Кыргызстандын агартуу тармагына көп жылдык ак эмгегин өтөгөн, гумандуу педагогиканын жактоочусу, автордук гимназия мектебинин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Орозали Сайдилканов менен Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун маектер жыйнагында билим берүү тутумундагы, педагогика тармагындагы маселелер талданып, дүйнөлүк алкакта сөз кылынат. Бул маек жалпы коомчулук үчүн да чоң мааниге ээ болорун эскен алып, «Өнүгүүнүн өзөгү – Мугалим» аттуу китепти окурмандарга кеңири тааныштыруу максатында жарыяланды…
Д.Шаматов: – Агай, демократиялык мектептин маани-мазмуну жана пайдасы жөнүндө сөз кылсак деп турам. Адегенде демократиялык мектептин аныктамасын берип алсак.
О.Сайдилканов: – Демократиялык мектеп – бул өзүн-өзү башкаруу, өз алдынчалык, чыгармачылык, эркиндик, ишеним жана жоопкерчиликтин мектеби. Бул мектеп билим берүү процессин демократия принциптерине, баалуулуктарына негиздеп жүргүзүүнү билдирет. Бул мектептин максаты – мектеп ишин башкарууну демократиялаштыруу, башкача айтканда, өзүн-өзү башкаруу, ишеним, шыктандыруу жана жоопкерчиликтин негизинде башкаруу, мектепти башкарууга мугалимдерди, ата-энелерди, окуучуларды, коомчулукту тартуу, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар бирикмелерине өз алдынчалык, эгемендик, автономия жана эркиндик берүү, демократиялык баалуулуктарды сактоо, натыйжа жана сапат үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, көзөмөлдөөгө эмес, ишенимге, өзүн-өзү баалап, өз билгилиги менен иштөөгө артыкчылык берүү – ишеним мектебин түзүү аркылуу билим берүүнүн натыйжалуулугуна жетишүү.
Демократиялык мектепте адам укуктарынын корголушу, эркин атаандаштык, азчылыктын укугун сыйлоо, ачык-айкындык, маалымдуулук, өз алдынчалык, өзүн-өзү башкаруу, теңдик жана толеранттуулук, плюрализм принциптери жогору коюлат. Демократиялык мектептин баалуулуктары улуттук, гумандуу жана демократиялык принциптерге негизделет. Мектепте демократиялык билим берүү окуучуларды окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүү ишине активдүү катышууга, жоопкерчиликке жана акыйкаттыкка үйрөтөт. Бул процесс мугалимдердин кесипкөйлүгү жана чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта, анткени мугалимдер окуучулардын демократиялык баалуулуктарды түшүнүүсүнө таасир этет. Мектепте окуучулар кеңеши жана ата-энелер кеңеши аркылуу коомдук катышууну жогорулатуу да маанилүү. Демократиялык мектепте гендердик теңчилик, укук жана милдеттердин тең салмактуулугу да негизги принциптер болуп саналат.
Д.Шаматов: – Демократиялык мектепти ачууга түрткү болгон себептер кайсылар болду?
О.Сайдилканов: – Өткөн кылымдын 90-жылдарындагы өлкөбүздөгү баш аламандыктын, анархиянын өкүм сүрүшү, адам укуктарынын, эркиндиктеринин тепселиши, жоопкерчиликтин жоктугу, баш ийүү жана башкаруу маданиятынын төмөндүгү, өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү сенектик абал, атуулдарыбыздын жер карама, ээрчиме, жалтак, коркок, кошоматчы –- кулчулук мүнөзү, өз ойломунун, принцибинин, пикиринин жоктугу, мыйзамды сыйлабастык, шайлоодо добушун сатуусу, караңгылыгы балдарды мектеп жашынан демократиянын маданиятына ээ кылуунун, мектеп бүтүрүүчүлөрүн демократия шартында жашоого жана иштөөгө үйрөтүү бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу зарылдык экенин далилдеди. Бул мектеп негизи билим алуучу гана жай эмес, балдарды келечекте ийгиликтүү жашоо көндүмдөрүнө, демократия маданиятына ээ кылуучу, мамлекетти башкаруунун жана демократиялаштыруунун мектеби болууга тийиш дегенди билдирет.
Мектепте окуган жылдарында балдар белгилүү билимдин көлөмүн гана албастан, белгилүү демократиялык билимге, билгичтиктерге, көндүмдөргө, ыктарга машыгууга аң-сезимдүү үйрөнүүсү, саясый жана коомдук иштерге активдүү катышууга тийиш. “Мектеп – менин өлкөм, мен анын ээсимин, аны өнүктүрүү, кадыр-баркын бийик сактоо менин ыйык парзым” деген сезим баланын жүрөгүнөн түнөк табышы абзел.
Д.Шаматов: – Демократиялык мектептин негизги белгилерин атай кетсеңиз?
О.Сайдилканов: – Демократиялык мектептин негизги белгилери төмөнкүлөр:
- өз ишин демократия баалуулуктарына жана
принциптерине негиздеп, таянып жүрзөт;
- өзүн өнүктүргүсү келген чөйрөнү, өздөрү ийгиликке жетише алчу иштерди мугалимдер да, окуучулар да өздөрү тандайт;
- мугалимдер да, окуучулар да эмнени жана кантип окууну өз муктаждык-керектөөсүнө жараша өздөрү аныкташат;
- тандоо, мыйзамдуулук, жоопкерчилик жана ишеним принциптерине таянып иш жүргүзөт;
- мугалимдер менен окуучулар өзүн-өзү таанып билет, өзүн-өзү аныктайт, өзүн-өзү көзөмөлдөйт, өзүн-өзү жана бирин-бири баалайт, биргелешип келечекте өнүгүү планын түзөт жана аткарат;
- окуучулар да, мугалимдер да мектепти башкарууда активдүү роль ойнойт, өз алдынча ыйгарым укуктарга ээ, бири-бири өз ара карым-катышта, кызматташтыкта иштейт, ынак мамиледе болушат, окуу процессине тең укукта катышат;
- мугалимдер балдардын жана өздөрүнүн, балдар өздөрүнүн жана мугалимдердин жаратылышынан эле натыйжалуу жана жөндөмдүү инсандар экендигине ишенишет;
- балдарды өздөрүнө таптакыр кызыксыз нерселерди окууга мажбурлоого, билимге болгон тубаса талпынуусун кыйратып алууга жана мугалимдерди кызматтык милдетине кирбеген иштерге тартууга, ашыкча кагаз иштери менен алектенип, негизги ишин, билим берүү ишин кыйратып алуусуна жол бербейт;
- ар бир мугалимдин жана окуучунун күчтүү жактарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет;
- мугалимдер да, окуучулар да өз дараметинин чегинде талантын, шык-жөндөмүн, кызыгуусун жана чыгармачылыгын каалаган, бар мүмкүнчүлүгү жеткен тереңдикте өстүрүү үчүн эркин тандоого укук берет;
- мектепте билим берүүнү өнүктүрүү программаларын, пландарын жана долбоорлорун түрдүү жаш курактагылар менен ар түрдүү адистеги мугалимдердин бирге иштөөсүн жана өз ара мамилесин ишке ашырууга мүмкүн боло тургандай түзөт;
- мектеп мугалимдер жана окуучулар үчүн темирдей тартипке негизделген эрежелердин эмес, шыктандыруу, кызыктар, ачылыштар, чыгармачылык, кызматташтык, эркиндик жана эркин тандоонун чөйрөсү түзүлөт;
- мектеп жетекчисинин креативдүү жана команда менен иштешүүгө даяр болушат;
- мектептин бюджетинин ачыктыгын камсыз кылат жана биргелешип чечим кабыл алат;
- мектеп ишин башкарууга ата-энелер жана коомчулук өнөктөш катары катышат, билим берүүнүн сапатынын жакшырышына таасир этет.
Д.Шаматов: – Демократиялык үлгүдөгү мектепти түзгөндөн кийинки алгачкы кадамдарыңыз кызыктуу болсо керек?
О.Сайдилканов: – Биз алгачкы кадамыбызды мектеп жетекчилерин жана мугалимдерибизди Советбек Байгазиев айткан “полициялык көзөмөл орноткон акимчил-буйрукчул-тоталитардык системадагы жогортон чокуга чаап, баш ийдирип иштеткен, бүжүрөп өйдө жактын буйругун күтүп отурган, догматикалуу ойлонгон, өз алдынчалыгы жок” көнүмүш адаттан баш тартууга чакырдык жана ыңгайлуу шарт-жагдай түздүк.
Аларды жаңы демократиялык шартта жашап иштөөгө, адам баласынын бу жарыкчылыкта жашоосунун орноктуу категориясы – эркиндикти аздектөөгө үндөдүк. Өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү үчүн өзүнүн жеке МЕНИН, индивидуалдуулугун ачуу, өзүн көрсөтүү үчүн дем ала турган аба – бул эркиндик экенин түшүндүрдүк.
Бүгүнкү күн Советбек Байгазиев айткандай, демилгелүү, активдүү, изденгич, изилдөө көндүмдөрүнө ээ, өз алдынча эркин ойлонгон, чыгармачыл, тигил же бул чечимди эркин кабыл алган жана эркин тандаган, анын тууралыгын далилдей билген, аналитикалык сынчыл акылга эгедер өзүнүн жеке МЕНИ бар, өзүнө-өзү кожоюн эгемен автономдуу мугалимге муктаж болуп жатканын, бүгүнкү коомго тыштан башкарылган тетик эмес, өзүн-өзү башкарган, өзүн-өзү тааныган, өзүн-өзү жөнгө салган, өзүн-өзү көзөмөлдөп, баалай билген мугалим керек экендигине ынандырдык.
Жыйынтыгында, биздеги көпчүлүк мугалимдер болгон мүмкүнчүлүгүнө жараша алга умтулуп, дайыма жаңыланууга, өркүндөөгө, атаандаштыкка жөндөмдүү болууга, улам жаңы тепкичке көтөрүлүп, бийиктикти башкарууга аракеттенишүүдө. Ал эми мектеп жетекчилери мугалимдин өзүнүн субъективдүү ички дараметин, активдүүлүгүн жогорулатууга артыкчылык берүүдө, айрыкча, уят-абийирине, ар-намысына, жеке маданиятына, жеке жоопкерчилигине, аң-сезимдүүлүгүнө басым коюп жатышат.
Ошентип, мектеп жетекчилеринин, мугалимдердин жана окуучулардын демократиялык маданияты өнүккөн, өзүн-өзү аңдап билген, түшүнүүсү өркүндөгөн, өзүн-өзү башкара, чектей, көзөмөлдөй, баалай билген мектепте билим берүүнүн сапаты, интеллектуалдык деңгээли, жоопкерчилик жана укуктук аң-сезими жогору болорун, окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүү процесси да жогорку деңгээлде натыйжа берерин бүткүл педагогикалык жамаат түшүнүп калды.
Д.Шаматов: – Мектеп ишин демократиялаштыруу аркылуу мугалимге эркин ойлоого, өз алдынчалыкка жана чыгармачылыкка мүмкүнчүлүк берүү кандай ишке ашат?
О.Сайдилканов: – Мектеп ишин демократиялаштыруу аркылуу мугалимге эркин ойлоого, өз алдынчалыкка жана чыгармачылыкка мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мектеп ишин демократиялаштыруу дегенибиз – бул мугалимге эркиндик берүү, башкача айтканда, тышкы эзүүдөн жана мажбурлоодон эркин болуу, коопсуз, көз карандысыз жашоо. Бул, мугалим өз ишин ишке ашырууга жана ички мүмкүнчүлүктөрүн эркин жумшоо эркиндиги. Мугалимдин эркин ойлоосу – бул мугалимдердин өз алдынча түшүнүп, ой жүгүртүү жана чечим кабыл алуу процесси. Бул процесс адамдардын инсандык өнүгүшүндө жана чыгармачылыгын өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт. Эркин ойлоо аркылуу мугалимдер өз көзкарашын айтып, аны коргоого жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүшөт, бул процессте алардын демилгечилдиги жана чыгармачылыгы өсөт.
Мугалимдин эркин ойлоосу окуучуларды көйгөйлөрдү талкуулоого жана чечимдерди издеп табууга жардам берет, бул процесс окуучулардын сынчыл ойлоосун өнүктүрүүгө шарт түзөт. Эркин ойлоо окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жардам берет, аларга жаңы идеялардын жана жолдордун изделишине мүмкүнчүлүк түзөт. Мугалимдин эркин ойлоосу окуучуларга өз алдынчалыгын жана жоопкерчилигин өнүктүрүүгө түрткү болот, өз көзкарашын айтып, коргоо, далилдөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүшөт. Эркин ойлоо аркылуу окуучулардын адептик аң-сезимдүүлүгү өнүгөт, жүрүм-турумунда адеп эрежелерин бышыктоого жардам берет.
Мугалимдин өз алдынчалыкка ээ болуусу мектептеги сапаттуу билим берүүнүн негизги шарты болуп саналат. Өз алдынчалыкка ээ болуу аркылуу мугалимдер чыгармачылыкка жөндөмдүү болуп, татаал кырдаалда көйгөйлөрдү чечип, туура чечим кабыл ала билет. Бул мугалимдин ийгиликке жетише алчу иштерди өзү тандап, өзү уюштуруп, өзү ишке ашырып, өзүн-өзү баалап, өзүн өнүктүрүү планын түзүп, жаңыны жаратууга жана ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мугалимдердин чыгармачылыгы алардын ички маданияты жана инсандык дараметине байланыштуу. Чыгармачыл мугалимдер окутуу формаларын, усулдарын жана каражаттарын өз алдынча тандап, окуучулардын чыгармачылыгын өстүрүүгө көмөкчү болушат. Алардын чыгармачылыгы пландуу жана системалуу жүргүзүлүп, окуучулардын кызыгуусуна таасир этет жана жаңы идеяларды жаратууга жөндөмдүүлүгүн арттырат.
Чыгармачыл мугалимдер заманбап технологияларды өздөштүрүп, окуучуларга дем берип, алардын мүмкүнчүлүгүнө оптимисттик көзкараш менен карайт. Мугалим өз билиминин тереңдигине, педагогикалык маданиятынын жогорулугуна, кесиптик чеберчилигине, жөндөмүнө, тажрыйбасынын молдугуна, кесибин сүйөрүнө жана гумандуу педагогиканын күчүнө ишенгенде эркин болот. Мугалим эркин болгондо гана эркин ойлоого, өз алдынчалыкка жана чыгармачылыкка мүмкүнчүлүк алат, андыктан мугалимге өзүн-өзү ачууга, кыймылга келтирүүгө, рухунун күчүн көрсөтүүгө мектеп жетекчилери эркиндик берүүсү зарыл. Мугалимге толук өз алдынчалыкка, өз жолун, стилин (ыкмасын), усулун, педагогикалык технологиясын – жалпы педагогикалык чыгармачылык дараметин пайдаланып, сапатты жана натыйжаны камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берилет. Мугалим ар бир ишти баланын жөндөмүнө, кызыгуусуна, каалоосуна, талант-шыгына, ыктуулугуна, зээнине, акыл-эс мүмкүнчүлүгүнө ылайык жүргүзүүгө эркин.
Д.Шаматов: – Мектепти башкарууну демократиялаштыруу аркылуу мектепти ишеним, шыктандыруу жана жоопкерчиликтин негизинде башкарууну сунуштап келгениңиздин себеби эмнеде?
О.Сайдилканов: – Дүйшөн, демократиялык мектеп – бул өзү ишеним, шыктандыруу жана жоопкерчиликтин мектеби. Билим берүүдө башкы кыймылдаткыч күч, борбор – мугалим. Мугалимдин жашоодогу жана ишиндеги негизги жетекчиси – абийири. Абийир – грек сөзү, түзмө-түз которулганда “өзүңдү билүү” деген маанини туюнтат. Абийирибиз ички дүйнөбүздөгү сот сыяктуу ролду аткарып, иш-аракеттерибизди, ой жүгүртүүбүздү жана чыгарган чечимдерибизди баалап таразалайт. Туура эмес иш жасагандан жана чечим чыгаргандан сактайт. Биз мугалимдин ишинин сапатын, натыйжасын тыштан көзөмөлдөгөнгө караганда, ички абийир көзөмөлүн артык деп эсептеп, мугалимге өз ишинин сапатын өзү көзөмөлдөп, баалаганга ишеним бердик.
Усулдук кеңеш мугалимдердин өз ишинин сапатын өзү баалоо боюнча критерийлерди иштеп чыгып, ар бир мугалимге таанышып, өз алымча-кошумчасын киргизүүнү өтүнүштү. Усулдук кеңеш мугалимдердин алымча-кошумчасы менен критерийлерди толуктап, педагогикалык кеңешмеге бекитүүгө сунуш кылды. Педагогикалык кеңешме мугалимдердин ишинин сапатын өзү баалоо критерийлерин талкуулап, бекитип беришти. Мугалимдерге ар бир сабактан жана класстан тышкаркы иштерден, тарбиялык иш-чаралардан кийин, анализдеп, жыйынтыктап, баалап, өзүн өнүктүрүү планын түзүп, ийгиликтерди салт катары өнүктүрүү, көйгөйлөрдү чечүү, каталыктарды четтетүү багытында үзгүлтүксүз иш алып барууну, окуучулардын жана мугалимдердин “Чыгармачылык сандыкчасын” түзүүнү өтүндү. Ал эми мектеп жетекчилерине өз убагында маалымат менен өз убагында камсыз кылуу, мугалимдин иши менен таанышып, колдоо көрсөтүү, жардам берүү, көйгөйлөрдү бигелешип кызматташтыкта чечүү менен үзгүлтүксүз өнүгүүгө түрткү болуу тапшырылды.
Мугалим балдар менен иштегендиктен, анын ишине чыгармачылык мүнөздүү. Чыгармачылык шыктануунун жыйынтыгында гана пайда болот. Чыгармачылык жана шыктануу – ажырагыс процесс. Шыктанган адам гана бүт күчүн, мүмкүнчүлүгүн жумшап, тер чачып, чымырканып иштейт. Шыктандыруу –- бул өзгөчө шарт, ансыз китеп да, методика да, программа да, ар кандай уюштуруу иш-чаралары да жыйынтык бербейт. Ошондуктан мектепти башкарууда шыктандыруу ыкмасын колдонуу зарыл. Шыктандыруучу ыкманы колдонууда төмөнкү эрежелерге таянылат:
- мугалимдин өзүн-өзү башкаруусу болбогон жерде, окуучунун өзүн-өзү башкаруусу болбойт;
- мугалим мажбурлоо усулу менен башкарылган жерде, окуучу мажбурлоосуз окутулбайт;
- мугалимдер жамааты болбогон жерде, окуучулар жамааты да болбойт;
- чыгармачыл педагогикалык жамаат болбогон жерде, чыгармачыл сабак да болбойт;
- мугалимдин жетекчисинин кызматташтыгы болбогон жерде, балдар менен мугалимдин кызматташтыгы да болбойт;
- мектеп жетекчисинин иши менен сөзүнүн биримдиги болбогон жерде, мугалимдин да, окуучунун да мектеп жетекчисине ишеними болбойт.
Ал жерде принципиалдуу ишкердик-педагогикалык негизде жамаатты баш коштуруу да ишке ашпайт. Шыктандырып башкаруу ыкмасын колдонгон мектеп жетекчиси мектептин бардык кызматкерлери менен тил табыша билет, достук мамиледе болот да, ал аркылуу максатташ, чыгармачыл, ынтымак, биримдикти жогорку баалуулук катары тутунган жамаатты түзөт. Мугалимдерге демократиялык мамиле жасайт да, аларды жеңил шыктандырат. Эгер мектеп деректири алдыңкы позицияда турса, көйгөйдү чечүүгө ишеними ачык жана бекем болсо, аны көргөн мугалим ого бетер дилгирленет. Жамааттын бекемдигин максат кылган жетекчи жаңыны тез сезет. Жаңылык жамаатты тез шыктандырат.
Ийгилик шыктануусуз жана күрөшсүз ишке ашпайт. Күрөшкө шыктандырууда мугалимдерге колдоо көрсөтүү, муктаждыгын, каалоосун канааттандыруу, ийгилигинин учкунун көрө билип, тутандыруу, дем берүү, эмгегин акыйкат баалоо маанилүү. Мектепти башкарууда жоопкерчиликтин мааниси чоң. Мугалимдин жоопкерчилиги мугалимдин өздүк адеп-ахлак парзын жана укук ченемдерин аткаруусу менен мүнөздөлөт. Ал мектептин ишмердигинде натыйжалуулукту камсыз кылууда өзгөчө роль ойнойт. Бул мектеп жетекчисинин мугалимдерди, ата-энелерди жана окуучуларды мектептин миссиясына жана максаттарына ылайык иш алып барууга жоопкерчилик жаратуусунан турат. Мугалимдердин жоопкерчилиги мугалимдин өздүк адеп-ахлак парзын жана укуктук ченемдерин аткаруусу менен мүнөздөлөт. Мугалимдин жоопкерчилигинин жогорулугу кесиптик иш билгиликке да байланыштуу болот, себеби жогорку деңгээлдеги билим жана тажрыйба аркылуу ишке жоопкерчилик менен келип, ишти жакшы аткарат. Ошондой эле жоопкерчиликтин жогорулугу мотивация, кесипке берилгендик жана коммуникабелдүүлүк менен да мүнөздөлөт.
Мугалимдерди мектептеги орчундуу маселелер боюнча чечим кабыл алууга катыштыруу дагы алардын жоопкерчилигин күчөтөт. Өзү кабыл алган чечимди өзү аткарууга жоопкер болот. Ушулардын аркасы менен ал иштин жакшы аткарылышына жана мектептин өнүгүшүнө салым кошот. Жашоодо эркиндик менен жоопкерчилик тыгыз байланышта жашайт. Жоопкерчилик эркиндиктин тизгини болуп саналат. Демократия шартында мектеп жетекчилери мугалимдер менен окуучуларга ишти алардын кызыгуусуна, каалоосуна, шартына, убакытка, мүмкүнчүлүгүнө жана ыктыярдуулугуна карап тапшырганда да, ал ишти жогорку жоопкерчилик менен аткарат.
Д.Шаматов: – Агай, мектепти башкарууну демократиялаштыруу аркылуу эмнеге жетишүүгө болот?
О.Сайдилканов: – Мектепти башкарууну демократиялаштыруу менен биз төмөнкүлөргө жетишебиз:
- мектепти демократиялык негизде өнүктүрүү ишке ашат, аны башкарууга мектеп жамаатынын кеңешинин негизинде мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар иш жүзүндө күн сайын катыштырылат. Өнөктөштөрдүн чыгармачыл тобу түзүлөт;
- мектепте коомдук уюмдардын (кесиптик кошуун, жаштар уюму, аялдар кеңеши ж.б.), бирикмелердин жетектөөчү ролу күчөтүлөт, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар кеңештеринин – мектеп жамаатынын мектепти башкаруудагы ролу жогорулайт, мектепти жамааттык башкаруу механизми, сапаты түп тамырынан өзгөртүлөт;
- педагогикалык кадрларды психологиялык жактан кайра куруу: аларда мектепти башкарууга керектүүлүк, мектепте актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган иш-аракеттер мотивин түзүү ишке ашырылат;
- мектепти башкарууда жамааттын мүчөлөрүнүн активдүүлүгү жогорулайт, алардын окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүү процессин өнүктүрүүгө багытталган демилге-сунуштары жана каалоолору күчөйт;
- мектептеги маанилүү чечимдерди мектеп жетекчилери мектептеги башка коомдук уюмдар жана бирикмелер менен, айрыкча, ата-энелер жана окуучулар кеңештери менен тыгыз өз ара байланышта биргелешип кабыл алат;
- ар бир мугалим, ата-эне, окуучу алдыга коюлган милдеттин актуалдуулугуна жана аны ишке ашыруу боюнча чечимдин ишке ашырылыш жолунун тууралыгына ишенет. Чечимди даярдоого, кабыл алууга жана ишке ашырууга жамааттын ар бир мүчөсү тикеден-тике катышат;
- мектептеги маанилүү чечимдер мектеп коомчулугуна кеңири маалымдап, ар бир мугалимге, ата-энеге жана окуучуга маалым болгондой маалымат менен камсыз кылуу системасы түзүлөт;
- башкаруу маселесинде мектеп жамаатынын (мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар) билими өркүндөтүлөт. Билим берүүнүн укуктук ченемдик негизи үйрөтүлөт. Окуучуларга “Лидерлер мектеби” уюштурулат;
- өнөктөштөр кеңеши чыгармачылык эркиндикти, жоопкерчиликти, өз алдынчалыкты, изилдөө, талдоо, кызматташуу, иштиктүү көзөмөлдөө, мониторинг жүргүзүүнү талап кыларын билет;
- мугалим, ата-эне жана коомчулук баланын жан дүйнөсүндө адамкерчиликтүү мамиле менен окууну керектөөнү, каалоону жана кызыгууну кызматташуунун негизинде ойготот, күүгө келтирет, өз алдынча өнүгүүгө болгон ички талапты (мотивацияны) жаратат, калыптандырат жана өнүктүрөт;
- демократиялык системадагы башкарууда:
1) өз алдынчалыкка (автономияга), өзүн-өзү башкарууга жетишет;
2) окуучунун кызыкчылыгын биринчи орунга коёт;
3) педагогдордун, окуучулардын, ата-энелердин, мамлекеттин укуктарын мыйзамдын негизинде ишке ашырат, билим берүүнү өнүктүрүү процессине катышкан өнөктөштөрдүн керектөөлөрүн, кызыкчылыктарын канааттандырат;
4) бардык субъектилердин жардамы менен билим берүүдөгү карама-каршылыктарды жана конфликттерди макулдашуу механизми менен чечип, өнүктүрөт;
5) билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн өнөктөштөрдүн ортосунда атаандаштыкты келишим негизинде ишке ашырат;
- демократия мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын жана коомчулуктун эркин өй жүгүртүүсүн, жаңы идея, демилгелерди, көп кырдуу пикирди урматтайт, ачык айкындуулукту кубаттайт, изденүүнү, чыгармачылык активдүүлүктү колдойт.
- Мугалимдердин демократиялык маданияты өнүгөт, мугалимдердин кесиптик чеберчилиги, педагогикалык жана укуктук маданияты жогорулайт, мугалимдер менен ата-энелердин, окуучулардын ортосунда толеранттуулук жана ынтымак мамиле күчөйт.
Д.Шаматов: – Агай, мектеп ишин демократиялаштырууда мугалимдин өзүнүн ишин өзү аныктоо, пландоо, аткаруу, аткарылышын көзөмөлдөө, өз натыйжасын анализдөө, синтездөө, баалоосунун пайдасы эмнеде?
О.Сайдилканов: – Демократия шартында мугалим өз ишин өзү аныктап, пландап, аткарып, аткарылышын көзөмөлдөп, натыйжасын анализдеп, синтездеп, баалоонун билим берүүнүн сапатын жакшыртууда пайдасы чоң. Бардык мугалимдер мектеп турмушунун маселелерин изилдеп, үйрөнүүгө, иштин абалын так билүүгө тартылат. Өз ишин өзү анализдейт, көзөмөлдөйт жана баалайт. Өз ишинин сапатын, натыйжалуулук деңгээлин өзү аныктайт. Анализдөөнүн жана баалоонун жыйынтыгында ийгиликтерин, көйгөйлөрдү, келип чыгуу себептерин билет, чечүү максат-милдеттерин коюп, чечүү жолун аныктап, өзүн-өзү өнүктүрүү планын түзөт. Ар бир мугалим кеңири эрудицияга, терең билимге, жоопкерчиликке таянып, көзөмөлсүз өз билгиси менен ишенимдин негизинде иштейт. Педагогикалык жамааттын ар бир мүчөсү мектеп ишинин негизги багыттары боюнча муктаж болгон керектүү маалыматты усулдук-маалымат борборунан алышат, кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү боюнча атайын методикалык окуудан пландаштырып өтүшөт.
Мектеп жетекчилери мектептин эксперттик кеңеши менен биргеликте мугалимдердин иш сапатын жана натыйжасын баалоо критерийин иштеп чыгат да, диагностикалык баалоо жүргүзөт. Анын жыйынтыгында мугалимдер менен айырмалап иштөө ишке ашат, мугалимдерге усулдук жардам жана колдоо көрсөтүлөт.
Д.Шаматов: – Мектеп ишин демократиялаштырууда демократия мектеби катары окуучулардын өзүн-өзү башкаруусунун мааниси жөнүндө да айта кетсеңиз.
О.Сайдилканов: – Ооба, окуучулардын өзүн-өзү башкаруусу окуучулардын демократиялык мектеби болуп саналат. Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусу мектептердеги демократиялык процесстерди колдоо жана окуучулардын укуктарын коргоо максатында ишке ашырылат. Бул системанын негизги идеясы окуучулардын мектеп турмушуна активдүү катышуусун жана өз алдынча ишин өнүктүрүүдө турат. Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюмдары мектептин жашоосун демократиялаштырууга, окуучулардын укуктарын коргоого жана милдеттерин аткарууга колдоо көрсөтүүгө, уюштуруу көндүмдөрүн, интеллектуалдык жана чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, коомдук ишке катышууга активдүүлүгүн, лидердик сапаттарды, биримдикти, ынтымакты калыптандырууга багытталган. Ал окуучуларда демократия маданиятын калыптандырат, принциптерин, баалуулуктарын үйрөтөт, өз алдынчалыкка, эркиндикке жана жоопкерчиликке тарбиялайт.
Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусунун жогорку органы болуп, жалпы мектептин окуучуларынын конференциясы саналат. Ал жалпы мектептин окуучулар кеңешинин курамын 2 жылдык мөөнөткө шайлайт. Алардын ичинен жөндөмдүүлүгүн, каалоосун жана ынтызарлыгын эске алып, тармактык башкаруу органдары – министрликтерди түзөт. Жалпы мектептин окуучулар кеңешинин ишине жалпы окуучулар шайлаган мектеп окуучуларынын президенти жетекчилик кылат. Ал эки жылда бирден шайланат. Мектептин окуучулар кеңеши – бул окуучулардын, мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусунда демократиялык жол менен шайланган өкүлдөрдүн тобу аркылуу мектепти башкаруу системасы. Ал окуучулардын өз алдынча өнүгүүсүнө, чыгармачылык менен иш алып баруусуна шарт түзүп, коомдук иштерге активдүү катышуусуна жардам берет. Бул процесс окуучулардын өз алдынчалыгын, жоопкерчилигин өстүрүп, жан дүйнөсүнүн позитивдүү өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу – өзүн-өзү таануусунда жана кесипти туура тандоосунда ролу жогору. Бул процесс окуучулардын социалдык жана кесиптик баалуулуктарын калыптандырууга, кесиптик аң-сезимин жана адеп-ахлак, инсандык баалуулуктарын өнүктүрүүгө түрткү берет.
Д.Шаматов: – Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун уюштуруу боюнча мугалимдерге жана окуучуларга коюлуучу талаптар иштелип чыкса керек...
О.Сайдилканов: – Ооба, окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун уюштурууда мугалимдер менен окуучуларга атайын талаптар иштелип чыккан. Алар төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1. Мугалимдерге талаптар:
- окуучулар жамааты иштеп чыккан чечимдерди колдоо, айтылган сын-пикирлерди талдап, жүйөөлүүсүн кубаттоо жана аткарууга көмөктөшүү;
- окуучуларды кызыктуу иштер менен камсыз кылуу, мектепте бардык иштин жамааттык иш болушуна жетишүү;
- бардык окуучуларды мектептин ишине тартууга көмөктөшүү, алар менен дос, тең укуктуу жолдош, кызматташ, кеңешчи, насаатчы жана устат болуу;
- жалпы окуучулардын, ошондой эле ар бир окуучунун демилгесин колдоо, ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү;
- окуучулар жамаатынын каалоосун, муктаждыгын, керектөөсүн, кызыгуусун, ар бир окуучунун жөндөм-шыгын, талантын жана башка жеке өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү жана ошого жараша мамиле жасоо, ар бир иштин мажбурлоосуз уюштурулуп, өткөрүлүшүнө жетишүү;
- бардык ишти уюштуруп, өткөрүүдө эркин тандоого, ыктыярдуулукка, демилгечил жана чыгармачыл топторду түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү;
- балдарга тиешелүү маселелер боюнча көпчүлүк балдардын макулдугусуз чечим чыгарбоо;
- талап менен ишенимди жана сыйлоону айкалыштыра билүү;
- балага ишенүү, түшүнүү жана сүйө билүү;
- окуучуларга өзүн-өзү башкаруу боюнча теориялык-практикалык билим берүү, активисттердин окуусун уюштуруу;
- окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатуу, максатын так коюуга үйрөтүү;
- окуучулар менен ачык байланыш түзүү, пикирлерин угуу;
- окуучулардын социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө көңүл буруу, ата-энелер менен кызматташуу.
2. Окуучуларга төмөнкүдөй талаптар коюлган:
- окуучулар кеңешинин чечимдерин сыйлоо, кыйшаюсуз аткаруу. Өз чечимдерине жоопкерчиликти сезүү жана кабыл алуу;
- угуп талдай билүү, принциптүү, тартиптүү болуу, мыйзамды сыйлоону жана жоопкерчиликти сезүүгө үйрөнүү;
- башкаруу жана баш ийүү маданиятына көнүгүү, уюштуруу ишин үйрөнүү;
- дилгир жана демилгечил болуу, өз алдынча чечим кабыл ала билүү, жамааттык чечимдерди кабыл алып, ишке ашырууга активдүү катышуу;
- баарлашуу, тил табыша билүү, оор кырдаалдан чыга билүү жөндөмүн үйрөнүү, эриш-аркак иш алып баруу, конструктивдүү талкуу жүргүзүү жөндөмүнө ээ болуу;
- окуучулар кеңеши койгон милдеттерди аткаруу жана топтогу иштерди уюштуруу жөндөмүнө ээ болуу;
- жамаатта кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү аныктап, таасирдүү чечүү жолдорун табуу;
- мектептеги иш-чараларга катышуу жана коомдук иштерге тартылуу;
- өзүн “мен мектептин ээсимин, менин мектебим – менин өлкөм” деп билүү.
Д.Шаматов: – Агай, мектептеги окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун кандай усул менен ишке ашыруу ыңгайлуу болот?
О.Сайдилканов: – Биз мектепте окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун И.П.Ивановдун Жамааттык чыгармачылык иш методикасын пайдаланып, ишке ашырууну чечтик. “Жамааттык чыгармачыл иш” деген сөз айкашынын ар бир сөзү өзүнчө маанини туюндурат. “Жамааттык” деген сөз – мугалимдер менен окуучулардын достук, инсандар аралык карым-катыш байланышын жана мамилесин билгизсе, “чыгармачылык” деген сөз “жаңыча”, жаңы болгондо дагы “мурдагыдан башкача мыкты жасоо” дегенди билгизет, ал эми “иш” деген сөз “натыйжа – жалпы пайда жана кубанычты” билгизет.
Жамааттык чыгармачылык иш жамааттык иш-аракетти бириктирүүчү негизги факторлордон болуп саналат. Жамааттык чыгармачылык билим берүү технологиясы жамааттык чыгармачылык ишти пландаштырууга, натыйжасын анализдөөгө, коомдун пайдасына багытталгандыгына жетишүүгө чоңдор менен кичинекейлердин биргелешкен иш-аракетин уюштуруу болуп саналат. Ал алты стадияда ишке ашат. Жамааттык чыгармачылык иштин ийгилигинин шарты – 6 стадиянын биримдиги жана ырааттуулугу. 1-стадияга педагогдор менен окуучулардын алдын ала жүргүзгөн чалгындоо иштери кирет. Бул стадияда педагог келечектеги Жамааттык чыгармачылык иштин тизмесин аныктап, анын моделин, образын түзөт. Тарбиялык максаты жана милдетин ойлонот. Мектеп жамаатындагы түзүлгөн жагдайга анализ жүргүзөт. Бүтүндөй тарбиялык иштин системасында жамааттык чыгармачылык иштин ордун аныктайт. Педагог төмөндөгү суроолорго жооп берет:
- жамааттык чыгармачылык иштин негизги идеясы кандай?
- жамааттык чыгармачылык иш кандай формада өтөт? Жардамга кимге кайрылат?
- кимдер катышат? Жардамга кимге кайрылат?
- баштапкы аңгемелешүү качан өтөт?
Баштапкы аңгемелешүүдө педагог мектеп жамааты чечүүнү талап кылган өтө актулдуу, зарыл маселелерди (көйгөй), жамааттык чыгармачылык иштерди, анын мектеп турмушундагы маанисин, ролун, чечиле турган конкреттүү билим берүү милдеттерин аныкташып, Мектеп кеңешине тандоого сунушташат.
Мектеп кеңеши Жамааттык чыгармачыл иштердин мектеп турмушундагы бүгүнкү күндөгү маанисине, актуалдуулугуна, зарылдыгына карап тандашат. Натыйжада кийинки жумада аткарылуучу орчундуу Жамааттык чыгармачыл иштердин тизмеси такталат. Ар бир иш боюнча өзүнчө Иштин кеңеши (убактылуу демилгечил топ) түзүлөт. Алардын милдети – ишке тиешелүү бардык иштерди уюштуруу, ишке тиешелүү адамдардын баарын тартуу, эгер керек болсо, иштин айрым бир эпизоддорун даярдоо үчүн кошумча топ түзүү. Иштин кеңешинин курамы ыктыярдуу түзүлөт, айрым учурда шайланат. Алар ошол ишти өткөргөн мезгилде гана иштешет, ал иш өткөндөн кийин ишин токтотот.
2-стадия – жамааттык чыгармачылык ишти жамааттык пландаштыруу. Педагогдун жана Иштин кеңешинин милдети – окуучулардын чыгармачыл демилгелерин жана фантазиясын козгоо; мээ чабуулу усулун колдонуу менен ал ишке катышуучу бардык мугалимдердин, ата-энелердин жана окуучулардын сунушун угуп, жасалуучу иштердин тизмесин түзүшөт. Аны ишке ашыруу боюнча план-сценарийин түзүшөт. Анда бул ишти кимге, эмнеге арнап, эмне үчүн, кантип, кандай формада өткөрөбүз, кимдер катышат, кайсы саатта, канча убакытта өткөрөбүз, аны кантип жакшырак ишке ашырабыз, кимдер ишке ашырат, ага кимдер көмөктөшөт, ким жетекчилик кылат деген суроолорго жооп издешет.
3-стадия – жамааттык чыгармачылык ишти даярдоо. Тизмедеги иш боюнча катышуучулардын баарына ыктыяры боюнча жөндөм-шыгына, талантына, кызыгуусуна, каалоосуна карап бөлүп берет.
1-милдет – кандай болсо да, бүткүл чыгармачылык мүмкүнчүлүктү жумшап, ийгиликти камсыз кылгыдай даярдоо;
2-милдет – бардык катышуучуларды тартуу. Иш билги тажрыйбалуулар ийгиликти өзү эле жарата берет, тажрыйбасы жок, иш билбегендерге үйрөтүлөт. Ишти даярдоо уюштуруудан, чакан топтор менен иштөөдөн, даярдыкты көзөмөлдөөдөн турат. Чоңдор кичинекейлерди окутат, үйрөтөт, өнүктүрөт жана үйрөтөт.
4-стадия – жамааттык чыгармачылык ишти аткаруу. Иштин кеңеши (демилгечил топ) жамааттык чыгармачылык ишти даярдоо жана өткөрүү планында көрсөтүлгөн иштерди тиешелүү адамдарды ишке толук тартып ишке ашырат. Жамааттык чыгармачылык иш мезгилинде катышуучулар өздөрүн шайыр-шайдоот маанайда алып жүрүп, адамдарга кубаныч тартуулоо жөндөмүн көрсөтүп, ишеним жаратып, кандай кыйынчылык болсун жеңүүгө умтулууну ойготот. Бул этапта эң негизгиси психологиялык жагымдуу жагдай түзүү.
5-стадия – жамааттык чыгармачылык иштин жыйтыгын чыгаруу. Жамааттык чыгармачылык иштин жыйынтыгы жамааттын жалпы жыйынында, ошондой эле Иштин кеңешинин акыркы кортунду жыйналышында каралат. Анда эмнеге жетиштик, эмнеге жетише албадык, ага эмне себеп болду, келечекке эмнени сунуштайбыз тууралуу сөз болот. Жасалган ишке анализ жүргүзүлөт, анда өзүбүздүн тажрыйбабызга баа берилет, өсүүлөр жана балдардын өнүгүшү белгиленет.
6-стадия – жамааттык чыгармачылык иштин жакынкы натыйжасы. Чечимдерди жүзөгө ашыруу программасы пландаштырылат. Балдардын иши эмоционалдык-романтикалык атрибуттар (ырлар, форма, ураан жана мыйзамдар), театрлаштыруу, импровизация менен коштолот.
Д.Шаматов: – Мугалимдердин демократиялык маданиятын өнүктүрүүгө багытталган иштер тууралуу кошумчалай кетсеңиз.
О.Сайдилканов: – Биз, автордук мектептин педагогикалык жамааты, мектеп негизделген күндөн мугалимдердин демократиялык маданиятын өнүктүрүү максатында мугалимдердин педагогикалык маданиятын, кесиптик чеберчилигин жана теориялык билимин жогорулатуу, демократиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн “Билим берүү жана демократия”, “Мектеп ишин демократиялаштыруу”, “Билим берүүнү демократиялаштыруудагы инновациялык процесстер”, “Окутуу процесстерин демократиялаштыруу”, “Демократия шартында мугалимдин, ата-энелердин, окуучулардын жана мектеп жетекчилеринин орду жана ролу”, “Башкаруу маданияты жана лидерлик”, “Мектеп жамаатынын өзүн-өзү башкаруусу жана анын ишинин натыйжалуулугу”, “Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусу – демократиянын мектеби”, “Ата-энелердин мектеп ишин башкарууга активдүү катышуусун уюштуруунун ийгиликтүү жолдору”, “Демократия жана мыйзам”, “Демократия – эркиндик жана жоопкерчилик”, “Демократия – укук менен милдеттин тең салмактуулугу”, “Демократия – тандоо эркиндиги”, “Демократия шартындагыгы мугалим (өндүрүмдүү, изденет, натыйжалуу иштейт, креативдүү – жогорку чыгармачыл, новатор)”, “Демократия шартында мектеп жетекчилери” ж.б. темаларда илимий-усулдук иштер жүргүзүлдү. Теориялык-практикалык багытта тийиштүү көрсөтмөлөр, колдонмолор, нускамалар иштелип чыкты. Мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин кеңештеринин өзүн-өзү башкаруу жөнүндө жобосу, Эркин тандоо укугу жөнүндө жобо иштелип чыкты.
Д.Шаматов: – Демократиялык мектепте окутуунун методикасы жана принциптери өзгөчөлөнөбү?
О.Сайдилканов: – Албетте, өзгөчөлөнөт. Демократиялык мектепте көбүнчө демократиялык окутуу методикасы колдонулат. Ал билим берүү процессинде активдүү катышууга негизделген ыкмаларды колдонууну камтыйт. Бул усул окуучулардын төмөнкү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган:
- сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, мында окуучулар маселелерди талкуулап, өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөнүшөт;
- команда менен иштөө, мында топтогу иштер аркылуу кызматташтык жана коммуникация көндүмдөрү калыптанат;
- жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүү, мында окуучулар коомдук маселелерге кызыгуусун жана катышуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүшөт;
- этика жана моралдык баалуулуктарын өнүктүрүү, мында демократия, адам укуктары жана социалдык жоопкерчилик боюнча түшүнүктөрүн тереңдетишет;
- иш-аракеттерин пландаштыруу көндүмдөрүн өнүктүрүү, мында окуучулар өз максатын коюп, жетүү жолдорун аныктоого үйрөнүшөт;
- көйгөй чечүү көндүмүн өнүктүрүү, мында окуучулар көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө активдүү катышып, аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүшөт.
Аларга окуучулардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн максималдуу өнүктүрүү, чыгармачылыгын өнүктүрүү, билимди практикада жана турмушта колдоно билүү, ар кандай кырдаалда көйгөйлөрдү өз алдынча чече билүү жана чечим кабыл алуу жөндөмүнө ээ кылуу, “менин” ачуу, логикалык ойлоосун, сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, өзүн-өзү башкарууга, баалоого, көзөмөлдөөгө көнүктүрүү максатында колдонулган тегерек столдор, мээ чабуулу, талкуу жана дебаттар ж.б. усулдар кирет.
Мында демократиялык жарандык, адам укуктары жана социалдык жоопкерчилик окутуунун негизги компоненттери болуп саналат.
Демократиялык окутуу методикасынын негизги принциптери төмөнкүлөр:
- илимий принцип – окуучуларга илимий так маалымат берүү;
- жеткиликтүүлүк принциби – чындыкты ачык айтууга жана терс көрүнүштөрдү талкуулоого мүмкүнчүлүк берүү;
- системалуулук жана удаалаштык – окутуу материалдары логикалык байланышта болууга тийиш;
- ынтызарлыкты стимулдаштыруу – окуучулардын кызыгуусун жандандыруу;
- сезимталдык – окуучулар активдүү катышуусу үчүн материалды формалдуу эмес кабыл алуу;
- билимдин бекемдиги – окутулган материалды дайыма эске салып туруу;
- формалардын оптималдуу айкалышы – фронталдык, топтогу жана жекече окутуу ыкмаларын колдонуу.
Д.Шаматов: – Агай, демократиялык мектептин мугалимдерге койгон өзгөчө талаптары барбы, болсо чечмелей кетсеңиз?
О.Сайдилканов: – Ооба, Дүйшөн, демократиялык мектептин мугалиминин инсандык, ишкердик сапатына, бейнесине талаптар иштелип чыгып, педагогикалык кеңеште жактырылып бекитилген, ар бир мугалимге жеткирип, “Алтын эреже” катары аткаруу зарылдыгы түшүндүрүлгөн. Анын мазмунунда төмөнкүлөр камтылган:
1. Мугалимге ишеним анын жеке үлгүсүнөн жаралат. Ал бардык балага сүттөй ак, акактай таза дил, рух, акыл-эс жана терең билими менен өрнөк болууга тийиш;
2. Демократия – бул адам укугу, эркиндиги, мыйзамды сактоо, тартиптүү жана жоопкерчиликтүү болуу. Бул баалуулуктарга ээ болуу менен мугалим өзүнүн ажарын ачат;
3. Абийир – өзүбүздү баамдап, таанып-билүү жөндөмүбүздүн жогорку чени. Абийирибиз ички дүйнөбүздөгү сот сыяктуу ролду аткарып, иш-аракеттерибизди, ой жүгүртүүбүздү жана чыгарган чечимибизди таразалайт. Ишеним – шыктандыруучу күч. Ар-намыс – уяттын жана жоопкерчиликтин күчү, адептин күзгүсү. Бул үчөө – мугалимдин жүрөгүнүн тазалыгы;
4. Оптимизм – биздин өнүгүү принцибибиз. Демократия – оптимизм булагы, өнүгүүнүн энергетикалык дүрмөтү. Оптимизм жана демократиялык маданият – ийгиликтүү мугалимге жетектөөчү күч;
5. Мектеп демократиялык институт катары гумандуулук жана кызматташтык, өз ара урмат жана ишеним, сабырдуулук жана толеранттуулук, биримдик жана ынтымактык, сөз менен иштин биримдиги идеяларына баш кошуусунан түзүлөт.
6. Бала – биздин жана коомубуздун келечеги, бакыт-таалайдын шооласы. Ага инсан катары мамиле жасоо, сүйүү, түшүнүү, ишенүү жана бактылуу кылуу, баланын, ата-эненин жана коом алдындагы кесиптик жана инсандык парзыбыз;
7. Улутубуздун, ата журтубуздун келечек тагдыры үчүн жоопкер болуу, укуктук, экологиялык, экономикалык, интеллектуалдык, саясый, маалыматтык, педагогикалык, психологиялык ж.б. маданиятка ээ болуу, педагогикалык чеберчиликти тынымсыз өркүндөтүү, демократиялык ой жүгүртө билүү;
8. Ар бир баланын бактысы, кубанычы, ийгилиги жана жетишкендиги мектептин бактысын, кубанычын, ийгилигин жана жетишкендигин шарттайт. Ар бир баланы өнүктүрүү менен бүткүл мектеп өнүгөт;
9. Мугалимдик кесип – чыгармачыл, түзүүчү жана жаратман кесип, андыктан бул кесиптин ээлерине жанбактылык, тоготпостук, кайдыгерлик, жалкоолук жана карасанатайлык коошпойт;
10. Демократия – өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илүү эмес, бул жогорку жоопкерчилик, абийирдин тазалыгы, ар-намыстын бийиктиги, дилдин актыгы, мыйзамдуулуктун сакталышы, жан дүйнөнүн аруулугу, уят-ар-намыстын жогорку чеги;
11. Руху, акыл-эси, сезими күчтүү, дени сак, дили, тили, адеп-ахлагы таза, баланы бактым, дөөлөтүм деп, улук көргөн мугалим – баа жеткис байлык, дөөлөт – мектебибиздин кыймылдаткыч күчү, жүзү, абийири, ар-намысы;
Д.Шаматов: – Демократиялык мектепте окуучуларга да өзгөчөлөнгөн талаптар иштелип чыкканбы?
О.Сайдилканов: – Ооба, демократиялык мектептеги окуучуларга да талаптар иштелип чыккан. Алар:
- маалыматтарды сынчыл көзкараш менен карап чыгып, анализдөө жана пайдалана билүү, сынчыл ой жүгүртүү аркылуу өз алдынча чечим кабыл алуу;
- өз оюн ачык билдирүү, башка адамдар менен натыйжалуу байланыш түзүү, ар түрдүү позицияларды түшүнүү;
- конфликтини табуу жана чечүү, иш-аракеттерди өз алдынча пландаштыруу;
- өзүн ишке ашыра алуу көндүмдөрүн үйрөнүү;
- топто иштөө, биргелешип чечим кабыл алуу;
- өз иштеринин жыйынтыгын талкуулап, өз алдынча баалоо жүргүзө билүү;
- башкалардын пикирин уга билүү жана сыйлоо;
- билимди турмушта колдоно билүү, социалдык көйгөйлөрдү чече билүү көндүмдөрүн өздөштүрүү;
- демократиялык принциптерди түшүнүп, жарандык укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин билүү;
- жаңы идеяларды сунуштап, чыгармачыл ойлонууга көнүгүү.
Д.Шаматов: – Мугалимдердин демократиялык маданиятынын мугалимдер, ата-энелер жана окуучулардын бири-бири менен кызматташып иштөөсүндөгү мааниси эмнеде деп ойлойсуз?
О.Сайдилканов: – Мугалимдердин демократиялык маданиятынын мугалимдер, ата-энелер жана окуучулардын бири-бири менен кызматташып иштөөдө мааниси өтө зор. Мугалимдердин демократиялык маданиятынын бирге иштеген мугалимдер менен кызматташуудагы мааниси чоң. Демократиялык маданият мугалимдердин ортосундагы коммуникацияны жакшыртат, өз ара урматтоону жана теңдикти колдойт. Бул маданият мугалимдерди биргелешип иштөөгө, идеяларды алмашууга жана биргелешип окуу-тарбия жана өнүктүрүү ишин жүргүзүүгө шарт түзөт. Ошондой эле демократиялык маданият мугалимдердин кесиптик жактан өсүшүнө жана окуучуларга жакшы тарбия берүүгө түрткү берет.
Мугалимдердин педагогикалык маданияты ата-энелер менен иштөөдө маанилүү ролду ойнойт. Демократиялык мектепте мугалимдер өзүн-өзү башкаруу, эркиндик жана ишенимди жайылтууга аракет кылышат. Ата-энелер менен иштөөдө бул маданият натыйжалуу коммуникацияны, окуучулардын ийгилигин колдоону жана ар бир баланын укугун коргоону камсыз кылат. Мугалимдердин этика ченемдерин кармануусу да ата-энелер менен иштешип, окуучулардын инсандык жактан калыптануусуна таасир этет. Мугалимдер менен ата-энелердин ортосундагы ачык жана туура маалымат алмашуусу окуучулардын ийгилигин жогорулатат. Ата-энелерди окуу процессине тартуу аркылуу окуучулардын билим алуусуна жана жетишкендигине оң таасир тийгизет.
Мугалимдердин демократиялык маданияты окуучулар менен кызматташып иштөөдө да маанилүү роль ойнойт. Демократиялык маданият окуучуларга эркиндик, өзүн-өзү башкаруу ишенимин берет. Мугалимдер окуучулардын жеке уникалдуулугун эске алып, өнүгүүсүнө жардам берет. Окуучуларга өздөрүнүн идеяларын айтууга жана чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берилип, окуу процессине активдүү катышуусу колдоого алынат.
Д.Шаматов: – Агай, билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө жана окуучуларды демократиялык маданият көндүмдөрүнө ээ кылууда мугалимдердин демократиялык маданиятынын кандай пайдасы бар?
О.Сайдилканов: – Билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө жана окуучуларды демократиялык маданият көндүмдөрүнө ээ кылууда мугалимдердин демократиялык маданиятынын пайдасы чоң. Бул маданият мугалимдердин өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө, окуучулардын социалдык жана маданий өзгөчөлүктөрүн эске алууга, окуучуларга жогорку деңгээлде багыт жана жардам берүүгө шарт түзөт. Демократиялык маданият мугалимдер арасында түшүнүшүү жана сый-урматты колдоого, ата-энелер менен ынак мамиле түзүүгө жардам берет. Бул маданият окутуу усулдарын кайра карап чыгууга жана инновацияларды киргизүүгө ыңгайлуу шарт түзөт.
Мугалимдердин демократиялык маданияты окуучуларды адам укуктарын сыйлоо, маданияттар аралык толеранттуулук, жарандык демилгелерди ишке ашыруу, укуктук чечимдерди өз алдынча кабыл алуу, жүрүм-турумду коомдогу эрежелерге ылайык ыңгайлаштыруу, социалдык жана экономикалык кубулуштарды түшүнүү, ар түрдүү социалдык топтор менен конструктивдүү өз ара аракеттенүү, чечим кабыл алууга катышуу сыяктуу демократиялык көндүмдөргө ээ кылууда да маанилүү ролду ойнойт. Бул маданият мугалимдерди окуучуларга өрнөк болууга, алардын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алууга, эркиндик жана жоопкерчилик баалуулуктарын тарбиялоого өбөлгө болот.
Д.Шаматов: – Агай, мектепте мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин өзүн-өзү башкаруусун өркүндөтүүдө мугалимдердин демократиялык маданиятынын ролу кандай?
О.Сайдилканов: – Мектепте мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин өзүн-өзү башкаруусун өркүндөтүүдө мугалимдердин демократиялык маданиятынын ролу чоң. Мугалимдин демократиялык маданияты мектеп ишин ишенимдин, шыктандыруунун, жоопкерчиликтин негизинде жүргүзүүгө шарт түзөт. Бул мугалимдерге өз алдынчалык, чыгармачылыкка, автономияга, эркиндикке жана эркин тандоого мүмкүнчүлүк берет. Демократиялык маданият мектепте окутуу-тарбиялоо жана өнүктүрүү ишинин натыйжалуулугун камсыз кылат.
Демократиялык маданият ата-энелер кеңеши менен кызматташтыкты жакшыртат, мугалимдер менен ата-энелердин ортосундагы түшүнбөстүктү, чыр-чатактарды четтетип, ишенимдин, шыктандыруунун, жоопкерчиликтин жана ынтымактын негизинде карым-катыш байланышта болуп, ынак мамиледе болууга түрткү болот. Мугалимдер ата-энелер менен көйгөйлөрдү четтетүүнү бирге макулдашып, бирге чечим кабыл алууга, ишке ашырууга активдүү катышууга өбөлгө түзөт. Бул ата-энелердин өз алдынчалыгын жана жоопкерчилигин өркүндөтүүгө жардам берет.
Мугалимдердин демократиялык маданиятынын окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун өркүндөтүүдө да ролу чоң. Демократиялык маданият мектепте окуучулардын мугалимге ишенимин бекемдейт, аларды мыкты адам болууга, жакшы окууга, тынымсыз өнүгүүгө, ийгиликке, өз алдынчалыкка жана эркиндикке шыктандырат, чыгармачылык жоопкерчилигин күчөтөт.
Мугалимдер окуучуларга эркин ойлоо, чыгармачылык жана демилгеликке мүмкүндүк берет. Бул маданият окуучулардын өзүн-өзү таануу, өзүн-өзү аныктоо, өзүн-өзү башкаруу, өзүн-өз көзөмөлдөө жана өзүн-өзү баалоо көндүмдөрүн калыптандырат. Демократиялык маданият мектеп ишин ачык жана ишенимдүү түрдө жүргүзүүгө шарт түзөт.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR