Кулагыңызга күмүш сырга: Аффирмация

  • 09.03.2024
  • 6937

Аффирмация (латын тилиндеги affirmatio – “бекемдөө”, “ырастоо” сөзүнөн) – сиз өзүӊүз түзүп алган бекемдөөчү айтым. Ал айтымды бир нече жолу кайталагандан кийин талап кылынган образ адамдын көмүскө туюмунда сакталып, жашоосунун оӊ жакка өзгөрүшүнө түрткү болот. Аффирмация – адамды дени таза, ийгиликтүү, эркин сезишине багытталган аутотренинг. Аффирмация түшүнүгү психологияда өзүн өзү өстүрүү жана позитивдүү психологияда колдонулат.

Акыркы жылдардагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, сөз аркылуу чакырылган экинчи сигналдык система импульстар баш мээнин чоӊ жарым шарынан организмдин ички катмарына келип түшүп, ткандардын иштөөсүн өзгөртөт.

Өз кебиӊизди көӊүл буруп угуӊуз. Кандай сөздөрдү көп айтасыз, өзүӊүздү кандай атайсыз, өз жашооӊуз тууралуу кандай пикир айтасыз? “Менин жашоом – тозок!”, “Мен келесоомун!”, “Жасап жаткан нерсемдин бардыгы бекер!” деген программалар адамдын көмүскө туюмунда жазылып, ийгиликсиз кадам таштоосуна жол ачат. Биздин көмүскө туюмубуз айтылган нерсени кандай болсо ошол таризде кабыл алат. Андан көрө ага ийгилик формуласын салган жакшы эмеспи?

Аффирмациянын өзөгү мындай болууга тийиш: “Күн сайын бардыгы жакшы”. Башка мисал келтирсе да болот:

  • Мен жашоодогу эӊ жакшы нерселерге татыктуумун;
  • Мен өзүмө ишенген адаммын;
  • Менин жашоом тынч жана коопсуз;
  • Мени айланамдагылар урматтайт.

Ошондой эле ийгиликке, өнүгүүгө, сүйүүгө, каражатка жана башка тармакка ылайыктап, төмөнкүдөй бир катар эрежелерди колдонуу менен өз аффирмацияӊызды түзсөӊүз болот:

1. Аффирмация өтө узун болбоого тийиш. Сизге жаккан түшүнүктүү сөздөрдөн түзүлгөн бир же эки сүйлөм, мисалы, “мен таланттуумун” же “менин кирешем өсүп жатат”. Кыска, оӊ маанидеги ырастоочу сөздөр сиздин көмүскө туюмуӊузга тез сиӊип, күчкө эгедер болот;

2. Аффирмация сиз арылгыӊыз келип жаткан терс программага мааниси боюнча толугу менен карама-каршы болууга тийиш;

3. Аффирмация келер чакта эмес учур чакта түзүлүшү керек. Мисалы, “мен жакында ийгиликтүү болом” дегендин ордуна “мен ийгиликтүүмүн” деп айтуу зарыл. “Керек”, “каалайм”, “кылгым келет” деген сөздөрдөн оолак болуӊуз;

4. Биринчи жактагы “мен”, “мага”, “мени” ат атоочторун колдонуп, жакшы маанайдагы ырастоолорду түзүӊүз. “Бул дүйнө эӊ сонун, адамдар эмнени кааласа, баарын берет” деген сыяктуу жалпы түзүлгөн болсо, сиздин көйгөйүӊүздү чечүүгө алып келиши кыйын. Аффирмацияны өзүӊүз үчүн гана кайталаӊыз, башка адамдардын жашоосуна аралашпаӊыз жана бул терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал;

5. Ырастоочу сөздөр жокко чыгаруучу түшүнүктөрдү камтыбоого тийиш, анткени сиз каалабаган нерсени эмес, сиз каалаган нерсеӊиз тууралуу айтып жатасыз. Психологдор биздин көмүскө туюмубуз жокко чыгарууну кабыл албайт. Мисалы, адам “мен оорубайм” деген сүйлөмдү айтканда “мен ооруйм”деп оӊ кабылданып калат;

6. Аффирмацияны кайталаганда жан дүйнөӊүздө жакшы сезим пайда кылып, сизге жагымдуу болууга тийиш. Ойлонулбаган, түшүнүксүз же жагымсыз сөздөрдү кайталоо эч кандай таасир бербейт;

7. Аффирмация сизге пайда алып келсин десеӊиз, маанайыӊыз жакшы кезде иштеӊиз. Оӊ эмоциялар менен коштолсо, кандай иш болбосун ийгиликке алып келет.

Өзүӊүздүн терс программаларыӊыздын үстүндө иштеген учурда ушул сунуштамаларды пайдалансаӊыз жакында алардын изи дага калбайт.

Аффирмацияны ичиӊизден айтсаӊыз, үн чыгарып окусаӊыз болот, плеерге жаздырып, кайра угуп, кайра жаздырып, ал турсун ырдасаӊыз да куп жарашат. Күн сайын он мүнөт иштесеӊиз, көп жылдар бою калыптанган терс стеоротиптерден акырындык менен арылууга мүмкүн.

Адегенде шектенүү бийлеп алышы мүмкүн, анткени айтылып жаткан нерсе чындыкка коошпошу ыктымал. Бирок туруктуу кайталанган айтымдар көмүскө туюмга ийгиликтин, ден соолуктун күүсүн механикалык түрдө салып коёт. Сиз аӊ-сезимдеги топтолгон терс программаларды – ички карама-каршылыкты сезишиӊиз мүмкүн.

Аӊ-сезимдин карама-каршылыгы аффирмация окуган сайын төмөндөйт, айтуунун үнүн азайтса болот, айтылган сөздөр менен ойлор кошулган учурда оӊ маанидеги ырастоолор ички үн менен айтылат. Мында жакшы ойлор баштын ичинен жайгашкандай сезим пайда болот.   

Эксперимент жасап көрөлү. Бөлмөӊүздөгү көк түстөгү нерселерди эстеп калууга аракет кылыӊыз. Эстедиӊизби? Эми көзүӊүздү жумуп, кызыл өӊдөгү буюмдарды атаӊыз. Аз эле сандагы буюмдарды аташыӊыз мүмкүн, анткени мээӊизге башка өӊдөгү нерселерди издөө тапшырылган жана башка өӊдөгү буюмдарга көӊүл бурган эмес. Ушул мисалда ачык көрүнгөндөй берилген тапшырмага туура келген нерсени издейбиз жана табабыз.

Биздин мээбизге түшкөн ар бир ой чыныгы болууга, ишке ашууга умтулат. Биздин аӊ-сезим ушундай программаланган, ошондуктан адам бир нерсеге жетишүүнү абдан кааласа, көӊүлү көктөп аракет жасаса, акырындык менен бул ишке ашат.

Которгон Эрмек ШОРУКОВ, РухЭш” сайтынын “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз