Татар элинин тамашалуу аңгемелери

  • 18.03.2023
  • 1945

Сүрөт https://ru.wikipedia.org/ булагынан алында.

Өзү менен өзү сүйлөшкөндө

– Сен эмнеге өзүң менен өзүң сүйлөшө бересиң? – деп сурап калышты Акмалыдан.

– Мен акылдуу адамдар менен сүйлөшкөндү жакшы көрөм.

Бактысыздык

Акмалынын үйүнөн сандыгын уурдап кетишти. Кошунасы ага:

– Эгер Курандан "уурдаба!" деген аятты жазып, сандыгыңдын үстүнө коюп койсоң ууру алмак эмес, – десе:

Акмалы жооп берет дейт:

– Аят эмне болуп калыптыр! Сандыктын ичинде Куран китеп катылуу болчу, ал деле жардам берген жок.

Керектүү адам

Акмалы түнкү кароолчу болуп иштөөнү чечти.

– Биз бул ишке көрүнгөн эле кишини албайбыз, – дешти. – Сизде бул кызматка ылайыктуу сапаттар барбы?

– Ооба, ооба, – деп жооп берди Акмалы. – Мен сак уктайм.

Ар кимдин өз кайгысы бар

Акмалы бир күнү молдону үйүнө келип кетүүсүн суранды:

– Молдоке, аялым экөөбүз уруша кеттик, келип жараштырып кетпейсизби.

Кечинде молдо Акмалыныкына барганы камданып жатса, көңүлү жайдары Акмалы келип:

– Молдоке, убара болуп, келбей эле коюңуз, аялым экөөбүз жарашып алдык, – десе, Молдол ачууланат дейт:

– Эй, акмак! Сен мага деген акчаны да жок кылып койдуңбу?!

Баары бир

Жер бетинде жашайсыңбы же өлөсүңбү – баары бир, – деди философиялык ойго баткан Акмалы кошунасына.

– Анда эмнеге өлбөйсүң? — дейт кошунасы.

Акмалы:

– Анда мен өлүмдү артык көргөндөй болуп калбаймынбы.

Казан троллейбусунда

Казан шаарынын көчөлөрү менен троллейбус бара жатты. Айдоочу мындай дейт:

— Кийинки аялдама Гарифанов. – Аялдамадан өтүштү...

Кийинки аялдама — Сыртланов. Андан кийинки аялдама бир тууган Касимовдор. Аялдамадан бир нече киши түшүп калды.

Акмалы айдоочуга кайрылды:

– Уулум, менин атым Акмалы, мен качан чыгам?

Жамаачы

Менин досум татар. Биз аны менен базардан келе жатканбыз. Эки колубузда толтура пакеттер. Бир кезде досумдун колундагы бир пакеттин түбү айрылып кетти. Досум токтоп, пакетти бир нерсе кылды, андан ары жөнөдүк. Бир топ жерге басып, жолдон өттүк, пакет толтура болсо да, айрылган пакетинен эч нерсе түшкөн жок. Кызыгып сурадым:

– Пакетти эмне кылып бүтөдүң?

– Лаваш тыгып койдум.

Жолдо баратып ойлодум, “Аттиң, Титаникте жок дегенде эки татар болгондо, кеме чөкмөк эмес экен!”

Маалымдама

Дүкөндө арзан жана таңсык товарлар жыйылып турду. Бирок "Куликово салгылашынын катышуучулары үчүн" деген маалымдамасыз сатылбайт деген жазуу илип коюшуптур.

Бир кезде карылыгы жетип араң баскан абышканы колтуктап келишти.

Сатуучу:

– Кечиресиздер, Кулиководогу салгылашууга катышкандыгы тууралуу маалымдамасын көргөзмөйүнчө соода кыла албайм.

– Кудайды карасаңарчы, андан бери канча жылдар өттү?! Аны кайдан алмак элек!

Сатуучу:

– Мен эч нерсе билбейм, татарлар алып келип эле жатышат.

Сюжет

Атактуу "Үч баатыр" картинасы. Үч баатыр согушту күтүп турушат.

Алёша Попович, алыс жакка көз жүгүртүп:

— Чаң көтөрүлүп жатат, татарлар келе жатышкансыйт.

Добрынья Никитич:

— Ооба, чаң коюулана баштады, татарлар жакындап калышты.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин Илья Муромец, кыйкырды:

— Крым татарлары экен!.. Энеңди... качтык!

*     *     *

Татарстандын КПСС Саясый бюросуна «Чакырылбаган конок татардан да жаман» деген элдин беделин түшүргөн ылакап тууралуу арыз каралды. Саясый бюро арызды карап чыгып, чечим чыгарды: мындан ары «Чакырылбаган конок татардан жакшы» деп айтылсын.

Татар тилинен которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз