Табиятты сүйүү – дүйнөнү, турмушту, адамды, сулуулукту сүйүү

  • 12.05.2020
  • 3827

“Сулуулуктан улуулукка Мурза Гапаров баяны” аттуу Абдыкерим Муратов түзгөн китептеги Мурза Гапаровго арнап жазган Кеңеш Жусуповдун эссесинен алынган өрнөктүү ойлор.

*     *     *

Чыныгы талантуу жазуучунун өмүрү – алган багытынан айныбас, ачка-токко бел бууган, таза жашап, адил, сулуу, ой жүргүзгөн, бир максаттуу, майнаптуу болуу ажеп.

*     *     *

Табийгат сулуулугуна көз тойгузуп, кумарды жазып алсаң, канчалык кубат аласың, не деген жыргал-ырахат!

*     *     *

Табият сулуулугун көрө албаган, жаза албаган, тарта албаган, баалай албаган айып, аны улутубуздун маданий байлыгынын көнүмүш салтына айланта албаган бечелдик өзүбүздө.

*     *     *

К.Паустовский: “Табиятка суктансаң, аны сүйгөндүк эмеспи. Ал эми табиятты сүйүү – улуу Мекенди чыныгы сүйгөндүктүн жана ага өтө берилгендиктин белгиси”.

*     *     *

Айылдык адамдарды, алардын турмушун, тагдырын билбесең, алар менен аралашпасаң, шаарда кадалып отуруп, кантип чыгарма жаза аласың? Мүмкүн жазарсың деп эле коёлу, канткен менен аның көлөкөдө өскөн чөптөй алсыз, жансерек болуп калат да...

*     *     *

Эгерде чыгарма жазып койгонуңа манчыркасаң, анын кемчилигин байкабасаң, анда чыгармачылыктын, ичи духтун өчө баштаганы...

*     *     *

Жазуучу окурманга өзүнүн ички дүйнөсүн ачат.

*     *     *

Л.Толстой: “...искусствонун бүткүл мааниси – поэзия”

*     *     *

Сулуулук деген алдыда дапдаяр турбайт, жан-аракетин таштап мээнеттенген адамга гана ажайып ачылат.

*     *     *

М.Пришвин: “Мен табият жөнүндө жазам да, өзүм адамдар жөнүндө гана ойлоном”.

*     *     *

Табиятты сүйүү – дүйнөнү, турмушту, адамды, сулуулукту сүйүү дегендик.

*     *     *

Чыгарманын күчү ар жактан сыпайы иштелгендигинде эмес, жазуучу ички драма кура алгандыгында...

*     *     *

Өзүңдү көзүң менен жашай, көрө билүүгө мажбурлоого тийишсиң.

*     *     *

Табиятты сүйүү – акылмандыкка, ой жүргүзүүгө үйрөнүүгө түрткү болот.

*     *     *

Кыялданбаган адам жок. Кыялсыз адам – жансыз адам. Кыял адамды азгырбайт. Кыял адамдын көзүн ачат. Ал адамды үндөйт, чакырат.

*     *     *

Кыялың күчтүү болсо, ошончолук сүйүүң бийик, ошончолук адамдагы поэзияны сезесиң, сулуулукту сезесиң, алдагыч, ыпыр-сыпырдан бийик болосуң. Кыял – толкундоонун канаты, чыгарманын, сезимдин канаты. Кыял бизди үмүткөр кылып изденүүгө түртөт, оюбуздун, ишибиздин тирөөч баканы болот. Ыраазычылык, токпейил, көңүл коштук уюган жерде кыял жок. А кыялсыз ачылыш жок, ансыз дүйнөгө кенен карай албайбыз, чындыкты кабыл алуубуз пасаң болот, чындыкты даана ачпайбыз, тааныбайбыз, өзүбүздүн төгөрөгүбүздү тегиз тарбиялай албайбыз, ансыз адам өзгөрбөйт, өспөйт.

*     *     *

Рухий дүйнөсү кенен кесир болгон адамдын алган арышы, сүйүүсү кенен болот.

*     *     *

С.Антонов: “Жазуучу канчалык билимдүү болбосун, канчалык чеберчиликтин ыкмаларын өздөштүрбөсүн, эгерде анын байлыгы жансерек, коркок болсо, анда ал жакшы аңгеме жаза албайт”.

*     *     *

Эмгектенген, улам алдыга озуп изилденген, окуган, чындыкты жазууга аракеттенген, өзүнүн граждандык абийирин жогору туткан, искусство менен адабиятка сүйүүсүнөн жанбаган, маданияты бар жазуучу өз кемчилигин башкалардан эрте, көбүрөк сезет.

*     *     *

Чыгыш акылмандарынан: “Жылдызы туура келбеген адамдар эч качан бири-бири менен жолугушпайт”.

*     *     *

... Бу тирүүлүктө, чыгармачылыктын узак жолунда сапар тарткан куштарга окшоп бирге баратканда сырдаш, ынак курбу, достордон айырбасын.

*     *     *

Тирүүлүктө жашооңду жомоктогудай кооз жасаш, жашаш өзүңдөн.

Топтогон “РухЭш” сайтынын “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз