(этикалык жана эстетикалык концепция)
ЭССЕ
Мен өзүмдү жазуучу деп атагандан алысмын. Образдуу айтканда, ал түшүнүк - азырынча мага чоң келе турган кийим. Жазуучу деген сөз калемгерге жугуш үчүн ал жасай турган эмгек тууралуу олуттуу ойлонсоң, бул пил көтөргүс жүк. Ошентсе да Токтогул атабыз “күлүк минсең күүлөнүп, эки жагың каранба” деп ырдап өткөндөй, кайраттуулук кылып, өз ойлорумду ортого салып, окурмандарга эссенин аталышында жарыяланган түшүнүктү чыгармачыл ыкма катары сунуштоону эп көрдүм. Ал максатта бир аз артка кылчайып, кечээги адабиятыбыздын өзгөчөлүгү жөнүндө дагы бир ооз сөз айта кетпесем болбос.
Кеп башы, жазуучу демекчи, өзүн өзү алдап, адашып, жазуучулукту кесип кылгандар ар дайым болуп келген, боло да берет. Бул өтө аянычтуу, бирок ошону менен бирге табигый көрүнүш. Андыктан бул жерде ашыкча “снобдук” көз карашта болуунун да кажети жок, анткени Гегелдин диалектикасынын үч жөнөкөйлөштүрүлгөн мыйзамынын биринде көргөзүлгөндөй: сандык өзгөрүүлөрдүн сапатка өтүүсү да табигый кубулуш.
Биздин коомдун (постсоветтик мейкиндиктеги) жазуучулары, деги эле маданият жана илим өкүлдөрү тууралуу кеп кыларда бир көйгөйдү эске алуу зарыл. Жакынкы тарыхыбыз болгон 20-кылымдын үчтөн эки бөлүгү СССР курамында (маданий жана интеллектуалдык изоляцияда) өткөндүктөн, алар дүйнөлүк маданият өкүлдөрүнөн өзгөчөлөнүп калды. Сөз аларды кемсинтүүдө эмес, салыштырмалуу анализ жасап, маселени туура аныктоо жөнүндө жүрүп жатат.
Ал учурда бир саясый партия баардык бийликти колуна алып эле тим болбостон, коомдук турмушту башынан аягына чейин көзөмөлдөгөн. Башкача айтканда, партия мамлекеттин экономикалык, юридикалык, коопсуздук, саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүндө, анан башкысы маданият жана билим берүү жаатында жападан-жалгыз монополист болгон. Демек, айтылган чөйрөлөр так ошол бийликтин ээси, бенефициары, болгон партиянын тутунган идеологиясына кызмат кылган. Албетте, анын ичинде маданияттын пайдубалы болгон адабият чөйрөсү да саясый өңүттө пропаганданын куралы болуп берген.
Коллективизм маалында индивидуализм, буржуазиялык коомго таандык көрүнүш катары четке кагылып, мамлекет кызыкчылыгы жеке адамдын кызыкчылыгынан бийик турган. Натыйжада, адамзат тарыхында болуп көрбөгөн жаңы типтеги коом жана homo sovieticus (советтик адам) аталган жаңы типтеги адам пайда болгон. Ал адам үчүн жеке менчик, жеке иш деген түшүнүк таптакыр жат көрүнүш болуп, анын аң-сезиминде жеке мейкиндик маданияты калыптанбай калган. Мунун залакасы биздин коомго азыркыга чейин тийүүдө.
Искусстводо, анын ичинен адабият майданында “эмгек адамын” культ кылуу шылтоосунда мамлекет тарабынан спекуляция кылынып, маданиятка болгон саясат таза демагогияга айланган. Мындай “саясый искусствонун” жүзү болгон соцреализм көркөм багыты саясый цензуранын негизги куралы болуп келген. А цензура болсо кандай идеологиянын терисин жамынбасын, ар бир полиция режиминин алгачкы атрибуту экени шексиз.
Совет бийлиги искусство чөйрөсүн каржылоо менен бирге искусство кызматкерлерине буйрутмаларды берип, талаптарды коюп, алардын алдыңкы кардары өзү болуп отуруп көбүн эсе жансыз, стерилдүү, тиши жок искусство жаралышына себепкер болгон. Жыйынтыгында искусство саясатташкан соң, аны жаратуучулар эркин сүрөткер эмес, мамлекеттин буйрутмаларын аткарган искусствонун кызматкерлери (чиновниктери) катары калыптанышы турган иш эле. Логикалык жактан бул мыйзам ченемдүү процесс.
Албетте, баардык советтик сүрөткерлер а кезде конформист болгон, чыгармачылыгы эч нерсеге арзыган эмес деш акыйкаттан такыр эле алыстоо. Андай ойду башы менен достошкон адам айтпайт дагы. Искусстводо болобу, илимде болобу, үлкөн салым кошуп, дүйнөгө атагы тарап, тар идеологиялык, философиялык, илимий, көркөм, этикалык, эстетикалык рамкаларга батпаган инсандар бир топ эле кездешкен. Бирок алардын жетишкендиктери менен мамлекеттин жалпы маданиятка болгон көзбоёчулук саясатын актоо – маселени жөнөкөйлүштүрүү эле эмес, моралдык кылмыш деп эсептейм.
Арийне, советтик долбоор, советтик адам - өзүнчө чоң тема болгондуктан, аны чакан эсседе ачып берүү мүмкүн эмес, менин максатыма да жатпайт. Ал кездин тарыхы өзүнө баа берип гана тим болбостон, гуманитардык илимдердин баардык багыттарында изилдөөлөрдү жасап, илимий эмгектерди жаратууну талап кылат, жана ал үчүн зор материал болуп бере алат.
Ошентсе да азыркы учурдун кыргыз адабияты тууралуу кеп козгогондо, өйдөдөгүдөй бир аз тарыхый экскурс кылбаса, анын спецификасын жана көйгөйлөрүн түшүнүп билүү, коомдук турмуштагы оордун табуу менен бирге бара-бара коомдун өнүгүү процессиндеги сөз өнөрүнүн ролун аныктоо оор.
Адабий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн көпчүлүгү инерция менен азыркы күнгө чейин мамлекетке көз карандуулугунан кайтпай келет. “Көңгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” демекчи, совет доорунан калган мурас болгон бул өнөкөт, патологиялык дартка эбак айланып, кайтарылгыс чекитти өтүп, калемгерлердин өнөрү өйдө жакка келген оройлордун алдында бөжөңдөп тизесин бүгүп, башын ийип жүрүп наамдарды жана миң-түркүн сыйлыктарды алуу менен чектелип калгандай таасир калтырат.
Балаты сымал төшүндө жалтыр-жултур эткен мамлекеттик “финтифлюшкаларды” чогултуп алганына кудуңдап мактанып, барган жеринде сыймыктануу менен баса белгилеп жүргөнү канча. Бул багытта алардын резервдеги бийчилердей синхрондуулуктарын айта көр! Бери жакта аны байкаган акылы оордундагы адам үчүн бул өтө аянычтуу, ыйлай турган көрүнүш экени менен кайрандардын иши жок. Анткени “маданий” сойкулук, көрсө, өзүнчө кесип, аркалай турган өзгөчө өнөр болуп калыптанып калган тура, шордуу коомубузда биздин муун “бо-бо” деп үстөл астын булгап жүргөн чагында эле.
Күнөскананын жазуучулары барып өйдө жактагылардан юбилейине же дагы бөлөк нерселерине пул сурайт экен дегенди укканда кейийм. Анткени адабий процесс андай жүрбөшү керек, чыныгы адабият априори андай абалда жаралышы мүмкүн эмес. Бизде графомания үстөмдүк кылганы айдан ачык көрүнүп турат.
Биз көрсө, дүйнөлүк маданияттан, анын ичинен адабияттан дагы да болсо “изоляцияда” экенбиз. Ортодо чексиз океан, ал аралыкты сүзүп өтүү жетпес кыялдай. Дүйнөлүк маданият менен байланыш жокко эссе. Кеме куруп интеграцияга бет алуунун ордуна, калемгерлерибиздин көпчүлүгү майда-барат жеке кызыкчылыктарын көздөп жээкте жүрүшөт.
Батыштын же Батышка эчак аралашып өнүккөн Чыгыш өлкөлөрүнүн жазуучулары эле укмуш деген ойдон алысмын. Ал жакта да көйгөйлөр көп. Рынок системасынын артыкчылыгы/кемчилиги - коммерциалашуу. Акчага айландырылуучу (конвертация) нерсенин баары акыры бизнеске айланат. Адабият дагы Батышта илгери эле бизнеске айланган. Бальзак, Диккенс, Флобер өңдүү классиктер жалаң адабий чыгармачылыгы аркылуу нан таап жешкен. Мындай кырдаалдын артыкчылыгы – жазуучуну башка-көзгө койгулап, ага кожо болгон киши же мамлекеттик институт болбойт. Ал өзүнө өзү кожоюн - каалагандай иштеп, каалагандай жазат. Тек кана атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек, антпесе китеп рыногунда ага окшогон жазуучулар толтура. Иштерман, оригиналдуу боло алса, өзүнө окурмандарды топтой алат, боло албаса - калат.
Кимдин китеби канча тираж менен басылып чыгат, кимдики чыкпайт деп советтик учурдагыдай үстүдөн директивдүү чечилбейт. Ал акылга сыйбаган нерсе катары көрүнөт. Рынок маданиятында суроо-талапка жараша сунуш пайда болот. Ошондуктан бул адилеттүүлүктүн апогейи. Бирок медалдын арткы бети да бар – популярдуу тренддерге, кандайдыр бир модага айланган убактылуу тенденцияларга баш ийип, тез жана оңой акча табуу жолуна түшүп алуу. Бирок кантсе да мындай кырдаалдын артыкчылыгы – жазуучу бейбаш болот. Өз дареметине жараша оокат кылат.
Бул концепция биздин homo sovieticus болуп калыптанып калган жазуучуларыбыздын табиятына ылайыгы келбейт. Анткени анда наам деген балекет жок. Ачык коомдун маданиятында наамга оорун жок. А совет бийлиги тушунда “интеллигенция” (жарандык коому жок Падышалык Россияда 18–19-кылымдарда пайда болгон түшүнүктүн көчүрмөсү катары) делип homo sovieticus`тарынын өзүнчө катмары пайда болуп, маданият кызматкерлери (чиновниктери) чыныда эле мамлекеттик машинанын кулуна айланып, күнөсканалык болуп калган. Азыр адатта калыптанып калган салтты уланта диктаторлук режимдер орногон бир топ постсоветтик өлкөлөрдө ошол “атавизм” сакталып, бийликтегилер интеллигенция өкүлдөрүн мурункудай эле кол аарчыдай пайдаланып, аларга актуалдуулугу, мааниси жок наамдарды, сыйлыктарды берип, эл алдында колдоосун алып, бүткүл маданиятты циркке айлантып салышты.
Уясынан убагында өз алдынча учуп кетпей калган балапан, азыр эми учканды да билбей, уясынын ичин да жыттарга толтурду.
Азыркы доор алмашуу мезгилинде глобалдашкан коом идеялык, руханий, маданий кризиске дуушар болуп, туңгуюктан куткарар жаңы “парадигмаларды” карайлап издеп тапканга аракет кылып, ар кандай жолдорду байкап көрүп жаткан учуру. Хаосту тартипке салчу, дискурсту аныктачу так ушу сөз болгондуктан, бул процессте философиядан, илимден сырткары, сөз өнөрүнүн ролу эбегейсиз.
Заманбап маданиятын таанууда негизги ачкычтар болгон постмодернизм, метамодернизм, спекулятивный реализм сыяктуу башка дагы толгон токой “измдерге” бай философиянын жана адабияттын багыттарын түшүнө билип, алар менен тиешелүү деңгээлде диалог/дискуссия кыла алган абалга жетпесек, ишибиз начар.
Ага жетиштин бир гана жолу – бейбаш болуу. Бейбаш дегеним - эркин болуу концепциясы. Мындай авантюрасыз коомдо маданиятка болгон жаңы көз карашты калыптоо, адабиятка жаңы дем берүү мүмкүн эмес.
Жарандык коом жаңыдан өнүгүү жолуна түшүп, дүйнөдөгү глобалдашуу процессине акырындап бир баш баккансып, бир башын каткансып келе жаткан биздин коомчулук ар түркүн табуларга, стереотиптерге бай. Турмушунда жана чыгармачылыгында ошолорго идеялык, этикалык, эстетикалык жактан туруштук берип, жалтактабай жеке өзүнүн руханий баалуулуктарына өзү бекем болгон жазуучу гана чыныгы бейбаш жазуучу боло алат.
P.S. Бейбаш жазуучу концепциясынын этикалык жана эстетикалык аспектилерин кийинки публицистикалык иштеримде кененирек ачып бергенге аракет кылам.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.