Улук Уракун: Интеллектуалдык адабияттын капшабы бөксөрдү

  • 20.07.2023
  • 2319

(Милан Кундера тууралуу эки ооз сөз)

Жакында эле эстеп, кайран киши карыды, эмне болуп атты экен, тирүү болду бекен деп интернеттен карап аттым эле. Жаткан жери жайлуу болсун!

Дүйнөлүк адабиятта жазуучулардын жоголуп бараткан бир өзгөчө түрү бар: ал чыныгы интеллектуал жазуучулар. 19-кылымда роман жанры өнүгүп, өз апогейине жеткен чагында Достоевский менен Толстойдун калеминен "интеллектуалдуу роман" жаралат. Аларды улай кийинки муунда Пруст, Т.Манн, Гессе, Жойс, Кафка, Фолкнер сыяктуу даярдыгы жок окурманга далай баш оору тартуулаган, барактап отуруп түшүнүүгө көпчүлүктүн алы келбеген гипертексттерди жараткан ысымдар пайда болот. Ал калемгерлер дароо эле модернисттер атка конушат.

Модернисттердин изинен калбай адабиятты “интеллектуалдык оюнга”, “абсурдга” айланткан Борхес, Камю, Кортасар өңдүү жазуучулар чыгат. Ошо менен дүйнөлүк адабиятта “интеллектуалдар клубу” пайда болот да, 20-кылымдын экинчи жарымында көркөм чыгармалар кандай багытта жаралып турары аныкталып калат.

Милан Кундера так ошол “клубдун” алмаштырылгыс мүчөсү десем жаңылышпайм. Анын ысымы М.Турнье, Ж.Фаулз, С.Беллоу, У.Эко, И.Кальвино, М.Павичтердин катарын толуктап турат. Көзү тирүүлөрдөн ал “клубда” акыркы алп болуп азыркы учурда Варгас Льоса эле калган чыгар. А кишини да кээде карап коём кандай жүрөт деп (өмүрү узун болсун!). 

Албетте, Т.Пинчон, Дон Делилло, П.Киньяр өңдөнгөн бир топ генийлер бар. Бирок кантсе да, алардын калибри башка деп ойлойм.

Милан Кундеранын дүйнө салышы менен жалпы маданиятыбыз оорду толгус жоготууга дуушар болуп отурат. Анын окурмандарынын кайгысына тең орток болуп отурган кезим...

Ошол эле учурда Борхестин “адабият эч качан өлбөйт, сөз өнөрүнүн артыкчылыгы - ал өзүнүн коштошуу аземине өзү көз көрсөтүп бара алат” дегенин эске салгым келет.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз