Михаил Булгаков: Псалом

  • 18.01.2022
  • 2618

АҢГЕМЕ

Биринчи эшиктин артында чычкан кытыратып аткандай, анан абдан сылык адамдын үнү угулду:

- Мүмкүнбү?

- Кел, келиңиз.

Эшиктин тосмосу ырдап жиберди.

- Кел, отур диванга.

(Ирегеден), - Паркеттен кантип өтөм?

- Сыйгаланбай акырын өт, тайгаланба. И-и, эмне жаңылык бар?

- Эч нейсе.

- Койсоңуз, а ким эртең менен коридордо өңгүрөп атты эле?

(Унчукпай, оор улутуна) - Мен өңгүрөдүм.

- Эмнеге?

- Апам уйду.

- Эмне үчүн?

- (Көпкө унчукпай) - Суркенин кулагын тиштеп алгам.

- Ал эмнең?

- Апам айтат, Сурка - тентек. Мени эликтейт, тыйынымды алып алды.

- Эмнеси бар экен, тыйын үчүн бирөөнүн кулагын тиштейт деген декрет жок да. Анда сен жаман бала экенсиң.

(Таарыныч) - Ойнобойм сени менен.

- Мейлиң, кереги да жок.

(Үн жок, тыным) - Атам келгенде айтам. (Унчукпай туруп) – Ал сени атып салат.

- Ах, ошондойбу! Анда мен чай демдебейм. Эмнеге демдейт экем. Атып салган атса...

- Жок, сен цай демде.

- Сен мага кошулуп ичесиңб?

- Конфет мененби? Я?

- Албетте.

- Анда мейли. Ичем.

Эки дене - бири чоң, бири кичине дене отурушат. Чайнек зыңылдап ырдап, абажурдун ачык конус жарыгы Жером Жером китебинин бетинде жатат.

- Ырды болсо унутуп калсаң керек. Унуттуңбу?

- Жок, унуткан жокмун.

- Айт, анда.

- Са... Сатып алам туфли...

- Фракка.

- Фракка, анан ыйдайм түнкүсүн...

- Псалом.

- Псалом... багып алам... итти...

- Эч...

- Эч нейсе...

- Улана берет жашоом.

- Берет улана жа-со-ом.

- Ошондой де. Чай кайнаса ичебиз, ушинтип жашоо кечебиз.

- (Терең улутунуу) - Жа-со-о кечебиз.

Шыңгыр добуш. Жером. Буу. Конус жарык. Паркет жаркырайт.

- Сен жалгызсың.

Жером паркетке түшүп кетти. Бети өчтү.

(Үн жок тыным) - Аны сага ким айтып жүрөт?

(Камырабай) - Апам.

- Качан?

- Сенин топчуң кадап атканда, тигип атат, тигип атат анан Натаскага айткан...

- А-аа. Акырын, акырын, шүк тур, болбосо күйүп каласың... Ух!..

- Ысык, ух!

- Конфеттен кандайын кааласаң ошону ал.

- Мен бул чоңун алам.

- Үйлө, үйлө, бутуңду силкпей отур.

(Сценанын артынан аялдын үнү) – Славка!

Эшик тыкылдайт. Эшиктин тосмосу жагымдуу ырдайт.

- Дагы сизде отурабы. Славка, үйгө бар!

- Жок, жок. Биз чай ичип атабыз.

- Эми эле ичти эле...

(Уяң мойнуна алуу) - Мен... ичкен эмесмин.

- Вера Ивановна. Чайга келиңиз.

- Ыракмат, мен эми эле...

- Келиңиз, келиңиз мен сизди жибербейм...

- Колдорум суу... кир жайып аткан элем.

(Чакырылбаган арачы) – Апамды каймаба.

- Макул, кармабайм... Вера Ивановна, олтуруңуз...

- Коё туруңуз, кирди жайайын, анан келем.

- Мейлиңиз, мен керосинканы өчүрбөй турайын.

- Славка, ичип болуп, үйгө жөнө. Укта. Ал сизди убара кылып атат.

- Убая кыган жокмун. Тентек кыйбайм.

- Эшиктин тосмолору жагымсыз ырдайт. Конус жарык эки ача. Чайнек учукпайт.

- Уйкуң келип атабы?

- И-и-к. Сен жомок айтып бей.

- Уйкуң келди го, көздөрүң кичирип кетиптир.

- Жок, кичине эмес, айтып бей.

- Мейли, кел мага. Башыңды кой. Мына. Жомокпу? Кайсы жомокту айтып берейин?

- Бала жөнүндө, жанагы...

- Бала жөнүндөбү? О-о тууган, ал оор жомок. Эми мейли, сен үчүн. Ошентип, бир бала болуптур. Ошол, кичинекей, төрт жаштар чамасында. Москвада, апасы да бар экен. А баланын аты Славка экен.

- Угу... Меникиндей.

- Татынакай, бирок ал, тилеке каршы – урушчаак бала экен. Ал урушканда башкаларды колуна эмне тийсе ошону менен согуп урушат экен. Колу, буту ал эмес гөлөш менен дагы. А бир жолу тепкичте 8-номерде жашаган жакшы эле, жоош, татынакай кызды китеп менен бетке чааптыр.

- Ал өзү уйучаак.

- Койо тур, сен жөнүндө сөз болуп аткан жок да.

- Башка Славкабы?

- Такыр эле башка. Эмне айтып аттым эле? А... Ошол да, Славка дайыма, дээрлик күн сайын жазаланып турар эле, туура да, дайым эле урушуп жүргөн кантип жакшы болсун. Славка болсо болбой эле баягысы баягы. Ал эмес бир күнү Шурка менен уруша кетип, ошондой да бала болгон экен да, кулагын тиштеп салыптыр. Байкуштун кулагынын жарымы жок дейт. Ошондо чоң чуу башталган экен, Шурка озондоп атат, Славканы жазалап, ал дагы озондойт... Шурканын кулагын синдетикон[1] менен эптеп ордуна жабыштырып, а Славка бурчта турат да... Аңыча эле эшик шыңгырайт. Эшик ачылып эле килейген кызгылт сакалчан, көгүш көз айнекчен, эч ким тааныбаган бирөө кирип келиптир. Кирип эле күркүрөгөн добуш менен: “Мен билейин дедим эле, Славка деген ким?” – деп сураптыр. Славка болсо: “Славка деген менмин”- деп жооп бериптир. – “Анда мындай, - дейт, - Славка, мен бардык урушчаактардын көзөмөлчүсүмүн, сени урматтуу Славка, Москвадан кетириш керек. Түркистанга”. Иш жаман жагына айланып баратканын сезген Славка чын көңүлүнөн жасаган жаман иштерине өкүнүп жатканын айтыптыр. “Урушканымды мойнума алам, мен тепкичте да тыйын чапмай ойногом, апама уялбай ойногон жокмун деп койгом... Экинчи мындай кылбайм, анткени жаңыча жашоо баштайм” – дептир. – “Андай болсо, - дептир көзөмөлчү, - башка кеп. Чын көңүлүңдөн өкүнүп жатканыңдан кийин сени сыйлаш керек”. Ошол замат Славканы жакшы балдарга берилүүчү сый белектер сакталган складга алып барыптыр. Славка караса, деги укмуш. Бардыгы бар - шарлар, автомобилдер, аэропландар, чаар-ала топтор, велосипеддер, барабандар, - эмне гана жок. Көзөмөлчү; “Эмнени кааласаң ал” – дептир. А Славка эмнени алганын мен унутуп калыптырмын...

(Таттуу, уйкусураган үн) – Элесепет!..

- Ообо, ооба, эстедим – велосипед. Славка ошол замат велосипедге минип алып Кузнецкий көпүрөсүн карай баратат. Баратып велосипеддин сурнайын бипилдетип, а тратуарда тургандар таң калып: “Ой бул Славка дегениң жакшы бала турбайбы. Автомобилдин алдында кантип калбай баратат?” – дешет. А Славка арабакечтерге сигнал берип: “Оңго тарт!”- деп кыйкырат. Арабакечтер шуулдап, машинелер дуулдап өтүп атат. Славка болсо  велосипедин улам ылдамдатып... тизилген солдаттар, марш ойнолуп, кулак тунат...

- Уктадыбы?

Тосполор ырдайт. Коридор. Каалга. Чыканакка чейин түрүлгөн аппак колдор.

- Ай кудайым ай. Бериңиз, чечиндирип коёюн.

- Өтүңүз. Мен күтүп атпаймбы.

- Кеч болуп калды...

- Жок, жок... Уккум да келбейт...

- Мейли анда.

Конус жарыктар. Шыңгырап киришти. Биликтер бийикте. Жеромдун кереги жок – полдо жатат. Керосинканын слюда терезесинде кичинекей кубанычтуу тозок. Түнкүсүн псалом ырдай баштайм. Эптеп жашоо улана берет. Ооба, мен жалгызмын. Псалом муңдуу. Мен жашаганды билбейм. Жашоомдо эң кыйналганым – топчулар. Алар чирип калгансып эле үзүлө берет. Кечээ жилеттен бирөө учуп кетти. Бүгүн бири пиджактан, экинчиси шымдын артынан үзүлдү. Мен топчулар менен келише албай жүрөм, бирок баарын көрүп, баарын билип атам. Ал келбейт. Мени атып салбайт. Коридордон Наташага: “Жакында күйөөм келет, Петербургга кетебиз” - деп атпайбы. Ал дегеле келбейт. Ал келбейт, ишенип койгула. Жети ай болду, ал кайрылып келген жок, мен ал ыйлап атканын үч жолу байкадым. Билесиңер да, көз жашты жашыра албайсың. Бирок ал ушул апакай, жылуу колдорду таштап кеткенден көп нерсени жоготту. Дегинкиси бул анын иши десеңизчи, бирок мен Славканы кантип унутуп койгонун такыр түшүнө албайм.

Тосмолор кандай гана шаңдуу ырдап жатат...

Конустар жок. Слюда терезеде – караңгылык. Чайнек эчак үн катпай калган.

Лампа жарыгы миңдеген майда көз сымал, сейрек сатинет аркылуу шыкаалайт.

- Манжаларыңыз керемет. Пианистка болсоңуз жарашмак.

- Петербургга кетебиз, ошол жакта кайрадан ойной баштайм.

- Петербургга кетпейсиңер... Славканын желкеси да сиздикиндей тармал... А мен куса болуп жүрөм, билесиз да. Эңсегеним эңсеген... дабаа жок. Жашоого мүмкүн эмес. Бардык тарабыңда топчулар, топчулар, топ...

- Өппөңүз... өппөңүзчү... кетишим керек... Кеч болуп калды.

- Кетпеңиз. Тигил жакка барып алып ыйлайсыз. Ошондой адатыңыз бар.

- Коюңузчу. Ыйлабайм. Аны сизге ким айтты?

- Өзүм эле билем. Көрүп жүрбөймбү. Сиз ыйлайсыз, а мен азап тарта берем... азап...

- Эмне кылып атам... эмне кылып атасыз...

Конустар жок. Сейрек сатинет аркылуу лампа жарыгы шыкаалабай калган. Караңгы. Караңгы.

Топчулар жок. Славкага велосипед сатып берем. Фракка туфли сатып албайм, түнкүсүн псалом ырдабайм. Жашоо улана берет.

Которгон Марсел ИСАКОВ

 

[1] Синдетикон – кагаз, картон жабыштыруучу клей.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз