Роалд Дал: Тери

  • 15.11.2025
  • 1004

Котормочудан нускоо

Кара юмордо трагедиялык табу темалар – өлүм, азап, акылга сыйбастык (абсурд), моралдык кедергеси кеткендик (дегредация) сарказм аркылуу берилет. Ал дүйнөлүк адабиятта адамзаттын адаттан тыш жүрүм-турумун ашкерелөө жана социалдык адилетсиздикти айыптоо ыкмасы катары кызмат кылат.

Кыргыз адабиятында кара юмор өз алдынча багыт катары калыптанган эмес, бирок оозеки адабиятта анын көрүнүштөрүн байкоого болот. Кыргыз фольклору Апенди, Кемчонтой, Телибай тентек өңдүү сатиралык образдарга бай. Ошондой эле Куйручук, Жоошбай, Көкөтөй, Шаршен баш болгон эл куудулдарынын, чечендеринин “нар кескен кылычтай” ѳткүр тил менен айткан куйкум сѳздѳрү эл арасында эбак учкул сѳзгѳ айланып кеткен, ал эми элдик макал-ылакаптар байлар менен эки жүздүү адамдардын бетин ачат. Мындагы күлкү дарылоо милдетин аткарып, азаптанып жатса дагы ички эркиндикти сактап жашоого көмөк көрсөтөт.

А.Токомбаев, К.Баялинов, Тоголок Молдонун чыгармаларында трагедия менен комедия жанаша жүргөн учурларды байкоого болот. Жакырдын тагдырына кайдыгер аткаминер жаманатты гана болбостон, күлкүгө да туш болот. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында кайгылуу тагдыр философиялык милдетти аткарат. “Кыямат”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Ак кемеде” трагедия абсурд менен чиеленишсе, адамдын азабы тагдырдын тамашасы менен жуурулушат. Эс тутумун жоготкон маңкурттун образы иш жүзүндө кара юмор философиясын ишке ашырат: адам тарыхтын каардуу шылдыңына кабылат. Жазуучу иронияны күлкү үчүн эмес, жашоонун трагедиялуу маңызын түшүнүү үчүн колдонот.

Кыргыз маданиятында өлүм, азап жана бийлик салттуу түрдө тыюу салынган темалар болгондуктан, кара юмор окурманды чочулоодон бошотуучу механизмдин ролун аткарат. Ал тыюу салынган темалардан коркууну жок кылып, коомго өз жаракаттарын иллюзиясыз кароого мүмкүндүк берет. Ошентип, кара юмор көркөм гана эмес, тарыхый жана жеке тажрыйбаны сындоо, сарказм аркылуу түшүнүү ыкмасы болгон социалдык-психологиялык феноменге айланат.

Эрмек Шоорук

АҢГЕМЕ

Ошол жылы – 1946-жылдын кышы негедир көпкө созулду. Ай чын куранга оосо дагы, шаар көчөлөрүн ызгаар шамал шимшилеп, карга тойгон булуттар көктө ылаалайт.

Дриоли аттуу карыя Риволи көчөсүндөгү жанжол менен сүйрөлүп басып барат. Суукка кайыкканынан киргилт кара кемселин бүрүшө кымтыланып алган. Тик жакасынан төбөсү менен жылтыраган көзү гана көрүнөт.

Кафенин ачык эшигинен куурулган тооктун жыты келип, карыянын кезерген ашказаны ого бетер түйүлдү. Дүкөндүн терезесиндеги атыр, жибек галстук, көйнөк, зер буюмдарын, идиш, эски эмеректерди, кооз мукабалуу китептерди кайдыгер карап өттү. Бир кезде караса, сүрөт дүкөнүнө келип калыптыр, өзү да мындайды жакшы көрөт. Терезеге бир эле сүрөт коюлган экен, тык токтоп карап калды. Бурулуп жолун улайын деп барып, кылчактап кайра карады; күтүүсүздөн көөдөнүн опкоолжуткан тынчсыздануу пайда болду, эчаккы көргөн нерсеси эсине түшкөндөй эс тутуму тириле түштү. Пейзаждагы бороон-чапкынга тушуккандай бир жагына кыйшайган дарактар менен булуттар казыкка оролгонсуп көккө тирелет. Алкакка кынаптап бекитилген тактада мындай деген жазуу турат:

Хайм Сутин (1894–1943)

Дриоли сүрөткө бүшүркөй тигилип, эмнеси тааныштай сезилип жатканын түшүнө албай, будуң-чаң түшкөн ойлору ыдырап, эски коргондой урап жатты. “Кызыктай сүрөт экен”, – деп ойлоп койду. “Турушу башкача, анткен менен өзүнө тартып турат... Хайм Сутин... Сутин”

– Оо, Кудай! – деп кыйкырып жиберди чок баскандай. – Баягы менин кичинекей калмыгым, ошол! Калмыгымдын сүрөтү – Париждин эң мыкты дүкөнүндө! Элестетсеңер!

Карыя терезеге чукулдап келди. Уланды эми даана эстеди, бирок качан болду эле? Качанкы окуянын баарын көңүлгө түйүнчөктөй түйүп жүрүш кыйын экен. Андан бери канча суу акты? Жыйырма, жок, отуз жылдай болду окшойт, ээ? Коё тургула. Ооба, согуш алдындагы жыл болчу, Биринчи дүйнөлүк согуш, 1913-жыл. Ошол жыл. Кабагы кара сур булуттай салаңдаган, кебетеси суук тапанчадай калмыкты ичинен жактырчу, эмнеге экенин деле билбейт, кыязы, сүрөт тартканы үчүн болсо керек.

Сүрөт тартканында сөз жок! Өткөн өмүрү көз алдынан чубалып өтүп, күнү-бүгүнкүдөй эсине түшүп жатты – көчөдөгү таштанды челектердин каңылжарды жарган жыты, таштандыны аралай аяр баскан таргыл мышыктар, эшик алдында шагылда буттарын учкаштыра отурган жоон-жолпу терчил аялдар. Кайсы көчөдө жашачу эле, атың өчкүр?

Сите Фальгиеде! Карыя аталышын эстегенине корстон боло башын ийкегилеп жиберди. Жалгыз отургуч коюлган студияда майланышкан кызыл диван, ага жумушун чекесине кабыштырып алган улан жатат, күүлдөгөн отуруш-кечелерде арзан шарапка тоюп алып күүлөнгөндөрдүн уруш-талашы үзүлбөйт.

Ойдо жок жерден баары эсине оңой түшүп, ар бир көз ирмем биринин аркасынан бири чууруп келе берди. Баягы жонуна чектиргендеги жорукчу? Канткен менен ойго келбес жосун болгону чын эмеспи? Эмне болуп башталды эле? Аа, баса, бир ирет калтасы кампая түшүп, шарап толгон баштыгын колтугуна кыса студияга кирсе, улан мольберттин[1] алдында олтуруп, бөлмөнүн ортосундагы Дриолинин келинчегин тартып жаткан экен.

– Бүгүн бизде майрам, – деди ал. – Үчөөбүз бүгүн тойчук кылабыз.

– Эмненин урматына? – деп сурады улан өйдө карабастан. – Аялың сени менен ажырашып, мага турмушка чыкканын майрамдайбызбы?

– Жок, – деди Дриоли. – Бүгүн жумушумдан көп акча тапканымды белгилейбиз.

– Менин го тапкан эч нерсем жок. Ушуну да белгилеп койсо болот.

– Өз эркиң.

Дриоли үстөлдүн жанында туруп, баштыкты чечип жатты, чарчаганынан шараптан тезирек таткысы келди. Бир күндө тогуз кардардын келгени жакшы болбодубу, бирок көз менен ойноп болбойт. Буга чейин бир күндө тогуз кишиге чегип көрбөптүр. Кызымтал тогуз жоокер, эң кызыгы – жетөөсү накталай төлөштү. Жыйынтыгында капчыгы тогуздады, анткен менен көзүнө кыйын болду. Чарчагандан көзү жабышып, көзүнүн агын каптап калган тарам-тарам кызыл торчолор кыпын кирип кеткенсип карегин ноюп өйкөйт. Көз байланып да калды, канга салам бербегидей бай, ал эми баштыкта үч бөтөлкө – бирөөсү аялына, экинчиси – досуна, дагы бири – өзүнө. Тыгын ачкыч менен бөтөлкөлөрдүн оозун ачкан сайын үн чыгат.

Улан кыл калемин жерге койду.

– О, Кудай, – деп жиберди ал. – Ушундай ызы-чууда кантип иштейт киши?

Айым жакын келип, сүрөткө тигилди. Дриоли бир колуна бөтөлкө, экинчи колуна бокал кармап келди.

– Карабагыла! – деп кыйкырды улан күтүлбөгөн жерден албууттана. – Суранам, жакындабагыла!

Ал кенепти[2] мольберттен жулуп алып, дубалга жөлөп койду, бирок Дриоли көрүп калган болчу.

– Мага жакты.

– Ушул кантип болсун?

– Керемет. Сен тарткан сүрөттөрдүн баары ажайып.

– Ушунун баары мага азык болуп бермек беле? – деди улан кабагын бүркөп.

– Баары бир керемет.

Дриоли шарап толгон бокалды сунду.

– Тартып жибер, – деди ал. – Көңүлүң ачыла түшөт.

Ал мынчалык жылдызы жерге түшкөн жанды көргөн эмес. Жети ай мурун кафеде жалгыз ичип отурган жеринен жолуктурган, бир караганда орус түспөлдөнүп, бир туруп азиятка окшошуп көрүнгөн. Анан Дриоли жанына отура калып кепке тарткан.

– Оруссуңбу?

– Ооба.

– Кайсы жеринен?

– Минскиден.

Дриоли ордунан секирип туруп, кыса кучактап, өзүнүн туулган жери ошол шаар экенин айтып кыйкырып жиберди.

– Негизи туулган жерим Минск эмес, – деди улан. – Аябай жакын бирок.

– Кайсыл жерде?

– Смиловичте, болжол менен жыйырма чакырым.

– Смилович! – деп кыйкырган Дриоли кайра кучактап калды. – Бала кезимде көп баргам ал жерге.

Анан кайра отуруп, маектешинин жүзүнө мээримдүү тигилди.

– Билесиңби, – деди ал, – сен батышта жашаган оруска окшобойсуң. Татарга же калмыкка окшошсуң, чын, калмыктын өзүсүң.

Дриоли уланды кайра карап, колундагыны бир дем менен тартып жиберди. Ооба, кере карыш жаагы, коңкойгон муруну, делдейген кулагы калмыкка окшоштугун баса белгилейт. Жымшык көздөрү, көмүрдөй кара чачы, калбыйган оозу аялдыкындай мытыйган, ичке колдоруна коошпой турат.

– Куйчу дагы, – деди улан. – Майрамдаганга жараша өтөсүнө чыгара майрамдаш керек.

Дриоли шараптан куюп, өзү отургучка, ал эми улан Дриолинин аялынын жанына эски диванга отурду. Үч бөтөлкө ортодо турат койкоюп.

– Бүгүн болушунча ичебиз, – деди Дриоли. – Чириген баймын. Балким, азыр барып алып келе коёттурмун? Канчаны алайын?

– Дагы алтыны, – деди улан, – ар бирибизге экиден болгудай.

– Болуптур, азыр эле алып келем.

– Көтөрүшүп келейин.

Жакынкы кафеден алты бөтөлкө шарап алып келип, жерге кош катар тизип коюшту, Дриоли баарынын тең оозун ачкандан кийин жайлана олтурду.

– Чылк байлар гана ушинтип майрамдашат, – деди Дриоли.

– Сөзүңдө чындык бар, – деди улан. – Ушундай эмеспи, Жози?

– Арийне.

– Жакшы элесиңби, Жози?

– Эң сонун.

– Сен Дриолиден кетип, мага турмушка чыгасыңбы?

– Жок.

– Керемет шарап, – деди Дриоли. – Ичсең өзүнчө эле жыргал.

Үчөө акырындык менен алагүү боло башташты. Ичкен сайын олуттуу сүйлөп, айтылганды кайталап, шарапты көтөрө чала мактаган жөрөлгө бар. Мастыктын үч өткөөлүнөн ыракат алыш үчүн ашыгыштын кажети жок, айрыкча (Дриолинин оюнда) буттарың баш бербей, өзүнчө эле калкып учуп калганда. Ушул учур баарынан сонун – бутуңду карасаң, тээ алыста, “кимдин буту, ал жакта эмнеге жатат” деп ойлоп кетесиң.

Бир аздан кийин ордунан туруп, жарыкты күйгүздү. Караса, буттары артынан ээрчип жүрөт, айрыкча жерге тийип жатканын сезбегенине таң калды. Бул ага абада басып жүргөндөй жагымдуу сезим тартуулады. Бөлмөдө ары-бери басып, дубалга жөлөнүп турган кенептерди уурдана карай баштады.

– Уксаң, – деди акыры. – Менде бир жаман ой бар. – Келип, дивандын жанына тура калды. – Мындай, кичинекей калмыгым.

– Эмнени?

– Менде бир ой бар. Тыңдап жатасыңбы?

– Мен Жозини угуп жатам.

– Мени уксаң эми. Сен менин досумсуң, минскилик барданым[3], сен мен үчүн талантсың, өз колуңдан чыккан сүрөтүңдү алгым келет.

– Баарын ал, баарын, болгону аялың менен мамилеме жолтоо болбо.

– Жок, жок. Уксаң эми. Өзүм менен кошо жүрчү сүрөттү айттым... түбөлүккө... каякка барбайын... кандай болбосун жанымда жүрчү... сен тарта турган сүрөт.

Жүткүнүп барып уландын тизесин кыса кармады.

– Уксаң боло.

– Угуп койсоң, – деди айым.

– Иш мындай. Териме сүрөт тартып берсең дейм, жонума. Анан өзүң тарткан сүрөттү чегип бер, мени менен жүрө берет.

– Оюң менен сенин.

– Мен сага чеккенди үйрөтөм. Оңой эле, баланын да колунан келет.

– Мен бала эмесмин.

– Суранам...

– Сен мээңен айныгандан алыссыңбы? Эмне кыласың муну? – сүрөтчү кишинин шараптан тумандаган көзүнө карады. – Кудай үчүн айтчы, сага мунун эмнеси керек?

– Муну оңой эле кыласың! Колуңдан келет!

– Чеккенди айтып жатасыңбы?

– Ооба, ошону! Мен сага алеки заматта үйрөтөм!

– Мүмкүн эмес!

– Оозумдан эмне чыгып жатканын билбейт деп турасыңбы?

Сүрөт чегиш уландын оюна да келген эмес, бул жерде ал тууралуу түшүнүгү бар киши Дриоли гана. Өткөн айда бирөөнүн курсагына ажайып гүлдүү ою түшүргөн өзү эмес беле? Кардардын көкүрөгүндөгү түк аюунун жүнүнөн айырмасы жоктой тартканын каякка жашырса болот? Бир айымдын колу ийилсе, жанданып барып кубулган укмуш кыймылга келген сүрөттү түшүргөнүчү?

– Сага айтайын дегеним, – деди улан ага, – сен ичип алдың, мастын оюна нелер келе бербейт?

– Бизге сүрөт тартканга Жози туруп берет. Жозинин сүрөтү менин аркамда жүргөнүн элестеттиңби? Жонума аялымдын сүрөтүн тарттырганга укугум жокпу?

– Жозининби?

– Ооба.

Дриоли аялын айтса эле, уландын дүлөй жабыштырып койгонсуган калбыйган эрини шалпайып, диртилдей баштарын билчү.

– Жок, – деди айым.

– Жаным Жози, суранам. Мобул бөтөлкөнү тамам кылсаң, көөнүң көтөрүлө түшөт. Өмүрүмдө мындай ой башыма келбептир.

– Кандай ой?

– Сүрөтүңдү жонума тарттырам деген. Ушинткенге укугум барбы?

– Менин сүрөтүмдүбү?

– Кийимсиз болсо, – деди улан. – Макул болчу иш экен.

– Ушул эле калды, болбойт андай, – деди айым.

– Жакшы ой, – деди Дриоли.

– Келжирек сунушту айтып не керек, – деди айым.

– Алмадай башка мындай ойду каткан болбойт, – деди улан. – Ошон үчүн алып коёлу.

Үчөө дагы бир бөтөлкөнү түгөтүштү. Анан уландын оозунан чыккан сөз ушул болду:

– Жок, болбойт, мен сүрөт чеге албайм. Андан көрө сүрөттү аркаңа тартып берем, жуунмайынча сени менен жүрө берет. Өмүр бою жуунбайм десең да өзүң бил, акыркы демиң чыкканга чейин жаныңда жүрөт, – деди.

– Жок, – деди Дриоли.

– Ооба, сен жуунган күнү сүрөтүм бааланбай калды деп билем. Бул менин талантымды баалаган сыноо болот.

– Мага мунуңар жакпай турат, – деди айым. – Сенин талантыңды жогору баалаганынан улам жылдап жуунбай койгонго даяр. Андан көрө чечинбей-этпей чектирели.

– Анда башын эле тарталы, – деди Дриоли.

– Колумдан келбейт дейм.

– Эң эле оңой, көз ачып-жумганча үйрөтүп коём. Көрөсүң. Азыр барып ийне, сыя, боёкторду алып келе калайын. Сенде канча боёк болсо, менде да ошончо түркүн түс сыя бар, андан да кооз…

– Болбойт дейм.

– Сыя көп эле ээ, Жози?

– Ооба.

– Көрөсүң, – деди Дриоли. – Азыр алып келем.

Ал ордунан туруп, калдаңдаган бойдон бөлмөдөн аткан октой чыгып кетти. Жарым сааттан кийин кайра келди.

– Баарын алып келдим, – деп кыйкырды күрөң жагданын[4] булгалап. – Мында керектүүнүн баары бар.

Жагданды үстөл үстүнө коюп ачып, электр ийнесин, түстүү сыя куюлган кичинекей бөтөлкөлөрдү алып чыкты. Электр ийнесин токко кошуп, аспапты күйгүздү. Күүлдөгөн үн чыгып, тырмактын агындай болгон учундагы ийне өйдө-ылдый титирей баштады. Күрмөсүн чечип, сол жеңин түрүп койду.

– Эми карап тур, мунун канчалык оңой экенин көрсөтөм. Адегенде колума сүрөт тартам, мына.

Анын билеги көк-жашыл сүрөттөргө толо болчу, көрсөтүш үчүн бош жерин таап алды.

– Алгач сыяны тандап алам, кадимки көк түстү алалы, ийненин учун сыяга матырам… мына… жана ийнени түз кармап, теринин бетине жеңил тартам… мындай… кичинекей кыймылдаткыч аркылуу ийне өйдө-ылдый секирип, терини тешет, ал жерге сыя кирет, болду. Кандай оңой экенин көрдүңбү… мына, колума куба иттин сүрөтүн тарттым…

Уландын кызыгуусу артты.

– Берсең, тартып көрөйүн.

Ызылдаган ийне менен Дриолинин колуна көк сызыктарды тарта баштады.

– Чындап оңой экен, – деди ал. – Калем, сыя менен тарткан сыяктуу экен. Айырмасы жок, болгону жайыраак.

– Эч кандай кыйынчылыгы жок. Даярсыңбы? Баштайлыбы?

– Дароо азыр.

– Ардагым! – деп кыйкырды Дриоли. – Келсең, Жози!

Шыктанып алган неме ары-бери басып, тополоң-тоз түшүп, кызык оюнга даярданып жаткан баладай баарын иретке келтирип жатты.

– Жози каякка турат?

– Кийим илген үстөлдүн жанында турсун. Чачын жайып, тарап жатканын тартам.

– Керемет. Сен генийсиң.

Айым бутун шалкы шилтеп барып, кийим илген үстөлдүн жанына турду, колунда – бокал шарап.

Дриоли көйнөгү менен шымын чечип салды. Ич кийимчен, байпак-бут кийимчен гана калды, көсөөдөй түксүз, чымыр денеси жээкке байланган кайыктай чайпалып турду.

– Эми, – деди ал, – мен кенепмин. Кенебиңди кайда коёсуң?

– Адаттагыдай эле, мольбертке.

– Эсиңе кел. Кенеп менмин да.

– Анда өзүңдү мольбертке кой. Сенин ордуң ошол.

– Кантип коём?

– Сен кенепсиңби же кенеп эмессиңби?

– Кенепмин. Өзүмдү кенептей сезе баштадым.

– Анда өзүңдү мольбертке кой. Кыйын деле эмес.

– Ошол кантип болсун?

– Анда отургучка отур. Артка карап отур, алагүү башыңды отургучтун аркасына жөлө. Бол батыраак, башташым керек.

– Мен даярмын.

– Алгач, – деди улан, – сомолоп[5] алайын. Андан кийин, эгер жакса, чегем.

Жазы кыл калем менен жылаңач аркасына боёк сүйкөй баштады.

– Ай! Ай! – деп кыйкырды Дриоли. – Аркамда кырк аяк сойлоп баратат!

– Тынч отур! Кыймылдаба!

Улан шуулдап иштеп жатты, чегип жатканда тоскоолдук жаратпаш үчүн көк боёкту жука жалатып койду. Сүрөттү тартып баштаары менен ышкысы артып, мастыгы тарап кеткендей болду. Кыл калем кармаган билеги шыпылдайт, чыканагы былк этпейт, жарым саат өткөн жок, ишин жайгарып койду.

– Мынакей, бүттү, – деп айтар менен айым дароо диванга барып уктап калды.

Ойгоо жаткан Дриоли уландын ийнени сыяга малып жатканына көз салат, терисине тийген ийне кытыгылап оорутат. Оору жагымсыз, бирок чыдаса болот, уктатып да ийбейт. Ийненин изин ээрчип, улан колдонгон ар кыл түстөгү сыяларды көрүп, Дриоли жонунда эмне болуп жатканын элестетүүгө аракет кылып жатты, көңүлү жайдары. Улан чымырканып иштеп жатты. Кичинекей шаймандын кылганына маашырланып, керемет таасирине берилгендей.

Таң атканча машина ызылдай берди, улан иштей берди. Сүрөтчү артка кадам таштап: “Бүттү”, – дегенде жерге жарык кирип, көчөгө кыймыл киргени Дриолинин эсине түштү.

– Көрсөм жакшы болот эле, – деди Дриоли.

Улан ыңгайлатып кармап берген күзгүгө Дриоли мойнун созуп карады.

– Оо, Жараткан! – деп кыйкырып жиберди.

Көргөн көзүнө ишенбейт. Бүткүл аркасы, акыректин үстүнөн омуртканын кырына чейин көк, жашыл, кара, алтын, жошо түстөр жалын болуп жанат. Май сүйкөгөнсүп сүрөт калың чыгыптыр. Улан кыл калем майын ээрчигенге аракет кылып, бел омурткасы, далынын кырынан бери билгичтик менен толтуруп, бүтүн бир чыгарма жаратып салыптыр. Кыбырап жай иштеген менен максатына жетип, өз изин түшүрө алды. Сүрөт жандуу көрүнөт, мында да Сутиндин башка чыгармаларына мүнөздүү кыйналган, бурганак сапат көбүрөк камтылган. Окшоштук жагы башкы орунда эмес. Окшоштук эмес, маанай көбүрөк берилген, айымдын бүдөмүк жүзүнөн кызуулук байкалат, арт жагында кочкул-жашыл шилтемдер уюлгуйт.

– Укмуш!

– Өзүмө да жакты.

Улан кетенчиктей түшүп, сүрөткө сын көз таштады.

– Чындап келсе, – деп кошумчалады ал, – кол да коюп койсом жаман болбос.

Ызылдаган ийнени кайра алып, кызыл сыя менен аты-жөнүн оң ыптасына, Дриолинин бөйрөгү тушка жазды.

Дриоли карыя сүрөт дүкөнүнүн терезесиндеги сүрөткө сүкүт тарткандай тигилип карап турду. Мунун баары капкачандан илгери башка жашоодо болгондой.

Ал эми уланчы? Ага эмне болду? Биринчи дүйнөлүк согуштан келгенден кийин аны сагынып, Жозиден сураганын эстеди.

– Баягы кичинекей калмыгым кайда?

– Кеткен, – деп жооп берди. – Каякка экенин билбейм, бир cатуучу жалдап, сүрөт тарттырганга Серетке алып кеткенин уктум.

– Келер бекен?

– Балким, келет. Ким билет?

Аны акыркы ирет эскеришкени ушул болду. Көп өтпөй экөө Хаврга көчүп кетишкен, суучулдар арбын, жумуш да жакшы болду. Карыя Хаврды эстеп жылмайып койду. Эки согуш ортосундагы мезгил ажайып жылдар болчу, деңизге чукул чакан устаканасы, куркулдайдын уясындай үйү, иштеген жумушу бар, колуна сүрөт чектиргиси келген төрт-беш суучул күн сайын келет. Чынында кылымга алмашкыс сонун жылдар болчу.

Андан кийин экинчи дүйнөлүк согуш тутанып, немистер келди, Жозини тындым кылып кетишти, жумушу да тамам болду. Эч ким колуна сүрөт тарттыргысы келбей калды же башка жумушка жарабайт. Айласы куруганда чоң шаарда жеңил болор деген бүдөмүк үмүт менен Парижге келген, бирок андай болмокпу?

Согуш бүткөндөн кийин өз ишин кайра баштаганга же колунда кокон тыйыны жок, каруусу да келбейт. Айрыкча кайыр сурагысы келбеген карыга жумуштун табылышы кыйын. Ачкалыктан өлгүң келбесе, кантиш керек?

“Демек, бул баягы калмыгымдын иши тура” – деп ойлоду ал, дагы эле сүрөткө тигилген бойдон. Кичинекей туруп эстутумду козгоп жатканын кара. Жонундагы сүрөт эсинен чыгып кетиптир, эстебей да калган. Жүзүн терезеге жакындатып, сүрөт дүкөндүн ичине көз салды. Дубалдарда илинген башка сүрөттөр көзүнө чалдыкты, баары бир эле сүрөтчүнүн колунан чыккандай. Эл көп. Кыязы, атайын көргөзмө окшойт.

Күтүлбөгөн жерден Дриоли бурулуп, дүкөндүн эшигин шарт ачып кирип барды.

Калың кызыл жошо килем төшөлгөн узун бөлмөнүн ичи, Кудай акы, кооздугу көз жоосун алат, жылуулугучу! Сыланып-сыйпанган, өзүн кадыр-барктуу сезген адамдар сүрөттөрдү жайбаракат карап жүрүшөт, колдоруна каталог кармап алышкан. Дриоли босогодо тынчсыздана карап, жүткүнүп барып элге аралашууга батына албай кооптонуп турду, бирок кайратын жыйнаганга үлгүрө электе кежигесинен үн угулду:

– Сизге эмне керек?

Караса, бекене бойлуу, толук, үстүндө кара пальто, камырдай балбырак аппак бетинде спаниелдин кулагындай эки бүктөм эт салбыраган киши турат. Дриолиге жакын келип, суроосун кайталады:

– Сизге эмне керек?

Дриолиде үн жок.

– Эгер мүмкүн болсо, – деди ал киши, – дүкөнүмдөн чыгып кетиңиз.

– Мага сүрөттөрдү көргөнгө болбойбу?

– Мен сизден кетүүнү сурандым.

Дриоли ордунан жылган жок, күтүлбөгөн жерден жаалы кайнап чыкты.

– Ызы-чуу кылбайлы, – деди киши. – Жүрүңүз бул жакка.

Семиз ак колу менен Дриолини эшикти көздөй түртө баштаганы ачуусун келтирди.

– Каргыш алган колуңду тарт! – деп кыйкырган үнү узун сүрөт дүкөнүн жаңыртты, баары жапырт башын буруп, чочуган жүздөр үн чыгарган жакты тиктеп калышты. Бир кызматчы чуркап келип кол кабыш кыла, экөөлөп Дриолини эшиктен түртүп чыгарууга аракет кылышты. Эл күрөштү үнсүз карап турду, жүздөрүндө кызыгуунун учкуну гана бар: “Баары жайында. Бизге эч кандай коркунуч жок. Баары өз ордуна келет”.

– Менде да! – деп кыйкырып жатты Дриоли. – Менде да ушул сүрөтчүнүн сүрөтү бар! Менин досум болчу, мага берген сүрөтү бар!

– Жинди.

– Коёнчугу кармап жатат.

– Бирөөңөр полиция чакырбайсыңарбы.

Дриоли булкунуп, экөөнүн колунан капысынан бошонуп кетти, эч ким токтото электе дүкөн аралай чуркап кыйкырды:

– Мен силерге көрсөтөм! Өз көзүңөр менен көргүлө!

Ал пальтосун, күрмөсүн, көйнөгүн чечип, жылаңач жонун элге бурду.

– Мынакей! – деди ал, энтиге дем алып. – Көрдүңөрбү? Мына!

Бөлмөдө күтүлбөгөн жерден өлүү жымжырттык өкүм сүрдү, ким эмне кылып жатса, ошол бойдон чегилип тартылган сүрөткө селейип калды. Карыянын артындагы сүрөт өчпөптүр, түстөрү ачык болгон менен арыктап, далы сөөктөрү чыкканга мурдагыдай таасир бере алган жок, бырышкан, жанчылгандай көрүндү.

Кимдир бирөөнүн оозунан чыгып кетти:

– Оо, Жараткан, чын айтат!

Элдин баары кыймылга келип, кыжы-кужу үндөр чыгып, карыяны тегеректеп калышты.

– Талашсыз чын экен!

– Алгачкы сүрөттөрүнөн окшойт?

– Сөз жок эми!

– Карасаңар, колу да коюлган экен!

– Ийниңизди жүткүнтсөңүз алдыга, абышка, ошондо сүрөт толук ачылат.

– Качанкы неме окшойт, качан тартылган?

– Миң тогуз жүз он үчүнчү жылы, – деди Дриоли бурулбастан. – Күзүндө.

– Сутинге чеккенди ким үйрөткөн?

– Мен үйрөткөм.

– Ал эми бул аял ким?

– Менин аялым болчу.

Сүрөт дүкөнүнүн ээси элди аралап Дриолини көздөй жүткүнүп баратты. Баштагыдай эмес, жоош тартып, өтө олуттуу, ууртунда – жылмаюу.

– Мырза, – деди ал, – мен сатып алам.

Дриоли тигинин жаагы кыймылдаган сайын бетиндеги кабат-кабат майдын титиреп жатканын көрдү.

– Мен сатып алам, мырза.

– Кантип сатып аласыз? – деп акырын сурады Дриоли.

– Сага эки жүз миң франк берем.

Сатуучунун жымшык кара көздөрү жымыңдап, кетирекей мурдунун учу дирилдей баштады.

– Макул болбоңуз! – деп шыбырады кимдир бирөө эл арасынан. – Жыйырма эсе кымбат турат.

Дриоли оозун таптап барып токтоп калды, анан кайра акырын минтти:

– Бирок кантип сатам? – деп колун көтөрүп, көңүл кош таштап койду, үнүн оор кайгы коштоп чыкты.

– Ооба да! – деген үн чыкты эл арасынан. – Кантип сатат жонунда жүрсө?

– Уксаңар, – деди сатуучу жакындап келип. – Мен сизге жардам берем, канга салам бербеген бай болосуз. Бул сүрөт боюнча өзүнчө келишим түзөбүз, кандай дейсиз?

Дриоли аны чочуган көзү менен карады.

– Кантип сатып алайын деп жатасыз, мырза? Сатып алгандан кийин эмне кыласыз? Каякка сактайсыз? Бүгүн кечинде каякка сактайсыз? Эртеңчи?

– Каякка сактайм? Ооба, каякка сактайм? Каякка сактайм чын эле? Коё тур...

Сатуучу кылмаядай[6] сөөмөйү менен мурдунун үстүн тырмап койду.

– Эгер мен сүрөттү алсам, анда сизди да сатып алам. Маселе ушунда, – деди ал. Бир азга үн дебей калып, кайра мурдун кашыды. – Сүрөттүн өзү көзүңүз тирүү турганда баасын таба албайт. Жашыңыз канчада, бурадар?

– Алтымыш бирдин тамагын ичип жатам.

– Бирок муун-жүүнүңүз бош го?

Сатуучу колун мурдунан түшүрүп, дыйкан карыган чобурду сынагандай Дриолини бутунан башына чейин карады.

– Мага негедир мунуңар жаккан жок, – деген Дриоли четке жылды. – Чынын айтсам, мырза, мага бул жаккан жок.

Дриоли кетенчиктеп баратып узун бойлуу кишинин кучагына чалынып жыгылды, ал ийининен кармап калды. Дриоли жардана карап турган элден кечирим сурады. Киши ага жылмайып, сары мээлейи менен карыянын жылаңач ийинин ишендире сылап койду.

– Мындай эми, бурадар, – деди бейтааныш киши жылмайганын жазбай. – Сууга түшүп, күнгө күйгөн жагабы?

Дриоли ага сестене карады.

– Сиз тамактын чүйгүнүн, Бордо шато шарабын жактырсаңыз керек?

Киши жылтыраган алтын тишин көрсөтө, жылмайып жумшак, ынандыра сүйлөдү, мээлейчен колу дагы эле Дриолинин ийнинде.

– Сизге ушулар жагабы?

– Жакпай анан, – деп жооп берди Дриоли таңданганын жашыра албай. – Арийне.

– Ал эми үлпүлдөк сулуу айымдарчы?

– Эмне үчүн болбосун?

– Сиз үчүн тигилген күрмөлөр, көйнөктөр жыйылып турса? Кийимге келгенде бир аз таңсыктайсыз.

Дриоли бул сылаңкороз кишинин калган сунушун күтүп калды.

– Буга чейин атайын сиз үчүн тигилген бут кийим кийип көрдүңүз беле?

– Жок.

– Кийгиңиз келеби?

– Ананчы…

– Эртең менен сакал-мурутуңузду алып, чачыңызды тарап турса бирөө?

Дриоли оозун ачкан бойдон туруп калды.

– Болпойгон бой мүчөсү келишкен кыз тырмагыңызды жасап турса кантет?

Элдин арасынан бирөө бышкырып жиберди.

– Эртең мененки тамакты алып келгенге кызматчыны чакыруу үчүн керебетиңиздин тушунда коңгуроо болсо кандай? Сизге ушул нерселер жагабы, досум? Ушунун баары сиздики болсо?

Дриоли үн дебестен аны карады.

– Канндагы Бристоль мейманканасынын ээси менмин. Сизди коногум катары бардык шартта өмүр бою ошол жерде жашаганга чакырам.

Киши маектешинин жыргал жашоону элестеткенге убакыт бергендей тыным алып калды.

– Сиздин жалгыз милдет – муну сиздин ыракатыңыз деп айтсам да болот – деңиз жээктеп, сууга сүзүп, күнгө кактанып, конокторумдун арасында коктейлден ууртап коюп убакыт өткөрүү. Ушинткен сизге жагабы?

Жооп болгон жок.

– Ушуну кантип түшүнбөйсүз – бардык коноктор Сутиндин сүрөтүн көрө алышат. Атагыңыз таш жарат, “Карасаңар, мунун аркасында он миллион франк жүрөт” дешет. Ушул ой көөнүңүзгө жактыбы, мырза?

Дриоли сары мээлейчен узун бойлуу кишини карап, чын экенинен күмөн санап турду.

– Кызык ой экен, – деди ал акырын. – Бирок сиз чындап эле айтып жатасызбы?

– Ананчы, чын айтпаганда. Күтө туруңуз, – деп сөзүн бөлдү сатуучу. – Уксаңыз, абышка. Маселени минтип чечебиз. Мен сүрөттү сатып алам, анан хирург менен сүйлөшөм, аркаңыздагы терини сыйрып алат, анан төрт тарабыңыз – кыбыла, мен берген акчаны чачып жыргай бересиз.

– Терим жок жүрөмбү?

– Жок, жок, эмне деп жатасыз? Сиз туура эмес түшүндүңүз. Хирург эски теринин ордуна жаңысын алмаштырып коёт. Оңой эле бул.

– Колунан келеби?

– Эч кыйынчылыгы жок.

– Мүмкүн эмес! – деди сары мээлейчен киши. – Терисин көчүргөндү көтөрө албайт, жашы да келип калды. Бул сенин түбүңө жетет, абышка.

– Түбүмө жетет?

– Ананчы. Сиз көтөрө албайсыз. Сүрөт гана тирүү калат.

– Оо, Жараткан! – деп кыйкырган Дриоли жарданып турган элди бир карап алды, тунжурай түшкөн жымжыртты эл арасынан акырын чыккан үн бузду:

– Балким, эгер кимдир бирөө бул карыяга көп акча сунуштаса, ошол жерден өзүн-өзү өлтүргөнгө макул болушу ыктымал. Ким билет?

Кыт-кыт күлгөн үндөр угулду. Сатуучу килемдеги бутун тынчсыздана жылдырды.

Сары мээлейчен кол Дриолини ийинден кайра таптады.

– Канттик анан? – деди тишин көрсөтө жылмайып. – Экөөбүз жакшылап бир тамактанганча кептешели. Кандай дейсиз? Кардыңыз ачтыбы?

Дриоли ага кабак бүркөй карады. Ага тиги кишинин ийилчээк узун моюну, сүйлөгөн сайын жыландай алдыга соймоңдогону жаккан жок.

– Куурулган өрдөктү шамбертен менен жесек, ыя? – деген киши сөздөрүн табит ачылгыдай кылып, ширелүү тил менен айтты. – Балким, көбүргөн каштан суфлесин жейттирбиз?

Дриолинин көзү шыпка көтөрүлдү, эрини ачылып, нымдалыша түштү. Курган карыянын ууртунан шилекейи ага баштаганы байкалды.

– Өрдөктүн кандайын жактырасыз? – деп сөзүн улады киши. – Кытырата куурулганынбы же?..

– Мен барам, – деген Дриоли көйнөгүн алып, башынан шашкалактап кийе баштады. – Аярлай туруңуз, мырза, баратам. – Бир аз убакыт өтпөй жаңы кожоюну менен дүкөндөн чыгып кетти.

Бир канча жумадан кийин Буэнос-Айресте алкакка салынып, калың боёк менен Сутин тарткан аялдын башынын сүрөтү сатыкка чыкканы Каннда “Бристоль” аттуу мейманкананын бар экендигине күмөн жаратат, анан калса, карыянын ден соолугу үчүн дуба кылып, тырмагын өгөөлөгөн бой мүчөсү келишкен кыздын, эртең мененки тамагын төшөгүнө алып келген кызматчынын бар экенине үмүт арттырат.

Англис тилинен которгон Эрмек Шоорук

2025-жылдын 15-ноябры

[1] мольберт – сүрөтчү эмгегин коюп алып тартчу түзүлүш.

[2] кенеп – холст, полотно.

[3] бардан – билгич.

[4] жагдан – чемодан.

[5] сомо – алгачкы шилтем, бүтө элек чыгарма.

[6] кылмая – күн көрбөй өскөн өсүмдүк.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз