Дилазык: Убакыттын учкулдугу жөнүндө уламыш

  • 28.04.2020
  • 4683

Акылманга жаш уланын ээрчиткен адам келиптир. “Атагыңызды алыстан угуп, атайын келдим, – деп кайрылат ал Акылманга, – Сиз жашоонун бардык суроолоруна жооп берериңиз баарыга маалым. Уулума убакыт баалуулугун түшүндүрүп бериңизчи, чынынын айтсам, ал жөнүндө өзүм деле жакшы түшүнбөйм”.

Акылман бир аз ойлонуп, мындай жооп узатты: “Убакыт бул көзгө көрүнбөгөн, колго кармалбаган нерсе. Анын баасын ченеп билүү өтө кыйын. Бирок бул аны таптакыр эле баалай албайсың дегендик эмес. Анын баасын жети адам билет – студент, эне болгон аял, гезит редактору, сүйүшкөндөр, авто-унаа айдагандар, поюзда көп жүргөн жүргүнчү жана спортсмен.

Эч нерсе түшүнбөй далдырай түшкөн ата-балага ал түшүндүрө баштады: “Жылдын баасын билүү үчүн сессиясын тапшыра албай калган студенттен сура;

айдын баасын билиш үчүн мөөнөтүнө жетпей ара төрөгөн аялдан сура;

жуманын баасын жума сайын чыгуучу гезит редакторунан сура;

бир сааттын баасын билүү үчүн сүйгөнүн күткөн жигиттен сура;

бир мүнөттүн баасын поюзга кечиккен жүргүнчүдөн сура;

секунд баасын билгиң келсе авто-унаа кырсыгына туш болгон айдоочудан сура; миллисекунданын баасын билүү үчүн Олимпиаданын күмүш медалын жеңип алган спортсменден сура”...

Кетүүгө камынган ата-балага үйүңөрдө көрүнүктүү жерге илип алгыла деп бир барак кагаз сунду. Ал баракта мындай жазуу бар эле:

“Өмүрүңөрдүн ар бир секундасы алтындан кымбат. Кечээки күн – бул тарых. Эртеңки күндүн кандай болору белгисиз. Бүгүнкү күн – белек. Ошондуктан “бу күн” деп аталат. Андан ылдый бир тилке кылып жоон тамгалар менен бул нерселер үчүн сөзсүз убакыт тап деп жазылыптыр:

“Иш кылганга убакыт тап – бул ийгиликке жетүүнүн шарты”.

“Ойлонууга убакыт тап – бул күч-кубаттын булагы”.

“Ойноп-күлгөнгө убакыт тап – бул жаштыктын сыры”.

“Окууга убакыт тап – бул билим алуунун негизи”.

“Досторуңа убакыт тап – бул бакыттын ачкычы.”

“Кыялданууга убакыт тап – бул жылдыздарга алып барчу жол.”

“Сүйүүгө убакыт тап – бул жашоонун эң чоң кубанычы”.

“Көңүл ачууга убакыт тап – бул жан дүйнөнүн музыкасы”

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз