Шерзод Комил Халил: Тилсиз балыктар (конкурска №19)

  • 22.05.2023
  • 2405

Сүрөт nodirabegim.uz/archives/ булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

Түндүктөн соккон шамалдын илеби менен бейтынч толкундар кыргактагы кумду жалап, жүгүрүп жаткан баклан куштары болсо алда неден кооптоно баштаган 1937-жылдын сентябры.

Баклан канаттуулары жана толкундардын шоокуму кулакка чалынуучу Вистино көрфасына жакын Ижорлор мектебинде портфель колтуктаган, башында кара шляпа, узун кара плащчан бейтааныш киши пайда болду. Алмустактан калган дубал шыбактары көчүп, төгүлүп бараткан мектеп имаратында бу күнү кыямат учкуну учуп, көөп кеткенин кыялкеч кыргыз тили мугалими Теркан Сиирола биринчилерден болуп сезди. Арийне, мектеп директору кары Коккеро ижор тили сабагына кош көңүл сыяктуу. Ал сабак болуп жаткан учурда орус шляпалуу, портфель кармаган бул бейтааныш немени алып кирип:

– Бу адам НКВД офицери, кичүү лейтенант Николай Волгин, – деп ижор балдарынын алдында тааныштырып жатканда, тил мугалиминин көңүлү балдарга алагды болду.

Офицер мугалимдин сунулган колун абада калтырбас үчүн гана көңүлсүз учурашып, эски класс бөлмөсүнө жана окуучуларга дыкат көңүл бурду.

– Эми кепти созуп отурбастан, жолдош Коккарев, – деди ал директорго. – Директордун фамилиясы Кокеро, кечириңиз,– кыжаалат болгондой тез эле сөздөрүнө түзөтүү киргизди кыргыз тил мугалими. Бул сөздөрдөн улам класстагы балдардын жүздөрүндө жылмаюу пайда болду. Директор оюн ырастап алгач соң офицерге, анан кыргыз тили мугалимине карап, түшүндүрмө берди:

– Кокеро ижорчо фамилия, орус тилинде урматтуу Волгин айткандай, Коккарев болот. Текан Сиирола директордогу бул өзгөрүүнү көрүп, таң калды. НКВД офицеринин алдында мынчалык тил жаламалыктын канчалык маанилүү экендигин өзүнчө чамалады. – Сиздин фамилияңыз Сииролабы? – сөз багытын мугалимге каратты офицер.  

– Ооба, ушундай, – деди кыргыз тили мугалими.

– Орусчага Сидоров деп өзгөртүп алсаңыз болот, сиз дагы, – буйруктуу сүйлөдү офицер.

Балдардын жүзүнө эми күлкү жүгүрдү. Теркан Сиироланын ич-ичинен ачуусу келди, бирок муну сыртына чыгарбады. Анткени каршысында НКВД офицери турганда, сен кимсиң. Тилинен жаңылып, асманы сапырылып кетсинби?! Жок, Теркан Сиироланын акылы ордунда, анын жамалынан жек көрүүнү сезер офицер турганын дароо туйду.  

– Буга макул эмессизби жолдош, Сидоров? – деди ал. 

– Сиирола,– түзөттү мугалим.   

– Мейли, фамилияңыз жөнүндө дагы өзүнчө сүйлөшөбүз, – деди офицер, – мага дыкат көңүл буруп, кулак салгыла. Бүгүндөн баштап, ижор тилинде сабак өтүлбөйт, токтотулат. Менин колумда бул тууралуу буйрук бар. Жолдош Сталин жеке өзү кол койгон.

Ал тил мугалиминин жазуу үстөлүнө портфелин коюп, буйрукту алды да, алгач мугалимдин бетине жакындаштырды, андан соң балдарга буруп көрсөттү. Окуучулар эч нерсе түшүнбөгөндөй таңыркап карап, директор болсо өзүнө жалт караган тил мугалиминен көзүн ала качты. Теркан Сиироланын жан дүйнөсүндө бир нерсе тырс этип үзүлгөндөй болду. Тулку-бой денесин эмнегедир муздак тер басты.

– Ижор тилин кайсыл класстарга окутабыз анда? - деди ал тили зорго күрмөлүп.  

– Эч бир класска окутулбайт. Биз көп улуттуу мамлекетибизде жалгыз орус тилин колдонууну бүгүнкү күндүн негизги талабы деп билебиз. Андыктан жолдош Коккарев, ижор тили мугалиминин бүгүндөн баштап жумуштан кетүү арызын аласыз, мугалимдик кесиби боюнча жумушун токтотот. 

– Ооба, албетте,– анын сөзүн макулдады директор.– Ошондой кылабыз. Ижор тили окутулбаган соң, тил мугалимин кармап тура албайбыз.

– Акыры мен...– туттугуп сүйлөдү Теркан Сиирола.

– Сиз класстан чыга бериңиз, ижор тили эми жок.   

– Акыркы жолу сабагымды өтмөкчүмүн...

– Эч качан,– каршылык көрсөттү кичүү лейтенант.– Биз буйрукка каршы барбайбыз.

– Албетте, жолдош Волгин, – офицердин сөзүн коштоду директор.

Теркан Сиирола жели чыккан шарга окшоп бүрүшүп титиреди. НКВД офицерине каршы бир нерсе дешке кудурети жетпеди. Окуучулар менен акыркы жолу ижор тилинде коштошуп, класстан маанайы суз чыкты. Директор балдарга тынч отурууну, азыр орус тили мугалими сабакка кирерин айтып, офицер менен сыртка чыкты...  

Теркан Сиирола офицердин көз алдында өз каалоосу менен жумуштан кетери тууралуу директорго арыз жазды.

– Кетишиңиз мүмкүн, – деди офицер.– Жеке менин сизге эч кандай кусаматым жок.

Тил мугалиминин мектептеги иш-аракети ушундай таризде түгөдү. Теркан Сиирола андан кийин мектепке эч качан келбеди. Вистина кыргактарында атадан калган балыкчылык кесибин уланта баштады.

Деңиз жана баклан куштар анын сырдашы болду. Мектеп директорунан да, ижор тилинин жоюлушуна каршылык көрсөтпөгөн ижорлордон да колун жууду. Кээде күпкөдөй үйүндө отуруп, почтадан келген орус гезиттерин барактап, майда улуттардын тилинде сабак өтүү бүтүндөй өлкө боюнча токтотулганы тууралуу кабарга көзү түштү. Гезитте эл душманы саналган айылдык эл өкүлдөрү жөнүндө да күн тартибиндеги макала жарыяланыптыр. Теркан Сиирола заман тынч эместигин, калпыс кырдаалда жашап жаткандыгын туюп, бул алгоо-далгоо мезгил шамалы өзүнүн да өмүрүн аңтарып-төнкөрүп жибербесе экен деп ойлонду. Ал адашпаган экен...

Октябрь аяктаган учур эле. Ал адаттагыдай күндүн жарымын сындыруу үчүн балык уулоого Көрфазга келген. Чак түшкө чейин эрмектеп кайырмакка анча-мынча балык тутту. Көрфаз тарапка калааты жүкканага ээ болгон "хлеб" деген жазуусу бар машине келатты. Туура эле Теркан Сиироланы көздөй газды басканча чоң тездик менен бастырып келди. Эски мугалим эмне болуп жатканынан бейкапар аңырайып карап турду. Машине токтоп-токтобой анын ичинен эки аскер кийимчен адис жана ошол мектепке келген тааныш офицер атылып түшкөнчө, Сиироланы түрмөгө алуу жөнүндөгү ордерди көрсөттү. 

– Бул мыйзамсыз балык тутуу үчүн, жолдош Сидоров,- деп түшүндүрмө берди Волгин. Эски мугалим эрксиз жылмайды:

– Сиирола, – деди ал курч көздөрүн офицерге тик кадап.– Бир мүнөткө уруксат берсеңиз...

Волгин унчукпады, бирок мугалимдин талабын четке да каккан жок. Теркан Сиирола кармаган балыктарын тизиминен чыгарганча деңизге, балким баклан куштарына ыргытты.  

– Кош! – Бул коштошуу сөзү балыктаргабы, куштаргабы, балким деңизге, же көрфазга, же мекенге беле, эми мындан кийин эски мугалим үчүн бардыгы бүткөн эле.

Ошол. Андан кийин Сиироланын жашоосу кандай өттү, эмнелер болгону жалгыз анын өзүнө жана Кудайга гана маалым. Ал бул жөнүндө эч кимге айтпаган. Вистиналыктар эски мугалимди согуштан кийин тытылып бүткөн, көөнөрүп эскирген аскер талаа кийиминде гана кыштакта пайда болуп калганда көрүштү. Аны менен илгери мектеп директору болгон, учурда кыштак кеңешинин раисинин милдетин аткарган Кокеронун жеке өзү келип сүйлөштү. Алгач Сиирола аксакалга терс карап тура берди. Кокеро аны сабыр менен күттү.  

– Теркан, – деди аксакал.– Мен сенин алдыңда күнөөлүүмүн. Мени жазалашың мүмкүн.

Сиирола ага жалт бурула:

– Жазалашым мүмкүн?! – заарканып, сурдана эски директорго тигилди. Анын бырыш баскан, шилинген шапалактай тозгон жүзү, чөптөй аза түшкөн түрү Сииролада кичине болсо да ачынуу сезимин ойготподу. Арийне, бул абал жан дүйнө азабынан кыйналган неменин көрүнүшүнө караганда, карылыктан корунуп-корккон бечаранын абалын көбүрөк эстетти ага.  

– Мен сизди жазалаган менен эми эмне өзгөрөт?.. Мен беш жыл куру доомат менен камакта отурдум. Беш жыл согушта болдум. Бул убакыт ичинде бир муун ижор тилин окубастан калды. Бул убакыт ичинде сиз эмне кылдыңыз? Өз жашооңузду сактап, мени курмандыкка чалганыңызбы?! Болду, мен билем, сиз Волгиндин күчүгүсүз, кетиң астанаман...

Кокеро кетпеди, жини келбеди, ат көтөргүс айыбын туйду.   

– Аксың, Теркан,– деди ал.– Мен катага жол бердим ошондо. Эми аны оңдоо колумдан келбейт, билемин. Сени "нан" деп жазылган машинеде түрмөгө алып кетишкенин укканда эле бардыгын түшүнгөм. Улуттун чыккынчылары эне тил мугалимдерин жоготууну көздөп калдыбы, бул ошол кедей улуттун тилин айбалта менен чаап таштагандай эле кеп экенин аңдоого эс-акылым жетпеди. Мен же сени, же ижор элинин тилин коргой албадым. Ошондо өзүмдү коргодум деп ойлоймун. Кийин ойлосом… өзүмдү да эне тилибизге кошуп көмгөн экемин. Башка жактан алып караганда, эгер мен сендей эле советтерге каршы болсом, алар мени да тынч коймок эмес.

Эски мугалим Кокерону ушинтип кууп жиберди. Кыштак кеңешинин раиси ошол кеткен боюнча эч жерде көрүнбөдү. Сиирола анын алгач ооруп калганын Вистино кыштак дүкөнүнөн соода кылганы барганда укту. Бир аптадан соң чалдын көз жумганы айкын болду.

Андан бери канча мезгил өттү. Сиироланы согуштан кийин дагы камашты. Ага майда улутчулдук, коомду өкүмөткө каршы тукуруп, совет элинин биримдигине бүлүк салды деген айып тагышты. Теркан буларды ойлоп, ой учуна жете албайт. Анын бир эле талабы ижор тилин өздөрүнүн мектебинде ижор балдарына окутуу болгон. Ижор тилинин жоголуп баратышы өкмөттү эч кызыктырбайт эле...

1953-жылда Теркан Сиироланы түрмөдөн азат кылып акташты, бирок ижор тилин мектептерде окутууга уруксат берилбеди. Сиирола түрмөдөн чыккан соң маркум Кокеранын жесир калган кызы Ульянага үйлөндү. Үй-бүлөлүк биримдиктен Агафон ысымдуу уулдуу болушту. Теркан Сиирола жубайы Ульяна менен бирге Вистинодо түптөлгөн "Балтика" балыкчылык колхозуна жумушка орношту. Калган өмүрүн Вистинодо балыкчылыкка арнады.

Өткөн жылдардын аралыгында адамдар ижор тилин унутуп калышты. Жадагалса ижормун дегенден да коркушчу. Муну Теркан Сиирола сексенинчи жылдардын акырында кара папка көтөргөн өкүмөт адамдары калкты улуттар биримдигин тизмеге алуу үчүн келгенде – уулу Агафон алар менен орус тилинде сүйлөшүп жатканын байкап калды. Өкүмөт адамы уулунан сурады: 

– Улутуң ким?

Агафон жооп берди:

– Менин атам менен апам ижор, өзүм – орусмун.

Ушул азыр улгайып калган Теркан Сиирола турган жеринде тактадай катты. Уулунун көөдөнүндө ижор болуудан уялуу жок. Эң туурасы – майда улутка тийиштүүлүгүнөн зааркануу туюму качан пайда болду? Эмнеге? Эмне үчүн?! Сиирола уулуна эч нерсе дебеди. Вистино көрфасына кетти. Балыктарга, баклан куштарга ижор тилинде сүйлөп бергиси келди. Кызматтын ижорлорго карата адилетсиздигинен өңгүрөп ыйлап жиберди.

– Эми эч нерсе бизди куткарып калалбайт, эч нерсе!..– деңизге карап ыйлап отурду чал.

Деңиз бирдей мээлүүндүктө шоокум салат. Бакландар балык талашып сууга шуңкуп, жашоо өз агымында улана берди... Ал арада совет бийлиги кулады. Бардык мамлекеттер таркап кетти. Өз өкүмөтүнө ээ болгон калк эркиндик желегин желбиретишти. Өзгөрүүлөр акырындык менен Вистиного да жетип келди.

1993-жылда "Балтика" колхозу кыштакта ижорлордун этнографиялык музейин ачышты. Барган адамдар ал жерде ижор саймаларын, үй буюмдарын, улуттук кийимдерди жана ушуга окшош буюмдарды көрүшкөнүн айтып келишти. Теркан Сиирола барбады. Өлгөн маданияттын калдыктарын көрүүгө анда калоо жок эле. Ал арада Агафондун уулу Денис (атасы ага орусча ысым койгон) Москвада окуйт болчу. Бир күнү ал Москвадан келип Теркан Сиирола жашаган бөлмөнүн эшигин тыкылдатты:

– Денис, келдиңби, балам? – небересин кучактап, бооруна басты чал.

– Чоң ата, мен Москвада илимий антропология борборунда ижор тили боюнча иш баштадым,- деди.   

– Сен, кантип эле?.. – таң калды Теркан Сиирола. – Атаң Агафон мындан кабары барбы?

– Жок, – деди Денис.– Мына биринчи болуп сизге айттым. Эртең мени менен Вистино музейине барасыз. Ал жерде мен сөзгө чыгамын. Ижор тилинде сүйлөймүн. 

– Ижор тилинде?!

– Ооба, ижор тилинде, чоң ата.

– Акыры ижор тилин эми ижорлор да билбейт ко, балам.

– Эсине салабыз, чоң ата, эстетебиз!

Теркан Сиироланын көздөрүндө жаш калкыды. Эртеси күнү ал Ульяна жана Агафон менен биргеликте Вистино музейине барды. Эски колхоз имаратынын ыңгайлуу залында адамдар топтолуптур. Музейге келгендер ижор балталарын, ижор керки-чотторун, мис курушкаларын, табактар, токумачылык буюмдар, эски май чырактар, көсөлөрдү, жыгач буюмдар жана башка зеби-зыйнат менен кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүн көрүп, ижор маданиятынан сыймыктануу сезимин туюшмак.

Залда чогулгандардын алдында сөз кезеги Денис Сииролага берилгенде, бардыгы тынчтанып угууга камынышты. Анткени Москвадан келген баяндамачы жигит күтүлбөгөн жерден нукура ижор тилинде сүйлөй баштаган эле. Биринчи эч ким эч нерсе түшүнбөстөн, ага кунт коюп кулак түрүштү. Бул жигит эмне деп жатканын ылгап алууга аракет кылышты. Теркан Сиирола адамдарды күзөтүп жатты. Алардын көөдөнүнө бир нерсе тыгылып калгандай, көздөрүнөн жаш айланды. Жүздөрүнө жылмаюу жүгүрдү. Алар шыбырашып, айланадагыларга кеп салмак болушту, бирок ижор тилиндеги сөздөр эстерине келбегенинен, эне-тилинде сүйлөй албагандыгынан уялып, ыйлай башташты.

Денис Сиироланы бардыгы түшүнүп жаткан, бирок алар ижор тилинде сүйлөшө албайт эле. Муну күзөтүп турган Теркан Сиирола Ульянанын, кала берсе Агафондун да ыйлаганын көргөндөн кийин, кыямат көлөмүн дагы да тереңден сезди. Акыры мындан артык кыямат барбы?! Сен бул тилди түшүнөсүң, акыры бул эне сүтү менен жүрөгүңө кирип барган, бирок эми бул тилде сүйлөй албайсың, бир ооз да сүйлөгөндү билбейсиң. Көздөрүңдөн аккан жаш ошол тилдин сагыныч кусасы, өз улутуңа кыянатыңды, өзүңдү кечире албастыгыңдын чуусу. Өз элиңди, өз тилиңди унутканың, сүйлөй албастан көздөрүңөн сызылып чыгат экен, мунун азабы канчалык оордугун Теркан Сиирола жон терисиндей сезип турду.

Көз жаштын тамчылары – пешенесинен агып жаткан кексе чалдын кубаныч көз жашыбы, арманыбы – эми муну аныктап болмок эмес. Денис ижор тилинде сүйлөп жатканда, ижорлор ыйлады, адамдар ыйлады...

Вистино кыргактарында көрфаз суулары түштүктөн соккон муздак шамалга термеле жымырап, балыктар эркин сүзүп, баклан куштары болсо – толкундар бейтынч жатса кабатырланат эле.

2023.

Өзбек тилинен которулду.

Москва-Переделкино.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз