Михаил Михайлович Зощенко: Маданияттын жыргалдары

  • 22.04.2024
  • 139

Мен ар дайым борбордон чыккан демилгелерге  макул болом.

Согуштук коммунизмдин доорунда НЭП киргизилгенде да мен ага каршы чыккан эмесмин. НЭП болсо, НЭП болсун... өздөрү билишет да.

Баса, НЭП киргизилгенде жүрөгүм бир аз опкоолжуй түшкөн. Мен кандайдыр бир кескин өзгөрүүлөрдү алдын ала сезгем.

Чынында эле, Согуштук коммунизмдин тушунда маданият жана цивилизация тармагында эркиндик алда канча кенен болчу. Мисалы, театрда ээн-эркин жүрө алчусуз, жада калса чечинбесеңиз да болмок – кириңиз да отура бериңиз. Бул жетишкендик эле.

Ал эми маданият маселеси оор маселе. Башкасын айтпаганда да  ошол эле театрдагы чечинүү жөнүндө маселени алалычы.  Албетте, сөз жок, сырткы кийимсиз көрүүчүлөр жакшыраак көрүнөт – сулуураак жана жарашыктуу. Бирок буржуазиялык өлкөлөрдө жакшы иштеген нерселер,  биздин өлкөдө кээде тескери натыйжа берет.

Жолдош Локтев менен анын аялы Нюша Кошелкова жакында көчөдөн  жолугуп калышты. Мен жөн эле басып жүрдүм беле же тамагымды нымдап алганы чыктым беле – эсимде жок.

Алар жолугар замат мени көндүрө башташты.

«Тамак, — дешет алар, — Василий Митрофанович, сизден качпайт. Кекиртегиң дайыма өзүң менен, аны чайкаганга убактың табылат. Бүгүн театрга баралы. «Грека» - деген спектакль көрсөтүлөт.”

Бир сөз менен айтканда, мени  театрга барып, убакытты маданияттуу өткөрүүгө көндүрүштү.

Биз, албетте, театрга келдик. Албетте, отуз сомдон белет алдык. Биз тепкич менен көтөрүлө баштаганбыз. Күтүлбөгөн жерден алар кайра артка чакырышты. Чечингиле— дешет алар, — Пальтоңорду чечип бергиле.

Локтев, албетте, айымы экөө дароо пальтолорун чечип беришти. А мен ойлонуп турдум. Ошол күнү кечинде кара басып, пальтомду түнкү көйнөгүмдүн үстүнөн эле кийип чыккам. Костюмум жок болчу. Анан мен, бир туугандарым, чечинген эмнегедир ыңгайсыз экенин сездим. Менимче, азыр уят болушум мүмкүн. Эң негизгиси, көйнөгүмдү кир деп айтууга болбойт. Көйнөгүм өзгөчө деле кир эмес эле. Бирок, албетте, жакасында шинелдин чоң топчусу тагылган түнкү көйнөкчөн калуу бир топ эле ыңгайсыз. Менимче, фойеге мынчалык чоң топчу менен кирүү уят.

Мен өзүмдүн жолдошторума кайрылдым:

— Чынын айтсам, — дедим, — жолдоштор, мен кандай кыларымды билбей турам. Бүгүн кийинбей эле чыга калгам. Кантсе да одоно көйнөк, арчындама таркыч(подтяжка)... кыскасы, мага пальтону чечиш ыңгайсыз.

Жолдош Локтев мага карап:

 – Кана, көргөзчү – деди.

Пальтомдун топчуларын чечип боорумду ачтым.

– Ооба, –дейт ал, – чынында эле көрүнүшүң адам суктангыдай эмес...

Албетте, айым да көрдү, көрдү да кетүүгө камынды. – Мен, – дейт ал, – үйгө кете бергеним жакшы. Мен – жанымдагы мырзалардын көйнөкчөн жүргөнүн каалабайм. Сиз дейт – шымыңыздын сыртынан дамбал кийип алсаңыз болмок экен. Жетишет,– сиз бул кебетеңиз менен театрга кирбей эле коюңуз.

Мен ага жооп бердим:

 – Сен эмне келесоосуңбу, мен театрга барам деп ойлоптурмунбу. Балким мен костюмду кээ бир учурларда эле киермин, балким аны аяп жатканымды сен кайдан билесиң?

Эмне кылышты ойлоно баштадык. Локтев, иттин баласы, мындай деп калды:

– Эч нерсе эмес, мен – дейт ал – азыр сага желеткимди чечип берем. Сен кийип ал, мен анысыз да ысып чыктым. Мен костюмчан жүрө берем.

Ал костюмунун топчуларын чечип, курсак-белин сыйпалай баштады:

 – Ой, энеңди – мен желеткимди кийбептирмин да. Мейли, сага галстугумду берейин. Моюнуңа байла да, ысып жаткан кебетеленип көйнөкчөн жүрө бер.

Айым кайрадан чыр сала баштады:

 – Болду, – мен кетем. Ушундан көрө үйгө барып кир жууганым оң – дейт ал. Бир мырза жарым жылаңач жүрсө, экинчиси кыйраткансып костюмдун ордуна галстук байланып алса. Болбосо, — дейт ал, — Василий Митрофанович пальточон киргизгиле деп сурансын...

Жалдырадык, сурандык, проф кеңештин мүчөсү деген китепчебизди көргөздүк, – киргизбей коюшту.

Азыр, — дейт алар, — пальто менен олтургудай 19-жыл эмес.

–  Айла жок – дедим мен – болбой калды. - Бир туугандар, мен үйдү карай жыла берейин.

Бирок белетке төлөгөн отуз сом оюма түшкөндө буттарым сыртка карай шилтенбей калды.

Локтев, иттин баласы мындай деп калды:

–  Коё тур. Сен, –  дейт ал, –  арчындама тарткычыңды чеч да Нюшага бер, ал аны капчыктын ордуна көтөрүп алсын. Билмексен болуп жүрө бер: жайкы ысыкта көйнөкчөн жүргөндөй. Бир сөз менен айтканда, сен ысып жатасың.

Айым каршы чыкты:

–  Сен каалагандай, арчындама тарткычыңарды албайт экемин. Мен,  – дейт ал, – колума эркектердин буюмдарын көтөрүү үчүн театрга келген жокмун. Василий Митрофанович өзү чөнтөгүнө салып алсын.

Мен пальтомду чечип бердим. Селсаяктай болуп шүмүрөйө түштүм.

Бир топ эле суук эле. Тишим тишиме тийбей титиреп үшүгөнүмдү айтпа.  Тегерегимдеги эл кызыгып карап калышты.

Аял шаштыра баштады:

– Тезирээк, каракчы, арчындама таткычыңды чеч. Элге шылдың болмой болдук. О, алтыным, менин азыр үйгө кете бергеним жакшы.

А мен арчындаманы дароо чече албай кыйналдым. Катуу үшүгөндөн манжаларым кымтууга келбей солдоюп калыптыр, ушалап жылытып жатып араң чечтим.

Ошентип өзүбүздү тартипке келтирип, ордубузга барып олтурдук.

Биринчи бөлүк жакшы өттү. Бирок суук эле. Айла жок, гимнастика көнүгүүлөрүн тынбай жасап жаттым.

Антракт маалында арттагы кошуналар чатак чыгарышты. Администрацияны чакыртышты.

«Айымдар театрга түнкү көйнөкчөн адамды көрөбүз деп келишкен эмес» дешет алар. Бул алар үчүн жагымсыз имиш. Анысы аз келгенсип тынч олтуралбай тыбырчылап көңүлдү алакты кылыптырмын.

Мен актанып жаттым:

–  Үшүп жатсам кантмек элем. Өзүңөр көйнөкчөн олтуруп көргүлөчү. Туугандар, мен эмне жыргаганымдан тыбырчылап жатыптырмынбы. Айткылачы, башка эмне айла кылышым керек эле?

Алар мени, албетте, кеңсеге алып барышты. Болгонун болгондой жазышты.

Андан кийин алар бошотуп жатып мындай дешти:

“Эми, - дешет алар, - сотко үч сом беришиң керек.”

Бул өтө жийиркеничтүү жана өкүнүчтүү! Кыйынчылык кайдан келип жатканын так айта албайсың...

Которгон  Абийрбек Абыкаев

 

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз