Дилазык: Жапон эл жомоктору

  • 08.09.2025
  • 889

Кюдзаэмондун үйүнө келген Кар Келин

Жакыр дыйкан Кюдзаэмон эски тамынын каалгасын жаап, уктаганы жатты.

Түн ортосуна жуук кимдир бирөө эшик каккылап, аны ойготуп койду. Ал босогого барып:

– Сен кимсиң? Сага эмне керек? – деп сурады.

Чакырылбаган конок анын суроосуна жооп бербей, каалганы каккылап:

– Мага тамак бер. Түнөгөнгө киргиз, – деп утуру кайталап жатты. Этият Кюдзаэмон бейтааныш конокту ичкери киргизген жок, үйүнө эч ким кире албасына ишенген неме төшөгүнө жеткенде, арт жагында турган аялды көрдү. Аял этек-жеңи желбиреген ак көйнөкчөн экен, узун чачтары далысынан ылдый салаалайт.

– Кетаң кайда калган? – деди корккон дыйкан тигиден. Аял жана анын үйүнүн каалгасын ал каккылаганын айтып:

– Мага кетанын кереги жок, себеби менин эки бутум жок! – деп ал-жайын түшүндүрдү. – Мен бутактарын кар баскан дарактардын үстүнөн учуп, коңшулаш кыштакка барышым керек болчу, бирок шамал бет маңдайдан катуу согуп туруп алгандыктан, токтоп эс алайын дедим.

Дыйкан арбактардан корконун айтты эле, аял үй ээсинде үй-бүлөсүнүн бутсудан – алтары бар бекенин сурады. Алтарь бар экенин билип, анын дарчасын ачып, от тамызып, таш чырактын билигин күйгүзүп коюну өтүндү. Дыйкан өтүнүчтү аткаргандан кийин аял үй ээсинин ата-бабаларынын ысымдары жазылган тактанын алдына барып таат кылды, ошондой эле тынчы кетип, толкундап турган Кюдзаэмон үчүн да дуба окуду.

Аял сыйынып бүтүп, өз аты Ойасу, күйөөсүнүн аты Исабуро экенин, мурда ата-энеси жана күйөөсү менен чогуу жашаганын айтты дыйканга. Ойасунун айтышынча, ал өлгөндөн кийин күйөөсү анын ата-энесин таштап кетиптир, азыркы максаты – күйөөсүн үйгө кайтарып, картайган ата-энесине кам көрүүгө көндүрүү экен.

Кюдзаэмон аялдын абалын түшүнө баштаганда, «Ойасу карда өлгөн турбайбы, демек менин алдымда анын руху турат» деп күбүрөдү өзүнчө. Ал минтип ойлогону менен дале коркуп, денеси калчылдайт. Ушул абалында: «Наму Амида Бутсу! (Кубаттуу Буддага даңк!) деп кайра-кайра кайталап, үй-бүлөсү сыйынчу алтарды көздөй кадам шилтеп баратты.

Дыйкан эптеп сыйынып бүтүп, төшөгүнө жетип, башы жаздыкка тиери менен катуу уйкуга кирди. Ал жанагы ак кийимчен аялдын «Кайыр!» деген үнүн угуп ойгонуп, көзүн ачты; бирок дыйкан кайырлашканча, аял көздөн кайым болду.

Келерки күнү Кюдзаэмон коңшу кыштакка барып, Исабурону издеп тапты. Ал кайра кайын атасынын үйүндө жашап жаткан экен. Исабуронун айтканына караганда, аялынын руху ага бир нече жолу Йукки-Оннанын келбетинде келип кетиптир. Дыйкан уккандарын шашпай талдап отуруп, Кар Келин ага келип, көзүнө көрүнгөндөн кийин түз эле күйөөсү Исабурого барып жолукканын түшүндү. Исабуро ошондо Ойасунга өтүнүчүн аткарам деп убада берип, андан бери Ойасундун арбагы не күйөөсүнө, не Кюдзаэмонго көрүнүп, тынчын албады. Анын арбагы кар лапылдатып ылдам жааган учурда гана асман кезип, сейил курганы чыгат экен.

Түлкүнүн үйлөнүү тою

Илгери бир заманда Фукуэмон деген ак түлкү жашайт. Ал он беш жашка чыкканда маңдайындагы көкүлүн кесип салат да, сулуу колукту таап, үйлөнмөк болду. Түлкүнүн улгайган атасы жыйган дүйнөсүн уулуна мурас кылып, бейкам жашоонун лаззатын татып, жашоого өткөн бу чакта. Атасы берген мурасына кубанган жаш түлкү байлыгын дагы көбөйтүү үчүн жан аябай, куштарлана иштеди.

Өз чөлкөмүндө таанымал кадырлуу карт түлкүнүн бойго жеткен сулуу кызы бар эле. Анын терисинин жүнү кундуздай кулпуруп, маржандай жылт-жулт этип, көз жоосун алганы жөнүндө кабар чар тарапка тарайт. Бул кабар жаш түлкүгө да жетип, ал ушу бийкечке үйлөнөм деп чечти, аны менен жолугуп таанышты. Бири-биринин купулуна толду; эки куда да жолугушуп, той шартын макулдашты.

Күйөө баланын үйүнөн колуктунун үйүнө кымбат баалуу белек-бечектерди коштогон чабарман жөнөтүлдү; тилинен бал тамган чабарман куттук сөзүн сүйлөп, тартууларды кайындар тараптан дайындалган өкүлгө тапшырды. Чабармандын сөзү өкүлдүн көңүлүнө толду. Албетте, белек-бечектерди алып келгендердин акысы, адаттагыдай жез тыйындар менен төлөндү.

Шаан-шөкөт бүткөндөн кийин колуктуну күйөөнүн үйүнө алып барганга ыңгайлуу күн тандалды. Келинди жеткирүү, үйгө киргизүү салты маалында бирде жамгыр көнөктөп жааса, бирде күн чакчайып тийип турду. Тойдун шарап ичүү үлпөтү бүткөндөн кийин келин үстүндөгү кийимин алмаштырды. Ырдашты. Бийлешти. Коноктор үйлөнүү тою тамам болгонун түшүнүп, ызы-чуусуз тарап кетишти.

Келин күйөөсү менен бактылуу өмүр сүрүп, чоң атасын сүйүнтүп, удаа-удаа бачиктер туулду. Карт түлкү кичинекей бачиктерди көпөлөк же гүл сыяктуу аярлап да, астайдил бапестеп да бакты. «Неберелеримдин келбети чоң аталарына каптап койгондой окшош, – деди терисине батпай сүйүнгөн карт түлкү сыймыктанып. – Теңир жалгап, бачиктердин дени чың. Ошондуктан дары-дармек үчүн болочокто бир сары чака да коротушпайт!»

Убакыт да өттү, бир кездеги жаш жубайлар да картайышты. Абышка-кемпир түлкүлөрдүн пири – Инари Сама кечилканасына жеткирилди. Алар өздөрүн иттерден жана түлкү баласына тукумдан тукум берилчү илдеттерден сактоону сурап, Инари Самага жалбарып, таат кылышты.

Ушинтип ак түлкү байгерчилик турмушта картайды, бала-чакасы жылдан жылга көбөйүп, тегерегинде карыянын камын көрүп жүрүштү; жасаган иштеринин акыбетин көрүп жашаган ак түлкүнүн үй-бүлөсүнө ар жыл сайын жаз айлары улам жаңы кубаныч тартуулайт.

Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз