Мусакун Айбек: Мактоонун баасы – куру аяк

  • 20.01.2026
  • 952

АҢГЕМЕ

Илгери улуу шаар атанган Борбор болуптур. Борбору эч нерсе экпейт, эч нерсе бакпайт. Бирок дасторкону ар дайым жык, кампасы толо эгин.

А Борбордун айланасында миңдеген айылдар жайгашкан. Алардын ар бири дан эгет, мал багат, пахта өстүрөт. Айыл эли таңдан кечке иштейт. Колдору жооруйт, белдери ооруйт. Үйлөрү эски, жолдору ылай, жарыгы күңүрт.

Бир күнү Борбордон атчан адамдар келип, элге жар салды:

— Бул дан — элдики. Мал — элдики. Мээнет — элдики.

Эл унчуккан жок. Анткени “элдики” деген сөз жылуу угулат эмеспи, бирок ырыскынын баары кайда кетерин эч ким айтчу эмес. Ар күз сайын кызыл арабалар келип, айылдан баарын шыпырып кетишчү: этин, жүнүн, пахтасын, данын.

Борбордогулар айылдан мактоону аяшчу эмес эч. Эмгекчилерге орден берилчү. Бирок орден алган дыйкандын же малчынын үйүндө бир сындырым нан жок эле. Болгону төшүндө жылтыраган темир бар — “Эмгек Баатыры”. Жаркырайт. Көз жоосун алат.

Дагы бир малчыга мактоо барак беришти. Анын балдары бут кийимсиз жүрүшчү. Бирок баракта чоң тамгалар менен жазылган мактоо сөздөр бар: “Мамлекет сени унутпайт!”

Айылдардын эмгекчил калкы акырын шыбырашчу:

— Этти алып кетишти…

— Жүнүн да…

— Пахтаны да…

А Борбордон келген үн катуу чыкчу:

— Силер тарых жаратып жатасыңар!

Тарых болсо курсакты тойгузчу эмес.

Бир курдай кары дыйкан собол узатты:

— Биздин балдар эмне үчүн Борбордогу балдардай жашабайт?

Ага жооп беришти:

— Силер келечек үчүн жашап жатасыңар.

Келечек болсо дайыма кийинки жылга жылт коюп жылып кетер эле.

Борбордо чоң майрамдар өтчү. Кызыл желектер, марштар, салтанаттуу сөздөр. Трибуналарда курсактары салаңдаган семиз адамдар элге кол булгалап турушчу:

— Айыл-кыштактар — мамлекеттин тиреги!

Тирек болсо ар дайым ылдыйда турат эмеспи.

Айылда түнкүсүн чырак өчүп калчу. Балдар сабакты шамдын жарыгында окучу. Кээси окугандын ордуна талаада эмгектенишчү. Алар ата-энелеринин мойнуна илинген эмгек планын толукташчу.

Бир күнү айыл четинде эски амбар күп этип күбүлүп түштү. Ичинде эч нерсе жок эле. Бирок дубалында кызыл боёк менен жазылган ураан турду:

“Баары эл үчүн!”

Кары дыйкан аны карап үшкүрүндү:

— Эл үчүн дешпеди беле, куруган элдин мээнети кайтканы кана?

Жооп берген киши болгон жок.

Борбор дагы деле ток. Айыл дагы деле жылаңач. Ал эми ордендер сандыкта жатат. Жылтырайт. Тамак бербейт эч кимге. Темир деген темир да...

Борбор алыс эле. Бирок анын көлөкөсү айылга эрте түшчү.

Айылдын ортосунда Кызыл амбар бар. Эшигин дайыма кулпу кайтарат. Ичинде эмне барын эч ким билчү эмес. Бирок амбар толо деп айтылчу.

— Эл байлыгы ошол жакта, — дешчү.

Амбарды Борбордун өзү сыяктуу элестетишчү: тилсиз, семиз, ар дайым тоюп турган абалда.

Бир күнү айылга кайра эле атчан адамдар келди. Бул жолу алар ураан көтөрүп келишти:

— Ким көп берсе, ошого көп мактоо!

Ошентип, фарс башталды.

Бир дыйкан акыркы койун берди — ага орден. Экинчи дыйкан өгүзүн берди — ага төш белги. Үчүнчүсү эч нерсе бере албады — андан шек саноолор күчөдү.

Айыл эли бири-бирин карап күлгөнсүйт. Күлкү эмес, корккондон жылмаю эле бул. Ошол айылда Үчбек деген дыйкан жашачу. Ал аялы Жамал жана он эки жаштагы уулу Кайнар менен турчу.

Үчбек пахта айдачу. Күз келгенде анын талаасынан ак кардай түшүм чыкты. Бирок пахта үйүнө кирген жок. Баары түз эле кызыл арабага жүктөлдү.

— Ата, биздики кайда? — деди Кайнар.

— Бизге мактоо буюрса болгону, — деди Үчбек тамашалагансып. Бирок үнү титиреп чыкты.

Кийин Үчбекке “Алдыңкы пахтачы” деген наам беришти. Районго чакырып, сүрөткө тартышты. Колуна кагаз карматышты.

— Мамлекет сага ыраазы!

Ал ыраазычылыкты үйүнө алып келди. Бирок Жамал казандын түбү куру экенин көрсөттү.

— Мамлекет ач курсагыбызды көрбөйт окшойт. Башкасынын баарын көрөт, — деди жаны кайышкан зайыбы.

Түнкүсүн Үчбек ойлончу болду. Орденин карады – жылтырайт. Бирок ал нан эмес да.

Эртеси Кайнар мектептен келбей калды. Ал пахта талаасына жөнөтүлгөн экен.

Мугалим айтыптар ага:

– Сенин атаң эмгек баатыры, сен да жардам беришиң керек ага.

Үчбек эч нерсе дей алган жок уулуна.

Ошол эле жылы айылга жаңы буйрук келди:

— Ар бир үй-бүлө Борбор үчүн дагы бир жыл чыдайт.

Жыл дегени – айылда төөнүн куйругундай узун.

Кыш катуу болду. Жамал ооруп калды. Дары жок. Үчбек амбарга барды. Эшиги кулпулануу экен. Ал дубалга кулагын тоссо, ичинен чычкандын үнү угулду.

— Эл байлыгы чычкандарга жеттиби? — деди ал өзү менен өзү сүйлөшүп.

Жамал өлдү. Орден сандыкта калды. Көп өтпөй Үчбек да талаада жыгылды. Аны эмгек үстүндө каза болду деп жазышты. Бул да мактоого кирет экен.

Кайнар коколой баш жалгыз калды. Жылдар өттү. Кайнар чоңойду. Ал Борборго кетти. Кызматка кирди. Анын иши — эсеп жүргүзүү: канча эт, канча жүн, канча пахта келгенин жазып турмай кагазга.

Бир күнү ал тизмени карап отуруп, атасын көрдү узун тизмеден:

“Үчбек – пахта планын толук төккөн эмгекчи коммунист” – болгону ушул.

Тизмеде апасы жок. Өзүнүн балачагы жок. Болгону сандар көрсөтүлүптүр.

Ошол түнү Кайнар Кызыл амбарга барды. Эшик ачык экен. Ичинде дан жок. Эт жок. Пахта жок.

Ичинде бир гана нерсе бар экен: миңдеген ордендер. Жылтырайт баары. Көз жоосун алат.

Кайнар дубалга кара боёк менен акыркы сөзүн жазды:

“Байлыкты алып кетишкен жок. Аны эл өзү берип турган.”

Эртеси күнү амбарды жап салышты. Сөздү өчүрүштү. Ордендерди кайра сандыкка салышты.

Бирок айылда карыялар наалып калышчу болду:

— Амбар күм-жам кулаган күнү ичинен ачарчылыктын үнү угулду.

Борбор болсо дагы эле ток. Айыл болсо дагы эле иштейт. А эл эми гана билип калды: мактоо — куру аяк, орден — өмүр эмес.

Америка-Бишкек

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз