Орозбек Айтымбетов: Периште

  • 23.02.2023
  • 1944

Сүрөт xvatit.com/love_sex булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

«Тал-тал мончок, тал мончок,
Тал талынан тагындым.
Таң аткыча тойлогон
Тамашаңды сагындым…»
(Көлдүк бийкечтердин ыры)

«Ак жибек торду жаярмын,
Ак жибек сага даярмын!
Ак жибек, өзүң дегенде
Азапка башты саярмын…»
(Көлдүк жигиттердин ыры)

«Он мүнөттөн кийин жөнөйбүз! — Өөдө жактан кулактандыруу чыкты. — Даярдангыла!»

— Райле, жакшы кал. Мен келгиче…

Мөлтүр көз кыз «макул» дегендей баш ийкеди. Бирок ошо саатта анын бешенесинде кандайдыр бир арман пайда боло калды. Бул— жанындагы боз уландын жүрөгүн чагылган тийгендей жаралады.

Экөө бирдей унчугушпады. Кандайдыр бир сезим ачыштырган кайгы экөөнү тең эзип турду. Биротоло ажырашып калчудан бетер экөө тең тымызын жапа чекти.

— Райле, үч күндөн кийин кайтып келебиз, ага чейин кейип- кепчибесең…

Боор тарта сүйлөгөн үндү укканда кыздын мөлтүр көздөрү кылгыра калды да, ага бой салды. А берки аны бе-ек кучактап, чачтарынан искеп, кийин аны ээгинен сүйөп ак жууран жүзүн өөдө кылды. Эки көзүнөн эки өөп бурулуп кетти.

Чак түш эле. Эки баржаны сүйрөгөн кеме бир «бакырып» альш, чыгышты көздөй сапарын улады. Ак жал толкундарды как жарып, көгирим мейкиндикке чыкты. Кеме кербени порттон тез алыстап баратты.

Абзий ак жоолук булгап, портто кала берген кыздын караанын муңдуу тиктеди.

— Бу сойкуну кайдан таап алгансың?— Ошо тапта каютадан суурулуп чыга келген Жусуптун киркиреген үнү чыкты.

Абзий эмне дээрин билбей калды.

— Түшүнөм-түшүнөм,— деди дардайган Жусуп абдырап калган Абзийди далыга таптап. — Мындай ойсокени күнүмдүккө гана, ха-га-га-га… Түпкүлүгү аял болуп жарытпайт…

Абзий ого бетер кызарды.

— Кезегинде бу ойсоке ушул эле порттон бирөөнү узаткан эле,— деди ал табышмактатып. — Мына эми, уялбай-этпей эле сени узатып турат… Э, баласың да… Тиги сендей боз көздү бир аз таткандырып туруп, чүлүктөп алган аткан чыгар. Азгырылба!..

Абзий эч нерсе дей албай басып кетти. Арттан каткырык чыкты. Эми жүрөгү ого бетер ачышты. Палубадан каютасына түштү. Кийимдерин чечпей эле кроватына күп этти. Эч нерсеге көңүлү чаппай кыйла жаткан соң, көз алдына кайра ле Райле көлбөңдөй баштады. Дарбазанын эшигин ачып, бирөөнүн короосуна баш баккан чоочун адамдан бетер Абзий да өткөн күндөрүнө жылып кирип баратты…

Сентябрь айы эле. Экөө капыстан таанышкан.

Абзий түн ортосу ченде жолдошунукунан кайтып келаткан. Шаардын «көп айыл» деген жериндеги кууш көчөлөр башка жактарга караганда түнкүсүн күңүрт боло турган. Ошо тушка жеткенде мечит тараптан эки-үч эркектин кажылдагын, кайсы бир аялдын жалынып-жалбарган үнүн угуп калды.

Бир аз «кылт» этип алгандыктан анын көңүлү чак эле. Мындай ызы-чууга жакын жаны эч нерсени ойлоп отурбай эле, ошоякка бурула берди. Кууш көчөнүн кесилишине жете бергенде ал туура жактан келип кошулган чолок көчөнүн түпкүрүнөн үч жигиттин, бир аялдын караанын көрдү. Жигиттин бири аялды колдон алып бурчта турат. А берки экөө былчылдашып, мушташып атат. Бир маалда анын бирөө өлөрчө таяк жеп, каңылжаарынан кан кетип, коркурап, эс учтан танып жатып калды. А сабап салган неме эми бурчта тургандарга келди.

— Коё бер, бу — меники!

Ошо тапта «айланайын байкебай…» деп жалбарган кыздын үнү да чыгып калды.

Абзий ошондо гана тигилер абдан кызуу экендигин байкады. Эми тиги коё берген жок көрүнөт, экөө кызды талашып, коколошо баштады. Ара-чолодо бошоно калган кыз бери карай тыз койду. Аны тиги кызуу немелер адегенде байкабады…

— Быякка! — Абзий чолок көчөнүн кесилишине жетип кайда буруларын билбей тура калган кызга үн катты. Тиги ошо замат мечиттин эшиги жакка бой урду.

Абзий аны артына калкалап, эшик менен эшик болуп туруп калды.

Бир маалда көчөнүн кесилишине тиги экөө да калдаңдап жетти.

— Сен кылдың!

— Жо, сен кылдың! — Алар азга кажылдашып тура калган соң төмөн карай чуркап кетишти.

Кыз жылаңбаш экен. Коркконунан калчылдап турат. Чачтары сапсайып, бир буту жылаңайлак.

— Качканда ыргып кетти,— деди ал алактап. — Жулкулдашкан жерде жоолугум калды.

Абзий чолок көчөдөн ак туфлини тез эле тапты. Эми жоолукту караш үчүн чолок көчөнүн түпкүрүн көздөй басты.

Алиги өлөрчө таяк жеген неме эми шоңшоюп отуруп алып үңүлдөп ылайып атыптыр.

— Урдум сендей жолдошту! — дейт ал жер сабап. — Бир сойку үчүн…

Калжаң мүнөз Абзий аны тамашалагысы келди.

— Эй, гражданин! — деди ал үнүн сүрдүү чыгарып. — Бул жерден кызга кол салган хулигандарды көрө алган жоксуңбу?!

Тиги чочуп кетти.

— Жок… — деп булдураган болду. — А си-сиз кайдан?

— Ички иштер бөлүмүнөн.

Таяк жеген неме соолуга түштү көрүнөт, ордунан жылып жөнөдү.

Абзий жоолукту да таап кайтканда тиги неме безген бойдон кесилишке жетип калыптыр. Ошондо Абзий оң колунун эки манжасын оозуна салып, куду милийсаныкындай чыркыратып ышкырып калды. Тиги жан-алы калбай качып, төмөн карай бурулуп кетти. Абзий боору эзиле кыткылыктап күлүп келатты.

Көчө аңгырап ээн калган. Айлана жымжырт.

Кыз үшүп кетиптир. Туфлисин кийип, жоолугун салынып, кийин эмне кыларын билбей, тигини дале караан тутуп туруп калды.

— Кай жакта турасың?

— Мунай базанын артында,— деди ал.

Экөө күңүрт көчөлөрдү аралап жөнөдү. Абзий плащын чечип, ага шөлбүрөтүп кийгизип койду.

— Өзүң кайда турасың?

— Айылда.

Кыз аны аягандай бир карап алды.

— Эми кантип жетээр экенсиң? — деп кабатыр боло кетти. — Түн ортосу болсо…

— Шаардын четинде тааныштардыкы бар.

— Ии. —Көңүлү жайландыбы, кыз андан кийин унчукпады. Ошо бойдон алар үндөбөдү. Кийин шаарды как жарып өткөн кең, жарык көчөгө чыга келишти.

— Сиз, эмне, матроссузбу? — Кыз ошо тапта катуу кубанып кеткендей болду.

Абзий анын мынчалык сүйүнгөнүнө таңдана калды.

— Кайсы кемеде иштейсиз?

— «Водникте».

— Ым-м. — Кыз ынангандай, унчукпай калды.

— А сиз Жусупту тааныйсызбы? — деп сурады бир маалда.

— Кайсыл?

— «Манас» танкеринде иштеген.

— Жок. Иштегениме эки гана ай болду.

— А-а. — Кыз эми көз кыйыгы менен аны кунт коё карап алды. Кийин кепти да өзү баштады.

— Көлдү, кемени эмне үчүн жанымдай көрөрүмдү билбейм…

Аябай коркуп калган кызды Абзий үйүнүн түбүнө чейин узатып келди. Алар дароо эле бөлүнүп кетишпеди.

— Ыракмат! — деди кыз ага жетине албай. — Атың ким? Абзий дейсиңби? Таанышып коёлу, менин атым Райле, атам жок…

Абзийдин боору ооруп кетти.

— Жанагыларды тааныйсыңбы? — Ойдо жок жерден сурады.

Кыз «тааныйм» дегендей баш ийкеди да, соңунан аларга ирээнжигендей кол шилтеп койду. Аны өкүт баскандай болду. Эми Абзий сөздү башкага бура кетти.

— Мен кайтайын.

— Мейлиң.

Абзий коштошуп бурула бергенде кыз аны чыканагынан акырын кармап токтотту.

— Ыракмат, Абзий! — деди. Каректери чоң ыраазылыкка толуп, жадырап-жайнап турду. Анан күтүлбөгөн жерден эле өзүнөн саал гана кырдуурак, сымбаттуу, кара торусунан келген ыраң-оройлуу боз уланды мойнунан кучактай калып, таруудай меңи бар оң жаккы ууртунан чоп эттирип алды.

Абзийдин жүзү чымырай түштү. Ууртун сыйпалап, эмне кыларын билбей калды. Өзүнүн да «кылт» этип алганына карабастан, тигинин да саал кызуу экендигин сезди.

Кыз шарт бурулуп, бирөө кармап калчудан бетер ылдамдай басып, дарбазадагы эшикти ачып кире берерде жана токтоду да: «Ыракмат, Абзий!» деп дагы бир ирет назик унчукту. Кийин каалганы карс жаап, илгичин шарактатып илди.

— Ой, жинди кы-ыз… — Абзий турган жеринде делдейип кала берди. — Ой жинди-и…

Кийин алар негедир тез-тез жолугуша турган болуп алды. Адегенде ал Абзийге алаксыш үчүн гана болуп аткан анчейин иштей туюлду. Анан, жүрө-жүрө ниети чаап, Райлени өзү бура тартып өпкөн күн да келди. Анан… Кайсы бир курбусунун туулган күнүнүн үлпөтүнө барып, ошоякка түнөп калган кырдаал жетти. Албетте, эртеси Абзий кызыл гүлгө толуп калган «орунду» көргөн эмес, бирок кызыл гүлдөй жайнаган бийкечти көргөн.

Ошо күндөн тартып анда кызгануу оту пайда болгон…

Абзий Райле экөөнүн ортосундагы бир ыңгайсыз окуяны эстеди.

Жекшемби болучу. Кыштын күнү заарканып, батайын деп турган эле. Күн суук. Киного барышкан. Белеттин кезегинде турушса, Райлеге бир кырктардагы киши учурашкан. Эски таанышы болсо керек, аны Райле да күлмүңдөп каршы алган. Кийин Райле аны эрчип четке чыгып, бирдеңкелер жөнүндө көпкө маектешишкен. Ал кишини Абзий мурда эч жерден көргөн эмес экен, көрсө да байкоос албаган чыгар.

Бержакта турган Абзийдин ошондо өлгүдөй ичи тарып, кезекти таштап мындай чыга берген. Аны Райле көптөн кийин гана көрүп, артынан чуркап жеткен. Ошондо Абзий жанына жете берген Райлени жаактан ары басып алган.

— Кет! Жолобо! — деп айкырган да, жөнөй берген.

А Райле «кечирип кой… минтээриңди билбей калдым…» деп жалбарып, кууса да артынан калбай эрчип алган…

«Эх, ошондо эмнеге эрчиди экен? — деп тырчыды азыр Абзий каютасында жатып. — Ошондо кала бергенде эбак орто сууп, экөө өз-өз жайында кала берет беле… Аттиң-ай, эмнечүн эрчиди экен?..»

Абзий жата-жата Райленин ага жолугалектен мурдагы окуяларын бирден терип эстей баштады. Эстеген сайын ага жини келип, итатайы тутула берди.

Райле жарашыктуу кийингенди жанындай көргөн бийкеч эле. Кийген кийими бешенесине жарашып Абзийдин жанында жүрсө, боз уланга дүйнөдө ушул гана керектей сезилип кетүүчү. Бирок ушундай ысык сезимиңе тизгиндеше ич тарлыгы да кошо жүрүүчү. Кокус, Райле бирөөгө күлүп же кайсы бир эркек менен саламдашып койду дегиче, чоң балээге калды дей бер… Ошол ич тарлыгынан болсо керек, кийин Райле мурдагы иштеген жеринен бошоп, үйүнө отуруп калган да жайы бар.

«Бул мен дегенде эмне ле мынча бүлүнөт? — Абзийдин кыжыры кайнады. — Эмнечүн көңүлү калбайт?..»

…Түн бою уктай албай, кыйналып чыкты…

*  *  *

Кеме кербени ак чардактар ойкуп-кайкып жүргөн тушка жетти»

— Торду ыргыт! — Жусуп капитан бараткан кеме жакты байкап турган соң Жолдошбекке белги берди. Ал палубанын артында жаткан торду алеки саатта көлгө ыргытып, жоон кендир аркандын боосун арткы чулу темирге күрмөй салды. Сузма тор көл бетинде бир азга жайылып калган соң, баржанын артынан чубалжып, сүйрөлүп жөнөдү.

Жусуп гитар чертип, Жолдошбек ышкырынып, отуруп-тура калып сереңдеп, алаканы менен согончогун чапкылап, «матросканы» бийлеп кирди. Абзийдин маанайы пас, буларды карап четте турду.

Көп өтпөй тордун боосу чытырап, кериле баштаганы байкалды.

— Болду! — деди Жусуп беркилерге кайрылып. — Көбөйүп кетсе тартып чыгара албай калабыз.

— Капитан секисинен түшөлек,— деди Жолдошбек. — Көрүп койсо чатак кылат.

— Үңүрөйгөн, энеңди урайын! — Жусуп капитанды ичинен жекирип алган соң четке басып кетти. — Аңдыганы ле биз…

— Жада калса элден көлдүн балыгын да аяйт. — Жолдошбек кабагын карыш салып, бир жагынан күңк этти. Арканды белине салып, торду байкатпай тарта баштады.

Бир оокумда капитан секисинен түшүп кетти. Эми Жусуп да Жолдошбекке жардамга келди. Эки-үч мүнөт өтпөй эле тор көрүндү.

— Абзий! Эмне турасың жалдырап?! Жардамдашпайсыңбы! — деп айкырып ийди Жусуп.

Өзү бул жерде жүргөн менен сарсанаасы алда кайда кетип, ою бөдүндү болуп турган Абзий үндү угуп, шашып калды. Тигилерге көмөктөшө баштады.

Тор алигиден да оордоп кеткен көрүнөт, зорго тартышты. Бир маалда жалаң гана ирдүү балык кармоого ылайыкталган сузма тор баржанын артында салаңдап калды.

— Капитан чыгып жүрөт! “ Жолдошбектин чочулаган үнү чыкты.

Жусуп тордун боосун алиги чулу темирге көз ирмемде чырмай салган соң гана баржаны сүйрөп бараткан кеме жакты сестене карады.

— Коркпогула! — Кийин Жусуп өзүн токтотуп, тиги экөөнө мыйыгынан жылмайды. — Балыкчылык кесип батылдыкты, эр жүрөктүүлүктү кажет этерин унутпагыла!.. — Анан терең күрсүнүп алды да беркилерге кайрылды. —Эми жүргүлө, каютага кирип кетели. Шектенбей калсын. — Өзү алдыга түштү.

— Кандай келатасыңар? — Ошо чакта рупордон сүйлөгөн капитандын үнү чыкты.

Жусуп баржанын «чоңу» эмеспи, оң колун көтөрдү. Бул «жакшы» деген белги болучу.

Каютанын эшиги ачык калган белем, транзистордон бий күүсү термелип, үзүл-кесил угулуп турду.

Алдыңкы кемедегилер түштөнүүгө отурган убакта гана булар каютадан чыгып, торду үчөөлөп атып зорго тартып алышты — кейпи жети-сегиз пуд түшкөн болуу керек…

— Форель жүрөт! Кара, тордун эки илмегин кырчып ийиптир,— деди Жолдошбек купшуңдап.

— Ана, тыйын балыгы да! — Жусуптун көзү алтын көрө койгонсуп жайнай түштү. — Көкчаары да, асманы да…

— Азыр балыктардын өрүп жүргөн учуру го.

— Ой, мунун баары эки мүшөккө сыйбастыр?

— Сыйдырабыз!

Жүк оор болгондуктан Каракол пристанына күүгүм ченде араң жетишти. Якорь түшүрүлгөндөн кийин капитан кызматчыларга кандайдыр бир тапшырмаларды берип, шаарга жүрүп кетти.

Түн киргенде менчик «жигули» айдаган жаш жигит келди. Эки мүшөк балыкты бат эле жүктөп алып Жусуп көздөн кайым болду. Ал кеткенден кийин Жолдошбек да кайдадыр жылт койду.

Баржада Абзий жалгыз калды. Зериге-зериге, Райле кайрадан эсине түштү. Эсине түшөрү менен өзүнчө ле жүрөгү ачышып, аны кимдир бирөөлөрдөн кызгана баштады. Уйкусу качты. Элден угуп жүргөн Райле жөнүндөгү ушак-айың кайрадан эшитилди. Адегенде Райлеге, кийин ага кезигип жүргөн өзүнө өлгүдөй жини келди. «О, ар-намысы жок…» деп сөгүп да алды. Ар нерсе оюна кетип, уктай албай түн бою чакыйып жатып, таң ата көзү илинип кетти.

Түш: «Көгүлтүр көлдөгү жыбыраган майда толкундар биринин артынан бири термелип, жарк-журк этет. Жээктеги кумду чайый түшүп мизин тартат. Көл жели жээктеги топ камышты шуудуратып, калың чөптү толкутуп өтөт да, кайдадыр жортуп кеткен мышыктай дымы чыкпай жоголот. Эх, көл кылаасындагы айылдар жаз-жай айларында кандай керемет!»

Береги жээкте агарган караан бүлбүлдөйт. Ак чардакпы же адамбы, кыймылсыз… Ана, кыз экен. Өөдө боло берди. Танкеткасын көтөрүп алып, жээк менен тыз койду. Ак көйнөгү желге дирилдеп, көл толкуну кыздын ак балтырларын өпкүлөп, бийкечке эркелей кетти.

Күн дал төбөдө жаркып турду.

Кыз булуттарга таңыркай карады. Ушу тапта анын үстүнөн шуулдаган дабыш угулду. Ак чардак экен! Бирде асманга атып чыгып, бирде көгиримге кудуп кирип, ойноп жүрдү.

Кыз көлдү тизесине чейин кечип келип токтоду. Бирдеңкени көрө койгонсуду. Көгирим тарапты умсуна тиктеди. Аның «спутник» кылып түйгөн капкара чачы акырындан жазылып аркасын жаап, желге оштоно кетти.

— Деңиз шайтаным, кел! — Кыздын назик үнү чыкты.

Антсе да, денеси чылк күмүш, балырдай арбайган жашыл манжалары бар деңиз шайтаны көлдөн чыга келген жок. Анын ордуна — эки мүшөк балык көтөрүп бышылдаган, мокочо кебетеленген Жусуп чыга келди.

— А-а! — Кыз катуу чочуп кеткендиктен айкырып алды. Абзий ошондо гана Райлени тааныды.

Эми оңой олжо көргөн бөрүдөн бетер Жусуптун көздөрү кызарып, көтөрүп жүргөнүн таштай салып, кызды кууп жөнөдү…

Абзий чочуп ойгонду. Ойгонду да керебетинде узака-а үңкүйүп отурду. Жакшы уктай албай калгандыктан тулку-бою оор тартып, абдан чаалыгып, көңүлү эч нерсеге чаппады.

Күн чыгып калыптыр. Нуру табактай терезеден өтүп, каюта ичине кыйгач түшүп турду.

Ошо маалда бөлмөгө Жолдошбек кирди.

— Түндө бир жерге бардым эле, жолум болбой калды,— деди үшкүрүнүп. — Күйөөсү түрмөдөн келиптир…

— Жоке,— деди Абзий узакка телмирип отурган соң. — Жусуп мурда танкерде иштеди беле?

— Кезегинде экөөбүз тең танкерде иштегенбиз. «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деген ушул…

*  *  *

Пристандагы селитра түшүрүүчү аппарат бузулуп аткан экен. Ал күн башка бир нерселерге алаксуу менен өтө баштады.

Абзий түшкө чейин каютасынан чыкпай бушайман болуп отурган соң, Райлеге нааразылыгы күчөп, аны «экинчи эстесем майнеке болоюн» деп карганып, такыр эле ойлобоого бел байлап, өзүн-өзү зордоп аны жек көрө баштады.

Жусуп пристанга түш оой келди. Кызуу.

— Ме, ичкиле! — Колундагы толтура карзиңкени үстөл үстүнө шарак эттирип, коюп койду. — Он бөтөлкө арак, он бөтөлкө шарап!

— Кайда саттыңар?

— Шаардын четине. Килин эки сомдон талап кетти! Нак үч жүз алтымыш сом болду. Калганы бул! Жусуп шымынын чөнтөгүнөн тоголоктошкон түркүн «червондорду» алып чыгып, үстөл үстүнө үйө баштады. — Азыр канчасы калганын билебиз. Бир бөтөлкөсүн буз Жоке, көкүрөк басалы.

Жолдошбек алеки саатта бузуп, үч күрөшкөгө бөлүп куя салды.

— Басыткы ала келгениңде болмок экен,— деп купшуң этти.

— А кокуй де, арак колума тийгенден кийин баарын унуткан экемин го… Кана, алгыла! — Жусуп беркилерге буюра сүйлөдү.

Абзий өзү иштеген бир аз мезгилдин ичинде анын сырын беш колундай билип калган эле. «Ичпейм» десе тиги «эмнечүн ичпейсиң?» деп опурулуп-жапырылып, балким чатак салмак. Тигилерден калышпай тартып ийди.

Жолдошбек үстөл үстүнөн беш сомдук алды да пристандагы буфетке сызды.

— Эки жүз жыйырмасы калган экен,— деди Жусуп үстөл үстүндөгү акчаларды узакка санагандан кийин.

Ана-мына дегиче куурулган балык, жумуртка, үч бөтөлкө «ак суу» көтөрүп, Жолдошбек жетип келди.

— Жоке, бул алтымыш сом сага. — Жусуп колундагы топ акчадан бөлүп санаган оң колундагыны тигиге сунду. — Абзий, бул алтымыш сом сага. Бул алтымыш сом мага. Ой кудайды карасаңар, балык саткан эмгегим бар эмеспи… — деди да колунда калган ачкага «түф!» этип, алтымыш сомуна кошуп, чөнтөгүнө тыкшырды.

Жолдошбек да өз энчисин чөнтөгүнө эбак жымырып, Абзийдин алдында кол тийбей жаткан акчага кыйыла тиктеп калды.

— Жусуп,— деди Абзий шашпай-этпей. — Алгым келбей турат.

— Эмне, аз деп таарынып турасыңбы?

— Жо-о.

— Анда эмне болду?

— Эчтеке.

— Э-э бала, алсаңчы! Акча эмне, талаада жатыптырбы? Агер талаада жатса, минтип жүрбөйт элек ко?!

— Ыракмат, Жуке, таарынбайм.

Тиги эми Абзийди шектене тиктеп калды.

— Ой, ушу сен бизди саткан жүрөт окшойсуң? Ыя?!

— Жо, андай эмес.

— Ал! — Жусуптун жини келди.

— Ал, алчы! — Жолдошбек бир жагынан чыкты.

Абзий акчаны алып, жыйырма сомун санап алдына коюп, калган кырк сомун ортого таштады.

— Муну тамак-ашка чегерели. Эмне, жалаң эле арак иче беребизби?

Жусуп жумшара түштү. Жолдошбек:

— Ой, баяле ошентпейсиңби? — деп купшуңдады.

Ушундай оро-парада каютанын эшиги тыкылдап калды. Отургандар дым боло түштү.

— Каптинан го? — Жолдошбек жымырылып калды. — Бөтөлкөлөрдү кат!

Аңгыча:

— Абзий, бул мен эле,— деген үн чыгып калды сырттан.

— Теңизбай тура…

Сырттан колуна гитар көтөргөн, бешимдеги көлөкөдөй узун, тыржыйган арык жигит кирди. Ал алдыңкы баржада кызмат кылган үч жигиттин бири эле. Жайнаган ичкиликти көргөндө жым эте түшкөндөй болду.

— Берки экөө эртең менен эл шаарга кеткен. Жалгыз жатып жададым. Өзөрүп да калдым,— деди ал үстөл четинен коомай орун алып.

— Куй, Абзий,— деди Жолдошбек бузулган бөтөлкөнү көрсөтүп.

Теңизбай гитаранын кулагын бурап, черте баштады.

— Үн кош! — деди Жусуп.

Текең оюн-шоокко гана жаралган жан белем, сармерден деген эме ооз ачкан эле жерден төгүлдү:

Ээ, ич көйнөгүң шайыдан,
Ичке жип менен кайыган…

…Эртеси чоң шашкеде ойгонушту. Теңизбай да булардын каютасына жатып калыптыр. Буфетке барышып, пиво менен жеңил-желпи баш жазышты.

Жүк түшүрүүчү аппарат түшкө жуук гана оңдолду. Биринчи баржанын жүгү түшүрүлө баштаганда капитан келди.

— Эртең Күрмөнтүдөн мал жүктөп кетмей болдук,— деп кулагдар кылды да кечке жуук кайра шаарга кетти. «Эртең саат алтыда жөнөйбүз! Кишинин көзү мындай боло калса эле өз билгениңерди кыла баштачу элеңер… Тарап кетпегиле!» деп эскертти.

Ал кеткенден кийин ичиш уланып кетти. Түнкүдөн калган арактар ичилип бүткөндөн кийин Абзий ортого койгон акча буфеттин кассасынан алты бөтөлкө аракка айланып чыга келди…

Ошо түнү да Абзий демейдегидей эле оор түш көрдү. Түшүндө — Райле биринчи тийген күйөөсүнөн ажырашып атыптыр. Ана, үңүрөйгөн тар үйдүн эшиги шарт ачыла берди да, сырттан оолжуган күйөөсү кирди. Ал улам-улам бети-башын сыйпалап, бирдемесин таппай аткансыды. Анан дасторкон салып, чай демдеп, анын камын көрүп аткан Райлени көрө койду да:

— Эх, аягы суюк! — деди кандайдыр бир ызырынган үн менен. —Жогол! Кет, балакетимди албай!..

— Эмне?.. Эмне дейсиң?.. —Райле купкуу, калчылдап алган.

— Кет! Уулумду ташта, кет! — Арбаңдаган акмак чокмордой уюган муштумун ыйманы башынан учуп, дирилдеп турган Райленин башына ойното кетет. Бечара келин жансоогалап чыркырайт. Бирок арачалаар эч ким жок…

Ана, дагы бир түш — Балыкчынын шамалы демейдегидей эле улуп турат. Райле шаардын үстү жагындагы ээн адырда тентиреп жүрөт. Жалгыз. Жылаңайлак, жылаңбаш. Чарчап калган уулун ороп-чулгап көтөрүп алган. Көзүнөн аккан жашы ээн талаага жамгыр болуп төгүлөт. Кийин көздүн жашынан адырда укмуштуудай сел көтөрүлөт да төмөнкү шаарды көздөй каптап жөнөйт. Бир караса — бечара Райле да чарчап калган уулун бооруна кыскан тейде сел менен кошо агып келет…

*  *  *

Күрмөнтүгө келип, жүктөлө турган малы алиге пристанга айдалып келинбегендиктен кеме кечке чейин туруп калды.

Бүгүн Абзийдин эсинен Райле такыр кетпей койду. «Бу «сойку» башымды айлантып алганбы?» деп шекшине кетти. Ойлобоюн десе да оюна түшө берди. Ою такыр эле андан алыстай албады. Отура-отура, Райленин өткөн чакка айланган жоруктарын кайрадан эстеп, кайрадан туталанып, ичи өлгүдөй тарый баштады. Аркы-берки жөнүндө ой жоруп, бирде аны аяй кетсе, бирде ага жини келди…

Килеңдеген семиз ириктер эки баржага шыкай камалганда түн бир оокум болуп кетти. Капитан эки баржага канча ирик кабыл алса, ошончо ирик үчүн чарба жетекчилерине кол кат берип, баш-аягын жыйып жөнөгүнчө түн ортосу болду.

Абзийлердин баржасына бир чабан түштү. Мындан да көбүрөк түшмөкчү болду ле Жусуп каршы болду.

Биздин баржа рейстин артында жүрөт. Тынчы жок. Мурда деңизде сүзүп көргөн эмес болсоңор — чайпалганда башыңар айланат, кусасыңар, кыйналасыңар… Андан көрө, тынчыраак алдыңкы баржага түшкүлө,— деп жолго салды.

Айткандай эле алдыңкы баржага төрт киши түштү.

Пристандан узаганда Жусуп чабанды каютасына мейманга чакырды. Аны менен кошо беркилер да келди.

— Иш жайында! — деди Жусуп чабанды далыга таптап. — Кудай кырсыктан сырткары кылса эртең кечке маал барып калабыз.

Жолдошбек транзисторун алып келип индияны кармады. Каютаны ыр-күү бийлеп кетти.

Жусуп койкасынын алдындагы чакан темир үкөктөн майланышкан комбинзонго ороп койгон үч бөтөлкө арагын сууруп чыгып, ортого койду.

— Ичкилиги бизден, басыткысы сизден.

Чабан саал кызуу болучу. Ал да колу ачык берен окшойт, эки көзү шыкала толгон куржунун көтөрүп келип үстөлгө койду. Жашы булардан улгайыңкы болгондуктан салтын сактап:

— Балдар, өзүңөр чечип, каалаганыңарды жегиле, тартынбагыла… — деди барбалаңдап.

Жолдошбек куржундун килтин чечип, эзиле бышкан козунун этинен алып чыкты. Ошо тапта чабан өзү да куржундун экинчи көзүнүн килтин жандырып, эки бөтөлкө коньяк сууруп чыгып, үстөлгө койду.

Тост төрт айланганда чабандын башы төмөн шылкылдап, үргүлөй баштады. Муну көргөн Жусуп ага акыркы ирет баса куйду да, көтөртүп ийди.

— Эми эс алыңыз. Койду кудай албайт, бу жер жайлоо эмес — жоголуп же карышкыр тийип кетет дегендей. Бул жер баржа, коюңуздун корголу да жоголбойт,— деди аны жөлөп-таяп, өзүнүн жатчу жерине кыйшайтып атып.

Чабан ага «ооба, айланайын, ооба…» деп макул болгондугун билдирип, жаткандан кийин көпкө дейре тынчы кетип атып, соңунан коңурукка кетти.

— Э жатсынчы! — деди Жолдошбек аны жактырбай. — Койду кантип багып, кантип семирткенин айтып атып башты ачытып ийди.

Булар дагы экиден көтөргөндөн кийин Жусуп кызый баштады. Эми көздөрү кыбыңдап, тейине кете баштады.

— Койсоңчу, Жуке,— деди Жолдошбек чочулап. — Капитан да шекшинип жүрөт окшойт. Ат тезегин кургаталычы.

— Э-эх! — Жусуптун көздөрү бузулуп, Жолдошбекти бир каарып алды. — Коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт! Миң өлгөндөн көрөбир өл!

Жолдошбек бошогон стаканына арактан дагы куйду да тартып ийип, Жусупка ызырына карады.

— Сөзүң менен да, муштумуң менен да жеп бүтмөй болдуң го!

Араны негедир тынчтык басты.

Кийин Жусуп шердене кетти. Стакандагыны «серпип» ийип, ордунан турду. Абзийге «отура бер» дегендей ишарат кылып сыртка чыкты. Артынан Жолдошбек жөнөдү.

«Буларды кудай урду!» — деп ойлоду Абзий. Коңурукту кош тартып бейкапар уктап жаткан чабанга боор толгой карады. Азыр аны ойготкусу, Жусупка каршы чыккысы келди. Бирок ичкиликке ууланып, эс учун билбей жаткан чабанды сүйрөгүлөгөндөн эч майнап чыкпасын түшүнгөн Абзий айласыз отуруп калды.

Стакандагы жа-ай чайпалып турган ичкиликтер кеменин бир калыпта кетип бараткандыгын билдирип турду.

Абзий да кызып калган эле. Өзүнүкүн көтөрүп ийди. Кантсе да ал бул жолу бир нерсеге жини келгенинен ичти. Козунун бир жилигин алып, шам-шум этейин деди, бирок табити тарта бербеди. Эшикке чыккысы келди.

«Дүр-дүр-дүр-дүр…» Түнкү тынчтыкта баржаларды сүйрөп бараткан кеменин үнү бир калыпта чыгып турду. Анын секисине орнотулган кубаттуу прожектор бирде алдыңкы баржаны, бирде арткы баржаны жарык кылып, анан кайра кеме кетип бараткан алды тарапка бурулуп кетет да, толкун баскан көл бетине айдай нур төгөт. Күңгөй жээктеги айылдардын жарыктары быжырайт.

Тоо тараптан жел согуп турган экен, Абзий тез эле чыйрыга баштады. Баржанын орто чениндеги ачыктын брезенти түрүлүп, аңырайып калганын көрдү. Ал аңгыча болгон жок, ошол тешиктен бышылдап Жусуп чыга келди. Анан төмөн эңкейип, небак мууздалган эки ирикти тартып алып, палубага таштады. Кийин ошол тешиктен Жолдошбектин төбөсү көрүндү. Анын колунда — ичинде бир нерсеси чөлкүлдөгөн жылтырак мүшөк.

«А-а, мууздалган канын ушуга тозгон экен го». Ооба, Абзий болжогондой болуп чыкты. Жолдошбек чыгары менен баржанын капталына жетип, колундагысын көлгө ыргытып ийди. Ошо тушта кеменин секисиндеги жарык алдыңкы баржанын палубасын жарк эттирди. «Жат!» — Жусуптун үнү чыкты. Тиги палубанын ортосуна учуп жетип, четте жаткан эки ирикти люктун далдоосуна тартып бүк түштү. Жарык алардын баржасын эки-үч мүнөт сылап турган соң бурулуп кетти. Эми Жусуп тешиктин үстүн брезент менен жаап, түрүлгөн аркандарды Жолдошбекке карматып, эки колтугуна эки ирикти кысып, бери көздөй басты.

Каютага түшчү оозго жете бергенде Жолдошбек катуу чочуганынан кыйкырып ие жаздады. Себеби кире бериште Абзий турган. Жусуп ушундан улам кыткылыктап ичкери кирди. Отун жыйылчу тар бөлмөнүн эшигин ачты да ириктерди ошоерге таштап, жарыкты күйтүзүп, артынан кошо кирген Жолдошбекке өтүгүнүн кончунан толтосу канга боёлгон бычагын сууруп берди.

— Тейле!

Абзий каютага киргенде чабан алигидей эле кыймылсыз жаткан болучу. Артынан колун чайып Жусуп да келди. Коңурукту кош тарткан чабанды көргөндө көңүлү жайланып:

— Укта, чабаным, укта! — деп күбүрөдү. — Баары жайында.

Жусуп чекесинин терин көйнөгүнүн жеңи менен сүртүп, акыркы бөтөлкөнү буза баштады.

Жолдошбек жарым саатка жетпей эле ириктерди жиликтеп, жетип келди.

— Иче-кардын ыргыттым, — деди шыбырап. — Жуке, таң аталекте кыймылда.

Жусуп алдындагыны серпип ийип, чыгып кетти. Ал он мүнөткө жетпей эле ишти «жайлап» жетип келди.

Бөтөлкө ичилип бүткөндө таң сөгүлө баштады. Эми алар шашкалактап суу насосту өөдө алып чыгып, иштетип, палубаны, өзгөчө ортодогу люктун тегерегин мизилдетип жууп ийишти.

Бу маалда секидеги күзөтчү да уйкуга кирген окшойт, кеме үстүндө кыбыр эткен жан жок. Абзий бөлмөсүнө келип ичинен илип алды да, киймин чечүүгө дарманы келбей, койкасына кулады..

Түшүндө Райлени жоон топ каракчы кууп жүрүптүр. «Бул менин аялым!» деп чаңырат бир кодойгон мурутчан. «Жо-о, бу мурда меники болучу!» деп каршы чыгат төөнүн жарты этиндей болгон кара дуңгул неме. «Калп айтасыңар, ал кечээ эле мага тийген!» деп жапырылат дагы бири…

Райле шаар аралап качып жүрөт, артында топ каракчы… Ал кыштактан кыштакка безет, анткен сайын аны тааныган каракчылар көбөйөт… Талаада качып жүрөт, тигилер артынан калбайт, чөлдө качып жүрөт, тигилер анын соңунда… Арт жакта аны талашып, кызыл-чеке болуп атканы канча… Бир маалда аны кууп жүргөндөр жер жайнап кетет… Акыры Райле жезкемпир мекендеген жети кабат темир үйгө жетип бекинет. А кууп жүргөндөр темир үйдү балталап, каалгаларын биринен сала бирин талкалап кирип келатат. Мына эми акыркы кабат үйдүн каалгасын даңкылдатып талкалай башташты. Ана, эшиктин тарактары былчырап, ыргымай болду.

Абзий коркконунан кыйкырып ийди. Өз үнүнөн өзү чочуп ойгонду. Байкаса, эшикти бирөө каңкылдатып атыптыр. Ачса Жолдошбек.

— Тирүүсүңбү? — Купшуңдай кетти.

Абзий унчукпады. Бурчтагы кол жуугучка барып жүзүн чайыды. Аңгыча каютага чабан кирди.

— Иним, жакшы эс алдыңбы? Аябай уктадың го…

Абзий жакшы эс алдым дегендей башын ийкеңдетип, салам айтып, соңунан жүзү чымырай түшкөндөй болду. Бирок аны кызымтал болуп алган чабан байкабады.

— Жүрөгой,— деди ал. — Биз менен отур.

— Абзий эч нерсе дей албай ээрчип, Жусуптун каютасына кирди.

— Уйку кандыбы, уйкучум. — Жусуп негедир Абзийге жараматтана сүйлөп, акчылана кетти. — Ава,— деди ал отуруп аткан чабанга кайрылып. — Бул биздин эң кичүүбүз — эркебиз. Мектепти былтыр бүтүп эле биздин флотко келген… А мен булардан бир көйнөк мурда жырткан кишимин. Аскерге баралекте да бу жерде иштегем, келгенден кийин да ушжердемин. Мына, төрт жылга аяк басып баратат. Эмне кыласың, айла жоктон иштеп жүргөн жоксуң, көнүп алгансың, деңизсиз жашай албайсың…

— Албетте, көнгөн иш курусун,— деп кубаттай кетет чабан да. — Койду этке төккөндөн кийин көп болсо жарым ай чардап, айылда жүрөсүң. Анан эле койду жоктой баштайсың…

Абзий үчүн бир тост көтөрүлгөндөн кийин чабан куржунунан бир коньяк алып чыгып сыртка жөнөдү.

— Аксакал, кайда? — Жусуптун жаны чыгып кетти.

— Тиги жактагыларга бир мактанайын…

— Айланайын, аксакал! — Жусуп чабанга учуп жетти. — Деңизге чыккандан кийин бизге «ичүүгө» тыюу салынат. Капитан андан шек алды дегиче бизди иштен айдап иет.

— О-о, коку-уй, ошондойбу? — Чабан да чочуп кетти. — Аны мен кайдан билейин…

Абзий чийки май жегенсип, ыңгайсыз абалда отурду.

Дагы бир бөтөлкө ичилгенден кийин баары палубага чыгышты.

Түш ооп калган экен. Майдын асманы апачык.

Аңгыча секи жактан капитандын үнү чыкты.

— Балыкчыда шамал башталды! Чоң шторм болушу мүмкүн. Даярдангыла!

Абзий баржанын капталдарындагы айнектерди карап чыккан соң, желдеткичтерди иштетип салды.

«Тамчынын» тушуна келгенде бешим болду. Кеме жээкке ыктай жүрө баштады. Шторм адегенде көлдүн тескей тарабын каптап, акырындан Күңгөй тарабына ооп келатты. Арадан бир саат өтпөй кеме кербени штромдун алдыңкы толкундарына кез келди да чайпала баштады. Абзий рулга келди. Боом тараптан калдайып чыккан калың кара булутту суздана карады. Анан кайра ле «Райле эмне кылып жүрөт болдукен?» деген күлүк суроого алдыра баштады. Кийин аны «бир көрсөм, ээ?» деп дегдей кетти. Бирок бул дегдөөсүн өзү да сезбеди.

Кеч кире штром күчөп, көл бетин тумандуу иңир басты. Көп өтпөй бүт күңгөй өрөөнүн каптап келаткан калың кара булут тарап жарк-журк эте түштү да, күн күркүрөдү. Түнөргөн булуттун бирде тигил жагынан, бирде бул жагынан чагылгандын арбайган-тарбайган элеси жаркый калып жатты. Бул жолу чагылгандын изи — кай өсүмдүккө гана болбосун өмүр берген, наар берген тамырга өтө окшош болучу. Чагылган чартылдаган сайын ага Абзий таңдана да, суктана да карады.

Алп толкундар албууттанып, батыштан чыгышка сүрүлүп, кеменин алдыга жылуусуна кедерги болгону мындай турсун, аны кайра артка сүрүп бараткандай эле. Баржаларды сүйрөп бараткан кеме бирде көлгө чөгүп кеткенсип көрүнбөй калып, бирде калдаң этип өөдө чыга түшүп, сапарын зорго улады. Зор толкундар капталдарга урунган сайын чачырандылары кемени болсун, баржаларды болсун көөмп кетип жатты.

Штормга аралаш жаан төгүп келди.

— Портко он сегиз милл калдык! — Алды жактан капитандын билдирүүсү угулду.

Эми Абзийдин жүрөгү Райлеге жолугаардагыдай түрсүлдөп, тамагы кургай кетти.

Каютадан плащын желбегей жамынып алган Жолдошбек чыга келди.

— Чабандын башы айланып, кусуп атат…

Абзий үндөбөдү. Бет алдыдан чаба жааган муздак жаанга карабай, кайыкканына карабай рулда баратты. Аны «эртерээк жетсек, э!» деген тилек бийлеп алган эле.

Кеме эки саатта араң беш милл алдыга жылды.

— Портко он үч милл калдык! — Капитандын соңку билдирүүсү чыкканда балыкчы тараптын асманы нөшөрлөгөн жамгырга карабастан бозгулт тартып билине баштаган эле.

Эми палубага шашкалактап Жусуп да чыга келди.

— Он үч милл калса дагы бир топ бар экен,— деди ал плащын бүчүлөп атып. — Жоке, эми бар, чабанды кара…

Нөшөр басыла турган эмес. Адепкисиндей эле куюп атат. Шторм да күчөгөндөй туюлду. Балыкчыга жакындаган сайын кемелердин чайпалышы да арбый баштагансыды.

Капитан жанараак эле «сегиз милл калды» деп жарыялагандай болду ле, мына эми «алты милл калды» деген үнү чыкты.

Капкара түн. Жусуптун кебете-кешпири да капкара болучу. Абзийге карарган карааны ле көрүнүп турган… Ал алды жакта бараткандарды бир аз байкап турган соң төмөн түшүп дардая үйлөтүлгөн баллонду алып чыкты. Суу өтпөй турган жылтырак мүшөккө эт шыкай салынып, оозу бек буулуптур. Аны Жусуп алеки саатта баллондун бир капталына аркан менен чырмай таңып, толкундун үстүнө таштады.

Бул учурда Абзий үшүгөнүнөн оозу камтууга келбей, шаардын агыш тарта баштаган боолгосун карап, селдейип турган.

— Абзий! — Жанына Жусуп келди. — Бешинчи миллге ташталды. Биз портко жетип, кайра верфке келип, Толиктин кайыгын айдатып баргыча толкун аны жетинчи миллге — сенин айылыңдын тушуна чейин сүрүп кетиши мүмкүн. Жээктен эки жарым же үч милл алыстыктан табабыз.

Абзийдин унчукпай турганын сезе койгон Жусуп:

— Ой, саа эмне болду? — деп кооптоно калды.

Абзий үндөбөдү.

— Коркуп турасың го, коркпо. Өзүң билесиң, бу жагынан чоң адиспиз! Демейдегидей эле, мындан да кылдай шек чыкпайт. Ой, жаман чиркин, пайдасын тең көрөбүз…

— Корккон ким?! — Абзийдин үнү атылып чыкты. — Сенден пайда сураган ким?!

Ушу кезге чейин бул флоттогу бир да матрос кың деп өөдө карай албаган зор Жусуп эмне дээрин билбей делдейип туруп калды. Уккан кулагына ишенбегендей.

— Ой саа эмне болду? — Мурдагыдай опурулуп-жапырылбай, өтө ле бош унчукту. — О мурдуңду урайын.

— Ме! Ал акчаңды! — Абзий шымынын чөнтөгүндө жүргөн эки он сомдукту алып чыгып, аны көздөй ыргытты, бирок шторм аны деңизди көздөй учуруп кетти.

— Сени киши экен десе…— Аябай жини келген Жусуп Абзийди коюп ийчүдөй болуп, демитип-демитип барып, кийин ары басып кетти. — Оо, кыялыңды урайын!

Абзий да ушунчалык карайгандан жанын коёрго жер таппай турду. Бул баржада бир мүнөт да тургусу келбей, андан азыр эле секирип түшүп, көлдүн үстү менен безип кетчүдөй көрүндү. «Сени коё тур… — деп кекенди. — «Башка баржага которгула!» деп, эртең чоңдорго кирем…»

Кеме кербени портко жарым сааттан кийин араң жакындады. «Рулду оңго!» деген буйругу чыкты капитандын. Анан, кемелерди пристанга жанаша токтотуу машакаты башталды…

Абзий каютасына түшүп, жаанга чыланып калган таар плащын, сууланган трайке шым-кемселин, колтойгон ыразыңке өтүгүн чечип, аябай жуунуп, үтүктөлгөн ак көйнөгүн, каралжын-көгүш, шым- кемселин, жаркырата майланган туфлисин, илинүү турган плащын кийип, мойнуна кызыл гүлдүү көк галстугун тагынып, чачын сыпайы тарап, портфелин алып, бөлмөсүн бекитип жөнөй бергенде Жусуптун каютасынан анын күпүлдөгөн үнүн угуп калды.

— Аксакал, тур, келдик! Кеткен атабыз, баржадагы малыңа көз болуп ал…

Нөшөр көз ачырбай төгүп турса да пристан Ильич шамынан улам жапжарык эле.

Абзий жээктеги крандын түбүндө турган үч караанды байкады.

Баржага трап ташталгандан кийин биринчи болуп пристанга чыкты. «Райленин үйүнө болсо да барам…» деп ойлоду ал. Анан шаша басып, жээкке жакындай берди. Ошондо үч караандын экөө милийса экенин көрдү.

«Бу жерде түн катып милийса жүрчүмес эле». Абзий жүрөксүй калды, бирок бир ишенимди тирек тутуп, жээкке чечкиндүү адым таштады.

— Кечириңиз,— деди анын бири Абзий чукулдай бергенде. — Капитанды көрө алар бекенбиз?

— Тигине! — деди Абзий кыбыла жактагы экинчи пристанды көрсөтүп. Бул учурда «Водникке» жаңыдан трап ташталып, капитан да жаркыраган параддык киймин кийип, пристанга чыгып келаткан экен. Милийсалар ошол тарапка бет алды.

Эми Абзий кетүүгө ыңгайлана берди. Ошо тапта анын кареги жээктеги үчүнчү караанга токтоду. Ал аялдын карааны болучу. Көзүнө жылуу учурап кетти.

Жээкке жете берген Жусуп менен Жолдошбек алдыңкы пристандын оозуна барып, капитанды күтүп калган эки караанды элеңдей карап, түбүндө турган Абзийди да, анын маңдайындагы бийкечти да элес албай, шаша-буша оңго бурулуп, порттун караңгылык баскан чет жакасына сиңди да, көздөн кайым болду.

Абзий тигилер узап кеткенде гана шатыратып төгүп аткан жамгырды сезди. Анан көзүнө сүйкүм көрүнгөн караанга тигиле берди.

Күтүлбөгөн жерден асман как жарылып, чагылган чарт-чурт этип кетти.

— Райле…

Абзий токтоло калды. Асман калдыр-шалдыр түштү. Чагылгандын оттуу изи Райленин бешенесинин бирде сол жагына, бирде оң жагына тарбая калып, ошондо ал Абзийге оттуу тамырдын айгаптасында калгансып, бу жарыкчылыкка тамыр өңдүү ле өмүр менен ырыскы тартуулап аткансып туюлду.

Бийкеч жаанга жедеп чыланып калган экен. Тармалданган чачы салаа-салаа болуп, саамайы ылдый эки жаагын жаап, чачы ылдый мойнуна жаандын мөлтүр тамчылары шорголоп, жаш денесин чайып, андан ары жашыл плащына, кызыл жол-жолу бар жибек көйнөгүнө, андан ылдый ак балтырларына, туфлисине, көк чөпкө сарыгып жатты, Жаан аны жууп атты…

Кыз аябай үшүп калса да жүзүнүн агы ак, кызылы кызыл тартып, өтө ле чырайлуу болучу. Анын эмки кейпине иймекей калың каштары да куюп койгондой жарашып турган. Да бир кызыгы — анын көзүнө жанатан бери бир адамдан башкасы такыр… такыр эле көрүнгөн эмес…

— Келдиңби, Абзий!

Матростун портфели колунан түшүп кетти да, бийкечке умтулду. Бирок жете берип токтоло калды. Анын муз менен таш болуп калган назик колдору колдоруна урунганда өзүнүн үшүгөнүн унутуп калды.

— Мени күттүңбү, Райле?! — Жетине албаган бул үндө боз уландын ченде жок кызгануусу да, аны аёосу да, ага төгүлгөн оттой ысык мээри да, алоолонгон махабаты да бар эле.

Райле жигитинин көздөрү сезим нуруна өрттөнүп турганын кайрадан көрдү. Көрдү да, жадырап-жайнаган таалайга малынды…

Чагылган жана күркүрөп өттү. Райленин ак жууран жүзү дагы бир ирмемге тартыла калып, ошо арада Абзий анын адалдыкка малынган мөлтүр көздөрү өзүнө гана арналып турганын кареги чалды.

Бул көз караш акылын тумандатты. Билинбей эле ага тартылып баратты. Эми ал токтоно албай, өзүн биротоло унутуп, эркектерге гана мүнөздүү олдоксондук менен жаанга шөмтүрөп турган бийкечин мойнунан кучактай калып, кандайдыр бир чексиз жалын менен өпкүлөп кирди…

— Келдиңби, Абзий?!

— Периштем!..

1979

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз