Абыл айлына кеч бешимде келип жетти. Автобустан түшөөрү менен эки жакты элеңдей карап, кимдир бирөөнү издегенсиди. Эч кимди чалдыктыра алган жок. Жолдун аркы өйүзүнөн гана бирин-серин караан көрүнүп, койлордун маараганы угулат. Айлына келгенин эми гана биринчи сезгендей болду. Улутунуп алды: «Койчулар болсо керек, алар жакага түшөөр маал болуп калбадыбы». Кайрадан улутунду, жоготкон эң бир кымбат нерсесин эстегендей улутунду.
Караанды ойлуу тиктеп турду да, чемоданын көтөрүп ылдый басты. «Кимдикине барсам? — деди өзүнчө күбүрөп.— Биринчи Урматтыкына барсамбы, же Асандыкынабы?» Күлүмсүрөй башын чайкады. Жай басып келатты. «Айыл аралап барып эле түшүп калганда болмок экен,— деди кайра.— Мен жеткиче түн кирип кетет ко… Иттер байлануу болду бекен?» Кадамын улады, күбүрөп баратты: «Кимдикине биринчи?..— Колун шилтеди.— Кимиси бйринчи жодукса, ошонукуна дебедим беле…»
Анан бүгүн атайы айылдын башынан түшүп калганын эстеди. Бир туугандарынын бири-биринен ичтери тарый бергени анын көкөйүнө көк талкандай тийип бүткөн эле. Айылга барайын деп камына баштаганда эле, чайнала баштайт: «Биринчи кимисиникине барам?» Мурда сакалдуу эмеспи деп, Урматтыкына биринчи кирчү. Өткөн жолу келгенинде, бир туугандар чогулушуп. Асандыкынан даам сызышкан. Ошондо Асан менен Урматтын баласы чокуша кетишти да, Урматтын баласы ыза көрүп калды. Ызасына чыдабай: «Бизди Абыл байкем силерден жакшы көрөт. Ошон үчүн биздин үйгө биринчи кирет. Апам ушинтип айткан, ушундай ээ, апа?» — дебеспи. Апасы не дээрин билбей далдырап калды. Асандын баласы арданып ыйлап, баарын беймаза кылган. Балдардын чыры басылып, ээндей калганда, жеңеси Абылга:
— Уктуңбу, молдо бала, балдардын айтканын?.. Өзүң он эки ай кырк жылда бир келесиң, чыныңды айтчы, бир жолу биздин үйгө биринчи түштүңбү? Дайыма акемдикине!..— деп ыйламсырап наалыган.
Абыл буларды эстеп, негедир кудуңдап сүйүнө кетти. «Жеңем да кызык,— деди күлүмсүрөй,— балдарга теңелип… Кимиси болбосун эле мага баары бир эмеспи». Ал бүгүн кимиси биринчи жолукса, аныкына биринчи кирүүнү чечкен. Ошон үчүн айылдын баш жагына түшүп калган эле. Тез жетейин деген ниетте кадамын ылдамдатты. Айылдагы биринчи үйгө келди. «Жаңы салыныптыр,— деди күбүрөп.— Кимдики болду экен?» Улутунду: «Мурда ар бир үйдүн тоокканасынан өйдө билчү элем!..»
Үйдүн жанынан өтө берерде: «Эй, бир киши! Эй, бир киши!» — деген кыйкырык угулду. Абыл жалт карады. Кичинекей бала устунга минип алып кыйкырып жатат. «Көзүнө караганда Тилектин баласы окшойт. Чоңоюп калган тура». Сапарын улады. Үшкүрүнө кетти: «Кийинки балдарды тааныбай калмак болдум… Мурда айылдын иттеринен өйдө…» Айылга келгенде дайыма ушул оюна түшөрүн, калаага баргандан кийин эле кайра унутулуп каларын эстеп, жүрөгү мыжылды. Бала өчөшкөндөй кайрадан безилдеп кыйкыра баштады:
— Эй, бир киши! Эй, бир киши! Сен кимсиң? Эй, бир киши!
Абыл тык токтоду да, баланы карап калды. Ал маашырлана күлүп турат. Ичи жылый түштү: «Тартынбаган эр экен, айылдык балдар уяң болчу эле». Өзүнүн эле айылындагы улам кийинки балдарды тааныбай баратканын кайрадан эстеди. Сапарын көңүлсүз улады. Безилдеген үн дагы жаңырды:
— Эй, бир киши! Эй, бир киши!..
Абыл токтоп калды. Баладан кутулбасын сездиби, күлүмсүрөй анын жанына басып барды. Бала чочуркаган жок. Абылдын бурулганын көргөндө эле, чыбыкты ала коюп «чу», «чу» лап устунду чапкылай баштады. Абыл баланын тике маңдайына туруп калды. Бала жылмайып койду.
— Кимдин баласысың?
— Атамдын.
— Атаңдын аты ким?
— Атамдын аты — ата.
Абыл аргасыздан жылмайды. Бала мулуңдады.
— Мен киммин?
— Бир кишисиң.
— Мен сенин байкең болом.
Бала бүшүркөй карап турду да, ишенбегендей күлүп:
— Калп айтасың… Бир кишисиң…
— Жок! — Абыл негедир ызалана кетти.— Мен сенин Абыл деген байкең болом.
Бала кайрадан бүшүркөй карады. «Тааныбайт! — деди Абыл шыбырап.— Кара балакеттин тааныйбы!»
Абыл баланы карады. Ал бейкапар жадырайт. Шымынын аласы айрылып калыптыр. Абыл назар тигип карап калды. Бала шектенгендей кымырылды. «Билип калды окшойт.— деди Абыл өзүнчө ыңгайсызданып.— Атайы жыртып койсо керек, шымына карабай коё берет ко, эргул!..» Уялтпайын дедиби, ары бурулду.
Бала эчтеке болбогондой, устунду темине баштады.
«Туйбаптыр! — деди Абыл кубангандай.— Көнүп калган да!..» Балага жакын басып келди да:
— Бул эмне? — деди устунга колун жаңсап.
— Ат. Менин атым.— Бала жадырады.— Кел, экөөбүз минебиз.
Абыл обдулуп барып токтоду. Балага билдирбей шымын карап койду.
— Атым дечи.
— Ооба, менин атым. Мурда эшегим бар болчу. Атам жарып таштаган.
— Эмне үчүн?
— Жарбаса, тоңуп өлөбүз да.
Баланын адилдигине чын пейлинен ыраазы боло жылмайды. Устунду айланып басты. Бир маалда көзү капысынан устундагы кичинекей кетикке чалдыга түштү. Селт этти. Селейип калды. Карап тура берди.
— Ой, бул түркүк тура! — деди кыйкырып.— Карачы, быягы чирип баратыптыр, жерге сайылып турган да. Көрдүңбү, быяк учунда ачасы бар экен, көрдүңбү?
— Ооба сага, бул менин атым! —деди бала.
— Бул — түркүк! Карачы, быягы чирип бараткан тура…— Абыл устундун учун колу менен сайгылай кетти.
— Менин атым! — Бала чыркырады.
— Кайдагы ат?! Түркүк дейм!
— Ал эмне? — Бала элейди.
— Эмне?
— Түркүкчү?
— Ой, эмгиче билбейсиңби?!—деди Абыл ачуулана. — Түркүкчү?!—Жан алакетке түшүп, балага түшүндүрүп кирди.— Түркүкчү, кадимки эле түркүкчү…
Бала ого бетер көшөрдү:
— Ооба сага, бул менин атым. Меники экөө болчу дейм, эшегимди атам жарып таштаган. Отун кылабыз дейт, болбосо тоңуп өлөбүз дейт. Отун түгөнгүчө муну мага берген. Ат кылып мине бер деген атам. Муну жаргандан кийин, өзү баса турган ат алып берет…
Абылдын аргасы түгөндү:
— Деги муну силер кайдан алдыңар эле?
— Эски үйдөн.— Бала мактана кетти.— Биз жаңы тамга кирдик. Килтейген телебизорубуз бар. Кишилер кызыл, көк болуп көрүнөт… Анан… Анан… Апам урушкан. Тырактирдей кылып муну эмне кыласың деген. Анан…— Бала мукактанып туруп калды.
— Эмнени? — деди Абыл тынчсыздангандай.
— Килтейген телебизордучу? Миң сом деп атам айткан. Апам өлгүдөй урушкан, мунуң саа кийим, тамак болуп береби деген. Буга кеткен акчага он шерс жоолук келмек деген… Анан… Атам эски үйдү бузуп таштаган, мунун кереги жок дейт…
Абыл сүйүнүп кетти:
— Көрдүңбү, демек, бул түркүк тура!
— Ооба сага, бул менин атым. Атам берген дейм!
— Жок, сен билбейт турбайсыңбы, бул — түркүк.— Абыл жумшара баштады, жай түшүндүргүсү келди.— Мына мобул чириген жерин, ачаны көрдүңбү? Муну түркүк дейт. Бул…
Бала толук сүйлөттүрбөй, чыркырап жиберди:
— Бул менен атым дейм! Атам өзү берген дейм!..
Абыл чыдай албай кетти, ачууланып коё берди:
— Сөз укпаган сен кандай баласың ыя?! Бул түркүк дейм! Мына мобул ачаны көрдүңбү, ушунусу менен устунду жөлөп турат. Ошон үчүн түркүк дейт! Түшүндүңбү, бул — түркүк!
Бала түшүнбөдү. Корккондой артка кетенчиктеди.
— Көрдүңбү?! — деди Абыл демите.— Бул — түркүк!
Бала үндөбөдү. Элейип Абылды карап калды. Устундан акырын жылып түшө баштады.
— Көрдүңбү тетиги ачаны? Демек, түркүк бекен?!— деди Абыл колун силкилдетип. Ачаны көрсөтөйүн дедиби, баланы көздөй басты.
Бала чаңырып ийди:
— Атама айтам! Ата, карачы!
Абыл чаңырыкка карабай жакындай берди. Бала шарт бурулду да, чымын-куюн болуп үйүн карай жөнөдү. Ого бетер чаңырып баратты:
— Апа-аа-аа!
— Жок, бул — түркүк! — деди Абыл буктана.— Түркүк дейм! Түр…— Булдуруктап кетти.
Түркүктү таянып, оор үшкүрүп алды. Эс ала түшкөндөй болду. Баягы кетик менен көзү дагы чагылыша түштү. Кайрадан шалдырады. Муундары бошоп, жыгылчудай теңселди. Эки колу менен түркүккө таканчыктап калды. Аны акырын сылай баштады. Сылаган сайын түркүккө жашырын сыр айтып жаткансып, шыбырап коёт:
— Түркүк… Түр…күк…
…Анда бир үйдө алтоо эле. Ата, апасы менен — сегиз. Эки бөлмөлүү жер тамда турушчу. Анда элдин баары эле ушундай үйлөрдө жашашчу эмес беле, чатырлуу үйлөр бирин-серин эле болучу. Абыл чатырлуу үйлөргө суктанышканын эстеп, үшкүрүнүп алды. Баары суктанышчу — Урмат да, Асан да… Таңданды: «Эки бөлмөгө кантип батчу элек?..» Анан шаардагы заңгыраган үч бөлмөлүү үйүн эстеди. Аялы күн сайын кулагынын кужурун алат: «Биздей үч балалуулардын көбү төрт бөлмөлүү үйгө эчак жетишти. Ымтырап жүрүп сен эле!..» Каңырыгы түтөдү. «Билинчү эмес,— деди шыбырап.— Тарлыгы таптакыр билинчү эмес. Талаада жүргөндөй ээн-эркин ойночу эмес белек!» Аялына да далай жолу айтты, жерге-сууга тийгизбей мактаган күндөрү көп болду. «Айылдын адаты каныңдан качан кетет?! — дейт аялы жактыра бербей.— Абыл эки бөлмөлүү жалпак тамда чоңойгон экен, ошон үчүн үйдү кеңейткиси келбейт дейинби сурагандарга?! Үйүңөрдү качан кеңейтесиңер деп баары эле сурай берчү болду… Уялып өлмөй болдум!» Аялы ыйлактай баштайт, Абыл колун шилтеп, үшкүрүнүп тим болот…
Түркүктү сылай кетти. Жаңы үй сала баштаганда, Абылдардын сүйүнүшкөнүн айтпа! Там бүтө электе эле, ар кимиси өзүнө бөлмө тандап, чырылдаша беришчү. Качан гана атасы же апасы: «Силер минте берсеңер, жаңы үйгө көчпөйбүз!» — дегенде, чыр басылчу. Эртеси кайра эле…
Ошентсе да жаңы үйдү көксөп, жаңжалдашкан ушул балдар — жаңы үй десе ак эткенден так эткен ушул эле балдар — бир мезгилде өздөрү чанган эски үйдөн кеткиси келбей калган учур да болгон. Андай учурлар өмүрдө көп болот экен, кандай гана каргаша аа!..
Кандай арман, кандай арман, кандай арман…
Абыл онтоп алды.
Алтоо бирдей тегиз ушул жер тамда чоңоюшту. «Анда Урмат жок болчу,— деди Абыл онтоо аралаш.— Аскерге кетпеди беле!..» Асан баш-көз болуп калган. Атасы менен апасы үйдө жокто баары Асанга баш ийишчү. Тил албай кежирленгендерди Асан эмдеп-домдоодон да кайра тартчу эмес. Бир күнү…
Бир күнү Асан алардын ар бирине бычак карматты:
— Кечке чейин апамдын түркүгүн сүрүп чыгасыңар. Карагылачы, эскирип кетиптир, жалтыратып аппак кылгыла. Кимде-ким сүрбөйт экен, менден бирди көрөт!— деди буйруп.
Ар кимге ченеп-ченеп бөлүп берди. Өзү баш жагынан алды. «Асандан кийин мен болчумун,— деди Абыл түркүккө шыбырап.— Түбүн Асылгүл алган. Мыйтыйган колу менен…» Абыл титиреп алды. Алар сүртө башташкан, муну эртерээк эле бүтүп, ээн-эркин ойносок деп эңсешип, жанталашып сүртө башташкан. «Кичине эле жери калып калса, баарын кайра сүрттүртөм!» — деп коркуткан Асан. Абыл Асанга жини келгенин ойлоду. Ал буларды атайы кыйнап жаткандай сезилген. «Кызык,— деди Абыл таңдана,— ошондо… Ошондо…»
Күбүрөп келип токтоп калды. Көз алдында — Асылгүл. Мыйтыйган колу менен бычакты кылдат кармап, түркүктү секин сүрүп жатат. Бул элес кетпей туруп алды, Асылгүл ар дайым ушундай элестеле берет. Асылгүлдү эстегенде эле, анын мыйтыйган колдору көз алдына тартыла түшөт… Абыл күткөн. Асылгүл сөзсүз чыр баштайт деп ушунчалык күткөн. Улам-улам Асылгүлдү карап коюп, өзүнчө шыбырай берген: «Чарчап калыптыр, эми ыйлайт. Мына азыр, мына азыр…» «Ыйлабай койгон!—деди Абыл үшкүрүнө.— Кың деген эмес. Мен адегенде Асылгүл ыйласа, анан жумуш токтоп, жыргап ойнойт элек деп эңсебедим беле!..— Сыздап алды.— Ыйлаган эмес. Мыйтыйган колу менен!..» Бара-бара өзү да унутуп калган, эртерээк бүтсөк деген оюн, Асылгүл ыйласа деген тилегин унутун калган. Жанталашып сүрө берген. «Эмне үчүн? — деди каңырыгы түтөп.— Эмне үчүн Асылгүл ыйлаган жок? Эмне үчүн эч ким чарчадым деп чыр кылбады?! Эмне үчүн…» Таппады. Жооп ордуна апасын көрдү. Апасы менен бирге атасын көрдү. Булар бири-биринен ажырай алышпай дайыма ээрчишип жүрүшөт. «Атаңар,— дегенсийт апасы адатынча,— чарчап келет. Бутун тарта албай келет. А силер чуулдап ого бетер азапка саласыңар. Аясаңар боло!..»
Апасын эстегенде, ушул сөз жаңырат: элеси тартыла түштүбү, бүттү муңайым ушинтет да турат. Анан атасын тоого узатып жатып, жалооруй караганын аргасыздан эстейт. Абыл атасы экөө жайлоодогу малчыларга көп барышчу. Апасы ар дайым: «Кымызды аз ичсең?..» — дечү атасына жалооруй. «Кам санаба, мага да жан керек»,— деп күлчү атасы. Аттанаарда Абылды чакырып алып: «Атаңды байкап жүр. Кымызды көп ичирбе. Ооруп калбасын. Каны токтоп калат»,— деп шыбырап какшай берчү. Аларды дайыма апасы өзү узатар эле, ал жокто атасы бастырып кете алчу эмес: «Сарсанаа болбосун, апаңды күтөлү…» — дечү. «Апаң эмне деди?» — деп сурар эле атасы бир аз узаган соң.
Абыл эмнегедир тарткынчыктап айтчу эмес. Билем дегендей жылмайып койчу атасы. Сыймыктанганы даана сезилип турчу… Тоодон кайтаары менен апасы Абылды суракка алар эле: «Эч жери ооруган жокпу?.. Канча чыны кымыз ичти?..» «Кызык,— деди Абыл адатынча,— дайыма ушинтип сурай берчү. Атам куландан соо келсе деле сурай берчү. Канча чыны кымыз ичкенинин эмне кереги бар?» Абыл таппайт, бул табышмактын жандырмагын сезип турса да, негедир айтып бере албайт, дарамети жетпейт. Болгону кимгедир төгүлгүсү келет, бир күнү аялына төгүлдү. «Сен бир күлкүнү билесиңби? — деди.— Таптакыр күлкүгө окшобогон». Аялы ийнин куушурган: «Күлкүгө окшобогон күлкү күлкү бекен?» Абыл жанталашып далилдеп кирген… Апасы жүктүү эле (кийин Алмагүл төрөлбөдүбү). Көз байланган учур. Алар бейкапар ойноп жатышкан. Атасы кирип келди да: «Апаңар кайда?» — деди. Эч кимиси үндөй алышпады, апасын эми эстегендей элейишти.
Атасы көп какшаар эле: «Апаңарды эшикке жалгыз чыгара көрбөгүлө! Араң басып жүрөт». Апасы күлүп калчу: «Балдардын жүрөгүнүн үшүн алып бүтмөй болдуң». Атасынын чыйпыйы чыкты: «Какшадым эле го!..» Баары бүлүнүп издей башташты. Суй жыгылышты. Бир маалда апасы жадырап кирип келди. «Өх, кайда жүрөсүң?» — деди атасы кубангандан кыйкырып. «Сага жарма издеп жүрбөдүмбү. Эртең алыс кетип калсаң…» «Жармаң менен жамыран…— деди атасы күбүрөп.— Жан калбай калбадыбы… Издегенди айтпа. Дааратканага эле канча кирип чыктым…» Апасы таңданды. «Кимди?» «Сенин ары жагыңдагы тамды»,— деди атасы тамашалай. Ошондо апасы бир жылмайды десең… Анан атасы. Экөө бири-бирин карап жылмайышты.
Абыл өмүр бою ушул жылмайышты сөз менен айтып бере албай келет, элестете алат, айтып бере албайт. Не деген шумдук десең — ал бир туруп туптунук булакка окшоп кетет, бир туруп апасынын ыпысык алаканын эске салат. Абыл ушуну айтып: «Билесиңби,— деген аялына,— апам өзү чарчап араң турса да, атаңарды аягыла, кыйналып араң келди деп какшай берчү». Аялы кайдыгер гана: «Эски кишилер да!» — деп койгон. Абылдын ичи туз куйгандай ачышкан. «Эскилер!—деди Абыл кектүү. Үнү каргылданып кетти.— Андай жок… Андай күлкү табылбайт…»
Сыздап түркүктү сылагылай берди… «Беркилерден эч бир айырмаланбаган жөн эле түркүк эмес беле! — деди акыры чарчагандай.— Ага деле жип байлай берчүбүз, тегеренип ойночубуз…» Абыл үндөй албай катып калды. Ооба, мурда ушул үйдөгү төрт түркүктүн бириндей эле ал да көзгө илинчү эмес. Жип байлап алышып, тегеренип айланкөчөк ойношчу. Ар бир түркүктө жиптен желген издер бар. Ар кимиси бирден түркүктү өздөрүнө энчилеп алышкан жана ошол жерден чыгууга, башканын түркүгүнө жолоого акысы жок эле. Буга атасы менен апасы да жедеп көнүп калышкан, кээде түркүктөрдү балдарынын аттары менен аташчу. Ошентип жүргөндө… «Бирөө бөлүнүп чыкты.— деди Абыл шыбырай,— бир түркүк бөлүнүп чыкты да, калгандарын жутуп алды…»
Бир күнү кечкурун баары чогуу-чаран тамак ичүүгө отурушту (анда Урмат да үйдө болучу). Апасы тамак куюп берип отурган, ал бир маалда түркүктөрдөгү издерди карап талып калды. Муну байкаган атасы күлүп:
— Эмне, түркүгүң сонун көрүнүп кеттиби?
— Жок? — деди апасы чочугандай. Кайра күлүп.— Сонун көрүнбөй койчу беле!.. Ойлуу туруп калды да.— Карачы, жипке желип отуруп кыйылмак болуптур. Бул кейпи менен эки-үч жылга жетпей эле…
Атасы да түркүктү эми көргөндөй ойлуу тиктеп калды. Апасын карап күлдү:
— Баары ушул жерде төрөлдү, ээ? Кызык… Көзүңдү чакчыйтып, ушуну эле шынаарлап калчу элең. Бул эмне, башкалардан өзгөчөбү?
Апасы ийнин куушуруп, жылмайган:
— Билбейм… Ошондой го…
Атасы баарына кайрылып, ойлуу:
— Баарыңар ушул түркүктүн түбүнө төрөлгөнсүңөр.— Үндөбөй турду да, өзүнчө кобурана кетти: — Илгери баатырлардын аялдары найза-кылычка таянып төрөшкөн дешет, кийин бакан чыкты.— Балдарына кайрылды: — Апаңар тигинисин да, мунусун да билген жок, ушул түркүктүн түбүнө эле…
Урмат сүйүнүп кетти:
— Мен билем! — деди ал дердеңдеп.— Асылгүл төрөлгөндө, көп кемпир келип, апам ыйлап… Анан ушул түркүктүн түбүнө чогулушуп… Асылгүл төрөлөрү менен эле догдурлар кирип келишкен… Атам менен урушкан алар…
— Эмнеге? — деди апасы чочугандай.
— Жөн эле,—деди атасы күнөөлүүдөй,—догдурга эмне үчүн алып келбейсиң дешип…— Күлүмсүрөй колун шилтеди.— Мен аларыңдын оозун жап кылгам. Болору болду дедим, жакшылык үстүндө жамандыкты ойлогон кандай немесиңер дедим…— Мактана кетти да, түркүктү карап.— Карагылачы,— деди нааразылана — апаңардын түркүгүн кандай кордогонсуңар?! Чын эле эки-үч жылдан кийин кулап түшөт ко? Ай силер, силер.. — Башын чайкай берди.
Эч кимиси үндөй албады. Бири-бирин карашты. Айыпкерди издеп жатышкандай болушту. Абылдын башы шылк дей түштү. Калгандары бул түркүк өздөрүнүн энчисине тийбей калгандыгы үчүн сүйүнүп жатышкандай сезилген Абылга. «Эмне үчүн эч кимиси айта алган жок? — деди Абыл онтоп.— Эч кимиси бул түркүктө Абыл ойночу дей албады, эмне үчүн?.. Менин ойноп жүргөнүмдү атам менен апам деле жакшы билчү эмес беле, ошон үчүнбү? Жок! — Башын чайкады.— Анан эмне үчүн?—Таппады.— Атам эмне үчүн баарыбызга айтты? — деди кайра.— Эмне үчүн мага жеке айткан жок?..» Абыл муну да таппады. «Ал баарын жутуп алды.— Абыл шыбырады.— Ошондон кийин ал түркүк бөлүнүп кетти, апамдын түркүгү деп атап калдык. Абылдын түркүгү деген сөз бат эле унутулуп калды».
Абыл кыймылсыз телмирди. Түркүктөн айрылып калганы эсинен кетпей туруп алды. Ал Асылгүлдүн көзүн карап калган, аны эптеп-септеп алдап, чогуу ойношчу. Асылгүлдүн кара жини кармаган күнү анын түркүгүнөн айрылып, мени кимиңер кошуп аласыңар дегендей, беркилерди жалдырап тиктеп калчу. «Андан кийин ал түркүктө ойногон жокмун, бир да жолу ойногон жокмун. Ойногум келчү беле? — Абыл суроолуу телмирди.— Ооба,— деди кайра,— эч ким кошпой койгондо, ойногум келчү. Ойноттурчу эмес. Апамдыкына тийбе дешчү. Урмат да, Асан да, Асылгүл да — баары апамдын түркүгүнө жолотчу эмес». Бир күнү да эч ким кошпой коюп, Абыл бозоруп калды. Ошондо кыжырланып түркүккө жип байлай баштаган. «Ага тийбе! — деп чаңырып жиберген Асылгүл.— Апамдыкына тийбе! Кел, мени менен ойно…» Кийин бирдеме болсо эле, ал түркүккө жип байлап коркутуп кирчү… Абылдын мууну бошой баштады. Буга кошул-ташыл үйгө келгендердин баарына «бул апамдын түркүгү!» — дешип мактанышкандыгын, түркүккө кимде-ким жип байлап койсо, кечинде атасы менен апасына даттанышып, аны баарылап жазалашканын, апамдын түркүгүнүн жанына мен жатам дешип чырдашкандарын эстеди.
Түркүк Асылгүлдөн артчу эмес, ал үйдүн эң кенжеси эле жана көк да болчу. Түркүктүн жанына жатпай калса, жер тепкилеп бакырып-өкүрүп ыйлап кирер эле. Эч кимиси ага даай алчу эмес. Болгону Асылгүлгө суктанышчу, ушунчалык суктанышчу десең… «Апамдын түркүгү!—деди онтоп.— Апамдын түркүгү!..» Онтоо аралаш кандайдыр бир үн угулгандай болду. Ал түркүктү сүрүп жаткандагы доошко окшоп кетти. Алар сүрө беришкен, сүрө беришкен, сүрө беришкен…
Абылдын ою кайрадан үзүлдү. «Апаңар ушул түркүктү таянып төрөп эле, силердей жакшы балдарды тапкан». Атасы ушинтип көп айтар эле. Баары кудуңдап сүйүнүшчү. Муну баягы чуудан кийин да айткан. «Оңбогур десе, кудай ургандай тажаал эле! — деди Асылгүлдү эстеп.— Азыр ошону эстейт болду бекен?» Асылгүл бир жолу эрте мештин түбүнө уктап калды, уйкусу бузулбасын деп, ордунан козгошкон жок. Түркүк Абылга артып калган. Эртеси чууну айтпа, Асылгүл улуп-уңшуп ыйлап жатат, ыйлап жатат. Ошондо апасынын түркүгүнө Абыл жип байлап, из салганын айтып койбоду беле!.. «Оңбогур десе,— деди Абыл шыбырай,— тажаал эле..» Атасы менен апасы үндөгөн эмес. Чуу басылгандан кийин, атасы: «Апаңар ушул түркүктү таянып төрөп эле, силердей жакшы балдарды тапкан»,— деп күлүп койгон.
Эмне үчүн минткенин Абыл таба албады. Шыбырады: «Апамдын түркүгү…» Кетмек болду. Ордунан туруп келатып, көзү баягы кетик менен дагы чагылыша түштү. Ал жаркырап күйүп тургандай болду, адамдардын көзү сымал муңайым тиктеп турат. Абыл башын бурду, жалжылдаган көз калбай ээрчип алды. Абыл кайрадан отуруп калды. Көзүн жумду… Түшкө жакындап калганда, алар ишин бүтүшкөн. Асан ар бириникин текшерип туруп өткөрүп алган. Кыйкым таппай койгондо гана:
— Болду эми, жетет. Чай ичкиле! — деген буйра.
Анан… Абыл эстегиси келбеди. Үйгө атасы, жок, атасы эле эмес, дагы көп кишилер киришти. Эркеги да бар, аялы да бар. Элейип карап калышты. Асылгүл ордунан шып ыргып турду да, атасынын мойнуна асылып, адатынча чаңкылдай кетти:
— Ата, кайачы, апамдын түйкүгүн жайкыйатып койдук!..
Дел болгон атасын тарткылай кетти. Тегеректеп тургандар чыдай албай кетиштиби, өздөрүнчө бүлкүлдөп алгандай болушту. Атасы Асылгүлдү бооруна бекем кысып: «Эмне дейсиң?!» — деп бакырып жиберген. Эл атасын ары жетелеп кетти. Асылгүл «апа-аа!» деп бакырып алып, кайда барарын билбей тызылдап ары-бери жүгүрө берди. Аялдар кармаса да, бейжайланып боздой берди. Калгандары да чурулдап ыйлап киришти… «Асылгүл кайдан билди? — Абыл көзүнөн агып келаткан жашты сүрттү.— Биз кайдан билдик? Эч ким үндөбөсө деле ыйлап…»
Апасы чөп жүктөп жүргөн маалда машинанын алдында калып каза болуптур. Аны булар кийин-кийин билишти. Ар кимиси ар кайсы мезгилде билишти, баарынан кийин Асылгүл билди. «Ушул күнү… Ушул күнү…— Абыл сүйлөй албай мукактанды.— Биз түркүктү сүрүп жаткаи күнү!..»
Апасынын түркүгүн жаркыратуу…
Апасы муну да билген жок. Бул үчүн ар биринин маңдайынан сылап, эркелетүүгө үлгүрбөдү. Абыл титиреп алды. «Биз түркүктү сүрүп жатканда, апам өлө электе… Апам нени ойлоду экен, биздин сүрүп жатканыбызды билди болду бекен?» Абыл сыздап алды. «Билди болду бекен! Билип кетсе экен!..» — деди сыздоо аралаш.
Апасынын түркүгүн жаркыратуу… Муну апасы көргөн жок. Жаркыраган өзүнүн түркүгүн, балдары жаркыраткан түркүгүн…
Арман, арман, арман…
Апасы күн сайын өлүп турду. Бүгүн Абылга ушундай сезилди. Күн сайын!.. Түркүк кала берди, жаркыраган түркүк. «Апам кайда, качан келет?» — деп, Асылгүл күн-түн дебей чыр салып, беймаза кылат. Баары атасынан үйрөнгөн сөз менен сооротуп киришет:
— Апам келет,— дешчү жан алакетке түшүшүп,— көрдүңбү анын түркүгүн, демек, өзү да бар. Ал мына ушул жерде эле жүрөт, сен көрбөй жатпайсыңбы, а биз көрүп турабыз. Сенин көзүң кичинекей да, биздикиндей чоң болгондо оңой эле көрө аласың!..
Асылгүл чырданбай жоошуп калчу, анан көзүн чоң ачууга жан далбас кылып, керели кечке өзү менен өзү алектене берчү… Асылгүлдү сооротуп жаткан чоң балдарын карап туруп, атасынын мууну бошоп, зээни кейийт. Каргылданган үнү менен:
— Ооба, ооба… Апаң бар, апаң — түркүк. Сен аны көрбөй жатпайсыңбы. Кийин сөзсүз көрөсүң! — деп коштомуш болот. Эптеп-септеп Асылгүлдү алдап жүрүштү. Асылгүл үйгө келгендерге түркүктү көрсөтүп: «Бул — менин апам. Көзүм чоңойгондо, мен аны сөзсүз көрөм. Атам айткан!» — деп мактанат да, «сен көрүп жатасыңбы апамды?» — деп суроолуу тиктеп калат. Тиги жооп таба албай, буйдала түшөт да, кеп төркүнүн түшүнгөн соң, калп күлүп: «Ии, ооба, көрүп жатам!», же «Менин көзүм да сеникиндей кичине»,— деп көзүн жүлжүйтүп кутулат. Асылгүл кыткылыктап күлүп коёт. Тиги адамды Асылгүлдүн элеси ээрчип алат, ал өзүн күнөөлүүдөй сезе берет. Айрымдары ушул суроодон улам, бул үйгө экинчи кирбөөгө ант кылып чыгышчу!..
Бир күнү Асылгүл баарынын көзүнчө атасынан сурап калды: «Ата, апам уктайбы? Ал кай жерге жатат?» Атасы не дээрин билбей нес болуп калды, эч нерсе түшүнбөгөндөй, Асылгүлдү аңырая тиктеп кыйлага турду. Анан жооп күтүп жалдыраган балдары эми гана эсине түшкөндөй, алактап шашып калды:
— Ооба… Ооба… Уктайт. Биздей эле жатып уктайт. Түркүк менен сенин жаныңда уктайт. Түн ичинде уктап калып, аны көрбөй калып жатпайсыңбы!
Асылгүлдүн суроосу атасынын сай-сөөгүн сыздаткан: ал бир нече күн унута албай (балким, өлөөр-өлгөнчө унуткан эместир!) каңырыгы түтөп, оозу туз даамданып жүргөн. Асылгүл атасынын сөзүнө ишенип калган. Атүгүл чоңдору да атамдын айтканы чын болуп жүрбөсүн деген түпөйүл ойдо калышкан. Бири-бирине билдирбей, Асылгүлдүн жанындагы түркүктү аңдып, түн күзөткөн күндөрү да көп болбодубу! Бирөө да апасын көрө алган жок, анан биз уктап калган маалда келип кетип калган го деп өздөрүн алдашчу, уктап калгандыгы үчүн өздөрүнө нааразы да болуп кетишчү.
Алар апасынын келбей тургандыгын, атасынын айтканы көңүл жубатуу үчүн болгон далалат экендигин деле билишчү эмес беле, ошентсе деле… «Сагынчумун!—деди Абыл өрөпкүп— Кандай гана сагынчу элем?! Баарын. Басканын. Сүйлөгөнүн. Колун. Көздөрүн. Буттарын да. Тырмактарын да. Баарын!.. Атүгүл мени какыс-кукус кылганын да. Тентек кылсам, анан капысынан эле апам кирип келип мени урса дечүмүн. Сагынчумун…»
Бир күнү Абыл апасын аңдып жатып уктап калды. Анан түш көрдү. Түшүнө апасы экөө бирөөнүкүнөн жүн сурап барганы кирди. Ал Абылдарды анча деле жактыра берген жок. Апасы жалдырады. Кыйылып жатып араң берди. Апасы кудуңдап сүйүнүп чыкты, өзүнүн жалдыраганын унутуп калгандай кудуңдады. Абыл арданды. «Ага эмне жалдырадың?! — деди ый аралаш өкүрүп.— Ыргыт жүнүн! Кереги жок! Жалдырап!..» Апасы таңдангандай элейип турду да, күлүп: «Ушуга да киши ыйлайт бекен? Качан жалдырадым?.. Жүнү менен жерге кирсин, күзүндө эле кайтарып берем!..» — деп сооротуп кирди. Абыл ансайын болбойт, «жалдырабадыңбы!» дейт да, жер тепкилеп ыйлайт. Апасы бооруна бекем кысып, соорото албай жатат: «Жалдыраганым жок, күчүгүм, жөн эле сурадым. Сага жалдырагандай көрүнгөн тура… Жалдыраганым жок. Ушу жүн үчүн жалдырасам?.. Күзүндө эле кайтарып берем… Кийиз жасап коёюн деп жатпайынбы, силер бириңердин артыңан бириңер чоңоюп келатасыңар. Урмат байкең эртең эле аял алат. Жаман да болсо бир ала кийиз жасап коёюн, жер карап калбасын…» Бооруна кысат да, башынан өпкүлөйт. Абыл ого бетер эреркеп ыйлап, апасын жыттагылап жатат. Жыттай берди, жыттай берди, жыттай берди… «Сен,— деди жыттап жатып,—эмне келбейсиң? Сен эмне, таптакыр өлдүң беле?!» «Ыя?!»—деп чочуп алды да, апасы жок болуп кетти. Абыл ыйлап ойгонду. Апасы жок. Ишенбеди. Жыт гана кетпей койду. Апасынын жыты… Эртеси түркүктү жыттаган. Билинбейт. Кийин көп жыттады… Абыл жерге батпай эңгиреп турду» «Жалдыраган! — деди эңгиреген калыбында.— Жалдыраган болучу!.. Бирөөнү да көргөн жок! — деди кайра.— Бирөөнү да. Баарыбызга багыштап бирден кийиз жасады эле, бирөөнүн да салынганын көргөн жок!..» «Сагынчумун! — Абыл кайрадан күрсүндү.— Сагынганда кандай… Жоготкон нерсеңди, кайрылып келбес нерсеңди сагынуу… Сагынган сайын… Сагынган сайын апам жаңы өлгөндөй болуп!..»
Абыл чыдай албай тегеренип кетти да, тумоолоп калганда көбүнчө апасын түш көрөрүн эстеди. Өзү баягыда эле кичине бойдон, апасы баягыдай эле типтирүү бойдон. «Жылаңач ойнобо десе болбойсуң, жел туруп калган тура,— дейт апасы нааразы болгондой.— Талкан ысытып койдум, ме, ичиңе баса гой!..» Абыл жылат, жетпейт, жылат, жетпейт… Анан негедир апасынын ыйлаганын эстейт. Үчөө таш ыргытып ойноп жатышкан. Абыл күчүнүн бардыгынча ыргытты эле, бир нерсеге шак дей түштү. Кыйкырык угулду.Тамдын артына жүгүрүп барышса, апасы бүк түшүп жатат. Баары элейип калышты. Алар апам таптакыр ыйлабайт, эч нерсеси оорубайт деп ойлошчу. «Чын эле апамдын бир да жолу оорудум дегенин уккан жокпуз,— деди Абыл шыбырап.— Жаны жай албай эле кыймылдап… Балким…» Апам ошондо ыйлаган. Анан үчөө да чырылдап ыйлап киришкен. Алардын ыйын угаары менен, апасы ыргып турду да: «Эчтеке болгон жок. Силерди коркутайын дегем»,— деп баштарынан сылаган. Көзүнүн үстү томуюп чыгыптыр. Апасы томуйган чекесин тосуп: «Мына, эчтеке болгон жок. Коркпо. Мен жөн эле… Буга эмнеге ооруйсуң, күчүгүм!» — деп жадырап маңдайында тургансыйт. Абыл чабалактайт… «Чын эле ыйлаган», — деди Абыл үшкүрүнө, анан баарын унуткусу келип отуруп калды.
…Алар түркүктү кара тутуп жашай беришти. Атасы да түркүктүн калганына тобо кылчу. Кээде балдарынан жашырын сылап-сылап алаар эле. Ушинтип жүргөндө алар жаңы апалуу болушту. Туугандары чогулуп келип, кеңеш салганда, атасы туйлап:
— Койгулачы болбогон сөздү! Балдар эмне болот, алар көнбөйт ко?!
— Ботом, көнбөгөндө кайда барат дейсиң? Ал деле адам да, бири-бирине боор тартып кетишээр… Балдар да, өзүң да жүдөп бүттүң. Ырайыңды карачы? Балдардын кир-когу…
Баары жаалап жиберишти. Ал аргасыздан макул болду. Жаңы апаны үйгө алып келишти. «Силердин апаңар ушу киши болот. Апа деп жүргүлө, алдыңа кетейиндер!»— дешти аялдар ар бирине жалынып. Буга көнүү — апа деп айтууга көнүү өзүнчө эле бир тозок болду, чоңдору эптеп көнө баштады, Асылгүл эле чырдана берет:
— Бул апам эмес, бул — аял! Менин апам мына бул түркүк!
Эч ким унчуга алчу эмес. Жаңы апа акшырая карап калат. Ал да кийинки күндөрү балдарды көп кагып-силкчү болду. Өзгөчө Асылгүл менен өч. «Энесин мен жутуп алгансып!..» — деп күйөөсүнүн көзүнчө деле каргап-шилеп алат. Балдарды дагы кууруп-кууратып коёбу деп күйөөсү ага катуу айта албайт, ичинен сызып тим болот. Аялы ансайын кууруганы кууруган…
Үйгө жаңы апа келди, ошентсе да түркүк кала берди. «Түркүк ого бетер кымбат көрүнө баштаган! — деди Абыл шыбырай.— Аны жаңы апабыздан да кызганып, аяп турчу эмес белек!..» Жаңы апа өзүн баары кордоп жаткандай сезчү. Туталанчу. Келген катын-калачтарга даттанып калчу: «Буларыңдын мага үйүр алчу түрү жок. Эмне балакети бар экенин билбейм, имерчиктеп эле түркүктөн кетишпейт! Үйрүлүп түшүп жакшы эле өзүмө тартайын дейм… Апам, апам эле дешет, апасын мен жутуп алгансып!.. Мени жаман көздөрү менен карап калышчу да болду, минтип жүрүшсө…» Баары жабалактап, анын көңүлүн жубатып киришчү:
— Кантишсин анан, балдар да! Ошентип жүрүп эле көнүшөт. Адам эмеспи ботом, боор тартып кетээр… Тиги Акылды карачы, ал деле сендей наалып жүрчү. Кызыл чиедей болгон беш баланын үстүнө келди эле, өзү да согончогу канабаган куу баш бир шордуу экен, азыр деле балканактай болуп арман кылчу түрү жок. Бешөө беш жактан апалап безилдей турган болсо… Көнүшөөр, көнбөгөндө кайда бармак эле, тагдырдын буйругун ким көтөрбөптүр!..
Алар ушинтип ишенимдүү айтышчу. Бул үйдөгү жипке желген түркүк алардын оюна да келчү эмес, аны устунду жөлөп туруучу кадыресе жыгач катары карашаар эле. Түркүк жана тагдырдын буйругу…
Ал онтоп да, сыздап да турду.
Жаңы үйдү көксөп, жаңжалдашкан ушул балдар — жаңы үй десе ак эткенден так эткен ушул эле балдар — бир мезгилде өздөрү чанган эски үйдөн кеткиси келбей калган учур да болгон!
«Апам дагы бир жолу өлгөндөй болгон!— деди Абыл сыздай.— Кара баскан жаңы уй!..» Жаңы үй бүтсө да, көчөлү деп эч кимиси үндөй албады. Бир гана жаңы апанын шаштырганы шаштырган. Бир жолу түн ичинде Абыл атасы менен жаңы апасынын өздөрүнчө шыбырашып жатканын кулагы чалып калды:
— Ушинтип эле жүрө беребизби, качан көчөбүз? — деди жаңы апа.
— Кичине коё турсак кантет,—деди атасы жалооруй,— балдардын деми сууп түңүлүшсүн. Болбосо кыйын го?..
Жаңы апа алкылдап коё берди:
— Балдар, балдар!.. Тиги кейптери менен алар сени да жутат, ушул кепеден чыгарбай жутат! Эми деми суусун деп калган тура, таш балакеттин сууйбу?! Мобу чириген немең турганда!..— Түркүктү буту менен тепкилеп кирди.
Абыл бакырып жибере таштады, жүрөгү зыр дей түштү.
Жаңы апа кайра ыйлай баштады:
— Мен бул үйдө бир байкуш экенмин да!..
Атасы күнөөкөрдөй акырын шыбырады:
— Болду эми, балдар угат. Болду деп жатпаймынбы. Жакында көчөбүз дейм…
«Үй кулап кетчүдөй болгон,— деди Абыл титиреп,— тепкилей берди, тепкилей берди… Эмне үчүн? — деди кайра сыздай.— Эмне үчүн кыйкыра албай калдым, эмне үчүн?! Апамдын түркүгүн тепкилеп!..» Атасынын жалооруган үнүн укканда, Абыл демин ичине тартып, бүк түшкөн. Анан эмне экенин өзү да билбейт, ыйлап жиберген, көзүнөн жаш мончоктоп агып, жаздыкты сыга кучактап шолоктогон боюнча уйкуга кеткен. Ушул түнү да түш көргөн. Абыл эстей албай койду, канчалык жан алакетке түшсө да, бул түнү түшүнө эмне киргенин эсине түшүрө албай койду. Жаңы апасынын түркүктү тепкилегени, өзүнүн бакыргысы келип, минтүүгө даай албаганы көңүлүнөн кетпей туруп алды. Тишин кычыратты: жаңы апасына да, өзүнө да кыжыры кайнады. «Атам менен жаңы апабыздын кыжылдашканын башкалар деле уккандыр? — деди ал көп өтпөй селт этип. — Угушту да, угушпай койду дейсиңби?! Биз бири-бирибизге айтышчу эмеспиз да, жашырчубуз!..» Оор үшкүрүп алды.
Жаңы үйгө да көчүп киришти. Баягы Асылгүл дагы чыр баштады:
— Ие мен барбайм! Мен апам менен барам!..
Аны баарылап алдоого өттү. Атасы күйпөлөктөп:
— Апаң да барат, бүгүн эле көчүрүп алабыз!
Ал араң дегенде көндү. Жаңы үйдөгү жаңы өмүр башталды. Абыл кайрадан селт этти. «Жаңы үйгө апам кирген жок! — деди сыздап муну азыр гана билгендей.— Кандай эңсечү эле!.. Бүткөнүн да көрбөй калды! Түркүгү да келген жок. Жаңы үй!..»
Абыл үзүл-кесил улам-улам кайталай берди: «Апам… Түркүк… Жаңы үй…» Асылгүл да, башкалар да атасынын «апаңардын түркүгүн көчүрүп алабыз» дегенине ишенип калышкан эле. Баары качан дегендей атасын суроолуу карашчу болду. Жатаарда Асылгүл дайыма чыр салат: «Түркүктүн жанына жатам, апамдын жанына жатам!» Атасы жанталашып алдаганга өтөт: «Эртең көчүрүп келебиз, сөзсүз көчүрүп келебиз. Абыл балтаны даярдап койчу. Сен ыйлай берсең, апаң келбей коёт… Мына азыр апаңдын чапанын жамынып жата тур». Ага апасынын эски чапанын жаап коюшчу. Ал кээде буга да көнбөй, бүлкүлдөп ыйлап жатып араң уйкуга кетчү.
А атасынын эртеңи түгөнбөс болду. Күндө эртең, күндө эртең, күндө эртең!.. «Түркүктү алып келип, жаңы үйгө орнотуп коюу кыйын беле?!— деди Абыл өзүнө өзү.— Оңой эле болчу. Анда неге?.. Атам эмне үчүн алып келе албады? Жаңы апабыздан чочуладыбы же эски жараларын ырбатпайын деп бизге боор оорудубу? Неге?..» Абыл чайналып турду, жооп таба албады. Кыйладан кийин гана бир ой капысынан эсине келе калды да, жүрөгү сыздай титиреп алды: «Түркүктү кыюуга дити барбаса керек!» Абыл бүк түштү…
Ошентип жүргөн маалда…
Абыл түркүктү сыга кучактады да, көзүн бекем жуумп алды. Аны баягы көз — кетик жалооруй карап тургансыйт. Дарамети жетпей калды, шалак эттирип боюн таштап жиберди…
Атасы жумушка кеткен. Асан мектептен жаңы эле келип, Асылгүл, Алмагүл үчөө чай ичип отурушкан. Бир маалда ак балтаны (үйдө эки балта бар эле, курчун ак балта дешчү жана мокоп калат деп отун жарышчу эмес) алып, булкулдап чыгып кетти. Кекенип баратты: «Өлүгүңдү көрөйүндөр мени киши ордуна санашпайт, бирдеме болсо эле бөлүп-жарып турушат, өздөрүнчө чай ичишип…» Баары шексине артынан узата карап калышты. Чай ичүү тык токтоду. Эч бир үн катпастан, жыла басып Асан эшикке чыгып кетти. Ага удаалаш эле Алмагүл атып чыкты. Асылгүл да токтоп турган жок, ал да жөнөдү. «Кантип билдиңер?! —деди Абыл түркүккө ыктай.— Кантип?! Сүйлөөгө даремети жетпей калды, булдуруктап жатты. Баары эски үйдүн терезесине жармашышты. Жаңы апа түркүктү кыйып жатыптыр, апасынын түркүгүн кыйып жатыптыр! Эмне дешээрин билишпей, бири-бирин элее карашып туруп калышты.
Жер айланкөчөк болуп жатты, өздөрү ойногон, өздөрү сүйгөн кайран айланкөчөк! Анын ойнолбой калганына канча болду, ойнолсо да жүрөктү бир нерсе мыжый берет ко. Мунун эмнеси оюн, кайран айланкөчөк, өздөрү бапестеген айланкөчөк!.. Жер айлан-көчөк болуп жатты, мурункуларга окшобогон айланкөчөк болуп жатты. Денелери зыркырап кетти, Асылгүл чыдай албай чаңырып жиберди: «Апамдын түркүгү!..» Асылгүл боздоп жатты. Асан менен Алмагүл үйдү карай жүгүрүштү. Жаңы апа эшикти илип алыптыр. Алмагүл болгон күчү менен эшикти бир тепти да, буркурап жиберди, кимдир бирөөгө наалат айткандай буркурады. «Ыйлаба дейм, ыйлабачы. Мына азыр ачабыз»,— деди Асан ыйлактай узун шишти көрсөтүп. Экөө бирдей кирип барышты. Жаңы апа атырылып коё берди:
— Эмне апаңарды мен жутуптурмунбу ыя, эмне мени кордойсуңар ыя? Мен ушул чириген сөңгөктөй жокмунбу ыя?! Мына, талкалап, жагып таштайын, мени чаап алгыла!..
Ал керилип келип түркүктү чаап калды, ага алсыз гана жооп кайтаргандай чамынды ыргып түштү, ал көздөн аккан мөлтүр жашка окшоп турду. Экөө жанатан бери чочулап даай албай турушту эле, чамындыны көргөндө токтоно алышпай, бир бакырып алышты да, жаңы апанын колуна жармашышты:
— Тийбе! Тийбе, апамдын түркүгүнө, тийбе дейм! Апама айтам!
Ал экөөнү эки жакка түртүп жиберет.. Бирок алар кайрадан жабышышат. Ошентип алар кыюуга таптакыр мүмкүнчүлүк бербей жатышты. «Эч ким!—деди Абыл чаңырып.—Эч ким!.. Биз тирүү турганда түркүктү эч ким?.. Эч ким… Эч… чч…» Булдуруктап кетти.
Эшикте апамдын түркүгү деп өпкө-өпкөсүнө батпай солуктап Асылгүл жүрөт. Ары-бери өткөндөр буга түшүнө бербей: «Байкуш! Апасына мынчалык күйгөн эч ким болбоду! Бейишке чыгармак болду окшойт шордууну! Дагы эстеп жаткан го?» — деп боору ооруп кетип жатышты. Аңгыча ал шашып-бушуп келаткан Абылды көрдү, ага тызылдап жүгүрүп барды да, солуктап жиберди: «Апамдын… апа… түркүгү…» Абыл бир балакет болгонун түшүнгөндөй, китеп баштыгын жолго ыргытып жиберди да, эски үйдү көздөй чымын-куюн болуп жөнөдү. Асылгүл эми сөз айтууга кудурети жетпей, эски үйдү көрсөтүп, боздой берди. Коңшу чал Карымшактын чындап зээни кейиди. «Бул эмне эле мынча боздоп жатат? Кудай урган жанагы неме келгенине жыл айланбай жатып кол тийгизген го?» — деди жаңы апага ачуулана. Асылгүлдү жетелеп, ал көрсөткөн жакка жөнөдү. Эски үйгө кирсе, келини — жаңы апа колуна балтаны кармап, келсеңер эле өлөсүңөр дегенсип, түркүктүн жанында турат. Ал чабууга камынганда эле, үчөө бирдей чыркырап жетип келет да, балтага асылышат. Жерде чамындылар жатат. Кыраакы чал эмне болгонун сезди да, денеси дүр дей түштү. Мууну бошоп, ээги кемшеңдей баштады. Атырылып чуркап келди да, жаңы апанын колунан балтаны жулуп алып, терезени карай ыргытты. Терезе быркырап түштү. Абышканын оозуна сөз келбей, бакыра берди:
— Жогол! Жогол! Жогол!
Ызы-чуудан улам коңшу-колоңдор чогулуп калышты. Аларга Карымшак чал эч нерсе түшүндүрө албай, сакалы ылдый чууруп жаткан жашка карабай, жаңы апага кыйкыра берди:
— Жогол! Жоготкула! Жогол!
Жаңы апа эшикке безип жөнөдү. Анан Карымшак үңүрөйүп кыйлага отурду да, элге эмне болгонун айтып берди. Журт ошондо кара кайгыга дагы бир жолу малынып, эңгиреп калды…
Элге ошондо Шайымкан (Абылдын апасы) жаңы өлгөндөй туюлду. Элге ошондо Шайымкан кайра тирилип келгендей туюлду.
Ар кимиси түркүктү сырдуу тиктеп, бирден сылап өттү…
Кечинде атасы келди. Ал балдарынын муңайым кейпинен улам, бир жосун болгонун сезди. Ичинен сызып үндөбөдү.
— Асылгүл кайда? Уктап калдыбы? Эрте жаткан го? — деди өзүнүн мыжылганын билдирбегендей.
Баары үнсүз баш ийкешти. Атасынын үнүн угаары менен, Асылгүл ордунан ыргып турду да, чуркап келип мойнуна асылып, солуктап ийди:
— Апамдын түркүгүн кыям деп… Апамдын түркүгү…
— Ким? Качан?
Бирөө да батынып жооп бере албай бышакташты.
Аялы албууттанып коё берди.
— Мен кыям дедим! Мына мен! Эмне, союп жейсиңби, мына мен, уктуңбу! Мен кыям дедим! Апамдын түркүгү деп коюшат, кастарлап коюшат! Өзүңөр жутуп алган апаңардын ордуна ошол чириген сөңгөк апа болуп береби?!— Кичине тынып алды да, кайра өкүрдү:— Апаңар өлгөн, аны эчак жуткансыңар! Ал келбейт! Өлгөн киши тирилмек беле! Түркүк деген отунга да жарабайт, чирип калыптыр. Апаңар өлгөн дейм, өлгөн…
Балдар «апаң өлгөн» деген сөздү биринчи угушту. Апасы өлгөнүн билишсе да, эч ким буларга тике айта алган эмес, диттери барбаган. Баары үңүлдөп коё беришти, жаңы апа өчөшкөндөй бакыргандан бакырды. «Ошондо биринчи билдим! — деди Абыл жашырын сыр айтып жаткансып шыбырап.— Башкасын билбейм, мен апамдын кайрылгыс болуп кеткенин ошондо биринчи билдим. Мурда өлгөнүн гана билчүмүн! Эх!..»
Атасы баягы каргашалуу күнкүдөй — балдар апасынын түркүгүн жаркыратып, бирок аны апасы көрүүгө үлгүрө албай калган баягы кан жуткурган күнкүдөй — Асылгүлдү бооруна кысып: «Эмне дейсиң!» — деп бакырып алды. Дене-боюн калтырак басып, өзүн токтото албай калчылдап жатты. Анан Асылгүлдү боорунан бошотту да, бир жолу да колу тийбеген, тиймек турсун өйдө карап ооз ачпаган аялын жулмалап кирди. Эч бир аяган жок: башка-көзгө койгулай берди. Аны ый аралаш өкүрүк коштоп, дем берип турду:
— Эмне дейсиң! Эмне дейсиң! Эмне дейсиң!
Жаңы апа кокуйлап өкүрө баштады. Эл чогулуп калышты, экөөнү араң ажыратышты. Жаңы апа — өгөй апа дале алкынып жүрөт:
— Апаңарды жуткансыңар! Ал өлгөн!..
Балдар ыйлап тим болушту. Атасы да ыйлаган…
Жаңы апаны алкынтып эл ары алып кетти. Ал ошол бойдон кайрылып келбеди… «Ошонун эртеси эле атам менен Асылгүл ноокастап төшөккө жатып калган,— деди Абыл каңырыгы түтөп.— Араң. айыгышкан…»
Урмат да аскерден келди. Кийин алар Урматтын уурусун кармап алышты. Урмат кээде апасынын түркүгүн кучактап, аны аяр сылагылап, көзүнөн жашын мончоктотуп ыйлап алуучу. Анан бугу тарап калаар эле. Ал муну эч кимге билдирбөөгө аракеттенип, баарынан жашырып жүргөн. «Мен деле ошентчү эмес белем!— деди Абыл түркүктү сылагылап.— Балким, баары ошентчүдүр?» Айтор алар Урматты кармап алышканда, өздөрүнчө бүлкүлдөп ыйлаган. Бир күнү кечинде Урмат Асылгүлдү бекем кучактап алып, бети-башынан өпкүлөп ыйлады дейсиң! Кимдир бирөө ага жаңы апа менен болгон жаңжалды айтып коюптур…
…Абыл мончоктоп агып жаткан жашын акырын сүртүп койду.
Баары чоңоюшту. Алды беш-алтыдан балалуу болду, Алмагүл, Асылгүлдөр турмушка чыгышып, өздөрүнчө түтүн булатып жүрүшөт. Абыл болсо шаарда иштейт, бала-чакалуу. Анда-санда минтип айлына келип турат. Баары бири-бирине күйүмдүү. Буга эл да ыраазы: «Ушинтишсин! Байкуш Шайымкан күн көрбөй кете бербедиби, балдарынын эр жеткенин көрсө эмне?» — дешип арман кылышат да, шыпшынып коюшат: «Күйүмдүү болбогондо кантишсин байкуштар! Жамандыкты баштарынан көп өткөрүшпөдүбү, бири-бирине апа болуп жүрүп өсүштү го. Аларга келген мүшкүл эч кимге келбесин катыгүн!»
Азыр атасы да жок, апасы менен катарлаш жатат…
Абыл бейиттер жакты карап, ойлуу туруп калды.
Ордунан турду. Түркүктү бир бурулуп карады, кетик анча байкалбай калыптыр. «Түн кирип баратпайбы!» — деди Абыл өзүнчө. Басмак болду. Жүткүндү да, тык токтоду. Күбүрөдү. Өз кобурунан өзү корккондой болду. Артка кетенчиктеди, теңселип келип түркүккө сүйөнүп туруп калды. Араң турат. «Түркүк кайда?! Кайда… кайда… кайда… Түркүк кайда, апасынын түркүгү кайда, тамак куюп берип жатып, апасы сырдана караган түркүк кайда, ак жолтоюм деп атасы аздектеген түркүк кайда, чыркырап коргоп бапестеген түркүгү кайда, жанына жатабыз деп жулмалашкан түркүк кайда, чарчоону унутушуп, оюнду унутушуп жаркыратышкан, аны апасы көрбөй калган түркүк кайда, мээрим болуп төгүлгөн, медер болуп көрүнгөн түркүк кайда, эски үйдөн кетирбей өзүн кара туттурган түркүк кайда, апасын күтүп түн күзөтүп, далай жолу көзү тешиле тиктеп жаткан түркүк кайда, жаркын өмүрдү — апалуу учурду эске салган түркүк кайда, жаңы апага көндүрбөй, баарын өзүнөн карыш жылдырбай койгон түркүк кайда, өлгөн апасын өлтүрбөй үмүт оту болгон түркүк кайда, баарын коргошундай уютуп, бири-бирине күйүмдүү кылган түркүк кайда, атасы кыюуга дити барбай, ал үчүн далай шылтоолорду жаратууга данакер болгон түркүк кайда, Карымшак чалды боздоого мажбурлаган түркүк кайда, бүткүл эл ичинен кан өтүп, сырдуу сылагылаган түркүк кайда, балта тийгенде көзүнөн жашын мончоктотуп киши сымал боздогон түркүк кайда, бири-биринен жашырынып келишип, сылагылап жытташып, бүгүн чыгарышкан түркүк кайда, апасы пир тутуп, жөлөк кылган, баарынын көз жарышына күбө болгон түркүк кайда, бир ыптасы жыргалга, экинчи ыптасы жыласка малынып, кан-сөлүнө бири-бирине келишпес не бир шумдуктарды сиңирген түркүк кайда, түркүк, апасынын түркүгү кайда, кайда апасьша айланган алтын түркүк, кайда, кайда, кайда…
Жаркыратканын апасы көрбөй калган түркүк, апасы менен жаңы үйдү көрбөй калган түркүк кайда… Кайда, кайда, кайда…»
Чымын жаның чыркырап, түнгө айланып кетпе, түркүк, отун болуп жарылып, күлгө айланып кетпе, түркүк?!
Дүйнө ала чакмак болуп турду, аягы асманды карап калды. Абыл башын мыкчыды, ачуу чаңыргысы келди. Чаңыра албады… Азыр эски там жок. Ал жер — айдоо аянты. Качан бузулганын Абыл эстей албай эңгиреп турду. Бир жолу Урматтын баласы мактанган: «Эски үйдүн орду иттей семиз экен. Картөшкө айдасак, түбүнөн бир чакадан чыкты. Килтейген-килтейген картөшкөлөр…» Андан Абыл да жеген. Шаарга да алып барган, көп эле алып келбейсиңби деп аялы жемелеген…
Кайда, кайда, кайда…
Арман, арман, арман…
Абыл өчү бардай башын мыкчып жатты. Ушу мезгилге чейин түркүктү эмне кылгансыңар деп эч кимден сурабагандыгын эстеди… Бир күнү аялы: «Түн бою жөөлүп чыкты. Бир жериң оорудубу?» — деп сурап калды. Абыл түркүктү түш көргөнүн айтты. Ал түркүк эмне экенин оңгулуктуу билбейт экен, Абыл кара терге түшүп жатып араң түшүндүргөн. Мунун эмнеси түшүңө кирет дегендей, Абылды сырдуу караган аялы. Абыл ойго батып, үлүрөйүп отуруп калды. Аялы: «Сени жогорку билимдүү деп ким айтат, илимий атеизмден «беш» алган деп ким айтат?!— деп мыскылдап-каарып алган.— Бир туруп эски үй дейсиң, а дейсиң, бу дейсиң, түшүмө кирди деп эле чочулап жүрөсүң. Түркүктү көрүпсүң, андан эмне?! Эстедиң, анан көрдүң да. Мээнин бырыштарына орноп калат дейт эстегенде, ал уктаганда ойгонот экен. Анан… Ар кайсыны айта берип, мени да жеп бүтүрмөй болдуң». Абыл үлүрөйүп отура берген. Айылга барганда сөзсүз сурайм деп карганган. Андан бери канча жолу барды. Сурабаптыр! Унутуп калган окшойт…
Абыл түркүктү сылагылай берди. Аңгыча кажы-кужу угулду:
— Ой, кана, эч ким жок тура? Чок баскандай өкүрөсүң! Кана!?
«Мени издеп жүрүшөт!— деди Абыл күбүрөп.— Апасын ээрчитип келген окшойт». Ордунан илең-салаң турду да, ары басты. Ыйлап баратты.
— Тигине!—деди жанагы баланын үнү.— Эй бир киши, эй бир киши!
Абыл назар бурган жок.
— Жаагың сын!— деди энеси.— Ушинтип ашаткансың да! Чоңду чоңдой көрбөйсүң!..
— Ооба сага, ашатканым жок, өзү тийишти, атымды түркүк дейт ай…
«Сен билбейт турбайсыңбы, күчүгүм (апасы ичи эзилип жалынганда – күчүгүм дечү эмес беле)!— деди Абыл шыбырап.— Бул — түркүк! Билип ал, түркүк!..»
— Түркүк! — Апасы негедир ачуулана кетти.— Сен эле болсоң жөн каласың!
— Карап коёт ай! — деди бала таарынгандай туйтуңдап.
— Карап! Эмнени?
— Мунучу? — Бала бирдемени көрсөткөнсүдү.
Апасы күлдү. Күлкүсүн тыя албай:
— Карайт да,— деди.— Чоң эле баланын аласы жыртык болсо, анан баары көрүнүп турса… Аны эмне кыла койдуң эле?!
«Билиптир!—деди Абыл таңдана шыбырап.— Туйган тура!..»
— Айрылып калган,— деди бала.
— Айрылып калган! Айрыгансың да!.. Саа эч нерсе түтпөйт ко, темир да түтпөйт. Эртең менен кийгизсе, кечинде эле…
— Ооба сага, өзүң айрып салбадың беле?!— деди бала апасын сүйлөттүрбөй.— Өзү айрып салат да…
— Менби?! Качан?
— Баягындачы. Атам килтейген телебизор алып келгенде, өкүрүп-бакырып, бул тырактириңдин ордуна он шерс жолук келмек деп… Анан шымымды тытып…— Бала ыйламсырай баштады.
Апасы чопулдатып өпкүлөп кирди. Анан башынан сылап жаткансыды. «Ичи эзилип кетти,— деди Абыл эңги-деңги.— Түтпөй кетти окшойт… Сылап жатат: бетинен, башынан…» Бетин тосту, сыдырым жел аймалады. Тосо берди, күтүп жаткандай тосту. «Ал күнү майрам эле,— деди умсуна.— Сүйүнө берчүбүз». Апасы чоң мешке отту күркүрөтө жакчу да, суу жылыгандан кийин, кезмектеп киринтип кирчү. Биринчи Урматты, анан Абылды… Баарын түркүктүн жанына. Баары — жылаңач. Чоң чылапчынга киринтчү. Апасынын колун элестетүүгө жанталашты. Элестете албай койду, бирок жышып жатканын сезгендей болду. Башын тосту, далысын…
Апасынын колу бодуракай эле, тытып кетчүдөй болуп турчу. Бирок сүрө келгенде эле, жупжумшак болуп калчу. Кебез эле. «Мочалкаң эмне?! — деди Абыл улутуна.— Аның…» Кээде аялы экөө балдарын киринтип калганда, Абыл: «Колуң менен эле жышсаң,— дейт жалдырай.— Мочалкаң эмне…» «Ушу менен кантип кир кетсин?! — дейт аялы жылмакай колун силкилдетип.— Мочалка болбосо, киринтпей эле койгон жакшы. Анын үстүнө кол менен сүртүп, этин оорутуп…» Абыл апасынын колун айткысы келет, кайра тартынат, колун шилтеп коёт. Анан апасы ар бирин мештин жанына отургузуп, аппак, таптаза шейшепке ороп койчу. Баштарынан сылап, ар бирин өөп… Негедир ичи эзиле берчү. Баары — жылаңач. «Кийин киринбей калдык.— Абыл дагы улутунду.— Биринчи Урмат бөлүнүп чыкты, аркы үйгө өзү кирине баштады, Мен суу куюп берчүмүн, бара-бара куйдуртпай калды. Өзү жалгыз эле… Анан мен…»
Аялы экөөнүн кер-мур айтышканы аргасыздан эсине түштү. – «Балдар менен кошо барсаң боло мончого,— дейт аялы.— Пивого карап эле колоктоп өзүң жалгыз кетесиң». «Кантип?! — дейт Абыл алаканын жая.— Балдар чоңоюшту да, уят да!..» Аялы аңыраят. Абыл айылда ата-бала түгүл, бир туугандар, атүгүл ага-ининин, ага-ини түгүл анча жакын эмес туугандардын балдары да мончого бирге түшпөстүгүн, бири-биринен уялаарын айтып бууракандайт.
Бул каада негедир Абылга жагат. «Алда кудай ай! — дейт аялы алкылдап.— Ушу айылдан кутулаар күнүң болобу?! Бирдеме болсо эле айыл! Ой, бул жер айыл эмес да, муну шаар дейт!..» Абыл кыжырлана колун шилтеди. Таптаза шейшепке оронуп кыдыракей отурганы, улам бирин өпкүлөп, күйпөлөктөгөн апасы элестеди да, аялынан өч алгандай жеңилдене түштү. Баары— жылаңач. Апасы гана. Кийин-кийин… Кайра селт этти — жылаңач отурушкан ушул эле бир туугандары менен бара-бара кучакташып өбүшпөй калганы капысынан эсине түштү. Мурда бири-бирин эркелетишип, баштарынан сылашып, өпкүлөшүшчү эмес беле! Эми бир жылда бир жолу көрүшүшсө да… Кол алышат. Болгону — ушул. «Асылгүлдү өппөгөнүмө канча жыл болду? Маңдайына колум да тие элек… Эмне үчүн?» Таппады, кимдир бирөөгө нааразы болду. Жан айласы кетип, дендароо болуп турду.
— Качпасам өлтүрүп коймок!—деди аңгыча бала дердеңдеп.— Мени көздөй келатканда эле учуп жөнөдүм. Мас окшойт…
— Сени эмне, мас менен оозантканбы?! — деди энесинин кыжыры кайнап.
— Анда эмнеге атымды түркүк дейт?..
«Бул — түркүк, күчүгүм!» — деди Абыл онтоо аралаш шыбырап.
Бала менен эненин сөздөрү угулбай калды. Абыл кайда барам деген оюн унутуп калды, бет келди кетип баратты. Аңгыча тарсылдаган үндү укту. Токтоп калды. Териштирген жок. Буулукту.
Тарс-турс, тарс-турс, тарс-турс…
Абыл теңселип турду, эңги-деңги абалында бир нерсе оюна түштү — апасынын түркүгүн унутуп баратканын эстеди, балдарынын бирөө да түркүк жөнүндө эч нерсе билбестигин эстеди, аялынын түркүк тууралуу билгиси келбегенин эстеди…
Аркасынан ок жегендей же ары, же бери жыгыла албай, селейип катып калды.
Тарс-турс, тарс-турс, тарс-турс…
Арман, арман, арман…