АҢГЕМЕ
Нервдери кылдай чыңалган Алан Остен Пелл-Стрит көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта кыйчылдаган тепкич менен өйдө көтөрүлүп, караңгы аянтчада өзүнө керек адамдын аты-жөнүн тамгалары бир-бирине учкашкан көрнөкчөлөрдүн арасынан тапканча бир кыйла убакыт өттү.
Ал, өзүнө айтылгандай, эшикти ийменбестен түртүп ачып, тар кичинекей бөлмөгө кирди. Көзүнө тамак-аш жегенге ылайыкталган жөнөкөй үстөл, термелме орундук жана стул урунду. Киргилт күрөң дубалдардын бир капшытындагы эки текчеде он беш чакты шише менен банкадан башка эч нерсе жок. Абышка термелме орундукта гезит окуп отуруптур. Алан эч сөз айтпастан колундагы карточканы абышкага сунду.
– Отуруңуз, Остин мырза, – деди абышка. – Сиз менен таанышканыма кубанычтамын.
– Сизде кишиге күчтүү таасир эткен кандайдыр бир аралашма бар экени чынбы? – деди Алан абышкага суроолуу тигилип.
– Урматтуу мырзам, – деп баштады сөздү абышка, – менин ассортиментим чоң эмес. Мен ич өткөрүүчү жана тиш өстүрүүчү аралашмаларды сатпаймын, бирок менин ассортиментим ар түрдүү. Мен саткан даары-дармектерди кадимки дарыларга окшош деп айтууга болбойт, себеби алар өзгөчө касиетке ээ.
– Жакшы экен, ошентсе да фактыларга кайрылсак, – деди Алан.
– Мисалы, – абышка текчедеги шишени колуна алып, Аландын сөзүн бөлдү. – Береги суюктук суу сыягы түссүз, даамы жок; кофе, сүт, шарап же башка заттарга кошкондо да даамы билинбейт. Аны аутопсияда[1] колдонулган бардык усулдарды пайдаланып да таба алышпайт.
– Муну уу деп айткыңыз барбы? – деди Алан.
– Эгер кааласаң, колкап тазалагыч деп атагын, – деди абышка эч камырабастан. – Балким, бул колкап тазалаганга жарайт. Мен өзүм аны менен колкап тазалап көрбөдүм эч качан. Башка бирөө аны жашоо тазалагыч деп аташы ыктымал. Жашоону кээ-кээде тазалап туруу зарыл.
– Менин андай ойлорум жок, – деди Алан.
– Ушунуң жакшыдыр балким, – деди абышка шашпай. – Сен мунун баасын билесиңби? Бир чай кашыгы үчүн – ал сага жетет. Мен беш миң доллар сураймын. Бир пенни[2] ылдый түшпөйм. Арзандатпайм.
– Сиздин бардык эле аралашмаларыңыз кымбат болбосо керек, – деди Алан таң калганын абышкага билдирбей.
– Оо, каралдым, жок! – деди абышка. – Бул сымак уу затты кымбат саткан жакшылык менен бүтпөйт. Сүйүү уусуна муктаж жаштардын арасында беш миң доллары барлар абдан сейрек. Наркы кымбат болсо, уу зат жаштарга керексиз болуп калат.
– Бул сөзүңүз мени кубантты, – деди Алан.
– Уу затка мамилем ушундай, – абышка сөзүн уланты. – Бир товар менен кардардын көңүлүн алсаң, дагы керек болгондо сага өзү келет. Ал мурдагыдан кымбат экенине карабайт. Атүгүл акчасын үнөмдөп чогултат, аны сатып алуу үчүн.
– Сиз чын эле сүйүүнүн уу заты менен соода кыласызбы?
– Эгерде мен сүйүү уусу менен соода кылбасам, – деди абышка экинчи шишени текчеден алып жатып. – Башка товар жөнүндө сага оозанмак эмесмин. Киши кайсы бир ишти жасаганга мүмкүнчүлүгү болгондо гана өзү каалаган шартты тартынбай айта алат.
– Эмне бул уу заттар, – деди Алан. – Алар жөн гана... жөн гана...
– Оо, жок, – абышка Аландын оозундагы сөзүн жулуп алды. – Алар дайыма таасир этет, таасири демейдегиден да күчтүү болот. Бирок аларда уу заттын да касиети бар. Андай касиет мол, ада болбойт. Түбөлүктүү.
– Урматтуум! – деди Алан өзүн илимий көз карашка этибар бербеген кишидей көрсөтүүгө аракет кылып. – Кандай кызыктуу!
– Бирок сен аны руханий жактан да карап көр.
– Албетте, ошентемин, – деди Алан.
– Көңүлкоштукту алар кыйбастык, берилгендикке алмаштырат. Жек көрүүнү – абортко. Анын даамы апельсиндин ширесинде, сорподо же коктейлдерде дээрлик билинбейт. Жаш селкиге мындан бир доза берсең, ал канчалык шайыр жана жеңил ойлуу болбосун, толук өзгөрөт. Селкиге жалгыздык гана керек, а сен кечелерде көңүл ачканды жакшы көрсүн.
– Мен бул айтканыңызга анча ишенбейм, - деди Алан. – Ал ар кандай отуруштарды жанындай көрөт.
– Ал отуруштарга экинчи барбайт, - деди абышка. – Ал сен жолуккан сулуулардан сени кызгана баштайт.
– Чын эле мени кызганчу болобу? – деп кыйкырып жиберди Алан. – Мени кызганабы?
– Ооба, ал сен каалагандын баарын жасагысы келет.
– Азыр эле жасап жатат. Бирок эмне жасаганы маанисиз ал үчүн.
– Экөөңөр үйлөнгөндөн кийин, ага бардык иштин мааниси болот, - деди абышка ар бир сөзүн таптап сүйлөп. - Ал күнү-түнү сен үчүн кам көрөт.
– Керемет! - деп кыйкырып ийди Алан.
– Ал сенин жасаган иштериңдин баарын билгиси келет, - деп улантты сөзүн абышка. – Күн бою сени менен болгон окуялардын баарын билүүнү каалайт. Ар бир сөздү. Сен эмнени ойлоп жатканыңды, эмне себептен кокустан эле күлүп жибергениңди, эмнеге маанайың жок экени - мунун баарын билгиси келет.
– Сүйүү ушул эмеспи! – деп кыйкырды толкунданган Алан.
– Ооба, - деди абышка. – Ал сенин баскан-турганыңа, ар бир кадамыңа көз салып турат! Сени эч качан арытып-чарчатпайт, сага шамал ургузбайт, тамак-ашыңды жебей калтырганыңа жол бербейт. Эгер бир саатка кечиксең, дүрбөлөңгө түшөт. Сени өлтүрүп коюшту же кайсы бир сулуунун тузагына илинип калды деп түкшүмөлдөйт.
– Мен Диана ушундай деп эч ойлобоптурмун! – деди Алан кубанычы коюнуна батпай.
– Сага кыялдануунун кереги жок, - деди абышка. - Баса, сулууларсыз жашоо толук болбойт, сен келечекте мүмкүнчүлүк болуп, ала жипти аттап койсоң, эч коркпогун. Ал сени кечирет, акыр аягында. Анын жүрөгү ооруйт, албетте, бирок акыры сени кечирет.
– Мен андай ишке барбаймын, - деди Алан карганып ийчүдөй.
– Албетте, андай ишиң болбойт дечи, - деди абышка насаат айтып жаткандай. – Лекин, антип жаза базсаң, көп чочуба. Ал эч качан ажырашпайт. Ооба, ошондой! Арийне, ал өзү эч качан, эч качан бул сыяктуу шектенүүгө жол бербейт.
– Эми айтсаңыз, – деди толкунданган Алан. – бул сыйкырдуу дарынын наркы канча?
– Бул, мен бирдекиде айткандай, колкап тазалагыч же жашоону тазалагыч эмес. Жок. Мунун наркы беш миң доллар, бир пенни кеми жок. Киши бул сымак заттар менен өзүн алаксытуу үчүн сенден улуу куракта болуу керек. Башка бирөө муну сатып алуу үчүн акча топтоо керек.
– Бирок сүйүүнүн уу затычы?
– Оббо, ал... - абышка ашканадагы үстөлдүн суурмасын тартып, ичинен түсү киргилтим сымал бармактай шишени алып чыкты. – Мына бул бир гана доллар.
– Сиз мени кандай кубандырганыңызды айтканга сөз таппай турам, - деди Алан шишеге суюктукту этият толтуруп жаткан абышкага кадалып.
– Мен кишилерге жардамдашканды жакшы көрөмүн, - деди абышка каадасын жазбай сүйлөп. – Кардарлар бир канча жылдардан кийин турмушу оңолуп калганда мага кайра келип, мурдакыдан алда канча кымбат заттарды сатып алышат. Мына, сенин сураганың. Бул өтө күчтүү экенин өзүң көрөсүн.
– Дагы бир жолу ыраазычылык айтамын, - деди Алан. – Эсен болуңуз.
– Au revoir[3], – деди абышка.
Автор жөнүндө учкай кеп
Жон Генри Нойес Коллиер (1901–1980) – британ жазуучусу, акын, сценарист. Чыгармачылыгы Англияда башталат. 1935-жылдан тартып АКШда жашап калат. Кошмо Штаттарга кандайча аттанганын америкалык калемгер Макс Уилкке берген интервьюда баяндашынча, ал балыкчылардын кайыгын көрүп, аябай жактырып, сатып алмакчы болот. «Кайык 7000 франкка сатылат экен. Шайтан ургурдуку десе, мынча көп акчаны кайдан табам деп ойлодум. Элестетиңизчи, дал ошол тушта велосипедчен бир кыз келип, мага телеграмма сунду... Телеграмма менин Лондондогу агентимден экен. Ал менден «Голливудга сегиз жумага барып, жумасына 500 доллардан иштеп тапканга макулсуңбу?» деп сураптыр... Ошентип Калифорнияга барсам, мени күтүп жатышыптыр...» - деп эскерет.
Голливудда «чү» дегенден эле «Сильвия Скарлетт» деген кинокомедиянын сценарийин жазууга катышат. Ошол боюнча өмүрү киного жана телевидениеге байланып, көптөгөн сценарийлерди жазат, жазууга катышат.
Сынчылар Ж.Коллиердин мыкты аңгемелеринин поэтикалык тилине, оңой менен байкалбас курч юморуна жана окуянын күтүлбөгөндөй финалына көңүл бурушат. Ал эми Ж.Коллиердин 1934-жылы чыккан «Шайтан жана баары» жыйнагын америкалык көрүнүктүү адабиятчы Эверетт фэнтези жанрындагы «эң улуу жыйнактардын бири» деп атаган.
«Фантазиялар жана кайырлуу түн» аңгемелер жыйнагы Эдгар По атындагы сыйлык (1951) жана Эл аралык фэнтези сыйлыгы (1952) менен бааланган.
Ж.Коллиердин кол жазмалары Техасс университетинин (Остин шаары) Гуманитардык изилдөөлөр борборунда жана Айова университетинин китепаканасынын өзгөчө коллекциялар фондунда сакталууда.
«Cүйүүнүн уу дарысы» мындан дээрлик 75 жылы чыккан «Улуу кыска аңгемелер» жыйнагына кирген.
Аңгемени англис тилинен которуп, жазуучу жөнүндө маалыматты даярдаган Амирбек Азам уулу.
[1] Аутопсия – өлгөн кишини же жасатты союп, ачып көрүү.
[2] Пенни – майда тыйын.
[3] Au revoir (фран.) – кош бол.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR