Ажар Кайрат: Жети өмүрүм жерге киргенде…

  • 08.01.2026
  • 722

Мен аларды аэропорттон тосуп алганда эле баары башталган.

Жети адам. Баары Германиядан. Үчөө алтымыштан ашып калган, экөө орто жаштагы жубайлар, калган экөө – жапжаш, алар фотоаппаратын моюнга илген кыз-жигиттер.

So this is Kyrgyzstan[1]? — деди жигит, айланага таңыркай карап.

— Ооба, Кыргызстан. Кош келиңиздер, — дедим адатымча жылмайып.

Жолдо баратып тоолор жайыла баштаганда, алар үн катпай суктанышты. Көздөрү терезеде. Мен мындай көз караштарга көнүп калгам. Биздин тоолор — чын эле сөз жеткис. Бирок ошол кооздукка жуурулушуп калган башка нерселер бар… аларды мен гана көрүп тургансып, ичим тызылдачу.

Алгачкы түнүбүз боз үй лагеринде өтмөк. Келгенде кожоюн тосуп алды. Күлүп-жайнап, жайдары. Бирок баасын айтканда оозубуз ачылды.

— Бир түнгө адам башына жүз доллар, — деди үй ээси камаарабай.

Мен селт эттим чочуп:

— Байке, келишилген баа элүү болчу да?

— Эми меймандар чет элдик экен, баарын көрүп кетсин да...

Меймандар түшүнбөй карап турушту. Ары-бери тартышып отурбай, алар да акчаны санап берип атканда, бетим ысып уялдым. Алар үчүн эмес, өзүм үчүн.

Кечки тамактан кийин мейман кызыбыз туалет сурады. Кожоюн колу менен адыр тарапты көрсөттү.

— Тигил жакта…

Is it safe[2]? — деди бүшүркөгөн кыз.

Мен эмне дээримди билбедим.

— Жылдыздарды да көрөсүз, — деп койдум, аргасыз тамаша кылып.

Түнү бою уктабай чыктым. Боз үйдүн ичинде тоонун жыты, сыртта жымжырттык. Бирок ичимде жагымсыз сезим турду.

Эртеси музейге бардык. Облустук музей. Эшиги эски, бирок ичине киргенде – үмүт жандыргандай... Экспонаттар башаламан жайгашыптыр. Эски кылычтын жанында пластик манекен. “Манас” эпосуна арналган бурчта англисче да жазуу жок. Немис аял сурады:

This sword… which century[3]?

Кызматкер ийин куушурду. Анын:

— Эски, – дегенин укканда, жерге кирип кетким келди.

— Бул орто кылымга таандык, — деп шашылыш оңдодум, так эместигин билип туруп.

Меймандар баш ийкеп, түшүнгөнсүп жылмайышты. Алар эч нерсе айтпайт. Сыпайы. Бирок алардын унчукпаган жылмаюсунда бир суроо бар эле: “Эмне үчүн ушундай?

Түшкү тамакка кафеге кирдик. Меню англисче экен. Баалары жазылган. Бирок эсепке келгенде башка сумма чыкты.

This is more than written[4], — деди жубайлардын бири.

Кафенин ээси күлүп койду.

— Сервис.

Мен эмне дээримди билбедим. Сервис укмуш дейин десем, үстөл үстүндө чүпүрөктөн башка эч нерсе жок. А дааратканасында суу жок. Бирок баасы — Европадагыдай.

Жолдо баратып немис жигит мага кайрылды:

You have incredible nature. But people seem… tired[5]?

Мен ойлонуп калдым.

— Балким, өзүбүздү күзгүдөн карабай калганбыз, — дедим башка жооп оозума келбей.

Акыркы күнү тоого чыктык. Чокуга жеткенде алар тынч туруп калышты. Улуган шамал. Төмөндө тынч жаткан кооз өрөөн. Көз жоосун алган мекениме сыймыктанып турдум, бирок ошол эле учурда уялдым. Анткени бул кооздуктун ичинде жашап жатып, ошого шайкеш ички кооздукту жарата албаганыбыз үчүн.

Коштошуп жатып немис аял колумду кысты:

Thank you. You were honest[6].

Мен баш ийкедим. Чынчылдык кээде эң оор жүк. Айрыкча ал жүк өз элиңдин кемчилигин көтөрүп жүргөндө.

Алар кетишти. Мен аэропорттон кайра шаарга кайттым. Жол боюнда таштанды. Талаада — бош бөтөлкөлөр жайнайт. Тоо — баягысындай эле улуу. А улуубуз деген эл наркыбызчы?! Ошондо ойлондум: биз меймандарды качанкыга чейин тоолорубуз менен алдайбыз? Четтен келген меймандардын эсинде тоолорубуз калабы же ачкөз элибизби?..

Берлин-Бишкек

[1] Демек, бул Кыргызстан экен да?

[2] Коопсузбу?

[3] Бул кылыч… кайсы кылымга таандык?

[4] Бул менюда көрсөтүлгөн баадан кымбат экен.

[5] Силердин жаратылыш укмуш экен. Бирок адамдар… чарчаңкыдай сезилет?

[6] Рахмат. Сен чынчыл болдуң.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз