
АҢГЕМЕ
Демин ичине каткан маэстро Покорны жаш уста абай, кылдат кыймыл менен көзөөч сымал шайманды муундардын ортосуна матырып алганына тынчсыздана тиктеп турду. Шайман мизи терең кирип, сыныктын үнүн уккан Покорны жаны чыгып кетчүдөй ачуу кыйкырды:
– Кудай жалгагыр десе, жетет! Өлтүрөсүң мени эй!
– Сабыр, мырза, сабыр. Коркунучтуу оору коркунучтуу дарылоону талап кылат. Дарттын өзөгү чара менен ийиндин ортосунда экенин көрүп атам. Айтты-койду дээрсиз, ыкчам операция гана жардам берет буга. Агер маэстро, бул операция сизге өтө жагымсыз көрүнсө, тиктебеңиз. Бир аздан соң бүтөт ал, баары айкын болот. Анүчүн кайраттуу болуп…
Ичке, назик нерсе үзүлдү. Покорны көзүн жумду, кайра ачса, аздектүү сүйкүм скрипкасы үстөл үстүндө жатат, жатканда да жарааты жалжайып ачылып, белинен өйдө тамтык жок, ийнине чейин ажыратылыптыр.
Покорны – өзү музыкант, оркестрдин зоболосу бийик жетекчиси. Ал азыр өз тырмагын тиштеп, скрипка боюнча уста деген неме асылзат аспаптын тетиктерин тигиле тиктегенине көзүн кадады.
– Ушу кантип болсун?.. — деди ал чебелектеп.
– Сабыр, маэстро, сабыр.
– Абайлачы, Кудай жалгагыр! Бул скрипканын өзү – Агосто ди Мажжо, мен билгенден Италиядагы атактуу эски скрипкалардын акыркысы бул.
– Түшүнөм, түшүнөм, – деген устанын камаарай турган түрү жок, ал ушунчалык тоотпостук менен скрипканын капкагын бейкапар ажыратты. – Ооба, кел-кели келип турган маалда Агосто ди Мажжо жаман эмес, жок, дурус эле болуптур…– дегенин уккан Покорны куйкасы курушуп кыйкырды:
– Не деп былжыраганың, чычым?! – Покорны чаңырды... – «Жаман эмес, дурус эле болуптур» дегенин деле! Кудай урсун…
– Сэр, сиз мага сөөмөйүңүз эле тийсе, айтып коёюн, скрипкаңызды оңдоого колум да барбайт. Кабаатырланганыңызды түшүнөм, бирок өзүңүздү колго алууга тийишсиз. Өмүр менен өлүмгө тик кароо керек. Тынчтандырар дары ичип, шүк отурганыңыз жакшы.
– Кечиргейсиз мени, Антонио, агер сабырсыздык кылсам. Тек, бул скрипканы жандилимден сүйсөм кантейин. Ооба, балакай, муну жанымдай сүйөм! Бул экөөбүз бири-бирибизди эрди-катындай эле жакшы билебиз. Кийинки жумада аксарайда бул бечара скрипкам менен өзүмдүн Сoncerto grosso[1] концертим болмок, мунсуз эмне кыла алам?
– Йе, – деди уста, – башка скрипкалар деле бар.
– Башка скрипка! – Покорны туталанып кетти. – Хе! Балакай, мындайдын далайын уккам. Жүрөгүңдө аздектеп сүйгөнүң, башканы сүйсө – бу жагы кандай? Башка да селкилер бар! Наристеңди сүйөсүң, ал чарчап калса, нетесиң? Башкалары туулат! Жашсың, билип ал, кагылайын: биз сүйгөндүн ордун алмаштыра албайт башкасы.
Скрипка устасы стаканга бозала суюктук толтуруп, музыкантка сунду:
– Ичиңиз. А биз сүйгөн нерсенин ордун басар эч нерсе жок дегенге келсек, түшүнүп турам, сизге толук кошулам, сэр. Өзүнө таандык кемчилигине карабай, жоктун ордун толтурар эч нерсе жок, ушуну айттыңыз да, туурабы? Сиз сүйгөн, сиз жоготкон зайыптын ордун эч ким алмаштыра албайт, ошентсе да аны жоктоп өксүгөндөн көрө, Кудайга шүгүр дең, анткени аны кандай кемчиликтери менен болсо да жаратып, жаратылганда эле кемчилиги менен туулуп, кереги тиер учурда сизди таштап кетүүгө тийиш болчу. Скрипканыкы деле ошондой кеп. Аспаптардын мыктысын жасоо Агосто ди Мажжонун колунан келчү, бирак анын колунан канчасы мыкты жасалганына карабастан, аларга өтө залкар музыка сыйбайт. Бул скрипкаңыз жан дүйнөңүздөн сызылгандын баарын кантип сыйдыра алсын, жүрөгүңүздөгү жүктү эзели көтөрө алгыс – түшүнөсүзбү? Ал барчу жерине барышы керек өзүнө татыктуу: кайсы бир шарап жертөлөсүндөгү кембагал скрипкачтын колуна. Бактысы ошол жерден ачылат.
– Мунун баарын кандай деп түшүнүшүм керек? – өзүн кармана албаган Покорны заардуу кыйкырды. – Мага айтышпады беле, кепилдик беребиз, Сабини гана менин Агосто ди Мажжомду оңдоп бере алат дешип. А сиз колумдан келбейт дегени турасызбы?
– Аттиң-ай!
– Арийне бул... болор болбос кемчилик... эч нерсеге арзыбас, – золоболуу скрипач тыныгып сүйлөдү. – Кенедей эле соль… нотасынын кылы калпыс титиресе... кичинекей кемчилик чоң көрүнөт...
– Ооба. Бирок сиз айткан кичинекей кемчилик – баары деген кеп, кандай аспап болбосун, анын кенедей эле кынтыгы болсо, сизге тиешелүү "кичинекей" кемчилик – таптакыр ишпалдасын чыгарат. Сиз башкасын табышыңыз керек.
– Ошондой деңизчи, – деди акыры Покорны. – Эгерим мындан жакшысы болбос менде.
– Амати?! – скрипкачы ачуу кыйкырды. – Аныгында, Агосто ди Мажжо анын устаты болгон! Амати анын шакирти, устанын жардамчысы болуп, шаймандарын кармашкан! Амати!
– Ой, ишенип коюңузчу, ардактуу сэр! Устаттыкты коюп, адегенде шакирт болуш керек! Ал эми Агосто ди Мажжо өз убагында какыр-чикирдин арасында уктап, кара жумушта көрбөгөнү көр болгон... Калп айтсам жанымды жейин, өнөргө үйрөнүүнүн башка жолу жок!
– Айтканыңызда калет жок, – Покорны үшкүрүндү. – Оо, теңирим, Антонини карыя мага скрипка чертүү өнөрүн үйрөткөндө, кан сызган манжаларымды үйлөгүлөп, канча мерте ыйлап жаткан боюнча уктаган күндөрүм болду!.. Бирок мунун баары мага сүйүктүү Агосто ди Мажжомду кайрып бербейт.
Акыры өзүнө келип, ордунан турду ал:
– Куру сөз курганыбыз жетет. Сабини айтты эле; кокус бу байкуш скрипкамды айыктыра албасаңыз, башкасын берериңизди. Сизден суранарым ошол.
Анын менменсинбей караганына эч терикпеген уста өз жообун берди:
– Сабининики туура. Бул каражолтойду кайтарып бере алам ...
– Бул – скрипка, агер ооз кесирлик кылбасаңыз!
Дарынын таасири анык тынчтандырганбы: Покорнынын бети сенейип катып, ээги текебердик менен алдыга шалпыя түштү. Уста ийин куушуруп, сөзүн улады:
– ...Бул скрипканы мурунку абалына келтире алам, ойной берет, ооба, ойносо болот. Бирок сиз үчүн эмес, жадагалса сиз менен эмес. Унутуңуз аны. Бул жерде өзүм жасаган дурус скрипка бар. Мен аны жандыктардын эң асылы – адам дээрине окшоштуруп жараттым. Анын ички түзүлүшү да адамдын денесин элестетет: тили, таңдайы бар. Ошондуктан, аны күүлөгөндө, ал адамдай жооп кайтарат — сүйсөңүз, кошо сыздайт.
Ал иш үстөлдөн жогору илгичтеги али лакталып бүтө элек скрипкага кол суна берерде Покорны аны ишарат менен токтотуп, кыйкырды:
– Эч качан! Сиз мени келекелегиңиз барбы?
Скрипка чебери күлүп койду, анткени күлгөндүн билгени бар эмеспи.
– Менден муну сураганыңыз эч орунсуз! Болуптур, сыягы түшүнүп турам. Бул жерде менде Аматинин укмуштуу скрипкасы бар. Мыкты аспап. Бирок аны сизге ыраа көрбөйм, албай турганыңызды да билем. Анын ордуна сизге Агосто ди Мажжонун скрипкасын берем. Начар ал, бирок сизге жарай берет, жүрөгүңүзгө куп жарашат. Анткени мурунку жалганчы болсо да сүймөнчүктүү эски аспабыңызды эске салат, болгону – жашырак, жаңырак ал. Ошентип ал сизди кара түнөк көнгөн жолоюңузга кайрадан салат. Мына, сэр, алыңыз!
Покорны Агосто ди Мажжо скрипкасын колуна алып — соль, ре, ля, ми кылдарын күүлөдү. Ал соль кылына өзгөчө, узакка токтолуп, улам-улам тийгиледи. Акырында жамажайы жайыла күлүп сүйлөдү:
— О белла беллиссима, о, менин татынакай сулуум! Бул куу жыгач, кургаган ичеги эмей эле таптаза алтын го, чиркин! — деди.
Скрипка чебери эми кыжырын жашырбастан так кесе айтты:
— Жо-жо, кечиргейсиз, кадырыңыз жам болсун. Нотанын өзүн басканыңыз менен, үнгө дал келбейт ал, укканыңыз башка. Сиз ченемсиз сүйгөн баягы эле өлгөн эжесинин үнү – кулагыңызга сиңип бүткөн скрипканын.
– Дени кардыңыз соо эмес, — деди Покорны.
– Деп ойлойсуз? — суроолуу тиктеди чебер уста. Ал Аматини чачпагынан кармап, скрипкачыга сунду:
– Көрө жатарбыз, сэр, муну байкаңызчы.
Покорны Агосто ди Мажжону өтө аяр, кылдат ордуна койду да, Аматини сустайган сыпайычылык менен колуна алып, ариеттүү кербезденип, керсейген кайдыгерлик менен күүлөп, чертимиш этти. Скрипканын чебер устасынын курч кулагы дирилдеген жалындуу сүйүүнүн өчкөн демин укту, а Покорны ийинин кагып, Аматини ордуна коюп, мынтти:
– Абдан жакшы, абдан ишенимдүү, ооба, бирок Агосто ди Мажжого салыштырып болбойт.
– Ошентип айтаарыңызды билгем, – деп жооп кайырды скрипка чебери. – Сиз эски скрипкаңызды эзели ойногон эмессиз, ал сизге ойногон. Агосто ди Мажжону алыңыз да, сэр, жолуңузга түшүңүз.
– Кааласаңыз, өз колуңуздан чыккан аспапты сынап көрсөм дейм.
– Эми ал сатылбай турган болду. Мен али бүтүрө элекмин аны.
– Сиз айткандай болсун. Албетте, Агосто ди Мажжону сатып алам... анан эмне бар, эмне жок… Аматини алайын.
— Дагы бир жолу кечирим сурайм, маэстро, Амати да сатылбайт эми.
Покорны не кылсын, өз карындашына окшош, чыккынчы делген Агосто ди Мажжо скрипкасы үчүн акчаны толук төлөп, сатып алды. Скрипка чебери сатып алуучуну көчөгө узатып, эшиктин алдына токтоду. Бутун каретанын тепкичине коюп, артка бурулган Покорнынын көзүндө күмөн саноо бар эле. Көзүн ылдый ала качып, колундагы скрипка кутучасынын назик сызыктарына кадалды да, кайра устакананын каалгасына тигилген Покорны акыры каретага отуруп, жөнөп кетти.
А скрипка чебери Антонио Страдивари болсо өз отургучуна кайтып келип, илгичтеги али лакталып бүтө элек скрипканы алды да, мээримдүүлүк менен сылап-сыйпап кобурады:
– Жок, ардагым, ал сага татыксыз. Сага татыктуу жан табылганча, бир аз сабырдуу болуң...
Ал отурар замат кыл калеми менен убакыт өлчөөчү кум саатты өзүнө тартты да, абай, кылдат мээримдүү сүйүүсүн арнаган тунгуч Страдивариуска акыркы шөкөттөөсүн уланта баштады.
© Ростислав Рыбкин, 1991-жылы орус тилине которгон.
Бул чыгарма О`Шакирге көмөктөшкөн Жаратман Интеллект — ChatGPT менен биргеликте түпнускадан (англисчеден) которулду.
Май, 2025.
[1] Чоң концерт.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.