Кобо Абэ: Убакыттын кыйрашы

  • 30.05.2023
  • 2493

Сүрөт https://pgpb.ru/ булагынан алынды.

ПЬЕСА

Катышуучулар: Боксёр, үн.

Боксёр: Жеңилүүгө болбойт… Бул деген таймаш… Эгер утулсаң, анда мушташкандан не пайда.

Баарына кечээги сүт кесепетин тийгизди! Эскире түшүптүр. Муздаткычта жата берип, бир аз ачып кетиптир. Сүттө кандайдыр бир жан бар. Жандуу тамак. Жандуу болгон соң, өзүн өзү жеп түгөтөт. Аны эми ичкенге болбойт. Кара саат!... Капкагында жарамдуу мөөнөтү жазылыш керек эле. Аны жөндөн-жөн ойноп жазышпайт. Сүттү жаңысында ичкен жакшы…

Саат канча болду?

Машыкканга жаңы мүшөк илиниптир… Кызыл… Ургуласаң кандай сонун… Бир-эки, бир-эки, бир-эки… Сокку үнү мага терең сыйкырдуу таасир калтырат… Жан-дүйнөмдү аралап кетет… Борцовкинин таманынан чыккан үн: кыйч-куйч… кыйч-куйч… Кандай жагымдуу… Эмне болорун алдын-ала сезем. Таймаш учурунда өз бурчума борцовкинин таманын кыйчылдата басып келем. Мени карап мыскылдап жатышабы деген да ой кетет…

Кутман кеч, Кимура-сан, кечээ эмне болду, баары жайындабы?..  Кудайга шүгүр… Рингдеги сулуу бийкечти көрдүңбү? Жаныңдан ий, жаныңдан… Сүйүп калбадыңбы деги?..

Жерге кирсинчи… Жок, жеңилүүгө болбойт… Салмак таштаганы тамактан тыйылып, ар түнү түшүмө таттуу токоч кирет. Алдыда толтура таймаш. Эзиле кыл чайнашкан таймаш… Каршылаштар да оңой жоо эмес… Таймашка чыкпасаң, анда машыгып кереги не? Форма өзүнөн өзү жоголот. Заматта жоголот. Кеп санда эмес, сапатта… Таймашты болушунча кызыктуу өткөрүү керек. Бирок бул да айтканга оңой, кыла келгенде…

Балакет алгыр! Ар дайым салмак кууйсуң… Таразага кайра-кайра түшө берип курудум… Салмак кошулса, сага ылайык атаандаш табылышы кыйын… Ашыкча салмак – башыңа түшкөн балээ… Азабын өзүң тартасың… Тынымсыз салмак кууп туруш керек. Антпесе болбойт… Бул да өзүнчө азап… Кээде каалаган тамакты жыргап жегиң келет… Салмак кууп убара болбойсуң… Каалашыңча ичип-жейсиң… Спортто ушул… Аны жегенге болбойт, муну жегенге болбойт… Болбойт, болбойт, болбойт…

Эх, өлүп кетсинчи, тажадым… Баары ачык-айкын болгондо гана жашоо ойдогудай болот, ошого боксту тандагам. Бирок бокста ачык-айкын эчтеке жок тура, түгөнгүр. Эзилип жүрө бересиң. Асынып өлүп алсам кантет?..  Кокуй!... Кой, эй… Тообо кылдым десеңчи!… Ниетти түз кыл… Ниетти оңдо... Башы жок гана ушинтип ойлонот.

Чачты сонун кырктырыпсың… Ананчы… Таймаш алдында чачты да караш керек… Алпагай кызга салпагай күйөө… Хе-хе-хе… Ким бирөө айтмакчы… Анда сени жүдөгөн келесоо деле таймашта торойто чабышы мүмкүн…

Бир-эки, бир-эки, бир-эки, бир-эки, бир-эки… О, эң сонун! Бүгүн бир топ чыйрак формадамын…

Өткөндө тагдырды бир сынап көрдүм, Кимура-сан. «Күтүүсүз ийгиликте» кол келип калбаспы… Мындай болду… Он иен акча таштап, тутканы бастым. Оп-паа, жаныңдан, келди! Тутканы дагы бастым. Анаке сага! Дагы бир жолу… Тутканы дагы бастым эле, кол келип калган экен, дагы бир билет чыкпаспы. Кудай сакта! Кийин дагы бир жолу утуп алсам болобу. Кээде ушундай да болот тура, ээ?..  Бел оорутпай туруп. Бул таймашка түшөм деп устаттан өзүң сурандың. Ооба, өзүм сурандым. Жеңилип калсам, мени эч ким кечирбейт.

Үн: Спарринг.

Бир-экиге иштейбиз.

Кеттик. Бир-эки, бир-эки…

Сок, сок, сок, сок.

Апперкот[1].

Жакшы. Эми бир-эки-үчкө иштейбиз.

Кеттик. Бир-эки-үч, бир-эки-үч, бир-эки-үч.

Жакшы. Апперкот.

Боксёр: Эмне деген үн?..  Ылдыйдагы эшикпи?..  Бул жерде баары темирден, алтургай эшиги да… Нерв кайнайт.

Ухх, сени… Бүгүн мага эмне болгон? Баарын унутуп калчу болдум. Ашыкча сүлгү кимде бар? Унутуп калыпмын. Келесоо десе…

Эрте менен да ушундай болду. Бүгүн таймаш, ошого эрте менен чуркаштын кереги жок деп айтылса деле, адатымча таңкы саат беште туруп алганымды кара… Келесоо… Салмак ордунда, биртке уктап алсам деп ойлогом. Уктар алдын жай музыка угуп жатам. Жай музыка уйку чакырат. Скрипкада ойногон Чайковский музыкасы… Кандай жагымдуу… «Ак куу көлүн» тыңшап жатып уктаган… Мага негизи джаз обондору жагат, бирок аны угуп укташ кыйын…

Суукта эрте менен туруш да азап. Көңүл иренжийт… Эрте менен суукта чуркаганды айтам. Чуркаган соң, салмак таштап жеңилдеп каласың… Саарлап туруш азап… Тур, кийин, жөнө… Башка эмне кыласың?… Эшек такалайсыңбы?..  Уктагың келет, эшик суук… Эртерек жай келсе экен… Куруп кеткир…

Болбогон былжырак кеп. Өзүмө жагат, ошого муну жасайм… Жан-дүйнөм бокска жакын окшойт. Же ушинтип былчылдашып мушташкан мага зарылбы? Рингдин да өз ыракаты болот. Эң негизгиси, баары түшүнүктүү да? Болду анда… Турмуштун ак-карасын аңдай билсең болду. Жетет ошол… Туурабы?..  Же катасы барбы аз-маз?

Сок, сок, сок, сок!

Сокку деген эмне – бул негизги суроо. Таамай сокку узатып алсам, көңүл жай ала түшөт. Мага ушул гана керек. Каршылашка соккуну мөндүрдөй жаадырыш керек: Сок, сок, сок!

Апперкот!

Саат канча болду?

Тур, башталды… Эң сонун… Даярмын…

Атайын кызыл байпак сатып алдым. Августта төрөлгөнгө кызыл өң ийгилик тартуулайт деп уккам… Мен августта төрөлгөм… Кызыл түс – август өңү. Ошого кызыл байпак сатып алдым… Эмне дейсиң?..  Аппак түс?..  Чын элеби? Анда августта төрөлгөн эмесминби?..  Тууй ата… Кимура-сандын ою жаман… Кысталак… Ар кимдин өз иши… Кызыл байпак кийбеш керек?..  Антип ким айтты сага?..  Кызык… Кайдагыны айтасыңар…

...Баары бир даярдыгым жакшы. Акыркы күндөрү негедир көп нерседен жолдуумун. «Күтүүсүз ийгиликте» удаа-удаа утканым да жакшы жышаан. Түндө жакшы уктадым… Кечээ массажда булчуң сыздатып, уктаган соң өзүнө келди. Мазь жардам берди окшойт. Колдор кабарып кетти. Баары бир жеңем. Кол жерге кирсин, таймашка чыгып, сөзсүз жеңишим керек.

Жеңилүүгө жол жок… Жеңилип калсам менден күчтүү боксёр чыгышы күмөн…

Биринчи раунд

Боксёр: Баары жайында! Кулак түптөн ышкырык угулду… Муну укканда көңүл жай алат… Таманым полдо кыйчылдайт... Карап тур! Жеп таштайм! Төрт таймашта утулдум… Жаагым карышып, колдор тартышып ооруйт… Ооба, карышып калыпмын… Мага канча ирет айтышкан: карышпай, тал чыбыктай ийилип, көпөлөктөй уч, ага болбой эле карышып калам. Азыр эми рингден кадырым менен кеткеним оң… Кеткен соң кадырым түшөрү анык… Ал кезде азыркы даңкым болбойт, бир аз ылдыйлап, ошону менен каласың… Кайда барба, мамайдын көрү, туурабы? Бардык жерде сага ылайык атаандаш табылат…

Үн: Түз сокку узат.

Ичке сок, ичке, ии ошондой.

Ай, эмне турасың? Токтобо! Сок!

Дагы, дагы, дагы, ии.

Жеп ташта! Бер дагы тумшукка!

Бир-эки – апперкот!

Боксёр: Билем, тажаткыр, билем… Бул жолдун баарын басып өткөм. Онунчудан тогузга тоголондум… Тогуздан сегизге секирдим… Сегизден эптеп жетиге илээштим… Анан алтыга жеттим. Ар бир секирикте эч болбогондо беш атаандашты кулатыш керек болду… Минтип устатым айткан. Демек, жүз атаандаштан кеминде элүүнү сулатсаң гана чемпионсуң. Чемпион болуу кандай сонун… Бирок дегени бар… Элүү атаандашты сулатыш – ичип жиберер жарма эмес сага… Эки гана жол бар – чемпион болосуң же сени рингде бирөө торойто чабат. Ошону менен жоксуң. Тынчыйсың… Кээде башыма тескери ойлор келет… Жетиден сегизге түшөсүң… Сегизден тогузга кулайсың… Тогуздан онго тоголоносуң… Энеңдурайын… Жогору чыгыш үчүн жашоодо адамды биринин чокусун бирине жедирип жаратып койгонун кара… Биринин башын бири жейт... Жашоо ушундай… Жашооң көтүңдө калгыр… А менде мүмкүнчүлүк барбы?..

Гонг.

Үн: Терең-терең дем ал.

Ичке сокку узатканың дурус чыкты.

Бир-экиге иштеп, анан элейип туруп калба.

Бир-экиге иштеп, үч-төрткө иштегенди дароо жалгап кет.

Эсин эңгирете коёр таамай сокку беришке аракет кыл.

Сок да, дароо коргон.

Соккуларды өткөрүп жибербеш керек болчу.

Алдашка аракет кыл.

Алдап, алдап, кыйтырланып,

Анан жакындап кир.

Бир, эки, үч, төрт.

Токтобой сок да, дароо коргонууга өт.

Экинчи раунд

Боксёр: Анткен менен дайыма жолдуумун… Жаңы ишке жыйырма сегизинчи февралда орноштум… Фирмага туура саат сегизге келдим. Азыр алтымыш үчүнчү жыл – бизче Сёванын[2] отуз сегизинчи жылы. Сегиз саны үч жолу удаа кайталанды, туурабы? Сегиз – бактылуу сан. Буюрса, алдыда көп жакшылыктар күтүп турат.

Жеңилүүгө болбойт… Азыр жеңилсем, атактуу боксёр даражасына жетишим дагы кыйындайт.

Үн: Коргон! Коргонууга өт!

Түз сокку, жеб, жеб…

Токтобо.

Эми бер оң кол менен.

Оң колду иштет, оң колду…

Артка! Ичке иште, ичке.

Ии, ошондой, ии!

Азаматсың, арстаным!

Азамат, бурчка торо!

Торойто чап эми!

Иий, каап!... Болбой калды.

Боксёр: Ар бир күндү күндөлүккө түшүрөм… Эртеден кечке эмне кылганымды… Ар күнү… Бир күн да калтырбай… Кайсы күнү, кайсы саатта, качан уктап, качан турганым… Канча чакырым чуркаганым, өзүмдү кандай сезип жатканым… Анан… Эрте мененки тамакка дейре эмне ичкеним… Чай, кыям, сүт… Эмне жеп, эмне чычтың… Тамактан соң эмне жедиң… Иште ашыкча бирдеме жеген жоксуңбу… Андан соң түшкү тамакты жазам… Канча жеп, канча чычтыңды жазмай дагы башталат… Анан күндүзү канча саат уктаганың… Уктап турган соң эмне жегениң… Машыгуу залына келгенге чейинки баары жазылат.

Анан машыгуу залына келгеним жазылат. Таразага түшүп, салмакты жазам… Анан машыгуу башталат… Спарринг… Спаррингди ким менен кандай өткөргөнүм жазылат… Андан соң мүшөк урмай… Мүшөк урмайдан кийин дагы спарринг… Канча таймаш өткөргөнүмдү унутуп калбайын деп аны жазам… Канча жолу мүшөк урганым жазылат… Канча ирет секирип, канча ирет отуруп-турганым жазылат… Аткарган көнүгүүлөр бүт жазылат… Анан?.. Анан душка түшүп чайканам... Башка эмне кылам… Анан машыгуу бүткөн саатты жазып, дагы таразага түшүп, үйгө кетмей… Анан суу ичем, кечки тамак, бир аз туруп дагы суу ичем… Уктар алдын эмне иш кылдым – ал да жазылат… Саат канчада уктаганым жазылат… Массаж жасадыңбы… Жатар алдында эмне ичтиң…

Жазмай, жазмай, жазмай… Күндө, күндө, күндө… Кудайдын куттуу күнү… Ушинтип тытынмай… Бирөө үчүн эмес, өзүң үчүн… Тытынганың өзүңө… Рингге чейин күндө өзүң менен миң-миллион жолу тытышмай… Мушташмай... Минтпесе дагы болбойт…

Каршылашым мага үстөмдүк кылып жаткан жокпу? Түзүк эле даярдангандай болдум эле…

Гонг.

Үн: Соккуларды жакшы узаттың.

Биринчи раундга караганда кыйла түзүк.

Ошол соккулардан соң көкүрөк тушка коюш керек болчу.

Түшүндүңбү?

Терең-терең дем ал: Бир, эки, үч.

Жарайт.

Мен айтканды түшүндүңбү дейм?

Соккуну кес.

Сол жактан кирбе.

Оң жактан кир, оң тараптан.

Сол кол менен жеб, жеб.

Анан оң жактан киргенче алдыдан берип кал.

Хук* жарабайт бул жерде.

Оң жактан кирип барып, ээктен ары сулата чап.

Алдап кир, алдап, алдап…

Кирер замат оң кол менен таамай бир сокку.

Жарайт?

Үчүнчү раунд

Үн: Оп-паа, азамат! Оң колду иштет эми.

Эми апперкот жаса.

Сок! Сок! Жеп ташта!

Токтобо! Ии, ушундай!

Эми кыска сокку, дагы бир кыска…

Артка качабыз. Эми узун сокку. Кетти. Дагы бир узун сокку.

Оң жактан кирип, бая мен айткандай.

Баягы ыкманы иштет!

Карышпай иште, бош, бош.

Сол колду бош ташта.

Түшүрбө сол колду ылдый! Ээкти жаап иште.

Ичке сокку узат!

Ии, ошондой… Оп-паа, оп-паа!

Жеп таштаа!

Каап! Ушул жерде торойто чабыш керек болчу.

Боксёр: Энеңдурайын!.. Бешене бир тайганда, калааты таят тура. Болуп-толуп турганымда отуздай күйөрманым бар эле. Азыр араң жетөө калды. Фирмада жакшы жумушта иштейт деген эле атым болбосо, башка мактанар эчтекем жок… Чемпиондук наамды сактап кала аламынбы?..  Белгисиз… Баары бир элүү атаандашты жеңгеним калар… Чемпион болушка элүү атаандаш жеңүүгө туура келди… Эптеп дагы жеңишке жетүүм керек… Дагы, дагы... Шылдың сөздөрдөн тажадым… Кыйкырык-сүрөөн астында мактоо сөз уккум келет...

Колдор алсырап баратат. Тууй, иттики! Эми өлбөдүбү!.. Кара саат!.. Эптеп коргонушка өтүш керек… Кечээ массаждан бери колдор зыркырайт… Булчуң уктап калган окшойт… Ооба, алдан тайып барам… Каршылашым да оңой эмес тура… Бир аз чабалдык кылсам, мени торойто чапкысы бар… Бетимдин тамтыгын чыгара жанчса, ишке кантип чыгам…

Ооба, ырас. Бешене бир тайганда калааты таят тура… Спорттун жолу ушундай… Атаңа арызданмак белең... Чемпион бир кулаганда, кайра турушу кыйын… Заматта кулайт!.. Көз ачып-жумганча!.. Эр болсоң кайра туруп көр… Аскадан куладыңбы, жардан куладыңбы, тактан куладыңбы – айырмасы канча?..  Кыйрадыңбы… Демек кыйрадың… Ошол...

Төртүнчү раунд. 2 мүнөт 16 секунд

Боксёр: Мен кайдамын? Уктап калган жокмунбу? Дайра түбүндө жаткансыйм. Ии, ооба… Үстүмдө балыктар жүрөт…

Төрт? Бирөө төрт деп кыйкыргандай болдубу?..  Акырын угулат, түшүнсөм өлөйүн… Нокдаунга түшүп калган жокмунбу? Түшүп калыпмын… Өпкөнү баса албай жатам… Көкүрөк тушум сыздайт… Ринг жыттанат… Эчтеке эмес… Эмне дейт?..  Төрт дедиби? Демек, алдыда дагы алты секунд убактым бар… Кыжаалат болбо… Жата тур бир аз... Эс ал...

Өтө карышып иштедим окшойт… Рингде күчтүү каршылашты жеңүү – колго топ эте түшкөн бакыт эмеспи… Дагы бир тепкич өйдө көтөрүлүшкө жол ачылат… Туш тараптан сунуштар жамгырдай жаайт… Мурда ушундай каршылашты караштырып көрдүм беле? Белгилүү боксёр болуп турганымда кездешкен каршылаш… Көрүнбөй калды го… Кайда кетти?..  Житип кеткенби…

Кой, эптеп бутума турайын...

Жок, дагы бир аз жата турайын. Төрт секунд? Демек алдыда дагы кенен алты секунд бар. Онунчу секундда ыргып турам. Оң чыканакка таянам да, оң бутту таканчыктап, бир секирик менен салмакты сол бутка таштап туруп кетем.

Ажайып кооздук… Көпкөк асман… Асман кайдан пайда болду? Тамдын төбөсү жыртыкпы?.. Балакет алгыр… Э, мейличи... Эмне болсо ошол...

Мына, туруп баратам! Артка жылып иштейм да, удулу келер замат сол кашын жарышым керек. Бая сыйрылган жерин. Төртүнчү раунд менен кармаш бүтөт... Бир жолку нокдаун эчтеке эмес. Мына, туруп баратам! Оң колго таянып... Анан оң бутту таканчыктап... Бир секирик менен салмакты сол бутка өткөрүп...

Кызык... Эмне болуп баратам?..  Турдумбу?..  Ринг кайда жоголду?..  Дем кысылат... Дем жетпей жатат... Не болуп кетти?

Ушундай беле бешене… Ушундай болмок… Түшүнүктүү!...

Ырымдап кызыл байпак кийгеним да жардам бербеди. Адам маңдайга жазганды көрөт тура… Тагдырдан кайда качып кутуласың… Эх, төрт жарым жылдык тынымсыз мээнет… Кайран мээнет, кайран убакыт... Топтой тоголонуп ылдыйга куладым. Атаганат... Баары кыйрады... Эми кардың жарылгыча тамак жей бер. Кой деген кожо жок… Тамеки тарт… Арак ич… Кааласаң арак ич, кааласаң пиво… Аманы ушунча болду... Жыргап шоколад же… Калганын көрө жатарбыз. Бир келген жашоодо өзүңдү эзип-жеп кыйнагандан не опа…

Баш экиге бөлүнүп калгандай!... Эми үч күн уйку бербей баш ооруйт… Зыңылдайт: зың-зың-зың… Бирөө балта менен жара чапкансып… Жардам бергилечи, айланайындар… Жардам… 

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва ш.

Кобо Абэ (1924–1993) – жапон жазуучусу, драматург жана сценарист, ХХ кылымдын экинчи жарымындагы жапон искусствосунун көч башында турган залкарлардын бири. Чыгармачылыгындагы негизги тема – коомдогу адамдын өздүгүн таануудагы изденүүсү.

Балалык чагы Манчжурияда (Кытай) өткөн. Жапонияга көчүп келишкен соң орто мектепти аяктап, 1943-жылы Токио университетинин медицина факультетине тапшырган. 1947-жылы Манчжурияда бала чагында өз башынан өткөн сюжеттерге таянып жазган «Анонимдүү ырлар» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн.

Франц Кафканын стилинде жазган жазуучу катары таанымал. Чыгармачылык жактан шыктануусуна Н.В.Гоголь, Ф.М.Достоевский сыяктуу классикалык орус адабиятынын дөө-шаалары зор таасир калтырган. Адабий сынчылар тарабынан жазуучуга атак-даңк алып келген «Кумдагы аял» романы Гоголдун «Вий» аттуу мистикалык повестине таасирленип жазылганы айтылып келет, б.а., жазуучу шедевр чыгармага таянып дагы бир шедевр чыгарма жаратууга жетишкен. Эки чыгармада тең сюжеттик жактан бир топ окшоштуктар байкалат. Кийинчерек кыргыздын улуу жазуучусу Мурза Гапаров «Туздуу чөл» аттуу белгилүү пьесасын Кобо Абэнин дал ушул «Кумдагы аял» романына таасирленип жазган.

Жазуучунун бардык романдары сюжеттик жактан гана айырмаланбаса, ичинде бир гана тема козголгон: адам кадыры төмөндөп, коомдон чекеге сүрүлүп калышы, өз эркиндигин издеген адам илимий-техникалык жактан өнүккөн азыркы коомдун социалдык механизмдерине чырмалып туткунда калышы, адамдын табиятка болгон мамилеси кайдыгер, таш боор тарапка кескин өзгөргөн сыяктуу азыркы ар тараптуу өнүккөн коомдо адамдын башка адамга, сырткы дүйнөгө болгон мамилеси да шойкомдуу өзгөрүшү; Ар ким билгенин кылып, адамдар ичине куюлган суу буулануу менен улам бөксөрүп бараткан кумура сымал гуманизмден жүз үйрүп барат. Натыйжада бу жалганда «адам – табият», «адам – адам», «адам – коом» сыяктуу келишпес оппозициялардын механизми өкүм сүрүп, мунун жыйынтыгы акыр барып баалуулуктарга сугарылган бар болууну тирүүлөй өлүү жанга айлантып көргө жетелейт. Чыгармаларында негизги каармандар – коомго жек көрүнүп четке сүрүлүп, жашоодо себепсиз кордолгон, өз эркиндигин, тагдырын издеген эч кимге бир тыйын кадыры жок жөнөкөй пенделер. Муну менен жазуучу жер бетиндеги бүткүл адамзатка, тирүүлүккө «Бир келген жашоодо жүрөлүчү жүрөк оорутпай» деп кайрылып кеткен.

Негизги чыгармалары:

  • Сокмо дубал (1951-жыл);
  • Төртүнчү муз доору (1959-жыл);
  • Кумдагы аял (1962-жыл);
  • Чоочундун жүзү (1964-жыл);
  • Өрттөлгөн карта (1967-жыл);
  • Адам-жашик (1973-жыл);
  • Купуя кездешүү (1977-жыл);
  • Кенгурунун дептери (1991-жыл).

Адабият боюнча Нобель сыйлыгына жапон жазуучуларынан Кобо Абэ менен Кэндзабуро Оэнин талапкерлиги бир убакта каралып, Нобелдик комитет бир топ жыл бою сыйлыкты кимге ыйгарышты билбей кыйла арасат акыбалда калган. 1993-жылы Кобо Абэ 68 жашында дүйнөдөн өтүп, 1994-жылы Нобель сыйлыгын жапон жазуучусу Кэндзабуро Оэ алган.

[1] Апперкот, жеб, хук – бокстагы сокку узатуу ыкмалар;

[2] Сёва жылы – жапондордун жыл сүрүү календары. Григориан календары боюнча 1926-жылдан башталат.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз