Байыркы кытай даанышмандары

  • 02.07.2022
  • 1595

ӨМҮР ЖАНА ӨЛҮМ

Устаттан Цзы-Лу аттуу шакирти өлгөндөрдү кантип сыйлоону сурайт. Устаттын: «Сен али тирүүлөргө кызмат кылалбай жүрүп, өлгөндөргө кайдагы кызматты кылмаксың» дегенин угуп, өлүм эмне экенин сурайт. Устаты ошондо: «Сен али өмүр эмне экенин билбейсиң, а өлүм эмне экенине акылың кайдан жетсин» дептир. 

Конфуций

Жакшы адам өмүрүндө үч нерсеге аяр болууга тийиш: күч ашып-ташкан жаш чагында аялзат кумарына азгырылбасын; акылы тунган куракта чыр-чатакка аралашпасын; карылык каруудан алганда калтыраган сараң болбосун.

Конфуций

Адам сыягынан айрылган жан кыркка жашы таягыча касташкандан башы чыкпайт.

Конфуций

 

Өлөр канаттуу өзөккө жетер үн чыгарса, өлөр адам өзөк өрттөгөн кебин айтат.

Конфуций

 

Жаштарга текеберчилик кылбай, алар менен сый бол. Баралына жеткенде алардан улуу инсан чыгышы толук ыктымал. Кырк, элүү жашка жеткенче колунан эчнерсе келбегендер гана сыйдан айлансын.

Конфуций

Өмүрдү кадырлап-кастап сактоо эч мүмкүн эмес.

Ян Чжу

Түйшүктүү ыракат менен өмүр сүргөндөр жокчулукка кабылбайт, а убактысын түйшүксүз өткөргөндөр жокчулуктан арылбайт.

Ян Чжу

Башкаларга пайда келтирүү үчүн адилеттик кылыш жетишсиз, башкалардан өз өмүрүңдү аянба, так ошондо адилеттүүсүң.

Ян Чжу

Канкорлор менен күчтүүлөр өз ажалынан өлбөйт.

Лао-цзы

Адам баласы үлбүрөк, алсыз туулуп, а өлөрүндө сөңгөктөй катыйт. Бардык жандуулар менен өсүмдүктөр да жарыкка үлбүрөк, алсыз жаралып, жашоодон ажырарда кургайт, соолуйт. Катыгандар – жашоо соңуна жеткендер, а үлбүрөгөн алсыздар – жашоосун улантчулар. Аскер кошууну менен дарак деле күчтөн ажырайт. Алдуулар менен кубаттуулар үлбүрөк, алсыздардай шыбагага ээ эмес.

Лао-цзы

Туулмак бар, өлмөк бар. Он адамдын үчөөсү баш көтөрүп узак жашайт, үчөөсү ажалга эртеле моюн сунат. Дагы үчөөсү өз өлүмүнө себепчи. Эмнеге дегенде, баарысы жашагысы келген. Айтымга караганда: жашоо маңызын билген адам арстанбы, керикпи, тике качырып, айбан бетиндеги түктөн да айбыкпайт. Андай адамды кериктин мүйүзү, арстандын азуусу, жаагердин кылычы да сүрдүктүрө албайт. Сыры эмнеде? Тек гана өлүмдөн коркпогондукта.  

Лао-цзы

Жер үстүндө бардыгы өсөт, гүлдөйт жана тамырга кайтып барат. Тамырга кайтканы – жаратылышка моюн сунганы. Жаратылышка моюн сунгандык – демек, түбөлүктүүлүк. Ошондуктан картайган дене эч кандай чочулоо дегенди билбейт.

Лао-цзы

Энесин аңдасаң, балдарын түшүнөсүң. Балдарын аңдап, энесин кайта эсте: ошондо чочулоосуз жашайсың. Каалооңду чектеп, өмүр бою кумардан качсаң, чарчоону билбейсиң. Кумар кууган көзбоёмочулуктан таяныч издебе. Майдага маани берүү – көрөгөчтүк. Күчкө умтулбоо, – кубаттуулук. Жарык маанисине түшүнүш үчүн аны жакындан тиктебе. Жамандыкка жакындабаган – айкын жолду көрөт.  

Лао-цзы  

Өз өмүрүн барк албагандарга өмүрдүн да кусуру тиет.

Лао-цзы

Жашоо кереметине эмне менен жетсең, өлүмүңдү да ошол көрктөйт.

Чжуан-цзы

Чындыгында өмүр да, өлүм да улуу. Арийне, өмүр менен өлүм кезегин бул дүйнөдө эч нерсе да өзгөртө албайт.  Чжуан-цзы

 

Өлүм – жашоо жыйынтыгы, а өлүмдү жашоо ырастайт. Баары ошол: кандай башат болбосун ал чегине жетип, кайра уланат.

Ван Чун

Басмырланган жашоодон көрө өлүм артык.

Люй Бувэй

Тирүүлөр өлүм эмне экенин, өлгөндөр жашоо эмне экенин билбейт.

«Ле-цзы» трактатынан

Өмүрдү барктаган үчүн узарта албайсың, денсоолукка кам көргөн үчүн дарттан сактап калбайсың.

«Ле-цзы» трактатынан

Төрөлгөндөгүбүз да, өлгөндөгүбүз да бир эле көзирмем. 

«Ле-цзы» трактатынан

Адамдар жашоо жыргалын билишет, ыпластыгын билишпейт. Карылыкты бейпилдик эмес кайгы санашат, а өлүмдү ырайымдуу эмес, ырайы суук элестетишет.

«Ле-цзы» трактатынан

Төрөлүү түйшүккө бөлөрүн, карылык кайгыга кабылтарын мээбизге кадап алганбыз .

Ван Мин  

Адам өлөрүндө дайыма жаны үчүн тынчсызданат, а жан өз мөөнөтү бүткөнчө жашоодогу болгон шыбагасын шыпкаганы үчүн чебелектебейт. Жан менен дене бири-биринен ошентип ажырайт.

«Хуайнань-цзы» трактатынан

Эң атактуу деген мамлекеттик ишмер да өмүрүндө бир жолу туулган жерине кайтууга жолдонгон кагазды колдоруна алышкан. Анын маанисин – туулган жерине кайтаардагы кемсинтүү катарында түшүнүшкөн[1]. Андай басынтууга татыктуу делгендер эч болбосо өмүрүндө бир жолу киндик каны тамган жерге барганда гана карапайым эл оозундагы алкышка татыктуу болушкан.

Сюй Сюэмо  

Чопо куурчактардын эркеги, аялы жана кымбаты, арзаны болот. Алар топурактан жуурулгандыктан – талкаланса, кайтадан топуракка айланат. Адам деле ошол.

«Гуань Инь-цзы» трактатынан  

Жер менен асман түбөлүккө турат, а мен бул дүйнөгө кайрадан туулбайм. Адам өмүрү жүз жылдан ашпайт,а меникичи, көз ачып жумганча жылт этип өтүп кетчү өмүр. Бул ааламга келүүгө кимге ырыскы буюрса, шаркыратма суудай тез аккан жашоо кубанычынан да, кайгысынан да куру калбайт.

Хун Цзычен

Тоо кыйрап, суулар соолуп, ал эмес жер өзү топон-тозго кабылат. Ал эми туулуп, кайра өлгөн биз эмне болуп калыппыз? Тулку боюбузда кан айланганы эле болбосо, көлөкөбүз. А көлөкө деген эмне? Көлөкөнүн эле көлөкөсү: эгерде жогорку билимге жетип, жандүйнөсү тунарбаса.

Хун Цзычен

Кумар – алоолоп турган жалындай. Арийне, оору жөнүндө ойлоно калсаң, жан деген нерсе күбүлүп түшчү күлгө окшоп кетет. А атак жана наам жөнүндө кыялга батсаң, ал балдай таттуу. Бирок, өлүмдү да ойлоно жүр. Өлүм жөнүндөгү ой балдай ширин эмес, ошентсе да оору менен өлүм жайын ким унутпаса, ошол гана кур кыялдан кутулуп, түбөлүктүүлүктү эсинен чыгарбай, адилет жолун табат.

Хун Цзычен

Жылдар, айлар чубалжып, узак. А карбалас адамдар өздөрүнөн өздөрү шашкалактап жүрөт. Асман менен жер кенен жайылып жатса, а пас адамдар өзүнөн өзү кысылып жашайт. Убакыт жебеси өз мыйзамын бекем сактайт, а адам куурагырың өмүр бою олку-солкулукта карбаластап жүрөт.

Хун Цзычен

Гүлдөр күбүлгөн учурда желбүүрүндөгү уруктар жылаңач калат. Суук түшкөн учурда асмандагы оттун каалгыган күлү – жылуулуктун кайтып келер кабары. Соолуу менен өлүүнү жашоо ардайым жеңет. Буга ким түшүнсө, жер-асмандын сырын аңдайт.

Хун Цзычен

Токтоюн деп чечтиңби, дароо токто. Эгерде оңтою келер саатты күтүп үйлөнсөң, барыбир түйшүк арылбайт. А монах болуп кеткенден – даанышман болбойсуң. Качандыр бирөө айтыптыр: «Кеткиң келеби, создуктурбай жөнө. Эгер ар нерсенин учурун күтө берсең, ал эчкачан келбейт».

Хун Цзычен  

Турмуштун кыйчалыш күнү келгенде тополоңго түшпөгөн адам, демек, өзүн жай турмушта салабаттуулукка көндүргөн. Өз башын өлүм тооруган күнү да камаарабаган адам, демек, өмүр баркына эбак түшүнгөн. 

Хун Цзычен

Жандүйнөң бейпил кезде өнө боюң боз кендирге оролуп турса да Асман менен Жериңдин абасын кере жутасың. Жүрөгүңдөн ыраазы болуп жашасаң, кебек жесең да турмуштун ширин даамы оозуңда турат. 

Хун Цзычен

Дарактан тамыр калганын көргөндөн кийин аны дүпүйүп көрсөткөн кооздук бутактары экен дейсиң. Адам бечара качан гана чым жастанып калганын көргөндөн кийин – артында калган тукуму да, байлыгы да опаасыз экенине түшүнөсүң. 

Хун Цзычен

Жыйган-тергенибиз, билген-көргөнүбүз башыбыз менен кетет, а жүрөгүбүз өмүрү картайбайт. Эмгегибиз, жыйган-тергенибиз, кадыр-баркыбыз өмүр өткөн сайын алмашат. Асыл жандар гана түбөлүктүүлүктү убактылуулукка алмашпайт.

Хун Цзычен

Адамдар заңгырата үй куруп, кымбат баалуу кийинсе эле сөөлөтүнө сөөлөт кошулчудай эсептейт. Аныгында бийик чатырлуу үй менен кымбат баалуу кийим денеге көп жылуулук бербейт. А биз ким үчүн жашайбыз: башкалар үчүнбү, өзүбүз үчүнбү?

Чен Цзижу

Чайыттай ачык күнү адам көңүлү жаркып, куш үнү шаңшып турат. Жаан-чачындуу күнү куштар бак-даракка корголосо, адамдар жамгырдан далдаланып, көңүлдү кусалык басат. Кудуреттүү адамдар гана жашоонун зор башатынын улуу макулдугуна көнүп жашайт. 

Чен Цзижу

Дамба суу келген маалында тосулат. Ашкабак бышкан кезинде жалбырагы түшөт. Бүтүндөй жашоо маңызы – ушул кепте.

Чен Цзижу

Улууну урматтабаган жаштар өз мезгилинен эрте өлөт. Эгер алар өспүрүм жашынан карылыкты кадырлашпаса, Жараткан күч аларга узун өмүрдү кайдан берсин?

Чен Цзижу

Улук өлүм улагадан сыртка аттаган кезде улуу өмүр төргө өтөт.  

«Чан» санатынан

Жаратылыштын жымжырт үнүн эшите алган адам гана жүрөктү күүгө салган кудуреттүү сөз жаратат. Турмуштун укмуштуу маанисине жуурулушкан адам гана башкаларга акыйкатты таанытат. 

Чжан Чао

ТАГДЫР. БАКЫТ ЖАНА ШОР 

Тагдыр алда качан эле баарын маңдайга жазып койгон, эми аны толтура да албайсың, бөксөртө да албайсың. 

Конфуций  

Тагдырга текеберсинген киши адамдардын асылын да теңсинбейт.

Конфуций

Билген жан сүйгөн жанды, сүйгөн жан кубанган жанды түшүнбөйт.

Конфуций

Эмне керек – даңазабы же өмүрбү? Эмне кымбат – капчыкпы же жашообу? Эмне кооптуу – тапканбы же жоготконбу? Ашкере сараңдансаң, чоң чыгымга кириптер болосуң. Жыйып-тергениң канчалык арбыса, ошончолук чачылат. Булардын чегин түшүнсөң, өкүткө кабылбайсың. Ошондо гана өмүрдүн мөөнөтү узакка барат.

Лао-цзы

Эл тааныган эстүүлүк, өзүн тааныган көсөмдүк. Элди жеңген эр жеткис, өзүн жеңген чен жеткис.

Лао-цзы

Кыйратуудан мурда жаратканга, алгандан мурда бергенге үйрөн.

Лао-цзы

Алдын карабай баскан буттан мүдүрүлөт, оозго келгенди оттогон тилден мүдүрүлөт.

Лао-цзы Күйүт менен кубаныч бири-бирине таяныч. Күйүттө кубаныч, кубанычта күйүт бар. Экөөнү ким салмактайт? Бул экөө тең опаасыз.  

Лао-цзы

Менде улуу күйүт бар, себеби өзүмдү өзүм кадырлайм. Өзүмдү өзүм кадырлабасам, анда менде күйүт да болмок эмес.

Лао-цзы

Анык азап – кас менен касташканың.

Лао-цзы

Азаптын азабы – жашооңо канааттанбагандык.

Лао-цзы

Кумарга баш-отуң менен киргенден өткөн оор күнөө жок.

Лао-цзы  

Согуштун арты мүмкүн баарын өз ордуна коёр, бирок акыры бир күн кек жаратат.

Лао-цзы  

Мыкты деген аскер – адам баласынын башына кайгы гана үйөт.

Лао-цзы

Эгер кимдир бирөө сага жамандык кылса, өч алам деп жакасына жармашпай, урушкандан алыс болуп, жөн гана суу боюна барып отур, сени ыза кылган неменин өлгөн денеси жаныңан агып өткүчө…

Лао-цзы  

Башкаларды жеңгендей эле өзүңдү өзүң жеңген чыныгы эрдик.

Лао-цзы

Ажаатчыл адамдан айрылсаң, аккөңүл жан табылар; аккөңүлдөн айрылсаң, адилеттүү табылар; адилеттүүдөн айрылган күнү адептүүсү табылар; асти, адептүү көрүнгөн адамдын адаты адептүү көрүнгөнү менен ыйкы-тыйкынын башталышы дей бер.

Лао-цзы  

Кыйшайган түзөлөт, бөксөргөн аяк толот, эскилиги жеткен жаңыланат. Аз нерсеге шүгүр келтирген көп нерсеге марыйт. Көптүн артынан кууган, жолунан адашат.

Лао-цзы  

Агер шалаакы болуп, жаманчылыкка өзүң илээшип жүрсөң, башыңдан бактысыздык кетпейт, бакытты сурай да албайсың. Тагдырды алпештөө мааниге ээ эмес, аны барк албай койгондон балээ болуп деле кетпейт.

Мо-цзы

Агер Асмандын каалаганын мен аткарсам, Асман дагы менин каалаганымды аткарат. А менин каалаганым – бакыт жана бакубаттык, жек көргөнүм – бактысыздык. 

Мо-цзы 

Бакытты кол булгап чакырып, жаныңа келтире албайсың.

Мо-цзы

Ким адамдардын баарын тегиз сүйүп, баарына пайда келтирсе Көк Теңир ошол адамды бактылуу кылат. А ким адамдарга жамандык жасап, алдамчылык кылса, ал адам Теңирдин жазасынан кутулбайт. 

Мо-цзы

Адамдын табиятын кайра жасап, тагдырын өзгөртүү мүмкүн эмес.

Чжуан-цзы

Бакыт – тыбыттай жеңил, кармап турууга мүмкүн эмес. А шор кара жердей оор, аны айланып өтүү да мүмкүн эмес.

Чжуан-цзы

Асманды даңктап, ал жөнүндө капкайдагыны ойлоп тапкандан көрө өз даңкыңды асманга көкөлөтөр иш жараттың бекен? Асманды канча даңктап ырдаба, ал ансыз да көкөлөп көктө, агөрөк Асман алдындагы өз мүдөөлөрүңө жеткенге жан үрөсөң кантет?

Сюн-цзы  

Адамдын колу тийбей өзүнөн өзү бүткөн нерсе менен адамдын каалоо-тилектеринин оорундалышы – бул Теңирдин буйругу. Агер адам баарын асмандан күтүп, алма быш, оозума түш деп жата берсе, анда ага Теңирден эч нерсе буюрбайт.

Сюн-цзы  

Жакшы адам менен тагдырдын ортосунда эч кандай катыш жок. Адамдын ийгиликке жетүүсү же жетпөөсү – анын бүтүндөй тагдырына байланыштуу.

Ван Чун

Ойлорум күнүгө өзгөрүп турат, аларды өзгөрткөн өзүмдүн «меним» эмес, а тагдырым. Табият менен тагдырды тааныган кезде, сыртынан өзүңдү көрбөйсүң, а ичинен аңдаганың билинбейт.

«Гуань Инь-цзы» трактатынан

Азиздикти да, кереңдикти да куландан соодой эсепте. Коогалаңды бейпилдиктей көрүп, а ийгиликти жамандыктын жарчысындай сана.

«Чан»  санатынан

Адамдын кудурети Асманды багынтканга да жетет: агер ал бир ишке чын ыкыласын коюп, кайратынан жазбаса. Андай адамды тагдыр да, эч бир балээ да жеңалбайт.

Чень Цзижу

Жалгыз аяк жолдо баратсаң, бетмаңдайыңда келаткан жолоочуга жол бошот. Алдыга тамак келгенде кичинекей бөлүктү өзүң алып, көлөмдүүсүн жаныңдагыга бер. Бу дүйнөдө дайыма бактылуу болуштун сыры ушул эле.

Хун Цзычен   

Агер адам бу жашоонун бергенине токпейилдик күтүп жашаса, жоктун жону эч качан катуу болбойт. Агер адам көңүлүнө бейпилчилик орнотконго жетишсе, ага бу жашоодо эч ким айдарын тикпейт.  

Хун Цзычен  

Нарктуу адам майлуу-сүттүү энчиге үмүт артпайт. Көк Теңир да ошол напсиси үчүн ага марттык менен өз шыбагасын аянбайт. Нарксыз адам өз энчисине туйтунганды гана каалайт. Көк Теңир анын ошон үчүн ырыскысын шыпырып, эсинен ажырар күйгүлтүккө салат. Көк Теңирдин көсөмдүгү ушунда, аны көрбөй коюуга мүмкүн эмес. А адам акылы Көк Теңирге каршы эмнеге жарайт?

Хун Цзычен

Бакытка куулук-шумдук менен жетпейсиң. Жашоодо кубанганды бил – ошонун өзү бакытка тунганың. Жамандыктан жан үрөп кутулам дебе, тек гана ниетиңди жакшылыкка бур – ошонун өзү сени жамандыктан оолактатат.

Хун Цзычен  

Туура жүргөн адамдын көңүлү көктө болот, ошонүчүн анын бактысы чексиз да, түпсүз. Анын бардык ишинде эркиндиктин мөөрү бар. Жаман адамдын пейили да тар, ошонүчүн анын таалайы тайкы. Андайлардын аракети текке кетме.

Хун Цзычен

Ойлогон оюбузду кыстаган турмуш жеңген кезде – бизди курчаган дүйнө касиеттүү ийнеси, дары-дармектери менен баарыбызды билдирбестен өзү айыктырып коёт. А ойлогон оюбуздун баары ишке шыдыр ашкан кезде – бизди курчаган дүйнө айбалтадай жалаңдаган мизи менен баарыбызды жантындым кылат.  

Хун Цзычен

Адамдын баары кайгыны да, кубанычты да өздөрүнө өздөрү жаратат.

Хун Цзычен

Жылуу аба ырайынан бардык өсүмдүккө жан кирип, сууктан баары өлө баштайт. Кабагы карышып жүргөн адам Асмандын жылуулугу чулгап турса да бакытты барк албайт. Кабагы жарык адамдар гана түбөлүктүү сүйүү менен чексиз бакытты башынан кечирүүгө жөндөмдүү.

Хун Цзычен 

Санааң санга, оюң онго бөлүнүп жүрүп кайсы ишке качырсаң да майнап чыкпайт. Агер удургуган убайымга алдырбай, кайратыңан тайбасаң, бакыт сага өзү келет.

Хун Цзычен

Биздин жашоо куурчактын ойнундай. Тек гана оюн чаташпас үчүн башкаларга карматпай, куурчакты ойноткон жипти өз колубуздан чыгарбашыбыз керек. Куурчакты ордунан качан козгоп, качан токтотушту өзүң сезип, өзүң чечкенде гана оюн чаташпайт. Дал ошондо сценаны тиктегендер сага арбалып турат.

Хун Цзычен

Жакырчылыкты босогоңдон кууп чыгыштын кажети жок, тек гана жакырчылык жөнүндө камсанабай койсоң эле жүрөгүңдө ардайым чексиз бакыт, канагаттык пайда болот. 

Хун Цзычен

Чаңдаган сууну сен тундура албайсың, ал өзүнөн өзү тунат. Күзгүнүн бетине сүрөт тартып убара болбо, сүрөт ага өзүнөн өзү чагылат. Адам жүрөгү өз эркинин күчү менен тазаланат дегенге болбойт: тек гана арким жүрөккө так салаар нерседен оолактаса, адам өзүнөн өзү арууланат. Кубанычты тышкы таасирден эмес, жүрөгүңдөн издеп, тынчыңды алган ойлордон кутулсаң, кубаныч өзүнөн өзү жүрөгүңдөн түнөк табат. 

Хун Цзычен

Көңүлүң жаркып турган кезде, караңгы түнү да асман ачык көрүнөт. Башыңдан кара түнөк ой кетпесе, жаркыраган айланаңда шайтан-шабыр шапар тээп жүргөндөй туюлат.

Хун Цзычен

Адамдар бийик даража, атак-даңкка жетүүнү кубаныч деп ойлошот. А атак-даңк, бийик даражасыз жашоо чыныгы кубаныч экенин билишпейт. Анан да адам бечараң жашоонун ач-жылаңач, суук күнүн баштан кечирүүнү азап деп ойлойт. Чын-чынында үшүп-тоңуп, ач-жылаңач күндү баштан кечиргенден өткөн анык азапты атактуулар менен мансаптуулар тартаарын түшүнүшпөйт.

Хун Цзычен

Төрөт алдындагы эненин оюнан коркунуч кетпейт, капчыгы калың адамдын оюнан ууру кетпейт. Кайгы-касирет баштан өтмөйүн – кубанычты билбейсиң. Жокчулук – шүгүрчүлүккө, оору – денсоолукка кам көрүүгө үйрөтөт. Жамандыксыз – жакшылыктын жышааны болбойт. Ошонүчүн акыйкатты тааныган адам кайгы жана кубаныч жанаша жүрөрүн билет, бирок көп учурда анысын да, мунусун да унутуп коёт.

Хун Цзычен

ИЛИМ-БИЛИМ, ТАРБИЯ

Бийик адамдын билими дээринен болот; андан ылдыйкылар окуп-чокуп билимге жетет; андан соңкулары өз билимсиздигине көзү жетип окуп-чокугандар; а окуп-чокууну каалабагандар – эң пас адамдар.

Конфуций

Ой калчабай окуй берген адашып тынат, ой калчап, бирок окууну каалабас жан – осол болуп сынат.

Конфуций

Адамдын айныгыс үч жолу бар: биринчи, эң жакшысы – акыл пештөө; экинчиси, эң жеңил – башканы тууроо; өтө азаптуу үчүнчүсү – тажырыйба жыйноо.

Конфуций

Ким эч нерсе билбесе, ал маңбаш. Андай адам тобокел ишке да баралбайт.

Конфуций

Ой чабытымды бирөөлөргө мактанбай кеңейтүү, чарчоону билбей билим артынан түшүү, чын ыкласыман башкаларды туура жолго салуу – мен үчүн түйшүк эмес, рахат.

Конфуций

Үрүл таңда акыйкатты таанып, күүгүмдө өлүмгө даярдансаң болот.

Конфуций

Илимдүү адам чечкиндүү жана бекем болалбайт, анткени анын жүгү оор, сапары алыс. Мойнундагы жүгү – адамгерчилик, бул эмне жеңил бекен? Өлүп-талып сапары карыйт, бул эмне карыш жер бекен?

Конфуций

Бир курдай керээлдин кечке ичпей-жебей, түнү бою уктабастан ой калчадым, бирок эчнерсе таппадым. Шол убактым илимге коросо кандай жакшы эле.

Конфуций

Акылга эш болбогон билим билим эмес, билимге эш болбогон акыл акыл эмес.

Конфуций

Түркөйлүгүн түшүнүп билимге умтулган адамга нускалуу жол көрсөткөндөн качпа. Көксөгөн ыйык мүдөөсүн так түшүндүрө албаган адам жардам сурап келсе, боорго түртпө. Чаташкан түйүндүн бир учугун таап, экинчи учугун табууга ынтаа койгон адамга сөзсүз жөлөк бол. 

Конфуций

Билгениңди билем деп сана, билбегениңди билбейм деп сана, – ошонун өзү билимдүүлүк. 

Конфуций

Байыркы адамдар өздөрү өрнөктүү болсун үчүн билимге умтулса, азыркылар башкаларды таңгалтырыш үчүн гана билим алышат.

Конфуций

Кыйынчылыкты жеңип чыгалбаган адамды агартып-көгөрталбайм, дилгирсиз жанды билимге тартпайм, чаташкан түйүндүн бир учугун таап, экинчисин табууга ынтызарланбаган адамга кайталап айткым келбейт.

Конфуций

Болгон дитин билимге бурган идиректүү адам байгерчилик менен чүйгүн тамакка жетүүнү ойлонууга кенедей бош убактысын коротпойт. Анткени ага мунун баары маанисиз.

Конфуций

Көсөм акылман менен анык дөөдүрдү окутуп-чокутууга мажбурлоо мүмкүн эмес.

Конфуций

Ким эскиге маани берип, жаңылык тапса, ошол адам устаттыкка жөндөмдүү.

Конфуций

Устатым айтчу: «Кайсы айылда болбосун он үйдүн бирөөсүнөн колунан жакшылык келчү мага тең адам табылат. Бирок билимге умтулган жагынан мага эчкимиси теңеле албайт».

Конфуций

Кызматыңдан бошогон учурда оку, окуудан бошонгон кезде кызмат өтө.

Конфуций

Элди баш ийүүгө мажбурлоо мүмкүн, бирок билимге мажбурлоо мүмкүн эмес.

Конфуций

Өз үйүндөгүлөрдү жакшылыкка үндөй албаган адам өзүн тарбиялоого жөндөмсүз.

Конфуций

Бардыгын жеберине жеткире түшүнөм деген адамдын билими тайкы. 

Лао-цзы

Баарына жөндөмдүүмүн, баарын түшүнөм деп түр көрсөткөн адамдын жөндөмү да, билими да болбойт.

Лао-цзы

Үн катпаган адамдын билими терең, бакылдаган адамдын билими тайыз болот.

Лао-цзы

Билимге терең каныккан адам кан төгүүгө барбайт.

Лао-цзы

Башкаларга үн-сөзсүз, ишаратсыз таасир эткен адамга эчким теңдеш болалбайт.

Лао-цзы

Билимдүү болсо да бирок, билимдүүсүнбөгөн адам – баарынан бийик. Билими жок туруп бирок, билерман көрүнгөн адам – оорукчан. Өзүн алдын ала оорулуу санаган адам, демек – куландан соо.

Лао-цзы

Акылдуулар илимдүү болбойт, илимдүүлөр акылдуу болбойт.

Лао-цзы

Баардык илим-билимдин жолун өздөштүргөн адамдын жаны эчбир дартка кабылбайт.

Лао-цзы

Билимим жетпесе, билбегенимди билбейм деп айтам.

Лао-цзы  

Баарын билгиси келген адам эле даанышман болуп чыкпайт. 

Чжуан-цзы 

Кыйшык темирди түз темир менен урсаң, түз темирди да майыштырасың. Эгер далилденген ишти далилсиз жүйө менен далилдейм десең, экөөнүн тең ишбалдасы чыгат. Билимсиз кара күчкө салат, а билимдүү дайыма ар нерсенин өзөгү менен тамырын табат.

Чжуан-цзы

Билими терең – токтоо, салмактуу. А билими чала кайда барып мурдумду тыксам деп убара.

Чжуан-цзы

Биздин өмүр чектелүү, а билимдин чеги жок. Чама-чаркың чектелүү туруп, чексиздиктин артынан кууган – опурталдуу. Чектелүү билим менен чексиздиктин артынан кууган – анык кыйроого кабылат.

Чжуан-цзы

Кемелине келген адам билимге каныгып, күнүгө өзүнүн жүрүм-турумун тескөөгө алганга үйрөнсө, демек, анын акылы толук жетилгени. Ал адам өзүн табат, кемчилигин жоготот.

Сюн-цзы  

Табиятынан даанышмандык касиетке эгедер адам да даанышмандык сапаты бар маалимдин тарбия-таалимин ээрчигенге муктаж. Анан да ал дидаары тунук адамдарды эш тутуп, жакшыларды жандаганы ийги.

Сюн-цзы

Билимге жетүүдө – чын ыкласыңан даанышман устатты жандагандан өткөн ылдам жол жок.

Сюн-цзы

Тоонун туу чокусуна чыкмайын, асмандын чексиз бийиктигин түшүнбөйсүң. Капчыгайдын уч-кыйрына көз чаптырганда гана кара жер кабат-кабат калың экенин аңдайсың. Ата-бабанын осуятын билмейин, илим-билимдин жолу оор экенин баалабайсың.

Сюн-цзы

Иймеңдеген сөөлжандын курч тырмагы, курч тиши жок. Боюнда булчуң эт же бир сөөгү болсочу. Ошондо да ал жер үстүнөн азыгын таап жеп, жер астындагы сууну ичет. Себеби ал дайыма соймоңдогон кыймыл аракетте! Бөён болсо кыпчуурдай эки колдуу, сегиз буттуу. Сөөлжанга караганда бөёндүн жөлөп-таянчу буттары, колу бар үчүн тынчы жок. Ага караганда сөөлжан сабырдуу. Ошондуктан кайсы жандык болбосун – анын мүмкүнчүлүгү соймоңдоп жашаганында же көп аяктуу жаралып калганында эмес, кептин баары түпкүрдө катылган турмуш жөндөмүндө. Арийне, кимде ким өз жөндөмүн туура пайдаланса, чоң ийгиликке ошол жетет.

Сюн-цзы

Билимди өмүр бою алып, аны акыркы дем үзүлгөнгө чейин ула!

Сюн-цзы

Билимге тийди-качты мамиле жасаганга болбойт.

Сюн-цзы

Адамдын бош убактысы көп учурда, кедергиси кемийт.

Сюн-цзы

Иштин маңызына – билим аркылуу терең түшүнөсүң.

Сюн-цзы

Атам заманда да, азыркы заманда да билим албай туруп билерман, көрбөй туруп көсөм болуп чыккан эчким жок.

Ван Чун

Билим алууга баарынын мүмкүнчүлүгү жетет, бирок үстүртөн.

«Ле-цзы» трактатынан 

Ашыкча ой калчоодон, эркиң мокойт. Ашыкча билген сайын, оюң ошончо быт-чыт жаратат.

Ван Мин 

Укпасаң, көрбөсөң – тажырыйба асмандан түшүп келбейт. 

Чжан Цай

Кеменгер акылман гана өзү көрүп, угуп билим алган булактын көзүн кеңейтет.

Чжан Цай

Билим алуу – бул бир нерсенин маани-маңызына түшүнүү.

Чжу Си

Насыятты кабыл алууда – сен анын башатын аңдоого тийишсиң. Ал сенин гана чен-өлчөмүң менен эсептелбейт.

«Чан» санатынан

Кеменгер адам жалганды чындай оозанса, эл ал сөздү насыят кеп кылат, а кемчонтой адам насыятты оозанса, жалган сөзгө айланып тынат.

«Чан» санатынан

Билимди атак-даңкка, мансапка жетиш үчүн алган адам түркөй болуп чыгат. Ал адам билимдүү чөйрөдөн да өз ордун таппайт. Ырды атакка жетиш үчүн чүргөгөн адам жаштардын оозун ачырса ачырар, бирок ал ак-караны ажыраткан адамдан жылуу сөз да укпайт.

Сюй Сюэмо

Китепти ашкере көп окуган адамдын акылы бузулат. Андайдан кеп-кеңеш сурасаң, кемчонтойдой жооп берет.

Сюй Сюэмо

Конфуцийчилер менен буддистердин ортосундагы талаш-тартыштын себеби – конфуцийчилер буддисттердин китептерин окубайт, а буддисттер конфуцийчилердин китептерин окубайт. Анан тигиси да, мунусу да өздөрү түшүнбөгөн маселени саймедиреп жүрүшөт.

Чен Цзижу

Окуудагы башкы милдет – ойду туруктуу бекемдөө жана түз жолуңдан кайтпоо. Агер өзүңдү тарбиялоодо – оюңдан атак, сыйлык-наам кетпесе, анда эч муратка жетпейсиң. Агер башкаларга өзүңдү билимдүү көрсөтүш үчүн гана китеп окусаң, анда билим үчүн жан үрөбө.

Хун Цзычен

Жүрөгүңдөгү кытмыр ойлор тазаланган кезде гана байыркы доорду билиш үчүн китеп окуган оң. Антпесе андан байыркынын жакшы бир саамалыгын билип алып, аны өз кызыкчылыгың үчүн арам ишке ашырышың бышык. А накыл кеп окуп калсаң, анысын өз кемчилигиңди актай турган шылтоого айлантып аласың. Арийне кээ бир түркөйдүн колуна тийип калган китептин пайдасынан зыяны көп болуп калышы ыктымал.

Хун Цзычен

Билимге ыкыласың менен берилүү маанилүү, бирок кээде жаныңды жай алдырып эс алганды да билишиң керек. Болбосо айланаңдагылар сени жашоонун кубанычы менен жыргалынан кечкендей көрүшөт: аларга сенин жашооң соолуган күздөй туюлбасын.

Хун Цзычен

Кайгы менен кубаныч бири-бирине сүйөнүп жүрөт. Экөө бири-биринен калбай сүйөнүп жүргөнү – бакыт. Болгондо да чыныгы бакыт. Күмөнсүү менен ишеним бири-бирин түзөйт. Экөө бири-бирин эриш-аркак түзөгөн кезде – билим түптөлөт. Чыныгы билимдин өзү ошол.

Хун Цзычен

Кеңпейилдик кругозордун кеңдигине байланыштуу, а кругозорду билим өстүрөт. Ошондуктан пейилин кеңейтчү адам кругозорун кеңейтүүгө тийиш. А кругозорду кеңейтиш үчүн билимиңди тереңдет.

Хун Цзычен

Билимге умтулган жаштар кылдаттык менен тандалышы керек. Топтолгон чөйрө бири-биринин тектүү-нарктуулугун билгени жакшы. Себеби арасынан чыккан бир бузуку – чырмоок чөптөн бетер башкаларга залал. Арийне, бөпөлөп багылган өсүмдүктөргө чырмоок жабышты дегиче – өсүмдүктүн мыкты үрөнүнө да доо кетет.

Хун Цзычен

Кудуктан суу тартып чыгарган көтөрмө да сүрүлгөндөн жыртылат. Тамчы суудан таш тешилет. Агын суу өз жолун өзү табат. Бышкан жемиш өзү түшөт. Акыйкатты тааный турган адам өжөрлүктөн тайбаса, чындыкты да өзүнүн табигый жолу менен таап алууга болот.

Хун Цзычен

ДААНЫШМАНДЫК

Кереметтин баары ырайымдуулук ыроологон жерде. Эгер ырайымдуулуктан алыс эмес жерде жашасаң, сөзсүз даанышмандыктын шарапаты жугат.

Конфуций

Биз дайыма өз көзүбүзгө ишенебиз, арийне ага ишенген болбойт; биз өз жүрөгүбүзгө ынайбыз, бирок ага да ынаган болбойт. Эсиңерде болсун, шакирттерим: аныгында адамды толук билүү кыйын.

Конфуций

 

Мурда адамдардын айтканын угуп, кылганына ишенчүмүн. А азыр адамдардын айткандарына кулак түрүп, кылган иштерине карачу бодум.

Конфуций

 

Билген жан күмөнсүбөйт, адамгерчиликтүү жан тынчсызданбайт, чечкиндүү адам суужүрөк болбойт. 

Конфуций

Цзылу сураптыр: «Эгерде аскердик кошуунду башкарып калсаңыз, жаныңыздагы ишенимдүү адам кандай болууга тийиш?»

Устат айтыптыр: «Колунда эч нерсе жок туруп жолборско кол салган же агын сууга себепсиз секирип чөгүп өлгөн адамды жаныма алмак эмесмин. Мен алсам сөзсүз бир нерсе кылаарда жети өлчөп бир кескен адамды алмакмын, баардык ишке кылдат карагандар гана ийгиликке жетет».

Конфуций

Даанышмандыкка жетүүдө сызыктын ортосу бар; ага жетпей калуу деле ортодогу сызыктан ашып кеткендей кеп.

Конфуций

Жолду адам кеңейтет, Жол адамды кеңейтпейт.

Конфуций

Жакшыга жанашкандардын көбүндө үч кемчилик болот: сөз талашып сүйлөшкүлөрү келет, – бул жеткен алаңгазарлык. Керектүү эмес, керексиз учурда сөзгө кыпчыла калышат, – а бул көңдөйлүк; жакшынын өңүндөгү өзгөрүүнү байкабагандык, – көөдөндүн көр болгондогусу.

Конфуций

Устат шакирттерине айтыптыр: «Йе-е, жолуң болгурлар! Силерден мени бирдеңке жашырат дейсиңерби? Жок, силерден жашырар нерсем болсо буюрбасын. Мен тек гана силердин кулагыңарга кирер кепти гана айтам».

Конфуций

Адамдар байлык менен атакты самайт; агер экөөнө тең адал тер менен жетпесең, артынан түшпө. Адамдар кедейлик менен аты чыкпай калгандан чочулайт; агер чочуласаң, анысынан да, мунусунан да не коркосуң, анда абийирден ажырап отурбай, экөөнө тең моюн сунуп бергениң ийги.

Конфуций

Кедейдин кээри тез эле сыртына чыкса, капчыктуунун каары камаарабай катылып жатат.

Конфуций

Ким сага ийиндешип билим алса, ал адамды дайым эле ишенимдүү сапарлаш дегенге болбойт; ким менен сапарга чыгууга ишенсең, ал адамды дайым эле туруктуу дешке болбойт; ким сага туруктуу көрүнсө, ал адам менен дайым эле шартка жараша кеңешип-кесип иш кылууга болбойт.

Конфуций

Тирүүлүктө эч нерседен үмүт үзбө.

Конфуций

Кимбир-бирөөнү баары жек көрө баштаса, чын-төгүнүн аныкта. Баары кимдир-бирөөнү жакшы көрүп баштаса, анын да чын-төгүнүн бышыкта.

Конфуций

Устат айткан: «Менин ишим майнапсыз көрүнүшү мүмкүн. Мен өз кемчилигин билип туруп, бирок ошол кемчилигин өзүнүн алдында моюнга алган бир да адамды кезиктиргеним жок».

Конфуций

Калдайган караңгыны жашыргың келсе, кенедей шам жак. 

Конфуций

Акылман өз кемчилигинен уялат, бирок ошол кемчиликти түзөгөндөн уялбайт.

Конфуций

Тез жетээр ийгиликке ишенбе, аз үлүшкө азгырылба. Шашкылык – муратыңа жеткирбейт, азга азгырылган, көп үлүштөн кур калат.

Конфуций

Асман менен Жер эки башка, бирок экөөнүн иши дайыма бирге.

Конфуций

Табият берген шык-жөндөм жагынан адамдар бири-бирине жакын, а үйрөнгөн адаттары боюнча бири-биринен алыс.

Конфуций

Чыныгы адамдык касиетке тунган адам гана сүйө билет, жек көрө да билет.

Конфуций

Төрөлгөндөн эле тубаса жаралган даанышман даанышман эмес, байыркыны бапестеп-барктап издеген адам чыныгы даанышман.

Конфуций

Алыскы кыйынчылыкка камаарабаган адамды бир заматта жакынкы кыйынчылык тооруйт.

Конфуций

Байыркы адамдар көп сүйлөгөндөн качкан, анткени көп айтылган сөз кимдин чийки экенин көрсөтөөр шермендечилик деп санашкан.

Конфуций

Сөз баркын түшүнгөн адам менен сүйлөшпөй коюу, – демек, адамдан кол жуугандык. Сөз баркын баалабаган адам менен сүйлөшүү, – демек, сөздүн кунун баалабастык. Акылман адам гана экөөнөн тең кол жуубайт.

Конфуций

Тагдыр эмне экенин аңдабаган жан, жакшы адам болалбайт. Өз милдетин аңдабаган, турмушунан таянчык таппайт. Чыныгы сөз төркүнүнө жетик түшүнбөгөн жан, адамдын аласын ажыратпайт.

Конфуций

Устатым айтчу эди: «Ишенчиликсиз адам менен кантип ишти илгерилетүүгө мүмкүн? Агер эшегиң ноктосуз болсо, аны менен кантип жолуң арбыйт?»

Конфуций

Сүйүүсүз адам кедейчилик турмушту көпкө көтөралбайт, андай жандын кубанычы да дайыма көпкө созулбайт. Адамдарды сүйгөн адамдын жаны сүйүүдөн азыктанат. А даанышмандын дайымкы жан азыгы – сүйүү.

Конфуций

Акылман адамга туш келсең, аны менен кантип камыр-жумур болуш жөнүндө ойлон. Акылмандык касиеттен куру жалак адамга туш келсең, өзүңдүн ишиңди өзүң өлчө.

Конфуций

Кептин баары – дайра менен арыктын суусу тоолордон жапыз болгон үчүн канчалаган чокулардын суусу дайра менен арыкка кошулат. Дайра менен арык ошонүчүн тоодон ылдый сел болуп каптаган суунун баарын боюна батырууга кудуреттүү. Даанышман да дайра менен арык сыяктуу: элден бийик болуш үчүн элден жапыз болууга аракеттенет. Ошондуктан элдин эркечи болуш үчүн алдыга жүткүнбөй, дайыма элдин артында жүрөт. Өзүнүн орду элден бийик экенин билсе да, мейли, эл анын төбөсүнө чыгып алсын, барыбир ал айкөл да, көтөрүмдүү. Өзүнүн орду элдин астында экенин билсе да, ал эч качан элдин артында калганын акыйкатсыздык деп эсептебейт.  

Лао-цзы

Акылман чектен чыккан бардык жорук-жосундан четтей алат.

Лао-цзы

Элди ээрчитиш үчүн өзүң элден чыкпа.

Лао-цзы

Өз табиятына таянган көп жашайт. А көзү өтсө да өзү унутулбаган – түбөлүк жашайт.

Лао-цзы

Акылдуу адамдын көлөкөсү көлөкөдө турса деле жарык. Ал өзү жөнүндө мактанбагандыктан кадыры бийик. Өзүн даңктабагандыктан – даңкы даңк, өзүн көкөлөтпөгөндүктөн көпчүлүктүн арасында улуудай урматтуу.

Лао-цзы

Акылманды илимдүү, илимдүүнү акылман дегенге болбойт.

Лао-цзы

Акылман чектен чыккан бардык жорук-жосундан четтей алат.

Лао-цзы

Башкаларды жеңгендей эле өзүңдү өзүң жеңсең, анык эрсиң.

Лао-цзы

Баардык илим-билимдин жолун өздөштүргөн адамдын жаны эчбир дартка кабылбайт.

Лао-цзы

Даанышман акыркы чечимге эч качан барбайт.

Лао-цзы

Асман менен Жер түбөлүктүү, анткени өздөрү үчүн жаралган эмес. Акылман баарысы менен эпке келише алат, ал ошонүчүн баарынан бийик. Ал өз жашоосуна камсанабагандыктан узакка жашайт. Кептин баары – акылмандын өзүмчүл болбогонунда. Асман, Жер, Даанышмандын телегейи тегиз болгону ушунда.

Лао-цзы

Көп сүйлөгөндүн тили көп мүдүрүлөт.

Лао-цзы

Дүйнөдө суудай назик, суудай жумшак эчнерсе болбогону менен суу бирок эң катуу заттын да ташталканын чыгарууга кудуреттүү.

Лао-цзы

Кимдин ким экенин ажыраткан – эстүү, өзүнүн ким экенин билген – кыраакы.

Лао-цзы

Калптын казаны кайнаган жерде чындык чыркырайт, чындык чыркыраган жерде калптын казаны кайнайт.

Лао-цзы

Ары-бери келише калган макулдук ишенимсиз.

Лао-цзы

Жөө жүргөн суукту жеңет, тыным алган ысыкты жеңет.

Лао-цзы

Сабырдуулук ааламды тартипке келтирет.

Лао-цзы

Кумурага куюлган суу толгон соң, төгүлөт. Бычакты бүлөгөн сайын мизи жалаңдайт. Үйүңдү алтын менен асыл ташка толтурган менен байлыгыңды коргоого чама-чаркың чак келбейт. Арийне, ашкере байлык менен атактын чатагы барын унутпа да, баарынын чеги жеткен жерден токтотконду бил.

Лао-цзы

Атак менен шермендечилик экөө бирдей коркунучтуу: чоңунун азабы чоңдой, кичинесиники кичинедей. Атактын өзү азап менен келет, бирок андан айрылыш кооптуу. Өз баркыңды өзүң көкөлөткөндөн качсаң эле балээден кутуласың. Зоболосу зоодой адам көөдөнүн көтөрө чалгандан алыс болгон кезде көпчүлүккө сиңишет. Эл менен элдей жашаган мыктылар гана элдик боло алат.

Лао-цзы

Кылган мээнет кыйрайт, жыйган дүйнөң чачылат. Акылга кеменгер адам гана бул экөөнүн кайгысын тартпайт. А мээнет жумшап, ийгиликке жеткенче шашкан желколтук адамдын уйкусу бузулат. Ишин баштаганын да, аяктаганын да жар салбай: тымызын мээнеттенген адамдын уйкусу дайыма тынч.

Лао-цзы

Дөңгөлөктүн ортосунда чабак болбосо, ал дөңгөлөк болобу? Чоподон кумура жасаларда – ортосунда көңдөй боштук калбаса, аны колдонуп не керек? Үйдүн дубалын тургузуп, ага терезе, каалга тагылган менен алардын аралыгында боштук калбаса, кайда жашамаксың? Андыктан жашоодо аралык менен боштуктун маанисин унутпа.

Лао-цзы

Өзүңдү аңдасаң – башкаларды тааныйсың. Өз үйбүлөңдү аңдасаң – кошуналарыңды тааныйсың. Өз айлыңды аңдасаң – заманыңды тааныйсың. Өз өлкөңдүн падышасын аңдасаң, бүтүндөй доорду тааныйсың.

Лао-цзы

Тик жарыктан көз жалтанат. Катуу үндөн кулак начарлайт. Ачуу тамактан саламаттык бузулат. Мергенчилик менен ат оюндары жүрөгүңдү козгойт. Кымбат буюм ач көздүккө азгырат. Акылман гана ар нерсенин чегин билет.

Лао-цзы

Аңкоого жеңил жүк артсаң, кечинде суй жыгылат; колу байлыкка жетсе, көзүн май басат. Даанышманга оор жүк көтөртсөң, керээлдин кечке чарчабай жол арбытат; а байлыкка жетсе, кутуруп кетпейт.

Лао-цзы

Жаныңды күйгүлтүккө салба. Ачып-кычыганды жебе. Кичик болсоң, улуксуң. Чоң таш майда кумдан жаралат. Кичинекей булактар кошулуп, кара дайрага айланат. Жамандыкка жакшылык менен жооп кыл. Кичине мүдөөдөн баштасаң, улуу мүдөөгө жетесиң. Чоң жетишкендиктердин башаты майдадан башталат. Акылмандар гана майдага маани берген үчүн улуу жаратмандыкка жөндөмдүү.

Лао-цзы

Акылманга эмне үчүн баары жеңил? Себеби ал кенедей нерсенин баарына чоң маани берет.

Лао-цзы

Эсепчи так сан, жуп сандан адашпайт. Билген адам бекиткен каалганы кулпусуз болсо да ачалбайсың. Эптүү адам байлаган таңгылчактын түйүнү оңой менен чечилбейт.

Лао-цзы

Акылман качан болбосун башына күн түшкөн адамдарга таяныч болуп жүрөт.  

Лао-цзы

Даанышман өз акылы менен гана чектелбейт, акылды жалпы элден жыйнайт. Жакшылыкка да, жамандыкка да жакшылык менен жооп кайтарат. Адилеттүүлүк менен адепсиздикке бирдей мамиле жасайт. Жакшылык менен адилеттүүлүккө ал өзүн өзү ошентип тарбиялайт. Даанышман өз жандүйнөсүн тымызын жүрүп элдин оюнан топтоштурат.

Лао-цзы  

Акылмандын көзү да, көкүрөгү да көрөгөч. Ал өзүнүкүн гана чындык дебестен, жалпы чындыкты тааныйт. Атактын артынан түшпөйт, атак ага өзү келет. Бийликке умтулбайт, бирок ага бийликсиз эле баары баш ийет. Жеңишке ал эч бир каршылык көрсөтпөстөн жетет.

Лао-цзы

Даанышман күч үрөгөн убарачылык тартпаган үчүн эч нерсе уттурбайт. Ашыкча дүйнөсү болбогон үчүн жок издебейт. Азгырыкка алдырбайт, кол жеткис нерсени көкөлөтүп баалабайт. Анан да ал билимсиз адамдардан билим алып, тапталган жолду гана тандайт. Табият жолунан тайыган нерсеге да илээшпейт, анткени ал опурталдуу.

Лао-цзы  

Чыгаша кирешенин башаты, киреше чыгашанын башаты.

Лао-цзы

Даанышмандын айтканын түшүнүү жеңил, аткаруу оңой, бирок адамдар аны түшүнбөйт, аткарбайт. Сөз – иштин башаты, а иш – эң негизгиси. Адамдар ушуну түшүнмөйүн, даанышманды түшүнбөйт. Даанышманды түшүнгөндөр аз, а чынында ал кенч. Ал самтырап кийинип жүргөнү менен анын көөдөнү толо асыл таштай мурас жатат.

Лао-цзы

Эгер акылмандын бирин экинчисинен ашыра мактасаң, эл ичинде талаш-тартыштар жаралат. Эгер кайсы бир сейрек буюмдун баасын ашкере көкөлөтсөң, эл ичинде уурулар пайда болот. Эгер көздү күйгүзөр бир саамалыкты көрсөтсөң, эл ичиндеги көралбастар тынч жатпайт.

Лао-цзы

 

Бут учуна көпкө туралбайсың. Арышты кергенден алыска жетпейсиң. Жылдызмын дегенден жылдызың жанбайт. Өзүңдү даңктап, даңкка жетпейсиң. Тап берсең эле жеңишке жетем дебе.

Лао-цзы

Ишенимдүү сөз көркөмдөлбөйт. Кооз айтылган сөзгө ишеним арткан болбойт. Жакшы адам сөзгө чоркок келет. Тил безенген киши опурталдуу. Бу жашоодо билимдүүлөр билимин далилдегиси келбейт, билимдүүлүгүн билимсиздер далилдегилери келет.  

Лао-цзы

Өз оюңа кунт коё бил, себеби ал – иш-аракетиңе болгон биринчи кадам.

Лао-цзы

Куникти көрбөсөк, сулуулуктун сулуулугун ажыратпайбыз. Жамандык баштан өтмөйүн, жакшылык не экенин билбейбиз. Жокчулук менен барчылык, ак менен кара бири-бирин жаратат. Бирде төө минип, бирде жөө жүргөн соң, өйдө-ылдыйды ажыратабыз. Кайрыкка кайрык уланып, күү жаралат. Өлүм, өмүр кезеги алмашат. Даанышман ушуну аңдаган үчүн жан үрөп далбастабастан гана үнсүз таалим-тарбия берип, жаратмандык иште өзүнүн катыштыгы бары-жогун билгизбейт. Ал эч качан жеке кызыкчылыкты көздөбөйт. Эзели бир ишти баштап же аяктаса да көкүрөк муштап мактанбайт.

Лао-цзы

Кептин баары – дайра менен арыктын суусу тоолордон жапыз болгон үчүн канчалаган чокулардын суусу дайра менен арыкка кошулат. Дайра менен арык ошонүчүн тоодон ылдый сел болуп каптаган суунун баарын боюна батырууга кудуреттүү. Даанышман да дайра менен арык сыяктуу: элден бийик болуш үчүн элден жапыз болууга аракеттенет. Ошондуктан элдин эркечи болуш үчүн алдыга жүткүнбөй, дайыма элдин артында жүрөт. Өзүнүн орду элден бийик экенин билсе да эл анын мейли, төбөсүнө чыгып алсын, барыбир ал айкөл да, көтөрүмдүү. Өзүнүн орду элдин астында экенин билсе да, ал эч качан элдин артында калганын акыйкатсыздык деп эсептебейт.

Лао-цзы

Жакшы жаа оңой керилбейт, бирок анын жебеси бийик учуп, терең сайылат. Жакшы тулпарга араба чегиш кыйын, бирок ал оор жүгүңдү алыскы жолго жеткирет. Арийне кашкөй талант да таамай баасын алышы кыйын, аны эң мурда даанышман таанып, таланттын кадырын падышага чейин жеткирет.  

Мо-цзы

Тоо ылдый шарылдаган агын суулардын чоңу да, кичинеси да бирине-бири жийиркенбей кошулган үчүн улуу дайра, улуу өзөнгө айланат.

Мо-цзы

Азиз адамга «акак таш» же «таш көмүр» дегенди айттырсаң айтат, бирок бул экөөнүн түсү кандай экенин сурасаң айырмасын ажыра албайт. Анткени ал акак таш ак, таш көмүр кара болорун өмүрүндө көргөн эмес.

Мо-цзы

Эптеп кайырмакка түшүрүш үчүн ордунан былк этпеген адам балыктарга зыяны жок көрүнгөндөй эле, чычканды колго түшүрүү үчүн ууланган быштак коркунучтуу экени билинбейт.

Мо-цзы

Оозуңан чыккан сөзгө жооп берчү күн бар. Колуң менен кылганды мойнуң менен тартып калуу – турган иш. Андыктан сен кимге таттуу жемиш берсең, ал да сага жемиштин андан да ширин даамдуусун кайтарат.

Мо-цзы

Акылсыздар сый-урматка бөлөнүп, жакшылар жазага тартылчу адилетсиздик орногон жерде – даанышмандын гана эмес, боору таш адамдын да жаалы кайнайт.

Мо-цзы

Эрки бош адам акылмандык чекке жетпейт.

Мо-цзы  

Алма быш, оозума түш дегенден ырыскы таппайсың, ырыскынын баары өз колуң менен жаралат.

Мо-цзы

Кыйынчылык менен жокчулукту жеңе билген адам көздөгөн мүдөөсүнө жетээр жөндөмгө ээ болуп чыгат.

Мо-цзы

Өрнөктүү адамдын мээнети суу менен абага сиңип кетпейт, элге сиңет.

Мо-цзы

Сөз айтардан мурда ошол айтканыңа жооп бергендей, а иш кыларда артыңа кылчактабагандай бол.

Мо-цзы

Эгер жарык дүйнөдөгү болгон жумуртканы жыйып келип жалгыз таштын ташталканын чыгарам десең да ага эчбир жумуртка түтпөйт. Акылмандын нуска кебин жокко чыгарам дегендин өзү да дал ошондой кеп.

Мо-цзы

Ишти ордунан жылдырыш үчүн акылман башкаларды күтүп отурбайт, ишти өзү баштайт.

Мо-цзы

Акылман көп үндөбөгөнүнүн себеби – тил учунан өрт тутанып кетерин билет.

Чжуан-цзы

Пайдалуу нерсенин пайдасын баары билет, а пайдасыз нерсенин пайдалуулугун билгиси жан жок.

Чжуан-цзы

Өмүр бою какылдап-какшаган миң ооз кебиң желге сиңет, а өмүр бою ооз ачпай жүрүп айткандагы бир ооз кебиң элге сиңет.

Чжуан-цзы

Көзү көр адамга сулуунун өң-келбетин, жашыл түстүү үлбүрөгөн жибек көйнөгүн мактап, музоо кирпигинен тартып, келишимдүү ажарына чейин сүрөттөп бергениңден эчбир майнап чыкпай.

Чжуан-цзы

Адамдын баардык жөндөмүн туураса болот, асмандын кудуретин тууроо мүмкүн эмес.

Чжуан-цзы  

Эл, бийлик, мамлекет

Эл – бул талаадагы чөп, а падыша – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат.

Конфуций 

Элди сүйүп, эл башкаргысы келген адамдын дайыма колу-жолу бош болсун.

Лао-цзы

Өзүн өзү олуя санаган өлкө башчысы капталдан кеп-кеңеш айтаар акылдуу бирөө пайда болушун каалабайт. Ал курчоосунда дайыма жымжырт болуп турганда гана өз жанын жай алып жүрөт.

Лао-цзы

Даанышман падыша башкарган өлкөнүн элине падышанын бар-жогу билинбейт. Акылсыз падыша башкарган өлкөнүн эли падышага жуукур, кошоматчыга айланат. Акылы чолок падыша башкарган өлкөнүн эли падышасынан коркот. Эгерде өлкөнү дөөпүрөс падыша башкарса, эл аны жек көргөнгө чейин жетет.

Лао-цзы

Мамлекет салган салык элдин чама-чаркынан ашып кеткен күнү элдин карды ач болот.

Лао-цзы

Өз бийлигинин чегин билбеген төрөдөн өткөн шордуу жок.

Лао-цзы

Аруулукка жеткен адам жакшы иш жасап өзүн-өзү башкаларга көрсөткүсү келбейт, – анын наркы ошол. Аруулукка жетпеген адам жакшы иш жасоо менен башкаларга өзүн көрсөткүсү келет. Анын эсеби ошол. Аруулукка жеткендер ишти башкалардын көңүлүн буруу үчүн жасабайт. А аруулукка жетпегендер дайыма эл көзүнө көрүнөр иштин артынан убара. Элди сүйгөндөр ишти эл көзүнө көрүнүш үчүн жасабайт. Эл көңүлүн алгысы келгендер жанын сабап жүргөндөй көрүнгүлөрү келет. А элди сүйгөндөр кылар иши, салар кушу жок жүргөндөй көрүнөт.

Лао-цзы

Өз курагы чегине жеткенин билип, ишмердигин токтоткон адам осолдукка кабылбайт. Ал адам узак жашайт.

Лао-цзы

ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН ЖАМАНДЫК

Эч түзөлбөй турган жападан жалгыз кемчилик – бул мурда кетирилген кемчилик. 

Конфуций

Устатым агын сууну тиктеп айтты эди: «Күн менен түндүн баары так ушул аккан суу сыңары өтө берет».

Конфуций

Жакшы темирден мык жасалбаган сыңары, жакшылар да солдаттык кызматтан алыс.

Конфуций

Уялбастан берилген убада ишенимсиз болот.

Конфуций

Өзүнө катуу, бирок өзгөлөргө ырайымдуулардын колунан жамандык келбейт.

Конфуций

Кайратман адам кыйынчылыкта өзүн-өзү чыйрайт, кайратсыз бечара ыйлайт.

Конфуций

Жакшылар күнөөнү өзүнөн издейт, жамандар башкалардан издейт.

Конфуций

Ишти жети өлчөгөн аз жаңылат.

Конфуций

Чыныгы адеп-аклак эмне экени айкын болгон жерде баардык арампөштүктүн бетпардасы сыйрылат.

Конфуций

Нарктуу адам милдетти биринчи орунга коёт. Адегенде ал өз милдетин аткарат, андан соң пайданы көздөйт. Ошондуктан нарктуулардын артынан нааразы кептер айтылбайт.

Конфуций

Тектүү адам сөзүн да, ишин да ойкутуп-кайкытпайт.

Конфуций

Берээр убадаң ишке ашаар-ашпасын адегенде ойлон, арийне, аны аткаруу милдеттүү парз.

Конфуций

Адамгерчиликтен ажыраган пенде жашоосу дайыма бирде бар, бирде жоктун үстүндө, анын телегейи дайыма эле тегиз болуп да кетпейт. Ким адамгерчиликти ойлоп жашаса, бу жашоо ага ыракат, а даанышманга бу жашоо түгөнгүс кенч. 

Конфуций

Башкалар жарга такагандан кийин өз кемчилигиңди моюнга алуу – аңкоолук, жоро-жолдоштар алдында моюнга алуу – баёолук жана энөөлүк, а көпчүлүк алдында моюнга алуу – эрдик.

Конфуций

Чыныгы асылдуулуктун белгиси бешөө: жөнөкөйлүк, айкөлдүк, адилеттүүлүк, ынтызарлык жана кайрымдуулук.

Конфуций

Ушак тараткан адам – жакшылык жолунан адашат.

Конфуций

Көздөгөн максатым – чындык, ишенген жардамчым – айкөлдүк, солк эткис таянчым – адамгерчилик, кумарга батырган жыргалым – искусство.

Конфуций

Өз жакындарын баарынан бийик сүйгөндөр – Жаратканга эң ыйык кызмат кылат.

Конфуций

Мен алигиче адамгерчилик жагымдуу, көр пендечилик жийиркеничтүү деген жанды жолуктура элекмин. Ким адамгерчиликти бийик койсо, андан ашыш кыйын. Көр пендечилик жеткен пастык экенин ким туйса, ал адамгерчиликти бийикке коюп, пас болуудан оолактайт.

Конфуций

Жакшылар Жараткандын буйругуна тобо дейт, көр пенделер бекер оокаттан үмүттөнгөнүн койбойт.

Конфуций

Адамдын асылы баарын өзүнөн издесе, наадандар баарын башкалардан издейт.

Конфуций

Сөз бекем, аракет чечкиндүү болууга тийиш.

Конфуций

Адеп күтмөйүн ишенимге татыбайсың.

Конфуций

Бийик адеп-аклакка ээ болуу, демек, эркиндикке жүрөгүң менен жетүү. Дайыма кимдир бирөөгө кыжырланып, бир нерседен дайыма кооптонуп, бир нерсенин азгырыгынан чыкпаган адам жүрөгүндө эркиндик болбойт. Өз оюн жыйнай албаган бурадар же бир иш кылганда да жарытпайт. Ал дайыма көз алдындагыны көрбөйт, айтылган сөздү укпайт, атүгүл оозундагы даамды да ажыратпайт.

Конфуций

Эл сени билбегенине кабаатырланба, сен элди билбегениңе кабаатырлан. 

Конфуций

Чыныгы адамдык сапат бизден алыспы? Агер ага ээ болгуң келсе, жаныңда турат.

Конфуций

Жүрүм-турумуң түз болсо, эл сенин буйругуңду күтпөстөн эле баарын кыйшайуусуз аткарат. Агер өзүң түз жүрбөсөң, сени башкалар укпайт. Атүгүл буйругуңду аткарышпайт.

Конфуций

Жакшы адам жалгыз калбайт. Ага кошуна-колоңдор табыла берет.

Конфуций

Чыныгы мээримдүүлүк – өз жакындарыңды сүйө билүү.

Конфуций

Инсанат төмөндөгү нарк-насилдин бешөөсүн дайыма сактайт: бирөөлөргө көшөкөрлөнбөй сый-урмат кылганды билет, башкаларды кеңпейилдиги менен өзүнө имере алат, адилеттик менен адамдардын ишенимин жаратат, ийгиликке жетээр жолду көрсөтөр табышкер келет жана ал адамдарды өкүм-зордуксуз башкарган касиетке ээ.

Конфуций

Эгер эң оор кыйынчылыкты жеңип ийгиликке жетсең, адамдык затка ээ экениң ошол.

Конфуций

Кара кылды как жарган калыстык – эң жакшы сапаттын туу чокусу. Бирок ал тээ качан эле адамдар ортосунда чанда кезигээр касиетке айланган.

Конфуций

Жетекчилик милдетти аткарып калсаң, эс алмайды унут. А жетекчиңдин тапшырмасын аткарууда – чынчыл бол.

Конфуций

Чыныгы эркек кара жанды карч урган өз мээнети менен баарына жетет.

Конфуций

Жаман адаттан эртең качкандан гөрө бүгүн качкан оң.

Конфуций

Чоочун бирөөнүн төрүндө отурсаң да, өз төрүңдө сыйлуу мейман тоскондогудай кааданы сакта. Бөлөктүн төрүндө сыйга бөлөнүп отурсаң да, салтанаттуу жөрөлгөнү өз үйүңдө өткөрүп жаткандагыдай карман.

Конфуций

Өзүңө каалабаган нерсени өзгөлөргө кылба. Ошондо мамлекетте да, үйбүлөңдө да нааразычылыктар болбойт.

Конфуций

Аялзаттын ажарына кандай суктанса, адамзаттын асылына дал ошондой суктанган жанды көрө элекмин.

Конфуций

Даанышман камаарабас, инсанат түйшүктү тоотпос, чечкиндүү жан тобокелден коркпос.

Конфуций

Мыкты эркек өзүнө таяныч табыш үчүн башкаларга таянчык издейт. Башкаларды ийгиликке жеткирүү менен өзү да ийгиликке жетет. Чыныгы эркекке таянычты таба билүүнүн белгиси ушул.

Конфуций

Адамгерчиликке умтулсаң, баардык балээ өзүнөн өзү алыстайт.

Конфуций

Бийик адамдардын көңүлү куунак жашайт, пас адамдар бейпайда куурап жашайт.

Конфуций

Өзүңдү өзүң жеңип, көздөгөн муратыңа жетүү – чыныгы адамдык затыңды актаганың. Адамзат деген атыңа татыктуу болуу же болбоо – бир гана өзүбүздөн көзкаранды.

Конфуций

Жакшы адам башкалар менен маакулдукка көнүп жашайт, бирок башкаларды ээрчибейт. Жаман адам башкаларды ээрчийт, бирок башкалар менен маакулдукка көнүп жашабайт.

Конфуций

Кимдин жүрүм-туруму тарбияга баш ийбесе, анда ал жапайы. Тарбия кимдин жүрүм-турумун түзөй албаса, анда ал тирүү жанга кирбейт. Жүрүм-туруму менен тарбияны тең салмактаган пенде гана адам атына татыктуу.

Конфуций

Катыган нан жеп, булак суусунан жутуп, эки чыканагыңа жазданып уктаганыңдын өзү – жер үстүндөгү кубаныч. А жеңил жол менен келген байлык жана атак – көктөгү бүгүн бар, эртең жок булутка окшош. 

Конфуций

Өзүңө катуу, өзгөлөргө жумшак бол. Сени ошондо гана жагымсыз пендечилик курчабайт.

Конфуций

Жакшы адам жакшы жолду басып өткүсү келет, аны ачкачылык да анча ойлондурбайт. Ал кесээрип ачка болсо да, талаада баш көтөрбөй иштеши мүмкүн. Ал мүмкүн билимге баш-оту менен кирип, даража-наамга көмүлөр, бирок дайыма адилеттүү жолдон адашуудан чочулайт, андай жанды кедейчилик турмуш дагы кооптондурбайт.

Конфуций

Ар-намыстуу адам башкалар таптаган жолго түшпөйт.

Конфуций

Жакшы адам курсагы чендейгенче тоюнбайт, байлыкка көмүлбөйт. Ал ишке ыкчам, сөзгө сараң келет. Изги адамдар менен сүйлөшө келгенде өз кемчиликтерин өзү түзөп жүрөт. Дээринен билимге жөндөмдүү деген адамдык сапат ушул.

Конфуций

Маселе – жаанын огу бутага тийгенинде эмес, маселе – ар кимдин күчү ар башка экенинде.

Конфуций

Айкөл жан эч кимден жалганчылыкты күтпөйт, агер аны бирөө-жарым алдаса, жалганчы ким экенин ал дароо баамдайт.

Конфуций

Бийик даражага жетпегениңе камсанаба, арийне ошол бийик даражага татыктуу же татыксыз экениңди ойлон. Сени эч ким билбегенине камсанаба, арийне сени башкалар билүүгө татыктуусуңбу, жокпу – кеп ошондо.

Конфуций

Салабаттуу адам менен баарлашууда аны менен салабаттуу деңгээлде сүйлөшүүнү ойлон. А жөн гана көрпенде бирөө менен баарлашууда өзүңдү өзүң талдаган сынчы бол.

Конфуций

Канкорлор менен күчтүүлөр өз ажалынан өлбөйт.  

Лао-цзы

Согуштун арты мүмкүн баарын өз ордуна коёр, бирок акыры бир күн кек жаратат.

Лао-цзы

Ишти жетээр чегине жеткирген адамдын колунан келбей турган эч нерсе жок.

Лао-цзы

Дао – чексиз; асман менен жер чексиз; алардан соң падыша бийлиги чексиз. Ааламда ушул төртөөнөн ашкан чексиздик жок.

Лао-цзы

Орусчадан оодарган О`Шакир

[1] Байыркы Кытайда мамлекеттик аткаминерлердин мойнуна туулган жеринен алыс дубандарга кызмат кылуу милдети жүктөлгөн (мамлекеттик милдеттерден мурда тууганчылык милдеттерге чырмалбаш үчүн), ошондуктан, кызматтарын өтөп бүткөндөн кийин гана туулган жерге кайтуу жөрөлгөсү аткарылган. – В.С.Синольников.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз