Холиёр Сафаров: Апамдын айлакерлиги (конкурска №23)

  • 31.05.2023
  • 7727

АҢГЕМЕ

Ошол күнү күүгүм маалы эле. Мен малкананын бастырмасында байлануу саан уйга меке жүгөрү берүү үчүн чыгарымда апам бөбөгүмдүн буту-колуна спирт сүртүп, ушалап отуруптур, анткени бир нече күндөн бери жөтөлү кетпеген наристе кыңкыстап, тынчы кетип жаткан. Азыр апам уйду саайт деген ойдо энесине жүткүнгөн музоону коё бердим. Ошол учурда апам бөбөгүмдү үйдөн көтөрүп чыкты.

- Мурат, музоону ордуна байлап кой. Уйду келип саайм. Бөбөгүңдү догдурга алып баралы, температурасы көтөрүлүп, калтырап атат, - деп сөзүн бүтө электе карындашыма буйруду. - Балам, силер үйдө тынч отургула. Биз дароо кайтып келебиз. Сыртка чыкпагыла, күн суук. Мага жууркан бер.

Мен торпокту араң тартып, ордуна байлап, апамдын жанына бардым. Карындашым жуурканды алып чыкты. Апам ысытмалап жаткан бөбөгүмдү ороп, жолго түштү. Мен жанында. Кар баскан, бирин-серин из түшкөн таш көчөдө баратабыз.

- Ой, эсиме жара чыкканын кара, - деди апам кыйла жолго барып калган кезде. - Акча да албаппын, бутума да ыңгайлуу эч нерсе кийбептирмин. Гөлөш менен эле баса берипмин. Сен да башыңа бир нерсе кийип албапсың.

- Үшүгөн жокмун, тонум бар го.

Жөө жүргөнгөбү, абанын сууктугу билинген жок. Бирок кечки ызгаар күчөй баштады. Үстүмдө тон болгону менен бутумда "оозун" ачкан кроссовка. Көп өтпөй үшүй баштадым.

- Апа, догдурдун үйү каерде?

- Бир аз алыста. Эски колхоздун конторасынын алдында.

Апам токтой калды да бышактап ыйлаган бөбөгүмдүн бетин, жууркандын алдын кеңири ачты. Жол четине чыгып, дубалды шамалга калканч кылып, баланы эмизмек болду. Бөбөгүм эмген жок. Апам анын чекесине колун койду. Температурасы көтөрүлүп "күйүп" жатат. Апам жуурканды мага берип, бөбөгүмдү узун жемперинин алдына ороп, кайрадан жолго чыкты.

- Ой, Кудай ай, шерменде кыла көрбө. Эмне болсо да догдур үйүндө болсо экен...

Апам Кудайга жалбарып, таш жолдун из түшкөн жүлгөсүндө баратты. Үч чакырымдай жүрүп, акыры айылдык догдурдун короосуна жеттик. Жолдо мен бир нече жолу токтоп эс алдым, бирок апам бөбөгүмдү көтөргөн бойдон токтобой жүрө берди.

Бактыга жараша, догдур үйүндө экен. Ал элүү жаш чамасында. Семирип кеткендиктен басканы кызык экен. Ал бизди көрүп, жаны ачып баш чайкады.

- Киргиле, киргиле. Э-э, эне-бала, сууктан көгөрүп кетипсиңер го. – Фельдшер бейтаптын абалын көргөндө боору ооруп "э-э, чак-чак-чак" дечү адаты бар экен. Бизди үйгө киргизип жатканда да ошондой кылды.

- Ой, эмне болду бул жигитке?

- Температурасы көтөрүлүп жатат. Караңызчы.

Бөбөгүмдүн бети мага көрүнбөгөнү үчүн апама карадым, жүзү көгөрүп, буттары кызарып чыгыптыр. Кырбуусу катуу гөлөшкө өйкөлгөнбү же мурда эле жешилгенби, эки байпагы тең согончогунан жыртылыптыр. Ошол жыртыгынан кар кирип, буттары кызарып кетиптир.

Догдур адегенде бөбөгүмдүн температурасын өлчөдү.

- Э-э, чак-чак-чак, отуз тогуз жарым! Йе, келин, ушул убакка чейин алып отурдуңбу? Азыр. – Ал картон кутудан эки башка дарыны алып аралаштырды да, укол сайды. Анан никель кашыктын туткасын бөбөгүмдүн оозуна сойлотуп, тамагын көрдү.

- Э-хе, кызарып, ириңдеп кетиптир го. Ысытмалаганы ошондон. Дарылаш керек. - Ал сөөмөйүн марлиге ороп, спирт сүртүп, бөбөгүмдүн тамагын эки жолу аарчыды. Эки жолкуда тең манжасынын учунда кан аралаш ириң чыкты. – Ал, бир эмизип кой.

Апам "эх, балам эй" деп бөбөгүмдү алды да, догдурга тескери отуруп, наристени эмизе баштады. Догдурдун да апамдын жыртык байпактан көрүнгөн согончогуна көзү түштү.

- Азыр кыш болсо, бутуңа бүтүн, калыңырак нерсе кийбейт белең. Ден-соолук өзүңө керек. Азыр солуктап ыйлаган бул балдар бат эле чоңоюшат, үйлөнсө, сен четте калып, аялынын жанына кирип кетет. Жан өзүңө керек. Өзүңдү да ойло.

- Шашканыман ушинтип чыга берипмин... Өзүмө да билинди. Бутум какшап кетти. Мейли, догдур, коё бериңиз. Иши кылып балам айыгып кетсе болду.

- Кудай буюрса, айыгат. Тамагын кол жоолук менен байлап жүр. Андан кийин бул дарыны күнүнө үч маал ичир.

Апам бир колун сунуп, дарыны алды. Бул убакта бөбөгүм тынчып, уктай баштады.

- Кудайга шүгүр, уктамакчы. Уйку басып баратат, - деди апам кубанып.

- Ооба, коё бер, бир аз уктасын. Мына бул жерге жаткыз.

- Чай бергиле, - деди дарыгер анда-санда кирип-чыккан аялына.

Үй кожойкеси дасторкон жайды. Апам менен мага чай берди. Бир туурам нан жеп, бир чыны чай ичтик.

- Эми кетели. Үйдө балдарым кароосуз калышкан, - деди апам. – Догдур аке, сизге чоң ыракмат. Ылайым колуңуз дарт көрбөсүн. Балдарыңыздын үзүрүн көрүңүз. Бул дары үчүн канча төлөшүбүз керек?

Догдур арзыбаган акчаны айтты эле, апам ойдолоктоп калды.

- Кечирип коюңуз. Шашканыман акча да эсиме келбептир...

- Ой, түшүнөм. Энесиң да. Эртең-бүрсүгүнү жеткирсең да болот…

- Ыракмат. Ылайым, кем болбоңуз.

Дарыгердин үйүнөн чыкканыбызда караңгы кирип, айыл жымжырт болчу.

- Өзүңөр коркпойсуңарбы? Эриң кайда? – деди дарыгер.

- Ал жумушка кеткен... - деди апам негедир үшкүрүп.

- Ээ, кайда болсо да башы аман болсун. Баарыбызда үй-бүлө, бала-чака деп жашайт экенбиз.

Апам башка сүйлөгөн жок. Жолго чыктык. Апам уктап калган бөбөгүмдү жуурканга ороп алган. Иттер алыстан үргөнү болбосо, айлана жым. Жер кар үчүн элес-булас жарык бар. Бир маалда апам негедир солуктап баштады. Абай карасам, ыйлап атат...

- Эмнеге ыйлап атасыз, апа? - дедим.

Алгач жооп бербеди, кийин мурдун шур тартып, бөбөгүмдү бооруна бекем кысты.

- Билесиң го, көңүлүм бош. Арзыбаган нерсеге да көзүмө жаш келчү болду... Бөбөгүңдүн ысытмасы түшкөнүнө кубанганымды кантейин... - апам башка үндөбөдү. Бир аз баскандан кийин үшүй баштадым. Муну туйган апам, жемперин чечип берди.

- Ме, кийип ал. Үшүп калба. Сен да ооруп калба.

- Мен муну кийсем, сиз үшүйсүз да!

- Жок. Мен баскан сайын, ысып атам... Ме, кийип ал.

Апам мени мажбурлап жемперин кийдирди. Жылуу экен. Денем балкып жылыганы менен, башым үшүй баштады. Азырак жүргөндөн кийин кызарган мурдум менен кулагымга карап апам чыдабады. Жоолугун да чечип берип, өзү жылаң баш калды.

- Ме, муну башыңа ороп ал.

- Апа-аа? - дедим муну каалабай.

- Айтканды уксаң, балам. Бөбөгүңө окшоп ысытмалап калсаң, сени мындай көтөрө албайм.

- Башыңыз үшүбөйбү?

- Айттым го, бассам эле ысыйм деп. Башымды кысып, ушул жоолук да оордук кыла баштайт... Ме, балам, тилимди ал. Муну оронуп ал. Түнкүсүн эч ким көрбөйт.

Апам мажбурлап атып башыма жоолугун байлап, кулак-мурдумду ороду. Кыздарга окшоп калдым. Бирок күтүүсүздөн денем ыракатка бөлөнгөнүн айт. Жылыдым. Үйгө ушинтип бардым. Апам болсо бөбөгүмдү колунан түшүрбөй, эч жерде токтоп эс алган жок.

Үйгө келип, бөбөгүмдү бешикке жаткырды. Күнү бою ыйлай берип чарчаган бөбөгүм бир кыңкыстап алып, уктап калды. Апам бая тамак жасоого үлгүрбөгөн үчүн карындашым тамак жасаптыр. Аз жасаган экен, өздөрү жеп, бизге бир чыны алып коюптур. Апам аны жылытып менин алдыма койду.

- Сиз да жеңиз, - дедим.

- Жок, сен жей бер. Билесиң го, мен көп бассам, бир жерге барсам, тамак жегим келбейт... Ала гой, балам. Же! Сен да чоң жигит болдуң. Атаңдын ордуна ата болуп, мени догдурдун үйүнө алып бардың! Садагаң болоюн десе!

Апам мени мактады. Эркеледи. Тамак жедирди. Тамактан кийин мени уйку басты.

- Ордуңа барып жат, - деди апам.

Мен уктап калыппын. Ойгонсом – бешик ордунда, апам жок. Карындаштарым, бөбөгүм, бардыгы уйкуда. Акырын ордуман туруп, оозгу үйгө чыктым. Жарык күйүп турат, апам колу-бутун ушалап отурат. Негедир спирттин жыты келди.

- Эмнеге уктаган жоксуз? - дедим.

- Уйкум качты. Билесиң го, мен аз уктай турган болуп калгам. Кир балам, кабатыр болбо, уктай бер...

- Жакшысызбы?

- Ооба, жакшымын, балам, жакшымын. Мен үчүн кабатыр болбо. Жата бер.

Эртең менен турсак, бөбөгүм жакшы, бирок апам башын көтөрө албады...

- Дары алып келейинби? - дедим жанына отуруп. Апам колумду бекем кармады. Колу күйгөн от тимеле.

- Мага кабатыр болбо, Мурат. Өтүп кетет. Билесиң го, эгер түнкүсүн жакшы уктабасам, кээде ушундай температурам көтөрүлүп кетет.

- Акча бериңиз, мен догдурдун үйүнө барып келейин. Кечээги карызыбызды берип келем.

Апам терең үшкүрдү.

- Эчтеке эмес. Атаң Жаңы жыл алдында келем деген. Ага чейин дагы он беш күн бар. Бүгүн-эртең телефон чалып калар...

Догдур эмне дейт экен?

Өзбек тилинен которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз