Сүйүү лирикасынын корифейи (2-макала)

  • 03.07.2025
  • 281

1-макала мында>>>>

Омор басса-турса кызды эсинен чыгарбайт. Келет деп күтөт, сарсанаага батат, жол карайт. Аны башка көрөрүнө ишенер-ишенбесин билбейт, көкүрөгүнө тынчтык бербеген туюк сезимден кыйнала берет. Эс-дартын кыздын элеси бийлеп алат. Ошондон көп узабай “Маркү күйөөгө кетиптир...” деген кабар келет. Кыздын энесинин ыйлаганын көрүп, баланын көзүнөн да чолок жаш төгүлөт.

Арадан бир жума өтүп-өтпөй, “биз тараптан сен кудаларга, Маркүгө барып келесиң” деп, атка бышырылган бир койдун эттин, бир чанач кымызды бөктөрүп узатышат. Кызды көрөм деген кыялы алып-учуп, түнү менен уктабай чыгат. Жолдо баратып Маркүнүн күйөөсүн жек көрүп, эмне дээрин билбейт, кандай болбосун жактырган кызды бир көрсөм деп көңүлү дегдейт. Оюнда кыздын буту-колун тушап, зордук менен алып качып кетишсе керек деп элестетет.

Маркү келин болуп түшкөн Көк-Белге тез эле жетет. Жылкыбай деген кудасы жылуу-жумшак тосуп алат. Бою кыдыйган, чымыр денелүү, жапжаш улан кудасын төргө отургузуп меймандайт. Омордун көзү Маркүнү издеп, тынчы кетет. Чай ичилип бүткөндөн кийин жанында отурган аксакалдан “Маркү каякта?” деп сурайт.

– Тиякта, азыр келет, – деп жооп берет Жылкыбай.

Дасторконго бата кылып сыртка чыгышса, эшик алдында Маркү туруптур. Оозуна келгени:

– Каякта жүрөсүң? – деп сурайт.

– Тиги боз үйдө отургам... – күлүп жооп берет келин. Анын эчтеме болбогондой кызарган жүзүнө, жадырап-жайнаган өңүнө карап, Омордун ичи күйүп ызаланат. Эмне айтарын билбей:

– Күйөөгө өзүң кетип калдыңбы? – дейт.

Арадан бир топ жылдар өткөндөн кийин акын “Маркүнү эскерүү” деген ыры өзүнөн-өзү жазылганын, буга өзү да таң калганын, кызды таптакыр эсинен чыгара албаганын эскерет. Атактуу драматург Токтоболот Абдымомунов кезиккенде эле “Маркүнү окуп койчу” дей берчү экен.

Мен учкашып, Маркү алдыда
Жалгыз жолдо, жалгыз ат.
Кошунанын кызы экөөбүз
Багытыбыз үй тарап.

 *     *     *

Тоонун койну топ-толтура
Түгөнбөстөй аппак кар.
Тараганбыз каникулга
Таалай менен барабар.

 *     *     *

Бөлп-бөлп желип келаткан ат
Бир маалда тык турбаспы?!

 *     *     *

Маркү алдыдан, мен артынан
Теминебиз төрт буттап.

 *     *     *

Жылбай турду башын чайкап
Бирөө тушап койгондой.
Менде ошондо биринчи ирет
Бир чоң сезим ойгонду...

Ырды укмуш жазылган деп айтканга болбойт. Уйкаштыгы, муун өлчөмү, ыр саптарынын шайкеши орундуу болгону менен чачыратып жиберсе, жайынча баяндалган кара сөздүн эле тизмеги. Акындын алгачкы ыр жазуу көнүгүүлөрүнүн башталышы болгондой, ырдагы чынчылдык, балалык тазалык, болгонун болгондой суу кошпой ырдаганы, кыздын алдында өзүнүн эркин жигерин, жигиттик сапатын көрсөткөнгө далалат кылганы сезилет.

Балалык тунгуч сезимдин кудуретин адам баласы өмүрү өткөнчө унутпаса керек. Балалык таза, баёо, кирсиз сезимдин жетеги менен бу дүйнөнү бир түстө, бир ыраңда, бир боёкто гана көрүп, ишеним менен берилүүдөн, сүйгөндөн жана сүйүлүүдөн, жакшылык менен бактылуу болуудан башканы ойлобогон тумсак сезим, наристе сезим баарына эле буйура бербейт, баары эле ошол сезимдин ырахатын баштан өткөрбөйт.

Жогорудагы акындын Маркүгө арнаган ыры кайсы мезгилде, кайсы куракта жазылганына карабай, кийинки сүйүү лирикасынын алгачкы чыйыры, башаты жана өзөгү болуп кала берет. Сүйүү жөнүндөгү ырларынын алгачкы карлыгачы. Сүйүүгө арналган бардык ыр тизмегинин тамырын кармап турган жан-дүйнө абалынын ай-ааламга шаңшып, тоо боорунан дүңгүрөп аккан шаркыратмадай, ичинен тынып, ичинен эзилип, бугун каткан мелмилдеген дарыядай, ээлигип-элирип чар тарапка тополоң-тоз салган тажаал бороондой, киндик каны тамган касиеттүү Ысык-Көлдүн ажайып көркүндөй ж.б. жана башка табият менен, жаратылыш стихиясы менен органикалык биримдигинде. Акын О.Султанов сүйүү лирикасына ойду, теманы, идеяны, сюжетти, каармандарынын образын да Табияттан алып берет. Табияттын тили менен ырдайт, дили менен сырдашат. Акындын “Улуулук” (С.Тургунбайга арналган)деген ыры мунун айкын күбөсү, келиңиз чогуу окуйлу.

Тоолор бу – адамдардай
Чогуу жашап, чогуу жатат.
Тоолор бу – бийиктикке сыймыктанат.

Тоолордо калыстык бар калтылдабас,
Тоолордо өмүрлөр бар түбөлүк жаш.
Тоолордо эңкейиштер, бурулуштар,
Жер бетин кайкалаткан жыгылыштар,
нечен бир табышмактуу кубулуштар!?

Мезгилдин коңгуроосу адам баласы жаратылыштын бир бөлүкчөсү экенин кайталап келет. Түбөлүктүүлүктүн орбитасында Адам менен Табияттын гармониясы гана жашай алат.

Акындын “Сен жөнүндө поэмасы” сүйүү лирикасынын Чолпон жылдызы сымал жазылган-ырдалган күндөн тартып, ушу кезге чейин, мүмкүн кылымдар бою обонун өчүрбөй, өңүнөн азбай-тозбой, мезгилдер кыйырында кайра-кайра жаңырып-жашарып, келаткан муундун да менчиги болуп калары күмөнсүз. Ушул ырдын таасири менен инерциясында жазгандар, туурагандар, окшошкондор, ошондой эле сүйүлүп жана сүйүлгүсү келгендердин (жасалмасы канча) саны азайбайт, сыясы түгөнбөйт, түгөнөрүнө көз да жетпейт...

Ушул саптар карасыдыр көзүмдүн
Жазарымда өрүк болуп эзилдим.
Сүйүү мени кете жаздап эритип
Өзүмө өзүм оттон ысык сезилдим.

Кайдан келип, кайда мени алпарат?
Түшүп бердим толкунуна сезимдин.
Эми дайым жүрөгүмдө салтанат
Эми дайым сенсин, анан өзүммүн.

Ырдагы асты сызылган тизмектердин баары жөн жерден жазылбады. Сезимге да нукуралык, чынчылдык, адептүүлүк керек. Сүйүүнүн энергетикасынан адам кубаттанат, кайраттанат жана тонусу көтөрүлөт. Буерде ыймандай сырын ачык жазат акын “ушул саптар карасыдыр көзүмдүн, жазарымда өрүк болуп эзилдим” деп салыштыруусу да орундуу, жагымдуу, предметтик байланышы реалдуу. “Түшүп бердим толкунуна сезимдин, эми дайым жүрөгүмдө салтанатдеген саптар болсо, бактысына шүгүр келтирген, таалайына топук кылган адамдын өзү. Чыгарма кайсы жанрда болбосун сезимди козгой албаса, акыл-ойду тык эттире өзүнө каратпаса, ал жасалма.

Сүйүүнү жазбаган калемгердин өзү жок. Бү дүйнөдөн сүйүүнү ырдабаган акынды жүз жыл изде, миң жыл изде, таппайсың. Сүйүүгө кумарланганы эчтеке эмес, сүйүүгө кул болгону канча... Демек, адам баласын ушул сезим адамдай кармап ырдатып, бийлетип, ыйлатып, бакытка бөлөп, азапка салат. Бир карасаң оңойдой, бир карасаң оңбогондой кыйын, татаал, купуя сезимдердин дүйнөсүн аралаганга укуктуусу бар, укугу жогу бар, аралай албаганы бар, араласа да эч нерсе таппаганы бар... Буга акындардын ырлары өздөрү күбөгө өтүшөт.

О.Султановдун сүйүү лирикасы жөн эле жазылбаган. Ага таасир, түрткү берген көптөгөн турмуштук факторлор, окуялар, жеке өзүнүн басып өткөн жолу, турмуштук тажрыйбасы жана сүйүүнүн апогейине жеткенин тастыктаган күбөлүгү бар. Келиңиз, жогорку ырынын ички дүйнөсүнө сүңгүгөнгө аракет кылалы.

Арзыган кишисин жолуктурган акындын бактысы бар, анын чыгармачылыгына шыкак берди, ыр жаздырды, калемине тоодой күч-кубат берди.

Сен жөнүндө баштап бүтпөс поэма
Каламыма бердим таап зор бакыт, – деп жазып жатпайбы.

Эгер акын бир нерсеге же бирөөгө таасирленбесе, толкунданбаса, же ойдун кемесине отуруп, карама-каршылыктуу, кыйма-чийме күрөшүнөн утуп чыкпаса, жакшы ыр жарата албайт. Жакшы ыр жаратуу азап!

Сүйүү акынды пендеде боло турган абалдар: талыкшыган жалкоолуктан, көңүлсүз кайдыгерликтен, үлдүрөгөн ышкоолуктан, өзүн-өзү жооткоткондон, тажатма, кайталанма, супсак күндөрдөн сууруп чыгып кетти.

Сени ойлоп ар бир баскан кадамда
Сени менен күн да батып, таң да атып.

Ачыгын айтканда, сүйүү акынды анын окурмандарын жашоого кумарлантты, ал үчүн турмуштун кыйынчылыгына, оош-кыйышына, ырахаттуу көз ирмеминин чексиздигине жана күтүлгөн-күтүлбөгөн соккуларына даярдады. Эрктик сапаттарын, адеп-ахлактык, пейил-мүнөзүн оңдоду, жүрүм-турумун жакшыртты, жан дүйнөсүн агартты, байытты. Адамдын психикасы бузулганда байлыктан, бардарчылыктан, мансаптан, оюн-зооктон, кыскасы, бардыгынан тажайт, көңүлү калат, өзү менен өзү жалгыз калат. Депрессиядан өзүнө-өзү кол салгандар канча. Өзүн жакшы тааныган, билген, башкара алган, максаттуу адамдар гана адинен ашпайт. Мына ушул абалдардын түпкү уңгусунда сүйүү жатат. Муну таланттуу акын ырлары аркылуу айтып койду. Поэзиянын адамзат алдындагы миссиясы ушул.

Мага келчү өкүнүчтөр, кайгылар
Урундуңар тоскоолдукка урабас.
Мени эми кебелте албай калдыңар
Мен чынармын улам көктөп, куурабас.

Биз кайрадан Маркүгө кайрылганга аргасызбыз. Болочок акындын классташы эгер жайлоого барбаса, Омор менен чогуу кой кайтарып, бир айча бирге ойноп-күлүп жүрбөсө, анын бар-жогу деле эстен чыгып кетсе керек. Турмуш ушундай. Өспүрүм Омор Маркүдөн уялчак, тартынчак, ыйбалуу кыздын кыял-пейилин көрдү, ат үстүндө шамалдай эркин жүргөнүнө, чыйрак, шамдагайлыгына суктанды, аны менен чогуу болгон көз ирмемдер, күндөр ага кызыктуу, табышмактуу, эң башкысы жагымдуу эле...

Бейтааныш кыз дүйнөсүнө баш баккысы келген эле... Кыз ойдо жок жерден күйөөгө кеткенде (зордоп ала качышты деп ойлоду), аны аяп, оюнда күйөөсүнүн туткунунан ажыратып алгысы келди... Анткени, акында башка пендеге окшобогон сезимталдык, парасаттуулук, мээримдүүлүк айланасындагыларга кызыккан, ырга ышкылуу жан-дүйнө түптөлүп келаткан. Тыным жок дүйнөнү өз көзү менен көргүсү, өз жүрөгү менен кабылдагысы келген...

Туңгуч сезимдин кызыгына бата электе, жаш селкинин эмнеликтен эсинен таптакыр чыкпаганына терең түшүнө электе, алгачкы махабатын колунан алдырып жиберди.

Билбейм, кайдан табылгансың сен мага?!
Маңдайыма жалгыз бүткөн бакыттай.
Сени сүйдүм буйрук алып тагдырга
Башкалардын сага миңи татыбай.

А болбосо, айтчы жаным, эмне үчүн
Зарлап тапкан перзентимдей көрөмүн.

 *     *     *

Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.

 *     *     *

Биз экөөбүз эки күчпүз барабар
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.

(“Билбейм, кайдан табылгансың сен мага?!”)

Акындын ырларынын эмоционалдык потенциалы эбегейсиз күчтүү. Анткени уйкаштык ыр сабынын башынан да, аягынан да кыналып, куюлушуп турат. Жогорудагы “Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө,/ Мен көрүүгө сенин көзүң керектей, / Биз экөөбүз эки күчпүз барабар,/ Биз экөөбүз эки суудай бириккен” деген ыр саптарда эки жана үч сөздөрдүн добуштук үндөштүгү, добуштук окшоштугу бирдей. Ал эми ырдын интонациясычы...

Ырды бир бүтүндүктө кармап турган күч ылдыйдан өйдөгө, бийиктен жогоруга, чокудан чексиздикке тарагансып, анын баары табыйгый түрдө өтөт. Кымындай жасалмалуулук, экиленүү же уйкаштык үчүн садага чабылган саптар жок. Мына бул куплеттерге өзүңүз күбө болуңуз: “Суу көрсөң аңтарылып агып жаткан. / Жер көрсөң тереңдерден титиреген, / Күн көрсөң көз жаш төгүп ыйлап турган, / Түн көрсөң көөдөй кара ит улуган” деген жана башка ыр тизмектери эмне деген керемет! Билектей сүйүү адамзаттык масштабга, дүйнөлүк алкакка кучагын кенен жайды. Билектей сүйүү глобалдуу маселелерди канатына калкалап, бооруна тартып, гумандуулуктун туусун желбиретти. Мындай касиет чеберчиликтин жогорку чегинде гана жаралат. Ырдын тексттин окубасак болбойт ко...

Ошондо өрттү көрсөң күйүп-жанган,
Суу көрсөң аңтарылып агып жаткан.
Жер көрсөң тереңдерден титиреген,
Куш көрсөң жалгыз учуп бара жаткан,

Күн көрсөң көз жаш төгүп ыйлап турган
Түн көрсөң көөдөй кара ит улуган,
От көрсөң жалгыз күйгөн тоо башынан
Жапжалгыз кайык көрсөң толкун урган.

Анан да буюм көрсөң кыйрап, сынган
Бак көрсөң бороон улуп, шагы сынган.
Ошонун баары мен деп биле бергин
Көзүңө көрүнгөндүн баары менмин
Жалдырап сени тилсиз карап турган.

(“Сен болуп бардык жайдан караганым”)

Сүйүүнүн туу чокусун (кульминациясын) багындырган не деген саптар, окуган сайын поэзиянын кереметине арбалып, поэзиянын күчүнө багынып, көргөн күнүңө, ичкен сууңа да бактылуу болосуң, жашагың келет, бир нерсени жараткың келет... Поэзиянын жаратмандык кудуретине тан бересиң, тамшанасың.

Көрүнүктүү орус акыны А.Блок: “Акындар өз ара окшоштугу менен эмес, айырмаланышы менен кызык” дегени түшөт. Сүйүүнү жазган акындардан Омор Султанов эмнеси менен айрымаланат деген суроо жаралат.

Биринчиден, акын сезимге чын дилден мамиле жасады. Анын сүйүү ырлары жекеликтен жалпылыкка диалектиканын мыйзамы аркылуу өттү, сүйүү рухтун, жан дүйнөнүн, дух дүйнөсүнүн кыймылдаткыч күчү экени тереңдетилди. Экинчиден, акын сүйүү лирикасын өз апогейине жеткирүү үчүн бүт талант-шыгын сарптады, сезимдин адам баласында болчу ар түрдүү кырдаалын, абалын, туюмдарын, майда, назик юанстарына чейин ачып таштады. Акын кытмыр, арамза, кара өзгөй, өз ара эсептешкен, кадыр-баркы, статусу, мансабы үчүн сүйгөндөргө ырлары менен каршы турду, сүйүүсү үчүн баарына даяр экени тайманбай айта алды.

Адам пендесине ушул сапат канчалык зарыл экенин жашоосу аныктап, далилдеп, кашкайтып көрсөтүп турганы калппы?... Үчүнчүдөн, бүткүл дүйнө поэзиянын алп акындары кылымдар бою кашыктап чогултуп келаткан сүйүү берметтеринен жаралган кереметтүү, кудуреттүү, сыйкырдуу Сүйүү деңизине Кыргыз деген улуттун энчиси да кошулуп турганына сыймыктанганга акылуубуз.

25-июнь 2025-жыл

Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз