Михаил Булгаков: Караңгылык

  • 22.12.2021
  • 3969

АҢГЕМЕ

Менин туулган күнүмдө бүткүл дүйнө кайда адашкан? Москванын электр фонарлары кана? Элчи? Асманчы? Терезе тышында эч нерсе жок! Караңгылык...

Биз элден бөлүнүп калдык. Биринчи керосин фонарлары бизден он чакырым темир жол станциясында. Бурганактан улам үлпүлдөп тургандыр. Жарым түндө айкырып, токтоп да койбогон Москванын тез поюзу өтөт,– ага бороондо көмүлүп калган станциянын кереги да жок. Кардан эле жол бүтөлүп калганы болбосо.

Биринчи электр фонарлары кырк чакырым, уездик шаарда. Ал жакта жашоо сонун. Кинематограф бар, магазиндер... Талаада шамал уңулдап, кар бурганактап жатса, экранда тростник толкуп, пальмалар чайкалып тропикалык аралдар көчүп өтүп атса керек, көздүн сугун алып...

Биз жалгызбыз.

– Египеттегидей караңгылык, - деп койду Демьян Лукич терезенин пардасын көтөрүп.

Ал салтанат менен, бирок өтө таамай айтты. Так эле Египеттегидей караңгылык.

– Келгиле, дагы бир рюмкадан, - дедим. (Ой, жаман көрбөгүлөчү! Врач, фельдшер, эки акушерка – биз деле адамбыз да. Айлап жүздөгөн оорулуулардан башка эч кимди көрбөйбүз. Иштеп атабыз, карга көмүлүп калганбыз. Анан эмне, врачтын туулган күнүндө эки рюмкадан рецепке тууралап суу кошулган спирт ичип, уездик шпроттор менен закуска кылганга болбойбу?)

– Сиздин ден соолук үчүн, доктор! – шыктандыра кетти Демьян Лукич.

– Бизге көнүшүп кетүүңүздү каалайбыз! – Анна Николаевна рюмкасын кагыштырып, майрамга кийүүчү кош этек көйнөгүн оңдоду.

Экинчи акушерка Пелагея Ивановна кагышып, рюмкага эрдин тийгизип, чөк түшө темир көсөө менен от көсөдү. Бетке ысык толкун уруп, арактан көкүрөк жылыды.

– Түшүнсөм буюрбасын, - дедим кызууланып, көсөдөн улам чачырап жаткан учкундарды тиктеп, - тигил аял белладонна менен эмне кылып салган? Бул бир жеткен түркөйлүк да!

Фельдшер менен акушеркалардын жүзүндө жылмаюу жаралды.

Бул мындай болду. Бүгүн эртең менен оорулууларды кабыл алып жатканда кабинетке отуз жаштардагы, бетинен кан тамган жакшынакай келин кирди. Артымдагы акушердик креслого жүгүнүп, коюнунан кең ооздуу флаконду алып чыгып жасакерлене:

– Ыракмат жолдош доктор, тамчыларыңыз үчүн. Жардам бергенде да укмуш жардам берди!.. Дагы бир банка берип коюңуз.

Колунан флаконду алып, этикеткасын карап, көзүм караңгылап кетти. Этикеткада Демьян Лукичтин колу менен: “Tinct. Belladonna… ж.у.с.. “16- декабрь, 1917-жыл.” – деп бадырайта жазылыптыр.

Башкача айтканда, кечээ ушул келинге белладоннанын чоң дозасын жазып берген экемин, а бүгүн, 17-декабрда менин туулган күнүмдө бош флакон менен келип, дагы сурап отурбайбы.

– Сен... сен... кечээ бардыгын ичтиңби? – деп сурадым жапайы үн менен.

– Бардыгын, акебай алтыным, бардыгын, - быдырады келин, ушул тамчылар үчүн сизге кудай өмүр берсин... жарымын – келерим менен, калганын – жатаарда. Тим эле кол менен алгандай...

Мен акушердин креслосуна жөлөндүм.

– Канча тамчыдан ич дедим эле? – муунуп калгандай киркиредим. – Мен сага беш тамчыдан... Эмне кылганың, айланайын? Сен деген... мен деген...

– Кудай урсун, ичтим! – дейт келин, белладонна менен дарыланганыма ишенбегендей.

Кызарган беттеринен кармалап, каректерине тигилдим. Каректери кадимкисиндей эле. Сулуу, эч өзгөрбөгөн каректер. Кан тамырынын кагышы да сонун. Дегинкиси, келиндин белладоннага уугуп калганы байкалбайт.

– Болушу мүмкүн эмес! – деп айкырдым: - Демьян Лукич!!!

Ак халатчан Демьян Лукич аптека бөлмөсүнүн коридорунан чыга келди.

– Карасаңыз, Демьян Лукич, бул сулуу эмне кылганын? Эч нерсеге түшүнбөй турам...

Келин бир нерсеге күнөөлүү экенин сезип, жалдырап тегерегин тиктейт.

Демьян Лукич флаконду алып жыттап, колунда айландыра карап туруп катаал түрдө:

– Сен, алтыным, калп айтасың. Дарыны ичкен эмессиң! – деди.

– Кудай ур... – деп баштады келин.

– Сен, келин, жаныңды жебе, – эрдин кыйшайтып катаал сүйлөдү Демьян Лукич, - биз бардыгын абдан жакшы билебиз, мойнуңа ал, тамчылар менен дагы кимдерди дарыладың?

Келин жакшынакай каректери менен таза акталган шыпка тигилип, чокунуп койду.

– Калп айтсам так ушул жерде...

– Токтот, токтот... - Демьян Лукич күңкүлдөп, анан мага:

– Булар мындай кылат, доктор. Так ушуга окшогон артистка ооруканага келет, ага дары жазып беришет, ал болсо айылга келип, бардык аялдарды сыйлайт.

– Коюңузчу, жолдош фершал...

– Токтот! – кесе айтты фельдшер. Араңарда жүргөнүмө сегиз жыл болду. Билем. – Айылдын бардык үйүнө тамчылатып таратпадыбы бул сулуу, - деп улантты мага карай.

– Ушул тамчылардан дагы бериңиздер, – деп кысына суранды аял.

– Жок, болбойт, - дедим чекемдеги теримди аарчып, - бул тамчылар менен эми дарыланбайсың. Ичиң жеңилдеп калдыбы?

– Абдан, тим эле кесип салгандай!

– Ошондой де, жакшы болуптур. Мен сага башкасын жазып берем, ал да абдан жакшы дары.

Мен ага валерьянка жаздым, нааразы болуп кетти.

Терезе сыртында бурганактуу, Египеддегидей караңгы түндүн оор көшөгөсү каптап турганда, доктордун квартирасында менин туулган күнүмө карата чогулуп, ушуларды сүйлөшүп аттык.

– Бул эмне болуп калыптыр, - деди Демьян Лукич, майга чөгөрүлгөн балыкты аяр чайнап - бул да эч нерсе эмес: биз мындайга көндүк. А сизге урматтуу доктор, университеттен кийин, борбордон кийин, көнүүгө абдан, абдан аракет кылышыңыз керек. Караңгылык!

– Ох, кандай караңгылык! – жаңырык сыяктуу кайталап койду Анна Ивановна.

Бурганак мордо үңүлдөп, дубал сырты шуудурайт. Мештин алдындагы карарган темирде от чагылышып кызарат. Ушул түпкүрдө медиктерди жылыткан мээримдүү отко алкыш!

– Сизден мурунку Леопольд Леопольдович тууралуу уктуңузбу? – деди фельшер Анна Николаевнага кичи пейилдик менен папирос берип, өзү папиросун тамызды.

– Жакшы доктор эле! - деди сыймыктангандай Пелагея Ивановна жалжылдаган көздөрү менен кайрымдуу отту тиктеп. Кара чачтарында сайылган майрамдык тарактын жасалма асыл таштары жалтылдап.

– Ооба, укмуш адам эле, - кошула кетти фельдшер. – Дыйкандар кудайындай көрүшчү. Аларга кандай мамиле кыларды жакшы билчү. Липонтийге операция жасаткандан эч ким баш тартчу эмес. Алар аны Леопольд Леопольдовичтин ордуна Липонтий Липонтьевич аташчу. Ага ишенишет эле. Андан да алар менен сүйлөшө билчү. Бир жолу жакшы таанышы Дульцовдук Федор Косой келиптир. Ушундай болуп калды Липонтий Липонтьич, көкүрөгүм кысылат, дем ала албайм. Андан башка да тамагымды бирөө тырмап аткандай...

– Ларингит, - дедим дароо, бир ай ичинде айылда кутургандай жарышып, заматта чыгарылуучу диагнозго көнө түшкөн жаным.

– Туптуура. Мына, - дейт Липонтий, - мен сага дары берем. Эки күндөн кийин куландан соо болуп кетесиң. Бул француз ысыткычтары. Бирөөнү аркага, эки далынын ортосуна жабыштырасың, экинчисин – көкүрөккө. Он мүнөттөй кармап сыйрып саласың. Жөнө! Аракеттен! – Тигил ысыткычтарды алып жөнөп кетти. Эки күндөн кийин кайра келиптир:

– Эмне болду? – дейт Липонтий.

Анда Косой:

– Бул кандай, Липонтий Липонтьич, ысыткычтарыңыз такыр эле жардам берген жок.

– Калп айтасың! - деди Липонтий, - Француз ысыткычтары сөзсүз жардам бермек! Сен аларды жабыштырган эмессиң го?

– Кантип жабыштырбайын? Жабыштырдым. Мына, азыр да жабышып турат...

Ошентип артына бурулду. Ысыткыч тонуна жабышып турат!..

Мен каткырып калдым, а Пелагея Ивановна кыткылыктап көсөө менен отунду чапкылап жатат.

– Айтасыз да, бул – анекдот, - дедим, - андай болушу мүмкүн эмес!

– Анек-дот?! Анекдот?! – деп жиберишти акушеркалар.

– Жо-ок! – күрсүнүп алды фельдшер – Бизде, баам салып көрсөңүз бардык турмушубуз ушундай анекдоттордон турат... Бул жакта ушундай окуялар кадыресе.

– А кантчы?! – деп калды Анна Николаевна. Пелагея Ивановна, кант тууралуу айтып коюңузчу!

Пелагея Ивановна мешти жаап, буйдала түшүп:

– Ошол эле Дульцового төрөткө барган элем...

– Бул Дульцово дегениң – атактуу жер да, - деди кармана албай фельдшер, анан кошумчалап койду: – Кечиресиз! Уланта бериңиз, кесиптеш!

– Эми түшүнүктүү, текшерип атам, - деп улантты Пелагея Ивановна, - бала чыгуучу каналда колдорума түшүнүксүз бир нерселер сезилет... Бирде майда, бирде чоң бөлүкчөлөр... Көрсө, кант-рафинат экен!

– Мына сизге анекдот, - деп койду Демьян Лукич көтөрүңкү үн менен.

– Ой койгулачы... эч нерсе түшүнбөдүм...

– Кемпир! – деди Пелагея Ивановна. – Анача кемпир үйрөтүптүр. Төрөшүң оор болот. Бала жарык дүйнөгө чыккысы келбей атат. Аны алдап чыгаруу керек. Анан ошол да, таттуу менен алдап чыгармай болушуптур!

– Анык кокуй экен го! - дедим.

– Төрөгөн аткан аялдарга кыл чайнатышат, - деди Анна Николаевна.

– Эмнеге?

– Шайтан билеби. Бизге үч сапар ошондой аялдар келди. Жатат, түкүрүнүп байкуш аял. Оозу толтура кыл. Төрөт жеңил болот деген ошондой жышаан бар го...

Эскерүүлөрдөн акушеркалардын көздөрү жалжылдады. Оттун жанында чай ичип узак отурдук, оозум ачылып аларды угуп аттым. Төрөгөн аткан аялды айылдан ооруканага алып келатканда Пелагея Ивановна өзүнүн чанасын, жолдо айнып кетип аялды анача кемпирдин колуна салып бербесин деген ой менен, дайыма арттан салган адаты бар экени, дагы бир жолу баласы жатында туура эмес жайгашкан аялдын окуясын баяндады. Анын жатындагы наристеси оң бурулсун деп энесин бутунан шыпка асып коюшуптур. Коробовдук анача кемпир, врачтар түйүлдүк жаткан чел кабыкты жарат дегенди угуп, аш бычак менен баланын башын кескилеп салганын, анан атактуу, кылдат Липонтий да эч нерсе кыла албай, дагы жакшы, энесин аман алып калышыптыр...

Уга бердим...

Мештин оозу эчак жабылган. Меймандарым өздөрүнүн турагына кетишти. Анна Николаевнанын терезеси бир топко чейин күңүрт жарык туруп, анан өчтү. Бардыгы жабылды. Бурганакка декабрдын коюу кечи кошулуп, кара көшөгө жерди да, асманды да жаап салды.

Мен кабинетте ары-бери жүрөм, таман астында пол кычырап, голландка-мештен жылуулук келип, кайдадыр бир коңулда жаны тынбаган чычкан кычыратып кемирип жатканы угулат.

“Жок, болбойт, - деп ойлойм, - египеттик түркөйлүк менен тагдыр ушул элетте мени канчага кармаса ошончо күрөшөм. Рафинат-кант... Карасаң буларды!..”

Жашыл калканычы бар лампа жарыгында пайда болгон кыялымда университеттик зор шаарча пайда болду, анда клиника, а клиникада чоң зал, полу түстүү плиталардан, жаркыраган крандар, аппак таза шейшептер, абдан акылдуу, чуштугуй, агарып бараткан сакалчан ассистент...

Ушундай убактагы эшиктин кагылышы дайыма адамды алагды кылып чочутат. Чочуп кеттим.

– Ким бул, Аксинья? – деп сурадым, ички тепкичтин тосмосунан эңкейип (врачтын квартирасы эки кабат: үстүндө кабинет, уктоочу бөлмө, ылдыйда – ашкана, эмнеге экени белгисиз. Дагы бир бөлмө, анан аш бышырган бөлмө, анда ушул Аксинья – ашпозчу жана анын күйөөсү, оорукананын жалгыз кароолчусу жайгашкан).

Эшик тиреген оор тирөөч калдырап, лампа жарыгы ылдыйда чайкалып калды, муздак урат. Анан Аксинья:

– Оорулуу келиптир...

Чынында кубандым. Уктаганга али эрте, чычкандын кытыратканынан жана эскерүүлөрдөн улам көңүлүм бузулуп, жалгызсырап отурат элем. Анын үстүнө оорукчан эркек, демек аял эмес, андыктан,чочулай тургандай коркунучтуу төрөт да эмес.

– Баса алат бекен?

– Басат, - деди Аксинья, эстеп.

– Мейли, кабинетке келсин.

Тепкич көпкө кычырады. Салмактуу, кабелтең киши келатат көрүнөт. Мен, жыйырма төрт жаштагы жеңил жаным, чуркап чыкпай, алымдын жетишинче эскулаптын кесиптик чегинен чыкпаганга аракет кылып, жазуу үстөлүнө олтурууга үлгүрдүм. Оң колум стетоскопто, тапанчада жаткандай.

Эшиктен кой терисинен тигилген тон кийип, кийиз өтүкчөн сөлөкөт сыгылып кирди. Тумагы колунда.

– О аке, эмне мынча кеч? – салабаттуу сурап койдум жөн эле болсо да.

– Кечирип коюңуз, жолдош доктор, - жагымдуу, жумшак күрүлдөгөн үн менен жооп берди сөлөкөт, - бурганак... таза балакет болду го! Кармалып калдым, эмне кыла аласың, кечириңиз, суранам!

“Сылык адам экен”, - деп ыраазы боло ойлоп койдум. Сөлөкөт мага жагып турду, ал эмес коюу кызгылт сакалы да жакшы маанай жаратат. Кыясы, сакалын бапестеп карайт көрүнөт. Ээси аны тегиздеп эле тим койбой, бир нерсе менен майлап да коюптур, анысы айылга келгенине аз убакыт болсо да, врачка билинип эле турат – суу май.

– Эмне болду? Тонуңузду чечиңиз. Кайдан келдиңиз?

Тону дөбөдөй болуп үстөлдө жатты.

– Калтыратма кууратты, - деди оорулуу кайгылуу тиктеп.

– Калтыратмабы? Ага! Дульцевден болосузбу?

– Так ошондой. Тегирменчимин.

– Ал кантип кыйнайт? Айта бериңиз!

– Күн сайын саат он экиде баш ооруйт, анан ысыйм... Эки сааттай калчылдатат.

“Диагнозу даяр!” – башымда жеңиш күүсү заңкылдады.

– Башка сааттарда кандай?

– Буттарым начар...

– Ага... Чечиниңиз! Гм...ооба.

Бул оорулуу карап бүткөнчө эле мага абдан жагып калды. Макоо аялдар, темир шпаделден[1] жүрөгү түшүп качкан өспүрүмдөр, бүгүн эле эртең мененки белладонна менен болгон окуялардан кийин тегирменчини кароо өзүнчө эле ыракат да.

Сүйлөгөнү так, маанилүү. Түшүнүгү да кеңири адам көрүнөт, ал эмес ар бир кыймылында илимге болгон - мен абдан сыйлаган медицинага урматтоо сезими байкалып турат.

– Анда мындай, аке, - дедим жылуу, кең көкүрөгүн чертип, - сиздики безгек экен. Ошол калчылдатканы... Азыр менде бир палата толугу менен бош. Жатыңыз. Сизди жакшылап текшеребиз. Порошок менен дарылай баштайбыз, жардам бербесе дары саябыз. Айыгып кетесиз. Кандай? Жатасызбы?..

– Чоң ыракмат! – деди тегирменчи абдан сылык. – Сиз жөнүндө угуп жүрөбүз. Бардыгы ыраазы. Абдан жакшы дарылайт дешет... Дары сайсаңар мейли, айыгып кетсем эле болду.

“Ушул караңгылыкта шамдай жаркыраган бирөө бар экен го!” – деп ойлоп, жазганы үстөлгө олтурдум. Абдан жакшы көрүп, чоочун тегирменчи эмей эле бир тууган агам ооруканага, мага конокко келгендей сезимде болдум.

Бир бланкага:

“Chinini mur. 0,5

D.T dos.N 10

S. Тегирменчи Худовго жарым түндө 1 порошоктон, – деп жазып, чакчырылта кол койдум.

Экинчи бланкка:

“Пелагея Ивановна! Тегирменчини экинчи палатага жаткырыңыз. Ал malaria. Бир порошоктон хинин, эрежеге ылайык, калтыратмага 4 саат калганда, демек, жарым түндө.

Башкаларга окшобойт! Интеллигент тегирменчи экен!”

Уктаганы жатып, кабагы бүркөлүп, улам эстеген Аксиньянын колунан жазылган жооп алдым:

“Урматтуу доктор! Бардыгын аткардым. Пел. Лбова”.

Уктап кеттим.

...Анан ойгондум.

– Сен эмне? Эмне? Эмне Аксинья? – сүйлөнүп атам.

Мария чуркап келди.

– Пелагея Ивановна сизди тез келсин деп жибериптир.

– Эмне болуптур?

– Экинчи палатадагы тегирменчи өлгөн атат, - дейт.

– Эмне-е! Өлгөн атат? Кандай, өлгөн атат?!

Жылаңайлак бутум туфлиге тийбей, полдун муздактыгы сезилди. Көпкө ширенке чага албай көгүш жалын тутангыча билигин сайгылай бердим. Саат туура эле алты болуптур.

“Бул эмнеси?.. Бул эмнеси? Безгек эмес болгонубу?! Ага эмне болду? Тамырынын кагышы жакшы...

Беш мүнөткө жетпей тескери кийилген байпак, бүчүлөнбөгөн күрмөчөн, чачтарым саксайып, кийиз өтүкчөн, али караңгы короодон чуркап өтүп экинчи палатага кирдим.

Кичинекей кересин лампанын жарыгында төшөктүн бырышкан шейшебинде, ооруканада кийген ич кийимчен тегирменчи отурат. Кызгылт сакалы уйпаланып, алайган көздөрү карарып кеткен. Мас немедей чайкалат. Айласы кетип жалдырап ар кимди карап, онтолоп дем алышы оор...

Ооруларды караган Мария оозу ачалып, кара-көк тартып чыңалган  жүзүн тиктейт.

Кыйшак кийилген халатчан, жылаң баш Пелагея Ивановна мени утурлап:

– Доктор! – деди кардыккан добуш менен, - Кудай урсун, менде күнөө жок! Ким күтүптүр мындай кыларын. Сиз өзүңүз жазбадыңыз беле – интеллигент...

– Эмне болду?!

Пелагея Ивановна колдорун жайып:

– Элестетип көрүңүз, доктор! Ал бардык он порошок хининди бир жеп салыптыр. Жарым түндө.

*     *     *

Күңүрт таң атты. Демьян Лукич ичке салынган зондду чыгарып алды. Камфар майы жыттанат. Полдогу чылапчын киргилт күрөң суюктукка толгон.

Ырп этерге дарманы жок, алдан тайып кубарган тегирменчи жатат ээгине чейин шейшеп жамынып. Кызгылт сакалы эле сербейет. Мен эңкейип тамырын кармап, аман каларына ишендим.

– Кандай?

– Көзүм караңгылап атат, Египеттин караңылыгындай караңгылык... О... ох... – деди араң жан үн менен.

– Меники дагы, - дедим жиним келип.

– Ась? – дейт тегирменчи (угуусу али начар).

– Мага бир эле нерсени түшүндүрчү, аке. Эмнеге мындай кылдың?! – кулагына эңкейип катуу айттым.

– Эмнеге бирден ичип чоюп отурмак элем? Бир эле  ичип тез айыгып кетейин, - деп ойлогом.

– Сөз жок, укмуш!

– Анекдот-с! – какшыктагандай үн катып койду фельшер.

*     *     *

“Мындай болбойт... мен күрөшөм. Мен... күр... Мен...” Оор түндөн кийин таттуу уйку курчайт. Египеттин караңгылыгы каптап, анда мен жүргөнсүйм... Колумда кылычпы же стетоскоппу. Баратам... күрөшүп атам... Түркөйлүк. Бирок жалгыз эмесмин. Жоокерлерим келатат: Демьян Лукич, Анна Николаевна, Пелагея Ивановна. Бардыгыбыз ак халатчан, алга, алга...

Уйку деген да бир ыракат да!

Которгон Марсел ИСАКОВ

 

[1] Шпадель – тилди басып, ооз көңдөйүн караганга жардам берүүчү медаспап.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз