Автор: Айида Кубатова – тарых илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын ХХ–ХХI кк. тарыхы бөлүмүнүн башчысы. О.э. 2023-жылы «РухЭш» сайты уюштурган «Эркиндик – эл энчиси» аталышындагы конкурстун лауреаты.
И.Арабаев, К.Мифтаков, О.Сыдыков, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Ы.Абдракманов, К.Тыныстанов, М.Копобаев, Алдаш Молдо ж.б. агартуу жаатындагы иш аракеттери...
Түркстан аймагында ХХ кылымдын башында пайда болгон жадидчилик кыймылы коомчулук тарабынан колдоого алынып, анын көрүнүктүү ишмерлери: М.Абдурашидханов, А.Авлони, А.Байтурсунов, М.Дулатов, М.Бехбуди, И.Арабаев, Ы.Абдрахманов ж.б. агартуучулук идеялары совет бийлиги тушунда да пайланылып, андан ары өнүккөн. Алар негизинен улуттук интеллигенциянын башатын түзүп, жалаң эле агартуучулук жаатында гана эмес, аймактын жалпы эле коомдук-саясый жана маданий турмушуна да зор таасирин тийгизишкен. Кыргызстан аймагындагы И.Арабаев, Ы.Абдрахманов, Алдаш Жээнике уулу, Тоголок Молдо, С.Карачев, алгач билимди жаңы усулдагы өзбек мектебинен алган К.Тыныстанов ж.б. кыргыз элинин турмушун жакшыртууга, анын көз карандысыздыгы үчүн өз күчтөрүн аябастан кызмат кылышкандыгы белгилүү.
Маселен, булардын ичинен И.Арабаевдин өмүр таржымалына кайрылсак, ал “Галия” медресесинде окуп жүргөндө эле Молдо Кылычтын эмгегин, алгачкы алиппе окуу китебин жарыкка чыгарып, ал турсун жай мезгилдеринде, т.а. каникул учурунда да балдарды окутуп, убактысын текке кетирбей, агартуучулук жаатында эмгектенгендигин баамдайбыз. И.Арабаевдин Кыргыз Республикасынын Саясый документациялар архивинде сакталган өз колу менен орус тилинде жазылган өмүр баяны анын таржымалына байланыштуу көптөгөн суроолорго жооп бере алат. Ал калем менен жазылгандыктан, көп жерлери көрүнбөй калган. Ошондой болсо да тексттин маанисине жараша жазып алганга аракет кылдык.
Адеп И.Арабаевге тиешелүү фонддун делосу колго тийген соң, ачып караган учурда биринчи эле бетинде жооптуу кызматкердин анкетасы деген орус жана араб ариби менен жазылган баракчада бизди кызыктырган нерсе анын чет өлкөлөрдө болгондугу тууралуу графа болду. Анда Түркия, Арабия деп жазылыптыр, ал эми кайсы тилдерди билгени жөнүндөгү графада араб жана жалпы эле түрк тилдери деп жазылган. 4-баракчада Кытайда Кашкарда жана Аксыда 1916-жылы кыргыздар качкан учурда, ал эми Түркиянын Константинополунда 1907-жылы окуган мезгилде жана Арабстанда болгомун деген тагырак маалыматтар кездешет.
Айтайын дегенибиз, мусулманча сабаты жоюлган көпчүлүк советтик кызматкерлердин өздүк делосун караган учурда араб тилин билгендиги тууралуу жазышат, ал эми анын катарында татар, казак тилдери деп жазылгандарды тыкыр изилдеген учурда алардын көбү негизинен жаңы усулдагы мектепти бүтүрүшкөнүн баамдаса болот. Ушундай эле маанидеги анкеталарды Т.Айтматов, Б.Данияров, К.Тыныстанов, М.Копобаев ж.б. да өз колдору менен толтургандыгына күбө болдук.
Белгилей кетчү нерсе, алардын көпчүлүгү жаңы усулдагы мектептерден билим алгандыгы тууралуу айгинелеп көрсөтпөгөнгө аракет кылышканын баамдаса болот. Албетте, ошол мезгилдеги жагдай аны ачык жазбаганга мажбурлаган. Анткени, совет бийлиги жүргүзгөн саясатта диний сабаты жоюлгандарды ачыктан ачык “панисламчылар”, “пантүркчүлдөр” деп күнөөлөшкөнү белгилүү. Булардан айырмаланып, И.Арабаевдин өмүр баянында мындай жаап-жашыруулар жок. Биздин оюбузча, бул бир жагынан репрессия толкунунун күч ала элегинде жазылган, экинчиден аны эки доордун агартуучусу катары (совет дооруна чейинки жана совет бийлиги тушунда) көпчүлүк “молдоке” деп түздөн-түз аташканы, үчүнчүдөн ислам канондоруна ылайык, түз жүргөндүгү жана чынчылдыгынын далили болсо керек.
Анын өмүр баянын мүмкүн болушунча толугурак бергенге аракет кылдык. Анткени, бул маанилүү маалыматтан көп сабак алсак болот. Көпчүлүк жерлерде анын туулган жылы 1882-жыл деп берилип жүрөт. Ал эми өз колу менен 1881-жылы Пишпек уездинин Кызыл-Туу болуштугунда туулгам, катаган уругунан деп жазылат. Ал атасынын эрте, эки жашында айрылган. Он жашка чейин энесинин колунда тарбияланып, андан соң бай кыргызга койчу болуп жан бага баштаган (эки жыл чамасында). Кийин молдого кызматкер болуп жалданып иштеп, ошол эле учурда андан сабатын жоюуга аракеттенип, 18 жашка чейин молдонун колунда жүргөндүгүн жазган.
Билим алууга дилгирленген жаш улан Каракол шаарына келет, анткени анын сөзү боюнча “кыргыздардын арасында беш жарым жылга созулган окуудан эч кандай майнап чыккан жок”. Караколдогу эскиче окуткан татар мектебине өз күчү менен кирип окуп, бирок мындан да эч кандай пайдалуу билимге ээ боло албаганын сезет. Ошол мезгилде Каракол шаарында жаңы усулдагы “усули жадид” – мусулман мектептеринин ачыла баштагандыгын уккан Ишеналы Арабаев ал мектепке келип кирет. Мектепте окуган учурда мугалимдерден Заир Таировду өзгөчө баса белгилейт. Анын кеңеши менен бир жылдан кийин билим алуу үчүн Орусиянын Оренбург шаарына багыт алат. Бирок тилекке каршы, бир да мектепке кире албагандыктан, Константинополго келип, түрк гимназиясынын үчүнчү классына кабыл алынат. Ал жерде алты ай окуган соң, Арабстандын Измир, Бейрут, Мекке жана Медина ж.б. шаарларын кыдырат. Бир жарым жылдан кийин Константинополго келип, кайрадан окуусун уланткан. Ал жерде окуп жүргөн мезгилинде Петрограддан келген революциялык маанидеги гезиттерди алып окуган. Бул саптар анын ошол мезгилде орус тилин да билгендигинен кабар берип турат. Бул жөнүндө анын “Петрограддан революциялык гезитларды алып турганымды Ульфардан билген түрк өкмөтү көзөмөлдөй баштагандан кийин, мындай жашоого чыдай албай, кайрадан Оренбургга качтым. Ал жерден Хусаиновдун гимназиясына (мусулман) медресеге кирип окуй баштадым”,[1] деп эскерет.
Ал каникул учурунда үйүнө келип, акча табуу максатында балдарды окутат. Бир жылдан кийин Уфа шаарындагы “Галия” аталган эң алдыңкы мусулман окуу жайында үч жыл окуп, 1912-жылы аяктаган.
Дагы бир айта кетчү жагдай, Уфада кыргыз адабиятына фольклордук чыгармаларды чогулткандыгы менен зор салым кошкон К.Мифтаков да окугандыгын мурда да айтканбыз. Каюм Мифтаков 1916-жылдан 1949-жылга чейин, б.а. кыргыз элинин арасында өмүрүнүн акырына чейин жашап, кыргыз маданияты үчүн опол тоодой иштерди аткарган. Анын КР УИАнын Кол жазмалар фондусундагы көптөгөн эмгектеринин ичинен өз колу менен жазылган өмүр баянындагы айрым саптарына кайрылганда, ХХ кылымдын башындагы жалпы эле Орусия аймагындагы мусулман калктары үчүн зор мааниге ээ болгон жадидчилик кыймылынын өкүлдөрү Кыргызстан аймагындагы иштеринен кабар бергендигине күбө боло алдык.
Аны тарых илиминде бир маанилүү булак катары карасак болчудай. Бул таржымал Каюм Гайнанович Мифтаков (1892-1949, Башкорстандын Салават районунун Нимбаш айылында туулган) тарабынан 1947-жылы 29-мартта жазылган. Анда кадим жана жадид мектептеринин айырмасын көрсөткөн төмөндөгүдөй саптар кездешет: “Троицкиге келгенден кийин ал мезгилде бүткүл татар-башкыр, казактарга атактуу болгон “Расулия” мектебине келип төртүнчү класска окууга кирдим. Бул мен үчүн революция болду. Башкыртстанда эски молдолор мектеби – кадим мектеби эле. Бул усул жадид мектеби. 800 окуучусу 16 класска бөлүнгөн. Бирок мага абдан кыйын болду. Мен кадим мектептен араң-араң сабаттуу болуп гана келгенмин. Мында эсеп, тарих, география, татар тили, дин сабактары жана башкалар окутулат. Парта, доска 4-класска чейин гана эле.”[2]
К.Мифтаков 6–7-класста эң жакшы деген бааларга окуп, ошол мезгилде эле казактардын макал-лакаптарын чогултуп, миңден ашык макал-лакаптарды топтогон. Кийин 1916-жылы ноябрь айынан баштап, кыргыздар менен таанышып, алардан да фольклордук чыгармаларды чогулткан: “алгач 1916-жылы Кыдык Бердалы уулу (арык тукуму) менен тааныштым жана андан “Карга балапандары менен” деген тамсилди жазып алдым. Көлдүк сарбагыш уруусунан Сарбуз ажы менен таанышып, андан кыргыз макалдарын жана бир нече тамсил жазып алдым...” деп жазган.
Анын кол жазмасынан бизди айрыкча кызыктырганы – анын медресе “Галияда” окуп жүргөнүн эскерип жазганы: “Мен Караколго келгенде көбүрөк сарыбагыш уруусунан Канатовдорго (Канаат ажынын уулдары) ишенич менен келген элем. Алар менен Уфада Галия мектебинде 1912–1913-окуу жылында бир бөлмөдө турган элем. ...Алар 1916-жылкы Кыргыз козголоңуна башчылык кылгандыктары үчүн бадиша тарабынан муунтуп (асып) өлтүрүлгөн экен. Бул мага катуу таасир жасады.[3]
Бул маалыматтардан ошол учурда И.Арабаев, К.Мифтаковдор менен бирге эле Канат хандын балдары да билим алгандыгы белгилүү болду.
И.Арабаев да медресенин ичинде ар кандай кыймылдар болгону жөнүндө эскерет: “Институтта окуп жүргөн мезгилде эшендер жана буржуазия менен күрөш жүргүзүүгө туура келген, анткени алар окуучулар динге жана өкмөткө каршы деген шылтоо менен институтту жабууга аракет кылышкан. Ошол мезгилде бизде жашыруун уюм уюшулган эле. Бул тууралуу кабардар болгон эшен Ишмухаммед Петроградга билдирүү жиберип, ал жактан Пролотин жана профессор Антакия (фамилиялар туура эмес да болушу мүмкүн, анткени кол жазманы окуу кыйын болду – автор) ж.б. жетектеген ревизиялык комиссия келген.
Бул саптар, бир жагынан ошол учурдагы студенттердин активдүүлүгүнөн кабар берсе, экинчи жагынан, алардын ичинде да түрлүү көз караштар болгонунан жана Ишеналы Арабаев баштаган студенттердин К.Мифтаков баяндаган кыймылды колдобогондугун, ал эми И.Арабаевдин айтып жаткан окуясы башка маанайдагы кыймылдардан маалымат берет. Анткени, бул мезгилде улуттук биримдик күч алып, колониялык режимге каршы ачык эмес болсо да, каршылык көрсөтүүнүн кандайдыр бир түрүн да түшүндүрөт. Биз бул жерде К.Мифтаковго же И.Арабаевге тартуу эмес, медреседе окугандардын ичинде да ар кандай көз караштагы жаштар болгонун, алардын ичинде да талаш-тартыштарды көрсөтүү болду.
И.Арабаев окуусун аяктаган соң, 1913-жылдан Каракол уездинин Тоң районунда кыргыз мектептерин ачып, 1916-жылга чейин иштегенин жазып, бул мезгил аралыгында жаңы усул менен 100дөн ашык балдарды окутуп, тарбиялаганын, алардын көбү учурда кыргыз мектептеринде мугалим болуп иштешкенин белгилеген.
Кийин тагдыр буйруп, К.Мифтаков И.Арабаев мугалим болуп иштеген айылга келген. Ал тууралуу фольклорчу, окумуштуу мындайча эскерет: “мен Тоңдо Төрт-Күлдөгү жети жылдык мектепке директор болуп келгенде маалим болду. 1912–1913-жылкы “Галия” медресесиндеги забастовщиктерге каршы казак студенттеринин жолбашчыларынын бири Эшеналы Арабаевдин кыштагына келиптирмин”.[4]
К.Мифтаковдун кол жазмасындагы бизди кызыктырган дагы бир жагдай бул – К.Мифтаковдун Тоң болуштугун Кыргызстандагы “эң культурный район” деп белгилегени жана ага эмне үчүн мындай деп атаганын чечмелегендиги. Билимдүү адам катары, аны биринчи кезекте ошол жерде ачылган мектептин тарыхы кызыктырган. К.Мифтаков Кыргызстанда биринчи мектеп 1913-жылы ачылган деп жазган.
Албетте, бул жерде К.Мифтаковдун жаңылышкандыгы көрүнүп турат, анткени жаңы усулдагы алгачкы мектептер жогоруда көрсөтүлгөндөй, Кыргызстан аймагында ХХ кылымдын башында, б.а. Каракол шаарында 1901-1902-жылдары үч мектеп, Пишпекте эки жана Токмокто бир мектеп ачылган. Кийин алыскы жерлерде да, алсак, Чоң-Кемин, Тянь-Шандын тереңиндеги Куртка айылында, Ысык-Көл жээги Тоңдо ж.б. жерлерде да жаңы усулдагы мектептер ачылган. Аларда Уфа, Казань шаарларындагы медреселерден, Пишпек, Токмок жана Каракол шаарларындагы жаңы усулдагы мектептерден билим алган мугалимдер иштешкен.[5] Жогорудагы саптар К.Мифтаковдун Кыргызстан аймагындагы жаңы усулдагы мектептер жөнүндө маалыматы жогун көрсөтүп турат. Анткени, автордун айтканы боюнча, ал кыргыз жергесине 1916-жылы келип, кыргыздар менен алгач 1916-жылы ноябрь айынан баштап баарлашып, алардан көп чыгармаларды жазып алганын кабарлаган. Демек, ал Кыргызстан аймагындагы жаңы усулдагы мектептер жөнүндө кабардар болбосо керек.
“Галиени” аяктаган көпчүлүк кыргыз жаштары кийин 1916-жылдагы көтөрүлүшкө активдүү катышышкан. Алардын бири Исхак Канатов көтөрүлүштү жетектегендердин бири. “17-октябрда манап Курман Лепесовдун жана анын жигиттеринин активдүү катышуусу менен полковник Слинконун жетекчилиги астында 10 күндүк куугундан соң, Пржевальск, Пишпек райондорунун башкы жана коркунучтуу көтөрүлүшчүлөр Канат Абукин жана анын уулу кармалды”. Канаттын уулу (Ысак) Нарында дарга асылган.[6]
Бул жөнүндө И.Арабаев да мындай эскерет: “...мугалим болуп иштегендердин көбү 1916-жылкы көтөрүлүшкө активдүү катышышты. Тоң районунда иштеп турган учурда кооптуу революционер катары карашып, бир нече жолу полицейскилер тарабынан тинтүүгө алындым!”[7]
Көтөрүлүш жаңыдан башталганда, көпчүлүк билимдүү, кырдаалды жакшы түшүнгөн адамдар элди токтотууга аракет жасашкан, бирок буга алы келбей, бара-бара алардын катарына кошулуп, айрымдары көтөрүлүштү жетектешкен. Маселен, Сарыбагыш болуштугун башкарган Шабдан баатырдын уулу Кемел Шабданов, дагы бир уулу Хисамутдин ж.б. манаптар падыша буйругуна каршы чыкпоого ынандырууга аракет кылышып, анын аскерлери көп, бөөдө өлүмгө учурап каласыңар деп чыгышкан.[8]
Көтөрүлүш жүрүшүндө мындай учурлар арбын. А.Букейханов, А.Байтурсынов, М.Дулатов ж.б. “Казак” гезитинде жарыяланган макалаларга элди мобилизацияга, тыл жумуштарына барууну, эгер бийликке каршылык көрсөтсө, эл үчүн кыйын болорун түшүндүрүшкөн. Букейханов башында турган делегация бийликке жазган докладдык катта, мобилизациялангандардын ичинде карыган ата-эне, жаш балдарын, аялдарын каражатсыз калтырып келгендер жана алардын арасында оорулуулары да көп экенин билдиришкен.[9] Бул алардын бийликтен ырайым күткөнүн түшүндүрөт.
1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин И.Арабаев Кытайда 1917-жылдын орто ченине чейин болгон. Ал жактан келгенден кийин качкындардын кызыкчылыгын жактоо максатында Алма-Ата шаарына качкындардын төрагасы катары барып, бир топ маселелерди көтөрүп чыккан. Алма-Атадан Оренбургга кыргыздардын (казактардын) съездине катышып, ач калган качкындарга жардам сурап кайрылган.
Съездден 1918-жылдын башында келип, 1919-жылга чейин Тоң районунда элге билим берүү жаатында ишмердүүлүгүн уланткан, ошол эле жылы Ташкентте өткөн аймактык кыргыз мугалимдердин жыйынында аны кыргыз адабиятына тиешелүү материалдарды топтоо боюнча илимий комиссия төрагасы болуп дайындалган. Ал бул татаал иштин милдетин өзүнө алып, илимде зор мааниге ээ иштерди аткарганы бүгүн маалым. Ал эми окумуштуу-агартуучунун жупуну өмүр баянында ал кургак даталар менен гана белгиленген.
И.Арабаев 1922-жылы “Манас” жомогун (эпосун) эл оозунан жыйнатуунун алгачкы демилгечиси болуп, “Манасты” Сагымбай Орозбак уулунан жаздыруу ишин Тоң районунда мугалим болуп жүргөн Каюм Мифтаковго тапшырат. Анын бир аз жазганын текшерип көрүп, жомокчунун (манасчынын – А.К.) айткан сөздөрүн текшерип, кыргыз тилинде жакшы жаза албайт деп, анын жазгандарын жаратпай, кийин “Манас” жомогун жазып алуу ишин Ыбырайым Абдыракман уулуна[10] тапшырат.
1922–1926-жылдар аралыгында Ыбырайым Абдрахманов Сагымбайдын оозунан жомоктун биринчи бөлүмүн, 500 басма табак көлөмүндөгү “Манастын” Сагымбайдан жазылган варианты көркөмдүгү жагынан окуяларынын толуктугу жагынан башка варианттардан алда канча жогору турат,[11] деп эскерген З.Бектенов. Бирок К.Мифтаковдун да “Манас” эпосун жазуудагы эмгегин айта кетүү керек. Бул жөнүндө К.Мифтаковдун өз колу менен жазган катынан үзүндү келтирсек: “орус тилинде жарык көргөн “Манас” эпосунда текстти толугу менен И.Абдрахманов чогулткан деп көрсөтүлгөн. Чындыгында, 1922-жылы Нарында жүргөн учурумда фольклорду чогултуу максатында ийрим уюштуруп, ошол эле мезгилде Сагымбай Орозбаковдон “Манастын бала чагы”, “Алгачкы казатын” жазып алып, калгандарын жазып алуу тартибин көрсөтүү менен ийримдин атынан Абдрахмановго тапшыргам.”[12] Ишеналы Арабаев атактуу Тыныбек жомокчунун оозунан “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” аттуу үзүндүсүн жазып алып, ал 1925-жылы Москвадагы СССР элдеринин Борбордук басмаканасынан чыккан.[13] Бул жерде агартуучулар жалаң эле билим берүү менен чектелбей, жалпы маданият тармагындагы зор иштерди аткарганына да күбө болобуз.
1934-жылы өткөн кыргыз жазуучуларынын 1-уюштуруу курултайындагы Аалы Токомбай уулунун докладында: “...1905-жылкы революциядан кийин кыргыз элинин аздыр-көптүр жеке интеллигенттери көрүнө баштады. Бирок алардын ичинен эмгекчилерден чыккан бир кишини да көрө албайбыз, алардын баардыгы дээрлик ошол падышага жана анын бийлигине ылайыктуу куралдар болуп чыкты. Алардын бардык даярдыктары тилмечтик жана динчилдик жагынан өздөрүн бириктирип, ошол эзип турган таптын куралы болуп чыгышты: мисалы, Осмонаалы Сыдык уулу, Ишенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдык уулу, Сатаркул Жангарач уулу, Кемел Шабдан уулу жана башкалар. Булар өздөрүнүн чыгыш сапаты жана умтулуштары менен үстөмдүк кылган бай-манаптардын ишенимдүү жана эң алдыңкы куралынан болуп эсептелди. Бир жагынан тилмечтер, экинчи жагынан динчилдер көпчүлүк эмгекчилерди залим падышанын саясаты менен курчап, эзип олтурушту.
Он төртүнчү, он бешинчи жылдарда гана Уфага, Казанга окуп жүргөн бай-манап интеллигенттеринин бир катар умтулуштары болду. Ал умтулуштар сөзсүз пантүркүсчүлүк негизде куралган. Башкача айтканда, алардын умтулушу бүтүн түрк коомун бириктирүү, алардын тилдерин бир кылуу негизинде болду. Ошол кездерде Осмонаалы Сыдык уулу, Ишенаалы Арабай уулу өңдүү жогорку таптын окумуштуулары адабият маселесине киришүүгө умутулумуш болушат. Алардын адабияты кыргыз тилинде эмес, пантүркизмдин куралы болгон чагатай тилинде болду”.[14]
Бул доклад ошол мезгилдин талабына карата болсо да, мындан бир катар баалуу маалыматтарды алсак болот. Анда кыргыздын алгачкы интеллигенттеринин ысымдары аталып, алардын тилмечтер, динчилдер деп аталышы алардын орус жана башка түрк тилдерин өздөштүргөнүнөн, динди мыкты өздөштүрүү менен башка илимдерден да кабардар экенин көрсөтөт.
Маалыматтар менен таанышкан учурда, мурда мектептер боз үйлөрдө ачылса, жаңы усулдагы мектептер үчүн атайын жайларды кура баштагандыгы байкалат. Маселен, Канат Ыбыке уулунун медресеси тунукеленген, заңгыраган апапак, бышкан кыштан тургузулуп, ондон ашык терезелери боло турган. Аны 1916-жылы орус аскерлери өрттөп, Канат ханды колго түшүрүп кетишкен. Кийин ал медресе далай өзгөрүүлөрдөн өттү, айрым бөлмөлөрүнүн үстү жабылып, терезе-каалгалары салынып, чабандардын үйү болуп да турду. Чарба кароолчусунун да үй милдетин да өтөдү. Улуу Ата Мекендик согуштун аяк ченинде карайлаган эл кышын бирден чыгарып ташып, акыры анын изи гана калып, өзү жок болду да калды.”[15]
Ушундай эле маалыматты Ы.Абдыракман уулунун кол жазмасынан кездештирдик: “Кочкордогу сарыбагыш уруусунан Ыбыкеев Канаат да билимге абдан кол сунуп, төбөсүн тунукелеген стандартный мектеп ачып, мугалимдерди Уфадан алдырып, өз балдарын да Уфага жиберип окуткан”.[16]
1914-жылы И.Арабаев Тоңдун Төрткүл айылында Илебайдын чоң тамына мектеп ачып, бала окуткан. Илебайдын тамы өзүнчө бийик дубалы-короосу менен өткөн кылымдын акырында салынган. Тамдын төрт-беш бөлмөсү болуп, ар бирин өзүнчө класс катары пайдаланууга ыңгайлуу келген. Төрткүлгө Ишенаалыны алып келген – бүт Ысык-Көл өрөөнүнө, андан тышкаркы жерлерге да таанылган айтылуу Сагаалы манап болуптур. Мугалим болуп жүрүп, ошол Сагаалынын атасы Алматай ажынын небереси – Кайбылда ажынын кызы Хадичага Эшенаалы үйлөнөт. Ошентип, Эшенаалы Төрткүлгө байыр алып калган...
Ошол кездеги Ишенаалыдан окуган балдар жөнүндө Төрткүл айылынын 92 жаштагы тургуну Сооронбай уулу Касым буларды айткан: “ата уулу боюнча ар бирин өзүнчө айтканда, Кенейден: Керим, Султан, Жолдошбай, Кадыркул, Урмамбет, Сыдык, Искен, Мамбетсыдык; Солтонойдон: Ыбырай, Байгазы, Ныязмат, Түлөберди, Калый, Өмүраалы, Маамыт, Мамбетисак, Айтпай, Кудайберген, Мамбеташым; Атагулдан: Бекказы, Темирбек, атүгүл нарындык аяндардан, кара көйнөк менен жакшылык-жаанбайлардан да көп балдар окуганын” эскерди. Алсак, ага Сапарбай, Сулайман, Байсерке, Стам, Жолоочу, Окомбай өңдүүлөр кирет. Аталгандардын көпчүлүгү советтик түзүлүштүн алгачкы жылдарында Пишпек, Токмок, Алматы шаарларында окуп, советтик мугалим болуп чыгышкан...”
“Революцияга чейин да, советтик түзүлүштүн алгачкы жылдарында да тоңдуктарды окутуп, агартуу ишине тарткан Эшенаалы молдо экенин жашырууга болбойт”, деп жазган К.Мифтаков.[17] Ал мектеп “Курмания” деген ат менен аталганы да Мифтаковдун түшүндүрүү катында эскерилет.[18]
Медреселерден билим алып калган кыргыз, казак жана өзбек жаштары да жайында жайлоодогу элге келип иштешкени тууралуу маалыматтар бар. Алардын бири – И.Арабаев. Өзбекстандын агартуу майданында узак жылдар бою эмгектенген, 1921–22-жылдары Семей шаардык партиялык комитетинин катчысы, Орто Азия коммунисттик университетинин (САКУ), кийин Орто Азия мамлекеттик университетинин окутуучусу болуп иштеген Салих Касымов мындайча эскерет: «Ишеналы Арабаев Уфа шаарындагы медресе “Галияда” окуп жүргөн кезинде ал мектептен мен да окудум. Ишеналы Арабаев бизден эки курс жогору окуган жана жашы да бизден беш-алты жаш улуу шакирттерден болучу. Медреседеги шакирттердин арасынан Ишеналы өтө чоң кадыр-баркка ээ эле. Салтанаттуу жыйналыштар болгондо, ал дайым президиумдарда, бизди окуткан мугалимдерибиздин катарында отура турган, анткени ал жаңы метод менен жазылган, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон «Төтө окуу» аттуу алип-бээнин авторлорунун бири болучу. Арабаевдин «Төтө окуусу» менен бала окутса, балдар катты тез таануучу. Биз шакирттер жайкы дем алыш мезгилинде казак айылдарына барып, бала окутуп акча таап кайтчубуз. Балдарын окууга берер казактар да: баланы кайсы алипбээ менен окутасың? «Төтө окуу» мененби? деп алдын ала эскертип, бизден такып сураар эле»[19], деген эскерүүсү бүгүн И.Арабаевдин агартуу жаатындагы ишмердүүлүгүнүн бийик деңгээлде турганынан маалымат берет.
Дагы бир өзбек элинин белгилүү жазуучусу, 1910-жылы Уфа шаарындагы «Медресе Галияны» бүтүргөн Момунжан Мухаммеджан уулу «Турмуш кагылыштары» деген мемуар күндөлүгүндө мындай эскерет: 14-рамазан, 25-август, бейшемби күнү «Сулуу-Төбөгө гезит алыш үчүн барып, Жусуп Галый молдого учурашып калдым. Ал Каранай болушунун айылына биздин медреседеги кыргыз окуучуларынан Ишеналы Арабаев келгенин кабар кылды. Бул афанди былтыр ошол айылга келип, бала окутуп, болуш менен таанышкан экен. Ошол кезде Губайдулла Курмаев келип калып, экөөбүз станциядан эки чакырым ары Каранай болуштугуна барып, Ишеналы Арабаев менен көрүштүк. Анын күз мезгилинде бул жерге келишиндеги негизги максаты – «Галиядагы» казак, кыргыз окуучуларынын беш-ону жыйылып, Орусия кол астындагы казак, кыргыздардын үмүтү менен бастырылган төрт, беш түрдүү казакча кичине брошюра, ыр китептеринин эки нускасын элге таратыш экен (орус миссионерлеринче айтканда: мүмкүн болгон жерде өкмөткө каршы «прокламация» таратканы келиптир. Бирок мунун бул айда келип жүрүшү Николай төрөлөрүнөн жашырын болсо керек, болбосо алда качан эле алып камап коёр эле)...
...Бир бейшемби күнү Ишеналынын Уфага жөнөгөнү жатканын угуп, станцияга келдик. Губайдулла да келген эле, «Томуч» менен «Өрнөк» китептеринин акчасын бердик. Каранай болушунун кичи уулу Баймахмедди да бирге алып кетип, «Кусаиния» медресесине киргизип окутмакчы экен, экөөн от арабага салып жөнөттүк. 1911-жыл, 8-сентябрь.»[20]
Учурда кыргыздын алгачкы тарыхчысы аталган Осмонаалы Сыдыков алгач Шабдандын жаңы усулда билим берген медресесинен сабаты ачылып, кийин Казандан окуусун улантканы белгилүү. 1914-жылы Уфа шаарынын “Шарк” басмасынан чыккан “Тарых-и кыргыз Шадмания” аттуу эмгегинен кыргыздын тарыхы, санжырасы тууралуу гана маалымат албастан, ошол мезгилдеги эл арасындагы билимдүү адамдар, алгачкы жаңы усулдагы мектептер жөнүндөгү баалуу тарыхый булак катары эсептелет. Анда илим-билим алууга үндөгөн саптар арбын кездешет (түшүндүрмөлөрүн К.Карасаев жазган). Мисалы:
Ассалоому алейкум, азиздерим,
Жүгүргүн миллет[21] үчүн, азаматым.
Билүүгө Европанын магрифатын[22]
Талаптангын илимге адыл затым
Биле көр, бу замандын ары жагын,
Аз да болсо да силерге насыйкатым.
Окугун, колдо дөөлөт болсо күчүң[23]...деген саптары анын ошол мезгилдеги жаңы усулдагы билим алганынан даана кабар берет. Ал илим-билимди даңазалап, кыргыздын караңгылыгына кейийт:
Үмүтү жок жалкоо кыргыз,
Тоо башынан орун алган.
Үмүтсүздөн качып жүрүп,
Ар өнөрдөн куру калган...
Ирет менен шаар салгын,
Андан кийин азиздерим,
Мечит салып, мектеп кургун...
Мектеп ачса – туугандарым,
Маалыматтуу болуп калар, – деп үмүттөнөт.
Анын жогорудагы баалуу эмгегинен кыргыздын санжыра-тарыхы менен катар эл арасындагы сабаттуу адамдар, агартуу жаатына кызмат кылгандар жөнүндө кабардар болобуз. Автор: “илим-билимдүү болуп, улутун сактоо керек. Илимдүү болуу – жалгыз намаз окуп, орозо кармоо эмес. Замандын акыбалынан кабардар болуу лаазым”, – дейт өз заманынын алдыңкы агартуучулары сыяктуу эле. Ал Алымбек медресесинин мудариси кожо Акматнур уулу Хати жөнүңдө жазып, аны улутун сүйгөн, ачык ойлуу, кыргыз атагын колдон чыгарбаска аракет кылган адам экенин, өз алдынча кыргыз тарыхын жыйноого киришкенин, бирок аны таштап койгондугун жазган. Ал ошондой эле баркы уругунан Алымбектин Кокон шаарына, Ош шаарына Бухара медреселеринин борумунда бир чоң медресе салдырганын, ал медресе абасы таза, жакшы жерге жайлашып, ал жерден Ош шаары көрүнүп тургандыгын жазгандыгы, бул Осмонаалы Сыдык уулу ал жакка барып, өз көзү менен көрүп келсе керек деген ойду жаратат.[24]
...Мамбеттин уулу Касымалы ажынын 5000 сомго калк үчүн медресе салдырганын, балдарын окутуп, кызмат кылганын көрсөтөт.
Темир балдарынын ичинен Төрөкелдинин уулу Шамыркандан – Молдо Кылычты акын катары айтып өткөн. Чоткаранын Абыр аттуу уулунан молдо Нарынкулдун Уфадагы Медресе Алияны 1914-жылы 15-апрелде бүтүп келгендигин көрсөткөн. Ыбыкенин Канат аттуу уулунун Темир уругунун атактуу адамдарынын бири, анын уулу Ыскак Уфадагы медресе Алияны бүтүрүп, 1914-жылы 21-апрелде келгендигин жазган. Демек, мындай фактылардан 1914-жылы Абыр уулу Нарынкул жана Канат уулу Ыскак чогуу билим алып келгендигин көрөбүз.
Саяктан чыккан Кыдык уулу молдо Жаркымбай ажы сарбагыштын оолатын (тукумун – Х.Карасаев) тааныткан, туура жолго салган, иман ислам үйрөтүп, илим жолун көрсөткөн адам деп белгилеген.
Бул маалыматтардан ошол мезгилде билим алууга мурда бай-манаптардын тукумдары гана ээ болсо, кийин калктын калың катмары да аракет кылганы, кыргыздардын арасында да башка мусулман элдериндей эле жаңы ыкмада окутуу жайылгандыгы таасын көрүнөт.
Тынай балдарынын ичинен Сооромбай уулу Дүргө айрыкча токтолот. Ал атасы Сооромбайдын ордуна олтуруп, бир болуш элди бийлегенин, динге, улутка Шабдандан кийинки кызмат кылган адам деп баа берген. Дүр медресе салдырып, мударис алдырып, балдарды окуткан. Окуган шакирттери Усул таозих талхис (түшүндүрүү, чечмелөө, баяндоо жолун) үйрөнүшкөн. Дүр медресесинин имараты 10 миң сомго бааланган. Бир жагынан орусча да окууну пайдаланган адам ушул Дүр деп белгилеген.
Шабдандын балдарды окутуу максатында медресе курдурганын:
Мугалим алып Уфадан,
Возифа берген миң теңге.
Балаларын окутуп,
Кызмат кылды элине,
Он миң сом акча сарп кылып,
Мечит салды жерине.
Карагайдан салдырган,
Бышык кыш коюп түбүнө.
Тунуке жапты үстүнө.
Сообу барсын ар күндө.
Шакирттерден жол тийбей,
Окуп жаткан күнүндө, – деп Шабдандын кыргыз үчүн кызмат кылганын жана:
Бу кыргызда оболку
Дин үчүн кызмат кылганы,
Илим, өнөр жайганы
Хан Жантайдын Шабданы, – деп аны өз мезгилинин алдыңкы адамы катары сүрөттөйт.
Калк ичине не керек.
Медресе, мектеп ачтырдың,
Илим окуу бек керек.
Усул жадид молдосун,
Алса болор тезирек.
Үч-төрт айдын ичинде
Кат жазууну билдирет.
Сегиз айдын ичинде
Ыйман, ыслам бек билет.
Ошондой илим билдирген,
Байдасын калкка тийдирген.
Баатыр ажы сиз керек.
Ошондой окуу болууга
Тартиптүү медресе бек керек.
Сизчилеп мугалим алдырган,
Артыңызда ким болот?[25] деген саптарынан жаңы усулдагы мектептердин артыкчылыгы, анда окуган балдардын кыска мөөнөт ичинде кат-сабаты жоюлгандыгы таасын көрүнөт.
О.Сыдыков жаңы усулдагы мектептерден гана билим алгандарды атабастан, ошондой эле орус-тузем мектептеринен да окугандарды: Дардайыл уулу Абдылда жана Абдыкерим уулу Сыдыкты да атап кеткен.
Тынаалы уулу Чолпонкул ажынын Сокулук бекетине мектеп ачканын, балдарды окуткандыгын жана аны да улутка кызмат өтөгөн деп баа берген. Ошону менен бирге эле анын ар убакта тарых, гезит, журнал окуп, дүйнө абалынан кабардар экенин жазганы, бүгүнкү күндө табылгыс маалымат. Чолпонкул ажы жөнүндөгү маалыматтар Ыбырайым Абдрахмановдун кол жазмасынан да кездешет: “мына ошол айылдагы молдолордон окуп, кийин өздөрүн өздөрү өстүрүп, жаңылыкка бет буруп, гезит, журналдар окуган кишилер булар: солто уруусунун чоң манабы Тыналиев Чолпонкул, Бала Айылчы, Ысык-Көлдө Жети-Өгүз районундагы Байболотов Талып молдо, Талып коңурат уруусунан болуп, букара болсо да билими менен манаптарга жанашып кеткен”.[26]
Кененсары уулу Жантай О.Сыдыковдун маалыматы боюнча, шаарда турууну жана маданият, илим-билимди каалап, биринчи кыштак салдырган адам. Автордун пикири боюнча, шаар – бул пайгамбарлардын орду, падышалардын мамлекети, олуялардын мечити, илим-билимдин бешиги, бакырлыктан, мээнеттен чыгарар жай деп аныктама берген.[27]
Буга салыштырып, Кыргыз совет энциклопедиясындагы аныктамага көңүл бурсак, анда шаар калкынын көпчүлүгү өнөр жай менен соодада, ошондой эле администрациялык тейлөө, илимий, маданий мекемелерде эмгектенген калк жашаган ири жай. Шаар адатта айланасындагы аймактын администрациялык же маданий борбору болгон.[28] Тарыхчынын түшүндүрмөсү менен 76 жыл кийин жарык көргөн энциклопедиядагы аныктаманын бираз окшоштугу байкалат.
XIX кылымдын аягы – ХХ кылымдын башында акындардын ичинен кыргыз коомунун турмушун толук жана негиздүү чагылдырган, бул элдик поэзиянын жана чыгыш адабиятынын эң мыкты салттарынын негизинде тарбияланган Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1866–1917). “Ал Кыргызстандагы “өз мезгилинин өзгөчө добушу” болуп, доордун оң жана терс жактарын, карама-каршылыктарын көрсөткөн” деген баа беришкен П.Никитин, А.Токомбаев, К.Юдахин 1956-жылы “Литературная газетада” жарык көргөн макаласында.
Революцияга чейин төрт китеп жарык көргөн: Молдо Кылыч Төрөгелдин “Кысса – и-зилзала” (Казань ш., чыгарууга жооптуу Э.Арабаев); Осмонаалы Сыдыков “Мухтасар тарых – Кыргызийа”, Уфа, 1913; Тарых – и Шадмания”, Уфа, 1915; Эшенаалы Арабаев и Хамза Сарсикеев “Алифба йаки оку”, Уфа, 1914.[29]
Молдо Кылычтын чыгармалары көп убакытка чейин белгилүү себептер менен негативдүү, реакциялык-консервативдик көз карашта каралып, аны атайын изилдөөчүлөр да аз болгондугуна карабастан, Тазабек Саманчиндин өз учурунда анын чыгармачылыгына кайрылып изилдегени бүгүнкү күндө мааниси зор. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин анын чыгармачылыгын изилдөөчүлөрдүн саны күндөн күнгө артууда. Тазабек Саманчин “Молдо Кылыч – жазгыч акын” деген эмгегинде “чыгармасын кагаз бетине түшүрүп, жаза баштаган кыргыздын биринчи жазуучу акыны – Молдо Кылыч Шамыркан уулу Төрөкелдин” деп белгилеп, андан кийин жазуучу акын катары Тоголок Молдо, Алдаш Молдо, Исмаил Сарыбаев, Ысак Шайбековду атаган. Изилдөөчү Молдо Кылычтын туулган жылын 1866-жылы деп анын “Замана” деген ырындагы төрт саптан таап эсептеп чыккан. Ага чейин К.Мифтаков анын туулган жылын 1877-жыл деп көрсөткөн. Молдо Кылычтын чоң атасы Төрөкелдинин дагы бир небереси Өтөмбай манап өз айлына мечит, медресе ачкан. Бул убакытта окуу курагына жетип калган Кылыч ушул медресеге кирип, окуй баштаган. Жумгалдан чакырылып келген Ботоян аттуу молдо балдарды окуткан. Молдо Кылыч өз окуусу жөнүндө мындай жазган:
Молдо Кылыч мен атым,
Болжолу жок санатым.
Чала чыккан башынан
Чаар китептен сабатым.
Жүрө-жүрө арбыды
Казал жазган кагазым.
Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1866–1917) сарыбагыш уруусунун баатыры Төрөкелдинин тун уулу. Ал алгач билимди Кочкор өрөөнүндө 1870-жылы Өтөмбай манап салдырган мечиттин алдындагы медреседен алган. Чүйдөгү чуулдак уруусунан чыккан кыргыздардын ичинен бир кыйла билимдүү болгон Мамбетаалы аттуу молдо Кылычтын агасынан, энесинен катарынан ажырап, оор кайгыда жүргөнүн көрүп, алаксытуу жана окуусун уландыруу максатында Чүйгө өз үйүнө чакырат. Кылыч үй бүлөсү менен 1880-жылдары Кочкордон Чүйгө көчөт.
Мамбетаалы молдонун үйүндө мусулман китептеринен топтогон чакан китепканасы болгон, анда чыгыш классикалык адабиятынын кээ бир үлгүлөрүнөн да болгон. Албетте, алар менен Молдо Кылыч да таанышкан. Ал Чүйдө жүргөн учурунда 80-жылдардын аягында “Чүй баяны” аттуу чыгармасын жазган. 1890-жылдардын башында Кочкорго кайрадан кайткандан кийин өзү окуп кеткен медреседе балдарды жаңы усулда окута баштаган.
Молдо Кылычтын өмүрүн жана чыгармачылыгын 1940-жылдары бир кыйла терең изилдеген Тазабек Саманчин: “ал балдарды окутууда эски диний схоластикалык методиканы таштап, жаңы – “усули жадид” методикасын колдонот. Окуу программасына эсеп, жазуу, эмгек сабактарын киргизет. Кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу Кылыч балдарды өз эне тилинде окутат. Балдарга өз чыгармаларын окутуп, жаттатып, алардын адабий-көркөмдүк түшүнүгүн арбытат. Мунун натыйжасында, анын окуучуларынын кайсы бирөөлөрү анын чыгармаларын көчүрүп алып, элге окуп берип, аларды эл арасына таратуу жагынан бир кыйла эмгек кылышкан. Кылыч өмүрүнүн кийинки учурунда, 1910-жылдарда өзү да анча-мынча убакыт бала окуткан; Кылыч жалаң эле дин китептери эмес, мусулман жазуучуларынын адабий чыгармалары менен тааныш. Навои, Суфи-Аллаяр, Хожа-Хафиз, Бедил, Рабгузи, Ахмет Ясауйлердин чыгармаларын билген. Орто Азиядагы түрк тилине которулган “Миң бир түн”, “Тоту-нама”, “Шах-нама” сыяктуу араб, фарси адабиятынын үлгүлөрү менен да тааныш болгон.”, – деп жазган.[30]
Ал билимин көтөрүү үчүн Казандан чыккан “Тержиман”, Ташкенттен чыккан “Айкап” журналдарын алып окуйт (тактай кетүүчү нерсе: “Таржиман” Крымдан, “Айкап” журналы казак тилинде Троицк шаарынан чыккан – А.К.). Токмокко тез-тез каттап, татар медресесинин мүдүрү Закир халфадан кеңеш алып турган.[31]
Анын замандашы О.Сыдыков да 1914-жылы Уфа шаарынан жарык көргөн “Тарихи кыргыз Шадмания” деген эмгегинде: “Темир балдарынын ичинен Төрөкелдинин уулу Шамыркандан – Молдо Кылычты акын катары” айтып өткөн.[32]
Балдарды окутууда кыргыз тилин киргизгени анын атуулдук зор эрдиги. Молдо Кылычтын бул ыкмасын Нарын, Ысык-Көл, Чүй аймагынын айрым бала окуткан молдолору пайдалана башташкан. Революцияга чейин Чүйдүн Сокулук аймагында ачылган жадид мектебинин мугалими Айдаркан Жолин деген молдонун куржунунда Молдо Кылычтын чыгармаларынын көчүрмөлөрү көп болорун, Айдаркан дамбылданын аларды балдарга жаттатып, көчүрүп жаздыртып окутканын, ошол окуучулар улуу акындын ыр, поэмаларынан үзүндүлөрдү жатка айтканын Бөрүбай Кененсарин да эскерген.
Т.Саманчин: “1905-жылдан кийин Кылыч татар тилинде чыгуучу жаңы гезит, журналдар менен таанышат. Гаспринскийдин “Таржиман” гезитин, Казандан чыгуучу “Юлдуз” гезитин окуйт. Бул учурда казак акындарынын чыгармалары да басыла баштайт. Жусупбек кожо, машур Жусуп жана башкалардын өлөң кыссаларын окуйт”, – деген так маалыматтарды берген.
1905-жылдан кийин Кыргызстанга татар мугалимдери келе баштайт. Кылыч балдарды жаңы метод менен окутуу жолу жөнүндө алардан таалим алган. Кылыч Токмоктогу татар мектебинин мүдүрү Закир халфа аттуу киши менен тааныш болуп, аны менен катташып турган жана андан усули жадид ыкмасын үйрөнгөн.[33] Жергиликтүү мектеп, медреселерди бүтүргөн бай-манаптын жана башка оокаттуу кишилердин балдары Уфа, Казань, Орунбордогу мусулмандын жогорку мектептерине барып окуй баштаган. Бул жаштардын ичинде Кылычтын жакындарынан да болот. Кийин алардын ичинен кайсы бирөөлөрү кыргыздын улуттук маданиятын изилдеп, аны өнүктүрүү талабын көздөгөндөр да болот. Ошол жаштардын кээси Кылыч менен байланышып, ага китептер жиберип, каттаган сайын аны менен жолугушуп турат. Ошолордун бири Кылычтын “Кысса зилзала” аттуу поэмасын 1911-жылы Казанда бастырып чыгарат.[34] Бул аталган поэмадан башка Кылыч да бир катар казалдарын даярдап, алар аркылуу басмага берет. Бирок 1916-жылкы кыргыз элинин падыша өкмөтүнүн бийлигине каршы чыгарган козголоңунун натыйжасында, алар жарыкка чыкпай калат.[35]
Белгилей кетчү нерсе, китептин чыгышына ошол мезгилде “Галия” медресесинде билим алып жаткан кыргыздын И.Арабаев, О.Сыдыков, И.Канатов ж.б. сыяктуу азамат жаштары зор көмөк көрсөтүшкөн. Айрыкча, анын алгы сөзүн жазган И.Арабаевдин китеп чыгаруудагы эмгеги чоң.
Молдо Кылычтын чыгармачылыгы XIX кылымдын сексенинчи жылдарынан тартып Октябрь революциясына чейин созулган. А бул учурда кыргыз эли Орусия империясынын курамына каратылып, натыйжада феодалдык-уруулук түзүлүштө өмүр сүрүп келе жаткан кыргыз турмушуна жаңы мамилелер тез да, өкүм да киргизилип жаткан мезгил.[36]
Анын чыгармачылыгындагы ушундай жагдай жөнүндө белгилүү адабиятчы А.Эркебаев мындай оюн ортого салат: “Ал эми орус адабияты тил билбегендиктин айынан Молдо Кылыч үчүн таптакыр алыс болгону өзүнөн өзү белгилүү. Бирок мындан кеңири маанидеги орус маданияты (чарба жүргүзүү, отурукташуу, соода-сатык иштери, башкаруу айла-амалдары, өз ара алакалашуу ж.б.) акынга жат болгон деген бир беткей бүтүм келип чыкпоого тийиш. Анткени, иш дал тескерисинче болгон. Молдо Кылыч өз чыгармаларында баарыдан мурда кыргыз калкынын Орусия мамлекетинин карамагында тургандагы турмушун, ушул учурдагы коомдук байланыштарды, социалдык карама-каршылыктарды, патриархалдык жана жаңы элес-түшүнүктөрдү этикалык нормаларды жана башка татаал кубулуштарды өз мүмкүнчүлүгүнө ылайык чагылткан”.[37]
Бул жерде А.Эркебаев Молдо Кылычтын чыгармачылыгынын олуттуулугун жана адабияттагы баалуулугун ачып көрсөткөнү менен, биздин пикирибизче, аны орус адабиятынан таптакыр алыс болгон деп белгилегени туура эмес. Анткени, анын ошол мезгилдеги журнал-гезиттер менен үзгүлтүксүз таанышып тургандыгын белгилегенбиз. Аларда өз кезегинде татар, өзбек, татар агартуучулары, акындары орус адабиятынын классиктеринин чыгармаларын которуп чыгарып турушканы белгилүү. Демек, Молдо Кылыч алар менен аз да болсо тааныш. Ыбырайым Абдрахмановдун кол жазмасындагы: “эски молдолордун күндөн күнгө күчү кете баштап, жаңы окуу күч алып, калк балдарын жаңы окууга берип окуткан. Бул учурда жаңыча басылган китептер жана гезит, журналдар түзүк эле тараган. Уренборгдон “Вакт”, Казандан “Юлдуз”, Бакчасарайдан “Таржиман”, Сибирден “Сибря” гезиттери, “Шура”, “Айкап” журналдары чыгып турган. Жаңы мектептен тарбияланып чыккан мугалимдер гезит, журналдарды жыш окуп турушкан”[38] деген саптар жогоруда айтылгандарды дагы бир жолу ырастайт. Ошол эле жерде айрым кыргыз жаштарынын орусча да гезит-журналдарды окуп турушканын белгилейт: “жогоруда айтып өтүлгөн тынай уруусунан Дүр, Мамбетаалы, Солтоноев Белек, Шабдандын балдары Самидин, Кемел, Амандар да орусча гезит, журналдар окуп турушкан.”[39]
Анткени, XIX кылымдын сексенинчи жылдарынан тартып, Орто Азияда А.С.Пушкин, И.А.Крылов, Л.Н.Толстой, М.Е.Салтыков-Щедриндин чыгармаларынын өзбек (Фуркат, Мукими), казак (Абай, Алтынсарин), татар (Насыри, Т.Яхин) тилдериндеги котормолору тараган.[40] Профессор М.Гайнуллин: “XIX кылымдын акыркы он жылдыгында мектеп мугалими Таиб Яхин тарабынан И.А.Крыловдун 100дөн ашуун тамсилдери жана А.С.Пушкиндин айрым аңгемелери которулган”, - деп көрсөтөт.[41]
Молдо Кылычтын “Керме-Тоо, Ала-Тоо (Какшаал, Памир тоолору)” деген ырында:
Кудурети күч алланын
Ажайып зор тамаша
Керме тоодо бар экен
...Асты жагын оодарсаң.
От чыккан жер болот деп
Угар элем ар качан
Укмуш ырас дейт
Жаштан чыккан молдосу
Жаңы усул окуган
Арасынан көбүсү
Нышааны дейт дозоктун
Эшен шайык кожосу...
Барлык менин жазганым
Башым көргө кирген соң
Кыямат күн келгинче
Тура турган күмбөзүм
Кокус тилим күрмөлсө
Айтып кеткен керээзим
Кереги жок чалдыбар
Курган менен күмбөзүң[42].
Бул саптарда кыргыз тоолорунун өзгөчөлүгүн эле жазбастан, жаңы усулдагы мектептерден окуган жаштардын билимдүүлүгү жөнүндө да маалымат берет жана илимди, ошондой эле жазгандарын бардык байлыктан жогору койгондугун ачык көрсөтүп турат.
Кемин жана Чүй райондорунан Абдраим Чункелеев (өзү да Чоң-Кеминдеги Шабдандын жаңы усулдагы медресесинен билим алган) тарабынан жыйналган материалдарда Абаев Шаршеналынын (1896-жылы туулган) төмөндөгүдөй эскерүүлөрү кездешет: “1909–1910-жылдары Кочкор кыштагында ногой молдодон окуп жүрчү элем. Ошол кыштакта Ламазы, Чамаза деген эки дунган ашпозчу бар эле. Ламазаныкына кирдим, тамак ичейин деп, Ламаза айтып калды: Кылыч молдо келет! Кылыч молдо келет, – деп. Кылычтын башта кол жазма казалдарын окуп жүрчү элем, өзүн көрө элек болчумун. Көрөйүнчү деп отуруп калдым. Бир убакта Кылыч эки жолдошу менен келди. Баякы ашпоз дасторконду жайната жакшы тамактарды койду. Анда лагман да бар эле. Кылыч ошо замат эле ырдап жиберди:
“Ламаза, Чамаза,
Ашпозуңар жанаша.
Тамагыңар эң ширин,
Даамына караса.
Өңү-түсү жүлүндөй,
Түрмөктөлгөн түгөнгүр.
Кемпирдин келеп жибиндей,
Кепшегенде оозго,
Кетсе боло илинбей.
Ошенткенде эле ашпоз лагманды алып, мампар койду”.[43] Бул маалыматтардан агартуучу акындын эл арасындагы зор аброюн жана төкмө акындык дараметинен, ошол эле учурда жадид мектебинин дагы бир окуучу-тарбиялануучусу (Абаев Шаршеналы) жөнүндө аз да болсо маалымат алдык.
Молдо Кылычтын чыгармалары экинчи жолу Совет бийлигинин тушунда 1925-жылы Москвадан чыккан “Тамсилдер” деген китепте жарык көрүптүр. 1911- жана 1925-жылы жарык көргөн эки чыгармасы тең араб арибинде чыкса, 1946-жылы Тазабек Саманчин тарабынан даярдалган “Иргелген казалдар” деген китеби кириллица менен жарык көрүп, окуу китептерине киргизилген. Ошол эле жылдан тартып улуттук адабият таанууда вульгардык-социалогиялык сындар башталып, анын өкүлдөрү (Ж.Самаганов, Г.Нуров, П.Балтин ж.б.) Молдо Кылычтын жана аны изилдеген окумуштуулардын эмгектерине “буржуазиячыл-улутчул”, “космополитизм” өңдүү айыптар коюлуп, каралай башташкан.[44]
Бүгүнкү эгемендик шартында анын чыгармалары 1991-жылы “Казалдар” аталышы менен кайрадан басылып чыгышы Молдо Кылычтын жазма адабияттын алгачкы өкүлү, агартуучу, таланттуу акын катары коомчулуктун көңүл буруусуна жана дагы да болсо терең изилдөөлөрдү талап кылат.
Алдаш Молдо кийин билимин андан ары тереңдетип, Совет бийлиги орногондон кийин 1920-жылдары Алматыдан кызыл мугалимдердин курсун бүтүрүп келип, балдарды окутууну уланткан. Бирок таланттуу педагог, агартуучу 1925-жылы мугалимдерди аттестациялоо учурунда “Кудайга ишенесизби?”, “намаз окуйсузбу?” деген суроолоруна “ооба” деген жообу үчүн жат элемент катары мүнөздөлүп, ишинен четтетилген.[45]
Алдаш Молдо балдарды окутуу менен эле чектелбестен, чыгармачылык менен алектенген. Анын 1905-жылы жараткан “Шайлоо” аттуу поэмасында бийлөөчүлөрдүн болуштук талашып чабышып, калкты бүлүнткөндүгүн ашкерелеген. Мындан тышкары, 1912-жылы жазылган “Баракан жөнүндө баян”, “Хал заман” (1914) деген чыгармалары белгилүү. Аларда Кыргызстан Орусия курамына бириктирилгенден кийин кыргыз жергесинде болуп жаткан тарыхый кырдаалдарга ой жүгүртөт, коомдун өнүгүүсүнө Орусиянын таасирин, прогрессивдүү жактарын көрсөтүүгө аракеттенген. Ошону менен катар падыша өкмөтүнүн колониялык саясатынын тескери жактарын, орус чиновниктери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биригип, калкты эзип жаткандыгын да көрсөтөт.
“Падыша залым Николай
Балакет баскан иттер ай!
Балакет баскан жасоолу
Жалдуу жылкы мингизбейт.
Кара көрпө, жакшы тон,
Жакалуу кийим кийгизбейт.[46]
Дагы бир жеринде:
Айдап чыкты тоо-тоого,
Ашып көчтү эчен бел,
Аштык айдаар жери жок
Азып жүрөт кайран эл.
Шол кылганы дуруспу?
Аргасы кеткен эли-журт
Акыры түбү бир күнү,
Бунт кылып салаар урушту.[47]
Кыргыздарды тикеден-тике эзип жаткан орус бийлигинин көп өкүлдөрүнүн реалдуу турмуштагы ысымдарын атап баяндап берген. Алардын ичинде Каракол уездинин начальниги Ионов менен анын жардамчысы Храмин, “полиса ачендиги” Катуневский менен пристав Кайчов, төрө Юдин, стражник Занин ж.б. кылык-жоруктары көрсөтүлгөн. 1916-жылы “Үркүн” аттуу көлөмдүү поэма жазып, анда кыргыз элинин башынан өткөргөн реалдуу окуялар сүрөттөлгөн.[48]
Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1866–1917), Молдо Нияз (1823–1896), Алдаш Молдо ж.б. менен катар эле Байымбет Абдрахман уулу (Тоголок Молдо) (1860–1942) ошол мезгилде өз чыгармаларын кагазга түшүрүп, кол жазмаларын эл арасына тараткан жазма акындардын катарына киришет. Алар доордун билимдүүлөрүнүн катарына кошулуп, ысымына кошумча “молдо” эпитети кошуп айтылып, эл ичинде чоң абройго ээ болушкан.
Тоголок Молдо 1860-жылы Нарын өрөөнүнүн Куртка деген жеринде жарык дүйнөгө келген. Анын өз эскерүүсүндө: атасы Абдыракмандын аталашы Музооке ырчы көптү көргөн, сергек киши боло турган. Токтогул Музоокени “Музооке булбул” деп бекеринен атаган эмес.[49] Ал Байымбетти бооруна тартып, “ушул уулумдан бирдеме чыгат”, – деп кээде айыл-апага ээрчите барып, жупунураак жер болсо, жанына отургузуп, үйдө болгондо ыр, комуз үйрөтүп, “кана, тогологум, ырдап койчу, мен черт дегенде черте бер, айылга барганда да уялба, жашык болбо, сени мен молдо кылам, анан сен китеп сөзүн айтасың. “Өнөр алды кызыл тил”, – дейт. Китеп сөзүн билсең, сен чечен да болосуң, акылдуу да болосуң... Окуйсуңбу бийдикине келген молдодон... Музооке менин периштем болгон экен, мени зордоп окутпаса, балким мен мындай атакка ээ болбос элем, “жетим улакка айыры шыбак” болуп, мен ошентип төрт жыл окуп калдым. Музоокенин акысынан мен эч убакта кутула албайм”, – деп эскерген улуу акын.
Байымбет 14 жашка чыкканда жетим калып, энеси Коңур алты баласы менен адегенде Жумгалга, кийин Чүйгө келишип, Токмокко жакын Жаңы-Чек айылында жашап калышат. Билимдүү Байымбет тез арада эле сөзгө алынып, эл арасында кадыр-баркка ээ боло баштаган. Токмокто ошол учурда, башкача айтканда XIX кылымдын аяк ченинде соода иши жакшы өнүгүп, ал жерде татарлар, орустар, өзбектер көп болуп, бери жагы Пишпек, ары жагы Ысык-Көл, андан ары Кытайга барар жол боюнда болгондуктан, бул шаарда ошол мезгилде абдан зарыл билим берүүчү мектептердин ачылышына да өбөлгө түзүлгөн. Албетте, буга чейин эле калаада эски диний мектептер болгону белгилүү. Жадидчилердин кыймылы күч алган мезгилде бул жерде да алардын демилгеси менен ачылган жаңы усулдагы мектеп окутуучулары менен буга чейин эле сабаты жоюлган Тоголок Молдо жолугуп, китеп алып окуп турган.
XIX кылымдын 90-жылдарында Токмокто жашаган татар, өзбектерге тиешелүү китеп саткан он чакты майда китеп дүкөн болгону белгилүү.[50] Замандаштары анын “татарча көп ырларды билгенин, татар тилинде дурус сүйлөгөнүн эскеришет”. Ал Фирдоуси, Низами, Навои, Хафиз, Абай жана Тукайдын чыгармалары менен жакшы тааныш болуп, казак жана татар тилдеринде “Бозжигит”, “Кыз Жибек”, “Жусуп менен Зулайка” ж.б. чыгармаларды жатка айткан. Ошол мезгилде чыгып турган “Юлдуз”, “Нур”, “Вакыт”, “Таржиман”, “Таракки”, “Айкап” ж.б. сыяктуу татар, өзбек, казак тилиндеги гезит-журналдар менен да таанышып турган. Басма сөз беттеринен жалаң эле жогоруда аталган калктардын чыгармаларын гана окубастан, орус тилинен (А.Пушкин, И.А.Крылов, Л.Н.Толстой ж.б.) которулган чыгармаларын да окуганын тартынбастан белгилесек болот. Буга мисал катары анын чыгармачылыгындагы жаңы көрүнүш – тамсилдер жаралышын айта алабыз. Тоголок Молдонун “Карышкыр жана түлкү”, “Түлкү менен турна” ж.б. тамсилдери элдик оозеки чыгармалардын натыйжасында жаралса, “Эшек жана булбул” тамсили И.А.Крыловдун ошондой эле аталыштагы тамсилинин таасиринде, бирок улуттук колоритте жазылганы буга далил.[51] Анын саясый окуялар тууралуу да кабардар болгонун төмөндөгү саптардан баамдасак болот:
Бешинчи жылдан бер жакка,
Сактанып жүрдүм аярлап. же:
“300 жыл Романов минди такка
Боштондук бергени жок эч бир жанга”.
1914-жылы Курткада Калпа ажы тарабынан да жаңы усулдагы мектеп ачылган. Анда кыргыздын 30га жакын уулу билим алган. Бирок ал мектепте Тоголок Молдонун ишмердиги тууралуу маалыматтар жок болсо да, биздин пикирде, анын да бул ишке агартуучу катары түздөн түз катышы болгонун айтсак болот. Анткени, ал 22 жашында үйлөнүп, 27 жашка чыкканда, тактап айтканда 1887-жылы туулган жери – Курткага кайтып барган.[52]
Мындай сабаттуу, билимдүү адамдын келиши, албетте, айылдаштары үчүн чоң табылга болгон. Анын балдарга арналган “Чынчыл бала”, “Каркыра менен түлкү”, “Жер жана анын балдары”, “Турумтай, “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы”, “Торпогум” ж.б. ырлары бекер жеринен жазылбаса керек. Анткени, мындай ырларды албетте, балдар менен тыгыз иштеген адам гана жарата турганы түшүнүктүү.
Акындын “Телибай тентек” чыгармасында мектеп, андагы билим берген молдолор жана ата-энелер байланышы да ачык көрсөтүлгөн. Анын үстүнө молдо баланы уруп тарбиялоосу ошол учурга таандык. Кыргыздар балдарын молдого окууга бергенде “эти сеники, сөөгү меники”, – дегени көпчүлүккө таасын. Мунун да себеби бардай, анткени бул макал да кыргыздардын көпчүлүгү сабатсыз болгондуктан, билим алууга кызыкдар экенинен, баласынын кандай жол менен болбосун билим алуусун каалаганы.
Тоголок Молдо Октябрь революциясына чейин эле татар акын-агартуучулары – Г.Исхаки, М.Гафури, Г.Ибрагимов сыяктуу эле аялдар теңдиги жөнүндө сөз козгоп, “Кыз Кенжекенин арманы”, “Чалга берген кыздын арманы” сындуу чыгармаларын жараткан. Ал ошондой эле К.Маликовдун эскерүүсүндө айтылгандай, “манасчылардын ичинде “Манасты” өзү жазып жүргөн жалгыз гана Тоголок Молдо” болгон. Бул анын урпактарга калтырып кеткен эсепсиз эмгегинин дагы бир үзүмү.
Жыйынтыктап айтканда, Тоголок Молдо XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында Орусия курамындагы мусулмандар эркиндиги үчүн күрөшкөн, маданиятын көтөрүүгө умтулган, сабаттуулукка жол ачкан жадидчилик мезгилинин алдыңкы адамдары, бүгүнкү күндө улуттук интеллигенциянын алгачкы өкүлдөрү деп сыймыктануу менен атаган мусулман агартуучулары И.Гаспринский, Г.Тукай, К.Насыри, А.Кунанбаев, А.Дониш, И.Арабаев, Х.Сарсекеев ж.б. сыяктуу эле өз салымын кошкон деп ишенимдүү белгилесек болот.
Талып Байболот уулунун өмүр жолуна кайрылган учурда, КР УИАнын Кол жазмалар фондунда сакталган анын өз оозунан 1947-жылы жазылган А.Алдашевдин кол жазмасын бир кыйла тагырак деп эсептейбиз. Анда Талып Байболотов (1848–1949) Жети-Өгүз суусунун боюндагы кыштакта орто чарба үй бүлөдө туулган. Анын айтуусуна караганда, 1860-жылдары Каракол шаарындагы Кожошахун деген кашкарлык уйгурдан бир ай чамасында түрк алиппесин окуган. 1869-жылы бугу уруусунун байы Байгазы калпетим дегенде иштеп, анын койлорун алты шаарга айдап барып: Күчөр, Кашкар, Турпан, Ак-Суу, Үрүмчү, Карашаар деген Цинь-Зяньдын (Синь-Цзянь) шаарларында төрт жылча жүрөт. Байгазы Калпетим малынан кечип, Талыптан акча доолабаска убада бергенден кийин гана Талып кайра Ысык-Көлгө кайткан. Алдашевдин пикири боюнча, анын араб тилиндеги көп адабияттар менен тааныш болгону, жогорудагы шаарларда жөн гана жүрбөстөн, окуп да жүргөн.
Талып кат тааныгандан тартып, өзүнчө окууга тырышкан. “Караколдо мусулмандар китепканасы ачылганда, анда түрк тилинде жазылган 14 683 китеп бар эле, – дейт Талып, – ошонун баарын окуп чыктым (китептер Стамбулдан басылып чыгуучу). Китепти пайдалануу тартиби: алган китепти бир жума ичинде кайта тапшыруу керек. Эгер жоготсо, айыпка алты теңге төлөчү. Ал китептерден кыргыздардан жалгыз мен жана татарлардан беш-алты гана киши окуганбыз. Китепкана көпчүлүк чогулткан акчага уюшулган. Аны Надыршин Салих деген татар мугалим башкарчу. Надыршин Салих адегенде жаңы усулдагы мектептин, кийин советтик мектептерде мугалим болуп иштегени тууралуу жогоруда сөз кылганбыз.
Булардан башка да Талып түздөн-түз Стамбулдан почто аркылуу китеп, журнал, гезиттерди алып турган. Ал түрдүү илимге, айрыкча тарых жана философия илимине кызыккан киши. Жайдыр-кыштыр эл уктагандан кийин күнүгө китеп, гезит окуй турган. Көп жылдар бою (35–40 жылдай) өз билимин жогорулатуунун натыйжасында Талып байыркы гректердин философиясынан тартып, Маркс, Энгельс, Лениндин материалисттик философиясына чейин, байыркы тарыхтан тартып, жаңы тарыхка чейин кабардар болгон.[53]
Жогорку аты аталган илимдерден башка да география, астрономия, химия илимдерине Талып молдо өтө кызыгат. Ал бийликте болбосо да, бугу уруусунун коомдук турмушуна активдүү катышкан. Мисалы, Чыныбайдын залимдик бийлигине каршы чыгып, Балтабай дегенге добуш бергенге үгүт иштерин жүргүзгөн. Талып молдо менен журт башкаруучулары акылдашып турушкан. Ал жөнүндө Алдаш молдо 1914-жылы жараткан “Хал заман” чыгармасында эскерип өтөт:
Кайран маркум Балтабай,
Бир дубандын бели эле,
Акылга дыйкан кен эле,
Айла табар эр эле...
Ар кылганы макулу,
Өзүнөн артык дээр эле.
Акылы менен айласын,
Молдо Талып акынды.
Кайран маркум Балтабай,
Кенен да болсоң акылга,
Кеңешпей качан иш кылды,
Молдо Талып акынга...[54]
Талып молдо элди отурукташтырганга аракеттенип, өз уруусу коңуратты баштап, Жети-Өгүздүн талаасына Чырак деген кыштак салдырган. Чындыгында, бул кыштак отурукташкан кыргыздардын кыштактарынын эң алгачкыларынын бири болуп эсептелет.[55]
Бул жөнүндө Ыбырайым Абдракман уулу: “жаңыча тарбиялангандар элдин бир четин бөлүп жерге отурукташтырууга да аракет кылган. Мисалы, Жети-Өгүздөгү Талып молдонун баштоосу менен эки чоң кыштак “Чырак”, “Ак-Кочкор” пайда болуп, манаптардан качкандар бул кыштактарга топтолуп, жерге ээ болгон.
Тоң болуштугундагы Чымжыев, Шенкоевдердин баштоолору менен “Күндөй” кыштагы курулган. Ысык-Көл районундагы Теспир молдонун баштоосу менен Теспир кыштагы курулган. Бул тунгуч кыштактар азыр гүлдөгөн кыштактардан болуп эсептелет,[56] – деп кол жазмасында Ысык-Көл аймагындагы алгачкы кыштактар жөнүндө белгилеп кеткен. Ал эми Талып Байболот уулунун Чырак айылын негиздегени жөнүндө Алдаш молдо мындайча эскерет:
Олтуруп кыштак болбосок,
Олуттуу жерге конбосок.
Ишибиз артта калат деп,
Иш бузулуп барат деп.
Олтурукка конушуп,
Крестиян болушуп,
Олтурук атак алышып,
Кыштактарын салышып.
Талып молдо, Бекбоо, Көкөл
Жерин өлчөп алышкан.
Крестиян аталып,
Кыштагын бөлүп салышкан...[57]
...Калаа салбай болбойт деп,
Калк түзөлүп оңбойт деп.
Кыштак салбай болбойт деп,
Жаңыртып кылган эби бар,
Талиптин айткан кеби бар.
Талип айткан кеп болуп,
Жалпы журтка эп болуп.[58]
Ал Караколдогу уезддик чогулуштарга барганда, Забиров деген татар тилмечтикине жатып, таң атканча гезит, журналдарды окуп чыккан күндөрү болгон. Талып молдо “Московская ведомость” деген орус гезитин да үзбөй алып туручу. Забиров тилмечке керектүү жерлерин котортуп окучу.[59] Айрым маалыматтарда, Талып молдо бир нече тилдерди, анын ичинде орус тилин да билгени айтылат. Чындыгында, ал орус тилин билбегени жөнүндө: “аттигиниң ай!... орус тилин билбегендигимден көп илимден артта калдым, орустун тилин үйрөнсө, каапыр болуп, дини бузулат деген наадан молдолордун жана карылардын тилин угуп, жаш чагымда орус тилин үйрөнбөй калдым, болбосо көзүм ачылып, көп илимге жетет элем”, – деп наалыган Талып молдо.[60]
Ыбырайым Абдрахмановдун кол жазмасында төмөндөгүдөй саптар кездешет: “Талыптын билими Чолпонкулдан көп жогору болуп, ал кезде Орусиядан чыга турган “Таржиман” Бакча-Сарайдан чыга турган гезит, мунун 1-номерин Талып окуган. Орусиядан чыга турган гезит, журнал, китептерден алдырып окуган. Талып акын гезиттеги сөздөрүн айтар эле. Кыргыздар акын Талып дээр эле. Тянь-Шань территориясындагы кыргыздардан Ат-Башыдагы сарыбагыш уруусунан Кайдуин уулу Чоко деген чоң манаптардын манабы гезит, журналдар алдырып окуган. Талып молдо 42-жылы 88 жашта экен, мен өзүм көп аңгемелештим “Чоко менден түшүнбөгөн сөздөрдү сурап пайдаланчу эле”,[61] – деп эскерген.
Ал 1916-жылы кыргыздын көтөрүлүшүн сын көз менен карап, падышанын эзүүсүнө каршы күрөшүү менен бирге кыргыздын натыйжасыз жеңилерин алдын ала билип, “орус түптүү журт, анын жеринин учу-кыйрына ат менен нечен жыл жүрсө да чыга албайт. Бир ууч кыргыз бөөдө кыргын болбойлу”, – деп үгүттөгөн. Көтөрүлгөн толкун үгүт насиятка көнбөй турганына көзү жеткен соң, – бардык эле орусту кыра бербегиле, булардын ичинде да бакыр, кедей, кембагал, алсыз байкуштары да бар. Алардын эч зыяны жок”, – деп арачалаган.
Талып молдо үй турмушун кыргыздардан башкача, татарларга окшош жүргүзгөн. Кышкысын жыгач тамда жашап, төшөгүн кроватка салдырып жаткан.[62]
Мындай көрүнүш ошол учурдагы “жаңы тарбиядагы кыргыз азаматтарга” таандык экенин Ыбырайым Абдракман уулу да белгилеп: алардын “китеп-кечектерин жана үй турмуштарын татарчага айландырып, пальто, костюм, топчулама шым, өтүк кийген”, – деп көрсөтөт[63].
Совет бийлиги орногондон кийин да Талып Байболот уулунун макалалары “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланып турган. Анын “Кыргыз, кыргыздын түпкү теги, уруучулук курулушу, түрлүү салттары” деген тарыхый-этнографиялык эмгеги тарыхчылардын колдоосуна ээ болгон.
ХХ кылымдын башындагы агартуучулар жөнүндө сөз кылганыбызда, Кемин өрөөнүнөн чыккан дагы бир чыгаан агартуучу, кийин Совет бийлиги тушунда да өмүрүн балдарды окутууга арнаган, Ленин орденинин ээси (1949), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Мүсүралы Копобаев жөнүндө сөз кылбай коюуга мүмкүн эмес.
Копобаев Мүсүралы 1895-жылы 17-августта Пишпек уездинин Атаке болуштугунун Кичи-Кемин айылында туулган.[64] Анын өз колу менен жазылган өмүр баянында 1904–1915-жылдары айыл-кыштак мектебинен окудум деп жазылган.[65] Мындай кыскача маалыматты биздин оюбузча, мезгил шартына карата кооптонуу менен медреседен окугандыгын жашырууга аракет кылгандыгы байкалат. М.Копобаев жөнүндө анын айылдашы, кыргыздын белгилүү жазуучусу Саткын Сасыкбаевдин “Мектеп, өзүм, окуучуларым...” аттуу чыгармасында педагогдун өз оозунан жазып алган макаласында кеңири баяндалат. Аны карап чыкканда М.Копобаевдин сегиз жашынан тартып алгач айылдагы молдодон, кийин Токмоктогу №8 татар мектебинен, 1915-жылы орус мугалиминен окуганы белгилүү. Анын өз колу менен жазган өмүр баянында кыргыз, өзбек, казак, татар тилдерин билем деп жазгандыгы.[66]
М.Копобаевдин ошол мезгилдеги жаңы усулдагы мектептерден билим алган көпчүлүк жаштардай эле дооруна жараша сабаттуулугунан кабар берет. Жазуучунун чыгармасында бул төмөндөгүдөй баяндалат: “Токмокто ногой мугалимдеринен төрт жыл окуп, ошол учурда шаарга Кытай, Хива, Кокондон бери келип-кеткен соодагер, көпөстөрдү, шаардык турмушту көргөн өспүрүмдүн аң-сезими да өзгөрүүгө дуушар болгон. Ал айылына кайтып келер менен бала окута баштаган. Адеп боз үйдө окутса, кийин айылдаштарынан көмөгү менен Бел-Саз, Жошолуу-Сайдын оозуна күзүндө мектеп тургузушат.[67] Анын демилгесин билимге суусаган айыл тургундары колдошкону кубанарлык көрүнүш болгон. Албетте, жапырт баары эле колдошкон деп айтуудан алыспыз. Ушул жерден аргасыздан улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы Дүйшөндүн демилгеси айылдыктардын ичинен колдоо таппай, кандай азап-тозокторго дуушар болгону эске түшөт.
Анын өз колу менен жазылган өмүр таржымалына (өзү “таржума алим” деп жазган) кайрылсак, 1916–1917-жылдары Кытайга качып, 1918-жылы кайтып келгенин, 1918–1919-жылдары дыйканчылык менен кесиптенгендигин, 1920–1952-жылдары советтик мектептерде мугалим болуп иштегенин жазган.[68] Партия катарына өтүп, Кичи-Кемин айылында мектеп директору, кийин катардагы мугалим болуп 40 жылдан ашуун иштеген.[69]
Кыргыздын бир катар белгилүү мамлекеттик, коомдук жана саясый ишмерлери, кыргыз мамлекетин түптөгөндөр мусулман мектеп-медреселеринен, айрыкча жаңы усулдагы мектептерден билим алышканы белгилүү. Алардын саясый көз караштарынын калыптануусуна бул окуу жайларынын ролу зор. Мындай көрүнүктүү ишмерлердин бири Касым Тыныстанов КР Саясый документациялар архивинде сакталган өмүр баянында алгач сабатын атасынан жойгонун жазат. Атасы Касымды 12 жашында Каракол шаарына окууга алып келет. К.Тыныстановдун жазганы боюнча, ал орус-тузем мектебинен билим алгасы келген. Бирок ал жерде кабыл албай, жаңы усулдагы өзбек мектебине кирген.[70] Кийин орус-тузем мектебине кирип окуйт. Бирок бир жылдан кийин эле Үркүн башталып, ата-энеси менен Кытайга качкан. 1917-жылы Каракол шаарына кайтып келген.
Совет бийлиги орногондон кийин Ташкенттеги Казак педагогикалык институтун аяктаган соң, алгач Каракол шаарында мугалим болуп иштеген, кийин аны Академиялык борбордун (илимий комиссия) катчысы кылып дайындашкан. 1925-жылы анын төрагасы болуп калган. Ошол эле жылдан араб алфавитинен латын алфавитине өткөрүү демилгесин көтөрүп, анын башында турган. Кыргыз элинин революциялык-улуттук кыймылын изилдеген комиссиянын иштерине активдүү катышкан.[71]
1927-жылдан Кыргызстан БКП(б) обкомунун агитациялык-пропаганда бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1931–1933-жылдары Кыргыздрам театрында К.Тыныстановдун “Академиялык кечелер” деген аталышта “Манас”, “Шабдан” спектаклдери коюлган.[72]
Бул спектаклдер коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, ал турсун Москвада жарык көргөн “Правда” гезитине да сын-пикирлер чыккан. Анда К.Тыныстановдун жогоруда аталган спектаклдери “буржуазиялык-кулактык улутчулдуктун” көрүнүшү катары бааланган.
К.Тыныстанов башка коомдук, саясый ишмерлер сыяктуу эле репрессияга кабылган. КР БМА СД архивинде сакталган 1935-жылы 27-февралдагы Эл агартуу комиссариатынын баштапкы партиялык уюмун тазалоо боюнча комиссиясынын Токтомунда (№9) К.Тыныстановдун контрреволюциячыл, улутчул “Алаш-Ордо” партиясынын мүчөсү, 1924-жылга чейин партиянын активдүү идеологу деген айып коюшуп, партиядан чыгарууга токтом кабыл алышкан.[73]
Бир топ жылдары К.Тыныстановдун чыгармачылыгына кайрылууга 1934-жылы Кыргызстан БКП(б) VII облустук конференциясында талкуудан соң, тыюу салынганына карабастан, Б.Юнусалиев, Т.Үмөталиев, акындар К.Маликов ж.б. Касым Тыныстановдун чыгармачылыгына кайрылышып, баа берүүгө аракет кылышкан. Маселен, Т.Үмөталиев К.Тыныстановду кыргыз совет адабиятынын баштоочусу катары караса, Б.М.Юнусалиев К.Тыныстановду биринчи тилчи жана кыргыз грамматикасынын түзүүчүсү деп белгилешкен. Ошондуктан, алардын мындай аракеттерин туура эмес деп эсептешип, аларды атайын 1960-жылы 5-январдагы партиянын Борбордук комитетинин бюросунда (протокол №62 14-Б) Молдо Кылыч жана Касым Тыныстановдун чыгармачылыгынын катачылыктарын баалоо жөнүндөгү токтомунда аларды “буржуазиялык улутчул идеологиянын көрүнүктүү идеологун макташкан жана анын антисоветтик позициясын жаап жашырышкан”[74] деп көрсөтүшкөн. Ушундан кийин алардын чыгармачылыгына кайрылуу эгемендикке ээ болгонго чейин солгундап калган.
Дагы бир агартуучу Кулуке уулу Өмүралы (1893–1947) Шабдандын медресесинен билим алгандардын бири. Ал да көпчүлүк сыяктуу эле Үркүндө Кытайга качып, кайтып келген соң, 1919-жылы Верныйдан мугалимдердин алты айлык курсун бүтүргөн. Кичи-Кемин өрөөнүндө ачылган мектепти жетектеп, далай жаш муундарга билим берген.[75]
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун кызматкерлери тарабынан комментарийлери менен жакында жарык көргөн “Бөөмбаев Насирдиндин санжырасы” деген эмгек менен таанышкан учурда Насирдин Бөөмбаев (1891-1937) да учурунда Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Шабдандын медресесинен билим алгандардын бири экени маалым.
Окуусун мыкты бүтүргөн 20–30 баланын бири Насирдин 1912–1913-жылдары үчүкө эли, тагырак айтканда Нарын-Куланактагы балдарды окутуу үчүн жөнөтүлгөн. Балдарды окутуу иши менен талыкпай эмгектенип жүргөндө 1916-жылдагы кайгылуу үркүн окуясы башталып, ал да аргасыздан Кытайга качууга аргасыз болот. Насирдин Кашкарда да балдарды окутуу менен алектенген. 1917-жылы өз жерине кайтып келип, кайрадан Ат-Башы жана Нарын, Ысык-Көлдө, Токмоктун Сайлык айылындагы Дүрдүн мектебинде 1937-жылга чейин балдарды окуткан.[76]
Жубайы Бөжөй апанын айтуусу боюнча, Шабдандын медресесин бүтүргөн эки бала гана – бири Насирдин молдо, экинчиси Абдраим Чункелеев куранды жатка билген “карылар” болушкан.[77]
Элибиз өткөн тарыхын бири-бирине оозеки айтып, кийинки муундарга калтырып келген. Ушундай салтты биринчилерден болуп молдо Осмонаалы Сыдык уулу оозеки эмес, кагаз бетине түшүргөн жана аны бастырып, китеп катары чыгаруу менен элге жеткиргиси келген. Кыргызда ушул чыйырга жол салган Осмонаалы молдодон кийин Белек Солтоноев менен бирге эле Бөөмбаев Насирдин жана анын кол жазмасын айтууга болот. Анын кол жазмасында Осмонаалы Сыдык уулунда эскерилбеген же айтылбаган бир катар маалыматтар кездешет. Санжырада адамзаттын таралышы, эзелки Вавилон цивилизациясы, байыркы сак, түрк насилиндеги элдердин келип чыгышы, моңгол доору, Чынгыс хан тарыхы, муну менен катар эле кыргыз урууларынын тарыхы камтылганы менен баалуу.[78]
Биз жогоруда сөз кылган ХХ кылымдын башында Кыргызстан аймагындагы жадиддик мектептерди ачып, далай жаштардын кат-сабатын жоюуга аракеттешкен, мындан тышкары аймактын коомдук-маданий турмушун жакшыртууга эбегейсиз салым кошкон И.Арабаев, К.Мифтаков, Тоголок Молдо, Молдо Кылыч, Алдаш молдо, К.Тыныстанов, М.Копобаев ж.б. кыргыз билим берүү системасынын башатында тургандыгын азын-оолак мисалдар менен көрсөтүүгө аракеттендик.
Албетте, аларды толук ачып көрсөтүү мүмкүн болгон жок. Анткени, архивдик булактар бизде солгун экени маалым. Бул катар объективдүү себептер менен түшүндүрүлөт, бир жагынан элибиздин көчмөн турмушта жашаганынын натыйжасында көчүп-конуп жүргөндө кол жазмаларды сактоого кыйын болгону, ошондой эле 1916-жылдагы Үркүндө көптөгөн китептер, ал турсун мектеп-медреселердин өрттөлүп кеткени өтө өкүнүчтүү. Балким келечекте дагы да болсо эл арасында сакталып калган кол жазмалар табылабы деген да үмүт бар. Буга карабастан, болгон маанилүү мурастарыбызды көздүн карегиндей сактап, тарыхыбыздын актай барактарын толуктай берүү замандаштарыбыздын алдындагы чоң милдет катары саналат.
КОРУТУНДУ
XIX кылымдын аяк чени – ХХ кылымдын башындагы жадидчилик кыймылы Түркстандын, алардын ичинде Кыргызстандын коомдук-саясый турмушунда улуттук-боштондук идеологиясынын калыптанышына түздөн түз себепкер болгон. Бул прогрессивдүү кыймылдын негиздөөчүлөрү – И.Гаспринский, Ш.Маржани, А.Ибрагимов, М.Абдурашидханов, М.Бехбуди, А.Фитрат ж.б. иш аракеттери менен Кыргызстан аймагында да кабардар болуп турушкан.
Эмгектин биринчи главасында жадидчилик кыймылынын пайда болуш тарыхы баяндалып, татар агартуучуларынын Түркстан аймагына, а.и. Кыргызстан аймагына келип, агартуу жаатындагы иш аракеттери баяндалат. Айрым дин кызматкерлери жадидчилик кыймылын динге каршы аракет катары баалап, кысым көрсөтүп, ошондой эле падыша өкмөтү буларды өзүнүн Орто Азия жана Казакстандагы колониячыл саясатына зыян тийгизер адамдар катары тоскоолдук жасаган. Жадид мектептеринин окутуучуларынын көпчүлүгү Казань, Уфа, Оренбург, айрымдары Стамбул, Багдад шаарларынан билим алышкан жаштар болгон.
Бийлик тарабынан жүргүзүлгөн куугунтуктоолорго карабастан, көрүнүктүү татар, башкыр педагогдору Г.Рафики, С.Габдельманов, Н.Мулла-Газин, З.Вагапов, К.Мифтаков, Н.Мамин ж.б. кыргыз жергесинде эмгектенишип, жаштарды тарбиялоого эбегейсиз зор салым кошушкан. Көптөгөн агартуучулар совет бийлиги орногондон кийин да советтик мектептерде педагогдук ишмердүүлүгүн улантып, аймактын миңдеген жаштарына билим беришкен.
Кыргыз жергесинде жаңы усулдагы мектептер адегенде Пишпек, Токмок жана Каракол шаарларында жана Кемин, Кочкор, Ак-Талаа, Ысык-Көл, Жумгал, Чүй, Ош, Өзгөн, Кара-Суу ж.б. жерлерде ачылган.
Жалпысынан, Түркстан аймагында ХХ к. баш ченинде 100гө жакын жаңы усулдагы мектеп-медреселер, ал эми Кыргызстанда 30га жакын мектеп ачылган. Ошол мезгилде улуттук-боштондук кыймылдын жандануусу жана саясый уюмдардын түзүлүшү абдан маанилүү болгон. Бул айрыкча Орусиядагы 1905-жылдагы революциядан кийин күч алып, коомчулукта улуттук интеллигенциянын алгачкы өкүлдөрү пайда болуп, алар жалпы түрк элдерин бириктирүү идеялары менен чыгышкан.
Жадидчилердин коомдук-саясый иш чараларынын бири – 1906-жылы 31-марттан 1-апрелге чейин Верный шаарында болуп өткөн Жети-Суу облусунун мусулмандарынын биринчи съезди болгон. Аймакта биринчи ирет өткөрүлүп жаткан мусулмандардын жыйынында Жети-Суу облусунун бардык мусулман жамааттарынын өкүлдөрү жана Пишпек, Пржевальск, Жаркент, Копал, Лепсинск, Сергиополь жана Токмоктон делегаттар, ошондой эле орустарга баш ийген Кулжа шаарындагы мусулмандардан да өкүлчүлүктөр катышкан. Съездге жалпысынан расмий чакырылган 100 адам, андан тышкары 200 угуучулар да катышкан.
1908–1916-жылдары жадидчилик кыймылынын жактоочулар саны өскөн. Алардын жашыруун топтору уюшулган. Түркстан генерал-губернаторуна берилген “1914-ж. октябрь айына карата Түркстан аймагындагы мусулман калкынын маанайы жөнүндөгү кыскача отчётто” аймакта эл арасында “Гап” деп аталуучу кечелер өткөрүлүп тургандыгы белгиленген.
Ушундай эле “Гап” же “Машраб” аталган топтор Кыргызстандын да аймагында уюшулган. Анда ийримдер же топтордун мүчөлөрү жума сайын бейшемби же жума күндөрү чогулушканын, анда болуп өткөн окуялар кызуу талкууланып, пикир алышкан, улуттук маанайдагы адабияттар, каттар ж.б. окулуп, талкуулашкан. Токмоктогу ийримде: Азиз жана Якуб Садырбаевдер, Сыдык Канжетаев, Шамен Давлетов, Гали Узбеков, Ибрагим Мурзабаев, Кемел Шабданов, Абдуазиз Игамбердиев ж.б. 41 адам мүчө болушкан.
Улуттук саясый элитанын өкүлдөрүнүн арасындагы байланыштар, алардын колониялык саясатка каршы аракеттери күч алып уланган. Ага 1910-жылы 21-октябрдагы казак, кыргыз улуттук саясый элитасынын өкүлдөрү катышкан Узунагач съезди, илимий чөйрөдө “Шабдандын петициясы” аталган ж.б. иш чаралар далил боло алат.
Түркстандагы жадидчилердин жүргүзгөн иш аракеттери Кыргызстан аймагында да өз жемишин берген. Кыргыз жергесиндеги жадидчилер да саясый, агартуу иштерин активдүү жүргүзүшкөн. Бул кыймылдын өз кезегинде туура баа ала албаганы, бүгүнкү күндө аны изилдөөчү илимий чөйрөнүн алдына зор милдеттерди коюп, дыкат изилдөөнү талап кылган маселелердин олуттуусу.
Кыргызстан аймагындагы жадидчилик кыймылынын маселелерин тереңдетип изилдөө максатында төмөндөгүдөй иш-чаралар сунушталат:
* жадидчилик кыймылы, анын Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы иш аракеттери жөнүндө жаңы маалыматтарды издөөнү активдештирүү;
* Кыргызстан аймагындагы жадидчилердин, агартуучулардын эмгектерин, таржымалын изилдөөнү улантуу, изилдөөлөрдүн жыйынтыгын адабиятчылар, философдор менен биргелешип, серия түрүндө жарыкка чыгаруу;
* жадидчилик кыймылын изилдөөдө Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Татарстан, Башкортостан республикаларынын окумуштуулары менен байланыш түзүп, биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүү; алардагы архивдик материалдар менен кенен таанышуу;
* учурда ислам маданиятын, тарыхын окуткандарга (медреселерде) жадидчилик кыймылынын тарыхын, Кыргызстандагы жадидчи агартуучулардын эмгектерин да окутууну сунуштоо.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
[1] КР СД архиви, ф.10, опись 15, д.№188.
[2] Мифтаковдун өмүр баяны. КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв. №298 (96). – 6-7-б.
[3] Мифтаковдун өмүр баяны. КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв. №298 (96). – 27-28-б.
[4] Мифтаковдун өмүр баяны. КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв. №298 (96). – 27-28-б.
[5] Айтмамбетов Д. Дореволюционные школы в Киргизии. – Фрунзе, 1961. – 39-б.
[6] Усенбаев К. 1916: героические и трагические страницы. – Бишкек, 1997. – 84-б.
[7] КР СД архиви, ф.10, опись 15, д.№188.
[8] Усенбаев К. Көрсөтүлгөн эмгек. – 164-б.
[9] Бейсембиев К. Идейно-политические течения в Казахстане. – Алмат-Ата, 1961. – 322-б.
[10] Ыбырайым Абдрахманов (1888-1967) – манасчы, белгилүү “Манас” жыйноочу жана фольклорчу. 1905-жылы Караколдогу жаңы усулдагы мектепти бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштеген.
[11] Бектенов З. Замандаштарым жөнүндө эскерүү (адабий эскерүү). – Бишкек, 1996. – 24-25-б.
[12] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв. №298 (96). Докладная записка К.Мифтакова.
[13] Бектенев З. Аталган эмгек. – 24-б.
[14] Кыргыз кеңеш адабияты журналы. №3-4. – 1934. – 4-22-бб.
[15] Егембердиев Ж.Каралагандан актыгы жанган инсан. Ишенаалы Арабаев. Туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган жыйнак. Бишкек: Табылга, 1993. – 88-89-б.
[16] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв.№129. – 67-б.
[17] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв.№96(298). 29-30-бб.
[18] Ошол эле жерде. инв №7 (200)., 387-б.
[19] Ишенаалы Арабаев. Туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган жыйнак. Бишкек: Табылга, 1993. – 11-бет.
[20] Момунжан Мухамеджан уулу. Турмуш кагылыштары. Самарканд, Ташкент: Өзмамбас, 1926. – 273-274-б. – кара. Ишенаалы Арабаев. Туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган жыйнак. Бишкек: Табылга, 1993. – 14-б.
[21] Миллет - улут
[22] Магрифат – окуу, билим
[23] Сыдыков О. Тарых кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы. – Уфа, тип.”Восточная печать”, 1914. – 14-б.
[24] Ошол эле эмгекте. – 28-бет.
[25] Көрсөтүлгөн эмгек. – 65-66-беттер.
[26] КР УИАнын Кол жазмалар фонду, инв.№129. – 66-б.
[29] Какеев А.Ч. Философская мысль в Кыргызстане: поиски и проблемы. – Бишкек, 1995. – 171-б.
[30] Саманчин Т. Кылыч – жазуучу акын...- 32-б.
[31] Байгазиев С. Педагогикалык руханият. – Бишкек, 2008. – 137-б.
[32] Сыдыков О. Тарих кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1990. – 36-б.
[33] Саманчин Т. Кылыч – жазуучу ... – 37-б.
[34] Бул жерде Т.Саманчин И.Арабаев жөнүндө кеп кылып жатканы белгилүү. Ал мезгилде улуу агартуучу репрессияга кабылып, актала электигине байланыштуу, атын атоо кооптуу болсо керек.
[35] Саманчин Т. Кылыч – жазуучу акын... – 37-б.
[36] Тиллебаев С. Беш молдо. Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Алдаш молдо, Молдо Багыш. – Бишкек, 2004. – 67-б.
[37] Эркебаев А. Адабий мураска астейдил мамиле. – К-те: Эркебаев А. Элдик эпостон адабий эпоско. – Ф.: Адабият, 1990. – 28-б.
[38] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. – инв.№129. – 70-б.
[39] Ошол эле жерде. – 67-б.
[40] Мамытов С.А. Кыргызско-татарские литературные связи второй половины XIX – начало ХХ веков. – Бишкек, 1999. – 60-б.
[41] Гайнуллин М. Каюм Насыри и просветительское движение среди татар. – Казань: Таткнигиздат, 1995. – 80-б.
[42] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв №1315. – 22-б.
[43] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв. №555(5193). – 57-б.
[44] Тиллебаев С. Беш молдо. Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Алдаш молдо, Молдо Багыш. – Бишкек, 2004. – 71-б.
[45] Байгазиев С. Ошол эле жерде. – 142-б.
[46] Мурас. Түзгөн М.К.Абдылдаев. – Фрунзе, 1990. 186-187-б.
[47] Ошол эле жерде. – 188-б.
[48] Тиллебаев С. Беш молдо. Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Алдаш молдо, Молдо Багыш. – Бишкек, 2004. – 100-б.
[49] Тоголок Молдо. Тандалган чыгармалар. – Фрунзе, 1960. – 4-бет.
[50] Айтмамбетов Д. Культура киргизского народа во второй половине ХIХ и начале ХХ века. – Фрунзе, 1967. – 265-бет.
[51] Садыков А. Единые по духу и цели. – Фрунзе, 1983. – 77-б.
[52] Айтмамбетов Д. Аталган эмгек. – 108-бет.
[53] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв.№396 (185). – 6-7-б.
[54] КРнын Кол жазмалар фонду. №257 (468). Атайын фонд №136. – 19-б.
[55] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв.№396 (185). – 8-б.
[56] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв.№129. – 71-б.
[57] КРнын Кол жазмалар фонду. №257 (468). Атайын фонд №136. – 37-б.
[58] КРнын Кол жазмалар фонду. №257 (468). Атайын фонд №136. – 38-б.
[59] Ошол эле жерде. – 9-б.
[60] Ошол эле жерде.
[61] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв.№129. – 66-б.
[62] Ошол эле жерде. – 11-б.
[63] КР УИАнын Кол жазмалар фонду. Инв.№129. – 70-б.
[64] КР СД БМА СД. Ф.415, оп.3, д.195.
[65] КР СД БМА. – ошол эле жерде.
[66] Ошол эле жерде.
[67] Сасыкбаев С. Тандалган чыгармалар. – Фрунзе, 19..., - 130-131-б.
[68] КР СД БМА СД. Ф.415, оп.3, д.195.
[69] Жапаров Э. Айыл куту – адамдар.- Бишкек, 2011. – 215-б.
[70] КР СД БМА, ф.10, оп.15, д.2743, лл. 19-20.
[71] Ошол эле жерде.
[72] КР СД БМА, ф.10, оп.15, д.2743, лл.44. Справка о Тыныстанове Касыме.
[73] КР СД БМА, ф.10, оп.15, д.2743, лл. 34.
[74] КР СД БМА, ф.10, оп.15, д.2743, л. 42.
[75] Жапаров Э. Айыл куту – адамдар. – Бишкек, 2011. – 250-б.
[76] Бөөмбаев Насирдиндин санжырасы. – Бишкек, 2011. – 7-б.
[77] Бөөмбаев Насирдиндин санжырасы.... – 8-б.
[78] Бөөмбаев Насирдиндин санжырасы. – Бишкек, 2011. – 4-5-б.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR