Теннесси Уильямс: Жамгырдай сагынычтуу сүйлөчү, мен тыңшайын (конкурска №20)

  • 22.05.2023
  • 2610

Сүрөт godliteratury.ru/articles/ булагынан алынды.

КАТЫШУУЧУЛАР: Аял жана эркек

КӨШӨГӨ

Манхэттен борборундагы сегизинчи райондун батыш тарабындагы мебелдер турган үйдүн бөлмөсү. Керебетте уйкудан эми ойгонгон эркек ич кийимчен жатат. Түндөсү аябай ичкени байкалат. Жамгырдан улам бүркөк асман фонунда түнөргөн жалгыз терезе тушта аял олтурат. Колуна кармаган ыстакандагы суудан чымчык сымал аз-аздан ууртайт. Экөө тең кароосуз калган балдардай жүдөңкү. Бири-бирине сылык кайрылып, сыпайы мамиледе. Сербейген эки бала бири менен бири эми гана достошуп, мындай көрүнүш аларда улам кайталана берип, маекте бири-бирин жек көрүп же өкүнгөнү байкалбаган томсоруңку көрүнүш.

Эркек: (үнү киркиреп.) Саат канча болду? (Аял бирдеме деп күңкүлдөйт.) Эмне дейсиң, жаным?

Аял: Жекшемби.

Эркек: Жекшемби экенин билем. Саатты бурап койсоң боло.

(Аял арык колдорун кырмызы түстөгү эски кимоносунун жеңинен сууруп алып, суу куюлган ыстаканды алат, бир ыстакан суу да оордук кылгансып эңкейип, керебеттеги эркекке сунат. Жакын арадан мандолин коштоосунда сыбызгыган музыка угулуп турат. Испан тилиндеги «Estrellita» кайрыкка окшош ал.)

(Жамгыр башталып, спектакль бүткөнгө дейре дыбырай. Терезе туштан бир топ көгүчкөн пырпырап учуп, ары жактагы терезеде балдардын чурулдаган үнү.)

Баланын үнү:

Жамгыр, жамгыр жаачы дагы себелеп,
Жамгыр үнү балдар үчүн керемет.
Жамгыр менен бүткүл аалам тазарат,
Жамгыр шаарды жууп кетти тазалап.

(Бир аздан кийин бул ырды ары жактан дагы башка бала кайталайт.)

Эркек: Кызык, мен жумушсуздарга берилчү акчамды алдым бекен? (Аял колундагы ыстакан оордук кылгансып эңкейе басып, ыстакандан үн чыгарбай, ордуна абай коёт. Бырс күлүп алып, демин ичине тартат. Эркек кебин үмүтсүз улайт.) Ал акчаны алдым окшойт. Кийимдерим кана? Чөнтөктү карачы, чек барбы?  

Аял: Мен сени издеп жүрсөм, өзүң кайтып келдиң. Чекти алып, керебетке кат таштап кетипсиң. Кол жазмаңды такыр окуй албадым.

Эркек: Эч окуй албадыңбы?

Аял: Телефон номерин гана окушка жарадым. Номерге чалсам, ал жактагы ызы-чуудан түзүк эчтеке угулбады.

Эркек: Ал жактагы ызы-чуудан?

Аял: Ооба, ал жактан тынбай ызы-чуу угулуп турду.

Эркек: Кай жактан?

Аял: Билбейм. Кимдир-бирөө: «Келе кал» деп, трубканы коюп салды. Кайра чалсам, линия бош эмес деп туруп алды.

Эркек: Колума «Miller’s High Life» сырасын кармаган бойдон муз чыланган ваннадагы сууда сулап жатыпмын. Денем көк-ала так. Дайрага жакын аймакта, чыгыш тараптабы же Гудзондобу, дарегин так билбейм. Азыр адамдар мас болуп эсин жоготкон кишини өлтүрүп салыштан деле кайтпайт. Тепкичтен ылдыйга томолото тепкилеп түшкөндөй денем бүт зыркырайт. Бир жолу башы-көзүмдү жарып кетишкен. Андан кийин өлөрчө тепкилеп, таштанды челекке ыргытып салышкан жеринен эсиме келгем. Денем кесилген, күйүктөн калган так. Эсин жоготкон адамды кордогон ушунчалык кара өзгөй адамдар бар экенине зээним кейийт. Ваннадагы муз чыланган сууда ойгонор замат, ал жайдан атып чыгып, мейманканага кирип баратканымда башка эшиктен кимдир-бирөөнүн сыртка чыгып бараткан үнү угулду. Сыналгы иштеген бойдон турат, арыда пластинкада музыка ойноп жатат. Бөлмөнүн ар кай жеринде үстүнө түрдүү даам коюлган үстөлдөр жайнайт: сүрсүтүлгөн эт, тоок эти, ичимдиктин түрү куюлган бөтөлкөлөрдүн кээси ачылса, кай бири ачылбаган. Чакаларга эриген муз салынган. Мен кирер замат кимдир-бирөө эшикти жаап чыгып кетти… (Аял ыстакандагы суудан ууртайт.) Кимдир-бирөө… Эшик тарс жабылар замат эшик тарапты тыңшасам, сырттан лифт жабылганы угулду… (Аял ыстаканды ордуна коёт.) Дайрага жакын мейманкананын бул кабатында кийим-кечектер ар кай жерде чачылып жатат. (Ачык терезе туштан көгүчкөндөр шатырап учуп, аял чочуп кетет.) Ич кийимдер! Көйнөк, галстук, байпак жана ушул сыяктуу. 

Аял: (Аран жаң.) Кийимдер?

Эркек: Ии, кийим-кечектин түрү. Чакчалекей будуң-чаң мушташкан окшойт, айнектин сыныгы жерде чачылып, жанында шкаф аңтарылып жатат.

Аял: Иий!

Эркек: Зордуктоо болгон окшойт.

Аял: Сен ал жерде белең?

Эркек: Ии, ваннада… муз чыланган…

Аял: Аай-иий!

Эркек: Трубканы алып, кай жер экенин сураганымды билем, бирок алар эмне деп жооп беришкени эсимде жок… Ичкенге суу берчи. (Экөө тең ордуларынан бир убакта козголуп, бөлмөнүн чок ортосунда бет маңдай тиктешет. Ыстакан колдон колго сунулат. Эркек аялды үңүлө караган бойдон ыстакандан суу ууртайт, оозун чайкап, аялды маанай суз карап турат да, сууну терезеден ары түкүрөт. Аялдын маңдайына келип, ыстаканды сунат. Аял да суу ууртайт. Эркек аялдын койкойгон мойнун алаканы менен кармалайт.) Көргүлүктү куп көрдүм! (Пауза. Мандолин чертилип баштайт.) А сенчи? Мага өзүң тууралуу айтып берчи. Кай жакта кантип…

(Эркек аялды маңдайдан сылайт. Аял көзүн жумуп, эркекти сылоого колун көтөрөт. Эркек колун тартып алып, аялдын үстү-башын астейдил тиктеп, анын колун эрдине такайт. Эркек колун коё бергенде, аял анын баланыкындай арык көкүрөгүнөн сылап, андан соң жүзүн анын көкүрөгүнө катат. Эркек аны моюндан сылап, ачык көкүрөгүн сыйпалайт. Мандолин катуу чертилип баштайт. Аял башын анын далысына жөлөгөндө, ал аялды кымча белден өзүнө имере тартат. Эркек кебин улайт.)

Эркек: Качантан бери бир үйдө эки бейтааныш адамдай жашайбыз. Бири-бирибизди таап, кол кармашып жашоону уланталы. Сүйлөчү! Мен карайлап калдым!.. Бассам-турсам оюмдасың, бирок сага чалышка батына албай жүрдүм, кымбатым. Сени ойлойм, бирок чалуудан корком. Сага чалып, сенсиз күнүм бир кылымга татып кетерин, колдон-колго коко тыйындай ыргытылып жашап калганымды айтып, анан трубканы коюп салгым келчү… Мен бул шаарда сенсиз карайлап калдым…

Аял: Сен менден кеткени – кекиртегимден суудан башка эчтеке өтпөй калды. (Аял ага карап жылмайат. Эркек акырын күңгүрөп аны кучактайт.) … Кээде бир аз кофе, анан суу гана өтөт! (Аял акырын күлөт.)

Эркек: Мага сүйлөп берчи, жаным. Дагы сүйлөп бересиңби?

Аял: Албетте!

Эркек: Нөшөрдөй сагынычтан сүйлөп берчи, мен тыңшайын. Керебетте жаткан бойдон жамгыр үнүн тыңдап жаткым келет.

(Эркек керебетке көмкөрөсүнөн кулайт, манжалары менен полду утур тыкылдатып аялды тыңдайт. Мандолинден чертилген күү сыбызгып угулат.)

Эркек: Көптөн бери окшош күндө жашап келебиз. Сүйлөчү. Мен шаарда коко тыйындай колдон колго ыргытылып жүргөндө, сен эмне күндү көрдүң, ардагым? Мага чачылып-төгүлүп божурап берчи! Кана, ак жаандай бир төгүлчү, мен тыңшайын.

Аял: Мен…

Эркек: Ооба, сен! Мен да муну билишим керек, сураныч, нөшөрдөй төгүлчү, жаткан бойдон сени тыңшайын.

Аял: Мен сенден кетким келет.

Эркек: Кетким келет?

Аял: Мен сенден кетким келет!

Эркек: Кандайча?

Аял: Жалгыз! (Терс бурулуп терезени тиктейт.) Көл жээктеги мейманканага жасалма ысым менен катталам…

Эркек: Кандай ысым менен?

Аял: Анна Жонс… Бөлмө жыйнаган чыканактай пекене кемпир бар. Басса-турса небересин оозунан түшүрбөйт. Керебетти жыйнап жатып күбүрөнгөн кемпирди отургучта эки колумду туш тарапка жайып тыңшап олтура берем. Небереси тууралуу сүйлөй берет, сүйлөй берет… Небереси эмне жеп, кандай кийингени тууралуу деле айта берет. (Аял терезе тушка олтуруп, ыстакандан суу ууртайт.) Ичи салкын, караңгы бөлмөдө күбүр-шыбыр үндөр угулат.

Эркек: Жамгыр үнү?

Аял: Ооба, жамгыр.

Эркек: Анан?

Аял: Көңүл жарасы жуулуп кетет.

Эркек: Аның ырас…

Аял: Бир аздан соң кемпир бөлмөнү иреттегенин айтып, чыгып жөнөйт. Ыракматымды айтып акча сунам. Эшик жабылган соң, кайрадан жалгыз калам. Көгүш терезе жапкычы бар бийик терезеден дыбырап жааган жамгырды тиктеп тура берем. Жашоомду сырттан дыбырап жааган жамгыр үнү угулуп турган ичи салкын караңгы бөлмөгө окшотом.

Эркек: Жамгыр…

Аял: Ар жумада почтадан өзүмө жетерлик чек келет. Чыканактай пекене кемпир чекти акчага алмаштырып, китепканадан мага керектүү китептерди алып келип таштап, кир кийимдеримди жууганга алып кетет… Аппак кийимдер өзүмө куп жарашат. Менде деле ашып-ташкан ал жок, көл жээктеп бассам кадимкидей чыйралам… Кечкисин көл жээгинде аянтчада басып жүрө берем. Жээктин күркөлөр жайгашкан тарабында Виктор Хербергдин ырларын ойногон оркестр үнүн бир оокумга дейре тыңшап олтурам… Жашаган жерим – жабылма терезеси бар кенен бөлмө. Эртеден кечке жамгыр, жамгыр, жамгыр. Кечкисин чарчап-чаалыккан жаным жамгыр үнүн тыңшап жатып өзүмө келип, жүзүмдөгү бырыштар азайгансып жашара түшөм. Дос-жарым жок, таанышым да жок, ошого көңүлдө санаа да жок. Уйку келгенде, мейманканадагы чакан бөлмөгө бет алам, киргенде эшик кайтарган киши: «Кутман кеч, Жонс айым» – деп ар дайым озунуп салам берет, ага жылмайган адам болуп, ачкычты алып кирип кетем. Гезит окуганды, үналгы тыңшаганды таптакыр жыйыштырып салганыма көп болгон. Ааламда эмне кеп – билсем өлөйүн. Мезгил кантип зымырап өтүп жатканы билинбейт… Бир жолу күзгүдөн өзүмдү үңүлүп карасам, чачымды ак аралай баштаптыр, бул чакан мейманканада жасалма ысым менен дос-жары, таанышы жок, сырткы дүйнө менен байланышты үзүп салганыма туура жыйырма беш жыл толгонун ошондо билдим. Буга кайгырбадым да, кубанбадым. Жай турмушта жашап жүргөнүмө шүгүр. Кийин анда-санда киного барчу болдум. Эң арткы катардагы орундукта бейтааныш адамдарга катарлаш олтурам. Эки көзүм экранда. Ойдон чыгарылган каармандар. Чыгармадагы адамдар. Көзү өтүп кеткен жазуучулардын китептери менен күндөлүктөрүн окуйм. Бир кездеги жашоомдо мага тааныш адамдарга караганда, ушул жазуучуларга жакын экенимди сездим. Маркум акындар менен достошуу мен үчүн кандай ыракаттуу, алардан аласам да, бересем да жок. Алардын коңур үнүн тыңшап керемет сезимдерге магдырап, китепти кармаган бойдон уктайм. Эрте менен тып-тып жамгыр үнү кытыгылап ойготот. Эртеден кечке жамгыр, жамгыр, жамгыр… Бир жолу китепти жаба салыппы, же кечки он бирде кинодон келиппи, айтор, күзгүдөн өңүмдү карап, чачым куудай агарганын байкадым. Көбүктүү толкун сымал агарган. (Аял ордунан туруп, бөлмөдө ары-бери басып сөзүн улайт.) Денемди кармаласам, камгактай арыктапмын. О, кудай, ушунчалык арыкмынбы?! Жоголуп бараткансыйм. Өзүмдү таппай калчудаймын. Ошондо гана бул чакан мейманканада эч ким менен байланышпай, тиричиликти жыйыштырып салып элүү жыл жашап койгонумду билдим. Жарым кылым. Бүтүндөй бир өмүр. Бул жайга келер алдын мага тааныштардын биринин да ысымы эсимде жок. Мен издеп келген да, кеткен да из жок… Күзгүгө карап, алгач ирет көл жээктей соккон шамалга багынып, жердин жети түбүнөн соккон таптаза муздак шамалга алдырып баратканымды сездим. (Терезе түпкө олтурат.) Сыртка чыгам да көл жээктеги аянтчада андан бетер арыктап жоголуп кетмейинче басып жүрө берем.

Эркек: Келчи гүлүм мага.

Аял: Улам-улам ичкергенден ичкерип, ичкерип, ичкерип! (Эркек ага барып, отургучтан күчтөп көтөрөт.) Ичкерип барып, муздак шамалдын суук койнуна житип кетерим чын.

Эркек: (Аялды алкымдан жыттап.) Жүр, жылуу уябыз – төшөккө кайталычы, кымбатым!

Аял: Мен сенден кетейинчи! Кетейинчи!

(Эркек аны коё бергенде, аял өксөп ыйлаган бойдон бөлмө ортосуна кайтып келип, керебет четине олтурат. Киши күшүлдөй дем алып терезеден баш чыгарат. Эркек артына бүлбүл жарык түшүп, жамгыр дагы катуулай жаап келет. Аял калчылдап эки колун кайчылаштырып көкүрөгүнө алат да, өксөгөнү басылып, терең-терең дем алып олтурат. Бүлбүл жарык түшкөн бөлмөгө уңулдап шамал кирет. Эркек дале терезеден башын чыгарып турат.)

Аял: (Үнү жумшарып.) Келчи мага… Келчи мага, жаным.

(Ошондо эркек өзүн жоготуп аялга жанган айдай жарк этип, күйгөн оттой дүрт этип, ак жамгыр болуп, дайрадай ташып бурулат.)

КӨШӨГӨ ЖАБЫЛАТ

Англис тилинен которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз