Михаил Булгаков: Морфий

  • 10.01.2022
  • 2790

АҢГЕМЕ

I

Илгери акылдуу бирөө айткан экен, бакыт – ден соолука окшош: ден соолугуң барында аны элес албайсың. А жашың өйдөлөп калганда ошол бактыңды эстейсиң, о кандай гана кусалык менен эстейсиң!

А мен 1917-жылы кышында чындап бактылуу болгон экемин, аны азыр араң билип атам. Бороондуу, закымдап кеткен унутулгус жыл!

Башталган бороон гезиттин айрындысындай кылып, элеттик участкадан уездик шаарга алып келип таштады. Анчалык сүйүнгөндөй уездик шаар дегениң эмне болуп кетиптир? А бирок бирөө мага окшоп кышында карга көмүлүп, жайкысын сейрек дарактуу жүдөгөн токой ичинде, бир жарым жыл, бир да күн эч кайда чыга албай иштеп жашаган болсо, эгерде бирөө өткөн жумадагы гезиттердин таңгагын сүйгөнүнөн келген конвертти ачкандай жүрөгү дүкүлдөп кубанып ачкан болсо, эгерде кимдир-бирөө аттары 18 чакырымга капталдап эмес, биринин артынан бири куйрук улаш чегилген чана менен бурганак жиреп, төрөтү оор аялды төрөткөнү барган болсо, ал мени түшүнөт деп ойлойм.

Кересин лампа дегениң да бир сонун нерсе го, бирок мен электр жарыгы үчүн кол көтөрөм!

Мына эми, көңүлдөн чыкпай көксөгөн электр лампочкаларын кайрадан көрүп атам! Шаардын башкы көчөсүнүн кары дыйкандардын чанасы менен тапталып, тептегиз, бири-бирин улай көздүн жоосун алган көчөдө өтүктүн сүрөтү тартылган, алтын крендель ж.б. жарнамалар, айнек эшиктин ары жагында жергиликтүү Базиль[1], сизден 30 тыйын алып, качан болбосун чачыңызды тегиздеп, сакалыңызды кырганга даяр дегенди билгизген, дегеле табигыйга окшобогон чачы бар, шайтандаган торопой көздүү жаш жигиттин сүрөтү илинип турат (мекенимде майрам күндөрүнөн тышкары майрам күндөрүнүн көбүн айт).

Мен азыркыга чейин Базильдин салфеткаларын эстегенде денем дүркүрөп эстейм, салфетка эсиме түшкөндө тери оорулары тууралуу германдык окуу китебиндеги сүрөт - бирөөнүн ээгинде пайда болгон килейген жоон тырыктын сүрөтү көзүмө элестейт.

Ошентсе да кубанып эстей тургандар арбын, салфетка эмне болуп калыптыр!

Жолдун кесилишинде кадимки милиционер турат, чаң баскан витринадан жалпак темир табактарда кызгылт креми бар пирожныйлар тыгыз тизилип жатканы көрүнөт, аянтта саман төшөлгөн, ары-бери агылган жөө, унаачан, сүйлөшкөн адамдар, күркөдө кечээ эле чыккан укмуштуудай маалымат камтылган москвалык гезиттер сатылууда, алыс эмес жерде москвалык поездер ышкыра үн алышып, чакырып жатканы угулат. Бир сөз менен айтканда, бул цивилизация – Вавилон, Невский проспектиси.

Оорукана тууралуу айтпай эле койоюн. Анда хирургиялык, терапевдик, жугуштуу оорулар, акушердик бөлүмдөр бар. Операция жасалуучу бөлмөдө автоклав[2], күмүштөй жаркыраган суу түтүктөрү, үстөлдөрүндө атайын жасалган ыңгайлуу аспаптар. Оорукананын башкы врачы, менден башка үч ординатору бар. Фельдшерлер, акушеркалар, ооруларды караган аялдар, аптека, лаборатория. Жогорку сапаттагы атайын боёктордун кору менен цейсовдук микроскобу бар лаборатория, ойлоп көрсөңүз!

Көргөндөрүмөн сүрдөп, батына албай чочулап жүрдүм. Декабрдын күүгүмүндө оорукананын бир кабаттуу бүтүндөй корпусу бирөө буйрук бергендей электр жарыгы менен жаркырай түшөрүнө бир топ күн өтүп, анан көндүм. Андан көз айбыгат. Ваннада суу буркулдап-шаркылдап, анда жыгач термометрлер чумкуп сүзүп жүрөт. Балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүндө эртеден кечке онтоо, чырылдаган ый, кардыккан жөтөл...

Ооруларды караган аялдар буту бутуна тийбейт...

Ныгырып турган оор жүктү алып койгондой жаным жеңилдей түштү. Эмне болуп кетсе да бардыгын өз моюнума алуучу тобокелчил оор жоопкерчиликтен кутулдум. Мен эми кысылып калган грыжага күнөөлүү эмесмин, бала жатында туурасынан жатып калган аялды алып келаткан чананы көрүп ичиркенбейм, операция талап кылынчу ириңдеп кеткен плеврит менен ишим жок. Биринчи жолу өзүмдү бир эле багыттагы жоопкерчилик тагылган адам катары сездим. Төрөтпү? Тигине жапыз корпус, анда – марля менен жабылган четки терезе. Ал жерде сары мурутчан, кашка баш, сүйкүмдүү, толук врач-акушер. Бул ошонун иши. Чаналар, марля менен тозулган терезе жакка баргыла! Оор сыныктар – башкы врач-хирургга. Өпкөсүнө суук тийгизип алгандар? Терапевдик бөлүмгө, Певел Владимировичке.

О, чоң оорукананын ирээттүү, жакшы майланган машинедей шакылдаган бийик тартиби! Мурда эле мерчемдеп койгон бурама сыяктуу мен да ошол аппаратка буралып, балдар бөлүмүн алдым. Дифтерит, скарлатина курчап алып бардык күндөрүмдү алып койчу болду. Бирок күндөрүмдү гана. Түнкүсүн тынч уктайм, эми түнкүсүн тереземди койгулап, баш тарта албас белгисиз, тобокелчил жакка алып кетүү деген жок. Кечкисин китеп окуйм (биринчи кезекте дифтерит, скарлатина тууралуу, андан кийин эмнегедир Фенимор Купер кызыктырып турду), үстөл үстүндөгү лампаны, самоордун астындагы калкан темирге түшкөн көмүрдүн күлүн, сууган чайды, бир жарым жылдык чала уйкудан кийинки уйкуну баалайм...

Мен 17-жылдын кышында, түпкүрдөгү бороондуу участкадан уездик шаарга которулуп, өзүмдү бакылуу сезген экемин.

II

Биринчи ай өттү, андан кийин экинчиси, үчүнчүсү, 17-жыл өтүп, 18-жылдын февралы кирип келди. Жаңы турмуш шартыма көнүгүшүп, алыскы участок эстен чыга баштады. Чыртылдаган жашыл кересин лампа, күрткүлөр, жалгыздык... эстен чыкты... Кайрымы жок мерез! Жалгыз, эч кимден жардам албай, өз күчүң менен, оорулар менен күрөшүп, Фенимор Купердин каарманына окшоп ар кыйынчылыктан татыктуу чыгып жүргөн ордуңду унуттуңбу!

Анда-санда азыр уктайм деген жылуу ой менен төшөктө жатканда өткөн окуялар элес-булас үлпүлдөп эске түшөт. Жашыл лампанын жалыны, үлпүлдөгөн фонарь... чананын кычыраганы... онтоо, анан туңгуюк, талаада бурганактын улуганы... Анан бардыгы аралашып, кайдадыр...

“Кызык, менин ордума ким барды экен?.. Бирөө барды да... Мага окшогон жаш врач...Эми... Эмне экен... мен деле иштеп келбедимби. Февраль, март, апрель... мейли майды кошуп койолу – менин тажрыйба топтоо мөөнөтүм бүтөт. Демек майдын аягында ушул жаркын шаар менен кош айтышып, Москвага кайтам. Эгер революция өзү менен кошо учуруп кетсе, айла жок, балким дагы бир жерлерге барам... эмнеси болсо да мурдагы участкамды өмүрүмдө экинчи көрбөйм... Эч качан... Борбор... Клиника... асфальт, оттор...”

Ошондой ойлогом.

“... Дегинкиси, ошол участкада болгонум деле жакшы болуптур... Кайраттуу болуп калдым... Коркпойм... Эмнени гана дарылаган жокмун?! Чындап эле? А?.. Психикалык оорулууларды дарылаган жокмун... А... жанагы... туура да, же болбойбу... Агроном катуу ичип кетти... Мен дарыладым да, бирок натыйжасы... болгон жок. Ичип атып жинди болоюн деп калган... Ал эмне психикалык оору эмеспи? Психиатрияны окуп көрүш керек эле... Ой койчу. Кийин, Москвага барганда... А азыр, биринчи кезекте, балдар оорусу... анан балдардын оорусун... айрыкча азаптуу, балдарга жаш өзгөчөлүгү боюнча рецеп жазуу... Туй ата... 10 жашар балага канча пирамидон бериш керек? 0,1 же 0,15?.. Унутуп калдым. А үч жашта болсочу?.. Балдардын оорусун гана... башкага алагды болбой... күтүлбөгөн жерден пайда болуп баш ооруткан окуялар жетишет! Участогум, кайыр кош!.. Эмне эле ушул кечте участогум эсимди матап туруп алды?.. Жашыл лампанын жарыгы... Аны түбөлүккө унутайын дебедим беле... Ой болдучу... Уктайм...”

_______________

- Сизге кат. Каттагандардан берип ийиптир...

- Бериңиз

Оорулууларды караган аял алдыңкы бөлмөдө турат. Тамга басылган ак халаттын үстүнө жакасы кырылган пальто жамынып алган. Көгүш арзан конвертте кар эрийт.

– Бүгүн кабыл алуу бөлмөсүндө сиз турасызбы? - дедим оозум кере эстеп.

– Ооба, мен.

– Эч ким жокпу?

– Жок. Бош.

– Эге-е-ер... (оозум эстегенден кыйшайып сөздөрүм так эмес), бирөөлөрдү алып келиш-ш-е... мага ай-й-тып кою-гус... Мен уктайм...

– Макул. Бара берейинби?

– Ооба, ооба. Барыңыз.

Аял кетти. Эшик чыйкылдап жабылып, туфлийим шалпылдатып уктоочу бөлмөгө баратып, конвертти көңүлдөнбөй жырттым.

Анда менин участкамдын, мурдагы ооруканамдын көгүш мөөрү басылган бырыштуу бланкасы... Эстен чыккыс бланк...

Жылмайып койдум.

“Кызык... кечке участканы эстей бердим эле... мына эми өзү пайда болуп... Сезгемин го...”

Мөөрдүн астында химиялык карандаш менен рецепт жазылыптыр. Даана окулбаган, чийилген латын сөздөрү...

– Түшүнбөйм... Түшүнүксүз рецепт... – деп күбүрөп, “morphine... ” деген сөздү баамдадым. “Мейли, бирок рецептин эмнеси түшүнүксүз?.. А-а туура... Төрт проценттүү эритме! Морфийдин төрт проценттүү эритмесин кайсы жинди жазат?.. Эмнеге?!

Барактын артын окуп уйкум ачыла түштү.

Барактын артында сыя менен араң жан, созулган тамгалар менен төмөндөгүлөр жазылыптыр:

“1918-жылдын 11-февралы.

Урматтуу college!

Кагаздын айрыгына жазып жатканым үчүн кечирип коюңуз. Жанымда кагаз болбой калды. Мен абдан оор, жаман оору менен ооруп калдым. Эч ким жардам бере албайт. Өзүм деле Сизден башка кишиден жардам сурагым жок.

Эки айдан бери мурдагы Сиздин участогуңузда олтурам, Сиз шаарда, салыштырмалуу менден алыс эмес экениңизди билем.

Экөөбүздүн достугубуз жана университетте чогу өткөргөн жылдар үчүн Сиз мага тезирек келишиңизди суранам. Бир күнгө болсо да. Бир саатка болсо да. Эгерде Сиз, “ооруңа дабаа жок”, - десеңиз мен Сизге ишенем. А балким аман калармын?.. Ооба, балким али кеч эместир...Үмүттүн шооласы барбы? Сизден суранарым, бул каттын мазмуну тууралуу эч кимге айтпаңыз”.

– Марья! Кабыл алуу бөлүмүнө барып мага нөөмөттө турган аялды тез чакырып бериңизчи... аты ким эле?.. Эсте жок. Жанагы... нөөмөттө турган, мага азыр эле кат алып келген аялдычы. Тезирээк!

– Азыр.

– Бир нече мүнөттөн кийин аял алдымда турду.

Жака болуп берер мышыктын жыдыган терисинде кар эрийт.

– Катты ким алып келди?

– А-а мен билбейт экемин, Сакалчан. Кооператор. Шаарга келаткан элем дейт.

– Гм... бара бериңиз. Жок, койо турсаңыз. Мен башкы врачка кат жазып берейин, алып барып, жообун алып келиңизчи.

– Макул.

Менин башкы врачка жазган катым:

1918-жылдын 13-февралы.

Урматтуу Павел Илларионович. Мен университетте чогу окуган досум доктор Поляковдон кат алдым. Ал азыр Гореловдогу менин мурдагы участкамда жалгыз олтурат. Катуу ооруп калган көрүнөт. Аны көрүп коюшум милдетим деп эсептейм. Уруксат берсеңиз, мен эртең бөлүмдү доктор Родовичке бир күнгө тапшырып, Поляковго барып келсем дейм. Ага жардам берер эч ким жок көрүнөт.

Сизди урматтап,

д-р Бомгард.

Башкы врачтын жообу:

“Урматтуу Владимир Михайлович, барып келиңиз

Петров.”

Кечти темир жолдун жол көрсөткүчүн изилдөө менен өткөрдүм. Гореловага мындай барса болот экен: эртең саат экиде Москванын почта поездине отуруп, 30 чакырым темир жол менен барып, N станциясынан түшөм, андан жыйырма эки чакырым чана менен Гореловдогу ооруканага жетем.

“Оңунан жол берсе Горелового эртең түндө жетет экемин, - деп ойлоп атам жатып алып. – Эмне менен ооруду экен? Тифпи, өпкөсүнөн кагыныппы? Жок... Андай болгондо жөн эле жазат эле да: “өпкөмөн кагынып ооруп калдым”, - деп. Каты да түшүнүксүз, анча-мынча алабармандап кеткендей... “Абдан оор жаман оору менен ооруп калдым...” Кандай оору? Сифилиспи? Ооба, сифилис болсо керек. Жүрөгү түшүп калыптыр... жашырып... Бирок станциядан Гореловго чейин кайсы ат менен барам? Күүгүмдө станцияга жетип, андан ары кете албай калсам кандай болот... О жок. Бир айласын табам. Станциядан бирөөлөрдөн ат алам. Станцияга ат жиберип кой деп телеграмма жиберем! Болбойт! Телеграмма мен барган күндүн эртеси араң келет... Горелового аба менен учуп барбайт да. Каттаган киши чыкмайынча станцияда кала берет. Гореловону билем да. О тунгуюк!”

Бланкадагы кат түнкү үстөлдө лампанын жарыгында жатат, жанында кыжынган уйкусуз түндөрдүн жардамчысы, тамекинин калдыктары, соройгон күл түшүргүч. Бырышкан шейшепте ооналактап, жаным жай таппайт. Кат кыжаалат кыла баштады.

Чындап эле абдан кыйнаган оору болбосо, мисалы, сифилис, анда эмне үчүн бул жакка өзү келбейт? Мен эмнеге бороон жиреп ага барышым керек? Эмне, бир эле кечте аны люестен[3] арылтып коёмбу? Же ашказандагы рактан? Ой кайдагы рак! Ал менден эки жаш кичүү. 25 жашта. “Абдан оор...” Шишикпи? Обу жок бейжайланган кат. Алган адамдын башын ооруткан кат. Мына, ошондой эле болуп атпайбы. Чыкый тамырым сыздады. Эртең ойгонгондо чыкыйдан өйдөлөп төбөгө жетип, баштын жарымы сыздайт эмеспи, анан кечинде, айла жок, кофеин менен пирамидон ичесиң. Пирамидон ичип алып чанада жүргөнүң кандай? Фельдшерден алыска чыкканда кийилүүчү тон алышым керек, болбосо пальто менен тоңуп калбайсыңбы... Ага эмне болду экен?.. “Үмүттүн шооласы”...” минтип доктордун салабаттуу катында эмес, романда жазышат!.. Укташ, укташ керек... Бул жөнүндө көп ойлобой укташ керек. Эртең бардыгы билинет... Эртең”.

Жарыкты өчүрүп, бөлмөмдү караңгылык жалмап кетти. Укташ керек. Чыкыйым сыздайт... Ошол обу жок катты жазган адамга, эч нерсе билбей туруп, ачуулангандай акым жок. Ал адам жапа чеккенинен кат жазып атпайбы. Болуптур эми. Ким кандай билсе, кандай түшүнсө ошондой жазат да... Анан тынчың кетип, башың кичине ооруса эле, ал жөнүндө жаман ойлогон болбойт. А балким бул обу жок, бейжай деле кат эместир. Мен Сережка Поляковду көрбөгөнүмө эки жыл болду, бирок унуткан жокмун. Ал абдан оор басырыктуу жигит эле... Ооба. Бир жамандык болгон го... Чыкыйым анча зырылдабай калды... Түш көрө баштадым окшойт. Түш көрүү кандай пайда болот?.. Физиологиядан окудум эле... бирок ал деле бүдөмүк, түш көрүү деген кайдан... түшүнбөйм... мээнин клеткалары кантип уктайт?! Түшүнө бербейм дейм... Чын. Физиологияны изилдеген адам деле өзүнүн жазганына толук ишенбесе керек... Бир теория экинчисин тебелеп... Тигине алтын топчулуу жашыл күрмөчөн Сережка Поляков цинк үстөлүнүн жанында турат, а үстөлдө өлүк...

Хм, ооба... бул түш...

III

Тук, Тук... Бух, бух, бух... А-а... Ким? Ким? Эмне?.. А-а, эшик чертилип атат, шайтан алгыр, чертилип атат... Кайдамын? Эмне?.. Эмне болуп кетти? А-а төшөктө турбаймынбы... Эмнеге ойготуп жатышат. Ойготушат да, мен нөөмөттө эмесминби. Ойгонуңуз, доктор Бомгард. Мына, тапичкесин шалпылдатып Марья эшикти ачканы баратат. Саат канча болду? Бир жарым... Бир эле саат уктаган экемин да. Чыкыйым ооруганы кандай? Ооруп эле атат. Мына!

Эшик акырын чертилди.

– Эмне болду?

Ашкана жактын эшигин коомай ачтым. Караңгылыкта ак так болуп оорулууларды караган аялдын жүзү көрүнөт, өңү кубарып, чочугандан алайган көздөрүн байкадым.

– Кимди алып келишти?

– Горелов участкасынын докторун, - кардыккан үн менен катуу айтты аял, - доктор атынып алыптыр.

– По-ля-ков-бу? Коюңузчу! Поляковбу?!

– Аты-жөнүн билбейт экем.

– Анда мындай... Азыр... азыр барам. А сиз башкы врачка чуркаңыз, ойготуңуз бачым. Кабыл алуу бөлүгүнө чакырып атат деңиз.

Аял жылт коюп, көз алдыдан ак так жоголду.

Эки мүнөттөн кийин далисте жиниккен бурганактын кургак, катуу кары жаакка койгулап, пальтомдун өңүрүн жулмалап, чочулаган денемди муздатып атты.

Кабыл алуу бөлмөсүнүн терезелеринен ак, кооптуу жарык куюлат. Кар куюндаган далисте мен бараткан жакка ал да келаткан башкы врачка жолуктум.

– Сиздин Поляковбу? – деди жөтөл аралаш хирург.

– Билбейм. Кыязы ошол го, - деп жооп берип, кабыл алуу бөлмөсүнө чуркап кирдик.

Бизди утурлай отургучтан чулганган аял тура келди. Күрөң жоолуктун четинен жаш баскан тааныш көздөрү мага тигилет. Горелов ооруканасындагы төрөттөрдө менин ишенимдүү жардамчым болуп жүргөн гореловдук акушерка Марья Власьевнаны тааныдым.

– Поляковбу?

– Ооба, - деди Марья Власьевна, - кандай күйүт, доктор, келатканда айлам куруп, эптеп аман жеткирсем деп... араң жеттим...

– Качан?

– Бүгүн таң алдында, кароолчу... “доктордун бөлмөсүндө мылтык атылды...”, - деп чуркап келди.

Лампадан куюлган кооптуу жарыктын астында доктор Поляков жатат, жансыз, таш сыяктуу катыган кийиз өтүктүн таманын көрүп эле, жүрөгүм болкулдады.

Тумагын алганда, батташкан нымдуу чачы көрүндү. Менин, Марья Власьевнанын, ооруларды караган аялдын колдору Поляковдун үстүнөн эбелектеп, пальтосунун астынан сары-кызыл тактар жайылып кеткен ак марля алынды. Көкүрөгү араң көтөрүлөт. Тамырын кармап чочуп кеттим, диртилдеп тез-тез пайда болуп, созулуп алсыз токтоп калып, кагышы абдан начар. Хирургдун колу ийинин этин чымчып камфара сайганга даяр болуп калды. Жарадардын көгөргөн эриндери ачылып, оозунан кан көрүнүп, араңдан зорго кыңкыстайт:

– Кереги жок. Жардам бербейт.

– Унчукпаңыз, – хирург саргарган майды терисинин астына жиберди.

– Жүрөк баштыкчасы жабыр тарткан көрүнөт, - Марья Власьевна шыбырап, үстөл кырын мыкчып кабагын тиктеди (көздөрү жабык). Күн батып бараткандагы көлөкөгө окшогон кара көгүш көлөкө таноосунун түбүн каптап, сымап сыяктуу майда чыбырчык шүүдүрүм чекесин каптаган.

– Револьверби? – деп сурады хирург жаагы диртилдеп.

– Браунинг, - шыбырады Марья Власьевна.

– Э-эх, - хирург кыжыры келе өкүнгөндөй, анан колун шилтеп салып, үстөлдөн чыга берди.

Мен чочулап, түшүнө албай аны карайм. Артымда дагы бирөө, дагы бир врач келди.

Поляков оозун кыбыратып, уктап атканда жабышкан чымынды кубалагандай кыйшайтып, анан бир нерсеге какап, аны жута албай жаткандай астынкы ээги кыймылдады. Эх, револьверден же мылтыктан жарат алгандарды көргөн кишиге бул кыймыл жакшы тааныш! Марья Власьевна бети-башы бырыша түшүп, эчкирип ийди.

– Доктор Бомгард... Поляков араң шыбырады.

– Мен мындамын, - эрдине чейин эңкейип, астейдил шыбырадым.

– Дептер сизге... – деп киркиреди Поляков зорго.

Көзүн ачып, төбөсү жактагы шыпты тиктейт. Капкара каректери ичинен жарык куюлгандай коюуланып, көзүнүн агы түсүн жоготкондой көгүш тартып калды. Көз аңтарылып, анан тунара түшүп, заматта пайда болгон көркөмү жоголуп кетти.

Доктор Поляков өлдү.

___________

Түн. Таң агарайын деп калды. Шаар уйкуда, элект тогу көп болгондуктан лампа абдан жарык. Бардыгы унчукпайт. Поляковдун сөөгү часовняда[4]. Түн.

Үстөл үстүндө көп окугандан кызарып чыккан көз алдымда ачылган конверт менен барак. Анда булар жазылган:

Сүйүктүү досум! Мен Сизди күтпөйм. Дарыланбай эле койоюн дедим. Үмүт жок. Мындан ары кыйналгым да жок. Жакшы эле аракет кылдым. Башкаларды эскертем: 25 бөлүк суу менен эриткен ак кристаллдарга этият болгула. Мен аларга ишендим эле, алар түбүмө жетти. Күндөлүгүмдү сизге арнайм. Сиз мага дайыма изденип жүргөн, адамдык документтерге кызыккан адам катары сезилүүчүсүз. Кызыксаңыз менин оору тарыхымды окуп коюңуз.

Кош болуңуз. Сиздин С. Поляков.

Чоң тамгалар менен кошумча жазылыптыр:

“Менин өлүмүмө эч кимди күнөөлөбөшүңөрдү өтүнөм.

Дарыгер С е р г е й П о л я к о в

1918-жылдын 13- февралы”.

Өзүн өзү өлтүргөн адамдын катынын катарында кара клёнка менен тышталган дептер. Анын биринчи жарымынын барактарын айрып коюшуптур. Калган жарымында кыска жазуулар, башында карандаш же сыя менен данаа, майда, дептердин акырында химиялык карандаш, жоон кызыл карандаш менен секирген, ийрелеңдеген, көптөгөн сөздөр кыскартылган жазуулар.

___________

IV

«..7-жыл, 20-январь.

...жана жакшы болду. Кудайга шүгүр: канчалык түнт болсо ошончолук жакшы. Адамдарды көрөйүн деген көзүм жок, а бул жерде оорулуулар менен дыйкандардан башка эч кимди көрбөйсүң. Алар менин жаратыма тийишпейт да. Башкаларды деле меникине окшогон земдик участокторго[5] бөлүп коюшту. Биздин согушка чакырылбаган (1916-жылкы 2-разряддагы ополчениянын жоокерлери) бардык бүтүрүүчүлөрдү земстволорго отургузушту. А бул кимге кызык дейсиң. Жолдоштордон Иванов жана Бомгард тууралуу гана билем. Иванов Архангельск губерниясын тандап алыптыр (ар ким өз билгенин кылат да) а Бомгард, фельдшер аял айткандай, меникине окшогон тунжураган участокто олтурат, менден үч уезд ары, Гореловкада. Ага кат жазайын деп, кайра айныдым. Бирөөнү көрөйүн же угайын деген кенедей ниетим жок.

21-январь.

Бурганак. Эч нерсе.

25-январь.

Күн абдан ачык батты. Мигренин – antipyrina coffeina u ac citric кошулмасы.

Порошокто 1,0... 1,0 дөн... болобу? Болот.

3-февраль.

Бүгүн өткөн жуманын газеталарын алдым. Окуган жокмун, бирок театрлар бөлүгүн карап койдум. Өткөн жумада “Аида” коюлуп жатыптыр. Ал бийигирек жерге туруп алып: “Сүйүктүү досум, кел мага...” – деп ырдаган экен да.

Анын үнү керемет, ошондой ачык, бийик үндү ушундай мерез адамга ыйгарылганы коошпой турат...

(ушул жерден үзүлүп калган, эки же үч барагы айрылган көрүнөт.)

... албетте, жакшы эмес, доктор Поляков. Андан да, аял кетип калган үчүн аны акыркы сөздөр менен сөгүп-сагып калган – акмакчылык, гимназияда билим алган адамдын кылар иши эмес! Жашагысы келген жок – кетти. Болду да. Негизинде бардыгы жөнөкөй эле. Опералык ырчы жаш врач менен кошулуп, бир жыл жашап кетип калды.

Аны өлтүрүш керекпи? Өлтүрөйүнбү? Ах кандай акмакчылык, туңгуюк. Үмүт жок!

Ойлонгум келбейт. Каалабайм.

11-февраль.

Бороон, бурганак... Көмүлүп калмай болдум! Узак кечтер бою өзүм менен өзүм жалгызмын. Лампаны жагып коём да олтурам. Күндүзү адамдарды көрөм. Бирок иштегенимдин кунары жок. Ишке көнүп калдым. Мен корккондой деле эмес экен. Дегинкиси согушта госпиталда болгонум көп жардам берди. Канткен менен бул жерге анча-мынча болсо да бирдеме билип келиптирмин.

Бүгүн биринчи жолу ичегиси түйүлгөн адамга операция жасадым.

Ошентип, бул жерде үч адам карга көмүлүп жатабыз: Анна Кириловна – фельдшер-акушер жана фельдшер. Фельдшер үйлөнгөн. Алар (фельш. калгандары) флигелде жашашат. Мен жалгыз.

15-февраль.

Кечээ түндө жаман окуя болду. Жатайын дегем, анан эле ичим катуу ооруду! Чекемден муздак тер чыгып кетти. Деген менен биздин медицина деле арсар илим көрүнөт. Эмнеликтен ден соолугу чың, ичинин же ичегисинин эч кандай оорусу жок (сокур ичеги, мисалы), боору, бөйрөктөрү сонун иштеген адам бир түндө эле катуу ооруп, айласы кетип төшөгүндө ооналактай баштайт?

Онтолоп атып эптеп, ашпозчу күйөөсү Влас менен жаткан ашканага жеттим. Власты Анна Кириловнага жибердим. Ал келип мага морфий сайганга аргасыз болду. Өң далеттен кетип бозоруп кетипсиң дешти. Эмнеге?

Фельдшер мага жакпайт. Түнт, а Анна Кирилловна сүйкүмдүү, акылдуу адам. Анча деле карый элек, түгөйү жок жалгыз, кар табыптын ичинде кантип жашаганына таң калам.

Апийимден морфийди биринчи бөлүп алган адамга таазим. Анык бооркер, сезимтал адам. Уколдон жети мүнөт өткөндөн кийин оору басылды. Кызык: оору кызарган лом темирди ичке солоп туруп толгоп аткансып, бир да тыным бербей каптап, мен дем алала албай аттым. Уколдон төрт мүнөттөн кийин толкун сыяктуу тынып калып, кайра башталып жатканын сездим.

Врач көпчүлүк дарыларды өзүнө текшергенге мүмкүн болсо абдан жакшы болмок. Алардын таасири тууралуу такыр башка түшүнүктө болмокмун. Уколдон кийин акыркы айлардан бери биринчи жолу жакшы уктадым, мени алдап кеткен аял тууралуу ойлогон жокмун.

16-февраль.

Бүгүн Анна Кирилловна орулууларды кабыл алып жатканда, мен кантип калганым тууралуу сурап, кабагым бүркөлбөй, жаркылдап калганымды биринчи көрүшүм деп койду.

– Мен эмне, кабагым бүркөлүп жүрөмбү?

– Абдан, - деп ишендирип, – дайым эле унчукпай жүргөнүңүзгө таң калам, - деп кошумчалап койду.

– Эмне кылам, ушундай жаралып калыптырмын да.

Бирок бул калп. Үй-бүлөлүк драмага чейин абдан шайыр адам элем.

Күүгүм эрте кирет. Квартирада жалгызмын. Кечинде оору кайра келди, бирок катуу эмес, кечээги оорунун көлөкөсүндөй, мен өзүм саныма бир сантиграмм сайып алдым. Оору ошол замат басылды. Анна Кирилловна бир доза калтырып кеткени жакшы болуптур.

18-февраль.

Төрт уколдон эч нерсе болбойт.

25-февраль.

Кызык адам да ушул Анна Кирилловна! Менин врач экенимди билбегенсип, шпицтин 11/2 morph. Ошондой.

1-март.

Доктор Поляков, сак болуңуз!

Болбогон кеп.

_________

Күүгүм.

Мени алдап кеткен аял тууралуу ойлобой калганыма жарым ай болду. Анын Амнеристин партиясындагы обонун эстен чыгаргандай болдум. Ошого сыймыктанам. Мен – эркекмин.

_________

Анна купуя аялым болуп калды. Ошондой эле болмок. Биз жапайы аралда жалгызбыз.

___________

Кар түсү өзгөрүлүп, бозоргонсуп калды. Сууктун ызгаары кайткандай, бирок бурганак...

_______

Биринчи мүнөттө моюнга бир нерсе тийгендей. Ал жылуу жана жайыла баштайт. Экинчи мүнөттө боорду болкулдаткан толкун келет, артынан сезимиң укмуштуудай курчуп, иш жөндөмүң артат. Бардык жаман ойлор жоголот. Бул адамдын руханий күчүнүн жогорку точкасы. Эгер медициналык билим менен бузулбаган болсом, дени соо адам морфийден сайынганда гана иштей алат деп айтмакмын. Чынында кенедей эле капалык аны ээрден оодара тартып койсо, андай адамдан эмне опа.

____________

Анна К. коркуп атат. Кичине чагымдан эрким абдан күчтүү адаммын деп жооткотуп койдум.

2-март

Бир чоң окуя тууралуу күбүр-шыбыр. Николай II тактан кулады дейби...

___________

Эрте жатам, саат тогуздарда. Уйкум жакшы.

10-март.

Тигил жакта революция болуп атат. Күн узаргандай болуп, күүгүм көгүш тартт.

Таң алдында кирген түштөрдү башта көргөн эмес элем. Катар-катар түштөр.

Алардын негизгиси, мен айтаар элем, айнек түш. Ал ачык.

Мындай – абдан жарык лампаны көрүп атам, андан ар түстүү от тасмалары чачырайт. Амнерис жашыл канатты сеңселтип ырдап атат. Ажайып оркестр керемет жаңырат. Аны сөз менен жеткире албайм. Бир сөз менен айтканда, кадимки түштө музыка үнсүз... (кадимки? А кайсы түш кадимкидей! Тамаша кылам...) үнсүз, түшүмдө ал өзүнчө эле бир керемет угулат. А эң негизгиси, өз эрким менен музыканы күчөтүп же басаңдата алам. Эсимде, “Согуш жана тынчтыкта” Петя Ростов үргүлөп жатып ушундай эле абалда болгону жазылган. Лев Толстой – эң сонун жазуучу!

Эми ачыктык жөнүндө мындай: Аидадагы куюлушкан боёктордун арасынан кабинеттин эшигинен шыкаалаган, менин жазуу үстөлүмдүн чети, лампа, жылтыраган пол кадимкидей көрүнөт. Чоң театрдын оркестринин добушунан бөлүнүп, кастаньета сыяктуу кадамын жагымдуу такылдатып бирөөнүн басып келе жатканы угулат.

Саат сегиз болгону ошол, - бул Анна К., мени ойготуп, кабыл алуу бөлмөсүндө эмне болуп жатканын айтканы келатат.

Мени ойготуштун кажети жоктугун, бардыгын угуп, аны менен сүйлөшө алаарымды ал билбейт.

Кечээ тажрыйба кылып, байкап көрдүм:

А н н а, - Сергей Васильевич...

М е н, - Угуп атам... (тынч музыкага – “катураак”

Музыка – улуу аккорд.

Ре-диез...

А н н а – Жыйырма киши жазылды.

А м н е р и с (ырдап атат)

Дегинкиси, муну кагазга жазуу мүмкүн эмес.

Ушул түштөр зыяндуубу? О жок. Ушулардан кийин мен күчтүү жана шайыр ойгоном. Иштегеним да жакшы. Ал эмес ишиме берилип да калдым, мурда андай болчу эмес. Анан кантмек, бардык ойлогонум эле кетип калган аялымда болуп атса.

Азыр жаным жай алып калды.

Жаным жай алды.

19-март

Түндө Анна К. менен чатакташа кеттик.

– Мен башка эритме жасабайм.

Мен көндүргөнгө аракет кылам:

– Болбогон кеп, Аннуся. Мен эмне, кичине бала белем?

– Жасабайм. Өлүп каласыз.

– Анда мейлиң. Деги түшүнсөң боло, менин көкүрөгүм ооруп атпайбы!

– Дарыланыңыз.

– Кайдан?

– Өргүүгө чыгыңыз. Морфий менен дарыланбайт (анан ойлонуп туруп кошумчалап койду.) – Сизге экинчи бөтөлкөнү жасап бергеним үчүн өзүмдү кечире албай жүрөм.

– Ой койчу, мен эмне морфинист белем?

– Ооба, морфинист болуп баратасыз.

– Сен эмне, жасабайсыңбы?

– Жасабайм.

Мен ошондо биринчи жолу кыжырданганды, а негизгиси өзүм туура болбосом да, башка бирөөлөргө кыйкырган жаман адат күткөнүмдү байкадым.

Дароо эмес. Уктоочу бөлмөгө кирдим. Карадым. Бөтөлкө түбүндө анча-мынча бардай. Шприцке сордурсам, анын төрттөн биринде эле болуп калды. Шприцти ыргытып, сындырып ала жаздадым, өзүм калчылдап кирдим. Акырын алып карасам, сынбаптыр. Бөлмөдө 20 мүнөттөй олтурдум. Чыксам – ал жок.

Кетип калыптыр.

Ойлоп көрсөнүз, чыдабай артынан бардым. Флигелдеги жарык терезесин черттим. Ал жоолукка оронуп далиске чыкты. Түн жымжырт. Кар борпоң. Кайдадыр алыскы асмандан жаз келаткандай.

– Анна Кирилловна, рахым этиңиз, аптеканын ачкычын бериңизчи.

Ал акырын:

– Бербейм.

– Жолдош, рахым этиңиз, мага аптеканын ачкычын бериңиз. Сизге врач катары айтып атам.

Өңү кубарып, көздөрү кара так болуп тартыла түштү. Ал ушундай үн менен жооп берди, мен аны аяп да кеттим. Бирок кайрадан эле кыжырым кайнады.

Ал:

– Эмне үчүн, эмнеге минтип айтасыз? Ах, Сергей Васильевич, сизди аяп жатпаймынбы.

Жоолуктун астынан кол чыгарганда, ачкыч колунда экенин көрдүм. Демек чыгып келатканда ала чыккан экен да.

Мен (орой):

– Ачкычты бериңиз! – Колунан жулуп алдым.

Оорукананын агарган имаратына чириген, солкулдаган өтмөк менен баратам. Ачуум келди, анткени теринин астына сайылучу морфийдин эритмесин кандай жасаганды такыр билбейм. Мен фельдшер эмес, врачмын!

Калчылдап келатам. Угуп атам: артымда үйрөтүлгөн күчүктөй болуп ал келатканын. Эрип кеттим, бирок анымды бастым. Бурулуп:

– Жасайсыңбы же жокпу? – деп ыркырадым.

Ал “а баары бир” дегендей колун шилтеп акырын жооп берди:

– Бериңиз, жасайм...

... Бир сааттан кийин өзүмө келдим. Албетте, маанисиз оройлугум үчүн кечирим сурадым. Кантип андай кылганымды өзүм да түшүнбөйм. Мурда сылык эле адам элем...

Ал менин кечирим сураганымды кызык кабыл алды. Тизелеп, колдорума бетин коюп:

– Мен сизге таарынган жокмун. Жок. Мен эми билип атам. Сиз курудуңуз. Билем да. Баягыда укол салганым үчүн өзүмдү каргап атам.

Мен алымдын жетишинче жооткотконго, анын эч күнөөсү жок, өз кылгандарыма өзүм жооп берем дегендей айтып, ишендиргенге аракет кылдым. Эртеңден баштап таштаганга аракет кылып, дозасын азайтам деп убада бердим.

– Азыр канча сайындыныз? <…>

– Камтама болбоңузчу!

Дегинкиси анын камтама болуп атканы түшүнүктүү. Чынында Morphium hidrochloicum күчтүү нерсе, көнүп кетүү абдан тез. Бирок анча-мынча көнө калыш морфинизм болобу?

...Чынында ушул аял жалгыз, менин чыныгы адамым. Дегинкиси менин аялым болушу керек. Мурдагысын эстен чыгарып койдум. Унуттум. Морфийге ыракмат...

8-апрель, 1917-жыл.

Бул азап.

9-апрель.

_____________

Азаптуу жаз.

Бөтөлкөдөгү шайтан. Кокаин – бөтөлкөдөгү шайтан.

Анын таасири мындай:

<…> сайынгандан кийин ошол замат жаның жай ала түшөт, артынан көңүлүң жадырап жыргайсың. Ал бир, эки мүнөткө гана созулат. Андан кийин дегеле болуп көрбөгөндөй жоголуп кетет. Сыздаган оору, коркунуч, караңылык басат. Жаз шуулдап, кара куштар жылаңач бутактан бутакка учуп конуп, алыста карарган токой дүкүйүп, ийрелеңдеп, асманга умтулат, ары жагында асмандын төрттөн бирин ээлеп, алгачкы жаздагы күндүн биринчи батышы күйөт.

Мен доктордун ээн, чоң квартирасында ары-бери кыйгачынан кадамдап жүрөм, эшиктен терезеге, терезеден эшикке. Минтип канча жүрө алам? Он беш же он алты – андан ашпайт. Анан бурулуп уктоочу бөлмөгө барышым керек. Марляда, бөтөлкөнүн жанындагы шприц жатат. Мен аны алып, сайына берип берч болуп калган жерди йод менен чала сүртүп, ийнени теринин астына матырам. Ооруганы билинбейт. О, тескерисинче: азыр пайда болуучу жыргалды күтөм. Мына ал пайда болду. Мен аны жазга кубанган Влас далиске чыгып алып ойноп жаткан гармошканын үнүнөн билем, айнек аркылуу мага жеткен үзүлгөн, кыркыраган гармошканын үнү периштелердин үнүндөй назик, а териден чыккан орой бас бейиштин хорундай угулат. Ошол көз ирмемде кандагы кокаин, эч бир фармаколодияда жазылбаган, белгисиз бир мыйзам боюнча жаңы нерсеге айланат. Мен билем: бул менин каныма аралашкан шайтан. Далистеги Влас тынчып калды, мен аны жек көрөм, тынчы кетип калдырап, ичимди өрттөп күн батып барат. Мен уугуп калганымды сезгиче, бүт кеч бою ушул абал бир нече жолу, катары менен кайталана берет. Жүрөк - колум, чыкыйым менен сезилип дүкүлдөйт... анан туңгуюка кулап түшүп, мындан ары доктор Поляков бул турмушка кайтып келбейт деп ойлогон секунттар болуп калат.

13-апрель.

Мен, ушул жылдын февралында морфинизм менен ооруп калган бактысыз доктор Поляков, меникиндей тагдырга туш болгон бардыгыңарды эскертем, морфийди кокаин менен алмаштырганга аракет кылбагыла. Кокаин эң жаман, абдан ыплас уу. Кечээ мени Анна араңдан зорго, камфаранын жардамы менен сактап калды, а бүгүн жарым өлүкмүн...

____________

1917-жылдын 6-майы.

Күндөлүктү көптөн бери колго ала элекмин. Өкүнүчтүү. Чынында бул күндөлүк эмес, оорумдун тарыхы, мен дүйнөдөгү жалгыз досумдан (кападар жүргөн, тез-тез ыйлай берген досум Аннаны албаганда) айрыла албай калдым окшойт.

Оорунун тарыхын жаза турган болсом, мына: суткасына эки жолу <…> морфий сайынам.

____________

Мурдагы жазгандарымда бир аз аша чаап кеткен көрүнөм. Анча корко тургандай деле эч нерсе жок. Ишмердигиме деги эле кедергисин тийгизбейт. Тескерисинче, күнү кечке түндө сайылган укол менен жашайм. Операцияларды эң сонун жасап, рецеп жазганда абдан такмын, врачтык сөзүмдү берем, менин морфинизмим мага келген ооруларга кедергисин тийгизген жок. Тийгизбейт да деп ойлойм. Бирок мени башка нерсе кыйнайт. Менин жаман адатымды бирөөлөр билишинен корком. Оорулууларды кабыл алып атканда ассисент-фельдшердин желкемди көсөгөн оор, сынай тиктеген көздөрүн сезип туруу кыйнайт.

Болбогон кеп! Эч нерсе айгак болбойт. Кечкисин каректеримден билинип калышы мүмкүн, а мен кечкисин алар менен эч качан жолукпайм.

Аптекада өтө азайып кеткен морфийди уездге барып толуктадым. Бирок ал жакта бир кыйла оор абалда болдум. Склад башчысы шек санатпас үчүн бизде толуп турган кофеин сыяктуу болбогон нерселерди алдын ала кошуп жазган талабымды карап:

– 40 грамм морфийби?

Мен окуучу сыяктуу көзүмдү жашырганга аракеттенип, кызарып кеткенимди сездим.

Ал:

– Анчалык морфий жок. 10 грамм бере алам.

Чынында анчалык морфий болбосо керек, бирок ал менин сырымды билди көрүнөт, көздөрү тинткендей теше тиктегенинен чочуладым.

Жок, каректер, каректер гана айгак боло алат, ошондуктан эреже катары эстедим: кечкисин кишилер менен жолукпашым керек. Ал үчүн менин участкамдан артык ыңгайлуу жер болмок беле, жарым жылдан ашып кетти, оорулуулардан башка эч кимди жолуктура элекмин. А оорулуулардын менин абалым менен иши да жок.

18-май.

Түн үп болуп турат. Жамгыр жаайт окшойт. Токойдон ары, тэ-э алыстыкта, курсагы капкара болуп, чоңоюп көөп келатат. Мына жарк дей түштү. Чагылгандуу жамгыр келатат.

Көз алдымда китеп. Анда морфий колдонгондон эитят болуу керектиги жазылган:

“... катуу тынчсызданып, айласы куруп кусалануу абалы, чочулоо, болбогон нерселерге кыжырдануу, унутчаактык, кээде көзгө ар нерселер көрүнөт, кыска убакытка эсин жоготуу...”

Көзгө ар нерселер көрүнгөнү башымдан өткөн жок, калгандары тууралуу айтарым: кандай гана кургак, эч нерсе билдирбеген мааниси жок сөздөр!

“Айласы куруп кусалануу абалы”!..

Жок, мен ушул эң жаман оору менен ооруп калган адам катары врачтарды эскертем, ооругандарга кең пейилдүү болгула. “Айласы куруп кусалануу” эмес, бир же эки саатка морфийден ажыратып койсоң аны акырындык менен өлүм сыга баштайт. Абадан тоюнганга болбойт, аны жей албайсың... денеде самабаган..., талап кылбаган бир да клетка жок... Эмнени? Аны айта да, түшүндүрө да албайсың. Бир сөз менен айтканда адам болбой калгансың. Адам жок. Кыймылдап аткан, айласы кетип чабалактаган, кыйналып аткан ал - тирүүнүн өлүгү. Морфийден башка эч нерсе каалабайт, эч нерсе ойлобойт. Морфий!

Суу таппай, каның катып суу самап өлүү, морфийге суусаганга салыштырмалуу - бейиштегидей, жыргал өлүм. Тирүүлөй көмүлгөндөр табыттагы абанын болор болбос күкүмүн алганга жан талашып, көкүрөгүн тырмактары менен тытаар. Өрттөлүп аткан еретик бутун жалын алгачкы жалаганда жан талаша онтоп, серпилип калар...

Морфий албай калсаң – өлүм, кургак, акырындык менен, шашпай кыйналып өлүү...

Профессордук “айласы куруп кусалануу абалы” деген сөздүн артында ушул турат.

__________________

Башка чыдай албайм. Сайынып алдым. Дем чыгардым. Дагы дем чыгардым. Жеңилдеп калдым. Эми мына, мына ичим муздап, өзүмө келе түштүм...

<…> бул мага жарым түнгө чейин жетет...

__________________

Тантырактык. Бул жазганым – тантырактык. Корко тургандай деле эч нерсе жок. Эртедир кечтир баары бир таштайм!.. А азыр уктоо, уктайм. Ушул морфий менен күрөшүп атам деген келесоолуктан, өзүмдү калп эле кыйнап, бошоң тартып баратам.

(Андан кийин он чакты барак айрылган.)

...ря

...ять саат төрттөн отуз мүнөт өткөндө кустум.

Жеңилдеп калганда кандай жаман абалда болгонумду жазып коём.

14-ноябрь, 1917-жыл.

Ошентип Москвадан, доктор ооруканасынан... (доктордун аты-жөнү чийилип калган) качып кеткенден кийин кайрадан үйдөмүн. Көнөктөп жамгыр төгүп, бүт дүйнөнү менден бөлүп салган. Мейли, бөлүп салсын. Мен дүйнөгө керегим жок сыяктуу эле, анын да мага кереги жок. Атышуулар, төңкөрүш болуп жатканда мен ооруканада болдум. Менде дарыланганды таштап салайын деген ууру ой Москванын көчөлөрүндөгү атышууларга чейин эле болгон. Мени кайратуу кылып койгон морфийге ыракмат. Атышуулар мени коркутпады. Бир эле нерсени – кудайдын колунан чыккандай керемет ак кристаллдардан башканы самабаган адамды, деги эле эмне коркута алсын. Качан замбиректердин күрүлдөгөнүнөн жүрөгү түшкөн фельдшер аял...

(барак айрылган.)

...дым, бул баракты, диплому бар адам өз костюмун өзү уурдап шүмүрөңдөп качып кеткенин эч ким окубасын деп.

Костюм эмне болуп калыптыр!

Оорукананын көйнөгү менен кеткем. Алмаштырганга чолом тийген эмес. Эртеси сайынып алып жан кирип, доктор N ге келдим. Ал мени аягандай тосуп алды, бирок ошол аёонун артында жек көрүү кадимкидей сезилет. Бекер кылат. Ал психиатр да, мен өзүмө ээ боло албай калар абалымды түшүнүшү керек. Мен оорулуумун. Мени эмнеге жек көрөт. Оорукананын көйнөгүн кайтарбадымбы.

Ал:

– Ыракмат, - анан кошумчалап койду: - эми эмне кылайын деген оюңуз бар?

Мен шар кеттим (ал убакта “жыргап” тургамын да):

– Өзүмдүн түпкүрүмө кетейин деп чечтим, өргүүм да бүтүп калды. Мен сизге абдан ыраазымын, өзүмдү бир топ жакшы сезип калдым. Тигил жакта дарыланууну улантам.

Ал мындай жооп берди:

– Сиз өзүңүздү кенедей да жакшы сезгениңиз жок. Мага ушинтип айтканыңызга күлкүм келет. Каректериңизди бир карап эле билип атам. Деги муну кимге айтып атасыз?..

– Мен, профессор, дароо таштай албадым... айрыкча азыр... тышта ушундай окуялар болуп атканда... атышуулар айламды кетирди.

– Бардыгы бүттү. Мына жаңы бийлик. Кайрадан жатыңыз.

Мен бардыгын эстедим... муздак корридорлор... жылаңач, боёк менен сырдалган дубалдар... мен бели сынган иттей боорум менен жылып... бир нерсе күттүм... Эмнени? Ысык ваннаныбы? 0,05 морфий уколун. Ал доза өлтүрбөйт... бирок бардыгы кала берет – жан-дүйнөңдү жеген кусалык... ныгырган оор азап... жеңилдебей, мурдагыдай эле кала берет... Жылаңач түндөр, коё бергиле деп жалбарып, үстүмдөгү көйнөгүмдү тытып салганым?..

Жок. Жок. Кудай берген апийимдин башын тилип, саап алып морфийди ойлоп таптыңар, эми андан кыйналбай айыккандын жолун таппайсыңарбы! Мен өжөрлөнө башымды чайкадым. Ал ордунан көтөрүлүп, мен коркуп эшикке чуркадым. Эшикти бекитип мени күч менен ооруканада кармайт деп ойлопмун...

Профессор чыңалып кетти.

– Мен түрмөнүн кароолчусу эмесмин, - деди кыжырданып, - бул жер Бутырка да эмес. Тынчтаныңыз. Эки жума мурда мен чыдайм деп мактандыңыз эле. Азыр кылганыңыз... – менин коркуп кеткенимди туурап койду, - мен сизди кармабайм.

– Профессор, менин тил катымды кайрып бериңиз. Өтүнөм сизден, - үнүм кудайдын боору ооругандай кардыгып кетти.

– Мынаңыз.

Үстөлдүн тартмасын ачкычы менен ачып тил катымды (эки айлык дарылануу курсун өтүүгө милдеттенем, керек болсо ооруканада кармоого укуктары бар ж.б., кадимки эле үлгүдө жазылган тил кат).

Калчылдаган колдорум менен алып каттым да:

– Ыракмат, - күбүрөдүм.

Анан кетейин деп, ордумдан турдум. Чыга жөнөдүм.

– Доктор Поляков! – деди артымдан. Мен эшиктин туткасын кармаган бойдон артка бурулдум. - Эмесе мындай, - деди ал, - эсиңизге келиңиз. Сиз барыбир психиатриялык ооруканага түшөрүңүздү түшүнүңүз, балким бир аз убакыттан кийин... Түшкөндө да азыркыга караганда өтө жаман абалда түшөсүз. Мен сизге кесиптеш, врач катары мамиле кылдым. Эмки келгениңизде адамдык касиеттен ажырап келесиз. Сизге чынында адамдарды дарылаганга болбойт, иштеген жериңизге билдирбей коюунун өзү да кылмыш.

Мен селейе түшүп, кубарып кеткенимди сездим (ансыз деле купкуумун да).

– Мен, - дедим жаным чыгып, - өтүнөм, профессор, эч кимге эч нерсе дебеңиз... Иштен четтетишет... оорукчан экенимди ушакташат... Эмне кылганым үчүн андайга түртүп жатасыз?

– Барыңыз, - деди өкүнгөндөй, - барыңыз. Эч кимге айтпайм. Бары бир келесиз...

Мен кетип калдым. Жол бою ооругандан жана уятымдан калчылдап келдим. Эмне үчүн?..

_________________

Жөн эле. Ах, досум, менин ишенимдүү күндөлүгүм. Сен мени сатпайсың да? Иштин жөнү костюмда эмес, ооруканадан морфий уурдаганымда. 3 кубик кристалл жана 10 грамм бир проценттүү эритме. Мени ойлонткону бул эле эмес, мындайы да бар. Шкафта ачкыч туруптур. Эгер ачкыч болбогондо эмне болмок? Шкафты талкалап ачат белем же жокпу? А? Чынын айтканда?

Талкалайт болчумун.

Ошентип, доктор Поляков – ууру. Бул бетти айрып салганга үлгүрөм.

А ишим тууралуу ал бекер эле айтты. Ооба, мен бузулган адаммын. Туура айтат. Моралдык жактан абдан бузулдум. Бирок иштей алам, мага келген оорулуулардын эч бирине жамандык же зыянымды тийгизбейм.

_______________

Эмне үчүн уурдадым? Себеби өтө жөнөкөй. Төңкөрүштөн кийин согуш, чакчелекей, будуң-чаң болуп атканда морфийди эч жерден таба албайм деп ойлодум. Бирок бардыгы тынчыганда чет жакадагы аптекадан – <…> эритме, - мага пайдасы жок, убарачылыгы көп <…> таптым. Басынып, кемсингендей да болдум. Фармацепт мөөр талап кылды. Үтүрөйүп шек санап тиктегени жаман. А эртеси калыбыма келип, башка аптекадан оорукана үчүн рецеп жазып (албетте, кофейин менен аспиринди кошуп), эч токтоосуз <…> алдым. Деги эмнеге жашырынып, коркушум керек? Эмне, бул морфинист деп чекеме жазылып турабы? Кимдин кандай иши бар?

__________________

Абдан эле бузулуп, жинди болгомунбу? Ушул жазгандарымды күбөгө тартам. Ооба, бир аз үзүл-кесилдиги бар, бирок мен жазуучу эмесмин да! Аларда эмне, жиндиникиндей ойлор жазылыптырбы? Жок. Менимче ой жүгүртүүм кадыресе эле соо адамдыкындай.

_________________

Морфинистин эч ким тартып албас бир бактысы бар, - жашоосундагы жалгыздык. Жалгыздык – бул олуттуу терең ой жүгүртүү, байкоолор, тынчтык, акылдуулук...

Караңгы түн үн чыгарбай өтүүдө. Кайдадыр бир жерде жылаңач токой, ары жагында дарыя, суук, күз. Алыста, алыста чакчырылып, тынч ала албай толкуган Москва. Эч нерсе менен ишим жок, эч нерсенин кереги жок, эч нерсеге көңүлүм да тартпайт. Күйө бер лампамдагы жалын, аста күй, мен Москвадагы окуядан кийин эс алгым келет, аларды эстен чыгарам.

Эстен чыгардым. Унуттум.

18-ноябрь.

Жерди тоң тиштеп, суук тартып калды. Жер кургак. Чыйыр менен дарыя бойлоп басып келейин дедим, таза абага чыкпаганыма көп болду.

Бузулуп баратканым го. Бузулган, ошентсе да ага каршылык көрсөткөнгө аракет кылып атам. Мисалы, бүгүн эртең менен <…> сайынган жокмун. Аннага боорум ооруйт. Ар бир кошумча процент анын айласын кетирип жатат. Боорум ооруйт. Кандай гана акмакмын!

Ооба... Ошондо... мына абдан оор болсо да, өзүмдү кыйнап көрөйүн дедим (профессор N көрсө болот эле), сайынбай туруп жээкке кетип калдым.

Ээндик. Үн да, шыбырт да жок. Күүгүм кире элек, бирок ал кайдадыр жашырынып, саз, дөңчөлөр, дүмүрлөр арасында сойлоп келатышат... Келатат, Левковтогу ооруканага келатышат... Таякка сөйөнүп сойлоп келатам (чынында, акыркы кездерде күчтөн тайдым).

Анан көрүп атам, дарыядан берки жар менен мага карай шуулдап, чаарала кең юбкасынын астынан буттары байкалбай, сары чачтуу кемпир учуп келатат... Биринчи мүнөттөрдө түшүнбөдүм, ал эмес корккон да жокмун. Кемпир сыяктуу эле кемпир, эмне экен. Кызыгы – ушул суукта кофтачан, башында жоолугу жок кемпир не кылып жүрөт?..Андан да кайдан келген, эмне кемпир? Левковдо оорулууларды кабыл алуу аяктайт, дыйкандардын акыркы чаналары ар тарапка чачырап, ондогон чакырымга эч ким калбайт. Туман, саз, токой! Жонумдан муздак тер куюлуп кетти, түшүндүм! Кемпир чуркаган жери жок, жерге тийбей учуп келатат. Бул кандай? Бирок коркуп кыйкырганым андан деле эмес, анын колундагы айрыдан болду. Эмнеге анча корктум? Эмнеге? Тизелей жыгылып, көрбөйүн деп колдорум менен калкаланып, анан бурулуп, мени сактап калчудай сезип, жүрөгүм жарылып кетпесе деп, жылуу бөлмөгө чуркап кирсем экен. Аннаны... жана морфийди көрсөм экен деп, башка эч нерсе каалабай, аксалаңдап үйгө карай качтым.

Жеттим.

____________

Тантырактык. Жөн эле ошондой ойлодум. Ошондой элестеттим. Көзгө эч нерсе көрүнгөн жок.

19-ноябрь.

Кустум. Бул жаман.

Анна менен 21инде сүйлөшкөнүм.

А н н а. – Фельдшер билет.

М е н. – Ошондойбу? Баары бир. Эч нерсе болбойт.

А н н а. – Бул жерден шаарга кетпесең, мен муунуп өлөм. Угуп атасыңбы? Колдоруң кантет, карачы.

М е н. – Анча-мынча титиреп турат, бирок иштегенге кедергисин тийгизген жок да.

А н н а.- Сен карасаң, кан сөлү жок. Сөөгү менен эле териси калды...

Өңүңдү карачы... Укчу Сережа, кет, жалбарып суранам, кет...

М е н. – А сенчи?

А н н а. – Кет. Кетип кал. Куруп каласың.

М е н. - О кой, ашыра айтып атасың. Бирок эмнеге мынча тез начардап кеткенимди билбейм. Ооруп калганыма бир жыл да толо элек. Конституциям ошондой болсо керек.

А н н а. (кайгылуу) Сени жашоого кайрадан эмне алып келе алат. Балким сенин Амнерис-аялың болуп жүрбөсүн?

М е н. – О жок. Кам санаба. Мени андан куткарган морфийге ыракмат.

А н н а. - Ой кудай ай... эмне кылам...

________________

Ушул Анна сыяктуулар романдарда гана болот деп ойлоп жүрүптүрмүн. Эгер жакшы болуп кетсем, кийинки тагдырымды ушул аял менен өткөрөм. Күйөөсү Германиядан келбесе экен.

__________________

27-декабрь.

Дептерди көптөн бери колго ала элекмин. Кийинип алдым, аттар күтүп атышат. Бомгард Горелов участогунан кетип, мени ошол жакка чегишти. Менин ордума аял-врач келди.

Анна калды... Келип турат...

Аралык 30 чакырым.

_________________

1-январдан бир айга дарыланганга өргүү алып, Москвадагы профессорго барайын деп чечтим. Чечимим бекем. Кайрадан тил кат берип анын ооруканасында адам чыдагыс азапты көрөм. Кош бол, Левков, Анна, көрүшкөнчө.

1918-жыл.

Январь.

Москвага барбай калдым. Өзүмдүн кристаллдар эритмесиндеги кудайымдан ажырай албайм.

Дарыланып жатканда өлүп калам. Дарыланыштын кереги жок деген ой улам келет.

15-январь.

Эртең менен кустум. Күүгүмдө үч шприц төрт процентүү эритме. Түндө үч шприц төрт процентүү эритме.

16-январь.

Операция күнү, ошондуктан көпкө – түндөн кечки саат 6га чейин сайына албадым. Күүгүм – абдан коркунучтуу мезгил, квартирадан эле бир калыпта, коркунучтуу кайталанган:

– Сергей Васильевич. Сергей Васильевич деген үндү уга баштадым.

Сайынгандан кийин ошол замат бардыгы жоголуп кетти.

17-январь.

Бурганак, оорулуулар жок. Сайынбай калган убакта психиатрия боюнча окуу китебин карадым, абдан жаман абалда калдым. Мен курудум, үмүт жок. Шыбырттан корком. Сайынбай турганда адамдарды жек көрөм. Алардан корком. Сайынып алсам бардыгын сүйөм, бирок жалгыздыкты артык көрөм.

______________

Бул жерде сак болушум керек, мында фельдшер жана эки акушер аял бар. Алар билип калбас үчүн абдан аярлык керек. Тажрыйбалуу болуп калдым, билгизбейм. Морфийдин запасы турганда эч ким билбейт. Эритмени өзүм даярдайм же алдын ала Аннага рецепт жиберем. Бир жолу беш проценттүү эритмени эки процент менен алмаштырганга аракет кылды (убарачылык да). Бороон кычап, абдан суук кезде Левковдон өзү алып келди.

Ошол үчүн түнкүсүн катуу уруштук. Экинчи андай кылбаганга көндүрдүм. Бул жерде иштегендерге ооруп атам дедим. Кандай ооруну шылтоо кылсам деп, көпкө баш оорутуп, бутум ревматизм, башым ооруйт деп салдым. Алар февралда өргүү алып Москвага дарыланганы кетеримди билишет. Бардыгы жылма өтүүдө. Иш үзгүлтүк болгон жок. Токтобой кусуп же ыктыткан күндөрү операция жасабайм. Ошондуктан ичегиме суук тийип, ичим да ооруйт деп кошуп койдум. Ой ата, бир эле адамда ушунча оору болорбу!

Бул жерде иштегендер мени аяп, өргүүгө өздөрү кубалап жатышат.

________________

Кебетем: арык, кагаздай купкуу.

Ваннага түшүп оорукананын таразасында салмагымды текшердим. Былтыр 4 пуд элем, азыр 3 пуд, 15 фунт болдум. Коркуп таразанын жебесин карадым, анан бардыгы өтүп кетти.

Ийиндеримде айыкпаган жараттар, санымда да ошо. Эритмени таза жасай албайм, андан башка да бир жакка шашып атып, үч курдай кайнатылбаган шприц менен сайындым.

Антпеш керек.

18-январь.

Көзүмө коркунучтуу нерселер көрүнөт: карарган терезеден кандайдыр бир кубарган адамдардын келишин күтөм. Адам чыдагыс. Шторадан башка эч нерсе жок. Ооруканадан марля алып терезеге тартып койдум. Анткениме шылтоо таба алган жокмун.

Ах шайтан алгырдыкы! Эмнеге эле ар бир кыймылым үчүн шылтоо издешим керек? Бул жашоо эмес, өзүнчө эле азап да!

______________

Өз оюмду туура жеткирип жатамбы? Менимче туура эле. Жашообу? Жайында. Күлкүң келет!

19-январь.

Бүгүн оорулууларды кабыл алып жатып, тыныгууда аптека бөлмөсүндө тамеки чектик. Фельдшер порошокторду ороп жатып (эмнегедир күлүп), бир морфинизм менен ооруган фельдшер аял морфий таба албай, жарым рюмкадан апийим эритмесин ичкенин айтты. Мен үчүн ушул абдан оор кеп болду, жанымды коёр жер таппадым. Анын эмнеси күлкү? Фельдшерди жек көрүп калдым. Эмнесине күлгөндөй? Эмнесине?

Аптекадан ууру жүрүш менен кетип калдым.

“Ушул оорунун күлгөндөй эмнеси бар?..”

Бирок кармандым, карма... Ушул абалымда адамдарга кекирейгенди ким коюптур.

Ах, фельдшер. Ал дагы ооруган адамга эч бир, эч бир, эч бир жардам бере албаган психиатрлар сыяктуу эле таш боор.

____________

Мурдагы жазуулар сайынбай калганда жазылган. Ошондуктан аша чапкандык көп.

1-февраль.

Анна келди. Саргарып, оорулуу. Анын түбүнө мен жеттим. Түбүнө жеттим. Мойнумдагы кечирилгис күнөө.

Февралдын ортосунда кетем деп убада бердим.

________________

Убадамды аткарар бекемин?

__________________

Аткарам. Э. тирүү калсам.

3-февраль.

Ошондо: дөбө. Муз баскан баш-аягы билинбеген, бала кездеги жомокто Кайды[6] чана менен алып кеткен дөбөгө окшогон дөбө. Ушул дөбөдөн акыркы учушум, ылдыйда эмне күтүп жатканын билем. Ах, Анна, жакында зор күйүткө малынасың, мени сүйгөн болсоң...

11-февраль.

Мындай кылмай болдум. Бомгардга кайрылам. Эмне үчүн ага? Анткени ал психиатр эмес, анткени ал жаш жана университетте чогу окуган жолдошум. Мен билгенден ден соолугу чың, күчтүү, боорукер. Эсимде. Балким ал үмүт... ал мени түшүнөр. Ал бир айласын табат. Мейли, мени Москвага алып кетсин. Мен ага бара албайм. Өргүү алып койдум. Жатам. Ооруканага барганым жок.

Фельдшерди бекер эле жаман көрүптүрмүн. Эми күлүптүр да... эмнеси бар. Мени көргөнү келиптир. Көкүрөгүңдү тыңшап көрөйүн дейт.

Мен макул болгон жокмун. Кайрадан эле баш тартканга шылтоо издеп атамбы? Шылтоо издегим келбейт.

Бомгардга кат кетти.

______________

Эл-журт! Жардам берсеңер боло?! Аянычтуу үн чыгара баштадым го. Муну бирөө окуса экиленип атат деп ойлойт. Бирок эч ким окубасын.

______________

Бомгардга кат жазардын астында бардыгын эстедим. Айрыкча Москвадан качып келатканда вокзал эсиме түштү. Кандай азаптуу кеч. Уурдап алган морфийди ажатканада сайындым... Бул азап. Эшикти бирөөлөр тарткылап, чаңкылдап кыйкырып, көпкө чейин чыкпаган үчүн сөгүп атышат, колдорум калтырайт, эшиктин илгичи калтырайт, мына-мына ачылып кетчүдөй...

Ошондон бери денемде жара. Түндөсү, ошолорду эстеп ыйладым.

12-түнү.

Кайрадан ыйла. Түнкүсүн мен начарлап, мүшкүл күчөп кеткени эмнеси?

1918-жылдын 13-февралы, Гореловдо таң алдында.

Өзүмдү куттуктасам болот: сайынбай он төрт саат чыдадым! Он төрт! Бул ойго челбеген сан. Үрүңдөп, агыш тартып жарык кирип баратат. Азыр бардыгынан кутуламбы?

Кадимки соо кишидей ойлоном. Мага Бомгарддын кереги жок, эч кимдин кереги жок. Өз жашоом жөнүндө үстүртөн болсо да бирөөгө айтуу – уят. Мындай жашоону – жок, болбойт. Дары кол алдында. Мурда эмнеге ойлободум?

Болуптур анда, киришели. Мен эч кимге эч нерсе карыз эмесмин. Өз түбүмө өзүм жеттим. Аннаны да куруттум. Эмне кыла алам?

Амнер ырдагандай, убакыт унуттурат. Аны менен, албетте, жөнөкөй жана жеңил.

Дептер Бомгардга. Бүттү...

V

1918-жылдын 14-февралынын таңы алдында элеттеги кичине шаарчада Сергей Поляковдун ушул жазгандарын окудум. Бул жерде ал толук, эч өзгөрүүсүз берилди. Мен психиатр эмесмин, бул жазуулар бирөөлөргө сабак боло алабы, кереги барбы? Аны да айта албайм.

Менимче керек.

Азыр эми, андан бери он жыл өткөндөн кийин окугандан кийин пайда болгон – аёо, коркуу сезими жоголду. Ошондой эле болот. Бирок Поляковдун сөөгү эчак топуракка айланып, анын элеси такыр эстен чыгып калганда мен ошол жазууга кайтадан кайрылдым. Балким керектир? Керек деп ойлойм. Анна К. 1922-жылы, ошол иштеп жүргөн участкада келтеден каза болду. Амнерис – Поляковдун биринчи аялы – чет өлкөдө. Келбейт.

Мага арналган күндөлүктү басып чыгарсам болобу?

Болот. Басып чыгарам. Доктор Бомгард

1927-ж. Күз.

Которгон Марсел ИСАКОВ

[1] 1905- ж. Москвадагы белгилүү чачтарач салону.

[2] Автоклав – медициналык жабдыктарды буу менен дизинфекциялоочу жабык аппарат.

[3] Люэс – сифилис.

[4] Часовня – иконалары бар, сыйынуучу чакан имарат. Чиркөөдөн айырмасы алтары болбойт.

[5] Россия империясында 1861-ж реформага ылайык айылдарда уезден кичине жергиликтүү башкаруу органы.

[6] Кай – Х. Андерсендин “Муз ханышасы” жомогунун каарманы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз