Синъити Хоси: Азыркы дүйнөдө аман калуу жолу

  • 23.03.2023
  • 1648

АҢГЕМЕ

Эшикти бирөө каккылады. Түнкү саат он болчу. Үн тар батирдин бурчунан бурчуна чейин жаңыртып жатты. Бирок бөлмөдөгү коюу караңгылыкты бузуп, эшик ачкан жан болбоду.

Бирок бул үйдө эч ким жок дегенди билдирбейт эле. Жөнөкөй темир керебетте батирдин ээси, жыйырма жети жаштагы Томохико Ямашита көздөрүн ачып-жумуп уктай албай ооналактап жаткан. Уктасам дейт, уктай албады. Аны өтө көп оор ойлор басып алган эле.

Эшик кайрадан тыкылдады. Бирок Томохико турган жок, жадагалса башын эшикти көздөй буруп караган да жок. Кимдир бирөө иш менен келсе, үн чыгарып, өзүнүн ким экенин айтат. Иши жок болсо жооп кайтаруунун кереги жок, келген жагына бара берсин.

Кайталап каккылаган жок. Кыязы, үйдө эч ким жок деп чечип, кетип калды окшойт. Кудайга шүгүр деп ойлоду ал. Мен эч кимди көргүм келбейт.

Жанынан сыйпалап, тамекисин таап күйгүздү. Оттуктун жалыны өчөр алдында анын чарчаган, кыйналган, айласы кеткен жүзүн бир секундага жарык кылды. Караңгыда түтүн көрүнбөй, тамеки ага даамсыздай сезилди. Тамекисин күл салгычка басып өчүрүп, көкүрөгүндө чогулган үмүтсүздүктү сыртка чыгаргысы келгенсип үшкүрүндү.

*     *     *

Баары ушул жерден башталды. Адегенде терезенин айнеги калдырады. Таң кала түшкөн Томохико башын көтөрүп терезени карады, бирок караңгыда эч нерсе көрүнгөн жок.

«Шамал болуп жатабы?» – кобуранып койду.

Кылдаттык менен ачылган рамканын кыйчылдаганы угулганча, айнектин кылдыры басылган жок. Сыягы, үйгө ууру кирди. Томохико катып калды.  

Ал добуш чыгарыш керек болгон учурду өткөрүп жиберди. Азыр кыйкырып жиберсең, күтүүсүз нерселер болуп кетиши мүмкүн. Болгону демин басып, эмне болуп жатканын карап туруу гана калган.

Калың караңгылыкты жарып өткөн чөнтөк фонарынын сары шооласы бөлмөнүн ичин сыдырып жөнөдү. Көп өтпөй шоола керебетке жетип, караңгыдан Томохиконун сөлөкөтүн тапты, мындайды күтпөгөн фонарик ээси чочуп кетти.

- Ой, шайтан алгыр! Эй... Сен эмне оорулусуңбу? Же өлүксүңбү?

Жарыктан көзүн жүлжүйткөн Томохика жооп берди:

- Сопсоомун. Мындан көрө оорулуу болсом жакшы болмок. Жан дүйнөм азап чегип жатат. Өлүп калганды каалап турам. Ким болсоң да мени өз жайыма койчу, бай болгур!

– Үй болбосоң коё кал... – деди белгисиз адам. – Мен бул жерде эч ким жок деп ойлогом... мен уурумун. Кыйкырам деп ойлобо. Акча жана зер буюмдарыңды тез алып чык! Менин колумда эмне барын көрүп жатасыңбы?

Чакырылбаган конок муну толкундангандай айтты. Бирок ал кожоюндун бейкапар жообун укту:

– Колуңда эмне барын билбейм, – караңгыда көрүнгөн жок, бирок колумду көтөрбөйм. Кол көтөргөндөй алым жок. Жарыкты күйгүзсөм болобу?

– Токтой тур! Мени көчөдөгүлөр көрүп калышпайбы. Адегенде парданы түшүрөйүн… Байка, бир нерсе кылам деп ойлобо! – Ууру парданы тартты, Томохико керебеттин башында илинген жарыкты күйгүздү. Керебеттин айланасына күңүрт жарык тарап, акыры кожоюн ууруну көрдү. Ал чымыр денелүү, жашы өзү теңдүү адам экен. Кара көз айнеги көздөрүн жашырып, эмне ойлогону билинбейт. Колунда мизи жалаңдаган курч бычак. Томохиконун өңү кубара түштү, бычакты карагысы келбей, саал титиреген үнү менен мындай деди:

– Бычагыңды көргөзбөчү, суранам! Мен аны көргүм келбейт… Мен каалаганыңды аткарам, бирок бычагыңды ары ал!

– Мейли, андай кылсак да болот, – макул болду ууру, – бирок колу-бутуңду байлайм.

Чөнтөгүнөн оролгон жипти алып, өмүр бою адамдардын буту-колун байлап жүргөнсүгөн чеберчилик, шамдагайлык менен бир заматта Токомохонун буту-колун байлап салды.

– Каалаган жериңден кара, – деп үн чыгарды Токомохо. – Бирок үйдөн баалуу эч нерсе таппайсың.

– Эмне баалуу, эмне баасыз экенин өзүм чечем, – шылдыңдагансып жылмайды ууру. – Же сен ушинтип айтсаң эле уурулар бурулуп чыгып кетет дейсиңби?

Ууру көп сүйлөгөндү жактырбаган немелерден болчу. Анын ичке үнү коркунучтуу чыгып жатты. Мындан мурда далай үйдү тазалап, сыздатканы кыймылынан көрүнүп турат. Кийим салынган шкафты ачып, текчелерди биринин артынан бирин аңтара баштады.

– Кийимдердин баарын алып кетсең да болот, – деди Томокихо. – Айтмакчы, ал жерде чарчы кездеме бар, – кийимдерди ошого түйүп алсаң болот.

– Мунун боорукерин кара! Өзүңдү тоногонго жардам бересиңби?

– Макул боло бер да, кыйынсына бергенде эмне.

– Уурулар түйүнчөк көтөрүп көчөдө жүгүрүп жүргөнүн кайдан көрдүң эле? Балдардын комикстериненби? Көтүңдү кысып сүйлөбөй олтур!

Ууру шкафты аңтарып бүтүп, тажырыйбалуу эксперттер товар сапатын көзү менен баалап жаткансып, китеп текчелерине көз жүгүртө баштады. Токомихо унчукпай олтурууга аракеттенип, бирок кызыгуусу сактыгын басып кетти.

– Сен өмүр бою ушинтип уурулук кылып келатасыңбы?

– Ошентип айтса да болот.

– Анан ийгиликке жеттиңби?

– Ушул убакка чейин бир да жолу кармалган жокмун. Мен баарын ойлонуп жасайм. Адегенде терезелери караңгы үйлөрдү тандайм. Каккылап көрөм. Эшигин ачып калышса, болбогон бир шылтоону айтып, кетип калам. Ачышпайбы –демек, үйдө киши жок. Каалаганыңдын дал өзү.

– А, ошондойбу… Жанагы сен белең?

– Адатта терезеден кирем, – деп улантты ууру тигинин суроосун укпаган немедей. – Каалганын ичинен отургуч сыяктуу нерселер менен тиреп коём. Кокустан кожоюн келип калса, качып чыкканга убакыт болот… – Ал ушунчалык ишенимдүү сүйлөп жаткандыктан Томохико кызыга түштү.

– Чынында эле баарын ойлонуптурсуң. Бирок болбой эле кармалып калсаң кантесиң?

– Дайыма ал жөнүндө ойлой берсең ишиң жүрбөйт! Баардык эле ишкердикте ошондой эмеспи же мен туура эмес айтамбы?

– Бул айтканың чындык, – баш ийкеди Томохико. – Өзүңдү аябай ишенимдүү кармайт экенсиң. Адам суктангыдай.

Капыстан уурунун үнүндө кандайдыр бир аёо сезими бардай туюлду. Эгерде көзүн кара көз айнек жаап турбаганда, балким ал сезим көздөрүнөн да көрүнмөк.

– Байкасам, мүнөзүң эч кайда жарабайт. Кайгыра бергенди жакшы көрөт турбайсыңбы. Анте берген болбойт. Макул, жашоодо кыйынчылык көрдүң дейли, андан эмне болуп кеттиң? Биздин убакта бул жашоонун кыйынчылыктарына туруштук берүү үчүн эмне керек –  күчтүү нерв, өзүңө болгон бекем ишеним жана экстремалдык активдүүлүк гана керек.

– М… ооба десең... Мен да ошону үйрөнсөм кана! Томохико үшкүрүп койду. – Мен дайыма бул жөнүндө ойлоп жүрөм.

– Үйрөнөм десең үйрөнөсүң, бул жерде эч көйгөй жок! – деп шыктандырды ууру. Адамдын мүнөзү – бирөөдөн алган нерсе эмес. Аракет кылсаң аны өзүң жаратасың. Акырындан, улам бир кышты коюп жүрүп олтурушуң керек… Айтмакчы, сени бул депрессияга салган ким?

Томохико оозун ачып жооп берейин деп келатып, токтой калды. Бир аз ойлонуп, акыры сырын ачмай болду.

– Аял, – деди ал. – Бардыгы бир катындын айынан, мындан ары кантип жашашты билбейм.

– Андан аркысын айтпай деле койсоң болот. Демек, мүнөзүң ошондой. Жумшактыгыңды билип алып каалаганындай калчап жатат да. Же андай эмеспи?

– Ооба, үйдөн кууп чыкты, менин келечегим да, акчам да жок имиш… Канчык!

Томохика аябай толкунданып баштады. Бирок ууру тилин катуу шак эткизип алып, сөздү мурдакы нукка бурду.

– Мен ушундай болот деп ойлогом… чынында бул жерде баалуу эч нерсе жок сыяктуу. Сен да бир байкуш кембагал окшойсуң!

– Кемселимдин чөнтөгүндө алтын учтуу калем сап бар, – деди Томохико акырын. Үстөлдүн тартмасында ломбардын квитанциясы жатат. Мендеги акчага байланыштуу нерселер ушулар гана.  

– Тфу, шайтан алгырдыкы! – ууру башын чайкады. – Бул эмне деген жашоо? Жалаң таштандылар…

Ал үстөлдүн жанына барып, анда жаткан жалтырак буюмду колуна алып карай баштады. Ал сүрөт салган буттуу рамка болчу.

– Аа, таптакыр унутуп калган турбаймынбы. Ал таза күмүштөн жасалган. Ала бер. Сүрөтүн ыргытып жибер. Аны көргүм келбейт, бетин ылдый каратып таштап койгонумду байкагандырсың.

Ууру сүрөттү жарыкка салып карады.

– Муну алгандан пайда жок, эч ким сатып албайт… Сенин жүрөгүңдү жаралаган ушул немеби? Чындыгында эле жез кемпир көрүнөт.

– Туура баамдадың, көзүм кашайып убагында анын ошондой экенин билбей калбадымбы. А билгенден кийин…

– Баары түшүнүктүү! – сөзүн бөлүп кетти ууру. – Мен албетте, сенин арыз арманыңды угайын деп келген эмесмин. Бирок чынын айтсам, сенин сөздөрүң жинди келтирип жиберди. Бир тууганым, таптакыр эле чимкиригиң куюлуп калыптыр! Экөөбүздүн жашыбыз болжол менен бирдей, туурабы? Бирок мен жашоо үчүн, башымды канжыгага байлап, моминтип аракет жасап жүрөм. Ошентип тапкан акчамды акыл менен колдоном.

– Макул, сен жакшы жашап жатыптырсың… Анан кандай, кылган иштериңе өкүнбөйсүңбү? Абийириң кыйнабайбы?

– А өткөн ишке өкүнгөндүн кажети барбы? Болор иш болду. Андан кийин канчалык кайгырсаң да, өкүнсөң да эч нерсени өзгөртө албайсың… Эртеңки күн эртең келет. Анын кандай болорун биле албаган соң, башты оорутуштун кереги жок. Балким эртең водород бомбасы түшөр же жер титиреп баары ойрон болор, балким авто кырсыкка кабыласың…

Ууру кызууланып сүйлөп жатты.

– Балким үйүңө ууру кирет! – Токомихо мыйыгынан жылмайып койду.

– Сөздү жула качпа, – деп тыйды ууру. – Мен муну эмне үчүн айтып жатам? Бүгүнкү күн менен жашаш керек! Болгон күчүңдү жумша да, эч нерсени ойлобой ыракаттанып жаша. Бул дүйнөдө аман калыштын бирден бир жолу.

– Мен сени түшүндүм! – Томокихонун көңүлү көтөрүлө түштү. – Сен менин канымды кызытып койдуң… Көрөлү. Сен айткандай жашоого аракет кылып көрөйүн. Чын эле кыйналып жата бергенде эмне? Мындан ары кандай жашайм, таптакыр түшүнүгүм жок эле… Сен келбесең кантмек элем? Кудайым мага ууру жибергенине шүгүр!

Ушул жерге жеткенде… Эшик кагылды. Ууру үрпөйө түштү.

– Бул ким?

–Мен кайдан билем? – Токомихо ийиндерин куушурду. – Эшикти ачмайынча ким экенин кайдан билмек элем.

– Бар, кадимкиңдей жооп бер. Кетип кал де… Бирок абайла, иттик кылба!

Ууру чөнтөгүндөгү бычактын сабын бекем мыкчып турду.

– Бул ким? – үнүн катуу чыгарып сурады Токомихо. – Сага эмне керек?

– Кеч келип тынчыңызды алганыбыз үчүн кечирим сурайбыз, – деди сырттагы добуш. – Ачыңыз, бул полиция!

Муну уккан уурунун өңү бузулду. Ал жинденип шыбырады:

– Бул буктурма! Сен эмне, мени фараондорго салып берейин дедиңби?!

– Мен аларды кантип чакырмак элем, – алаканын жайды Токомихо. – Же телефон, же сигнализация болбосо!

– Мейли анда… Мен кеттим. Көрүшкөнчө!

– Кете албайсың! Алар эмне, терезени сырттан кайтарышкан жок дейсиңби?

Ууру парданы акырын жылдырып, көчөдө турган полицейди көргөндө кыйпычыктап айласын таппай калды.

– Кеч болуп калды… А шайтан алгырдыкы!

– Шкафка кирип жашынсаң болот,—деп сунуш кылды Токомихо. – А мен аларды алаксытайын.

— Боорукер боло калат! – деп шыбырады ууру. – Мен эмне жинди бекемин… Полициянын колуна салып бергиң барбы? Жок, болбойт! Андан көрө качып чыгам.

– Кайдагыны айтасың! Мейли, өзүң бил. Адамдарга ишенбесең, ал сенин ишиң… Анда мындай кылбайлыбы: мен шкафка бекинейин, а сен эшикти ачып, менин ордума кожоюн бол. Атың Томохито Ямасита. Бул планды кандай дейсиң?

Томокихого өз планы аябай жакты, көздөрү жаркырай түштү.

– Мына бул башка кеп, – макул болду ууру. – Бирок мынча эмне бооркерсиң? – Тим эле кускуң келет.

– Сен менин эч нерсеме тийген жоксуң да. Тескерисинче, мындан ары кандай жашашты үйрөттүң. Ушундай эмеспи?

Ууру башын ийкеп, чөнтөгүнөн бычагын сууруп чыгып, Томохикону байлап койгон жипти кести. Эшиктин артынан кыжырданган үн чыкты.

– Полиция! Эшикти дароо ачкыла, болбосо өзүбүз ачабыз!

Томохико шкафка кирди. Ууру көз айнегин чечип, эшикти көздөй басты.

– Кечиресиз, кичине кармалып калдым... Азыр ачам! – Ал эшикти ачты. Босогонун сыртында үч полиция кызматкери толук күжүрмөн даярдыкта турган.

– Ямашита мырза ушул жерде жашайбы? — деп сурады алардын бири.

— Ооба, бул менмин, — деп жооп берди ууру сөздөрүн кылдаттык менен тандап. Ушунчалык кеч убакта кызмат кылып жүргөнүңүздөргө ыракмат... Силер ууруларды издеп жүрсөңүздөр керек? Бирок өзүңөр көрүп тургандай, бизде баары жакшы...

Ал бул квартирада тынч, бир калыпта өмүр сүргөн адам сыяктуу, ишенимдүү көрүнүүгө аракет кылды. Бирок полицейдин бири кабагын бүркөдү.

– Эмне деп жатасың? Башты айлантпа! Биз сага келдик. Жээктен бычакталып өлтүрүлгөн аялдын жансыз денеси табылды. Тергөөдө аны жакында Томохико Ямашита аттуу адам кубалап жүргөнү аныкталды.

– Эмне? Киши өлтүрүү дейсиңерби?! Бул жерде кандайдыр бир жаңылыштык болуп жатат... Биринчиден, мен Томохико Ямашита эмесмин!

– Анда эмне үчүн Томохимо менмин дедиң? А башка болсоң бирөөнүн үйүндө эмне кылып жүрөсүң?

– Мен... Мен азыр түшүндүрөм...

– Түшүндүрө турган эч нерсе жок! Даярдан. Бардык даттанууларыңды участкага барганда айтасың.

Ууру качып чыгууга аракет кылды. Бирок үч жуп жоон билек аны тез эле колдорун толгоп салды. Ошол учурда уурунун чөнтөгүнөн бычагы жерге түшүп кетти.

– Мына, куралы да жанында экен! — Керемет. Демек, батирди тинтүүнүн да зарылчылыгы жок.

Ууруга кишен салып айдап кетишти. Бардыгы кеткенден кийин Томохико шкафтан чыгып, үйдө эч ким жогуна көзү жеткен соң, көңүлдүү кобурады:

– Мына! А мен барып моюнума алсамбы же качсамбы деп кыйналып жаттым эле. Кантсе да бул канчыкты атайын өлтүрөйүн дебесем да, өзүмдү жоготуп өлтүрүп алдым... Кудайга шүгүр, акылдуу адам жолугуп, мага азыркы заманда кантип жашоону үйрөттү... Ал туура айтат. Мына! Жашооңдун ар бир көз ирмемин баалап жаша. Эмне кылсаң да, кылган ишиңе өкүнбө. Эртеңкини эч ойлобо. Ал күчүң барда токтобой алга жыл. Жашоодон болушунча ыракат ал. А эртеңки күнү буюрганын көрөрбүз...

Томохико кийинди да, жайдары жүзүнө жарашкан жылмаюусу менен көчөгө чыгып кетти.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз