Тилин жоготсо да дилин жоготпогон Уильям Сароян

  • 23.08.2025
  • 1500

Уильям Сароян (1908–1981) жөнүндө мен обол 1981-жылы жазуучунун сөөгүнүн бир ууч күлү Арменияга алып келинип, Ереван шаарынын көкүрөгүндөгү Комитас атындагы парктагы улуттук пантеонго көмүлгөндө билгем. Кийин “Иностранная литература” журналында же “Литературная газетада” басылган кайсы бир чыгармаларын окуп, кийин тааныштыгыбыз токтогон. Бирок 2022-жылы Санта Моника шаарындагы букинисттик дүкөндөрдүн биринен талантуу жазуучунун 1966-жылы басылган “The Human Comedy” (Киши комедиясы) романын сатып алгандан бери, чоңдугу жана калыңдыгы алакандай китепке арбалдым да калдым.

Маал-маал 39 темага бөлүнгөн китептин саргайган барактарын ачып, туш келген жеринен окумай адат таптым. Ошентип, калифорниялык үй-бүлөнүн тарыхына арналган роман өз баалуулуктарын бекем тутунган эрендин өмүрүнө жана чыгармаларына болгон кызыгуумду арттырды. “Эрен” сөзүн жөн – жай колдонгонум жок. Анын жүйөсү бар. 1940-жылы “The Time of Your Life” (“Өмүрүңүздүн асыл учурлары”) драмасы үчүн Пулитцер сыйлыгы ыйгарылганда, 32 жаштагы Уильям Сароян чыгармачылыкты бизнесмендер баалабашы керек деп, кадыр-барктуу сыйлыктан баш тартат.

“Киши комедиясы” романындагы окуяларга шайкеш көркөм фильмге 1944-жылы “Мыкты сюжет” категориясында абройлуу “Оскар” сыйлыгы ыйгарылганда да Уильям Сароян мен жазган чыгарманын маңызын бурмалаган фильмдин аркасы менен атак-даңкка ээ болууну каалбайм деп, сыйлыкты албай коёт. Анткени, роман жазылгандан мурда калемгер - бүгүн дүйнөгө белгилүү Metro-Goldwyn-Mayer, кыскача, MGM кинокомпаниясынын буйрутмасы менен II Дүйнөлүк согуш кезинде өзү башынан өткөргөн катаал жашоосун чагылдырган киносценарий жазат.

Бирок кинорежиссёр сценарийди тыкыр карманбай койгондо, Уильям Сароян өзүнүкүн бербей, моюн толгоп туруп алат. Андай көк жалдыгы үчүн фильмден четтетилгенден кийин, даяр сюжеттерди пайдаланып, “Киши комедиясы” романын шилтеп салат. Бул роман аталышы окшош көркөм фильм прокатка чыгардан бир аз эле мурда жарык көрөт.

Жогорудагы окуядан кийин жазуучу утурумдук финансылык таңсыктыктарга карабай, он чакты романынын негизинде бир да фильм тартууга макулдук бербейт.

“Киши комедиясы” - классикалык америкалык роман деп да, Уильям Сарояндын эң мыкты чыгармаларынын бири деп да таанылган. Жарым-жартылай автобиографиялык романдын өзөгүндө Итака деген кичинекей кентте жашаган 14 жаштагы Гомэр ысымдуу жеткинчектин өмүрү. Каармандын атасы ал бармактай кезинде (үч жашында) өлөт, агасы согушка кеткен, үйдө апасы жана иниси менен карындашы бар. Өзү телеграф кеңсесинде телеграмма жеткирчү чабарман болуп иштейт.

“Киши комедиясын” жазуучу апасы Такуи Сароянга арнаган. Уильям Сароян  чыгарманын башындагы Арноосунда белгилегендей, өзүнүн эң сара, эң мыкты чыгармасын апама арнаймын деп тилек кылган. Бирок улам жазган чыгармасына канааттанбай жүрүп, убакытты уурдата берет. Минтип отурса, адабий-эстетикалык табитим жана чеберчилигим кай жагына оойт деген күмөнсүнүүдөн улам, камылганы болочокко калтырууга дити даабай, даяр сценарийди романга айлантып, үч жашынан жалгыз өстүргөн жана англисче сабаты жок апасына багыштайт. Ушул себептүү 1942-жылы Сан Франциско шаарында жазылган Арноонун орчундуу бөлүгүн кыстара кетпесем, жазуучунун оюн толук жеткире албачудаймын.

“Менин үмүтүм бар: Жакында кайсы бир керемет адам романды армян тилине оодарат жана ал сизге түшүнүктүү тамгалар менен терилет. Котормо англис тилиндеги нускасынан мыкты окулушу ыктымал жана романды өзүм жазганыма карабастан, мурда эчен ирет болгондой, балким сиз анын айрым бөлүктөрүн мага окуп бергиңиз келиши мүмкүн. Сиз окуп берчү болсоңуз, убада берем, кунт коюп угам жана башкалар анча билбеген жана бөтөндөр көп баалабаган тилибиздин сулуулугуна суктанамын. (Эмне деген керемет сөздөр! Калифорнияда киндиги кесилген инсандын ата-бабаларынын тилине болгон урматын мактоого да, үлгү тутууга да, баш ийип таазим эткенге да арзыйт!) Сиз англис тилиндеги китептерди армян тилиндеги китептердей окуп, ырахаттана албайсыз, а мен армян тилинде окуй да, жаза да албаймын, ошон үчүн биздин бар үмүтүбүз жакшы котормочуда.

А дебейли, бу дебейли, бул роман сиз үчүн жазылды. Ал сиздин көңүлүңүзгө толот деген үмүтүм бар. Мен чыгармада өзгөчө сизге жана биздин үй-бүлөгө мүнөздүү катаалдык менен бейкамдык тууралуу колумдан келишинче жөнөкөй жаздым. Романда баары камтылбаганын билемин, бирок андан эмне өзгөрөт? Сизге баары купулдагыдай көрүнөт, анткени муну сиздин уулуңуз чын ыкласы менен жазган,” деп аяктайт Уильям Сароян апасына Арноосун.

Теги-жаны армян америкалык жазуучунун береги сөздөрүн кошпосом, анын бейнеси толук ачылчудай эмес... “Мен англис тилинде жазганым менен өзүмдү армян жазуучусу деп эсептеймин. Мен колдонгон сөздөр англисче, менин жазгандарым - америкалык чөйрө жөнүндө, бирок мени жазууга армян руху шыктандырат. Демек, мен армян жазуучусумун жана армян жазуучуларынын бүлөсүнө таандык экениме сыймактанам жана жогору баалаймын.” 

Ар бир кыргыз баласында да өз тилине, өз элине болгон урмат-сыйы ушундай аруу болуусу керек эмеспи!?

Эмесе, Уильям Сарояндын “Киши комедиясы” романынан бир шиңгилди окуп, сиздер да америкалык улуу калемгер жеткинчек курагында баштан кечирген бир окуянын көркөм сүрөттөөсү менен таанышыңыздар, урматтуу окурмандар!

Сэндовал айым

Чабарман велосипедин Роза Сэндовал айымдын үйүнүн жанына токтотту. Эшикке көтөрүлүп, акырын тыкылдатты. Үй ичинде киши бар экенин ошол замат туйду. Ичкериден эч кандай добушту уккан жок, бирок анын тыкылдатканын эшитип, кимдир бирөө эшиктин оозуна келгенинен күмөн санабады. Алн Роза Сэндовал деген аялды босодо көрүүгө дилгир эле. Тиги адам көп күттүрбөдү, лекин эшикти саалыктырып ачты. Эшикти ким ачпасын, ал дүйнөдө эч нерседен коркпогон адамдай түк шашпады. Босогодо Роза Сэндвал айым өзү туруптур.

Гомэр үчүн бул мексикалык аял аябай сулуу көрүндү. Өмүрүндөгү бардык кыйынчылыктарга майышпай чыдаган береги аял башынан кечирген катаал жылдардан кийин да балага ууртунан мээримдүү жылмайды. Бирок ал бирде-экиде телеграмма албаган адамдар сымал чабармандын келүүсүн жаман жышаана катары боолгоду. Гомэр Роза Сэндовал айым аны көрүп, үрөйү учарын билген. Аялдын биринчи сөзү күтүүсүз окуяга кабылган адам айтчу биринчи сөздөй болду. Ал «ох» деп ийди жана эшикти чабарман эмес, эски тааныштарынын бири ачкан болсо, экөөбүз эзилише сүйлөшүп отурбайт белек деп ойлоду. Аял Гомэрдин көздөрүнө кунт коюп карап турду, Гомэр телеграммадагы сөздөр аялга жакпасын түшүндү.

Бул Гомэрдин жаңылыштыгы эмес. Телеграмма жеткирүү - жумушу. Анткен менен, ал азыр болгон окуя үчүн жалгыз өзүн жооптуудай сезип, ыңгайсыз абалда калды. Ошол эле учурда эч тартынбастан: «Сэндовал айым, мен болгону – чабарманмын. Сизге ушул сыяктуу телеграмма алып келгеним үчүн сизден кечирим сураймын. Мунун себеби – мен өз жумушумду аткарууга милдеттүүмүн», - деп айткысы келди.

– 1129 G көчөсү, Роза Сэндовал айымбы? – деди Гомэр жана телеграмманы мексикалык аялга сунду. Бирок аял телеграмманы алган жок.

- Сиз Сэндовал айымсызбы?

- Кирегой. Үйгө кирегой.

Аял эшиктин оозунда кыжаалат болуп, күймөнүп турган балага телмире тигилди.

– Телеграммада эмне деп жазылыптыр?

– Сэндовал айым, - деп баштады сөзүн бала, - телеграммада...

Аял баланын сөзүн бүткөрбөй жулуп алды.

– Сен телеграмманы ачып, анда эмне жазылганын мага окуп беришиң керек. А сен телеграмманы алиге ачпаптырсың, - деди аял.

– Ооба, айым, - деди Гомэр азыр эле катасын оңдогон мугалимине сүйлөп жаткан окуучу сымак. Бала толкундагандан калтыраган манжалары менен телеграмма салынган конвертти ачты. Мексикалык аял эңилип, чекеси айрылган конвертти жерден алды. Боюн түзөп, баладан сурады:

– Телеграмманы ким жөнөтүптүр? Менин уулум Хуан Домингобу?

– Жок, айым. Телеграмма Согуш департаментинен[1] экен.

– Согуш департаменти? – Таң калгандай сурады мексикалык аял.

– Сэндовал айым, - чечкиндүү сүйлөдү Гомэр,- сиздин уулуңуз өлүптүр. Балким бул жаңылыштыктыр. Балким ал сиздин уулуңуз эместир. Балким башка бирөөдүр. Телеграммада Хуан Доминго деп жазылыптыр. Бирок телеграмма ката болушу мүмкүн.

Мексикалык аял баланын сөзүн укпагандай түр көрсөттү.

– Оо, сен коркпогун, - деди ал. - Ичкериге кир. Мен сага момпосуй берем.

Аял баланы колунан жетелеп, бөлмөнүн ортосундагы үстөлгө алып барып, орундукка отургузду.

– Бардык балдар момпосуйду жакшы көрүшөт.

Ал башка бөлмөгө кирип кетип, буйдалбай эле шоколаддын эски кутусу менен кайра келди. Колундагы кутуну үстөлгө коюп ачты эле, Гомэр өзү мурда көрбөгөн момпосуйлар экен.

– Мына, - деди аял буйругандай үн менен. - Мына бул момпосуйду жегин. Бардык балдар момпосуйду жакшы көрүшөт.

Гомэр кутудан бир кесек момпосуй алып, оозуна салып, чайнаганга аракет кылды.

– Сен мага жаман телеграмма алып келбегин.

Мексикалык аял сүйлөп жатканда, бала кургак момпосуйду чайнап отурду.

– Бул момпосуйду өзүбүз кактустан жасаганбыз.

Аял күтүүсүздөн бышактап ыйлагандай үн чыгарып, мурду менен терең дем ала баштады. Мунусу ыйлаганын жашыруунун айласына окшоп кетти.

Гомэр ордунан атып туруп, дыр коюп качып кетүүнү каалады. Бирок ал буерде калышы керектигин сезди. Атүгүл калган өмүрүн ушуерде өткөрүүм зарыл деп ойлоду. Мексикалык аялдын кайгысын жеңилдетүү үчүн дагы эмне кылуу керектигин билбеди жана непадам аял уулумун ордуна уул кылып алайын деп суранса, «жок» деп баш тарта алмак эмес. Себеби, кантип «жок» дегенди билбейт эле. Бала ордунан турду, - тигинен турса, оңолбос жаңылыштыкты оңдочудай болуп, кайкайып турду жана ою куру кыял экенин аңдап, өзүн мурдакыдан бетер ыңгайсызданды. Башында «Мен эмне кыла аламын? Шайтан алгырдыкы десе, колуман эмне келет? Мен болгону чабарманмын» деген сөздөр кайра-кайра айтылып жатты.

Аял капилеттен баланы кучагына тартып:

– Менин кичинекейим, менин балакайым! – деп жалооруду.

Бала эмнегедир бул окуядан айыккыс жараат алганын туюп, ооруга чалдыккан кишидей алсырап, кусуп жеңилдөөм абзел деп ойлоду. Ал бет алдындагы аялды жек көрбөдү, бирок анын баласынын өлгөнү туура эместей көрүндү; дагы жашагысы келеби, билбеди.

– Келегой садага, - деди аял. - Буерге олтур.

Аял баланы күчкө салып, орундукка отургузду да, өзү анын жанына турду.

– Келегой, сени жакшылап көрүп алайын.

Мексикалык аял баланы эми көргөндөй таңыркап карады, а денесинде соо жайы калбагандай шалдыраган чабармандын кыймылдоого алы жетпей мелтиреди. Ал өзүндө не сүйүү, не жек көрүү дегенди сезген жок, бирок анын жүрөгүнүн тереңинде береги бечара аялга гана эмес, бардык тирүү жандарга, адамдардын жан чыдабас иштерге болгон чыдамкайлыгына жана өлүмгө кайыл деп моюн сунуусуна жийиркенүү пайда болду. Ал жанындагы аялдын эбак өткөн жаш курагын көз алдына элестетти: сулуу келин балапандай бөбөктүн бешигинин кашында отурат. Абдыраган келин үнү – дымы чыкпаган алдындагы перзентине илгери үмүт менен тигилүүдө. Гомэр келиндин бешик тербетип отурганын көрдү, анын наристесине ырдап жаткан үнүн укту. Эми бул аялга тынчтык керек деди бала өзүнө.

Чабарман бала кайра велосипедин чимирилте тээп, караңгы көчөдө сызып баратат. Көздөрүнөн жашы шорголоп агууда, эриндеринен өспүрүмдөргө мүнөздүү токонаалаттар куйулууда. Телеграф кеңсесине жеткенде көздөрүнөн шоргологон жашы токтоду, бирок жан дүйнөсүндө башталган өзгөрүү эми эч токтобосун билди. «Токтоп кереги жок, андай болсо, менин жасаттан эмне айрымам бар!» - деди ал кимдир бирөө кулагында мандеми бар адам менен сүйлөшүп жаткандай күңкүлдөп.

Англис тилинен которуп, кириш сөзүн даярдаган Амирбек Азам уулу

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

 

[1] Департамент – АКШда министрлик ушундай аталат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз