О`Шакир: Чал (№64)

АҢГЕМЕ

Чалдын жону ушундай кычышты эле да. Жанында азыр кемпири болгондобу – «ах-ух» деп жыргайт эле да тырматып.

– Кай жериң? – демек кемпири.

– Оң далымдын учу, – демек чал.

Кемпиринин карылык кажыры кайтканы менен, кебездей жумшак манжалары чалынын кычышкан жонун картылдата тырмай келгендеби...

– Ах-ух... – демек чалынын моокуму кана, – жыргатпадыңбы, кемпир. – Өйдө... дагы өйдө.

– Тырмап атпайымбы өйдөсүн, – деп чукчуңдамак кемпири.

– Желкеме кетип калды колуң... Ылдыйда дедим го...

– Эк... ушу сеники өттү, – күңкүлдөп нааразы болмок кемпири. – Өйдө дейт, ылдый дейт бир... – Мына анан чалынын бүт жонун кызарта тырмайт. – Болду эми, карттанып кетпесин, кызарып чыкты жонуң, – дечү кемпири бүгүн жанында жок.

Кычышкан жонуна алсыз колдору жетер эмес чалдын. Небересин чакырды.

– Элхан, келчи бери. Тырмачы жонумду.

Чоң атасынын көйнөгүн түргөн Элхан шымаланып киришти. Кычышкан жерди таппады.

– Алда балам айе, – небересине нааразы болгондой кейиди чал. – Сол кайсы, оң кайсы билбейсиңби?

– Билем эле.

– Билсең кана...

– Далымды дедиңиз, мына... далыңызды тырмап атам.

– Сол жагы мына, – чал сол ыптасына кыйшайды.

Чоң атасынын кычышкан жонун таппаган Элханды чүкөдөй чалдын далысы даркан талаадай адаштырды. Өйдө барды, ылдый барды, ортосун тырмады, бирок ага чоң атасы ыраазы болбоду эле, небереси мындай чечимге келди:

– Баарын эле тырмап берейинчи, чоң ата, – шымаланган Элхандын тырмагынын уусу өтүп кетти чалдын жонунан.

– Эп болдучу! – деди чоң атасы бир маалда. – Жонумду канаттың ээ, тентек?

– Ооба, канап кетти, – деди кооптонгон небереси көздөрү чекчейип.

– Эч нерсе болбойт. Өмүрүңдү берсин, каралдым. Өркөнүң өссүн! – небересине ыраазычылык айтты, бата тиледи чал.

Жону тызылдап ачышты небереси кеткенден кийин. Кемпириникиндей болобу. Кемпири тырмагандагыдай ыракат кайда ага.

Уйку качты чалдан. Кемпирине телефон чалды түн жарымында. Даттанайын деп чалбады, күнүгө жол карап зарыкканын туйгузмак болду.

– Качан келмек болдуң, кемпир? Шаарың менен шамыран калгыр...

– Мени эмине, бирөөнү таап алды дейсиңби? Жаның чыгып кетмек беле... – тилдегенге өттү кемпири. – Бир күндө жүз мерте чаласың го... Шаарга барып дарыланып кел деген өзүң. Өлүп кетет белем шаарыңа келбесем? – нааразы болду чалына. – Жанагы капилийсе дегени беле...

– Капельница, – деп түзөдү орусчага тили так чалы.

– И-и... ошонусу бүтсөле барам да эми. Өчүр тилипонду. Уктатабы кишини... Ту-ук... туук... – телефондун жаагын жап кылды кемпир.

Томсоргон чал төшөгүнө кыңкайды. Башка чапкандай тынч уктады.

Короз кукулдаганда ойгонду. Үйдөгүлөрдүн баары уйкуда экен. Обору толбой тургансып, курсагы курулдайт. Оозгу бөлмөгө чыкты. Казан-аякты калдыраткысы келбеди. Колуна эмне тийсе жегени турат. Келин жыйыштырып койбоду бекен баарын. Үстөлгө үңүлдү, дасторкон жыйылбаптыр ырас. Үстүндө майлык жабылган табактагы кыя кесилген казы-картадан бурдады нан менен. Айран жутту артынан.

Өзөк жалгагандай болуп, короого көз салганча сыртта бут шилтеп ары-бери басты. Айыл тирлиги да жанданды. Көрсө үрүл таңда ойгонгон өзү эле эмес экен жалгыз. Малынын убайын тарткан коңшу-колоңдордун кобур-собуру угулат.

Келини Сайкал эрте турган белем:

– Ата, чайга кириңиз, – деди үй тараптан.

– А кагылайын... Жанараак шам-шум этип албадымбы. Уктай бербейт белең.

– Сизге каша бышырбадым беле жаңы.

– А де... Барайын, кызым.

Келиндин шагы сынбасын деди чал да, алдына коюлган тамакты түгөтө жеди.

Көп өтпөй ичи бурады. Сыртка ылдамдай басты. Келини Сайкал урунду көзүнө, ал да дааратканага бет алгандай. Чал кашатты карай шыпылдай басты. Кашатка эңкейгендеги жардын далдасына араң жетти. Ычкырын шашылыш чечти, ичин бошоткон чал «өх» деди жеңилденип. Кара тер чыгып кетти өнө бойдон. «Карыганда келиниме ыштанымды жуудургандан кудай сактасын» деп тиленчү эле, кудай сактады чындап. Азыр эле шерменде болуп кала жастабадыбы.

Ычкырын бууп, кашаттын кыя жолуна салып, үйгө кайткан кезинде, кудай урду чалды – көчүгү «дырт» эле кетти.

Телефон чалганча шашты.

– Кемпир, келчи! Кудай урду мени...

– Даа эмине болуп кетти?! – үрөйү учту кемпиринин. – Үн катпайсыңбы?! Тилиңди жутуп алдыңбы, абышка?!

– Келбесең болбой калды бүгүн.

– Кечке барып калам.

– А кечке эмне кылам? – деди заматта мусаапыр кейиптенген чалы.

Кайра артына салып, өзөндөгү сайды карай шыпылдаган бойдон жөнөдү.

Кемпири жанында болгондобу – ага эч кимдин алы жетпейт. Оорунун да алы жетпейт. Балдарынын да алы жетпейт. Кемпири жокто эле алсыз үлбүрөк болуп калат. Жүдөй түшөт.

Февраль, 2020-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз