Америкалык улуу акын Уолт Уитмендин (1819-1892) бул макаласын учурда АКШда жашаган белгилүү журналист, котормочу Амирбек Азам уулу англисчеден которуп, учурдагы кыргыз адабияты үчүн эң актуалдуу деп эсептелген көрүнүштөрдү эске алып, аталган макаланын керектүү бөлүктөрүн гана кыскартып жөнөткөнүн эскертебиз. Арийне, Уитмендин көөдөнүн көсөгөн бул эмгек 1892-жылы жазылса да, учурдагы биздин адабий турмушта эл-жердин, мекендин тагдырына күйүп-бышымыш эткен акын-жазуучулар журтуна мүнөздүү жагдайларды туюнткандай... Коомдук-саясый жараяндарга кайдыгер калемдештерибиз бул макаланы окуса, мүмкүн кай биринин уяты ойгонуп, кай биринин жүрөгү толгонуп, өткөн чак, учур чак, келер чакка сергек болуу озуйпасын ойлонор дейбиз!
Таң калбаңыз, элди баалоонун эң жогорку чен-өлчөмү болуп ал элдин поэзиясы саналат. Элде поэзиясы барбы же жокпу, бул маанилүү көрсөткүч. Бажырайып ачылган роза гүлү же лилия гүлү сабагы үчүн, жетилип бышкан алма же шабдалы шагы үчүн (ал дарак сомдогондой түз өсүп, төбө жагы жайкалып турганына карабай) бирден бир sine qua none (зарурат шарт) – поэзия.
Төрт тарабы төп, өзүнө гана мүнөздүү, биринчи класстагы поэзиясы гүл ачмайын, бир да мамлекетти, анын ичинде Америка Республикасын нукура улуу өлкө деп атоо мүмкүн эмес. Жеткилең поэзияны жармач чыгармалар алмаштыра албайт.
Сыягы, Жаңы Дүйнөнүн бүгүнкү абалына жана белгиленген багытына кандай эстетикалык критерийлер туура келери жөнүндө элде түшүнүк жок жана андай критерийлерге калайык муктаж эмес экенине карабстан, ал жөнүндө балким эч ким да ойлонбойт; деген менен саясый, географиялык, экономикалык, атүгүл интеллектуалдык тармактагы үлкөн жетишкендиктерибизге карабастан, биздин өлкөдө искусствонун бийик салаасында көйкашка устаттарыбыз болмоюнча мамлекетибиз жансыз же тилден калган, денеси чымыр жана ишке жөндөмдүү маңкурт тейде кала берет.
Жан кейиткен бул чындыкты канчалык жаап жашырбайлы, чындыктай көркөмдөп сүрөттөбөйлү, танбайлы, кооз сөздөр менен түшүндүрбөйлү, зирек адам биздин бул өксүгүбүздү, аңгыраган боштукту сөзсүз байкайт.
Анткени биздин Штаттардын аруу тилеги, көздөгөнү жаңы саясый система түзүү жана миллиондордун материалдык жыргалчылыгын камсыздоо, бирок андан да маанилүүсү: илимдин соңку жетишкендиктери жана жаңы замандын деңгээлине ылайыктуу жаңы демократиялык социологияны, көркөм адабятты жаратуу. Эгер береги айтканымдын акыркысы Кошмо Штаттарда аткарылбаса, материалдык жыргалчылыктын пайдасы сары чакага арзыбайт. Себеби, көркөм адабият гана Штаттар арасындагы байланышты жана бийликти ажырагыс бекем кылып ширетет.
Көркөм сөздүн чебери жана жан элирткен окуялардын драматургу ирети жогору бааланган Шекспир (анын түндүгү көк тирейт) көп калемдештери менен ийиндеш турат жана байыркы гректердин сырттандарын (мисалы, Эсхил) түк чендетпейт. Орто кылымдык Европанын мыкчыгерлери менен ак сөөктөрүн, сенейген сепилдерин, адам жүрөгүнө сары майдай жаккан (сыймык! сыймык! бул нерсе ар бирибиз үчүн, баарынан да Кошмо Штаттар үчүн сүйүүдөн да жакын) текеберчиликти сүрөттөөдө ага эч ким караандабайт, анын ушинтип дүйнөнү сыйкырлап алганына мен таң калбайм.
Биздин акындардын эң олуттуу кемчилиги: рухний борпоңдугу, турмуш чындыгын сезбегени, жармач мекенчилдиги, ошондой эле апенди чалыш бир таанышым айткандай – «сулуулук маниясы». Алдагы мания бөтөнчө эстетикалык датка айланган. «Сулуулук жана искусствого болгон ыгы жок кумарлануу, – дейт Шарль Бодлер, – адамдарды акылга сыйбас эксцесстерге тушуктурат. Сулуулук жана искусствого опсуз азгырылган адамда чындык менен акыйкаттык жөнүндө сезим мокойт. Бул адеп-аклактын негизин рак сыяктуу курутчу эстетикалык илдет.»
Ырас, биздин көп сандаган акындарыбыз да өз чама-чаркына жараша пайдалуу жумуш кылышууда. Ага мисал издеп узак баруунун зарылдыгы жок. Билимдүү, адептүү адамдар чогулган бардык жайда кайсы бир иштерди жана милдеттерди убагында аткарууга жөндөмдүү, ийкемдүү адамдар («коом» чынында аларсыз жашай албайт да) табылат; алар коктейлди даярдаганды, сынган көзүлдүрүктү оңдогонду, дасторконго адегенде херес шарабын, анан бууга бышырылган жылан-балыкты берүүнү, же тескерисинче, алгач бууга бышырылган жылан-балыкты, анан херести алып келгенди билген, ал эми А.Б. айым конок күткөндө кечилди, жөөттү, мажнунду, азезилди, зулум өкүмдарды, дөөнү жана башка мифтик персонаждарды катар тизип, меймандардын көңүлүн ачкан, ушинтип өздөрүнө ылайыктуу жөндөм-таланттарын ошол чөйрөгө кызмат кылууга даяр жандардан болушат. Бирок оор кризисте, эл башына улуу мүшкүл түшкөндө жана толкуганда, руханий жана турмуштук чоң сыноолордо кыпындай да пайда болбойт алардан.
Калайык-калк арасында акын дегенде катынбаакы евнухту түшүнүшөт. Ал ырдайт же фортепианодо жан балкыткан чыгармаларды ойнойт, сара атырлардын жытына ышталган бөлмөлөрдө бирөөлөрдөн уккандарын айтып же түрдүү өнөрүн көрсөтүп, кишилердин көңүлүн ачат. Акыркы он жылда басма бетинде көөдөнгө кубат берген, жан сергиткен, жөнөкөй лирикалык ырларды бир да жолу жолуктурбадым. Жакында эле айына бир жолу чыкчу үч журналда биздин сайкашка акындардын ырлары басылды, ал ырлардын өзөгүн түзгөн тема (өтө олуттуу) – болочок жарым бай эмес жарды бирөө деп кайгыга баткан бийкеч!
Поэзиянын өзөгүндө ар дайым тышкы көрүнүш эмес, ички дүйнө; макрокосмос эмес, микрокосмос; Табигат эмес, Киши турууга тийиш. Бизде эл-журтубуз болочокто туу тутуп, түбөлүк өрнөк кылчу каармандардын образын жаратып, ачкөздүк, адилетсиздик, тамыры соолубаган кубулма эки жүздүүлүк жана өкүмзордуктун бардык көрүнүштөрү менен тайманбай күрөшкөн улуу бард-акындардын мууну пайда болушу зарылдык (менимче, поэзиядан башка тармактарда көзгө басар өсүш бар өлкөдө көч башындагы акындардын милдети да ушул болууга тийиш; өз учурунда байыркы еврейлердин диний өлөңдөрү – псаломдун аткаруучулары, римдик акын Ювенал, Байыркы Индустандын акындары жана кельт друиддери ушундай болушкан).
Чыныгы улуу акындын милдети Америкада сөөлөтү көрүнө баштаган улуу коркунучтарга каршы туруу; ал коркунучтар – саясаттагы чектен чыккан коррупция, момдон жасалган беткапка жана кооз саймага айланган биз мактаган динибиз, – а бүтүндөй алганда, эң зыяндуусу жана өтө жаманы: көп акчага, товарга, куру тобокелге таянган бизнестен семирген, нака интеллектуалдык жактан өнүккөн, бирок дүйнөдө акчадан жана интеллектуалдык дөөлөттөрдөн да маанилүү эсептелген күчтүү моралдык, эстетикалык жерпайы жок опсуз чоң, ар кошкон жамаат.
Келечекте батышта, түштүктө, чыгышта, түндүктө түрдүү, бирок руху бир акындардын жаңы мууну, ошондой эле Иудейдегиден да мыкты, алда канча жаңы жана жүрөгүндө жалы бар улуу пайгамбарлар тобу жаралып, айтылган каргашалар менен бетме-бет чыгып, жоону жарыктын нуру караңгыны тешкендей жеңет деген тилек бар менде.
Англис тилинен кыргызчалаган Амирбек Азам уулу
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR