Мухиттин Гүмүш: Сүйүүдөн да башкага өтүү (конкурска №7)

  • 06.03.2023
  • 3724

АҢГЕМЕ

Илхан университетке өткөндө үй-бүлөсүнүн, туугандарынын ушунчалык сүйүнүчүндө чек жок эле. Ошол учурду көрсөңүз кана. Аларды уят кылбай, бир күнү университеттин мыкты бүтүрүүчүсү, кадыр-барктуу адис болоруна ишенимдери чоң болчу. Кечинде чоктуу үтүккө үтүктөп койгон шым-көйнөгүн кийгендеги толкундануусун сөз менен айтууга мүмкүн эмес. Ал эми апасынын жүзүндө кайгы аралашкан кубанычы ачык эле көрүнүп турду. Эртең мененки тамакта уулунан көзүн албай тиктеп отурду. Эки кабаттуу, жыгач үйүнүн алдындагы бир кылымдык жаңгак дарагынын көлөкөсү. Кара тору бой жеткен жигит Илхан күн көтөрүлгөн убакта бата менен Анкарага узады. Узун жолдо жаңы бир жашоонун башталганын түшүнүп бара жатты. Уктабастан тынчсызданган көз караштар, сапар соңунда толкундануусу ойлорго алмашты. Адам ойлонгондо жашап жатканын билет. Билип, аңдаган сайын жашоонун сулуулугу менен кунарсыздыгын, утушу менен жоготууларын, ак-карасын баамдайт. Албетте, түшүнгөндөр үчүн булар дарт эмес, дабаага айланат.

Анкарадагы алгачкы күндөр, университеттеги алгачкы сабактар, биринчи жолуккан адамдардын айырмалары таптакыр башкача болчу. Көпчүлүк толгон шаарда жалгыз калган жан дүйнөлөр, күлкүлөрдүн арасында кабагы салыңкы жүздөр, ызы-чуулардын арасында унчукпаган тилдер, аралаш обондор арасында дүлөй кулактар, боз булуттар арасында ачылбаган канаттар, басып чарчаган буттар, араң дем алуулар бар эле.

Мындан мурда радиодон уккан, гезиттен окуган, жарым-жартылай сыналгыдан көргөн борбор шаардын ар бир жерин таанып-билгиси келди. Жан дүйнөсүн жаңылоо иретинде көчөлөрдө жөө кетип бара жатты. Кимдир-бирөөнү жарык, бирөөнү жакшынакай, кай бирөөнү түнт кылган, кимдир-бирөөнүн жан дүйнөсүн жабыркаткан көчөлөр эле. Дүйнөдө көзү көргөндөрү, кулагы уккандары анык экенин түшүнгөн сайын жан дүйнө түпкүрүндө бороон-чапкын удургуду. Илхан искусство жана маданий иш-чаралардын ар биринин сабак болгонун, кино менен театрды көргөн адамдарга жаңы көз караштарды берген таасир экенин түшүнүп, аңдап баштады.

Адегенде тартынып кирген китеп дүкөндөрдүн текчелериндеги китептердин баарын окугум келет деди. Мына бул чаң баскан китептерди жетим балдардын башынан сылагандай сүйүш керек деп ойлоду. Ал сабактан кийин убакыт тапса дайыма барчу, китеп сатуучуларга жүзү тааныш боло баштады. Окуган эски китептердин арасында кээде окурмандар астын сызган кызыктуу сөздөрүн таап алып күлчү. Бул алды сызылган сүйлөмдөр чынында эле маанилүүбү же андай эмеспи, ага кызыкчу. Ошентип окурмандын чындыгында эле бул китепти түшүнүп же түшүнбөй окугандыгын айырмалоого аракет кылчу. Китептердин арасынан анда-санда чыккан кичинекей белги баракчаларда жазылган сөздөр да бир күнү баалуу болуп чыгаарын китепчилерден укканда абдан таң калды...

Анкаранын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу үчүн ар бир мүнөттү текке кетирбөөгө аракет кылды. Анкара Түрк Ордосу залында ай сайын өткөрүлчү Классикалык Түрк музыкасынын, Түрк калк музыкасынын көрүнүктүү чеберлери жана хор дирижёрлорунун улуттук аспаптардын аткаруусундагы чыгармаларын угуп, музыканын ыракатын сезип, өзүн өнүктүрүүгө аракет кылчу. Илхан анда-санда коштоп жүргөн достору менен музыка, искусство түндөрүн да калтырбай, экинчи университетте окуп жаткандай олуттуу мамиле кылчу. Консерваториянын студенттеринен бир гана айырмасы – окууну бүтүп, диплом албагандыгы. Ал үйрөнүүгө дилгир болгон ут жана тамбур аспаптары эле. Алган мамлекеттик стипендиядан, атасы берген акчаларын чогултуп ут сатып алсам, курска барам, музыкалык билимди өтө эңсеген адам катары анын ыракатын көрсөм дечү өзүнө. Жебежидеги музыкалык аспаптар дүкөнүнө барган сайын чогулткан акчасынын жетпегенин көрүп, кайрадан үч-беш айдан кийин деле ошол эле кыялы ишке ашпады. Акыры-аягы, ут же тамбур алуу темасы боюнча кыял менен гана калаарына айласыздан ишенген. Музыкага болгон сүйүүсүнөн улам бул чөйрөдө абдан мыкты, белгилүү бир деңгээлде билимге ээ боло баштаган. Классикалык түрк адабиятынын мазмунун түшүнүшү, Диван поэзиясынын көркөм жана күчтүү түшүнүктөрүн камтуусунун да олуттуу таасири бар болчу ага. Сөздөрдүн, чыгармалардын, ыр саптарынын, куплеттердин тереңинде, алардын ааламынынын саябагында жан дүйнөсү учуп, анын чарбагына кончу. Концерттерде сатылып жаткан пластинкаларды, кассеталарды карап, көңүлү жай сезилгенде Итринин «Текбир» жана Шейх Галибдин «Фариг болбойм, сени жүз миң жолу сүйдүм» аттуу ырларын тажабастан он жолудан укчу. Ал Хажы Ариф бейдин Көз алдымдан кетпейт кыялың/ Периштесиң эй сулуу жок мисалың / Ыйлатат дарты висалин...» деген ырларын угуп, анда-санда өзүн алектендирүүсү менен абдан сыймыктанчу. Илхандын музыкага болгон табити теңтуштарыныкынан башкача болчу.

Илхан тил жана адабият бөлүмүнүн студенти катары курсташтарынан бир-экөөнөн башкасы менен сүйкүмдүү, аралыктан кылдат баарлашчу. Ошондуктан айланасындагыларга сырдуу адамдай болчу. Ал кээ бирөөнө олуттуу, кээсине токтоо, кээсине өтө бой көтөргөндөй көрүнчү. Аз сүйлөп, көп угушу, шайыр эместиги аны көпчүлүктөн алыстатууга себеп болушу мүмкүн. Сабактарда бир аз маек куруп, суроо, талкуулары менен көңүл бурдурган Илханга батынган, аны түшүнүүгө аракет кылган досторунун бири Элиф болчу. Элиф менен Илхандын дүйнө таанымы, жашоо образы, келечекке болгон көз караштары такыр башка болчу. Мындай карама-каршылыктардын ичинен алардын жалпы өзгөчөлүгү, искусство сүйүүдө театр, кино, живопис жана музыкага болгон кызыгуулары болчу. Анда-санда тыныгууда жанаша олтуруп, жума ичинде көргөн кинолорун, уккан концерттерин же “Зафер” аянтындагы сүрөт көргөзмөлөрүн талкуулап, бири-бирин жакшыраак түшүнүүгө аракет кылышчу.

Элиф орто билим алуу мезгилинде үй-бүлөсүнүн жана чөйрөсүнүн эмес, мугалимдеринин таасирин алып жүргөндөрдөн эле. Ал ошондой эле салыштырмалуу бай деп эсептелер материалдык күчкө ээ болчу. Кээде Илханды концерт, кино жана театрга чакыра турган, ар бир иш-чарадан кийин кафетерийлерде, таттуу жечү жайларда же сейил бактарда узак убакытка чейин көп нерселерди сүйлөшүп, талкуулап отура беришчү. Көбүнчө факультеттин ашканасында, китепканасында жолугушчу. Күн сайын эртең менен окуу жайга келери менен көздөрү бири-бирин издеп калышчу. Жолукпай калганда бир боштукту сезип, жолукканда жүздөрүндө кубаныч пайда болчу.

Элиф сабактан кийин үйүнө кетип бара жатып дайыма Илхан менен коштошордо, эртеси жолуга турган жерди айтып, «Адашып калба! Макулдашылган жерден жолугалы” – дечү.

Түшкү тамак маалында эгер ашканадан тамак жакпаса сыртта жөнөкөй ресторанда тамактанууну туура көрчү. Илхан Элифке: «Кел, бир жерге тамакка чыгалы» – деген сунушуна чөнтөгүнө жараша иш кылчу. Дос кызынын ал үчүн эсеп төлөөсүнө каршы болчу. Ал дайыма бул талашуудан өзүн ыңгайсыз сезчү. Элиф бул абалды түшүнгөндө, тамакка чыгарда өжөрлүк менен эки кишилик акчаны Илхандын чөнтөгүнө сала баштады.

– Экөөбүз тең студентпиз, сен менин коногумсуң, бирок эсепти ушинтип төлөсөк жакшы, – дегенде Илхан аны таарынтып албайын деп анын мажбурлаганына чыдабай акаарат менен кабыл алчу.

Элиф менен Илхандын ортосундагы бул чын ыкластуу достуктун натыйжасында дарста жазгандарын жана маалыматтарын бөлүшүү, окуган китептерин бири-бирине берүү адатка айланды. Алардын жакын достук мамилеси жылдардын өтүшү менен улана берди. Жайкы каникулда бири-бирине сагынычын айтып бат-баттан кат жазышчу. Ал каттарда достук сезимдерин айтуудан, каникул мезгилиндеги окуяларын кабарлоодон артык нерсе жок болчу. Элиф өзүнөн эки жаш улуу сүрөт мугалим эжеси Шенгүл менен апасы Айше Ханымга Илхан тууралуу айтпаган күнү болгон жок. Анан да келген каттарды эртең мененки тамакта үн чыгарып окуп, «Карасаңар, ушунчалык сезими менен, анан жанга жакын адамдай жазыптыр?» – деп үй-бүлөсүнүн макулдугун алгысы келчү.

Илхан Элифтен келген каттарга сүйүнсө да, анын жанында муну менен бөлүшөр эч ким жок болчу. Ал жакында эле таанышкан окуучу кыз Жананга кызыгып баштаганда Элиф жөнүндө аны менен сүйлөшүү жакшы эмес деп ойлоду. Жайкы каникул аяктаганда Жананга: «Анкарага барганда анда-санда жазып турсам, мага жооп бересиңби?» – деп суроону чечти. Бирок Жананга жолугуп сүйлөшүү – төөнү арыктан секирткенден да кыйын болчу. Телефон чалганда сүйлөшөйүн же жолугайын десе үй-бүлөсүндөгүлөр: «Тааныбаган адам менен эмне кыласың сүйлөшүп?» – деши мүмкүн эле, ошондуктан Илхан кошунасынын кызы Севдадан ага кыска кат жөнөтүүнү чечти. Катка «Сүйүктүү Жанан! Эки күндөн кийин Анкарага кайтам. Сен дагы акыркы классты баштаганы жатасың. Сен мага абдан жагасың, ойлорум олуттуу. Келечекте жакшы мамиледе болсок, өмүр бою дос боло алабыз. Кааласаң өзүң айткан жерден жашыруун жолугалы. Кыйынчылыкка кабылар болсоң, жолукпай калсак деле болот. Севданын атынан жиберген каттарыма жооп берсең, мени бактылуу кылган болосуң” – деп жазды. Жанан бөлмөсүнүн эшигин бекитип алып катты кайра-кайра далай жолу окуду. Ал өмүрүндө мындай кат алган эмес. Буга кандай жооп берерин да билбеди. Ал өзүнө: «Мен дагы эле мектеп окуучусумун. Апам укса эмне болот? Тымызын жолугуу мен үчүн чоң коркунуч. Жада калса бул катты жашыруу мага кыйын болуп турганда кантип жашынып, Илханга жолугам? Бул мүмкүн эмес... Убакыт – жакшы дары деди ал. Анан ал катты китептердин арасына катып коюп, абдан толкунданды. Эгер ал кармалса, көптөгөн жазаларга дуушар болорун билген. Бул жагынан эң сонун үлгү анын улуу эжеси. Илхан күткөн жообун албагандыктан Жананды алыстан болсо да акыркы жолу көргүсү келди. Канча аракет кылганы менен бул ишке ашпай, бир аз көңүлү чөктү. Кыялында ал келечектеги сүйгөнү болушу керек. Ошентип, көрүшүү эми жазга калды...

Таңга маал Анкарага жолго чыгарда ою артта калса да сүйүктүү досу Элиф менен сагынычы басыла турганына сүйүндү. Илхан аны менен сүйлөшкөндү, урушканды, ал тургай урушканды да сагынган. Башаламан абалда болуп, жол бою ички дүйнөсүндөгү бороон-чапкындарды басууга аракеттенди.

Элиф менен факультеттин бакчасында жолукканда аны канчалык сагынганын сезди. Адаттагыдай эле алар жумалык иш-чаралардын графигин билүү үчүн театр залдарынын ачылышын, концерттер башталышын күтүштү. Шинаси сахнасында жана Чоң театрда эмне кызык бар деп Кызылайдагы кулактандыруу тактасына чейин жөө барышты. Ошондой эле «Акүн» кинотеатрында жаңы тасмалардын афишалары бар болчу. Шенер Шен башкы ролду ойногон “Саламсыз, Бандосу” аттуу фильмдин биринчи көрүүчүлөрүнүн арасында болуу үчүн толкундануу менен Каваклыдереге чуркаган бойдон барышты. Тасма башка бир теманы козгойт, Шенер Шен сыяктуу устат куудулдун кадимки көндүм фильмдеринен эмес болчу. Элдин мамлекеттен күткөнүн, шаар мэри эл менен бирге эмнелерди жасай турганы, эмнелерди аткара албастыгы, мүмкүн болбостугуна карабай өжөрлүк менен кандай жыйынтыктарга жетишерин чагылдырган бир трагико-комедия эле. Кинотеатрда кино көрүп отурган Элиф улам Илхандын жүзүн карап: «Сени абдан сагындым, досум... Бир аз күнгө күйүп, арыктаптырсың» – дегенде Илхан жылмайып гана жооп берип жатты.

Студенттик акыркы жылында Илхан классикалык түрк музыкасы боюнча колунан келишинче нота жана ырдоо сабактарын алды. Анкара радиосунун таланттуу өнөрпоздору менен устат-шакирт мамилесин тынымсыз өнүктүрдү. Элиф болсо романдарды окуу менен студенттик дебаттарга катышып жатты. Ал тил, адабият, искусство, цивилизация тууралуу ой бөлүштү. Кээде классташтары менен маданий туризм максатында жакынкы аймактарга барчу жана бул сапарларга Илхансыз барган сайын тажап, кыжырданчу. Бул жагдайды Илханга өзү түшүндүрүп, анын дайыма катышуусун каалачу. Йедигөлдер саякатында сүйлөшөр, ичиндегини төгөр, тереңиндегини айта турган эч ким жогунан, сапардагы бардык туристтерге таарынган сыяктуу бир нерсе болуп эле Анкарага кайтып келди.

Илхандын эсинде дайыма Жанан бар. Аны менен жаңы гана таанышканы менен Илханды Жананга тарткан бир нерсе бар болчу, бирок Илхан аны түшүндүрөр сөз таба албачу. Ага жазган эки-үч каттын ичинен бирөөнө гана жооп алчу. Алган катын бир топ күн чөнтөгүнө салып жүрөт, анан сумкасына салып бекитип, жаңысын күтөт. Кээде телефон чалса да, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Ар дайым бир нече мүнөт ичинде ал-абалын сурап кыска сүйлөшкөндөн башка сөз таба алышчу эмес. Илхан Жананды кыялданганда ага буларды айткысы келчү:

“Жананым... Сенин ай жүзүңдөн нур чачкан сулуу көздөрүңдөн алган илхам, күндөн коргонгондо көздөрүм андан тартып алгандай абалдамын. Сени көргөндө түш ааламында булуттардын үстүндө килемдин үстүндө учкандай сезем өзүмдү. Жүрөгүмдү күйгүзгөн от, ичимден мээлүүн соккон жел бороон-чапкынга айланууда. Мени түшүнүп жатасыңбы? Алган каттарда мага жазган ар бир тамгаң, ар бир сөзүң, ар бир сүйлөмдөрүңдүн ичинде деңиздей терең жана кең пейил маани табам. Сен менин көңүлүмдү ушунчалык жай кылдың, мунун кайталанышы мага ыракат тартуулайт”.

Элифтин студенттик мезгилинин акыркы убактыларында анын Илханга болгон жакын, ысык мамилесин жана кызыгуусун өзү сыяктуу анын дос чөйрөсү да сезчү. Илхан болсо сурагандарга: «Биз жөн гана доспуз. Ортобузда башка эч нерсе болбойт. Бул эч качан мүмкүн эмес!”– дечү. Бул боюнча Элифке суроо берүүгө же муну талкуулоого эч ким батына алган жок. Анткени, анын сезими тууралуу сөз кылууга, талкууланышына, кандайдыр бир айыптоого жол бербестигин аны тааныгандар жакшы билишчү.

Илхандын музыка сабактары тездик менен уланып жатканда, студенттик жылдарынын аякташы жакындап, бүтүрүү экзамендери жана «Салттуу сый кечеси» программасынан кийин баары студенттик жылдарым кош демек. Бул кече тарых жана түркология факультетинин студенттери үчүн 40 – урмат-сый кечеси. Эң алгачкы бүтүрүүчүлөрү баштаган бул саамалык 1939-жылдан бери өткөрүлүп келет, бирок кээде үзгүлтүккө учураган. Анда ардагер мугалимдер менен кош айтышмак жана аларга сый-урмат көрсөтүү, туу туткандыгын билдирүү ниетинде студенттери менен бир жылда бир жолу болсо да жолугушуу максатында эки бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү биргелешип уюштурушкан. Кечеде жылдызы жанган ар бир студент сөзсүз жагымдуу сюрприздерге туш болмок. Мурунку жылдарга караганда катышуучулар көп болду. Университеттин жетекчилери да катышаары маалым болгондо, бардыгы толкунданды. Студенттер бул кечеден кийин бүтүрүүчү болуп, андан соң мугалимдик сынак, балким бул акыркы жолугушуу күнү болмок.

Бүтүрүү экзамендерин тапшырган соң Элиф достору менен «Салттуу кечеге» катуу даярдык көрүштү. Илхан Элифтин гармониялуу кийими, чач жасалгасы, зер буюмдары, сумкасы, бут кийими жана башынан бутуна чейин сулуулугу менен түн жылдызы болууга талапкери гана эмес кеченин жалгыз сулуусу болорунан шек санаган эмес. Бул кеченин өзгөчө коногундай залга киргенде баарынын көзү Элифке тигилди. Ал достору менен жылмайып учурашкандан кийин орто бөлүктө отурган мугалимдер жана жубайлары менен учурашып, көздөрү дароо Илханды издеди. Аны маңдайынан жолуктурары менен “Кайда отурабыз?” – деген белги берди. Элифтин укмуштуу сулуулугуна таң калып караган Илхандын көздөрү ай сымал жүзүндөгү изумруд жашыл көздөрүнө тигилди. Анын башында таажысы жок болчу, бирок мээси, акылы таажыдан да кымбат. Илхандын таң калганын түшүнгөн Элиф анын колунан кармап: «Биз кайсы үстөлдө отурабыз, Илханым? Эмне мынча таң калганың?” – деди. Алар сахнанын жана протокол менен профессордук-окутуучулук курам отурган үстөл жанында карама-каршы отурушту. Илхандын жанында анын сүйүктүү досу, өзгөчө коногу болгон укук факультетинин студенти Мустафа бар болчу. Анын оң жагында сүйлөшкөн кызы Хатиже отурган. Элифтин жанындагы эки кишилик орун – Илхан менен тааныштырар күтүүсүз коноктор үчүн бөлүнгөн. Илхан да буга кызыгып, айтуусун кааласа да, Элиф: «Жок! Айтсам сюрприз болмок беле?” – деп жооп берди.

Сый-урмат кечесинин алып баруучулары мугалимдердин устаты болгон кадырлуу илимпоздорду биринин артынан бирин чакырып кол чабышты. Ардагер мугалимдердин атын уккандар:

– Аа... Тигил же бул китептин автору демек мугалим экен да. Атынан эле бир чоң адам экен десек, кичинекей бирөө экен.

Ушул сыяктуу талкуулар айтылып жатты. Декан менен кафедра башчысынан кийин сахнага Илхан менен Элифти чогуу чакырып, бардык студенттердин атынан сезимдерин, ойлорун билдирүүлөрүн суранышты. Күчтүү, таасирдүү, кооз сүйлөгөндү билген Илхан микрофонду Элифке сунуп, мырзалык кылып, анын сөзүнөн кийин сүйлөгөндү туура көрдү. Элиф сүйлөп жатканда Илхан анын толкунданганын калтыраган үнүнөн түшүндү. Экинчи жагынан, андан көзүн ала албады. Экөө сахнада турганда үстөлдө эки бош орунга Элифтин эжеси менен жездеси отурду. Эжеси Селма ханым менен бетме-бет келгенде толкундануусу ого бетер күчөдү. Селма айым күйөөсүнө: «Бири-бирине кандай гана жарашкан... Менимче бул бала Илхан, кызыбыз атын күндө айтып жүргөн...» – деп жатты. Элиф досторунун кол чабууларынан улам өмүрүндө сезбеген эң жогорку ыракатка ээ болду. Кезек Илханга келгенде кол чабуулар жанданды. Анын мазмундуу, шыктандырган, бул кечени белгилөөчү мыкты сөздөрүнө мугалимдери, достору да ыраазы болушту. Мустафа да конок түгөйлөрдүн, мугалимдердин Илхан тууралуу мактоолорун угуп, досу менен сыймыктанды. Сахнадан орундарына өтүп баратканда Элиф эрксизден Илхандын сол колун кармап, дасторконго чейин барышты. Илхан дасторкондогу конокторду көргөндө: «Кош келдиңиздер, жакшылык алып келдиңиздер урматтуу коноктор!» – деди. Тамактан кийин жаштар, түгөйлөр жана бардыгы бийге чыгып, Илхан кошуна үстөлдө мугалимдери менен кыска маектешүүгө өттү. Ошол учурда Элифтин кээ бир достору аны бийге чакырышканда аларга: «Мен Илхандан башка эч ким менен бийлебейм! Кечирип койгула!” – дегенин уккан Мустафа: «Муну Илханга да айтышым керек!» – деди. Ал укканын Хатижеге айтты. Илхан дасторконго келгенде эжеси Селма: «Келгиле, баарыңар бийлегиле, Мустафа менен Хатиже! Бийге чыккыла! Бүгүн силердин кечеңер!”

Муну айтканда залдан кол чабуулар угулду. Илхан бийге көнбөгөндүктөн тартынып, уялган бойдон чыкты. Элиф чыныгы султан айым сыяктуу Илханды музыканын ритмине ылайык коштоп турду. «Биринчи жолу чогуу бийлеп жатабыз» - десе, эч кимди ишендире алмак эмес. Илхандын титиреген колдорунун арасында Элифтин назик колдору, гүлдүн жалбырагындай жумшак жүзү жакындан көрүндү. Көз караштары бири-биринин көзүнө урунганда, уялып карагандары көңүл бурдурду. Романтикалык музыка басаңдап, бий бүтөрү менен кармаган колдор ого бетер кысылды. Селма ханым жолдошу менен: «Силер көңүл ача бергиле, биз кеттик. Жакшы калгыла!” – деди. Коштошуу учурунда Илхан аларга: «Биздин кечибизге келгениңиздер үчүн рахмат. Бул мыкты үй-бүлөнүн кызы Элифти бир нече сааттан кийин жеткирип барабыз. Кабатыр болбоңуздар!” – деди.

Кечеде ырлар окулуп, андан кийин ардагер мугалимдер менен азыркы мугалимдердин ортосундагы күлкүлүү анекдоттор, эскерүүлөр түндүн эң кызыктуу бөлүгү болду. Студенттер менен активдүү мугалимдер ортосунда кызыктуу окуялар, мыкты эскерүүлөр айтылды. Түн бир оокумда ресторандан чыгып баратышканда мугалимдер: “Бул биз буга чейин көрбөгөн программа болду. Уюштуруучуларга рахмат” – дешти. Баары бактылуу, сый-урмат кечеси, бир чети коштошуу, айрылуу кечеси сыяктуу болчу. Баары студенттер менен коштошуп жатканда Анкара түнүндө жылдыздар жанып турду. Аларга жада калса ай да кол булгалады. «Аман болгула, балдар! Жаңы жашоодо ийгиликтер!” – деп акырын айткансыйт... Элиф менен Илхан да достору менен коштошуп, көчөдө чогуу басып, таза абада дем алуу үчүн түн жарымында “Кугулу” паркын көздөй басышты. Бир нече мүнөт унчукпай, бир аздан кийин Илхан мындай деди:

– Кеченин жылдызы болдуң дегеним, оюмду толук айтууга аздык кылат, досум. Мен сени менен өмүрүмдө биринчи жана балким акыркы жолу бийледим. Менин көзүм эч нерсе көргөн жок. Бийлей алдымбы же күлкүлүү болдубу?

– Алгачкы болушу мүмкүн, бирок акыркысы эмес. Бүгүн кечинде сен болбосоң, келмек эмесмин. Сенсиз кеченин бир мааниси жок? Йедигөллер сапарында сен жокто менин кандай абалда болгонумду бир билсең!

– Сени түшүнөм, бирок мен да ар бир сапарга чыккым келбейт. Саякаттаганды көп жактыра бербейм. Мага тарыхый-көркөм баалуулуктары жана маданий элементтери бар жерлер гана жагат. Саякаттарда автобуста өткөргөн убакытты текке кеткен көз ирмемдер катары көрөм.

– Түн бир оокумда бул паркта отурабыз деп ойлогон эмесмин.

– Мен дагы... Эгер кимдир-бирөө көрсө, “Кугулу” паркында эки ак куудай сүйүшкөндөр экен, түндө айдын жарыгына өтө романтикалуу карап отурушат деп ойлойт.

– Ойлошсун... Эмне ойлосо да... Эмне экен?

– Анда... Мейли... Эки жакшы дос десе жакшы болмок, албетте... Кеч боло электе кетели. Алар сени күтүп жатышат, Элиф.

– Эмнеге шашасың, Илхан? Бир аз отур, жаным... Мага айтар сөзүң жокпу? Сени менен болгондо ушунчалык көңүлүм тынч. Эжем: «Биздин фирманын машинасын жөнөтөйүн» деди. «Жок, Илхан менен таксиге түшөм» дедим. Түндө айдоочу байкенин суз кабагын карап, дартын да уккум келбеди. Илхан менен бир мүнөт да маанилүү дедим ичимден.

– Элифим... Сулуу досум... Сен аябай жакшысың... Көнүлүмдөгү бардык жакшы сөздөрдү айткым келет, бирок ичимде бир тосмо бар, ал тургай тосмолор десем да болот. Чогулган таза суулардын тосмолорун талкалаган селге айланткым келет. Буларды азыр айта турган маанайда эмесмин.

– Оо, кандай сонун айттың... Мен да кээде ушундай болом! Кааласаң ал тосмолор бузулат. Сүйлөшөр күндөрүбүз саналуу. Сен билесиңби? Эмнеси болсо да... Кетели анда!

Элифтин үйүнө чейин таксиде көп сүйлөшпөй келишти. Элиф кечеге катышпаган же катыша албаган досторунун жашоосунда мындай сонун унутулгус күн болбогонуна өкүнөрүн айтты. Илхан ооз ачпастан: «Жанымда Жанан болсо... Кат бүгүн келгендир... Кызык, эмне деп жазды экен?» – деп ойлоду. Ал уйгу-туйгу сезимдерге буулуп баратканда, Элиф: “Мен бул жерден түшөм!” – дегенде Илхан чочуп кетти. Эшикти ачып Элифтин колунан кармап таксиден түшүрдү. Элиф коштошуп жатканда жаагына жаагын тийгизгени да алгачкы жолу болчу. Элиф ушул жылмайуусу менен кандай сулуу эле. Тимеле романтикалык тасмалардын биринде роль ойноп жаткандай, бир гана жанында камералар, режиссёр жок. Илхан ошол эле таксиде дагы 10 мүнөт жолун улантты. Үйгө кирип терең дем алды. Бөлмөнүн жарыгын күйгүзгөндө көзүнө илингени – көптөн бери күткөн каты болду. Ал катты чогуу жашаган досу почта кутусунан алып, үстөл үстүнө койгонун көрдү. Анын толкундануусу туу чокусуна жетти. «Элифтин сулуулугу, достугу баары жакшы, бирок аны менен үй-бүлө куруу же келечектеги пландарды түзүү оюма келбейт. Экөөбүз бири-бирибизге шайкеш дос боло алабыз, эки сүйүшкөн боло албайбыз...”, экинчи жагынан “Жок, жок... Мен аны жогото албайм! Жаңылыштык кыла албайм! Элиф бай үй-бүлөнүн кызы! Биз жөн гана жакшы доспуз» – дей берди... Акыл-эси бүдөмүк, олку-солку болуп турганда, жүрөгү тез согуп, деми кысылды. Келген катты окуганда Жанандын өтө жөнөкөйлүгү, жупунулугунун бардык белгилери сезилди. Илхан уктап калганда түшүнө да кирди. Жананга жолукканда байкаган биринчи жылмаюусу, узун кирпиктери менен уйкулуу көз карашы жана «Анкарага барганда мени унутпайсың, ээ?» – деп титиреген үнү менен уялчаак жүрүм-туруму анын түшүн кооздогон элестер эле.

Кеченин эки жылдызы досторунун талкуусунда болду. Фотограф жактырган сүрөттү Илхан менен Элифтин бийи учурунда тартканы аныкталды. Аны көргөндөр: Айи!.. Бири-бирине абдан жарашыптыр!» – дедирген фотосүрөт болчу. “Элиф-Илхандын сүйүүсүбү же сүйүүнүн жаңы жолундагы алгачкы романтикалык мамилеби?” суроосу айланада көп айтылып жатканда, Жанандын Илханга жазган каты ага башка бир толкунданууну жаратканын эч ким билген жок.

Экзамендер, билим жашоосу бүтүп, Анкара менен коштошууга убакыт келди. Элиф Илхан менен акыркы жолу Анкара шаарлар аралык автобус терминалында жолугушту. Коштошуу учурунда Илхан мугалимдик сынак үчүн жакында Анкарага келерин айтты. Элиф: «Жаным Илхан... Мен сага кат берем. Анкара шаарынын борборунан чыккандан кийин бул катты окууга сөз бер! Макулбу?” – деди. Кызыгуу менен катты алып ички чөнтөгүнө салып, муңайым көздөрү менен: «Элиф, сөз берем... Анкаранын чыга беришиндеги Мамак көпүрөсүнөн өткөндө ачып окуйм. Бул эң көп дегенде жарым саатты талап кылат. Кош бол, Элиф... Кудай колдосун! Жакында көрүшкөнчө. Бул кат почтага салынбай туруп, жеке ээсинин колуна түздөн-түз берилген алгачкы кат болсо керек деди. Автобустун кыймылы, экинчи колу менен аарчылган жашы менен көрүнбөй калганча кол булгалаган колдордун ээси досун сүйчү...

Убада кылынгандай, Илхан Анкаранын шаар чегин аяктаган белгини көргөнгө чейин катты ачкан жок. Анан катта жазылгандарды окуганда жүрөгү ордунан силкине тургандай болду. Элифтин катында кылдаттык менен жазган сөздөрү мындай болчу:

“Сүйгөнүм, жалгыз досум. Сен кеткенде менин бир жаным, бир жерим, оңум, солум кем болуп калат... Төрт тарабымдын тең кем болгонунан дүйнөнүн маанисиздигин сезем. Эх, мен капысынан шал болуп калгандаймын. Мен сенин үч күндөн ашык убакыт жок болушуңа чыдай албасымды түшүндүм... Бул жолу сенин жоктугуң абдан кыйын болот. Эмнеге десең... Негизи, билбейм... Билсем да, мен билгендеримдин ошончолук “анткениси” бар... Анткени көп убакыттан бери жоксуң, кетип бара жатасың. Жакында келем десең да, бул саптарды жазып жатып сени сагынуудамын.

Балким, таңкы саламымды сага сыдырым жел алып барат. Эртең мененки күн нурун чачып жатып менин ордума сага “Кутмандуу таң!” десин. Таңкы күн алгачкы нурларын чачсын... Шамал сага барсын да досума кандай сүйөөрүмдү түшүндүрсүн. Абдан бактылуу болсо, акырын жаныма келип: “Сизге күн сайын бакыт тилеп жатат, биздин айым!” деп айтсын. Эгер бактысыз болсо, ар дайым жанында экенимди шыбыра, мени унутпасын. “Жүрөгүм дайыма аны менен” дегим келет. Достук топон суудан түшкөн баткак эмес, күн тийгенде кургап, чаң болуп калгыдай... Биздин достугубуз океан сыяктуу, бууланса да азайбайт, жамгыр менен мындан дагы таза, айкын, тунук абалда кайра ордуна келет. Сүйүүнүн көзү сокур, бирок достук дартын ачат... Жүрөгүңө сүйүү, кулагыңа обон, көзүңө түс тартуулагым келди... сен үчүн. Сенин жылмайууңду күзгүнүн жанында көпкө чейин туурадым, бирок окшоштура албадым. Менин сүйүүмдүн үнү үнсүздүк, үнсүздүгүңө ашык болгон досумсуң сен. Мага тиешелүү болгондорду жүрөк түпкүрүндө сакта... Эмне болсо да алар менден сага аманат... Анткени мен сага дайыма ишендим... Менин сүйүүмдү, достугумду жылмаюуңа сакта. Көңүл өзөндөрүнүн суулары дарыяларга кошулгуча кыялдарыбызды сүздүрөлү ал кенендиктерде...

Илханым!

Биздин бир нече жылдык достугубуз кар, же жамгыр, же келип-кеткен булут эмес. Күн, ай, же жылдыз сыяктуу эмес... Ал бир чыгып, кайра баткан, пайда болуп, кайра жок болгон, жаркырап жанып кайра өчүүчү нерсе эмес... Ар дайым таң атсын, ар дайым күн ачык болсун, балким, кээде биздин асманыбыз топтолгон убакыт сыяктуу гүлдүн ачык түстөрүнө толтура болсун. Мен сени жоготуп алуудан корком, бирок сага баарын айтууга кайрат, күч таба албайм. Калемимдин күчү көп нерсени түшүндүрүүгө жетпейт... Түшүнүктүү, жагымдуу, боорукер жигитсиң... Батыраак кайтып кел... Сагындым, сагынам жана кусалык менен күтөм сүйүктүү досум...”

Элиф...

Аз жерден «Айдоочу мырза! Оң жактан түшүрүп коёсузбу? Дароо Анкарага кайтышым керек!” – деп айтмак. Жанында отурган жүргүнчү кызыгып Илханды карап турду.

Чоң жигит! Бир заматта эле абдан толкунданып, колу-бутуң титиреп, демиң кысылып кетти... Сени капа кылган бир нерсе болдубу? Кааласаң, бир стакан суу ичип, эс ал!

– Неме... Эч нерсе, байке... Катты окуп таң калдым...

– Жаман кабар жазыптырбы? Бул кат сүйгөнүңдөнбү? Кыйналганыңдан тердеп да кеттиң...

– Жок! Дос кызымдан... Жаман кабар эмес... Неме... Кандай десем? Мени сүйгөнүн айтып жатат окшойт.

– Жакшы... Эмнеге мынча толкунданып? Менимче, ал сага сен айта албаганды айтса керек.

– Балким, байке...

– Тыным ал, көзүңдү жум! Аны ойлон... Кыялдан... Анан укта... Кайра кайталанбаса, көңүлүң менен дуба кыл...

– Рахмат сизге…

Беш саатка жакын созулган сапарда Элиф менен чогуу өткөргөн күндөрдүн баарын кино тасма сыяктуу, баштан өткөргөн жакшы же кыйын учурларды кайра эсине салды. Ал үйүнө жеткенде жол жүрүүдөн эмес, мээсинин чарчагандыгы сезилди. Адаттагыдай эле апасы сагыныч менен кучактап тосуп алды. Ал таң калып:

– Эмне болду, уулум? Кабагың салыңкы көрүнөсүң. Бүтүрүүчү болбой калдыңбы же?

– Окууну бүттүм, апа. Жолдо чарчадым, бир аз уйкусуз да калдым.

– Аа жакшы анда... Башка көйгөйүң болбосун да...

Кечки тамактан кийин куттуктаганы келген туугандары, достору менен сүйлөшүп жатканда да Элифтин катында эмне жазылганы эсинде болчу. Бир жагынан Жананды көрөр учурду чыдамсыздык менен күтүп жаткан.

Илхан түн жарымында коноктор кеткенден соң үйдүн экинчи кабатындагы бөлмөдө эки карындашы менен сүйлөшүп, оюна келгенди жасоону чечти. Фатма жана Султан менен бардык нерселерди айтып бөлүшө турган. Алардын пикирин сурап, катта жазылгандарды түшүндүргүсү келди.

– Азыр мен силерге кат берем. Алгач окуп анан талкуулагыла. Пикириңерди өз-өзүнчө уккум келет. Катта ат көрүнбөш керек, кат жазган адамдын жынысы да белгисиз... Макулбу, Фатма? Адегенде кааласаң сен оку.

– Макул, байке... Минтип бизге тапшырма берип, мугалимдигиңизди дароо баштадыңыз окшойт...

Фатманын талдоосуна караганда: «Бул кат сени абдан сүйгөн досуңдун сени баалаганы, ар дайым жакшы көргөн адамы катары унутпай турганын билдирген мыкты достук каты... Султан болсо: «Эгер бул катты жазган кыз болсо анда сага ашык... Эгер эркек болсо, билбейм... Дагы көп сөздүн кереги жок...» – деди. Илхандын башы чаташ эле. Эмне дээрин билбеди. Бул абалга анын карындаштары да таң калышты. Абдан сезимтал, маанилүү жазылган катты колуна алып, жеке документтерин койгон кулпулуу сумкасына өмүр бою сакташ үчүн салды. Илхан үчүн негизги маселе жаңы эле башталган. Ал бул каттын жообун Элифке бир айдан кийин тапшырар мугалимдик экзаменине барганга чейин жазышы керек. Андан да маанилүүсү, ал эмне же эмнелерди жазат? Илхан үчүн табышмактарга толгон күндөр башталды...

Мугалимдик экзаменге чейин өтүп жаткан убакытты туура пайдалангысы келген Илхан башка тараптан да Жанан менен бир жолун таап көрүшүүсү болгону он мүнөт болсо да, чексиз сүйүнгөн. Сүйлөшпөстөн тигилип кароо менен өтүп кеткен убакыт ичинде Илхандын көңүлүндөгү бириккен от жалындады. Көздөрү жалжылдап, жүзү ай, көңүлү жаңы жаз, эриндери бүчүр, тиштери бермет, жаактары гүл, кирпиги жебе, чачы жасмин, орто бойлуу Жанандын жада калса кыска сөздөрү да кудум булбул үнү сыяктуу Илхандын жүрөгүнө агып жаткандай болду.

Элиф Анталиядагы жайкы үйүнө барып, деңиз, күн жана кум менен бир эс алууну тандаганына өкүндү. Илхан айткан “Суранам, бир жолу Карадеңиз жайлоолорунда эс алып көрсөң болбойбу? Түштүк жээктерде тоок этиндей кызарып же куурулуп келесиңер!” – деген сөзүн дагы бир жолу эстеди, бирок Карадеңиз жайлоосуна бара турган убактысы калган эмес.

Терең ойлорго батып, кээде көңүлү чөккөн Элиф: «Илхан мага кат жазса да Анкарадагы үйдүн дарегине барат. Селма эжеме телефон чалайын, почта кутубузду карасын. Бул жайкы үйдүн дарегине шашылыш почта аркылуу жөнөтсүн. Жарылам го... күтүп атып. Бул жерде мени эч нерсе кубандырбай жана канааттандырбайт. Мен негедир руханий боштуктамын... Окуган газета-журналдардагы искусство жана адабият бурчтарындагы жазуучуларды жактырбайм. Алардын талдоо жүргүзүү өзгөчөлүгү жок. Сын жана чечмелөө стилин да жоготушуптур, каралоо жана окурманды багыттоо үчүн багыт сөз аралаштырмасын жасап жатышат. Илхан менен болгон маектерибиз мага көбүрөк ыракат берчү. Муунуп жатам... Ах, Илхан! Сен да жанымда болсоң... Бул бирге болуу көндүмүбү же Илханды сүйөмбү дечү.

Күндөр кээ бирөөнө тез өтүп, кээлери үчүн андай болгон жок... Мугалимдик сынагынан мурда адатта жолугушуу жери болгон Анкаранын Кызылайында Илхан менен жолукканда Элифтин кубанычы менен бактылуулугун айланадагылардын баары байкашчу. Илхандын олуттуулугу да сезилип турчу. Сезимдерин тыйган Илхан жана ой-сезимдери менен ачык-айкын жашаган Элиф бар эле. Сагынычка толгон акыркы үч-беш жумалык убакытта эмне кылгандарын, кандай сезимде болгондорун бири-бирине ийне жибине чейин айтып беришти. Илхан Жанан менен болгон сүйүү мамилесин Элиф менен бөлүшкүсү келген, бирок мүмкүнчүлүк таба албады. Бул нерсени ал кандай кабыл алаарын элестете алган жок. Жанандын айынан Элифти жоготкусу келген жок.

Ататүрк лицейинде мугалимдик сынактан өтүштү... Чогуу окуган достору менен акыркы жолугушуу болуп, коштошкондо кызыгып тынчсызданар процесс башталды. Жыйынтык чыкканда кубанычынан асманга көтөрүлгөн үндөр, жашоого болгон алгачкы кадамдын белгиси эле. Илхан Элифке кайрылып:

– Сен экөөбүз эки бөлөк жерлерге чектелебиз... Анан эмне болот?

– Бир жерге дайындалалы деп тилейли кудайдан... Башка жол барбы? Жубайлар укугу менен гана бир жерге дайындалса болот...

– Жубай?

– Ооба…

– “Сен эч жакка кетпейсиң! Анкарада каласың!» – деп сезип жатам.

– Жакшы болот деп үмүттөнөм! Сага бир нерсе айтсам болобу, Илхан?

– Ооба, айтчы сураныч! Мен эмнени тилесем да, сен башкача сезимге кирип жатасың. Сен дайындалып башка жакка кет, а мен Анкарада калам деп жатасың, туурабы?

– Элиф... Айткандарыңдын жарымы туура...

– Эгер жарымы туура болсо, анда баарын камтышы мүмкүн.

– Жарымы туура болгон сөздүн, жарымы кем же жалган. Ал сүйлөмдө “Сен дайындалып, бир жакка кет...” – деп айткан жокмун жана эч качан айта албайм. Жөн гана өз оюмду айттым.

– Мен сени жоготуп алуудан корком. Өтө сезимтал болуп калдым. Сураныч, мени туура түшүн, сүйүктүү досум.

– Мени таң калтырдың! Кабатыр болбо, мен жоголбойм! Эми дайындоолорду бир жумадай күтөбүз... Мүмкүн жакында жерлерибиз такталып калат.

Илхан дайындоолорду күтпөстөн туулган жерине кайтуу керектигин айтты. Эмнеси болсо да дайындоо боюнча маалымат даректерге келет. Элиф буга абдан капа болду. “Дагы бир нече күн кал!” Бирок Илхан чечкиндүү болду. Элиф үчүн кайгы, Илхан үчүн туюк сезимдердин жаңы күндөрү башталмак. Акыркы жолу ал факультетке мугалимдерим менен коштошойун деп барганда академиялык курамга кириши үчүн илимий жардамчыдан сынакка катышуусу керектигин айтышты. Бул кабардан улам Илхандын Элифке: «Сен эч жакка кетпейсиң! Анкарада каласың!” – деп көөдөнү сезгенди айтканын эстеди. Дайындоолор аяктаганга чейин Илхан жалгыз талапкер катары сынакка кирген.

Элиф Илханга таарынгандыктан “Жакшы бар...” деп да айткан эмес. Эмоциялык абалды башынан өткөрүп жаткан Элифтин бул мамилесинен Илхандын да көңүлү чөккөн. Ошого карабастан илимий жардамчы үчүн сынактын жыйынтыгы чыга турган күнү Илхан Элиф менен чогуу болгусу келип, телефон чалып кубанычын тең бөлүшкүсү келди. Бул Элиф үчүн күтүүсүз болгон. Ал өзү башка жакка которулса да досунун Анкарада каларын укканда сүйүнгөн. Жок дегенде бардык каникулдарда Анкарада жолугушмак. Алар чыдамсыздык менен күткөн жыйынтык жарыяланып, Илхан 1-сентябрдан тарта кызматка кириши керек болчу. Кубанычын да, кайгысын да тең бөлүшүүгө көнүп калган достор алдыга карай сергек башташты. Элифтин маанайы бир аз жакшырды, сентябрь айына чейин кайрадан өзүнчө калышмак.

Күттүргөн күн келди, Элиф Илхандан Гиресунга дайындалганын билди. Күздүн алгачкы күндөрү көңүлү чөктү. Айрыкча өмүрүндө билбеген же барбаган жерде эмне кыларын ойлонуп жатканда, Илхансыз күндөргө кантип көнмөк? Даярдыктардан кийин Илхан Элифтин үй-бүлөсүнө жакындыгы болсо да аны автобекеттен узатты.

Илхан факультетте илимий кызматкер, Элиф болсо алыскы бир лицейде мугалим болуп кат алышууну улантып, семестр каникулунда, майрамдарда Анкарага келгенде сагынычтары тарабачу. Анкарада Элифти тааныган достору, Илханды көргөндө Элифти сурап жатышты. Алардын өзүнчө болгонун эч ким ойлогон жок.

Жанан мектепти бүтүргөнгө чейин кудалашуу же үйлөнүү тууралуу кеп болгон эмес. Анын Илхан менен кат алышуулары сейрек болсо да уланды. Илхандын адабий сөздөрүнө дайыма жупуну жооптор, жөнөкөй сүйлөмдөр менен жооп берчү. «Мен романтик болсом да, кооз сөздөрдү айтканды билбейм. Мени кечир, суранам!” – дечү. Элиф жазган каттарындагы негизги маселелер кесиптештери, окуучулары, мектеп жетекчилери жана кошуналар тууралуу. Акыркы каттарында өзү иштеген мектепте мугалим барын, ага кызыгып жатканын жазган. Илхан Элифтин бул мамилеси аны кызгантыш үчүн деп ойлоду. Кызгандырмак же кызганмак кимдир-бирөөлөргө жагымдуу, кай бирине жагымсыз...

Кесиптеринин экинчи жылынын жай айларында Илхандын улуу агасы Эрдемдин телефон чалуусу жаңы жашоонун башталышы болду. Эрдем мындай деди:

– Жанандын колун сурайбыз сен үчүн... Ишиң бар, айлыгың бар. Никеде бир керемет бар. Эмне дейсиң, иним?

– Макул... Бир жолу сурагыла... Беришпесе, убакытка коёбуз. Шашылышыбыз жок…

– Сага кыз бербеген адам, дагы жакшысын кайдан табат? Кызын сактап отура бермек беле?

– Буйругу болсо болор, байке...

80-жылдардын аягы... 11-июнь... Мындан туура эки жыл мурун “Коштошуу кечесинин” жылдыгына туш келген күн... Телефон чалган үн Жанандыкы эле.

– Мени сага беришти... Кут болсун экөөбүзгө жана бизди сүйгөндөргө...

– Жананым... Кудайым бизге өмүр бою бакытты насип этсин! Акыркы катта сага жуучу жибереримди жаздым эле... “Мага турмушка чыгасыңбы?” деп жаза алган жокмун... Кечээ чоңдорубуз барганда “Эмне дейсиң? Илхан менен баш кошууга көңүлүң барбы?”– деп сураштыбы?

– Сурашкан жок... Себеби апам биздин катыбыздын баарын таап окуптур, үй-бүлөдө билбеген эч ким калбаптыр. Мейли... насип ушундай экен... Агаларымдан сурап, кеңешиштиби, билбейм...

– Эмнеси болсо да, жаным... Кантсе да биз расмий түрдө кудалашылганбыз. Куттуу болсун! Кадам таштаган турмуш жолунда өмүр бою бир болууга сөз бердик...

– Жакшы тур! Көрүшүү тилегим менен, Кудайга аманат бол жашоом...

Илхан Жанандын «жашоом» деген сөз менен аяктаганына абдан таасирленип, жүрөгүнүн таттуу титирөөсүнөн денеси бошой түшкөнүн сезди. Терең кыялга батып бөлмөсүндө отурганда, көп өтпөй телефондун шыңгырагын угуп: «Ээ, албетте... Куттуктоолор башталды, – деди. – Көрөлү, мени ким биринчи куттуктайт экен?» – деп телефонду көтөргөндө сюрприз үндүн ээси Элиф болчу.

– Илханым... Бейпил түн! Сени ойготкон жокмун деп ойлойм...

– Жок, мен уктай элекмин. Билесиң го эрте уктабасымды...

– Ошон үчүн мен да ушул убакытта чалдым. Сөздү узартпай, түз эле темага кирейин.

– Сени угуп жатам, Элиф...

– Ошол катта айткан теманы сени кызгандырыш үчүн жазган эмесмин. Ушунча убакыттан бери сенден сунуш күттүм. Уялчаактыгыңды билем, андыктан айта албаганыңды айтсам, бул акылга сыйбаган нерсе болобу?

– Элифим... Эгер сүйлөмүңдү аягына чыгарсаң, сени жакшыраак түшүнгөн болом.

– Өмүр бою жанымда болуш үчүн эмнени күттүң? Мен сага турмушка чыккым келет. Бир түрк кызынын эч качан айтпай тургандыгын сен мага айттырдың!

Илхандын колу, буту, бүт денеси титиреп, жүрөгү суурулуп чыга тургансып, деми жетпеди. Бир аз туруп, тыным алгандан кийин:

– Сүйүктүү Элиф... Мен таң калдым... Таң калганымды айтууга азыр күчүм да, мисалым да жок. Мени канчалык сүйөөрүңдү түшүнүп жатам, сени дос катары сүйөөрүмдү билесиң. Эгер уруксат берсең каникулда Анкарага келгенде бул маселени бетме-бет сүйлөшөлүбү? Айдын аягында келесиң, туурабы?

– 30-июнда Анкарада болом, буйруса...

– Анда көрүшкөнчө. Телефон менен сүйлөшкүдөй бул оңой тема эмес... Суранам, кечирип кой, Элиф макулбу?

– Макул... Бейпил түн каалайм...

Илхандын жарым саат ичинде башынан өткөргөн эки башка жагдай кинолордо же романдарда гана болор нерсе. Сүрөттөлбөй турган сезимдерин Илхан сөздүктөрдө да жок экенин түшүнгөн. Элифтин күтүүсүз сунушу менен Жанандан “Бизди кудалашты!” деген кабары эки сүйүүнүн ортосунда калган бир ашык же эки тегирмен ташынын ортосунда калган бир буудайды сүрөттөп жаткан. Илхан чогуу жашаган Бахадырдын суроосуна да канааттандырар сөз таба алган жок. Тили буулуп калгандай... Таң атканча уктай алган жок, азандын үнү менен туруп, даарат алып, намаз окуду. Колдорун ачып дуба кылды:

«Кудурети Күчтүү Теңир... Мага жардам бер! Жананымды өмүрлүк жар кылууну насип эт! Досум Элифти жоготпостон анын макулдугун алуунун жолун табууга жардам бер! Оо, Аллахым, алсыз пенделериңдин дубаларын кабыл ал!”

Илхан эртең мененки тамакта Бахадырга Жанан экөө кудалангандыгын айтты, бирок Элиф жөнүдө сөз кылган жок. Бахадыр да таң калып:

– Куттуктайм. Кайырлуу болсун... Неме... Элиф эмне болду? Кыз сага абдан ашык болчу! Мамилеңер да абдан жакшы болчу. Жумасына бир жолу кат келчү андан. Ал почта кутубузга эң көп келген каттардын ээси болчу.

– Элиф экөөбүз жакшы доспуз, Бахадыр. Өмүр бою дос болуп кала беребиз.

– Классикалык жооптордун бирин бердиң сен! Дос бойдон калабыз дегениң эмне? Силер бири-бириңерге абдан жарашасыңар, бир тууганым. Жананды билбейм, бирок бул романдарга, кинолорго тема болор абал. Мевлана кандай буйруса да эң жакшы нерсе бул... Башка эч нерсе дей албайм учурда.

Илхан кудалашылганын эртең менен факультетте эч кимге айткан жок, эмнегедир бул бактысын бөлүшүүгө батына албады. Ага кээде жакын болуп сүйлөп, бирок Илхандан эч кандай жооп ала албаган башка бөлүмдүн ассистенти Гүлшендин мамилеси да тынчын алды. Күндүн аягында убадаланганын айтса, сары чачтуу айымдын көз караштарынан, какшык сөздөрүнөн кутулабыз деп ойлоду. Иш бүткөндө мугалими менен коштошоордон мурун кудаланганын айтып, ачык калган эшиктин артында Гүлшен турганын байкабады. Мугалими куттуктап жатканда Гүлшен да укту. Анын ошол кездеги жүрүм-туруму жана таң калганы бир аз күлкүлүү, маанисиз болчу.

– Ааа... Кечээки эле балдар үйлөнгөнү жатышат... Ушундай да болобу? Бул академиялык жашооң азыртадан эле бүттү дегенди билдирет, Илхан…

– Сенден куттуктоо күткөн эмес элем, сары кыз! Кечирип кой, сары кыз!

– Оой, жаңы ассистенттерге бир нерсе дешке да мүмкүн эмес! Эмнеси болсо да, кудаланган кызыңдын сүрөтүн көрсөтсөң, Илхан! Сулуубу деги?

– Агайыбыздын эшиги алдында мындай диалог эч жакшы эмес, Гүлшен ханым!

– Аа... Дароо ачууланат да, мырза. Эмнеси болсо да кетейинчи.

Илхан Гүлшендин мындай мамилесинен абдан ыңгайсызданды. Мугалимине кайрылып:

– Кечиресиз, агай! Мындай диалог үчүн бизди кечириңиз.

– Эч нерсе эмес, Илхан. Бардыгы түшүнүктүү болчу, азыр да түшүнүктүү, уулум.

– Уруксатыңыз менен, агай... Кутман кеч!

Июндун аягында Элиф келип, Илхан өзүнүн абалы жөнүндө эмне айтаарын даярдап жаткан. Акыры Элиф Илханга Анкарага келгенин кабарлап, алар Бахадырдын жумуш ордунда жолугуп, кийинчерээк ылайыктуу жерде сүйлөшүүнү пландаштырышты. Чанкайянын эң өзгөчө жерлеринин бирине бара жатышты. Элиф Илхандын чектелген, аралыктуу, өлчөнгөн мамилесине ыраазы болгон жок.

Орто шекердүү түрк кофеси келгенге чейин негизги темага кире алышкан жок. Экөө тең бири-биринен теманы козгошун күтүп жатышты. Кофеден бир ууртам ичкен соң Илхан мындай деди:

– Элифим... Кош келдиң, жарык алып келдиң. Жыл бою чарчаганыңдан эми арыласың. Жакшы бир эс алууга муктажсың.

– Эс алууну кой... Мен сенсиз жашоого көнө албадым... Сен дагы эле башка маселедесиң!

– Жыйырма күн мурун телефондо айткан сөздөрүң кулагыма жаңырып, ошол эле учурда мээмде калган жазуу сыяктуу. Мен ар дайым сага чынчыл болуп келгенмин, муну бузууга да ниетим жок. Эркек сүйгөн кызына үйлөнүү сунушун айтышы керек болсо, ал сунуш кыздан келсе, анын сүйүүсүн сыйлап, баалаш керек. Мен сени абдан жакшы көрөм, бирок мени түшүн, Элиф! Мен Жанан менен кудалашылдым. Сен мага кудалашылган кабарды алгандан кийин туура жарым сааттан кийин телефон чалдың. Жарым саат мурун же андан эрте телефон чалсаң, балким жашообуз да, чечимибиз да өзгөрмөк беле, билбейм. Кудай ушундай насип этти мага...

Илхандын бул сөздөрүн укканда Элифтин көздөрүнөн жаш тегеренип, тизмектеген сөздөрү мындай болду:

– Эмнеге? Мындай нерсе болушу мүмкүн эмес! Сезимдеримди ачык айтууга же билдирүүгө кечиктим! Жүрөгүмдөгү сырларды ачык айтууга кеч калдым! Каттарымда ар дайым табышмак же кроссворд сыяктуу сөздөрдү колдондум. Мен үч-беш жылдан бери жакын болдум, бирок менин кээ бир нерселерим андан алыс калыптыр демек!

Илхандын сөзүнөн кийин ичинен чыккыс бир айлампага түшкөнүн түшүнгөн Элифтин көз жаштары куюлуп, тынымсыз ага берди... Ыйлап жаткан Элифтин жанында Илхандын да муздан эриген тамчыдай көз жашы тегеренди. Илхандын да ыйлап жатканын көргөн Элиф бир убакта басылып:

– Суранам, мени ук! Мага эки жүздүү мамиле кылбаганың жакшы, бирок мен билгим келет... Эмнеге мен эмес, Жанан? Мен бир да жолу атын укпаган адам... Мен сенден мени сүйөсүңбү деп сураган эмесмин! Биз абдан жакшы дос болчубуз, бирок сүйүшкөндөрбүз деп айта албадым. Мен сени менден башка эч кимди сүйбөйт деп ойлогом. Айланамда кузгундар, каргалар, жада калса арстандар да жүрүштү. Алардын көзүндө корголбогон олжо болуп турганда, сен менин калканчым болдуң. Ката кетирип, билбей калдымбы же мага айта албадыңбы? Суранам, эгер менин бир кемчилигим болсо азыр айт, кийинкиге калтырба! Кечки тамакка баратканда чөнтөк акчасын бергенимде таарындыңбы... Ишенесиңби, мен сени кемсинтейин деген эмесмин. Мен сени капа кылдымбы?

– Элиф... Суроолоруңа ирети менен жооп берүү үчүн менден кыска убакытты күтпө... Мен ойлорумду айтсам, алардын баарына бир нече сүйлөм менен жооп табасың.

– Угуп жатам, Илхан...

– Биздин дүйнө таанымыбыз, үй-бүлөлөрүбүздүн жашоо образдары, экономикалык деңгээлибиз ортосунда чоң ажырымдар бар. Өмүр бою дос болушубуз мүмкүн, бирок экөөбүз жуп болуубуз мүмкүн эмес, Элиф... Тойду беш жылдыздуу мейманканаларда өткөргүң келет... Андай жерлерде чай ичүүгө да күчүм жетпес. Мындай байдын кызын бага албайм дедим. Менин үй-бүлөм жөнөкөй түрк үй-бүлөсү, салттуу жашоосу бар... Силердин үй-бүлө, чөйрөңөр, диний баалуулуктардан алыстай сезилет, бирок кимде ыйман бар экенин бир кудай билет. Бул жагынан апаң өзгөчө деп айтчу элең, ооба, билем. Сөздү көбөйтпөйүн... Кыскасы, бай болгонуңдан корктум. Менин түшүнүгүмдө, үй-бүлөнүн оокатын эркек камсыздайт. Менин ой жүгүртүүлөрүм жана сөздөрүм сага абдан кызыктай жооп сыяктуу угулушу мүмкүн.

– Бул себеппи? Ушунчалык жөнөкөйбү?

– Жөнөкөйбү? Менин сөздөрүм канааттандырарлык эмес болду деп ойлойм. Мен сенин ыраазы болбогонуңду түшүндүм... Эмне десем бош... Жананды таштап сага кайттым деп айтышымды күтпөйсүң, туурабы?

– Жок... Башкаларды бактысыз кылып, уя бузган куш боло албайм... Мен сени абдан сүйгөм, өмүр бою сүйөм. Мага баарын ачык айтканың үчүн андан да сүйдүм. Албетте, мен да үй-бүлө курууну кыялданчумун. Менин бул кыялым сенсиз болот... Тагдыр деген түшүнүккө ошентип ишене баштадым, сага ишенгем. Мен улутубуздун, руханий баалуулуктарыбыздын маанилүүлүгүн сенден үйрөндүм, түшүндүм. Кээде мага тымызын мугалимдик кылчусуң. Сен өзүң байкадыңбы, билбейм. Материалдык байлык убактылуу. Бул байлык раматылык атамдан калган. Мунун баарына апам зекет берет. Байлык мени сенден айрылтат деп ойлогон эмесмин. Сени менен ак көйнөк анан башыма жоолук салынып эле жөнөкөй үйлөнүүгө макул болмокмун.

– Мен ушундаймын, Элиф...

– Апам тынчсызданаар, Илхан экөөңөр араңар суудубу десе эмне дейм? Жок, ортобузда эч нерсе жок болчу деп айтсам да ишенбейт. Мени күнөөлөйт... Ал сени абдан жакшы көрчү. Сен саякатка келгенде тааныды... Жол бою сен жөнүндө айтты. “Үй-бүлөбүзгө жарашкан мырза-жигит экен”деген.

– Колдорунан өбө турган аял... Ден соолукта болсун!

– Жашоо сюрприздерге толтура... Бул дүйнөдө кээде демейде күтүлбөгөн нерселер болушу мүмкүн... Намыскөй жигит... Баардык нерсеге өз тапканы, мээнети, маңдай тер менен гана жетишүү керек деп чоңойгон. Албетте, муну бизге окшогон мураскорлор түшүнбөйт... Чынбы?

– Элиф... Мен сени капа кылганымды билем. Жылдар бою чогуу жүрдүк, бирок сүйүшкөн жокпуз... Бир жолу да кол кармашып жүргөн жокпуз. Биздин чөйрө бизди сүйүшкөндөр деп ойлочу. Эгерде биз башкалардан ушундай жакындыкты көрсөк, биз да ошондой деп ойлошубуз мүмкүн. Мен сени сүйөм, бирок жубайлар боло албайт элек... Бул эң негизги айырмачылык...

– Кепти созбойлу... Мен сага убада берем... Мага да ушундай убада бер, сураныч!

– Кандай убада, Элиф?

– Өмүр бою дос бойдон калалы. Үйлөнүү тагдыр эмес экен, бири-бирибизди колдойлу. Мен сени өмүрүм өткөнчө унутпайм... Мени унутпай, чалууларыма жооп берем деп сөз бересиңби?

– Сөз! Чын жүрөктөн убада берем!

– Илхан! Жанан экөөңөр үйлөнгөндө тынчыңарды ала турган мамиле болот деп ойлобо... Эч качан! Эч качан шектенбе! Мага ишен! Сен менин ошол бактылуу кызга аманатымсың! Мен өзүм ушундай сезимде болом... Айтканым үчүн кечир! Азырынча мүмкүн болбогону менен, бир күнү мен да турмушка чыксам, сени менен жолугуудан тартынбайм. Эч болбогондо мага түзүк мамиле кылгандыгың үчүн өмүр бою сүйүүгө татыктуусуң, Илхан!

Элифтин көз жашын аарчыган жүз аарчысы эзилип кетчүдөй сууланып калган... Алар отурган үстөлдө кургак салфетка да калган эмес. Көздөрү шишип, үнү каргылданып, Илханды карап да тойбоду. Үнү титиреп калганда Илхан нымдуу көздөрү менен Элифке дагы жакшы, көркөм, ынанымдуу сөздөрдү айтууга аракет кылса да эч кандай пайдасы жок болчу.

Отурган жерлери жабылганга чейин сүйлөшө беришти, дагы качан жолуга турганын турмуш өзү көрсөтөт. Коштошуп жатканда биринчи жолу ушунчалык бекем кучакташышты... Ошол учурда Илхан эки сүйүүнүн ортосундагы өрттү ого бетер сезди... Элиф: «Тагдыр менин колумдан сүйүктүүмдү башка уяга учурду. Сүйүү аздык кылат экен, адамда сүйүүдөн башка дагы бир нерсе болушу керек тура» – деди Илхан менен коштошуп жатып... Ошол саамда көздөрү кайрадан жашка толуп, жашыл көздөрүнөн мөлтүр-мөлтүр агып жатты...

Элиф менен Илхандын ортосундагы сүйүү дос катары уланса, жашоо да улана берди. Ичинде кат алышуу, телефон байланышуу улана берди. Илхан Жанан менен үйлөнүүгө даярданды, үч ай мурун үйлөнүү күнү белгиленген. Элиф да өзү иштеген мектепте бир кесиптешинин кызыгуусун жана азырынча чечим чыгара электигин айтты. Ал эми каттарды Илхандын эмес, Жанандын атынан жөнөтүүнү суранды. Илханга бул өтүнүч чындыгында Элиф үчүн үй-бүлө куруу жолунда маанилүү кадамдай көрүндү. Чогуу иштеген жигити да каттарды Илхандын атынан келгенин көргөндө тынчсызданары талашсыздыр. Эми Жанан Ювалы деген ат менен майрамдык куттуктоосун жибермек болду... Элиф жашоосундагы эң чоң атаандашынын аты менен ала турган каттардын ичинде кемиген сезимдердин ордуна, толкунданган сезимдер саптарга батпай жатканын көрмөк. Ал жайкы каникулга чыгар алдында жазган катында «Элиф, мен Али менен кудалашылдым. Анкарага келгенде тааныштырам... Эки айдан кийин үйлөнүү тоюбуз…” Илхан кызганыч менен сүрөттөлбөгөн, бирок башка сөз менен айтып жеткире албас татаал сезимдерди башынан кечирди. Жигитин көргөндө эмне кыларын, тойго чакырса кандай сезимде, Элифтин абалы кандай болорун ойлоно баштады.

Илхан Жанан менен 7–9-сентябрда үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүнү чечип, чакыруу кагаздарын басып чыгарган. Элиф телефон аркылуу Анкарага келгенин билдиргенде: «Сени көргөнгө Али менен бирге келем, үйлөнүү тоюна чакыруу да берем» – деди.  

Илхан болочок күйөө баланы толкундануу менен күтүп жаткан. Жанан менен түшкөн сүрөтүн дасторконго коюп, күткөн конокторуна көрсөтмөкчү болду. Ал меймандардын келгенин айткан кызматчыга ыраазычылык билдирип, тосуп алуу үчүн коридорго чыкты. Тепкичтен чыгып, коридорго жеткенде, кара чачтуу, ичке мурундуу, чачы модалуу таралган, арык чырай, карадеңиздик сымбаттуу Алини көрдү. Элиф толкунданып, кубарып, тезирек кетүүгө даяр болгондой психологиялык абалда экенин сезди. 20-июль, шаршемби күнү барган жеринде Илхан конвертти ачып окуганда, нике кызматкери: «Өмүр бою жакшы-жаман күндөрдө күйөө менен аял болууга макулсузбу?”, «Ооба!» – деген сөздөрдү эстеп, ошол учурду элестетип, терин аарчып, Элифке кез келбөөгө аракет кылды. Кофе ичилгенден кийин Илхандын коноктору: «Көрүшүүнүн кыска болгону жакшы» деп ордуларынан турушту. Илхан: «Тоюңа сөзсүз келем, буйруса!» деди. Анан ичиндеги бороон-чапкындарды басууга аракет кылды. Ал ошол учурда өзүнүн чакыруусун унутуп кала жаздады. Бөлмөдөн чыккандан кийин бир нече кадам өткөндө Элиф капысынан артка бурулуп, Илханга: «Жанандын сүрөтү жокпу? Көрсөм болобу?” деди. Үстөл үстүндөгү сүрөттү алып, көпкө карап: «Кудай ээсине буйрусун! Жолдуу кыз экен! Бою узун, көздөрү балбал жанган... Бактылуу бол, Илхан!» – деп аркасына карабастан чыкты. Албетте, күтүүсүздөн эмоционалдуу абалга түшүп, көз жашын төгүп коё берүү болочок жолдошунун жанында ыңгайсыз болмок.

Жайдын ысык күнү... Илхан алтын сатып алып, тойдо келин ханымга таккысы келди. Белек кутусу да зергердин колунан чыккан жарашыктуу эмгеги болду. Анын ичинде жалгыз сапта «Сүйүү канатың болсун, махабат жүрөгүң!» деп жазылыптыр. Үйлөнүү үлпөт залы жык толду. Илхан залга киргенде Элифтин эжеси Шенгүл ханым аны жанындагы жалгыз бош орунга отурууга чакырды. Ал отурган жер нике үстөлүнө 7-8 аттам жакындыкта болчу. Бардыгы чогулуп даяр болгондон кийин нике кыйуучу кыз-күйөөнү нике үстөлүнө чакырды. Фондук музыка 13-кылымда немис Карл Орф тарабынан латын тилинде жазылган ыр жана поэзиянын сахналык кантатасы Кармина Бурана болчу. Кантсе да коомдогу салмактуу той болду...

Үйлөнө турган жубайлар жай кадамдары менен келип коноктор менен учурашып, анан ордуларына отурушту. Элифтин толкунданган капалуу абалы аны тааныгандарга байкалып турду. Нике кызматкеринин тааныш насаат сөздөрү учурунда Элиф башын көтөрүп конокторду карап, көзү Шенгүл эжесинин жанындагы Илханга кадалды... Нымдалган көздөрдү эки эле адам байкагандай болду.. Нике кыйып жаткан адам: «Алини өз каалооң менен, эч кимдин кысымы жок өмүрлүк жолдошуң катары кабыл аласыңбы?» деп сурады. Анын суроосуна «Ооба» деген пас үнү чыкты, аны үч жолу кайталатмасы көндүм адат эмес болчу. Шенгүл айым оң капталында отурган Илхандын колун тырмагы менен кысып: «Эмне үчүн гүлдөй кызды алган жоксуң? Биздин кыздын абалын көрдүңбү? Тойдон кийин бир аз сүйлөшөлүбү!... Мен бул теманы түшүнүшүм керек!” – деди.

Түгөйлөрдү жана үй-бүлөлөрүн куттуктап кезекке турган Илхан алгач күйөө баланы, андан кийин Элифти куттуктап, апасы Айше ханымга белегин тапшырды. Элифти куттуктап: «Бул кутуда бир сөз бар. Башка эч ким ачып окубасын!” - деди. Айше ханымдын сөздөрү маанилүү болчу. “Уулум. Мен сени абдан жакшы көрчүмүн... Бизди унутпа... Кудайым сага да бак берсин, балам...”

Баары тарагандан кийин Шенгүл айым Илханга:

– Келин менен күйөө азыр учак менен түз аэропортко жол алышат. Бул жерде той болбойт... Биз болсо коштоштук... Ылайыктуу жерге барып сүйлөшөлү.

– Макул, Шенгүл айым...

Алар Анкаранын борборунда эмес, тынч жерде сүйлөшүүнү чечишти. Шенгүл айымдын тынч эмес маанайы машина айдаганынан билинип турду. Чанкаядагы Көроглу көчөсүндөгү мыкты бир кафеге отурганга чейин эки-үч сөз сүйлөшүшсө да алар баарлашуу катары эсептелбейт болчу. Шенгүл ханымдын адаттан тышкаркы олутту мамилеси Илханды эч капа кылган жок. Анын тынчсызданган абалы бир аздан кийин басылат деп ойлоду. Бул чынчыл мамилеси жана өзүнө ишенгендиктин белгиси болчу.

– Сени бир көз ирмем да тилинен түшүрбөгөн Элифибиздин кандай күнөөсү бар эле, ушундай тагдырдын сызыгына кантип таштадың? Өзүнөн сураганымда акылга сыяр бир себеп таба албадым. Апам экөөбүз тең кызыбызды күнөөлөдүк. Ал бизди көндүрүүгө аракет кылып “Мен өзүм үйлөнүү сунушун айттым! Дагы эмне кылмак элем?” – деди. Ал: “Болуптур анда!” - деп биз бул маселени жаптык. Сенден уккум келет, өтө купуя себеп болсо да айтчы, Илхан! Сөз ортобузда калат...

– Шенгүл айым... Элифтин айтканы чын. Канчалык кыйнасаңыз да менден башка эч нерсе уга албайсыз, анын айтканына ишениңиз.

– “Силер абдан байсыңар, мен силердин каржылык күчүңөрдүн алдында калгым келбейт. Мен силердин дүйнө таанымыңарга, жашоо образыңарга туура келген адам эмесмин. Үйлөнгөндөн кийин “Бул дал келбеген күйөө бала кантип кирди арабызга?” - дешпесин. Биз абдан жакшы дос боло алабыз, бирок жар боло албайбыз». Сен ушундай дептирсиң. Сенин сөздөрүң экен булар... Туурабы?

– Ооба, туура. Мен сиздердин финансылык мүмкүнчүлүгүңүздөрдү пайдаланган байлыкка умтулган жигиттердин бири болгум келбеди. Пайгамбарыбыз: «Эркектер аялга төрт себеп менен үйлөнөт. Анын байлыгы, тукуму, сулуулугу жана адеп-ахлагы үчүн... Сен адеп-ахлактууга үйлөн» дептир. Элифте төрттөн ашык сапат бар деп ойлойм. Мен анын адеп-ахлагынан эч кандай шегим жок, мындан ары да ошондой болот... Күмөн саноо бизди жейт... Күмөн саноого орун жок...

– Бул дүйнөдө сендей адамдар калдыбы? Сен балким, жок болуп бараткан акыркы баалуулардын бирисиң. Сендей адам бар болсо айтчы, ага турмушка чыгайын.

– Астагфуруллах... Албетте, Шенгүл айым бар!

– Мен сени түшүндүм, ишендим... Кем болбо. Сен биздин үй-бүлөгө татыктуу болмоксуң. Эгер ушундай туура көрсөң, башка айтар сөз жок. Элифтин кайгысына чыдай албай жатам. Аны капа кылгандарга “Күлкүсүнө зар болсун” дейт элем.

– Мен да оомийин дейм, Шенгүл айым.

– Сен берген хадистин мисалы биздин чөйрөдө түшүнүксүз, Илхан. Биз диний билимден, руханий баалуулуктардан алыспыз. Мүлк, акча менен баары болот деп ойлогонбуз. Сүрөт мугалими болгондон кийин окуучуларымдын жүрөгүн сүйүү менен гана багындыра алаарымды түшүндүм. Аларга кийим алып бергенде эмес, баштарынан сылап койгонумда мени көбүрөк жактырышчу. “Алла ыраазы болсун! Кайырлуу түн! Майрамыңыздар кут болсун!” – деп айткандын ордуна «Мерси кымбаттуум! Жакшы түш көр! Майрамыңыздар менен!” десек биз заманбап адамдар деп эсептечүбүз. Куттуу болсун, демек тилибизге туура келбейт эле. Рамазан майрамын “шекер майрамы” атаганга аракет кылдык. Момпосуй майрамы дегендей... Орозо кармагандарга эмес, кармабагандарга сый күткөнбүз. Диний турмуштун ичиндегилер радикалдуу мисалдар боюнча талашып-тартышып жатышат. Ишеним жагынан эле эмес, түрк каада-салттарынан да алыс калдык. Биз руханий жактан жетишсиз абалдабыз! Орто жол жокпу?

– Биз коом катары ашыкча жана кемчиликтен алыс тура албайбыз. Эгер экөөнөн алыс болсок, өзүбүздү ортодо, туура жолдобуз. Чектен алыс болсок, туура жолдобуз. Түрк калкы чектен алыс. Орточо жашоосун, токтоолугун таштабайт.

– Теманы каяктан каякка алып келдик? Илхан! Мен сени бүгүн жакшы тааныдым. Элифти ак той көйнөгү менен узаттык, бирок экинчи бир тууган таптык, башкача айтканда, сени багындыра алдык. Бул сүйлөшүүнү апама, анан Элифке айтам...

– Айше апанын колдорунан өөп, менден салам айтыңыз...

– Тойуңа келе албай калышыбыз мүмкүн. Дал окуу маалында үйлөнүү тоюн өткөрүп жатасыңар. Каникулда үйүңөргө белегибиз менен барабыз. Илхан, сага азыртан өмүр бою бакыт каалайм...

Август аягында бардык даярдыктар бүтүп, Жанандын үй-бүлөсү тойдун биринчи күнүн шаардын борборундагы үйлөнүү үлпөт залында, уландысын айылдагы күйөө баланын үйүндө өткөрүү туура болорун айтышты. Илхан атасы, агасы макул дегенден кийин жылдык эмгек өргүүсүн, үйлөнүү убактысын алып, кичи мекенине кетти. Сонун бир үйлөнүү тоюнан кийин Жанан менен биринчи жолу Анкарага кайтууну кыялданып, Элифти эстебей койгон жок. «Эх, телефон менен сүйлөшө алсам кана... Үнүн уксам... Мындан кийин мага деле жазбайт эми... Тойго куттуктоо телеграммасын жөнөтмөк беле деп жол катар ойлоп келди.

Шаарда биринчи күнү өткөрүлгөн тойдо Жанандын жакындары көпчүлүктү түзсө, экинчи күндөн баштап айылда уланган тойго эркек тараптан миң беш жүздөн ашык конок келди. Акыркы жылдардагы салттуу, мыкты, эң жандуу жана түстүү той болду. Күйөөнүн жана кыздын кечелерине келгендердин арасында Анкарадан коноктор болду. Тойго Илхандын кесиптештеринен тышкары чет элдик студенттер келишкен. Арасында корейлер, палестиналыктар, африкалыктар, ирандыктар жана европалыктар болду.

Чоң тойдон кийин Жанан биринчи жолу мындай чоң шаарда жашамак. «Үй-бүлөлүү болгонго, чөйрөгө ыңгайлашууда кыйынчылыктар болобу, жокпу? Кошуналарым кимдер? Сагынычка чыдай аламбы?» деген суроолорго жооп издеп жолго чыкты.

Жанан менен Илханды куттуктоого факультеттеги тааныгандары, мугалимдер жана кээ бир студенттер келишти, аларга эптүү колдору менен түрк ашканасынын даамдуу түрлөрү сунулду. Жанан көнбөгөн жүздөр менен көрүшүп, күндүзү кошуна аялдар үйүнө келип жакшы тилектерин айтышты. Өзгөчө улгайган аялдардын аягы үзүлбөдү. Батирде жалгыз эки кичинекей баланын энеси, кошунасы Хуля өзүнө туура келе турган бири болчу.

Жанандын Анкарага, чөйрөгө көнүүсү кыйын болбосо да, ата-энесине болгон сагынычы бар эле. Элифтин Илханга жазган катында: «Кышкы семестрдик каникулда силерди куттуктап, тоюңарга катыша албагандыктан белегибизди берүүгө келебиз. Мүмкүн болсо үйүңөргө барып учурашкыбыз бар”- дептир. Алар келээрден мурун жубайы Жананга Элиф тууралуу маалымат берүүнү, алардын ортосунда өткөндөрдү айтып берүүнү ойлоду. Кечки тамактан кийин өткөн окуяларды түшүндүргөндө Жанан кандай кабыл алаар экен деп ойлонуп жатканда таң калыштуу жооп алды. «Мен абдан кызыгуудамын, Элифтин ким экенин билүүм үчүн аны күйөөсү менен биздин үйгө конокко келүүсүнө уруксат берип жатам. Жакшы бир дасторкон даярдайм. Сени уятка калтырбайм, жашоом!”- деди.

Элиф телефондон: «Анкарадабыз. Эгер бош болсоңор, ишемби күнү түштөн кийин келебиз» – дегенде Илхан катуу толкунданды. Даярдыктар көрүлүп, конокторду тосуп алышты... Элиф алып келген чоң белек пакетинде кристаллдан жасалган десерт, компот комплектиси, атактуу бренд марканын көйнөгү жана галстук, жибек жоолук бар эле. Али менен Илхан өз ара учурашкандан кийин терең маектешти. Айымдар жаңы эле бышкан кексти ашканада кесип жатышканда Элиф Жананга мындай деди:

– Досума жакшы кара. Сен абдан жолдуусуң. Мындай адамга турмушка чыгуу ар кимге насип болбос. Эгер аны менен көйгөйүң болсо, мага чал. Мен ага кандай мамиле кылуу керектигин айтам. Менден бир нече жаш кичүүсуң, мен Илханды сенден жакшы билем.

– Билем, Элиф айым. Мен силердин ортоңордо эмне болгонун, эмне жок экенин да билем.

– Кантип? Илхан баарын айттыбы?

– Күйөөм мага: “Эч кандай шектенбе... Баарын билсең, ошондо мага ишенесиң. Болбосо, оо... Мен муну сага “сен жөнүндө дагы эмнелерди угам” деп айтпашың үчүн айтып жатам деген.  

– Мени кызганбайсыңбы, Жанан?

– Жок, кызганбайм, бирок мен сага абдан кызыгып калдым. Мага айткан, изумруд көздүү, жибек чачтуу, узун кирпиктүү, акылы менен сулуулугу төп келишкен аял ким болду экен дедим. Айткандарынан анын сулуу, жакшы адам экенин түшүндүм. Ушунчалык жакшы түшүндүргөндүктөн, мен аны сыйлайм. Биз өмүр бою дос бойдон калууга убадабыз бар, ошол убадамды аткарышым керек дегенине таасирлендим.

– Силер менен өмүр бою бир тууган болом деп ойлойм. Дайыма камкор бол, досум... Илханды менден тартып алдың... Тагыраак айтканда, менин сенден кабарым жок болчу, мага билгизген эмес... Илхан менен дос кезде, сенин бар экениңди билчү эмесмин. Алла бактылуулукту насип этсин силерге!

– Жакшы каалоо-тилек, сунуштарыңыз үчүн рахмат. Кандай ачыксыз. Мен да ушундай абалды башыман өткөрсөм мынчалык кооз жана так айта алмак эмесмин.

– Илхан менен болгон окуямды Алиге эч качан айта албайм. Эгер мен айтканымда бул жакка эле эмес Анкарага да келбейт элек.

– Мен сени түшүнөм... Баары бир түшүндүрүүнүн кереги жок... Эмнеге айтасың?

Ашканадагы сүйлөшүү бир аз узарганда, Илхан аларга кызыгып келди:

– Оо, айымдар! Маегиңер тереңдеп кетти... Эмнени сүйлөштүңөр? Торт, пирог, рецепт? Апаңдын тамагыбы? Элиф, сен Жананды фото сүрөттөн көргөнсүң. Эми сен муну дүйнөнүн көзү менен көрүп жатасың да. Кандай экен, жактыбы?

– Илхан... Маегибиздин тереңдигинен да бүгүн бул жерде болгонубуз маанилүү. Жанан бизди кабыл алганы үчүн ушул жердебиз, үйдөбүз. Бул жашта мынчалык мамилени күткөн эмесмин.

– Рахмат... Мен да таң калдым. Кабыл албайбы деп да корктум. Эмнеси болсо да, дагы сүйлөшөбүз деп ойлойм... Али мырзаны жалгыз калтырбайлы, ал залда жалгыз отурат. Дасторкон дээрлик даяр...

Элиф менен Алинин келечектеги пландарынын арасында бир жолун таап, Гиресун шаарынан Анкарага дайындалуу да бар болчу. Кечки тамакта ар ким күткөндөрүн айтып берди. Түн жарымы болгондо коштошууга убакыт жетти. Коштошуп жатып кийин качан көрүшөрүн билишкен жок.

Илхан менен Жанандын уулдуу болушкан 1-март күнү Элиф менен Алинин эркек баласынын төрөлгөнүн кокустан билүүлөрү бул жашоодогу кызыктардын бири болчу. Эки эркек баланын тең аттары өз чоң аталарынын ысымдарын алгандары андан да кызыктуураак болду.

Бир нече жылдан кийин Анкарага дайындалган Али менен Элиф Илханга көбүрөк катташты. Кээде Элиф сабактан убактысы болгон сайын жалгыз келип, Илхан менен өткөн эски күндөрдү эскерчү. Күйөөсү Али кызганышы мүмкүн экенин да эстен чыгарган жок.

Майрамдан кийинки эс алуу учурунда жол кырсыгына кабылган Али оор жаракат алды, Элифке ооруканада биринчилерден болуп жардам берген Илхан болду. Али Илхандын жакшылыгынан улам кызганычка жана адашууга болбостугун ойлоп, ага терең ишенич сезе баштады. Ооруканада айлап дарыланып жаткан Элифтин жанында Жанан да болду. Сонунда Али ооруканадан чыккан күнү Элиф Илханга:

– Сүйүүдөн да башка нерсеге ээ болуш керек дедим эле сага... Кыйынчылыкта байлыгыбыздын пайдасы болгон жок. Кайгыдан акча менен кутула албадык. Сен менин жанымда болгонуң үчүн сакайып кеттим. Баламдын атасы, жубайым Али да силерге ыраазы. Кечээ Али мага: «Элиф... Мен сенден бир нерсе сурайын деп жатам. “Студент кезиңде Илханды абдан жакшы көрчү белең?” – деди. Мен унчукпадым... Анан сөзүн улантты: - «Кырсыктан кийин өлүп калышым мүмкүн деген ойдо болгом. Мен өлсөм бул дүйнөдө сени бир гана Илхан коргойт, Элифим. Андан башка эч кимге ишенбегиле деп айткым келген”,  – деди ал. Мен унчукпадым...

– Кээде унчукпай коюу эң жакшы жооп, Элиф, ата-бабаларыбыз “Унчукпоо моюнга алуу болот” деген. Жолдошуң толук сакайып кетет деп ишенем. Жарым шал абалдагы адамды үй шартында кароо өтө кыйын. Ага сүйүүңдү берсең шыктанат, антпесе психологиясы бузулуп, жаман абалга кептелет. Мен жөнүндө ага сүйлөбө... Сураса анда-санда телефон менен сүйлөшөбүз, жакшы дээрсиң. Жакында кыздуу болушат, биздики да болот буйруса десең. Жашоодон үмүтүн үзбөсүн!

– Ушундай түшүнүктүү, алтын жүрөктүү адамды мен сүйбөгөндө ким сүйсүн? Сени дайым эле башкалар сүйсүнбү? Мен сени курсташымдан да баалуу, адептүү болгонуң үчүн жакшы көрчүмүн.

– Эмне десем? Мен кылган жана кыла турган нерселердин баары сен үчүн, Элиф... Эсиңдеби, университетте окуп жүргөндө нота жана ыр сабактарын алчумун. Мен сага арнап ыр жараттым. Ал мага да таандык. Муну аткарганда сен гана түшүнөсүң. Менин шартым бар. Али жакшы болуп кетсе мен сага муну көрсөтөм. Ал ушундай абалда турганда сени кайра сүйдүрө албайм. Алсыздыктан пайдалануу болбойт. Уулуңдун атасын жакшылап кара... Эгер керек болсом мага да айт, албетте, жардам берүүгө даярмын...

– Мага сенин чыгармаң абдан кызык, Илхан... Ал кандай мазмунда болду экен? Азыр ырдын обонун эмес, текстин окусаң. Мага анын жок дегенде бир нече саптарын окуп берчи.

– Азырынча биринчи куплети жетиштүү...

Сүйүүмдү кирпигим менен жаздым гүлгө,
Кыйраса, дүйнө курман, жаным гүлгө.
Убададан кайтпайм, өмүрүм курман гүлгө,
Эй, чийме каштуум, жүрөгүмдү ээлеген гүлгө.

– Кызыгуумду арттырдың, бирок сенден экинчи куплетин окучу деп талап кылганым менен эч кандай пайда жок.

– Жолдошуңдун тезирек сакайып кетишин каалайм. Азырынча кош бол, Элиф... Сен “элиф” сыяктуу тик турууну билесиң. Элифтин жашоосун улантасың.

– Рахмат, Илхан... Чоң рахмат... Жашоо сени менен сонун! Чындык менен уланып, бетме-бет, көзмө-көз, арка-аркага уланган жашообуз бар.

– Жакындыкты жеке кызыкчылыкка, пайдага чегербеген жан аябастыкты, урмат-сый жана сүйүүгө негизделген берилгендикти сактоодон башка эч нерсеси жок бийик сапаттарга ээ болгондук – достук делет. Өтө баалуу сапаттар менен жаратылган адамдардын өздөрүнө абдан жакын көргөн достору бар, алар менен бардык нерсени бөлүшүп, материалдык жана руханий иштерде жардам берип, жакшылыгын жана сулуулугун издешет. Мен да алардын бири болгум келет. Достук, ишенүү, бөлүшүү, бөлгөн нерсеңдин чоң бөлүгүн тартынбастан берүү, ал тургай бөлбөстөн чын жүрөктөн бере алуу. Элиф, көбүргөн энтузиазмдар, толкундануу менен жалган дүйнөдө бактысыздыкка жол бербөө үчүн, көз ирмемдик сезимдерди сабырдуулук менен таштап, сөзүмдү кайра алам! Сүйүүдөн башкага өтүү убадамды аткарам... Биз адамбыз, жакшыраак болууга аракет кылган адамдарбыз. Мен дос жана дос бойдон калууга даярмын...

– Бир бакчанын мөмөлүү дарагындай бирге болсок да, бутактарыбыз бирикпейт, бакчабыздан ашып-ташпайбыз. Мен да сөзүмдү кармайм... Муну сен, мен жана Аллах гана билебиз, бирок кимдир-бирөөлөр ишене алышабы? Жүрөгүң кең, оюң кең, жүрөгүң ачык, кичи пейилсиң...

– Албетте... Бизди тааныгандардын баары ишенет... Ошол ишенимди бергенибизге ишенем. Ишенүүдөн башка дагы кийинкиси жок. Бул жашоодо ишенимдүү адам болуудан өткөн нерсе жок... Ушу болгонуңдай көрүнүү же көрүнүп турганыңдай болуудан дагы туурасы жок...

Түрк тилинен которулду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз