
АҢГЕМЕ
1786-жылы кышкы кечтин биринде Вена четиндеги жепирейген жыгач үйдө графиня Тундун мурдагы ашпозчусу, азиз чал өлүм алдында жаткан. Чынында үйдүн үйдөй деле кейпи жок, тек бакчанын түпкүрүндөгү эскилиги жеткен кепе болчу. Шамалга уйпаланган бакчада чириген бутак-шактар көмүлүп жатчу. Кадам сайын бутактар кычыраса, чынжырдагы ит өз үкөгүндө кыңшылай баштайт. Ал да ээсин тартып өлөр көздөнүп, үргөндөн калган эбак.
Кыйла жыл мурун ашпозчу бечара ысык мештин табынан көр болуп калган. Ошондон бери графиня башкаруучусу аны кепеге жайгаштырып, анда-санда жарыбагандай тыйын берип турар эле.
Аны менен ашпозчунун он сегиз жашар кызы Мария бирге жашачу. Кепедеги болгон оокат эле: керебет, кыйшайган отургуч, тамтыгы чыккан үстөл, жарака кеткен чопо идиштер, анан эле Мариянын жападан жалгыз көзгө басар байлыгы саналган клавесин.
Клавесин жедеп эскилиги жеткен үчүн тегеректе эмне кылдыраса, анын кылдары да бардык үнгө угулар-угулмаксан жооп кылып көпкө зыңылдачу. Ашпозчу клавесинди "үйдүн кароолчусу" деп күлчү. Ким босогону аттабасын, клавесиндин дилдиреп эскилиги жеткен үнү тосуп алчу.
Мариям өлүм алдындагы карыяны жуунтуп, үстүнө муздак, таза көйнөктү кийгизери менен чал үн катты:
– Эзели дин кызматчылары менен монахтарды жактырбайм. Динзарларды чакырткым жок, бирок өлүм алдында абийиримди тазартсам дедим эле.
– Эмне кылышым керек? — Мария тынчсыздана сурады.
– Сыртка чык, – деди карыя, – биринчи кезиккен адамыңды үйүбүзгө кирип, өлөр адамдын күнөөсүн жеңилдетүүнү суран. Сенден эч ким баш тартпас.
– Көчөбүз ээн го... – күбүрөнгөн Мария жоолук салынып, сыртка жөнөдү.
Мария бак аралай чуркап, дат баскан дарбазаны араң ачып, тып токтоду. Көчө ээн эле. Шамал жалбырактарды удургутуп, чылк караңгы асмандан муздак жаан тамды.
Теребелге кулак түргөн Мария көпкө күттү. Акыры тосмо бойлой кыңылдап ырдаган кишини көзү чалды. Караанды көздөй бир аз кадам шилтеп, бетме-бет келгенде кыйкыра сүйлөдү эле, тиги киши шыр токтоп сурады:
— Ким мында?
Үнү титиреген Мария тигинин колуна чап жабышып, атасынын өтүнүчүн айтты.
— Болуптур, — деди калбааттуу бейтааныш. – Ыйык динзар эмесмин, бирок айырмасы жок. Жүрүңүз.
Үйгө киришти. Арык, пекене бой кишини Мария шам жарыгында көрдү. Ал нымдуу плащын отургучка ыргытты. Өтө аземдүү, жөнөкөй кийинген кара кемселчендин хрустал топчулары, мойнундагы жагоолу шам жарыгында көз жоосун алат.
Кемели келишкен, жаш курактагы бейтааныш дароо боз уланча башын серпип, жасалгалуу кийме чачын оңдонду да, отургучту керебетке жакын жылдырып, көчүк басты. Эңкейип, өлүм алдындагы пенденин жүзүнө жайдары карап үңүлдү.
– Кулак сизде! – деди ал. – Балким, мага Кудайдан эмес, мен кызмат кылып келген өнөрдөн берилген күч аркылуу акыркы көз ирмемдеги жан дүйнөңүздүн жүгүн жеңилдетермин.
— Мен көзүм көрбөй калганча, өмүр бою эмгектен баш көтөрбөдүм, — деп шыбырады карыя. — Эмгекчил адамда күнөө кылууга убакыт жок. Марта аттуу жаншеригим кургак учук менен ооруганда, дарыгер ага кымбат дарыларды жазып берди да: кам каймак, жүзүм, ысытылган кызыл шарап ичирүүнү тапшырган. Ошондо мен графиня Тундун сервизинен кичинекей алтын табакты уурдап алып, аны бөлүп-жарып сатып жибергемин. Эми ошол күнөөмдү эстеп, кызымдан жашыруу бетиме чиркөө болуп туру. Анан калса мен ага бирөөнүн дасторконундагы күкүмгө да кол тийгизбе деп үйрөткөнүмдү кантейин.
— Бул үчүн графинянын кызматкерлеринин бири жазаланды беле? — деди бейтааныш.
— Буюрбасын, мырза, ант берем! — карыя ыйлап жиберди. — Эгер ал алтын Мартага жардам бербесин билсем, өлүп кетейин, уурулукка колум бармак эмес!
— Атыңыз ким? — деди бейтааныш.
— Иоганн Мейер, мырзам.
— Анда мындай, Иоганн Мейер, — бейтааныш карыянын азиз көзүнө алаканын абай такады, — сиздин пенделер алдында күнөөңүз жок. Сиз кылган иш — күнөө да, уурулук да эмес. Тескерисинче, бул — чыныгы сүйүү үчүн эрдикке барганыңыз.
— Амин! — деп шыбырады карыя.
— Амин! — бейтааныш да кайталады. — Эми акыркы каалооңузду айтыңыз.
— Кызым Марияга ким-бирөө кам көрсө дейм, — карыя үшкүрүндү.
— Аны мага коюңуз. Дагы эмне каалайсыз?
Карыя күтүүсүздөн жылмайып, үнү көтөрүңкү угулду:
— Мен Марта менен таанышкандагы күндөй, аны жаш кезиндегидей бир көрүп өлсөм дейм. Күндүн көзүн тиктеп, ушул эски бакчанын көктөм жазда гүлдөгөн кезин көрсөм кана. Бирок бул мүмкүн эмес, мырзам. Орунсуз кебиме кыжаалат болбоң. Оору деген балакет тооруган карылыкта акылдан айныдым бейм…
— Жарайт, — деди ордунан копшолгон бейтааныш. — Жарайт! — деп кайталап, клавесинге жакындап, отургучка ыктады. — Жарайт! — үчүнчүсүндө катуурак үн катты да, заматта аваз күү түмөн түркүн кооздукта шыңгырап, үй ичинде хрусталь шурулар чачылып кеткенсиди.
— Угуңуз, — деди бейтааныш. — Угуңуз да, көрүңүз.
Ойногондо да ушундай ойноду дейсиң ал: Мария көзгө элестеп, клавиштен чыккан алгачкы үн менен катар бейтааныштын жүзү албырып, шам жарыгынан анын көзүндө да жалын тутанды.
Көп жылдан бери чертилбеген клавесинде алгачкы ирет күү шаңшыды. Анын мукамдуу аваз үнү үйдү тургай, бүт бакчаны каптады. Картаң дөбөт үкөгүнөн баш багып, кулагын түрүп, куйругун булгады жай. Муздак кар сампарлап, дөбөт гана кулагын серпти.
— Көрүп турам, мырзам! — деди карыя төшөктөн кооп. — Марта экөөбүз таанышкан күндү көрүп турам! Ал уялчагым, сүт куюлган кумураны колунан түшүрүп, сындырып алган. Кышында болчу, тоодо. Асман тунук айнектей көк эле, Мартам шыңкылдап күлгөнүн айт. Күлкүсү-ай! — деди ал аваз күүгө кулак төшөп.
Бейтааныш терезеден арыдагы караңгыга тигиле клавесинде ойной берди.
— Эмичи? — деди ал. — Эмнени көрүп турасыз эми?
Карыя үн катпай тыңшады.
— Көрбөй жатасызбы? — деди ойногонун токтотпогон бейтааныш шашыла. — Түн азыр түнөрүп турган жок, көгүлтүр, анан көгүш тартып, төбөдөн жылуу жарык төгүлүп, бакчадагы эски бутактарды ак гүлдөр чулгады. Менимче, булар апакай алма гүлү, бирок терезеден тиктегенибизде, жоогазындай көрүнөт. Караңызчы, алгачкы нуру таш дубалга тийип, ташты ысытып, буу чыгып жатканын. Бул — эриген кардын нымын соруп алууга тийиш. Асман барган сайын бийикте шаңкайып, чайыттай ачылып, ажайып кооздугунда канаттуулар тобу Вена шаарынын үстүнөн түндүккө карай учууда!
— Ооба, баарын көрүп турам! — карыя кыйкырды.
Баскычтын үнү жайлап, клавесин күүсү шаңданды. Бул анын жалгыз үнү эмей эле жүздөгөн шаттуу үндөрдүн жалпы коштогон күүсү эле.
— Жок, мырзам, — деди Мария. — Бул гүлдөр жоогазынга эч окшобойт. Булар — бир эле түндө гүлдөгөн алма гүлү.
— Ооба, — деди бейтааныш. — Булар алманыкы, бирок өтө барпайган гүлдөр.
— Терезени аччы, Мария, — деп өтүндү карыя.
Мария терезени ачты эле, муздак аба урду үйгө. Бейтааныш өтө жай, мээлүүн ойной берди.
Карыя жаздагына кыйкайып, дем жетпей кыстыгып, колу төшөк сыйпалады. Мария чуркап жетти ага. Бейтааныш ойногонун токтотуп, клавесин алдында өзү ойногон күүгө өзү арбалгансып кыймылсыз отурду.
Мария чаңырып жиберди. Бейтааныш ордунан туруп, керебетке жакындаганда карыя деми кыстыга сүйлөдү:
— Баары мурда кандай болсо, ошондой көрдүм… Бирок атыңыз ким экенин билмейин, көз жумгум жок, чырагым... Атыңыз ким?
— Мен Вольфганг Амадей Моцарт болом, — деди бейтааныш.
Мария керебеттен артка чегинип, тизесин бүгө улуу музыкантка таазим кылды.
Ал башын көтөргөн кезде, карыянын жаны учуп кетиптир. А сыртта үрүл таң атып, суу кар чүмкөгөн бакча гүлдөрү бажырайат.
Которгон О`Шакир
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.