Райкан Шүкүрбеков: Жол (шедевр)

АҢГЕМЕ

Кылкылдатып кызылын, агын жутсаң,
Болгонуң бир өзүңө өзүң душман.

I

Татамбай жатканы жатканда, эшиги акырындык менен тырс-тырс кагылды. Аялы Бурул олку-солку үнү менен: «Сен ким ыя?» - деп коюп, эшиктен оолактады. Ошол учурда ачкыч турган тешиктин арасынан муңайыңкы, жалынычтуу: “Ме-ен!” деген үн чыкты. Мен деген соң өзүбүздүн киши го деп эшикти шарт ачып жиберип аял чочуп кетти. Узун жыртык боз шинелчен, бутунда эски галош, башына балдардын шапкесин кийген мусапыр турат. Аял нан алып келип сунганда, алиги чочун “мусапыр” сылык түрдө: “Ракмат, Букеш. Татамбай үйдөбү?” – деди. Татамбай анын үнүн уга салып чуркап чыгып, жанагы адамды үйүнө киргизип, аялын жемеледи:

- Сенин көзүң кайда? Мукеми тааныбай калдыңбы? – деди.

- Өзгөрүлүп кетпедикпи, - деп Мукеси ылдый карады.

Анын көйнөксүз төшүн көрүп Бурул кабагын чытыды. Татамбай аны-муну сурап, алдына жылытылган эт, нан, чай койду. Ага коногу кубанган да жок. Ооз тийди да: - “Ракмат!” деп махоркасын орой баштаганда, Бурул чуркап барып күйөөсүнүн столунан “Казбек” папиросун алып келип берди эле, кирдеп, шишип, эби келбей бири-бирине жат болуп жолошпой калган манжаларын сунуп, бир талын алып кулагына кыстарып коюп, махоркасын бурулдата баштады.

Татамбай өзүнчө аябай кейиди, муну аяды: “Бул итке аракты коюп коюу ушунча эле кыйынбы?” – деп ойлонду. Аракты кой, аксакал жакшы адам элеңиз, кызматка алайын, өз үйүмдө тур дейин деген оюн эртең мененкиге калтырды.

- Мукеме төшөк сал! – дегенде коногу чочуп кетти.

- Ракмат, ушул кычыраган суукта үйүңөргө киргизгениңерге төбөм көккө жетип отурат. Мен кетип бара жатам, кагылайын.

- Кайда?

- Элге, айылда бир тууганым кел дептир. Станцияга бара жатып, кайра келемби, келбеймби, силерди бир көрүп чыгайынчы дедим.

Бу сөздөн кийин үчөө тең түрлүү ойго чөмүлүшүп, бир топко отурушуп калды. Муке болсо Татамбайды окууга өзү алып келген күндү оюна келтире баштады. Мындан көп жылдар илгери, ушул отурган жигит жылаңаяк чуркап жүргөн бала эмес беле. Келген куштар жол бойлоп түштүк карай кайтып жаткан эле, мен көк бээге Татамбайды учкаштырып келе жатканда, телеграф зымдарында чабалекейлер отурушкан. Ар-ар жердеги боз үйлөрдөн чыга калган кыз-келиндер жылаңаяк баланы бул өкмөт кайда алып бара жатыры? – дегендей карашып калды эле. Мына эми ошол бала мынабу залкайган азамат, тигил бөлмөдө балдары уктап жатат.

Таманы жылыган сайын Мукең өзүн ушул абалга алып келген күнөөкөрдү издей баштады. Мени эч ким түшүнбөйт, тааныштар аракты кой Муке дешет, чоочундар күлүп өтөт, же качып өтөт. Мен ак ниет адаммын, мушташпайм, бир мекемеге иштетип коюшса, аз-аздан уурттап-татып, бүгүн бүтпөгөнүн эртең бүтүрүп иштей берет элем го. Арагыңды кой, арагыңды кой дешет. Арагым аларга эмне кылды, жок мени көрө алышпайт. Мына өткөн айда бир күнү мас болуп келдиң деп иштен бошотушту. Он беш күн ичпей эле жүрбөдүм беле. Анан туталанып кимдир-бирөөгө ызырынган ойлорго өзүн бийлетип, ою чыты-буту боло баштады. Печтин үстүндөгү кайнап турган ак чайнектин зуулдашы ага алда кайдан угулган аялдын кошогундай сезилди. Ал гана эмес, ал аялдын кошогун да уккандай болду:

“Арактан өлдүң, кокуй аа,

Адам болбой кал, ааа”, - дегендей сезилет. Муке башын силкип, көзүн чоң ачты. Чайнек кадимкидей эле зуулдап туруптур. Үч күнү удаа мас болгондуку да, болбосо чайнек ырдагыдай артист беле деп, өз ичинен күлдү. Мукең ушул ойлор менен алек. Бурул болсо күн суук, аксакал өлүп албагай эле, алда айланайын киши ай деп шинелин карап кейүүдө.

Татамбай көзүн жумуп, илгери ушул шаарда болгон чоң митингиде Мукенин сүйлөгөнүнө бүткүл эл кол чапканын эстеди. Күн чайыттай ачык аянтка кылкылдап кызыл туу толгон, сайма жана ак көйнөкчөн Мукең калың элге сүйлөгөндө, ушул эле тоонун жели кара чачын сеңселтип тарап турбады беле. Мына эми, канаты сынып көккө жетпей калган бүркүттөй отурат. Мунун да заңгыраган үйү, үй-бүлөсү болгон. Атактуу ырчылар барып үйүндө далай ырлар ырдалуучу. Татамбай мунун үйүнө көп барган. Көп жакшылыгын көргөн. Анда Татамбай мындан ийменип, байке деп ызаттоочу. Азыр Муке Татамбайдан эмнегедир корккондой, корунуп, кылмыштуу жалдырагандай “сиз” деп сүйлөгөнү Татамбайдын зээнин кейитет. “Сен Татамбай, мага акыл айт, жардам бер, милдеттүүсүң!” – деп катуу айтса экен деп күтөт. Бирок Муке жалооруйт, бардык балээ көзүндө.

Татамбайдын келинчеги күйөөсүнө көз ымдап алып кеткенин көрүп, мени өлтүрүшпөгөй эле деп корко баштады. Тигилердин келе жатканын угуп, шашып өйдө туруп:

- Кошкула эми айланайындар, – деп колун сунарын сунду да, киринен уялып лып тартып алып чөнтөгүнө салган колу башка жагынан чыгып калды.

- Жок, - деди Татамбай, - мына келиниңиз сизге кийим-кече берип жатат. Мынаңыз, бул үйгө кийинип чыгыңыз, анан коштошолу.

Муке эшикти жаап алды. Татамбай менен Бурул бири-бирине карашып эмне дээрин билишпеди. Чыракты өчүрүп жаткан немелер уйкуларынын кайда кеткенин да билбей калышты. Ал экөө бир-биринин оюн сүйлөшпөй эле түшүнүштү. Бурулдун көзү: багым бар экен, сенин ичкич болбогонуңа кулдугум бар, мындан ары такыр урушпайм дегендей бажыраят. Татамбайдын көзү: Букеш, көрдүңбү, дүйнөдө ар кандай жоруктар кезигет дегендей тикирейет.

Төшү бүтөлүп, буту жылына түшкөн Муке күлүмсүрөп чыга келип, ракматты үстү-үстүнө айтып, чын жүрөгүнөн алкап кетмек болду.

- Мынаңыз байке, азыраак акча. Ичкенди коюп, эс алыңыз иш да табылаар, – деп сунду.

Мукенин бүт денеси ысып, сүйлөөгө чамасы келбей, кызыл эт көзүнөн ири-ири жаштар тама баштады... Тырмагы ороктой, баржагай кир колу менен көз жашын сүрткөндө, Бурул үшкүрө бурулду.

- Кош, - деп бир буту эшикке чыга бергенде, келин ийменген түрдө кол жоолук сунду. Анан эшик шарт жабылды. Муке атыр сепкен ак жибек жоолук менен көзүн сүрткөндө, алда кайда калган “башка” Муке оюна түштү, ал үйдөн тез алыстоого шашты.

II

Көчөдө жан жок. Терезелерин муз баскан троллейбуста бирин-экин гана киши бара жатат. Асманда айдын тегереги кызыл шакектенип так чокуга келип өтө бийик турушу, кыштын болуп да, толуп да тургандыгынын белгиси эмеспи. Мындай түндө талаада калса мал да тоңот, ал эмес кыш эркеси карга да кээде отурган жеринде жай болот. Машиналар көрүнбөгөндүктөн, Муке көчөнүн орто жерине түшүп алып, өзү менен өзү алек, аракты коёт, ишке кирет, анан келерки жылы дал ушул түндү эске алуу үчүн көчөгө чыгат. Анда минтип тентиреп чыкпай, тээтигиндей көк-жашыл жарык терезелүү үйдөн чыгат. Мына ушундай ойлор менен ал станцияны көздөй келе берди...

Бир аз жүргөндөн кийин башка көчөгө бурулду. Анткени Мукени мындан көп жыл илгери таштап, башка күйөөгө тийип кеткен аялдыкына бара кетүүнү туура тапты. Анда 14-15ке чыгып калган өзүнө окшош баласы бар. Барбай эле коёюн деди, бирок көзүнө баласы элестеп туруп алды. Качан кай жерде убада кылганын өзү да билбейт, өзү билгени менен көкүрөгү унутпаптыр, балага кетерде коштошуп кетем, кайсыл убакта болсо да апаңа көрүнбөй эшигиңдин алдында күт балам дебедиң беле. Уулум, апаң экөөбүз эки бөлөк кишибиз, мен - мен, ал - ал, ал жагын териштирүү кеч жана пайдасыз дегенсиң, мына ушундай өз оозунан чыкпаган ыйык убада Мукени шаардын четиндеги бир кабат, көк туникелүү үйгө айдап барды.

Жомокто да мындай кезигишүү болбос, анын баласы китеп окуп чарчаганда эшигинин алдындагы талмага сүйөнүп, шаардан наркы кең талаада жылтылдаган отторду, түнкү ойлуу тоолорду карап туруучу. Азыр эле үйдөн чыгарда радиодон Советтер Союзунун айга карай учурган ракетасы Айдан өтүп кеткендигин уккан. Бала асманды карап таң калып турган. Муке баласын тааныды, ал акыркы жылдарда мындай эч кубанган эмес. Ойго чөмүлүп байкабай турган баласын кучактап, бала чочугуча өзүнүн ким экенин билдирди. Атасы баласы менен кобураша түшкөн учурда, эшик чыйык ачылып, аялдын үнү чыкты:

- Ал жаныңдагы ким, Эмилбек?

Ай жарык болгон менен эшиктин көлөкөсү аялдын бетин Мукеге көрсөтпөдү. Баланын мукактана калганын сезе коюп, атасы жай сылык түрдө, ак көңүлү менен:

- Аман-эсен жүрөсүзбү, жаңы жылыңыз менен, бактылуу болууңузду каалайм, - деди Муке. “Ракматты” күтүп турган кылакка эшиктин тарс эткени угулду. Бала уялып, атасынын колун кармалап, төшүнө башын койду. Муке анын чекесинен сылап туруп:

- Мени күттүң беле, асмандан эмнени карап турдуң? – деп эркелетти.

Баласы атасына суроо берип коюп, Мукенин мукактанганын көрүп, өзү аяп кетти. Атам ичкич болсо, көрүнгөн жерде жатса, газета окубаса, ракета менен иши эмне деп ойлоду.

Муке өзгөчө жаңы жылга жакын күчөп ичкен, ошондуктан асмандагы ракета түгүл, басып жүргөн жери титиресе да тоготпойт болучу. Экөө бир аз унчукпай тургандан кийин Муке уулунун чекесинен өптү да:

- Бар эми уулум, апаң капа болот, - деп жүз сомун уулуна берди. Муну албаса атасы капа болорун билген бала, калп эле кубанып койду. Атасы менен уулу ажырашарда атасы баласына өтө жашырып сыр өңдөнтүп, өзгөчө маани менен:

- Уулум, ичпе! – деп жолго түштү.

Бир көчө узай берип, бурулуп караса уулу аны карап турган экен. Муке азыр өзүн көчөдө адамдай сезип бара жатты. Асманда сансыз жылдызга карап көргүлө, мен да адаммын дегендей компоюп, буттарын аскердей шилтеди. Көчөдө сүйлөшүп турган эки милиционердин жанына келип, ак жоолук менен жүзүн аарчып коюп:

- Кошкула. Балдар, менин азабымды көп тарттыңар окшойт, садагалар, - деп күлдү.

- Кетип жатасызбы, ай айланайын жарыктык, ичпеңиз алтындай эле кишисиз, карачы сопсоосуз, - деди кетирейген кара тору младший лейтенант.

Старший лейтенант да тааныйт окшойт. Ал мотоциклин көрсөтүп:

- Отуруңуз аксакал, вокзалга алып барып салайын, соо болсоңуз дайым эркелетейин, - деп отургузду.

Зуулдап бара жатып Муке:

- Бакыт, бөтөлкөдөн чочуп эле мага жолой албай турат! Кел, кел эми коркпо, досум! – деп тоого карай чалкалай отурду.

III

Фрунзе-Москва поёзди тешкен тоого жакын эки тоонун ортосундагы чакан станцияга токтоду. Ал жерге Мукеден башка жан адам түшкөн жок. Өтө кеч болгондуктан, станцияда да эч ким жок эле. Тоскон да эч ким жок, муну Муке да күткөн эмес. Ал өз оюн жыйынтыктаганча поёзд жүрүп кетти, терезелердин суукта жаркылдап бара жатышы, термелип уктаган жүргүнчүлөрдү эстетип, поёзд менен кошо жылуулук да кеткендей сезилди.

Муке айланта бир карап, туулган жери менен амандашкандай болуп берилеп басты. Ак бубакка оролгон теректердин болор-болбос сеңселишип, ойлуу шыбырашкандай дабышына телеграф зымдарынын зуулдагы кошулуп, алда кайда ырдап кетип жатат... Ушул токтоосуз зуулдакты Муке бала кезинде биринчи жолу станцияга келгенде эле уккан, дагы эле ырдап турат, бул түгөнбүс ырдын ээси ким?.. Ал ыр түгөнбөйт, зуулдайт, зуулдайт, ушул өңдүү ой Мукенин башына күңгүрт келет, мээ туна элек. Ал жаңы жылды катуу тосуп салган. Ал жаратылышка баа бериш үчүн эмес, баш калкалап келип отурбайбы. Ошондуктан мынабу боз жалпак үйлөрдүн уйкусу, кыштактын жыты Мукеме алда кандай мээримдүү туюлду. Буфет, ресторандар алыс, эми мага жете албайт деп жаш балача кубанды.

Соп-соо ичпей келгендигин, өзүнүн туулган жерине жоо сайып келгендей көрдү. Эми акырындап колхозго кете берейин, түн бакырдыкы, эртең менен эл көрсө уят. Мени менен тең окууга кеткендер, өз айылдарына бала-чакалуу болуп, ар кимиси эл чарбасынын бир тармагында иштеп келип, кетип жатат. Мен кеткенде ушул теректер чырпык эле, эми чынар болушуп көккө моюндарын созуп жел менен сырдашып, жаратылышка өз боюн көрсөтүп мактангандай турушат. Мен болсом күзүндө каркыралар жылуу жакка учканда, канаты сынып алардын учканына суктангандай карап, өзүнүн үрөйү учуп, боз талаада жеке калган каркырадай болдум. Балким, ал каркыраны бир жырткыч канаттуу душманы тээп түшүргөндүр? Ал эми менин канатымды ким тээп сындырды? – деген суроону өз алдына койду да:

- Арак! – деп жооп берип, тү-ү деп жерге түкүрдү. Дабышсыз турган тынч кыштак, түнкү сууктагы ачык бети менен, тү-ү, - деп кошо жаңырып кайталады.

Аңгыча кайдан-жайдан чыга калганын ким билет, Мукенин бир кездеги досу, айылдагылар айткандай, кудай пезери, суу куйду, өмүрүн жалган арыз менен өткөргөн Кенжетай жолугуп калып, акелеп асылып отуруп үйүнө алып кирди. Бойрого отура калды да, бир бөтөлкөнү шарт ачып өзү куюп тартып жиберип, жеңин жыттай салып, экинчи стаканды Мукеңе сунду.

Муке тура калып:

- Койгом! Койгом! – деп жалынды.

- Эмесе бозо ич!

- Бозодон бир кесе ичсе-ичип алайын, жылынып калармын дегиче болбой, чарадан нары карап куюмуш болуп жатып 200 грамм аракты кошо койду.

- Ме, ич, койгонуң жакшы болуптур, мен да коём, - деп чоң пияла сунду эле, эчтеме оюнда жок Мукең шимирип салды.

Көп убакыт өтпөй эле Мукең тердеп да чыкты, сүйлөп да чыкты. Кыйшаңдап турду да:

- Жанагыңдан кичине куйчу, – деди.

- Мына сөз ошол эмеспи, күн суук, сен тампаңдап жеткиче тарап кетет, таң да атат, тууганыңкына жаркылдап кирип барасың, ме жут да кет, мен азыр поёзд келет, ошону менен Жамбылга кетем, эртең базар.

Стаканды өзүнөн оолак кармап, Мукең, жутар алдында, чын оюн сүйлөдү:

- Акыркысы болот, менин түбүмө жеткен ушул, бул түпсүз кайгысынын деңизи экен, - деди да шарт уруп салды.

- Эми кетесиңби? – деди Кенжетай тултуюп.

Муке башын ийкеп койду.

Анан ушул жакшы кишилерге колтугумдагыдан ооз тийгизейинчи деп ойлогончо, Кенжетай Мукенин колтугундагысын сууруп алып ача баштады.

- Ой, бул куурчак ко, муну эмне кыласың? Аял тийбей куурчак көтөрүп калгансыңбы? – деп мыркылдаганы Мукеге жакпады.

- Тууганымын кичине кызы бар деп угам, ошого оюнчук, азыраак момпосуй, - деди.

Аялы экөө бирден ооз тийишти да кайра түйүп, колуна карматты.

- Алып бар, алып бар, колуңан келсе ар кимге алтын тоо жасатып бергиң бар, ээ, кургурум, - деди да, Кенжетай дагы бир ичти. Анан мурдунун учун кып-кызыл кылып:

- Байбиче, - деди төшөктөгү аялын жулкулдатып, - мен ушунун жакшылыгын көп көрдүм, бир жолу мен сууга акканда өзү өлүп кала жаздап мени алып чыккан, байкушум. Ой баатыр, - дедиң бир жолу мага. – Сен кишини ыйык көр, кишини сыйла, ал сени сыйлайт дегениң али эсимде.

- Эсиңде... Бирок, оңолгон жоксуң, - деди Муке. Кенжетай карс-карс күлдү. Муке чыга турган болду эле, Кенжетай этектен алып токтотуп туруп:

- Акчаң барбы?

-15 сомум калды.

- Келе мага, ме бир четок арак сага, жолдо ич да бөтөлкөсүн ташка чап.

Мукеге бул сөз жакты. Ырас айтат, коё турган болгонсоң биротоло бөтөлкөсүн чагып таштайын деп, четокту алып теңселе түшүп, эшикке чыкты.

- Мас болуп калды, жатып калып, талаада өлбөгөй эле байкуш, - деди Кенжетайдын аялы.

- Э, өлсө-өлө берсин, - деди Кенжетай.

Анан аялы кой десе болбой корулдап ырдай баштады. Анын үнүн Муке станциядан узагыча угуп жүрүп отурду. Бул экөө ичкиче коюу туман келип каптаган. Муке жол менен деле иши жок, куурчакты бекем колтуктап кете эле берди. Көп жол жүргөндөн кийин чарчаганын бастатуу үчүн, четоктон кылт этти. Тамтаңдап кетип бара жатып, алда кайдан кыйкырган паровоздун үнүн укту, паровоздун үнү эмнегедир алды жагынан угулду, бирок өтө алыстан, мас мээси менен болжолдоду, адашкан экем го, мен туура кетсем эмгиче айылда болмокмун, анда станция артымда калмак эле. Мен, Жамбыл жакта, Казакстандын чөл талаасында жүрсөм керек деген ой менен турган жеринен аскерче кругом айланды да, дагы көпкө жүрдү... Коркуп жүрүп мастыгы тарады, чөнтөгүндөгү четогун ичпей ташка чабайын дегиче, алыстан улуган карышкырдын үнүн укту! Жүрөгү оозуна тыгылып, тула бою дүркүрөп кетти. Муке бул оңбогон үндөн ыраактоого шашты. Көп узабай эле акакташа кубалашып эки куба неме, ирең-бараң көрүнүп, чукул кирип келишип, кайра батына албай чунаңдашып, тигиндейрээктен Мукенин алдын тосуп, чочоюшуп отуруп калышты. Аларды көздөй тике басуудан айбыгып Муке да аргазсыз токтоду. Алды жагынан карышкырлардын тиштери шак-шак этип, көздөрү жылт-жылт этет.

Өлүм кыйын бекен?!

Тигине Мукеңин ажалы, кулактарын тикчийтип, кызыл тилдерин салаңдатып, көздөрү жылтылдап ойноп турат. Муке өлөрүнө көзү жетип, өмүрдөн да үмүт этип, жалгыздык башына кара казандай көмкөрүлүп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жан айласын издеди. Ошондо колундагы куурчакка карап:

- Муну тууганымдын кичинекей кызына жеткирмек эмес белем, кантип эле өмүрүмдө бир куурчак жеткире албай өлөйүн, - деди.

Алем-салемде айыл, үйлөр, тууганы, баласы, биринин көзү, биринин мурду, бети-башы аралашып, чакчелекей болуп көзүнө тартылып өттү. Анан чаңк ылдый салып кача жөнөдү, арт жагынан улуган үндү, көп узабай эле баягы экөөнүн акактаганын дагы укукту... Жакын... Мына... Мына... Жыгылып-тыгылып жак далбастап жүрүп, чоң кара жолго кездешти. Жолду көргөндө миң сан адамды көргөндөй кубанып, эки колун көтөрүп үнүнүн бардыгынча кыйкырды.

- Жол, жол!

Жанатан бери унчукпай качып жүргөн алсыз боз неменин кайраттуу үнүнөн карышкырлар чочуп калышты.

- Эми өлсөм да чоң жолдон чыкпай калайын, - деди да, жата калып чоң жолду өпкүлөдү. Жерде жатып, келе жаткан машинанын дүркүрөгөнүн укту, ал баш көтөргүчө көздөрүн жаркылдатып жетип да келди.

Муке машинага түштү, четокту артына ыргытып, куурчакты эркелетип:

- Эми адашпайбыз, – деп бетинен өөп койду.

Таң сөгүлүп, кең Таластын тоолору баягыдай эле сулуу, бийик жана шаңдуу көрүндү.

Закылдап бара жаткан машинанын үстүндө отурган Муке, бетине урган суук желди тоготпостон кабинага сүйөнүп алды жагынан өзү чоңойгон тааныш тоолорду, жайык талааларды суктануу менен карап бара берди. Күн чыгыш жагына моюнун бурду эле, жайылган Бала-Саруу, Кара-Арча, Кайыңды жак мелмилдеп көз алдына тартылды. Ыраакы кыштактар дүпүйүп Мукенин көзүнө ысык көрүндү. Анткени, ал жерлерде да Мукең далай чогулуштарды өткөргөн. Андан бери 30 жылча убакыт өттү, 30 жыл ичинде жеке адамдардын гана эмес, мамлекеттердин башынан да улуу окуялар өттү. Жеке үйлөр кыштакка, кыштактар шаарга айланды, кыз апа, бала ата болду... чырпык чынарга теңелди. Мынабу, эчтемени билмексен болуп мелтиреп турган талаанын, баягыдай көрүнгөнсүп турган тоолордун ичи-койну башка, мазмуну терең, өмүр суусун өздөрү агызып ичкендер жер бетинде толо экенин, Муке аябай билет. Бирок, ал... ичет... Ошондуктан ал өзүн кылмышкер сезип, аралашуудан уялат... Жаңыдан эле такандап баштагыдай жаркылдайын десе, арак акең оодара тартып коёт... Шаарда өзүн өзү токтото албаган соң агайын-туугандын жардамына ишенип келе жатпайбы. Бүгүн соо, бирок бүткөн бою өзүнүкү эмес, кай жери ооруганын өзү да билбейт. Ырп этерге дарманы да жок. Азыр ага машинадан түшүү да кыйын. Бирок аны ким көтөрүп алат?.. Же Ата Мекендик согуштун инвалиди болбосо, “тез жардам” машинасындагы оорудан да эмес, анчейин гана ичкичтин дармансыздыгы. Мукең бул жагын да түшүнөт. Ал гана эмес ар кимди бала күнүндө ата-энеси гана көтөрөрүн, андан кийин ал азамат элдин жүгүн мойнуна артынарын, антпесе, ал адам эмес экендигин, баягы жылы өзү сайроочу. Эч кимди көрбөй, элге аралашпай эле, кетмениңди чапканың, сенин эл үчүн кызмат кылып жатканың! – деп илгери Муке айтты эле, деген сөздү айылдан көп угасың. Ошол Муке ушул.

Аңгыча машина колхоз тушундагы сайга кире берди. Машинанын үстүн койгулады эле, шофер токтотту. Муке, машинанын бооруна асылып жатып жерге араң түштү. Сылык түрдө шоферго карап: “Ракматтан башка айтарым жок!” – деп, көңүлдүү түрдө алакандарын жайып койду. Шофер ал сөздөн: “Көрүп турасыз го, берерим да жок!” – дегенди кошумчалап түшүнүп башын чайкап жүрүп кетти. Мукенин өз айылына өмүрү келгени ушул. Баягы жылы бул киши борбордо иштеп турганда айылдан барган туугандары коно-түнөй жатышып үйүнөн куру чыгуучу эмес. Кожомурат, Чанек, Шанак деген туугандары: - “Айылга жүр, жайлоого чыксаң боз үй тигип беребиз, кымыз ичип эс алсаңчы!” дешип, жакалашчу, буркан-шаркан түшүшүп таарынышчу. Ошол туугандарынын баары ушул колхоздо. Мына эми туугандарынын тилеги кабыл болду, тагдыр Мукени өз айылына алып келди. Муке, Чапектикине бармак, анткени ал беркилерден жакыныраак тууганы. Анын үстүнө аз болсо да колунда момпосую, кызына алган куурчагы бар. Мукени азыр кыйнаган ой: “Кишиге көрүнбөй Чапектикине жетсем болор эле” – дейт. Бирок анын үйү кайсы экенин кайдан билет. Ошондуктан ал эңги-деңги болуп сайдын таманында, кара жолдун боюнда кандай кылар айласын таппай турду да, жантаймадагы көк булакты карай басты.

Көк булакты тиктеп туруп өзүнүн балалык күнүн сагынуу менен эстеди. Ташты жарып кайнап чыккан булак суусу ошондогудай эле тунук, ошондогудай эле булдурап сүйлөп агып жатат. Садагы көп камыш мунун көзүнө суюлгандай көрүндү. Ал сайдан нары чакан тоо, муну бул жердегилер Карача тоо дешет. Тоо боорунда жайылып жүргөн койлор, андан ары капчыгай, кайчыгайдан поёзд Москва, Ташкент, Ново-Сибирь, Фрунзе, Алматы андан ары кетет... Кыскасы ажайып укмуш, өтө бактылуу жер.

Эскиче бул жерлерди Кыйра, Теңтөгөр жалпы жонунан Кытай деп коёт. Кара-Кабак, Шекер, Ногой деген ич ара майда уруулар өтө көп... кыскасы, дивизия, полк, эскадрон, взвод, отделение дегендей, эзелтен бөлүнүп бутакташып өскөн айылдар Совет өкмөтү чыкпастан мурун базар сайын сабашуучу. Кээде эр өлтүрүшүп кунга жыгышуучу. Мунун баарын Муке билет. Сабашуулар кече 25-26-жылдарга чейин созулду. Уруучулуктун көк союлу Мукенин башында да далай ойногон. Бул оңбогон феодализмдин закону алуу, жулуу, басынтуу, элди эл сыягынан чыгаруу эле, мансап үчүн бир атанын эки баласынынын бирин-бирине өлтүрткөн. Сулуу кыз, алгыр куш, күлүк ат, жайкалган жайлоо, жылуу кыштоо үчүн малын да, абийирин да аяган эмес. Өзгөчө жалган ушак согуштагы артиллериядай зор роль ойногон... Мансапка миңден бири жеткен, калгандары ошонун кол алдында тепселишкен.

Мына ошондой айылдарды, чачылган кыргыздарды баш коштурган улуу замананы Муке жанындай сүйөт... көп жылы кызмат да сиңирди... балким, Муке көк булактын булдураган үнүнөн өткөн-кеткен дүбүртүн, бийик асмандай күндөрдүн бул кишиге да боору ачып турганын сезер, ошондуктан, былк этпей булактын оргуп чыкканын карап калгандыр... ким билет?.. Ар кимдин ичи өзүнчө кызыктуу дүйнө, ар ким өзүнчө баатыр, ар ким өзүнчө философ эмеспи. Деги кандай болсо да философиянын атасы адам, адам болуу керек; адам бойдон өлүү керек ко.

Муке булактын башынан жаңы эле турайын дегенде, эки чака көтөргөн аял сууга келип калды. Алиги аялды көргөндө Мукенин жети өмүрү жерге кирди. Таанытпоого тырышты, кабагын бүркөдү, бирок алиги сымбаттуу кара торусунан келген аял көрүп эле тааныды, көзү көзүнө кадала түшкөндө Муке бакырып жибере жаздады, өзүнүн ичи бош кабак жана өзүнүн бул аялдан кем экенин булактын башында мойнуна алды. Дүйнөдө себепсиз эмне бар дейсиз, Мукенин уялышынын да чымындай себеби бар. Муке бала кезинде буга ашык болгон. Бирок абийир болуп кызга айткан эмес. Ошондой болсо да сүйүү өтө бир чарпып өткөн.

Муке өтө шайырдыгынан чочуп, бир жеңесине: “Өтө жеңил кыз экен, корком!” – деп айткан эле. Ал сөздү уккан Сакиш: “Оор салмактуу аял алып келгенин да көрөрбүз!” – деп айтты деген сөздү Мукеге маркум Батийма айтканы эсине эми келди. Андан бери нечен жаз, нечен кыш өттү. Аны айткан Батийма жеңе согуш башталган жылы өткөн. Сакиштин балдарынын алды аскерге чакырууга жарап калды. Ошол, алда качанкы бир ооз сөз, ошол кездеги өзүн, Сакиштин ойноктогон кара көзүн, кыз кезин, кызыл тыш үкүлүү тебетейин, кыздын атасынын боз үйүн көз алдына кадимкидей элестетти. Азыр алда качанкыны ойлоо керек беле, жок беле аны текшерген да Муке жок. Балким, Сакиштин көзү ошондогудай көрүнүп кетпесе Муке кургур мынчалык шашпайт эле!?. Ким билет?

Мукенин байкамында Сакиштин оюнда эчтеме жоктой көрүнөт. Аял сууну эңкейип сузуп койду да, жоолугунан чыгып турган аппак кулагындагы, сапсары алтын көйкөсүн силкилдетип:

- Качан келдиңиз, мында эмне кылып отурасыз? – деди.

- Балакет башталды, - деди Муке калчылдап, кайдан келдим эле деп булакка да кабагын бүркөдү. Бирок айла канча, кыргыз, кыргызга кыргыз тилинде суроо берип отурат. Жооп бербеске да болбойт, ал эми Мукенин айтары эмне? Түндөгү көргөнү карышкыр, азыркы отурушу болсо, тээ тээрде дубалга кара келип конду, булакка, бул жерге Муке келип отурду. Ушундай эле кеп. Шаарга делегат болуп барып келе жатып, булактан суу иче кетейинчи, - деп кайрылган Муке кайда?!. Айттык ко, карга учуп келип тигинде конду, Муке мында конду. Өзүнүн абалынын түкүрөрлүк экенин айтуудан корккон Муке, укпамыш болуп:

- Чапектики кайда, Сакиш! – деди да өз ичинде “Кудай жалгап Чапектики мына быякта болгой эле!” – деп тетири жакты тилей баштады.

- Жүрүңүз, - деди аял, Чапек, Шапак баарыбыздын үйүбүз жанаша, - деп аял сууну көтөрүп туруп калды.

Анык балээ эми болду. Мукенин батинкасы өтө майрык болгондо да таманы үстүн караган, аялдын бутунда болсо кычыраган амиркен маасы, жаңы галош. Аялдын алдына түшүп басуу Муке үчүн өлүм, жөнөкөй бир аял болсо башка түшкөнүн көрөт эле го. Жогоруда айтылгандай илгери буга ашык болгон, анын үстүнө, уккан кулакта жазык жок. “Оор салмактуу аял алып келгенин да көрөрбүз” деген экен. Азыр Муке салмактуу аял эмес. Такалуу ботинкага жетпей калган кези. Кокус, Сакиштин алдына түшүп басса, ботинканын кыйшыктыгынан да бир коркунучтуу иш бар. Ал иш, алдына түшүп бара жатканда уяттын салмагы басып тамталактап кетиши мүмкүн, мына ошол жаман. Баса албайт экен, мал болуудан калыптыр деген сөз тарап кетиши ыктымал.

Сакиш Мукенин укмуш ботинкасынан корунуп турганын тез байкады. Мукеден көзүн ала качып, өзүн өтө төмөн тутууга тырышты. Агер аял болсо өз маасысын кийгизип кетүүгө да даяр эле. Айла жок, - “Жүрүңүз!” – деди да өзү сууну чайпалтпай ылдамдай басып ыраактоого ашыкты. Жантайма тайгалактан аял быдырлуу галошу менен тайбай-этпей эле чыгып кетти да, сайдын кырынан нараак барып токтоду. Мукенин төбөсү көрүнгөндө дагы жөнөмөкчү. Мурун ботинкадан Муке эле корккон болсо, эми аялдын да корккону ошол. Муке Сакиштин, “байкабай” калгандыгына өтө кубанып удаа жөнөгөн. Бирок сайдан бир аз кечигип чыкты. Мукенин бардык айласына карабастан баягы ботинке эки жолу сайдын таманына кайра алып кеткен, кийинкисинде кармай калган шыбагы түбү менен жулунуп, шинели башына чүмкөлүп, жылаңач аркасы көрүнө жөнөдү. Муздан ушундай ылдам кеткендиктен артына кылчая албады. Токтору менен бутун жыйбай туруп сайдын кырына кылчайды. Сакиш көрүнбөдү. Муке, тез туруп кагынып, оңдонумуш этип жатып: - “Балакет бир айландырса куйругуңдан кармап чыр айландырат” – деген ушу да! – деп зээни кейиди.

Аял өткөн жерден өтүүгө мүмкүн эмес экенине Мукенин көзү жетти окшойт. “Кайсы эле аялуу жаным бар эле” – деди да жылгадагы күрткүнү жиреп чыкты. Сакиш күтүп турган экен, Мукени карабастын амалын кылып колундагы алтын “Звезда” саатын бурамыш болуп калды, Муке чукул келгенде чакаларын иле жөнөдү.

Бир кездерде ушул жерде төөлөр, уйлар жайылуучу ээн талаа боло турган. Андан да мурун ушул жер камыштуу токой болуп жапайы чочколор жүрүүчү эле, бирөөнүн жалгыз уулун каман чалып өлтүргөн имиш дегенди Муке бала күнүндө аталарынан угуучу. Тээтиги заңкайган тоолордун баарынын аты, баарынын тарыхы бар. Калмак-Арык, Желе-Дөбө, Жер-Үй, Кочкор-Ата деген жерлердин кылымдап кеткен өзүнчө дастандары бар го. Мынабу кара дөбөнү илгертен бери Ырчынын дөбөсү дешет. Ал кайсы ырчы? Эмнени ырдаган? Анын атын бул дөбөгө эл эмнеге байланыштырды экен?.. Ал жагы табышмак.

Колхоз кыштагы дал ошол ырчынын дөбөсүнө жакын жайланышкан. Кооз кыштак Мукенин көзүнө алда кандай мээримдүү жана салтанаттуу көрүндү. Колхозчулар жабыла жакшы үйлөргө ээ болуп калышканын Муке өз көзү менен көрдү. Ырас, кээ бир жерде эскилиги жеткен жүдөө тамдар да кезикти. Андай үйдү көргөндө Муке өз ичинен: “Мынабу үй мага окшоп калыптыр” – деп, какшыктады. Сакишке ээрчип ат сарай, тамеки сарай, гараждан өттү. Көчөдөгү кишилер Мукени тааныган жок, болгондо гана водопроводдон суу алып жаткан кемпир тиктеп туруп:

- Сакиш, жаныңдагы бараткан печке оңдогуч эмеспи? – деп сурады.

Кемпирдин суроосун Сакиш жактырбай, орой түрдө:

- Жок! – деп өтө чыкты. Ал кемпирди Муке тааныйт, колхозго киргизүү үчүн илгери ушул Аселди, бир күн кечке үгүттөгөн эле. Тааныштары улгайып кеткенин, жаштардын муну тааныбасын ойлогон Муке, убакыттын аёосуз экенин эстеди. Көк дарбазалуу, почта ящиги кадалган тыкыйган кооз үйдүн эшигине барып Сакиш суусун жерге койду. Анан Мукеге карап:

- Сиз, ушундай тура туруңуз, алар үйдө бекен, билип келе коёюн деп, алиги аял ошол үйдүн катарындагы жаман тамга карай басты да тез эле кайрылып, - Кулпу турат, алар келгиче үйгө кире туруңуз! – деп короосуна ээрчитип кирди.

Окшош материалдар

comments (5)

  • - Үрүниса Маматова

    Ар бир аракечте ушундай шедевр бар. Жазган эле кишиге алар жолукпайт экен да. Автор ар бирин ушинтип жазып чыкса, бир да аракеч болбой калабы же элдин баары аракеч болуп алабы?

  • - Кулашева Н.Б.

    Уландысы барбы.

  • - Кулашева Н.Б.

    Уландысы барбы.

  • - Кулашева Н.Б.

    Уландысы барбы.

  • - Кулашева Н.Б.

    Уландысы барбы.

Комментарий калтырыңыз