АҢГЕМЕ
I. Ай астындагы караандар
Станциядагы дабыштар басылды. Атүгүл жаны тынбаган паравоз какшанбай, орто жолдо уктап калгандай. Асмандагы айдын кубанычы койнуна батпай сүйүнүп, токойдун үстүнөн көрүндү эле, айлана-чөйрө жомоктогудай жашыл-ала түскө боёло түшкөнсүдү. Акациялардын жыпар жыты аңкып, баш айлантты, кайдандыр булбул сайраганы угулду... Жана башка ушул сыяктуу.
Бадалдардын оймо-чийме көлөкөсүндө эки караан бири-бирине жабышып, айдын жарыгында анда-санда бир караандын топчусу “жарк-журк” эте түшөт.
- Калп айтпачы, кашайгыр, - деп шыбырады аялзаттын үнү. – Мени менен ойнойсуң да, таштап, басып алып кетип каласың.
- Маруся, ушинтип айткандан уялсаң боло? – деди таарына түшкөндөй кыркыраган эркек үн шыбырап. – Мен, сенин оюң боюнча, ушундай иттикке барат экенмин да, ээ? Эх, Маня, мен аялзатын алдаганча, өзүмдү тапанча менен как чекеге атып таштайм!
- Атып таштайм?! Кыйраттың, – толкунданды аялзаттын үнү. – Ооба, сага! Ыракатыңды кандырып алып, поюзуңа түшөсүң да, кайдан көрдүм кара эшек болосуң да. Андан көрө, барчы ары, ээ, чапкенедей жабышпай!
“Шайтандар гана өбүшөт, – деди станциянын бойдок ачендеги кусага батып. Ал балкондо олтурган эле, - айдын тийгенин карачы, мындайда керек болсо семафор менен да жытташасың”.
- Билебиз, - деди караан экинчи караанды өзүнөн ары түртүп, – сендейдин далайын көргөнбүз. Ойно, күл, сайранда да, тайраңда, боюма бүтүп калса, баламдын көзүн муштумум менен аарчып калармын.
- Сени сыздатпайм, ыйлатпайм, Манюша. Балалуу болуп калсак, өзүм анын көз жашын муштумум менен аарчып калайын. Баланы “кыңк” эттирбейбиз. Келчи, алкымыңан жыттап коёюн. Бала үчүн төрт он сомдук төлөп турам же үч.
- Фу, кара жерге киргирлер, - деп станциянын ачендиги балкондон кетип калды.
- Бир сөз менен айтканда, бар, кетчи!
- Кел, эми эрдиңен.
- Мына, ой... Көзүмө көрүнбөй жоголчу. Чапкенедей жабышпай.
- “Алданбаган катын экен го, - деп ойлоду караан, дагы топчулдары “жарк-журк” эте түштү. – Азыр, сени элеби? Атаңдын гөрү, ай. О, бир ой келди... Эх, алтын башмын да, алтын баш...”
- Билесиңби, Маруся, мен сага эмне айтам?! Эгерде менин сөздөрүмө ишенбесең, анда сага бир нерсе күрөөгө коём.
- Күрөө-мүрөң менен жоголчу ары, кыйнабачы жанымды!
- Жок, Маруся, коё турсаң эми. Билесиңби мен сага эмнемди калтырам? – караан шыбырай берди, шыбырай берди, акырындан тигил караандын топчуларын чечип кирди. – ...күрөөгө ошону коём, ансыз, каралдым десе, каражаным карыш баса албайт. Баары бир акыры сага келем.
- Көрсөтчү...
Караандар далайга чейин шыбырашып турушту, бир нерсени катып жатышты, күлүп жатышты, сүйүшүп жатышты.
Андан кийин жымжырттык өкүм сүрдү.
Ай болсо карагайлардын арасынан көрүнө калып, анан паранжа менен жамынган түрк кызындай булутка “шап” жашынып калды.
Капкараңгы боло түштү.
II. Сандыкчадагы күрөө
Жамгыр төгүп турду. Маруся терезе түбүндө ойлонуп олтурду: “Кашайгыр калпычы, кайда житип кетти? Билгем да, жүрөгүм сезип турган. Мейли, ойноп-күлүп ал, кайра эле мага кайтып келесиң. Күрөөдөгү оокатың жок алыс баралбайсың, акмак. Менин бактым сандыкка катылган... Бирок чын эле каякта жүрөт болду экен, эмне кылып жүрөт, менин азгырыгым, азыткым, акмагым?”
III. Куу план
Азгырык бул маалда милийсанын бөлүмүндө олтурган.
- Сизге эмне керек, жолдош жаран? - деп милийса ачендиги сурап жатты.
Азгырык бир жөтөлүп алды да, сөзүн баштады:
- Гм... менде кырсык болуп олтурат.
- Кандай кырсык?
- Сөз менен жеткире албайм го? Эмгек китепчемди жоготуп алдым.
- Сөз менен эле жеткире турган буюм экен. Бош адамдарда боло берет. Кандайча жоготуп алдыңыз?
- Кадимкидей эле. Мына, караңыз, чөнтөгүм жыртык. Сейилдегени чыккам... Ай тийип турган... анан мен ал кызга...
- Кайсыл кызга?
- Тфү! Кыз деп коём. Жаңылышып алдым, кечиресиз. Жөн эле... карасам, чөнтөгүм – жыртык, а эмгек китепчем – жок!
- “Жоготуп алдым” деп гезитке жарыя бергиле, ал чыккандан кийин кесип алып, ушул бөлүмгө келесиз. Жаңысын беребиз.
- Түшүндүм, макул.
IV. Тагдыр чечкен кат
Көп узабай “Гудок” гезитинде: “1923-жылдын 6-майында түкүнчө милийса бөлүмү тарабынан баланчанын атына берилген № бастанча эмгек китепчеси жоголду” деген маалымат пайда болду.
Дагы көп узабай “Гудок” гезитине келип түшкөн кат редакцияда күн күркүрөгөндөй “дүң” болду: “Улуу урматтуу жолдош редактор! Мунун баары калп! Китепче жоголгон эмес, Баланча каратып туруп калп айтып жатат. Ал китепчени мага берип, сүйүү үчүн күрөөгө койгон. Эми болсо гезитке маалымат берип олтурат!”
V. Эпилог
Баланча чачын жулуп, кыйкырып жатты:
- Шерменде эле болбодумбу, ит эле болбодумбу, эми эмне кылам, эмне кылам?!
Анын жанында теңтушу турган эле, ал жай гана:
- Билбейм достум, кандай кеңеш берет элем сага? Аялзатына арамдык кылган экенсиң. Эми бир жериң менен кылганды башың менен тарт! – деген экен.
Орусчадан которгон Эрнис АСЕК уулу
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR