АҢГЕМЕ
Сепилдин айланасында кереметтүү гүл бакча бар эле. Гүл бакчада түркүн куштар – булбулдар, кара чыйырчыктар, торгойлор учуп; бул жерге жердин булуң-бурчунан келген канаттуу достор жолугушчу.
Жазында бул жерде ызы-чуу укмуштуудай, адам үнү такыр угулбайт. Ар бир жалбырактын астына уя салынып, ар бир дарак бир бүтүн оркестрди элестетчү. Канаттуу музыканттар бири-биринен ашып түшүүгө аракет кылышчу. Бири чырылдаса, бири күңгүрөнүп, кээси коңур үндүү күүлөрдү ойносо, башкалары орган сыяктуу сыйкырдуу үн чыгарып, чыныгы музыканттар да алардан ашып кете алмак эмес.
Баарынан кызыгы – сепилде сулуу эже-сиңди жашачу, экөө тең гүл бакчадагы бардык жашоочулардан жакшы ырдашчу! Биринин аты Флеретта, экинчисиники Изабо. Экөө тең сүйкүмдүү, сулуу селкилер эле, көз жоосун алган майрамдык көйнөктөрдү кийишчү, алардын аппак ийиндери гана булар периште эмес, чыныгы адамзаттын кыздары экенине ишендирчү – болгону аларга канат жетпей турчу! Алар ырдаганда, алардын карыя таякеси, мырза Молеврие, кээде учуп кетпесин деп коркуп, алардын колунан кармай калчу. Элестеткиле, кандай гана таланттар!
Флеретта менен Изабонун урматына турнирлерде найзалар кандайча карсылдаганын элестетип көрүңүздөр. Алардын сулуулугу, таланты жөнүндөгү ушак бүткүл Европага тараган, бирок алар өз даңкы менен мактанышчу эмес; алар обочо жашап, мүмкүн, кичинекей Валантен аттуу саргыл чачтуу паж жана алтымыш жыл бою согуштук курал-жарагын таштабай тагынып жүргөн, чачын ак баскан, картаң мырза Молеврие менен гана көрүшүшчү.
Алар убактысын канаттууларга жем чачууга, кудайга сыйынууга, эң негизгиси белгилүү музыканттардын чыгармаларын жаттоого жана чогуу кандайдыр бир мотет, мадригал, виланелла же башка нерселерди ойноого жумшашчу. Аларда өздөрү сугарып жана бапестеп караган гүлдөрү бар эле. Алардын жашоосу ушул жагымдуу, поэтикалык кыздарга таандык иштер менен өтүп, алар элден алыс болушчу, бирок баары бир элдин көңүлү аларга бурулган болчу. Анткени булбулду да, розаны да жашыруу мүмкүн эмес; жагымдуу ыр жана жыпар жыт аларды сөзсүз түрдө ашкере кылмак. Ал эми биздин эже-сиңдилер эгиз булбул жана кош роза сыяктуу эле.
Сепилге герцогдор да, ханзаадалар да аларга үйлөнүү ниети менен келишчү. Ал тургай Трапезунд императору жана Египеттин султаны мырза Молевриеге жээндеринин колун сурап, элчилерин жиберген, бирок эже-сиңдилерге кыздардын жашоосу жагып, турмушка чыгуу жөнүндө уккулары да келген эмес. Балким, кандайдыр жашыруун үн аларга жер бетиндеги милдети кыз боюнча калуу жана ырдоо экенин, антпесе өздөрүнүн парзын бузушарын айткандыр.
Кыздарды сепилге абдан кичинекей кезинде алып келишкен. Алардын бөлмөсүнүн терезеси гүл бакчаны карачу, алар канаттуулардын сайраганын тыңшап жатып укташар эле. Алар жаңыдан баса баштаганда эле, агасынын музыканты карыя Блондио аларга манжалары менен верджинеланын клавишаларын басууну көрсөтө баштаган; алардын башка оюнчуктары жок болчу, ал эми ырдаганды сүйлөгөндөн мурда үйрөнүшкөн. Алар башкалар дем алган сыяктуу ырдашчу – бул алар үчүн табигый нерсе болчу.
Мындай тарбия кыздардын мүнөзүнө сөзсүз өз таасирин тийгизген. Алардын балалыгын толтурган поэзия, тентектиктен жана курулай сөздөн коргогон. Алар эч качан катуу кыйкырып же кандайдыр бир каалоо менен тынчтыкты бузушкан эмес; алар өлчөмдүү ыйлап, үндөшүп үшкүрүшчү. Башка сезимдердин эсебинен өнүккөн музыкалдуулук, аларды музыкадан башканын баарына кайдыгер кылган. Алар кандайдыр бир обондуу түтүндө учуп жүрүп, чындыкты үндөр аркылуу гана кабыл алышчу.
Алар жалбырактардын шуулдаганын, булактын шылдырын, сааттын кагышын, очоктогу шамалдын үшкүрүгүн, ийик курттун ызылдаганын, терезеден агып жаткан жамгыр тамчыларынын ызы-чуусун, бардык тышкы жана ички гармониялуу үндөштүктөрдү жакшы түшүнүшчү. Бирок айтып коюш керек, алар батып бараткан күндү көргөндө өзгөчө кубанышчу эмес жана сүрөт искусствосунун сулуулугуна ушунчалык кайдыгер болушкандыктан, алардын сулуу көк көз, кара көздөрүнүн алдына жарык өткөрбөгөн парда тартылып турган сыяктуу эле.
Музыка алардын оорусу болчу. Алар ал жөнүндө кыялданышканда, анын айынан ичкен аштарын унутуп; аларга андан кымбат нерсе жок эле. Андан тышкары, алар Валантенди жана гүлдөрдү да баалашчу: Валантенди розага окшоштугу үчүн, ал эми розаларды Валантенге окшоштугу үчүн. Бирок бул сүйүү эже-сиңдилердин жашоосунда экинчи орунду ээлеген, анткени Валантен болгону он үч жашта эле. А алар үчүн эң чоң кубаныч кечинде терезенин жанында күн бою өздөрү жазган ырларды ырдоо боло турган.
Аларды угуп, аларга атаандашып көрүү үчүн сепилге жер-жерден эң белгилүү чеберлер келишчү. Бирок кыздар бир нече такт ырдап бүтөрү менен эле коноктор аспаптарын талкалап, ноталарын тытып, өздөрүн жеңилгенин моюнга алышчу. Чындыгында эле эже-сиңдилердин үндөрү ушунчалык керемет, таттуу угулгандыктан, башка музыканттар менен бирге херувимдер да келишчү; алар терезеге учуп келип, ырларын жаттап, Кудай-Теңирге ырдаш бериш үчүн алып кетишчү.
Кайсы бир май айынын кечинде эже-сиңдилер эки үндүү мотет ырдап жатышкан. Мындай кемчиликсиз, катасыз жатталган жана аткарылган ырды эч ким, эч качан уккан эмес. Роза гүлүнө жашынган жергиликтүү булбул аларды кунт коюп угуп жатты. Алар ырдап бүткөндөн кийин терезеге учуп келип, аларга өзүнүн булбул тилинде:
– Мен силер менен ырдашууга даярмын, – деди.
Кыздар макул болуп, аны башта дешти.
Булбул ырдай баштады. Ал өз ишинин чебери болчу. Көкүрөгү көтөрүлүп, канаттары кагылып, бүт денеси титиреп турду; руладаларга, ашып-ташкандарга, чыкылдактарга, хроматикалык гаммаларга чек жок болчу; ал өйдө көтөрүлүп, ылдый түшүп, үндөрдү шурудай тизип, каденцияларга чачырап, анын ырдоосунун тазалыгы угуучуларды багындырды; анын жаны денеси сыяктуу канаттуу деп ойлоп кетесиң. Ал жеңишине толук ишенип, сайраганын токтотту.
Эми кыздардын кезеги келди; алар бул жолу өздөрүнөн өздөрү ашып түшүштү. Алар менен салыштырганда булбулдун сайраганы торгойдун чырылдаганындай туюлду.
Канаттуу виртуоз дагы бир, акыркы аракетин жасады: ал сүйүү ырын ырдап, андан соң адамдын үнүнө жеткиликсиз бийик, катуу жана ачык үндөрдүн каскады менен таажыланган жаркыраган фанфараны аткарды.
Эже-сиңдилер мындай чеберчиликке алдырган жок; алар ноталарынын бетин ачып, касиеттүү Сесилия аларга асмандан кулак салып, көрө албастыктан өңү кубарып, контрабасын жерге түшүрүп жибергендей кылып жооп беришти.
Булбул дагы ырдап көрөйүн деди, бирок күрөштө биротоло чарчады: ага дем жетпей, жүнү үрпөйүп, көздөрү жумула баштады; ал өлүп баратты.
– Силер менден жакшы ырдайсыңар, – деди ал эже-сиңдилерге, – жана силерден ашып түшүүгө түрткөн текебердигим үчүн өмүрүм менен төлөп жатам. Менден бир гана өтүнүчүм бар: уячамда үч балапаным бар. Ал негизги аллеядагы үчүнчү ит мурунда, көлмө тарапта. Балапандарды алып, чоңойткула, аларга өзүңөр ырдагандай ырдоону үйрөткүлө.
Ушул сөздөрдү айтып, булбул жан таслим болду. Эже-сиңдилер ага катуу кайгырышты, анткени ал абдан жакшы ырдачу! Алар ак саргыл чачтуу паж Валантенди чакырып, уянын кайда экенин түшүндүрүштү. Валантен акылдуу бала болчу жана бат эле бадалды таап алды. Ал уяны койнуна салып, сепилге аман-эсен алып келди. Флеретта менен Изабо аны чыдамсыздык менен балкондон күтүп жатышкан. Балапандар башын көтөрүп, ооздорун кенен ачып жатышты. Кыздар жетимдерге боор ооруп, аларды өпкүлөп жатышты. Алар чоңоё баштаганда, эже-сиңдилер жеңилген булбулга убада кылгандай, аларга музыкалык билим бере башташты.
Алардын кантип колго үйрөтүлгөнүн, кантип жакшы ырдаганын байкоо чыныгы ыракат эле. Алар бөлмөнүн ичинде учуп, кээде Изабонун башына, кээде Флереттанын ийнине конушчу. Алар нота китепчесинин алдына отурушчу жана чынында эле, ноталарды ушунчалык түшүнүү менен карашчу. Көп өтпөй Флеретта менен Изабонун бардык обондорун өздөштүрүп, өздөрү да абдан кооз чыгармаларды жарата башташты.
Эже-сиңдилер барган сайын обочолонуп жашап, ал эми кечинде алардын бөлмөсүнөн кандайдыр бир ажайып күүлөрдүн үндөрү угулуп турчу. Мыкты даярдалган булбулдар дайыма концертке катышып, өздөрүнүн өнөрүндө бир топ ийгиликке жеткен кожойкелеринен дээрлик кем калбастан ырдашчу.
Күндөн-күнгө үндөр барган сайын укмуштуудай угулуп, адамдын мүмкүнчүлүктөрүнөн ашкан укмуштуудай катуу жана тунук тембрге ээ болушту. Бирок кыздардын жүздөрүнүн кызылы өчүп, көз көрүнөө соолуй башташты; халцедондой кубарып, дээрлик ошондой тунук болуп калышты. Мырза де Молеврие аларга ырдоого тыюу салгысы келди, бирок ал ийгиликке жеткен жок.
Алар бир нече фразаны ырдап бүтөрү менен эле беттерине кызыл так пайда болуп, алар ырдап жатканда барган сайын чоңоюп, ырдап бүтөр замат так жоголуп, бирок беттеринен муздак тер тамчылап, эриндери калтырап, титиреп турчу болгон.
Ошол эле учурда алардын ыры болуп көрбөгөндөй кооз чыгып, бул керемет ырдан бул дүйнөгө таандык эмес бир нерсе угулуп турчу жана бул эки назик жандыктын көкүрөгүнөн чыгып жаткан күчтүү, катуу үндөр, акыры ал аны жаратып жаткан музыкалык аспапты талкалай турганы алдын ала көрүнө баштады.
Алар бир нече фразаны ырдап бүтөрү менен эле беттерине кызыл так пайда болуп, ырдап жатканда барган сайын чоңоюп, ырдап бүтөр замат так жоголуп, бирок беттеринен муздак тер тамчылап, эриндери калтырап, титиреп турчу болгон.
Ошол эле учурда алардын ыры болуп көрбөгөндөй кооз чыгып, бул керемет ырдан бул дүйнөгө таандык эмес бир нерсе угулуп турчу. Бул эки назик жандыктын көкүрөгүнөн чыгып жаткан күчтүү, катуу үндөр акыры ал аны жаратып жаткан музыкалык аспапты талкалай турганы алдын ала көрүнө баштады.
Алар муну өздөрү да түшүнүштү, ошондуктан мурда ырдаганды артык көрүп, таштап коюшкан верджинелада ойноого кайрадан киришти. Бирок бир жолу түн ичинде алардын бөлмөсүнүн терезеси ачык болчу. Гүл бакчада канаттуулар сайрап, жеңил эрке жел назик согуп турду. Аба музыкага толуп, кыздар кечээ жазган дуэтти аткаруу азгырыгына туруштук бере алышкан жок.
Бул ак куунун ыры эле, көз жашка толгон кереметтүү ыр. Ал регистрдин эң четине чейин көтөрүлүп, кайрадан эң төмөнкү тепкичине түшүп, жаркыраган жана укмуштуудай нерсе – трелдердин бүтүндөй фонтанына, хроматикалык үндөрдүн оттуу жамгырына, сүрөттөп жеткис музыкалык фейерверкке айланды. Ошол эле учурда кызыл тактар тездик менен өсүп, кыздардын беттерин дээрлик толугу менен каптай баштады.
Үч булбул аларга карап, катуу тынчсыздануу менен кулак салышты. Алардын канаттары титиреп, бирде учуп кетишип, бирде кайтып келишип, бир жерде отура албай жатышты. Акыры эже-сиңдилер ырдын акыркы сөздөрүнө келишти. Алардын үндөрү ушунчалык таң калыштуу угулду, эми бул тирүү жандыктардан чыккан ыр эместигин түшүнүү кыйын эмес болчу. Булбулдар учуп кетишти. Кыздар өлүп баратышты, алардын жандары акыркы үн менен бирге учуп кетти. Булбулдар түз асманга умтулуп, бул керемет ырды Кудай-Теңирге алып барууга шашылышты. Ал аларды, ага эже-сиңдилер жазган ырларды өзүнө ырдатыш үчүн бейиште калтырды.
Убакыттын өтүшү менен Кудай-Теңир бул үч булбулду Палестринанын, Чимарозанын жана кавалер Глюктун жандарына айландырган.
Которгон: Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR