы, б.а. 63,3 % жерди арендага алышкан. Анын үстүнө бүтүндөй ушул аренданын казактардын арендасынын үлүшүнө бүткүл айдоо аянтынын 87,4% жана бардык чабык жердин 73,9% туура келген. Чымкен уездинин дыйкан айылдары негизинен арендага, алардагы жер аянтынын жетишсиздигинен эмес, казактардан жерди аябай арзанга алуу пайдалуу экенинен улам барышкан, анын үстүнө ал жерлер дың жер болуп, ишти өзүлөрүнүн мурдагы айдалып калган жерлерин иштетүүнү жакшыртууга кызыгышпай, жылыга эле аренда жолу менен дың жерлерди издей беришип, дыйкан чарбасына залал келтиришкен.

Анын үстүнө казактар арендага жерди кээде каражаттардын жетишсиздигинен жана дыйканчылык шаймандарынын жоктугунан беришкен. Ал тургай казактардын байлары пайда табуу максатында казак кедейлеринин эсебинен жерди тез-тез берип турушкан, анткени казак кедейине сот менен администрациядан (казак жана орус) дайым эле ырайым болгон эмес.

Чымкен уездинин ошол эле айылдарында малдын саны (асыл тукум) ар бир түтүнгө (бодо малга айландырганда) 11,5 баштан туура келген. Петропавловск айлынын дыйкандары малды баарынан аз кармаган (ар бир түтүнгө 7,4 баш), Дорофеевкада баарынан көп (ар бир түтүнгө 16,5 баш) кармашкан. Ташкен уездинин бир топ айылдарын изилдеп чыккан В.Н.Юферов келгиндердин негизинен сугат жерлерди ээлеп алууга далалат кылгандарын ырастап, келгиндердин үлүшүнүн өлчөмдөрү тууралуу төмөнкүдөй маалыматтарды келтирет. Констаниовск айылында ар бир түтүнгө 38,1 теше жер туура келген. Казак кедейлердин көп жалдаганын эки автор тең көрсөтөт.

Жогоруда цифралык жыйынтыктардан көргөндөй, падышалык Россиянын колониязациялык иш-аракети Жети-Суу губерниясындагы 1915-ж. жер бөлүштүрүүдө баарынан көп көрүндү. Бул губерния өзүнүн жумшак климаты, топурак кыртышынын сапаты Россиянын түштүк губерниялары менен окшоштуп кеткендиктен, биринчи кезекте ошол келгин орус казактарынын (падышалык администрациянын аскер-кароол күчтөрүнүн негизин түзгөн) көңүлүн өзүнө бурган. Экинчиден, ал губерниянын калкынын көбү казактар болуп, ал элдин жашоо-турмушунун, чарбасынын өзгөчөлүктөрү даана көрүнгөн. Жети-Суу губерниясындагы 1916-ж. казактардын көтөрүлүшүнүн катуу болушу, көтөрүлүштүн мүнөзүн так мына ушул губернияда изилдеп чыгууга түртөт.

Жогоруда Жети-Суу губерниясындагы казактар менен кыргыздардан канча жер тартып алынганын, ал жердин кантип бөлүнгөнүн көрсөттүк, бирок улустагы дыкандардын, орус казагынын, казак-кыргыз элинин айрым социалдык-экономикалык катмарларындагы ички өз ара мамилелерин талдап, айрым маалыматтарды келтирүү зарыл.

1901-ж. статистикалык маалыматтар боюнча, улустун калкынын 84,4% казак-кыргыздарга – крайды* жергиликтүү калкына туура келет: казак-кыргыздан кийин саны жагынан экинчи катарда келгин орус казактары менен дыйкандар, үчүнчү орунда кытайлык бийликтердин кысымынын аркасында 80-жылдарда эле кытайдан келген таранчындар* менен дунгандар турат. Жети-Суу губерниясында алгачкы отурукташкандар негизинен 1847-ж. эле улуска көчүрүлүп келинген Сибирдин орус-казак аскерлеринин казак орустары болгон. Келгин дыйкандар “улусту отурукташтыруу жана анда чарбаны өнүктүрүү” (губернатордун өзү айткандай) максатын ачык эле койгон улустун биринчи губернатору Г.А.Колпаковскийдин демилгеси боюнча 1868-ж. жайгаштырыла баштаган. Мурда отурукташтырылган жана аскер кароолунун ролун ойной турган орус казактарына жакшы жерлер чоң өлчөмдө берилип, ал эми ошол жерди алар жырткычтык менен пайдаланышкан. Бул туурасында падышалык бийликтин өзүнүн көрүнүктүү чоңдору да аргасыздан айтууга мажбур болушкан. Кысмакка алынып көчүрүлүп келинген орус казактары эң жаман элементтерден турганы туурасында В.И.Масальский да жазган (Түркстан крайы, 321-б.); курч

*Революцияга чейинки уйнгурлардын туура эмес аты (түзүүчү).

*Тектте – өлкөнүн.

кагылышууларга караганда жергиликтүү казактардын сугат жана айдоо жерлери да аларга бөлүнүп берилген; келгин орус казактары бул участкалардын тез эле тамтыгын чыгарышып, жергиликтүү кыргыз-казактарды эзип, токойлорду жырткычтык менен кыйып жок кылышкан. О.А.Шкапскийдин5 отчетунда (1904-ж. үчүн) караганда Жети-Суу губерниясындагы ар бир кишиге орто эсеп менен төмөнкүдөй жер туура келген: орус казактарына – 51,6 теше, дыйкандар түтүнүнө – 32,4 теше, таранчындар менен дунгандардын түтүнүнө – 12,8 теше. Кийинчерээк көчүп келген келгендер менен иштешүү органдары орус казактарына караганда, келгин дыйкандар менен иштешүү органдары дыйкандарга жакшыраак мамиле кыла башташкан. Жогоруда биз сөз кылган Трегубов (Жети-Сууга барганы тууралуу өзүнүн отчетунда) 17 000 орус казагы 585 000 теше өлчөмүндөгү жакшы жерлерди ээлеп турганын, дагы 250 000 теше жерди кестирип алгылары келгенин көрсөтүп, орус казактарынын мындай жеңилдиктери туурасында жакшы пикирде эмес экендигин билгизет.

Бирок, орус казактарынын чарба жүргүзүүсүнүн (жырткычтык) мүнөзүнүн биз көргөндөй жерге ээ болуу өлчөмү боюнча гана чарба кубатын аныктабастан, айдоо жеринин өлчөмүн да келтирүү керек. Калктын айрым катмарларынын жерлеринин айдоо өлчөмү орточо эсеп менен төмөнкүдөй болот (О.А.Шкапскийдин маалыматтары боюнча): орус казактарынын бир түтүнүнө 61 теше, дыйкандарынын бир түтүнүнө – 9,9 теше, таранчын менен дунгандардын түтүнүнө – 3,8, кыргыз-казактарга 1,4 теше туура келген; ар бир түтүнгө: келгин орус казактарына – 8,8, дыйкандарга 17,9, таранчын менен дунгандарга – 4,1, кыргыз-казактарга 12,4 баш бодо мал туура келген (1870-ж. А.А.Кауфмандын6 отчету боюнча 10 майда жандык бодо малдын бир башы деп эсептелген). 1902-ж. О.А.Шкапский ар бир үйдөгү мал башынын азайышына жана көчүп келгендер менен иштешүү башкармасынын алардын жерин дайыма эле кесе бергенине карабастан, Жети-Суу губерниясындагы жергиликтүү казак менен кыргыздарда айдоо жерлеринин көбөйгөнүн аныктаган. Жети-Суу губерниясынын маалыматы боюнча, 1882-ж. казак-кыргыздар тарабынан 65,459 чейрек жер айдалган, ал эми 1902-ж. бул цифра 233 314 чейрекке чейин өсүп жеткен.

Жети-Суу жана Сыр-Дарыя губернияларындагы келгиндердин жерлеринин өлчөмүн салыштырып, Шкапский өз отчетунда (54-55-б.) Жети-Суу губерниясында ар бир түтүнгө орто эсеп менен 29,7 теше ыңгайлуу жер 10,5 айдоо жери, 18,3 баш мал (бир баш бодо мал үчүн 5 баш майда жандыкты айландырганда) туура келген. Жогоруда айтылгандай, Сыр-Дарыя губерниясы боюнча ар бир түтүнгө орто эсеп менен сугат жана кайрак жердин өлчөмү аз туура келген. Бул маалыматтарды келтирип Шкапский: “Чынында мындай шарттар менен А.А.Кауфман Ташкен жана Олуя-Ата райондорунун айылдарындагы орустардын абалы жакшы экендигин, ал эми Жети-Суу дыйкандарынын абалы өтө сонун деп айта албаса да, өтө сонундан да жакшы деп айтуусу тийиш”, - деп жазган.

Жети-Суу губерниясындагы бейбаш келгиндердин жерди арендага алуулары жана уруксатсыз эле жерди ээлеп алуу маселелери мүнөздүү учурлардан болуп эсептелген. Жер бөлүп алуудан тышкары, дыйкандар Сыр-Дарыя губерниясындагыдай себептер менен казак-кыргыздардан арендага жер алуу менен алек болушкан. Бул туурасында төмөнкүдөй маалыматтар бар: Жети-Суунун үч уезди боюнча арендага алынган айдоо аянты орто эсеп менен ар бир түтүнгө 3,3 тешеден туура келген, келгин орус казактары да жерди арендага аз алышкан. Айтмакчы, Шкапский дыйкандар менен орус казактарынын аренданы эмне себептен алып жатканын мындайча түшүндүрөт: “дыйкандар экстенсивдүү чарба жүргүзүп, өзүлөрүнө бөлүнүп берилген жерди айдап алышкан, ал жерди кара сулуу, өлөң чөп жана башка отоо чөптөр басып жатат. Ушунун натыйжасында кыргыз менен казактардын жерин арендага алуу менен алардын жерге болгон муктаждыгын канааттандырууга болот”.

“Талаа жобосунун” 125-статьясына ылайык казак менен кыргыздар орустарга өз жерлерин арендага берүү укугу берилген, бирок бул укук чектелүү болгон: ал укук болуштан шайлангандардын сьезддерине берилген, улуттук башкарма тарабынан бекитилген алардын өкүмү боюнча, кышкы жайыттардын эсебинен 30 жылдык мөөнөт менен жерди арендага бере алыша турган. Анын үстүнө өкүмдө аренда акысы кайсы коомдук керектөөлөрөгө жумшала тургандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Бирок бул закон жобосу кийин аябай бузулуп кеткен, ал тургай жергиликтүү администрациянын кубаттоосу да жардам бербей калган. Казак менен кыргыздардын арасында “аткаминерлер” деген ат менен белгилүү негизинен колунда бар төбөлдөрдөн (байлардан, манаптардан, болуштардан, старчындардан) турган казак-кыргыз администрациясы жалган сьезддердин жана коомдук өкүмдөрдүн атынан арендалык сумманын кичине бөлүгүн жерин берген кишилерге ырымдап, калган бөлүгү ал тараптын таасирлүү кишилеринде калып, анысын “белгисиз” жыйноо деп атап коюшкан.

Чарбасында бир ат, беш кою бар казак-кыргыздар боз үйдүн казналык салыгынан тышкары ар кандай керектөөлөргө 4 сом жана дагы 20 сомчо төлөөгө туура келген. Чын-чынында жер ээлери ушул кедей-кембагалдарды эзген байлар болушкан. Казак-кыргыз кедей-кембагалдарын эзүүдө жергиликтүү эзүүчү таптын өкүлдөрү менен орус администрациясы жана көчүп келген кулактар аябагандай камыр-жумур болуп биргелешип иш жүргүзүшкөн. Жети-Суу менен Кыргызстанда жер бөлүштүрүүнүн жана казак-кыргыз калкы менен келгиндердин өз ара мамилесинин жалпы көрүнүшү мына ушундай болгон.

Падышалыктын ушундай колонизаторлук саясатынын аркасында Жети-Суудагы орус администраторлору, келгин кулактар, алардын жасакерлери – казак-кыргыз болуштары, старчындар менен бийлер байышкан. Мында, эгерде орто эсеп менен жогорку чеги 98%ке чейин (бардык келгин чарбалар жалданган эмгектен 23%тен 50%ке чейин пайдаланышкан, ал эми орус казактары дайыма 1,3 малай, сезон маалында 3,-15ке чейин малай кармашса; дыйкандар андан азыраак кармашкан, казак-кыргыз байлары менен манаптары да малай жалдашкан, негизинен малайлыкка жеринен ажыраган, мал-жаны жок казак-кыргыз кедейлери жалданышканын эске алганда, Жети-Сууда казак-кыргыздын малайларынын чоң армиясы түзүлгөн деген жыйынтыкка келсе болот.

Түндүк Казакстандагы казактардын көтөрүлүшү негизинен мурдагы Торгой, Актөбө жана Иргиз уезддеринде, ошондой эле Казакстандын чыгыш бөлүгүндөгү губерниялардын айрым жерлеринде чыккан. Бул райондордогу көтөрүлүштүн себеби, падышачылыктын казактарды колонизациялап кысканында, саясый жактан эзүүсүндө жана падыша администрациясынын зомбулугунда жаткан.

Бул жалпы обзорду жана Казакстан менен Кыргызстандын көчмөн,  бир аз отурукташкан райондорундагы падышачылыктын колонизатордук саясатынын натыйжаларынын мүнөздөмөсүн аяктай берип, биз жер саясатынан башка мүнөздөгү себептерин да кошо карай кетүүбүз керек. Мында суу маселеси биринчи орунда турат. Сыр-Дарыя, Жети-Суу губернияларындагы жана Кыргызстандагы, өзгөчө Сыр-Дарыядагы жердин көбү жасалма сугарып иштетүүгө ыңгайлуу деп эсептелген. Ошондуктан жогоруда биз көрсөткөндөй, ушул райондун экономикасындагы үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген элдин катмарлары ыңгайлуу жерлерди гана ээлебестен, сугат системаларына да ээлик кылышкан.

Сыр-Дарыя губерниясындагы келгиндер жайгашкан айылдар сууну бөлүштүрүүдө жана аны пайдаланууда үстөмдүк кылуучу ролду ойногону шексиз. Жети-Суу губерниясындагы суу пайдалануу маселеси да ушундай эле абалда болгон. Суу да жер сыяктуу эле: калктын бир категориясынын калктын экинчи категориясын эзүүгө курал болуп кызмат кылган. Көрсөтүлгөн эки губерния менен Кыргызстанда сууну пайдалануу боюнча мамлекет тарабынан бекитилген атайын закондор жок болгону менен ар бир айылдын суу бөлүштүрүүдөгү өз тартиби жана арык-аксакалдары (суу старчындары) менен мурабдардан турган атайы суу администрациясы болгон. Алар администрация тарабынан дайындалып, дайыма байлар менен кулактардын кызыкчылыктарына гана кызмат эткен. Арык аксакалдары менен мурабдар өзүлөрүнүн “тоноолору” менен өзгөчө айырмаланган падышалык администрациянын бөлүгү болуп гана саналган. Суу  пара же “белек” бергендики гана болгон.

Ал тургай орус келгиндери жерди суроо-сатыксыз ээлеп алганда же андан “закондуу” суу бөлүштүрүүдө дайыма сугат каналдарынын же сууну ээлеп алуу үчүн ыңгайлуу жерлердеги шлюздардын жанына* жайгашууга аракет кылышкан. Мисалга алсак, Пишпек уездиндеги Байтик-Павловск деген басып алынган айыл, жыйырмадай кыргыз болуштары суу ичкен тоо суусунун башында**  жайгашкан, төмөн жактагылардын эгининин тагдыры байтик-павловдуктардан сууну берген же бербегенине байланыштуу болгон.

Келгиндердин чабынды жерлерди суроо-сатыгы жок эле ээлөөсү, ал тургай беделдерди да чаап-жыйнап алуусу же бедени малга тебелетип, “баары бир ал жердерди айдай да, пайдалана да алышпайт” деген шылтоо менен казак-кыргыздардын дың жерлерин суроо-сопкутсуз эле айдап алуу өтө жакыр көчмөндөрдү эзүүнүн экинчи куралы болуп саналган. Же жаңы айдоо жерлерге айлантылып, же туяк башына салык алып туруу максатында мал айдап өтө турган жолдор менен өтмөктөр ээленип алынган. Бечара көчмөндөрдү эзүүнүн башка учурлары жана алардын эсебинен пайда табуунун жолдору көп болгон.

Алардын айрымдарын көрсөтсө болот. Мисалга, казак-кыргыз элине аябагандай чоң салык салынганын жогоруда айттык. Буга 4 сом үй салыгы, мал салыгы, административдик ар кандай салыктар, ар түрдүү “зордоо соопчулуктары” кирген: фронттордо “мекен үчүн күрөшкөн” орус армиясынын пайдасына акчалай жана мал жыйноо, ар бир соопчулуктарды чогултуу учурунда кыргыздын болуштук жана айылдык администрациясы өз пайдасына “кошумча” кошкон, ар кандай учурларда администрациянын келген айрым төбөлдөрү менен аткаминерлерине кой же акча берип, көңүл ачуу зарыл болгон – албетте, мунун баары факты жүзүндө казак-кыргыз кедейлери аны жылыга төлөй албагандай чоң суммага жеткен, төлөгөн күндө да өз оокатын сатып ийип анан жан багууга муктаж болгон.

Эч жумуш парасыз бүткөн эмес. Маселен, алсак, келгиндер башкармасынын төбөлдөрү казак-кыргыздардын жерин тартып алуу менен эле чектелип калбай, келгиндер башкармасынын иштери боюнча ар кандай чыгымдарды жакырлардан жыйнап жабуу үчүн аларды тоношкон. Казак-кыргыз кедейлерине, дегеле катардагы казактар менен кыргыздарга эч кандай “чындык” издөөгө болгон эмес. Казак-кыргыз администрациясы – байлар, бийлер, болуштар, старчындар – аткаруучулар менен уезддик начальниктер болуп чогуу иштешкен.

Мындай падышалык колонизаторлук саясаттын кесепети, казак жана кыргыз калкынын акырындап азайышына алып келген. 1902-1913-жж. казак-кыргыз калкы болжол менен 8-9 процентке азайып, таранчындар менен дунгандар да азайып, келгиндердин саны 10 проценттен ашык көбөйгөн.

Көтөрүлүштүн мындай жалпы себептеринен тышкары, ар бир райондук жергиликтүү өзгөчө себептери да болгон.

_________

*Текстте - башында

**Текстте – даярдоосунда

Казакстандын көчмөн жана бир аз отурукташкан райондорундагы көтөрүлүштүн себептери жөнүндөгү айтылгандардын баардыгы дээрлик текши көтөрүлүш каптаган Жети-Суу губерниясына дагы алда канча тиешелүү, анын үстүнө көтөрүлүш өлчөмү жана аны басуунун ырайымсыздыгы боюнча Жети-Суу губерниясы биринчи орунда турат. Жети-Суу губерниясындагы көтөрүлүштүн жеңилүү натыйжалары кийинки жылдарга өз залакасын тийгизбей койгон жок.

 

КӨТӨРҮЛГӨНДӨРДҮН СОЦИАЛДЫК СОСТАВЫНЫН

ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

1916-ж. казак-кыргыздардын көтөрүлүшүнүн себептери менен натыйжаларын жыйынтыктап келип, көтөрүлгөндөрдүн негизги массасынын социалдык составын, европалык калктын жана интеллигенциянын бул көтөрүлүштөгү ролуна дагы токтолобуз. Анын үстүнө 1916-ж. көтөрүлүштүн Россиядагы жакындап келе жаткан революциялык окуялардын алдында болгону кызык.

1916-ж. окуя Казакстан менен Кыргызстандын бейкапар тынч турмушундагы аябагандай өзүнчө бир чоң  окуяга айланып, падышалык администрацияга, жергиликтүү жана келгин эзүүчүлөрдүн үстөмдүгүнө каршы массалык алгачкы көтөрүлүш болгон.

Ошол кездеги Казакстан менен Кыргызстандын территориясындагы падышалык аскерлердин аздыгы, Россиядан кошумча аскерди тез жиберүүнүн мүмкүн эместиги, германдык чабуулга жана Чыгыштагы козголууларга байланыштуу өлкөдөгү олку-солку абал эртеңки күнгө ишенимсиздикти пайда кылып, ал тургай Казакстан менен Кыргызстандагы колониялык буржуазияга дүрбөлөң салды. Европа калкынын мындай дүрбөлөңгө түшө башташы – али эмнеге айланып кетээри белгисиз болгон көтөрүлүштүн биринчи жарымына айрыкча мүнөздүү эле. Четки райондор менен айылдардагы европалык калк оокат-кечеси менен жакын турган аскерлери бар шаарларга көчө качышып, алынын жетишинче куралданышып, айрым жерлерде ыктыярдуу кошуундарды түзүп жиберишкен (мисалга, мурдагы Верныйда, Пржевальскиде, айылдарда). Орус буржуазиясы гана минтип дүрбөлөңгө түшпөстөн, падышалык бийликтин көп эле жакшылыгын көргөн жергиликтүү соода таптары менен бай элементтери да эмне кыларын билбей карбаластап калган.

Биз көрүп тургандай, бир аз отурукташкан жана көчмөн райондорунда жергиликтүү элдин нааразычылыгы, негизинен жер-дыйкан колониязациясынын айынан жана элдин ыңгайлуу жерлеринин баарын тартып алуунун кесепетинен келип чыккан. Элди түшүмдү аз берүүчү жерлерге көчүрүп, климаттык шарттарга жана дыйканчылык чарбаларга дайыма көз каранды болгон чарбанын туруксуз формасы – мал менен гана күн көрүүгө аргасыз кылышкан. Жерди колонизациялоо процессинде биз жогоруда белгилегендей, көтөрүлүштүн негизги экономикалык себептерин санап келгенде, бүтүндөй айыл коомдорун жер аянттарынан алыстатуу же түздөн-түз алып коюуда казак-кыргыздын жергиликтүү администрациясы менен колунда бар бай-манап элементтери ар дайым чоң роль ойногон. Келгиндер администрациясынын төбөлдөрү райондордун кайсы биринде иш баштоодон мурда дайыма бул жердин эзүүчү төбөлдөрүнүн, б.а. “таасирлүү кишилеринин” жардамы менен жерди жеңил алып коюу үчүн мурдатан сүйлөшүп алышкан.

Казак менен кыргыздын байлары жана администраторлору мурдагы Келгиндер башкармасынын иштеринен өздөрүнө пайда көрүүгө боло тургандыгын сезишип, экономикалык кысым көрүп калабыз го деп чочулашкан эмес. Казактар менен кыргыздарда келгиндер же шаардык мещандар тарабынан сом боюнча же андан азыраак акчага жерди арендалоо ошол “таасирдүү” кишилерсиз жүргөн эмес. “Таасирдүүлөрдүн” чөнтөгүнө “туюк” жыйноолор түшүп, бүтүндөй уруу общинасына таандык коомдук жерлер келгиндерге арзыбаган баага сатылып кетчү. Казак-кыргыздардын келгиндер менен сууну, шалбааны, жайытта ж.б.у.с. пайдалангандан келип чыккан талаш-тартыштарынын баары тең дагы эле болсо ошол бай элементтердин кедей-кембагалдардын эсебинен байышына шарт түзгөн. Казак администрациясынын баары тең “Талаа жобосу” жана “Түркстан крайын башкаруу туурасындагы “Жобо” боюнча казак калкын эзүүгө ылайыкташкан. Ар түрдүү салыктарды, айыптарды төлөө да ошол эле жарды-жалчынын мойнунда болгон. Көпчүлүк учурда казактар менен кыргыздардын башчылары, аксакалдар, бийлер өздөрүнүн кетирген күнөөсүн орус администрациясы менен келгин дыйкандарга шылтап коюшкан.

Орус администрациясынын алдында тилмеч, жазмач жана ал тургай “жигит” (казак-кыргыз полицейи) болуп жайгашып алышкан казак-кыргыз төбөлдөрүнүн баары тең казак-кыргыз массаларына ошондой эле эзүүчү элементтерден болуп эсептелишкен. Айылдарга, шаарларга жайгашып алышып, чыт жана ар кандай товарларды кымбат баада көчмөндөрдүн күзгү түшүмүнө чейин карызга беришкен (келгин сарттар, армяндар, татарлар ж.б.у.с.) ар кандай соодагерлерди да эл жек көргөн. Падышалыкка каршы көтөрүлүшкө чейин эле казак-кыргыздардын кедейлерин акча жана малдын зор проценти менен кысышкан өздөрүнүн сүткорлору пайда болгон.

Казак менен кыргыздын бай-манаптары кедей-кембагалдардын үстүнөн өз үстөмдүктөрүн малдын мыктыларын, общиналык-уруулук жердин, жайыттардын жакшы бөлүгүн ээлөө менен ошол эле учурда орус администрациясы менен байланышка ээ болуунун негизинде жүргүзүшкөн.

Томояктар менен орто катмардагы кембагалдарды кара букара деп (кул-кутан) аташкан; буга айыл чарба дыйканлары, серик же ортокчулар, кошчулар (жакыр дыйкан), чарба (көчмөн жакыр) жана башка көп сандаган бир кыйла орто элементтер да кирип кеткен. Эгерде орус казактарында, дыйкан жана байлардын чарбаларында, көчмөн жана жарым көчмөн райондордо иштеген дыйкандар, малайлар, койчулар ж.б.у.с. эске алып, казак-кыргыздардын орто элементтеринин зор катмарын буга кошсок, анда бүткүл кара букара эзүүчүнүн жана дайыма нааразы катмардын чөйрөсү бүтүндөй казак менен кыргыз калкынын дээрлик ¾ түзөт.

Сыр-Дарыя губерниясынын уезддери, Жызак уезди, Жети-Суу губерниясы жана Кара-Калпак улусу боюнча көтөрүлгөндөрдүн негизги элементтерин, биз жогоруда белгилеген казак менен кыргыз калкынын өтө жакыр жана орто элементтери түзгөн. Көтөрүлүш калктын өтө жакыр жана орто катмарлары падышачылыктын жана казак менен кыргыздын бай-уруучулук буржуазиясынын эзүүсүнө көп кабылган райондордо бир топ активдүү мүнөзгө ээ болгон.

Көтөрүлүштүн башталышында бир аз абдырап калган казак-кыргыз төбөлдөрү менен администраторлору көтөрүлгөндөрдүн күчтүү соккуларынан кийин “ак падышанын буйруктарына өзүлөрүнөн баш ийе тургандыктарын жана берилгендиктерин” билдирүүгө шашылышты. Көптөгөн казак администраторлору (болуштар, бийлер, тилмечтер) ушул учурдан пайдаланышып, падышалык администрацияга жагынып турууга аракет кылышты. Казак-кыргыз эзүүчү төбөлдөрүнүн мындай жоругу Казакстандын бүтүндөй жергиликтүү улуттарынын арасында ар кандай даражада көрүндү.

Ошондон улам, элден мурда көтөрүлгөндөрдүн администрациясынын жергиликтүү төбөлдөрүнөн жана ар кандай салык тизмелери, мобилизациялай турган жумушчулардын тизмелери ж.б.у.с. сакталган алардын кеңселерин көп жерлерде талкалоолору табигый иш эле. Туура, ошол эле казак менен кыргыз калкынын арасында уруу башчылары, ал тургай болуштар (маселен, Шабдан Жантаевдин уулдары ж.б. Пишпек жана Пржевальск уезддериндеги көтөрүлгөндөрдүн башында) көтөрүлгөндөрдүн катарында жана башында болушту, бирок мунун себебин мындай учурларда ошол райондун массасынын көтөрүлүшүнүн кеңири өлчөмүнөн улам уруу старчындары массадан же уруудан ажырай албагандан көрүү керек, адегенде кийинкилер аларды чыккынчы катары талкалап салышмак, падышалык администрация тарабына ачык өтүп кетүү баары бир аларды сактап калмак да эмес.

Бир жагынан казак менен кыргыздардын арасындагы уруу старчындары менен аксакалдар калк арасында өзүлөрүнүн кадыр-баркын кетиргилери келбеди, экинчиден, алар турмуштун нукура уруу патриархалдык жагдайдын жана көчмөндөрдүн салт-санаасынын тымтыракайын чыгарган ар кандай жаңы нерселерге нааразы болушуп, ошондон улам көтөрүлүштө эл тарабында болуп калышты. Мында уруу начальниктери менен аксакалдары (улуулар) дайым эле администрациянын башында турушкан эмес, кай бирде башкаларга караганда турмуштук тажрыйбасы чоң жөн гана улгайган кишилер улуулук кылышып, аларга кийинки муундар урмат менен мамиле жасаган. Казак менен кыргыздардын көтөрүлүшүндө болуштар, старчындар эмес, так мына ушундай элементтер башчылык кылышкан. Падышалык администрацияга тиешеси бар казактардын катмары бир кыйла ийкем болуп, жаңы шарттарга ыңгайланышып алышкан (уруулук көчмөн буржуазия), же падышалык администрацияны колдоп, көтөрүлүшкө каршы чыгышкан же бул көтөрүлүшкө ат үстүнөн жөн эле мамиле кылып коюшкан. Казак-кыргыз калкынын арасына аралашып кеткен көпчүлүгү сарттардан, татарлардан, армяндардан ж.б.у.с. турган ар кандац сүткорлор, соодагерлер, мал соодагерлери, жалдаптар менен ишкана ээлери болсо падышалык администрациянын, келгин кулактардын түздөн-түз союздашы болуп, ал тургай бул ишканадан пайда алып калууну каалап, администрациянын жазалоочу отряддарына мүмкүнчүлүктүн жетишинче катышышкан. Каракол уездиндеги соодагерлери дыйкандар талкалап кеткен окуянын жөнү башка. 1916-ж. көтөрүлүштөгү казак улуттук интеллигенциясынын ролу айрыкча кызык.

Казакстандагы казактар турган жердеги элдин бир кыйла алдыңкы жана билимдүү катмарлары буржуазиялык-улуттук жана либералдык интеллигенцияны жетектеген А.Букейханов, М.Дулатов, А.Байтурсунов, М.Чокаев ж.б. чыгарып жаткан “Айкап” же “Казак”8 ж.б. окшогон гезит-журналдардын тегерегинде топтолушкан. Адегенде бул интеллигенциянын жетекчилери конституциялык-демократиялык (кадеттик) партияга танапташ болушат. Андан соң февраль революциясынын учурунда казактардын бул интеллигенциясы казактардын улуттук-саясый өнүгүүсүн, алардын улуттук акыл-эс сезимин ойготуу максатын көздөгөн “Алаш” улуттук-саясый уюмдун түзүлүшүнө алып келген.

Казакстандын улуттук-либералдык интеллигенциясы негизинен казактардын колунда бар таптарынын идеологиясын жана ой-максаттарын билдирүү катары чыгып, көп учурда падышалык администрациянын чоң кызматтарын ээлеген. Бул кадет интеллигенция өзүнүн жеке абалына нааразы болгон эмес да, орус  буржуазиясынан кол үзүүнү дегеле ойлоп да койгон эмес. Ал кадеттер сыяктуу эле казак райондорунун жер-жерлеринде ошол кездеги падышалык түзүлүш менен администрациянын чектен чыгууларына каршы болуп, падышалык жер саясатына (оор абалга) каршы турган, бирок россиялык-буржуазиялык партиялар менен ынтымакта иштешкен. Бул интеллигенция чыр-чатакты тынч эле чечүүгө боло турганын казактардын көтөрүлүшүн эрте, кереги жок экендигин өздөрүнүн басма сөз беттеринде мүнөздөштү. Алар согуш ийгиликтүү бүтсө, өкмөт казак элин да унутта калтырбасын айтышып, чакырылгандарды согушка барууга, жалпы таламдарды коргоого чакырган. Буржуазиялык улутчулдар бул туурасында бүтүндөй үндөөлөрдү жазып чыгышкан, анткени көтөрүлүштүн жеңилээрин сезишкен; көтөрүлүштүн келип чыгышынын түпкү себептерин түшүнүшпөй, көтөрүлүш – бул авантюристтердин кенедей тобунун колунан келген иш деп ойлошкон; экинчиден, өзүнүн ушундай позициясы менен россиялык буржуазиялык-демократиялык коомчулуктун көз алдында өзүнө кадыр-барк түзүп алууну көздөшкөн. Ошол эле интеллигенция 1916-жылы казактардын көтөрүлүшүнүн негизги экономикалык себеби болгон жер маселеси боюнча келгиндер башкармасынын иш-аракетине нааразылык билдирип, бирок, Мамлекеттик Думанын алдына коюлган бул маселе боюнча өз талаптарында кадет партиясынын көз караштарынан ары узай алышкан эмес. (Маселен, 1915-ж. “Айкап” жана “Казактагы” талаш-тартышты караңыз).

Бул интеллигенция ал тургай көтөрүлүштү басуудагы падышалыктын ишин жана анын катаалдыгын сындоону каалабастан, тескерисинче Оренбург шаарында 1917-жылдын июлунда өткөн “казак” сьездинде кыскача резолюция менен өздөрүнүн каршы болуусун билдирип, падышалык администрациясынын артынан калбай, Кытайдагы казак-кыргыз качкындарынын пайдасына көпчүлүктүн күчкө салуусу менен кайыр жыйнашып, дагы эле падышалык администрацияны ээрчип иш кылган. Казак-кыргыздардын көтөрүлүшүн баскандан кийинки “алаш ордолук” казак интеллигенциясынын администрациясы көтөрүлгөндөргө каршы маанай жана моралдык колдоо “жеңиштүү аяктаганга” чейин деп согушту колдоого өтөт. Анысы аз келгенсип, көрсөтүлгөн интеллигенциянын айрым жетекчилери патриоттук коомдор тарабынан уюштурулган аскерлерге жана фронтко жардам көрсөтүү комитеттеринин иштерине активдүү киришип, ошондой эле өз ордуларында калышкан тыл жумушчуларынын уюмдарынын (кеңештерде) иштерине да катышат. Революциянын башталышында улуттук интеллигенция бул жумушчуларды большевиктик революцияга каршы пайдаланууга аракет кылышкан (маселе, Кокон шаарындагы “мусулман жумушчулары менен аскерлердин” сьезди). Алаш-Ордо тарабынан чакырылган казак сьездерине, “бүткүл казактардын” сьездеринин негизин түзүп, “аткаминерлер” деген жалпы ат менен белгилүү болгон (“Казак” гезитин кара) ар кандай таасирлүү адамдар: болуштар, аксакалдар, бийлер, старчындар чакырылган.

Казактардын улуттук интеллигенциясынын көрсөтүлгөн позициясы Октябрь революциясы мезгилинде анын пролетариаттын таптык каршылыктары тарабында (Колчак, Дутов ж.б.) чыгуулары менен аяктайт.

Европа калкынын калган бөлүгү казак калкынын “бул азиялык ордосунун” көтөрүлүшүнүн чечкиндүү түрдө басуу тарабында турган. Падышалык бийликтин каардуу жана жазалоо чараларын сын көз менен караган европа калкынын айрым гана кишилери болгон.

Казакстандагы европа калкынын арасында социал-демократиялык жана эсерлер партиясы ошол эле мезгилде түзүлө баштаган, бирок, падышалыктын көтөрүлүшкө каршы жүргүзүп жаткан иш-чараларына карата мамилелери “колониалдык миссиялардан узай алмак турсун, администрациянын каардуу жазалоолорунан казактарды коргоп калуу туурасында бир ооз да сөз кылышкан эмес. Тескерисинче, көтөрүлүштү чечкиндүү басууну жактагандар көп болгон.

Казакстандагы ошол кездеги орус жумушчуларынын колониалдык духта тарбияланып, башында сыналган интернационалдык саясый уюмдары дегеле болбогондон улам алар казактардын көтөрүлүшүнө жаны ачыбай мамиле кылып, айрым райондордо ал тургай казактарды басууга көмөктөш болгон. Ошондон улам айрым жерлерде казактар менен кыргыздар орус жумушчуларына да кол салып жиберишкен. Ошол кездеги революциялык кыймылда европалык жумушчулар менен казак эмгекчилеринин ортосунда эч кандай байланыштын болбогондугун булардын баары ачык көрсөтүп турат.

 

“Степной крестьянинге” №53(200) тиркеме, 1926-жыл

  1. Т.Рыскуловдун макаласы Орто Азия менен Казакстандын жергиликтүү элинен 400 миң кишини тыл иштерине жөнөтүү жөнүндөгү падышалык указ себеп болгон 1916-ж. улуттук-боштондукка чыгуу көтөрүлүшү жөнүндөгү совет адабиятындагы материалдардан алгачкы жарыяланып жаткан чоң эмгек болуп саналат. Биздин республиканын тарыхчылары белгилегендей, бул көтөрүлүш “XIX-кылымдын аягында ХХ-кылымдын башталышында көп улуттуу Россиянын тарыхынын бүтүндөй жүрүшү менен даярдалган болучу”. Айылдар менен кыштактардын дыйкан эмгекчилери жана шаардык кол өнөрчүлөрдүн алда канча эзилген бөлүгү анын кыймылдаткыч күчү болуп калган. Көтөрүлүш өзүнүн мүнөзү боюнча антиколониялдык жана антифеодалдык болгон (көтөрүлүштүн башынан аягына чейин жүрүшү Казак ССРинин Тарыхынын 3-томунда жарык көргөн. 442-467-беттерди караңыз).
  2. Т.Рыскулов буга окшогон маанайлардын маанисин ашырып жиберген. Казактын улуттук интеллигенциясы пайда кылгандардын арасынан негизинен пан-түрк маанайдагы элементтердин анча чоң эмес топтору аларды бөлүп турган.
  3. Ленин В.И. Чыгармаларынын толук жыйнагы. 21-т., 330, 323-беттерин караңыз.
  4. Ленин В.И. Чыгармаларынын толук жыйнагы. 16-т., 394-б. караңыз.
  5. Шкапский О.А. XIX-. 80-жж. “Народная воля” (“Эл эрки”) партиясына кошулган. Камалып, айдалган соң Түркстандагы Келгиндер башкармасынын аппаратында кызмат кылган. 1906-ж. эсерлердин оң канатынан бөлүнүп чыккан социалисттик партиясына кирген. 1917-ж. апрелинде Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин мүчөсү, 1917-ж. ноябрында Жети-Суу контрреволюциясын жетектеп, крайда Совет бийлигин орнотууга каршы активдүү күрөш жүргүзгөн.
  6. Кауфман А.А. (1864-1919) – орус буржуазиялык экономисти, статистчи, кадеттер партиясын уюштуруучулардын бири.
  7. “Айкап” 1911-жылдан 1915-жылга чейин Троицк шаарында М.Сералиндин редакциясы астында чыгып турган журнал, 88 саны чыккан. Казактын либералдык-интеллигенциясынын маанайын чагылдырган.
  8. “Казак” – кадеттер партиясына жакын казак буржуазиялык улутчуларынын органы. Гезит 1913-жылдан 1917-жылдын декабрына чейин Оренбургда басылып чыккан. Редакторлор А.Байтурсунов менен М.Дулатов – “Алаш” буржуазиялык-улуттук партиясынын негизги идеологдору жана негиздөөчүлөрү. Граждандык согуш жылдарында ак гвардиячылардын активдүү тарапташтары жана алардын саясатын жүргүзүүчүлөр.
  9. Бул талаш-тартышка берилген бааны К.Бейтембиевдин “Казакстандын коомдук-саясий жана философиялык ойлорунун очерктери” деген эмгегинен караңыз. Алма-Ата, 1976, 310-316-беттер.
  10. Караңыз: Лениндик идеялардын туусу астында, 239-б. Амангелди Иманов боюнча алаш ордочулардын жүзү каралыктары жөнүндө сөз болуп жатат.

Которгон Түгөлбай Мамбетжунушев

 

 

 

 

 

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ

1916-ЖЫЛЫНДАГЫ КЫРГЫЗ КӨТӨРҮЛҮШҮ

1916-жылындагы кыргыздын көтөрүлүш чыгарган себебин текшергенде, жеке гана солдат жана жумушчу алат деген буйрук болбостон, анын себебин терең болуп, эзели узактан башталып, оруска карагандан бери падыша өкмөтүнө, колонизаторлоруна кара ниетте болуп келе жаткандыгы көрүнөт. Ошол себептен палыша өкмөтү кыргызды багынткандан баштап, эзип келгендиктеринин көрүнүктүү жерлеринен кыскача маалымат беремин:

Биринчиден, бугу кыргызынын (оруска) карап кеткенине башка кыргыздар нааразы болгон. Алматыдан орус аскерин чакырып келип, Байтиктин Бишкектеги өзбек менен солтону караткандыгына оруска карабайт элек деп, нааразы болуп калган солто дагы көп болгон. Маселен, жайылдан Ажынын уулу Маймыл, муну Олуя-Атадан улук Биденский чыгып келип кармап барып өлтүргөн. Бугу, саяктын султаны Зарыпбек 25 орустун аскери менен келип, сарбагышты чаптыргандыгына урук-туугандык байланышын үзүп, алсыздандырып, бир урукту ала кылып, бет алдында бой сундурууга туткан падышалык саясатына араздыкта жүргөн сарбагыш кыргызынын көпчүлүк кедей чарбалары намыстанып калган. Үмөтаалы Ормон уулунун Кытайга качууга түрткүсүнүн бири ушул болгон. Үмөтаалынын оруска карабайм деп качканынын экинчи бир себеби – тынай оруска мурун карап жакын болуп, эсенкул сарбагышынын эски жери Чоң-Кемин, Кичи-Кемин, Чүйдөн сыртка айдагандыгы болгон. 1867-жылы биринчи шайлоо башталып, эл-журт эсеп дептерге түшүп, бий, болуш, манаптын күнү туулуп, чыгым көбөйүп, бир жерден экинчи жерге эрки менен көчүп кете албастан, манапка баштагыдан бетер кул, күң катарында бекилип байланган. Эгерде бирөө качып көчүп кетсе, аны кайтадан эрксиз айдатып алып, “сен качкандан чыгым” деп мал-мүлкүн талап алган. Оокатын, мал-мүлкүн айдап алып, өзүн тентитип жиберген. Мындай зулумдукка падыша өкмөтү биринчи жардамчы болгондугу үчүн көп начар бечаралар, букаралар падыша өкмөтүнө абдан нааразы боло келген.

Токмоктун уезди 1866-жылдын күзүндө сарбагыш кыргызынын биринчи баатыры Төрөгелди Абайылда уулун Токмокко чакырып келип, аны эч күнөөсүз урганда бүткүл арка кыргызы жана манаптын таасиринде жүргөн кедей кара чарбалар намыстанып, катуу кайгырып кейиген. Орус бизди журт кылбайт экен деп, санаада калган кеп болгон. Орустан таяк жедим деп мындан соң Төрөгелди мурункудай элди көп аралабай, үйдөн көп чыкпай жүрүп 1869-жылы каза болгон.

 

БУГУ КЫРГЫЗЫНЫН КОЛОНИЗАТОРДОН МИЗИНИН КАЙТКАНЫ

Ысык-Көлдө турган бугу-саяктын биринчи баатыры Балбай болуп, Николай өкмөтү Балбайдын оруска каршы пейилде экенин билип, Балбайга өтө каршы болгон. Муну өлтүргөндөн кийин дагы журт нааразы болуп калган. Балбай, Мамыр, Маймыл, Адилди өлтүргөндүгү үчүн эл колонизаторго кек сактап калган. Ак Эшенди таап бербесең кыйыктаймын деп Шабданды кыскандыгы үчүн дагы оорлук келтирип, кектеп калган. Балбайды өлтүргөн үчүн падыша өкмөтү алдап иш кылат экен деп Күчүк Зарпбек Уулу жүз түтүн менен Турпанга качкан. Бапа уругунан Шадыкан Солтоной уулу болуш болгон үчүн качкан элди токтотуп, алып кел деп улуктар буюрганда Шадыкан барып качкан эл менен коштошуп, кайта келип жетпей калдым деп жооп берген. Балбайды өлтүргөн тууралуу Солтобайдын айтканы: “Орус менен ойнобо! Орус менен ойносоң өлбөймүн деп ойлобо” жана мурунку улутчул кыргыздар: “Орус менен жолдош болсоң, балта-бычагың жаныңда жүрсүн” деген.

ФЕРГАНАЛЫК КЫРГЫЗДЫН КОЛОНИЗАТОРДОН МИЗИ КАЙТКАНЫ

Мамыр Мергенбай уулун колонизаторлор 1881-жылында Анжианда дарга тарткан үчүн кедей чарбалар кек алып калган. 1881-82-жылдарда күзүндө (жылкы жылы) Текестеги арык тукуму менен саяк көчүп келгенде аларды аягы Тору-Айгыр, башы Байсорунга орнотуп, ал жердеги сарбагышты эриксиз Кочкорго айдаганда, бизге колонизатор жакшылык кылбайт экен деп кекте калан. Шиберге айдоо деген сөз жапайы жүргөн кыргызга өлүм, чоң азап катарында көрүнгөн. Өз ара тараптык аразды себеби менен көп киши ак жеринен Шиберге айдалган. Өлтүрүлгөн. 1885-87-жылы Балбак Байтерек уулунун (залым өкүмөттүн тилектеши – манап) кастыгы боюнча айдалгандар: Султан, Көбөй, Табыш болгон. Султан менен Көбөйдү айдап бара жатканда кишени менен сууга түшө качса, чулу көпүрөсүндө солдаттар атып өлтүргөн. Табыш Каналга айдалып барып өлгөн. Бул үчүн дагы эл нааразы болгон. Адигине кыргызынын каны саналган Курманжан датканын Камчыбек деген баласын өкмөт дарга тартканда Фергана кыргызы өкмөткө ичи карарып калып, Курманжан өзү кайгы-күйүттөн бир аз акылынан азган. Анжияндагы бир маңги эшендин салган бузугу үчүн арка кыргызын талагандыгы жана переселиндин келип,  кедей дыйкандын жерин бүт алгандыгы көкүрөктөн кетпеген дарт болгон. Ичи кектүү болуп жүргөн кедей-дыйкан орто чарбаларга июль айында кыргыздан солдат жана жумушчу алат деген кабар тарады. Бул кабар кыргыз, казакка зор кайгы болду. Малыбызды, мүлкүбүздү, жакшы атыбызды согушка алса жана боз бала менен 40 жашка чейинки эркегибизди солдаттыкка алса, кемпир-чал өз тиричилигине карабастан, согушка керектүү кызматты кылса, жакшы жерибизди переселиндерге алып берген үчүн бизде эгин жок болсо, жаш бала-чакабыз кырылат экен деп акылдан ажырап, эс ооду. Ата-баланын, ини-аганын сөзүн укпас, тилин албас, мал түгүл чымын жок кайгыда болуп жандарынан чындап үмүт үздү, бири биринин сөзүн укпастан дел болуп, онтобой оору болду. Солдатка, жумушчуга барбайбыз дегендери болсо Каракол, Токмок, Пишпек, Аксуу улуктары набактыга каматтырды. Мындай зулумдук ашып кеткенден кыргыздын көбүнүн пейли бузук чыгаруу пикирине келди. Жакшы жерлер колонизаторлордун пайдасына өтүп, соода жагынан пайдадан калган бай-манаптар жана мурункудай кедей чарбалары жеке эс албай калгандыктан, күйүнүчтө жүргөн үчүн бузук чыгарууга булар да пейилдүү эле. Жакшы жерлерге калабыз, акыр пайдасына өтүп, соода жагынан пайдаларына калганга ичтери күйүп жүргөндүктөн, ар тараптан кедей-дыйкан орто чарбалардын бузук чыгарарына көзү жетип бай-манаптар жана өкүм жагынан кысталып бара жаткан үчүн Орусия колонизатору түшүнө баштап, кыргыздын манаптары мурункудай кедей жана дыйкандарды эрки менен да албагандыктан, көбү ичте жүргөндүктөн бузук чыгарууга абдан пейли ооду. Көбүнчө дыйкан, кедей, орто чарбалардан кызматка алынмак болгон 17 менен 40тын аралыгындагы топтошуп, ар кайсы жерге жашырын жыйын кылып, уруш салабыз деп найза, айбалта, чолубаш жана башка жабдыктарды усталарга жасатышты. Бай-манап, болуштар балдарын, жакшы туугандарын солдатка жибербес акылын куруп, мыйзам издеп, учатсковой уездге пара берип, акылдашып алып калып, алардын ордуна кедейлерди жиберүүгө даярданышты. Бай-манаптардын мындай аракетин кедейлер билген соң, аларга катуу нааразы болушту. Бай-манап, болуштар майданга өз балдарын жибербестен, мындай өкүмөт жумушуна калтырууга киришти. “Кимдин айгырына ким кайгырат” дегендей өз балдарын, туугандары мында кала турган болгондон кийин бай-манаптардын көбү көтөрүлүш чыгарууга ыктыяр болбоду. Элдин пикирин билемин деп сарбагыш атеке манаптарынын Исамудин Шабдан уулу Нарынга жашырын Бугубай деген жигитин жиберип, Касымаалыдан кабар алды. Атбашы, Нарындан Николайга каршы чыкпастан, көтөрүлүшкө каршы болгондор: Казы Чоко уулу Калпа, Келдибек уулу Эсенгул, Абдырайым Чойбек, Султангазы Келдибек, Касымбек Бапайы, Түркмөн Зарпбек, Кудайбергендер болду. Булар Николайдын аскерине кошулуп, кедей-дыйканды талап, аскерге союш берип, мисалы: Көк-Артты ашып келе жаткан аскерге Калпа Келдибек уулу үй тигип, улоо ат байлап турган. Нарындан көтөрүлүшкө дили менен кошулган Касымаалы Мамбет уулу, Чолук, Кудайберген, Атабек, Сарбагыш молдо жана бүткүл ажы эли.

 

 

КӨТӨРҮЛҮШТҮН ДОЛБООРУ

Алматы казагы түн жак кыргыздары солдат бербеске бекип жүргөндө, муну угуп калган ар кайсы уезд, приставдар өз элдеринен болуш, манап-байларын чакырып алып, кээ бирин набакка салып, кээ бирин калаадан чыкпайсыңар деп кысып турган. “Солдат бербеске чараңар жок, силерден кызматчы алганы падыша силерди катарга кошуп, чоң ырайым кылгандыгы, мунусун да жакшылап билүүңөр керек” деген. Бишкектин уезди болуштарды, көбүнчө атактуу манаптарды июль айында Бишкекке чакырып алып, “кызматчы” бересиңер” дегенде улукка беребиз деп, өздөрү жашырын кеңешкен. Кеңештин башында Канат, Исамуддиндер болгон экен. Кеңештеги болгон иш: “Алматыда аскер арбын, чоң шаар, орустун кайнаган жери, жандыралы жана башка улуктары көп. Ошондуктан биринчиден алматылык казактан бузук чыгартып, ошол замат Бишкек, Токмок, Нарын, Каракол кыргыздарды көтөрүлүп, Токмок, Каракол кыргыздары Алматы казактары менен байланышып, Каракол, Көлдөгү орус кыштагы мнен Токмокко жана анын айланасындагы орус кыштактарын таламак. Казактан Жаркент уездине киши жиберип, Капал Лепсиге келип, казактарын Николайга каршы чыгармак. Нарын кыргыздары Нарынды талап, Фергана жолун тосуп, андагы кыргызды Николайга каршы чыгармак. Кочкор, Жумгал, Чүйдөгү кыргыздар Токмок, Бишкек калааларын курчап, Олуя-Ата жолун тосуп, Таластагы казак-кыргызды өздөрүнө кошуп, Ташкент жолун чындап тосмок. Башка оруска тийбестен, жалаң аскер менен согушмак. Шашып, кыйналган убакта элди сыртка чыгарып, колго түшүрүп, Боом капчыгайынан тосуп, мунун эки жагынан кырча чубалып кеткен бүткүл Ала-Тоодогу белдерди алып жатмак. Ылаажы болсо, орусту Түркстандан сүрмөк. Жерин алган үчүн переселинди кыргыздар талай баштады. Таластагы кыргыздан бузук чыкпастан, бузук чыгаруучуларга тилектеш болду. Солтодон эки жерден бузук чыкты. Анжиян-Алай кыргызы тынч болду. Каракол дунганы менен сарт калмак бузукка аралашты. Алматы казагынан мелектик жана жаркенттик көтөрүлсө да аны тезинен басты. Казакта Чапырашты казактар Чийен менен Бордекени эки-үч күн таласа да, аларды басып, баш кишилерин Алматыдагы түрмөгө салды. Булардын ичиндеги кандыкка шайлаган Ачакей уулу Бекболотту дарга тартты. Карматпай жүрүп Чапырашты казагынан Туулак 60-70 түтүнү менен кыргызга кошулуп, Турпанга качып барып 1917-жылкы өзгөрүштөн кийин кайта келди. Казактар тез эле басылып калгандыктан, кыргыздын көтөрүлгөндөрү өз жандарын коргоп калды. Дунган, өзбек, уйгур катышпастан, Николайдын жардамында болуп калды.

Солдат алат деген кабар кыргызга угулган соң, бузук кайдан чыгар экен деп аларга кошулмакка кулагын түрүп, тилеги бузулууда турду. Ташкенттеги өзбек солдат бербес болуптур деген кабар тарады. Сыр-Дарыя, Ферганадагы өзбектер дагы ошондой деди. Самарканд областы менен Жызак уездиндеги кыргыз, өзбектер уруш чыгарыптыр деген имиш-имиш болду. Июль айынын аягында Теке түрк бузук чыгарыптыр деген кабар чыкты.

 

КӨТӨРҮЛҮШТҮН БАШТАЛГАНЫ

1-августта Алма-Атага барган базарчы сарбагыш элине айтып келди: Кызыл-Бөрк жана Жаркент уездиндеги казак бузулду. Алма-Атадагы аскер калаадан ат жыйып жүрүп кетти. Мен жашынып жатып качып чыктым деп айтты. Муну угуп атаке-сарбагыш эли аныгы угулар деп ат-тонун, жарак-жабдыгын камдап турганда Алма-Ата дубанындагы Чапырашты казагынан, Мурзабек уругунан Абды Ажы деген 5-август кечинде Коңур жайлоосунда жаткан атаке эли Боронбай Сазан уулуна кабар берген. “Алма-Аталык казак-орус кыштактарын талап алдык, эртең Узун Агач, талоон коюп Кашкелеңге, андан Алма-Атага барабыз” деген.

 

ЧҮЙ БОЮНДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШ

Абды Ажынын сөзүн уккан соң, Коңурда жаткан атаке эли жетиген, кыпчактар жана Эстебестин айылындагы кедейлер, дыйкандар Самсоновка казак-орустарынын жайлоодо жаткан малын түн жамынып талап алып, бирин-серин жүргөн малай орустарды өлтүрүп, Кичи-Кеминдеги элге кабар берген.

6-августта эртең менен Кичи-Кеминдеги кедейлерден Болоткан баштык болуп, ар кайсы бал челекчи орустарды өлтүрүп, малын-үйүн талап, талкалаган. Самсоновкага келе жаткан жыйырма-отуз чамалуу жабдыктуу жай орустарды кыргыз кайтадан Самсоновка кыштагына айдап кирген. Каройдогу Васильев партиясынын Алышчы орустарынан, Самсоновканы бет ала арабачан качып келе жаткан орустардан кыргыздар бир орусту найза менен сайып жарадар кылганда, орустар көп нерсесин арабадан таштап, жеңилденип качып, атышып Самсоновкага кирип кеткен. Ушул түнү сарбагыш элинен, абыла уругунан дыйкан-кедейлер Желаргы менен Тайлак бекеттерин жана кара жол менен Бишкекке карап айдап бара жаткан казыналык көп (60-70) аттарды талап алган. 6-августта Жунуш Сасыке уулу Кичи-Кеминди түнү менен талап, балчелегин кыйратып, кемпир-чал, жаш балдарын өлтүрүп, кээ бир кыз-келиндерди өлтүрбөстөн пленге алды деп айтты.

Чоң-Кеминдеги кишилердин айтканы – берген кабары кыштакка тийбестен, чекене орустардын тамдарын аз-аз зоот, кардоонду талкалап, катын, жаш балдарын өлтүрүп, кээ бирлерин пленге алды деди жана чөп чаап мал багып жүргөн орустарды кары-жашына карабастан өлтүрдү деди.

7-августта атаке-сарбагыш эли Чоң-Кеминдеги орустун малын талап алып, тоодо жана талаада жүргөн бирин-серин  мал баккан эгинчи батырак орустарды өлтүргөн Жол-Булактагы Кардоон менен Аразооттун калканын талап алган. Мен ушул күнү мойнумдагы Николайдын төшбелгисин үзүп ыргытып жиберип, жанымдагы печатын таштап жана концеляр кагаздарын сууга салып, кедей-дыйкан, букарага кошулуп, көтөрүлүшкө кошулдум. Бирок, пристав аскери менен келип Жел-Арык, Бөрүбайдагы көтөрүлгөн кыргызды кубалаптыр, эми Чоң-Кеминге келип бузукту басат экен деген сөздү угуп, кокустан келип калса билдирбегеним үчүн аттырып жиберет экен деп заявление жазып, Баялы деген жигитти жибердим. Ал кайтып келбеди. Аны Ак-Бекет, Быстровкалык крестьяндар тарабынан өлтүрүлгөнү кийин маалым болду. Карыган киши жиберели десек, мени эмне кылмак эле деп кайраттанып болбостон жүрүп кетти. Билдирүүмө себеп болгон ахыбалдар төмөндөгүдөй:

  1. Казактан көтөрүлүш чыкты. Кабар угулар замат кыргыздар орустардын катын-кыз, жаш баласына, кедей, абышка, кемпир, малчыларына ырайым кылбастан өлтүрө баштады. Кедейлерин дагы өлтүрдү. Биздин урушарыбыз кыз-катын, жаш ала, абышка, кемпир, кедей эмес десем, сен оруска боорун ооруйсуң, өзүң чокунган оруссуң деп мени өлтүрмөкчү, урмакчы болду дагы ырайымсыздыгын андан бетер күчөттү. Приставга билдирилди деген сөздү эл угуп, кемпир-чал, катын-кызды, жаш балдарды, кедейлерди өлтүрүүдөн тыйылар бекен деп ойлодум.
  2. Узун кулак кабардан казак басылып калыптыр деген кабар болду. Эгерде басылганы ырас болсо, балким кыргыз да басылып калса, көтөрүлүш жөнүндө эмне үчүн кабар бербедиң деп мени атып жиберет го деген ой мага келди.
  3. Көтөрүлүш болгон чакта Исамудин Шабдан уулу Бишкекте болгон үчүн анын Чоң-Кеминдеги агайындары, эгерде бузукту биз чыгарып коюп, кокустан Исамудин келбей калса (Исамудин 9-августта келген) аны улук өлтүрөт деп ойлоп, Чоң-Кеминдеги сарбагыш эли Исамудин келгенче кыштакка талоон койбостон, токтоп турган. Бул окуя мага чоң коркунуч болду.
  4. Бүтүн кыргыздын көпчүлүгү көтөрүлүшкө катыштыбы, жокбу, бизге билинбеди. Ал себептен, эгерде биз эл алды болуп бузук чыгарган болсок, кокустан журт текши көтөрүлбөй калса, 40-50 түтүн аюке уругун башка атаке-сарбагыш эли улукка көрсөтүп, баарыбызды кырдырат деп айыл арасынан ыргылжың сөздөр чыкты. Көтөрүлүш чыгаргандар мурункудай эле катын-кыз жана бала, кемпир-чалды, мал баккан малайды өлтүрдү.

Мен бул жерде дагы жана Кытайга барганда дагы плендердин тизмесин бүткүл атаке-сарбагыштан жыйып жүрүп, Кытайдан кайра келгенде 1917-жылы октябрь айында Кытайдан баш жыюу комиссиясынын башчысы комиссар Тынысбаевге колмо-кол тапшырдым. 7-8 августта Желпилдекте турган сарбагыш элинин дыйкан-кедейлери, тынай элиндеги кембагалдар баш кошуп, Талды-Булак (Орловка) кыштагын талаган. Ушул күнү Токмок приставы Байгулов келип, кашында жыйырма солдаты бар Бөрүбайдагы Малай Кебентай уулу баштык кылган кембагалдар менен атышып, кыргыз качып кетип, тоого чыгып баруу кыйын болуп, Байгулов кечке жакын Самсоновкага кеткен. Токмоктогу орустар калаадагы кыргыздарды өлтүрө баштаган. Ушул күнү атаке сарбагыштан 400 киши Самсоновканы камап турганда Ысмайыл Далбай уулуна ок тийген. 9-августта атаке, сарбагыш эли шашкеде Шабдандын мечитине чогулуп кеңеш кылып, ак боз бээ союп Мөкүш Шабдан уулун кан көтөргөн. Мен бул кеңеште болбодум. Эл орусту каптап келе жатканда саат бирлер чамасында Чоң-Кеминдин суусундагы Ново-Российский кыштагынын көпүрөсүнө жеттим. Мөкүштү кан көтөргөн соң, токтоткон кеңеш: ар кайсы айылдагы аскерликке чогулган кишилерге (жигитке) өз айлындагы аскерликке чогулган кишилерге (жигитке) өз айылындагы кайраттуу кишилер башчы болсун, тамагына талкан, нан, сүзмө, курут алсын. Конгон жеринде талоондон түшкөн малдан союп жесин деп сөздү токтотуп, жалпы баары атка минип, туу кармашып Ысмайыл ажы баштаган молдолор болуп “Теңир колдосун!” деп түш ченде Чоң-Кемин кыштагына көпүрө жагынан миң чамалуу киши чабуул койду. Дүкөнчү орус жигит Соловянов (атасы ушул сапар кыргыздан өлгөн) алдыбыздан чыгып “биз урушпайбыз” дегенде, көпчүлүктүн айтуусу боюнча Кемел Шабдан уулу жана мен төмөнкүдөй кат жаздык: “Эгерде жабдыгыңарды берсеңер  - аман-эсен узатып жиберебиз, эки сааттан калбастан жообун бергиле”, - деп Кемел Шабдан уулу, Белек Солтоной уулу кол койгон. Бул орус кеткен соң, журт мындайча кеңеш кылды: эгерде жабдыгын берсе, түтүнгө бир араба, бир аты менен аман-эсен Ак-Бекетке чейин узатышып коймокко, узатып барууга милдеттүү Кемел менен Белектин мойнуна такты.

Эки саатта жооп бербеди жана да бир аз күтүп турду. Орус жактан киши көрүнбөгөн соң, жооп бербес болгон экен деп чабуул койду. Калмырза деген өзбектин дүкөнүнө барып чогулуп, орустар алдын араба менен тосуп алган. Каптаган кыргыздын алдынан качырып барган кедей Төлөмүшкө ок тийип, эки күндөн соң өлдү. Болсун жана Бөгөй деген кыргыздар баш болуп, 10 чакты катын “жаныңарды аябай жакшы урушкула” деп кыштактын жанына келип турду. Көтөрүлүш жасаган кыргыздардын бети ачык болуп, орустар катын-баласы менен камалып жатып, мылтыктап турду. Кыргыздын көбү үйлөрдү талап, буюм-тайымдарын алып, чиркөө менен тамдарын өрттөдү. Бакчага, короого жашынып калган катын-кыз, баланы талап, аларды өлтүрдү. Ушул күнү кырыздын колуна түшкөн бир катын, эки кызды (узун мурут дүкөнчүнүн катын-кыздары) мен сурап алып, айылыма эки күн багып, аман-эсен түн ичинде кыштагына жиберттим.  Колго түшкөн катын-кыз баланын кээ бирлерин өлтүрдү. Кеминдин кыштагында өрт күйүп жатканда Кичи Кеминден Акмат Сасык уулу келип, Кичи Кеминдик орусту талап, билгенин кылып жатат. Бирок, казак бүткүл баш кишилерин карматып, уруша албастан качты. Жана тынчып калды деди. Мен кабар айтканы келдим эле, атаке-сарбагыш элине бүт айттым деди. Муну уккан соң кеңешип, Алматы казагынан бизге жардам болбойт экен. Жол ачык болуп, бизге Алматыдан аскер келе берет экен деп бел-белди тосмокко 200 чамалуу жигитти жибердик. Атаке-сарбагыштагы жабдыкты эсептесек, он чакты бардаңке, беш-он колго октогон октору болуп, ар кайсы жерде чачкында болгон. 10-августта Чоң-Кемин кыштагын тегеректеп тургула деп 200 чамалуу жигитти таштап, кедей-дыйкандар алардын ичинен Мөкүш болуп 300 жигит Самсоновкага кетти. Мен барбастан кечинде айылды тоонун бек жерине кондурмакка Көк-Ойрокко көчтүм. 9-10-августта Пишпек уезди Рамшеевич 40 чамалуу солдат жана Кара-Булак казагынан Касен башчы 50-60 киши келип, Самсоновканын күн батышынан атаке эли менен атышып турганда, аларды каптап калган 60-70 кедейден туура арыкка туюкталып калганда кыргыздан беш киши өлгөн. Ичинде Жетиген дейдинин баласы болгон. Кедейлерден Болоткан жетип, найза менен Рамшеевичти саярда атына ок тийип жөө калып, солдаттар кылычтап өлтүрүп кеткен. Өздөрү Рамшеевичти коргоп, Самсоновкага жөнөгөн. 11-августта Самсоновканын жанында Рамшеевич, Байкулов, казак-орустар жана солдат полициялар болуп 100 чамалуу киши менен Мөкүш баштап, 500чө киши атаке-сарбагыш эли (бир эсепте 600 киши) беттешип, кыргызда мылтык жок болуп, айбалта, чолу баш, найза менен качырганда аюуке уругунун кедейи Бөкөй Курманкожо уулу жана башкаларынан 2-3 киши өлгөн. Бир нече киши жарадар болгон. Окко чыдай албастан кыргыз Боролдойду көздөй кеткен. Мөкүш Кичи-Кеминге ашып түшкөн жол менен Боролдойду бет алып бара жатканда, казак-орустар жолдун боюндагы бактуу дубалды тешип алып, көрүнбөй туруп элди аткылаганда, окко чыдай албай дубалдагы орусту качыра албай талаага качкан. Мөкүш жана туу алган киши качпастан, бастырып жүрүп олтурган. Туунун бетине нечен ок тийип, бир канча жерин тешкен.

 

КАЗАК-ОРУСТУН КӨК ЖОНДО ЖЕҢИЛГЕНИ

Мен жана агайыным 50 түтүн чамалуу жоо арасында турмак үчүн Көк-Ойрокко 10-августта көчүп, 11-августта кайтадан келе жатсак, Карагайлуу-Булактын ички жагы талаасындагы элге кабар бермекке алдыбыздан Ырбайым Мөкүштүн жигити чаап келип: “Ыбрайым Көтмалдыдан көп мылтык, ок түшүрдү, аскер бөлүп алды” деди. Муну уккан соң кубанып, катуулай жүрүп Үч-Булактын оозунда калган үйүнө келип конуп, тамак бышырып жеп, эртесинде аттанып, Кашка-Жолдун күн батыш бетине келип, 30 чамалуу киши карап турсак, эл быт-чыт болуп Чоң-Кеминди бет алып көчүп калган экен. Төмөндөн келгенибизде, алдыбыздан атаке элинин калың көчү жолукту. Андан өтүп Кичи-Кеминдин далаасына келип, Кийик-Сарыга жакындаганда Самсоновка казак-орусунан талап алган миң койду айдап бара жаткан Оторбай Кудайменде уулу жолукту дагы айтты: “Аскер көбүрөөк келип шашып көчүп калдык, төмөндөп барбагыла, оруска капталып каласыңар” дегенде Көк-Жонго чыгалы деп Кийин-Сарынын күн батыш жагындагы каптал жолго түшүп, кырчага чыкканыбызда жылга-жылга менен качып, Көк-Жонду бет алып калган экен. Ойдогу талаада кандуу арыктын орто коолорун, аскердин келе жатканын көрдүм; төшкө жакын жерде 2 жантайдан Жанек, Ыбрайым, Абдылда келе жатыптыр. Анда-санда кайрылып кубалап келе жаткан казак-орустарды аткылап келе жаткан экен. Бизге жете келди. Бир аздан соң бир жүз чамалуу атчан аскер Үч-Эмчектин Кичи-Кемин жаккы бийик капталга келгенде баары аттан түшүп, аттарын жетелеп басты. Атчаны 3-4 киши болду. Булардын жөөлөп кечигип калганынан биз пайдаланып, мурунураак жонго чыктык. Эгерде казак-орустар тезирээк жүрсө эң алдыда, биз ченде 300 чамалуу кишини колго түшүрөт эле. Биз Кашка-Жолдун үстү, бийик чокучанын Жол-Булак жаккы бетине барганыбызда, бир чакырым жерден казак-орустарды аткылап жакыныраак жетти. Бир киши өлдү. Жантай деген кедейдин бутуна ок тийип калды эле, Жума Качкын уулу учкаштыра качты. Султан Далбай уулу “кайта качырбасак кырылабыз” деп бура тартып бакырып турганда ок тийип жаралуу болду, анан ал дагы артка качты.

Байсал Кедей уулуна ок тийип өлдү. 200 чамалуу киши элек, бири-бирибизге карабастан качтык. Көбүнүн аты жүралбай жетелеп калды. Менин атым семиз деп, жүрбөй калганда  таштап жөө качууга да, жолдош болгон жоор атымды кыя албай арта калганымда, агабыздын баласы да жашыра билбей кайрылып келип атына мингизди. Атымды коштой качтык. Алдыбызда көчүп бара жаткан эл көчүн таштап, көбү катын-баласына карабай качкан экен. Бир жаш келин жөө калыптыр, “мени ала кеткиле” деп жалынганда Алике Алымбек уулу учкаштыра качты. Биз Кашка-Жолдун белине барганда баякы ордо чокудан казак-орус ашып чыкты. Бир далай кечигип калды эле, бизди кууп келе жатканда көчкөн көчкө капталып, жетиген Абыл мейизден айкын экен, 16-17 катын-бала, кыз-келинди өлтүрүп, ошол жерге буйдалып калган экен. Биз Кашка-Жолдун белине 40-50 киши андан-мындан кошулуп турганда, казак-орустар түзөң жер болгону үчүн кылычын сууруп ала аткылады. Элдин көбү жондой жана Чоң-Кеминдин талаасын карай түшө качты. Мен дагы талааны көздөй качтым. Казак-орус Кашка-Жолдун бетине жакындап келгенде сарбагыш элинин жантай уругунан (калмак), эки ыстарчын элден 70 чамалуу кедейлер найза менен качырганда 2 киши өлүп, бир киши жана аттар жаралуу болгон; казак-орустар түшө калып жапырт мылтыктаганда чыдай албастан качкан. Ушул чакта Кичи-Кеминдин Кашка-Жол жаккы бетине оодарылып кеткен Ыбрайым Төлө уулу элдин тоо-тоодо качып бара жатканын жана Көк-Жондо каптап келе жаткан казак-орустарды көрүп, кайта тезинен келип казак-орустар Кашка-Жолдун белине жакын калганда алардан мурун келип, кашка жолдун Чоң-Кемин жаккы жолдун күн батыш жаккы бийик дөбөдө жашынып туруп калган. Казак-орустар кашаттын башына чыгып, Кашка-Жолдун белине жакын алдыңкы коого кирээрде Ыбрайымдын баласы Ажымүдүн жана эки жакын иниси атканда 2-3 казак-орус аттан кулаган. Казак-орустар жапырт аттан түшүп атышкан. Бул атыш түштө башталган. Кашка-Жол менен төмөнкү чатта бир жолдошум менен качып бара жатсам, кайрылып караганда белден кыргыздар тосуп атып калган экен. Ошол кезде “Ыбрайым атышып орусту токтотту” деп бир жигит чаап келди. Жолдошум менен кайтадан кайтып бара жатсам, Кашка-Жолдун Жолбулак жаккы кырчадан 30 чамалуу казак-орус кылычтарын сууруп ала, Чоң-Кеминди көздөй чаап калды. Алдынан үч кыргыз чү коюп келип, кыраңчадагы майда койташка жашынып туруп окту төгүп жибергенде, казак-орустардын кайта качканын көрдүм. Келсем 5-6 казак-орус, 4 ат жыгылган экен. Октор баарынын башына тийген. Атышкан үч киши: Нурдин Искендеров, Жакып Боромбаев жана Абдыракман Надырбеков деген, баарысында жаңы бардеңке болгон. Жаңы мылтыкты кайдан алдыңар? – десем, “Ыбрайым түшүргөн бардеңке эмеспи” деди. Алардан өтө Кашка-Жолдун белине келсем, кырк чамалуу бардеңкечен жигиттер далдаага жашынып, казак-орусту аткылап жаткан экен. Ыбрайым кара топучан ак бешмантын шымданып, 40 кишиге ок таратып берип: “мындай ат, андай ат!” деп атчан бастырып турган экен. Ок аткан жигиттердин артынан аттарын кармап, жөө түшүп турган элдин болжолу 360 чамалуу киши экен; эки жактын атышы күн батаарда токтолду. Ушул кезде карыган чал Кара уста Чоро уулу “жоо качты” деп дөбөдөн кайта кыйкырып келди. Чуу коюп келсек, казак-орус качкан экен. Бир нече өлүк калыптыр. Атышкан жери орулбаган бийик арпа экен. Айлана-тегереги уйпаланып кызыл ала болуп кеткен экен. Арпаны аралап жүрсөк бир чөлмөнүн арасында жарадар болуп, чени бар бала төрө жаткан экен; наган менен атаарда наганды жулуп алып, өзүн өлтүрү. Наганды Ыбрайым Төрө уулу алды. Кылычты Байаке Шадыкан уулу алды. Жанын аңтарсак, бир кагаз чыкты. Окуп көрсөк “Жандаралы1 Вольбаумдун колу коюлган буйрук экен...

Сөзү бул: “Көтөрүлүш чыгарган кыргызды, көбүнчө атаке-сарбагыш элине шапкат2 кылбагыла” деген. “Воставшим киргизам – особенности атаке-сарбагишевцам пощады не давать”3.

_________________

1.Жандаралы – генерал

2.Шапкат – ырайым

3.Оригиналда орусча текти кошо берилген.

 

Күн батканда эл чогуусу менен Жолбулактын белине жакын жердеги таш башатка келип конду, сүзмө, курут, бышырган эт жеп, чык жерге жатышты. Күн ачык болду. Ушул күнү Көк-Жондо уруш болордон мурун Самсоновкадан Кичи-Кеминди бет алып келе жаткан алты казак-орусту атаке элинин кедейлери атышып, кайта Самсоновкага кубалаган. Жолбулакты бет алган отуздай аскери Жолбулактын Боролдой жаккы оозунан элди таратып, көбү качып Кеминге түшүп, артынан Мөкүш менен Мала атышып, бир аз токтотуп анан качкан. Аскер Жолбулак ашып, оозуна жакындаганда алдынан Ысамүдүн чаап келип, ташка жашынып туруп атышкан; ок тийип бир кедей өлгөн. Аскер Жолдубулактын оозундагы коргонго кирип, тешип алып атышкан. Буларды түн боюнча камап, атышып, көбүн өлтүргөн. Азы качып, кутулган. Ошондо колго түшкөн бир аскерди өлтүрбөй, Кемел Шабданов багып туруп, кийин качарда аман-эсен өз атын берип жиберген.

 

ЫБРАЙЫМДЫН МЫЛТЫК ТҮШҮРГӨНҮ

Бай-манаптын балдарын мында калтырып, анын ордуна кедей балдарын жиберишке уезд жана башка улуктар менен кеңешмекке кеткен Ысамүдүн Шабдан уулу, атаке-сарбагыш элдери бузук салыптыр деген кабарды Пишпектен угуп, чыкканы жатканда 8-9-августта Пишпектен жөнөткөн кызыл жылкы байлаган казыналык арабадагы жана алып бара жаткан 7-8 солдаттын жүктөрүн көрүп, элден “бул эмне?” деп сураса “ок-дары экен, Караколго барат” деген. Ысамүдүндү улукка чакырып алып “Элиң бузук салыптыр” дегенде “Мен аны тезинен барып токтотомун” деген. Ысамүдүн келип шашып, кээ бир жолдошуна карабастан качып чыккан. Тезинен жолдо келе жатып Ыбрайымга жигит чаптырып айткан: “Бир нече кызыл желек байлаган мылтык, ок-дары салып, бир топ солдат кетип бара жатат. Ошону ылаажы кылып түшүрүп алсын!” дегенде, Ыбрайым тосо чыгып Боомдун капчыгайынан көрүп, арабадан мурун жетип Көтмалдыдагы эски бекеттен тосуп туруп, атын далдаага бир жигитке карматып коюшкан. Араба тарткан атты жана бир нече солдатты жыга атканда солдаттар арабаны таштап качкан. Арабадагы бүткүл жабдыкты колго түшүргөн кезде, жартысын аңдып турган арык тукумунун кыргыздары талап кылган. Жартысын Ыбрайым баштаган чогултуп келген кедей-дыйкандар талап алган. Араба тарткан жамщик татар жигит колго түшүп, кыргыз менен бирге Турпанга барып кайткан.

Көк-Жондун урушунан соң атаке-сарбагышы эки башка жакка барбастан, Чоң-Кемин кыштагын күн-түнү камап турду.

Күнгөйдөгү саяк кыргызы Рысалы Такамбай уулу келип, көз айланасында болгон көтөрүлүштү айтып бир даңк алып кетти.

Шамшы элинен Төрөмбек келип, качпастан согушалы деп элине жиберди. Токмок, Пишпектеги болуп жаткан аңгемеден кабар бермекке келем деп кайта кетти. Башка байланыштары болуп, Акыра ашып жүргөндүктөн казактан кабар алып кел деп эл мени жиберди.

16-17-августта жайык элине Алике Алымбек уулу жана кедейден Төлө Жөкө уулу барып келди. Күндүз түн бирдей Көк-Жонду, Кашка-Жол, Кара-Кыя, Жолбулак белдерине кароолчуга жүздөп кишилер коюлуп турду.

Боом менен Токмокко кетип бара жаткан Нарын участковою Ковалевду атаке-сарбагыш элинен Чоткара Чагатаев ичинде 12 кедей атышып колго түшүрө албаган. Ковалев бала чагында Өзүбек Бошкой уулунун багуусу менен жетилип, кийин окушка кирип, Пишпекке председатель болуп турган. Андан Нарын участковой начальниги болуп бекитилген.

 

ТОКМОК, БИРКУЛАК, КОЧКОРДО БОЛГОН КӨТӨРҮЛҮШ

Тынайдан Дүр, Сооромбай мурунтан көтөрүлүш кылды деген кыргыздарга сөзүн кошуп келсе да, көтөрүлүш чыккан кезде Токмокто болуп, аны улуктар тышка чыгарбастан мейман туткун кылып турган. Дүрдүн улукка берген жообу:

“Менин 400-500 түтүнүм бар, башкаларынын эсебин алалбаймын” деп 400 түтүн урушпасын деп киши жиберип турган; калган тынай эли Шамшы, Бурана элдерине кошулуп көтөрүлүш чыгарган. Кызыл-Суу, Талды-Булактагы тынай эли сарбагыш элине кошулуп, Талды-Булак орусун жана башка жерди талап алган.

Келдик уругунан Төлө калың аскер Токмок ускуна жалгыз ат коюп барып, найза менен саярда аны жүзбашы дунган найза менен сайып өлтүргөн. Артынан айбалтачан барган батыракты кошо өлтүргөн.

Шамшы элинен Мамбеталы, Мураталыны кошпой туруп Кокордон Канаат келгенде кошулган. Шамшы элинин Кубат уулу дал болгон болушу биз урушабыз деп катын-баласы менен 7-8 жан эски Токмоктогу орустун жанына келип конгондо, мужуктар баарысын өлтүргөн. Токмоктогу мужуктар ичиндеги кыргызды катын-бала, кары-чал дебестен кырган. Андагы чала казак Райымбекти баласы менен өлтүргөн. Кыргыздар тамдын төбөсүнө тааныш орус, дунган, өзүбек, ногойдукуна корголоп туруп, түн ичинде качып чыккан.

Акбекет, Быстровкадан орустардын айланасындагы кыргыздарды айдап келип кырган.

Августтун орто ченинде Токмоктон 40 чамалаш киши (дунган, өзүбек, ногой аралаш) Шамшынын сайы Кара-Чекендиге келип атышканда Шамшы, Бурана, Тынай жана Нурманбет элинен көп киши келип, элдин алдында шамшылык Эшпай атчан качырып бара жатканда атына ок тийген, беш камалак Кошой деген качырып кирип, пулеметту атып турган солдатты өлтүрө сайган. Жана Сулайман Сасыкулов бирин өлтүрө сайганда солдаттар мылтык, кылыч, нагандарын таштап Токмокко кире качкан. Масымкожонун атына ок тийип калганда эл токтоп калып, качкан орусту кубалай албай калган. Ушул кезде Кочкордон Канаат 30 киши менен келип, колун алып Кеминге кайра кеткен.

21-22-августта Кочкордон Шамшы ашып Канаат башчы 400 киши келип Шамшы, Тынай, Бурана, Нурманбет эли чогулуп, Канаатты кан көтөргөндө эл келип Токмокту тегеректеген. Атаке-сарбагышка барып, кайтадан келе жаткан ойуз баштык аскер чыгып келип, Бурананын төмөн аягы Масымкожонун мечитинин алды жагындагы Кашатка Ажыбек замбирек орнотуп ата баштаган. Башта замбирек көрбөгөн эл чоочуп, кол салалган эмес. Орустар замбирек менен атып туруп, кечке жакын Токмокко кеткен.

Жаныш эли казактын көп түтүн Токмоктун башынан кечип, кыргызга кошулмакка көчүп бара жатканда, мужук менен солдаттар алдынан чыгып, катын-бала дебестен көп кишини өлтүрүп, мал-мүлкүн талап алган.

Канаатты кан көтөргөн эл чогулуп, Канаат ичинде болуп 2000 киши августтун аягында Бир-Кулак орусун талаган. Бир-Кулактын суу жагы ачык калып атышкан, кечке жуук кыргыздар каптаганда сууну кече качканы бөлүнүп, жаш балдарынан сууга кеткен. Орустан 4-5 киши, кыргыздын 7-8 киши өлгөн. Ушул талоондо Канаатын аскеринде бардаңке, башы милтелүү мылтык – баарысы 40тан ашпаган. Атаке-Сарбагыш эли үркүп кеткен соң Алматыдан, Пишпектен аскер келе баштаганда нурмамбет эли, жаныш казагынан бир азы Бурана, Шамшы, Тынай элдери үркүп Кочкорго түшкөн. Кочкордон Байдалы деген инисин ичинде 300 кишини жана кайдадан Токмокко жибергенде, 27-28-сентябрда Шамшынын күн батыш жаккы чыканагы Эки-Арча, Алмалуу деген жерде жабдыктанган орустарга капталып калып, 50-60ка жакын кишини кырган, калганы качып кеткен.

Жогоруда Кара-Коодон Ковалевдон качып кеткени айтылды эле, 25-28-сентябрда Нарындан отуз чамадай арабалуу келе жаткан 30-40 аскери менен бир далай орустарды кууп келе жатабыз деп саяк Көкөмбайдын кишиси келип, Канаатка кабар берген; Канаат Кочкорго чогулган асык, сарбагыш, солто, казактан 4000 чамалуу киши менен келип, Безбекеттин төмөн жагынан 50-60 мергенге (ичинде Атакан Тезекбай уулу бар) кара жолдун каршысындагы жоон арыктын суусунун жээгиндеги чийге жашынтып коюп жана кара жолдогу кичине көпүрөнү бузуп, эл артынан бийик кашаттан карап турган. Келе жаткан орустар көпүрөнү оңдоп жатканда, чийдеги жаткандардан бери мылтык аткан орустар кашаттагы элди жапырт атканда качкан. Аны көрүп чийдеги мергендер дагы качкан. Орустар өлүгүн алып шашпастан Кара-Коого кирип кеткен. Эл түн бою камап алабыз деп Кара-Коого келип жатканда орустар түн катып жүрүп кеткен. Мындан соң Кадырбек, Борукчу, Ниязбек сарбагыштары бириндеп Турпанга кача баштаган.

30-сентябрь чамасында Алматыдан келген 200 чамалуу Силенко баштык казак-орустар күндүз саат 11 чамасында Караколдун ою, токойдун башындагы Төрөгелди тукумунан Авазбектин тамына пулемет орнотуп, Канааттын 700 чамалуу аскерин ата баштаганда кыргыздар жапырт качкан. Казак-орустар түшө калып, жапырт атканда кыргыздардан бир нече киши окко учкан. Түш мезгилде кайта жапырылып калган. Жартысы токойго кирип, жартысы ортокко, жартысы Караколду бет алып кетип, калың көч алдына түшүп качканда, артынан казак-орустар кубалап, ак белде жатып, катын-бала дебестен ийрип туруп ата баштаган. Булардын көбү казак болуп, кыргыздар тоо арасына чыга берген. Кыргыздар баш кошуп, түн боюнча жыйылабыз деп урушмак болгондо, 700 жөө солдатты, 200 атчан казак орусту Касымбек Баатайов менен Кудайберген Райымбеков баштап келе жатат деген кабарды алган соң, атчан аскердин келгенин  көрүп кыргыздар бет-бетинен качкан.

Каракоого аскер келгенде аны менен аскер атышкан. Келген аскер 200 чамалуу киши болуп, атыш беш күнгө созулуп, бири-бирине чабуул кылалбаган. Ушул чакта Жумгалдан бир миң чамалуу киши келип, ичинде Көкөмбай баштык жана Байзактын балдарынан башка Караке чилтен Эшимбек жана Балбак болуп Канзатка кошулган.

Сентябрдын аягында эртең менен Кызарт жактан 200 чамалуу киши көрүнүп, аны кыргыздар биздин кол экен деп турганда алар келип кыргызды ата баштаган. Ошол чакта мурунку урушуп жаткан 200 аскер кыргызга чабуул койгон. Кыргыз эки аскердин ортосундагы аткан окко капталып, Канзат кылычтап айдаса да окко туруштук бере албай ачкан. Кабарда Канзат найзачан, атчан качырып кирип, бир аскерди сайып, жеткирбей кайта качып кеткен. 200 аскер Алтын-Булактан кайта, көч Караколдон үркүп, казак-орустар көчкө жетип, катын-бала, кары-жаштан Каракол, Бучук, Ак-Белдеги элдин кырылганы болжолу 1200 чамалуу жан болгон.

Бул кыргында солто, сарбагыш баарысы 6000 ашуун түтүн болгон. Тоо арасына барганда кыргыздар бугуп туруп, көп жерде найза менен качырып, каптаган аскерди токтоткон. Ат көп өлгөн. Мал, күлк аскердин колуна көп түшкөн. Аягы Талды-Булак, башы Каракол, эки ортодо жаткан өлүктүн көптүгү эсепсиз болгон.

Өлгөндөр көбүнчө катын-бала болуп, эр-азаматтан аз өлгөн. 30 солдат менен бир төрө кууп келе жатканда бобой уругунан Токтонай, Көбөй дегендер тосуп туруп, төрө орусту өлтүргөндө калганы качып, арткы аскерине кошулган. Ак-Белдин  кырына солдат каптап келгенде Жукеш Төлөк уулу төөнү чапкылап атышып, эки солдатты жаралуу кылып, Жантай уругунан Саспак деген бир жигит качырып барып, бир солдатты жыга сайганда солдаттар кайта качкан. Эл тоо тоого бекинип калган соң, жылдыз өчкөн соң Анжияндан Тогуз-Торо басып аскер келген соң, кыргызга бүлүк салбастан тынчтыткан, мындан соң аскер тарабынан кыргызды өлтүрүш болбогон.

Канзат канчалык жолдошу менен Кытайга качып бара жатып, Жадак белге барганда элимди, катын-баламды өрткө таштап, өзүм жанымды ала качып барып оокат кылгандан өлгөнүм артык, не да болсо элимдин ичинде болоюн деп кайта келип, Кочкордун Баш-Караколунда жаткан.

Бобров баштык 700 жөө, 200 атчан аскер 3-октябрда Караколго жетип калган. Элге тийбестен мал-мүлктү алып, баш киши бересиңер, калганыңар мал болосуңар дегенде кыргыздар тынчып, жай-жайына жатып калган.

Курманды бир баласы менен сурактан соң бошоткон. Ысак деген баласынын эки колун байлап, дарга тартканы алып бара жатканда Ысак чыканагы менен жанындагы орусту түрткөн. Бобров: “Шайтан эмне түртөсүң?” дегенде Ысак алдындагы дарга тартылган кишини көрсөтүп айткан: “Мен жашмын жана болушмун, дарга тартпаңыз, буйруган кызматыңды кылайын” дегенде, бир ногой солдат тилмеч болуп сөзүн айткан. Ошондо Бобров Ысакка: “Канзатты кармап бересиңби?” дегенде Ысак “Кармап беремин” деген.

Бобров Ысакты дарга бүтүм кылган кагазды кызыл сыя менен каршы-терши тартып өчүрүп, Ысактын колун чечтирип, жаткан жерине алып келип чай берген. Сен кокустан качып кетсең дегенде Ысак “Качпаймын” деген. Андай болсо атаң кепилге алсын деп Курманга кепилге берген. Ысактын жанына аскер кошомун дегенде болбостон аскерсиз өзүм барып кармаймын дегенде Бобров ынаган.

Ысак жигиттери менен Канзатты издеп жүрүп таба албай анын жигити, асык Сагымбекти “Канаатты таап бергин, өлтүрөмүн!” деп кыйнаганда Сагымбек айтып берген. Канаатты Жолколоттун ичинен табалбай калып, эртеңки шүүдүрүм менен изин кубалап барып Сууктан таап, Ысак болгон окуянын баарын рас жеринен айтып, мен сизди таап беремин деп атам. Курманды кепилге коюп келдим, барсаңыз сизди тирүү коет деп ойлобоймун, эгерде качсаңыз кошо качамын, атам Курман өлсө өлсүн дегенде Канаат баласы Карынбай менен кеңешип олтуруп, барууга макул болгондо Ысак жабдыктарын талкалатып, Канаатты алып жүргөн. Каракоого келгенде Бобров менен Силенконун Нарынга кеткенин угуп, Канаатты артынан алып жүргөн. Каракоого келгенде Бобров менен Силенконун Нарынга кеткенин угуп, Канаатты артынан алып жүргөн. Нарынга жакын калганда Сагымбекти калтырып, Канаатты Бобров менен Силенкого Ысак тапшырган.

Канааттын Ысак деген баласын аскер кармап келип, Улаколдо Ак-Терек деген жерде дарга тарткан. Жана башка канчалык киши тартылган.

Канааттын бир канча кишиге кошуп, Пишпекке айдап барып, андан Алматыга набактыга камаган. 1917-жылында Никелей тактан түшөрдүн алдында 57 жашында набакта жатып, ооруп өлгөн.

Сөөгүн кийин Кеңеш өкмөтү орногондо алган. Канаат узун бойлуу, өтө толук эмес,  жүзү ак жуумал, кандуураак, ээги узунураак, койкөз, чочкороок жээрде сакалы болгон. Өзү өкүм, сөзү ачык, мусулманча окуу, жазуу билген, сөзгө чечен, курч, кайраттуу киши болгон. 1904-жылы ажыга барган.

1869-жылы Канаат аскери менен келип Узунагачта жеңилип качканда туулган, ошол себептен атын Канаат койгон.

Тынай элинен 500 түтүн Дүргө караштуубуз. Дүр оруста калды. Бизге орус залал кылбайт деп жана келсин деген. Дүрдүн кабары болгон соң, кайта жерине көчүп келгенде Дүргө караштуу элди башка бөлүп алып жана башка тынай элинен ээрчип келгендерди Кызыл-Суудагы Егнат деген орус жана Кызыл-Суу, Токмок, Покровка, Орловка орустары Көк-Жарда 300 чамалуу катын-бала аралаш кыргыздарды өлтүргөн.

Шамшы, Тынай, Бурана, кыргыз Жумгал, Нарын, Кочкорду кыштап калган. Канаат Кочкордо жеңилгенден баштап Курман Лепес уулу, Касымбек Баатай уулунун арааны жүрүп, барып кыштап калган. Сарбагыш кыргыздарына зордук көрсөтүп, мал-мүлкүн көп алган. Ондон жакшы аттарын алган.

Жаныш элинин казактары кыштабастан, кайта көчүп кеткен. Тынай, Шамшы, Бурана элдери Чүйгө кайта качып келгенде Токмок, Покровка, Биркулактагы мужуктар күн-түн тындырбастан, аялына барып жар Токмокко айдашып алып, баланча кыргызда баландай малым, акым калган деп элди аеосуз талаган. Үркүндөн, чапкындан чыккан элдин калган-каткан мал-мүлкүн ала-ала мужуктар аягына чыгып, жарды кылып бүткөргөн соң, бул эл 1917-жылы жыл аягында ачарчылыкка дуушап болуп, көбү өлгөн.

 

АТАКЕ, САРБАГЫШ ЭЛИНИН КЫТАЙГА КАЧКАНЫ

20-августтун түнүндө Көк-Жонго Балыкчы Боромбай уулу жана Султан Далбай уулу ичинде болуп, 100 киши кароолдо жатса, жүздөн ашык казак-орус жана канчалык менен ашып келип, кароолчуларга көрүнбөстөн жолсуз жер менен тоодон өтүп, таң атаарда Чоң-Кеминдин кыштагына кирген. Бул кезде Кемин суусунун түп жагында Кичи-Кеминде бир түтүн калбастан, Чоң-Кеминдин тескейине өткөн. Чоң-Кемин кыштагы менен белдерди тоскон кароочулардан башка киши болбогон. Аскер болгон кыргыздар Калмак-Ашуу менен Тарсуунун ортосу Мөкүшкө жакын жердеги алкым менен суу боюна конуп жаткан. Күн тоо башына тие электе Чоң-Кеминдеги камалып жаткан орустар жабдыкталып, Чолок-Кайыңдынын оозундагы элге каптап чыккан. Келген жүз чамалуу казак-орустар жана казактар Калмак-Ашуунун оозундагы Кардоонго туруп, кыргызды бир аз аткылап, кыргыздар карагайга чыга бергенде артынан барбастан, Мөкүштүн айылын көздөй келе жатканда мен таң ашырган тору атымды жаңыдан отко койдум эле. Кармайын десем атым казак орусту карай качып, аны араң айылыбыздан бир бала кармап берди. Мен атка минип алып Мөкүштү издеп келе жатсам, артымдагы казак-орустар Калмак-Ашуунун күн батыш жаккы жолдун алдындагы бир коргонго жамынып туруп атты. Мен Шабдандын коргонунун күн чыгыш жагына келсем, сайдын жарына жашынып туруп жантай уругу кедейлерден: Малай Көбөнтөй уулу, Малай Мырзаке уулу аткылап турган экен. Булар атышып калган кезде кыргыздар качып, тоодогу карагайды пааналап кирди. Аскер карагайды аралап, тоого келе албастан жылганын оозундагы 17-18-августта казактан качып келген Туулак баштык кылган казактардын бир миң коюн колго түшүрдү. Бул миң кой мурунку күнү тоого кетмек болгондо жер үчүн туяк кат аламын деп сарбагыш элинин манабы Абдырахман Эстебес уулу токтотуп калган эле. Туяк кат албагын деп башка эл айтса да, болбостон алган. Андан казак-орустар Шабдандын мечитине барып, андагы жөлөнүп турган жантайдан калган тууну алган, мечитти жана башка үйлөрдү өрттөгөн. Кайыңдынын каптап чыккан жарактуу мужуктар бир далай катын-баланы өлтүрүп, айылын талап, көп мал айдап, бүлүк түшүрүп кайткан. Атаке сарбагыш эли Тору-Айгыр, Түз-Ашуу, Үч-кайыңды, Калмак-Ашуу, Көрколду аша баары жапырт ушул 20-август күнү кечинде Көтмалдыны имерилип, малдары менен Боз-Бармактын Улакол жаккы ойу Ак-Өлөңдөгү Алыштын алдына барып конгон. Атаке, сарбагыш үркүп, үстүнө барганын көрүп, андагы Семиз-Бел эли арык тукуму кечинде жапырт андан көчүп жөнөгөн. Эртесинде баары көчүп Улаколдун сазына барып конду. 21-августта күн ачык эле. 22-августта эл өрүү (өчуу)* болуп, Исамудин Шабдан уулу унаам жок деп ар старчын айылдан экиден ат, бээ жыйып алды. 23-августта бир миң чамалуу түтүн кыш түшө электе Кытай жерине өтөбүз деп кеңеш кылып, 24-августта көчүп, Улакол менен Талдынын ашуусуна барып конду. Ушул күнү топ баштарына кар түшүп суук болду. Көтмалдыдан жол тособуз деп 25-августта жабдыктанган 300 чамалуу киши Ак-Өлөңгө келип жаттык. Күн ачык эле. 26-августта кайттык. Мен мурун көчкөн элдин артынан жүрүп, үйүмө 27-августта Каракужурдун башы, Жалак-Бел аша Кара-Саздын башына жете кондум. 28-де өрүү болуп, Кара-Саздын аягына конуп, 30-августта Тоңго барып кондук. Шабдандын балдары Төлө, Мамыт, Алагуш, Баяке, Далбай балдары калган бүтккл манап баш болуп, миң чамадай түтүн бугу, саяк, сарбагыш менен канааттанышып туруп, орус менен урушабыз деп Улаколдун көл жагына токтоду. Буларга кошулабыз деп Тоңдон кайткан Алике, Байымбет көчүп, калган элге кошулабыз деп кетти. Нарындан орус алып, Казы Чокой уулунун жардамы боюнча Чылабай деген манап келип, Каракужурга көчүп бара жаткан атаке элинен Бектен менен

*Оригиналда “өрүү” деген сөздөн кийин орус алфавитинде (өчуу) деген сөз кашаага алынып жазылган

Жетибай жана башкалардын айылын чаап алып кеткен. Нарындан Ковалев баш болуп 30 солдат келе жатканда, Каракоого жакын жерден черикчи элинин жигиттери алдынан чыгып, алардан бөлүнө эки бала жигит атчан качырганда буларды атып өлтүргөн. Артындагы качырып келе жаткан эл токтоп калган. Ковалев качып Каракоого кирген. Анда көп токтобостон үчүке элин каптап чыгып келе жатканда арык тукуму кыргызынан Сагын баштык болуп 80 жигит, Көтмалдыда Ыбырайым түшүргөн бардаңкеден 30 мылтык алган экен. Орустан мурун көчкөн байдын коргонуна жетип, бакка жашынып туруп атышканда 2-3 солдат аттан жыгылып, калганы токтоп калган. Жыгылган солдаттардын өлүү-тирүүсү билинген эмес. Солдаттар кайта Каракоого киргенде булар менен үчүке эли, арык тукуму жана атаке-сарбагыштан миң чамалуу киши катышкан. Дубалга жашынып атышып турган таздар уругунан Соку баш төрт солдатты атып өлтүргөн. Дубалдан башын чыгарып атмак болгондо орустар Сокубаштын башын жара атып өлтүргөн. Ковалев коргондо камалып жатканда коргондун эшигин бекитип, төр жагын бузуп чыгып, таңга жакын качып кеткен. Кыргыз эртең менен кубалап, эки араба болду. Жолдон таап алып Ковалевге жетпей кайткан. Кочкордун аягындагы эл: Надырбек Борукчу, Ниязбек бул уруштан мурун Тезекбай Түлкү уулун кан көтөргөн. Жумгалдагы саяк Көкөмбай Чыны уулун кан көтөргөн эле. Илгери көчүп кеткен атаке-сарбагыштан миң чамалуу түтүн, 1-сентябрда Тоңдон көчүп, Жаман-Эчкиге жетпей койдук. 2-сентябрда Жаман-Эчкинин аягына кондук. Күн бүркөк болду. 3-сентябрда Жаман-Эчкинин оозуна кондук, кар жаады, 4-сентябрда Жаман-Эчкини аша Тарагай жаккы ичине кондук, күн ачык болду. 5-сентябрда Тарагайдын суусун кече күн чыгыш жаккы Боз-Күдөргө кондук. Күн суук болду. 6-сентябрда Кара-Сайдан өтүп, Чоң-Тоонун алдына кондук. 7-сентябрда өрүү болбостон, Ыштыкка кондук. Биздин айылдан үч төөнү Тынымсейиттен Соорумбек уулу уурдап каткан жеринен таап алдык. 8-сентябрда Келин-Тайгакка кондук, күн ала булут болуп, кийиктин кумалагын терип жактык. 9-да Беделдин алды күн батыш жаккы боордогу кичине тектирчеге айылды кондуруп, Кытайга барып сүйлөшөбүз деп 80 чамалуу киши Беделди ашып барып, Орто Кароолдон өтүп, күн чыгышындагы көк жылгага кондук. 7-сентябрда Кара-Сайдан өтүп кондук эле, анда 1 күн өрүү болдук. Август 30 күн болбостон, 31 күн болсо керек эле. Кыскасы Беделдин белин 9-сентябрда аштык. Көч 10да ашты. Бул менин дептеримде жазылганы. Эл Кара-Сайга барганда мал арыктап, өлө баштады. Көбүнчө урушка минген жакшы айгыр аттар өлдү. Кишинин көбү жөө чубады. Бирине каралашпай, малсыз жөө калган кедейлерге жардам көрсөтпөдү. Жолдо көчтүн артынан жөө чубаган киши 20-30дан болуп жүрдү. Күн суук, отун жок болгондуктан, аркар-кулжанын тезегин жакты. Эгерде күн жааган болсо, эл отундан өтө жүдөйт эле.

Беделдин түн жак учунда Келин-Тайгактын оро-апарасында эки-үч орустун өлүгү бар экен. Ал чек арадагы аскер окшойт. Аны бугу кыргыздары көтөрүлүш жаңыдан чыкканда өлтүргөн экен. Августтун аягында атаке-сарбагыш эли, Улакол саягы бардыгы 300 чамалуу киши болуп, Көтмалдыда 100 чамалуу казак-орус менен атышкан. Казак-орустар жайылып курчамак болгондо, Жийдебай Ажы башчы саяктар токтобостон качып кеткен. Ыбырайым Төлө уулу бийик жерден тосуп атышканда бир казак-оруска ок тийип токтоп калган. Анын өлгөн-өлбөгөнү маалым эмес. Түн ичинде Көтмалдыда көп от чыкканын көрүп, 2-3 киши жашынып барып караса, көп арабада жүгү менен калың эл бар экен. Чүйдөн качып келе жаткан кыргызбы десе, орусча сүйлөгөнүнө караганда аскер экен деп кайра келип, алардын Караколго кайтып келе жаткандыгын көрүп, алдыбызды тороп калбасын деп күндөп-түндөп Турпанды көздөй качкан. Тоң-Тозорго барганда кырк чамалуу казак-орус көчтү беттеп келе жатканда Ыбырайым баш болуп, отуз чамалуу жигит казак-орус жакындаганча күтүп туруп, тосуп туруп аткан. Бир солдат жыгылып, калганы кайта качкан. Ушул аскерлер ушул күнү эртең менен абыла уругунан сарбагыш кыргызынан бир нече катын-баланы өлтүрүп, мал-мүлкүн талап алган. Булар качып келе жатканда артынан аскер кубалап, аны тар жерде алдынан тосо атышып, батрак абыла уругунан Кайырбай деген киши токтоткон. Эл артыбыздан аскер келип калат менен күндөп-түндөп көчүп Беделге келгенде, колдорунда кошо келе жаткан орустун катын-балдарынын кээ бирлерин өлтүргөн, кээ бирлерин тийбей кое берген. Анткен себеби: орусту көрсө Кытай чек арадан өткөрбөйт деген жалган ушак тараган. Көбүн Кытайга алып өткөн. Белде нечен күнү катуу бороон-шамал болуп эл ашалбай, далай мал жана кишилер кырылган. Мал ачкалыктан туурдук-үзүктү жеп жиберген. Отун табалбай жилик-сөөктү жагып, казанды кардын үстүнө асып тамак бышырган. Белде калган иттер мал, кишинин өлүгүн жеп кыштан чыгып, кайта ашканда элди кадимки карышкырдай качырып талаган. Бедел, Көгүрүм, Кайчын ашкан эл кыйналбай ашып, бирок, алдынан чек арага келген Кытайдын чериктери малын, мүлкүн, таза кийимин тартып алган. Эл көп чыгым болгон. Апийим издеп таңылчакты чачып, анын ичинен жакшы нерсе чыкса алган. Бугу-саяк Үзөңгү-Кууш ашып, Какшаалга түшкөн. Кытайдын аскери талап алып өткөрсө да, Кытайга караган черик уругу кыргыздын көчүнүн алдын тосуп өткөрбөйбүз деп жатып алган. Союш берели десе, сайдын ташындай алтын-күмүш берсеңер да өткөрбөйбүз деген. Акыры кыргыздар туулдум, өлдүм, тутандым – көрдүм, сен түгүл орустан да корккон жокпуз деп, уруп-согуп жатып өтүшкөн. Кытай аскери 100 чамалуу черик Беделдин белин тосуп алган белдерден 5-10дон койгон чериктин кароолчулары болгон.

 

ЖУМГАЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШ

Көл айланасы Кочкор, Нарындын баш-аягынан жана Чүйдүн көкүрөгүнөн көтөрүлүш чыгып кызып калган кезде, 15-18-чамаларында Жумгалдагы саяктар Жумгалдын аягындагы Ак-Чийдеги орустун кыштагын талкалап, мал-мүлкүн талап, катын-балдарын аеосуз өлтүргөн. Өлүктөрүн кыштактагы кудукка салган. Жумгалды сурап турган Меньшиков дегенди өлтүрүп, анын бооз катынын багып туруп, кийин аскер келгенде анын башчысына тапшырган. Кочкордо Канаат жеңилгенде Көкүмбай качып келип, миң чамалуу түтүн менен үркүп көчүп, күндөп-түндөп жүрүп, Турпандын башы Какшаалга түшкөн. Жумгалдын аягындагы Кудайберген Мырзабек, Түркмөн жана Биялга караштуу эл көтөрүлүшкө кошулбастан тынч турган. Бирок, Курман Лепес уулу көтөрүлүшкө аралашса да, Мырзабек менен астыртан кабарлашып, көтөрүлүштүн жайынан Пишпектеги улуктарга билдирип турган. Көп элдин айтуусуна караганда, Курман көтөрүлүшкө коркконунан амалы жок аралашты дейт. Себеби, Курмандын элинин айланасы бүткүл көтөрүлгөн. Маселен, күн чыгышында Кочкордогу эл жалпы көтөрүлгөн. Күн батышында Көкүмбайдын эли бүт көтөрүлгөн. Түн жагындагы Кочкорлук жана Чүйдөгү эл көтөрүлгөн. Нарын жагы (күн жүрүш) болсо сарбагыштар көтөрүлүш кылган.

СОЛТОДОГУ КӨТӨРҮЛҮШ

Августтун 10дору чамасында Нурмамбет, Ысык-Ата элдери көтөрүлүп, Сын-Таш кыштагын талаган. Малын алып, калган бал-челектерин кыйраткан. Катын-бала аралаш беш орус өлгөн. Гущин деген Пишпектик бай орусту ылдыйкы Көк-Кыялда Корчунун балдарынан Алооке өлтүргөн. Мындан кийин эл Көп-Бейиттеги орус кыштагына чогулуп, кеңеш кылып, ушундан баштап тыңдап кол курап, Канааттын Токмоктогу аскерине кошулган. Канаат келип бир кулакты камаганда, Жусуп Абыке уулу (Бөлөкбай солтосу) элден бөлүнө орусту жалгыз качырып бара жатканда окко учкан. Нурмамбет, Ысык-Ата, Шамшы, Бурана, Тынай элдери жалпы Кочкорго түшүп, Канаат жеңилип калганда баарысы кайтадан Ысык-Ата, Аламүдүн аша Чүйдөгү жерине келген.

Ысык-Атаны ашып келген элден бир далай түтүн тоого бекинип жатканда, Пишпекте уездге жигит болуп жүргөн Төлөмүш таз жана Сарпбай деген солто аскери тоого баштап барып, айылдагы катын-баладан силердин эркек бүлөңөр кайда кеткен, айткыла, өлүм жок, тийбейбиз дегенде, катын-бала ишенип тоого жашынгандарды айтып берген. Алардын баарысын чогултуп алып келип, Кош-Булак деген жерде кырган. Баарысы 150 киши өлгөн. Ошол тууралуу Ысык-Ата, Нурмамбет элдеринде ырдалып калган ыр:

Төлөмүш менен Сарпбай,

Эл жыйнады талыкпай.

Казак-орус башчысы,

Айдап кел деп айкырды,

Төлөмүш деп чакырды.

Мындан башка беш калмак деген жети үйлүү киши Кегетинин күн батышы Очор деген башы туюк, оозун эч ким аңтарбай турган тар жылгада бекинип жатып, талаадан эгин алып, оокат кылып жүргөн булардан бир күн кечке жакын талаадан жылганы көздөп чыгып бара жаткан бир кишини алыстан орустар байкап көрүп, түн боюнча камынышып тоого чыгып, күн чыгарда туш-тушунан камап алып, жети үйлүү кишини бүтүн кырган. Мындан башка да бирин-серин өлтүрүлгөн киши көп болгон.

Солдатка барбайбыз, кызматчы бербейбиз деп кедей-дыйкан, орто чарбалар бузулуп турганда сокулук элинен, кытай уругунан Эгемберди Сарык уулу башчы кедейлер биргелешип, Сокулукка бээ союп, көтөрүлүш чыгарууга сөз байлашкан. Жамансарт эли тоодогу бал челекчи орус Алешканы бир баласы менен өлтүргөн соң, Ак-Суунун приставы 9 солдат менен барганда төбөй уругунан Ырыскул деген кедей качырып, буларды кайта кубалаган. Экинчи жолкусунда, 50 солдат эл болобуз деп алдап, кыргыздын жабдыгын алган. Тоодон айдап келип 100 кишини Ак-Сууга түнөтүп, жол чубай эртесинде 60 кишини өлтүргөн. Эгемберди Сарык уулун жолдо же Пишпекте өлтүрүлгөнү маалым эмес. Жолдо келе жатканда 15 киши качып кутулган. Калган 25 кишини Пишпекке айдап келип, Алматы жолундагы Кара-Жыгачка айдап барып өлтүргөн. Тоодон экинчи күнү актык кагаз алабыз деп участковой Гривановский келгенде бир далай кишини орус-кыргыз, өзбек балталап өлтүрүшкөн. Анын эртеси Енчин деген стражникти баш кылып, 60 орусту жабдыктап тоого жиберип, бекинип жүргөн кыргыздын катын-балдарын издетип жүрүп, бир нече күндө кырып өлтүргөн. Ырысбек Осмонбек уулу, Сарбагыш Мыктыбек уулу, Айылчы Татыбек уулу, Бектай Чолпонкул уулу, Алымбек Дыйканбай уулу,  Жантай Кененсары уулу Николайдын тилегин тилеп, көтөрүлүшкө чыккан кыргыздан көп адамды өлтүргөн. Өзбектин балдары да Николайдын тилегин тилеп турган. Мааке уулу деген бир уруу айылдан 31 жан өлтүрүлгөн. Кара-Балтада Сатай кыштагынан 14 киши өлтүрүлгөн. Өтөгөн кыштагынан 160 киши өлтүрүлгөн. Талды-Булак кыштагынан 144 киши өлтүрүлгөн. Жана да 308 кишини кара мужиктер жана анын катындары Ак-Суудагы короого камап алып, айры менен сайгылап, орок-балта менен жана таш менен жанчып өлтүргөн. Мындан башка жаман сарт элинен 150 чамалуу киши өлтүрүлгөн. Тоодо-талаада бирин-серин жүргөн кыргыздарды өлтүрүп турган. 10-20-дан жабдыктанган мужуктар атып өлтүргөндө, анын энеси бир орусту алкымынан алып, муштагылап жатканда аны да атып өлтүргөн. Жаш колуктусу мен күйөөмдөн калып не боломун деп жерден таш ала бир мужукту уруп калганда аны да өлтүрүп, мал-мүлкүн бүт талап алган. Өлгөн кишинин эсеби 700 чамалуу болуп, өлтүрүштүн аягы Ташкенден Куропаткин келгенде гана токтогон. Куропаткин бул жердеги ишти токтотуп, орустарга мылтык берип жабдып, Ысык-Көлдүн айланасы менен Чүйдө турган Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Нарынга турсун деп буйрук кылып кеткен. Куропаткин кеткенден соң өлүм токтосо да, мужуктар чогулуп келип кыргызда акым бар деп Октябрь өзгөрүшүнө чейин мал төлөтүп алганы калбаган. Олуя-Атага караган Ашмара, Чалдыбардагы эки болуш солто көтөрүлүшкө катышпай тынч турган. Күн батыш жагындагы меркилик казактар чогулуп, Ак-Көз дегенди кан көтөрүп жатса, аны угуп Меркинин приставы барганда, казактар пристав менен атышып, пристав менен Меркиге качкан. Казактар Меркинин жанындагы Кузьминка деген кыштакты өрттөп, зымды кыркып, көпүрөнү бузуп, эки-үч арабада кетип бараткан орусту өлтүрүшкөн. Булардын көтөрүлүшү 7-8 күндөн кийин басылган.

 

НАРЫНДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШ

Тогуз-Тородогу эл бузулуп, Атайке кыштагын талап алгандан соң, Көгарттан көп аскер ашып келген. Бул аскерге саяк элинен Калпа Келдибек уулу союш, отун-суу берип үй тиккен. Бул аскер Нарын суусун күн жүрүш жагынан туруп, күн жагындагы чогулган элди замбирек менен аткылаган. Мындан соң көтөрүлүш жасаган эл ичинде чолук болуп Турпанга качкан. Шатен элинен Касымаалы Мамбеткан ичинде 200 түтүн уруш салбастан, мал-мүлкү менен аман-эсен Кашкар бетине качып түшкөн Кашкардын Чоң-Багыштын жеринде турганда артынан Эсенгулдун Манай казы, Чокоев киши жиберип, “силерге өлүм жок” деп кайтадан көчүрүп алган. Касымаалынын бир баласы, бир жолдошу менен Нарындык участковойдон Ковалев чакыртып алып, набактыга камап коюп, бир нече күндөн кийин үчөөнү дарга тарткан. Кайта келген 200 түтүндөн чыгым болдук деп көп мал-мүлкүн алган. Токтооку деген 50 түтүн бир урук айылдан миңге жакын кой жана канчалык айнып-ат алган.

Субан элинин (Нарын) жартысы, ажы эли, бүткүл Он-Арча эли (Тынымсейит). Бүтүн шаркыратма, моңолдор элинен бир канча көтөрүлүш кылып, бирин-серин орус бекеттерин талап алып, Нарында бир нече күнү камап, маңдай жаккы жактан аткылап турганда, Нарындагы аскер ок жаадырганда кыргызда мылтык жок болгондуктан качышкан. Булар Чүйдөн качкан элди аралашып, мал-мүлкүнөн ажырабастан, көбү Какшаал менен Турпанга көчүшкөн.

 

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ КӨТӨРҮЛҮШ

Көл айланасындагы бугу-саяктын боз балдары көбүнчө орто чарба кедейлери солдаттыкка барбайбыз, жиберебиз деген. Өздөрүнчө жашыруун сүйлөшүп, көтөрүлүш, уруш чыгарабыз деген имиш сөз угулуп калып, Кара-Колдун уезди кол алдындагы кызматчы кишилерди, болуштарды 1-августта чакырып алып: “кызматкер бересиңерби?” деп жооп сураганда, баары бир ооздон “беребиз” деген. Өздөрүнчө жашыруун сүйлөшүп, көтөрүлүш жасоого сөздөрүн токтоткон.

Башка Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгал жана Чүй боюндагы кыргыздар менен кабарлашып, пикир алышып турмакчы болгон. Тескейдеги кыргыздын Ысагалы – Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгалдагы эл менен кабарлашып турмак. Күңгөйдөгү турган саяк кыргызынын Талканбай, Чүй боюндагы кыргыз менен Шабдандын балдары аркылуу кабарлашып турмак. Талканбайдын аларга берген убадасы мындай болгон: “Эгерде Чүй боюндагы кыргыздан көтөрүлүш болсо, Күңгөйдөгү орус-кыштактарына өрт коймок. Бул өрттү көрүп, Тескей кыргызы бүткүл көтөрүлмөк. Эгерде көтөрүлүш тоо арасындагы элден чыккан болсо, Ысагалы башчы кыргыздар Тескейдеги орус кыштактарына өрт коймок. Өрттү көрүп күңгөйдөгү жана Көл башындагы эл көтөрүлмөк. 1-августта Караколдогу аскердин бардыгы 20 казак-орус болгон.

17-августта бапа кыргыздары Беделдин белин тосуп, пост болуп турган он солдатты өлтүрүп, жабдыгын алган. 8-августта Тоңдогу саяктар жер ченегич эки орусту өлтүргөн. Ушул 8-августтун түнүндө Карой-Саройдогу саяктар көтөрүлүп, тегерегиндеги орус кыштактарына өрт койгон. Колго түшкөн орустун көбүн өлтүргөн.

9-агвустта эртең менен күнгөй-тескей көл айланасындагы бугу, саяк жапырт көтөрүлүп, оруска чабуул кылган. Өлтүргөн, талаган, өрт коюп жыгачка аскан. Ушул күнү бугу-саяктан Такабай Байсоорунду камап, орустар казыналык бакка камалган. 11-августта Кыдырбай Сары уулу урушка катышпастан, көл башындагы бир болуш эл менен Кытайга көчүп кеткен.

8-августта Караколдон 20 казак-орус түн катып жүрүп Байсоорунга келгенде, анын айланасындагы бүткүл мужук качып келип Байсоорунга тыгылган экен. Келген казак-орустар аларды бүткүл катын-баласы менен Караколго алып кетишкен. 12-августта Түп калаасында бугу-саяк биригип уруш кылып, уруш кызыган чагында бугудан Ырыскелди Берик уулу өлгөндө эл кайта качкан. Күнгөйдөгү кыштактарды талкалап жүргөндө бакаш саягынан Бокош орусту качырып кирип, ок тийип өлгөн. 17-18-августтарда Чоктал – Чолпон-Ата, Ак-Суу кыргыздары көлдүн башын көздөп көчүп бара жатканда, алдынан Кара-Баткактан жарактан 300 орус чыгып, катын-бала болуп 600 киши өлгөн. Эң соңунда жалгыз атышып, бугу кыргызынан токой уулу уругунан Султанбек орусту токтоткон. Тескейде 9-11-августта жете Кальцовка, Гоголевка (Барскоон), Тарткан кыштактарын жеңип алып, бүлөсүн колго түшүргөн, көбүн өлтүргөн.

11-августтан баштап 3 миң киши Кызыл-Сууну каптаган. Кызыл-Суу менен Караколдун ортосундагы орустар качып Караколго келген. 13-августтун түнүндө Караколдон Кысан деген ногой 40 аскер менен келип, камалган кыргызды чиркөөнүн төбөсүнөн атып турган. Кыргыздар Кызыл-Сууну каптаганда орустун тосуп койгон тосмосунан өтө албай, көп кыргыз өлгөн. Ушул түнү Кысан мужуктарды Караколго көчүрүп кеткен.

15-августта Кыдык, Саяк, Бапа, Желдең Жети-Өгүз кыргыздарынан куралган 5000 киши Караколго бет алып келип Ырдыкта туруп, саяк Батыркан, Ырайымбек уулун кан шайлаган. Мылтыксыз кыргызды Кысан Ибраимов, Касым Ниязов жана дагы бир топ ногойлор 60 солдат менен келип, кыргызды качырып, Кызыл-Суунун белине жете кубалаган. Кыргыздан 50 чамалуу киши өлүп, аскери тараган.

17-августтан Бапа, Желдең кыргыздарынан түзүлгөн 300 киши Орто-Жаргылчакта 60 аскерге кабылып, аскерден 12 киши өлүп, качканда аларды Караколго чейин кубалап барган. Өлүктөрүн таштабастан ала кеткен. Мында абдан кайратты көрсөткөн желдең уругунан Берикбай болгон.

20-августта Бапа, Желдең, Кыдыктан 1000 жигит, Ак-Терек деген жерде ичтен келген 300 аскерге учурады. Үч күн атышып, орус аскеринен төрт киши өлгөн, кыргыздар аман калан. 25-августта солдаттар тоо жагынан курчаганда кыргыз качкан, катын-бала, малы менен көчүп, Барскоонду үч миң түтүн өрдөгөн. Артынан 300 солдат кубалап, 100 солдат бузук салганда Болпоң Шадыкан башчы үч киши, үч бардаңке менен көчтүн артында солдаттарды тоскон. Күн батарда Болпоңдун бутуна ок тийип, жолдошу кайтадан атка мингизип жүрүп ашууну аша албай жаткан элге жеткен. Көл кыргызынын беттешип, урушуунун эң соңу ушул. Мындан кийин Кытайды аша башташкан. 27-августта Таскейде Кырчын деген жерде качып көчүп бара жатканда, саяк чиркей уругунун 40-50 чамалуу түтүндү катын-баласы менен 300 аскер кырып таштаган.

 

 

КЫРГЫЗДЫН КЫТАЙГА КАЧКАНЫ

Биркулак, Каракол, Нарын арасындагы куралданган мужуктар жана буларга жардамга келген Алматы баштыгынын аскери көрүнгөн кыргызды тыялбады. Нарын, Каракол, Кочкор кыргыздарына каршы Алматы, Пишпек аскери баралбады. Ыбырайым Төлө уулу 200 бардеңке түшүргөн соң, аскер барууга аракет кылса да, Боомдун жолун тоскон атаке-сарбагыштан өтө албады. Кайсы күнү (20-августта) атаке, сарбагыш бел-белдеги кароолчуларын алып, Капчыгайды тоспостон жеринен үркүп, көлдүн аягы менен күн жүрүш жагына өткөн соң Каракол, Нарынга аскер өтө башташты. Орунбур, Ташкенден Пишкекти басып жана Ферганадан Көгартты ашып, миңдеген билимдүү аскер келип, мындагы куралданган мужуктар менен биргелешип жана калган жолбашчы алып, көл айланасы жана Кочкор, Нарын, Жумгалга чабуул койду. Кыргыздар найза, союл, айбалта, эң эле көп болсо 600гө жетпеген бардеңке, беш тон милтелүү кош ооз менен жабдыкталган. Согуш илимин билбегендиктен пулемет, замбирек менен куралданган миңдеген аскерге туруштук бере албай каршы турса да, тыкат кылалбай жана каршы жакын баралбай качты. Аскер жана куралданган мужуктар соңунан түшүп, колго тийгенди: жаш бала, катын-кыз дебестен кырды. Мал-мүлкүн талады. Тоодо, ар кайсы коңулда – карагай, чөлдө, мал-мүлкү менен жашынгандарды аңтарып, уулап жүрүп таап алып, башын кырып, мал-мүлкүн олжолоду. Кыргыздын тоого, карагай-черге, талаага, орого таштап кеткен, мүмкүн жетирме кылган эгинин издеп жүрүп мужук жана казактар таап алды. Дүнүйө издеп оро экен деп бейит ачкандар да көп болду. Атаке, сарбагыштан бир канчалык түтүн тынай элине тийиштүү Коңурчок деген жерде мал-мүлкү менен бекинип жатса, мужуктар таап алып, 70 эр бүлөсүн алып кетип, Тайгак менен Жел-Аргы ортосундагы жолдун алдындагы кызыл коргонго айдап кирип, баарысын мылтыктап өлтүргөн. Бул 70 кишинин ичинде жантай кыргызынан кедей Жайыл Коңурбаев болгон.

Каракол уездинен Сыртта Чаар-Кудук деген жерде туз алганы келген 33 кишини (Артык тукуму) Писковдун аскери отуз бирин өлтүрүп, экөөнү Караколго алып келген. Анын бири атактуу манасчы Саякбай Каралаев болгон. Каракол уездинен Туюк-Ат жайлоосунун жанында коңулда жашынып жаткан 15 үйлүү кишини мужуктар Барскоонго айдап келип, баарынын эшек тарамышын кыркып, денесине мык кагып кыйнап өлтүргөн. Өлүктөрдү өрттөп жиберген. Бириндеп өлтүрүлгөндөргө эсеп жетпейт.

 

ТЕКЕСКЕ КАЧКАН ЭЛ

Жогоруда кыдырбаштык, арык тукуму көтөрүлүшкө кошулбай, Кытайга качканын көрдүк. Көлдөгү саяк-бугунун жартысы Текеске качкан. Көлдөн 27, 28, 29-августтарда жалпы кеткен, жалгыз Актескейдин көчүгүндө Улакол элинен саяктан Жийдебай ажы ичинде 300 чамалуу түтүн калган. Эл качып бара жатканда арттан бирин-серин көчкө жетип баралбай жаткандарды мужуктар өлтүргөн. Эл жапырт чектеги Музарт суусунун боюна барганда артынан 500-600 казак-орус жетип, алдындагы кырдан тосуп турган кыргызды замбирек менен эки мертебе аткан. Кыргыздын жартысы жана Стамбул түрктөрүнөн Самыбек баштык, төрт-беш түрк (Чубар Агач Капалдан качып келе жатып, Кулжага келип Мусабаев деген уйгурга жолугуп, андан жабдык алып, кыргыздын көтөрүлүшкө кошулуу ниети менен келип, качкан кыргыздын алдынан чыгып) менен биригип, казак-орустарды тосуп, тоо башынан ашканда казак-орустар кыргызды каптабастан токтоп калган. Казак-орусту тегеректер урушалы десе түрктөр көнбөгөн.

Кыргыздар Музарттын суусуна жакын калганда, кечке маал тамак бышырып жатканда казак-орус келе жатат деген кабарды угуп, тамак-ашка карабастан, күн батарда жапырт барып кечүү жок жерден кечкенде нечен бала, катын-кыз сууга агып кеткен. Суудан  өткөн кыргыздардын алдынан кара калмак тосуп, көчтү өткөзбөй талаган. Катын-кыз, мал-мүлктү ала баштаганда кыргыздар калмак менен согушкан. Калмактар чыдай албай бир нече кишиси өлгөндөн кийин качкан. 60-70 кыз-келин түшүп кеткен1. Кыргыздын көбү  түн качып көчүп олтуруп, таң атканда Агиязга жеткен. Калмактар бириндеген кыргыздарды талап турганда мурунку Текеске барып, Кытайга букара болуп турган. Кыргыздар келгенде калмактар талаганын койгон.

Саяктардан Ырысаалы Талканбай уулу орус менен Кытайдын чегинде Нарынкодо көч алды болуп жалгыз көчүп бара жатканда, кашында эки бойго жеткен карындашы, катыны жана айырмачта бир баласын ээрчитип келе жатса, он чакты калмак келип, бир карындашын ала качканда Ырысаалы эки калмакты жыга чаап, карындашын куткарып алган. Ырысаалынын жалгыздыгын билген соң, калмактар кечкурун камай баштаган. Качырып келе жаткан калмактын биринин башын атып өлтүргөн. Калмактар атышып жаралуу болгондо, Ырысаалы менин шайманым кетти, кайта көчкө чапкыла дегенде, бир карындашы көчкө карай чапкан. Көчтү көрө салып калмактар өлүгүн алып качкан. Көч келгенде Ырысаалы өлгөн. Кыргыздын алдынан дагы Кытай аскери өткөрбөөскө чектен тосуп, бир тарапта калмактар талап, артынан казак-орус камап жатып калганда, алыстан качып арып-ачып барган бугу-саяк ачкалыкка дуушар болуп, чыдай албастан жашынып, уурданып Кытай жерине качып өткөн. Кытайга барганда мал-мүлкүнөн ажырап, тамак-аш алып ичишке акчасы түгөнүп калып кыздарын уйгурга, дунганга, калмакка сата баштады. Дунган экен деп билбестен кытайга да саткандар болду. Кытайга барышка чектен өтө албай калган кыргыз кайта көчүп Музартта жатып же Кытайга же Россияга жете албай камалып, ачкадан, сууктан өлгөндөрү көп болду. (2 миңге жакын киши өлгөн). Кайта көлгө качып келгенде мужуктар өлтүргөн. Итке талатып өлтүргөн учурлар дагы болгон.

 

ТУРПАНГА КАЧКАН ЭЛ

Жогоруда 20-августта атаке, сарбагыш элдери Чоң-Кеминден качып, 9-сентябрда Бедел ашкан деп айтылды эле. Кара-Сазга барганда Тоң элинен Ысакаалы Алматаев кайтадан көлгө түшкүлө же Кара-Сазга жата бергиле, орус менен урушабыз дегенде атаке-сарбагыш болбостон көчүп жөнөгөн. Элдин артына карабай көчүп кетишинин бир себеби: Ыбырайым түшүргөн мылтыктан ар бир айылга бир мылтыктан бергиле, ушул бардаңкени айылдан чогулган кедейлер огожо кылып, аскер менен урушалы десе Шабдановдор, Ыбырайым жана башка манаптар бардаңкени бербей, мурунтан кызмат кылып келе жаткан өздөрүнүн жигиттери жана жылкычыларына бөлүп берген. Ысакаалы токто десе болбостон, көчүүгө керек болчу атаке-сарбагыштан, өсүк уругунан нарындык тынымсейиттер он жылкы уурдап кеткен соң, артынан барып ажыраткан. 9-сентябрда 80 чамалуу киши Беделди ашып, кечинде Көгүрүмдү аша турган кең жылгага жакындадык. Биз көчтөн мурун баралы деген максатыбыз, биринчиден, жерин чалуу, экинчиден, кытайдын улугуна сүйлөшүү эле. Беделди ашканыбызда белде жана орто кароолдо Кытайдын кароолчусу жок экен. Ооздогу Кашаттын башында карыган бир кытай кароолчу бар эле. 10-сентябрда ал кытайга аз-маз акча берип өттүк. Бизден мурун сарбагыш кыргызынан эч ашпаган. Бугу, саяктан ашкандары бар экен. 10-сентябрда көч Беделди ашып конуптур. 11-сентябрда биз Жаман-Суудагы бир черикке түштөнүп жатсак, Турпандагы Абналдан жигит келип: “Сиздерди Абнал чакырды” деп эт жеген соң мени, Балыкчы Боронбаевди, Токтосопуну, Сарбозду алып барып, Турпандагы чериктин болушуна кондурду. Эртең менен Балыкчы Боронбаев базарга кетип, Токтосопу менен мени жигити менен Болуш Абналдын канцеляриясына алып барды. Канцелярды “Жамыл” дейт экен. Биз эшиктен киргенде кызыл бараңсуз менен эшигин каптаган үйдүн алдына бети жайык 40тар чамасында бир чоң кытай чыга келди. Артынан 15 чамалуу кытайдын улуктары ээрчип чыкты. Бизди кулдук ургун деп жүгүнттү. Бир уйгурду чакырып алып тилмеч кылды. Ошондо астына келген кытай: “Силер ким болосуңар, мында эмне үчүн келдиңер?” – деп добушун катуу чыгарып сурады. Мен: “Биз кыргыз деген элбиз, орустун букарасы элек, орус өкмөтү мурун жерибизди алды эле, эми эр-бүлөңөр кызматка, солдатка барасыңар деди. Биз барбайбыз дедик, улуктарды камап, өлтүрө баштаган соң биз чыдай албай көтөрүлдүк. Начар букара болгонубуз үчүн жабдыктуу аскер бизди басып, өзүбүздү аеосуз кырып, мал-мүлкүбүздү талап кылгандыктан, жанды куткармакка Кытай мамлекети сиздерге баш пааналап, жериңизге турууга уруксат сурап тиленип келдик” дегенде, баягы чоң кытай (кийин сурасак ал Аксуунун Дотайы Жандыралысы экен) биз орус падышасы менен элбиз, силерди мында келтирбейбиз, - деди. Ошондо менден мурун жанымдагы жолдошум Токтосопу: “Катын-бала, эл-журт ачкадан кырылып бара жатат, мал арыгынан өлүп жатат, тоо суук болду, казак-орус элдин артынан кууп кырып келе жатат. Бизге ырайым кылыңыз, жериңизге өтүшкө уруксат кылыңыз” – дегенде өздөрүнчө бир аз сүйлөшө калып, “андай болсо тоо арасында тургула, калаага топурап келбегиле, мында орустун Кашкардагы консулу тарабынан коюлган аксакалдары бар, аларга көрүнүп калсаңар кармап алат. Бая күнү Нурмамбет Чекиров деген кыргызды кармап кетти” деди. “Биз раазыбыз, жакшы калыңыз” деп кулдук уруп турдук эле, алар өтүнө басты, бизди кайткыла деди. Биз дагы кулдук уруп жөнөдүк. Кайтадан Жаман-Суудагы жолдошторубузга келсек, үч-төрт кишиден башкасы кытай кармайт экен деп качып кетиптир. Ушул күнү 12-сентябрда кайта келип, Беделдин оозуна кондук.

13-сентябрда Беделдин орто капчыгайында конуп жаткан айылыбызга келдик. 14-сентябрда ооздогу кароолго көчүп келсек, баягы карыган кытай көчтү өткөрбөс болду. Акча, кой берели десек өткөрмөк болу эле, черик кыргызынан милтелүү мылтыктары бар беш-алты жигит жана бир абышка өткөрбөйбүз деп көчтү токтотту. Акча, мал берели десек “сайдын ташындай алтын-күмүш берсеңер да өткөрбөйбүз” деди. Ошондо күч менен өтөбүз десек, чериктер атабыз деп жулунду. Аталбады. Көчкөн эл өткөн соң, чериктерге азын-оолак теңге бердик. 15-сентябрда Беделдин оозуна чыга конуп, 16-сентябрда минген аттарыбыз, унааларыбыз жүрбөй жетелеп, араң дегенде Сапарбайга жетип кондук. Ушул 16-сентябрда Беделдин белин Токмокко бара жаткан 100 чамалуу кытайдын чериги жолукту. Биздин көчтөн (атаке, сарбагыштан алдына көчүп бара жаткан биз элек) мал, пул алган жок. Биздин артыбыздан ашкан элден белден өткөрбөйм деп жатып, канчалык айгыр атты тартууга алган экен. Ал тартуу менен токтоп калбастан, аскери мал-мүлктү, жууркан, таза кийим жана башкаларды талап алган. Жакшы камчы болсо дагы алган, эгерде сураганын бербесеңер кайтадан Россиянын жерине сүрүп таштайбыз дегенде, эл коркконунан сураганынын баарын берген. Кыскасы, көзү көргөндү койбой алган. Казак-орус жана мужуктар артынан кубалап, жакын калып, алдынан кытай өткөрбөй, талаганын уккандан соң бир далай эл Тянь-Шань тоолорунун ары жаккы, берки жаккы капчыгайларга жашынып ашып түшкөн. Кашкардагы консулдун койгон аксакалдары кармап алат деген сөз менен кыргыздын баш кишилери калаага көп кирбестен, тоо арасында болду. Болсо да жаман кийим кийинип, аттарын буруп жашырып жүрдү. Орус жеринен арып, ачка болуп канчалык ашуу ашып, канчалык суулар кечип, суукка тоңуп, күн-түн тыным жок кенен уктабай, качып барган эл ичээр-жээрине тамак жок, киер кийим жок, арыктап калган малын арзан баага сатты. Делбе чөп жеп малдын көбү делбеден өлдү. Көпчүлүгү малайлыкка жалданды. Бозо салып сатып, ала кийиз, шырлак, жууркандарын, ээр токумдарын сатты. Үй мүлкүн сатып болгондон кийин катын-кыздын мончок-шуру, сөйкө, билерик, шакек, чолпулары сатылды. Кичине эрмек балдарын сатуучулар болду. Акырында дунганга, уйгурга кыздарын сата баштады. Дунган экен деп кытайга дагы саткан болду. Тоодогу, талаадагы кыштактарды аралап, нан үчүн сенделип жүргөндөр көбөйдү. Турган шаары четте болуп, элдин көпчүлүгү анда барып шаарды кымбатчылык басты. Ошол себептен кайсы жерде эгин арзан десе, эл ошол жерге барабыз дер балдарын көтөрүшүп жөө-жалаңдап жөнөштү. Аксуу, Аксы, Бай, Куча, Шайа Бөгүр, Карашаарга жете кетти. Марал-Башыга келип, Артышка барып андан Кашкарга кирди. Андан өтүп Жаркентти, Аксуу, Турпан, Куча малга жайлуу болбогон, оокаттуу кыргыздар көчө Бай шаарына барып, андан айдак чыгып, көп дегенден көбү жылдыз ашып, Күнөзгө кетти. Оокатсыз кедейлер тентип кетти. Оокаттуу кишилерди ортодон каражат чыгарып баккыла десе, кулагына илбестен өз малын ала качты. Ачкачылыктын себеби: жакшы кийими, төшөнчү жок болгондуктан элди келте, котур, чечек каптады. Оорудан өлгөн элдин эсеби белгисиз. Эң көп болду. Кыргыздын боз балдары чыдап тура албай, уйгурларды талап, уурдай баштады. Бул маселе улугуна билинип калган соң, кыргызды айда деген буйрук чыкты. Элдин тынчы кетип, бир жерге тура албай, кыштын чыкылдаган суугунда кайсы кыштактагы шарт жакшы экен деп, ар кайсы кыштакка барып сыйынып турду. Ушул чакта Котон шаарында обо (чума) бар деп уктук. Кыштын толук чагында Караколдон Бычков баштаган 100 казак-орус Бедел ашып келип, Турпандагы кытайдын айылына кыргыздын бузук баштаган баш кишилерин кармап бериңиз дегенде, Абнал:  “Мен кыргызды тааныбаймын, өзүң калаадан таанып кармап ал. Калаадагы бектерге кармап бер дегенге Бычков Турпандан киши кармай баштаган. Малай Көбөнтаев деген кыргыз-казак орустар колуна түшүп, аны камчылап сабап туруп кутулган. Казак-орустар Аксууга келип киши кармаган (мен Аксууну кыштап калдым эле, түн ичинде качып чыктым) кезде Шабдандын балдарын катуу издеп, табалбаган себеп Шабдандын балдары Турпанга жаңыдан киргенде, Анжияндык аксакал Абдыкадыр кармайбыз деп келгенде алар карматпай ушул бойдон кетип олтуруп, Байдын тоосу Карабакка кыштаган. Бычков 70-80 кишини кармап, Беделдин белинин алдындагы кароолго барып конгондо, эл жаткан кезде Балыкчы Боромбай эшикке даарат ушатууга чыгамын деп чыгып, кошо барган солдатты таш менен жыга коюп качканда, калган солдаттар артынан кубалап бири жеткенде, аны дагы жыга муштап качып бара жатканда карга жыгылып калат. Ошондо казак-орустар аны кармап келип, кылычтап өлтүргөн. Калган кыргыздарды Бычков алып барып Караколдогу набактыга салдырган. Бычков келип элден 70-80 кишини кармаганда эл коркуп, көбү Бай, Куча, Луп, Шаяга кеткен. Тоонун ичиндеги туюк черге бекинишкен. Пишкек, Нарындан качып барган кыргыздар – саяк менен сарыбагыш экөө начар болду. Мал-мүлкү чак келбегенде башын саткан ушулар болду. Жакын жерден качкан себептен жана апийими барлыгынан Бугу кыргызы артыкча демдүү болду. Бугунун алсызыраагы Тынымсейит уругунан учурады. Көбүнчө сарыбагыштар бир түтүнгө 70-80 чакырым жерден мал уурдап келип турду. Топтогон төөлөрдү айдап келип, үстүнө алачык тигип кое салып, артынан ээлери келгенде төө көргөнүбүз жок, канакей таап алгының дегенде, айылды көрсөткөндө ээси алачыкта кайдан төө болсун деп айылдын тегерегин карап, кайта кеткен. Кээ бир учурларда уйгур менен кытайларды кыргыздар өлтүрүп да коюшкан. Кыргыздын мындай тынчтык бербегенин кытай улугу билип, бир жерге тургузбай ары-бери айдап турду. Кытай мусулмандарынын улугуна, бектерине союш берип, көчпөй турганы да болду. Кыргыз өз ич ара баланча уруу каракчы деп кытай улуктарына жамандап, бирин-бири чагымдап тургандары болду. Маселен сарыбагыш ууру деп бугу айтса, бугу ууру деп сарыбагышты айтты. Аныгында тынымсейиттен башка бугулар уурулукка катышкан жок. Көбүрөөк катышкан сарыбагыш болду. 1927-жылында апрелдин аягында Николай тактан түшүптүр, уруят болуптур деген имиш-имиш кабар чыкты. Анык, жалганын биле албай эл кулагын түрүп турганда, Орунбар шаарынан чыккан Вакыт гезити келип, уруят болду, Николай өкмөтү кулады, саясый туткундар азат болду. Ошону менен катар Алматыда туткунда жаткан кыргыздар кутулду деген сөз жазылган экен. Уруят болгонун анык билген чакта солто кыргызынан качып баруучу Сулайман Корчу уулу балдарын, инисин уруят болду деп Иле өлкөсүнөн алып кайтты. Жана да кытай өкмөтү: “Николай тактан түшүптүр, уруят болуптур, жериңерге кайткыла!” - деп жарлык кылды. Мындан соң талаада жана калаадагы бүткүл кыргыз, ар кимдин туулган жери Мисир деген сөз ырас экен. Эми элибизге жана киндик чечип, кир жууп, туулуп өскөн ата-бабабыздан бери карата өнүп-өскөн жерибизге кайтабыз деп толкушту.

 

КЫТАЙДАН ЭЛДИН КАЙТКАНЫ

Карашаар, Луп, Кашкар, Жаркентке жете чачырап кеткен жана Кулжа өлкөсүндөгү качкындар падыша түшүп, уруят болгонуна текши ишенип, азаттык болгонуна көздөрү жеткен соң, ар кайсы кыштакка жана тоого чачыраган качкындар жыйылып, жол азыгын камдап кытай, дунган, уйгурга берген кыздарынын уурдап алып кайта жөнөгөн. Жолдо келе жатканда көбү уурулукка кирген.

Тянь-Шань тоолорун жана Кызыл-Кыя, Санташ ашып, сапырылып күндөп-түндөп, эң азында 40-50 түтүн жөө-жалаңдап көбү өлгөндөрүн көмүүгө пурсаты келбестен, оору кишилерин көтөрүп алып, эгерде алып жүрүүгө дарманы келбесе, жанына идишке суу куюп, азыраак тамак, талкан менен жар түбүнө же болбосо таштан үй жасап зоо түбүнө таштап, кайрылып келип алабыз деп өздөрү жүрө берген. Маселен, Кара-Саздын башына сарбагыш элинен Кара Бекбоо деген абышканы оору болгон үчүн алып жүрө албай, жанына бир далай тамак коюп, балдары кайта келип алып кетебиз деп көчтөн калбай жүрүп кеткен. Абышка жалгыз калганда эки жаш жигит аны көрүп: “сен болсоң көрөрүң көрүп, ичериңди ичтиң. Мынчалык жашка келдиң, жаш биз өлбөйлү” деп тамагын алып кеткен. Ачкалыктан чыдабай бир-бирин карактап жана уурдап, көп өлтүргөн. Маселен, Бедел ашып Тарагайга келгенде айылынан бөлүп Тарагайга, анан Нарынга барамын деп тынымсейитке кошулуп, атаке элинен бир түнүн чечей кошо көчүп келе жатса, андан келе жаткан тынымсейит кыргызы эки күн эки аяк талкан сурап алып, жарма кылып ичкен. Үчүнчү күнү түн баткан соң сураса, күнүгө берип кантип чыдайбыз, - деп катыны айтканда, баягы жигит ачууланып кайта чыгып кетип, баягы үйдүн ээси намаз окуп жатканда кирип келип, балта менен башын жара чаап өлтүргөн. Калган алты баш кишинин баарын өлтүрүп, өлүгүн сүйрөп барып жардын алдына таштаган. Жаралуу болуп, эси ооп калган 12-13 жаштагы эркек баласы таңга маал эсине келип, кайта өз айылына кайтып келген. Баланы кубалап келип жетпей калган.

Көчүп келе жатканда 3-4 жаштагы балдар жөө баскан. Басалбай калган балдарды жана оору кишилерди белине аркан байлап, жетелеп баскан. Оору кшинин көбү баласын жана тамагын төшөнчүгө таңып көтөрүп жүргөн. Чоңураак эчки же кой болсо, жарым пудка жакын жүк арткан. Турпандан Кочкорго жеткенче ооруган катынын эри көтөрүп келген. (Чоң Кеминдик Шыгай Алтай уулу). Карыган ата-энеси оору болсо, балдары көтөрө-көтөрө чарчап, алдыңкы көчтөн артта калганын көрүп ата-энеси: “Бизден тукум болуп силер аман калсаңар болду, жаш силер өлбөгүлө, элден калбагыла, биз силерге ыраазыбыз!” деп тоо арасына кала берген. Ооруган жаш колуктусун бир нече күн көтөрүп, өзү ачкалыкка чыдабай жана көчкө жеталбай калганда колуктусунун алдына төшөк салып, үстүнө жууркан-кийимин жаап, кепин кылсын дегенсип элечегин жаздап, жанына суу коюп таштап кеткен (Жалак белде) талаада калган өлүктү топтолгон иттер жеген.

Ошондой азап-мээнетке дуушар болуп, биринен бири ажырап, көбү ачкадан өлүп, ач бел, куу жолдун үстүндө келе жатканда, какаганга муштаган болуп алдынан жарактанган мужуктар жана фронттон келсе катын-бала, ата-эне, ага-иниси кыргыздан кырылып калган. Анын күйүтүнө чыдай албай солдаттар 30-40 болуп топтошуп, бел-белге кыргызды тосуп жүргөн. Булар катын-баланы кырып, сулуу кыз-келин болсо алып, мал-мүлкүн талап турган.

Мындай карактоо, өлтүрүш көбөйгөн соң, кыргыздар күндүз жашынып, түн ичинде көчкөн. Бедел ашып келе жатканда бугу кыргызы желдеңден сентябрь айында катын-бала аралаш 150 киши өлтүрүлгөн.

1916-жылында декабрь айында Каркыра менен Нарынкөлдүн ортосу Чоң-Капкакта кечке жакын 20 казак-орус келип, чиркей уругу саяктан бир далай жаш бала, катындарды кырып жатканда, Жусуп Абдыракман уулу (Совнарком) беш жаштагы инисин көтөрө качып, арча-карагайга жашынып качып кутулган.

Барскоондун ичин Ачык-Ат деген жайлоонун сайында август айында желдең кыргызынан көчүп келе жаткан 300 кишини барскоондук мужуктар колу-буттарын байлап туруп, таш менен жанчып өлтүргөн.

Кытайга качпастан тоодо бекинип калган, кырк түтүн кишини Чежи деген жерден кармап алып, мужуктар өлтүргөн. 1917-жылы март айында 60ча түтүн кыргызды түлөө кылып жатканда кырган. Мунун 20 түтүнү ажы элиндеги чагалдак уругунан болгон. Түп орустары Түп менен Кулургунун ортосунан талаада эки киши кармап алып, саманга аралаштыра капка салып өрттөгөн. Жана Түптүн орустары Түптөн 21 кишини айрылап өлтүргөн. Бирин-сериндеп өлтүрүлгөнгө эсеп жок. Керенский заманында болгон өкмөткө арыз кылсак, укпастан кайтадан өзүнө ачууланып турду. “1916-жылында колуң менен кылдыңар, эми каның менен төлө”, - деди. “Сам кашу наварил, сам расхлебывай”. Качкынды өлтүрүп турган мужуктарга астыртан жардамчы болду. Маселен, 1916-жылында көтөрүлүш кылган кыргыздарды суракка чакырып кел деп жабдыктуу мужуктарды жиберип, “жолдо качты, каршылык кылышты” деп аткыла деп тымызын уруксат берип турду. Ошолордун бири жарактуу мужуктар Тоңдон Ысакаалы Алматаев баш болгон 11 кишини Тамга кыштагына айдап келип үйгө камап коюп, терезеден аткылап өлтүрдү. Качкан үчүн аттык деп мужуктар акты кылганда өкмөт кабыл алды. Өлтүргөндөр жоопсуз кетти.

Чүй, Кочкор, Ысык-Көлгө түн катып жашынып түшкөн качкындарды сенде баландай акым бар, малымды айдап кеткенсиң, баланча мужукту өлтүргөнсүң деп малын төлөтүп, малсыз болсо көбүнчө өзүн өлтүрүп, катыны сулуу болсо Алматыдан барган казакка, таранчы дунганга сатып турду. Кыз-келинин Токмок, Пишкек, Караколдон же орустун колуна түшкөндөй сатып алып, Алматыга алып барып, падага сатуу казак менен таранчыга кесип болду. Мужуктун өлтүргөнүнө, талаганына чыдай албай Алматы Дуванына, Пишпекке, Олуя-Ата, Таласка, Кетмен-Төбөгө качты. Кайтадан Кашкар-Турпанга кеткени дагы болду. Кышкы суукта үстүндө кийими, ичүүгө тамагы жок болгон үчүн көп кырылды. Жалгыз жүргөндөрүн карышкыр жеди. Келте, котур каптады. Жол үстү, тоо арасы ашуулар жар түбүндө өлүп жаткандардын эсеби жок, буларга жардам кылган болбоду. Токмок, Пишкекте жана кыштактарда көчөдө баса албай жүргөн ачкадан жана оорудан басалбай келе жаткан качкындарды итине талатып өлтүргөн мужуктар да болду.

Дунган, өзбек мужукка жаш балдарын, катын-кызын сатты. Күндө беш-ондон топтошуп жүргөн жетим балдар барар жери жок, суукка чыдай албай ачка жүрүшөт. Кечинде өзбектердин үйүнө түнөтүүгө сураса киргизбей көчөгө кууп таштап, көчөдө суукта калып, балапандай оозун ачып өлүп жаткан жаш балдар көп болду. Ошентип калган балдардын көбүн көбүнчө орустар үйүнө киргизип асырап турду. Ачкалыктан кашкулак, суур, чычкан, эшектин этин жегендер көп болду. Байлары кедейге карашпады. Токмокто Галий, Турдахун деген бийлер өлгөндө кепин берсе сооп болот экен деп кепин гана берди. Тиричилигине жардам кылбады.

Ашпоздук кылып, бала-чакасын эптеп багып турган качкындарды Токмоктун мужуктары өлтүрүп турду. Маселен, абыла кыргызынан Абийир дегенди өлтүрдү. Кыргыздан бузук кишилерди жалдап алып, жолбашчы кылып жашырып, көрүнбөй тоодогу качкындардын мал-мүлкүн алып турду. Токмоктон Кара-Доңуз басып, Чаян, Бугу, Мүйүз кыштактарын аралап бара жатканда алардын мужуктарын өлтүрүшү дагы болду. Алматы дуванындагы казактар сенделип жүргөн кыргызды ууру деп оруска кармап берип, өлтүрткөнү көп болду.

Нарында саяк жана калпа Келдибек уулу бир качкын кыргызды уруп, өлтүрткөн.

Тескейде – Тоңдо Питат пункт ачылып, ал алты ай чамасында элди багып, каражатка берген акчадан манаптары пайдаланып турду. Алматыда, Каргалда дагы ачылып, качкындар элүү жети күн багылды. Мен башында турдум. Нарынга пункт ачабыз деп Керинский өкмөтү жана манаптар элден отуз миң кой жыйнап алып пункт ачпастан, качкынга жакшылык жок деп малды өз пайдаларына калтырды.

Кара-Коңузда Булар Магуев Чоң-Дөбөгө ашкана ачып, 1500 чамалуу качкынды үч ай бакты. Көк чыкканда Булар өзү келип, биз Бейжинден келип мынчалык куралып эл болдук, тукумуңар калар, дунгандар ачка болуп кетти. Эми тарагыла деп тараткан. Ошондо дагы дунгандар азын-оолак качкынды алып баккан. Калган качкындар тараган. Бул качкындардан миң чамалуу киши өлгөн. Баккан дунгандын кээ бирлери кыргыздын багылып турганынан өлтүрүлгөнү дагы болгон. Күн абдан ысып калганда элге келте келип, көп кырылган. Николайга жардам болуп, качпай калган кыргыздан өлтүрүлгөндөрү: 1918-жылында нарындык Калпа Келдибеков, Токмоктон Дүр Сооронбаев Токмокко камап жатып, бир нече күндөн соң Шор-Дөбөдө атып өлтүргөн.

Николайга каршы чыккандан Токмок орустары Шор-Дөбөдө өлтүргөндүн ичинде Масымкожо Тоголоккожоев, Турумбек (Шамшы эли) жана Канааттын баласы Кочкорлуктан Кытайга качып  барып, кайта келген Тезекбай Түлкү уулу, Жапай Көк-Таш уулу жана башкалар, Нарында Чолук баштап бир нече киши атылды.

1917-жылы күзүндө хулиган-басмачы орустар Бөлөкбай кыргызынын Салмоорбек Асыл уулу баштаган 20 кишини өлтүрүп, мүлкүн талап кеткен.

1918-жылында Кондубаев жана Кытайга качкандан Ысмайыл Сулайманов бир жолдошу менен үч кишини улук чакырып жатат деп солдаттар айда бара жатып жолдо өлтүрмөк болгондо, Кондубаев солдаттын бирөө менен каруулашканда беркиси кылычтап өлтүрүп таштаган. Жолдошу жарадар болуп качып кутулган. Сулаймановду дагы өлтүргөн.

1917-жылында сентябрь айынын башында Бөлөкбай кыргызынан Андаш Чоловду Токмок мал базарында бузуктар күндүзү тепкилеп өлтүргөн. 1917-жылында күзүндө Алматыда Демократтык республика жарыялады.

1918-жылында 17-февралында Алматыда Кеңеш өкмөтү курулганда өлүм токтоду. Эгерде Кеңеш өкмөтү курулбаса, качкан кыргыз эмес, мында калган жана урушпаган кыргыздын дагы тукумун койбой кырат эле. Ошондо дагы анда-санда чекене өлтүрүлгөн болду.

1921-жылында 20-январда бүткүл кыргыз-казактын кедей бечараларынын Олуя-Атада сьезди болуп өткөн соң, эл-журт тынып тынчтык таап, өкмөт кедей пролетардын колуна өтүп, кан ичер жоон муштум колонизаторлорго жаза чындап берилген соң, эл-журт тилегине жетип, башына түшкөн кара туман ачылып, жаркырап кызыл жылдыз көрүнгөн соң, анын касиети менен кара түндөн кутулуп, каран күн унутулуп, жан өзүмдүкү, өкмөт биз пролетар кедейдики деп бүткүл ишти колуна алып, социализм жолуна киришти.

ТӨЛӨ АЖЫ УУЛУ ЫБЫРАЙЫМ

ҮРКҮН

1916-жылдагы “Үркүн” деп аталган кыргыздардын Россия падышалыгына каршы көтөрүлүшүнүн активдүү катышуучусу, Төлө ажынын уулу Ыбырайым1, ошол кездеги башынан өткөн окуяларды өзү жазып, менин атам Самүдүн уулу Абдылдабек Тайгүрөңовго 1947-жылы берген экен.

_________

1.Кол жазмада кездешкен адамдардын бутагы: Мөкүш, Самүдүн, Кемел, Аман – Шабдан баатырдын балдары. Төлө ажы – Жантайдын баласы, Шабдандын иниси.

Өткөн доордо өзүбүздүн  тарыхыбыздын көп жери айтылбай, айтылса да бурмаланган кезде бул кол жазма катылып жүрдү. Эми саясат өзгөрүп, айкындын доор келгенде минтип жарык көргөнү турат.

Бул кол жазма араб ариби менен жазылган. Орус тамгасына которууга Осмонаалы кызы Бүбүш эже мага чоң жардам берди. Бүбүш эженин атасы айтылуу “Кыргыз тарыхы”, “Тарыхи шадмания” деген китептердин автору Сыдык уулу Осмонаалы молдо.

Жаңыл Абдылдабекова

 

Биз кара кыргыз башынан бери карай туулуп, өнүп-өсүп келе жаткан жыргалдуу жакшы ата мекен жерлерибизди падыша Николай нааразычылык менен казак-оруска араларыбыздан кыйып алып берген; калаа салып жайланып алып, кыргыздардын малдары жериме, аштыгыма түштү деп, түшсө-түшпөсө дагы кармап алып, мал башына бир сом, эки сом акча алып турушкан, малын талашкан кыргыздарды уруп, согуп, кай бирин өлтүрүп дагы койгон. 13-15-жылында падыша Николай нааразычылык менен кыргыздан жакшы ат, жакшы атан төө, семиз чоң  өгүз, жадагалса тон, байпак жана дагы керектүү нерселерин ала берген. 1914-жылында Николай падышабыз буйрук кылды – 18 жаштан тартып кырк жашка жеткенди солдатка алынсын деп. Кыргызга чоң коркунуч түшүп калды. Николай падыша мурунтан кыргыздан солдат албаган эми бизди ойрон кылып жана уруш тартибин мурунтан билбеген башыбызды кырмак болгон экен деп, мурунтан нааразы болуп турган кыргыз мындан көрө эрте өлгөнүбүз жакшы деп, падышабыз Николайдын зулумдугуна чыдабастан Ысык-Көл айланасында турган Пржевал уездине караштуу бугу, саяк, атактуу кыргыз бир нече болуш жана Бишкек уездине караган Чоң-Кемин жана Кичи-Кеминде турган Атакени жердеп турган Надырбек, Борукчу атактуу эки болуш эл Сарбагыш атактуу эки болуш эл жана Кочкор деген ушу айтылган кыргыздардын мурунтан эле калаа салып, жайланып туруп зордук-зомбулук көрсөткөн казак-орустардын малдарын талап алып жана мурун казак-орус кыргызга кылган зулумчулуктарынан эки эсе артык кылып кай бир казак-орустарды өлтүрүп, бир нече Атаке Сарбагыш элдери Самсоновканын малын талап, кай бирөөлөрүн өлтүрүп жана Чоң-Кеминдеги кыштакта турган орустун дагы малын талап, кай бирин өлтүрүп, Атаке Сарбагыш мурунураак чоң козголоң кылып жиберишти. Атаке Сарбагыш Мөкүш Шабдан баласы баш болуп, Атаке айлынан Султан Далбай баласы, Боромбай Сазан баласы, Калбай Калкан баласы, Белек Солтоной баласы – ушул кишилер баш болуп үч жүз киши менен Самсоновдук казак-орусту камап, Алматы жолуна жана Кашка жолуна кароол коюп турган. Ошол убакытта Шабдан баатырдын мечитине Жантай балдары, Сарбагыш элдеринен Калмаакы Байтуума ажы, Чертике Абдыракман болуп жана Кемел Шабдан баласы, Аман Шабдан балдары менен акылдашып кандай амал кылабыз дешти. Төлө ажы “Атаке сарбагыш силерге мен карылык кылып башынан айткамын тынч тургула деп, тилимди албай чоң козголоң салып алдыңар, эми бат эле көрөсүңөр орустан көргүлүктү” деди. Олтурган кишилер: ырас, Төлө ажынын карылык кылып айткан сөзү деди.

Кемел Шабдан баласы айтты: болор иш болду, чоң ажыдаардын куйругун басып алдык, Николай падыша биздерди бул жерге эч кандай жашатпайт, ушул кезде көл башы, Текес жана Ысык-Көлдүн тескей тарабынан жолдору, ашуулары ачыгыраак жана Ысык-Көл айланасында турган Пржевал уездине караган бир нече болуш эл, Бугу, Саяк атактуу – ушулар дагы бунт чыгарды деген сөз угулуп турат. Ал анык болсо, аныгын билүүбүз керек да көчүш керек. Ошол кишилер “Ырас, Кемел Шабдан баатырдын баласынын айтканы” – деди. Калктын башына абдан катуу иштер түшүп турат.

Мен, Ыбырайым өзүмдүн ушул жерде турган Жантай балдарына, Шабдан баатыр балдарына, ушул жерде турган кишилерге айткан сөзүм: андай болсо мен түн боюнча Шыргыйдагы үйүмө барып, андан нары Чоң Сары-Булактагы элге түшүп, Ысык-Көлдүн аягындагы Сарыбагыш элине чектеш турган Арык тукумуна таң атаар менен барып кабарлайын деп, Кеминден көз байланган убакытта чыктым. Шыргыйдагы үйгө түн жарымында келдим. Айылдагылар чогулуп биздин үйдө жатпай олтурушкан экен, жана менин келгенимди угуп келип калышты. Мен аларга айттым: “Силер Көк-Мойнок бекеттеги жамчик (ямщик) болгон бладарына, сарайчы орустун чөбүн чапкан кишилерди түн боюнча Шыргыйдагы элге барып кишилерди, балдарыңарды алып жана колуңардан келсе бекетчи, сарайчы орустардын аттарын дагы алгыла, мен түн боюнча Сары-Булак менен түшүп, эртең кай убакытта болсо да Көл аягында боломун, Арык тукумунда, - деп таң жакындап калганда элден ишенимдүү сегиз киши кошуп алып, Сары-Булактын үстүнө таң агарган убакытта келип калдык. Жакадагы Айтыке эли, Абыла, Таздар болуп эски Бекеттеги сарайчы орустардын малын талап алышып, жол боюнда тура албай үркүп келип калышыптыр. Мен айттым: “Силер дагы мени менен аттаныңыздар, кошо жүргүлө, Арык  тукумуна барып сүйлөшүп, көл тарабынан кандай кабар угулар экен деп баралык”.

Кызыл Сазга келсек Сагын, Саадабай баштап 20-30 Арык тукуму келип калышты. “Көл айланасынан кандай кабар бар?” – десек Сагын айтты: “Кыдык, Ысакалы орустардын малдарын талап жана орустан дагы өлтүрүштү деп угулду жана андан наркы Кызыл Суудагы орустарга дагы кыргыздар козголоң салып жатат деген сөз угулду”.

Семиз Белден казак-орустун Балыкчыдагы күзөтүнүн жылкысын “Арык тукуму алдык” деп сүйлөшүп турганыбызда, төмөнтөдөн киши катуу чаап келатат. Карасам биздин элдеги Ыйманаалы деген Элебайдын баласы экен. “Ашыгып кайдан келдиң?” – десем ал: түн ичинде сиз кеткенде биз дагы түнү менен Көк Мойнок Бекеттеги балдарга барсак, алар айтты: кечинде кызыл желек байлаган жети араба мылтык, он солдат жана Жел-Арыктагы бекетчи, сарайчы орус дагы кошо келди, Көк-Мойнок бекетчи, сарайчы орустар камданып, таң атаар менен бирге жөнөгөнү жатышат деди, ошону айтканы келдим. Ушул турган кишилер: “Ыбырайым, кандай кылабыз?” – дешти. Мен айттым: “эгерде мылтык Балыкчыга келсе, эч кимибизди соо койбойт” деп. Сиздин айтканыңыз ырас дешти. Андай болсо сарбагыш эли, Арык тукуму болуп эски бекеттеги сарайчылардын тамдарынын ичине бардык мылтык менен өзүм болуп олтуралык. Мен өзүм бир тамга отурам, силер дагы суунун боюндагы чоң жарга жашынып тургула. Биз атабыз, мылтык атылганда силер дагы атакелеп катуу кыйкырып, туш-туш жактан аламан коюп жибергиле – деп айтып, экски бекетке келип айтканымдай мылтыкчандарды сарай тамдын ичине экиден киргизип, коркпой туруп жакшы аткыла, мен атмайынчы бириң атпагыла деп өзүм жалгыз бир тамга олтурдум. Анан атымды сарайдын ичине байладым, болжолу жарым сааттан кийин мылтыктары жаркылдап арабанын алды-артында солдаттар келатат.

Ортобузга кирип келди, мурун атып жиберсем бир солдат жыгылып калды, мылтык атыла берди.

Бир солдатка ок тийип жүрө албай баратканда арабага салып алышты, бизден узап атып бара жаткан солдаттар чегинип баратышат. Кишилер кайда кетти экен деп тамдан чыгып карасам, чийдин ичинде Боз Бармак талаасында качып бараткан кишилер, атым болсо жок, сарай ичиндеги байлаган чылбыры үзүлүп калыптыр. Тамдын үстүнө чыга калып карасам, үйдөн кошо барган кишилер атымды таанып, алып келип калышты. Атымды минип жүргүлө деп жолдун алдыңкы кашаты менен чаап барып, чоң сайдагы жарга бааналап, арабанын алдыңкы атын атып жибердим. Ат бара түшүп жыгылып калды, солдаттар арабанын алдына жарым-жартысы жүгүрүп качып калышты. “Качкан жоого катын эр” деген макал бар. Төртүнчү атабыз Атаке баатырдын ураанын айтып “Атаке! Атаке!” деп жакын барып, ат үстүнөн бир-эки атып жибердим. Качкан солдаттар, бекетчи орустар үч ат кошкон бир арабасын таштай качкан экен. Качкандар бөлөк арабага түшүп алып жөнөштү, мен бир аз жерге аткылап бардым. Солдаттар дагы арабанын ичинде атып баратат. Таштай качкан арабасынан бир аз жерге кууп барып, кайта арабага келсем, атына ок тийип жыгылган араба менен жети араба экен. Баягы качкан Арык тукумдары болушуп, Сарыбагыш эли болуп баары келип калышты.

“Ыбырайым баатыр, соогат, соогат” деп. Мен айттым: “Падыша Николай кыргыздарга каршы жиберген мылтыгын кудай бизге берди. Падыша Николай бизге кылган зулумчулугу өз башына көрүнүп, бир чоң балээге бат эле кириптер болгусу бардыр. Эми Арык тукуму бир бөлөк жана Сарыбагыш эли бир бөлөк болуп, кыргызчылык кылбай отургула, мен өз колум менен тегиз бөлүп берем”, - дедим. “Макул, Ыбырайым баатыр, мылтык бериңиз, өлгөнчө сизге ыраазыбыз!” - дешти. Арабада бир балта бар экен, бир сандыкты балта менен бузуп көрсөк, бардаңке мылтык экен. Мылтык салган чоң жыгач сандык, болжол менен тогуз экен. Бир сандыкта жыйырмадан мылтык бар экен, баарын чогултуп алдырып, өзүм санасам бир жүз сексен мылтык болду. Дагы кичирээк 12 жыгач жашик бар экен. Бирин ачып көрсөк, төрт банке бар экен. Бир банкени буздуруп көрсөм, алтыдан көк кагазга оролгон 48 пачке бар экен. Бир банкеде 288 патрон бар экен. Баарын санаганга убакыт шашылыш болуп саналбады.

Арык тукумуна 80 мылтык, беш жашик патрон бердим. Өзүм менен барган Азык, биз Жантай баласынын балдары, элдери, Абыла, Таздар болгон жерине элүү мылтык, үч жашик патрон берип, калган элүү мылтык, төрт жашик патронду ойдон өзүм ээрчитип барган кишилер болуп эки төөгө артып, түн боюнча үйгө келдим. Элүү мылтыкты өзүбүзгө, жакын жерлерге жыйырма мылтык, үч жашик патрон берип, калган элүү мылтык, бир канча окту үйгө койдум. Калган жыйырма тогуз мылтыкты алып, бир канча патрондор менен Самсоновканы камап жаткан Атаке сарбагыш элине өзүм беремин деп келип, Кемел Шабдан баатырдын баласыныкына конуп калдык. Түн ичинде Самүдүн Шабдан баатырдын баласы келип калды. “Самүдүн, кандайча түнү боюнча келдиң?” десем ал айтты: “Алматы жактан кыр жол менен жүз чамалуу казак-орус Самсоновкага келди жана уезд приставы бир канча солдат менен келе жатканда Бейшекенин оозунан тосуп атышып, Бердибек ажынын баласы, Додуй ажынын баласы, Маңсарттын баласы ушул үчөөнө ок тийип зыян болду жана Ысмайыл Далбай баласынын аркасына ок тийип, жаралуу болуп калды. Эки солдатка ок тийип өлдү, өлүгүн таштабастан, өңөрүшүп көз байланганда алар дагы Самсоновкага кирип кетти. Төлө ажынын баласы Ыбырайым Көтмалдыдагы эки бекеттен тосуп, бир жолку бара жаткан жети араба мылтыкты түшүрүп алып келди деп угуп Атаке сарбагыш сүйүнүп, Ыбырайым Төлө ажы баласына биринчи кудай өмүрүнө береке берсин, экинчи ата-бабаларыбыздын арбагы колдоп, эч жамандыкка кудай кириптер кылбасын деп Атаке Сарбагыш болуп сыртыңыздан чуркурап бата кылышты. Самүдүн, сен түн боюнча Ыбырайымга Алматыдан келген казак-орустун жана Бишкек, Токмоктон бир канча солдат менен келип уезд приставдардын Самсоновкага келген кабарын айтып барып, намаз убакыттан калбай жардам алып кел деп жиберишти” деп айтты. Андай болсо мен алып келген мылтыктарды мыкты мергендерге бер деп мылтык патрону менен бердим да: “Аттарыңарды тандап минип, эртең күн чыкпастан мурунураак бириң калбай баатырдын мечитине келгиле” деп жибергенмин. Ал мергендер эртең менен келип калат, мен алардын баарысын баш-аягына абдан чогултуп алып, кашка жолду ашып, Атаке Сарбагыш элинин үстүнө барамын.

Самүдүн, сен мечитте түшкө жете күтүп туруп күнгөйлүк Айтыке балдары, элдери жана Абыла, Таздар болгон жерине элүү мылтык, үч жашик патрону менен бергемин. Аларга мен айткамын, силер мылтыкты алып жатып албастан, эртеңки күнү түштөн калбай Шабдан баатырдын мечитине келгиле деп убада кылганмын. Алар Калмак ашууну ашып, баатырдын мечитине түштөн калбай барабыз деп айтышкан. Самүдүн, сен ошолорду күтүп туруп, келгенде баарынын баш-аягын абдан чогултуп алып Жол-Булакты ашып Мөкүш, Султан, Боромбай, Бөлөк баш болуп, Жантай Атаке Сарбагыш элинин үстүнө алып бар” деп. Самүдүнгө ушул сөзүмдү айтып, таң атканда мергендерди алып кашка жол ашып, Кичи Кемин элин, Атаке Сарбагыш элинин үстүнө алып бара жатсак, Кара-Кыя деген ашуунун жонунда мылтыктын үнү чыгып, катуу добуш угулуп калды. Аттан түшүп, дүрбү салып карап турсам бир кишини эки атчан солдат кылычтап өлтүрүп жатат. Солдат экенин таанып, атты минип, мергендерге айттым: “Кара-Кыянын берки жагындагы кишини атып, бир жөө кишини эки атчан солдат бери жагында кылычтап өлтүрүп жатат. Эми кайра жүргүлө, кашка жол менен өйдө чыгып, көк жондун алдын тосуп атышалы, - деп кайра чаптык. Кашка Жолдун өөдөсүндө аттарыбыз чарчап баспай калды. Менин алдымда Нурдин жана Нажимүдүн деген балам экөө мурунураак жонго чыкты, арт жагымды кайрылып карасам, мергендер кай бири атын жөө жетелеп, кай бири аттарын минип акырындап келе жатышат. Мен мергенчилерге кыйкырды: “артымдан батыраак келгиле!” деп. Экөөнүн артынан мен дагы жонго чыктым. Карасам солдаттар үч топ болуп көк жон менен бизди карай катуу чаап, мылтык, кылычтары жаркылдап келе жатат. Үчөөбүз аттарыбызды абдан куудук. Бир чоң дөбөнү көздөй солдаттар да чаап келе жатат. Үчөөбүз солдаттан мурун жакын барып калдык, дөбөнүн далдаасына аттарды байлаштыра салып, Нажимүдүн дөбөгө мурунураак чуркап чыкты. Нурдин экөөбүз дагы чыгып калдык. Карасам, солдаттар дөбөнүн алдына жакын кирип келди бизди көрбөй. Карааны чоң бир боз атчан казак-орусту Нажимудун мурун атып жиберди. Атынан тик сайылып жерге түштү. Баарысы кайра качты. Үчөөбүз тең атып калдык. Бара түшүп  бир казак-орус атынан жыгылып жатып калды. Бир аздан соң дагы бири атынан ооп жыгылып жатып калды. Калганы бир чоң кабакка кирип, чыкпай калышты жана арткы мергендер дагы келип калды. Казак-орустар кабакка кирип, жашынып атып турушат. Биздин мергендер дөбөдө жашынып алып атып жатышты. Жусуп Төлө ажынын баласы инибиздин чыканагына ок тийип, жаралуу болуп калды. Ошентип атышып турганыбызда Мөкүш, Боромбай, Бөлөк,  Султан келип калышты. Алар айтты, биздин Атаке сарбагышты казак-орустар мылтыктап, чогулуп жаткан жерибиздин чыдай албай Чоң-Кеминге качып түштүк. Ыбырайым кашка жолдон казак-орусту камап атышып жатат деп угуп кедик, казак-орусту кандай кылдың дешти. “Жашынып баарыңыздар бери келиңиздер”, - десем келишти. Мен жыгылган казак-орусту көрсөттүм, тигил жолдун үстүндө жатканды мурун Нажимүдүн атканда жыгылды, кайра качканда атканыбызда тиги жаткан жыгылды, анын нары жагында жаткан көк шымчан ошол жерге жыгылды, жана калган казак-орустардын алдыңкы тобу кабактан жашынып атып турушат, силер көрүнүп калсаңыздар атат, андан наркы кичине дөбөнүн астына бир тобу кирип чыкпай калды. Келе жаткан казак-орустар көрүнгөн аштыктын бери жагындагы сайга кирип чыкпай калды. Бизди угуп бир далай кишилер келип калды. Мен айттым, ушул тургандардын ичиндеги бардык найзачандар “атакелеп!” катуу кыйкырып кирип барганда, казак-орустар атып калды. Эки киши, үч атка ок тийип жыгылып калды. Найзачандар кайра качып калды, казак-орустар аттарын минип ураалап кабактан чыгып келе жатканда мергендер баарыбыз атып калдык. Казак-орустар атынан түшүп атышып калды. Казак-орустун төрт-бешине ок тийип жыгылганда чыдабастан сай менен аттарын жетелеп качты. Мергендер жүгүрүп сайдын кырынан тосуп, бир далайы атып жибердик эле калганы окко чыдай албай, алдындагы бир чоң сайга барып кирип атышып турушту. Ошентип турганыбызда көк жондун кырынан кылактап казак-орустардын башы көрүнүп, анда-мында сурнайдын добушу угулуп калды. Биз менен атышып турган казак-орустар аттарын минип, сай өрүп сурнайдын добушу чыккан жакка карай качканда, мергендер дагы үч казакка ок атып калды. Калганы жонго чыгып кетти, мергендер атка минип артынан кууп чыксак, эки топ болуп кашка жол алдын түшүп Самсоновкага карай качып баратат. Качкан казак-орустун алды чаңдап, жол менен Самсоновкага жакындап калып, биз жетпей кайра келдик. Атышкан жерден мурун Нажимүдүн аткан чоң боз атчан казак-орустун баштык командири экен, ошону менен ок тийип өлгөн казак-орус он төрт болду. Алардын мылтык, кылыч, командиринин наган тапанчасын жана бир канча патрондорун алдык. Кыргыздан атышкан жерде үч киши жаралуу болуп, эки киши өлдү. Атаке эли үркүп келе жатканда көчүн Кара-Кыянын оозунан тосуп, эркек, аялдары болуп он жети кишини казак-орустар кылычтап өлтүрүптүр. Көк жондо чогулуп Атаке сарбагыштын быякка келген кишилери болуп турсак, кечке маал бир киши келди. Самүдүн, Сарбоз ажы, күнгөйдөгү Азык балдары Абыла, Таздар, Ыбырайым түшүргөн мылтыктан алышкан экен, ошол мылтык менен Жол-Булак менен келаткан солдат менен атышып, эки кишиге ок тийип өлдү жана бир солдат, үч оруска ок тийип өлдү. Калган солдаттар Жол-Булактын оозундагы бир тамга кирип алып атышып жатат. Самүдүн Ыбырайымга барып айткын деп жиберди, ушуга келдим деди. Андай болсо Кашка жол, Кара-Кыя жолдоруна он мылтыкчан отуз киши коелу десем макул дешти. Мен он мерген кошом жана отуз киши мергендерге ким баш болуп калат десем, Султан Далбай баласы калсын дешти. Мен айттым, андай эмес, силерге эп болсо бул урушту жалгыз манап баштаган жок. Атаке сарбагыш эки болуш элдин бай-манап, кедейлери баарыбыздын кылган иш десем, Ыбырайымдын айтканы ырас эмеспи, жалгыз манап кылган эмес, баарыбыз кылган иш эмеспи, ошондуктан Султан, Байымбет, Боромбай, Алыке болуп тоссун дешти. Мен айттым: “Дагы он мылтыкчанга бешти кошомун, он беш мылтыкчан, бир жүз киши болсун дагы, бүгүн түн бою жол-жолду кишилерге мергендер кошулуп карап тургула. Таң атканда Кашка жолдон тартып Жол булак, Кара Кыя кырларынан мерчемдүү Самсоновка көрүнө турган үч жерден карааныңарды көрсөтүп коюп тура бергиле. Мен барып Жантай балдарынан үч-төрт мерген кошуп, киши кошуп Кеминдин капчыгайы менен барып, тайгак көпүрөсүнүн бери жагынан кароолдоп турууга жиберемин деп. Ушул сөздү айтып Самүдүнгө келдик. Солдаттар тамды тешип алып, мылтык атып турушкан экен. Түн кирип калды, эки мылтыкчан беш киши менен Жол-Булактын оозун тосуп тургула деп Жантай балдарынан Нурдин Искендер баласын баш кылып алып мылтыкчан жыйырма киши менен капчыгайга жиберип, таң атканда Көк-Жондогу Султан, Боромбайлардын үстүнө бардым.

Кечке Көк Жондон дүрбү салып карап турдук. Самсоновка жактан эч бир шоорат билинбеди. Көч убакытта ушу кишилерге айттым: мен түн боюнча үйгө барып, атымды таштап башка ат минип эртеңден калбай келемин. Силер Көк Жондон эч кайда козголбой, жол-жолго кароол коюп, түнкүсүн абдан мыктылап тосуңуздар деп Жол-Булактын оозунан чыгып келип, тамга кирип атышып жаткан солдаттарды кайтарып турган мергендерге келдим. Алар айтты: “намаз убакытта эки солдат жашынып суу алганы жатканын көрүп Жакай атып жиберсе, арыктын бери жагындагы жаткан солдатка ок тийип өлдү” дешти. Мен түнү менен үйгө барып башка ат минип, эртең кайра келем. Солдатты түнкүсүн качырбастан жакшы кайтарып тургула деп түн боюнча үйгө келсем таң атып, түшкө жакын убакытта Кеминде жаткан Атаке Сарбагыш туш-туштагы ашуулар менен үркүп, көчүп калышты. Жана Көк-Жонду тосуп жаткан Боромбай, Султан, Байымбет мергендер көрбөстөн орустарды өткөрүп жиберишиптир, намаз убактысында Кемин баселкеден бир жүздөп көп казак-орус көпүрөдөн чыгып, мылтык атып калганда үркүп калдык. Жонго чыкканыбызда Шабдан баатырдын мечитинен өрт чыгып калды деп Төлө ажы айтты. Шабдан баатырдын балдарына караштуу адамдары, бала-чакалары менен Шыргыйды ашып, үркүп келип калышты. Биз дагы кошо үркүп, Шыргый элине түшүп суунун боюна конуп, таң атканда көчүп Көл аягынан өтүп, тескей тарабына Ала-Баш, Коңур-Өлөң деген жерге барып калды. Биз баргандын эртесинде, саяк Баатыркан кыдык Ысакаалы баш болуп бир канча кишилери келишти. Атаке Сарбагыштын баштык адамдары Жантай балдары, Шабдан баатырдын балдары болуп турганыбызда саяк Баатыркан айтты: “Атаке Сарбагыш Николайдан бир канча көп мылтыкты Балыкчыдан Жантай уулу Төлө ажынын баласы Ыбырайым түшүрүп алып, биздин Семиз-Бел элине, Арык тукумуна бир далай мылтык бериптир деп угуп, ошол мылтык менен Кашка жолду тосуп, Самсоновканы камап жаткан Мөкүш Шабдан баласы баш болуп, Атаке сарбагышты Алматыдан камап казак-орустун Бишкек, Токмоктун уезд приставы Атаке сарбагышты атып, бир далай кишиге ок тийип, Көк-Жон деген жерге казак-орус кубалап келе жатканда Ыбырайымдын баласы Нажимүдүн боз атчан командирин атып жана Ыбырайым өзү баш болуп мергендери менен казак-орустун бир канчасын атып өлтүрүп, Атаке сарбагышты аман алып калды деп уктук. Жана Саяк, Бугу болуп Караколго барып атышып, бир канча кишилерге ок тийип өлүп, кыргыздар туруштук бере албадык. Атаке сарбагыш, Шабдан баатыр балдары, Жантай балдары биз Бугу, Саяк болгон жерибиз сиздерге ишенип турсак, сиздер дагы үркүп келип калдыңар, эми кандай кылабыз?” Шабдан баатырдын баласы Кемел айтты: “Николай чоң падышалардын бири болчу, эми бизди бул жерге эч качан жашатпайт, кытай чегине бат баруубуз керек”. Ошол турган кишилер: “Ырас, Кемел Шабдан баатырдын баласынын сөзү туура” дешти. “Андай болсо деп Кыдык Ысакаалы айтты: Бугу, Саяк болгон жерибиз мурун аша берели, Атаке сарбагыш сиздер курал-жарагыңар бар, артыбыздан түшкүлө”. Ошол турган Атаке сарбагыш, Жантай балдары: “Макулбуз, силердин артыңарда болобуз, эми алты-жети күндөн калбастан Сыртка чыгуубуз керек”, - деген сөзгө токтолдук.

Эки күндөн кийин мен Ыбырайым жыйырма мылтыкчанк иши менен кайра Боз Бармакка чалгындап келдим. Күн баткан убакытта төмөнкү капчыгай жактан кара жол менен көз байланганда Балыкчыга көп араба келе берди, арты келгенче түн кирип калды. Мен ошол жерде таң атканча мергендер болуп кароолдоп, таң атканда кандай болоор экен деп, таң агарганда Бозбармакка келип жашынып карап олтурдум. Таң атаары менен дүрбү салып карасам, арабанын алды Сары Камышка барып калыптыр, арты Балыкчыдан жөнөп жатышат. Булардын аскер экенин абдан анык билип, Караколго кайра келдик. Бир канча көп араба менен аскер киши деп айтып келдим. Эки күндөн кийин Саяк, Сарбагыш болуп эки жүз киши алып, бир нече мылтыкчандарды алып келип калды. Он мерген, беш кишини Бозбармакка чалгынга жибердим. Жарым түндө чалгындар келип калышты. Түндө Арык тукумдардын тамдарына орустар келгендей болду деп таң атар менен келсек, ырас экен, бир жүздөн көбүрөөк казак-орус бизди аткылады. Биз бир чоң сайга кирип, жашынып атышып турдук, казак-оруска биздин мылтык жетпеди. Казак-орустардын огу үстүбүздөн кетип турду. Жашынып турган сайдын көрүнөө жерине замбирек алып, пулемет алып келе жатканын көрүп, тура албастан Наварасий (Новороссийка) менен көрүнбөстөн качып калдык. Артымдан отуз чамалуу казак-орус тоого жакын келип калганда, жашынып туруп атып жибердим. Атынын жалын кучактап жыгылбай турганда, солдаттар аны кайра жетелеп, эки солдат эки жагынан жөлөп алып барса, кай бири атка тартып калышты. Дагы бир-эки атып жиберсем, бир аты артка буту сырактап баса албай калды. Солдаттар далдоого кирип кетишти. Атымды минип мен дагы качкан элдин артынан келе жатсам, Ыбырайым көрүнбөйт деп Нажимүдүн балам баштап үч мерген, төрт-беш киши келип калды. “Сиз элдин ичинде көрүнбөгөнүңүздөн алда кандай болду деп келатканбыз” деп элдин артынан жүрүп үйгө келдик. Кечкурун келсек Анжияндан Көк-Артты ашып, Нарынга 1500 казак-орус келди деп угулду. Атаке Сарбагыш Тоң-Тосор деген ашууну карай үркүп барып, ошо жерде Жантай балдарынын көчүнө биз кеч убакытта Тосордун үстүнө жеттик. Көчтүн алды оордой берди. Көч артынан карап турсак, туура бизди көздөй Сары-Бел деген бел менен кырк-элүү казак-орус көчтү карай келе жатат. Мен мергендерди кароол таштарга көрүнбөй отургула деп турганымда, казак-орустар бир терең сайдын ичине кирип көпкө чыкпай калышты. Карап турсам, он солдат мылтыктарын колуна алып жөө келе жатат бизди көрбөй. Алар мергендерге жакын келгенде баарыбыз жабыла атып калдык, кайра качышты. Бара түшүп бир солдат жыгылып калды. Солдаттар атына жетип минип алышып, чогуусу менен сай алдынан күн батканда карагай ичине кирип кетти. Жыгылган солдаттын беш атар мылтыгын 25 патрону менен алып калдык. Көчүбүздүн артына жол тийбестен, түн кирип Тосордун үстүнө конуп калдык. Таң атканча бир канча кишиге беш мерген кошуп, өзүм да уктабай турдум. Өзүм баш болуп он мылтыкчан солдат келген Сары-Белди таң атканча тосуп турдук. Таң атып, көчүбүз жөнөдү, бир да көч калбады. Мөкүш Шабдан баатыр баласына он беш мерген кошуп, көч алдында жүрүңүз деп өзүм 20 мерген менен эртеден кечке чейин Тосордун оозуна турдум. Кечинде ашып, кечке жетип, эртеси көчүп, дагы эки ашуу ашып барып кондук. Эртеси ашкан боюнча Турпанга түшүп кеттик.

Малдарын кыргыз сата берди, оокаты... жана Шабдан баатыр баласы Самүдүн, Кемелдерди Кытайдын Доотай деген чоңу алдына чакырып алып: “Укканыма караганда ушул келгендер кыргыздын чоң кишисинин балдары экенсиңер. Биздин арабызга келгениңерден кийин мыйзам боюнча баардык курал-жарактарыңарды тапшыргыла!” – деген сөзүн айтты. Макул, эртеңден калбастан тапшыралы деп бардык куралды чогултсак жетимиш мылтык, үч-төрт кылыч бар экен, баарын алпарып тапшырдык. Доотай айтты: “Жабдыктарыңарды тапшырганыңарга ыракмат, мен дагы сиздерге колумдан келген жардамым болсо кыламын жана тапшырган мылтыктарыңардын ичинен эки мылтыкты өзүңөргө алып, жаныңарды багып туруңуздар, менин колуман келген жардам азырынча ушул” деп элүү чарык күрүч, ун берди да айтты: “Ушул убакытта орус падышасы менен кытай падышасы жакшы. Наамыңарды (атыңарды) жашырып, дарыя боюндагы бизге караштуу калың токой арасында махалла жайлар көп болот, ошол жерлерде абдан арзанчылык, ошол жакка барып жашасаңар болот. Дагы колумдан келген жардам болсо кыламын”, - деди Доотай. Жантай балдары, Шабдан баатыр балдары болуп жана өзүбүзгө караштуу бир канча жан адам болуп ошол айткан жакка барсак, ырас, абдан арзанчылык экен. Ар бир байларынын алдыңкысында он миң кой, эки жүз сыйырдан бар, жок деген сартта 300-400 кой болот экен. 1917-жылы ошол жерде кыштап калдык. Ушинтип турганыбызда, май айларында биз турган жердик сарттардын кай бирөөлөрү айтты: силердин падышаңарды түшүрүп, бөлөк падыша болуптур деген сөз бар. Жана июль айларынан качкан кыргыздарды кытай өкмөттөрү жериңерге баргыла деп айтап көчүрө баштады. Бизге август айында шаңыйа амбалынан бир киши келди. “Сиздерди Амбал алып кел деп жиберди, жүрүңүздөр” деп. Биз турган жер Шаңыйа Амбалына караштуу эле. Самүдүн, Мөкүш, Кемел, Аман Шабдан баатырдын балдары жана Ыбырайым Төлө ажы баласы, ушул бешөөбүз бардык. Амбал айтты: “Биздин жогорку чоң улуктарыбыз кол алдында турган качкын кыргыздарды айдап, Анбал-Амбалга жеткиресиң деген буйрук уктурду. Сиздер дагы жериңиздерге кайтыңыздар. Менин кылган жардамым”, - деп 20 чарык күрүч, ун берди. Биз “Ак суу” деген чоң шаарга көчүп келдик. Самүдүн, Кемел, Шабдан балдары болуп мылтык тапшырган Доотайга кирдик. Доотай айтты: “Шабдан балдары, сиздерге айтканы орус падышасы ордунан түштү, биз дагы бизге келген кыргыздарды жерине жиберебиз. Коркпостон барууңар керек жана орус падышасы жаңы падыша болду, уруят болду. Сиздер бир жыл жериңиздерге барбай, жан багып тура бериңиздер, абдан тынч болгон убакытта барганыңыздар жакшы” – деп Доотай ушул сөздү айтты. Элүү чарык күрүч, ун берди. Биз 1918-жылы Турпанга турдук, 19-жылдын 20-август айында Кашкар тарабына ашып түштүк, 20-21-жылдары Кашкарда турдук. Жана 22-жылында туулган, өнүп-өскөн жерге келдик. Келсек, бизден мурун келген Атаке сарбагыш эли жана Совет өкмөтү бир канча жардам берди. Атаке сарбагыш абдан жакшы болуп калыптыр.

Ушул айтылган сөз Ыбрайым Төлө ажы баласынын Николайга 1916-жылы 10-августта Чоң-Кемин, Кичи-Кемин деген жерде жашап турган Атаке сарбагыш атактуу кишинин уездине карап турган эки болуш элдин жана Ысык-Көл айланасында жашап турган Бугу, Саяк атактуу бир нече болуш Пржевал уездине карай турган элдин падышабыз Николайдын зулумчулугуна чыдай албай 1916-жылы каршылык кылган убакытта, мен Ыбрайым Төлө ажы баласы каршылык кылып айтылган мылтыгын алып, ушул мылтык менен жолдон командирин Нажимүдүн деген балам атып, бир канча мерген болуп жогорку айтылган казак-орустар атылып жана Кытай чегине жеткенче арттан жүрүп, эки жерден келген казак-орустарга өзүм болушумча каршылык кылганым жөнүндө жогорку сөзүм бүттү.

1947-жылында 13-апрель айында мен Ыбырайым Төлө ажы баласы, жашым 75ке чыктым жана Нажимүдүн балам 53 жашка чыкты. Ушул айтылган сөзүмдү 31-жылдарында жазып берген элем, эч кандай кабары билинбеди. Жашым 75ке жетип карып калганымда Совет өкмөтүнөн, туура келсе жазуучулардан суранамын, жакшы текшерип, айтылган сөзүмдүн ката жерин алып таштап, туура жерин өз билишиңерче жазаарсыздар.

1947-жыл. 15-апрель. Ыбырайым Төлө ажы баласы жаздым.

 

 

ХУСЕИН КАРАСАЙ УУЛУ

1916-ЖЫЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШ ЖӨНҮНДӨ

Бул жөнүндө өзүмдүн “Баштан өткөн мажар” аттуу эскерүүмдө бир топ жазган элем. Чынымды айтайын: “Сүткө оозун күйгүзгөн киши, айранды да үйлөп ичет” дегендей, жогорку жакта отурган айрым адамдардан дагы запкы көрүп каламбы деп, кылчактабыраак жазган элем. Эми өзүм байкаган, көзүм менен көргөн, башымдан өткөндөрдүн нукура чынын жазайын.

Ал кезде Караколдогу орус-тузем мектебин эки жыл окуп калган кезим. Анын үстүнө бизди окуткан азиз устатым Зайыр мугалим биди үйүнө чогултуп алып, Түркияга саякатка барып келгенин, ал элдин маданият жагынан алда канча илгери кеткенин сүйлөп, өзү да жашып калар эле. Анда байкабапмын. Эми ойлосом, түрк элинин падыша өкмөтүнүн кол алдынча эзилип жатканын, ал элдерге боору ачып атанын эми байкадым.

Күз маалы. Биздин айылдагы малдуу адамдар чөп чаап, аларды жыйнап аткан кез эле. Окуума барышым керек эле. Эмнегедир ыраматылык атам: “Балам, азырынча окууга барбай кое турчу. Эл ичинин тынчы кетип атат” деп окуума жибербей койгон. Чын эле адамдар дүрбөп, усталар узанып, найза жасап, үч ача темир  айрынын эки ачасын кесип, бир ачасын калтырып, жыгачка саптап атышты. Эл уйгу-туйгу түшүп, топтошуп дөбөгө чыгып, кара желек кармап да жүрүштү.

Мени атам Шаршемби деген бир агабызга кошуп, жайлоого жиберди. Көрсө чоң атам Калбек ажыга мындай тапшырма берген экен. Ажы аттардын төртөөн суутуп, колдо кармасын. Кайтадан Шаршемби менен Кусейин алып, жакага келишсин деген экен.  Төрт аттын экөөнү минип, бирден коштоп жакага, Жылуу-Булакка келдик. “Өкмөт элден аскер алат экен. Мыйзам боюнча кыргыздан аскер албайбыз деген падышанын убадасы бар экен” деген сөздөрдү да угуп жүрдүм. Атам атка мингизип, мени өзү менен ала жүрдү. Бир күнү атам Караколго кетти. Капа болуп келди: “Үйгө чакырган экен. Үйөздүн жаагы катуу” дегенин гана уктум.

Бир нече күндөн кийин атам Караколго барып келди. Ошондо элди чогултуп алып, мындай деген кепти салды:

“Акбаш уезд (Иванов) Көл айланасынан бир топ аттуу-баштууларды чакырган экен. Караколдогу Казыналык бактын ичине, үстөлдүн үстүнө дасторкон жайып, түрдүү тамак койгон экен. Бир аздан кийин уезд өзү Касымбай тилмечти ээрчитип келди. Жайланышып отургандан кийин уезд мындай деп сөз баштады:

-Урматтуу эл башылары! Силер менен акылдашайын деп чакырдым. Падыша өкмөтүнүн башына оор иш түштү. Душман катуу келе жатат. Бир жагынан орус дыйкандарынын эгини орулбай, талаада жатат. Эр бүлөнүн баары – 10дан 50гө чейинки эркектер аскерге кетти. Кыргыз эли да Россиянын букарасы. Азырынча силерден аскер алууга акыбыз жок болсо да, аргасыздан аскер алууга туура келип атат. Ушул жөнүндө акылдашалы деп чакырдым, - деп сөзүн аяктады.

Отургандар баштарын төмөн салып, ың-жың унчукпай, колдору менен бирдемени чукулап, алдына чычып алган бала энесинен коркуп, астыртан кылтыйып карагандай унчукпай олтурушту. Илгертеден айтылып келе жаткан “кыргыздын кылтыймасы” деген чын экен. Уезд кайтадан туруп: “Эл башчылары, эмне үчүн унчукпай турасыңар. Же нааразысыңарбы? Айла түгөнгөндөн болуп аткан иш” деди. Дагы эле отургандар буулуп, үндөгөн жок. Бир кезде бир жаш жигит: “Урматтуу таксыр! Булардын жооп айта албай отурганынын бир себеби бар. Эгер биз ушул жерден эле Сизге аскер беребиз деп убада бергенден чочулап атабыз. Эң алды эл менен кеңешсек. Элге оор абалды түшүндүрсөк.Эң алды менен элди көндүрүп, анан жооп берсек” деди. Баягы жер чукуп, кылтыйып отурган билермандарга жан кирип: “Ысагаалы мырза туура айтат. Эл менен кеңешели. Эл эмне дээр экен” деп үн чыгарды. Уезд: “Нече күндө жооп бересиңер?” дегенде, ошол эле Ысагаалы: “Он беш күндө жооп берели” деди. Сөз бүттү. Билермандар тарады. Ысагаалы деген кыдык уруусунан чыккан, орусча да окуган жигит болуу керек эле”, - деди атам.

Бир нече күндөн кийин атам дагы Караколго кетти. Окууга балдар чогулганын билүү, шаарда кандай абал болуп атканын билүү эле. Кабагы түшүңкү келди. Балдар интернатка чогулуп атканын айтты. Барыдан да Караколдун түрмөсүндө албан казагынын ак сакалдары Жамаке жана Узактын түрмөгө түшкөнүн, алардын түрмөнүн терезесинен: “Албан, бугунун балалары, солдат бермеңдер. Биз албан менен бугу үчин курбан болууга даярмыз!” деп кыйкырып атканын көрүптүр. Көрсө, кыргыздын билермандарынан кийин албан казагынын билерманы Жамаке менен Узакты да уезд чакырып алып, кыргыздарга айткан сөзүн аларга да айткан болуу керек. Казак тууганыбыздын апыраңдамайы кармап: “Атаңе налет какбас! Саган салдат бермеймиз. Сенин салдат алууга хагың да жок!” деп катуу каяша берген экен. Ошол жерде эле экөөнү тең камап коюптур. Казак туугандарды биз мүнөздөгөндө “апыраңдаган” дейбиз. Туура, алардын ичи сыртында. Ичиндегисин көрүнөө айткан ачык-айрым эл. Бул дагы улуттук мүнөз.

Илгери Караколдо түрмө жок болчу. Эл ичинде падыша өкмөтүнө каршы кыймылдын боло баштаганын сезген өкмөт, Тырап ажы дегендин эки кабат үйүн түрмөгө айландырган. Мен окуп жүргөнүмдө ошол Тырап ажынын үйүнө жакын жердеги Үкбаш деген чала казактын үйүнө жатып окучумун. Үкбаштын да Тырап ажы менен байланышы бар эле. Ал үйгө да мен нече жолу баргамын. Анын үстүнө Караколдогу орус-тузем мектеби да ошол үйгө жакын болчу.

Кийин ошол карыяларды атып салды деп уктук. Бул жөнүндө казак жазуучусу Мухтар Ауэз уулунун “Кыйлы заман” деген романынан окусаңар болот. Ал киши 1916-жылдагы дүрбөлөңдү сүрөттөгөн, кыргызды баатыр кылып көрсөткөн. Кыргыздар “атаңгөрү деп качырып кирсе кыйратып салат” деген мактоолорду да жазган. Ошол үчүн казак туугандардын зиялилери: “Мукан кашаң да болсо кыргыздарды идиализация кыла берди” деп айтканын нечен жолу уккамын. Чынында Мухтар кыргыз элин жакшы көрчү. “Манасты” иликтеген адам. Ошол романында кыргыздар Караколду да талкалады деп жазса керек эле.

Эл ичи кулак түрүп эле эмнегедир төмөн жакты карашат. Бир күнү Кең-Сууга жакын Жылуу-Булактын оюнан, кара жолду чаңдаткан бир адам эле безелентип чаап келе жатат. Аты кара терге чөмүлгөн. Өзү ийниндеги пагонун жулуп салыптыр. Ал Баба деген жасоол болчу. Дүрдүгүп турган элдин ичине келери менен: “Эмне карап турасыңар! Сарбагыштар эчак мунт көтөрүп, Көтмалдыга кирип келиптир. Саяктар Түпкө жакындап калды” деп атын безелентип чапкан бойдон кетти. Ошол замат эле биздин айылдын адамдары Токтоянды аша коюп, Жайылмадагы Отрадный кыштагына чабуул жасады. Анткени ал биздин жер болчу. Украиндыктар келип кыштак салган. Мени атам үйгө калтырды. Өзү да эл менен кошо кетти. Ай жарык эле. Түнүчүндө келди. Тышта өрө кийизге оронуп уктай албай жаткамын. Колундагы айбалтасын жерге таштап жиберип, атынан түшүп үйгө кирди. Айткан сөзү эле: “Жаман болуп калды. Чабуул коюп барсак, дыйкан украиндыктар эгин оруп жүргөн экен. Эр бүлө жок. Жалаң катын-кыздар, абышкалар экен. Бир нече киши ноот болуп калды. Бир абышка тепкилеп эле: “Микалай, Микалай” деп ыйлап жиберди. Байкуш чалды өлтүрткөнүбүз жок. Иш жаман, жаман!” деп кайгырып отурду.

Андан бир нече күн мурун эле арык, белектин билермандары чогулган. Мени атам ала барган. Кыдыр аке: “Оо журт! Мен ушул Түргөндөн тартып Битир тоого чейин орус экенин көрдүм. Эки жолу Битир боорго Думага мүчө болуп барганда көргөмүн. Чатак баштоонун кереги жок. Жыландын куйругун басып алабыз. Бер деген салдатын берип, тынч отуралы!” деген эле. Бир манап: “Сен Кыдыр, бизди балдарыбыздан ажыраткан турасыңбы. Балдардан ажырагандан көрө өлгөнүбүз жакшы!” деп чаңырды. Ырк кетти. Ошондон кийин көлөктөп чыт чапан кийген, көпкөн жигиттер: “Бизди салдатка кармап бергендердин башын жутабыз!” дегенге чейин барышты. “Араң турган карышкырды кыйкырып ийип күчөттүк” дегендей, жакшылар элге ээ болбой калды. Орустар илгертеден бери жайлашкан Түп кыштагына кыргыздар чабуул койду. Ошол чабуулга барган Каткелди деген бир агабыз мындай деп кеп салып отурду:

Кыргыздардын бардыгынын колдорунда найза, айбалта. Кыйкырышып Түпкө кол салышты. Четинен өрт да коюшту. Бирок, даап Түп кыштагына кире алган жок. Ошол чабуулда Ырыскелди деген бий: “Казат! Казат!” деп элди баштады. Орустардын мылтыгы болот экен. Түпкө жакындаганда кыргыздарды кайта кубалап салып атты. Баатыркан деген манаптын Яшке деген бир тамыр орусу, көтөрүлүш башталганда кыргыздын ичинде калган экен. Ошол киши мындай деген акыл берди: “Мен өзүм мусулман болоюн. Ыйман келтирейин. Уруксат кылсаңар мен Түпкө кирип, орустардын баарын мусулман динине киргизейин” деди. Кыргыздар макул табышты. Кыргызча суудай тил билген неме экен. Атына минди да шапкесин оң колуна кармап өөдө көтөрүп, чапкан бойдон Түпкө кирип кетти. Бир чай кайнам өткөндө Түптүн ичинен бир нече казак-орус чыгып, кыргыздарды көздөй качырып кирди. Кыргыздар туруштук бере алган жок. Баягы “Казат!” деп кыйкырып жүргөн Ырыскелди бийди өлтүрүп кетишти.

Ушундай абал Ак-Суу орустарында да болуптур. Бирок кыргыздар Түптү ала алган жок. Ак-Суу орустары кыргыздарга моюн бербей, Караколго кирип кетти деп уктум.

Дунгандар жайыл болот экен. “Та!” деп эле колдоруна бычак алып, чиркөөгө чогулган орустарга кол салыптыр. Көбүн өлтүргөн менен, өздөрү да көп өлүптүр деп каңшаар тарап атты.

Иши кылып кыргыздардын колдорунан эчтеке келе турган болбоду окшойт. Өзүнчө кошуун да кура алган жок. Курулай кыйкырган адамдарда тартип болбойт экен. Эл калтаарыды. Ыркы кетти. Эл качпасын деп жолду да тосуп көрүштү. Андан эчтеке чыкпады. Мени атам атка мингизип алып, түнү менен жайлоодогу айылды көздөй алып жөнөдү. Күндүз уктаганым жок эле, уйкум катуу келип, аттан учуп кете жаздап баратканым эсимде. Элдин айтуусуна караганда, кыргыздын жартысынан көбү “илгери жайлаган жерим” деп Текести көздөй качты. Буга албан казактары кошулду. Бир нече уруу Алты шаарды көздөй бет алды. Жеринен ооп, Ысык-Көлүн таштап качканда, атактуу акын Алдаш молдо:

Кең Ысык-Көл жерибиз!

Качты элиң тентиреп.

Күңгөй менен тескейиң,

Кайсы бирин эстейин.

Калып барат мелтиреп.

Карап алып кылчактап,

Көздөн жаштар буурчактап,

Шалдырап аккан булагы,

Санаадан кетпес өлгөнчө,

Саамалыңдын ынагы.

Кылдырап аккан булагы,

Кыялдан кетпес өлгөнчө,

Кымызыңдын ынагы.

Карагайлуу алкымы,

Жайлоосунун салкыны.

Жайлоого чыккан арчасын,

Жазайын баарын канчасын.

Бек сагынып ыйлаарбыз,

Бетеге, шыбак бүрүңдү,

Бейишке окшош түрүңдү.

Көрөр бекен көзүбүз,

Өлбөй тирүү жүзүңдү.

Кош! Аман бол, Ысык-Көл!

Караганым Каракол.

Кайрылып элим келгиче,

Кош, аман бол, Каракол! – деп коштошкон.

Алдаштын “Үркүн” деген чоң казалы менде эле, жоготуп ийдим. Эсимде калганын фондуга бердим.

Ошол кезде жаш акын Касым Тыныстанов да:

Каргыштын шамы жанганда,

Жазыксыз кандар тамганда.

Таяныч издеп тырмалап,

Жөө-жалаң солго салганда,

Долуланып солкулдап,

Алай-дүлөй толкундап.

Узатып салган Ысык-Көл

Зары эсимде, Ала-Тоо!” – деп муңканган.

Биздин эл үркүп отуруп Нарынколдун тегереги болуу керек, Калпак деген жерге барды. Кытай өткөзбөй койду окшойт, бир айга жакын ошол жерде турушту. Албан казагы да жамаалаш. Бир күнү эл дүрбөп, көчө баштады. Эл жыкжыйма болуп чек арага барды. Шыкалып турду. Төөлөрдүн, өгүздөрдүн жүгү түшүрүлгөн жок. Жаныбарлар белдери талыды белем, тырайып жатып калышат.

Падышанын жазалоочу отряды бизди, качкан элди кууп келе жаткан экен. Кызыл-Уч деген жерге токтоп, шыкалып турган элди көздөй замбирек менен “күр!” дедире бир атканда эле эл ызы-чуу түшүп кыйкыра баштады. Кимди ким көрдү, чектен өткөрбөй аткан кытайдын чериктерине моюн бербей эле каптап кирип кетти. Ошондо Өрттөн, Музарт деген эки өзөндө элдин кырылганын сураба! Калың эл урма сууга каптап киргенде, суу бөгөлүп калат экен. Мингеним чоң тору бээ эле. Суу жалына чейин барды. Агып бараткан бала, кемпир-чал дегендерди сураба. Мурун көкүлүнө седеп, шуру бекиткен көк кунанымды минип жүргөмүн. Атам аны агытып жиберип, тоодой болгон тору бээни мингизип койгон. Энем байкуш төөсү менен бир баласын жетелеп, бешигин өңөрүп келе жаткан. Адаштык да калдык. Атам байкушта өң-түс жок. Быкбырдай кайнап, шыкалып бараткан элдин ичинен энемди таап алуу кайда! Намаз дигерге жакындап калган. Байкуш энем аман-эсен, жетелегендери менен бизди өзү таап келди. Көрсө чоң атам Калбектин тоодой болгон кара атаны бар эле. Ошого жүк жүктөп, жүктүн үстүнө бешик да койгон экен. Ошол бешикти капкайдан көрүп, ошону көздөй умтулуп олтуруп өзү таап келген экен.

Калмактар чектен өткөндө эле качкындарга чабуул койгон. Көз көрүнөө эле келиндерди жетелеген төөсү менен, жылкыларды үйүр-тобу менен алып кете берди. Ошондо менин көк кунаным да калмакка кетти. Кыргыз талоонго түштү. Көк кунаныма ыйласам, атам мени сооротуп: “Балам, башың аман болсун. Көк кунан табылат. Андан көрө энеңдин аман-эсен бизди таап келгенине кубанбайсыңбы!” деп насаат сөзүн айтты.

Так чектен ары карата калмактар жайланышкан экен. Анын ары жагына Акыяз суусуна чейин кыргыздар турат экен. Ал кыргыздар деле биздин уруудан – арык уруусунан. Андан ары кызай казактары турат экен. Андан ары кызай казактары турат экен. Андан ары Көк-Терек деген жерде меңмурат уруусу турат экен. Ал меңмурат – кадимки эле бугулардын ак сакалы Боромбайдын эли.

Качкындар калмак жерине барганда эле ары жагындагы биздин туугандар келип калышты. Башкалардын эмне болгонун билбейм, биздин айыл кулабыз Өкөн дегендин айлына көчүп бардык. Кыш кирип келди. Элдин алды самсып, Көк-Теректен да ары өтүп, Жылдызга кетти деп уктум...

Айтмакчы, ошол чек арада шыкалып турганда, орустар замбирек менен атып атканда беш түрк пайда болду. Алардын башчысы Самийбек деген адам экен. Кыргыздарга болушуп жардам беришет, алардын алыска тие турган автомат-тапанчалары бар экен. Ошонусу менен орустарды атып, замбиректин үнүн басты. Алар биринчи дүйнөлүк согушка катышкан эмигрант түрк офицерлери окшобойбу. Түрк каны бар эмеспи. Кыргыз-казак эли кытайга келе жатыптыр деп калган окшойт. Ошол жылы туулган балдардын аты Самийбек коюлду.

Оо шумдук! Ушуну элге айткам деп мен жана айткан кишилер эмне деген тергөөдөн өтпөдүк. “Кыргыздар түрк менен байланышыптыр. Пантуркизм деген ушул” деп чуу көтөрсө болобу! Тегеле жалаакорго айла жок экен го!

Кыш кирип, катуу суук башталганда кыргыздарды Кытай өкмөтү кайта өз жерине айдай турган болду. Куда-сөөгү барлар эптеп сиңип кетти. Биздин кудабыз Өкөн корко баштады. Көк-Теректи көздөй биздин туугандар качты. Ал жерге баруу үчүн ортодогу кызай казактардын айлын аралап өтүш керек. Түнүчүндө көчүп баратканда казактар: “Куда болайлык. Кыз бериңдер” деп келгенде, каркайган бир кара далы кызды бир карага сатып кеткенин да көрдүм. Алып калчу казактар атчан кыздын алды-артына чыгып, бир семиз малды тооруп аткансып имерип караганы алигиче көз алдымда турат. Мына ошолордун бардыгы менин жаш жүрөгүмө так салды.

Жазга жуук кыш кетелекте качкындарды айдап келип, чек арага жыйнады. Бардыгы жөө-жалаң, алдан тайыган. Орус өкмөтү: “Нечен миң мал менен кеткен. Жылаңач ач-арыктарды биз эмне кылабыз” деп албай, чек арада жылаңач эл тоңуп кырылды. Ал жер – Нарынколдун эле ары жагы. Ошол жерде азыр да жан казандай, алмадай баштар тоголонуп жаткандыр!

Эсимде жок, бир байдын нечен жүздөгөн кула жылкысы бар экен. Ошол жылкы жол бою өлө бериптир. Ошол өлгөн жылкынын үстү жагын иттер жегенин, асты жагын оодарып кыргыз жегенин көзүм менен көрдүм. Биздин айыл кыш өткөндө кайта Акыязга келди. Ал жерде “Акыяздын күдүрү” деген жер бар. Төө карын талаа. Күдүрдөн айылды табуу эң кыйын. Чериктен качып, ошол жерге корголодук. Жай мезгили кирип келди. Качкындардын баары кеткен. Бир күнү атам бир адамды ээрчитип келди. Ал атактуу манасчы Чоюке экен. Төрт-беш түтүн жакын туугандар элек. Чогулуп “Манас” айттырышты. Чоюке төрдө бир бутун сундуруп отуруп “Манас” айтты. Алдына бир чыны чай коюп койду. Анда-санда бир жерин кашып коет. Эми ойлосом, көк бит мазасын алып аткан окшобойбу. Бир жумача биздикинде болду. Кылар иш жок. Таң аткыча “Манас” угушат. Чоюке кетип атканда эптеп кураштырып кийим да бергенсиди окшойт. “Манас” угушуп, тегеле илгерки заман келгенсип бажактап, бакылдашып калышты.

Жан айласынан калмак менен бирге кой кайтарып, анын көк бити да жукту. Калмактын тилин да үйрөндүм.

Айтмакчы, ошол Көк-Теректе отурганыбызда, жазында ал-күчтөн тайыган үч-төрт жаш келиндер биздикине келишти. Эт дегенден эчтеке жок. Курулай эле сөөк. Чай ичип отурдук эле. Атам байкуш энеме карап: “Кечээки тамактан бирдеме калды беле. Байкуштарга берчи” деди. Энем калган сорподон куюп берди. Атам “көп ичип ийбегиле. Кичинеден ичкиле” дегени эсимде. Ачка киши болчу беле, ары-бери ичип коюшту. Ошол замат эле бирөөнүн оозунан ак көбүк чыгып, жыгылып калды. Ошол жерде эле жан берди.

Нооруз айы келген. Энем арпаны сокуга салып, аябай түктөп жиберип көжө кайнаткан. Жаңы жылда кышкы сүрдөн калгандардын баарын салып, чоң майрам кылат эмеспи. Биз менен бирге кадимки атактуу жазуучу Мукайдын жакын тууганы Мүсүрбай деген бий болгон. Ал киши да биз менен бирге Көк-Теректе болчу. Мына ошол майрам күнү Мүсүрбай биздикинде отурган. Кийиминин үкүсү чыккан, өзү абдан арыктаган адам кирди. Мүсүрбай тааный коюп: “Ой, сен баягы Малдыбай жасоолсуңбу? Отур, алдыгы жерге көчүк бас, жүдөп калыпсың” деди. “Малдыбайга жакшылап көжө куйгула” деди менин атам. Бир аяк майлуу көжөнү Малдыбайга сунду. Аякты алды да четинен ууртамыш болуп: “Силер ширесин жегиле. Мен ширесин ичейин” деп көжөнү кайта берди да, илээлеп чыгып кетти. Мүсүрбай бий: “Бул кербез ит дагы эле ошол кербездигин кое берген эмес экен го!” деди. Эки күндөн кийин Малдыбай жасоол токойдун ичине өлүп калыптыр деген сөздү уктум. Анда мен Малдыбайдын кекээр сөз айтканын түшүнгөн эмесмин. Эми ойлосом, ал кербез жасоол кезинде Мүсүрбайлар менен табакташ болуп, төргө отуруп жүргөн да. Эми ал табакка бирге отургузбай, “алдыгы жерге көчүк бас” деп ирегеге отургузганына намыстанса керек. Мына ушундайдан келип “Кербез кедейден сактан” деген макал чыкса керек. Же адам деген намысты бек кармаш керек. Ошол намыс күчтүүлүк кылдыбы, билбедим...

1918-1919-жылдар болуу керек. Текесте жүргөнүбүздө Ысык-Көлдөн контрабандалар (чек ара бузуп, жашырын апийим алпарып Кытайга жерине саткандар) чабалекейдей каттап калды. Биздин туугандар апийим алпарышат. Ошол баргандар: “Орусияда болушай, меңишай дегендер чыгыптыр. Болушайы – кара орустар экен. Меңишай – улук, төрөлөр, ак орустар экен. Болушай жеңип кетиптир. Кыргыздар да экиге бөлүнүп, кара таман кедей, болуш-бийлер деп экиге бөлүнүп атыптыр. Кара таман кедейлер болуш-бийлерди чогулушуна жолотпойт экен. Бирок өздөрү кажылдашып атып эле бир бүтүмгө келбей тарап кетет экен деген каңшаар күч алды.

Көтөрүлүш чыгарган кыргыздарды кайта өз жерине келгенде жакага жолотпой, тоого камаптыр. Бирок эл тоодо жашай албай, жакага түшүп эле кайырчы болуп кала бериптир. Орустар кыргыздын кылып кеткен кылыгын, алардын кыштакты өрттөгөнүн аябай кектеп, көк серек итке талатып өлтүрө баштайт. Жетим балдар топ-тобу менен кайыр сурап калат. Ал тургай башка улуттар да кыргызды жек көрүп, “силердин кесепетиңер бизге тийди” деп көчөдө тепкилей баштайт.

Оо байкуш элим! Бийлеген кээ бир акимдериңердин билимсиздигинен, наадандыгынан бардык байлыгыңарды өрткө салдыңар. Уулдарыңар башка элге кул болду. Кызадарыңар башка элге күң болду. Ушул акылсыздыктан иштелген чоң алааматты тарыхчыларыбыз жогорку отурган “кожоюндарынан” коркуп, “үч кабат эзилдүүдөн чыккан төңкөрүштүк кыймыл” деп апыртып жазышты. Ленинден, Маркстан үзүндүлөрдү жамыратып төңкөрүшчүл, эркиндик талашканди эрдик кылып көрсөтүштү. Бардыгыбыз кыңк этпей кол чаап кабыл алдык.

Эми ыйманыбызга камчы чаппай, чынынан кеп салалы. Кыргыз эли илгери үч кабат эзилди беле? Деги оозго батаар кепти салсак боло. Ооба, илгери деле элде жегич-зулумдар болгон. Кедейлер байларга малай жүргөн. Бирок, ошолорду азыркыга салыштырып көрөлүчү. Илгери бир болуш же манап ошол уруунун малы менен оокат кылган чыгар. Бирок, ал манап өз уруусун башкаларга жедирген эмес. Бий, болуштардын элди жегени азыркыдан алда канча мертеде төмөн болгон. Айталык, болуш же манап элдин эсебинен согум жечү. Согум көп болсо – эки бээдир. Конок келип калса, бир байдан бир козу суратып жиберчү. Ошоно конокко союп берчү. Болуш, бийлер топ кылганда, болгон чыгымды элге чачып жиберчү. Ар ким өз малына толук ээ болчу. Кыргызын жакшынакай бир макалы бар: “Кантала чакса, бүргөгө ыйлап көрүшөсүң” деген. Элди башкарган, элдин “камын” ойлогон азыркы жетекчилердин жоругу андан ашып түшпөдүбү!

Илгери Караколдо түрмө жок болчу. Биздин туугандардан бир адам орустун уюн уурдап түрмөгө түшкөн. Ошол адамды эл жек көрүп, “каапыр, түрмөгө түшкөн” деп андан жаа бою каччу. Айыпсыз адамдар эч качан камалган да эмес, башка жакка сүргүнгө жиберилген да эмес. Гезитти окуп аткан адамдарга муну айтуу деле ашыкча го. Кыргыздар каймагы зиялилер кайда кетти? Алардын эмне кылмышы бар беле? Оо шумдук! Төңкөрүштөн кийин кыргыз эмне жакшылык көрдү. Жалгыз гана көргөн жакшылыгы – Кеңеш өкмөтү кыргыз элин тукум курут болуудан алып калды. Ооба. Кеңеш өкмөтү алгачкы кезинде өтө эле адилет, боорукер болгон. Кийин, бара-бара эмнеге айланып кетти?!

Кыргыз эли жерибизге келген орустар, украиндыктар менен өтө эле ынтымактуу жашаган. “Улутчул, шовинизм” деген сөз – кыргыздын тилинде жок болчу. Аны ойлоп чыгарып, эки элди бычакташтырды. “Жамандан жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн чыгара чабат” деген ушул өкмөттүн убагында болду. “Канды кудай урарда – калкы менен кас болот” чындыкка чыкты, эли менен ушул өкмөттүн убагында болду. Канды кудай урарда, кас болду. Айдап, атып салды. Кеңеш бийлигинин алгачкы кезин жазып атып кызууланып, илгери чаап кеттим окшойм. Кайта изиме түшөйүн.

1918-1919-жылдар болуу керек. Караколго Шахабиддинов деген келген экен. Ал киши менин угуума караганда, илгери падыша өкмөтүнүн убагында Караколдогу какоол Мухаммеджан дегенге малай болуп жүргөн имиш. Шахабиддинов келген убакта кыргыздар мал-мүлкүнөн ажырап, үй-жайы жок тентип, ак шишик алып, темселеп жүргөн кези экен. Балдар кайыр сурап, топ-тобу менен көчөдө жүрчү экен.

Менин жакын агаларымдын бири болот. Жакып Тынаалы уулу деген мага мындайча айтып берген. Ал киши орус тилин бир аз билер эле. Ошол байкемди сөзү:

-Мен өзүм ак шишик алып көчөдө жүрчүмүн. Кыргыздар таяк жеп, түрткүнчүк болуп жүргөн маал эле. Бир күнү ичкериден Шахабидинов деген улук келиптир. Караколдун байлары: Фатих ажы, Увалий ажы, Хамза бай, Ахтам ажыларды баш кылып, бүткүл шаардык сарт-ногойлорду Ногой мечитке чогултат экен. Анан тентиреп жүргөн кыргыздардын бардыгын чогултуп келип, жаңы өкмөттүн буйругун угузат экен деген сөз катуу тарады. Мен бардым. Мечиттин ыймамы да отурат. Шахабиддинов ыймам намаз окута турган жерге барды да сөз баштады:

-Татар агайындар! Кыргыз калкы эмне болуп атканын билесиңер! Алар тентип, ачка, үйсүз-жайсыз жүрөт. Балдары болсо топ-топ болуп көчөдө коңуз, бака терип жеп жүрүшөт. Силер болсо жылуу үйдө кардыңарды чедирейтип жыргап отурасыңар. Силер кантип байыгансыңар? Кыргыздарды эксплуатировать этип байыгансыңар. Мен өзүм да ушул жерде малай болуп жүргөмүн. Жокчулуктун эмне экенин жакшы билем. Эгер эртеңден баштап көчөдөгү бир-экиден алып асырабасаңар, ачтарга жардам кылбасаңар, казыңарды алып, этиңерди куурдак кылып кыргыздарга берем. Революциянын закону ушул! – дегенде байлардын өңдөрү өчүп калды.

Мындан башка да бир документти келтирейин. Ал мындайча:

1918-жылы сентябрь айында Бишкек уездинде жумушчу, дыйкан жана мусулман депутаттарынын курултайы чакырылыптыр. Ошол курултайдан Жангарачев деген адамдын билдирүүсүндө мындай деген:

“Докладчик указывал, что при последней поездке его перед Сьездом в Зачуйские участки, он наблюдал ужасную картину: киргизы были похожи на ходячие скелеты, голод заставил продать свою юрты и остаться без крова и все же без пищи. Голод заставлял есть собак, сусликов, крыс и лягушек. Докладчик призывал помочь страдающему голодному киргизу”.

(Доклад Дженгарачева о положении киргизов Зачуйских участков).

Мына кыргыз элинин “эркиндик үчүн көтөрүлүшү”, жасаган чырынын натыйжасы. Мына ушундай абалда жүргөндө Кеңеш өкмөтү орноп, кыргыз элин тукум курут болуудан сактап калды.

1921-жылы Павлов деген адам Көл айланасына барып, 1916-жылы үркүп кеткен кыргыздын ээн калган жакшы жерлерине уруксатсыз кыштак салып алган орустарды айдап чыгып, бир чычала алдырбастан кайтадан кыргыздардын өзүнө алып берген. Буга мисал кылып Ысык-Көлдүн баш жагындагы Талды-Суу кыштагын көрсөтүүгө болот. Ошондо комиссия түзүлүп, комиссияга мүчө болгон адам Султанаалы Түмөнбай уулу, Мусажан Жамбоо уулу. Бул жөнүндө “Советтик Кыргызстан” гезитинин 1970-жылдын 5-июлунда “Биринчи мектеп кантип ачылды?” деген Эсенбек Медербековдун макаласынан окууга болот.

Мына ошентип, Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы түзүлгөн кезиндеги адилет иштерин танууга болбойт.

Дагы бир документ келтирейин. Бул документ француз тилинде чыккан эмгектин ичинде экен. Ошонун ичинде араб тамгасында. Маамытов деген болуштун ал-абалы жазылат. Ал болушту мен жакшы билем. Биздин болуш. Ошол болуш минтип жазат:

“Биз өзүбүз Ысык-Көлдү жердеп турган бугу деген эл болобуз. Бугу ичинде Алыбай уулу. Менин чоң атам Солтонкул. Анын он миң жылкысы болгон. Менин өз атам Маамыт. Анын үч аялынан – алтымыш төрт жан элек. Маамыт уулунда үч миңден ашуун жылкыбыз болгон. Үркүн болуп кырктан ашуун башыбыз жоголду. Бүлүнчүлүктө көбү оруста калды. Андан калган кырк миң чакты жылкыбызды Текеске барганда калмак тоноп алды. Биз эми малсыз, башсыз болуп калдык. Он миң сом чыгарып, болуш болдум эле. Болуш болуп турганда журт бузулду. Орустар солдат бересиң деп зордук кылды. “Баргандын баары өлүп жаткан соң, барып өлгөндөн көрө ушул эле жерде өлөбүз жеп, тентектер  жадал (чыр) чыгарып жиберди. Биз орустардын Каракол, Аксуу, Түптөн башка калааларынын бакисин чаап, өрттөп жибердик... Орустар мылтык менен атып кийирбеди.. Түптү эми алдык дегенде тентектер качып, эл бүлүнүп, быт-чыт болуп кетти. Кудайдын буйругу ошондой экен. Минтип майып болуп жүрөм. Мындан кайта айдалып барган элдин баки жогун, көрпө-жуурканынан өөдө орус сыйрып алды. Андан коркуп ал жерге бара албай жатабыз. Эл үркүнү 16-жылы чөп чабар айында болду. Июнь айынын ичи эле”.

Ушуну жазып отурган чоң манап: “орустар солдат бересиң деп зордук кылды” дейт. Орус зордук көрсөттүбү же падыша өкмөтү зордук көрсөттүбү – ажырата билүү керек. Орус өзү бүткүл эр бүлөсүн солдатка жиберип тукулжурап, айласы кетип турбады беле! Кат билген болуштун түшүнүгү жогоркудай болгон соң, башкалардан эмнени күтүү керек эле?! “Тентектер чыр чыгарды” дейт. Туура, тентектер дайыма эл оор абалда турганда чыр чыгара берет. Азыр да ошонун өзү болуп атпайбы! Ал эми 1916-жылы 25-аюндагы падышанын тарыхчылары келтирген үзүндүнү мен да келтирейин: “Привлечении мужского инородческого населения империи для работы по устройству оборонительных сооружений и военных сообщений в районах действующей армии”. Түшүнүктүү го. Муну көрүнүктүү тарыхчы Усенбаев Кушбек да келтирип атат. Бирок, маанисин түшүндүрүү ар кимдики ар башка болуу керек окшобойбу. “Коргонуу курулуштарында иштөөгө”, согуштун өзүнө эмес, кара жумушка чакырып атпайбы. Мына ушуну элге жакшылап түшүндүрүү – эл билермандарында болгон эмес. Жогорку атактуу, кат тааныган болуштун түшүнүгүн келтирдим го. Илимсиздиктен бардык дээрлик билермандар чолок түшүнгөн. Кеп ушунда. Атактуу Шабдан, атактуу Кыдыр аке: “Сураганын берип, тынч калалы” дегенди башка билермандар түшүнгөн эмес. Ошонун натыйжасында козголоң башталган да, ал тургай күчөп да кеткен. Эгер ошондо калыстык кылып жаштарды жибергенде, эл тынч калмак. Мал-башы чачылмак эмес. Элдин эркек балдары гана эмес, чалдары, келин-кыздары кырылып, аман калгандары башка элге кул-күң болбодубу же мен калп айтып атамбы? Байлык кайда кетти? Өрткө салбадыкпы! Орус менен падышаны ажырата албаган адамдар бийлегенде, андан кантип майнап чыксын!

“Көтөрүлүш” деген сөзгө мен толук түшүнө албайм. Эгерде “жеримди бербейм, элимди бербейм, улутумду эзип жиберди” деген ураан менен чыр салса, анда “көтөрүлүш” деп атоого болот. Ал эми “оорук (тыл) жумушуна барбайм” деген чыр – бунт (мунт) го! Кыргыздар 1916-жылдагы калаймаканды “мунт” деп атап жүрүштү. Эң алды менен терминди, анын маанисин тактап алып, анан ой жүгүртсөк жакшы болор эле. Бул – тарыхчылардын, философтордун, социологдордун милдети.

Бул козголоңду кыргыздар – Үркүн дейт. Ооба, кыргыздар жазалоочу аскерден үркүп кетти. Козголоң Чүй боорунда башкача түрдө болгон окшойт, Бул жерде падыша өкмөтүнүн элди бийлетип койгон адамдары элге түшүндүрүүнүн ордуна орустарды көкүтүп, кыргыздарды жөнү жок кырып салган окшойт. Эки эл жөндөн жөн туруп эле кагылышпайт. Курулай каңшаар, бузук адамдар эки элдин арасына от жагат. Ошондойлордун кесепетинен эки эл кагышат.

Урматтуу окурмандар! Мен өз көзүм менен көргөндү, өз жеримде болгонду гана жаздым. Меники – үркүнгө талдоо берген макала эмес: эскерме. Тарыхчылар, социологдор үчүн материал.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз