Мухтар Ауэзов: Үйлөнүү (конкурска №10)

  • 08.03.2023
  • 5225

АҢГЕМЕ

Жай чилденин аптаптуу күнү. Чак түштүн маалы. Асман шаңкайып ачык, таза. Төбө сызгырган күн жер куйкалап, бир башкача чакыят. Көз уялткан жарыгы тике карагыс. Лаулдаган күн табынан ысыган аба адамды тумчуктуруп, дене бойду алсыратып туру. Бир калыпта дымып калгандай абада анда-санда леп эткен жел жүрө калса адам жанталаша ошол жел соккон тарапка боюн урат, бетин тосо салкынга умтулат. Мындайда көксөгөн салкынды боз үйдөн табаарсың. Эшиги түрүлүү, түндүгүн шабада киргидей кылып түшүрүп койгон үйгө киргенде дене бой ошондо бир жыргайт.

Жайлоого жаңы келген эл салкын жер издеп, күрпүлдөп аккан мөлтүр өзөн бойлой конгон. Сары талаанын аркы четинен ийрелеңдеген кырлары созулуп жаткан Көктоо көзгө урунат. Андан берилей бетине ак шору тээп чыккан эрмендүү жайык жер. Өзөндүн түндүк тарабы узун сары адыр. Тоо аралары кээ бир жерде үзүлүп кезең болсо, кээ бир жерде бири бирине кабатталып, чылгый адыр, дөңсөө болуп кетет. Өзөн ушул адырдын четинен тоо менен кошо эки айрылыш болуп агат. Сары талаа менен сары адырдын ортосундагы ичке өзөн эки жагындагы көк майсаң жээги, күтүрөгөн төрт түлүк малы менен жакалай конгон апакай айыл, ар жерден бураңдап обого сызылып чыккан көк түтүн, бир калыпта зыңкыйган дүйнөнүн ажарын ачып, баккан көзгө көрк берип тургансыйт.

Өзөн боюндагы айылдардын күн батыш тарабындагысы – Бойбосун ажынын айылы. Бул айыл өзгөлөрдөн артык жер издегендей, өзөн суусу жайыраак аккан, жашыл тулаң чөбү мол жерине конгон. Жанына башкаларды жолотпой, өрүштү кенен кылып, апай бетте өзгөчөлөнүп бөлүнүп отурат. Айыл он бир, он эки үй. Алардын төртөө башкалардан обочо турган чоң боз үйлөр. Бири – байдын өзүнүн үйү, экөө – балдарыныкы, жаңы кийизден жасалып, сырты манат менен оймолонгон беш канат төртүнчү ак өргө – жакында турмушка узатылар кызыныкы. Айылдагы калган үйлөрдүн көбү чакан, үч-төрт канаттуу жамачысы самсаалаган кара үйлөр. Аларды башбаанектеген малчы-кошчулар.                

Айылдан эки жүз кадамдай көк шибердеги чоң желеде аргасыздан байланып турган кулундардан башка ири жылкы жок. Жылкынын баары сууда, ар кайсы жерде топтолуп салкындашат. Демейде чыдамкай жылкы баласы мындай мээ кайнаткан ысыкка бардаш бералбай, жаны кыйналып тургандай. Байкуштар ысыктан бир жүдөсө, зыңылдап учуп келип улам талап аткан соно менен бөгөлөктөн эки жүдөп турганы; сууну буттары менен чалпылдата куйруктары менен эки капталын чапкылап, жандары жай ала алалбай окуранып турушат.

Ысык менен суукка бирдей чыдамы жок уйларды бөкүртө талаадан кууп келишсе алар да айылда жөн жата албай, өкүрөңдөп чуркап жүрүшөт. Тыным алалы дейт, бирок сайгактын бир калыпта зыңылдаган үнү угулганда көздөрү алаңдай түшөт, куйруктарын түйө калып, кутургу тийгендей кайра эле туш тарапка бытырап жөнөп бергени. Эки бөйрөгү менен энтиге дем алып, таноо кагып турган бул байкуштарга күндүн ысыгы кайтмайынча тынчтык жоктой.

Байбосундун айылы кечетен бери демейдегиден өзгөчө шаңдуу. Кечээ кечинде айылга келип түшкөн болочок күйөө бала менен кудалар айылды шаңга бөлөп, кыз-кыркын, бала-чака менен боз балдарды ээликтирип койгон. Бир жагынан күйөө менен амандашалы деп жакынкы айылдардан эртели кеч келип аткандар айылдагы опур-топурду ого бетер көбөйтүп атканы. Кызыл-тазыл жасана кийинип алган байдын келиндери менен кошуна айылдын кыз-келиндери улам кылактап күйөө төрөнүн боз үйүнө баш бага калышат, азил тамаша айтылып, кыраан каткы күлкү менен кайра эле артка атып чыгышат.

Күйөө баланы коштоп келгендер эртеден бери боз үйдөн чыкпай отурушат, кымызга тоюп алган немелер ар кайсыны калжаңдашып, кээде тамаша бакылдаган катуу талашка да айланып кетип, кайра эле каткырык чыгып атканы. Күйөө отурган боз үйдө, азилдин артынан азил айтылып, оюндар ойнолуп, айтор дуулдап көңүлдүү. Кез-кезде күлкү арасында домбраны ичке үнү менен коштогон атактуу Матай ырчынын терең маңыздуу ыры угула калат. Күйөө жолдоштордун үстүнө киргенди ылайык көрбөгөн карыялар обочолонуп, салкын шабадалуу өзөн жээгинде аны-муну кеп кылып отурушат. Булар айылдын кадырлуу коноктору экени көрүнүп турат. Салабат кармап отурган бул аксакалдар атактуу байдын урматына келип отурушпайбы. Анүстүнө күйөө бала Касым жөнөкөй адам эмес, жакында эле кошуна болуштуктун аткаруу комитетине төрага болуп шайланган. Тектүү уруунун баласы, быйылкы жылы шайлоо алдында партия башчы болуп атка минген жигит. Негизи Касымды баатыр же өнөрлүү деп айтканга болбойт. Эл атасынын арбагын сыйлап атанын баласы дегенчелик кылып болуштукка ушуну шайлашкан. «Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн» дегендей эле кеп да.

Күйөө тараптын сый-урматка татып атканынын дагы бир себеби – Касымды болуштукка көрсөткөн Оспан өзү да келип отурганы. Оспан – атактуу адам. Буга чейин төрт болушту ээрге отургузган шайлоочу. Өзү чала сабат мугалим болсо да Касымдын айтуусунда ал «чыныгы аалым». Анын улуктуктун сүр-сөөлөтүн жакшы билген, сый-урматтуу зыяпатка жакын, дымагы бийик экенин байкаган Касым өзү менен кошо ээрчите келген эле. Чынын айтканда, Оспан талаа элинин көйгөйлөрүнөн алыс адам, бирок «казакты кадырлайт экен» деген түр көрсөтүү үчүн Байбосундун кызын токолдукка алганы аткан Касым досунун чакыруусунан баш тарта албай мында келип отурганы.  

Касым кырктар чамасында. Бетинде чечектен калган тагы бар, жүзү чаар болгону менен зор денелүү, коңкогой мурун, эки ийни кулач, суйдаң сакалдуу жигит. Кепке сөлтүк, адамды бир сөз менен элжирете тартканды билбейт. Бирок керек болгондо абдан түшүнүктүү. Мисалы, Оспандын оозунан чыккан ар бир сөздү Касым укмуштуудай ачылыш катары кабыл алат. Анын бул мүнөзүн Оспан «казактын меймандостугу, мырзалыгы, кенендиги» деп жактырат.

Эртең мененки чайдан кийин Оспан келген жеринде жалпайып отура бергенге көнгөндөрдү ичинен сөгүп коюп, таза аба жутканы сейилдеп басып келмекке сыртка чыккан. Бирок ысыктын табынан шалдырай түшсө да кайра боз үйгө кире качкандан тартынды. Жанына чабарманын, дагы бир-эки жигитти алып, айылдын жашоосун жаңыдан көрүп жаткан адамдай кыдырып кетти. Шаарда жашаган «төрө» көлөкөдө жуушап жаткан койду, куйруктарын көтөрүп алып ары-бери өкүрөңдөп чуркаган уйларды жаңы көргөндөй таңдана карады. Желеде байлануу кулунду көргөндө башын чайкап: «Байкуш ысылап аткан тура! Ай казактар, эмне болгон «жестокий» калксыңар» деп кара күчкө «ак жүрөктүгүн» көрсөтө аяп да жиберди. Андан ары курут жасап аткан кемпирдин жанына келгенде төрө таң калганынан так секирди. 

– Сен эмне кылып атасың, чоң эне? Охо-о, бул чыныгы өндүрүш ко! – деди. Жанындагылар күлкүлөрүн араң тыйып, баштарын ийкеп калышты. «Биздин казакта ушундай оокат бар», – дешти. Байкуш төрө унутуп калган тура курут дегенди. Бир кезде өзү деле кара казанга айланчыктап, депкир менен апасынан башка жегени эсинен чыгып кетсе керек да. Анын баарын унутуп, эми курутту биринчи жолу көрүп аткансып обу жоктоно таңданып турбайбы. Ошентип сейилдеп кайткан соң, анын келерин күтүп отурган күйөө бала «маанилүү бир сөз бар эле» деп чыканагынан четке тартты. Экөө тышка чыгышты. Айылдан кырк-элүү кадамдай узаган соң көк шибер үстүнө жайланыша отурган Касым сөз баштады. Тумагын көзүнө баса кийип, жер караган бойдон мындай деди:

– Төрө! Мында мага жакпаган бир иш болуп атат. Өзүңүз билесиз, Байбосундун кызына кудалашкам. Ата-энеси кызын бермекке макул болуп, бизден бир далай мал да алып койду эле. Эми ата-энеси ушу кезге чейин эмне кылып жүргөнүн билбейм, кызы: «Экинчи катын болуп тийбейм, раазы эмесмин, азыр деген боштондук заман, өз көңүлүм сүйгөн адамга тиемин! Аныңардын жашы да бир топ чоң! — деп аткан имиш.   Бул айтканы атасынын кулагына жете элек окшойт. Жанараак жеңеси келип ушинтип айтып кетти. «Шайлоочуга айтам, башымды азат кылам, сотко барам!» — дептир. Ошентип кече да, бүгүн да чакыртканыбызга келбей отурат: «Барбаймын!» — деп айтты дейт жеңеси. Ата-энеси бата кылып, кызын бергенге раазы болгон. Куйрук-боор жешип куда болгонбуз. Анан минтип сый көрсөтөйүн деп өзүңүздү да атайы чакырып келип отурам. Буга кандай дейсиз? Качкан да, кууган да сизден таяныч издейт эмеспи! Кыздын арызданам деп аткан адамы сиз экенсиз. Туура көрсөңүз, кыз менен өзүңүз сүйлөшүп, акмакчылык кылба деп тизгинин тартып койсоңуз кантет? Сиздин сөзүңүздү жерге таштабастыр.

Оспан абдан ойго баткансып отуруду да анан жайбаракат мындай деди:

– Жарайт, мен сүйлөшүп көрөйүн. Мунусу салтка жатпаган иш экен. Канча боштондук деген менен казактын салтына туура келбеген ылайыксыз иш ко бул! — деди.

Касым маанайы көтөрүлө түштү да күлүп мындай деди:

– Төрө-ов, сенин жанагы декретиңде күйөөсү келип отурган кыз шертинен тайса болот деген бар бекен? Мунусун тыйып коюңузчу! – деди. Жигиттер дагы бир аз сүйлөшкөн соң, ээрчише басып үйдү карай жөнөштү.

Оспан ошол замат эле барып кыз менен сүйлөшмөкчү болду. Калыңы алынып калган кыз булар отурган үйгө келбегендиктен, Оспан аны али көрө элек. Күйөө төрөлөрдүн үйүнөн өтүп кыз отурган боз үйгө жакындаганда чөнтөгүнөн тарагын алып, короздоно чачын тарады, тамагын жасай жөтөлүп үйгө кирди. Үй ээн экен. Оң жактагы бийик төшөктүн жанында машине менен бирдеме тигип Касым калыңын берген Жамила жалгыз отуруптур. Башындагы кештеленген кара такыясы азыр эле тараган чачына, ак жуумал бетине куп жарашып турат. Бетиндеги жука мала кызылы, бир аз күлүмсүрөп турган мөлтүр кара көздөрү, кырдачынан куюлуп түшкөн мурду Жамиланын сулуулугун көрсөтүп турду. Орто бойлуу, сымбаттуу денесине кынаптап кийген ак көйнөгү, жашыл пүлүш кемсели кынтыксыз жарашкан. Кыздын келберсиген жамалына таң қалган Оспан аны көрөрү менен ичи жылыды, урматтап, этиет мамиле кылгысы келди. Жигит төргө чыгып отуруп амандашканда Жамила кыйгач бурулуп, эч бир кысынбастан «шүгүрчүлүк» деп акырын гана жооп кайырды. Оспан тамашалашкан болуп ар кайсыны божурап бир аз отурган соң, келген жайын айтты. Кыз мойнун буруп, жаш жигитке таңдана карап отурду. Кыздын сүрү басты окшойт, Оспан буйдала түшүп анан келген максатын айтты:

– Ата-энеңиз сизди кудалашып койгон экен. Анүстүнө күйөөңүз бир элдин болушу, улугу. Анан ага тийбейм дегениңиз ылайык болобу? Мындай бейчеки кепти коюңуз, суранам сизден! — деди кызга себепсиз күлүмсүрөй карап. Жамиланын өңүндө жигиттин сөзү ныпым таасир этпегени көрүнүп турду. Ал Оспандын сөзүн угуп болгон соң, акырын жылмая күлүп, бетине тике карады да:

– Бул өзүңүздүн оюңуздагы сөзүңүзбү? Же Касымга жан тартып келген соң, достугуңузду актайын деп айтып отурасызбы? – деди. Оспан эмне дешин билбей шашып калды, анан кызга боор тарткандай мыңкылдады:

– Айтор айттым го, оболу менин суроомо жооп бериңизчи!

– Өзгөнүн жөнү бир башка. Жалгыз сиздин жеңгетай болгонуңуз жосунсуз иш эмеспи? Аялга эркиндик алып бере турган сиздер деп жүрсөк сиз мындай сөздү айтып атканыңыз дуруспу? – деди кыз Оспанга таарынгансып. Анан дагы тигиле карады. Оспан:

– Сиз мени жеңгетай деп «обижать» этип атасыз, мен мунуңузга иренжип турам! – деди.

Кыз күлүмсүрөдү:

– Анда олуттуу болуңуз! Өзүңүздүн жаштыгыңызга, ордуңузга, жүзүңүзгө қараганда, ушул сөз туура келеби сизге — ошону ойлоңуз! — деди.

Оспан бул сөзгө биротоло жеңилип, күнөөлүү кишидей жер карады. Кыздын бетке чапкан ачыктыгы менен чечендиги жигитти жеңди. Жигиттин көңүлүнүн тереңинде ачуу менен намыс дүрт эткен жок, тескерисинче, кызга суктанып, ичи жылып, көңүлү таптакыр башка жакты көздөй ооп турду. Акыркы бир-эки сөз жигиттин көөнүндө бул кыз өзүмө жарашар деген ойго келбеген үмүт ойготту. Бул убакытта Жамила да «окумуштуу жигитти» алгач ирет көрүп отургандыктан, ага өзгөчө кунт коё карап, анын жарашыктуу орусча кийими, жылдызы ысык кызыл жүзү жүрөгүндө бир башкача сезим ойготкон эле. Эми шайлоочу «төрө» тиякта үмүт менен күдүктүн ортосунда азаптанып, чыдамы кетип отурган күйөөнү да унутуп таштап, тамаша чынга сала өз оюндагысын билдиргенге жол издеди.

Кыз менен бир топко сүйлөшүп отурган соң экөө бири бирине кадимкидей үйүр алып, эски тааныштардай болуп калышты. Жамила Оспанга барган сайын жагып баратты. Кыз да анын оюндагысын тымызын сезгендей. Оспан ыңгайы келгенде жанатан бери тамашага кыйытып отурган оюндагысын эми ачык эле салды. Ал мындай сөздү кең даланын далай сулууларына айтып көнгөн. Бул угуп жүргөн көп сөздүн бири экени кыздын жооп иретинде жымыйганынан көрүнүп турду. Бир оокумда ашыктыгын ачык айтып жооп күтүп отурган жигитке карап Жамила мындай деди:

– Сиздин сөзүңүз жерде калбас, бирок менин да айта турган тилегимди уксаңыз экен, – деп жалооруй караганда чыдай албай кеткен Оспан ордунан тура калды да, кызга жакындап келип колунан кармады, бир колу менен мойнунан кучактап бетинен өөп жиберди. Кыз кысынымыш этип төмөн карады да акырын гана: «Бирөө кирип калбасын», – деди.

Оспан ордуна отурду да, кыздан качан жолугушабыз деп сурады.

– Азыр эле сөз айтып, ашыкканыңыз кандай? Эң оболу менин айта турган тилегимди уксаңыз, – деди. Оспан айта бер дегенде:

– Тилегим – биздин жакындыгыбыз утурумдук болбосун, чындап сүйсөңүз өмүрлүк жолдош бололу дегим келет. Буга эмне дейсиз? – деди. Оспан ойлонуп отурбады, ошол замат жооп айтты:

– Жамиш! Мен да ушуну айтайын деп тургам. Эми шертибиз ушул болсун: сен – мендик, мен сендик бололу! – деп жиберди.

Экөө шерттешкен соң ашыктар эми кантип баш кошуп алуунун жолун ойлошту. Акыры мындай чечимге токтолушту: Оспан айылдардагы иштерин бүтүрүп шаарга кайтып баратып Жамишти ала качмак болду. Ага чейин Жамила Касымга тийбейм деп көгөрүп тура берет. Сөз ушуну менен бүтүп, экөө көп жылдар көрүшпөй табышкан ашыктардай айкалыша сүйүшүп, араңдан зорго ажырашты. Бул окуядан кийин Оспан Касымга көңүл жубатаарлык сөз айткан жок. «Кызды көндүрүүгө абдан аракет кылдым, бирок болбоду. Аргасын таба албадым...» – деп кейимиш болуп койду Касымга. Касым ага ишенип ишенерин билбей унчукпай отуруп калды.

Кыздын «тийбеймин» деген сөзү ошол эле күнү кечинде айыл-апага желдей тарады. Ата-энеси кызынын бул жоругуна беттери түшүп уялганы менен ага өкүмзордук кылууга батына алышпады. Эртең болот деп турган той токтоду. Кечээтен бери оюн-күлкү күсөп, жээлигип турган жаштардын шаабайлары сууду. Күйөө төрө ошол күндөн калбай түнү менен артка кайтмакчы болду. Кыздын ата-энеси агайын туугандарын чогултуп, кызына кайра-кайра киши салышса да көкбет кыз айтканынан кайтпады. Аргалары куруганда күйөө тарап отурган боз үйгө киши киргизишти. Кызыбыз азырынча мүнөзүн көрсөтүп тежиктенип атат. Он беш күн мөөнөт бергиле, тентек кызыбызды ошого чейин көндүрөбүз, анан келе бергиле дешти. Күйөө тарап бул сөзгө ишенип артка кайтты.

Ошондон төрт-беш күндөн кийин кызга убада кылган түнү Оспан Байбосундун айылынын сыртына үч ат чегилген трашманке менен келип Жамиланы күтүп турду. Анын оюндагысын сезген жан болгон жок. Шек жаратпас үчүн Касымга кошулуп анын айылына кайтып кеткен эле. Эми түн жамынып араба айдатып келип, ашыгы чыга турган кичинекей эшикти кайра-кайра телмире карап күтүп турганы. Сар санаага салган бир топ мүнөттөр өттү. Кызуу уйкуда жаткан айыл тунжурап тыптынч. Төбөдө сансыз жылдыздар жымыңдап, шырт эткендин баары эле басып келаткан караандай көрүнөт. Бир сааттай убакыт өткөн соң жигиттин сак кулагына чачпактын шылдырт эткен үнү угулгандай болду. Анан акырын сүйлөшүп келаткан эки караан көрүндү. Оспан шериги экөө алдынан утурлап чыгышты. Жамиланы Айша жеңеси чыгарып келаткан экен. Анан бир аз сүйлөшкөн болушту да Айша менен коштошуп жүрүп кетишти.      

Калаа бул жерден жүз чакырым. «Журт ойгонуп болгон ишти уккуча, биз жетип да калабыз», – деп, айылдан узап чыккан соң, аттарды кара терге чөмүлтө катуу айдаган качкындар кете берди. Качкан кыздын дайыны эртеси түш ченде барып угулду. Байбосундун айылы кыздын ким менен кеткенин биле албай чакчелекей түштү. Бул кабар ошол күнү кечинде Касымдын айылына да жетти. Бул ишти төрө жасаганын эл эртеси гана билди.

Казак тилинен которулду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз