Урмат Жоробек: Бечел калктардын бел тутканы дин

  • 16.03.2024
  • 4811

Бул аксиоманы билимдүү калктар эбак түшүнгөн үчүн алар илим казынасынан гана өз келечегин издеп келишсе, бүгүнкү күндө кыргыз элин диний ишенимдер менен артка тарткан эң чоң күчтөр – ислам динин жайылтуучулар болуп калууда. Бул күчтөргө Кыргызстандын светтик жолдо өнүгүүсү эч качан жакпайт. Ошол себептен алар сырткы күчтөрдүн (ислам ишениминдеги өлкөлөр) финансылык колдоосу менен карапайым элибизге диний сокур ишенимдерин жайылтып келе жатканын көрүүгө болот.

Диний чөйрөнү башкарган жана диний чөйрөдө таасири чоң инсандар дал ошол сырткы күчтөрдүн финансылык колдоосунун астында кыргыз элинин байыртан келе жаткан дүйнө таанымдарын, каада-салттарын теңирчилик таанымдын тетири жолу катары көрсөтүү ыкмасын ырааттуу жүргүзүүнү ишке ашырып келишүүдө.

Бул эң чоң коркунучту бийлик башында олтургандар таназар алгандын ордуна, тескерисинче, ошол диний чөйрөгө таасири зор таксырларды саясий курал кылуунун ыгына өтүп алышкандыгын көргөзүүдө бүгүнкү реалдуу турмушубуз. Жогорку Кеңеште болсун, аткаруу бийлигинде отургандар болсун, баары “колду кол гана жууйт” тутумун карманган бир ууч топтогулар.

Кыргыз элинин келечегинен кооптонбогон чоңдорубуз ислам таксырлары менен алаканы бекем тутуу керектигин эсепке алган себеби: өлкөбүздө жалпысынан 2965 мечит бар экени расмий сан катары айтылып жүрөт. Ушул жерден бир эле көрүнүштү элестетип көрөлү эми. Жума намаз маалында борбор калаанын мечиттерине сыйынууга келгендердин агымына көңүл бурсак, демек, ошончо кылкылдаган масса бийлик тобундагылар үчүн шайлоодо мандатка жетүүнү камсыздап берер чоң электорат экендигин унутпашыбыз керек. Бийлик курамын түзүүнү көздөгөн саясий партиялар ошол кылкылдаган масса менен ынак мамилени камсыздап алышканын көрүүдөбүз бүгүн!

Муну Алмазбек Атамбаевдин саясий технологдору эң мыкты ишке ашырганын көрүүгө болот. Мечиттер жана медреселердин саны соңку жылдары эбегейсиз жайылып кетишине Атамбаевдин айланасындагылардын аракети көп жумшалгандыгы белгилүү. Ал Араб өлкөлөрү менен кызматташуу жолун бекемдөө үчүн Абдышүкүр Нарматов, Чубак Жалилов, Максатбек Токтомушев өңдүү ажылардын коом алдындагы таасирин өстүрүүгө кенен жол ачып койгон десек болот.

Ошол себептен президенттик шайлоо өнөктүгүндө өзүнөн кийинки бийлик мураскери болот деп эсептеген Сооронбай Жээнбековдун шайлоо үгүтү маалында диний коомчулукка таасири күчтүү, сайраса тилинен чаң сапыруучу Чубак Жалиловду атайы жандоочу, үгүтчү кылып кошуп бергени белгилүү. Ансыз президенттик шайлоодон утулуп калуу коркунучу да бар эле.

Атамбаевдин мына ушул эле саясий технологиясы 2015-жылкы парламенттик шайлоодо да эң мыкты колдонулган. Жана да быйылкы боло турган парламенттик шайлоо үгүтүндө саясий топтор менен диний чөйрөгө таасирдүү таксырлардын алакасы дагы мамлекетибиздин келечеги үчүн терс таасирин тийгизиши толук ыктымал.

Бул чакан макаламда диний чөйрөгө Атамбаевди сөзгө кыстарган себебим, ал киши албетте, бүгүнкү күндө абакта отурса эмне кыла алмак эле дегенибиз менен, тилекке каршы, анын командасынын шайлоолордо өз жемишин берген саясий технологиясын азыркы бийликтегилердин курчоосунда жүргөн саясатчылар сөзсүз түрдө колдоноору бышык.

Андыктан урматтуу кыргыз элибиз муну эсине алууга тийиш деп эсептеймин. Динаятчы чөйрөлөр менен бийликтеги чоңдорубуз кыргыз элинин эртеңкисинен дагы өздөрүнүн кызыкчылыгын гана коргойт. Анткени Кыргызстанга светтик көз караштагы жетекчилер келип калуусу – жогоруда аты аталган таксырлардын диний ишмердүүлүгү үчүн кокого сайылган кылканга айланат. Ошондой эле аларды ээрчиген калың масса үчүн чоң коркунуч. Ал коркунуч эмне болгон коркунуч деген суроо туулушу мүмкүн. Ал коркунуч – түркөйлүк жана караңгылыкка каршы илим жана билимди өнүктүрүүчү саясий жаңы, таза жол!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз