Жорж Брэдшоу: Коштошуу симфониясы

  • 31.12.2025
  • 273

АҢГЕМЕ

Жазуучуну кыйнаган нерселер арбын, бирок мен буга чейин эч кимден укпаган бир азап бар. Бул – жардам берүүнү эңсеген жандардын балээси. Сөзсүз сага бир окуя айтып берүүнү көксөгөн адамдар жөнүндө кеп козгоп жатам.

Алар бүтүндөй коомдун жарымынан да көп. Ниеттери ак болсо да, алардын кесепети сага жеңилге турбайт. Аларды биринчи эле көргөндө тааныйсың: ким экениңди сезери менен, "Мен бир окуя билем" деп баштап, "Аны сага айтып берем" деп кепке киришет тынбай.

Кольриж үчүн "Эски деңизчи" жаңылык болгондур, бирок көпчүлүк жазуучулар үчүн бул эски тааныш. Узун ак сакал – сейрек көрүнүш, бирок жанып турган көздөр – эреже. Анын айла-амалын канчалык билсең да, мындай аңгемелешүүчү сени сөзсүз бир бурчка камап, "Мына сага окуя, ушул тууралуу жаз" дейт. Жүз окуянын токсон тогузу жараксыз экени айтпаса деле белгилүү.

Ушунун баары менин досум Алекс Бартонду сизге көркөмдөп тааныштыруу үчүн айтылды. Анткени ал – жүзүнчүсү, ал – өзгөчө. Андан кайтып келатып, мен ар дайым бир нерсе алып келем. Аны мен дароо ишке киргизем.

Алекс Бартонду көптөн бери билем, бирок аны менен көп деле жолугушпайм. Аны көрүү мен үчүн ар дайым ырахат, анткени анын кылмыш иштери боюнча адвокаттын, бардык нерсеге шектенүү менен караган курч акылы бар, ошондой эле ал менин көзкараштарым жана пикирим деп атаган бүдөмүк түшүнүктөрдүн жыйындысына күмөн саноо мүмкүнчүлүгүн эч качан колдон чыгарбайт.

Мындан эки күн мурун эртең менен ал мага телефон чалды.

– Менде сен үчүн бир нерсе бар, – деди ал. – Кел, чогуу тамактаналы.

– Качан кааласаң бара алам, – деп жооп бердим.

– Анда бүгүн жолукпайлыбы?

Биз түштө чогуу тамактандык, анан ал мага камдап койгон нерсесин айтып берди. Муну кандай уккан болсом, ошондой так жеткирүүгө аракет кылам, анткени, чындыгын айтсам, мен андан жакшы эч нерсе ойлоп таба албайм.

— Эсиңдеби, — деп баштады Алекс, — бул менимче, кырк үчүнчү жылдын күзүндө болгон, мен сени Тунисте жолуктургам. Сен бейдин сарайындагы офицердик ашканага кирип келгенсиң. Эсиңдеби, ал сырдалган эски сарайда кандай суук, нымдуу болгонун? Тамактануу үчүн жылуу куртка кийип отурууга туура келди. Сени бир жылдан бери көрө элек элем, сен анда бардык майор наамыңда болчусуң, эмне менен алектенериңди эч ким биле алган жок. Сен эмнеге Тунисте экениңди же кайда барарыңды эч айткан эмессиң. Мен ар дайым сенин миссияңдын маанилүү эместигинен уялганыңдан, сырдуулук жамынып жүрөт ко деп шектенип жүрдүм. Кандай болгондо да, сага эч качан жашыруун маалыматты ишенмек эмесмин.

Балким, ошол күнү эмне болгонун эстейт чыгарсың? Кыларга ишиң жок болчу, бул ачык эле көрүнүп турду, а мен ошол күнгө эс алуу алдым, бардык булактарды колдонуп, биз префекттен эски шаарга кирүүгө уруксат алдык. Баарыбызды ушул суук, нымдуу көчөлөрдө адашып жүрүү абдан зериктирген эле, муну сен гана таркаттың: килем сатып алгың келгенин. Сени айнытуу үчүн колумдан келгендин баарын кылдым, анткени ал жыйырма футка жыйырма футтук чоң килем болчу, аны Тунистен жөнөтүүнү кыялдануу мүмкүн эмес эле, бирок сен покерден бир аз акча утуп алып, аны коротууга шашылып тургансың. Мас болчусуң, бул эпизодго мен берер эң пайдалуу түшүндүрмө.

Бирок эң негизгиси, биз ал жерде жалгыз эмес элек. Биз менен бирге бомбалоочу базадан келген лейтенант болду. Саймон Тейлор – бул ысым сага бир нерсе айтабы? Ал биздин авиаполкто, В-24 учагында учкан илмийген арык, жоош жана абдан сүйкүмдүү, кочкул күрөң чачтуу штурман болчу. Ал кийимдерибизди сылап-сыйпап кийүүгө мүмкүнчүлүгүбүз аз болсо да, анын кийимдери эч качан башкалардыкындай уйпаланып-бырышпай, качан көрсөң зыңкыйып жүргөнү менен эсте калды. Анын канында тазалык бар болчу, билесиңби, кээ бирөөлөр ушундай болушат.

Мага анын согушка чейинки темада көп сүйлөшпөгөнү жакты. Биздин балдардын көбү (билесиңби, мен чалгындоо офицери элем), баары жакшы балдар болсо да, алар али балалыктан чыга элек болчу. Алардын бир эле темасы бар: "Согушка чейин…" Бул тема, албетте, түгөнбөйт, бирок менин жашым ар түрдүүлүктү каалаган учурга келген.

Саймон жыйырма сегизде болчу, бала эмес курак. Ал музыкант эле. Кызыгы – штурмандардын көбү музыканттар. Балким, андай деле кызык эместир: музыканттар ар дайым жакшы математик болушат, ошондуктан бир нерсе экинчисинен келип чыгат.

Саймон, өзү моюнга алгандай, кичинекей музыкант болгон. "Мен го сен атаган дээрлик бардык аспапта ойнойм, — деп айткан ал мага бир жолу, — бирок бир дагы аспапта концерттик деңгээлде ойной албайм". Ал жөн эле ышкыбоз болгон деп ойлобо. Бул анын жашоосундагы жалгыз кызыкчылыгы болчу, анын артында көп жылдык талыкпаган эмгек бар. "Мен адистешпегеним кокустук эмес, — деген ал, — анткени өзүмдү билгенден бери дирижёр болгум келген".

Жашоонун максаты симфониялык оркестрдин дирижёру болуу – көп кездеше бербейт. Бирок сага көрүнгөндөй, өзгөчө деле учур эмес. Дирижёрдук мектептер бар, билесиңби? Мен концерттик залдарга такай эле бара бербейм, бирок аларда эмне болуп жатканын билүү үчүн жетиштүү түрдө барып турам. Баары бир түкөйлүгүмдөн улам, дирижёрдун бардык кыймылдары (ал араалап жаткансыйт, же колдорун сунат, же манжасын эринине тийгизет, ж.б.) – анын өзүнүкү деп ойлогом, ал эми алардын айрымдарын карасаң, жөн эле маанисиздей көрүнгөн, бирок андай эмес болуп чыкты. Көрсө, ар бир кыймылдын оркестр мүчөлөрүнө түшүнүктүү өз мааниси бар тура.

Ошентип, Саймон мунун баарын үйрөнгөн. "Жана бактыма жараша, — деген, — партитураларды оңой эле эсимде сактайм. Симфония же концертти беш-алты жолу окусам, алар башымда түбөлүк сакталып калат. Бул мага абдан жардам бермек."

Жардам бермек, шарттуу айтылган нерсе, анткени Саймон эч кандай симфониялык оркестрди башкарган эмес. Себеби, ал мага түшүндүргөндө, оркестр дирижёрлору (бул факт) өлбөйт. Алар улгайышат, картайышат, карыйт, бирок өлбөйт. Муну бир аз апыртып атам.

Согушка чейин Саймон Нью-Йорк симфониясынын нота китепканачысы болгон. Макулмун, бул анча деле көңүлгө толор иш эмес эле, бирок ал аны баккан, өзү кылгысы келген нерсенин жанында болууга, ошондой эле ага каалаганча музыкага байланыштуу адабияттарды окууга мүмкүнчүлүк берген. Карт Вурдман, дирижёр, ага сылык мамиле кылган, бирок андан ашык эмес. Айтайын дегеним, ал Саймонго репетиция жасоону бир да жолу сунуштаган эмес, — бул үчүн анын элүү жаштагы жигити бар болчу.

Саймон Тейлордун иши ушундай эле. Андан өз ордун таппай жүрдү десем, балким, ашырып жибергендик болушу мүмкүн, бирок анын дал ушундай болгонун абдан оңой элестете алам. Эң жакшы болгон күндө да, ал өзүн абдан кысымга алынгандай сезиши керек болчу. Анан албетте, согуш келди, аны менен кошо анын кайгысы да бүттү…

Саймонду биринчи жолу Техаста көрдүм, ал жерде авиаполк окуунун акыркы этабынан өтүп, жаңы эле кабыл алынгам. Саймонду дээрлик күн сайын көрчүмүн, бирок тааныш эмес элек. Бизди баарын Флоридага, андан Наталга, анан Дакарга, анан тоолор аркылуу Константанын жанындагы аэродромго которушканда, аны менен чогуу учтук. Ошондон бери дос болуп калдык.

Саймон экөөбүз музыка тууралуу көп сүйлөштүк деп ойлобо. Жок, чынын айтсам, музыка тууралуу анын деңгээлинде сүйлөшүү үчүн өтө аз билчүмүн. Биз аны менен бардык нерсе жөнүндө сүйлөштүк; анын жандуу акылы, тамашакөйлүгү бар болчу, аны дароо түшүнө албайсың. Музыка тууралуу азыр айтып жатам, анткени бул окуядагы эң негизги нерсе.

Саймондун кемесинде үч гана учуу жасадым. Үчүнчүсүнөн (Миланга кадимки эле рейд болчу) биз кайтып келген жокпуз. Май куурунун түтүгү иштебей калып (ал баарын алдаптыр), биз Италиянын эң түштүк четиндеги деңиз жээгине кондук. Жакшы кондук, бир да зыян келген жок.

Учак конгондон кийин эле бизди дыйкандар курчап алышты, беш мүнөттөн кийин карабинерлер пайда болду. В-24 учагынын конушу – байкалбай калчу окуя эмес. Биз жергиликтүү түрмөдө түнөп, эртеси бизге италиялык армия келди. Бизди алып кетишти, эки күндөн кийин Палена жанындагы согуш туткундарынын лагерине түштүк. Ошол жерге таштап кетишти.

Паленаны билесиңби? Мен ал жерде тынчтык убагында болгом: бул Кьетинин жанындагы дөбөлөрдө жайгашкан шаарча. Эгер ал жерге бир нече саатка келсең, керемет жер, бирок ал жерде көпкө калгың келбейт.

Биздин лагерь шаардан болжол менен бир чакырым алыстыкта болчу. Албетте, бейиш дегенге болбойт, бирок баары биз күткөндөй жаман эмес болчу: мурда ал жерде италиялык офицердик мектеп жайгашкан экен. Биз тикенектүү зымды, анын артында алачыктарды же чатырларды табабыз деп күткөнбүз, ошондуктан лагерде спорттук аянтчалар, оорукана, атүгүл сахналуу зал бар экенин көрүп таң калдык.

Бүткүл лагерди кирүүчү жерден башкасын, күзөтчүлөр отурган мунаралары бар дубал курчап; дубал менен тосулган мейкиндик ортосунда, дубалдан элүү фут алыстыкта тикенектүү зым тосмосу созулуп жатты. Ал эми дубал менен тосмо ортосундагы жер тилкеси залы бар имараттан башкасынын баарын курчап, ал лагердин кире беришинде турду. Бул тилке тыюу салынган аймак деп эсептелип, туткун ал жерге топ үчүн кирсе да, атылып кетиши мүмкүн эле.

Бул жолку учууда Саймонго аскердик-аба күчтөрүнүн учуу костюмун кийгизишкен. Эсиңдеби, алар габардинден тигилгенин, тизесинин астында чөнтөктөрү бар. Бул учуу кийиминин эң кеңири таралган формасы, бирок бул жолу аны арабыздан Саймон гана кийген экен. Биз келгенден кийин экинчи күнү кеминде лагердин он эски жашоочусу Саймондун комбинезонун сатып алууга аракет кылып, биз абдан таң калдык. Сага лагерде америкалыктардан тышкары англиялык, австралиялык жана жаңы зеландиялык офицерлер да болгонун айта элек окшойм? Кандай болгон күндө да ага биринчи болуп англис кайрылып, комбинезонду сонун пальтого алмашууну сунуштады.

– Эмнеге? – деп Саймон таң калды.

– Мен сага дээрлик жаңы учуу өтүктөрүн берем, – деди америкалык майор.

– Сага эки айлык шарап рационумду берем, – деди жаңызеландиялык.

– Мен сага момпосуй берем, – деди дагы бир америкалык.

Калгандары да мен сага тигини берем, муну берем деп жатышты.

Биз таң калдык. Саймон эки күн бою эмне тандоону билбеди. Анан биз менен бир казармадагы капитан Чарлз Рейли скрипка сунуштады. Саймон ойлонбостон ага комбинезонун берди. Башкалар бул тууралуу укканда, ызы-чуу көтөрүлдү.

– Мен сага үч скрипка, флейта жана чоң барабан бермекмин, – деди пальтону сунуштаган англис. – Кызыл Крест бизди бул буюмдар менен толтуруп салды. Бир скрипка үчүн... кудай урсун!..

Эки жумадан кийин биз бул дүрбөлөңгө эмне себеп болгонун билдик, тагырагы, качууну уюштуруу боюнча комитет жөнүндө билдик. Бул комитет, сен уккан башка лагерлердегидей эле, туткундарды качыруу үчүн мыкты уюштурулган, өзгөчө чебер, укмуштуудай ийгиликтүү иштеген топ экен. Паленада үй бар болчу, "жер астындагы темир жолдун" бир түйүнү, ал жерге түшкөндөн кийин, өзүңдү коопсуз сезсең болмок. Маселенин баары (айта кетүү керек, абдан оңой эмес) лагерден кантип чыгууда болчу. Күзөтүү согуштук бөлүктөрдүн деңгээлинде болбосо да, күзөтчүлөр мылтыкты кантип пайдаланышты жакшы билишчү. Комитеттин милдети сени кандайдыр бир жол менен бул үйгө жеткирүү болгон.

Сага комитет мыкты уюштурулганын айттым эле. Анын курамына тикмечилер, өтүкчүлөр, боёкчулар, курал жасоочулар, кыскасы, пайдалуу иш жасай алгандардын баары кирген. Комбинезонду көздөй умтулган ач көз караштардын себеби, кайра тигилген, кайра боёлгон, ылайыкташтырылган, ага өтүк, туулга жана сырдалган жыгач тапанча кошулган комбинезон немис парашютистинин формасынын так көчүрмөсүнө айланган. Бул италиялык аймакта калган америкалыктын ишин оңдогон нерсе. Биз Саймондун комбинезонун бир айдан кийин көрип, тааный албадык. Капитан Чак Рейлиге аны кийүүгө туура келген жок: капитандын тармал чачы, ирландиялык көздөрү комитетти анын талапкерлигин четке кагууга мажбурлады.

Бирок жетишет. Бизди баарынан мурда скрипка кызыктырды. Скрипка — жана бир өзгөчө жагдай. Эгер бул азыр кокустук, адаттан тыш көрүнсө да, согуш учурунда бул эреже болчу. Кызыл Крест Палена лагерин жер бетинде болгон дээрлик бардык түрдөгү музыкалык аспаптардын эбегейсиз көп саны менен толтуруп салганына карабастан, эмнегедир аларга бир да нота жиберишкен эмес. Албетте, джаз музыканттары үчүн ноталардын жоктугу анча деле мааниге ээ эмес, алар обондорду эстеп, импровизациялай алышмак; бирок олуттуу музыканттар үчүн (жана таң калыштуусу, алардын саны америкалыктардын арасында да кыйла көп экен) бул олуттуу тоскоолдук болду.

Андан ары эмне болгонун түшүндүңбү? Менимче, түшүндүңүз го. Саймондун башында элүү концертке жетер ноталары бар болчу. Сен анын кандай абалда калганын көрдүң. Алдыда абдан узак айлар, балким жылдар бар болчу, анткени ал убакта баарыбыз согуштун жакында бүтөрүн билчү эмеспиз. Анан бул жерде бекерчиликтен жинди болгон адамдар бар, анткени аларга кылар эч нерсе жок болчу, анткени билесиңби, туткундагы офицерлерге кандайдыр бир иш кылууга тыюу салган эл аралык конвенция бар, алар атүгүл идиш жуушпайт, италиялыктар немистерден айырмаланып, аны сактап калышкан.

Саймон кырдаалды пайдаланды. Топту өзү башкаруу шарты менен, ал өзү жаттап алган партитураларды жазууну сунуштады. Бирок Саймон муну бир аз кооптонуу менен сунуштаса да, анын тагдырлаштары бул сунушту ойлонбостон колу-буттарын көтөрүп кабыл алышты. Каалоочулардын арасынан Саймон алардын музыкасынан оркестр түзүүгө мүмкүн болгон жыйырма жети адамды тандады. Согушка чейин Бостон симфониясында ойногон Чак Рейли биринчи скрипкачы болду. Саймон кагаз таап, ишке киришти.

Бир жолу андан сурадым:

– Сен чын эле ушул ноталардын баарын эстейсиңби?

– Анын эмнеси бар? – деди ал. – Бул алиппе сыяктуу эле, мына карап көр.

Карасам, тыкан, бир да катасы жок партитуралар: Моцарт, Гайдн, Скарлатти, Бах, кээ бир жаңылары – Пуленк, Мийо, Копленд.

– Жардам бергиң келсе, партияларды көчүрө аласың, – деди ал. Мен убакытты өткөрүү үчүн макул болдум.

Музыканттар музыкага берилген. Саймондун оркестри күнүнө төрт, кээде беш саат репетиция жасачу. Үчүнчү айдын аягында алардан бир нерсе чыга баштады.

Мен андан ары айтар нерсе Италияда гана болушу мүмкүн болчу. Италиялыктар музыканы жакшы көрөт, бул сага жаңылык эмес дейм, бирок бул сүйүү канчалык деңгээлде кеңири жайылганын, алар музыканы канчалык жакшы түшүнөрүн билесиңби? Лагердеги күзөтчүлөрдүн бири, Жино аттуу жигит алгачкы бир нече жумалык машыгуудан кийин залда жана Саймон өз оркестранттарын чогулткан бардык башка жерлерден калбай келе баштады.

Жино орто жаштагы, чымырынан келген, көрүнүшү жөнөкөй адам, бирок репетиция жакшы өткөн сайын, анын жүзүнөн (биз ага көңүл бурдук) дайыма бактылуу жылмаюу байкалчу. Кээде башка италиялыктар да токтоп угушчу, бирок Жино бош убактысынын баарын оркестр менен өткөрчү. Саймон бактылуу болчу. Согуш туткундарынын лагер туткунуна карата бул аныктама бир аз кызыктай угулат, бирок унутпа: Саймон биринчи жолу каалаган иши менен алектенип жаткан. Акыры оркестр жалпыга концерттерди берүү үчүн керектүү деңгээлге жеткен убакыт да келди. Мен курамына кирген делегация лагердин «комендаторуна» барып, калган туткундар да келип угушу үчүн, жума күнү кечинде залды пайдаланууга уруксат берүүнү суранды.

Коммендатор, жабыркаган адам (мага ишенсең болот) жана кошумча италиялык, биздин өтүнүчүбүздү карап чыгууга бир күн сарптап, аны канааттандырууну чечти. Аны туткун иштегенде жакшы болот деп үйрөтүшсө керек.

Дал ошондо Жино менен мындай окуя болгон: бир күнү түштө Саймон экөөбүз ашканадан чыгып келатсак, Жино бизди токтотту.

– Кечиресиз, лейтенант, – деп кайрылды ал мага, – сизге бир нерсе айткым келет. Капитан Рейли ойногон скрипка анча жакшы эмес. Концертке жакшысы керек. Менде чыныгы скрипка бар, ал үйдө. Мен алыс эмес жерде, Кьетиде турам, аны алып келсем болот.

– Скрипкабы? Кандай скрипка? – деди Саймон.

– Гварнери, – деди Жино.

Саймондун көздөрү чакчая түштү:

– Сен чын айтып жатасыңбы?!

– Ооба.

– Чыныгыбы?

– Чыныгы. Ал чоң атамдыкы, андан кийин агамдыкы болчу, азыр меники. Саймон Жинонун чыканагын эки колу менен кыса кармады.

– Кандай сонун! – деди ал. – Рейли концерт коёр нерсеге ээ болот.

Мен сени Гварнери скрипкасынын эмне экени тууралуу айтып таарындыргым келбейт. Билбесең, билүүгө аракет кыл. Кандай болгон күндө да, Саймон Рейли Моцарттын Ля мажор концертин Жинонун скрипкасында ойнойт деп чечти.

Андан ары айтарым, эгер концерт үчүн музыканы тандоо болбогондо, Саймон эч ойлонбостон жасаган тандоо болбогондо бул окуя болмок эмес. Саймон «Щелкунчиктин» үзүндүлөрү менен баштап, андан кийин Моцартты берүүнү, кыска тыныгуудан кийин Брамстын «Бешик ырынан» баштап, концертти Гайдндин «Коштошуу симфониясы» менен аяктоону чечкен.

«Коштошуу симфониясы» — билесиңби? Аны аз ойнотушат. Бирок аны менен абдан кызыктуу жагдайлар байланышкан, Саймон аларды билчү. Йозеф Гайдн көп убакыт бою князь Николайдын сарай композитору, дирижёру болгон, он сегизинчи кылымдын укмуштуу инсаны, көпчүлүк падышаларга караганда жакшы жашаган.

Анын сарайларынын бири, Эстерхази сепили (Венадан барса, шайтандын колтугунда) Версальдан кийин Европадагы эң мыкты резиденция. Мисалы, анда үч театр залы бар эле, калганын өзүң элестете бер. Ал жерде албетте, Гайдн өз оркестри менен бирге жашаган. Николай, жалпысынан, тиран болгон, анткени ал оркестр музыканттарынын бирине да аялы, балдары менен бирге болууга уруксат берген эмес. Аялдары, балдары Венада калышы керек болчу.

Бир жолу кышында, төрт айга Парижге кетип баратып, бардык оркестрди сарайда калтырууну буюрган (оюна ушундай келип). Ошондо Гайдн "Коштошуу" жазган. Анын аткарылыш учурунда музыканттар биринин артынан бири сахнадан чыгып, аспаптарын ала кетишет, акырында экөө гана калат. Николай ишаратты түшүнүп, музыканттарды Венага коё берген. Саймон ойлоп тапкан нерсе ушул. Ал Рейлиге мындай деди:

– Келгиле, комендаторду бир аз күлдүрөлү. Үйгө баргыбыз келгенин ишара кылалы. Бул аны да кубантат, биздин адамдар да сүйлөшөр тема табат!

Рейли баш ийкеди.

– Жакшы программа, – деди ал, – абдан жакшы. – Эл ар кандай трюктарды абдан жакшы көрөт.

Анан мен анын жүзү кандайча өзгөрүп кеткенин көрдүм.

– Бул… шайтандын идеясы, – деди да, Рейли унчукпай калды.

Саймондун окуясынын аягын кантип жакшырак айтууну билбейм. Кеп мында, бул окуя эки элементтен турат, бири – кызыктуу окуялар (качуу жөнүндө болуп жатканын түшүндүң да), а экинчиси – менимче, андан да маанилүүсү – Саймондун тагдыр тамашасы, анын дирижёрлук карьерасынын тамашасы.

Идеалында экөөнү тең кандайдыр бир жол менен тең салмакташ керек. Муну кантип жасоону билбейм, бирок балким, кандайдыр бир жол менен муну кыла аласың; кантип экени менин ишим эмес. Жөн гана мунун баары кандай болгонун айтып берем. Саймон концертке бир жума калганда эле ага кандай роль берилгенин так билчү, бул тамашанын курчтугун бир аз азайтат. Сен жазганда Саймон үчүн баары күтүүсүз кылып койсоң болот.

Сен капитан Рейли комитеттин мүчөсү болгонун түшүндүң окшойт. Ал аны чакырып, планын айтып берди. План ушунчалык жөнөкөй, ушунчалык айкын болгондуктан, мен ага өзүң деле ойлонуп жетериңе ишенем. Оркестрдин ар бир музыканты "Коштошуу симфониясынын" жүрүшүндө сахнадан чыгып, андан ары качыш керек эле.

План жакшы болгондуктан, бир гана көйгөй бар болчу, ал жарым-жартылай чечилген. Мен Жинону айтып жатам. Жинону концерт берген кечте лагердин кире беришинде посту ээлөөгө көндүрүү керек болчу. Сага эми түшүнүктүүбү? Залдын имараты кире бериште жайгашканын айткам. Жино үчүн ал кечте кайда коюлса да, өз скрипкасын угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн, кире бериштеги күзөтчү менен ордун алмаштырып алуу жакшы болмок. Логикалуубу? Логикалуу.

Рейли мага жана Саймонго деталдарды бир түнү казармада түшүндүрдү. Муну эч качан унутпайм, анын түшүндүрмөсүн уккан Саймондун унчукпаганын да унутпайм.

– Сахнадан биринчи болуп мен кетем, – деди Рейли. – Гайдндан четтөө, бирок бул жерде эч нерсе кыла албайсың. Мен өтмөккө барып, скрипканы сунам, Жинону чакырам. Эгер баары жакшы болсо, ал мага келет. Ага чейин сахнадан экинчи, балким, үчүнчү адам кетип калган болот. Жана ар бирибизде таяк болот.

Ошондуктан баары Жинонун өзүн кандай алып жүргөнүнө көз каранды. Адам ишенсе, план иштейт. Бирок андай болбосо (бул пландын негизги артыкчылыктарынын бири), эч кандай шек туулбайт, эч ким эч нерсе жоготпойт.

Иш ушундай болчу. Лагер сыртындагылар менен байланышышты. Алар кийим-кечек, унаа жана андан аркы пландар менен даяр болушту.

Кайгылуу, туурабы? Саймондун ошол акыркы жумада кандай абалда болгонун элестетүүгө аракет кыл. Музыканттар бут кийимсиз тикенек тебелеп жүргөндөй болушту; репетициялар начар өттү. Саймондун кымбат кыялы эмнеге айланып баратканы белгисиз болуп баратты. Эми ал негизги ролду ойноочу эмес, эң маанилүү эмес актёрлордун бири болчу.

Бирок концертке, ошол эле учурда бүт окуянын маңызына кайрылалы. Досум, бул триумф! Эки саат ичинде Саймон (жана биз баарыбыз) анын дирижёрдо болушу керек болгондун баары бар экенин билди. Кудай билет кандай жолдор менен, өз күчү менен ал оркестранттардан алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып түшкөн музыканы чыгарды. Саймон чыныгы дирижёр болчу, бул күн сыяктуу эле айкын эле. Ага да, ага кулак салгандардын баарына ачык эле. Ал музыканттарды алып, оркестр түзүп, оркестрден керектүү нерсени ала алмак. Ал эми бул, күчүңдү сынап көрмөйүнчө эч качан ишенип билүүгө мүмкүн эмес. Саймон сезе билчү, уга билчү. Ал — чыныгы дирижёр эле.

Зал толду. Комендатор өз штабы менен залда аркан менен бөлүгүнөн орундарды ээлеген. Анын жанында Паленанын мэри отурду.

Угуучулар "Щелкунчиктин" үзүндүлөрүнөн жаркырап турган көңүл ачууларга кайдыгер болушкан жок, Рейли сейрек кездешүүчү, күчтүү Гварнериде ойногон Моцарттын бардык кооздугун түшүнө алышпаса да, албетте, урмат-сый жарата алды. Брамс, албетте, тынчтандырып, бүдөмүк тааныш нерсени эске салды. Анан Гайдндын кезеги келди.

Гайдн… Башынан аягына чейин оозубузду ачып отурдук. Бир да көз ирмемге көңүлүбүз алагды болгон жок, көзүбүз бир да ирмемге сахнадан ажырабады.

Анан ошол учур келди: Рейли ордунан туруп сахнадан чыгып кетти. Эч ким таң калган жок, эч кандай сөз да жок. Дагы бирөө кетти, артынан үчүнчүсү. Комендаторго ишарат түшүнүктүү болду (ага мурда эле түшүндүрүшкөн), ал мэрге бурулуп, алардын кетүүсүнүн маанисин шыбырап түшүндүрдү. Экөө тең жылмайышты.

Кийинкиси, анан дагы бири кетти. Кийинкиси... кийинкиси... акыры, акыркысы кетти. Саймондун колдору партитуранын үстүндө кайкып, титиреп жатканын көрдүм. Ал капталына бурулуп, өзүн мажбурлап жылмайып койду. Андан кийин, андан кийин... акыры, акыркысы. Саймон колдорун алдына сунуп, толук оркестрдин кайтып келишин күткөндөй, кыймылсыз токтоп калды. Бир мүнөттөй ошол бойдон турду. Анан өзүнө келип, көрүүчүлөргө бурулду, жүзүндө жылмаюу пайда болду.

Дүркүрөгөн кол чабуулар башталды. Бечара Саймон! Алардын канчалык чын жүрөктөн чыкканын билүү анын тагдырына жазылбаптыр. Башында, албетте, алардын баары чын жүрөктөн чыккандай угулду. Бирок кол чабуулар — алар менен кошо кыйкырыктар, жер тепкилөөлөр, кайра-кайра "браволор" — күркүрөп, токтободу, анткени комитет ушундай буйрук берген (биз муну баарыбыз билчүбүз).

Бул беш мүнөткө созулду, комендатор кыймылдабаса, он мүнөткө созулмак. Ал катарлардын ортосундагы өтмөктө Саймон менен сүйлөшүү үчүн өз кол алдындагы кызматкерлеринин бирин жиберди. Бирок мындай ызы-чууда бул абдан кыйын эле! Саймон эңкейип алаканын кулагына койсо да, эч нерсе уга алган жок.

Акыры комендатордун кол алдындагыларынын бири секирип сахнага чыгып, анын артына кирип кетти. Көрсө, комендатор Саймондон оркестрдин бүт курамын сахнага алып чыгып, музыканттарга өзүнүн кол чабууларын алууга мүмкүнчүлүк беришин каалаптыр. Ал америкалык дирижёр өзүн кандай алып жүрүүнү билбейт деп ойлогон окшойт.

Анан албетте, баары ачыкка чыкты. Жино баары бир Рейлиге жолугуптур. Аны кароолчунун будкасынын жанынан Гварнери скрипкасы көкүрөгүндө жаткан абалда табышты. Сен андан ары эмне болгонун элестете аласыңбы? Тозок. Сиреналар, шыңгыроолор, прожекторлор, атышуулар, чуркоолор… Бирок оркестр качып кетти. Коопсуз жерге жетүүгө жетиштүү убакыт болду. Бирок коопсузбу? Аларга кийин абдан оор болду, бирок бул — башка окуя.

Саймонго келсек… Паленалык союздаш офицерлердин лагеринде мындан ары музыка болгон эмес дештин кереги жок деп ойлойм.

Алекс Бартон ордунан туруп, стаканды кайра толтуруу үчүн үстөл жанына келди. Мен аны карадым. Стаканды толтуруп жатып, ал да менден:

– Суроолор барбы? – деди. Баш ийкедим.

– Бар. Саймон Тейлор азыр кайда? – Алекс кабагын бүркөп башын чайкады.

– Түшүнүксүзбү? Мен бул тагдырдын тамашасы жөнүндөгү окуя деп айтпадымбы. Саймон Тейлор Нью-Йорк симфониялык оркестринин китепканачысы болуп иштейт.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз