Орозбек Айтымбетов: Сыркаар

  • 25.03.2023
  • 1447

АҢГЕМЕ

Адыр бозоруп жатат. Алдыда бир тилим кайыштай чубалып, көз огунан улам тайып, учугу нары жактан кайра уланып, кош аяк жол агарат.

Адырбек абышка бүгүн жылдызы түшүп, ойлуу. Кабагы салыңкы, маанайы өзү келаткан боз адырдай ырайсыз. Жол боюнан пырпырап уча качкан талаа чымчыктарына да, кез-кезде аңкилдек атып безип берген боз коёндорго да көңүл бурбайт. Торкашка текиреңдей баскан сайын сыдырым желге кулпура кеткен сыйда жалдан көз албагандай кейпи бар. Бирок ал ары-бери сеңселген ат жалына эмес, кыялында өзүнүн өткөндөгүсүнө кылчайып, артта калган өмүрүнө ичи бышып, бир эсе жүзүн кубаныч чайыса, бир эсе өкүткө батат…

«Эх, айдай болгон Айжаркын! Үр кызы өңдүү жылдыздуу жан го бир. Жашы илгерилеп кетсе да сынынан тайбай, жүзүнө өмүр издери түшкөнү болбосо, бир кездеги сулуулуктун жышааны азыр да түрүнөн жылт-жулт эте калгандай!

Баса, өз аты Сайра боло турган. Бул ысым жүзүнөн нур жанган бийкечке анча коошо берчү эмес… Кийин, тагдырларын бир түйүнгө түйүп, «бир жакадан баш, бир жеңден кол» чыгарып өмүр сүрө баштаган жылдары Адырбек аны «жаркыным», «жаркынайым», «айжаркыным» деп эркелетип жүрүп, акыры өз ысымы биротоло унутулуп, Айжаркын атка конуп кеткен. Бүт айыл урмат эткен ургаачыга бул ысым шай келип эле калган.

Айжаркын дегенде эл сулуулукту, сыпаалыкты, сырданалыкты, адамгерчиликти, изгиликти, уяңдыкты… түшүнчү. Ак маңдай аял бу дүйнөдөгү бүт ыйык, кымбат, асылзаада касиеттердин сереси өңдүү туюлуучу…»

…Аба ырайы бузула баштады.

Адырдын батыш жагынан ичтен кармаган сыркаар жел согуп, асман чарым булуттап, адыр бети ала көлөкө тартып турду.

Абышка кемпири менен өөдө-төмөн болгон жылды эстеди.

«Өмүрдө бири кем… Айжаркын кырк бешке келгиче «согончогу» канабады. Бул экөөнү тең кайгыга салып, купуя жүрөкзаада кылып жүрдү.

Экөө, негедир, бала жөнүндө сүйлөшүшчү эмес. Тукум жөнүндө кеп козгоодон Адырбек да, Айжаркын да айбыкчу. Бири-бирин капа кылып алуудан сактанышчу. Өз ара өктөсүн ичтен сызып жүрө берүү менен чектешчү. Бирок бала деген керемет ар дайым жүрөктүн учунда турчу. Ал дегенде экөө тең ичкен ашын жерге коюп, ак эткенден так этип, наристе экөөнүн тең көзүнөн ушчу.

Узак жылдар бою айтылбай келген сөз Айжаркын кырк бешке, Адырбек элүүгө таяп калган кезде чыкты. Аны билги ургаачы өзү баштады. «Байым, эр ортону болдуң… Туяксыз өтмөксүңбү?..» деген кеп ташталды ортого. Адырбек жүрөгүн өйүп жүргөн нерсеси козголгонго үн дебеди. Мунусу «аның туура, байбиче» деген ниетке тете эле ишараты болучу…

Эл чогулуп, экөөнүн энчисин эки бөлүп, калыстык менен ажыраштырып койду. Өмүр бою көз жаш менен эч бир иши жок келген Айжаркын ошондо бир ыйлады. Аны көрүп Адырбек… Көпчүлүк…

Ажырашкандан тез эле, ага-тууган Адырбекке ыраң-орой жагынан Айжаркындан артык болбосо кем болбогон, нары жаш колукту алып берди. Эркектин үйүнөн кайрадан түтүн булай баштады. Бйрок бу түтүн үй ээсинин оюнда мурдагы түтүнгө көп окшошо бербей турду. Аттиң-ай, десеңчи! Алар отуз жылга жакын бир жаздыкка баш коюп, орозгер тутуп, жыттары сиңишип калган жандар эле да… Адырбектин бир нерсеси кемип калгансып, чыгдан жакта бир ак жоолук отурса да үй ичи коолдоп, эркек бир нерсени жоктогондой болуп, сабыры суз жүрдү. Жаңы аялына ниети анча чаппай, соңку өмүрүнө ыраазы боло бербей, нааразы. Андан да Айжаркын көз алдынан кетпей, сагына баштаганычы?

Жакшы буюм менен жакшы аялга ээ четтен табылат эмеспи. Адырбек төшөк жаңырткандан он күн өтпөй кошуна айылдан Айжаркынга да жуучу келип түштү. Ага эр болчу неме бөлөк-бөтөн бирөө да эмес — Айжаркын кыз кезинде жетпей калган, азыр аялы өлгөн: бирөө болуп чыкты… Муну укканда Адырбектин көздөрү караңгылап, жер астын-үстүн түшүп кеткендей болду. Айласы куруп, кетирген аялы бирөөнө тийип кетээрин ойлогондо өлгүдөй ичи күйүп, ниетинде аны башкага ыраа кыйбай кечке дейре бушайман болуп, акыры… Эгер, ошо кечте кадыркеч Айжаркынына кайрылып келбегенде ал бу өмүрдөгү эң кымбат нерсесинен түбөлүк кол жууп калышы ажеп эмес эле…»

…Батыштан соккон сыркаар күчөй баштады.

Атчан бир коктунун аягынан өтүп, кайра мелмилдеп жаткан боз адырга түштү. Жол эми жалгыз аяк тартып, какшып жаткан сайлардын этегин тепсей кетти.

Торкашка лепилдеп, басыгы бир калыпта. Кээде шелп-шелп желет. Ошого жараша туягынын дүбүртү да өзгөрөт.

Абышка «дагы канча калды?» дегенчелик кылгандай алды жагын улам карап коёт. А көңүлүндө өткөн окуя…

«Ошол эле жылы… Айжаркын айылдын төмөн жагындагы Боронбай деген мындайраак агасынын үч айлык баласын багып ады. Ымыркайга узакка күткөн жылуу үмүттүн сереси өңдөнгөн Тилек деген ат коюлду. Жабагы союлуп, той берилди. Шаң салтанат болду.

Наристе деген наристе, ал канчалык көзгө көрүнгөн сайын, булдурап тили чыккан сайын ысык көрүнөт, боор эт менен тең болот. Төтөн, аның асыранды болсо ич тардыгың да тоодой. «Эл оозунда элек жок». Чоңоё түшкөндө бирөө болбосо бирөө ата-тегин айтып коюп жүрбөсүн?» деген кыйдылыгың да жүрөгүңдө. Баарынан ушу коркунучтуу, ушул кооптуу. Бала анын шегин билди дегиче, аны асыраган, ысык-суугуна күйгөн бардык мээнетиң тоз түшөт да калат.

Адырбек мындан катуу сактанды. Бир кадам да жер бастырбай, бооруна кысып чоңойткон баласын бакан ооздон аябай коруду. Андан да кызыгы — баласына болгон ич тарлыгынан улам бир ирет айылдан биротоло көчүп кетип — анысы Боромбайдан оолак жүрөйүн дегени — эки жылдай башка жактарда жүрүп, дегинкиси, чет жерге аялы экөө тең көнө албай, туулуп өскөн жер көздөн учуп, чүнчүп болгон кезде кайра көчүп келип тынды.

Ойноо бала жаны тынбайт. Эдиреңдеп, туш келди көчөгө чуркайт. А Адырбек абышка анын артында. Бирөөлөрдүн тили тийбесе экен, бирөөлөр чоңдугун салып уруп койбосо экен, суук сөз айтып ийбесе экен деп сак-сактайт. Кээде аларга кошулуп ойноп, бала менен бала болуп кетет. Атасы жанында жүргөн эрке бала ой-боюнча тайраңдайт. Балдарга тийишет, сөгөт… Ал анткен сайын атанын ичи элжиреп, негедир жетине албай калат. Баланын ичсе ашы даяр, кийсе кийими даяр. Апасы да, атасы да анын көзү менен тең айланат.

Боронбай Адырбектин башта чогуу ичип, чогуу турган эле бир ысык курдашы боло турган. Бул ынактык Адырбек балалуу болгондон кийин түп орду менен өзгөрдү. Адырбек Боронбай менен негедир кас болуп чыга келди. Албетте, анын баары тең балага болгон ич тардыктан, кыйдылыктан болуп жатканын Боронбай түшүнчү да, тим болуп калчу. Адырбектин баласын көрсө да көрмөксөн болчу. Бирок атада балага деген тубаса жакындык болот ко? Чамбылала болуп ойноп жүргөн жеринен көкүрөк күчүгүн көргөн сайын ичи элжиреп, аны эркелетип, бооруна бе-ек кысып туруп, чекесинен өөп… өөп алгысы келчү. Ошентсе да бул эңшерилме талабын азыркы кырдаал жеңип, анте албай, бирөөгө берилген кан-жанын айласы жогунан байкамаксанга салчу.

Кээде, баланы Айжаркындай курбусуна ыраа кыйып койгон аялына катуу жини келчү. Эчен ирет үйүнө туталанып барган учуру да болгон. Андай кезде аялы анын буркан-шаркан түшкөн өктөсүн кыраа насаат менен кагып койчу. Акыл кепке бир урунуп алган соң өмүр бою бала көрбөй келген Адырбек менен Айжаркынга кайра боору оруп, «э, мейличи…» деп тынчып калчу. А жыл өткөн сайын башка балдарына алаксып, Тилекти көргөндө «а, ушундай эле…» деп ичинен ойлоп койгону болбосо, оюнда арамдыгы жок болучу. Адырбекке учурап калганында алик алышчу да, ал-жай сурашчу эмес. Себеби, ошенте баштаса эле Адырбектин кыйдылыгы күчөп, «э, кантсе да ичтен чыккан ийри жылаанына боор толгоп атат окшойт бу» деген арамза ойго кетип, кабагы чытыла баштачу.

Мектепке баргыча төмөнкү айылга тап жылбаган бала эми окушка каттай баштады. Адырбектин корумайы да эки эсе күчөп кетти. Себеби, аякта чоң класстарда окуган Боронбайдын балдары, кыздары. Алар ымыркайды Айжаркын эжеси көтөрүп кеткенин жакшы билишчү. Бир кезде «бөбөгүбүздү бергиле!» деп, чөбүрөп келген да ошолор…

Адырбектин Боронбайдын аялына чоң ыраазычылыгы бар. Демекчи, балалуу кылган да ошо. Балдары Адырбектин короосуна ымыркайды доолап келген сайын чыбык менен чыпылдатып, алдына салып айдап кетип жүрүп, аларды тыйган да ошо.

А Боронбай Адырбек үчүн эмдигиче түшүнүксүз бойдон калды. Анын баамында ушу кезге чейин түп ниетин ага билдирбеген тейде тымпыйып келет. Мындан бечара Адырбек катуу чочулайт. Кейде, Боронбай баласын азыр эле кирип келип тартып кетчүдөй күрүнөт. Ошондой ой тооруган сайын байкуш Адырбекте жан жок.

«Толгон жерден мектептин төмөнкү айылга, болгондо да Боронбайдын үйүнүн тушуна салынып калганын кара?!» деп ичинен ачуулана кетет Адырбек, баласын мектепке топойтуп өңөрүп келатып… Корккону Боронбайдын балдары. «Эси жок балдар айтып койсо не болот?» деп кабатырланат.

Ооба, бир ирет… Балдар окуштан тарап калган кезде демейдегидей эле Тилегин алганы келсе, көзүң жамандыкты көрбөсүн, Боронбайдын бир баласы, бир кызы Тилектин жанында. Аны көрө сала Адырбектин жүрөгү оозунан атып кете жаздады. Бери жактан эле добуш салып, атын тездете бастарды. Жете бергенде тигилер Тилекти калтырып, ары жакка чуркап кетишти.

Элтейип, атасын карап калган Тилектин колунда бир кочуш момпосуй…

— Ким берди? — деди эңкее берип.

— Те… те… — Бала кекечтенип калды.

— «Те» нин аты ким?!

— …

— Ыргыт!

Шашып калган бала колундагыны чачып ийди.

— Бирөөнүн бергенин албай жүр дебедим беле?

Баланы жерден эңип алды.

«Атаңгөрү-ай, айтып коюшкан го?». Көңүлү кароолонот. Кыйдыланат.

— Сага бу балдар эмне дейт?

— Эчтеке.

— Бу кимдин балдары?

— Боронбайдын.

— Боронбай деген жаман киши. «Жаман кишинин балдары менен ойнобо, бергенин алба» дебедим беле?!

— Албайм.

— Боронбай жаман киши!

— Боронбай жаман киши.

— Боронбайдын атасын оозуга-урайын!

— Боронбайдын атасыгозугурайын…

Тилек атасын туурап «жаман» Боронбайды, анын «жаман балдарын» сөгө баштайт.

Бечара Адырбектин ошондо гана жүрөгү ордуна келип, баласынын бузук сөз укпаганына эми ишенип, Тилегин өөп-жыттап, аттын оозун дүкөнгө бурат. А жерден акчанын көзүнө карабай ага каалаганын алып берет».

…Атчан түш ченде суусу шаркырап аккан кең өзөнгө жетти.

Өзөн ичи — кыздай сулуу токой. Жылгын, түркүн тал, долоно, карагат, жапайы алма өскөн өзөндө суу мол болгондуктан али жашыл тартып жатат. Кей жери сапсары, кей жери кыпкызыл, кей жери чымкый күрөң, кей жери кызгылт күрөң…

Жалбырактар али күбүлүп болгон эмес.

Жапайы жер-жемиштер небак бышып, кыйгыл ис көңкүп турган токкой ичине күбүлүп калган.

Өзөн ичи кеч күз жыттанат.

Жолоочу эми токой арасындагы чыйыр менен өзөн өрдөп жөнөдү. Ал алиги ой учугунан али арыла албады. Токой ичинде, ары- бери салпаңдап учкан карга-кузгундар да бүгүн тынчы кетип, жанын коёрго жер таппагандай.

«Бала көп машакат менен чоңойду. Ымыркайында суук тие калып, кытылдап жөтөлүп, эти ысып, үйдөгүлөрдүн мазесин алганы канча? Ошенткен сайын наристенин ар бир жөтөлү Адырбектин жанына батып, көңүлүнө бычак болуп сайылып…

Ошо көп машакаттын эстен кетпей калган эки элеси али да карегинде…

Тилек бешинчиден окуп атканда болсо керек. Бир күнү үйгө ыйлап келди: «Казантөштүн баласы «Сен Боронбайдын баласысың» деп айтты деп… Адырбектин көңүлү караңгылады. «Эмне дейт!» деп айкырды. Тилекти дегдеңдетип жетелеп, буркан-шаркан түшүп, жөнөп берди.

Барса Казантөш узанып, короосунда жүрүптүр. Баласы окуудан жаңы эле келип, үйүндө экен.

— Мунун атасын таап бергиле?! — деп чаңырды Адырбек.

Казантөш делдее калды.

Адырбек: «Жанагы сенин молокоюң…» деп келатканда Казантөш «Ит болгон экен, ээ!» деп кагынып алды. Адырбектен бешбетер ачууланып, баласын сүйрөп чыгып, тигилердин көз алдында жаак талаштыра берип калды. Каны ичине тартып, ант ичкендей кумсарып алган. «Кана, мунун атасы ким экен?!» деп сурданды Казантөш баласына Тилекти көрсөтүп. Анысы элеңдеп, жаны чыгып бүжүрөйт. Ууртунан бир тамчы кан жылжыйт. «Айт, бу кимдин баласы экен-нин!» Казантөш уулун жана берип калды. Баласы темтеңдей түшкөндө да бир шилтеп, жаткыра чапты. «Атакебай… атакебай…». Күнөкор ый аралаш безилдейт. А Казантөш дагы эле зирпилдейт: «Айт, иттин баласы! Айт дейм…»

Азыркы эле Казантөштүн колуна өлүп берчүдөй баштанган Адырбек эми тигилерди арачалай албай же тим коё албай, катуу уялып калды. Эмне дээрин билбей дал болуп турду.

— Э, Адыке, бала балалык кылып коюптур,— деди Казантөш уулун жазалап болуп. — Оюңа алба…

Адырбек бу сөзгө да не деп жооп берээрин билбей баш ийкегилей берди.

Бу кокустук алгачкы жана акыркы бойдон калды.

А экинчи бир эстен кетпей калган нерсе — Тилек жетинчиден окуп атканда болсо керек эле.

Окуучулар түштөн кийин чарбага жардам бергени кетишчү. Дал ошондой күндөрдүн биринде Тилек өзүнөн чоң бир баладан таяк жеп, жетип келбеспи.

Күндүн аптабы али кайталек, күз эле. Адырбек жеңилденип алып, боз үйдө чай ичип олтурган. Айжаркын экөө күйөөгө качып кеткен кошунанын кызы жөнүндө кеп уруп, бейкапар. Ошо тапта боз үйдүн түрүлүү эшигинен үңүлдөп ыйлап келаткан Тилек көрүндү. Мурду канаганбы, оозунун тегереги кызылала.

Адырбектин итатайы тутула калды. Ордунан атып турду. «Ой, эмне болду? Саа ким тийди?» деп алдынан тосо чыкты. «Тегирменчинин баласы…» — деди Тилек атасын көргөндө эреркеп. Бөйрөгү бүлкүлдөп ого бетер элирип ыйлады. Адырбек ачууга алдырып: «Ал боорору кайда жүрөт?!» деп доо козгой бир айкырып алганы гана эсинде. Кийин байкаса тээ ле көлдүн жээгинде, токойдун четинде, кыз-кыркындар, уландар чөп чөмөлөп жүргөн жерде бакырып-өкүрүп жүрүптүр. Көйнөк-дамбалчан. Жылаңайлак-жылаңбаш. Издегени тегирменчинин баласы, артында Тилек…»

… Атчан жалган бешим болуп калган маалда те тоо этегинен өзү барчу кыштоону көрдү. Эми атын мурдагыдан да тездете бастырды.

Бара-бара кыздай сулуу токой сээлдеп, майда бадал башталды.

Батыштан соккон сыркаар ыркыраган караандай шамалга айланчудай түрү бар. Асмандагы булуттар мурдагыдан да катуу куюкканына караганда жакында басыла койбойт. Бирок өзөн ичи төмөндө калган жылаңач адырга караганда бир топ ыктоо.

Батыш жаккы кырдын көлөкөсү өзөндүн таманына түшө баштады.

Бадалдар кыр ашып тийген эпкинден жапырт чайпалып турду.

Суу боюнда, топ-топ болуп өскөн ит мурундардын арасындагы чакан айдыңдарда тизеден узарып кеткен чөптөрдүн баштары төмөн карай ийилип, дирилдеп, толкуп жатты.

Ат жалы желге сапырыла берди.

«Тилек онунчуга келгенде кадимкидей эс тартып, киши болуп калды. Оокатка бүйрө.

Бала тез токтолду. Анын да өз себеби, кырдаалы болбой койгон жок…

Адырбек абышка баарына ыраазы, бир гана… «Атаңгөрү-ээй, Тилеги Боронбайдын балдарынын эле өзү. Аларга куюп койгондой окшош. Айрып алгыс. Жок дегенде өңү башкача болуп калганда эмне?» деп ичи тарыйт. «Өзү муну сезет болду бекен?».

Ооба, Тилек аны эң жакшы билчү. Өзүн күзгүдөн көрүп, Боронбайдын балдарына ушунчалык окшоштугуна таң калчу. Казантөштүн баласынын бир кездеги кеби эсине түшкөндө жүрөгү зарпылдачу. Негедир коркчу. Анын антип бушайман болуп жүргөнүн кексе кары жүрөгү менен туйчу.

Үйдөгүлөрдүн эч кимиси Боромбай жана анын бүлөсү тууралуу сөз козгоочу эмес. Андай сөздөн Айжаркын да, Тилек да кашчу. Айтмакчы, Тилек андай сөздөн гана эмес, айылдын төмөн жагына Боромбайдын үйүнө жакын баргандан да коркчу. Барса эле, бирөөлөр аны кармап алып Боромбайдын үйүнө киргизип берчүдөй сактанчу. Кейде, көчөдөн Боромбай алдынан чыгып калган учурда бир балээни жүрөгү катуу туюп, жаны чыгып, өтүп кеткиче шашчу. Андайда жүрөгү опкоолжуп, кагып берчү. Боромбай, «Эй, Тилек, коё турчу, сүйлөшөлү. Сен менин… Кызыл эт кезиңде Адырбек асырап алган» деп айтып ийчүдөй кыпылдачу. Жанына күч келгенин мындан бил, тердеп кетүүчү.

Окуштан келгенден кийин көчөгө көп деле чыкчу эмес. Үй оокатка каралашып, эртеңки сабагына даярданчу, китеп окучу… Ушунданбы, айтор, кийинчерээк зээндүү тартып кетти…».

…Абышка кеч бешим болуп калган кезде кыштоого чукулдай берди. Өзөндүн оң жакы колтугунан бир таш короо, анын жанынан боз үй, бир чатыр көрүндү. Боз үй чабандыкы, чатыры койчунуку. Экөөнө тең меш коюлгандыктан боз үйдүн түндүгүнөн, чатырдын үстүнөн кернейлер сороёт. Түтүн булайт. Аны сыркаар жел тез эле жулмалап, кичинекей нерсени жүндөй тытып чоңойтуп иет. Түтүн өзөн ылдый куюгуп, абага жайылып кетет.

Тоо чокуларын кыңайып кеткен күн нуру аяр сылап турат. Коктуларга, капчыгайларга, өзөндөргө батыштагы калдайган тоонун көлөкөсү түшүп калган.

Булуттардын четтери алма кызгылт тарта баштаган.

Тоо койну суук.

Абышка атын дагы тездете бастырды. Теминип, камчы жазгады. Аттын ооздугу тиш арасында шарактай түшүп, торкашка желе кетти. Желген сайын аттын курсагы «өөк…өөк…» этип ачка болгондугунан кабар берип турду.

«Адеген жылы конкурстан кулады… Бир жыл айылда иштеп, китептен баш көтөрбөй даярданып жүрүп, кийинки жылы дарыгерлик институтуна өттү. Буга Адырбек абышка да, Айжаркын да төбөсү көккө жете кубанды. Бирок Тилек окууга кеткенден кийин үй ээнсиреп, алар тигини кадимкидей жоктоп жүрүштү. А бир ай өтпөй Тилекти сагына башташты.

Куржун көзүн эт-ашка толтуруп, шаарга барып жүрүштү. А майрамдарда баласы өзү келчү. Келген сайын ата-эне сары майдай сактаганын анын оозуна кармап, бөпөлөчү. Кетээрде чөнтөгүнө тыйын-тыпыр салып узатчу… Бирок бала жогору курстарга өткөн сайын тыйынга муктаждыгы да арта баштады. Абышка карылыктын эс алуусуна өткөнүнө он жылдай болгон. Эми, Тилекке каралап, үч жылдан бери малчыларга боштоочу.

Тилектин акчага муктаждыгы артканынын да мааниси бар. Абышканын угушуна караганда ал бир кыз менен сүйлөшүп жүргөндөй…»

Алды жактан ит үрдү.

Боз үйдөн чабандын жубайы чыкты.

Абышка амандаша сала, бөктөрүнүп келаткан куржун көзүнүн килтин чечип, аларга тиешелүү кезит, журналын алып берди да, «түшүп даам ооз тийиңиз» деген келин баланын өтүнүчүнө: «Кагылайын-ай, шашып турам… Жүрөгүмө тамак баспайт…» деген болду. Узай берерде «боштоону эрте жарыкта таратып бүтөйүн…» деген үнү чыкты.

Аял колундагы аманат кагаздарды кармалаган тейде таң калды: «Э-кызыкеч, Адырбек абышкага бүгүн не болгон?». Демейде өзү ле аттан түшүп, шашпай чай-пай ичип аттанчу боштоочуну аркы каптал жолго жеткиче карап турду…

Боштоочу эми өзү өрдөп келген өзөндүн кырына чыкты да комдонуп жаткан кырка тоону этектеп, какыр сайларды аралап, батышка бет алды. Өзүнүн алдан тая ачка болгонун ошондо сезди. Өзүндөй эле аты да эске түштү…

Чай кайнам өтпөй экинчи кыштоого жетти.

«Кагылайын-ай, шашып турам. Жүрөгүмө тамак баспайт…» деди абышка боштоону берип жатып…

Тушалган аттын басыгындай гана келте жол жүрүп өткөнүнө чарчагандай болгон ноябрдын кыска күнү тээ алыста кербезденип жаткан Кочкор тоолорунун кыл чокуларында кылкылдап турду.

Батышта алма кызгылт булуттар уюп калган…

Адырбек абышка Жантай курдашыныкына кой короологон маалда гана жетти. Ит үрүп, ага удаа ле ак сакалын жайкалтып, боз үйдөн Жантай чыга келди. Боштоочуну көрө сала тамаша чыгарды…

Торкашкага жем баштык илинди.

Үйгө киришти. Айымкан байбиче жылуу тосуп алды. Кой көң дуулдап күйгөн меште чайнек шарактап кайнап аткан экен, дасторкон салынды. Көңдүн чогуна бышкан, көмөшдандан жаңы ле чыгарылган, буусу буркураган ысык нан коюлду. Айым байбиче чыгдан ичинен сары май томуруп келди. Дасторконго кант чачты.

— Ырас келипсиң, Адыке,— деди байбиче Адырбекке сүт чай сунуп. — Бая өзүң көрүп жүргөн сарала өгүздү кечээ согумга союп алдык. Жакшы байлаган экенбиз…

Адырбек абышка негедир шашып турду. Ошондон улам байбиченин кебине деле анча көңүл бөлбөдү. «Э, ырас болгон тура» деп көңүл улаган болду.

— Карагулдун бээсинен үлүш алганда да мейман болбой кеттиң  эле,— деди Жантай курдашы таарыныч кыла. — Андан саа сактаган чучук, сүр дале турат.

— Кагылайындар-ай, шашып турам,— деди Адырбек абышка шорулдатып чай ууртап. — Конуп, үлпөт көрүп кетүүнү ким эле жаман көрсүн? Жүрөгүмө тамак баспайт…— деди. Анан бир азга буйдала калып, ичинен келме келтирип алды. — Кемпирим табында эмес. — Сароору болуп жүргөн кемпирин эстегенде мүңкүрөй калды.

Жантай курдашы да, Айым байбиче да бир нерсени сезгендей элтее берди.

— Суукка карматып койгонбу? — деди Адырбек тигилердин соболуна.

Үй ичи жымжырт тарта түштү. Жантай боштоочунун аябай арыктаган кебетесин, жаак эттери шимилген кубакай жүзүн, нан чайнаган сайын кемшеңдей кеткен жаактарын, өтө эле сейрек, бириндеген сакалын, карылыктан болсо керек, саал бүкүрөйүңкү тарткан ийиндерин, тарамыштары сыртына тепкен арык колдорун көз кыйыгын салып карады.

Тапка кызарып бышкан нандан сындырып оозуна салган сайын андан жагымдуу ысык буу бур-р этип, токочтун эң бир улук даамы келип, кантсе да бириндеп калган тиш арасында жакшы чайналбай, бүйлөсүнөн бүйлөсүнө чуркатып, чайдан ууртап, жибий түшкөн нанды таңдайына салып соруа, ыракаттангандай отурду Адырбек абышка. Көкүрөгүнүн учунда ой: «Нан — падыша».

Да бир-эки чыныдан чай ичилди.

— Бая уулуң окуусун бүтүп калды, ээ? — деп абай унчугуп сурады Жантай курдашы.

— Ооба, келерки жазда бүтөт, кагылайын…

Жантай экинчи ирет ал жөнүндө сураган жок. Негедир айбыкты. Жогорку суроону да кыйнала-кыстала араң берген. Эми жаранын оозун олуп албайын дедиби, унчукпады.

Кийинки эки жылдан бери Тилек жөнүндө айлапада түркүн имиштер чыга баштаган. «Байкуш абышка-кемпирдин» баккан эле убарасы экен. Ал чычым өз атасы ким экенин кичине кезинен эле билет экен. Бирок элден уялганынан эле Адырбек абышканын үйүндө жүрө бериптир. Ана, шаарга барары менен аякта окуган Боромбайдын балдарын биртууган кылып кетти дейт. Алар менен кучакташып эле калаада бир жүрөт дейт. Өз атасы менен да эбак табышып алган өңдөнөт. Азыр Адырбек абышканын үйүнө тыйын-тыпырын алыш үчүн эле келип-кетет имиш. Боромбай шаарга барган сайын ага жолугуп, жең алдынан каралашып жүрүптүр. Азыр алар элден-журттан уялганынан эле араң турат дейт. Адырбек абышка менен Айжаркындын көзү өтөрү менен эле «Мен Боромбайдын баласымын» деп төш кагып чыга келет экен…» деген өңдүү ушак жайылган. Бул, албетте, азыр чай ичип отурган Жантай менен анын кемпирине да маалым. Тилек туурасында башка кеп козгобой койгондорунун себеби да ушу.

— Жаке,— деди Адырбек абышка дасторконго бата кылгандан кийин. — Үстүңкү чабанга бүгүн жете алчудай эмесмин. Боштоону саа таштап кетсем берип коё алар белең?

— Бербегенде. Эртең жайыттан жолугабыз да.

Адырбектин кой-айына карабай Айымкан байбиче эт чүйгүндөп ороп, бөктөрүнүп жүргөн куржунунун бошоп калган көзүнө салып берди.

Кеч кирээк менен батыштан соккон сыркаар те ак кар, көк муздуу ашуу тараптан болгон сыркаарга оогон.

Тоо ичин ымырт басып келатты.

Бошточу тез эле үшүй баштады. Тонун дагы кымтылына курчанды.

Чын эле бүгүн Адырбек абышкага не болгон? Анын мынчалык шаштысын алган, кыялын кыйсыпыр түшүргөн эмне?

Адырбек абышка да жогорудагыдай имиштерден кур эмес. Адегенде уккан кулагына ишенбей жүрдү. «Э, бу мобу ле үңкүңдөп ушак айткан катындардын апыртмасы» деп, моюн бербеди. Баласы келген сайын байкап да, маектеше келгенде «жыландын башын» башбактатып да көрдү. Бирок элдин кебине ишенгидей жосун таба албады.

Тилек окууга жаңы өткөндө айылга тез-тез каттап турар эле. Балким, бул өскөн жерди сагынгандыктан улам болсо керек. Бирок кийин шаарга көнө баштадыбы, айылга эки айда, үч айда бир каттап, а кийин майрам күндөрүн да шаарда өткөрүп, кышкы жана жайкы каникул күндөрүндө гана келмей болуп алган. Муну Адырбек абышка ниетинде Тилектин сүйлөшкөн кызына жоруп жүрдү. «А-кагылайындар, майрамды чогуу өткөрөлү деп чечишкеи го» деп, жалыныч аралаш ой чубайт. Бирок кээде жалгыз ойлонуп отуруп, Тидектин үйгө такыр эле аз келерин, кийинки күндөрдө «тиге жетпейт, буга жетпейт» деп мурдагыдай көп акча сурабай да калганын эстеп, «Атаңгөрү-ээй, бу чын эле ата-тегин таап алган болсочу?..» деп шектене баштайт. Бул шектенүүгө бир «жем салды» бар…

Тилек жаңыдан окуй баштаганда анча деле көп сөлкөбай сурачу эмес. Бул бир-эки жыл айланып алгандан кийин болду. Кээде өзү келип, кээде кат жазып жүз сомдон алып кетип турду. Буга, калп айткан менен болобу, Адырбек абышка баласы бир азамат болуп кеткенсип, төбөсү көккө жете кубанчу. Элге айтып мактанчу. Бирок үчүнчү-төртүнчү курстардан бала мурдагы жүз сомго алымсынбай калды. Анын үстүнө бала тез-тез сурай турган болуп алды. Ырас, Адырбек абышка андан эч нерсесин аяган жок. Баласы келген же суранган катын алган сайын жетине албай, колундагы малын болсо да сатып, таап бере турган. Бара-бара абышка-кемпирдин короосу карарып, үстү-башы жукара баштады. Мурдагыдай дардаңдап, калың кызылдарды кочуштап бере албай турган болду. Боштоочулукка алган болор-болбос жалыйнасы баласынын муктаждыгына жугум да болбойт… Ошондон улам болсо керек, бир жолу Адырбек абышка тыйын-тыпыр алганы келген баласына эмки ал-жайды түшүндүрүп отурду.

Бала: «кантип эле?» дегенчелик кылгандай анча ишене бербеди. Адырбек «мал-салды сатып болгонун, кийин айыл-апага карыздар болуп алганын, бирок ошондой болсо да керек десе дагы эле карыздап таап бере берээрин, баласынан эч нерсе аябай тургандыгын…» билдирди. Бала буга ак да, көк да дебеди. Ой басып кал гандай болду…

«Ошондо баласынын сынып же шаабайы сууп калгандай кейпи бар беле?». Адырбек абышка алдын улам карап коюп, үстөккө-босток теминет. Калдайган тоолордун карааны көрүнөт. «Жок, эч шаабайы сууган эмес,— дейт экинчи кыялы. — Акыл-эстүү бала эмеспи, бир аз уялып калгандай болгон». Бирок арылай түшкөндөн кийин эле абышканы кыйды ойлор кайрадан этектеи алат. «Кудай урганда, ал-жайды түшүндүрбөй эле койбой? Чын эле көңүлү сууп калды бейм? Антпесе кат жазат эле го? Ал-жайын билдирет эле го? Жок дегенде мурдагысындай тыйын-тыпыр сурайт эле го?» Абышка түркүн ойлор менен алпураша берет. «Э, алжыган чал,— дейт кыйды ою. — Сага неге кат жазсын, өз атасын таап алса? Сенден неге тыйын сурасын, өз атасынан алып атса?» Абышканын ниетине ушулар келгенде көңүлү караңгылай түшөт. Тез эле бечаранын түрүн кийип калат…

А бүгүнкү өктөсү андан да жаман… Абышканын жан дүйнөсүнө бүлүк салып, тагдырга нааразылыгын арттырып, шаштысын кетирген ошол. Жана Жантайдын үйүндө олтуруп, бир ирет мүңкүрөй калды го? Кемпири анчейин, ага кейиген жок. Башкага мүңкүрөдү. Кийин уккан эң жаман каңшаар эсине түшүп, кайгы жеди.

Тилек өткөн кышкы каникулдагы бойдон жайында келген эмес. «Курулуш тобу менен кетип атам» деген каты келген. Сентябрдын аягында келип, бир түнөп, шашып кеткен бойдон эмдигиче кабары жок. Деги эле, кийинки күндөрү Адырбек абышка уулу менен жай отуруп, маектеше албады. Келсе тыйын-тыпырдан арбыныраак да албайт. А мындан абышка-кемпир катуу кабатырланат, шекте- нет…

Ана, эми алардын кабатырлануусу да тегин эместей. Кийинки каңшаар аны далилдеп салгандай. «Тилек жакында колукту алат экен. Бирок аны кайсы үйгө алып келерин билбей атыптыр… Жок. Андай эмес. Алып барчу үйү деле даяр экен. Боромбай менен жака алдынан эбак макулдашып алыптыр. Колуктусун түз эле ошоякка алып барат экен. Боромбай бир уй, чагарак куйрук төрт кой союп той берет экен. Уйду согумга эмес эле ошого байлап атыптыр… Бирок Тилек элден уялып атыптыр. Эгер, айыл-апа болбогондо, эбак эле колуктусу экөө Боромбайдыкына кирип алмак экен…»

«Тегин жерден өрт чыкпайт. Мында бир шойком жатат». Адырбек тиги каңшаарды эстеген сайын жаны чыгат. Суук сөздөн ичиркенет. Уулун эстейт. «Баса, кийин келип бир түнөп кеткенде алар неге ата-бала өңдөнүп сыр чечишпеди экен? Келди да шашып кете берди. Көрсө…»

Абышка азгырык ойдон катуу ирээнжиди… Бирок жүрөк чиркин кыйын го, тиги каңшаарга бирде ишенет, бирде ишенбейт. Ою бирде жамандыкка, бирде жакшылыкка оойт…

Алды жагынан жылтылдап от чыкты. Бул — абышка бошто берчү акыркы кыштоо. Анда мал бакканы беш жылдай болуп калган бир жигит менен келинчеги турат.

— Олда, аксакал ай-е, суукта ушинтип келбей койсоңуз болмок. «Менин кезиттеримди айылдагы ле үйгө берип туруңуз» деп айтпадым беле? Мен «учурунда кезит албай атам» деп, башка чабандардай чагым салбайм. Олда, аксакал ай-е…

— Жо, кагылайын, чагым салган деле киши жок. Бу менин ишим. Тапкан токочумду актап жейин…

— Ошентсе да.

— Ата, кайда барасыз жарым түндө? Конок болуп кетиңиз.

— Кагылайын-ай, конок болгондон ким качсын?

— Түнкү саат он болуп кетти…

Ошо учурда үйдөн анын келинчеги баш бакты.

— Ата, түшүп даам татыңыз?

— Кагылайындар-ай, шашып турам. Түндө уйку бетин көрбөй чыктым. Жүрөгүмө тамак баспайт…

— Жо, конуп кетиңиз?

— Кемпирим да табында эмес… — Абышка негедир жашуучудай болуп барып оңолду.

— Эми, түн ортосунда каякка?

Жаш жубайлар абышканын көңүлү жайында эмес экенин байкай, унчукпай калышты.

— Кагылайындар, жакшы калгыла. Таарынбагыла… — деди абышка аттын башын төмөн буруп атып.

— Ата, жакшы барыңыз.

— Өзүңөр да жакшы калгыла. Мал-салыңарга жакшылап көз болгула. Кудай бөөдө кырсыктан сактасын.

Ошо тапта үйдөн тигилердин бир кичинекей тентек баласы да чыга келип, кыйкырып калды:

— Жаксы байыңыз, ата!

— О, мурдуңду урайын, жакшы калагой…

— Ата, балдар Өктөбүр майрамын тоодон өткөрөбүз деп жүрүштү эле,— деп бакылдады чабан. — Бүрсүгүнү келе беришсин. Айтып коюңуз.

— Макул, айтайын,— деди абышка узай берип.

— О, кибиреген шайтан! Жылаңайлак тура бу,— деп баласына ачууланган чабандын үнү чыкты өйдөтөн. Кейпи, баласы үйгө кирбей качып атса керек. А бала дагы ле кайкырып атат:

— Жаксы байыңыз ата! Жаксы байыңыз…

Үй жактан келиндин күлкүсү чыгат. Атасы баласына «үйгө кир!» деп күпүлдөйт…

Абышка өзөн ылдый кыйла жүргөндөн кийин адырдагы өзү билген төтө жолго салды.

Алигидей эле сыркаар согуп турду.

«А, бечара Айжаркын-а. Тилек орто мектепти бүткөндө «небере искээр күн да алыс эмес экен го!» деп кубанды эле. Эми ал айыл ичиндеги каңшаардан ой сокту болуп, убайым тартып, бөөдө кайгы жеп, кызыл эт ымыркайды күн тынымынан, түн уйкусунан кечип, азап менөн багып чоңойтконун эстегенде бечаранын эмчеги зыркырап, кей күнү ыйлап-сыктап, өлүп тирилет».

Асман апачык. Төбөдө жылдыздар жайнайт. А сыркаар желден майда бүрлөрү эбак күбүлүп түшкөн алтыганалардын жылаңач шактары чызылдаган доош салат.

Түнкү караңгылык көзгө небак сиңген.

Адыр каралжын тартып, сүрдүү.

Абышканын көз алдына Тилектин бир кездеги ойноо курагы— Балыкчыга базарлап кайтканда атакелеп алдынан тозо чыккан жайдар чак кебетеси, анан кемелине келген бүгүнкү заңкайган жигит келет.

«Деги мунун көңүлү кандай? Адалбы же арамбы? Абышка кемпир арып калган ушу күндө «өз үйү, өлөң төшөгү» болуп калган түнөгүнө колукту алып келип колдорун узартабы же «эмне болсо ошо болсун» деп Боромбайдыкын баштанып, эки бечараны тирүүлөй көөмп, тулганын үч бутун бактырабы?..»

Адыр кезип бир кыйла жүргөндөн кийин тэ алыскы айылдын бир ууч жарыгы көрүндү.

Абышканын жүрөгү негедир түрсүлдөй түштү.

«Бечера Айжаркын үч айлык кызыл эт баланы ак шейшепке ороп алып келгенде бир кубанган да, өмүрүндө бала эмизип көрбөгөн таш эмчегин ийитип, үрпүнөн булангыр сүт-суу чыкканда бир кубанган. Деги ле бала чоңоюп-чочойгуча анын кубанчына чек болгон эмес. Баласы басып, булдурап тили чыга баштаган күндөн тартып ойлогон ою жакшылык болгон. Айылдагы Тилекке жашташ кыз балдардын үйүнө дасторкон жасап барып, күн мурунтан эле куда түшө турган. Тилеги экөө а жерде аябай мейман болуп, кечинде «баланчага куда түшүп келдим, түкүнчө кызын бермей болду…» деп, маңдайы жарыла кубанып келе турган. Өзү да Айжаркын менен Тилек айылчылап кеткен күндөрү жалгызсырап, үй тегерегинде чыдамы кетип, аларды күтүп жүрө берчү. Кейде, токтоно албай артынан барчу… А жатканда Тилек бөпөлөнүп ортодо…»

Түн ортосунан оой бергенде абышка орто жолго келгендей болду.

Ат эңкейиште элпек баратты.

Сыркаар алигиден күчөй баштагандай туюлду. Абышка чекесин жайнамазга тийгизген молдодой өңкөйгөн Кызыл-Омпол тоосун карап алды. «Арты кара бороонго айланат ко?»

Торгашканы ылдамдата бастырды. «Элсиз ээн адырда кара бороонго туш келүү — арты өкүнүч менен бүтчү апаат. Анын үстүнө, көзгө сайса көрүнгүс түн болсо…» Адырбек үстөкө-босток теминип, чучулайт. Шаштысы кетет.

Туубаса да тутунган, балапан кезинен бапестеп өстүргөн бечара Айжаркын: «Карыган чакта ушунубуздун колунан жылуу чай ичээр бекенбиз, жазып-тайып көз жумулуп кетсе, ушунун колунан топурак буюрар бекен?» деп тилечү. Окууга жаңы өткөн жылы Тилек: «Айылды, үйдү сагындым, апа. Сени да… Атамды эстегенде окууну таштап, биртоло кетип калгым келет…» деген өңдүү толгон-токой жылуу лабиз каттарды жазчу. Ошондо Айжаркын каттарды көзүнө сүртүп, өпкүлөп, кошуна-колоңдоруна айтып, «Кулунум-ай, саа кылган эмгегим, таттырган тузум, тарбиям текке кетпеген экен го?!» деп жүрөгү жарылып кетчүдөй сүйүнүп, төбөсү көккө жетип кала турган. А бу саптарды Адырбек окуганда көздөрүнүн кычыктарында жылуу жаш пайда боло калчу. Анан: «Каралдым, биз десең окушту таштаба. Колуңдан келишинче улант. Адырбектин баласы окуй албай келиптир деген сөз жаман… Эл керегине жараган киши бол!..» деп жооп кат жаза кетчү.

Мына эми, өзү «ата» деген кемпири «апа» деген гана жылуу сөздүн кулу болуп турган чакта Тилектен кат да өтө сейрек келет… Анысы да «Аман эсенсиңерби? Мен да аман эсенмин…» деген бир түрдүү кайталанма, абышка-кемпирге эбак жат болгон неме…

А балким булар бекер эле күмөндөр болуп жүргөндүр? Айланайын Тилегинин ою адал эледир? Жигит курак — от курак. Бир аз алаксып жүрсө керек… «Атанын ою балада, баланын ою талаада» деген миң мертебе ырастыр?»

Кыял түпкүрүнө кыттай куюлуп, эки доочудай арбашкан ушу ачакей ой дале болсо көкүрөктө. Ат басыгы сайын ниетин түркүн ой каптап, бирде ары кетип, бирде бери кетип, эки анжы боло берди. Кантсе да оюн көлөкө жоромол бийлеп, көңүлү кароолоно берди…

Кайраттанып, чымырканып, итабар соругуп калган атын ой- боюна койбой желдирип отуруп, айылга таң каракчысында келип жетти.

…Үйдүн төрт терезеси чайттай жарык. Тамдын түбүндөгү зым карагайдын башына бүт короону жарык кылган жарык тагылган.

Абышка муну көргөндө алигиден да шашып калды. Аттын оозун тартып, оту кайткан кары көздөрүн бардап-бардап алды. «Эмне болуп кетти?». Оюна бүлүк түштү. Кечээ өзү тоого аттанарда Айжаркындын түрү да күн ырайындай бузулуп тургансыган. Табы жок өңдөнгөн. Бирок абышка ага анчейин көңүл бурбай, баарын тең каңшаардын кесепетине жоруп, бастыра берген…

Оюна кайталангыс нерсе келди. Дени муздап, үй түбүнө акырын бастырып келди да аңырайып ачык турган дарбазадан кирбей, тамды айлана, аштымкананын артындагы чоң талдын жанына барып аттан түштү. Негедир мууну калчылдап алды.

Абышка эми атын жетелеп, аштымкананы айлана бергенде үйдүн эшиги ачылып, бака-шака угулду. Ал көп үндөрдүн ичинен кемпиринин үнүн жазбай тааныды.

— Кагылайындар, карыганда көргөн жакшылыгыбыз…

Ошо арада кошунасы кепке кыпчылат:

— Этегинен жалгап…

Жолой бозокор күпүлдөйт:

— Кана эмесе, «куш боо бек болсун» деп туруп алып ийели!

Да бир чыйылдаган эркектин үнү чыгат:

— Э, күйөө толтой, бери келип биз менен бир кагышып койчу…

Абышканын карт жүрөгү туйлап, элдирей түштү. Аштымкананын бурчуна келип калган экен, көзүнө адегенде эле үй түбүндөгү жашыл такси урунду. Ага жакын эле жерде дуулдап кайнап аткан төрт самоордун кернейинен булактап аткан кызыл жалын абышканын көзүнө чоктой басылды…

Адырбек узак уйкудан ойгонгондой селт этти. Негедир, алдыга баскандан айбыгып, кетенчиктей калды. Анан аштымкананын далдоосунда аттын чылбырына колу карышкан бойдон, жүрөгүнүн түрсүлүнөн башка эч нерсе уга албай, көздөрү ымыр-чымыр болуп, эси ооп турду. Кийин бурулуп, атын жетелеген тейде сендиректей басып, кайра алиги чоң талдын түбүнө келди да айланасын карады.

«Оо, Теңир ырысыбыз бар экен!» Сыймык менен сүйүнүч уялай калган абышканын карт жүрөгү жашый, торкашканы мойнунан бе-ек кучактап алды. Адегенде кареги ылдый буурчактап жаш кетип, аны тез эле өпкө кагып сүлкүлдөгөн добушу коштоп кетти… Өткөн өмүрүн жоктоп ыйлады… Карылыгын эстеп ыйлады… Зарыла күткөн жакшылыгына ыйлады… Айланайын-ай, кулунуна эреркеп ыйлады… Ыйлады… Ооба, ал баарына ыйлады. Ал ыйда баары бар болучу…

Абышканын назарында кемпиринин чебелектеген үнү:

— Кагылайындар! Ичсеңер, жесеңер… Жакшылыгыбыздан аянбай калалы…

Жолой бозокор күпүлдөйт:

— Адыкеме өзүм сүйүнчүлөйм. Азыр ат токуп минип, алдын тозо барып, сүйүнчү алам!.. Э, мейли, куйса куй, да бир жүздөн серпип коёлу…

Да бирөө бакылдайт:

— Күйөө-толтой, тур, союшуңа кам ур.

Тилектин демейдеги коңур үнү чыгат:

— Ой, шашпасаңар, атам келсин…

Кылыксынган бир келин сурайт:

— Апа, Тилектер кайсы убакта келди?

Кемпирдин жетине албай балбаалаган үнү угулганда көбүрүп- жабырып отургандын баары тынчтана калат.

— Кагылайындар, уктай албай жаткам. Уйкум качып… Деги ле, кагылайындар, кийинки түндөрү менде уйку жок… — Ана, бышактап кетти көрүнөт, жоолугунун учу менен көзүн кайрадан сүртүп калган окшоду. — Терезе тыкылдайт, кагылайындар… Өөдө болуп карасам Тилегим… Үстүмө чапан жамынганды да унутуп… Эшикке чыксам жанында ак жолук салынган да бирөө…

Кемпирдин кеби бүтөөр менен кайрадан бака-шака көтөрүлөт. Арасынан Тилектин үнү чыгат: «Атам келсин…»

Асман атаар таңга баш койду.

Сыркаар шүүшүңдөп барып, күндүн көзү менен тып басылды. Жүрөктүн үшүн алган кара бороон болбой калды…

1978


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз