Бейшебай Усубалиев: Февраль

  • 30.07.2021
  • 4389

АҢГЕМЕ

Жай, күн ысык. Шаар тим эле кайнап жатат. Кеч кирип калса да, ысыктын табы кете элек. Дал ушундай кайнаган күндөрдүн биринде көрүнгөн менен түртүшүп, Медер автобуста араң келатты. Жонунда — бир чанач кымыз, колунда — сумка. Элдин баары эле аны жаман көзү менен карап жаткандай шекилдүү. Боргулданып тердеп да чыкты. Терин аарчыйын дейт, колу бош эмес. Чаначты жерге коюуга болбойт — бирөө жара басчудай. Айласы кетти. Акыры автобустан түшүп калды. Түшөрү менен терин аарчыды. «Көрүнгөнгө жек көрүнбөй, такси менен эле барсам болмок экен»,— деди өзүнчө кобурап.

Кайра өзүнө кыжырдана кетти — таксиге түшсө эле адашып калмай адаты бар. Далай жолу адашты. Келип-кетип жүргөн үйүн деле таппай калат, «быякка бур, тыякка бур» — деп таксистке какшап баратып эле, башка үйгө кабылып калчу. Жөө же автобус менен барса, оңой эле табат, таксиге түштүбү, бүттү, адашканы адашкан. Бул үчүн таксисттер менен кыжыңдашкан күндөрү көп болду. Кызык. Өзүнө өзү күлкүсү келди. Аңгыча издеген үйүнө да келип жетти. «Төртүнчү кабат, 41. Кой эс алып алайын» — деди да, чанач менен сумкасын отургучка койду. Терин аарчып, эч ким көргөн жокпу дегендей эки жакты карады.

Ары жакта бир аял баласы менен келатыптыр. Алардын да колу бош эмес экен. «Базардан келатышкан окшойт кешиги жоктор»,— деп койду аягандай. Тике эле Медерди беттеп келатышат. «Кейпи булар да ушул подъездде турушат окшойт, кой, мен мурда кирип кетейин түртүшүп жаман көрүнбөй» — деди да, көтөрүнүл жолуна түштү. Экинчи кабатка жете бергенде, баягы экөө Медерди басып өтүштү. Экөө тең шектүү карап өттү. Негедир алар үчүнчү кабатта кармалып калышты. Эми Медер басып өттү. Дагы эле шектүү карашты. Төртүнчү кабатка көтөрүлдү да, шыдыр эле сол жактагы эшикти карады. 41. Сүйүнүп кетти.

Чанач менен сумканы жерге коюп, терин аарчыды да, боюн түзөдү. Эки жакты карады, эч ким жок сыяктуу. Өзүнчө кобуранды: «Тигилер үчүнчү кабатта жашайт окшойт». Коңгуроону кылдат басты. Чырылдады. Медерге өтө катуу чырылдагандай, аны коңшулары да угуп койгондой туюлду. Уялып кетти. Жооп болбоду, эч бир дабыш жок. Эшикке кулагын тосту. Жан жоктой. Уктап калышпасын деп ойлоду. Кайра басты. Чырылдады. Дале дабыш чыкпайт. Эшикти карап тура берди. Аңгыча артынан дабыш чыкты. Жалт бурулду, баягы экөө Медерди карап турушат. Медер уялып кетти, жылмайып койду да, коңгуроону кайра басты.

- Сизге ким керек эле? — деди аял сумкасынан ачкычын алып жатып.

- Бул үйдөгүлөр. — Медер колун эшикке жаңсады. — Кайда кеткенин билбейсизби?

- Бул үйдө биз турабыз,— деди аял эшикти ачууга кам уруп. — Сизге ким керек эле?

- Аа... — Медер ыңгайсыздана жылмайды да, жол бошото шашкалактады. — Саламатсызбы!

- Саламатчылык,— деди аял таңдана. — Сизге ким керек эле?

- Булар. — Эшикке башын жаңсады.

- Бул үйдө биз турабыз дебедимби? — деди аял ого бетер таңданып. Эшикти ачты.

Бала жактыра бербегендей Медерди бир карап алды да, үйгө шып кирип кетти.

Аял эмне кыларын билбей туруп калды.

- Сизге ким керек эле? — айласы кеткендей.

- Мен агайга... Мукактанды. — Тиги... Буларды... — Чанач, сумкага колун жаңсады.

- Агайыңыз үйдө жок.

- Жокпу?! — Томсоруп туруп калды. — Кайда болду экен?

- Ишинде да.

- Үйдө эле болом дегенсиди эле... — Медер оңтойсуздана саатын карады. — Жана жолукканбыз. Сүйлөшкөм.

- Эмнени?

Медер жооп таппай буйдалып калды:

- Үйдө эле болом дегендей болгон...

Аял үндөбөй турду, анан эсине түшкөндөй:

- Баса, ал көлгө кетмек!

- Көлгө?! Кайсы?

- Кайсы болмок эле, Ысык-Көлгө да!

- Кантип?! Мен жана эле жолугуп, сүйлөшүп...

- Сиздин сүйлөшкөнүңүздү мен билбеймин! — деди аял ачуулангандай.— Ал бүгүн көлгө кетмек.

- Мама! — деди баягы бала. — Ал эмне торчит этип турат?

- Папаңа келиптир,— деди аял уялгандай.

- Жок дебейсиңби?

- Жок дедим. Десем да, жабышып...

- Интересно!..

Бала өзүнчө кобурана кетти. Медерге сөгүнүп жаткандай туюлду. Ызаланды. Бирок өзүн токтотту.

- Кызык... — деди жалтайлап. — Үйдө эле болом деди эле.

- Унутуп калгандыр.

- Эмнени?

- Көлгө бараарын.

- Кантип?! — Медер таңданды. — Эч жакка кетпейсизби деп сурагандай да болгом. Кетпейм деген.

- Десе дегендир!.. Аял алкылдай баштады. — Жанын койбой жатсаңар кутулат да эптеп...

- Кандайча жанын койбой?!

- Заочниксизби?

- Жок.

- Анда эмне?..

Медер түшүнбөдү. Аялды бүшүркөй карады.

- Анда эмнеге келдиңиз эле?

Медер мукактанды.

- Агай,— деди шашкалактай,— менин агайым болот. Анан...

- Агайыңыз экенин билип жатам,— деди аял мыскылдагандай күлүп.

Медер эмне дээрин билбей калды.

- Мен ушинтип эле,— деди жалтаңдап. — Агайга.

- Агайыңыз үйдө жок деп жатпаймынбы!..

Аял үйгө кирмек болду. Медер жанталаша кыйкырып жиберди:

- Эже, сиз башкача ойлоп жатат окшойсуз... Мен жөн эле. Агайга атайы... Үйдө эле болом деген...

- Десе, жок! Кеткен!..

Аял буркулдап кирип кетти.

Медер бозоруп туруп калды. Сумка менен чаначты көңүлсүз карап койду. Жан айласын таппады. Колун шилтеди. Кетмек болду. Кайра токтоп калды. Атайы келсе... Атасы көз алдынан кетпей туруп алды. Айылдаш бир кишиден тезинен келип кетсин деп, Медерге атасы айттырып жибериптир. «Экзамен берээримди билсе да, эмне үчүн чакыртты? Бир балээ болгон го?» — деп Медер чочулады. Уккан күнү эле жөнөп кетти. Барса, баары эле жайында экен.

- Эмне үчүн чакырттыңар? — деди Медер биресе таңданып, биресе ачууланып. — Экзамен бергени жатсам.

- Низамениң качпайт,— деген тамашакөй атасы бакылдап. — Ушунча жыл темселеп окутуп жүрүп, анан бүтөөрүңдө кулатып салмак беле? Өкүмөттө да мээ бар... Ак ичип, бирдеме татмалап кетсин дедим.

- Ушул үчүн элеби?! — Медердин жаны күйдү,— Бирдемеңер качпайт эле да. Татмаласын деп жердин түбүнөн чакыртып!.. Экзамен бергени жатсам!..

- Жердин түбүнүн да, низамениңдин да маа кереги жок! — Атасы ачуулана кетти. — Маа сенин татмалаганың эсеп!..

Медер үндөй албады, атасын аяды. Кер-мур айтышканын экөө бат эле унутуп калышты. Эт бышканча кемегенин жанында сүйлөшүп отурушту. Эт желгенден кийин да кыйлага сүйлөшүштү... Эртеси атасы короого ээрчитип барды. Казыкта байланып турган семиз кара козуну көрсөтүп:

- Саа деп атайы байлап жүрдүм эле. Союп берейин, маалимдериңе ооз тийгизип кой. Ак тилек эмеспи. Анын үстүнө беш жыл окутту, чокутту. Маалимди кудай да сыйлайт, балам,— деди.

Медер тарткынчыктады:

- Уят ко... Башкача ойлошуп...

- Эмнеге башкача ойлошмок эле? Башкача ойлогондой сен эмне алардан бирдеме сурап барып аттың беле?!

- Бир козуң ошончо мугалимдин кимисине жетмек эле? — деди Медер эптеп кутулууну ойлоп. — Андан көрө...

Атасы сүйлөттүрбөдү:

- Жетпесе бирөөнө бергин. Өзүң жакшы көргөн маалимиңе бер. Атам менен апам атайы берип жиберди де. Ыраазычылыктарын билдиришти де. Балдарыңыз менен бирге ырыс-кешиктүү болушсун деп айтышты де...

- Кечээ бирди, бүгүн бирди союп, миллионер болуп кеткенсиң го, ата? — деди Медер аргасы кеткенде күлүп.

- Ушу сен киши деле болбойсуң го дейм,— деди атасы. — Кара башың турганда мал эмне!.. Аман жүрсөңөр болду, бок дүйнө эмне, бирде ташыйт, бирде какшыйт...

«Аман жүрсөңөр болду!» Атасынын эң көп айткан сөзү — ушу. Тилеги да, тобосу да — ушу. Муну жакшылыкта да айтат, жамандыкта да айтат. Негедир атасы аянычтуу көрүндү. Жетимиш алтыга чыкты!» — деп койду Медер өзүнчө күрсүнүп.

Ошол эле күнү атасы бирөөнү кымызга жиберди. Ал оңоюна карадыбы:

- Флягага эле куйдуртуп, машине менен заматта алып жетип келе койбоймунбу,— деди.

- Пилаги менен жерге кирсин!— деди атасы жер сабап. — Пилагиңдеги кымыз да кымызбы?! Аны кымызды татып көрбөгөн кишиге эле бербесең... Чанач менен алып кел. Өзүм ыштаган чаначка куйдуруп кел. Калыйпага баргын да, Боронзого жөнөгөнү жатыптыр, мыктысынан куюп берсин де. Жанагы жаман эринен сураба, ага баары бир, эптеп эле кутулса болду ал жаман кудай урган...

Атасы ушинтип далайга дейре какшады. Анан өзү ыштаган чаначтарды алып келди да, ар бирин кармап көрүп, өзүнө жаккан экөөнү колуна карматты. Жөнөтүп ийип, козуну союуга киришти. Үйгө келгендердин баарына: «Баягыны Медерге союп берип жатам. Атасынын көрү, кайда калбаган мал!.. Албайм, башкача ойлоп калышат деп туйлайт. Киши болбойбу дейм, кантип башкача ойлосун, же мен ат суратып атпасам?.. Ие айланайын, бу маалимдердин окуучулардан бөлөк тиреги болмок беле?! Бизден кийинки эле ата-энеси ошолор эмеспи. Беш жыл окутса, анан көрбөгөн-билбеген кишидей болуп басып кетсең... Өзүм деле барып, ар биринин колунан кысьш келсем дейм. Тап жок!» — деп барпаңдай берди.

Бул Медерге жакпады:

- Элдин баарына эле жая бересиңби?

- Элге жайбаганда, кимге жаям? — деди атасы күлүп. — Элден жашырып болобу. Же ууру кылып жатпасак... Жакшылыкты баары билиши керек. Батасы тиет. Элдин батасы!.. — Башын чайкай кетти.

Эртеси атасы өзү узатып чыкты. Медерге инисин кошуп берди. Өзүм эле кетем десе, туйлап болбой койду: «Низамендин алдында кыйналып каласың. Бул — бир,— деди күлүп. — Шаарда чилистен болуп жүрүп, кымыз, этти кандай асырашты унутуп калдың. Бул — эки. Бул иниң да шаарды бир көрсөм деп ак эткенден так этип жүрөт. Бул — үч». Медер күлүп, унчукпады. Медерлер узап кеткенче, атасы адатынча какшай берди:

- Жакшылык эмеспи. Уялбай эле алып барып бер. Жетээриң менен алып баргын. Жыттантып алба. Муздак жерге кой. Кымыз бузулбас. Атам менен апам ыраазычылыктарын билдиришти де...

Медер жолду ката ойго батты: «Кимдикине алып барам? Эмне дешет, жаман ойлошпойбу?» Ал айрым курсташтарынын мактанып жатканын кулагы чалып калган: «Алып барып бердим. Кың дешкен жок. Тыртаңдамыш болду дечи... Алар кандай ниетте барышкандарын деле таңазар албаптыр. Болгону аларга бир туруп кыжырданса, кайра суктанчу. Эми өзү минтип... Өзүнчө эле уялат, кайра атасынын айтканын эп көрөт: «Чын эле окутса, тарбияласа... Анан сыйлап койсо эмне болмок эле?..» Атасынын бир сөзү улам-улам жаңырып туруп алды: «Атам менен апам ыраазычылыктарын билдиришти де...» Шаарга каш карайганда келишти. Медер курсташы менен бир кемпирдин үйүндө турчу. Келери менен баарын төкпөй-чачпай айтып, ага кеңеш салды. «Жетекчиңе эле берсең кантет? — деди курсташы. — Калгандары башкача ойлоп жүрүшпөсүн». «Кантип берем, эмне деп берем? —деди Медер. — Же берип жүргөндөрдөн сурап көрсөмбү?» «Келесоосуңбу! — деди курсташы туйлап. — Алар эртең эле сүйүнчүлөшүп, абийириңди айрандай төгүшөөр... Атаң эмне десе, ошону эле айт. Алса алаар, албаса...»

Медер жаткандан кийин да ойго чөктү. Ага агай-эжейлеринин баары эле бирдей. Албетте, айрымдары менен жылдызы каршы дечи. Бирок бүтөрүңдө баары эле бирдей кымбат көрүнүп калат экен. Ар бирин көз алдынан өткөрүп, ылайыктуусун кайрадан издештире баштады. Тигиге берейин дейт, кандай ойлойт деп чочулайт, буга берейин дейт, дагы эле кандай кабыл алат деп санааркайт. «Кой,— деди акыры,—жетекчиме эле берейии. «Силерде согумга жылкы соёт деп угам, чучугуңду деле көрбөдүм же буркураган кымызыңдан ооз тие албадым» — деп кээде оюн-чыны аралаш каңкуулап эле калат... Анын үстүнө үйгө барарымды да айтып кеттим эле...» Ордунан ыргып турду да, кемпирге жалынып-жалбарып жатып этти муздаткычка араң салды. Эртеси окуу жайына барды. Кайсы мугалимди көрбөсүн, атасынын сөзү жаңыра берди: «Атам менен апам ыраазычылыктарын билдиришти де...» Ар бири көзүнө жакшы көрүндү. Баары мээримдүү, баары сылык... Көп өтпөй жетекчи агайына жолукту.

- Иштер кандай, машинкага бердиңби? — деди ал Медерди көрөрү менен.

- Эчак эле бергем. — Медер айтсамбы-айтпасамбы дегендей олку-солку болуп турду да. — Үйгө барып келдим, агай.

- Үйгө? Кайсы?

- Айылгачы?

- Аа... — Башын кайдыгер ийкеп койду.

«Айтпадым беле, унутуп калган окшойт»,— деди Медер өзүнчө.

- Сизге айтпадым беле чакыртыптыр деп,— деди Медер эсине салгысы келип. — Түндө келдим.

- Аа... — Жылмайымыш болуп, башын ийкей кетти, - Унутуп калган окшойм, иш саман, баш адашат... Медер да башын ийкеди. «Эмнеге ийкеп жатам?» — деп ойлоп койду.

- Болуптур,— деди агайы. — Машинкага берсең, иш бүтүптүр. Эми бара бер... — Кетүүгө кам урду.

Агайы өзгөрүп кеткендей туюлду. Күндө тамашалашып жүргөн агайы...

- Агай... — деди жалтаңдап.

- Ии...

- Агай... Атам менен апам... — Мукактанып туруп калды. — Салам айтышты.

Агайы чочуп кетти:

- Кандай салам?! Кимге?..

- Жөн эле... Сизге... — Шашкалактады. — Сиздерге...

- Аа... — Ойлонуп туруп калды. — Саламат болушсун.

«Ыраазычылыктарын билдиришти дешим керек эле!» — деди Медер өзүнө кыжырдана.

Агайы жакшы кал дегендей бир карап алды да, ары басты. Медерге чын эле ал өзгөрүп кеткендей сезилди. Сүрдөдү. Тамашалашып жүргөн агайы. Кошо басканга да даай албай калды. Кете берсемби деди, кайра ойлонуп токтоп калды. Анан бир нерсени унутуп калгандай түр көрсөтүп артынан басты. Сезгендей агайы да кадамын жайлатты, экөө жанаша түшүштү.

- Агай... — деди Медер кысынып. — Үйүңүз кай жерде эле?

- Үйүмбү? — Чочуп кетти. — Менин үйүмбү? Билесиң да.

Медер калп айтты:

- Унутуп калыпмын, агай. Жалпы жонунан билем, номерин... — Мукактанды.

- Менин үйүмдүн эмне кереги бар? — деди агайы таңдана күлүмсүрөп. — Же ишиңде өзүң күдүктөнгөн жерлери барбы? Андай болсо, ушу жерден эле...

- Жок! — Медер шашып кетти. — Тиги... Атам болбой жатып... Бир нерсе...

- Кереги жок! — Медердин эмне дээрин билгендей кесе айтты. — Кереги жок. Ыракмат!..

Медердин шаабайы сууй түштү.

- Агай... — деди жалдырагандай. — Атайы берип жиберишти эле... Агай...

Ойлонуп туруп калды да:

- Болуптур анда,— деди,— эгер атайы...— Сөзүн бүтүрбөй жөнөмөк болуп калды.

Медер сүйүнүп кетти:

- Агай, номери? Үйүңүздүн номери...

- 41.

- Өзүңүз болосузбу?.. Кечиндечи?..

- Болом... — Күлдү. — Болбогондо, талаада түнөмөк белем?..

- Ыракмат...

- «Келесоомун го! — деди Медер өзүнө кыжырдана. — Эмнеге ыракмат айтып жатам?!» Уялгандай агайын карады. Ал Медерге назар бурбастан, эки жакты элеңдеп карап жатыптыр. «Укпай калган окшойт»,— деди Медер сүйүнүп. Агайы үндөбөстөн басып кетти. Медер эдиреңдеди. «Бир балээден кутулдум! — деди кудуңдап. — Эми алып барып бериш гана калды... Ыраазычылыктарын билдиришти дебей калдым,— деди кайра өкүнгөндөй. — Мейли, анан деле айтам да». Кудуңдап сүйүнүп үйгө келди. Этти муздаткычтан алды. Баары — жайында, бүгүн эле союлгандай. Санаасы тынды. Кымызды жонуна салып, сумканы көтөрүп алып, үйдөн кубанычтуу чыкты...

...Атасы кайрадан көз алдына тартылды. Медерлер жөнөй бергенде, аларды ойлуу карап, оозун күбүрөтүп жатканы кадимкидей элестеди. Биресе кыжырданса, биресе аяды. Чыдай албай кетти да, чымыркана коңгуроону кайра басты. Эшикти бала ачты. Ал Медерди көрөр замат, мыйыгынан жылмайып, артына бурулду:

- Мама, баягы киши экен. — Каткырды. — Кетпептир. Интересно!..

Аялы чыкты.

- Кеткен жоксузбу? — деди таңдана.

Медер башын ийкеди.

Аял үндөбөй суроолуу тиктеп туруп калды.

- Эже, - деди Медер жалооруй,— эже, атам атайы агайыңа...

- Агайыңыз жок дебедимби! — деди аял толук сүйлөттүрбөй. — Айтканга түшүнөсүзбү?

- Түшүнөм... Атам атайы... Болбой жатып...

- Эми мени эмне кыл дейсиз? — деди аял аргасы кеткендей алаканын жая. — Агайыңыз жок. Ысык- Көлгө кеткен, бүгүн-эртең келбейт...

Аял бурулуп, жөнөп калды.

- Эже! — деп чыркырап жиберди Медер: -- Эже! — Жалдырады. — Атайы берип жиберди эле. Буларды... — Сумка менен чаначка кодун жаңсады.

Аял аларды эми жаңы көргөндөй алмак-салмак карап алды.

- Ким?

- Атам... Агайыңа бер деп...

- Атаңыз тааныйт бекен?

- Кимди?

- Агайыңыздычы.

- Жок.

- Анда эмнеге?

- Тааныйт! — деди Медер шашкалактап. — Тааныйт, сыртынан тааныйт. Сени окуткан маалимдер кимдер деп жанды койбой сурай берет. — Күлдү. — Барган сайын сурайт... — Эмне дешти билбей буйдалып калды. Анан аял кетип калбасын дегендей алактап: — Байлап жүрүптүр, кыштан бери атайы байлап жүрүптүр. Атайы чакыртыптыр. Барсам, союп берейин, маалимиңе алып барып бер деп болбойт. Жакшы көргөн агайыңа...

Аял жибигенсиди:

- Канчанчы курссуз?

- Бүтүп жатам.

- Аа...

- Анан атам атайы берип жибергенден кийин, ушинтип эле...

- Атаңыз канчада? — деди аял кайдыгер.

- Жетимиштен өтүп калды.

- Жетимиштен?!— Аял аңырайды. — Сиз, эмне, небереси болосузбу?

- Жок,— деди Медер чочуп. — Баласы эле болом. Менден кичүүлөрү да бар.

«Келесоо болуп калгам го,— деди өзүнө кыжырдана,— кичүүлөрүнүн эмне кереги бар буга?»

- Ыя?! — Аял ого бетер аңырайды. — Сизден кичүүлөрү да барбы? Кызык... Эң кичүүсү канчанчы класс?

Медер бир азга буйдала түштү да:

- Алтынчы.

- Алтынчы?! Мына кызык! — Аял күлдү. — Сиз мени тамашалап жаткан жоксузбу?

- Жок!.. Эмнеге? Чын эле алтынчы класс...

- Кызык... Коё турсаңыз... — Аял бир азга ойлонуп туруп калды. — Жетимиштен өтүп калса, алтынчы класс... Значит, алтымыштан өткөндөн кийин... — Сырдуу күлдү.

Медер аялдын эмнени эсептегенин, эмнеге күлгөнүн түшүндү. Анан кичүү карындашы төрөлгөн күн капысынан оюна түштү. Ал күнү кубанышканын айтпа. Медер экскурсияга барбай койгон. Атасы баргын деп кыйнаса да болбой койгон. Демейде кал десе жер тепкилеп ыйлап жатып болбой кетчү экскурсияга... Жолуккандардын баарына: «Апам төрөдү!» - деп сүйүнчүлөй берген.

- Онунчу классты бүтүп жаткандары да барбы? — деди аял ойго баткан Медерге.

- Онунчу классты? — Медер селт этти. — Жок. Андан улуусу — сегизинчи класс.

- Аа...

- Мама! — деди аңгыча баягы бала. — Бери келсеңиз.

Аял эшикти ачык таштап, үйгө кирип кетти.

- Кете элекпи? — деди бала.

- Жок. — Шыбырады. — Кетпей атат.

- Аның бир февраль окшойт. Эшикти ачпай эле койбой...

- Февралың эмне?

- Бир эмес, эки шариги кем окшойт.

- Акырын.— Аял кыткылыктады. —Укса — уят.

- Февраль болбосо кетпейби анан!.. — Бала өкүрдү. — Кетпесе, звонить этем азыр.

- Звант этем? Кимге?

- Досторго... Мурдун былчыйтат...

«Эткин!» — деди Медер өзүнчө кекенип.

- Акырын,— деди аял. — Уят...

Аял кайра келди. Медерге жакындай бергенде, «февраль» деп шыбырады да, жылмайып алды.

- Биз да кетмек элек,— деди аял шашкандай. — Камынып жаттык эле.

- Кайда? —деди Медер ойлонбой.

- Ысык-Көлгө. Агайыңыз бүгүн кеткен. Биз эртең... — Аял Медерди карап калды. Убакытты албай кетсеңиз экен дегендей кылды.

Медер ойлонуп калды.

- Эже... — Сурангандай жалооруду. — Атайы...

- Билип атам,— деди аял сүйлөтпөй. - Агайыңыз жок болсо эмне кылайын, биз дагы кеткени атабыз дебедимби.

Медер кайра ойлонуп калды.

- Анда,— деди жалооруй,— таштап кетейин. Агай жок болсо да, сиздер ооз тийип... Атайы...

- Ооз тийип?! — Аял туйлады. — Кой айланайын, балээге кала албайбыз!..

- Балээге?! Кандайча?..

- Жыртасыңар эшикти! — деди аял кыжырдана. — Эки эселеп сыгып!.. Колко кылып...

Медердин деми сууй түштү.

- Эмнеге колко кылам? — деди ызалана. — Ким колко кылат экен?! Мен мунсуз деле... Мен өзүм эле жакшы окуйм. Мага... — Туталанып сүйлөй албай калды.

- Сизди түшүнүп жатам,— деди аял боор ооругандай жумшара. — Агайыңыздын эмгегин сыйлап келипсиз... — Алаканын жайды. — Жок болсо, эмне кыл дейсиз эми?..

- Сиз,— деди Медер ызасын баса албай. – Сиз жаман ойлобоңуз. Мен өзүм эле жакшы... Атам атайы... Сиз башкача ойлоп... — Мукактанды.

- Түшүнүп жатам дебедимби,— деди аял калп жылмайып. — Жакшы окуйт экенсиз. Агайыңыздын эмгегин сыйлап келипсиз... Жок болсо, эмне кыл дейсиз? — Ойлонуп турду да: — Эмне, аспирантурага өтсөм деген ниетиңиз барбы?

Медер ого бетер ызаланды.

- Жок! — деди кыйкырып. — Аспирантуранын маа кереги жок! Айылга эле кетем...

- Анда... — Аял оозун эптеп келатып, тып токтоду. Сөздү башкага буруп кетти. — Биз кеткени жатабыз, агайыңыз...

- Сиз башкача... — Медер анын сөзүнө назар салбай буулукту. — Түшүнсөңүз, мен жөн эле. Атайы...

- Түшүндүм дебедимби?! — Аял күлдү.

- Ооз тийип койсоңуздар. Агай жок болсо да. Атайы атам...

- Кетебиз дейм! — Аял кайрадан ачуулана баштады. — Бүрсүгүнү, жок, эртең кетебиз. — Сумкага колун жаңсады. — Мунуңуз жөн эле былгып кетет келгиче... Андан көрө жолдошторуңузду чакырып, салып жеп алгыла. Болбосо жөндөн жөн эле былгып..

- Атам атайы... — Медер ыйламсырады. — Сиз башкача... Атайы...

- Атайы болсо эмне кыл дейсиз?! Ыракмат!.. — Аял кыжырдана кыйкырды. — Биз кетебиз дейм! Эдик!..

Бала жүгүрүп келди.

- Эдик,— деди аял балага көзүн ымдап,— айтчы айланайын, эртең кетебиз, ээ... Көлгөчү? Мага ишенбей жатат окшойт.

- Ишенип эле жатам,— деди Медер томсоро...

- Эми белетти көрсөтүш керекпи?!—деди аял Медердин сөзүн угуп-укпай.

- Билетти?! — деди бала кыжырдана. — Эмнеге көрсөтөсүң?! Айткандан кийин кетпейби жөн эле. Кереги жок бизге эчтекенин. — Тынып алды да: - Биз эртең эмес, он бешинде кетебиз, он бешинде!..

Аял дел болуп туруп калды. Медер аны суроолуу карады.

- Барчы ары, ээ! — деди аял балага кыжырдана. — Бээ десе, төө дейт. — Медерди карап, калп жылмайды. — Он бешине бул циркке белет алыптыр болчу. Ошону... — Баланы жаман көзү менен карап калды.

Бала үйгө кирип кетти, кирип баратып «февраль» деп койду кыжырдана.

Экөө бир-бирин тиктешип, үндөбөй туруп калышты. Аял үйгө кирмек болду.

- Эже,— деди Медер жеңилгендей. — Жок дегенде кымыздан кичине куюп берейин. Ооз тийип... Атайы...

Аял үндөбөстөн эшикти ачты. Чанач менен сумканы көтөрүп, Медер артынан ээрчиди.

- Заочниксизби? — деди аял үйгө киргенден кийин.

- Жок,— деди Медер көңүлсүз.

- Анда эмне... — Аял мукактанып туруп калды.— Костюмчан жүрөсүз?..

- Дайым эле... — Медер көйнөкчөн жүргөн маа жарашпайт деп айтканы оозун эптеп келатып, кайра токтоп калды. — Дайыма ушундай жүрөм,— деп койду кайдыгер.

Медер эмне кыларын билбей чаначтын оозун чече баштады. Аял Медерди шектүү карап турду да:

- Эдик, гүлдүү кичинекей мискейди алып келчи,— деди. — Сумканы ачты да, этти жыттап: — Жыттанып кеткен го?

- Жыттанып?! Кечээ эле... Атам...

- Бүгүн туруп калса эле, былгыйт,— деди аял эттен көзүн албай,— барарыңыз менен...

Медер башын көңүлсүз ийкеди. Аңгыча бет маңдайындагы бөлмөнүн эшиги ачылды. «Бала!» —деди Медер кекене шыбырап. Башын көтөрдү. Агайы келатат!..

- Агай! — деди Медер далдырап. Башын чайкап, көзүн ушалай кетти. — Агай... Аг...

- Бул балаң жанды сууруп алчудай,— деди аял эч нерсе билбегендей. — Айтсам болбойт... Тигиндей айтсам да болбойт, мындай айтсам да болбойт...

- Мен саа жакшы эле түшүндүргөндөй болбодум беле?! — деди агайы жактыра бербегендей.— Сен мунсуз эле... Өзүң деле тың эмессиңби...

Бул сөздү укканда, Медер башка жегендей теңселе түштү.

- Агай... — деди шыбырап,— Сиз... Сиз... Атам атайы... — Тили күрмөөгө келбей булдуруктай баштады.

-- Эч кимге айткан жоксуңбу?

Жооп кайтарууга дарамети келбей, Медер теңселе берди.

- Болуптур!— Агайы кекирээ колун шилтеди. Чаначты нукуп: — Мунуң жаңыбы? Каяктыкы деги?

- Жаңы... — деди өзүн жыйнай албай шыбырап. - Булдуруктады. — Соң-Көл... Жаңы... Атам...

- Эти эмне, жыттанып кетиптирби? — деди аялына бурулуп.

- Билбейм,— деди аялы сумканы кайра ачып. Жыттады. Акырын шыбырады. — Жыттанбаптыр деле. Свежий окшойт...

Агайы менен аялы эмне кылалы дегендей тиктешип калышты. Медер дале өзүнө келе албай жатты. Улам бирин карайт да, далдырап жалдырайт. Көзү да, колу да, буту да, бүт тулку бою өзүнүкү эмес сыяктуу: кичине эле кыймылдаса, ажырап-ажырап түшүп калчудай. Бет маңдайында тирүү адамдар эмес, кандайдыр бир жылып жүрүүчү эки элес тургансыйт. Бирөө — сары, экинчиси — мурду кетирекей капкара элес. Алар туманга сүңгүп жок болушту да, анын ордуна атасы пайда болду. Барпаңдаган атасы. Жетине албаган атасы.

- Болуптур анда! — деди агайы манчыркаган калыбында. — Таштап кет. Жанды койчудай түрүң жок. Сумка менен чаначыңды эртең деле алаарсың,— Балага колун жаңсады.—Үйдө тиги бала болот. — Медерди карап, демите:— Муну бир жан да билүүгө тийиш эмес!.. Атаң, да!

Медер дагы башка жегендей болду. Жер көчүп, баш айланат. Өзүнө өзү ээ боло албай эңгирейт. Ушул маалда ал улуп жиберди, анын ичинде кандайдыр бир нерсе улуп-уңшуп жаткансыды. Ал Медерге моюн бербей узакка-узакка улуду. Медер көл-шал болду, негедир эс ала түштү. Анан эсине келе калды да, чаначты шып илип алып, жонуна таштады. Сумканы аялдын колунан жулуп алды да, эшикке жөнөдү.

- Сен кайда?! Эй?! — деди агайы аңырайып.

Медер үндөй албады.

- Нинармальный го? — деди аял.

- Февраль! — Бала каткырды. — Жалдырап кетпей турат да, анан!.. — Каткыра берди.

Медер жүгүрүп түшүп келатты.

Агайы мойнун созуп, өкүм:

- Эй, жин тийдиби?! Кайда?!

Медер дагы үндөй албады.

- Үмтөтпө!— Үн кайрадан жаңырды. — Бүтөрүндө чамгарактап калышат ушинтип. Үмтөтпө! — Өкүрдү. — Дипломдон үмтөтпө дейм!..

- Дипломуңду!.. — деди Медер ый аралаш.

Эшикке атып чыкты. Үйдүн жанында такси токтоп туруптур. Жүгүрүп барды да, суроо-сопкутсуз эле кирип, отуруп калды. Таксист таңдана карап:

- Кайда?

- Ыя?! — Медер чочугандай селт этти. Эсине келип, шашкалактай. — Мен тиги Турусбеков көчөсүнө...

Таксист айдап жөнөдү.

- Шилекейди чууртпай жаап койчу сумкаңды, дос,— деди таксист көп өтпөй.

- Ыя?! — Медер сумкасын карады. Оозу ачык экен. Ачык бойдон көтөрө жөнөгөнүн эстеп уялып кетти. — Аа... — Күлүмүш болду да, жаап койду.

- Жаңы союлган балканактай семиз боруктуку окшойт, ээ? — деди таксист күлүп.

Медер күлүп үндөбөдү.

- Тоонун чөбүн жеп семиргени көрүнүп турат.— Таксист суктана кетти. — Жыты бөлөкчө. Шаардын эти... — Нааразылана колун шилтеди.

- Аа... — Медер кайдыгер башын ийкеди.

- Эмне, үйүндө жок бекен?

- Ким?

- Издеген кишиңчи.

— Жок. Үйүндө эле...

- Анда эмне кайра көтөрүнүп? Же...

- Жок! — деди Медер тигинин эмне дээрин билгендей. — Мен өзүм... Адашып...

Таксист түшүнүктүү дегендей күлдү да:

- Ушу микрорайон дегендериң бир балакет болду го. Бир-бирине коёндой окшош... Анан чал-кемпирлердин концертин көрүп ал. Бир үйгө барат да, кайра чыгат. Так эле ушуга окшогон башка үйгө алып бар дейт, алып барасың, алаканын шак коюп кайра чыгат. Анан күндө келип жүрүп билбейсиң деп мен байкушту беттен алышат... — Таксист башын чайкап, күлө берди.

Медер күлөйүн деп күлө албай койду. Башын көңүлсүз ийкеди. Эки жакты элеңдей карады. Унуткусу келди. Негедир таксист да атасын эске салып эле туруп алды. Көчөдөгү бактар да, үйлөр да, кишилер да атасы болуп кубулуп турду. Атасы көңүлдөн кетпей, жүрөгүн эзип, ээрчип алды. Барпаңдап кубанганы. Чанач тандаганы. Бузуп коёсуңар деп козуну өзү союп, башын да өзү куйкалаганы. Чаначтын оозун байлап бергени. Ойлуу карап узатып калганы. Баары, баары... Эми минтип... Албай койду деп... Эси эңгиреди. Медер титиреп кетти.

- Байке! — деди кайпастап. — Мен тиги эски адрести айтып алыпмын. Мени Бөкөнбаев көчөсүнө...

Таксист күлдү:

- Алдаба,- деди мээримдүү,— мен баары бир билип коём. Бу таксисттериң иттен өткөн жытчыл болуп калат окшойт. Сен чыктың да, түз эле үйүңө баргың келди, анан жолдо келатып жана эле колуктуң менен тытыша кеткениңди эстедиң да, шыдыр эле жүз сексен градуска бурулдуң. Тигиниң көзүңө жакшы көрүнүп кетти. Багыңа жараша, аныңдын күйөөсү үйүндө жок болсо экен эми... Туура айттымбы?

- Кимдин? — деди Медер түшүнө бербей.

- Куубуз, ээ... Көңүлдөшүңдүнчү?

- А-ай, сиз... — Медер чын дитинен күлдү. — Бирок мен аял ала элекмин да...

- Маладес, жарайсың! Албай эле кой.

- Эмне үчүн?

- Мендей таксист болсоң, катынсыз эле өткөнүң оң,— деди таксист оюн-чыны аралаш. — Өмүр бою аялыңа кор болуп, мээңди шишитип жүргүчө... — Колун шилтей кетти.

- Эмнеге?

- Ойлосоң, керээли кечке жыпар жыттуу келишкен келин-кыздарды ташыганың ташыган. Анан өзүң да жыпар жыттуу болуп калат экенсиң. Кечинде шудуңдап үйгө кирип барасың. Кирериң менен аялың жыттайт да, чоң казатты баштайт... — Медерди карап, көзүн кысып койду. — Көрдүңбү дос, андан көрө катыным сокур, жаным тынч деп бойдок эле зоңкулдап жүрө бер!..

Медер күлдү. Жеңилдеп калды. Аңгыча үйгө да жетишти. Беш сом сунду. Таксист секирип кетти:

- Кой дос, мен азырынча абийирден кол жууй элекмин!.. Элүү тыйындык жерге беш сом сунуп, бул эмне, ракета беле?

- Майда жок экен.

- Жок болсо, чөнтөккө уруп кой. Болгондо берээрсиң.

- Сизди кайдан табам?

- Тамаша. Кереги жок. Элүү тыйын эмне!.. Студент окшойсуң... Деги, дос, сен маа жагып калдың. Кулагыңды тосчу бери. — Медер кыңкайды. — Дос, эмне кылсаң да бир керекке жарап чык. Жетет маа ошол. — Каткыра кетти.

Медер да күлдү. Таксист каткырган бойдон жөнөй берди. Медер беш сомун кармап туруп калды. Бул үйдө жаңы эле үйлөнгөн досу турчу. Досун чакырды да, алып келгендерин колуна карматты. Досу чын эле бизге алып келдиңби, же тамашаңбы дегендей бүшүркөй карады. Медерге ошондой сезилди. Жок шылтоолорду айтып, үйгө да кирбей койду. Досу чанач, сумкаларды бошотуп, заматта жетип келди. Анан тамашаңбы, же чыныңбы дегендей дагы шектене карагансыды. Айтор Медерге ушундай туюлду. Көңүлсүз кайтты. Маанайы чөгө баштады. «Билди окшойт,— деди шыбырап,— атайы келбегенимди билди окшойт...» Өзүн жеп баратты. Базарга бурулду. Чөнтөгүндөгү акчаларды алып чыкты да, инисинин жолуна жетерлик теңгени өзүнчө бөлүп койду. Сумка менен чаначты толтурду. Араң көтөрүп баратты. Көңүлсүз. Такыр унута албай койду. Бир туруп атасы, кайра агайы, анан өзүн бүшүркөй караган досу элестейт. Өзгөчө атасы кетпей туруп алды. Чанач тандаган атасы. Бузуп коёсуңар деп козуну өзү союп, башын да өзү куйкалаган атасы. Эрте жеткире көр деп какшап калган атасы. Ойлуу карап, узатып калган атасы... Кулагына улам-улам жаңырды: «Атам менен апам ыраазычылыктарын билдиришти де». Ушул жаңырыктан безилдеп качып келатты, бирок ал өчөшкөндөй бучкактап алды. Үйдүн жанындагы пивоканага кирди. Эмне экенин билбейт, ойлонбой эле кирип кетти. Үч кружканы удаасы менен тартып жиберди. Чыкты. Үйгө жакындай бергенде, боюн түзөдү. Негедир көңүлдүү кирди. Курсташы менен иниси күтүп олтуруптур.

- Атасынын көрү! — деди аларга. — Бардым. Бердим. Жетине алышпайт тим эле... Коньяк, арак сунушат. Ичпейм десем, асман-айга түйүлүп болушпайт. Пиво ичип араң кутулдум... Бир баласы бар экен, таза февраль экен...

- Февралың эмне? — деди курсташы таңдана.

- Бир, жок, эки шариги кем окшойт. Кемчонтойдун Кемчонтоюу экен, бир бөтөлкөнү түгөтө электе эле, экинчисин алып жетип келет да, ичиңиз деп асылып калат. Иче бердим... Андан да чанач, сумканын кур кеткени салтта жок дешип, бирөөнү базарга чуркатканын айтпайсыңбы!.. Көтөрө алсамчы!..

Атасына кат жаза баштады. Башкасы бир тең, ушул бир тең болду — ойлонуп, кыйналып жатып араң жазып бүттү: «Ата, апа, жакшы турасыңарбы? Биз жакшы жеттик. Кымыз да, эт да былкылдаган жок. Агайым абдан ыраазы болду. Силерге салам айтты. Болбой жатышып чанач менен сумкага алма, алмурут, дагы толуп жаткан ымыян-чымыяндарды шыкап беришти...»

- Бул катты сөзсүз атама бергин. Барарың менен бер. Жоготпо! — деди инисине табыштап.

Анан оор жүктөн кутулгандай жата кетти. Кайдагы уйку!.. Биринин артынан бири чуурат. Атасы. Агайы. Үйгө барганы. Аял. Ага жалдырап, жалынганы. Баланын кордогону. Аялдын териштирип сураганы. Такыр ишенбей, шек санаганы. Агайынын бөлмөдөн чыгып келатканын элестетип, титиреп кетти. Манчыркаганычы. Өзүнүн агайынын, шек билдирбей жадырап жүргөн агайынын. Анан үйдөн кете албай, аялга жабышып туруп алганын эстеди. Бүшүркөй караган досу. Жадыраган таксист. Базар. Калпты соктурганычы! Калп мас болгонучу! Акыры кат оюна түштү. Буга кошул-ташыл атасынын сөзү жаңырды; «Атам менен апам ыраазычылыктарын билдиришти де». Атасынын какшап табыштаганын агайына айта албай калганы жүрөгүн эзип жиберди. Чыдай албады. Бүлкүлдөп ыйлай баштады.

— Пивого аябай сугарган окшойт,— деди курсташы Медердин инисине шыбырап,— кызып калтан тура. Так эле менин өзүм экен, мен да кичине эле кызысам ыйлайм. Эмне экенин билбейм, ыйлай берем...

Медер «февраль» деп улам-улам шыбырап, тишин кычыратып жатып, уйкуга кетти...

1983-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз