Шерзод Комил Халил: Биз жок болобуз (конкурска №21)

  • 29.05.2023
  • 4537

АҢГЕМЕ

Беринг деңизи[1] менен чектеш Сибирдин эбегейсиз мейкиндиктерин араласаң жергиликтүү орустардын Хатырка[2] деген Ватиркан[3] кыштагына туш болосуң. Бул чукча[4] тилинде «такыр жер, кайрак жер» дегенди билдирет. Балким бул түздүктө жайгашкан айылдын түшүмсүз жерине ишара болсо керек, дагы ким билсин. Кандай болгон күндө да ватиркандыктар дыйканчылыктан оолак эл экенин алардын жерлери айтып турат.

Алардын негизги кесиби — балык уулоо. Айылдын этек жагында Ватиркан дарыясы агат. Суусу муздак. Ватиркандыктар балыкты негизинен ушул дарыядан кармашат. Чоң уучулар жадагалса Беринг деңизине чейин барышат. Кармалган балыктарды башка бир айыл Мейнипилгинодогу[5] балык консервалаган заводго тапшырып, ал жерден акча да, азык-түлүк да алууга болот. Буларды айтканымдын себеби, тагдырдын буйругу менен ушул Ватирканга барып калдым. Асмандын кабагы түнөрүп, жер бетин аппак кар баскан кези. Чынын айтсам, мунун баары Анадырда[6] мен иштеген учурда ватиркандык Акана деген кыз менен таанышкандан башталды.

Көздөрү бир аз кызык, чачы коңур түс, бир аз каратору бул кыздын мага эмнеси жакты билбейм. Айтсам ишенбейсиң, анын жылуу жүзү, көздөрү мага ушунчалык жакын болуп калган эле. Акананы бир күн көрбөсөм жүрөгүм кысылчу. Ал да мени жакшы көрөрүн билсем да, жүрөгүмдөгүнү ачык айта албас элем. Бирок бир күнү баарын айтууга туура келди. Анткени Акана мени ушул жерге таштап, Ватирканга биротоло кетерин айтканда, жүрөгүм түрсүлдөдү.

– Мени атам Кукки чакырып атат. Ал картайды. Көзү тирүүсүндө мени күйөөгө берсем дейт.

– Акана, – дедим жүрөгүмдө эмне болсо баарын айтууга ыңгайлуу жагдайды туюп. – Эгер күйөөгө чыгышың керек болсо, мага турмушка чык. Мен сени сүйөм.

– Муну айтпасаңыз да билчү элем, – деди Акана. – Бирок кечириңиз, мен сизге турмушка чыга албайм.

– Эмнеге, Акана?.. Кантсе да бири-бирибизди жактырабыз го?..

– Туура, – кыз күтүлбөгөн жерден муну мойнуна алып ыйлап жиберди. – Чукча же орус болгонумда да сизге турмушка чыкмакмын, бирок мен керекмин[7].

– Керек?.. – таңгалдым.

Анткени мен мурда мындай улутту уккан эмесмин. Чукчалардын кандайдыр бир жогорку тобу болсо керек деп ойлодум. Ошондуктан кызга:

– Керек болсоң эмне болуптур, – дедим. – Өзбекти тоотпойсуңбу?... Бизде деле эшендер карачаларга кыз бербейт. Бирок мага ишен, мунун баары болбогон сөз. Адамдардын баары Адам ата менен Обо энеден тараган болсо, анда мындай сыланкороздуктун эмне кереги бар?!

– Жок, Аваз аке, сиз мени түшүнгөн жоксуз, – кыз мени сылык карады. – Бул тоотпогондук эмес... Өзбектер кайда, керектер кайда?.. Бул такыр башка маселе... Керектер дүйнөдө өтө аз улут. Кайсы бир китептен окудум. Антропологдор бизди эң аз саналган он улуттун катарына кошкон. Чындыгында биз жоголгон улутпуз.

– Азыр канчасыңар? – тамагыма бир нерсе тыгылып калгансыды.

– Болгону сегиз киши. Бул өтө коркунучтуу. Биз жакында жок болобуз. Түшүнүп жатасызбы?

– Ооба, Акана, - дедим оор күрсүнүп. - Керектердин трагедиясын түшүнбөгөн келесоо эмесмин, бирок сенсиз жашай албайм. Мага мүмкүнчүлүк бер.

– Жок, – кыз чечкиндүү баш тартты. – Мага үйлөнөм деген бир керек жигит бар. Атам Кукки мени ошол жигитке берет.

– Биздин сүйүү эмне болот?

– Улутум жок болуп бараткан заманда... сүйүүнү башыма урамбы?.. Кечириңиз мени, сураныч, – көзүндө жаш кылгырган кыз алдыман тыз койгон бойдон чуркап кетти.

Мен ушунчалык талкаланган көңүл менен Анадырда калдым. Акана Ватирканга кетти. Бир жума өзүмө келалбай, сөз айта албай кала бердим. Бассам-турсам Акана көз алдымда. Акыры не болсо да баары тагдырымдан деп анын артынан Ватирканга келдим. Хачхатаин[8] журтуна чейин вертолётто бардым. Андан ары машине менен жеттим. Ватиркандагы дизелдик электр станциясында иштеген өзүм курактуу Миша аттуу орус жигит жеткирди мени. Ватиркан мага укмуштуу таасир калтырды. Бардык жерде жамгыр менен кардын таасиринде карайып кеткен жыгач дубалдар жана куду ошондой эле жыгач үйлөр. Баары күйүп кетсе керек. Акжуумал жүздүү узун бойлуу Миша айылда чукчалар менен орустар жашай турганын айтты. Мен андан керек эли жөнүндө сурадым, ал бейкапар ийинин куушуруп:

– Балким бардыр, – деди – Алар сага эмнеге керек?

– Мен антропологмун, – Мишага калп айтууга туура келди.

Ага негедир Акана жөнүндө айта албадым. Кызды сүйгөнүм үчүн дүйнө кечип келатам дештин өзү – махабаттын кудурети чанда кезигер заманда, бул кеп кулакка кызык угулар. Айылга жетип келгенде Миша:

– Эй, антрополог, бул жерде кимдикинде жашайсың?

– Миша, мен бул жөнүндө ойлогон эмесмин, — деп чынымды айттым.

– Меникине жүр. Бул жерде жалгыз өзүм жашайм. Аялым Ника кыштакта калган. Ал Ватирканды жактырбайт, көңүлү каалабаса – келбейт. Күндүзү жумуштамын. Жайбаракат жашасаң болот.

Мага дили таза бул орус жигиттин сунушу жакты. Бөтөн элде мындай адамга жолуксаң, төбөң көккө жетет тура. Кудайдын барына дагы бир жолу ынанасың. Ошентип Мишанын үйүнө бардым. Бардык ватиркандыктардыкы сыяктуу жөнөкөй жыгач үй экен.

– Бул Дарья тайежемдин үйү. Ал он жыл мурун дүйнөдөн кайткан. Үйү мага калган.

— Түшүндүм, — дедим.

Мишанын үйүнө жайгашкандан кийин Акананы, анан керектерди сүрүштүрдүм.

Бир чукча мага көзүн чакчайтып:

– Сен өзбек, Куккинин кызын издеп келдиңби? – деди. – Оо-й, тентек кыз, Анадырга өзүнө күйөө издеп барган экен да ээ?.. Кукки болсо керектерди чукчалар жеп жатат деп нааразы. А биякта кызы эмне кылып жүргөнү менен иши жок.

Тишимди тишиме бастым. Башка учур болгондобу, мындай мамилеси үчүн кимди болбосун жаагын айырмакмын. Бирок ал мен издеп жүргөн адамдарды билген үчүн гана –өзүмдү кармандым. Ал мага Куккинин үйүн түшүндүрдү. Чукча айткан Кергитагин көчөсүнө бардым. Куккинин үйүн таптым. Алмусактан калган жөнөкөй үй. Эшикти Акана ачты. Мени көргөндө жүзүнөн бир саамга кубаныч, анан чочулоо, өкүнүч пайда болгонсуду.

– Баары бир келипсиң да, – мага тынчсыздана карады.

– Атаң менен учурашсам дейм.

Акана мени Куккинин алдына алып барды. Кукки керектердин тилинде карга дегенди билдирет. Аларда Кукки жана анын аялы Мита[9] жөнүндө да уламыш бар дейт. Бирок мен көргөн Кукки уламыштагы Куккиге таптакыр окшободу. Анын аялы көп убакыт мурун каза болуптур. Анадырда бул жөнүндө мага Акана айтып берген. Кукки дегени карылыгы жеткен абышка экен. Канча жашта экенин бир Кудай билет. Кызы Аканага үйлөнүү ниетим бар экенин кабагын салып, унчукпастан тыңшады да:

– Улутуң ким, жигит? – деди.

– Өзбекмин, – дедим.

– Оо, өзбектер абдан жакшы эл. Мен укканмын. Сени көрүп, мен буга дагы бир жолу ынандым. Бирок түшүн, менин керектерге бере турган башка кызым жок. Ушунча жолду бекер басып келипсиң. Акана керектен башкага күйөөгө чыкпайт.

– Мен аны сүйөм!

Кукки мыскылдуу да, өкүнүчтүү да жылмайды. Анан болгон кайгысын мага төгүп салды:

– Маанисиз да, максатсыз да сүйүүнүн айынан керектер жок болуп кетүү алдында турат. Жакында бир орус жолдошум мага Орусиядагы калктын инструкциясын көрсөттү. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жүздөн ашуун керектер калган экен. Азыр ойлосом, ошондо да улутубузду сактап калууга аз да болсо мүмкүнчүлүгүбүз бар экен. Бирок бардыгын туура жолго салуу керек болчу. Биз бир аймакта жашап, аялдарыбызга көбүрөк бала төрөтүп, кыздарыбызды керектерге гана беришибиз керек эле. Кыздарыбызды башка улуттарга бербей, керек болсо көп аял алууга жол берсек болмок. Бирок биз бардыгын тескери кылдык. Акыры эмне болду?! Чукчалар бизди жутуп алышты. Орус жолдошум муну ассимиляция[10] дейт. Мен билем. Мурда биз көп элек. Бизди акырындык менен жоготушту. Көчүрүү, чечек эпидемиялары, деңиз ызгаары, согушка жөнөтүү, сеникине окшош маанисиз сүйүүлөр дагы эле азчылык эсебиндеги керектерди жок кылды! Немистер Орусияга басып киргенде атам жалынып-жалбарган. Керектерди согушка албагыла деп. Тимофей Воздухов деген командир атамды ынандырды:

– Жакшы, – деген. – Бир да керек согушка барбайт.

Анан жоокерлерге буйрук берген:

– Согушка жарамдуу керектердин баарын өлтүргүлө. Алар согушка барышпайт.

Командирдин бир ооз сөзү менен өлтүрүү башталды. Ошентип керектер согушка барышпайт. Өлгөн бойдон үйдө калышат. Бир кезде мына ушундай болгон. Дагы ким билет?! Жакында чочко санагандай эле санап калышты. Болгону сегиз киши калыппыз. Ватирканда, Минипилгинодо жана Хачхатаинда – башка жерде керек калбады. Мурда миңге жакын киши элек. Эми бизди саноо үчүн кол бармактарынын өзү жетиштүү. Билем, бир нече жылдан кийин биз жок болобуз. Бирок азырынча барбыз, бири-бирибиз менен керек тилинде сүйлөшүп, керек элинин жашап калышы үчүн күрөшөбүз. Демек, сага берер кызым жок. Сүйсөң сүйүпсүң да. Эгер мени түшүнгөн болсоң, үйүмдөн кеткин, бул жакка кайра келбе. Качандыр келсең да, биз жок болобуз. Акана, муну узатып кой.

Куккинин алдынан мына ушунтип узадым. Аны жолдон кайтаруу үчүн менде эч жүйө жок эле. Куккинин чындыгы алдында менин сүйүүм суу кечпейт экен. Буга ал турсун өзүм ишене баштадым. Акана менен сыртка чыккандан кийин аны акыркы жолу кучактап, чекесинен өптүм. Кыз каршылык көрсөткөн жок. Анын көздөрү жашка толуп турган эле.

– Бул жерден тезирек кет, күн суук, – деди кыз айланадагы аппак туманды карап.

– Акана, – дедим дагы эле кучагыман чыгарбай. – Мен баарын түшүндүм. Мен бул жерден биротоло кетем. Сен атаң айткан ошол керек жигитке сөзсүз турмушка чык. Мени унут. Биз эми бири-бирибиз үчүн жокпуз...

Аны менен тез эле коштошуп, артымды карабаган бойдон кеттим. Ошондо Акананын боздоп ыйлаганын уктум, бирок артка кайрыла албас элем. Көчөдө баратканда башыма сампарлаган кар жааганын гана билем. Ватирканда эзелтен жаачу лапыйган кар жаай берди...

Өзбек тилинен которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

[1] Беринг деңизи — матрос Витус Берингдин (16811741) аты менен аталуучу Чукотка автономиялуу округу менен чектешкен деңиз. Бул деңиз Орусия менен АКШ аймагын бөлүп турат.

[2] Хатырка — Чукотка автономиялуу округунун Анадыр районундагы кыштак. 2014-жылы калкынын саны 367 адамды түзгөн.

[3] Ватиркан – Хатырканы чукчалар өз тилинде Ватыркан дешет. Бул кайрак жер, такыр жер дегенди билдирет. Бул жердегилер балыкчылык менен оокат кылышат. Негизинен чукчалар жана орустар жашайт. Айылда керектер да бар.

[4] Чукчалар – негизинен Чукотка, Камчатка, Магадан облусу жана Саха Республикасынын аймактарында жашаган этнос. 2010-жылы Орусия калкын каттоодо алардын жалпы саны 15 908 адамды түзгөн.

[5] Мейнипилгино (Мейныпильгыно) — чукча тилинде «чоң ооз» делген айыл. Негизинен чукчалар жана орустар жашайт. 2012-жылы калкынын саны 406 киши болгон. Айылда керектер да жашайт. Аянты 1,5 чарчы км. Ал жерде балык консервалаган завод бар.

[6] Анадыр — Чукотка автономиялуу округундагы шаар. 1889-жылы негизделген. 1923-жылга чейин Новомаринск аталган. Шаар макамын 1965-жылы алган. 2014-жылы калкы 14029 адамды түзгөн. Анадырда да балык заводу бар.

[7] Керек — чукчалар кэрэкет атаган кичинекей этнос. 2002-жылы Орусиянын калкын каттоодо алардын саны сегиз гана киши деп көрсөтүлгөн. 2010-жылдагы маалыматта 40 адам деп жазылган. Бирок 1959-жылы алардын саны жүздөн ашык болгон. Орус жазуучусу Андрей Белковский «Керектерсиз Чукотка» деген тарыхый очеркинде 1897-жылы керектер 600гө жакын, 1901-жылы 644 киши болгонун жазат. Андрей Белковский 19261927-жылдардагы мурдагы советтик эл каттоодо 315 керек болгонун айтат. Учурда алар Ватиркан жана Мейнипилгино айылдарында, ошондой эле Хачхатаин конушунда жашашат.

[8] Хачхатаин — учурда Беринговский аталган конуш. Керектер ал жерди Гачгатагын (Хачхатаин) дешкен. Керек тилинде канаттуулардын ызы-чуусу бүткөн жер дегенди билдирет. 2013-жылдагы эл каттоо боюнча Хачхатаинде 1102 адам жашайт.

[9] Кукки жана анын жубайы Мита — Керектердин уламышы, жомогу. 1971-жылы В.В.Леонтьев аны Мейнипилгинодо жазып алынган. Анда Кукки аттуу карга менен анын аялы Митанын ачка калган балдарын тойгузуп, аман калуу үчүн болгон күрөшүн чагылдырат. Бул жомок куду керектердин тагдырына ишарат кылгандай таасир калтырат.

[10] Ассимиляция — латындын assimilatio сөзүнөн алынган, «окшотуу» деген маанини билдирет. Кеңири социологиялык мааниде бул түшүнүк кошулуп кетүү, сиңишип кетүү дегендик. Элдердин ассимиляциясы – бул айрым элдердин башка элдердин курамына кошулуп кетүүсү. Керектердин ассимиляциясы негизинен чукчалар менен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз