Карел Чапек: Дирижёр Калинанын окуясы

  • 30.12.2025
  • 340

АҢГЕМЕ

— Кээде көгөргөн жер сынган сөөктөн да катуу оорутат, — деди Добеш, — айрыкча сөөккө тийсе. Мен муну жакшы билем, эски футболчумун да. Кабыргам да, ийин сөөгүм да, бутумдун бармагы да сынган. Азыр биздин убактагыдай аяп ойношпойт. Былтыр бир жолу аянтка чыккам; биз, карылар, жаштарга кантип ойногонубузду көрсөтөлү дегенбиз. Арткы коргоочу болдум, жыйырма жыл мурункудай. Бир убакта топту секирип абадан тостум эле, ошол убакта өз дарбазачым куймулчагымды майыштыра тепти, медицинада cauda equina дешет. Оюндун кызуусунда бир ооз сөгүп коюп, унутуп калдым. Бирок түнү менен оору күчөдү! Эртең менен туралбай калыпмын. Ушунчалык ооруйт десең, колуңду кыймылдатсаң да, чүчкүрсөң да сыздайт. Адам денесинде баары бири-бири менен байланыштуу экени укмуш. Өлүк коңуз сыяктуу чалкаман жатам, кырыман да оодарыла албайм, бармагымды да кыймылдата албайм. Ох-ох деп онтоп коём, катуу ооруду.

Бир күн, бир түн жаттым, бир мүнөт да көзүмдү ирмеген жокмун. Бир да кыймыл жасай албай жатканыңда убакыт кандай чексиз созуларын элестете албайсың. Жер астында көмүлүп жатуу кандай азап экенин ойлодум… Убакытты өлтүрүү үчүн ичимден кошуп-көбөйтүп жаттым, кудайга жалындым, ырларды эстедим. Бирок түн өтпөй койду.

Түн ортосунан ооп, саат экилерден өтүп калса керек, көчөдө кимдир бирөө жанын ала качып баратканын уктум. Артынан алты адам кууп баратып кыйкырышты: "Мен сага көрсөтөм", "Жетсем өлтүрөм", "Ах сен ит", "Көк бет" — ушул сыяктуу сөздөрдү айтып жатышты. Тереземдин түбүндө кууп жетип, бечараны баса калышты — буту менен тепкени, бетке урганы, онтогону, ышкырганы угулуп жатты… Үнгө караганда, бирөөнү башка таяк менен чапкандай болду. Бирок эч ким кыйкырган жок. Эмне деген шумдук, алтоо бирөөнү чөп салынган каптай тепкилеп. Мен туруп, бул ыпластык деп кыйкыргым келди. Бирок ошол замат оорудан кыйкырып жибердим. Каргыш алгыр! Кыймылдай албайм! Алсыздык деген кандай коркунучтуу! Тишимди кычыратып, ачуума чыдабай онтолодум. Күтүлбөгөн жерден бир нерсе болду, ордумдан ыргып туруп, колума таяк алып, ылдый чуркадым. Сыртка чуркап чыксам, караңгыда эч нерсе көрүнбөйт. Бир бала менен сүзүшүп алып, аны таяк менен чапкылай баштадым. Калгандары качып жөнөштү, мен болсо ошол акмакты уруп жаттым, өмүрүмдө эч кимди мынчалык сабаган эмесмин. Анан гана оорудан көзүмдөн жаш чыгып жатканын байкадым. Тепкич менен бир сааттан ашык убакыт көтөрүлүп, керебетимке араң жеттим, бирок эртең менен кыймылдап эле тим болбостон, басып да жүрдүм…бул керемет эле…

— Кимди сабадым экен, — деп ойлуу кошумчалады Добеш. — Тиги алты кишинин биринби же алар кууп бараткан кишиниби? Кандай болсо да, бирге бир мушташуу — бул калыс күрөш.

— Ооба, алсыздык — коркунучтуу, — деп дирижёр-композитор Калина башын чайкап макул болду. — Мен бир жолу муну башымдан өткөрдүм. Бул Ливерпуль шаарындагы окуя, мени ал жерге оркестрге дирижёр болууга чакырышкан. Англис тилин эч билчү эмесмин, бирок биз, музыканттар, дайыма бири-бирибизди түшүнөбүз, айрыкча дирижёрдук таякча жардамга келгенде. Пультту тыкылдатып, бир нерсе деп кыйкырасың, көзүңдү алаңдатасың, колуңду булгалайсың — демек, баарын кайрадан баштоо керек… Ушундай жол менен эң кылдат нюанстарды да билдирүүгө болот: мисалы, колумду мындай көрсөтсөм, ар ким бул жандын мистикалык көтөрүлүшү, анын бардык түйшүктөн жана турмуштук кайгыдан арылышы экенин түшүнөт…

Ошентип, Ливерпулга келдим. Мени вокзалдан тосуп алышып, эс алуу үчүн мейманканага алып барышты. Ваннага түшүп, шаар көргөнү чыктым… кашайып адашып кеттим.

Жаңы шаарга келгенде биринчи кезекте дарыяга барам. Дарыя жанында адамга шаардын оркестрлештирилиши угулуп турат. Бир жагынан көчөнүн ызы-чуусу — барабан, литавра, сурнай, керней жана башка жез аспаптар, а экинчи жагынан дарыя, башкача айтканда, кыл аспаптар тобу, скрипка, арфалардын пианиссимосу. Ошондо сен шаардын бүткүл симфониясын угасың.

Бирок Ливерпулдагы дарыянын аты кандай, билбейм, — күрөң, көрксүз, үстүндө ызы-чуу, күрсүлдөө, тарсылдоо, коңгуроо, пипилдек, бардык жерде пароходдор, сүйрөткүчтөр, пакетботтор, кампалар, кеме куруучу жайлар, крандар. Мен ар кандай кемелерди жана жазы чайыр баржаларды, кызыл жүк ташуучу кемелерди, аппак океан лайнерлерин абдан жакшы көрөм. «Океан, балким, жакын эле жерде, тиги бурчта болсо керек», — дедим өзүмчө, анан аны көрүү керек деп чечип, дарыяны көздөй жөнөдүм. Бир саат, эки саат бастым. Кампаларды, сарайларды жана кеме оңдоочу жайларды, анда-санда бийик собордой, кээде үч чоң кыйгач морлору бар кемелерди көрдүм. Бардык жерде балыктын, аттын тери, ромдун, буудайдын, көмүр жана темирдин жыты… Темир көп болгондо, ал өзүнчө өзгөчө жыт чыгарарын байкадыңыз беле?

Түшүмдө жүргөндөй эле тентип жүрдүм. Күүгүм түшүп, түн киргенде кандайдыр бир кумдуу жээкте жалгыз калдым. Маңдайда маяк жанып турду, алыста оттор жылтылдайт — балким, ал жакта океан бардыр. Жыйылган тактайлардын үстүнө чыгып отурдум да, жалгыздыктын, адашуунун муңайым сезимине батып кеттим. Деңиздин шуулдаганын, океандын үшкүрүгүн узакка чейин угуп, кайгыдан уктап кала жаздадым. Аңгыча жаныма эркек менен аял келип отурушту. Алар мени байкабай, мага далысын салып, акырын сүйлөшө башташты. Эгер англисче түшүнсөм, алардын сүйлөшкөнүн угуп жатканымды билдириш үчүн жөтөлүп коймокмун. Бирок алардын тилинен "мейманкана", "шиллинг" деген сөздөрдү гана билгендиктен, унчукпай отурдум.

Башында алардын сүйлөшүүсү жай, тынч болду. Анан эркек акырын, жай, бир нерсени каалабагандай, кыйналып түшүндүрө баштады. Бир маалда ал жарылып кеткендей, баарын төгүп салды. Аял коркуп кыйкырып жиберди, анан ачууланып сүйлөй баштады. Бирок эркек анын колун катуу кысканда, аял онтоп жиберди. Анан тишин кычырата баштады, аны көндүрүүгө аракет кылгандай. Музыкант катары менде эч кандай шек жок эле, бул сүйүү сөзү эмес болчу. Сүйүү сөзүнүн кадансы башкача болот, мынчалык басым болбойт. Сүйүү – бул виолончель сыяктуу жагымдуу. А бул жерде, дээрлик контрабас сыяктуу, предо рубато ойноп жатты, бир эле обондо, эркек дайыма бир эле сөздү кайталап жаткандай. Мен ыңгайсыз абалда калдым: бул адам жаман нерсе айтып жатты. Аял акырын ыйлай баштады, бир нече жолу катуу кыйкырды, сыягы, ага каршылык көрсөтүп жаткандай.

Аялдын үнү бир аз күңүрт, кларнетке окшош эле, демек, ал аябай деле жаш эмес. Анан эркектин үнү катуу, буйрук берип же коркуткандай. Аял коркконунан тили күрмөөгө келбей, муздак компресс коюлгандай жан талашып жалбара баштады. Тишинин кагышканы угулуп турду.

Киши жай, дээрлик сүйүү менен басс тонунда күңкүлдөй берди. Аялдын ыйлаганы кескин, моюн сунган ыйлоого айланды. Каршылыктын жеңилгенин түшүндүм. Андан кийин сүйгөн бас кайрадан жаңыра баштады, эми бийик жана кескин. Ал ойлонуп, так сүйлөп жатты. Аял алсыз ыйлап, онтолоп жиберди, бирок бул мындан ары каршылык эмес, сүйлөшкөн адамдан эмес, келечекте болор коркунучтан катуу кооптонуу эле. Аялдын ыйлаганы моюн сунган үшкүрүккө айланды. Эркек кайрадан үнүн басаңдатып, бир нерсени тынчтандырып күңкүлдөй баштады, бирок анын тонунда коркунучтуу интонациялар сезилип турду. Аялдын ыйлаганы моюн сунган үшкүрүккө өттү. Эркек муздак шыбыр менен бир нече суроо берди. Аларга жооп катары аял баш ийкеди көрүнөт, анткени ал башка эч нерсе талап кылган жок. Алар ордунан туруп, эки башка тарапка кетишти.

Мен алдын ала сезүү дегенге ишенбейм, бирок музыкага ишенем. Ошол түнү угуп жаткан сүйлөшүүдөн, контрабас кларнетти кылмыш кылууга азгырганына толук ишендим. Кларнет үйүнө кайтып келип, контрабас буйругандын баарын аргасыз аткарарын билдим. Мунун баарын уктум, ал эми угуу – бул сөздөрдү түшүнүүдөн да көп нерсе. Мен бир кылмыш даярдалып жатканын, ал тургай кандай экенин да билдим. Бул эки үндөн тең угулуп жаткан нерселердин баары түшүнүктүү болду: алардын тембринде, кадансында, ыргагында, паузаларында, цезураларында тынчсыздануу бар эле… Музыка – так нерсе, сөздөн да так!

Кларнет өзү бир нерсе жасай тургандай эмес эле. Ал болгону жардамдашат: ачкыч берет же эшикти ачат. Ал орой, төмөн бастын ойлогонун ишке ашырат, ал эми кларнет дал ошол убакта коркконунан деми кысылып турат. Бир жамандык даярдалып жатканына эч күмөнүм жок, шаарга шашып жөнөдүм. Бир нерсе кылуу керек, буга тоскоолдук кылуу керек! Ушундай нерсе болуп жатканда кечигип жатканыңды билүү – коркунучтуу…

Көчөдөн бир полисменди көрдүм да, демимди ичиме катып, ага карай чуркадым.

— Мистер! — деп кыйкырдым, — Шаарда бир адамды өлтүрүү пландалып жатат!

Полисмен ийнин куушуруп, түшүнбөгөндөй бир нерсе деди. "Кудайым ай, — деп ойлодум, — ал мени түшүнбөйт да".

— Өлтүрүү! — деп дүлөйгө айткандай кыйкырдым, — Түшүнөсүңбү? Жалгыз жашаган бир айымды өлтүргүсү келип жатышат. Анын үй кызматчысы — өлтүрө турган мыкаачыга жардамчы. Аракет кылыш керек!

Полисмен баш чайкап, англисче "ооба, ооба" дегендей бир нерсе деди.

— Мистер, — ачууланып, каарданып, коркуп титиреп кайталадым, — ал бактысыз аял сүйгөнүнө эшикти ачат, буга башым менен кепилдик берем. Аракет кылыш керек, аны табыш керек!

Ошондо гана ал аялдын ким экенин билбегенимди түшүндүм. Эгер билсем да, түшүндүрө алмак эмесмин.

— Кудайым ай! — деп кыйкырдым. — Бирок эч нерсе кылбай отуруп калуу мүмкүн эмес да!

Полисмен мага кунт коюп карап, тынчтандыргысы келгенсиди. Мен башымды кармадым.

— Акмак! — деп айласы кеткенден кыйкырдым, — Анда мен өзүм табам.

Албетте, бул акылга сыйбас иш эле, бирок адам өмүрү жөнүндө сөз болуп жатканын билгенден кийин, кол куушуруп отура алмак эмесмин. Түнү бою Ливерпульду тоноп жаткан ошол үйдү издеп чуркап жүрдүм. Кандай укмуштуу шаар эле, түнү ушунчалык жымжырт, коркунучтуу... Эртең менен чарчаганымдан онтолоп, тратуардын четинде отуруп калдым. Полисмен мени ошол жерден таап, мейманканага алып барды.

Ошол күнү эртең менен репетицияда кантип дирижёрлук кылганым эсимде жок. Бирок акыры таякчамды ыргытып жиберип, көчөгө чыктым. Балдар кечки гезиттерди сатып жатышты. Бирин сатып алдым да, чоң баш макаланы көрдүм: "Murder", анын астында ак чачтуу аялдын сүрөтү. Менимче, англисче "murder" — "өлтүрүү" дегенди билдирет...

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз